Latin

Кичинекей Айымдар - 04

Total number of words is 3996
Total number of unique words is 1783
32.6 of words are in the 2000 most common words
45.0 of words are in the 5000 most common words
51.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
– Бүгүн көк фланелден күрмө бычып жатып,
атаңарды жана кокус ал бир нерсе болсо жалгыз,
багар-көрөрүбүз жок каларыбызды ойлодум. Албетте, бул болбойт, бирок күрмөнү алып кете турган
чал келгенче эмнегедир эле ушундай ойлор кетпей
койду. Ал бир аз отуруп калды, чарчагандай, тынчы кеткендей түрү бар. «Уулуңуз армиядабы?» –
деп сурадым, анткени анын алып келген каты мага
болбогондуктан, ичинде эмне деп жазылганын
билбедим. «Ооба, мэм. Төртөө эле, экөө каза болду, бирөө туткунда, азыр оор жарадар болуп, Вашингтондо госпиталда жаткан төртүнчүсүнө кетип
баратам», – деди ал токтоолук менен. «Өлкөгө көп
нерсеңизди берген экенсиз, сэр», – дедим, ичимен
сыйлап. «Мен өз милдетимди гана аткардым, мэм.
Эгер пайдам болсо, өзүм да барат элем, бирок бара
албагандыктан, балдарымды бердим, бул үчүн эч
нерсе сурабайм да».
Ал чын дилинен сүйлөп жатты жана эң кымбат нерсесин аянбай берген аны көрүп туруп, өзүм
уялып калдым. Мен өлкө үчүн бир кишини берип,
аны да көп деп ойлоп отурсам, ал төртөөнү бериптир. Менин үйдө алаксыта турган төрт кызым бар,
анын акыркы уулу алыс жакта, балким, коштошуп
калсам экен деп жалдырап күтүп жатат. Анан колдо
бар нерселерими ойлоп өзүмдү абдан бактылуу, бай
сезип кеттим, тиги чалга чоң посылка, акча берип,
берген сабагы үчүн чын дилимден ыракмат айттым.
– Дагы бир нерсе айтып берчи, апа, моралы менен болсун. Мен сенин айтып бергендериң жөнүндө
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
ойлонгонду жакшы көрөм, эгер алар чыныгы, анан
өтө эле насаат түрүндө болбосо, – деди Жо, бир
мүнөттөй жымжырттыктан кийин.
Миссис Марч бул кичинекей топко көп жылдан бери сүйлөп берип жүргөндүктөн, кыздарынын
сырын билчү. Ал жылмайып койду да, мындай деп
баштады:
– Бар экен, жок экен, илгери төрт кыз болгон экен, алардын курсагы ток, кайгысы жок,
үстү бүтүн, ынак достору, сүйгөн ата-энеси бар
экен, бирок кыздар эмнегедир ыраазы болушпаптыр. – Кыздар тиктеше түшүштү да, жакшылап тиге башташты. – Алар жакшы болгусу
келишип, мыкты чечимдерге келишкени менен
аларды көп аткарышчу эмес экен. Дайыма «Мунубуз болгондо, тигинибиз болгондо» дешип,
колдо бар жакшы нерселерин унутуп коюшчу
экен. Бир жолу кыздар бир ак көңүл кемпирден
канткенде бактылуу болобуз деп сурашканда, ал:
«Тагдырыңарга нааразы болгондо, колдо бар жакшы нерселерди ойлоп, ошого ыраазы болгула», –
деп жооп бериптир. (Ушул жерге келгенде, Жо
башын көтөрүп, бир нерсе сурамакчы болду эле,
бирок аңгеме бүтө элек экенин билип унчукпай
калды). Кыздар акылдуу болгондуктан, кемпирдин айтканын кылмак болушту. Көп өтпөй эле
баары жакшы болуп баратканын байкап, таң калышты. Бирөө эч кандай акча байлардын үйүн уят
менен кайгыдан калкалап кала албасын билди,
экинчиси айланасындагы жыргалдан ыракат ала
албаган кары кемпирден көрө жаш, ден соолугу
чың, шайыр кыз болгон жакшы экенин түшүндү,
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
үчүнчүсү түшкү тамакты даярдоо оор иш болгону
менен анын жогу андан бешбетер кыйын экенин
аңдады, төртүнчүсү үлгүлүү жүрүм-турум акактуу шакектен баалуу экенине ынанды. Ошентип,
кыздар мындан ары наалыбай жүрөлү деп чечишти. Колдо бар нерселерден ыракат алып, ага
татыктуу бололу, антпесек алар көбөйгөндүн ордуна жок болуп кеткидей дешти. Мен билем, ал
кыздар мээримдүү кемпирдин айтканын кылганына кийин эч өкүнүшкөн жок.
– Бирок, апа, бул туура эмес! Өзүбүз айтып берген окуялар өзүбүзгө насаат болуп тийди, – деп жиберди Мег.
– Мага ушундай акыл-насааттар жагат. Мындайларды атам айтып берчү эле, – деди Жонун жаздыгын тигип жаткан Бесс ой басып.
– Мен баарынан азыраак даттанып, этиятыраак
болом, анткени Сузинин трагедиясы мен үчүн чоң
сабак болду, – деди Эми момурап.
– Бизге бул сабак керек эле, муну эми унутпайбыз. Эгер унутсак, анда «Том байкенин кепесиндеги»
карыган Хлоядай болуп: «Өз жыргалчылыгыңарды
ойлогула, балдар! Өз жыргалчылыгыңарды ойлогула!» деп айтып туруңуз, – деди баарын тамашага
айландырып жиберме адаты бар Жо. Бирок башкалардай эле ага да бул акыл-насаат катуу таасир этти.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Бешинчи бап
КОШУНАЛАР
о, айтсаң, кайда барасың? – деп сурады Мег бороондуу күнү түштөн кийин резина өтүк,
эски пальто кийип, бир колуна шыпыргы, бир колуна күрөк кармап, сыртка чыгып бараткан Жодон.
– Эшикке чыгып, буту-колумду жазып келе­йин, –
деп жооп берди Жо, шок көздөрүн ойноктото.
– Менимче, жумушка барып, кайра келүү үчүн
бир күн жетишет! Мендей болуп эле каминдин жанында отурсаңчы. Үйдө жылуу, кургак, эшикте болсо суук, ным, караңгы, – деди Мег калтырай түшүп.
– Кеңешти ук, бирок өз билгениңдей кыл! Кечке чейин үйдө отура албайм, от боюнда үргүлөп
жаткандай мышык эмесмин. Мен кызык окуяларды
жакшы көрөм жана аларды издейм.
Мег бутун отко кактап, «Айвенгону» окумак
болду, Жо болсо үйдүн алдындагы жолдун карын
шыпырып кирди. Кар жеңил болгондуктан, тез эле
бакты тегерете кеткен жолду тазалап койду, эми күн
чыкканда Бесс куурчактарын таза абадан дем алдыра
берсе болот. Бак Марчтардын үйүн мистер Лоренс70
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
тердикинен бөлүп турчу. Үйлөр шаардын четинде
болгондуктан, чоң бактар, шалбаалар, тынч көчөлөрү
айыл жерин эске салчу. Жапыс өскөн кашаалар кошуналарды бөлүп турчу. Бир жагында Марчтардын
эски үйү турчу жана мезгилдин өтүшү менен карарып бараткан үй терезеге өстүрүлгөн гүлдөрсүз
жана башка чырмоокторсуз кышында жылаңач сыяктуу туюлчу. Башка жагында таштан курулган үй
заңкайып турчу, анда чоң карета сарайдан баштап
жакшы каралган газондор менен оранжереялар жана
сонун терезе пардалардан көрүнүп турган кооз нерселер бардар турмуш менен шаан-шөкөттөн кабар
берип турчу. Бирок бул телегейи тегиз үй эмнегедир
ээнсиреп турчу: шалбаада балдар ойночу эмес, терезеден жылмайган эненин жүзү көрүнчү эмес жана
үйгө кирип чыккан мистер Лоренс менен небересинен башка киши деле көп көрүнчү эмес.
Ой-кыялы удургуп турган Жого бул заңкайган
үй сыйкырдуу ак сарайдай, ичи толо казына, эч
ким үзүрүн көрбөгөн жыргалдар бардай туюлчу. Ал
башкалар көрбөгөн шаан-шөкөттү көрүп, «мистер
Лоренстин небереси» менен таанышсам деп жүрчү.
Тигинин да таанышайын деген эле түрү бар, бирок
кантип таанышууну билбей жүрөт окшойт. Баягы бий кечесинен кийин Жо ого бетер дегдеп калды; аны менен достошуунун ар түрдүү жолдорун
ойлоп тапты, бирок тиги соңку жумаларда такыр
көрүнбөй калды. Кетип калган окшойт деп корко
баштады эле, бирок бир күнү экинчи кабаттан анын
кара тору өңү көзгө чалдыга түштү, караса, Бесс менен Эминин кар тоголотуп ойноп жүргөнүн карап
туруптур.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
«Бул бала теңтуштары, көңүл ача турган оюну
жок кыйналат экен, – деди ал өзүнчө. – Чоң атасы
небересине эмне пайдалуу экенин билбей эле камап
жата берет окшойт, буга болсо ойной турган балдар, же жок дегенде жашыраак жана шайырыраак
бирөө керек. Мен бул кары мырзага баары бир барып айтам муну!»
Эч кимден тартынбаган кылык-жоругу, жүрүмтуруму менен созулган Мегдин жүрөгүн түшүрчү
Жонун оюн ушул идея биротоло бийлеп алды. «Барып айтуу» идеясы унутула элек болгондуктан, Жо
ушул бороондуу күнү бир аракет кылып көрмөй
болду. Ал мистер Лоренстин экипажы үйдөн чыгып
кеткенин көрдү да, кашаага барчу жолун тазалады.
Анан токтоп, тиги үйдү карады. Баары тыптынч:
төмөнкү кабаттын пардалары түшүрүлүү, кызматкерлер көрүнбөйт, экинчи кабаттын терезесинен
көрүнүп турган кара тармал чачтан башка киши аттуудан эч ким жок.
«Бул ошол, – деп ойлоду Жо. – Байкуш! Ушундай күндө ооруп жалгыз отурат. Жакшы эмес. Кар
ыргытып көрөйүн, караса, бир ооз жылуу сөз айтып
коёюн».
Жумшак кар терезеге бир тийди да, тармал чач
дароо кайрылды жана жүзүндөгү кайдыгерлик дароо жок болду: бакырайган көздөрү жайнай түшүп,
оозу жалжайды. Жо күлдү да, шыпыргысын булгалап кыйкырды:
– Кандайсың? Ооруп атасыңбы?
Лори терезени ачып, каргадай кыркырады:
– Ыракмат, азыр жакшы болуп калдым. Катуу
суук тийип, бир жума үйдө отурдум.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
– Жаман болгон турбайбы. Көңүл ачып
атасыңбы?
– Жок. Аябай зериктим.
– Китеп окуп атасыңбы?
– Бир аз. Көп уруксат беришпейт.
– Окуп берген бирөө да жокпу?
– Кээде чоң атам окуп берет, бирок менин китептерим ага кызыксыз, а мистер Бруктан дайыма
эле сурана бере албайм.
– Анда бирөөнү конокко чакыр да.
– Бул жерде мен каалаган эч ким жок. Балдарды чакырсаң, ызы-чуу боло беришет, мен болсо али
алсызмын.
– Келип, сага китеп окуп берип, көңүлүңдү ача
турган кыздар жокпу? Кыздар адатта жоош, жакшы
болушат. Алар оорулуу кишини караганды жакшы
көрүшөт.
– Мен андайларды билбейм.
– Сен бизди тааныйсың да, – деп бараткан Жо
күлүп ийди да, унчукпай калды.
– Чын эле! Сен келип кетчи! – деп кыйкырды
Лори.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
– Мен, албетте, жоош да, жакшынакай да эмесмин, бирок апам уруксат берсе келем. Азыр сурап
көрөйүн. Терезени жап да, мен келгенче күтүп тур.
Ушуну айтып, Жо апам менен эже-сиңдилерим
эмне дээр экен деп шыпыргысын далысына салып
үйгө жөнөдү.
Жаңы курбу күтөм деген ой Лорини жагымдуу
толкундатып, бөлмөсүндө ары-бери чуркап, акыркы даярдыктарды көрүп атты. Миссис Марч айткандай, ал чыныгы жаш жентельмен болчу жана
коноктун урматына чатышкан тармал чачтарын
тарап, жаңы жака тагынды жана беш-алты кызматчы болгонуна карабастан, бир аз чачылып жаткан
бөлмөсүн иретке келтиримиш болду.
Акырында коңгуроо катуу кагылды да, бирөө
чечкиндүү үн менен мистер Лорини сурап, таң калган кызматчынын тепкич менен шашыла чыгып келатканы угулду.
– Жакшы, аны бул жакка ээрчитип келиңиз,
ал мисс Жо, – деди мистер Лори конокту тоскону
кичи залга баратып. Көп өтпөй эле бети кызарган,
жайдары, бир колуна жабык идиш, экинчи колуна Бесстин үч кичинекей мышыгын кармаган Жо
келди.
– Мына, оокаттарымды көтөрүп келип калдым,
– деди ал шаңкылдап. – Апам салам айтып, эгер бир
нерседен жардам бере алсам сүйүнөт элем деди.
Мег бланманжесин берип ийди, ал муну сонун бышырат. А Бесс болсо мышыктын балдарын тез эле
айыктырып коёт дейт. Билем, сен буга күлөсүң, бирок ал чын дилинен сага жардам бергиси келгендиктен, кой дей алган жокмун.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Бесстин берип ийген мышыктары таанышуу
үчүн абдан сонун каражат болуп чыкты: Лори мышыктын балдарына күлүп атып, тартынчаактыгын
унутуп койду да, дароо эле божурап сүйлөшүп кирди.
– Мындай кооз нерсени жегенге болбойт го,деди ал ыраазы болуп, Жо Эминин жакшы көргөн
геранынын көк жалбырактары жана кызыл гүлдөрү
менен кооздолгон бланманжени ачканда.
– Андай деле эмес, болгону бардыгы дос экенин көрсөткүсү келишти. Кызматчыга айтсаң, муну
алып кетип, анан сага чай менен берсин. Бланманже
– жеңил тамак, аны бейтаптар да жесе болот, анын
үстүнө жумшак болгондуктан, ооруган тамагыңдан
кантип өтүп кеткенин да билбей каласың... Бөлмөң
абдан жайлуу экен!
– Кызматчылар жакшылап жыйыштырышса,
жайлуу болмок, бирок алар андай кылышпайт, мен
болсо аларды мажбурлай албайм. Бирок буга чындап эле кыжалат болом.
– Мен муну эки эле мүнөттө жасап коём; каминди шыпырып коюш керек... мына минтип... каминдин текчесине баарын тегиз тизип коюш керек...
минтип... китептерди бул жакка... бөтөлкөдөгү дарыларды бул жакка... диваныңды жарыктан буруп
коюш керек да, жаздыгыңды бир аз көптүрүп коюш
керек. Мына, эми баары жайында.
Оозу тынбай сүйлөп, күлүп атып эле Жо буюмдарды ордуна жайгаштырып койду. Эми бөлмө
таптакыр башкача болуп калды. Лори унчукпай көз
салып турду да, Жо көрсөткөн диванга отура кетип,
ыраазы болду:
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
– Абдан жакшы иш кылбадыңбы, ыракмат! Бул
бөлмөгө ушул керек болчу. Эми тигил чоң креслого
отур да, менин коногум бол.
– Жок, мен сенин көңүлүңдү ачканы келбедимби. Китеп окуп берейинби? – Жо жакын жерде турган китептерди кызыгып карап койду.
– Ыракмат! Мен булардын баарын окугамын,
эгер каршы болбосоң, сүйлөшүп отуралы.
– Эч каршы эмесмин. Сүйлөтүп койсо, керээли
кечке сүйлөй берем. Бесс сен токтогонду билбейсиң
деп айтат.
– Бесс бети кызыл, кээде гана үйдөн кичинекей
себетин көтөрүп чыгып кала турган кызбы? – деп
сурады Лори кызыгып.
– Ооба, ошол. Ал менин кызым, абдан жакшы
кыз.
– Сулуу кыз – Мег, а тармал чач – Эми, ушундайбы?
– Сен кайдан билесиң?
Лори кызарып кетти, бирок чынын айтты.
– Мен көбүнчө жогору жакта жалгыз отурам, анан
силер бири-бириңерди чакырганда, чыдай албай карай берем. Силер, сыягы, убакытты абдан көңүлдүү
өткөрөсүңөр. Шоктугум үчүн кечирим сурайм, бирок
силер гүлдөр өскөн терезенин пардасын жапканды
унутуп коёсуңар да, лампаны күйгүзгөндөн кийин баа­
ры көрүнүп турат: камин, силер баарыңар апаңарды
тегеректеп отурасыңар, тегерегиңер гүл болуп, кооз
көрүнгөндүктөн, карай берем. А менин болсо апам
жок. – Лори каминдеги отту козгомуш болуп калды.
Анын кара көздөрүндөгү кусалык боорукер
Жонун жүрөгүн титиретип жиберди. Тарбиясы76
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
нан улам болсо керек, Жо он бешке чыкса да, бала
сыяктуу баёо болчу. Лори оорулуу жана жалгыз
болгондуктан, өзүндөгү толуп-ташып турган үйбүлөлүк сүйүүсү менен бактысынан бөлүшмөк болду. Жүзүнөн мээрим туюлуп, үнү да адаттан тыш
муңайым чыкты:
– Биз мындан кийин парданы жаппайбыз,
каалашыңча карай бер. Бирок антип карап отургандан көрө биздикине конокко кел. Апам абдан жакшы,
аны менен таанышканың абдан пайдалуу болот. Мен
сурансам, Бесс сен үчүн ырдап берет, ал эми Эми
бийлеп берет. Ал эми Мег экөөбүз сага күлкүлүү те­
атр реквизиттери менен декорацияларын көрсөтөбүз.
Сенин оюңча, чоң атаң сага уруксат береби?
– Эгер сенин апаң суранса, уруксат берет болуш
керек. Ал сыртынан катаал көрүнгөнү менен абдан
ак көңүл киши. Мен каалаган нерселердин көбүнө
уруксат берет, бирок чоочун кишилерди түйшүккө
салгысы келбейт, – деди Лори жанданып.
– Биз чоочун кишилер эмеспиз, кошуналарбыз,
түйшүккө салам деп кыжалат болбо. Сени менен
достошконду өзүбүз каалайбыз, мен да сени менен
көптөн бери таанышайын деп жүргөм. Биз бул жерде көптөн бери жашайбыз жана силерден башкалардын баарын көптөн бери тааныйбыз.
– Чоң атам китептеринин дүйнөсүндө жашагандыктан, айлана-чөйрөдөгүлөр менен иши деле
жок. Мистер Брук, менин мугалимим, биздин үйдө
да­йым жашабайт, ошондуктан мен үйдө жалгыз калам да, эптеп алаксымыш болом.
– Жаман экен. Сен өзүң аракет кылып, чакырган жердин баарына бара беришиң керек. Ошондо
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
досторуң көбөйөт, алардын үйүнө барып, көңүл
ачасың. Тартынчаактык эч нерсе эмес, конокко бара
баштаганда эле калып калат.
Лори кайрадан кызарып кетти, бирок тартын­
чаак дегенге капа болгон жок. Жонун үнү чыныгы достордукундай болгондуктан, анын ачык
сүйлөгөнүн бурмалоого болбос эле.
– Сага өзүң окуган мектеп жагабы? – деп сурады
ал, бир аз тынымдан кийин теманы өзгөрткүсү келип. Ал отту карап, Жо болсо ыракаттанып бөлмөнү
тегерете карап отурду.
– Мен иштейм, мектепке барбайм. Жеңемди
карайм, чынын айтсам, ал абдан ачуулуу кемпир, –
деп жооп берди Жо.
Лори дагы суроо берейин деп оозун ачып баратып, башка бирөөлөрдүн ишине өтө кызыга берген
уят экенин эстеп, токтоп калды да, ыңгайсызданып
оозун жапты. Жо анын сыпайылыгына баа берип,
бирок токтоно албай карыган Марч жеңе, анын семиз пудели, испанча сүйлөгөн тоту кушу, өзү китеп алып, жыргап окуган китепканасы жөнүндө
күлкүлүү кылып айтып берди. Лори мунун баарына
абдан күлдү, анан бир жолу Марч жеңеге бир карыган кербез мырза күйөөлөп келип, саймедиреп
сүйлөп жатканда, тоту куш тиги байкуштун жасалма чачын жулуп алганын айтып бергенде, диванга
чалкасынан кетип, көзүнөн жаш чыкканча каткырып күлдү эле, кызматчы аял эмне болуп кетти деп
чуркап келди.
– Өх! Мага күлгөн абдан пайдалуу. Дагы айтсаң!
– деди ал дивандын жаздыгын кызарып жайнаган
жүзүнөн алып.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Шердене түшкөн Жо өздөрүнүн койгон оюндары, пландары, үмүт кылган нерселери, атасынан
кыжалат болушары жөнүндө, дегеле төрт эже-сиңди
жашаган кичинекей дүйнөдө эмне кызык болсо
ошонун баарын айтып берди. Анан китеп жөнүндө
кеп болуп, Жо Лори да китеп окуганды сүйөрүн, ал
турсун өзүнөн көп китеп окуганын байкады.
– Эгер сен китеп окуганды жакшы көрсөң, ылдый түшөлү, анда китепканабыз бар. Коркпой эле
кой, чоң атам жок, – деди Лори туруп баратып.
– Мен эч кимден коркпойм, – деп жооп берди
Жо башын чулгуй.
– Көрүнүп турат! – деди тиги суктана карап.
Бирок ичинен сиркеси суу көтөрбөй турганда чоң
атама туш болуп калса көрөт элем деп ойлоп койду.
Үй жайындагыдай жылуу эле. Лори Жого
бөлмөлөрдү көргөзүп жүрүп отуруп, акыры китепканага жетишти. Жо катуу таң калганынан адатынча колун бириктире калып бийлеп ийди. Дубалды
бойлото заңкайган китеп шкафтар кетет экен, мында сүрөттөр, статуялар, кишини кызыктырган эски
тыйындар менен буюмдары бар кичинекей шкафтар, жайлуу креслолор, күлкүлүү столиктер, коло
канделябрлар жана эң кызыгы – кооздолгон очок да
бар экен.
– Укмуш экен! – деп ийди Жо, баркыт креслого ыракаттана отуруп жатып. Анан мындай деп
кошумчалады: – Теодор Лоренс, сиз дүйнөдөгү эң
бактылуу бала болсоңуз керек!
– Киши жалгыз китеп менен жашай албайт, –
деди Лори башын чайкап, анан Жонун маңдайына
отура кетти.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Ушуну айтып оозун жыйганча, коңгуроо кагылып калды да, Жо секирип турду:
– О, кудай! Бул чоң атаң!
– Эмне болот эле? Сен эч кимден коркпойсуң
да, – деди тиги күлө карап.
– Эмне үчүн экенин билбесем да, бир аз коркконсуп турам. Апамдан уруксат сурап келгемин,
менимче, сен үчүн деле зыян болгон жок, – деди
Жо, өзүн карамап. Бирок тынчы кетип эшик жакты
карап коюп жатты.
– Мага ал турсун абдан пайдалуу болду, сага
чын дилимден ыраазымын. Узакка сүйлөшкөндөн
чарчадың го деп коркуп турам, бирок мен үчүн
абдан жагымдуу болгондуктан, кечке сүйлөп,
тыңдай бергим келип турат, – деди Лори ыраазы
болуп.
– Сизге доктор келди, – деди кызматчы, Лорини
чакырып.
– Кечирип кой, мен бир мүнөткө барып келет
окшойм, – деди Лори.
– Мага кыжалат болбо. Мындай жерде мен зерикпейм, – деп жооп берди Жо.
Лори чыгып кетти, ал эми анын коногу китептер менен сүрөттөрдүн дүйнөсүндө жыргап жүрдү.
Эшик кайра ачылганда, Жо мистер Лоренстин сонун тартылган портретинин алдында турган эле. Ал
бурулбай туруп, чечкиндүү айтты:
– Эми мен чоң атаңдан коркпой турганыма
ишенем. Көздөрү мээримдүү экен, бирок оозу катуу кымтылып турганына караганда эрки күчтүү
окшойт. Менин таятам сыяктуу келишимдүү эмес
экен, бирок мага абдан жакты.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
– Ыракмат, мэм, – деп арт жактан жоон үн чыкты. Карай салса, эшиктин жанында мистер Лоренс
туруптур.
Байкуш Жо кыпкызыл болуп кетти, эмне деп
айтканын ойлогондо жүрөгү ого бетер дүкүлдөп
сокту. Качып кетсемби деген ой келе калды, бирок бул коркоктук болмок жана эже-сиңдилери
шылдыңдап күлүшмөк, ошондуктан бул ыңгайсыз
жагдайдан эптеп чыгыш керек болду. Жакшы­раак
карап, үксөйгөн буурул каштардын алдындагы
көздөр портреттегиге караганда да мээримдүүрөөк
экенин байкады жана бир аз тамашалап тургандай
көрүнгөндүктөн, коркпой калды. Бирок чал мурункудан да ороюраак үн менен мындай сурады:
– Демек, сиз менден коркпойт турбайсызбы,
мисс, ушундайбы?
– Көп коркпойм, сэр.
– Сиздин таятаңыздай келишимдүү эмес турбаймынбы, ээ?
– Бир аз, сэр.
– Менин эрким күчтүү бекен?
– Мен болгону оюмду айттым.
– Бирок ошого карабастан мен сизге жагат турбаймынбы?
– Ооба, сэр.
Жооп чалга жакты окшойт, күлүп жиберди да,
Жонун колун кысып, анан ээгинен көтөрүп олуттуу
карады да, башын ийкеп, мындай деди:
– Жүзүң анча окшошпогону менен мүнөзүң
таятаңдыкы экен. Ал мыкты киши болчу, андан да
маанилүүсү, эр жүрөк жана чынчыл эле, мен анын
досу болгонума сыймыктанам.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
– Ыракмат, сэр. – Чалдын айтканы өзүнүн пикирине туура келгендиктен, эми өзүн ишенимдүү
сезип калды.
– Менин баламдыкында эмне кылып жүрөсүң?
– Кийинки кескин суроо ушундай болду.
– Мен болгону кошуналык кылдым. – Анан Жо
кантип бул жакка келгенин айтып берди.
– Демек, сенин оюңча, аны бир аз алаксытып,
көңүлүн ачыш керек турбайбы?
– Ооба, сэр. Менин оюмча, ал жалгыздыктан
зеригет, теңтуштары болсо, жакшы болмок. Албетте, биз эркек бала эмеспиз, кызбыз, бирок колубуздан келишинче жардам беребиз, анткени сиздин
Рождес­тводогу сонун белегиңиз эсибизде.
– Кой, аны сөз кылбай эле коёлу. Анын баарын
балам кылган. Айткандай, баягы көп балалуу байкуш аял кантип атат?
– Жаман эмес, сэр. – Анан Жо Хаммелдер
жөнүндө билгендерин быдылдап айтып берди. Апасы башка байыраак досторун да аларга жардам бердирип жүргөн.
– Таятаң да дайыма жакшылык кылчу эле. Жакында апаң менен учурашканы барам, айтып кой.
Мына, чайга чакырып атышат. Баламын оорусунан
улам биз азыр чайды эртерээк ичип калдык. Жүр,
«кошуналык кылганыңды» улант.
– Эгер сиз кааласаңыз, сэр.
– Каалабасам, чакырбайт элем. – мистер Лоренс
модадан чыккан эски кербездик менен колун тосту.
«Мег эмне дээр экен?» – деп ойлоду Жо, аны менен катар баратып. Анан мунун баарын үйдө кантип
айтып берерин ойлогондо, көздөрү ойной түштү.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
– О-о, бул бала ойноктоп калган го? – деп ийди
чал, Лори тепкич менен атып түшүп, тоодой-таштай чоң атасын колтуктап келаткан Жону көрүп тык
токтогондо.
– Мен сиздин келгениңизди билбептирмин, сэр, –
деп баштады ал, Жо менменсине караганда.
– Тепкич менен ылдый атып түшкөнүңө караганда ошондой го. Жүрүңүз чай ичели, сэр,
өзүңүздү жентельмендей алып жүрүңүз. – Анан
мистер Лоренс баласынын чачын эркелете уйпалап,
ашкана тарапка басты. Лори болсо артынан куудулданып ар түрдүү кыймылдарды жасап баратты, аны
көрүп Жо каткырып жибере жаздады.
Чал төрт чөйчөк чай ичкенче көп сүйлөгөн
жок. Бирок эски тааныштардай сүйлөшүп отурган
жаштарга астыртан көз салып, небересинин дароо
өзгөрө түшкөнүн байкады. Баласынын бетине кадимкидей кан жүгүрүп, кыймылы жандуу болуп,
өзү шайыр болуп калыптыр.
– Кыз туура айтат, бала чын эле жалгыздыктан
кыйналат. Бул кыздар кандай жардам берер экен,
көрөлү, – деп ойлоду мистер Лоренс байкап оту­
руп. Жо ага жакты, анткени анын бир аз таң каларлык ачыктыгы өзүнө жакын жана түшүнүктүү эле,
анын үстүнө Лорини эркек бала сыяктуу эле жакшы
түшүнөт окшойт.
Лоренстер, Жо айткандай, «аңкоо жана кербез»
немелер болсо, Жону жактырышмак эмес, анткени андай чөйрөдө мындайлар дайыма тартынып, жүдөй беришет. Бирок булар өздөрүн ээн-эркин, табигый кармагандыктан, Жо да ошондой болуп, жакшы таасир
калтырды. Бардыгы столдон туруп, Жо кетмек болду,
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
бирок Лори ага бирдеме көрсөтөм деп, оранжереяга
алып чыкты. Жарык күйгүзүлгөн оранжерея Жого
жомоктой сезилди: ал узун жолдор менен ары-бери
басып, эки тарабындагы жашыл дубалдарга, жумшак
жарыкка, нымдуу таза абага, таң каларлык таризде
сойлоп өскөн өсүмдүктөргө, бийик дарактарга таң
калып жатты. Ал эми досу татынакай кооз гүлдөрдөн
кесип бере берип, бир кучак болуп кетти. Аларды лента менен байлап, жагымдуу жылмайып, мындай деди:
– Муну апаңа берип, берип жиберген дарыңыз
абдан жагыптыр деп айтып койчу.
Үйгө кайра келишсе, мистер Лоренс конок
үйдөгү каминдин жанында туруптур, бирок Жонун
көңүлүн ачылып турган рояль бурду.
– Сен ойнойсуңбу? – деп сурады ал Лориге урмат менен.
– Бир аз, – деди ал.
– Ойноп берчи. Мен угуп, анан Бесске айтып
берейин.
– Өзүң биринчи ойноп бербейсиңби?
– Билбейм. Үйрөнө албай койдум, бирок музыканы абдан акшы көрөм.
Лори роялга отурду да, ойноп кирди, ал эми Жо
буркураган гелиотроптор менен розаларды жыттаганча ыракаттанып угуп отурду. Мистер Лоренстин
небересине, анын мамилесине болгон урматы ого бетер артты, анткени тиги абдан мыкты ойнойт экен.
Ичинен Бесс укса эмне деп өкүнгөнү менен айткан
жок, Лорини аябай мактап кирди эле, тигил уяла
баштады, анан чоң атасы жардамга келди.
– Жетет, жетет, кызым. Өтө эле мактап ийдиң.
Бул Лориге зыяндуу. Жакшы эле ойнойт, бирок
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
башка маанилүү иштерде да ушундай ийгиликтерге
жетет деп үмүттөнөм. Кетесиңби? Сага абдан ыраа­
зымын, дагы келип турасың го деп ойлойм. Апаңа
салам айт. Түнүңүз бейпил болсун, доктор Жо.
Ал колун жумшак кысты, бирок Жого бир нерсеге нааразыдай сезилди. Оозгу бөлмөгө чыкканда
Лориден билип-билбей бир нерсе деп койгон жокмунбу деп сураганда, ал баш чайкады:
– Жок, күнөө менде, анткени менин ойногонумду жактырбайт.
– Эмне үчүн?
– Кийин айтып берем. Мистер Брук сени үйгө
чейин узатып коёт – мага эшикке чыкканга болбойт.
– Жөн эле койсун, мен коркок бийкечтерден
эмесмин, анын үстүнө бул эле жерде да. Тезирээк
айыгып кет.
– Макул. Бирок сен дагы келесиң да?
– Эгер айыккандан кийин силердикине барам
деп убада берсең, келем.
– Убада берем.
– Түнүң бейпил болсун, Лори!
– Түнүң бейпил болсун, Жо!
Жонун айтып бергендерин угуп, Марчтардын
үй-бүлөсү кошуналарга барышмак болду, анткени апасы үчүн да, кыздар үчүн да кашаанын
ары жагындагы чоң үйдө кызык нерсе бар болуп
чыкты. Миссис Марч атасын жакшы тааныган
киши менен сүйлөшкүсү келди, Мег оранжереяда
сейилдөөнү каалап, Бесс роялды эңсеп калды, Эми
болсо сүрөттөр менен статуяларды көрсөм деп
эңсей баштады.
– Апа, эмне үчүн мистер Лоренс Лоринин ой85
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
ногонун жактырбайт? – деп сурады табиятынан ар
нерсеге кызыга берчү Жо.
– Аныгын билбейм, бирок менимче, анын уулу,
Лоринин атасы, ага жакпаган италиялык музыкант
кызга үйлөнгөнүнөн улам болсо керек. Кыз татынакай, жайдары, таланттуу болчу, бирок эмнегедир чал
аны жактырбай, үйлөнгөндөн кийин уулу менен катташпай койгон. Ата-энеси өлгөндө Лори кичинекей
болчу, чоң атасы багып алган. Менимче, Италиянын
жумшак климатында төрөлгөн баланын ден соолугу
начарыраак болсо керек. Чал небересинен да айрылып каламбы деп коркот. Лори апасына окшош, сыягы, музыкага жөндөмү да апасынан болуш керек. Чоң
атасы апасын тартып музыкант болуп кетеби деп чочулайт го дейм. Кандай болгондо да, баланын музыкага жакындыгы мистер Лоренске жакпаган аялды эстетип, ошондон улам сен айткандай, «кабагы бүркөлө
түшөт» болуш керек, Жо.
– Ах, кандай романтика! – деп ийди Мег.
– Эмне деген келесоолук! – деди Жо. – Кааласа,
музыкант боло берсин да, эмне кереги бар өзү каалабаган немени университетке окутуп.
– Анын сулуу кара көздөрү менен жагымдуу
манералары кайдан экенин эми түшүндүм – деди
сезимтал Мег.
– Анын көздөрү менен манераларын сен кайдан билесиң? Аны менен бир да жолу сүйлөшкөн
жоксуң, – деп каршы чыкты Жо.
– Мен аны бийден көргөмүн, а сенин
айткандарыңдан улам өзүн алып жүрө алат деп
жыйынтык чыгарса болот. Ал апам жиберген
дары жөнүндө сонун айткан турбайбы.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
– Ал, сыягы, сенин бланманжеңди айтты го.
– Кандай аңкоо немесиң! Ал, албетте, сени айтты.
– Эмне дейсиң? – Жонун көзү бакырая түштү;
мындай ой анын акылына такыр келген эмес.
– Өмүрүмдө мындай кызды көргөн эмесмин!
Өзүнө комплимент айтып атса, түшүнбөйт! – деп
ийди Мег мындай нерсе башынан көп өткөн кыздарга окшоп.
– Менимче, комплимент деген болбогон кеп,
сен өзүңдүн божомолдоруң менен баарын бузбачы.
Лори – сонун бала, ал мага жагат, а жанагы комплимент-сомплимент дегендериңди уккум да келбейт.
Баарыбыз ага жакшы мамиле жасайлы, анткени
анын апасы жок. Ал биздикине конокко келсе болот
да, туурабы, апа?
– Албетте, Жо, биз баарыбыз сенин жаңы
досуңду кубанып тосуп алабыз. Мег болсо балдар
каалаганча бала бойдон кала аларын түшүнөт го
деп ойлойм.
– Мен он экиге эле чыкканым менен өзүмдү
бала деп эсептебейм, – деди Эми. – А сенчи, Бесс?
– Мен биздин пилигрим ойногонубузду ойлонуп отурам, – деди жанагы сөздөрдүн баарын кулагынын сыртынан кетирген Бесс. – Жакшы болууну
чечип, Кайгы айлампасынан чыктык, эми бийик чокуга чыгып баратабыз, анда болсо кубаныч менен
укмуштарга толо үй күтүп турат жана ал биздин Ак
Сарайыбыз болот.
– Бирок адегенде айбаттуу арстандардын жанынан өтүшүбүз керек, – деди Жо, мындай келечекке
кубангандай болуп.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Алтынчы бап
БЕСС АК САРАЙДЫ ТАПТЫ
осмонун ары жагындагы үй чын эле
Ак Сарай болуп чыкты, бирок ал жакка дароо эле
бара алышкан жок жана «арстандардын», алардын эң айбаттуусу карыган мистер Лоренстин
жанынан өтүү тартынчаак Бесс үчүн өтө чоң сыноо болду. Андай деген менен тигил катаал чал
келип, кыздардын ар бири менен тамашалашып
сүйлөшүп, апасы менен мурунку мезгилди эстеп
баарлашып кеткенден кийин Бесстен башкасы андан мурункудай коркпой калышты. Жолдо турган
дагы бир «арстан» алардын кедей, ал эми Лоринин
бай экендиги болчу, ушундан улам адегенде тартынып жүрүштү. Бирок көп өтпөй эле Лори аларга
абдан ыраазы болуп, миссис Марчтын энелик мээ­
римине, кыздардын жагымдуу мамилесине жана
колдоосуна эмне менен жооп берерин билбей
жүргөнү белгилүү болуп калды. Ошентип, тез эле
ынак болуп, кимдин эмне карыз экенин да ойлонбой калышты.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Достук мамиле күн санап эмес, саат санап
чыңалып бараткан ушул кезде көптөгөн жагымдуу
окуялар болду. Баары Лорини жактырып калышты,
ал болсо насаатчысы мистер Брукка кошуналар «чын
эле сонун кыздар» экенин сыр кылып айтты. Кыздар
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кичинекей Айымдар - 05
  • Parts
  • Кичинекей Айымдар - 01
    Total number of words is 3972
    Total number of unique words is 2009
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 02
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 1989
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 03
    Total number of words is 4051
    Total number of unique words is 2018
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 04
    Total number of words is 3996
    Total number of unique words is 1783
    32.6 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 05
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 1882
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 06
    Total number of words is 4069
    Total number of unique words is 1854
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 07
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1957
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 08
    Total number of words is 3985
    Total number of unique words is 1995
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 09
    Total number of words is 4037
    Total number of unique words is 1922
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 10
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 1888
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    49.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 11
    Total number of words is 4008
    Total number of unique words is 1850
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    44.5 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 12
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 1893
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 13
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1767
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 14
    Total number of words is 4048
    Total number of unique words is 1866
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 15
    Total number of words is 4139
    Total number of unique words is 1775
    32.6 of words are in the 2000 most common words
    45.9 of words are in the 5000 most common words
    52.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 16
    Total number of words is 4086
    Total number of unique words is 1803
    32.8 of words are in the 2000 most common words
    45.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 17
    Total number of words is 431
    Total number of unique words is 303
    47.7 of words are in the 2000 most common words
    56.5 of words are in the 5000 most common words
    61.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.