Latin

Ырлар Жана Поэмалар - 08

Süzlärneñ gomumi sanı 3774
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2268
29.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
40.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
46.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Ал барган жерде жаман ойлуу жашынган,
Андан качкан эл багына таш урган.
Бай-манапка, басмачыга калганда,
Арстан эле атырылып качырган.
Аксакал биздин атабыз деп сөз салчу
Бай-манаптан кордук көргөн, жанчылган...
Өзү дагы малайлыктан эзилген,
Өз башынан далай күндү кечирген.
Ошон үчүн бооркеч эле элжиреп,
Эмгекчи ага бир туугандай сезилген.
Эч нерсени аячу эмес кезиксе,
Колунда жок жетим менен жесирден.


Ал жылдарда түшүнбөгөн бар эле,
Алар үчүн жол кең эмес тар эле,
Жеке менчик адаштырчу далайды,
Жактаганы кызыл дан эмес чар эле.
Түшүнүгү аз кээ бир, кээ бир адамдын,
Алды жагы кулап өлчү жар эле.
Ошолорго Орозбеков айтканын
Угуп жүрүп өттү менин жаш чагым:
— Ачпасаңар көзүңөрдүн пардасын,
Куубасаңар пейил тардык шайтанын
Курсак тойбой, куурап калуу турган иш
Дал өзүндөй ным көрбөгөн арчанын.
«Өкмөт бизден алып коёт» дейсиңер,
Мал бакпастан кандай оокат жейсиңер?
Өрдөк, тоокту жоготуп да салдыңар
Бардан бетер сыйкырлап шорпо берчиңер.
Эгин эгип, дан салып,
Кой семиртип мал багып,
Көбөйүү улам энчиңер
Салт эмес беле илгертен?
Азайбайсың, туугандар,
Ак эмгек байлык кенчиңер!
Жоктун жолу тар,
Жоктун түбү зар.
Жок болсо сага да, мага да жок,
Бар болсо сага да, мага да бар.
Эшигин пейилдин кең ачсаңар,
Малды көбүрөөк баксаңар —
Көбөйүп эт, май, сүт,
Жегилик бүт,
Тоюнат бардык ачкаңар.
Ачпаса эле курсагы
Ыйлашпайт жаш балдар
Өкмөткө да жетет,
Өзүңө да жетет.
Жакырчылык алыс качып,
Жокчулук үйүңөн кетет.


Абдыкадыр өз аты
Орозбеков атак-даңкы,
Жаш кезинен «аксакал» деп атаган
Жакшы көрүп сыйлаган кыргыз калкы
Бийиктик жактан Ала-Тоодой бар эле
Биринчи төр аганын кадыр-баркы!
Өнүп, өскөн ак пейил кыргыз жеринен
Азамат бир ак жигит эле керилген
Ал коммунист эл атасы болучу,
Эл ырына жүрөгү менен берилген
Октябрдын шаңдуу туусун көтөргөн,
Ленин ишин аткарам деп көшөргөн!

ЭНЕНИН ЖҮРӨГҮ

Күн чыгыштын гүлдөрү көп багында,
Булбулдары сайрап тынбайт шагында
Күн чыгыштын жомогу көп, ыры көп,
Ким эңсебейт уккан сайын уксам деп.
Ошол өңдүү жомоктордун айтылган,
Же сүрөттүн эчен кайра тартылган
Бир чыгар? Мен кайталап олтурам,
Эчак өткөн окуяны сөз кылам...


Күн чыгыштын элдеринин биринде
Күн уяга камынганда кирүүгө
Күндөй жаркын үйдөн чыкты жаш сулуу,
Өзүн сезип күндөгүдөн бактылуу.
Көчө менен эшигинин алдынан,
Көрктүү бозой көңүл отун жандырган
Өтүп барат жал-жал карап токтолбой,
Кызды көрүп жаш жигитче шоктонбой.
Кашы кара, көө сүрткөн ким чарчабай?
Көзү кара өтө бышкан алчадай!
Буудай ирең, келишимдүү шыңга бой,
Бир караган көңүл чалкып тойгондой!
Сөз каткан жок, күлгөн да жок ырсактап
Бирок кетти кыз жүрөгүн кылтактап.
Жүрөгүнүн арт жагынан кыз чуркап,
Жетип кармап, жаш бозойду кучактап...
Жашын төктү: «Койгун тирүү жанымды,
Сени көрүп кечтим ысык жалынды.
Жүрөгүмө чок ыргыттың, тутанды...
Уу сүйүүнү жалгыз өзүм жутамбы?»
Жигит айтты: «тике кара көзүмө!
Ишенбеймин, ишенбеймин сөзүңө...»
Кыз сурады: «ишенесиң не кылсам?
Көлгө түшсөм, там башынан жыгылсам...
Жигит айтты: «ишенбейсиң, эгер, сен
Өз энеңдин жүрөгүн сууруп келбесең».
Кыз жалынды тура тургун ушундай...
Үйүн көздөй чуркап четти тызылдай.
Ал чуркады ылдамыраак күлүктөн,
Сен кимсиң деп сурабады жигиттен.
Сурабастан эли-журтун, улутун...
Сурабастан аты-жөнүн, уругун...


Үйгө кирди, алды кара шамшарды,
Сөзгө келбей эне кардын аңтарды,
Салып колун тапты чеңгел жүрөктү,
Сууруп тартты... түгөнгөн кыз түгөттү...
Чуркап чыкты... жигит кеткен ыраактап,
Кыз жүгүрдү этек-жеңи булактап.
Мүдүрүлдү сыр көргөндөй жолунан,
Жыгылганда жүрөк түштү колунан.
Кыз туралбай өз тизесин кармады,
Чаңда жаткан жүрөк ага жалбарды:
«Жаным кызым, кагылайын эрмегим,
Ташка тийип, оорудубу бир жериң?»
Энесинче карегинен кагылды,
Элжиреген аёолуу сөз табылды,
Сөз кылбады кызы бычак салганын,
«Сүйүү» үчүн курмандыкка чалганын.


Күн да батты, ай асманга тоголду,
Жигит узап, баткан күндөй жоголду.
Бир кылчайып кайрылган жок артына,
Караган жок сүйгөн кыздын дартына.
Тизең сенин сыйрылдыбы деген жок,
Жапа чегип, бирге кайгы жеген жок.
Кейип-кепчип энесинин жүрөгү,
Ошол гана кетпей бирге түнөдү.
Назик добуш кулагынан кетпеди,
Ар күн кечте кыз ал үндү эңседи:
«Күмүш кызым, жаркыраган чолпонум,
Күзгү гүлдөй солосуң деп коркомун...»


Баарыңардын энеңер бар билемин,
Тыңшасаңар көкүрөгүн эненин:
«Уулум, кызым, уулум, кызым» деп кагат
Ал жердеги жебеси алтын чоң сагат.

ТААЛАЙЛУУ
(ЛЕГЕНДА)

Бизден мурун илгери бир бактысыз,
Төрөлгөндөй көрүндү убактысыз.
Эч нерсеге жетишпей өмүр сүрдү
Кыркка жашы чыкканча өзү жалгыз.
Ал ойлоду мен шордуу, мен бир карып,
Мен жолоочу бараткан арып-азып,
Мага келип жанашкан алда шордуу
Эмне керек шордууга аял алып?..
Кеберсиди ачтыктан эриндери,
Тамтыгы жок самтырак кийгендери,
Философтой кайгырып олтурганда
Мына мындай башына бир ой келди:
— Эч нерседен кайгысыз бактылуу ким?
Хан менен бай, илимпоз билген илим.
Жашайт чыгар жыргалда убайымсыз,
Өткөн сайын өмүрү болуп ширин.
Ал ойлонду көрмөктү таалайлууну,
Издеп аны, бойлоду далай сууну.
Байга барды, эңкейип айтты салам:
— Билбейсиз го, байым сиз кайгырууну?
Жылдызындай асмандын малыңыз көп,
Көлүңүздө сүзүшөт аккуу, өрдөк.
Акчаңыз бар эсепсиз, ал ошончо
Канча болсо сан жактан жердеги чөп.
Сиз билбейсиз ачтыктын эмнелигин,
Тийген күндөй жаркырайт сиздин кийим.
Убайымсыз жашайсыз жаш баладай,
Жыргал турмуш сиздеги кандай ширин!
Ачуу күлүп анда бай айтты муну:
— Сен сүйлөйсүң кайдагы бактылууну?
Кайгы менен өмүрүм өтүп барат
Ойлой, ойлой бул малды арттырууну.
Мал көбөйдү, багууга чөп жетишпейт,
Карабаса, ууру алат, карышкыр жейт.
Барган сайын көбөйүп көз арткандар,—
«Мал деп жүрүп кепинсиз өлөт бул» дейт.
Менден артык баюуну ойлогон бар,
Ал турганда күн сайын кайгым артар.
Мал көп болсо, ошончо душмандарым,
Тынчым кетер ойлонуп, уйкум качар.
Андан ары томаяк ханга барды,
Он бүгүлүп эңкейип тура калды:
— Ассалоому алейкум, алдаяр хан!
Бул дүйнөдө сизде да арман барбы?
Коркпогондор кудайдан — коркот сизден,
Каалаганды аласыз ар күн бизден.
Жалгасаңыз жашашар кайра баштан
Жашы жетип өмүрдөн үмүт үзгөн.
Каарыңыздан кара таш талкаланар,
Сүрүңүздөн кезиккен шер жалтанар.
Хандын ханы баатырдын баатыры деп,
Атыңызды чыгарып айткандар бар.
Көктө кудай, жерде бир өзүңүз бар:
Тетир баскан тентекти тезге салар.
Кылычыңыз жалт этсе, күнөөлүүнүн
Шактан түшкөн алмадай башы кулар.
Таалайлуусуз, алдаяр, адамзаттан,
Кайгы билбей эл сурап жыргап жаткан.
— Жок, — деп айтты хан анда тура калып,
Менмин күндө кайгыдан азап тарткан.
Эл бийлесем, элден көп менде түйшүк,
Каламын деп тагымдан бир күн түшүп,
Коркконумдан уктабай түн катамын,
Убайым жеп күнүгө жүрөк үшүп.
Мендей тартпайт азапты эч бир карып,
Этим жашык карачы — өңүм сарык,
Өткүр болсо кылычым — жоо бар күчтүү
Бак талашчу элиме бүлүк салып.
Андан ары жөнөдү ойчул кедей,
Издегени бир жерде бар эмедей —
Жетип барды илимпоз бир кишиге,
Кыроо түшкөн башына күз келгендей.
— Ассалоому алейкум, окумал жан,
Сүйлөгөндө сөзүңө эл таң калган,
Не бардыгын дүйнөдө бүт билесиң,
Айтчы, кары өмүргө жоктур арман?
Шашып айтты илимпоз: көп арманым,
Нечен ирет бир күндө кайгырамын.
Жыргаган аз, куураган — таруудан көп,
Тең көрбөгөн тагдырга таарынамын.
Бир кишиге жамандык кылганым жок,
Бала кезден окудум, болбодум шок.
Адам түгүл, айбанды таарынтпадым,
Аңчылык да кылбадым, атпадым ок.
Кур эмесмин душмандан ошондон да,
Жактаган аз, көп болду каршы мага.
Кээ бирөөлөр күнөөнү менден көрөт
Жер титиреп, дубалы жарылса да.
Бир жыңылык тапсам деп убарамын,
Эгер тапсам — кубанбай, кубарамын.
Ушакчылар шыбырап, хан чакырып,
Кылмыштуудай ар дайым сураламын...


Төгөрөктүн төрт бурчун кыдырып бүт,
Таалайлууну табуудан үмүт үзүп,
Карып кедей карадан келе жатса,
Капталынан бир добуш чыгат күңүрт.
Карай салса бир ырчы жакын келген,
Чыкса керек бечара алыс жерден?
Араң шилтейт аягын арык аттай,
Көз киртейип, өң кеткен кайран эрден.
Комузу бар колунда үч ичектүү,
Өзү араң турса дагы сөзү күчтүү:
— Кайдан келе жатасың, максатың не?
Өңүң азгын ичиңде кайгы күчпү?
— Таалайлууну издеген бир жан элем,
Жер калтырбай кыдырып кайтып келем.
— Айтчы кана, таптыңбы таалайлууну,
Эр окшойсуң бир ойчул көлдөй терең?
— Жок, таппадым, эч жерден издеп жүрүп,
Келе жатам, табуудан күдөр үзүп.
Таалайлуу жан жок окшойт жер жүзүндө,
Арман көп дейт кишилер эчен түзүк.
Ырчы күлдү айтуучу сөзү бардай,
Бир аз турду сөздөрдү тандагандай,
Анан айтты: карагын өз айлыңдан,
Мындан ары эч кайда издеп барбай.
Эл бар болсо суу аккан ар бир жерде,
Таалайлуулар жүрүшөт эл ичинде.
Кайгы-капа билбеген чын бактылуу
Ынтымактуу жашаган үй-бүлөдө.
Кедей турду ырчыдан көзүн албай
Издегени кокустан табылгандай.
Кымыз жуткан сыяктуу боло түштү
Чаңкагандан кургаган байкуш таңдай.

Ошол кедей издеген таалайлуу жан,
Жер бетине түшкөндөй күндөн-айдан,
Биздин күндө жаралды өсүп-өндү,
Көргөн сайын бүт дүйнө калгандай таң.
Таалайлуулар — Советтик кишилер да,
Бир туугандай жашашкан ынтымакта.
Ынтымактуу үй-бүлө — советтик эл,
Жыргал үйүн тургузган гүлдүү бакка!

КАНЫШБЕК

(ЛЕГЕНДА)
Ысык-Көл эне бизге байыртадан,
Биздин эл өнүп-өсүп жайытынан,
Жай алган күнгөй-тескей өйүздөрдөн,
Күн менен бир мезгилде оту жанган!
Мал жайган өзөн бойлоп, көчүп-конгон,
Эр жетип боз балдары, кыз чоңойгон.
Таанышып бозой селки көч үстүндө,
Байланган бир бирине, ашык болгон!
Ошондой өтө кызык окуядан,
Сүйлөгөн бирин мага кылып баян
Карыган, Арстанбаптык Арапбай чал,
Укканын унутпаган, жаңылбаган.
Көп уккан жаш кезинен карылардан,
Кабардар эчак өткөн кылымдардан.
Ишенет укканына, айтат аны,
Айтпаган өмүрүндө эч бир жалган.
Жазамын укканымды Арапбайдан,
Сөз салам жүз жылдардан, алда кайдан.
Же жомок, же болгон иш, билбейм анык,
Сезилет ошондо да көз жаш, арман.


Тескейин Ысык-Көлдүн жердеп Мундуз,
Кийбеген уулу суусар, кызы кундуз.
Көңүлүн эч бирөөнүн бурмак эмес
Андагы ал өткөргөн күүгүм турмуш.
Жок болчу каткан мүлкү, алтын- зары,
Жок болчу жайык толуп жаткан малы.
Бар болчу бойго жеткен кыз баласы,
Суктанып сөз кылышкан журттун баары.
Каштары чабалекей канатында!
Чачтары кара жибек зер чачкандай!
Көздөрү түн ичинде от жаккандай!
Ак жүз жаркып турат таң аткандай!
Моюну ак копшоп койгон сыйда талдай,
Алкымы сүткө түшүп агаргандай!
Ар кандай айта берсе эп келчүдөй,
Албырат эки бети кан тамгандай!
Жарашкан кымча бели шыңга бойго,
«Жүрсөчү ойноп, күлүп тойдон тойго,
Эби бар эркелесе мейилинче»,
Көргөн жан бул пикирди келтирди ойго.
Тургандай түндүгүнөн тиктеп жылдыз,
Үйүндө жанды шамдай ал сулуу кыз.
Канышбек анын аты, нурун төккөн,
Келгендей күндөн түшүп өзү жалгыз.
Суу акты шылдыр кагып жылгалардан,
«Канышбек!.. Канышбек!» — деп комуз чалган.
Чамынды тоо шамалы ойдон, кырдан
«Жетмек жок, жетмек жок» — деп уңулдаган.
Мундуздун үйү бурду эл көңүлүн,
Бир көрүү ошол үйдүн эшик-төрүн.
Тилеги болуп калды далай жаштын,
Ошол үй эңсегендей жигит гүлүн.
Келишти чиренишкен байбачалар,
Калыңга айдап берер малы барлар.
Келишти улуулары, аталары,
Башкарган, өкүм өскөн боз уландар.
Атказып, ат алышты бир да тынбай,
Жолоочу кыйгач өтпөй бир кайрылбай.
Кылчактап ким болбосун карап кетет,
Ал үйгө жашынгандай күн менен ай!
Канышбек көрсөтпөдү күндөй өңүн,
Келгендин карабады бир да бирин.
Байлардын кызыкпады байлыгына,
Улук деп тоготподу бийдин бийин..
Эч бири сылаган жок кара чачын,
Көргөндөр көңүлү жок көз карашын.
Корунуп кушту көргөн кекиликтей,
Сезишти жоготкондой бакыт ташын.
Таң атты эчен жолу, күн да батты,
Жуучулар келип жатты, кетип жатты.
Карашкан көздөр сурайт Канышбектен:
— Каалайсың эми кайсы азаматты?


Айылда келгин бала жүрчү көптөн,
Жаргак шым, куур тончон жүдөбөстөн,
Келгенин кайсыл жактан жан билбеген.
Түшкөндөй ал бул жерге түндө көктөн.
Жок болчу ал байкушта, ага, тууган,
Бир жанын түйшүк менен бага турган...
Ар кимдин отун жагып, күл чыгарып,
Жумшаса, кайда болсо бара турган.
Буттары жан карагыс туурук, кесик,
Канаткан тикен кирип, чөңөр тешип.
Мойну кир, колу кычы, көз киртейген,
Качкандай бечарадан таалай безип.
Жок бирок, оттой күйчү анын көзү,
Жебедей өткүр болчу айткан сөзү.
Капкара көө сүрткөндөй каш астынан
Көрүнүп турар эле эр мүнөзү.
Сөз айтса ал бирөөгө оозун ачып,
Жарк этип азгын өңү жарык чачып,
Көрүнө калган өңдүү болор эле
Жашынган акыл көлү толкуп ташып.
Бир күнү өз үйүнө Мундуз аны
Чакырып, теги-жайын сураганы:
— Уулусуң ким дегендин? Өз атың ким?
— Билбеймин. Сурабаңыз кайдагыны.
Атам ким? Айткан эмес эч ким мага,
Энем ким? Болгон бекен? Болсо кана?
Көрбөгөм бир да бирин көзүм менен,
Аттары чалынбаган кулагыма.
Айыл жок беш-он күнү мен жүрбөгөн,
Эшик жок токоч сурап мен кирбеген.
Барбаган, кыдырбаган жерим да жок,
Жетимдик кенедейден жетелеген.
Жокчулук жаш дебестен токуп минген,
Камчысы көкөй кескен, жонду тилген,
«Куу жетим», «шүмшүк» деген сөздөн башка
Укпагам өз атымды түк эч кимден.
— Тентипсиң, — деди Мундуз, кеттим аяп,
Басыпсың көп жолдорду жылаң аяк.
Айланган түнөгү жок кыз экенсиң,
Андыктан сенин атың болсун Саяк.
Канышбек чочуп кетти Саякбы деп,
Көзүнөн көзүн албай калды тиктеп:
Жаркырайт бет алдында жапжаш бозой —
Сүйкүмдүү, чыйрык, өктөм, илгир элпек.
Аёнун чогу тушту көңүлүнө,
Тутанып жалбырттачу күндөн күнгө.
— Бечара! — деди сулуу өз ичинде,
Карады атасына үмүттөнө.
— Бечара,— деди кой көз кайра баштан,
Ким сени мынча жанчкан аябастан?
Эмнең кем жүргөндөрдөн? Жетимсиң да.
Ата-энең кайда качкан карабастан?
Кызынын оюн дароо кармагандай
Үй ээси айта салды мына мындай:
— Кааласаң биздин үйдө жүрө бергин,
Сүйөмүн, эркелетем өз баламдай,
— Куп! — деди жетим Саяк сүйүнгөндөн,
Кызарды эки бети тамылжып өң,
Көрүндү Канышбектин кубанганы,
Күйүмдүү от чагылган көздөрүнөн.
Заматта жетимдиктин түнү кетип,
Чыккандай боло түштү күн жарк этип.
Аталуу, үйлүү-жайлуу болбодубу,
Кийимге, аш-тамакка колу жетип!
Жылынды тонгон бою жаз келгендей,
Табылып жоголгону, сүйүнгөндөй,
Көңүлү көтөрүлдү, жакырчылык
Түбөлүк ушул бойдон жеңилгендей.
Жабагы таакы жүнүн таштагандай
Таштады куур тонун. Көрчү кандай:
Нур түздүү, күн чырайлуу жигит болду,
Ар кандай сулуу көрүп суктангандай.
Биринчи бет келишип көрүшкөндөй
Жашырбай, жашырынбай эч бирөөдөн,
Канышбек Саяк экөө жаны бирдей
Бөлүшүп жеп жүрүштү бир нанды тең.
Жүрүштү иштеп, ойноп күндө бирге,
Жүргөндөй бир туугандар өз үйүндө.
Теришти куурай, тезек бирге барып,
Жок издеп бир чыгышты, калып түнгө.
Кармашты көпөлөктү жашыл төрдө,
Чуркашты кол кармашып көк шиберде.
Карашты суктанышып бирин-бири,
Билишпей кандайлыгын көп кездерде.
Жанаша олтурушту от жанына,
Карашты ысык, жарык жалынына.
Көрүндү кызыл алоо окшош болуп
Жүрөктүн кан айланган тамырына.
Антсе да жетпей ысык оттон келген,
Сезишти жылуулукту бир-биринен.
Ыкташып бирин-бири ысытышты,
От жанып экөөнүн тең жүрөгүнөн.
Байкалды өмүр бою бир жүрчүдөй,
Байкалды бөлүнүшсө өлүүчүдөй.
Ажырап баскылары келишпеди,
Алдынан ач карышкыр көрүнчүдөй.
Көп кезде уктоо үчүн шашышпастан
Түн жармын өткөрүштү жатышпастан.
Бир-бирин аз көрбөсө сагынышты,—
Сүйүштү сүйүү сөзүн айтышпастан.
Айрылуу бар экенин билишпеди,
Андайды ойлогусу келишпеди.
Аларга көрүнбөдү, жок сыяктуу
Айылда' жүрүү чеги, сүйүү чеги.
Угушту узун түндө кемпирлерден,
Укмуштуу жомокторду кызык экен.
Угушту табышмактуу лакаптарды,
Байыркы баатырлардан кабар берген.
Ойлошту, болсок дешти ошолордой,
Жоо келсе турсак дешти жолун торгой.
Сезилди иш сыяктуу эң бир оңой
Баатырча ажал табуу элди коргой.
Түшүнө Саяк кирди Канышбектин,
Ал эми Саяк жетим: «ойго жеттим,
Канышбек меники!» — деп мактангансыйт,
Жанында алганындай басат эркин.
Дал ушул назик сезим болуп себеп,
Канышбек жуучуларды көрүүчү жек.
Томсортуп кур чыгарган бардыгын да,
Түз карап сүйлөшпөстөн, ээрчитпей кеп.
Кез болчу жоокерчилик, эл дүрбөлөң,
Үй чеччү кыз, келиидер туруп түндөн.
Жортуулга Кокуй калмак чыкты десе
Жүрөктөр түрсүлдөшкөн кубарып өң.
Жолдошу ар биринин болуп кайгы,
Талашчу тоо ичинен буйга жайлы.
Ит улуп журтта калып, мал чуркурап,
Түн катып жамынышчу капчыгайды.
Калтырбай көргөндү да эшиктеги,
Келген жоо талап турган кезиккенди
Мал айдап, жылкы тийип кете берчү,
Талоонун жок болучу эч бир чеги.
Талоодон, түн ичинде кол салуудан,
Жалкыган катын, бала кантсин анан,
Укканда жоо келгенин «кокуйлаган», —
Кокуйдун атын атап чочулаган.
Ошондон мурас өңдүү ушул күнгө,
Көңүлгө түшө калып, келип үнгө:
Жүрбөйбү «кокуй, кокуй» адат болуп,
Белимчи же кейикчел чал-кемпирге.
Ар айыл көчүп-конуп ар кай жерде,
Баш ийген уруулардын бийлерине.
Бийлери тыштан келген жоого каршы
Көрбөгөн умтулушуп биригүүгө.
Анысы аз келгенсип, кошоматка
Кой союп жүгүнүшкөн келген жатка.
Акылчы же жардамчы болушпаган
Эл камын ойлой турган азаматка.
Ал турсун, жардам кылчу душмандарга,
Эл канын суудай сүзүп жуткандарга,
Өчүрүп күйгөн отун, күлүн чачып,
Очогун үй-бүлөнүн бузгандарга.
Уялбай, бир уруудан бир урууга,
Бий барчу душман үчүн кол чалууга.
Жоо колун баштап барчу тоо ичине,
Талатып өз коңшусун, чуу салууга.
Көргөзчү кыз сулуусу кайсы жерде,
Жайлагы күлүк аттын кайсы белде.
Катпастан өз ичинен айтып турса,
Кандай жоо келбей койсун мындай элге.
Бир күнү жигит келди Тосор бийден,
Башкарган тескей калкын, баарын билген
— Кол курап Кокуй баатыр келип калды
Тандоого кыз сулуусун көл жээгинен.
Болобуз тукум курут урушунан,
Жан чыгат сүрдүү карап турушунан.
Бир шилтеп шылый чапты урчук ташты,
Кан тамат албарс миздүү кылычынан.
Аскага дал ушундай салып тамга,
Көрсөттү не болорун алышканда.
Кырк сулуу кыз сурады биздин элден,
Бербесек — боёлобуз кызыл канга.
Тосор бий буйрук кылды карап шартка,
Кызыңды кийиндир да мингиз атка!
Калмактын издегени Канышбегиң,
Кантесиң, Мундуз аба, жанды сакта.
Түнөрдү түн түшкөндөй Мундуз өңү,
Бир чайнап жеп ийчүдөй көрүнгөндү.
Кыжыры кайнаса да унчукпады
Кандайдыр унуткандай сүйлөгөндү.
— Эх,— деди, Саяк чыдап туралбастан,—
Сен дагы жанмын дейсиң уялбастан,
Душманга кызмат кылып чапкылайсың...
Жигитти тепкиледи жыгып аттан.
— Буйрукпу? Кордук сөзү чыдап уккус,
Миң жылы жашасаң да ойдон чыккыс.
Айдалып мал сыяктуу кетишеби
Айылдын жарашыгы биздин кырк кыз!
Урушуп өлбөйбүзбү бу көрөкчө
Эл үчүн намыс сактап эр жигитче.
Жок өңдүү болушары, жан күйөрү,
Канышбек жем болобу жолбун итке?
— Кой,— деди колун кармап Канышбеги, —
Не пайда урганыңдан бу немени?
Жалгызсың, күчүң да жок алып калар,
Кордукка көнөт дебе бирок мени.


Чогулду бардык кырк кыз бир заматта,
Кайтышып чабышкандар бардык жакка.
Ызы-чуу түшүп жатты эр өлгөндөй
Тосордун айылында — Шарпылдакта.
Көл үстү боёгондой өтө көпкөк
Агарат өркөчтөнүп түрмөк-түрмөк,
Жар боорун урат толкун шарпылдата,
Бекерге айтпаганай шарпылдак деп.
Угулуп чоң сайдагы суунун шары
Туурады үн алышып ыйлаганды.
Айткандай ойлогон жан: аны дагы,
Душманга багынгын деп кыйнаганбы?»
Тосор бий үйдө чыкты эл алдына,
Эл аны тегеректеп алды мына.
— Айтыңыз, аттан бетер көнөбүзбү
Калмактын жүгөндөгөн кордугуна?
— Бул калмак,— деди Тосор,— баатыр Калмак,
Кааласа шердин шерин алат кармап.
Кыз берчү андай эрге сыймык, атак,
Биз үчүн эл болбойбу илик-жармак.
Тыйгыла ыйыңарды, сүйүнгүлө!
Кайткыла, жакшы баргын үйүңөргө.
Таң ата узатабыз бул кыздарды,
Той болсун ушул жерде бүгүн түндө.
Жылт этип үмүт шамы өчпөгөндөй,
Канышбек күлдү көз жаш төкпөгөндөй.
Кыпыны кубануунун учту көздөн,
Кемеси таалайынын чөкпөгөндөй.
Сезилди душман колу жетпегендей,
Кыз башы туткун болуп кетпегендей.
«Саяк!» деп түрсүлдөдү жаш жүрөгү,
Биринчи бүгүн аны эстегендей.
Бий болсо, сүйлөп болуп, кайра баскан,
Токолу чыга калып эшик ачкан.
Короодо, кой менен бир жуушагандай,
Калышкан өңчөй карып кайгы тарткан.
Жаш Саяк көрүнбөдү эл ичинен,
Издемек аны кайсы чий түбүнөн.
Же жүрөт куткаруунун жолун карап,
Же кетти түңүлгөндөн үмүтүнөн.
Жаштар жок, жигиттер жок, кайда кеткен?
Жашынган, кайсы далда сайга житкен?
Ойлошпой ар-намысты, өч алууну,
Кай жакты бет алышып качып кеткен?
Карылар улуп-уңшуп ыйламакта,
Беттерин көз жаш менен сыйламакта.
Кокуйду конок кылып, май чеңгелдеп,
Үйүндө семиз Тосор жыргамакта.


Калмакка тартуу болчу кыздын баарын, —
Кыйышпас катар өскөн теңтуштарын.
Канышбек ымдап четке көл жээгине,
Көрсөтүп ачып салды сыр капкагын:
— Уксаңар, курбуларым, сөздүн чынын,
Эң эле коркунучтуу менин сырым:
Күң болуп кеткичекти бөтөн жерге,
Ойлосок кантер экен жан тынымын?
Жомогу болсок кантет арткылардын?
Астына кулап түшүп ушул жардын?
Ысык-Көл өз койнуна тартып алсын
Ар күнү көрүп жүргөн сулууларын.
Көзүнөн Канышбектин көзүн албай
Карылар жомок угуп олтургандай,
Ак маңдай, кымча бел «чын сөз!» — деди,
Туткундан азыр эле кутулгандай.
— Баргыча жоолошкондун төшөгүнө,
Шуңгуйлу тартынбастан көл түбүнө.
Ушунда жатсак, — деди дагы бири,—
Киребиз сүйгөндөрдүн түштөрүнө.
Канткенде барат элек сүйбөгөнгө,
Биз күйгөн отко кошо күйбөгөнгө?
Жок,— деди бото көз,— бир барбайбыз
Биз баскан жолдо бирге жүрбөгөнгө.
Ойлогон оюбузду билбегенге,
Айтканда сөзүбүзгө кирбегенге,
Сүйлөсөк тилибизге түшүнбөстөн,
Чаңкасак, суу ордуна уу бергенге.
Келишти бардыгы тең бир пикирге,
Карматпай сүйүү жибин үмүткерге,
Карашат ажал койнун, капалуудай
Жандарын корголоткон жигиттерге.
Арт жагын көрбөс үчүн кайра кайтып,
Турушту жар башына катар тартып,
Карашты көл бетине, түнкү толкун
Жар боорун тынбай сүзгөн шарпылдатып.
Үн чыгат келгиле деп чакыргандай,
Кыздарга көлдө кызык оюн бардай.
Чын эле кандай сонун сүзүп жүрүү,
Талбастан чабак уруп балыктардай!
«Качкыла!» деген өңдүү кайра баштан,
Шарп этет урган толкун кайтып таштан.
«Кайткыла, — дегенсийт көл, — келбей жакын,
Кандайча өлөсүңөр жашабастан?»
Шыбактар шыбырашат: «Кайда качат? —
Асты жар, арт жагында Кокуй жатат»...
«Болгула, болгула! — деп жел шаштырат,—
Таң атса, байлап-матап узатышат».
Сөздөрдү айтылбаган угушкандай,
Түшүнүп түндүн сырын турушкандай,
Карашты жаш сулуулар бирин бири,
Качандыр таарынышып урушкандай.
Канышбек эмненидир унуткандай
Селт этип, сөзүн айтты мына мындай:
— Коркокту жек көрүү бар элибизде,
Коркпостон тең кулайлы бир адамдай.
Коркууну жолотушпай ойлоруна,
Колдорун бириктирип колдоруна
Чачтарын байлаштырып чачтарына,
Бүт кырк кыз кошоктолуп болду мына.
Үн чыкты: «Абийир үчүн, намыс үчүн!»
Кырк сулуу топтоп туруп бардык күчүн,
Өздөрүн ыргытышты, «чолп!» дей түштү,
Ургандай дөңгөч менен көлдүн үстүн.
Чайпалды чоң Ысык-Көл көбүк чачып,
Толкунга толкун кошуп, кырдан ашып,
Согулду таштан жарга, жардан ташка,
Сабады Шарпылдакты шарпылдатып.
Жетиген тиктей албай өчүп-жанды,
Жерде чий тынч туралбай кыймылдады.
Жеткендей жаман кабар, тоо шамалы
Кайгынын күүсүн толгоп уңулдады.


Кыздардын кыйкырышы куланарда
Чуркаткан бүт айылды бийик жарга, —
Толтурган көлдүн жээгин ызы-чууга, —
Боздошкон урук; тууган таппай арга.
Эшигин Тосор бийдин Мундуз ачкан,
Эңкейбей, тике карап сөзүн айткан:
— Ысык-Көл Кокуйга кыз бербес болду,
Куткарды сулууларды ою жаттан.
Кызымды бербей эрге, бердим көлгө,
Кубанам кордолбостон өлгөнүнө!
Арданып араң турам, бийим сенин
Душмандын жетегине көнгөнүңө.
Башканын бутун жалап, көзүн карап,
Сага окшоп жашаганча күндү санап,
Кыздарча жаштай өлүп тынган жакшы,
Түбүнө өз көлүңдүн баш калкалап.
— Бул не? — деп ыргып турду Кокуй калмак,
Колуна кынсыз жалаң кылыч кармап.
— Жогол! — деп атырылды Тосор дагы,
Сөгүштү жеп ийчүдөй алмак-салмак.
Кылычтан, каардануудан корксун кайдан,
Качпады өлбөчүдөй Мундуз андан,
Кыжыры кайнап турган чапчышсам деп,—
Кордукка чыдабастан жан карайган.
Кокуйду бир чапчудай тура калган,
Кармады торой басып түз алдынан,—
Ачуулуу арстан өңдүү жараланган
Апчыды кылыч алган оң колунан.
Кылычын шилтегенде ташты кескен,—
Аларда тартып андан үн дебестен,—
Каларда кан диркиреп кекиртектен,—
Жайлады Кокуй, Тосор экөөнү тең...
«Токтой тур» деген өңдүү туш тараптан
Угулду кыйкырыктар зоо жаңырткан.
Ал үндү күчөтүштү ого бетер,
Чуркурап катын-бала ыйлап тыштан.
Айылдын жигиттери тоого качкан,
Келишти тасыратып бардыгы атчан.
Алышкан колдоруна бардыгы да
Найзадан же шылк этме — чокмор баштан.
Айылдын чыга келип капталынан,
Жатышты ыргып түшүп аттарынан.
Бир башка тургансыды жер солкулдап,
Алардын ар биринин басканынан.
Кырчудай кырк кыз үчүн жоону бүтүн,
Кылчудай быркыратып баарын күкүм;
Ачышты эшиктерин ар бир үйдүн,
Түрүлүп түндүгүнөн чыккан түтүн.
Толушуп жоолошкондор ар бир үйгө,
Сунушту кылыч, найза бир бирине.
Алышса кээ бирөөлөр кекиртектен,
Кээ бири эрк берүүдө шылк этмеге.
Көз чыгып, диркиреди баштардан кан,
Кекиртек киркиреди чыгарда жан.
Агарды керегелер мээ чачырап,
Көрүштү көргүлүктү найзалардан.
Көзөлдү эчен киши көкүрөктөн,
Тынчыды тең жарылып жүрөк өктөм.
Эрдикти аябастан иштеп жатты
Озунуп куралына колу жеткен.
Көрсөттү жоо көзүнө Саяк күчүн,
Оозунан от аралаш чыкты түтүн.
Ал шилтеп шылк этмени, урган сайын
Кыйкырды: «мына сага кырк кыз үчүн!»
Кыйкырды атын атап Канышбектин,
Кыйкырды Тосор бийге мынча көптүң...»
Буйдалбай ошол замат чокусуна
Түшүрдү куйган чоюн шылк этмесин.
Бир уруп жыгып жатты кезиккенин,
Кыйратты бийдин жакын жигиттерин.
Төбөсүн оё чапты, салды жайлап
Кокуйдун кошо жүргөн жан-жөкөрүн.
Кыйкырат: «кырк кыз үчүн!» Жарат башты,
Жигиттер кыйкырыкты кайталашты:
«Кыралы кырк кыз үчүн!.. Кырк кыз! Кырк кыз»
Ал үндөн кете жаздайт жоонун шашты.
Калмактар болушкандай өйдө тургус,
Тил билбей кыйкырышты: «кыргыз... кыргыз!»
Ал сөздү жат кылышты угушкандар —
Балыктар Ысык-Көлдөн, көктөн жылдыз.
Жайланды жоонун колу үйлөрдөгү,
Жок болду намыс үчүн күймөнгөнү.
Антсе да кутулушту чыга качып
Минүүгө аттарына үлгүргөнү.
Мундузду түртө салып байкоосуздан,
Кыйшайтып босогону, Кокуй качкан. —
Биле албай не кыларды коркконунан
«Кыргыз!» — деп ал да кошо кыйкырышкан.
«Ошол сөз ошол бойдон биздин элдин
Калганы аты болуп чынбы деймин!»
Ушундай божомолдойт Арапбай чал,
Чындыгын же жалганын мен билбеймин.
Өлбөстөн Кокуй кетти минип атка,
Житкенин, жашынганын кай тарапка
Билбеди эч бир адам караңгыда, —
Жоголду жер жуткандай бир заматта.
Көл бою кутулган жок коркунучтан,
Көп куулар тууган элдин ыркын бузган,—
Кокуйга сөз жеткирип баштап келип,
Кордукту көрсөтүшкөн тынч турбастан.
Табылган өз ичинен жаман тууган,
Туугандан тууганынын кунун кууган,—
Кек сактап Тосор үчүн, сунуп найза,
Өч алган өнүп-өскөн өз айлынан.
Жок өңдүү аңдып турган башка душман
Кек кууган же Саяктан же Мундуздан,
Ат жыгуу, барымта, доо эр өлтүрүү...
Көпчүлүк азап тарткан куу турмуштан.
Ким билет, тукум курут болот белек,
Калбастан кыйылгандай бардык терек,—
Батыштан орус келип бириктирип,
Болбосо кыйын күндө бизге жөлөк?
Жадашкан, жашоодон да аша кечкен
Көп айыл көлдү таштап, көчүп кеткен,
Алардын бири Мундуз, урпактары
Бул кезде Арстанбапты мекен эткен.
Барса да Жумгал, Кабак — далай жерге,
Кирсе да бут баспаган калың черге,
Жанга тынч жай болсо да ошол жерлер,
Жашырын кайра келди Саяк көлгө...
Тургансып бет алдында кырк кыз карап,
Жылдыздай жымыңдашкан көздөр жанат...
Кылактап саятчыдай көңүл кушун,
Оюна Канышбеги түшө калат.
Сулуусу сулуулардын ал Канышбек,
Табалбай, өзүнө тең жигит издеп
Жүргөндөй тереңинде сулуу көлдүн,
Ойлонду Саяк кырдан көлдү тиктеп.
Ал барды Шарпылдакка айлуу түндө,
Олтурду жар башында көл четинде.
Кыздардын кылыктарын көргөзгөндөй,
Жыбырайт майда толкун көл бетинде.
Чулп этет жаш чабактар ар кай жерден,
Жылт этет ок сыяктуу белги берген.
Чын эле биз дешеби көл түбүнөн,
Укташкан сулууларды көрүп келген?
Кырк кыздын жоого моюн сунбаганын,
Кордукка чыдап карап турбаганын
Кошкондой, мактагандай салып үнгө,
Койбоптур тоо шамалы ырдаганын.
Өлүүдөн коркпогонун Канышбектин
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Ырлар Жана Поэмалар - 09
  • Büleklär
  • Ырлар Жана Поэмалар - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3662
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2287
    26.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3647
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2230
    25.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3719
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2251
    26.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3615
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2279
    25.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3733
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2198
    27.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3602
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2180
    23.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3653
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2245
    27.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3774
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2268
    29.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3825
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2292
    31.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3871
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2229
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3852
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2162
    31.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3813
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2203
    31.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 711
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 563
    44.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    55.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    59.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.