Latin

Кичинекей Айымдар - 12

Total number of words is 4065
Total number of unique words is 1893
32.0 of words are in the 2000 most common words
44.9 of words are in the 5000 most common words
51.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
эле. Анда сен бай мураскор болуп калмаксың да,
менменсинип жүргөндөрдү тоготпой, суз мамиле
жасап, чет өлкөгө кетмексиң да, келишкен бай леди
болуп кайтмаксың.
– Азыркы заманда адамдар антип мурас албайт.
Эркектер иштеши керек, ал эми аялдар акчанын айы­
нан күйөөгө тийишет. Бул дүйнөдө адилеттүүлүк
деген жок, – деди Мег кайгырып.
– Он жыл эптеп чыдап турсаңар, Жо экөөбүз
силерди байытабыз, – деп сөзгө кошулду бурчта
ылайдан маска, чымчык жана мөмөлөрдү жасап
отурган Эми.
– Жакшы ниетиңер үчүн ыракмат, бирок мен
сыя менен ылайга анча ишене бербейм.
Мег улутунду да, кайрадан суукка кайыккан
бакты карады. Жо үшкүрүп, столду кучактап отуруп калды, бирок Эми ылайын тынбай ийлей берди.
Аркы терезенин жанында отурган Бесс жылмайып
мындай деди:
– Азыр эки жагымдуу окуя болуп атат: көчөдө
апам келатат жана Лори бир жакшы кабар айтчудай
бакты аралап чуркап келатат.
Бир аздан кийин алар экөө тең конок бөлмөгө
киришти да, апасы адатынча: «Атаңардан кат келген жокпу, кыздар?» – деп сурады. Лори да адатынча сунуш кылды:
– Экипажга түшүп сейилдеп келбейлиби? Мен
бүгүн математика менен отуруп абдан чарчадым,
баш сергитсемби деп турам. Күн бүркөө, бирок
аба абдан сонун болуп турат. Брукту үйүнө жеткиз244
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
генче барып келели. Кеттик, Жо, сен Бесс менен
барасыңбы?
– Албетте, барабыз.
– Ыракмат, мен бош эмесмин. – Мег себетин алдына жылдырып койду, анткени апасы экөө тигил
жаш жигит менен көп чогуу жүргөнгө болбойт деп
сүйлөшүшкөн эле.
– Биз үчөөбүз бир мүнөттөн кийин даяр болобуз! – деп кыйкырды Эми, колун жууганы чуркап
баратып.
– Сизге эмне кылып жардам берсем болот,
апа? – деп эркелей сурады Лори, миссис Марчка
эңиле карап.
– Ыракмат, болгону эгер
мүмкүн болсо, почтону карап
коёсуңбу? Бизге бүгүн кат келиш керек эле, бирок почточу
келбептир. Атабыз абдан так
эле, сыягы, бир нерсе болгон
окшойт.
Капыстан коңгуроо кагылып, бир аздан кийин колуна
кагаз кармаган Ханна кирди.
– Баягы телеграфтын кагаздарынан экен, – деди
ал, телеграмманы жарылып кетип, бир балакет болчудай этият сунуп.
Миссис Марч «телеграф» деген сөздү угары менен кагазды дароо алды да, андагы эки сапты окууру
менен жүрөгүнө ок тийгендей купкуу болуп креслого отуруп калды. Лори суу алып келгени ылдый чуркады, Мег менен Ханна чуркап барып миссис Марч­
ты кармай калышты, Жо коркуп атып араң окуду:
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Миссис Марч, күйөө¢үздүн оорусу катуу. Тез
кели¢из. С. Хейл. Н. госпиталы. Вашингтон.
Кыздар болгон бактысынан, жалгыз таянычынан ажырачудай коркуп, үрпөйүп апасын тегеректей
калышты. Үйдө жымжырттык өкүм сүрүп, күүгүм
кире түшкөндөй, дүйнө өзгөрүлүп кеткендей болду.
Анан миссис Марч өзүнө келип, телеграмманы кайра окуду да, кыздарынын өмүр бою эсинен кетпей
кала тургандай тон менен айтты:
– Мен дароо жөнөйм, бирок кеч болуп калышы
да мүмкүн. О, балдарым, мага жардам бере көргүлө!
Бөлмөдө бышактап ыйлаган үндөр, жубаткан,
убада кылган сөздөр гана угулуп калды. Байкуш
Ханна биринчи болуп өзүнө келди да, өзү дө билип
билбей калгандарына үлгү көрсөттү, анткени ал
үчүн жумуш бардык кайгы-капанын эң мыкты дарысы болчу.
– Ардактуу кожоюнубузду кудай сактасын!
Мен көз жашымды төгө бербей, сиздин камыңызды
көрөйүн, мэм, – деди ал. Анан алжапкычы менен
бетин сүртүп, миссис Марчтын колун катуу кысты
да, ишине кетти.
– Ханна туура айтат, ыйлаганга убакыт жок.
Ыйлабагыла, алтындарым, мен да ойлоноюн.
Кыздар сооронгонго аракет кылып жатышты,
ал эми купкуу болуп өңдөн кеткен апасы кыздарымды эмне кылам деп ойлоно баштады.
– Лори кайда? – деп сурады ал, оюн топтоп, биринчи эмне кылыш керек экендигин чечкенден кийин.
– Мындамын, мэм. Эмне кылсам болот? – деп
жиберди тигил. Ал өздөрүнчө ыйлап алышсын деп
коңшу бөлмөгө кирип кеткен эле.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
– Дароо жөнөгөн атат деп телеграмма жибер.
Кийинки поезд таң атпай кетет, мен ошого түшөйүн.
– Дагы эмне кылайын? Аттар даяр, кайда болсо
бара берем, – деди ал баарына даяр сыяктуу.
– Марч жеңеге кат алып барып бересиң. Жо,
мага кагаз менен калем берчи.
Жо жазып жаткан барагынын таза жерин айрып берди да, столду апасына карай жылдырды. Ал
узак жана кайгылуу саякат үчүн акча карыз албаса
болбосун түшүнүп, кичине болсо да ошого жардам
бергиси келип турду.
– Мына, бар эми, алтыным, абайла, өтө шашпа,
анын зарылдыгы деле жок.
Миссис Марчтын эскерткени кулагынын сыртынан кеткен окшойт, беш мүнөт өтпөй эле Лори
терезенин жанынан чаап өттү.
– Жо, сен менин иштеген жериме барып, миссис Кингге мени эртең келбейт деп айтып кой. Келатып мына бул мен жазгандарды ала кел. Аларды менин эсебиме жазып коюшсун. Мунун баары зарыл,
анткени атаңды караганга жакшы даярданышым
керек. Госпиталдарда баары эле боло бербейт. Бесс,
мистер Лоренстен эки бөтөлкө жакшы шарап сурап
кел. Мен атаң үчүн баарын жасайм, ал эң жакшы
нерселерди алат. Эми, Ханнага айт, кара сандыкчаны алып келсин. Мег, жүр, сен мага буюмдарымды
чогултканга жардам бер, болбосо башым айланып
турат.
Байкуш аял бир учурда жазып, ойлонуп, буйрук берүү менен алек болуп атып кыйналып кеткендиктен, Мег аны өз бөлмөсүнө отургузуп койду
да, сиңдилери менен ишке киришти. Баары шамал
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
учурган жалбырактай чачылышып, телеграмма
каардуу сыйкырчынын дубасы болгон сыяктуу бактылуу, бейкут үй күтүүсүз жерден чаң-будуң түшүп
жатып калды.
Мистер Лоренс карбаластап Бесс менен кошо
келди, байкуш чал оорулууга керек дегендеринин
баарын көтөрө келиптир. Ал кыздарга көз салып
турам деп убада кылды, муну уккан апасынын санаасы тына түштү. Ал халатынан баштап, чогуу барып келейин дегенге чейин баарын сунуш кылды.
Чалдын узак сапарга чыгышын миссис Марч каалаган жок, бирок көзүнөн кыжалат болуп турганы
көрүнүп турду. Мистер Лоренс муну байкады да,
кашын үксүйтө ойлонуп, колун укалап турду да,
анан бир аздан кийин келем деп кетип калды. Аны
кайра эстегенче эле бир колуна галош, бир колуна
бир чөйчөк чай алып бараткан Мег кире бериштен
мистер Брукка карп-курп кездешти.
– Мен угуп абдан кайгырдым, мисс Марч, – деди
ал көңүл жайланта турган жагымдуу үнү менен.
– Азыр болсо апаңызга сизди коштоп барып келейин деп сунуш кылганы келдим. Мистер Лоренс
мени бир тапшырма менен Вашингтонго жөнөтүп
жатат, эгер пайдам тие турган болсо, кубанар элем.
Мег ушундай болуп колун сунганда, галош
түшүп кетти, чай да аз жерден калды. Мистер Брук
да буга катуу таасирленди жана ал мындан да чоң
кызмат кылууга даяр эле.
– Силер баарыңар кандай жакшысыңар! Апам
макул болот деп ишенем, биздин да карай турган
киши бар экенин билип санаабыз тынч болот. Чоң
ыракмат!
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Мег апасын ойлоп абдан толкунданып сүйлөдү,
анан өзүн тиктеген кой көздөрдү көрүп, чай эсине
түштү да, мистер Брукту конок үйгө чакырды.
Лори Марч жеңенин катын алып кайра келгенде, баары чечилип калган эле. Марч жеңе сураган
акчаны берип, дайыма айта жүргөн сөзүн катка да
жазыптыр, тактап айтканда, Марчтын аскерге бекерге барганын, мунун аягы жакшы болбойт деп
башынан эле айтып келатканын жана эми анын
кеңешине кулак салышат го деп үмүт кыларын жазыптыр. Миссис Марч катты отко, акчаны капчыкка салып, эрдин кымтыган бойдон даярдыгын көрө
берди.
Кеч киргенде бардык тапшырмалар аткарылды.
Мег менен апасы керектүү нерселерди тигип, Бесс
менен Эми чай ичкенге дасторкон даярдап, Ханна
өзү айткандай «жан талашып» үтүктөп жатты, ал
эми Жо эмнегедир кечигип атты. Баары кыжалат
болуп, Лори чочулап аны издегени кетти, анткени
анын эмне кылып иерин эч ким билчү эмес. Бирок
экөө кайчылаш кетиптир да, Жо келип калды. Анын
өңүндө күлкү да, кооптонуу да, канааттануу менен
өкүнүү да бар эле. Бардыгы аны көрүп бир таң калса, апасынын алдына койгон акчаны көрүп андан
бешбетер таң калышты.
– Бул менин атамды айыктырып алып келгенге
кошкон салымым!
– Алтыным, муну сен кайдан алдың? Жыйырма беш доллар! Жо, сен бейчеки эч нерсе кылган
жоксуңбу?
– Жок, бул мага тиешелүү нерсе. Мен тилемчилик кылган жокмун, карыз алган жокмун, уурдаган
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
да жокмун. Силер жаман ойлобогула, мен өзүмө
тиешелүү нерсени гана саттым.
Жо ушул сөздү айтып шляпасын алды. Бардыгы кыйкырып ийишти, анткени ал чачын алдырып
таштаптыр.
– Сенин чачың! Сенин сонун чачың!
– О, Жо, кантип ушуну кылдың? Сенин
сулуулугуң ошол эмес беле!
– Кызым, мунун эч кандай кереги жок эле да.
– Бул менин Жомо окшош эмес, бирок бул кылганы үчүн мен аны мурункудан да катуураак сүйөм.
– Ыйлактаба, Бесс, улуттун тагдырына бул эч
кандай таасир этпейт. Менменсигендиктен кутулууга да жардам берет, болбосо чачыма өтө эле
манчыркап кеткемин. Мээге да пайдалуу, башым
жеңилдеп, сергип калды. Чачтарач чачың жакында
жаш балдардыкындай сонун болуп калат деди. Тарайм деп убара да болбойсуң дейт. Өзүм да абдан
ыраазымын, келгиле андан көрө тамак ичели.
– Мага айтып бер, Жо. Мен ыраазы эмесмин,
бирок сени күнөөлөй албайм, анткени атаңды
сүйүүдөн улам «манчыркаганды» жеңгениңди билем. Бирок, алтыным, мунун анча деле зарылдыгы
жок болчу, өзүң да өкүнүп каласыңбы деп корком,деди миссис Марч.
– Жок, өкүнбөйм, – деп чечкиндүү айтты
Жо. Бардыгы бир ооздон айыптабаганын көрүп
жеңилдей түштү.
– Сага эмне түрткү болду? – деп сурады тармал
чачынан көрө башынан айрылганды артык көргөн
Эми.
– Мен атам үчүн бир нерсе жасагым келди, –
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
деп жооп берди Жо, бардыгы тамакка отургандан
ки­йин. Жаштар кандай болсо да тамактан баш тартпайт эмеспи. – Апамын акча карыз алып жатканын
көрүп кыйналдым, анткени Марч жеңеден бир ты­
йын карыз сурасаң да, наалып жатып араң берет,
муну мен жакшы билем. Мег үч айлык маянасын
үйдүн акысына төлөдү, а мен болсо кийим алып алгандыктан, өзүмдү өзүм жек көрүп жүргөмүн. Мен
акча табыш үчүн мурдумду да сатмакмын.
– Антип өзүңдү жек көрбө, кызым, кышка
кийимиң жок болгондуктан өз мээнетиң менен тапкан акчаңа эң зарылын сатып алдың да, – деп миссис Марч Жону жубатты.
– Адегенде чачымды сатайын деп ойлогон да
эмесмин, бирок көчөдө баратып да ойлоно бердим,
ал турсун бир бай дүкөндү тоносомбу деген да ой
келди. Анан бир чач тарачтын терезесинен чачтардын үлгүлөрүн баасы менен көрүп калдым. Меникиндей чачтар кырк доллар турат экен. Ошондо
акча тапсам болот турбайбы деген ой келди. Дароо
кирдим да, менин чачымды канчага аласыңар деп
сурадым.
– Кантип корккон жоксуң? – деп сурады Бесс
коркуп.
– Анда бир кичинекей киши бар экен, ал чачы
менен эле алек болот окшойт. Ал мага чачын сунуш
кылган кызды биринчи жолу көрүп жаткандай карады. Анан менин чачым керек эмес экенин, мындай
чачтар модадан чыкканын, чачты алган күндө да арзан аларын, анткени көп иш талап кыларын айтып
кирди. Кеч болуп бараткандыктан, чачты азыр сатып жибербесем, кийин кеч болорун билдим. Мени
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
билесиңер, бир нерсени баштасам, аягына чыкма­
йынча койбойм. Мен ага жалдырап, эмне үчүн сатып атканымды да айтып бердим. Балким, бул келесоолуктур, бирок баары бир жардам берди: анын
аялы мени тыңдап туруп аягында: «Чачын ал, Томас, кызга жардам берип кой. Мен да биздин Жимми үчүн керек болсо акыркы бир тутам чачымды
берер элем», – деди.
– Жимми деген ким экен? – деп сурады баарын
сурамжылай берчү Эми.
– Ал уулу экен, азыр аскерде дейт. Ушундай нерселер бейтааныш адамдарды да жакындаштырып
коёт турбайбы. Күйөөсү чачымды алып бүткөнчө,
ар нерселерди айтып алаксытып турду.
– Ала баштаганда корксоң керек, – деди Мег
калтырап.
– Тиги киши аспабын алып чыкканда, чачымды
акыркы жолу карадым, ошону менен бүттү. Мен мындай майда-чүйдө нерселерге эч качан кайгырбайм.
Бирок жашырган менен болобу, столдон тааныш
чачтарды көргөндө бир кызыктай сезимдер болду.
Колумдан же бутумдан айрылгандай эле болду. Аял
мени түшүндү окшойт, эң узун бир тутамды эстеликке берди. Мен аны сага берейин, апа, көргөндө менин мурунку узун чачымды эстей жүрөсүң. Мындан
кийин мындай узун жалды өстүрбөйт деле болушум
керек, анткени кыска чач абдан ыңгайлуу болот экен.
Миссис Марч бир тутам тармал чачты алды да,
дагы бир ак, кыска чач жаткан столуна катып койду. Ал «Ыракмат, алтыным» деп гана койду, бирок
өңү бузула түшкөндүктөн кыздар сөздү башкага буруп, мистер Бруктун ак көңүлдүгү, эртең аба ырайы
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
жакшы боло тургандыгы, атасы келгенде кандай
жакшы болору жана аны кантип караша тургандыгы жөнүндө сүйлөшүп калышты.
Саат ондордо миссис Марч акыркы нерсесин
тигип бүтүп, «Эми жаталы, кыздар», – деп айтканча эч кимдин уктагысы келген жок. Бесс фортепьяносуна отуруп, атасынын жакшы көргөн псаломун
ойноп кирди. Адегенде көңүлдүү башташканы менен бара-бара муңдуу тартып, акырында чыдай албай ыйлап ийишти жана бир гана Бесс жалгыз ырдап калды, анткени ал үчүн музыка дайым көңүл
жубатар нерсе болчу.
– Эми барып сүйлөшүп жата бербей уктагыла.
Эртең эрте турушубуз керек, уйкуну кандыргыла.
Жакшы түш көрүп жаткыла, алтындарым, – деди
миссис Марч псалом бүткөндөн кийин, анткени
башка эч ким ырдагысы келген жок.
Коңшу бөлмөдө жакын бирөө ооруп жаткандай
унчукпай өбүшүштү да, уктаганы жөнөштү. Көп
өтпөй эле Бесс менен Эми уктап калышты, Мег уктай албай жатты жана мындан мурун келбеген олуттуу ойлор келе берди. Жо былк этпей жаткандыктан
уктап калды го деп ойлогон, бирок бир маалда булкулдап акырын ыйлап жатканын укту.
– Жо, алтыным, эмне болду? Атама ыйлап
атасыңбы?
– Жок, ага эмес.
– Анда эмнеге?
– Өзүмүн... чачыма! – деп жаздыкты тиштеп
жаткан Жо жарылып кетти.
Сиңдисин кучактап өөп, эркелеткен Мег үчүн
бул тамашадай туюлган жок.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
– Мен өкүнгөн жокмун, – деди ал үшкүрүп.
Эгер керек болсо, эртең да ушуну жасамакмын. Менин ичимдеги өзүмчүлдүгүм жиндидей болуп ыйлап атат. Эч кимге айтпа, эми ыйлабайм. Мен сени
уктап калды го деп ойлоп, кичине бугумду чыгарып
алайын дегем. Сен эмнеге уктабай жатасың?
– Кыжалат болуп уйкум келбей атат, – де-­
ди Мег.
–.Жагымдуу нерселерди ойлосоң, уктап кетесиң.
– Аракет кылдым, бирок уйкум биротоло качып
кетти.
– Эмнени ойлодуң эле?
– Сулуу өңдөрдү... өзгөчө көздөрдү, – деп жооп
берди Мег, караңгыда жылмайып.
– Сага кандайлары жагат?
– Кой көздөр... кээде көк көздөр.
Жо күлүп ийгендиктен, Мег эч кимге айтпа деп
урушту, анан эртең чачыңды жакшынакай кылып
жасап берем деп убада берди да, уйкуга кетти.
Саат он экини кагып түн жарымы болгондо,
аппак кийимчен бирөө төшөктөн төшөккө барып,
жаздыктарды оңдоп, жууркандарды кайра жаап, уктап жаткандардын ар бирин узакка мээримин төгө
тиктеп, беттеринен өөп, энелерден гана чыга турган тилегин үн-сөзсүз тилеп жүрдү. Парданы акырын ачса, капыстан булут баскан ай чыга калды да,
жарык чачып: «Камтама болбо, алтыным! Булуттун
артында дайыма жарык бар», – деп шыбырагандай
болду.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Он алтынчы бап
КАТТАР
озоргон суук таң атты. Эже-сиңдилер
лампаны күйгүзүшүп, кичинекей китепчелеринен
бир бапты мурун болбогондой олуттуу окушту, анткени чыныгы кырсыктын көлөкөсү басып турганда, бул китепчелер кайраттандырып, көңүл жубатар
нерсе болмок. Кыздар кийинип жатып алыс жолго
чыгып бараткан апабызды ыйлап-сыктабай жакшы
узаталы деп сүйлөшүштү. Ылдый түшүшкөндө,
сырт күүгүмдөнүп кыймылсыз тургандай, үйдүн
ичи болсо адаттан тыш жарык, ызы-чуудай сезилди. Мындай эрте чай ичүү кызыктай сезилип, ал
турсун түнкү чепчикчен ары-бери жүгүрүп жүргөн
Ханнанын өңү да таң каларлыктай туюлду. Кире бериште апасынын чемоданы турат, диванда плащы
менен шляпасы жатат, өзү болсо чай ичимиш болуп
отурат, бирок уйкудан калганга өңү купкуу болуп
тургандыктан, жанагы убадага туруш кыйын болуп
атты. Мегдин көзү эмнегедир өзүнөн өзү жашка толуп, Жо чайнекке жашына калып атты, кичинекейлер болсо үрпөйүп отурушат. Көп сүйлөгөн киши
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
болгон жок, бирок экипаж күтүп отурганда, миссис Марч бири жоолугун бүктөп, бири шляпасынын тасмасын үтүктөп, үчүнчүсү бутун кийгизип,
төртүнчүсү чемоданын жаап жаткан кыздарына
мындай деди:
– Балдарым, мен силерди Ханна менен мис­
тер Лоренске таштап кетип баратам. Ханна – абдан берилген ишенимдүү киши, ал эми биздин ак
көңүл кошунабыз силерди өз баласындай карайт.
Мен силерди ойлоп коркпойм, бирок бул кырсыкты туура кабыл алгыла. Мен жокто кайгырып
капаланбагыла, бирок көңүл ачсак, унутулуп калат деп да ойлобогула. Үмүтүңөрдү үзбөй иштей
бергиле жана эч качан атасыз калат экенбиз деп
ойлобогула.
– Жарайт, апа.
– Мег, алтыным, этият болуп, сиңдилериңе көз
сал, Ханна менен кеңешип иш кыл, эгер бир нерседен кыйналсаң, мистер Лоренске кайрыл. Жо,
сен сабырдуу бол, ойлонбой туруп бир нерселерди жасаба. Кат жазып тур, мен сага ишенем. Бесс,
музыка менен өзүңдү алаксыт, өзүңдүн кичинекей
милдеттериңди унутпа, а сен болсо, Эми, колуңдан
келишинче эжелериңе жардам берип, тилин алып,
үйдөгү тынчтыкты сакта.
– Сөзсүз, апа! Сөзсүз!
Келаткан экипаждын үнү угулуп, баары кулак
түрүп калышты. Бул абдан оор учур эле, бирок
кыздар өздөрүн кармашты: бирөө да ыйлаган жок,
жүрөгү сыздап турган менен бирөө да билдирген
жок. Атасына салам айтып жатышканда, балким,
кеч болуп калгандыр деген жаман ой баарына кел256
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
ди. Алар апасын кучактап өөп, мүмкүн болушунча
көңүлдүү кол булгалаганга аракет кылышты.
Лори чоң атасы экөө коштошкону келишти жана
мистер Брукс ушунчалык күчтүү, акылдуу жана ак
көңүл болуп чыккандыктан, кыздар аны «Айкөл
мистер» деп атап алышты.
– Жакшы калгыла, алтындарым! Баарыңарды
кудайга тапшырдым! – деп шыбырады миссис Марч
кыздарынын биринен сала бирин өөп жатып. Анан
шашкан бойдон экипажга отурду.
Экипаж узай түшкөндө, булуттардын арасынан
күн чыкты. Апасы кайрылып карап, жакшы белги
көргөндөй болду: дарбазанын оозунда турган кичинекей топко күн нуру жаркырап тийип туруптур. Алар
да муну байкашты окшойт, кол булгалап ийишти.
Экипаж бурула берерде төрт кызды, анан ишенимдүү
сакчылардай болуп алардын артында турушкан мис­
тер Лоренсти, Ханнаны жана Лорини көрдү.
– Кандай жакшы адамдар! – деди ал бурулуп,
мистер Бруктун оюн билгиси келгендей.
– Сизге жаман мамиле кылыш мүмкүн эмес! –
деп жооп берген жаш жигит каткырып күлдү эле,
миссис Марч да буга жылмайбай коё алган жок.
Ошентип, узак сапар жакшы белги – күн, жылмаюу
жана тамаша сөздөр менен башталды.
– Мага жер титирөө болгондой сезилип атат, –
деди Жо, кошуналар тамактанганы кетип, өздөрү
жалгыз калганда.
– Үйдүн жарымы кеткендей болуп калды, – деп
кошумчалады Мег ындыны өчүп.
Бесс оозун ачып, бирдеме дейин деп барып,
анан апасынын столунун үстүндө жаткан жамалуу
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
байпак­тарды гана көрсөттү: байкуш апасы кетип баратып да аларды ойлоп, алар үчүн иштеп кетиптир.
Бул, албетте, майда-чүйдө нерсе, бирок ал ар биринин жүрөгүн сыздатып ийди жана алар кайраттуу бололу дегенине карабай буркурап ыйлап ийишти.
Акылдуу Ханна бугун чыгарып алышсын деп
бир аз күтүп турду да, анан кофе алып келди.
– Мына эми, алтындарым, апаңардын айткандарын унутпагыла жана кыжалат болбогула. Келгиле,
бир чөйчөктөн кофе ичели да, ишке киришели жана
үй-бүлөнүн атына шек келтирбейли.
Кофе бул үйдө сейрек ичилчү сый тамак болгондуктан, Ханна муну атайын кайнатты. Анын сөзүнө
жана кофенин жагымдуу жытына эч ким каршы
боло алган жок. Столго келишип, жүзаарчыларын
майлыкка алмаштырышты, анан он мүнөттөн ки­
йин эле баары жайына келип калды.
– «Ишенүү жана эмгектенүү» – мына биздин
ураа­ныбыз. Ким муну эсине жакшы сактаарын
көрөлү. Мен адаттагыдай эле Марч жеңеге барам. Ал
мага бүгүн ушундай бир насаат окуйт дейсиң! – деди
Жо, кофеден кичинеден ууртап жатып кайраттана.
– Мен болсо Кингдериме барам, бирок үйдө калып, чарба менен алек болгум келип турат, – деди
Мег, көзүм аябай кызарып калса керек деп кыжалат
болуп.
– Жөн эле кой. Биз үйдүн ишин Бесс экөөбүз эле
бүтүрүп коёбуз деди, – деди Эми өзүнчө керкейи­
миш болуп.
– Ханна бизге эмне иш кылыш керек экенин
айтып берет. Ошентип, силер келгенде баары даяр
болуп калат, – деп кошумчалды Бесс, убакытты тек258
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
ке кетирбей идиш жуучу чара менен кылжуугучту
алып атып.
– Менимче, толкундануу – абдан кызык нерсе, –
деди Эми, кантты ойлонуп жеп жатып.
Кыздар чыдай албай күлүп ийишти да,
жеңилдей түшүштү. Мег
баары бир кант менен өзүн
жубатып жаткан сиңдисин
карап башын чайкап койду.
Жарым тегерек май токочторду көрүп, Жо олуттуу боло түштү. Мег экөө үйдөн чыккандан кийин
апасы карап турчу терезени бир тиктеп коюшту.
Апасы жок болгону менен Бесс үйдөгү кичинекей
салтты унутпай терезеде туруптур жана кытай мандарининдей жадырап жылмайды.
– Алтыным десе! – деди Жо ыраазы болуп, анан
шляпасын булгалады. – Көрүшкөнчө, Мег, Кингдер
бүгүн сени тажата койбос. Атамды көп ойлоно бербе, – деп кошумчалады ал, эжеси менен коштошуп
жатып.
– Марч жеңе да наалый койбос. Чачың сага сонун жарашып калат экен, түрүң да эркек баланыкындай болуп татынакай болуп турат, – деп жооп
берди Мег, кичирейип кеткен тармал чач башты карап. Анан күлүп ие жаздап араң калды.
– Мени жубаткан жалгыз нерсе ушул. – Анан
Лори берген чоң шляпасын оңдой, өзүн шамалдуу
күнү кыркылган койдой сезип кете берди.
Атасы жөнүндөгү кабарлар кыздарды жубатып
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
турду, анткени ал катуу ооруп жатканы менен жанында жубайынын болгону пайда берип жатыптыр.
Мистер Брук күн сайын билдирүү жөнөтүп турду
жана Мег үйдүн башчысы катары аларды баарына угуза окуп берип жатты. Бир жумадан кийин
каттар оптимисттик маанайда келе баштады. Адегенде баа­ры кат жазгысы келип, Вашингтонго кат
жөнөтүп жатканына керсейишип, конвертти почто
кутусуна этият салып жүрүштү. Ушундай конверттердин бириндеги компанияга мүнөздүү каттардын
бирин окуп көрөлү.
«Кымбаттуу апа!
Сенин акыркы катың бизди кандай бактылуу
кылганын жазыш кыйын; жаңылыктар ушунчалык
кубанычтуу болгондуктан, баарыбыз ыйлай да бердик, күлө да бердик. Мистер Брукту кудай жалгасын,
анын мистер Лоренстин иши менен сенин жаныңда
болуп жатканы да жакшы болду, анткени ал сага
да, бизге да жардам берип жатпайбы. Кыздардын
баары кыз эмес эле алтын. Жо мага тиккенге жардам берет жана оор иштердин баарын өзүм жасайм
деп турат. Өтө чарчап калат деп коркмокмун, бирок анын мындай «алпейимдиги» узакка созулбайт
го деп ойлойм. Бесс өз милдеттерин так аткарат
жана айтылгандарды эч унутпайт. Атамы ойлоп са­
нааркайт, көп ойлонот, пианиносуна отурганда гана
жанданат. Эми тилимди угуп жүрөт жана ага көп
убакыт бөлөм. Чачын өзү тарайт, мен ага токуганды жана байпак жамаганды үйрөтүп жатам. Анын
аракети жакшы жана келгенде ийгиликтерин көрүп
кубанасың го деп ойлойм. Мистер Лоренс бизди
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Жо айткандай, жумуртка баскан тооктой эле карап
жүрөт. Лори да жакшы. Ал Жо экөө көңүлүбүздү
ачканга аракет кылат, бирок сен жок болгондуктан,
кээде аябай жетимсиреп, куса болобуз. Ханна болсо периште: эч наалыбайт, мага «мисс Маргарет»
деп кайрылып, сыйлап турат. Баарыбыздын денибиз сак, иш менен алекпиз, бирок күнү-түнү сенин
келишиңди тилейбиз. Атама ысык салам айт.
Сенин Мегиң».
Сулуу кол менен атыр себилген кагазга жазылган бул кат жука чет элдик кагазга тартаңдата жазылып, оңдолуп-чийилген төмөндөгү каттын карамакаршысы болуп эсептелет.
«Кымбаттуу апа!
Ардактуу атабыздын урматына үч кайталап
«ура!» дейбиз! Брук – азамат, дароо телеграмма жиберип, атамын жакшы болуп калганын билдирди.
А кат келгенде, учкан бойдон чатырга чыгып, кудайга миң мертебе ыракмат айтып, ыйлап ийдим да,
«Кандай кубаныч! Кандай кубаныч!» деп кайталай
бердим. Балким, чыныгы сыйынуу ушундай болор?
Анткени жүрөгүмдө ушунчалык көп сезим бар эле.
Биз көп күлөбүз жана мен абдан кубанып жүрөм,
анткени баары жакшы болгондуктан, үй куркулдайдын уясындай жайлуу. Мег столдун төрүнө отуруп
алып, үй-бүлөнүн энеси болуп атканын көрсөң,
күлүп атып бооруң эзилмек! Ал барган сайын сулуу
болуп баратат, кээде тим эле ичим элжиреп кетет.
Бесс менен Эми – чыныгы периштелер, а мен болсо баягы эле Жомун жана эч качан башка болбойм.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
О, мен сага айтышым керек, биз Лори экөөбүз урушуп кеттик. Болбогон эле бир нерседен улам сөздүн
ачыгын айтсам, ал таарынып калды. Меники туура,
бирок башкача айтсам болмок. Анан ал кечирим
сурабасаң экинчи келбейм деп үйүнө кетип калды.
Мен да жиним келип кечирим сурабайм дедим. Бул
бир күнгө созулуп, аябай кыйналдым. Сен жанымда
болсоң эмне. Биз Лори экөөбүз тең намыскөй болгондуктан, кечирим сурашыбыз да кыйын, бирок
меники туура болгондуктан, кечирим сурап келет
болуш керек деп ойлодум. Бирок ал келген жок, кеч
киргенде баягы Эми сууга чөгүп кете жаздагандагы
сөзүңдү эстедим. Китепчемди окуп, көңүлүм бир
аз жайланган соң, көпкө таарынбайын деп чечтим.
Лориден кечирим сурамак болуп баратсам, ал да
менден кечирим сурайын деп келатыптыр. Экөөбүз
аябай күлүп, бири-бирибизден кечирим сурагандан
кийин, жаныбыз жай алып калды.
Кечээ Ханнага кир жуушуп жатып, ыр чыгардым эле. Атам менин жазгандарымды жакшы көрөт
эмеспи, кошо салып жиберейин, окуп алаксысын.
Аны кучактап, чалды-куйду кызың Жо үчүн он эки
жолу өп.
САМЫН КӨБҮГҮНӨН ЫР
Канышамын тепшиге
Оюн салып ырдаймын!
Иш жакшысы кир жууганды
Так ырымдай сүйөмүн.
Шамал менен күнгө мен
Иш таап берем көбүнчө.
Колдон келсе атаганат
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Жалкоолукту кетирсем.
А кайгылуу жүздөрдөн
Кайгысын жууп кетирсем.
Анда жерге күн келмек
Баарын жууп кетирген.
Максат эмгек болгон соң
Жан дүйнөбүз жайдары.
Иштеген акыл чын экен
Кусалыкты айдаары.
Ойлорду айдап салалы
Тазарып жатып калалы.
Сезимдер болсун жүрөктө,
Ойлор турсун каректе.
Кубанып мен колго айтам:
Милдеттүүсүң иштөөгө.
Билем мага иш керек
Пайда келер бирөөнө».
«Кымбаттуу апа!
Бул катта салам айтып, анан баягы атама деп
бакта өстүргөн маргариткадан бир нече кургатылганын салганга гана орун бар. Мен күн сайын эртең
менен баягы китепчемди окуп, керели кечке жакшы
кыз болгонго аракет кылып жүрөм. Түндөсү болсо атам жакшы көргөн ырларды ырдайм. «Бейиш
өлкөнү» гана ырдай албайм, анткени ырдасам эле
ыйлап жиберем. Баары жакшы мамиле жасашат
жана биз мүмкүн болушунча бактылуу жашаганга аракет кылып жатабыз. Эми барактын калганын
мага бер деп жатат, ошондуктан ушуну менен катымды аяктайм. Шкафтар менен сандыктарды жапканды, саатты бураганды унуткан жокмун жана
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
бөлмөлөрдү күн сайын желдетем. Атамды меники деген бетинен өөп коюңуз. Силердин тезирээк
келишиңерди тилеп, Бесс».
«Ma chere mamma28!
Биз баарыбыз жакшы жүрөбүз мен сабактардын баарын аткарып кыздар менен конфликт болуп
жүрөм Мег сен компания дегенди ушинтип айтып
атасың дейт экөөнү тең жаздым туурасын сиз
тандаңыз. Мег мени жубатып, кыямды каалашымча
жегенге уруксат берет. Жо бул пайдалуу дейт, анткени ушундан улам мүнөз оңолот имиш. Лори бир аз
сылык сыпаа мамиле жасаса болмок, анткени мен
деле чоңойдум да, бирок ал мени дагы эле «балапан»
деп чакырат. Мен Хэтти Кингди туу­рап merсi же
bоn jour29 дегенде мени менен французча быдылдап
сүйлөшүп иет да мен эч нерсени түшүнбөй калам.
Көк көйнөгүмүн жеңи такыр жыртылып калып, Мег
жамап берди. Алдынан жакшы эле көрүнөт, бирок
көйнөктүн өзүнөн көгүрөөк. Мен каармандык менен
бардык нерсеге кыжырымы келтирбей жүрөм, бирок
Ханна менин алжапкычымды жууганда крахмалды
көбүрөөк кошушун жана күн сайын гречка ботко жасашын каалар элем. Кантип эле ошондой кылганга
болбосун? Суроо белгим кандай түшүптүр? Мег сенин пунктуацияң менен орфографияң абдан жаман
деп калат, бирок аны ойлонгонго менде убакыт жок.
Adieu, ысык салам, papa!
Кызыңар Эми Кертис Марч».
ma chere mamma – туура: ma chere maman – менин
ардактуу апам.
bon jour – туура: bon jour – саламатсызбы.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
«Кымбаттуу миссис Марч!
Мен сизге иштердин баары жакшы деп бир-эки
сап жазайын дедим. Кыздардын баары азамат, бурап койгон немедей иш кылышат. Мегден жакшы
үй айымы чыгат, анын буга таланты бар, баарын
тез үйрөнөт. Жо алдына ат салдырбайт, баарын ыкчам жасайт, бирок ойлонбой жасагандыктан, кайсы
жерден эмне кылып иерин билбейсиң. Дүйшөмбү
күнү бир тепши кир жууду, бирок самынын чайкагандан мурун крахмал салып жиберип, кызыл
көйнөк көгөрүп калды, өлгүдөй күлдүм. Бесстен
жакшы кыз жок, ал менин ишенген жардамчым. Ал
баарын үйрөнгөнгө аракет кылат, кичинекей болсо да базарга барып келет, менин жардамым менен
эсепти жүргүзөт. Кофени, сиз айткандай, жумасына
бир жолу гана берип, кыздарды жөнөкөй, бакыбат
тамактандырып жатам. Эң жакшы көйнөктөрүн
ки­йип, таттуу жегендиктен, Эми көп таарынбайт.
Мис­тер Лори адатынча шоктонуп жүрөт жана үйдүн
ичин үч көтөрүшөт, бирок ал кыздардын көңүлүн
ачкандыктан, мен да мейличи деп коём. Карыган
мистер Лоренс күн сайын ар нерселерди бере берип
тажатып да жиберет, бирок мен анын жакшылык
гана кааларын билем жана ага бир нерсе деп айтуу
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кичинекей Айымдар - 13
  • Parts
  • Кичинекей Айымдар - 01
    Total number of words is 3972
    Total number of unique words is 2009
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 02
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 1989
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 03
    Total number of words is 4051
    Total number of unique words is 2018
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 04
    Total number of words is 3996
    Total number of unique words is 1783
    32.6 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 05
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 1882
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 06
    Total number of words is 4069
    Total number of unique words is 1854
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 07
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1957
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 08
    Total number of words is 3985
    Total number of unique words is 1995
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 09
    Total number of words is 4037
    Total number of unique words is 1922
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 10
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 1888
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    49.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 11
    Total number of words is 4008
    Total number of unique words is 1850
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    44.5 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 12
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 1893
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 13
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1767
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 14
    Total number of words is 4048
    Total number of unique words is 1866
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 15
    Total number of words is 4139
    Total number of unique words is 1775
    32.6 of words are in the 2000 most common words
    45.9 of words are in the 5000 most common words
    52.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 16
    Total number of words is 4086
    Total number of unique words is 1803
    32.8 of words are in the 2000 most common words
    45.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 17
    Total number of words is 431
    Total number of unique words is 303
    47.7 of words are in the 2000 most common words
    56.5 of words are in the 5000 most common words
    61.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.