Latin

Ырлар Жана Поэмалар - 11

Süzlärneñ gomumi sanı 3852
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2162
31.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Кен Башкаран таттуу уйкуда тунжурап,
Турат тып-тынч бир терең сыр жашырып...
Ар кай жерде басып турат часовой
Кээси турат бир орундан козголбой.
Асмандагы жылдыз тарап батканда,
Жер жарылып таң агарып атканда,
Шамал жүрүп куу камыштар шуудурап,
Мал аңдыган бөрү адырды ашканда,
Ар кай жерден акын торгой чулдурап
Тургула деп кабар берип жатканда
Бирөө келди четки ак үйгө илбирстей,
Жылып басып часовойго билгизбей.
Эшикти ачпай өйдө чыгып тырышып
Шек билдирбей ылдый түшүп жылбышып,
Коргонду ашты, кирип алды ичкери,
Кыйнабастан эч бирөөнү тургузуп.
Ачып алды үй эшигин ичтеги
Кылдыратпай илмекти ары жылгызып,
Жаткандардын бетин ачып бир баштан
Карап чыкты, калды бири туйбастан,
Ийин кысты издегенин таппастан,
Кыдырата карап туруп айлана
Кайра чыкты үй эшигин жаппастан.
Бастырмада уктап жаткан адамга
Басып барып бетин ачты шашпастан,
Күлдү дагы көрө койгон эмедей
«Тур!» — деп булкту эч нерсени кенебей...
Жаткан адам ары карай толгонуп,
Бетин жапты кайра баштан оңдонуп.
— Койчу Мурат, тынчтык берчи бир азга...
Кобурады чукуранып ойгонуп.
Башын чүмкөп шинелди өйдө тартты да
Жатып алды ак жолборстой комдонуп.
— Тур Айдарбек, жата бербе көпкө эми!
Унуттуңбу жалгаз агаң Бектенди,
Ыргып турду Бектен деген сөз угуп,
Ойлонбостон, көп турбастан сөз кылып.
Өптү кысып, кучактады мойнунан,
Мөлтүлдөдү көздөрүнөн жаш чыгып.
«Бөлтүрүк» деп бир сөз чыгып оозунан,
Ойлоп кетти... сөз сурады аз туруп:
— Чын сүйлөчү, биротоло келдиңби?
Кайдан билдиң биздин мында келгенди?
— Кече күнү келгениңди билгемин,
Көрүп тургам кимдин кайда киргенин.
Жалгыздатып жолуга албай өзүнө
Арт жагыңдан аңдып басып жүргөмүн...
«Бөлтүрүк» деп жаш толтурдуң көзүнө,
Бирок кайра келбедиби сүйлөгүн?
Айтпасаң да билем анын өлгөнүн,
Баары дайын кайсы жерге көмгөнүң...
Айлың чапкам аны өлтүргөн Мураттын,
Үйүн өрттөп керегесин кыйраттым.
Ага, эмне, оңой бекен Бөлтүрүк,
Малын айдап эчки-улагын чуулдаттым.
Ата-энесин, алган жарын өлтүрүп,
Айлындагы келин-кызын ыйлаттым.
Аяймынбы динден чыккан эмени,
Жоо аяган жоолошконун жеңеби?
Мурат сенин айландырды башыңды...
Көп ачытат көздөн кандуу жашыңды...
Атаң, агаң, бирдей өлүп жатканда,
Жетишкенсип коюптурсуң чачыңды.
Ким көрүнгөн кызыктырып сөз айтса,
Мен айтчу элем «жоготпо деп акылды».
Укпаптырсың жакшы болгун дегенди,
Карыганда какшатыпсың энеңди...
Тетир басты түртүп салып агасын,
Туз сепкендей тилип туруп жарасын.
Ачыштырды айтылган сөз жүрөгүн,
Эми аганын кантип бетин карасын...
Карап болбойт каны качкан иреңин...
Агасынан алыстатты арасын.
Кайра басты сууруп чыгып шамшарын:
— Айтчы, Бектен, чынбы бардык айтканың?
Бул учурда дарбазадан эр Мурат,
Кирип келди... каарын чачып шер турат...
— Токто, Айдарбек — кармай калды канжарын,
Кайда аттандың, кимге каршы кол курап?
Бул кандайча колго курал алганын?
Бул жакшы эмес, мунун өзү зор уят,
Агаң келсе, кубанбастан, кайра сен
Мушташканы жулунасың, бул эмнең?
Айдар айтты кандайча сөз болгонун,
Мурат турду артына алып колдорун.
Укту баарын: ана, энеси, бүт өлүп,
Жаңы гана ачылган гүл солгонун...
Турса дагы иреңи өчүп өзгөрүп,
Көргөзбөдү көзүнө жаш толгонун.
— Мейли Айдарбек, кейибегин сен буга,
Эчак болуп өтүп кеткен иш тура.
Кайрат кылгын кубат болсо өзүңдө,
Кайгы жаман айыга элек кезиңде.
Госпиталдан жаңы чыктың алың жок,
Көп айтчу элем: калбаганбы эсиңде:
Кайра келбейт бир чыккан соң аткан ок,
Кыргыз айтат: «Өткөн ишке өкүнбө!»
Өкүнгөндөн, кайгыргандан не пайда,
Акылыңдан айрылгандан не пайда?
Менин атам окуусу жок өттү өзү,
Ошондо да эсимде бар үч сөзү:
Биринчиси — бой көтөрбө, ойлогун,
Бардык иштин келбей койбойт кезеги.
Экинчиси — кошоматчы болбогун
Андайлардын узабаган этеги.
Үчүнчүсү — кек куубагын эч кимден,
Жамандыкка жакшылык кыл! — Эрсиң сен!
Ар бир сөздүн бир гана эки миң
Туура келген мааниси бар өзүнүн.
Бул бир ууру тепсеп кирип түндөсү
Басып жыккан келиндердин бешигин,
Каракчыга ачып берип жүрбөйбү
Өсүп өнгөн өз үйүнүн эшигин.
Бул чыккынчы, болбойт муну атпаска,
Түшүн, Мурат, бул жөнүндө сөз башка.
— Чыккынчы эмес, түшүнбөгөн башында,
Кайра келип, отурган соң кашында,
Бекерге сен жулунасың Айдарбек,
Жалгыз агаң, жаныңа тарт, качырба.
Басмачынын сырын бизден көп билет
Бирге жүрсүн жарак-жабдык алсын да.
Мында эмне, бардык кылмыш паңсатта
Кайрадан бир камар белем жар ташка...
— Кана, Бектен: кулак сенде сүйлөгүн!..
Жакшыбы ушул ууру мисал жүргөнүң?
Кетемин деп Айдарбекти азгырып
Келген эле, түштү башка кыстоо күн...
Барын билип кайта албады азгырып,
Башы катты, сөзгө келбей кызыл тил.
Калайын деп Айдарбектин жанында,
Кайра коркот, жолун таппайт анын да...
«Мында калсам, большевикке кошулсам,
Бысмылдасыз тетири кат окусам,
Жатуу кыйын жети катар тозокто
Орус болуп кирип бутка чокунсам.
Уят ишко таңда макшар болгондо
Пайгамбарга сурак берип отурсам.
Экинчиден — жеңип калса мусулман
Дешер мени: «Динден чыгып бузулган»...
— Кана, Бектен кечке ойлонуп отурба,
Кыз эмессиң, көп күттүрүп созулба,
Эмне келдиң, сураганың теги эмне?
Мында эч ким жок, коркпой сүйлө, чочуба...
Жан киргендей тоңуп калган денеге
Араң-араң сөз киргени оозуна:
— Кенешкени келдим эле өзүңө
Көрбөгөндү көрсөттүң сен көзүмө...
Барын коюп үйгө кайра барайын,
Отун-сууга, үй-оокатка карайын,
Жалгыз өзү, жанында эч ким калган жок,
Таштап койбой, энебизди багайын.
Жоону жеңип аман кайтсаң арман жок,
Сенден башка барбы менин таалайым.
— Сөз ушул, — деп кубаттады Мурат эр,
Кана эмесе, бул чын болсо, колуң бер!
Айдарбек да көп каршылык кылбады,
Кайырлашып кайтты Бектен турбады...
Карап калды Айдарбектер артынан
Эске түшүп бала күнү мурдагы...
Үн угулду «жеп салды» деп бакырган
Минут өтпөй Бектен мындан жылганы,
Чоң көчөгө чуркап чыкты эл дүрбөп...
— Бакырган ким, болуп кетти эмне?
Жолдо турган часовойго барыптыр,
Беш атарын колдон жулуп алыптыр.
«Жеп салды» деп кыйкырганча болбостон
Бычак уруп кардын жарып салыптыр.
Эл жүгүрүп жетишкенче болбостон
Бир эр жигит аңтарылып калыптыр.
Каны менен кара жерди сугарып,
Жатат жолдо ичегиси чубалып.
Үй артында даяр турган атына,
Ыргып минип карабастан артына,
Бектен качып бара жатат сызылып,
Минген атын ууктуруп камчыга.
— Кууган менен кете турган кутулуп,
Узатпастан дал ортого аткыла!
Мурат айтты: «суранамын жалпыңан,
Атпагыла, байкагыла артынан.
Кайра жакшы, эр артынан барабыз,
Кайда кетсе баскан изин чалабыз.
Чоң паңсаттын кайда экени билинет,
Бүгүн ага кызык уруш салабыз.
Большевиктин тузагына илинет,
Коржоңдотуп тирүү кармап алабыз.
Айдарбек, сен командирге барып айт,
Мындай учур миң издесең табылбайт.
***
Кол аттанып жолго түштү шартылдап
Кагылышып үзөңгүлөр жаркылдап.
Ар биринин асынганы беш атар
Алда кайдан көз чагылтып жаркылдап,
Атырылат алдындагы курч аттар,
Жер казылып туягынан чаң чыгар.
Дүйнө турат ыгы менен жарашып
Калып жатты балдар чуркап карашып.
Тынбай жүрүп Ташкөмүргө келгенде,
Кайкыны ашып ойго кире бергенде,
Коргон толуп байланган ат көрүндү
Күлдү Мурат: «түшкөнү ушул чеңгелге!»
Аттан түшүп кол экиге бөлүндү,
Урунарга тоо табылды шерлерге...
Айландырып туш тараптан атышты,
Каракчылар далда жерге качышты...
Эр кызылдар айландырып коргонду
Алдын тосуп бардык жагын торгоду,
Аман ууру үйдөн чыкпай камалды,
Кеталбады мине качып жоргону.
Кай бир даары колго түшүп жан калды,
Качып чыгып кутулганы болбоду.
Кай бир даары каршылашып турушту,
Кан агызып кадимкидей урушту.
Атчан бирөө катуу чыкты качырып
Кылыч менен тущ келгенди жапырып,
Коркок качты аз туруштук бербестен,
Өтө берди жолдун чаңын сапырып.
Көрдү Айдарбек бара жаткан бул Бектен
Карабастан качып өттү ашыгып.
Арт жагынан чуркай түшүп бир атты,
Аттан жыгып бир тууганын кулатты
Чуркап жетти... Бектен тирүү... Сайрады
Жалдырады сөздөрдү айтып кайдагы...
Айтты Айдарбек: «Сен бети жок, жалбарба»
Сөз уккан жок, башын кесип жайлады,—
Алып келип ат дорбого салды да,
Шашпай гана канжыгага байлады:
— Көрсүн сени жакындары Мураттын,
Сен алардын айлын өрттөп кыйраттың...
Көрсүн сенин өлгөнүңдү өз энең,
Күн үч убак бир көрүүнү эңсеген.
Билсин эне кылмыштарды сен кылган,
Эңсешине арзыбайсың эми сен...
Ат дорбодон алды башты кайрадан,
Карап калды жоготчудай жергеден...
Туруп, туруп көздөрүнө жаш толду,
Көкүрөктө жаткан көп ой козголду.
«Кой сойгондо жакын басып келбеген,
Чымын өлсө боору ачыган жан элем,
Киши болдум, коркунучтуу дебестен,
Адам сойгон, мал ордуна көрбөгөн,
Киши болдум канды кечкен, баш кескен,
Ушулбу же кара мүртөз эр деген!»
Мурат келип оюн бөлдү баатырдын:
— Өз агаңа, айтчы кантип катылдың?
— Койчу, Мурат, сынагансып айтпачы,
Коё турчу, тамашаңды таштачы.
Агам сенсиң, агам баатыр Арстанбек,
Агам эмес журт куруткан басмачы.
Атам Ленин, тууган энем большевик,
Жай туугандай калган бардык башкасы.
Өптү Мурат бекем кысып курбусун:
— Түшүнүпсүң, айттын сөздүн дурусун.
— Бүттүбү уруш, атышуулар токтолду?
— Колго түштү, калганы өлүп жок болду.
Аман кесеп түшө качты Нарынга,
Тирүү кармап кала албадык чочкону,
Көпкө чейин карап турдук агымга
Чыкканы жок, өлүп тынган окшоду...
Куп болду деп кубанышты жигиттер,
Тоо жаңырып ырдап жатты көп аскер.

КАЙДА ОЛТУРАМ

Андан кийин көп өтпөстөн арадан,
Тандап алып жигиттерди жараган.
Жиберишти командирлик мектепке,
Азыр, мына, окуп жүрөм калаңдан.
Кулак салып коркунучтуу сөздөргө
Олтурду эле тура качпай араңдан...
— Кайда олтурам! — деди сулуу Айдайкан,
Оозумду ачып олтурупмун калып таң...
Көз алдымда болуп жатты бардык иш,
Көрбөгөн дейт өз атасын таанып күч...
Каршы чыгып дөө менен дөө күрөшүп
Көл чайкалып, тоо быркырап болду түз.
Көпкө турду жыгышалбай тирешип,
Караңгылык басты жерди күп-күндүз.
Жан-жаныбар тепселишип кырылды,
Жолдун чаңы кызыл канга жуурулду.
Кебелбеген бийик Бозбу кебелди,
Кар кетпеген чоку чөлгө теңелди.
Көчкү жүрүп, күңгөй, тескей сүрүлүп
Кен, сай какшып, Нарын акпай бөгөлдү.
Ийилбеген картаң чыгар ийилип
Күн тийбеген тескей бетке жөлөндү.
Көрбөй калды ким озунуп, ким булкту?
Билбей калды, ким жыгылып ким жыкты
Билбей калдым сууга чөккөн Амандын,
Кайдан жүрүп, кантип тирүү калганын.
Кырылды эле бир каракчы калбастан,
Билбей калдым кайра кайдан алганын —
Элди талайт бир күн тыным албастан
Көп басмачы билбейм андан ар жагын.
Бала барчын отурду эле кенебей,
Шашып калды калпы чыккан эмедей.
— Калгандан соң сууга кирип жок болуп,
Карап туруп жар башында топтолуп,
Жок болгон соң дымы чыкпай чоң паңсат
Кеттик эле көпкө турбай токтолуп.
Күлдүк эле бара жатып калжактап:
«Жаткын эми балыктарга соттолуп»...
Керсе паңсат сууну кыйын билчү экен,
Шуңгуп кирип, чыгып кетип жүрчү экен.
Кийин уксак чыгып кетип калыптыр,
Качкан бойдон кер Шерматка барыптыр,
Арзын айтып көздөн жашы төгүлүп
Сурап жатып дагы курал алыптыр.
Ар кай жерде жашынышкан бөлүнүп
Аскерине катуу кабар салыптыр...
Түшүн, сулуу сөзүмдүн жок жалганы,
Ар кай жакта жүрө турган калганы.
Жарымы өлсө, жарымы тирүү калышып,
Кайра баштан элге бүлүк салышып
Келе жатат, адаты ушул булардын,
Арт жагынан биз да калбай карышып,
Кубалайбыз, кырып бүтпөй бардыгын
Тыным болбойт, жүрө бермей жарышып...
Күлдү сулуу ишенгендей баарына,
Таң калгандай суроо берди дагы да:
— Аянычтуу өз агаңды сойгонуң...
Айтылбады башын кайда койгонуң
Айтты Айдарбек, бир аз туруп кысталып:
Анын көзүн ошол замат жойгонун:
— Мурат аны көпкө турбай ыкшалып
Көмдүрдү окшойт, келбей кетет ойлогум...
Атып жыгып, башын кесип алыпмын,
Эч максатсыз ат дорбого салыпмын...
Кызуу менен бардыгын да иштедим,
Кызуу менен эч нерсени сезбедим.
Ойлоп көрсөм уккан киши корккудай
Иш кылыпмын, кийин, кийин эстедим.
Кээде ойлоп тура качам олтурбай,
Калчылдаймын кармагандай безгегим...
Жоо болсо да кыйын тура бир тууган,
Көп кездерде корунамын айтуудан.
Кээде сезип ыза-кордук, кыйналам,
Жаралуумун кабыргасы кыйраган...
Кээде кайра табалбаймын аны мен,
Жоошугансыйт азоо жүрөк туйлаган.
«Ырас сойгом бөлүнгөндү элимден»...
Кайрат нарын коркпой кармайм буйлада
— Өткөн өттү, кереги жок эми ойлоп,
Ойноп-күлүп жүрө бергин той-тойлоп!
«Туура!» деди жылдыз көктө жымыңдап,
«Туура!» дешти жалбырактар шуудурап,
«Туура!» деди арыкта суу кулдурап,
Бирде муңдуу, бирде шаттык күү курап.
Тойдон бетер өйдө-төмөн эл чубап,
Кыздар күлүп каткырыгы угулат...
Бирге таттуу, бирге ачуу — ар кимге
Ар башкача бүткөн эле бул дүйнө!..

ШЕРИГИ БОЛ ӨМҮРДҮН

Кайгы-муңду алда кайда унутуп,
Бирге басты орундуктан турушуп,
Эл чогулган эстрадага барышып
Бирге турду назик күүлөр угушуп...
Бирин-бири колтугунан алышып
Кайра басты элден оолак чыгышып,
Узаткандай карап турду кара бак,
Эки асыл жаш бара жатты аралап.
Көзүн тигип карагансыйт туш тарап,
Кыздар көрүп Айдарбекке суктанат...
Айдайканга көзү түшүп көп жигит
Имерилет, сөз айталбай кысталат...
Ай менен күн ары, бери өтүшүп
Жүргөн элдин жүрөгүнө от жагат.
Кай бирлери жандап жакын басышты,
Өздөрүчө сын беришип жатышты...
Кыздар айтты: зор жаңылыш болуптур,
Гүл деп булбул төө куйрукка конуптур.
Чиркин жигит кайдан келип болду туш
Тандабастан шашып конок оруптур.
Эр жигиттин теңи бекен ушул кыз,
Сыртын сырдап, өңүн боёп коюптур.
Жигиттер да капа болду теңирге;
— Кайран сулуу кошулбаптыр теңине.
Тиги эки жаш эч ким менен иши жок
Кавхар жанып көздөрүнөн күйүп от.
Басып жүрдү өздөрүнчө сүйлөшүп.
Арт жагынан айта турган сөздү ойлоп...
Бактан чыгып: — кайталы эми, жүр дешип,
Бара жатып баатыр Айдар оңтойлоп,
Сурап койду: бул букетти ким берди?
Кызганычтуу кармалады гүлдөрдү.
Күлдү сулуу: алганым жок эч кимден,
Терезеге коюу үчүн муну мен
Издеп келип сатып алдым ишенсең,
Тетигинде сатып жатат көп гүлдөн.
Жан эмесмин бакка басып көп келген,
Колтуктаган гүл сый берип көрүнгөн.
Мурунтадан таанычу элем өзүңдү
Бирге олтурдум угуп айткан сөзүңдү.
Бул сыяктуу ойлоруңду билбедим...
Бүгүн эле бакка басып киргеним...
Сага башка сезилдиби бир басып
Сен күлгөндө менин кошо күлгөнүм?
Көптөн берки тааныш өңдүү сырдашып
Бул убакка үйгө кайтпай жүргөнүм?
— Байкабастан орой айтып койдумбу?
Кечир сулуу, көтөр менин ойнумду!
Чынын айтсам жоготупмун өзүмдү...
Көрөр замат оттой өткүр көзүңдү:
Мас болгомун арак ичкен эмедей,
Байкабадым айтып жаткан сөзүмдү,
Ойлонбодум бөлөк сөздү кенедей,
Өзүң алдың адаштырып эсимди.
«Бир кызга» аттуу ыр жаздым деп, аны айтты,
Сунуш кылып дагы бир сөз жаңы айтты:
— Гүлү болгун багымдын,
Мөмөсү бол шагымдын!
Кубанчы бол көңүлдүн,
Шериги бол өмүрдүн!
Угуп муну чочуп кетти Айдайкан:
— Бир көрүшпөй бул сөздү айтат кандай жан?,
— Кеп ыракмат, жеттим мына, үй ушул!
Капа болбо, кош Айдарбек, жакшы кал!
Чуркап кетти укпай айткан сунушун,
Көз алдынан өчтү күйгөн кавхар шам.
Турду Айдарбек... Асманга өйдө карады,
Жыбыраган жылдыздарды санады.

УЙКУСУЗ ТҮНДӨР

Кайра келди казармага жаш туйгун,
эл батканда кызыгына уйкунун.
Чоң күрсүндү... баары уйкуда, ким туйсун...
Бир жан айтпайт: кайда жүрдүң кечигип?
Мурат досун түрттү бузуп уйкусун...
— Таң атканда келгенинби, жол болсун!
Кетет бекен жалгыз таштап жолдошун!
Текшерүүдө биринчи эле сен сыктың,
Калп жеринен: «мен!» деп катуу кыйкырдым.
Караңгыда тура бердим сездирбей,
Бул жолу да наряд албай кутулдуң.
Убагында кайтуу керек көп жүрбөй,
Тартип бузган аябаган уят бул.
Келгениңди көргөн бирөө болдубу?
Эртең айтса, өтөт дечи кордугу.
— Кароол жигит олтуруптур үргүлөп,
Кеттим өтүп, жан көргөн жок, ким билет?..
Кезек-кезек бакка барбай болобу,
Карган чалдай кейий бербей кайгы жеп.
Кыз жөнүндө чыгып жаны жомогу,
Кайда жүрдү, барын айтты Айдарбек,
Мурат айтты: «шашып айтып салыпсың,
Кыз көзүнө жеңил көрүнүп алыпсың».
Кызга айтуучу сөздү тандап иргешип
Эки баатыр бир аз жатып сүйлөшүп,
Мурат кайра кирди таттуу уйкуга.
Айдар болсо бир нерсени билгенсип
Жарык кылды кайра ордунан турду да,
Кыялданды кыз колтуктап жүргөнсүп,
Чөнтөгүнөн алып чыгып кагазды,
Кайра олтуруп, Айдайканга ыр жазды:
«Ашыкмын деп араң айттым сырымды,
Айтчы сулуу, өңүң неге бурулду!
Муздатпачы жанып турган жүрөктү!—
Түрдөндүрчү ай жүзүңдөн нуруңду!
Көкүрөктөн көз жашымды кургатчы
Кабыл кылып арнап жазган ырымды!»
Кайра жатып көп сөздөрдү ойлонду,
Уктай албай ары-бери толгонду.
«Мен чын эле кылдым бекен жеңилдик,
Айта салам оюмдагы болгонду?
Кайра сөзгө келбей койсо эми түк
Качканы ошол тоту куштун колдогу»...
Таң атканча бир да кирпик какпады,
Ойлогон жок Айдайкандан башканы...
Эрте турду, таңды күтүп жатпады,
Жазган катын пакеттеди, тактады,
Айдайкандын эшигине кутуга
Алып барып биринчи кат таштады.
Кечинде эле көзү түшкөн ушуга,
Жайбаракат артка кайтты, шашпады...
Жалгыз гана көктө чолпон балбылдайт,—
Айдайкандын көзүнө окшош жалжылдайт.
Эл тура элек, калаа тып-тынч магдырап,
Жарык дүйнө карагансыйт жалдырап...
Ой бир туман, бороону күч түн окшоп,
Адаштырат, кээде акылдан тандырат.
Ой бир арак, ичсең денди бүт козгоп,
Алып учуп эт жүрөктү жандырат.
Окшоштуруп балбылдаган чолпонду,
Айдарбектин ыры кайра козголду:
«Махаббат бийик асман, сен бир чолпон,
Кол созуп, канат серпсем жетеминби?
Болбосо жакыныңа баралбастан
От болуп жанып жүрүп өтөмүнбү?»
Күндөр өттү, Айдайканды көрбөдү,
Же боору ачып өзү басып келбеди.
Таң атырды эчен түндү уйкусуз,
Чиркин санаа жанга тынчтык бербеди.
Ар күн сабакта да болуп суз
Айтылган сөз кулагына кирбеди.
Азыр дагы туман окшоп ой басты...
Артка олтуруп, далдаланып ыр жазды:

ОЙЛОДУМ

Амандаштың утур чыгып алдымдан,
Айдай жаркын мени эркиме койбодуң.
Жатсам, турсам сен кетпедиң жадымдан...
Абайлабай жүрөк менен ойнодуң.
Бирок кеттиң укпай сөздү мен айткан,
Андан кийин жолукпадым, ойлодум:
«Калы килем түрү болсоң кулпунуп,
Карап, карап көркүңө мен тойбосом:
Жазында сен жаңы ачылган гүл болуп,
Үзүп жыттап өз эркиңе койбосом!
Же сен аккуу, мен боз туйгун куш болуп,
Көл үстүндө кубалашып ойносом!
Санаа тартып сагынганда бар болсоң,
Күндөй күлүп маңдайымда жайнасаң.
Суу боюнда солкулдаган тал болсоң,
Булбул болуп бутагыңда сайрасам!
Бир карасаң, ыраазы элем, отуңда
Күйсөм, жансам, майдай эрип кайнасам!»
Басса турса ойлогону Айдайкан...
Качан кайра кеч кирбестей таң атат!
Караңгы үйдү жарык кылып күн сайын
Качан күйөт маңдайымда кавхар шам?
Кат артынан каттар жазды күн сайын,
Жообун албай тынчыр эмес курган жан...
Уктабастан ойлоп жатат... таң атат...
Ушундайбы жалыны күч махабат!

ИШЕНБЕЙМ, ЖИГИТ, СӨЗҮҢӨ

Жатты сулуу таттуу ойго берилип,
Жатты турбай төшөгүндө эринип.
Тил жетишпейт эмне кылам айтып кур,
Ак жаздыкта чачы жатат төгүлүп!..
Жаркыратты айдай бетин жарык нур,
Жайкы түшкө тең эмеспи ал учур!
Алыс кетпей көз алдында элестеп
Бир жаш жигит: «ишен, сулуу, сүйөм!» дейт.
Улам алып жаздыгынын астынан
Каттар окуйт бүт ыр менен жазылган...
«Чыны менен ашык болуп калдыбы?
Кандай жигит бир көргөндө асылган?
Жаш жүрөгү ушунчалык жандыбы?
Барбы башка ой ар жагында жашынган?
Көп жигиттин бири болуп жүрбөсүн?
Сынап мени, шылдың кылып күлбөсүн?»
Кайра баштан токтойт анын өзүнө,
Талдоо берип жазган ар бир сөзүнө,
Бет алдында турган өңдүү Айдарбек
Чагылышат өткүр көзү көзүнө!..
Алдын тосот аягына чөгөлөп,
Колун кармап, башын коёт төшүнө,
Айта жаздап: «мен да сени сүйөмүн,
Сен күйгөн от... мен да түшүп күйөмүн».
Араң токтойт, толгонот да бурулат.
Бирөө угуп койгон өңдүү уялат.
Кайра туруп аташканы келгендей
Катка карап өз ичинен кубанат,
Катка карайт сагынганын көргөндөй,
«Ой артынан жаңы ой жетет кубалап...
Оюн бузду кирип келип жеңеси:
«Күн чыкканча турбаганы эмнеси?»
— Ушунчалык уктапмынбы жеңеке,
Узак жолдон чарчап келген эмече?
— Эч ким сени уктаган деп ойлобойт,
Таң атканча ойлоп чыккан дебесе?
Сенин көзүң уктаган көз окшобойт,
Таң атканча ойлоп чыккан дебесе?
Айт сырыңды, кытыгылайм эмесе,
Айтпай кантет өз жеңеси асылат,
Билип койду, эми кайда жашырат?..
— Өткөн айда агам менен бир келип
Кеткен эле... Айткан элең сен көрүп:
«Сулуу жигит! Тааныштырам, кызыке!»
Ошол өзү эми мени имерип
Сүйөмүн деп каттар жазат, жеңеке,
Мен калгансып кыздын баары түгөнүп
Мени көрсө мас болгондой чалышат,
Этегиме уйгак болуп жабышат.
Балбылдаган көзү кетпейт көзүмөн,
Шекер тамат айткан ар бир сөзүнөн,
Таштады окшойт акылыман тандырып
Бир назик ой кетпей койду эсимен.
Туруп алды жүрөгүмдү жандырып,
Эмне дейсиң, акыл сурайм өзүңөн?
Жеңесине кагаз сунду: «каты ушул,
Эң акыркы ишендирген анты ушул!»

АНТ

Аягыңа койгум келди башымды,
Арылт жаным, көздөн аккан жашымды!
Сөзүң менен жүрөгүмдөн музду эрит,
Балдан таттуу кылгын ичкен ашымды!
Аз көрбөсөм сагынамын саргайып,
Көрсөм жанам көөдөй кара кашыңды!
Элестетип көз алдымдан кетирбейм,
Кара жибек, калтар кундуз чачыңды!..
Ишен, сулуу, айтканыңа көнөмүн!
Алгың келсе — жүрөгүмдү ал, беремин!
Кан чыкканча илебиңден соромун,
Жан чыкканча сени менен боломун!
Окуп көрүп күндөй сулуу жеңеси
Коргошундай эрип кетти денеси.
Көз алдында жетип келди күлүңдөп
Жолборс сындуу жаш жигиттин элеси!
Колтукташып бийкеч менен бир жүрөт,
Кыз кубанат көккө жетип төбөсү!
— Чыны менен ашык болуп калыптыр
Отко түшүп, жалыныңа жаныптыр.
Эми мунун жообун кандай бересиң?
Сүйөсүңбү, өзүң кандай көрөсүң?
Айтчы, мурун эче жолу кат жаздың,
— Бир да жолу жазганым жок мен өзүм...
— Уят болот жообуңду айтып бат жазгын,
«Тоготпойбу, кандай неме?» дебесин.
Тур кызыке, берди кудай теңиңди,
Жата бербей туруп ачкын көңүлдү!
Бир заматта эчен түркүн бөлүнүп,
Желдей сызып өттү чубай ой күлүк...
Чачын түзөп, күзгү жакты бир карап,
Турду сулуу ак маралдай керилип!
Ойной кетти жеңекесин жулмалап,
Көптөн көрбөй калган өңдүү эригип.
Жазчу сөздүн баарын жыйнап оюна,
Кайра олтуруп калам алды колуна...

АЙДАРБЕК

Жашыл чөп жайнап чыгабы,
Агын суу ташып кирбесе?
Магдырап дүйнө турабы,
Асмандан күн тийбесе?
Лайли-Мажнун болобу,
Карып атка конобу.
Ашыктык отко күйбөсө?
Жазганыңа карасам:
Чының менен сүйөсүң,
Жай табалбай чымын жан,
Жалын болуп күйөсүң!
Кармашарга шер таппай,
Коноруңа жер таппай,
Учуп, күйүп жүрөсүң.
Чындап сүйсөң сен мени,
Жок дебесмин мен сага,
Мен бир бышкан ак алма,
Айтамынбы: «кой, алба!»
Жок, көп иштер эсимде...
Ишенбейм, жигит сөзүңө,
Азгырба, мени алдаба...
Айдайкан.

КАНТЕМИН

Окуп чыгып Айдайкандын жазганын,
Ойлоп көрүп ишенбейм деп айтканын,
Боло түштү күйгөн оту өчкөндөй,
Сезген өңдүү тийген күнү батканын,
Сезген өңдүү басар жолун көрсөтпөй
Туш тарабын туман түшүп басканын.
Каны качты өчүп өңү кумсарып,
Ичи күйдү чай ичкендей уу салып...
Айтып келип өзү дагы сүйөрүн
Ишенбейм деп учурду окшойт үрөйүн...
Бычак менен тилип туруп мыжыгып
Туз сепкендей ачыштырды жүрөгүн.
Олтурду көп алда кимге кыжынып,
Таштагандай таш каптырып тилегин.
Ыйлай албай же күлө албай томсорду,
Кайра сулуу карабастан окшоду.
Сезгени жок эмне кылып жатканын,
Ички сырын араң-араң жапканын,
Сезгени жок жарык кылып маңдайын
Күн асмандан күмүш шоола чачканын.
Кайдан билсин Айдарбек деп жалжалдын,
Уктай албай түн уйкусу качканын.
Эң акыркы кат болсун деп бар арман,
Ак кагазга бал тамызды каламдан:
«Сүйөмүн деп чынымды айттым мен сага,
Бир карыпмын, какпа мени, каргаба.
Колуңду өптүм, аягыңа жыгылдым,
Ишенбедиң, суроо бердиң: «алдаба!»
Алдабадым, чыным менен сүйдүм мен,
Жүрөгүм от, жалыныңа күйдүм мен —
Ошондо да ишенбедиң, кантемин?
Эгер айтсаң, кайда болсо барамын,
Эң бир кыйын кызматыңа жарармын,
Көл түбүнөн сага жакут карармын,
Ошондо да ишенбесең кантемин?
Лайли болсоң мен Мажнундан бетермин,—
Ак урамын чөлгө тентип кетермин,
Сен өт десең отту кечип өтөрмүн,
Ошондо да ишенбесең кантемин?
Сен буз десең тоону бузчу баламын,
Ширин болсоң Фархат болуп алармын,
Сени ар кайдан издеп жүрүп табармын Ошондо да ишенбесең кантемин?
Семетейче сапар тартып чыгармын,
Үргөнч суусун аттуу кечип турармын,
Сен сүйбөгөн душман туусун жыгармын..
Ошондо да ишенбесең кантемин!»
Өзү жазып өзү кайра текшерип
Ар бир сөздү көз алдынан өткөрүп,
Окуп жатты улам карап жазганын,
Сызып жатты кай бир сөздү жек көрүп...
Оюна алды, бүктөп жатып кагазын:
«Жетишетко сүйлөшкөнчө бет келип
Калды дагы кайсы жери бүтөлбөй?
Эми буга көрчү, сулуу, ишенбей!».

СУУК КАБАР

Катты таштап кайра артына кайтканда,
Күн күлүңдөп карап турду асманда,
Бактар ылдый башын ийип бүгүлүп,
Салам айтып гүлү ачылган жаштарга,
Желге эркелеп жалбырактар жүгүнүп
Шыбырашып көптөр мактап жатканда.
Мурат досу суук кабар жеткирди:
«Аман ууру Бектубайды өлтүрдү».
Шак дедире кулак түпкө чапкандай,
Тарс дедире көк желкеден аткандай,
Катуу тийди Айдарбекке бул кабар,
Көз тунарды күндү булут жапкандай,
Эми буга кылчу кандай арга бар?
Турду баатыр башы айланган арстандай
«Эми кантет сүйгөн сулуу Айдайкан,
Өлөр бекен ыйлап жатып турбастан!»
Катып калып: кайрадан жан киргендей,
Суусагандай сүйлөөгө тил күрмөлбөй,
«Кайдан жүрүп жолукту?»—деп сурады
Мурат бизге аралашып жүргөндөй,
«Тике турбай, олтур»—деди курагы,
Жөнү бар иш, кайнаган го дегендей
Карап алды Айдарбектин көздөрүн,
Айтып берди кыйыштырып сөздөрүн.
Аман желдет качып жүрөт таптырбай;
Жер которот бир орунда көп турбай,
Кээде калат туш тараптан оролуп,
Биз аңдыйбыз карыш эркин бастырбай,
Кыштак көрсө кирет, кетет жоголуп,
Пайдасы жок кууган менен жаткырбай,
Коён эмес бир коңулга баткандай,
Мышык эмес чий түбүнө жаткандай.
Көп басмачы кетет көзгө илинбей,
Жок болушат кайда экени билинбей.
Жыгылган там кайра турат деп ойлоп
Жүргөндөр бар өткөндү эстеп түңүлбөй.
Урган паңсат ошолорго корголоп
Сиңип кетет из калтырбай жүлүндөй.
Ким бекитет, билбей туруп аларды,
Түшүн, досум, кармоо кыйын Аманды.
Бай менен бий аны бизден качырат,
Аны бардык эшен, молдо жашырат:
«Кылычы»—дейт, кудай сүйгөн исламдын,
Караңгы калк тизе бүгүп шашылат.
Көп жерлерге жайып салган тузагын,
Ойлой-ойлой жаның күйөт, ачынат.
Молдо сөзүн момун чындай түшүнөт,
Басмачыны өз үйүндө түшүрөт.
Ошон үчүн «качкан болуп баргын» деп
«Ишеничтүү жигит болуп алгын» деп,
Бектубайды жиберишке Аманга
«Кошо жүрүп чалгынды өзүң чалгын» деп.
«Ким кандайча жардам кылат аларга?
Басса, турса баарына көз салгын» деп.
Барын шилтеп жүргөн эле Бектубай,
Кайда консо кошо конуп бүт бир ай...
Аман ууру байкап билип коюптур,
Бычак менен бир жак көзүн оюптур.
Колун жанчып, керип байлап, мык кагып,
Эл көрсүн деп асып керип чоюптур.
Майдан куюп жалбырттатып от жагып
Тирүү бойдон өрттөп шерди коюптур.
Колго түшсөң чынында ушул кылары...
Жүр үйүнө: көңүл айтып чыгалы.
Айдарбекке кыйын болду бул кеби,
Же барарын, же барбасын билбеди.
«Алмашабы көздөн аккан жаш менен
Айдайкандын күндөй жаркып күлгөнү?
Таалайым, сен ушунчалык пас белен?
Бакта ачылган гүлдөй жайнап жүрбөдү...
Ый болобу биринчи эле барганым
Кантип угам боздогонун жалжалдын?»
Ойго чумуп Муратты ээрчип, үн, сөз жок
Басып барды эрк өзүндө жок окшоп...
Мурат окуп бир нерсени жобурап
Бата кылды, көңүл айтты да бир топ...
Сүйгөн сулуу ыйлап төрдө олтурат
Көздөрүнөн кандуу жашы мончоктоп.
Эл адаты... Эчак кийип караны
Бетин тыткан Бектубайдын аялы...
Боздойт сулуу: «арстанымдан ажырап
Калганымбы кур талаада каңгырап...
Бул кордукка тирүү кантип көнөйүн,
Дагы кимге көз артайын жалдырап,
Алда таалам, ажал бергин өлөйүн...»
Зээниң кейийт төксө жашын зар ыйлап.
Айдар болсо ээгин жөлөп төшүнө
Зорго олтурду жаш келтирип көзүнө.
Дасторконго нан салынып, чай келди,
Пиялада бал кошулган май келди.
Бир чыныдан чай кармашып олтуруп,
Кайтмак болду, адат ушул элдеги,
Коңшу келин тура калып озунуп,
Кошо чыгып Айдарбекке кат берди.
Эки жигит басып бара жатышып
Айдайкандын катын көрдү ачышып:
«Бир туугандан айрылып,
Кара кийип кайгырып,
Кара көздөн кан агып
Баткан күнү күйүткө
Кат жазат дебе жигитке.
Эркек болуп калбадым,
Жанында болуп агамдын,
Жоого бирге барбадым,
Жоболоңду салбадым,
Кантейин, күчтүү арманым...
Эт жүрөгүм кысылып,
Чолпон көздөн жаш ыргып,
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Ырлар Жана Поэмалар - 12
  • Büleklär
  • Ырлар Жана Поэмалар - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3662
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2287
    26.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3647
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2230
    25.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3719
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2251
    26.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3615
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2279
    25.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3733
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2198
    27.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3602
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2180
    23.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3653
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2245
    27.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3774
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2268
    29.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3825
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2292
    31.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3871
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2229
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3852
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2162
    31.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3813
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2203
    31.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 711
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 563
    44.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    55.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    59.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.