Latin

Ырлар Жана Поэмалар - 05

Total number of words is 3733
Total number of unique words is 2198
27.5 of words are in the 2000 most common words
40.5 of words are in the 5000 most common words
48.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Унут калган жабагынын ноктосу.
Алтай, Шибер, Кызыл Жардын токою,
Жыртылган жай кыргыздардын чокою.
Эске салып жоокерчилик жылдарды,
Боздогондо Токтогулдун «Ботою»
Хакас, Шору, Тува биздин туугандар,
Бир кездерде бирге жашап тургандар.
Бирдик туусун желбиретип асманга,
Хан Кай-ларга найзаларын сунгандар.
Бардыгы тең кыргыз дешкен өздөрүн,
Көз артышпай бактысына өзгөнүн.
Каалашпастан эч бир оттун өчкөнүн,
Эңсешкен дейт Ата Журттун көктөмүн.
Ушулардын бардыгы бар китепте,
Көңүл буруп, көзүңдү сал китепке!
Достук, "бирдик бек болушкан кааласаң,
Өткөн кезди, эртеңкини бүт эсте!

ТАНДАП АЛГАНДАЙ

Кыйын иштен качпадым,
Көп дагы жазып шашпадым.
Жаздым бирок ойготуп
Жан дүйнөсүн жаштардын.
Чогулткан жокмун үйүмө
Черткен күүсүн башканын.
Элимдин көргөн жыргалын,
Обон кошуп ырдадым.
Көп түркүн күүгө келтирдим
Гүл ачып бактын турганын.
Жазууга тандап алгандай
Турмуштун өңчөй күн жагын.
Көлөкө жагын дүйнөнүн
Мен илгертен сүйбөдүм.
Бербеймин куржун алтынга
Каткырып кыздын күлгөнүн
Теңдеши жок жыргалдай
Теңтуштар менен жүргөн күн!

АЗДЫК КЫЛААР

Алкыш сага калкагар тоо күн өпкөн!
Алкыш сага сени сүйгөн жүрөктөн!
Ата-бабам көчүп, конуп мал баккан
Адырыңда, кырларында гүл өскөн.
Ышкын үчүн жашыл беттен мен терген,
Гүлдөр үчүн мен жыттаган кең төрдөн.
Жаркыраган жыргалы мол кез үчүн
Окуп, иштеп сенде жүрүп өткөргөн...
Абаң үчүн гүлдүн жытын аңкыткан,
Көркүң үчүн адам көөнүн чалкыткан.
Сууң үчүн чаңкаганды кандырган
Аздык кылаар айтсам миңин алкыштан?
Тамга болуп басылыпсың сезимге. —
Тескейинде алгы казган кезимде,
Бала дебей, жетим дебей, бутумду
Бычак окшош тилген ташың эсимде.
Таштарыңа тамды канча көз жашым,
Мейли дечи эмне болсо өз башым.
Ным жетпеген талдан бетер көгөрбөй
Куурап калды менин канча жашташым...
Ошого да карабастан бүгүн мен,
Наристедей кир жукпаган дилимден,
Он миң алкыш айтам сага Мекеним,
Сөздүн балын чачыратып тилимден.
Жылкы кайрып атам барган жактарга,
Суу алганы апам баскан капталга,
Кубулжутуп түркүн обон чыгарып
Куштар конуп маектешкен шактарга.
Карайм кээде ойго чумуп ар кандай.
Бир жеринде балалыгым калгандай.
Баягындай гүл жамынып турасың,
Күз келээри, кыш түшөөрү жалгандай.
Киндик каным турпагыңа төгүлгөн,
Аталардын сөөгү сенде көмүлгөн
Кубануулар, кайгыруулар сен берген
Тирүү чакта кетүү кайда көңүлдөн.
Алкыш сага, кыргыз тоосу күн өпкөн,
Алкыш сага, сени сүйгөн жүрөктөн!
Мен ырдаймын шаңдуу бийик аскаңды
Таалайымдын качпас кушун түнөткөн.

АЛКЫШ

Каалабасак эмгекти,
Баалабасак жогору,
Ушунчалык жер бети
Көк шибер көйкөл болобу.
Гүлзарлар үчүн кулпунган,
Жайкалган эгин жай үчүн,
Төрт түлүгүм шай үчүн,
Ата журтум бай үчүн —
Алкыш сага жумушчу,
Жарындай сүйгөн жумушту!


Эзүүчү жок, андыктан эзилген жок,
Жокчулуктан кеңири кесилген жок.
Кандай укмуш сүйүктүү өлкөбүздө
Теңсиздикти башынан кечирген жок.
Ач көз бай жок камандай күркүрөгөн,
Ошондуктан кедей жок мүңкүрөгөн.
Эл багынын ичинде жашайт киши
Өз таалайын колунан түшүрбөгөн.
Баарыбыздын энчибиз жер, суу, асман,
Көрчү бир да талаа жок көркү качкан!
Аталарга чоң алкыш бул күн үчүн
Эчен кыйын күрөштүн жолун баскан.

ЖОЛ КУРУУЧУЛАРГА

Азаматтар нечен кырды кезешкен,
Майдаланган ташты жолго төшөшкөн!
Борчуктарды, мүйүштөрдү жардырып,
Ошол жерде жоосу бардай өчөшкөн.
Жай, кыш тынбай жаткан эле казышып,
Дүлөй тоонун туюк сырын ачышып,
Көргөн жанды суктандырган жол бүтүп,
Турушпайбы кубанычка батышып!
Эч убакта адам буту баспаган,
Эчки коркуп өтө албаган аскадан
Автомобиль кайсы сайга таштаган?
Коркунчаагын кайсы сайга таштаган?
Автобустар таң атпастан шашышат,
Ар күн ушул — кишилерди ташышат,
Кара-Көлдөн, Таш-Көмүрдөн Күрп-Сайга
Куруучулар ишке бара жатышат.
Жол кеңейген, жол кыскарган бир канча,
Ал жөнүндө акын жазган ыр канча.
Азыр эле отургандар ашыгып,
Келдик дешет ачып көздү жумганча.
Ооба, келдик, калды бир аз бурушуп
Мына Күрп-Сай, мына жаны курулуш!
Бул бүткөндө жаркыратпай коёбу
Канча шаарды бул ГЭС берген нурубуз.
Баарына даңк! Абдыкерим, сага даңк!
Колуңардан ар укмуш жаралат.
Мен силерге каалайм шашпай басууну
Узун жолдой өмүр черин аралап..

АЛА-ТОО

Айланайын, Ала-Тоом, алтын тагым,
Атам карап өстүргөн алма багым!
Ырыс-кешик толтура дасторкондой
Түндүк, түштүк, айланаң — бардык жагың.
Сенсиң жергем сүйүктүү менин көптөн,
Кыртышыңа кыргызым терин төккөн.
Эл көчкөндө те-тиги кашка жолдон
Арча бешик өңөрүп энем өткөн.
Конушум сен, Ала-Тоо, элим конгон,
Аскаларың кезинде чебим болгон.
Жайытым сен, Ала-Тоо, мал семирткен.
Турагым сен дың бузуп, эгин оргон.
Айланайын көркүңдөн алтын тагым,
Эмгек жеңип, салтанат курган чагың.
Ленин жалгап, өркөнүң өстү сенин,
Эч бир солбос гүл ачып турган чагың.
Өткөн чактар оюма келбей мүлдө,
Толкундаймын көркүңдү көргөнүмдө.
Он миң акын он миң жыл жазса дагы
Укмуш ырлар табылат сен жөнүндө.
Жергеси сен элдердин бир туугандай,
Жаркырадың түк батпас күн чыккандай.
Болуп жатат тарыхта болбогондор,
Кол кармашкан достуктун күчү кандай!
Карааныңдан кагылам калкайган зоо,
Кучагыңда биз жашап, биз турсак соо,
Келбейт сага эч кайдан батынып жоо.
Ала-Тоо! Алтын тоо! Залкар тоо!

КАНАТЫНДА КЫЯЛДЫН
Сан-миң жылкы айдаган,
Сары-Жазды жайлаган,
Байлык мүлктү эсепсиз,
Багында булбул сайраган,
Кымызга тоюп уктаган
Карынбай жүзгө чыкпаган.
Алтын такта отуруп,
Айткан сөзүн болтуруп,
Көөхарга, күмүш акчага
Казынасын толтуруп,
Чоң ак үйдө кыштаган
Черчилль да жүзгө чыкпаган.
Жылаңайлак, жылаң баш,
Кээде дырдай жылаңач,
Түнөп короо четинде,
Уктай албай, курсак ач,
Көп тарткан турмуш азабын,
Мен өзүм жүздөн ашамын.
Өмүрү атка минбеген,
Ак үйгө сүрдөп кирбеген,
Майданында эмгектин
Тер сасып дайым кирдеген,
Мен али көп жол басамын,
Черчиллден узак жашаймын!

РОССИЯНЫ СҮЙӨМҮН ЭМНЕ ҮЧҮН

Россияны сүйөмүн мен эмне үчүн?
Эмне үчүн жактаймын жеткенче күчүм?
Себеби ал кыйын кезде сактай алган
Эркиндиктин, бак-таалайдын багын бүтүн.
Эч бирөөнү энчисиз калтырбаган,
Болбосун деп кайыр сурап жалдыраган.
Бардык жерде эмгекчи адамдарга
Жол көрсөткөн жылдыздай балбылдаган.
Орус ыры жөнөкөй, жагат мага,
Көп иштерге баштап мени барат алга.
Кимден болсо аябайт жакшылыгын,
Биз бактылуу, биз эркин орус барда.
Сүйөм неге Россияны өмүр бою?
Россияда адамдардын бүткүл ою.
Адамзаттын үмүтү жакшылыктан,
Өтө кыйын Москваны сүйбөй коюу.
Жалганчыга үй эшигин ачпаган эл,
Жалган сөздү четке сүрүп таштаган эл.
Россияда жашап келе жатат көптөн,
Чындык үчүн күрөштөрдү баштаган эл.
Салам айтып келгенге жаят кучак,
Россиядан батпас күндү көрөт иши ак.
Чет-учу жок улуу өлкө, кенен өлкө,
Эл каалаган миң түркүн мөмө бышат.
Кармашкан колубуз бир,
Бараткан жолубуз бир.
Кааласаңыз сиз дагы
Биз менен болуңуз бир.
Гүлзар бакта өмүрдү
Өткөрөбүз көңүлдүү.

БИРГЕ

Бир жашайбыз орус, кыргыз дебестен,
Бүтүрүүчү иштин жөнүн кенешкен.
Бир айылдык достордон да таттуубуз,
Бала кезден окуп, ойноп тең өскөн.
Кышта, жазда, ысык, суук күндөрдө,
Конуш бирге, иче турган суу бирге.
Кыйынчылык туш болгондо бул жерге,
Кан майданга биз көтөргөн туу бирге.
Тагдыр окшош, өмүр окшош биз сүргөн,
Жол дагы окшош алга карап биз жүргөн.
Ишканада жаны турмуш жасаган
Жумуш окшош биздин колдор бүтүргөн.
Атаандашта өтсөк мейли кимибиз,
Дилибиз бир, түшүнүктүү тилибиз.
Табылганды талашпайбыз эч качан,
Кызганбайбыз бирибизден бирибиз.
Көчөбүз бир, үйүбүз да жанаша,
Биз көргөн күн өзүнчө бир тамаша.
Таамай көрмөк жеңиштерди биз жеткен
Өйдө чыгып айдан бирөө караса.
Чоң бүлөсү ынтымактуу элдердин
Айтып турат оомат кимге келгенин.
Тоо жаңыртып достук ырын созобуз,
Майрам кылып Ленин ою жеңгенин.
Бир жашайбыз, орус, кыргыз дебестен,
Туугандардай бирин-бири билишкен.
Биз советтин бактысы чоң уул, кызы
Беттешкенин жеңип жүрүп эр өскөн.

ЖАМАЛТАЙГА

Медерим менин, кубатым,
Айланайын кубанчым!
Карааның шаңдуу көрүнүп
Кайгымды алыс кубасың.
Жайдары сонун мүнөзүң,
Жаркылдап иштеп жүрөсүң.
Он балага барабар,
Ойлоп көрсөм бир өзүң.
Сен бар, жашап турамын,
Өчпөсүн жаккан чырагың!
Топчубек экөөң тойдо жүр,
Бактылуу болсун Чынарың!

БАК-ТААЛАЙДЫН КОНУШУ
Баардыгы турат эсимде:
Советтик бийлик кезинде
Калбады кайгы эч кимде,
Күн дагы батпайт кечинде.
Бүтөлдү тамдын жыртыгы,
Жоголду турмуш кырсыгы.
Жүдөгөн шордуу кыргыздын
Чынар болду чырпыгы!
Жибек болду түргөнү.
Гүлзар бак болду жүргөнү.
Баа жеткис мүлккө толтурду
Бак конбогон үйлөрдү.
Таңшыды черткен комузу,
Кубанып чыкты добушу.
Бул күндө кыргыз жергеси
Бак-таалайдын конушу!

ЭҢ АЛДЫДА
I

Улуу тоодой жер кайда?
Төө-Ашуудай бел кайда?
Бир киши келсе кой сойгон,
Кыргыздай жоомарт эл кайда?
Айкөлдүгү жагынан,
Атадан туулган чагынан
Ажырабай багынан,
Айрылбай, түшпөй тагынан...
Айдыңдуу журтка бар болгон,
Ааламга даңкы жар болгон,
Кызыл кыргын чабышта,
Кол баштап өткөн тар жолдон.
Манастан тарап өөрчүгөн,
Адашпай сулуу көркүнөн.
Достордун коргоп намысын,
Душмандын отун өчүргөн...
Кыргызым, баатыр кыргызым!
Кыргызым менин ырысым!
Калкагар тоодон пас эмес,
Туу кармап шаңдуу турушуң!
Жайкалган Чүйдү жердейсиң,
Жумуш иштеп тердейсиң,
Эрегиште, мелдеште,
Эч кимге мөрөй бербейсиң.
Жайсаң жетпес кулачың,
Жыргал турмуш курасың.
Ак пейилдүү жагынан
Эң алдыда турасың!
Үйүндө бекер жатпаган,
Жоо келсе башын катпаган.
Же жүгүнүп арын сатпаган,
Даңазалап эрдикти,
Манасын ырдай жаттаган.
Бооркеч кыргыз, ак пейил
Элим менен мактанам.
Бактысын коргоп кыргыздын,
Ар жагында жылдыздын
Жоо бар десе аттанам.
II

Адамдарга жакшылык ойлоо жактан,
Баш катканды түртпөстөн колдоо жактан,
Алсыраган муктажга жардам берип,
Элдик жакшы салттарды коргоо жактан —
Эң биринчи катарда турат кыргыз,
Үшүгөнгө жүрөк отун сунат кыргыз.
Кызганбастан тоолорунун сууларын да,
Чаңкагандын багына бурат кыргыз.

АЛЫП ЧЫК АЙГА

Атабыз Манас болуптур,
Ай астына конуптур.
Бирок, ал коркок болбоптур.
Ар жактан келген душмандан,
Аёосуз ачкөз жуттардан
Ала-Тоо журтун коргоптур.
Дүрбөлөңдө шашпаптыр,
Каптаган селден качпаптыр.
«Кырк чоролоп» кыйкырып,
Кыргызды жоого баштаптыр.
Бээжинге чейин барыптыр
Алдырбаптыр, алыптыр.
Кызмат кыл тынбай кыргызга!
Намысын элдин талашкын!
Атагын-даңкын Манастын
Алып чык айга, жылдызга!

ЭМГЕКТИ СҮЙ

Тынчтык керек, нан, суу жана абадай
Бирок аны орнотчу ким жадабай?
Тактайлар да бир-бирине жабышпайт,
Жонуп-кынап, мык өткөрүп кадабай.
Биз айтабыз: «Бирдик керек бузулбас!»
Бирок ким бар аны колдон учурбас?
Эмгек менен достук үйүн тургузсак,
Бак-таалайдын күнү батпас, тутулбас.
Жемиш бышкан бак кылгандай жер бетин,
Күндүн көзүн эл бар жакка каратуу,
Бирдикти да, достукту да жаратуу
Ыйык иши, зор милдети эмгектин.
Эмгекти сүй! Эмгек менен күн көргүн!
Өчсүн аты бекер басып жүргөндүн!
Ал жалакай кайдан көрмөк түз жолду,
Куткаруучу зым торунан түндөрдүн?
Эзүүчүнүн баары чогуу жеришкен,
Күрөштөрдө бирге туруп жеңишкен.
Жумушчулар дос болушкан эмгекте
Ачууну да, таттууну да тең ичкен.

АСЫЛ

Кымбат көрүп күндүн чачкан жаркынын,
Кымбат көрүп жердин каткан алтынын,
Жыргал дейбиз эч нерсеге теңебей
Жай чилдеде жашыл төрдүн салкынын.
Анык жыргал, анык асыл жердеги:
Эр жумушчу, баба дыйкан эмгеги!
Аш жетпеген бул турмуштун тардыгын,
Айткылачы, эмгек качан жеңбеди?
Кур кыялга бекер орун бербестен,
Сурагыла көп жашаган жердештен:
Жаратууда жаркыраган дүйнөнү
Асыл барбы өйдө турган эмгектен?

ТОО СУУСУ

Кашка суу түшкөн тоодон атам жүргөн,
Кашка суу түшкөн тоодон апам жүргөн,
Ушул суу атам атчан кечип өткөн,
Ушул суу апам үзүп түркүн гүлдөн,
Жээгинде ойноп өскөн бойго жеткен,
Сейилдеп көңүл ачкан, бой сергиткен.
Ыйык суу өз кезинде нике суу деп,
Идиштен атам ичкен, апам ичкен.
Ыйык суу тартылбаган, какшыбаган,
Күүлөрү тоо жаңырткан шаркыраган
Кабыландай күркүрөгөн, аркыраган,
Боюнда жаңы турмуш жаркыраган.
Миң жылдык эл жомогу, эл баяны,
Тарыхта ондон бири айтылбаган.
Мен дагы кошом шаңдуу добушуна
Үнүмдү кыл кыяктай шаңкылдаган.

АК МӨҢГҮ ТОО

Атам, энем сыяктуусуң өмүр берген,
Ак мөңгү тоо, ата конуш, түптүү жергем!
Көк шибериң аралаймын, суу бойлоймун,
Жан жыргаткан шамалыңа төштү керем.
Кубатым сен, кубанчым сен түгөнбөгөн,
Ыр чогултам жыпар жыттуу гүлдөрүңдөн.
Капталында бара жатып көрөмүн мен
Бак-таалайды менден калбай бирге жүргөн.
Ак мөнгүлүү кырыңа чыгамын мен,
Аркар көрүп, улар үнүн угамын мен.
Бүт дүйнөнүн жалгыз өзүм эгесиндей
Бүт тарапка көз чаптырып турамын мен.
Колум сунуп чертем көктүн тунукесин,
Мойнум созуп жыттайм айдын ыйык төшүн.
Сен улуксуң. Бул чын, бирок, мен башыңда!
Сени менен бой керишет бийик сезим!
Атам, энем сыяктуусуң өмүр берген,
Ак мөңгү тоо, ата конуш, түптүү жергем!
Түп атамдан бери жагы сенде жүргөн,
Карааныңдан кагылайын, жаным биргем!
***
Укмуш ээ жыргал биздин чак:
Жергебиз толо жемиш бак!
Ала-Тоодон бийик, төмөнтөн
Суктанып карайт эңиш жак.
Ушунча сулуу көргөзгөн
Элибиздин эмгеги ак!

ТӨӨ-ЖАР

Эң бийик кашат, бийик кыр,
Эл конгон жайлуу ыйык кыр.
Тээ-тиги чок тал башаттуу,
Айтайын жөнүн, угуп тур:
Кашатына чыккан сайын
Караймын эски конушту.
Башатына барган сайын
Угамын тааныш добушту.
Ал үнү момун атамдын,
Колунан кушун качырган.
Ал үнү менин апамдын
Кайда деп мени чакырган.
Угамын дайым үндөрүн
Тан эртең, түштө, кечинде,
Жүрсөм да жердин четинде.
Жүрсөм да айдын бетинде.
Бир эле секунд унутсам,
— Айт деп турат ата журт.
Бурулуш жакка баратсам,
— Кайт деп турат ата журт.
Берсе да мейли тууган жер,
Уу бекен, мейли, ичемин.
Конушту жоодон коргойт деп
Өзүмө болгон ишеним —
Бардык тоодон бийик да,
Бардык салттан ыйык да!
САГЫНДЫМ

Жаз кечикти, билбейм неге кечикти?
Жолун тороп кандай кырсык кезикти?
Тышка чыксаң, тоонун муздак шамалы,
Токтотпостон кайра жабат эшикти.
Сан түркүн гүл көркүн ачкан багымдын
Сулуу чагын сагындым мен, сагындым...

КУБАНГАНДАН

Ыр угулат Базар-Коргон тараптан,
Ырдаган бул ак алтынды жараткан:
— Ата Мекен, сага менин эмгегим!
Жайы, кышы ак эмгегим бал аккан!
Мен жыйнаймын куттуу жердин түшүмүн,
Көрсө деймин совет эли үзүрүн.
Анан айтам: калсын укум-тукумга,
Эмгекчиге жарык нурдуу ушул күн!
Ошон үчүн сүйөм тууган жеримди,
Ошон үчүн төгөм маңдай теримди.
Заводдорго пахтаны мол жөнөтүп,
Кубангандан сергип жазам черимди!

ФРУНЗЕМ

Фрунзем менин, Фрунзем.
Жыттасам жыпар гүлүм сен.
Таалайымды көргөзүп,
Тийип турган күнүм сен.
Өркөнү өскөн кыргыздын
Сыймыгы, шаңы бүгүн сен.
Болгон менен атың шаар,
Кыштак элен чаң баскан.
Байга дөөлөт, кедейге
Шор болуп кетпей жармашкан,
Соодагер, сүткор талбастан
Момундарды алдашкан.
Октябрь таңы атканда,
Эркин куш шаңшып асманда.
Бийликке келген эл колу
Дарбазаңды ачканда,
Өкүмдар, мите кан соргуч
Өзүңдү таштап качканда
Арылып шоруң кайнаган,
Ачылып гүлдөр жайнаган.
Бак өсүп, жемиш байлаган,
Булбулдар таңшып сайраган.
Тамаша сонун шаар болдуң,
Тан калып карайт айланаң.
Чокусу күнгө жанашкан,
Чокусу нурду талашкан,
Чоң тоолор көзүн албастан
Карашат сени танбастан.
Кубанып карайт туш тарап,
Көркүңө жылдыз суктанат.
Бактылуулар курушкан,
Бактылуулар турушкан
Берекелүү бир шаарсың,
Жокчулукту эл унуткан.
Фрунзем менин, Фрунзем
Алтын туур бүгүн сен.

ЖҮДӨЙТ БЕЛЕ

Жетик кылып көркүн ачып жергенин,
Жеңилдетти кишилердин эмгегин.
Күнү бою буудай оргон дыйкан да,
Мына бүгүн эч бир айтпайт: «Тердедим».
Киши колу комбайнды башкарат,
Көп жумушту механизм аткарат.
Бак үйүнүн төрүнө да адамды,
Бул замандын машинасы алпарат.
Карап көрчү, кандай укмуш чар тарап!
Кайда болсо иш илгери, салтанат!
Бүт өзгөргөн, жарашыктуу бардыгы,
Ою бузук тик багалбай жалтанат.
Менин атам келсе кокус тирилип,
Издеп таппай өз кыштагын эч жерден,
Издеп таппай эшик астын тепселген,
Сурай берип кишилерден кез келген...
Ишенбестен элдин айткан сөзүнө,
Ишенбестен өзүнүн да көзүнө,
Жүдөйт беле тан калып карап шаарга.
Кишилердин жылдыз таккан төшүнө?

ТОЁР БЕЛЕМ

Карап тойбойм, тоолорумду ак калпакчан.
Карап тойбойм, көлдөрүмдү чалкып жаткан.
Карап тойбойм, алтын күндү жарык чачкан.
Ашык болгон жаш сулуудай жымыңдашкан
Жылдыздарды карап тойбой таң атырам,
Карай берем өмүр бардай ала турган.
Тоёр белем, он миң өмүр өтүп баштан,
Төгөрөктү мактап жазсам он миң дастан?
КАЙДА

Чалкаят бийик көк асман,
Көк асман көрүп жараткан
Ысык-Көл чалкып жатпайбы,
«Коңшулар» бизден талашкан.
Ай күн, жылдыз — бардыгы
Сугу түшүп карашкан.
Сулуу мындай көл кайда?
Мындай көл жок эч жайда.

УШУЛ ЖЕРДЕ

Көлдүн бою. Кыз, улан көп, каткырык...
Бирөө айтат: «Кимди жатат азгырып?»
Мен айтамын: «Кандай укмуш бул учур
Өз бийлигин орноткондой жашчылык!»
Көк асман, көл ширелишип жаткандай,
Көргөн ар ким миң кызыкка баткандай.
Чын сулуулук чоң салтанат кургандай,
Кайгылуу жан бүгүн көңүл ачкандай.
Укмуш сонун сезим мени арбады,
Укмуш күчтүү сыйкырдуу кол кармады.
Мени колдоп көкөлөтүп жатабы,
Ушул жердик ата-баба арбагы?
Ооба, ооба, Ысык-Көлдүн жакасы!
Ушул жерде кимдин качпайт капасы.
Карап көрчү, тийсе керек бул жерге
Касиеттүү аталардын батасы!

БӨКӨНБАЕВ КӨЧӨСҮ

Көргөн сайын ойго түшөт те-тиги
Боз улан кез сөз талашып бир баскан,
Кедейлерге сен биринчи ыр жазган,
Оттой күйүп айланага нур чачкан.
Келген сайын карайм баскан изиңди,
Алам ойго таштап кеткен ишиңди.
Алп жыгачтар! Өзүң тиккен көчөттөр,
Чоңоюшкан бир калыпта турбастан.
Өзүн жоксуң, атың көчө гүл ачкан,
Жаштар барат сен жазганды ырдашкан.
Көп меймандар таңыркашып карашкан
Көркөм үй көп бул заманга жарашкан.
Ленин ою өтүп сенин сөзүңө,
Чачыратып Октябрдын нурларын,
Эңсептирсиң элдин көрөр жыргалын,
Жаратыпсың бак-таалайдын ырларын!
Аты Жоомарт, акын Жоомарт өрт элең,
Курдаштардын көңүлүнөн кетпеген!
Баатыр элең бак эшигин ачышкан,
Дыйкан элең өлбөс үрөн чачышкан.
Өзүң сүйгөн, өзүн жүргөн шаарыңа
Көчө болдуң бактылуулар басышкан.
Көз алдымда тармал кара чачтарың
Элестеткен поэзия асманын.

ТУУГАН ЖЕРГЕМ

Жообуң болсо, Ала-Тоо, айтчы бачым:
— Буттарымды тилбеген кайсы ташың?
Кыйналганда азаптан менин жаным
Барбы жылгаң көрбөгөн көздүн жашын?
Согончогум жыртылган тикениңден,
Кордук тагы жай алган ичегимден.
Бай камчысы, көр жеме, ач, жылаңач...
Айтып качан бардыгын бүтөмүн мен?
Жок, жаңылам, Ала-Тоо, туулган жергем,
Эзүүчүнү, эзүүнү кууган жергем!
Ырын созуп Октябрдын, туу көтөрүп,
Бүт ааламга жар салып турган жергем.
Өзүң болдуң эркиндик тапкан жерим,
Жетим мени тойгузуп баккан жерим.
Эне болуп алпечтеп, көзүм ачып,
Таалайымдын чырагын жаккан жерим.
Бала болуп койнунда эркеледим,
Бардыгына жеткирдиң эңсегендин.
Бак ичинде гүл жыттуу өмүр сүрдүм,
Кереги жок мындан көп эчтеменин.
Сүйөм сени, Ала-Тоо, жакшы көрөм,
Көзүм албайм кой жаткан жашыл төрдөн.
Кандай укмуш бактылуу жайкы күндөр
Ышкыны көп капталда мен өткөргөн.
Тунук булак, кашка суу, тармал арча,
Уйкаш издеп ырыма бардым канча.
Күусүн толгойт сүйүүнүн салкын жели,
Көңүлүмдү эргитип алдым канча.
Ыраазымын, Ала-Тоо, бардыгына.
Жаман кетип, жакшылык калды мына.
Алтын каткан сандыктай бүт турманың,
Ар колотуң толтура шаңдуу ырга!

ОЙЛОП ИШТЕ

Бирөөгө чуңкур казсаң кеңирээк каз,
Себеби: ал чуңкурга сен түшөсүң.
От жаксаң кызыл алоо болбосун аз,
Тезирээк бүтүү үчүн күйүп өзүң.
Бирөөгө кастыгыңды арттырсаң сен
Кастыгын арттырасың сен анын да.
Мышыкты кыйнасаң сен отко кактап,
Жолборстун илинесиң тырмагына.
Ар иштин алдын, артын ойлоп иште,
Адамсың көөдөнү чоң, мойну ничке.

КАЛАТ

Бул жүргөндүн баары кетет,
Баатыр кетет опол тоодой көрүнгөн.
Акын кетет оозунан ыр төгүлгөн,
Сулуу кетет күн жылмайган өңүнөн,
Калат кетпей көз жетпеген жылдарга
Акын жазып, эл жактырган ыр гана.

КИМГЕ КЕРЕК

Биринчиси — бекем болсо ден соолук,
Экинчиси — шаттык кетпес дос болуп.
Өмүр өтсө кайгы-капа жолобой,
Кимге керек алтын жыйнап сологой.

СҮЙҮҮНҮН ЭКИНЧИ АТЫ
I

Сүйүү дейбиз ооз көптүрүп кубанып,
Сүйүү десек кетет көздөр тунарып.
Сүйүү дейбиз жыргал, таалай түбөлүк
Туруучудай бир-бирине уланып.
Бирок курсун, анын батат ичине,
Жаман иштер — эң чоң, орто, кичине.
Орго түртөт илингенди тишине,
Ал куткарбайт илингенди тишине.
Сүйүү дейбиз — «сойкулук» го бир аты,
Ал башталат өчүргөндө чыракты.
Сак болбосоң абийириңди кетирет,
Ал тааныбайт жакын менен ыраакты.

II

Сойкучулук!
Каракчылык,
Киши өлтүргөн
Нааданчылык
Күчөшөт түндө караңгы,
Түн жашырат арамды.
Ичкенде арак, бозону,
Акындар мактайт ошону.
ЖААНДАН КИЙИН

Нөшөр токтоп, күндүн көзү ачылды,
Калың туман кайда житип жашынды?
Жердин бетин желпип чарчап бүткөндөй,
Желаргынын жини дагы басылды.
Бирөө сыйрып ыргыткандай пардасын,
Ак чоку тоо сулуулугун ашырды.
Жаандан кийин күн жарк эткен кез кандай,
Жарык нурдан коркуп кайгы качкандай.
Кимдир бирөө муктаждардын баарына
Жыргалы көп үй эшигин ачкандай.
Кимдир бирөө кишилердин баарына,
Бактысы чоң өмүр берип жаткандай.
Кандай укмуш бак гүл ачкан чар тарап,
Бүт айлана той түшкөндөй шаттанат.
Аарылар да күжүлдөшүп алышкан,
Алар үчүн курулгандай салтанат.
Карап туруп тиги тентек Алмаз да:
«Мунун баары биздин жер» деп мактанат.
Мактан, уулум, ата журтту мактагын,
Учур келсе аны жоодон сактагын!

БҮТ ЫРЛАРЫМ

Сынчы сурайт: «көргөнсүңбү, кайгырып?
Көргөнсүңбү жакындардан айрылып?»
Мен айтамын: «эсеп жеткис көп ирет
Күйүттөрдүн тикенине сайдырып,
Жүрөгүмдү канча жара кылгамын,
Жүз миңден көп азап чеккен бир жаным».
Сынчы сурайт: «Анан неге ырында
Кайгылардын жыты да жок ырымга?»
Мен айтамын: «көрбөгөндөй жамандык,
Бүт ырларым дал ошондой чынында.
Менин ырым — менин оюм, тилегим:
Муң чалбасын түк эч кимдин иреңин.
Кызыл кыргын согуштарды мен көргөм,
Мындан ары көрүшпөсүн балдарым.
Ата журттун кайындарын, талдарын
Өрттөп бомба тыйпыл кылып салганын,
Эч бир жерде эч бир адам көрбөсүн,
Ок жаңылып бир да жигит өлбөсүн!»

КЕП КЫЛБАЙ ЖҮРГҮН
Көрбөсөң жашап көңүлдүү,
Көрбөсөң сыйлап өмүрдү,
Кишинин зээнин кейитип,
Кеп кылбай жүргүн өлүмдү.
Күчтүү жок эч бир өлүмдөн,
Жок кылат жарык дүйнөдөн.

БИР ЖАШ АКЫНГА

Акын ыры ар-намыстан табылган,
Чындык үчүн кылыч болуп чабылган.
Эки жүздүү уятсызга дос эмес,
Алыс турат араң жандуу «ак ырдан».
Ар бир сөзүн таамай тийген ок болсун!
Ок болбосо, айтылбасын, жок болсун!

БИР ЧОҢДУН СӨЗҮНӨН УЛАМ

Тартиби жок, бирдиги жок эл кайдан
Баатыр болсун ата журтун сактаган?
Бекем болсун ар-намысын сатпаган?
Калыс болсун чындык ишин жактаган?
Тартиби жок элден чыккан илгертен
Түн жамынып мал уурдаган короодон.
Жолоочунун өтчү жолун торогон,
Уят дебей коңшуларын тоногон.
Бирдиги жок элден чыккан илгертен,
Башын ийип душманына бүгүлгөн.
Кол куушуруп, таазим кылган, жүгүнгөн,
Коён жүрөк эртеңинен түңүлгөн.
Жери турса башка жакты караган,
Айылын таштап, жер кезүүгө жараган.
Өз тууганын иттен бетер талаган,
Ачкөз көптө өзүн ойлойт ар адам.
О, кыргызым, ынтымактуу жагынан,
Ар күнү жүз түшсө дагы чагылган,
Чымчык чочуп учпай турган багынан
Эл болушуң кымбат мага баарынан.

НЫСАБЫ ЖОК БИРӨӨГӨ

Ой жетпеген алыска барам дейсиң,
Кол жетпеген бийиктен алам дейсиң.
Тер тамбаса чекеңден тууган жерге
Бүт тапканың уурулук, арам жейсиң.
Улуп-жулуп көнгөн жан турбайт көпкө,
Канча кыйын болсо да учпайт көккө.

АНДАН КИЙИН

Кулкунуңду өзүңдүн тыйбай туруп,
Не кыласың башкага көңүл буруп?
Болсун десең бүт жерде кишичилик,
Алганды кой кишиден улуп-жулуп.
Элден мурун сен өзүң нысап кылгын,
Напси курсун эч качан толбос тулуп.
Кошоматчы ар күнү келсе дейсиң,
«Жок» дебейсиң «берешен» турса сунуп.
Баатыр болсоң жеңгиниң ач көздүктү!
Андан кийин: өзгөгө көрсөт күчтү!
Соодагерге, ууруга курчут тишти!
Калыстыкка, чындыкка үйрөт бизди!

ТААЗИМ КЫЛАМ

Кишилер, арыз-муңу угулбастан,
Күн бою жол түзөшкөн, дүмүр казган,
Дан тиштеп бара жаткан кумурскадай,
Кечинде үйүн карай кыбырашкан
Биз дешет бул турмушту куруп жаткан.
Биз дешет бүт ааламдын көркүн ачкан.
Байкасаң дал ошондой чынында да,
Ар бири өз ишинде сүрдүү арстан!
Ошолор дан чогултат дың жерлерден,
Ошолор алтын табат сан-миң кенден.
Ошолор чарчабаган, муңайбаган
Өлкөңө кубат берген, өмүр берген!
Салам бер жумушчуга, алптын алпы,
Кичине көрүнсө да өзү сенден!
Кичине көрүнсө да анын өзү,
Үйрөнгөн иштеп көнгөн улуу иши.
Жараткан биз таңгалган сулуулукту,
Тарыхтын автору да ушул киши,
Баш ийип таазим кылам жумушчуга,
Биз үчүн алтын сарай куруучуга!

КУТУЛ

Сен эмессиң ойноп учкан бөктөргө,
Көп сүйлөбө, күндү бекер өткөрбө!
Көркөм дүйнө ак эмгектен жаралган
Бак гүл ачкан маңдай терди төккөндө.
Адамдардын колдорунан үй бүткөн,
Адам колу түндө чырак күйгүзгөн.
Адам колу, адамдардын эмгеги —
Бул турмуштун жүрөк канын жүргүзгөн.
Көп сүйлөбө, сөзгө бышпайт бир да нан,
Кимди көрдүн көп келжиреп жыргаган?
Жашоо үчүн кыйын ишке билек түр,
Сөздөн кутул беш тыйынга турбаган!

КЫШКЫ КЫЯЛ

Кыргыз чечип тонун жерге жапкандай,
Кызыл, жашыл, коңур ыраң качкандай,
Кудурети чоң сүрөтчү табийгат
Бүт ааламга окшош боёк тапкандай.
Адыр түз ак, тескей, күнгөй бардыгы ак,
Бир тоок тууган жумурткадай бардык жак.
Үйдүн үстү, жыгачтардын баштары,
Бүт айлана ак куу болуп алган чак.
Адамдардын ичтери да ушундай
Айдың көлдүн ак жоодар жүн кушундай,
Кар жамынган калкагар тоо бетиндей
Аппак болуп, турса кайра бузулбай...
Кирдебесе, карайбаса көңүлү,
Ак иштесе, ак сөз айтса өмүрү...
Анда бүт жер мелт-калт болуп чындыкка,
Жоголот эле ак, карага бөлүнүү...

АЛАСЫҢ

Кар эрип, жарлар эшилип,
Топурак нымдан эзилип.
Жаз келди, мына, жаз келди,
«Мынчалык эмне кечигип
Кайда жүрдүң?» дебестен,
Иш башта, дыйкан, чечинип.
Экпегенди эк быйыл,
Сеппегенди сеп быйыл,
Аябай жумуш күчүңдү.
Ишиңден болгун кадыржам,
Трактор бузган адырдан
Аласың арбын түшүмдү.

СЕН АР КАЧАН

Укпайт деп ушак айтпа сен эч качан,
Жердин да кулагы бар тыңшап турат.
Сен айткан ар бир сөздү таамай угат,
Бир сөзүң он сөз болуп чайлап чыгат.
Көрбөйт ден ууру кылба сен эч качан,
Күндүз күн, түнкүсүн ай көрөт жазбай.
Төшкө түртөт, таанышып эшик ачпай,
Мүңкүрөйсүң кирерге тешик таппай.

ЫР ТҮНӨГҮ

Көргүм келсе бирөөнү,
Элестейт көзгө гүл өңү.
Жакшылыкка берилген
Мендеги ырдын түнөгү.
Ар дайым элдин тилеги:
«Көп болсун көлдүн чүрөгү!»
Сулуулукка суктанат
Мендеги ырдын түнөгү.
Бир иштеп бирге жүрөлү,
Куунак өмүр сүрөлү,
Ынтымак деп үн салат
Мендеги ырдын түнөгү.
Бекемдеп тынчтык тирегин,
Себели достук үрөнүн!
Тирүүнү сүйгөн ырлардын
Түнөгү менин жүрөгүм.

БААРЫНАН АСЫЛ ҮЧ НЕРСЕ

Сулуулуктун бир түспөлү айда бар,
Бир түспөлү көк шибер көйкөл жайда бар.
Адамдардын адам сынын көрсөткөн
Эркиндиктен артык нерсе кайда бар?
Сүйүү — сезим бир атылган ок тура,
Курсагы ток кайда болсо шок тура.
Дүрбөп алсаң ойлогонго жеткирет,
Ден соолуктан артык нерсе жок тура.
Жай айындай гүлдөп турган жаштыктан,
Артык нерсе иштейт киши мастыктан.
Дөөлөт өйдө, мансап бийик дейт экен,
Ал келжирөө акыл кени аздыктан.
Канча кымбат алтындан да чаң баспас,
Көөнү кара жат колуна карматпас:
Ден соолугуң, эркиндигиң, жаштыгың —
Ушул үчөө эч нерсеге алмашпас.

КЫРГЫЗ ТИЛИ

Кыргыз тили, өзүм сүйлөп үйрөнгөн,
Абалтадан ата, бабам сүйлөгөн!
Сен бар кезде — мен тирүүмүн, мен бармын,
Сен жоголсоң — мен жоголом дүйнөдөн.
Эч бир жерде «мен кыргызмын» дебесин,
Ойлоп сенин тагдырына күйбөгөн!
***
Билебиз өмүр аздыгын,
Ажалдын бизге кастыгын.
Бир өтсө кетет кылчайбай
Кулпунган жаздай жаштыгың,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Ырлар Жана Поэмалар - 06
  • Parts
  • Ырлар Жана Поэмалар - 01
    Total number of words is 3662
    Total number of unique words is 2287
    26.9 of words are in the 2000 most common words
    38.2 of words are in the 5000 most common words
    44.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 02
    Total number of words is 3647
    Total number of unique words is 2230
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    37.5 of words are in the 5000 most common words
    44.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 03
    Total number of words is 3719
    Total number of unique words is 2251
    26.2 of words are in the 2000 most common words
    38.8 of words are in the 5000 most common words
    45.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 04
    Total number of words is 3615
    Total number of unique words is 2279
    25.5 of words are in the 2000 most common words
    38.1 of words are in the 5000 most common words
    45.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 05
    Total number of words is 3733
    Total number of unique words is 2198
    27.5 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    48.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 06
    Total number of words is 3602
    Total number of unique words is 2180
    23.1 of words are in the 2000 most common words
    35.3 of words are in the 5000 most common words
    42.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 07
    Total number of words is 3653
    Total number of unique words is 2245
    27.7 of words are in the 2000 most common words
    39.7 of words are in the 5000 most common words
    46.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 08
    Total number of words is 3774
    Total number of unique words is 2268
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    46.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 09
    Total number of words is 3825
    Total number of unique words is 2292
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 10
    Total number of words is 3871
    Total number of unique words is 2229
    31.7 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 11
    Total number of words is 3852
    Total number of unique words is 2162
    31.3 of words are in the 2000 most common words
    44.3 of words are in the 5000 most common words
    50.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 12
    Total number of words is 3813
    Total number of unique words is 2203
    31.6 of words are in the 2000 most common words
    45.9 of words are in the 5000 most common words
    53.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 13
    Total number of words is 711
    Total number of unique words is 563
    44.9 of words are in the 2000 most common words
    55.1 of words are in the 5000 most common words
    59.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.