Latin

Кичинекей Айымдар - 07

Total number of words is 3951
Total number of unique words is 1957
29.6 of words are in the 2000 most common words
42.3 of words are in the 5000 most common words
47.5 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
дан пайдасы тийди: канчалык баёо, ишенчээк
болгону менен курбуларынын жанагы ушагын
түшүнгөндүктөн келген ачуусун, басынганын, жи­
йиркенгенин жашырууга жардам берди. Уккандарын унутканга аракет кылса да «Миссис М. келечегин ойлоп жүрсө керек», «кат апамдан экен деп алдап койду», «эскирген кисея көйнөк» деген сөздөр
кулагына угула берди, акырында үйгө барып, кайгысын айтып ыйлап, кеңеш сурагысы келип чыкты.
Бирок бул мүмкүн болбогондуктан, колунан келишинче шайыр болгонго аракет кылып, бул абдан
оңунан чыккандыктан, эч ким шек санаган да жок.
Кече аяктаганда абдан сүйүнүп, төшөгүндө көпкө
ойлонуп жатты. Таң калып, кыжыры келгенинен
башы ооруп чыкты, аккан жашы ысыган бетин муздата албай койду. Жаман ниет менен айтылбаса да
жанагы былжыраган сөздөр Мег бактылуу баладай
жашап жүргөн эски дүйнөнүн бейкуттугун бузуп,
жаңы дүйнөнү ачты: Лори экөөнүн балалык достугуна доо кетти, бардыгын өзүндөй ойлогон миссис
Моффаттын сөзүнөн улам апам «келечекти» ойлойт
турбайбы деген күдүк ой пайда болду, эскирген
көйнөктү дүйнөдөгү эң чоң апаат катары көргөн
курбуларынын кереги жок аёосунан улам жакыр
адамдын кызынын гардеробу жупуну эле болуш
керек деген жөнү бар чечкиндүүлүк начарлап калды. Бечара Мег түнү менен чабалактап уктай албай
чыкты да, эртең менен бир чети курбуларына таарынып, бир чети алар менен ачык сүйлөшүп, бардыгын орду-ордуна коюп коё албаган өзүнө жини
келип араң турду. Баары эртең менен жакшы ойгоно
албай, бөлмөлөрүндө жүрүштү да, түш ченде гана
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
араң өздөрүнө келип, сайма сая башташты. Мег
курбуларынын манералары өзгөрө түшкөнүн дароо
байкап, таң калды: баары мурункудан сыйлуураак
мамиле жасап, сүйлөсө кунт коюп угуп, көздөрүнөн
кызыккандыгы көрүнүп турду. Себебин аңдабаса да
мунун баары ага жакты. Бир маалда бирдеме жазып
отурган Белла башын көтөрүп, мындай дегенде
гана баары түшүнүктүү боло түштү:
– Дейзи, алтыным, бейшемби күнкү балга сенин досуң мистер Лоренсти чакырып жатам. Биз
аны менен таанышкыбыз келет, сага да кичинекей
көңүл бурганыбыз болсун.
Мег кызарып кетти, бирок курбуларын ойноткусу келип кетти да, жасалма жооп берди:
– Чоң ыракмат, бирок ал келе албайт го дейм.
– Эмне үчүн, cherie?13 – деп сурады мисс Белла.
– Ал өтө эле кары.
– Койчу, кантип эле? Анын жашы канчада? –
деп кызыкты мисс Клара
– Жетимишке барып калды го дейм, – деп жооп
берди Мег, күлүмсүрөгөнүн эптеп жашырып.
– О, куулугун карасаң! Биз, албетте, жаш жигитти айтып атабыз! – деди Белла күлүп.
– Ал жерде жаш жигит жок, Лори али бала бойдон. – Анан эже-сиңдилердин бир кызыктай тиктеше түшкөнүн көрүп, өзү да күлүп ийди.
– Ал сени менен эле тең болуш керек, – деди
Энни.
– Ал менин сиңдим Жо менен тең, мен болсо
августта он жетиге толом, – деди Мег башын өйдө
көтөрүп.
cherie – урматтуу (франц.).
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
– Бирок анын сага гүл берип ийгени жакшы
экен, чынбы? – деди Энни эмнегедир Мегди кадала
карап.
– Ооба, ал бизге гүлдү көп жиберет. Мистер
Лоренстин гүлдөрү көп, биз аларды абдан жакшы
көрөбүз. Апам менен мистер Лоренс жакын достордон, ошондон улам биз да доспуз. – Анан эми бүттү
го деп күтүп калды.
– Сыягы, гунча али ачыла элек окшойт, – деди
мисс Клара Беллага.
– Аруу бойдон турбайбы, – деп койду мисс Белла ийинин куушуруп.
– Мен кыздарга бирдемелерди алып келгени баратам. Силерге эч нерсенин кереги жок беле? – деп
сурады жибек жабылган пилге окшоп бөлмөгө кирип келген миссис Моффат.
– Жок, ыракмат, мэм, – деп жооп берди Салли. –
Бейшемби күнү кызыл жибек көйнөгүмү берип
ийишет, андан башка эч нерсенин деле кереги
жок.
– Мага дагы, – деп баштаган Мег чынында бир
нерселер керек экенин, бирок аларды ала албасын
ойлоп токтоп калды.
– Сен бейшембиде эмне киесиң? – деп сурады
Салли.
– Жанагы эле ак көйнөктү. Кечээ айрылып калды, эми аны билгизбей тигип алышым керек, – деди
Мег. Кайдыгер сүйлөгөнгө аракет кылганы менен
ыңгайсызданып кетти.
– Үйдөн башкасын алдырып албайсыңбы? –
деди Салли. Ал анча-мынчаны байкай бербеген кыз
болчу.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
– Башка көйнөгүм жок. – Мег муну араң айтты,
бирок Салли муну байкабай, таң калып сурады?
– Башка жок? Кызык экен... – Ал сөзүн аяктай
электе Белла башын чайкап, кийлигише кетти:
– Таң кала турган эч нерсе жок. Бир жакка чыкпаса, көйнөктүн эмне кереги бар? Көйнөгүң толтура болсо деле убара болуп үйдөн алдыргандын кереги жок, Дейзи, мен сага тар болуп калган сонун
көк жибек көйнөгүмү берем. Киесиңби, алтыным?
– Чоң ыракмат, бирок мен эски көйнөгүмөн уялбайм. Силер уялбасаңар эле, ал көйнөк менин курагымдагы кыздарга болот – деди Мег.
– Сени бир модага ылайык жасантайынчы,
өтүнөм. Мен муну өзүм ушунчалык каалап турам. Кичине оңдоп-түзөп койсом эле келишкен сулуу болгону турасың. Даяр болгончо сени эч ким
көрбөйт, анан эле Күлчү менен киндик энесиндей
болуп балга кирип келебиз, – деди Белла ынандыра.
Мег чын дилден айтылган сөзгө жок дей албады
жана «бир аз оңдоп-түзөсө» «келишкен сулуу» боло
аларын каалоо аны макул болууга, Моффаттардын
кечээги сөздөрүнөн калган жагымсыз сезимди унутууга мажбурлады.
Бейшемби күнү кечинде Белла кызматчы аял
экөө бир бөлмөгө кирип алып, Мегди келишкен
ледиге айландырышты. Алар чачын тармалданта жасап, моюну менен колдоруна кандайдыр бир
жагымдуу упа сүртүштү, кызылыраак болсун деп
эринин коралл помада менен боёшту. Гортензия ага
soupconе de rouge14 кошуп коёюн деди, Мег такыр
болбой койду. Араң дем ала тургандай жабышкан
soupcone de rouge – бир тамчы румяна (франц.).
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
көк жибек көйнөк кийгизишти, анын көкүрөгү
ушунчалык ачык экен, уялчаак Мег күзгүдөн өзүн
көргөндө бети кыпкызыл болуп албырып кетти.
Буга күмүш жасалгалар, билериктер, мончоктор кошумчаланды, ал турсун Гортензия кулагына жибек
жип менен көрүнбөгөндөй кылып сөйкө да тагып
берди. Көкүрөгүнө кооз роза тагылып, көйнөгүнүн
тору да апапакай ийиндерине жарашып, бийик такалуу көк жибек туфли көңүлүнө төп келди. Тордолгон жүзаарчы, куш канатынан жасалган желпүүр
жана күмүш шакек бардыгын толуктады да, мисс
Белла куурчагын жасаган кичинекей кыздай өзүнө
өзү ыраазы болуп карап калды.
– Мадемуазель charmante, tres jolie,15 чынбы? –
деп Гортензия да ашыра суктанды.
– Жүр, көрсөтөлү, – деди мисс Белла, Мегди
башкалар күтүп отурган бөлмөгө алып баратып.
Мег жибек көйнөгүн шуудуратып, узун этегин жайылта, сөйкөсүн шыңгыратып, тармал чачы
менен жүрөгү дүкүлдөп кирип барганда, өзү үчүн
«оюн-шоок» эми башталгандай сезди, анткени
күзгү алдамак эмес. Курбулар биринен сала бири
мактап атканда, баягы бир тамсилдеги тоостун канат-куйругун тагынып алып, шакылдаган сагызгандардын ортосунда турган каргадай болуп турду.
– Энни, мен кийингенче француз така менен
узун көйнөкчөн жүргөндү үйрөтүп кой, болбосо
чалынып жыгылат. Клара, күмүш көпөлөгүңдү чачынын сол жагына тагып бер. Эч кимиңер менин
жасаганыма кол тийгизбегиле, – деп айткан Белла
өзүнө өзү ыраазы болуп чыгып кетти.
сharmante, tres jolie – эң сонун, абдан кооз (франц.).
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
– Ылдый түшкөндөн коркуп турам. Жарым
жылаңач калгандай бир кызык болуп турам, – деди
Мег Саллиге. Коңгуроо кагылып, миссис Моффат
кыздар тезирээк түшсүн деп чакыртып жаткан эле.
– Сен өзүңө такыр окшобой, бирок абдан сулуу болуп турасың. Мен сага караандабай калдым.
Белланын табити жакшы, сен француз кыздардай
болуп калыпсың. Гүлдөрдү карабай эле кой, алар
эч нерсе болбойт, андан көрө алдыңды кара, чалынып кетип жүрбө, – деп жооп берди Салли, Мегдин
өзүнөн сулуураак болуп кеткенине ичи күйгөнүн
билдирбөөгө аракет кылып.
Тигилердин айтканын кылып, Маргарет тепкич менен аман-эсен ылдый түшүп алды. Конок
бөлмөсүнө суйсала басып кирсе, Моффаттар жана
алгачкы коноктордон бир нечеси бар экен. Көп
өтпөй эле кымбат баалуу кийим белгилүү бир адамдарды өзүнө тартып, сый-урматты пайда кыларын
байкады. Мурун Мегге көңүл бурбай жүргөн бир
нече кыз капыстан эле ынак болуп чыга келишти,
ал эми мурунку кечеде карап коюп жүргөн бир нече
жигит эми жөн эле карабай, аны менен тааныштырууну сурашып, бир болбогон, бирок жагымдуу
комплименттерди айтып жатышты. Диванга отуруп
алышып, калгандардын баарын ушактап жаткан
улгайган айымдар үй айымынан бул сулуу кыздын
ким экенин сурап атышты. Миссис Моффат бир
айым­га жооп берип жатканын кулагы чалып калды:
– Дейзи Марч... атасы полковник... армияда...
биздин алгачкы үй-бүлөлөрдөн, бирок... тагдыр да...
Лоренстердин жакын достору... татынакай неме...
менин Недим абдан жакшы көрөт.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
– О, кудай! – деп койду тигил улгайган айым
Мегди жакшыраак көрүш үчүн лорнетти көзүнө
жакындатып. Мег миссис Моффаттын калп айтып
жатканын укпагандай түр көрсөттү.
Жанагы кызык сезим кетпей койду, бирок ал келберсиген айымдын ролун ойноп жатам деп элестетип
жүрдү жана жаңы ролун түзүк эле аткарып жатты. Бирок көйнөктүн тардыгынан кыйналып, шлейфи бутуна ороло калып жатты, сөйкөм түшүп кетип жоголуп
кетпесе экен деген ой да кыйнап турду. Кылыктанып,
курч сүйлөгөнгө аракет кылган кавалеринин болбогон
тамашасына күлүмүш болуп турду, бирок капыстан
эле маңдайында турган Лоринин көрүп уялып кетти.
Ал абдан таң калып, бирок жактырбагандай карап туруптур, анткени баш ийкеп жылмайганы менен ачык
карашында эски эле көйнөгүмдү кийбей деп уялта
турган бир нерсе бар эле. Анын үстүнө Белла чыканагы менен акырын Эннини түрткөнүн, анан экөө Лорини карап калышканын байкап калды. Кудай жалгап,
Лори жаш баладай болуп тартынып туруптур.
«Келесоолор, эмне үчүн мындай ойду пайда
кылышат? Мен бул жөнүндө ойлобойм жана бул
ойлордун мага таасир этишине жол бербейм», – деп
ойлоду да, жибек көйнөгүн шуудуратып, досу менен учурашканы бөлмөнү кесип өттү.
– Сенин келгениңе абдан кубандым. Келбей
коёт го деп корктум эле, – деди «чоңдордой» түр
көрсөтүп.
– Жо барып көрүп келчи дегенинен келдим, –
деди Лори андан көзүн албай. Ал Мегдин чоңдордой
сүйлөгөнүнө күлкүсү келгенсип жылмайып турду.
– Ага эмне деп барасың? – деп сурады кызы139
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
гып. Бирок биринчи жолу аны менен сүйлөшкөндөн
ыңгайсызданып турду.
– Чоң кыздардай көрүнүп калыптыр, тааныбай
калдым, ал турсун бир аз корктум деп айтам, – деди
Лори, мээлейинин топчусун кармалап.
– Койчу! Кыздар жөн эле тамашалап жасап коюшту, өзүмө да жагып калды. Жо мени көрсө таң калбайт
беле? – деп сурады Мег. Өзүнүн сулуураак болуп калганын же андай болбогонун айттыргысы келди.
– Ооба, ал чын эле таң калмак, – деди Лори
олуттуу тартып.
– Менин кебетем сага жакпай турабы? – деп сурады Мег.
– Ооба.
– Эмнеге? – деп сурады чочулап.
Лори анын тармалданган чачын, жылаңач
ийиндерин, жасалгаланган көйнөгүнө көз чаптырды. Мурунку көнүмүш сыпайылыктан дайын жок
көз карашынан Мег ыңгайсыздана түштү.
– Мен көйрөңдөрдү жаман көрөм.
Мына сага! Өзүнөн жаш баланын айтып турганын кара! Мег кыжыры келип:
– Сендей орой баланы көргөн эмесмин! – деди
да, басып кетти.
Маанайы биротоло бузулганын сезди да, терезеге барып, көйнөктүн тардыгынан улам албырып
чыккан бетин бир аз суутмак болду. Анан майор
Линкольн жанынан өтүп баратып, апасына минтип
айтканын кулагы чалып калды:
– Алар бул кызды жасантабыз деп атып кебетесин таптакыр бузуп коюшуптур. Карасаң, куурчак
эле болуп калыптыр.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
«О, кудай! – деп улутунду Мег. – Баягы эле
өзүмдүн көйнөгүмдү кийсем эмне. Башкалардын да
итиркейин келтирмек эмесмин, өзүм да мынчалык
уялбайт элем».
Ал көшөгөнүн артында маңдайын муздак айнекке такап турду, өзүнүн жакшы көргөн вальсы ойнолуп жатканына да көңүл бурган жок. Бирөөнүн колу
тийгенде гана бурулуп караса, кечирим сурагансып
Лори туруптур. Башын ийип, колун сунду да:
– Оройлугум үчүн кечирим сурайм. Жүр, бийлеп келели, – деди.
– Сага жакпайт го деп корком, – деп жооп берди
Мег, таарынымыш болуп.
– А мен абдан каалап турам. Жүр, мен эми оройлук кылбайм. Мага сенин жасанганың эле жакпай
турат, а сен өзүн абдан татынакайсың. – Анан сөзү
жетпей калгансып, колун шилтеп койду.
Мег жылмайып, жумшара түштү, анан бийлегенге ыңгайлуу учурду күтүп турганда, мындай деп
шыбырады:
– Абайла, этегиме чалынып калба. Ушунун азабы өттү, жиндидей болуп кийип алганымы карасаң.
– Мойнуңа ороп ал, ошондо бир аз пайдасы
тийиши мүмкүн, – деп кеңеш берди ылдый караган
Лори. Кичинекей көк туфли ага жаккандай болду.
Экөө үйдө бийлеп жүргөндүктөн, койкоюп сонун
бийлеп жүрүштү. Таарыныша түшкөндөн кийин
ого бетер жакын боло түшкөн улан-кыздын кылкылдап бийлеп, бактылуу болуп жүргөнүн караган
көздүн моокуму кангандай.
– Лори, мен сенден бир нерсе өтүнсөм болобу, – деп сурады Мег токтой калганда. Демиге
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
түшкөндүктөн желпүүрү менен желпине баштады
жана мунун баары жанагы тар көйнөктөн болуп
жатканын өлүп баратса да айтмак эмес.
– Жан дилим менен аткарам, – деп жиберди
Лори.
– Менин бүгүнкү кийимимди үйдөгүлөргө
айтпай эле койчу. Мунун тамаша экенин алар
түшүнүшпөйт, апам да кыжалат болот го.
«Анда эмне үчүн мындай кылдың?» деген суроо турду тигинин көзүндө. Мег шашып кетип кошумчалады:
– Мен аларга өзүм айтып берем, апама да жинди болгонуму айтып берем. Мен муну өзүм айтам,
сен жөн эле койчу, макулбу?
– Айтпайм деп сөз берем, бирок алар менден
сурап калса эмне дейм?
– Татынакай болуп, көңүлдүү жүрдү деп эле
кой.
– Биринчисин го айтам, бирок экинчисин
эмне кылам? Сенин бул кебетеңди көрүп туруп
көңүлдүү жүрдү деп айтыш кыйын го. Ушунда­й­
бы? Мег Лоринин караганын көрүп, шыбыраганга
мажбур болду:
– Азыр көңүлүм чөгүп турат... Мени туура
түшүн. Бир аз көңүл ачайын дедим эле, бирок андай
болбой, бир аз чарчап да турам.
– Нед Моффат эмнеге келатат? Буга эмне керек? – деди Лори жаш кожоюнду жактырбай, капкара каштарын үрпөйтүп.
– Ал үч бийге жазылган, ошого келатат го дейм.
Ой кудай ай! – Мегдин кебетесине Лоринин күлкүсү
келип кетти.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Анан кечки тамакка чейин сүйлөшүшкөн жок.
Бир маалда караса, Неддин Фишер деген досу үчөө
болуп шампан ичип атышыптыр. Миссис Марчтын
кыздарын бир тууган агасындай караган Лори ичинен тиги экөөнү «окшошкон кемчонтойлор» деп
алды.
– Мег, эгер көп ичсең, эртең башың ооруп калат.
Мен сенин ордуңда болсом, мындай кылмак эмесмин. Бул апаңа да жакпайт, билесиң да, – деп шыбырады ал эңкейип. Нед анын бокалын толтурайын
деп ары карап, Фишер болсо анын жерге түшүп кеткен желпүүрүн алганы эңкейип калган эле.
– Мен бүгүн Мег эмесмин, оюна келгенин кылган жинди куурчакмын. Эртең мына бул жалтыракжултурактын барын ыргытам да, мурункудай татынакай болуп калам, – деп каткырып күлдү ал.
– Азыр эртең болуп калганда эмне, – деп күбүрөдү
Лори, анын өзгөрө түшкөнүнө нааразы болуп.
Мег башка кыздардай эле бийлеп, назданып,
тынбай сүйлөп, күлүп жүрдү. Кечки тамактан ки­йин
эптеп немисче сүйлөдү, узун юбкасы менен коштоп
жүргөн кавалерин жыгып ала жаздады, анын ызычуусуна жини келген Лори ага насаат айтмак болду.
Бирок Мег ага такыр жолобой койду. Коштошоордо
гана жолугушту.
– Унутпа! – деди ал жылмайганга аракет кылып,
анткени башы чындап эле ооруп чыккан эле.
– Silence a la mort!16 – деп жооп берди Лори какшыктап.
Бул Эннинин кызыгуусун туудурду, бирок Мег
абдан чарчагандыктан, ушакташа албады. Маска16
silence a la mort! – өлгөнгө чейин унчукпоо (франц.).
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
радда болуп, бирок күткөндөй ыракат ала албагандай бир сезим менен барып жатты. Кийинки күнү
ооруп жатып, ишемби күнү үйгө жөнөдү. Эки жумага созулган «көңүл ачуудан» кыйналып, «шааншөкөттүү жашоого» тоюп бүткөнүн сезди.
– Көңүлүң тынч болуп, конокто жүргөндөй
болбой ээн-эркин болгон кандай жакшы! Биздин
үй жупуну болгону менен абдан сонун, – деди Мег
жекшемби күнү кечинде каминдин жанында апасы,
Жо болуп отурганда.
– Муну укканыма кубанам, алтыным. Сага биздин үй кайтып келгенден кийин абдан көңүлсүз,
жакыр сезилип калат го деп корктум эле, – деп
жооп берди апасы. Буга чейин ал кызын чочулай
карап жүргөн, анткени эненин көзү балдарындагы
өзгөрүүнү дароо эле баамдап коёт эмеспи.
Мег болгон окуяларды күлкүлүү кылып айтып берип, абдан сонун болду деп кайталап атканы менен бир нерсени айта албай кыйналып жаткансыды. Кичинекей сиңдилери уктаганы кеткенде да отту карап ойлонуп отура берди. Саат тогуз
болуп, Жо барып уктайлы дегенде Мег ордунан
туруп барып, Бесстин отургучуна отура кетти
да, апасынын тизесине башын жөлөп, чечкиндүү
айтты:
– Апа, мен бир нерсени мойнума алгым келип
турат.
– Мен да бир нерсени сезип турдум эле. Эмнени
айтайын дейсиң?
– Мен бара берейинби? – деп сурады Жо.
– Эмнеге? Мен сенден бир нерсе жашырчу белем? Кичинекейлердин көзүнчө айткандан уялдым,
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
бирок силер Моффаттардын үйүндөгү акмакчылыгымды билишиңер керек.
– Биз даярбыз, айта бер, – деди миссис Марч
жылмайып, бирок чочулаганы билинип турду.
– Мени абдан жасандырышты дебедимби, бирок упа сүйкөп, белимди кындай тартып, чачымды
тармалдантып, куурчактай кылып коюшканын айтканым жок. Лори муну аша чапкан көйрөңдүк деп
ойлойт экен. Ал муну ачык айтпаса да түшүндүм,
анан коноктордун бири апасы менен сүйлөшүп атып
мени куурчак деп айтты. Келесоолук болгонун билип эле турдум, бирок алар мени макташып, сулуу
болуп кеттиң дешкенинен улам жол берип койдум.
– Ушул элеби? – деп сурады Жо. Миссис Марч
болсо Мегдин татынакай өңүн карап, айыптай турган эч нерсе таба албай турду.
– Жок, анан шампан ичип, сүйлөп, назданымыш
болдум, азыр ойлосом жиним келет, – деди Мег
күнөөлүү болуп.
– Менимче, дагы бир нерсе бар. – Миссис Марч
Мегдин бетинен сылады эле, албыра түштү.
– Ооба. Айткым келбейт, бирок айтам, анткени
элдин Лори экөөбүздү кеп кылышканы мага жакпайт.
Анан Моффаттардыкынан уккан ушак
үзүндүлөрүн айтып берди. Ал сүйлөп жатканда
Жо апасынын ушундай ойлор Мегдин балалык
акылына илинип калганына кейип отурганын
байкады.
– Мындай тантыраган кепти уккан эмесмин,деп жиберди кыжыры келген Жо. – Эмне үчүн чыга
калып алардын бетине айткан жоксуң?
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
– Анте алган жокмун, эсим ооп араң тургамын.
Адегенде укпай коё албадым, анан ачуум келип,
бир жагынан уялганыман кетип калыш керек экени
да оюма келбептир.
– Шашпасын, эми Энни Моффатка бир жолугуп
калсам, эмне кылыш керек экенин көрсөтөм. Биздин «пландарыбыз» бар имиш, бай болгондуктан
биз Лориге жакшы мамиле жасайт имишпиз, анан
ал бизге үйлөнөт имиш. Ушундай да келжиреген
кеп болобу! Карап тур, байкуш балдарды ушактаган
кандай болорун көрсөтпөсөмбү! – Анан мунун баары тамаша сыяктуу сезилип кетип, Жо күлүп ийди.
– Эгер сен Лориге бир сөз айтсаң, мен сени
кечирбейм! Ага эч нерсе айтпаш керек, туурабы,
апа? – деди Мег жалооруп.
– Мындай былжыраган ушактарды эч качан
кайталаба, аларды мүмкүн болушунча тезирээк
унут, – деди миссис Марч олуттуу түрдө. – Жакшы
билбеген кишилердикине жөнөтүп бекер кылган
экенмин. Алар албетте, ак пейил кишилер, бирок
көр пенде, тарбиясы начар, жаштардын таза мамилесин аңдай албаган адамдар окшоп калды. Сенин
шагың сынып калганы жаман болуптур, кызым.
– Кыжалат болбо, апа, мен ага жол бербейм. Жамандын баарын унутуп, жакшысын гана эстеп калам, анткени мен ыракат да алдым жана жибергениң
үчүн абдан ыраазымын. Мындан ары ыйлап-сыктап,
жашоомо нааразы болбойм. Мен өзүмдүн али аңкоо
кыз экеними билем жана чоңойгончо сени менен болом... Бирок баары сени мактап, сага суктанып турган да жакшы экен, жакпайт деп айта албайм, – деп
корутунду чыгарды Мег, бир аз уялып туруп.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
– Башкаларга жакканды эңсөө – табигый нерсе, анын эч кандай айыбы жок. Ага биротоло берилип, туура эмес иштерди жасабасаң болду. Өзүңөр
татыктуу болгон мактоону билип, баалаганды
үйрөнгүлө жана канчалык сулуу болсоңор, ошончолук жөнөкөй болгула, жакшы адамдар суктангандай болсун.
Маргарет бир азга ой басып отуруп калды, жанында турган Жо колун артына алып, кызыгуу менен карап турду, анткени Мегдин кызарып-татарып
турганы, суктангандар, жигиттер жөнүндө айткандары көнүмүш нерсе эмес болчу. Ага эжеси ушул
эки жуманын ичинде эле бой жетип, өзү али башбагып көрө элек бейтааныш дүйнөгө кадам таштагандай туюлуп турду.
– Апа, сенин миссис Моффат айткандай
«пландарың» барбы? – деп сурады Мег уялыңкы.
– Ооба, алтыным, пландарым көп, алар бардык
энелерде болот, бирок меники миссис Моффаттыкынан башкачараак го деп ойлойм. Алардын кээ бирин сага айтып берейин, анткени чын дилден чыккан сөз сенин кыялкеч акылың менен жүрөгүңдү
туу­ра жолго сала турган убакыт келди го деп ойлойм. Сен жашсың, Мег, бирок мени түшүнөсүң,
анткени кыздарга мындай нерселерди энеден жакшы эч ким түшүндүрө албайт. Жо, сенин да кезегиң
келет, сен да менин «пландарымы» угуп, жакшы
болсо, ишке ашырганга жардам бер.
Жо креслонун таянгычына көчүк басып, олуттуу
бир ишке кирише тургандай болуп калды. Миссис
Марч кыздарынын колун кармап, алардын жүзүнө
ойлуу карап, бир жагы кубанып, мындай деди:
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
– Мен кыздарымын сулуу, билимдүү жана ак
пейил болушун каалайм, башкалар суктанышса экен, жакшы көрүп, сыйлашса экен, сүйгөнү
менен баш кошуп, кудайдын берген анча-мынча
кыйынчылыктарын жеңип, жакшы өмүр сүрүшсө
экен деп тилейм. Жакшы эркектин сүйгөнү болуу, жубайы болуу – аялдын жашоосундагы эң
жакшы, эң жагымдуу нерсе жана менин кыздарым да ушул бакыттын даамын татат го деп ишенем. Бул жөнүндө ойлонуу, үмүттөнүү жана аны
күтүү – табигый нерсе, мунун эч кандай уяты
жок, Мег. Ошондой сонун учур келгенде, ага даяр
болуп, татыктуу тосуп алыш керек. Алтындарым, мен силердин бактылуу болушуңарды каалайм, бирок ойлонбой туруп, бай болгону үчүн
же сонун үйү болгону үчүн эле бирөөгө турмушка
чыгышыңарды каалабайм, анткени андайда сүйүү
сезими болбойт. Акча – зарыл жана баалуу нерсе,
туура колдонсо, жакшы максаттарга жетүү үчүн
кызмат кылат, бирок ал жашоодогу эң негизги
жана бирден бир максат деп ойлобогула. Мен
силердин такта отурганы менен өзүн өзү сыйлабаган, жаны жай таппаган каныша эмес, жубайы
кедей болгону менен бактылуу жашаган сүйүктүү
аял болушуңарды каалар элем.
– Кедей кыздар аракет кылып, башкалардын көңүлүн бурууга аракет кылбаса, эч качан
ийгиликтүү боло албайт дейт Белла, – деп улутунду
Мег.
– Анда биз кара далы болуп кала беребиз, – деп
чечкиндүү айтты Жо.
– Туура айтасың, Жо, бактысыз аял же күйөө
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
издеп чуркаган жеңил ойлуу кыз болгондон көрө
бактылуу кара далы кыз болгон жакшы, – деди миссис Марч. – Кыжалат болбо, Мег, кедейлик чындап
сүйгөн кишини токтото албайт. Мен тааныган эң
мыкты аялдардын айрымдары кедей кыздар болушкан, бирок алар азыр сүйүктүү жар болуп жүрөт,
эл да сыйлайт. Баарынын өз убактысы бар. Ушул
үйдү бактылуу кылып, сунуш кылган үйдү кармоо­
го даярдангыла, сунуш кылбаса, ушул үйгө ыраазы болуп жашай бергиле. Эсиңерде болсун, кыздарым, мен дайыма силердин курбуңар болом, атаңар
досуңар болот, биз экөөбүз тең кыздарыбыз турмушка чыкса да, чыкпаса да биздин сыймыгыбыз
болот, жашоодогу кубатыбыз болот деп ишенебиз.
– Биз ошондой болобуз, апа, – деп жиберишти
кыздары, анан апасы жакшы түш көрүп жаткыла
деп тилек айтты.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Онунчу бап
ПИКВИК КЛУБУ
аз келип, адаттагыдай эле аны менен
бирге жаңы иштер менен кубанычтар пайда болду,
ал эми барган сайын узарып бараткан күндөр ар
түрдүү иштер менен көңүл ачууларга мүмкүндүк
бере турган болду. Бакты иретке келтириш керек
эле, мында кыздардын ар биринин өзүнүн «бакчасы» бар эле жана алар каалаган нерсесин отургузушчу. Ханна: «Кытайга алып барып койсо да, кимдин бакчасы экенин айтып берет элем», – деп калчу
жана анын айтканында калет жок эле, анткени эжесиңдилердин табити да мүнөздөрүнөн кем калышчу
эмес. Мегдин бакчасында розалар, гелиотроптор,
мирт жана померанец дарагы өсчү. Жонун жери
жыл сайын өзгөрүп турчу, анткени ал жаңылык киргизип турганды жакшы көрчү. Быйыл ал күн карама
айдап, бул жайкалган кооз өсүмдүктүн данын Ко-ко
жеңе менен анын ызы-чуу түшкөн жөжөлөрүнө бермек. Бесс эски модадагы жыттуу гүлдөрдү: аңкыган
жыттуу буурчакты, резеданы, дельфиниумду, гвоздиканы, ала гүлдү, эрменди, мындан тышкары ка150
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
нарейка үчүн лютикти, мышык үчүн мышык жалбызды өстүрчү. Эминин бакчасында беседка бар
эле, ал кичинекей болгону менен татынакай эле,
шилби менен курчалып, чырмооктор каптап турчу.
Жанында бийик өскөн ак лилиялар, назик папоротниктер жана ар түрдүү кооз өсүмдүктөр бар эле.
Күн ачыкта эже-сиңдилер бакта иштеп, сейилдеп, өзөндөгү кайыкка түшүшчү, гүл теришчү, ал
эми жаан жааганда, үйдө түрдүү оюндарды ойношор эле. Алардын бири «П.К.» болчу. Жашыруун
уюмдар модага айланып ушундан улам андай уюм
зарыл болгондуктан жана эже-сиңдилер Диккенсти
жакшы көргөндүктөн, өздөрүн Пиквик клубу17 деп
аташчу. Бир аз тыным болбосо жыл бою уюмдун
ишин жүргүзүшүп, ишемби сайын кечкисин чердакка чогулушчу. Бул азем төмөнкүдөй болор эле.
Үч отургуч катарынан коюлуп, столдун үстүндө
лампа, ак кагаздан жасалып, түстүү карандаш менен «П.К.» деп жазылган төрт эмблема жана «Пиквик баракчасы» деген жумалык гезит турчу. Гезитти эже-сиңдилер чыгарып, Жо редакторлук кылчу,
анткени ал кагаз-калемге жакын эле. Саат жетиде
төртөө клубга чыгып, ар ким өз ордун ээлеп, боосу бар эмблемаларын өзгөчө салтанат менен баштарына байлашчу. Мег улуу болгондуктан, Сэмюэл
Пиквик, чыгармачылыкка жакын Жо Огастес СнодПиквик клубу – оюндун негизин Ч. Диккенстин
«Пиквик клубунун жазмалары» романынын сюжети түзөт.
Самюэл Пиквик, Огастес Снодграсс, Тресси Тапмен, Натаниэл Уинкль – романдын каармандары, клубдун мүчөлөрү.
Сэм Уэллер мистер Пиквиктин сөзгө уста жана тапкыч
кызматкери.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
грасс, толмочунан келген кызыл бет Бесс Треси
Тапмен, ал эми колунан келбеген нерселерге аракет
кыла берген Эми Натэниел Уинкл болчу. Пиквик,
клубдун президенти, өздөрү жазган аңгемелерге,
ырларга, үйдөгү жаңылыктарга, кулактандыруулар менен сунуштарга толгон гезитти үн чыгарып
окуй турган. Мына эми ушундай кечтердин биринде мистер Пиквик айнеги жок көз айнегин мурдуна
кондуруп, столду тыкылдатты да, тамагын кырып,
отургучунда селкинчек тээп отурган мистер Снодграссты тартипке чакырган соң, гезитти окуй баштады:
«Пиквик баракчасы»
20-май 1961-жыл.
Акын бурчу
ЮБИЛЕЙЛИК ОДА
Өттү арадан дагы бир жыл,
Мына дагы юбилей.
Майрамга шаңдуу чакырат
Досторуң сенин күлүңдөй.
Баарыбыздын денибиз сак,
Достор баары өз ордунда
Жылмайган тааныш өңдөр
Кысышкан колдор мына.
Урматтуу Пиквик мырза
Адатынча көз айнекчен
Чартылдап гезит окуйт
От чачырайт көз айнектен.
Тумоолоптур, эмне экен!
Ал турсун кырылдак да
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Жашыра албайт акылды
Мурду турса бырылдап да.
Кыймылы пилдей Снодграсс!
Узун бойлуу капкара.
Жүзүнөн нуру төгүлүп
Салам айтат жаштарга.
Ыйык оту поэзиянын
Көзүн шамдай жандырган.
Бирок досум абайла
Чарт дей түшөт чагылган!
Бейкуттукту, тынчтыкты
Тапмен бизге апкелет,
Бирок даяр күлүүгө
Азил кеп тапса эртелеп.
Уинкл bоn ton18 көргөзөт
Билбегени жок анын!
Сактаган менен салттарды
Жуунбай коёт акырын.
Биз баарыбыз ырдап-күлүп,
Клубубуз гүлдөп келет.
Чыгарманын жолундабыз
Атак-даңкка алпарат.
Ага берсин келечекте
Алкыштардын агымы
Эмгектердин натыйжасы
«Пиквиктин баракчасы».
О. Снодграсс

bon ton – жакшы манералар (франц.).
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
***
ТОЙ-МАСКАРАД
(Венециядагы окуя)
Граф де Аделонанын ак сарайынын мрамор
тепкичтерине гондола артынан гондола келип, мас­
карадга чогулган эл көбөйүп жатты. Рыцарлар менен айымдар, паждар менен эргежээлдер, кечилдер
менен гүл сатуучулар – баары бийлеп жатышты.
Мукамдуу обондор абада каалгып, шаңга толгон
маскарад уланып жатты.
«Улуу урматтуум, сиз бүгүн леди Виоланы
көргөн жоксузбу?» – деп сурады бир сылык-сыпаа
трубадур залдан жыбылжый басып өтүп бараткан
феялардын королевасынан. «Ооба, көрдүм. Бир аз
кайгылуу көрүнгөнү менен абдан татынакай эле!
Көйнөгү да кылдат табит менен тандалыптыр. Ал
бир жумадан кийин чыдамы кетип жаткан граф Антонио менен баш кошот».
«Чынын айтсам, мен ага бир аз ичим тарып турат. Карасаңыз, тигине, ал кара маска кийип турат.
Аны алганда сулууну кантип караганын көрөбүз.
Атасы катаалдыкка салып берип жатканы менен
граф сулуунун жүрөгүн багындыра албаптыр», –
деп жооп берди трубадур.
«Сулуу бир жаш англиялык сүрөтчүнү сүйөт
дешет, тиги да анын артынан калбайт имиш, бирок
кары граф аны жактырбайт экен, – деп кошумчалады тигил айым бийлегендерге аралашкандан кийин.
Той кызып калган кезде поп келип калды. Ал
бир жаш жупту кыпкызыл баркыт көшөгө тагылган
жерге алып барды да, тизелетип отургузду. Ызы-чуу
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
тып басылып, фонтандардын шылдыраганы менен
дарактардын шуудураганы гана угулуп калганда,
граф де Аделон мындай деди:
«Айымдар жана мырзалар, кечирип коюңуздар,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кичинекей Айымдар - 08
  • Parts
  • Кичинекей Айымдар - 01
    Total number of words is 3972
    Total number of unique words is 2009
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    42.8 of words are in the 5000 most common words
    48.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 02
    Total number of words is 4021
    Total number of unique words is 1989
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 03
    Total number of words is 4051
    Total number of unique words is 2018
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    43.1 of words are in the 5000 most common words
    49.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 04
    Total number of words is 3996
    Total number of unique words is 1783
    32.6 of words are in the 2000 most common words
    45.0 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 05
    Total number of words is 4031
    Total number of unique words is 1882
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    44.7 of words are in the 5000 most common words
    51.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 06
    Total number of words is 4069
    Total number of unique words is 1854
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 07
    Total number of words is 3951
    Total number of unique words is 1957
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.3 of words are in the 5000 most common words
    47.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 08
    Total number of words is 3985
    Total number of unique words is 1995
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    42.0 of words are in the 5000 most common words
    47.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 09
    Total number of words is 4037
    Total number of unique words is 1922
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 10
    Total number of words is 3964
    Total number of unique words is 1888
    32.1 of words are in the 2000 most common words
    43.7 of words are in the 5000 most common words
    49.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 11
    Total number of words is 4008
    Total number of unique words is 1850
    31.9 of words are in the 2000 most common words
    44.5 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 12
    Total number of words is 4065
    Total number of unique words is 1893
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    44.9 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 13
    Total number of words is 4059
    Total number of unique words is 1767
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 14
    Total number of words is 4048
    Total number of unique words is 1866
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    48.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 15
    Total number of words is 4139
    Total number of unique words is 1775
    32.6 of words are in the 2000 most common words
    45.9 of words are in the 5000 most common words
    52.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 16
    Total number of words is 4086
    Total number of unique words is 1803
    32.8 of words are in the 2000 most common words
    45.4 of words are in the 5000 most common words
    50.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кичинекей Айымдар - 17
    Total number of words is 431
    Total number of unique words is 303
    47.7 of words are in the 2000 most common words
    56.5 of words are in the 5000 most common words
    61.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.