Latin

Бөртө Чоно - 10

Süzlärneñ gomumi sanı 3850
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1980
30.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
44.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Моңгол аскерлери басмырт орунда турду. Таңгыттын төө минген жана атчан
аскерлери а дегенде эле моңгол аскерлеринин курчоосунда калып, кайра баш көтөргүс
сокку жеди.
Моңгол кошууну тымтыракайы чыга качкан жоону куубай, Жуңшифуга төтө тартты.
Чыңгызхан жол үстүндө аскерлерин үчкө бөлүп кол башчылык милдетине Жебе,
Мухулай, Хубулайларды бекитти. Моңгол көк жалдары Жуңшифуну түндүк, түштүк
жана батыш жактарынан заматта эле курчап алды.
Чыңгызхан менен анын жоокерлери калаанын батыш жагынан ийрелеңдеп аккан
саргыч түстүү Хуаңхы (Хатун) дарыясын жана тоо башына дейре созула салынган Улуу
Сепилди туңгуч ирет көрүштү. Калааны жарым жылдай курчап жатып, Хуаңхы
дарыясынын тосмосу бузулганда Чыңгызхан таңгыт ханы менен бүтүм жасап, тартуу
алып баруу убактысын белгилеп, кызын аялдыкка алып, кошуунун артына чегиндирди.
Таңгыт элине каршы алып барган бу сапаркы жортуулунда Чыңгызхан ойлоп
көрбөгөн мол байлыкка ээ болду. Таңгыт элинин батышына конуштанган уйгурлар
моңголдордун айбатынан чочулап, багынаарын билдирип элчи жиберишти.
АЛТЫНЧЫ БӨЛҮМ
Чыңгызхан жыл аяктаганда моңгол бөксөсүнө кайтып келди. Моңгол жоокерлерин
өзгө улут, элдер менен болгон салгылашуусунан алган билими боюнча машыктыра
баштады. Ал согуш ыкмаларына өзгөртүү киргизип, кошуундун бардыгын атчан аскерге,
кыска найзасын узун найзага өзгөрттү. Жаадан башка таш ыргытаар жабдык,
куралдарды жаңыдан жасатты. Согуштук машыгуу күндөн күнгө карбалас жүргүзүлүп,
машыгуу алып барылбаган күндөрү эркектер менен кары-картаңдар, бала-чака, оорусыркоолор терек жалбырагына оролгон соот, тегерек калкан, ийри жаа, ышкырма жебе
сыяктуу курал-жарактарды жасашты. Аялдар, асыресе, келиндер мал багуу, кийим-кече
тигүү, өрмөк согуу жумуштары менен алпурушту. Түн ичинде моңгол бөксөсүндөгү сайсалаанын бардыгында тең чырак өчпөй, колдоруна шамала кармаган атчандар таң
атканча чабендестик өнөргө машыгып жатышты.
Бардык өрөөндөргө кан жолдор жасалып, мерчемдүү жерлерге бекеттер курулду.
Бул бекеттерге жоокерлер тургузулду. Кабар бекеттен бекетке уланып, Чыңгызханга
ылдам жете турган болду. Ошентип, Чыңгызхандын жарлыктары да чексиз
кыркалардын булуң-бурчтарына чамынып аккан кыяндай жайылып жатты.
Чыңгызхан мыйзам-тартипти күчөтүп, жаңы эрежелерди орнотту. Уурдалган
нерселер ээсине үч эселеп кайтарылды. Асыресе, төө уурдагандардын төөсүн кайра
бергизип, катуу жазалады. Уруш-чатак чыгаргандарды, ичкиликке берилгендерди жана
башка ушул сыяктууларды жазалоо жөнүндө да катаң тартип орнотту. Бул
белгилемелер жоокерлер согушка аттанганда, айылда коргоосуз калуучу катынбалдардын камы үчүн жасалган эле.
Чыңгызхан 1210-жылды Алтан хандыгына жасала турган чабуулдун даярдыгы менен
өткөрдү. Бирок, Алтан хандыгына кайсы айдын кайсы күнү аттана тургандыгын
белгилеген жок. Ирегелүү Алтан хандыгынын ал жайын, аскери күчүн, экономикалык
абалын жетик билүү кыйынга турду. Чыңгызхан кээде ушул даярдыгым менен эле
жортуулга аттансам күчүм жетет го деп болжосо, кээде дагы бир нече жыл даярданып,
анан кол салбасам алым жетпей калаар бекен, деп да толгонду.
Ошол жылы жайында Алтан хандыгынан элчи келди. Элчинин келе жаткан кабары
алар чегарадан өтөр-өтпөй эле ондогон бекеттер аркылуу Чыңгызхандын кулагына
жетип үлгүрдү. Чыңгызхан аларды бир нече күң күттү.
Элчи Алтан хандыгынын падышасы Жаң Зундун каза болгонун, ордуна баласы Юн
Чи такка отурганын кабарлап, көптөн бери токтоп калган карым-катышты калыбына
келтирүү жөнүндө сунушун айтты.
Чыңгызхан элчилерге а дегенде эле суук ырай билдирип, карамагындагы элдердин
элчилерин кабылдагандай ыңгай көрсөттү. Ирегелүү элдин падышалык тагына нары
билимдүү, нары акылдуу адамдар отурбай, болумсуз бир Юң Чи отурганын мурда
уккан. Ал «мамиле орнотуунун кереги жок» — деди да ордунан туруп кетти. Элчилер
элине кайтуунун камына киришти.
Жаң Зундун өлгөндүгү жөнүндөгү кабарды Чыңгызхан мындан бир жыл мурда укса
да, чын-төгүнүнө жете албай жүргөн. Мына эми элчилердин сөзүнөн анын
өлгөндүгүнүн ырас экенин анык билди. Ошол эле түнү Алтан хандыгына аскер чыгараар
убактысын бекитип, эки күн өткөн соң бул оюн белдүү кишилеринин кыйласына кабар
кылды. Согушка аттанаар убакыт 1211-жылдын март айына токтоду. Буган али да
жарым жылдай убакыт бар эле.
Согушка аттанаар убакыт белгиленген соң, Чыңгызхандын ордосунда согуш
тууралуу күнүгө кеңеш өткөрүлүп жатты. Алтан хандыгына баруучу жол жөнүндө талкуу
болгондо Бурчу, Зелме, Хасар, Мухулай, Жебе, Субатай сыяктуу сардарлар арасында
кызуу талаш-тартыш жүз берди. Батыш багытындагы жол таңгыттарды басып өтөт.
Таңгыт эли Чыңгызханга алык-салык төлөөчү эл болгону үчүн тоскоолу жок өңдүү.
Бекеттери да жакын,. жолу шыдыр. Ал эми, чыгыш багытындагы жол катар-катар тоо,
жалама жар таштардан өтөт. Андан ары өткөндө Улуу Сепилди бузуп жол салууга туура
келет. Жоо көзүнүн жаздымындагы жерлерден өтүп, Улуу Сепилди бойлой басып, эчен
жеринен жол ачуу зарылдыгы туулат. Батыш багытындагы жол менен жүргөндө таңгыт
элинин алды жагындакы ичке жол менен өтүп кетүүгө болор эле.
Чыңгызхан сардарларынын сөзүн угуп отуруп чыгыш багытындагы жол менен
жүрүүгө моюду. Эми моңгол жоокерлери сонун-сорпо жомоктордо айтылгандай, ай
жарыгында тоолордон ашып түшүүчү көк жалдарча, Улуу Сепилден аттап өтүп Алтан
хандыгын тоо көчкүдөй бир эле басып калмакчы. Чыңгызхандын узак жылдардан
берки ою ушул болучу. Мындай бекимге негиз толук болгону менен, бүткүл ааламды
бийлөө кыялы бармактайынан эле көкөйүнө уюган Чыңгызхан, эми бүгүн муну
моңголдордун эсине салып жатат.
Эски жыл өтүп, 1211-жыл жаңырганда моңгол бөксөсүнүн жер-жеринен жоокерлер
аттана баштады. Булар чогула келе, дүбүртү жер солкулдаткан зор кошуунга айланып,
Чыңгызхандын ордосуна, Онон, Керүлен дарыяларынын жогорку агымдарын көздөй
агылып жатышты.
Март айынын башында Чыңгызхан Алтан хандыгына каршы жортуулга аттанаары
жөнүндө моңголдун бардык черүүлөрүнө буйрук түшүрдү. Ошондон кийин эле аскери
түзүмгө катышы бар чечимдер токтоосуз чыгарылып, ордо айланасында аскер, төө, ат
унаа, согуш арабалары жыбырап, кой короолору менен жуушап калды.
Моңгол черүүлөрү Мухулай, Субатай, Жебелердин башчылыгында үч чоң топко,
Хасар башчылыгында сол канатка, Чыңгызхандын Жочи, Чагатай, Үгүтөй — үч уулунун
кол башчылыгында оң канатка, Чыңгызхандын өзү менен кичүү уулу Толунун кол
башчылыгындагы уютку топко бөлүндү. Эл-журтту коргоо милдети Токчур
башчылыгындагы эки миң аскерге тапшырылды.
Жортуулга чыгаардан үч күн мурда Чыңгызхан Бурхан Халдун тоосуна чыгып,
кудайдын жеңишке медеткер болуусун тиледи. Ал курун мойнуна салып, кийиминин
топчуларын чечип, тилек тактасынын алдына тизелей отуруп чачкы чачып:
— О, жараткан эгем, ата-бабамды өлтүргөн Алтан хандыгынан кек алуу үчүн өзүм
баш болуп согушка аттанганы жатам. Бүткүл моңгол коомунун да тилеги ушул. Муну
жөн көрсөңүз медет бериңиз. Бүткүл ааламдын тирүү теңиринен демөөр тилеймин! —
деди.
Согушка аттанаар түнү Чыңгызхан балдары Жочи, Чагатай, Үгүтөй, Толуларды,
алардын энеси Бөртөнү чакырып, соңку ирет бирге отуруп кечки тамак ичишти. Бул
кезде Чыңгызхан кырк тогузда, Жочи жыйырма беште, Үгүтөй жыйырма үчтө, Толу он
тогузда болучу.
— Э, Бөртө! Жүрөгүңдү как жарып чыккан төрт уулуң бирден топтун кол башчысы
болуп Алтан хандыгына аттанганы турат. Бүгүнкү атказуу тою экөөбүзгө орток болсун.
Эртең ар кимибиз өз алдыбызча иш алып барабыз. Бу сапаркы жоонун чеби мурдакы
ар кандай жоонукунан кең, — деди Чыңгызхан.
— Балдарымдын жортуулга аттануусуна кайгырып нетейин? Мен сага татарлар
менен дайчыгуттарды соолткудай көк жалдарды тууп берейин деп тийген элем.
Төрөгөндөрүм ушулар. Балдарыбыз эр жетип азамат болгондо, ушулар курутууга
тийиштүү жоону өзүң курутуп, буларга эмгек сиңиргидей шарт калтырбадың, эми булар
байлап койсоң да турбайт. Улуу Сепилден өтүп Алтан хандыгын талкалоо милдетин
ушул балдарына жүктөгөнүң жөн го, — деп жооп берди Бөртө.
Чыңгызхандан бир жаш улуу Бөртөнүн чачы жаш кезиндеги саргыч түсүнөн өзгөрүп,
буурул тартып кеткен.
Дасторкон түн жарымына чейин жыйылбай, Чыңгызхан менен балдары бул үйдөн
түн ортосу оогондон кийин гана кайтышты. Чыңгызхан эшикке чыгары менен эле
балдарынан бөлүнүп ордосуна келип, Бурчу менен таң атканча кеңешти. Тийиштүү
иштер жөнүндө акылдашып болгон соң, экөө бир-бирине карашып узак отуруп
калышты. Бурчу Чыңгызхандын үч уулунун кол башчылыгындагы оң канатка бөлүнгөн.
Бармактайынан азап-тозокту бирге тарткан ушу сардары менен эми качан
дидарлашары Чыңгызханга белгисиз эле.
Чыңгызхан Бурчунун жанынан сыртка чыкканда таң атып калган. Ал Куландын үйүн
көздөй бет алды. Таң заарындагы аба суук эле. Ордонун бир үйүндө туруучу Кулан үч
жашар уулу Күлгүндү кучактап, кийимчен жатыптыр.
Чыңгызхан үйгө жакындай бергенде аяк табышынан ойгонуп, анын үйгө киргенин
билген соң төшөгүнөн туруп, ага үнсүз карап отурду. Чыңгызхан да анын тостойгон
көздөрүнүн өзүнө тикирее карап турганын туйду. Карбалас согуш даярдыгы себебинен
кийинки күндөрү Чыңгызхан Кулан менен учураша элек болучу.
Чыңгызхан өзүнөн сөз күтүп отурган Куланга көңүл бурбай төшөктө уктап жаткан
баласынын бетине үңүлдү.
Бала Куландын өзүнө куюп койгөндой окшош, анын бети, көзү, мурду, ээрди энесинен
эч айырмасы жок эле.
Баласынын жанында турган Чыңгызхан эми кулпунуп турган жаш колуктусу Куланга
көз салды. Экөө тең бир-бирине лам-мим дешкен жок. Тым-тырс тура берүүдөн
тажаган Кулан:
— Алдаяр таксыр, кандай сөзүңүз бар болду экен— деп мурда сөз салды.
— Эмнелерди билгиң келет, Кулан? — деп Чыңгызхан суроо менен кайрылды.
— Менин бир гана ишти билгим келет, башка иштерди өзүңүз деле айткыңыз
келбей турат го дейм, падышам.
— Андай эмес, карбалас жумуштан колум бошободу.
— Алтан хандыгына кайсы күнү аттанаарыңызды мага айтпадыңыз. Бирок, мен
баарын угуп турам. Ал кабарды эми өз оозуңуз менен айтууңуз керек эле. Ошол
сөздөрдү уккум келгенине мына туп туура бир ай болду, — деди Кулан томсоруп.
Куландын эмне жөнүндө сурары Чыңгызханга белгилүү эле. Согушка аттануу чечими
бекилбегендиктен Куланга ал жөнүндө эч нерсе айткан эмес. Ал ушул жолу өзүнүн
бирге барыш-барбастыгын сурамак. Али эмчектен чыкпаган үч жашар Күлгүндүн камын
ойлогондо, Куландын эл ичинде калганы түзүк өңдүү.
Бирок, бул Куландын көңүлүнө кетерин билген Чыңгызхан, балаң экөөң эл ичинде
калгыла, деп ачык айтууга даай албады. Элдин ой-санаасын түшүнгөнү менен, аялы
Куландын эмнелерди ойлоп жүргөнүн биле бербейт. Айтор, анын көөнү тоонун көк
кашка булагындай мөлтүрөп тура берчү.
Чыңгызхан өзүнө тешиле карап турган Куланга бирдеме айтпаса болбосун сезип:
— Кулан, мени менен бирге барасың, — деди. Бул сөзү өзүнүн мурдакы оюна кайчы
келерин ойлогондо Чыңгызхан чочуп да калды.
— Падышам, ушул сөздү айтпаган болсоңуз мен өлүп алат элем, жанымды куткарып
калбадыңызбы, — деди Кулан Чыңгызханга жылуу ырай билдирип, анан:
— Күлгүндү кантсек болор экен? — деп сурады. Чыңгызхан анын көөнүн кыялбай:
— Күлгүн да Улуу Сепилден мени менен бирге өтсүн, — деди.
Чыңгызхан бул сөздү Күлгүндү бирге алып кетүү бекимине келген соң айтты. Үч жашка
эми гана толгону менен Күлгүн да моңгол көк жалдарынын бири эмеспи. Ал
Чыңгызхандын Алтан хандыгын талкалоо жолундагы чабуулуна үлүш кошо албаса да,
кийинчерээк ат жалын тартып минген соң, Бөртө Чононун урпагы иретинде эмгек
сиңирүүсүндө шек болмок эмес!
Чыңгызхандын сөзү бүтөрү менен Кулан алга жүткүнүп, чын ниетинен колун сунду.
Ошол кезде Чыңгызхан байсалдуу кебете менен:
— Күлгүндү эмне үчүн согушка алып барарыбыздын маанисин билесиңби? — деп
сурады.
— Билем, — деп Кулан дароо жооп берди.
— Билсең айтчы, кана?
— Кутманым, менин оюмду чын эле түшүнбөй турасызбы? Бөртөдөн туулган балдар
четинен аскер болуп согушка аттанганы жатканда, менден туулган Күлгүндүн да алар
менен тагдырлаш болушу керек го. Үч жаштагы бала согушка аттанбасын деген жосун
да жок падышам, бул сунушум орундалып турган соң, башка тилек айтып эмне кылам?
Кокустан Күлгүн согуш үстүндө жазатайып бирдеме болсо же жат улут адамдарынын
колуна түшүп кетсе, ал да тагдырдын буйругу. Андай окуядан коркпойм. Күлгүндү
хандын чыккынчысы болсун деп тууган эмесмин. Көзгө илинбес жан болсо да
кошуунду ээрчисин. Өзүнө жол төшөй берсин дегеним го.
Куландын ушундай сөздөрүнөн улам жылуу мээримге бөлөнгөн Чыңгызхан
аялынын көздөрү оттой жанып турганын байкап, ага өзгөчө ыкылас билдирди.
Чыңгызхан да Күлгүндүн маанилүү өмүр сүрүшүн тилейт. Бул бийлик башындагы
Моңгол ханынын камкордугу болбостон, балким, мээримдүү атанын өз баласына деген
бултаргыс камкордугу эле. От жүрөк баатырлар тар жол, тайгак кечүүлөрдө чыңалат.
Моңголдун көк жалдары Чыңгызхан менен Зелме баштарынан өткөргөн шумдуктуу
кезеңдерди кечире жүрүп жетилүүсү тийиш.
Ошол күнү, калгандары эртеси болуп Чыңгызхандын калың колу уч-кыйырсыз
талаадан жортуулга аттанды. Жебе баштаган топ эң алдында, Мухулай баштаган топ
анын артынан кетти.
Чыңгызхандын чоң уулу Жочи Чагатай менен Үгүтөй баштаган оң канат топ
аттанганда күн батып, көз байланып калган эле. Андан кийин, Хасар баштаган сол канат
топ айылдан чубай чыгып, а дегиче, караңгы түн кучагына кирип кетишти.
Чыңгызхандын өзү менен кичи уулу Толу баштаган колдун соңку топ жолго чыкканда
түн жарымы болгон. Чыңгызхан топураган калың колдун ортосунда, ай шооласын
жамына бара жатты.
Ошентип, моңголдун эки жүз миң кишилик кошууну Алтан хандыгына сол жаккы
жол менен жортуулга чыкты. Бир нече күн ичинде чөл талааны басып өтүп нечен-нечен
тоодон ашты. Таңгыт элинин борбору Жуңшифуну курчоого алган кезде бир жак башы
көрүнүп турган, ичине киргендер оңойлук менен кутула албай турган Улуу Сепил, алды
жактан кол булгап чакыра баштагансыды.
Чыңгызхан арт жактагы жоокерлерине улам-улам бурулуп, алардын абалынан
кабар алып келе жатты. Найзалары ай нуруна чагылышып жаркылдаган калың кол кең
өрөөндү каптай аккан дарыядай жер кайыштыра бара жатты. Чубай тарткан кошуундун
жанында, эки ат чегилген арабада Кулан менен Күлгүн келатты.
Чыңгызхан Алтан хандыгына чабуул жасоо үчүн өзгөчө аскери кошуун түзүп:
ондуктар, жүздүктөр, миңдиктер жана түмөндүктөрдү уюштуруп, бардыгына арноолуу
башчылар бекитти. Түмөндүктөргө согушта чыңалган кол башчыларды дайындады.
Чыңгызхандын жарлыгы бул кол башчыларга вазирлер аркылуу дал убагында
жеткирилип, анан ушул кол башчылар аркылуу бүткүл кошуунга жик-жиги менен
кабардар кылынып турулду.
Алтан хандыгына жорук тарткан Чыңгызхандын калың колу Бурхан Халдун тоосунун
этегиндеги ордодон аттанып, түштүк жакты багыт ала жүрүп, Керүлен дарыясын
жээктей жылжыды. Бешинчи күн дегенде түндүк жакка бурула аккан ошол дарыянын
боюнан көшүлүп жаткан кең чөлдү көздөй бурулду.
Керүлен дарыясынан кыйгачтап, учу-кыйырсыз чөлдүн четине илингенде
Чыңгызханга бир ой түшө калды. Мындан эки жыл мурда Таңгыт элине чабуул жасаган
кезде да ушул Керүлен өзөнүнөн аттанып, кумдуу чөлдү туура кесип өткөн болучу.
Бирок, бу сапаркы жагдай башкача өңдөнөт. Чөлдөн чыга бергенинде алдынан
таңгыттар эмес, Алтан хандыгынын черүүсү кабылышы мүмкүн. Алтан хандыгынын
жери Моңгол жеринен алда канча кең, согуштук күч зор, бекем салынган шаарлары
көп, турмуш жайы жакшы, маданияттуу эл. Ал жакта болгону жаткан согуштун эмне
менен аяктарына көз жетпейт. Жеңип чыккыдай күчү, кем-карчсыз даярдыгы болгон
менен жеңишке жетүү ишеними олку-солку өңдөнөт.
Бала кезинен угуп келе жаткан Хуаңхы дарыясын Чыңгызхан эки жылдын алдында
таңгыт элинин борбору Жуңшифуга келгенде бир сапар көргөн. Ошондо анын көзүнө
эбегейсиз чоң ажыдаардын куйругунун учу сыяктанып көрүнгөн. Хуаңхы дарыясынын
сырын моңгол аскерлеринин эч кимиси билбейт. Түндүктөгү көчмөн улуттардын
чабуулунан коргонуу үчүн тээ илгери салынган, кыш жана таш менен каланган, адам
жакындаганда ок жааган Улуу Сепилдин батыш жаккы учу ушул болучу. Хуаңхы
дарыясы менен Улуу Сепилдин курчоосунда жаткан жерде кандай керемет бар
экендиги буларга белгисиз.
Чыңгызхандын көз алдына бала кезинде атасы Ясукей айткан бороктоп кайнап
турган чоюн казан элестеди. Тээ байыркы замандан бери ушул казанда түркүн-түстүү
нерселер кайнатылып келе жатса керек. Астындагы оту өчпөгөн ушул казан,
кишилердин өнөрү менен оюн, мыкаачылыгы менен жырткычтыгын, док-дооматын,
бейпилдик менен ыр-бийлерин, көркөм өнөр менен ордо эрежелеринин, селсаяктар
менен шарап соодасын, театр ханараларды, тобу менен өлтүрүлүүчү адамдарды,
байбатчалар менен өлүм-житимди бир өзүнө батырып, көбүктөнө буркулдап турчудай
сыяктанат. Мойнуна моюнтурук салынып, териси тирүүлөй сыйрылган Амбагай хан
жана Алтан хандыгы черүүлөрүнүн колуна түшкөн ондогон, жүздөгөн бейкүнөө
моңголдор ошол казанда кайнатылган өңдөндү.
Чыңгызхан Керүлен өзөнүнөн кең талаага бурулганда ушул дарыянын боюн кайра
көрө алыш же көрө албастыгын биле албады. Чыңгызхан эле эмес, анын артынан
ээрчиген эки жүз миң аскер да буга көз жеткизе алган жок. Ал эртеси таң заарда
ордунан туруп, дөбөгө чыгып, эртең мененки күн нуруна чагылыша жылжыган Керүлен
дарыясына соңку жолу көз чаптырды да токтоосуз жөнөөгө буйрук берди. Март айы
ортолоп калганына карабастан, жаз белгиси билинбейт, кара суук сөөктөн өтөт.
Ордодон аттангандакы салтты кармашып, Жебенин колу алды менен козголду. Субатай
менен Мухулайдын карааны ошого чамалаш келген колу анын артынан жөнөдү.
Аскерлердин колундагы шамалалар анда-санда жарк дей түшөт. Азыркы кошуундун
ирети ордодон чыккандакыга караганда өзгөчөрөөк эле. Ушул жерге келгиче кой-эчки,
төө, жылкы сыяктуу малдар аттуу аскерлердин арасы менен айдалып, кошуун аларга
аралаша чачылып кеткенсийт. Аскерлер төөнүн эти, сары май сыяктуу азык-түлүк жана
курал-жарактарын алып жүрүүгө милдеттүү. Булар кумдуу чөлдөн өткөн соң, койлорун
союп азык кылышты. Согушка керектүү аттар аскер башы сайын эки-үчтөн туура келет.
Алыстан караганда, чөлдө чубап бара жаткан малдын өзү эле катар тизилген кербен
сыяктанып көрүндү.
Аскерлер баштарына тери туулга, денесине тери кийим кийип, узун найза
кармашып, кылыч асынышып, канжыгаларына саадак байланышкан. Ошол күндөн
баштап, Чыңгызхан үстүнө үй тигилген чоң арабага олтурду. Он нече ат чегилген төрт
дөңгөлөктүү бул арабаны тандалган атчандар, оң жана сол жагында тизиле коргоп бара
жатты. Арабанын туш-тушунда бүржүгүн уруусунун желектери самсаалата асылган.
Калың кол он чакты күн шыдыр жүрүп, кумдуу чөлдөн өтүп, бийиктикке таянды.
Ошентип булар, аркайган Инген тоосунун бир жак четинен кире баштады. Тоолуу
өңүргө жеткен соң жоокерлер мурда угулбаган, Датунфу деген шаардын атын
ооздоруна алышты. Андан мурда, борбор — Бээжин деген сөздү ооздорунан түшүрбөй,
ошол шаарды бет алып баратабыз, деп ойлошкон болсо, эми Бээжин дебей Датунфу
деген шаар жөнүндө гана сөз кылып калышты. Айтор, аскерлер үчүн Бээжини да,
Датунфусу да окшош эле бир багыт саналды. Экөө тең жат элдин бейтааныш шаарлары,
бирок алардын кайсыл жакта экендиги белгисиз болучу.
Чыңгызхандын калың колу жети жүз чакырым жол басып, Улуу Сепилдин түштүк
жагындагы оңгут тайпасынын жерине илинди. Оңгут тайпасы тээ мурунтан эле моңгол
бөксөсүндөгү көчмөн тайпалардын бири эсептелсе да, Алтан хандыгы менен коңшу
тургандыктан, ошонун карамагында болучу. Бирок, Чыңгызхан аны өз алдынча тайпа
деп эсептеди. Кулак угуп, көз көрбөгөн калың аскер айыл-апасын, тегерегин жайпап
келе жатканын көрүп, оңгуттар алапайын таппай калтаарышты. Оңгут тайпасынын
башчысы Чыңгызханга багынуу жөнүндө ант берди жана Алтан хандыгына өзү баштап
бармай болду.
Ушул жерге чейин тобун жазбай келген моңгол жоокерлери, эми ар кайсы топ өз
алдыларына бөлүнүп, белгиленген жерлерин көздөй жол тартты. Жебе, Субатай,
Мухулай башчылык кылган жоокерлер, Чыңгызхандын Жочи, Чагатай Үгүтөй сыяктуу
уулдары колбашчылык кылган жоокерлер, Бурчу көмөкчү болуп келе жаткан оң канат
кошуун, Хасар кол башчылык кылган, Зелме катышкан сол канат кошуундар
араларынан үч-төрт күндөн калтырып, оңгут тайпасынан аттанышты. Чыңгызхандын өзү
жана кичүү уулу Толу кол башчылыгындагы негизги кошуун оңгут тайпасында өргүп
калышты.
Согуш Улуу Сепилдин түндүк тарабында башталды. Туш-тушта болуп жаткан согуш
кабарлары Чыңгызхан турган жерге атчан чабармандар аркылуу күнүнкүсү күнү
жеткизилип турду. Чыңгызхан Алтан хандыгынын Улуу Сепилдин түндүк жагындагы
созулуп жаткан жерлерин басып алуу жөнүндө бардык жоокерлерине буйрук берип,
Алтан хандыгынын ордосуна өзү басып кирүүгө бел байлады.
Алтан хандыгынын калың черүүсү борборунан Санши провинциясынан аттанды,
деген кабар Чыңгызхандын штабына июнь айынын орто ченинде жетти. Чыңгызхан
Алтан хандыгынын негизги күчтөрүн обочороок чыгарып алып согуу планынын иш
жүзүнө аша турган кезеги эми келгенин туйду.
Ал Жебеге дароо киши жиберип, кол астындагы кошууну менен жортуулга
аттануусуна буйрук берди. Кошуун эртең аттанат деген түнү Куланды ордосуна
чакыртып алып, согуш аяктаганча ушул жерде турууга кандай карай турганын сурады.
— Падышам, Улуу Сепилден өзүңүз гана өтүп, Күлгүн экөөбүздү ушул жерге таштап
кетүү оюңуз барбы, кандай? Эгер ушундай оюңуз болсо, бизди Керүлен боюна эле
таштап кетсеңиз болмок, — деди Кулан.
Чыңгызхан:
— Эмесе, алоолонгон согуш өртүн мени менен бирге кечесиң. Эртеңден баштап
Күлгүн экөөңө үч аскер кошуп беремин. Башыңарга ажал кездешүүсү да мүмкүн,
өзүңөрдү өзүңөр коргоону билишиңер керек, — деп баятан өзү чакыртып алган үч
аскерди жаңсады. Үч аскердин бири жашы улгайган киши, экөө жаш жигиттерден эле.
Үч жаштагы Күлгүндү алиги жашы улгайган киши тери айырмач менен алып жүрмөй
болду.
Калың кошуун таң заарда оңгут айылынан аттанып, түштүк жактагы тоону бетке ала
жөнөдү. Үстүнө тери соот кийип, ак боз атка минген, коштоп ат жетелеген Кулан
тандалган аскерлердин ичинде келе жатты.
Эртеси калың кол Улуу Сепилге жарым күн калды деген жерге келип түнөдү.
Аркайган тоолордун сай-салаалары жоокерлерге толуп чыкты. Саал тыным алган
жоокерлер түн ортосунда чабуулга аттанып, согуш башталды. Улуу сепилди калканч
кылган Алтан хандыгынын аскерлери алды менен ок жаадырып кирди.
Сепилдеги аскерлер чабуулдагы моңгол аскерлеринин жарымына да жетпегени
менен бекем сепилди пааналап, чабуулчуларды жолотор эмес. Чыңгызхан аскерлерин
сепилдин түбүнө катар тургузуп, кай-жеринен болсо да бузуп кирүүнү буюрду. Сайсалаадан чабуул үндөрү көтөрүлдү. Бирок, баары бир чабуулчулар катуу каршылыкка
учурап илгерилей албады.
Согуш күндөн түнгө созулду. Чоң баш Чимбенин кол астындагы кошуун аскеринин
тең жарымынан айрылган болсо да, сепилдин бир бурчун бузуп кирип, Улуу сепилге
биринчи болуп моңгол асабасын кадады. Ошондон кийин эле, согуш Улуу Сепил
тегерегиндеги сай-салаалар менен бекиништерде жүрүп жатты. Моңгол аскерлери
Улуу Сепилдин бир нече жерин бузуп өтүшкөн эле.
Сепил тегерегиндеги бекиништерде баш аламан согуш жүрүп жатты. Мындан
жарым чакырым алыс түштүк-батыш жактакы сепилден чоңураак ооз ачылган кезде
атылган октун доошу, кыйкырык-сүрөөн, кулаган таштын күрсүлдөгөн үнү бир-бирине
кошулуп, алаамат боло түштү.
Түн жарымы маалында моңгол аскерлери тиги ачылган ооздон сепилдин ичин
көздөй чү коюшту. Улуу Сепилде көтөрүлгөн кара бороон ай жарыгын тозуп чаңы
ызгыды. Чыңгызхан Улуу Сепилге атчан чыгып, сепил ичине кирип жаткан калың колго
көз чаптырды. Сепилдин өзү турган түндүк жак чети ай шооласында бүдөмүк көрүнүп
турду. Жалама зоокалуу бийик тоолорго жондото салынган Улуу Сепил асман менен
жалгашып турган сыяктанат. Сепилдин батышты карай эңкейиштеген бөлүгү отуз
метрдей жеринен чорт үзүлүп, эки кырандын ар жагындагы чокудан бой көрсөтөт.
Кароол туруучу жерлер Чыңгызхан турган жерден көрүнбөгөнү менен, аркы беттен
бака жуткан жыландын кардындай бултуюп көзгө ташталат. Кечеки түндөн берки
кандуу согуштун майданы ушул чөйрө болду.
Чыңгызхан тыбырчылап ойноп турган атынын мойнун кайра-кайра таптап коет, аты
ошондо да тынчыр эмес. Улуу Сепилдин ички бети жантайма кылып жасалган экен.
Күтө-күтө зарыккан кол, сепилден кара жерди дүңгүрөткөн эпкин менен өтүп жатты.
Тегеректеги тоолорду чүмкөй өскөн дарак жыгачтар ызы-чуунун эпкининде майышып
турду. Жыгачтардын араларынан чаап өтүп жаткан аскерлер көзгө айкын көрүнөт.
Моңгол аскерлери ай жарыгын жамына Улуу Сепилден аша турган ушул күндү
Чыңгызхан көптөн бери күтпөдү беле. Анын тилеги эми орундалып жатат. Ал Улуу
Сепилден өтүүнү, көк жашаң жамынган жөнөкөй ашуудан ашып өтүүдөн
айырмаланбас, деп ойлогон. Бирок, азыр андай болмок түгүл, кандайдыр бир алаамат
чыгып, аскерлер аны менен аралаш учуп өтүп жаткансыды. Улуу Сепилди коргоп турган
куралдуу күч, сепилден өтөр кезде боло турган кыйынчылыктар, сепилдин нечен
жерин талкалабаса болбой тургандыгы, сүттөй жарык айлуу түндө гана андан өтүүгө
боло тургандыгы — мына ушулардын бардыгы Чыңгызхандын ойлогонундай болуп
чыкты. Ал тек кана асман-зымынды аңтара салчудай алаамат чыгаарын болжогон эмес.
Ушундай ызы-чуу алааматты ал бул чөлкөмдүн касиетине жоруду. Көчмөн эл менен
эгинчилик кылган өзгө улуттарды жүздөгөн жылдар бою бөлүп турган ушул таш дубал,
көк жээктен соккон катуу бороондон тынчтык таппачу өңдөнөт.
Чыңгызхан таң атканга чейин Улуу Сепилдин үстүнөн түшпөдү. Сан-түмөн аскер,
котологон төө, жылкы айдагандар сепилден өтүп болгуча далай убакыт өттү. Ушул
кошуундун ичинде жүргөн Чыңгызхандын өзү да жоокерлери менен кошо сепилден
чаап өтө чыкты.
Он күндөн кийин Чыңгызхан жоонун негизги күчү менен кармашып, Алтан
хандыгынын кол башчысы Дин Шө дегендин кошуунун талкалай жеңип, Дашуйло жана
Фынли уезддерин басып алды.
Чыңгызхандын негизги кошууну Улуу Сепилдин ички жагында өргүп турган
күндөрдө Жебенин кол башчылыгындагы жоокерлер Улуу Сепилдин башка бир
жеринен кирип, Уша деген бекиништи алды, деген кабар жетти. Жарым айдан кийин
анын Уйө пиң шаарынын күлүн көккө сапыргандыгы тууралуу кабар келди. Ошондон
кийин Чыңгызхандын кол башчылыгындагы жоокерлер менен Жебенин кол
башчылыгындагы жоокерлер Санши провинциясынын чоң шаары Датуңфуну эки
жагынан курчап кыса баштады. Чыңгызхан Датуңфунга чабуул жасоого шашылбай,
басып алган жерлердеги элди тынчытуу, аскерлерин дем алдыруу, ат-унаасын
тыныктыруу, ысыктан коргонуу өңдүү камылгага киришти. Моңгол жоокерлери Улуу
Сепилди бузуп өтүп, Санши провинциясынын бир кыйла жерлерин басып алган болсо
да, бул согуш бир канча жылга созулары билинип турду.
Мухулай менен Субатайдын аскерлери Улуу Сепилдин түндүк жагындагы шаарларга
чабуул жасады. Бирок, ал экөө канчалык алышса да, жарытылуу иш кылалбады.
Бээжинди калкалап турган табигый коргон — аскар тоолор, тоолордун тегерегине
кыдырата салынган шаар, шаарчалар бул эки кол башчынын жолун аябай бөгөдү.
Чыңгызхан эң машакаттуу милдетти ушул эки жеткилең кол башчысына атайын
жүктөгөн болучу. Ал экөө менен дайыма байланыш жасап, жеңиш кабарларын угуп
турду. Экөө тең өтө жай илгерилеп, бир кадам жер үчүн да бир нече күн кандуу
салгылашууларды улантып жатты.
Сентябрь айынын башында Чыңгызхан кол астындагы жоокерлери менен Жебенин
жоокерлери биригип, согуш алып барып, Датуңфуну шаарынын чыгышындагы
Байдиңчың шаарын алып, Датуңфу шаарынын курчоосун күчөтүп, мындан качкан жоо
аскерлерине утурулай сокку уруп, тең жарымын жоюп салды.
Ошол кезде Мухулайдын Шуандини, Жебенин Фужуну алгандыгы жөнүндө кабар
жетти. Чыңгызхан Улуу Сепилдин түндүк жагына жайгашып, борборго коргон болуп
маанилүү эки бекиништи жана Санши провинциясынын эң чоң шаары болгон
Датуңфуну жарым жылдык согуштан кийин гана багындырды.
Октябрь айында Алтан хандыгынын Нолой жана Ваң Ян деген кол башчыларынын
Датуңфуну кайра алуу үчүн калың кол менен аттангандыгы жөнүндөгү кабар дүң дей
түштү. Бу сапаркы согушка Чыңгызхандын өзү кирип, алды менен алардын кол канат
кошуундарын талкалады. Андан кийин негизги күчтөрүн жоймок болуп
илгерилегенинде жаңкы эки кол башчы согушпай эле чегине жөнөштү. Чыңгызхан
жоонун чегинген кошуунун Хуанхы дарыясынын жээгине жеткире кууп барып
талкалады. Бу жолку согушта Моңголдун аттуу аскерлери чыныгы кудуретин көрсөтүп,
Алтан хандыгынын жөө аскерлерин ат туягы менен таптап өттү.
Алгачкы жеңиштеринен дардая түшкөн Чыңгызхан Жебеге, борбордун сыртындагы
жасанды бекинишке чабуул коюну буюрду. Жебенин колу Датуңфудан аттанып,
жасанды бекиништи бат эле басып алды. Ушундан кийин Чыңгызхан Улуу Сепилдин
Санши провинциясынан өткөн бөлүгүнүн түштүк жагындагы жерлерди бир жолу
тынчытуу милдетин Жочи жана калган эки уулунун кол башчылыгындагы кошуунга
жүктөдү.
Үч уулунун ымалаш согуш жургүзгөндүгү Йүнни, Дуншиңжу, Ужуу, Сүйжу, Фыңжу,
Жинжу шаарларын алгандыгы жөнүндөгү кабарлар Чыңгызхандын Датуңфудакы башкы
штабына келип турду.
Бурчу өз кезинде бул үч уулду кулагынан чоюп туруп согуш ыкмаларын үйрөткөнү
Чыңгызхандын көз алдына элестеп турду.
1212-жылдын көктөм чагаанын Чыңгызхан элүү жашында Датуңфу шаарында
өткөрдү. Ошол жылдын башында Мухулайдын Чаңжу, Хуанжу шаарларын
багындырганы жөнүндө кабар келди. Ушундан кийин Мухулай Улуу Сепилдин түштүк
жагындагы шаарларды биринен сала бирин басып ала берди.
Ошол кезде, Алтан хандыгынын кол башчысы Ли Жиужандын Датунфуну кайра алуу
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Бөртө Чоно - 11
  • Büleklär
  • Бөртө Чоно - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3860
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2018
    28.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3937
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1997
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3979
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2088
    31.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3908
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2000
    30.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3920
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2007
    31.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3883
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1892
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3833
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1931
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3841
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2078
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3838
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1976
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3850
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1980
    30.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3850
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1898
    30.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3785
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1940
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3783
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1950
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3805
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1985
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3864
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2011
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 2185
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1296
    31.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.