Latin

Токтогул Чыгармаларынын Эки Томдук Жыйнагы - 6

Süzlärneñ gomumi sanı 3593
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2208
27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
40.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Чекесин сыйпап кашынат.
Пейлин бузуп меймандан,
Бар тамагын жашырат.
Мүнүшкөр салат бүркүтүн,
Агытып кошо тайганын.
Кууп жөнөйт артынан
Көрөмүн деп алганын.
Кыйкырып чаап байкабайт
Атынын чарчап калганын,
Кызыгы кыйын бүркүттүн,—
Камчы кылып балдагын,
Тапка келбес бүркүттү
Жалгыз чыгып салбагын.
Ачуусу келсе качырат,
Арманда болуп калбагын.
Ат үстүнөн алдырып,
Акылыңдан танбагын.
Көрүнгөнгө мактанып
Көтөрүлүп мактанып
Кыз алган жерди «жаман» деп,
Акылың болсо, чанбагын.,
Оң колуңдун ачуусун
Сол колуң менен кармагын.
Ак калпак кыргыз элиме
Адашпай тилим, сайрагын!
КЕЛГЕНДЕГИ КЕРБЕЗИМ
Эки колду кишендеп
Байлаганда — кербезим.
Элден бөлүп башымды
Айдаганда — кербезим.
Эмгек тартып кызыл тил
Сайраганда — кербезим.
Эки көзүм түрмөдө
Жайнаганда — кербезим.
Кайран колду кишендеп,
Байлаганда — кербезим.
Калктан бөлүп башымды
Айдаганда — кербезим.
Капа тартып кызыл тил
Сайраганда — кербезим.
Кара көзүм түрмөдө
Жайнаганда — кёрбезим,
Алты жылы пияда
Баскандагы — кербезим.
Алтындын кенин талкалап
Казгандагы — кербезим.
Ак падыша залимге
Жазгандагы — кербезим.
Айдалып жүрүп азапты,
Тарткандагы — кербезим.
Жети жылы пияда
Баскандагы — кербезим.
Жездин кенин таЛкалап
Казгандагы — кербезим.
Жезиттин каны залимге
Жазгандагы — кербезим.
Жети жылы мээнетти
Тарткандагы — кербезим.
Боз тоголок бүргө этим
Чаккандагы — кербезим.
Боздоп ыйлап түрмөдө
Жаткандагы — кербезим.
Боору ооруп барышна
Баккандагы — кербезим.
Борумдуу кыргыз элимди
Тапкандагы — кербезим.
Сары тоголок бүргө этим/4
Чаккандагы — кербезимЛ
Зарлап, ыйлап түрмөдө
Жаткандагы — кербезим.
Садагасы барышна
Баккандагы — кербезим.
Сары алтын кыргыз көп элди
Тапкандагы — кербезим.
ТОКТОГУЛ МЕНЕН КАЛЫК ТЕГИРМЕНЧИНИН ҮЙҮНДӨ
Жанаалы деген тегирменчинин үйүнө Токтогул келди деп угуп, шашып жөнөп калдым.
Салам айтып кирип бардым. Жанаалы: «Кел, Калык, Токоңдон үйрөнүп кал»— деди.
Чогулган элге карата Токтогул саламдашып минтип ырдады:
Көпчүлүк журтум, аманбы?
Көргөнүм айтсам жаманбы?
Көңүлүнө салайын,
Көйтүндө көргөн заманды.
Калкымдан насип жок болсо,
Кайрылып элди табамбы?
Көргөнү кайгы Токтогул
Көп жылдар элден адашкан.
Көпчүлүктөн түңүлүп,
Көйтүнгө чейин жөө баскан.
Базарга сатчу малындай
Солдаттар айдап тынбастан,
Кыйналбай өлүп кетерге,
Кабар жок жетер ажалдан.
Кайгынын күнүн өткөрүп,
Кайрылып келдим карып жан.
Жамандыкты көп көрүп,
Жашыды жалын жүрөгүм,
Эңсеген элдин баарына
Эсендешип жүрөмүн.
Айланайын калың журт,
Алдыңа салып сүрөгүн.
Кайгы дартым күбүлүп,
Кабыл болду тилегим.
Көзүмдүн курчу чачырап,
Көтөрдүм шорду жонума.
Күнөөсүз айдап алпарып,
Көк темир салды колума.
Падыша, залим төрөнүн
Бактысы качан байланат?
Агынан кеткен бизчилеп,
Алар качан айдалат?
Качканын көрөр күн болсо,
Туш-туштан кирсек найзалап.
Тукумун үзүп түгөтсөк,
Топурактай майдалап.
Адилетсиз залимдин
Алымы качан жоголот?
Көйтүнгө кетип бизчилеп,
Алар качан кор болот?
Кара жер казып, жөө басып,
Кандуу тер акса шорголоп,
Шаңшыган шайыр күү чертип,
Карап турсам жорголоп.
падыша залим баш болуп,
Бардык ак сөөк жоголсо,
Мителерден кутулуп,
Биздин заман оңолсо.
Булутсуз чыккан ай, күндөй
Жарыктык дүйнө тоголсо.
Жарды, жалчы, букара,
Жакшылык күнгө ээ болсо.
Ошо күндү бир көрсөм,
Ошол замат мен өлсөм,
Калбас эле арманым,
Чыгар эле көңүлдөн
Залимден көргөн зарларым.
Былтыр келдим жаңыдан,
Түндүк Сибирь жагынан.
Забайкал, Үркүт, Көйтүндөн,
Мен барган жерде миң сандап,
Муңдуулар бар кишенчен,
Качаган аттай кол бутун
Чынжырлаган, ишенсең,
Ала-Тоодө айдыңдуу,
Ак калпак кыргыз элим сен.
Асмандап учкан куш элем,
Айланып аман келдим мен.
Кадырын сурап келатам
Өйүз-бүйүз баарыңан.
Жаркырап көрдүм жүзүңдү,
Жазы кыргыз жайыгым,
Жаштарыңды биле албай
Жалгыз Жанаалыны тааныдым.
Ушак айтпай түз жүрүп,
Уят болбой оокат кыл.
Падышанын заманы
Тарып барат жылдан жыл.
Кары да бол, жаш да бол,
Кызматыңды ылдам кыл.
Сагынып келген Токоңдун
Саламдашкан сөзү бул.
Токтогул Сибирде өткөргөн күндөрүн ырдап отурду. Элдин алды ыйлап, аркасы
жашыды. Токтогул ал ырын таштап, элди күлдүрүп, Жанаалынын тегирменин кошуп ырдады:
Ийри-Күңгөй, Кош-Таштан,
Ийи майда беш таштан
Жара чаап түшүрдүң
Жабыктай болгон боз таштан.
Тегирменге таш чапкан,
Усталыгың айтылсын
Убай-чубай бир баштан.
Теңтуш элек экөөбүз
Тепкедей кезде сырдашкан.
Зооттон чыккан эмендей
Астыңкы бети кызыл таш,
Абыдан бекем салыпсың,
Аз болсо он жыл бузулбас.
Каласын бербей тартабы
Куда, сөөк, карындаш?
Ал өз жакының эмеспи,
Алсаң да сага таарынбас,
Андан көрө, Жанаалы,
Алыскы элге кадырлаш.
Калган кадыр, өлгөн жан
Кайгырган менен табылбас.
Арыгыңдын алышын
Абыдан терең алгансың.
Жасалгалуу мүлкүңдү
Жагдайлуу жерге салгансың,
Жадабай ишке берилген
Жаш күнүңдөн балбансың,
Шимегин курчтан чыңаттың,
Огун оюп кынаттың.
Бургусун күндө бекитип,
Ыргайдан шынаа мык кактың,
Картайганча кажанып,
Кайрат менен мал таптың.
Таман акы, маңдай тер,
Таалайың бар, жан бактың.
Жалпы журтка пайдалуу
Жакшылап чексең тегирмен,
Жайы, кышы өксүтпөй,
Буудайдын нанын жедирген.
Казы байлап Жанаалы,
Капталын чыңап семирген.
Аңгыча өзүнүн аты жемсиз калганы эсине түшө калып, Жанаалыны карай ырдаганы:
Окуранып жер чапчып,
Оңураңдайт Актуяк,
Отурган бойдон унутуп,
Атыма болдум чоң уят.
Каңтарган бойдон эмгиче
Айбан үчүн тим турат.
Адам болуп ач калса,
Ыйлайт эле буркурап.
Эстетип койсоң болбойбу,
Жанымда жүргөн шум бала.
Ат болбосо экөөбүз
Айылчылар күн кана?
Ачып алып кампаны,
Салып чыккын арпаны.
Өзүбүз чыгып илбесек,
Башкадан пайда артпады.
Токтогула, туугандар,
Кумарыңар таркады.
Эмгиче аты жем жебей,
Эрмегиң Токоң чарчады,
Отурган элдин баары кыраан-каткы күлүп калды. Жанаалы жембаштыктын жарымынан
жем салып келди эле, Током жембаштыкты колуна алып элди күлдүрүп, ага карай кайта
ырдады:
Ээ, түгөнгөн Жанаалы,
Сенин убадаң кана жанагы?
Бир күнкү келген конокко
Ушунчадан жем берсең,
Сенин өзүңө оокат калабы?
Бир ат тоёр жем үчүн
Түн катып кайда баралы?
Тааныбайт, кимге жиберем
Жанымда жүргөн баламы?
Бир атыма муну илсем,
Бир атым ачка калабы?
Кайра салып алдыңбы
Бир баштык жемдин жарымын?
Же жарып кетет дедиңби
Аттарынын карынын?
Элде жүрөр бекемин?
Кайрат кылам, калкым бар,
Калкында Токоң жаркылдар.
Ырыстуу кыргыз элимде
Таалайым бар, баркым бар,
Кыз-келин тушта дүбүрөп,
Акырын сүйлөп күбүрөп,
Туурдукту туштан түрүшөт,
Шыкаалашып карашып,
Шыңкылдашып күлүшөт.
Бирине-бири шыбырап,
Жылдыздай көзү жыбырап,
Жаш өмүрдүн белгиси —
Жарык күйгөн шам чырак.
Жаңы бышкан алманын
Кызылындай адамдын
Мууну бошойт шалдырап.
Тиш түшкөндө, тил калат
Сүйлөй албай балдырап.
Доочу келсе күнүгө,
Мээң катат каңгырап.
Жаштарга мисал көрсөтөт,
Жайлоодо жашыл жалбырак
Күзүндө барып карасаң,
Күбүлгөн куурап калдырап.
Ошондон мисал ойлосом
Жоё элек жүргөн экенсиң
Жокчулуктун калыбын.
Күлбөгөн киши калган жок, Жанаалы уялып кетип, чуркап чыгып, каптын кулагынан
арпа салып келди. Токтогул жанындагы балага «Тур, балам, аттарыңа жем илип кел,
адамдын канаты ат, аттан кийин жат» деген карыялардын сөзү бар деди да кайра
ырдады.
Эч жазыгым жок туруп,
Элден кеттим токтоосуз.
Алтымыш эки кишиден
Араң калдык он тогуз.
Тынчыбыз кетип кыйналып,
Тырмагы уу колдобуз.
Түндүк-Сибирь, күн тийбейт,
Жайы, кышы көпкөк муз.
Кол, бут катып темирге,
Өлдүк го деп коркобуз.
Көргөн жабыр жапаалар
Көңүлүмдөн эч калгыс.
Уктасам кетпейт түшүмдөн
Улутум ушул топ кыргыз.
Бошогондо Сибирден,
Учкум келди канатсыз.
Туз насип буйруп калкымдан,
Тууганга жетип жан тынган.
Түрү суук душмандар
Кууйт деп корком артымдан.
Туулуп өсүп көз ачкан
Жерде жүрөр бекемин?
Кең пейилдүү көп кыргыз
Каруум кетет далдырап.
Жашчылыкта жайнагын,
От жаккан казан сыяктуу
Оргуп-оргуп кайнагын.
Жазгы чыккан булбулдай
Жанаша конуп сайрагын.
Ырыс алды — ынтымак,
Бирдигиңден тайбагын.
Тиш — ырыскы, тил — дөөлөт,
Тирүү жүрсөң бир дөөлөт.
Ажал чиркин — башыңда,
Акыры адам бир өлөт.
Ажал менен өлүмгө
Алы жетсе ким көнөт?
Таңшып көнгөн Токтогул
Таң атканча талыбайм.
Тартынсам, эгер жарыбайм.
Тагдырым жетип өлбөсөм,
Таалайым бар, карыбайм.
Распы сөзүм, Жанаалы?
Кубантайын кулпунтуп
Ини менен аганы.
Дагы бир тааныт өзүмө
Жанагы ырчы баланы.
Жетиле элек жаш экен,
Акындыгы чалабы?
Айта келсе оолугуп,
Ар бир сөзү даанабы?
Кандай экен, Жанаалы,
Бу балаңдын талабы?
Жакшы ырдасаң, кубанат
Жазы кыргыз танабы.
Токтогул ырдап басылды. «Жанагы ырчы бала кайда?»— дегенде эле эки жагымдагы
элдин баары: «Мына, Калык мында отурат»— деп калышты. Токтогул: «Кана, баштагын
балам»—деди. Эл дагы: «Ырда, ырда»— деп жаалап кетишти. Ошондо саламдашып
ырдаганым:
...Аргымак аттай арыштап,
Ар дубанга жүгүргөн
Колуңа комуз алганда
Кубайып калың эл күлгөн.
Үлгүңдү алып калсам деп,
Учураштым бүгүн мен.
Жакырлык жаба токунуп,
Жалчылыкта турамын.
Жаш балапан күнүмдөн,
Жамандыкка чыдадым,
Жарганаттай балаңды,
Токо, жакшы байкап сынагын.
Жактырсаң мени чыңагын,
Жакшы жолго көндүрсөң,
Болом го түбү ынагың,
Жабыктырып үстүмө,
Жаба минди жаман тон,
Өлбөсөм өтүп кетем деп,
Ишенемин, тилек чоң,
Басылбаймын ырдасам,
Бозо салган жерлерге
Адиссиң деп ырдаймын
Аркар аткан мергенге.
Айтып ырдар алым жок
Аш-той берген элдерге.
Атамдан ысык көрүндүң,
Акын Током келгенде
Бакты дөөлөт ырыскы
Мартабаң бар жергеңде.
Томуктай болгон балаңа
Током берсең батаңды.
Топ жыйында шаңкылдап
Жазар элем капамды.
Токтогулдун шакирти
Торгой Калык атансам
Тобурчак минип топ жарып
Тонумду таштап жасансам.
Балапан куштай талпынып
Канат күүлөп жүрөмүн.
Жакшы айткан киши көрүнсө,
Жалындайт ысып жүрөгүм.
Үлгүлүү нуска үйрөтүп,
Токо, чукул коштоп сүрөгүн.
КАРЫМШАКТЫКЫНДА ЖАНА КАЛЫКТЫ ЭЛГЕ ТААНЫШТЫРУУ
Сокучу деген бир уруу, эл бар экен, кеч кирип калгандыктан ушунда конуп алууну
ылайык таптык. Бастырып бара жатсак беш-алты үй турат. Анын орто чениндеги чоң
кара алачыктын ичинен уучуу чыгат. Жакын барып кулак түрүп токтой калдык.
Туурдукту шыкаалаган кыз-келиндер. Бул үй
Карымшак деген бозокордуку экен. Сураштырып билген соң, Током: «ушуга
кайрылалы, сен баштап ырда» — деди. Ошондогу ырыбыз:
Калык:
Ушул үйдүн ичинде,
Урушкансып чуулдайт.
Бака-шака бардыгы
Дайындуу бир сөз угулбайт.
Токтогул:
Жакшы адамдын санаасы
Жамандыкка бурулбайт.
Жүрөгү жок жалтаңдын
Жакында иши курулбайт.
Балам, ичкиң келип турабы?
Мында бозонун жыты бурулдайт.
Калык:
Шыңкылдашып күлүшкөн,
Шыкаалашып жүрүшкөн,
Шылдыр чачпак кара көз,
Туш-тушунда кыз-келин,
Кызыгышып карашат
Кызыктуу тамак ичкенин.
Токтогул:
Кулагың укту шекилди
Шатыратып сүзгөнүң.
Шаңкылдаган үнүңдү,
Балам, тыңшап турат кыз-келин.
Келгиле мында дебесе,
Суктук кылып түшпөгүн,
Түшүрүп алат эмеле,
Балам, үмүтүңдү үзбөгүн.
К а л ы к:
Ат байланган отуздай
Тегерете кырчоодо.
Кулак салды жорочу,
Токо, кубаныч сөзүң тыңшоого.
Токтогул:
Кыйшайыптыр, карачы,
Эшик менен босого.
Кызыганда жорочу,
Кылар иши ошо го.
Кыйла жерден саламчы
Келген окшойт бозого.
К а л ы к:
Кышында өгүз байлаган,
Жазында жерин айдаган.
Жалгыз таруу дейсиңби?
Буудайы өсүп чайлаган.
Дыйкандыктын белгиси,
Эгиниңден пайдалан.
Токтогул:
Эгини үчүн күтүнүп,
Жерин айдап бүтүрүп,
Таруусун сээп чыгарган,
Буудайы кыр жаап келгенде,
Арпасын эрте сугарган.
Бу дыйкандын балдары
Баарысы ишке чыдарман.
К а л ы к:
Сайраган булбул үндөнүп,
Биз болсок, келген жолоочу,
Самагандай жарданып
Тосуп турат жорочу.
Жакшы чыгып эгини,
Булардын жаймаланган оросу.
Үйдөгүлөр сыртка чыгып, бизди жарданьш карап калышканда:
Токтогул:
Балам, дыйкандар чыкты жабыла,
Сөзүңдү бузбай жаңыла,
Жаңы чыккан баласың,
Жолдош болдуң жаныма.
Жорокерлер табылды,
Жорголо, балам, багыңа.
Купшуңдаган чунагым,
Кубат берсин жаныңа.
К а л ы к:
Төрт ай иштеп жакада,
Жатканын айтсак болбойбу?
Чөп жолотпой, таруусун
Бакканын айтсак болбойбу?
Токтогул:
Тармалданып таруунун
Болгонун айтсак болбойбу?
Аңызга бир баш калтырбай,
Оргонун айтсак болбойбу?
Кампадан артып, оросу,
Балам, толгонун айтсак болбойбу?
К а л ы к:
«Оп майдалап» оодарып,
Басканын айтсак болбойбу?
Бакалын силкип айрылап,
Жазганын айтсак болбойбу?
Баба дыйкан береке,
Токо, чачканын айтсак болбойбу?
Токтогул:
Кош өгүзгө тазалап,
Артканын айтсак болбойбу?
Тегирменди чектирип,
Тартканын айтсак болбойбу?
Кара сакал Карымшак
Ошондо көөнү толбойбу?
К а л ы к:
Ат үстүнөн көрүштүк,
Амансыңбы, Карымшак?
Кыштын алты ай бозого
Камдаганың таруу шак.
Кечке маал бурулуп,
Конгону келип турган чак.
Токтогул:
Мен билемин булардын
«Сокучу» дешет уруусун.
Бозонун күчүн жетилткен,
Угутун кандай унуттуң?
Унутпасаң, жубарбек,
Неге айтпадың угутун?
К а л ы к:
Жылуу жерге көмдүргөн,
Жакшылап угут өндүргөн,
Сокучунун ичинде,
Карымшак, өзүң жөн билген.
Жайнаган элди кубанткан
Жайлата кылган демилгең,
Т о к т о г у л:
Карымшак, сенин бозоңдун
Жытына келген жыгылган.
Ууртаган адам дуулаган,
Акылын билбей сулаган.
Абдан тоё ичкендер
Ат үстүнөн кулаган.
— деп ырдап турганда, Карымшак чыга калып, Токтогулдарды аттан түшүрөт. Токтогул
үйгө кирер менен, ага бир чоң аяк бозо сунат. Ошондо Токтогулдун ырдаганы:
Толтура бозоң мелтиреп,
Токтогулга энчилеп,
Алып келдиң, Карымшак,
«Ичип ийип берчи»— деп,
Аякта кайнайт жыбырап,
Түрүлө түшүп шыбырап,
Көбүктөнөт мөлтүрөп,
«Күлөсүң ичип көрчү»— деп
Күлүңдөйсүң, сыр аяк,
Сенден башка миң сан бар,
Ым болбогон куру аяк.
( Жыгачы таза кургаган,
Маргалаңда сырдаган.
Сырыңдын баары түшүптүр,
Болгон окшойт бир заман.
Жакшы го сенин жыгачың,
Жарака кетип сынбаган.
Бу Кокондон келген сыр аяк,
Колума бердиң жаймалап,
Түшөрү менен белендеп,
«Токтогулга берем» деп,
Алдыма коюп, Карымшак,
Тура калдың элеңдеп,
Бозо менен аракты
Оозума алган эмесмин,
Жашыңды жаза таанысам,
Карың менен тең өстүм.
Ичип көнсөм башынан,
Ар жакка алгын дебесмин.
Алып бергин бозону
Жолдошум Калык балага,
Токтобостон тартып ий,
Балам, тойбоймун деп санаба.
Бозо турмак, тап коет,
Тобун салган чарага.
Тойбой калсаң жаланып,
Тойгуча берет жана да.
Комузуңду колуңа ал,
Которуп түрдүү обон сал.
Мынабу ини, агаңа,
Бул олтурган, туугандар,
Малыңарды байлаңар,
Жеми, чөбүн жайлаңар.
Жетиштүү болсо оокатың,
Түпкүлүктүү пайдаңар.
Тирүү адамдын опасы —
Катын, бала, баккан мал.
Жайытта калып жүрбөсүн,
Жарыкта жыйнап, айдап ал.
Көзү жетсе күндүздө
Көзөмөлдөйт кемпир-чал.
Оокатыңды жайгарып,
Жай олтуруп угуп ал!
«Мен бозо ичүүчү эмес элем, чай ичейин. Аттар ясем жесин. Аңгыча силер үйтиричилигиңерди жайгарып келгиле. Жай олтуруп анан тамашага киребиз»— деди
Токтогул.
Карымшак белдүү, айлына кадырлуу азамат жигит экен. «Током ырас айтат, мен
коногумду күтөйүн, силер шашпай жай келгиле»— деди. Эл тарады.
Карымшак айлындагы Чакырбай деген байдыкына барып, карызга бир козу сурайт.
Чакырбай: «коногуң ким?»— дейт. Карымшак: «Токтогул деген ырчы, жанында
жолдошу бар, ошолорго союп берейин дедим эле»— десе ал: «томаяктар, ырчыны
силер ырдаткыла да союшун мен берейинби я?»—деп
бербей коёт. Козуну башка кишиден таап келип союп, эт тартып жатканда сөздөн-сөз
чыгып кетип, Карымшак жогоруда болгон окуяны жанында отурган кишилерге айтат.
Токтогул муну угар менен ошол замат комузун алып минтип ырдап коё берди:
Айт десеңер, балдарым,
Айтайын бир аз байыңды.
Ушу турган сокочу
Чакырбайдын айылы.
Тынчы кеткен Чакырбай
Тың ичирбей чайыңды.
Теңгесин үч маал туудуруп,
Кетирген экен жайыңды.
Чакырбайды «сүткор» деп,
Мурунтан угуп жүргөн көп.
Сөөгүнө тамга батырган,
Өз айылын өөнөп жеп.
Акчасын алты туудурган,
Аласасын чуу кылган.
«Ар ким ичип кетет» деп,
Айранын чалап суу кылган.
«Чакырбай жаман сүткор»— деп,
Алда качан угулган.
Коркконунан башкага
Кой сойбогон Чакырбай,
Коңшусуна ордунан
Козголбогон Чакырбай.
Колу тайкы адамга
Дос болбогон Чакырбай.
Айылына алсызды
Кондурбаган Чакырбай.
Кондурса да, тамакка
Оңдурбаган Чакырбай.
Болуш, бийди чакырып,
Кол булгаган Чакырбай.
Жарды-жалчы баарыңды
Карыздар кылган сүт менен.
Малы-мүлкү, үй-жайы
Адалдык менен бүтпөгөн.
Мээнетиңдин бардыгын
Моюнуңа жүктөгөн.
Пайдасы жок башына
Зыян кылат сүт деген.
Жардыга кайры жок болот
Өз пайдасын тиктеген.
Алсыздарга сураса,
Күч бербеген Чакырбай,
Айлындагы коңшуга
Сүт бербеген Чакырбай,
«Ат үстүндө жүрөт деп,
Айгырымды минет» — деп,
Жылкычынын акысын
Бүт бербеген Чакырбай.
Жакын айыл коңшуга
Сүт бербеген Чакырбай.
Жалдыратып жөөлөргө
Күч бербеген Чакырбай.
Жалчылардын акысын
Бүт бербеген Чакырбай.
Коңшусуна жазгысын
Сүт бербегеи Чакырбай.
Колунда жок жардыга
Күч бербеген Чакырбай.
Койчусунун акысын
Бүт бербеген Чакырбай.
Пейлинин тардыгы
Бир малы жок жакырдай.
Мындай сүткор байлардан
Көтөрмөгө пул алба,
Бекерден таап алгандай
Анын бергенине кубанба,
Бешөөнү онго жеткирип,
Карабайт алар убалга.
Жакындашпай, алыс жүр
Жандан кечкен сүткорго.
«Паланымды бергин деп,
Баягы пулга келдим»—деп.
«Жакшылап» айтат бир жолго.
Жалгыз атты саттырат,
Жөө калып ит болбо,
«Карыздар болбой койбой»— деп,
Кайгырасың ошондо...
Угуп отургандар: «баракелде, ойдогубузду айтышты»— дешти. Токтогулдун Чакырбай
жөнүндөгү ырын кубатташты. Токомдун: «Сени элге таанытайын»
деген убадасы бар эле, ошону эстеди окшойт, ушул Карымшактыкынан баштап мени
элге тааныштырып ырдай баштады. Ошондогу ыры мындай эле:
Током бүткөндөн кийин эл мени ырда деп калды. Комузумду күүлөп алып, «Зилзала»
деген ырымды ырдадым. Ал мындай эле:
Көргөндөр айтат абыдан,
Угулду укмуш жаңыдан.
Акыркы болгон зилзала
Анжиян, Кокон жагынан;
Шейшенбинин күнүндө,
Шек билинбей күүгүмдө,
Жер титиреп там басып,
Эл кырылды түнүндө.
Угушума карасам:
Жетер ажал, бүтөр күн,
Көзгө суук көрүндү.
Эске алмак бар өлүмдү.
Туш кылбасын мындайды,
Далай адам муңайды.
Көмүлбөй жатат көп адам,
Топурак менен ылайда.
Коженттен үйлөр кулады.
Кожо, молдо эшендер,
Мечитинде сулады.
Жата турган жай таппай,
Жарды, байы сулады.
Эсинен тайды Ферганаң,
Оодарылып далай там;
Он үй калбай бузулбай,
Ойрон болду Маргалаң.
Орун таппай жатарга
Он миң бар дейт зарлаган.
Катын-бала, кары-жаш
Өлүү-тирүү аралаш,
Кожент менен Кыйбадан
Кордук тартып көп адам
Колдон кайыр сураган
Тарчылыкты көргөндөр
Ташкенди карай чубаган.
Асаке менен Кокондо
Кыйынчылык ошондо
Ач, арыктын жатканы
Шалы, бакал, саман, чөп
Коргондор урап түз болду.
Колдон келбес иш болду.
Өлүү-тирүү тең болду.
Өлбөгөн адам аз болду.
Көчөлөрдү чаң басты.
Көп адамды там басты.
Зилзаладан калгандар,
Оокат жайын камдашты.
Каалгаларын чаң басты,
Кары дебей жаш дебей,
Катары менен там басты.
Ойлонуп көрсөм бу кезде,
Катуу шумдук жармашты.
Адырлуу тамдар куланып
Аттын көбүн там басты.
Апырылтып сүйлөгөн
Калптын көбүн там басты.
Дайыма селде чалынып
Кудайга куру жалынып,
Дааратыма суу деген
Ар жуманын түнүндө
Таң атканча «уу» деген
Эшендерди там басты.
Такылдап таамай сүйлөгөн
Чечендерди там басты.
Ак падыша залимдин
Алымынан кеттиби?
Казы, болуш, бийлердин
Салыгынан кеттиби?
Дүкөнгө пулун толтурган
Ашык баа коюп пулуна
Пайдасын тилеп олтурган,
Кара күчкө карганып
Кайта-кайта чот урган
Соодагерден кеттиби?
Кыштын күнү муз каткан,
Жай саратан ысыкта
Жылуу сууну муздаткан.
Бир чынысы бир теңге
Кымыз баасы суу саткан.
Бу себептен жаздыбы?
Бул үчүн тамдар бастыбы?
Кыйынчылык угулду,
Кымбатчылык туулду.
Зарыктырып адамды,
Замана кандай кубулду?
Боз үйлөр чыкты жүз сомго
Бойролор чыкты үч сомго.
Тоо жердеген көп кыргыз,
Тобуң менен шүгүр кыл,
Топтошуп өскөн жериңде,
Чогууң менен шүгүр кыл,
Убайым тартты ушу жыл.
«Зилаланы» ырдап басылдым эле, Током: «Ой, жубарымбек балам, муну сен качан
ырдагансың?» — деди. Эл «Сибирде жүргөн кезиңизде, ушу Акы устанын
уулу жер титирегенин кошуп ырдайт деп угуучу элек»—дешти. Токтогул абдан ыраазы
болуп, мага карата, олтурган элге ырдаганы:
Өлбөй тирүү бар болсо,
Үлгүмдү алат бул балам.
Өзүмдү тартат деп ойлоп,
Өнөрүңө кубанам.
Ат үстүндө аш, тойдо
Алым сабак ыр ырдайт.
Комуз алып колуна,
Койколоктоп бир тынбайт.
Уккан адам танбаган
Ушул өңдүү ыр кызык.
Эки курбу баш кошуп,
Сүйлөшсө ички сыр кызык.
Кош өгүздүү дыйканга
Коңур булуң жер кызык.
Ала көөдөн аялга
Кошоматчыл эр кызык.
Күндө чыккан күлүккө
Саяпкер алган тер кызык.
Мүнүшкөрү жарашса,
Алгыр кыраан куш кызык.
Боло турган уулга
Бойго жеткен кыз кызык.
Момунда бар бир мүнөз
Акысын жебейт адамдын.
Акылың болсо, боз бала,
Адалдан иштеп таап алгын.
Эч адамга кайры жок
Эл ичинде сүткордун.
Экөө болсоң, үч болсоң,
Элүү болсоң, жүз болсоң,
Жеңилбейбиз бүт болсоң.
Жаман менен жакшыга,
Жалакор болсоң ит болдуң.
Жакшы болчу эр жигит —
Бараң мылтык басмадай.
Теңиз болчу азамат —
Тегиз тилген тасмадай.
Өмүр сүрөт ал жигит
Өлмөйүнчө аксабай.
Жумшак болот мүнөзү
Зооттон чыккан пахтадай.
Ачык болот жүрөгү
Ичине арам сактабай,
Андай жакшы жигитти
Адам калбайт мактабай,
Анын алган жары жарашат,
Жол жорголуу жакшы аттай.
Жолдош болот эрине,
Жок болсо да аксатпай,
Анык тынып санаасы,
Андай азаматтын көөнү жай.
Жакшы болсо алганың,
Тап кушундай талпынат.
Үйүнүн ичин саймалап,
Сарамжалы артылат.
Жаман аттай урганды
Желдире албай камчылап.
Жетпесең жакшы курбуга,
Жүрөсүң кантип жан чыдап?
Жакшы болсо алганың,
Аганын көөнүн калтырбайт.
Алтын менен күмүштөй
Ар убакта жалтылдайт.
Жаман болсо, ургандан
Кутулбаса, жан тынбайт.
Жетесинде жок болсо,
Жетилет деп санаба.
Жоктон айып чыгарып,
Жыга берет жалаага.
Жыйган-терген оокаттын
Бардыгы кетет талаага.
Өчөшкөндөн тилдесең,
Каргап кирет бырылдап.
Камчы менен бир чапсаң,
Балдарың ыйлайт чырылдап.
Оңой эмес оокатың
Ордуна кайта курулмак.
Андай жаман ургандан
Кутулсам деп санайсың.
Колуңда малдын жогунан
Ойлоп артың карайсың.
Жазгандай болдук капаны,
Ылайык келсе жаталы.
Таңшыган бойдон отуруп,
Таң агарып атабы?
Уга берсе ыр сонун,
Улана берет миң сонун.
Убалы бар көздүн да,
Уйку деген бир сонун!
ТОЙДОГУ АЙТЫШ
Нусуп ажы деген той берди. Анжиян, Арканын акындары бүт келишти. Аксыдан
Жеңижок, Анжиян жактагы кыргыздардан: атактуу ырчы Бекназар жана Карамырза,
Кара, Жолдош дегендер. Кетмен-Төбөдөн: Токтогул, Эшмамбет, Курман, Жаңыбай,
Накен, Жолой жана мен. «Ушул тойдо ырчыларды айтыштырат» деген кабар айылдан
айылга тараган болучу. Эл чогулуп келгенден кийин жыйырмадан ашуун ырчылар
даярданып калдык. Ошондо бир жак көзүн ак жаап калган, карылыгы жеткен Накенди
карай Карамырза минтип ырдап калды:
Карамырза:
Карыя Накен, карыпсың,
Карылыкка барыпсың.
Карылыктын үстүнө
Ак көз болуп алыпсың.
Сол көзүңдөн ажырап,
Сокур болуп калыпсың.
Колуң кетпей тырманып,
Котур болуп алыпсың.
Оң көзүңдү, Накеним,
Окура басып калыптыр.
Оозуңда бүдүр тиш калбай,
Азуусунан чалыптыр.
Карыганча топко ырдап,
Акылынан таныптыр.
Топугуң кеткен, Накеним,
Тойго ырдайсың күнүгө,
Тоголонуп атыңдан,
Кулап өлбө түбүндө.
Алдыңда кызыл атыңдын
Жалын бештен өрөсүң.
Жыргап жаткан элиңдин
Жыйынын кантип көрөсүң?
Жалгыз көзүң карайлап,
Жардан учуп өлөсүң,
Таалайың качып, Накеним,
Тарыган го мүнөзүң?
Алтымышты ашканча,
Өлбөй неге жүрөсүң?
Оозуңда жалгыз тишиң жок,
Оңураңдап ырдайсың.
Өнөрүңө ишенип,
Өлмөйүнчө тынбайсың.
Жайлуу жерге барганда,
Жалгыз көзүң ымдайсың.
Тишиң түшүп, тил калган,
Эби келбейт сүйлөөгө,
Эмдигиче өлбөйсүң,
Пул бердиңби дүйнөгө?
Карамырза Накенди шылдыңдап ырдап басылганда, Токтогул, биринчиден, Накендин
көңүлүн көтөрүп, экинчиден, ынтымак болсун деп ырдады:
Токтогул:
Анжияндык, аркалык,
Баш кошконун айталык.
Алышкан итче кабышпай,
Аман-эсен кайталык.
Карамырза, сөзүңдүн
Калтысы чыкты байкалып.
Тегерете тийиштиң
Тебеген чалпоо жылкыдай.
Карамырза, качырып,
Каптай кирдиң тынчыбай.
Кадырлашсаң болбойбу,
Кабыргадан чымчыбай?
Амандыкка келишпей,
Азоб аттай тебишпей,
Асыла кетсең жакшыбы?
Ак сакал Накен карыя
Акын эмес, бакшыбы?
Карамырза акындын
Бул эмне какшыгы?
Ызатың жок, сыйың жок,
Ыркыраган иттейсиң.
Өтпөс өч, кетпес кек бардай
Жетимиште атаңды
Жерге тирүү көмдүңбү?
Жергелүү элдин карысын
Желмогуздай көрдүңбү?
Алтымышта энеңди
Көргө тирүү көмдүңбү?
Арканын Накен карысын
Албарстыдай көрдүңбү?
Ата-энеңден кутулуп,
Анан мында келдиңби?
Атаң менен энеңди
Өлтүрүп келген баштанып,
Жапыраңдап ырдайсың
Уруулуу элди башкарып,
Урматты, сыйды билбейсиң,
Опураңдап какшанып.
Эр азамат салышып,
Жан аябай жоодо өлгөн,
Акылы толук азамат
Адам уулун тең көргөн.
Ажалы жетсе, кээ бирөө
Агыны катуу сууда өлгөн.
Кээ адамдын өмүрү
Узун жашап, күн көргөн.
Оору болуп онтолоп,
Кээ бир адам үйдө өлгөн.
Ажал жетип, кээ бирөө
Зоодон кулап, жарда өлгөн.
Анда бирөө жыргаса,
Мында бирөө зар көргөн.
Абалтан адам өлбөсө,
Атаңдын кана атасы?
Дүнүйө мүлкүң тозбосо,
Тонуңдун кана жакасы?
Эзелден адам өлбөсө,
Энеңдин кана энеси?
Сынбае-бүлбөс бар бекен
Бу дүйнөнүн чегеси?
Ойнойт десем, чындадың,
Олутун таап ырдагын.
Оң менен солду ырдаган
Орошон Токоң мындамын.
Тамаша десем, чындадың,
Дайынын таап ырдагын.
Далай жерди арыткан
Даңктуу Токоң мындамын.
Кажашам деп ойлобой,
Карамырза, тыңдагын!
Ынтымак жакшы, ырк жакшы,
Ынтымактуу журт жакшы.
Кош айтышып сыйлашып,
Тараганың куп жакшы.
Өлүп кетсек бирибиз,
Өкүнүшөр ый жакшы.
Тирүү болуп көрүшсөк,
«Сиз», «биз» деген сый жакшы.
Орусия элинде,
Сибирдин түндүк чегинде,
Көйтүн менен Забайкал,
Көргөнүм айтам кулак сал.
Аралап көрдүм далайды,
Бириңди-бириң жат көрүп,
Сүйбөгөнүң жарайбы?
Ыркырабай, ырчылар,
Ынтымактуу тарайлы.
Катынды мээнет чырмаса,
Эри өлүп кара жамынат.
«Кара жолтой болду»— деп,
Үстүнө ушак жабылат.
Кушту мээнет чырмаса,
Жердеги торго чалынат.
Момунду мээнет чырмаса,
Залим менен дос болот.
Бардык малы түгөнүп,
Анын зайыбы үйдөн козголот.
Жылкыны мээнет чырмаса,
Үйрүнөн жалгыз бөлүнөт.
Таппай калса ээси,
Тарпы калат бөрү жеп.
Эчкини мээнет чырмаса,
Тыйтак болуп, эт кетет,
Кала берсе басалбай,
Кашкулак басып жеп кетет.
Баланы мээнет чырмаса,
Жетим калып, таз болот.
Жетилгиче «шүмшүк» деп,
Жеңелери кас болот.
Атты мээнет чырмаса,
Алдыңкы буттан басынат.
Төөнү мээнет чырмаса,
Котур болуп кашынат.
Ырчыны мээнет чырмаса,
Бирине-бири асылат.
Ушуну менен, акындар,
Токоңдун сөзү басылат.
Бардык ырчылар бул сөздү жүйө көрүшүп, оройлук кылган Карамырзаны аябай
жектешти.
АНЖИЯН ТАРАБЫНДА
Арадан бир жыл өттү. Токтогул мага: «балам, Анжиян тарапта эл көп, аш-тою да көп
болот. Сибирден кайткандан бери бара элекмин, ошол жакка барып элдин көңүлүн
ачалы»—деди. Мен макул болдум. Ошентип Анжиян багытындагы кыргыздарга барып
калдык. Токтогул айткандай эле той-аштын болуп жаткан учуру экен. Аңгыча
Мырзакулбек деген чоң той берип калды. Ошол тойдогу ат чабышта Маман деген
дыйкандын Акбайпак деген күлүк аты чыгып келди. (Манаптар эчен курдай сатып
алабыз дешип оолугушса да сатпай коюптур). Маман байгеге эки миң сом, эки түп
терек, бир ат арабасы менен, эки өгүз буурусун, орто тиштиркичи менен алды. Токтогул
экөөбүз Мамандын өзүн жана Акбайпагын кошуп ырдап калдык:
Токтогул:
Айткын балам, элирип,
Агы чыккан Маманды,
Калык:
Акбайпагың топ жарган,
Азамат Маман, аманбы?
Токтогул:
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Токтогул Чыгармаларынын Эки Томдук Жыйнагы - 7
  • Büleklär
  • Токтогул Чыгармаларынын Эки Томдук Жыйнагы - 1
    Süzlärneñ gomumi sanı 3531
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2109
    25.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Токтогул Чыгармаларынын Эки Томдук Жыйнагы - 2
    Süzlärneñ gomumi sanı 3588
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2158
    23.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Токтогул Чыгармаларынын Эки Томдук Жыйнагы - 3
    Süzlärneñ gomumi sanı 3619
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1995
    25.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Токтогул Чыгармаларынын Эки Томдук Жыйнагы - 4
    Süzlärneñ gomumi sanı 3544
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1931
    25.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Токтогул Чыгармаларынын Эки Томдук Жыйнагы - 5
    Süzlärneñ gomumi sanı 3528
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1975
    26.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Токтогул Чыгармаларынын Эки Томдук Жыйнагы - 6
    Süzlärneñ gomumi sanı 3593
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2208
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Токтогул Чыгармаларынын Эки Томдук Жыйнагы - 7
    Süzlärneñ gomumi sanı 3621
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1565
    30.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Токтогул Чыгармаларынын Эки Томдук Жыйнагы - 8
    Süzlärneñ gomumi sanı 264
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 167
    40.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    56.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.