Latin

Бөртө Чоно - 16

Süzlärneñ gomumi sanı 2185
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1296
31.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
айтчу эмес. Чыңгызхан байбичесинин сөзүнө ооз ачпастан, эл жыйналып жаткан жакты көздөй
басты.
Чыңгызхан эртеси кечки тамакты өзүнүн ордосунда Бөртө, Чагатай, Үгүтөй, Толулар жана
алардын балдары менен бирге отуруп ичти. Ал Толунун балдары Кубулай менен Хулагуну гана
көргөн, алардан башка дагы жыйырмадай небереси бар экендигин билбес эле. Тамак үстүндө
ал Бөртөнүн кечөөкү сөзүн эстеди.
Бөртөнүн энтигип отуруп айткан сөздөрүнөн ал мобуларды билди: бир жыл алдында Жочи
келбес болуптур деген сөз тарап, эл-журт буга түрдүү-түрдүү божомолдорду айтышкан экен.
Бөртө байбиче Жочинин ден соолугу жакшы экенин, анын кыпчак элинин ой-кырында аң
уулап, эркин өмүр сүрүп жүргөнүн соодагерлерден угуптур.
Бул сөздөрдү укканда Чыңгызхандын өңү кубара түштү. «Эгер ушунун баары чын болсо,
Жочи кечиргисиз күнөө өткөрүп жүргөн тура!» деп ойлогон Чыңгызхан картайган
байбичесинин алдында ачууланбай, кечки тамакты ичип болуп эле ишенимдүү адамдарын
чакыртып, Бөртөгө жолуккан кишилерди таап келүүгө буюрду.
Эки-үч күн өткөн соң, орто жашап калган парс соодагери Чыңгызхандын ордосуна келди.
Чыңгызхан соодагерден такып-текшерип, Жочинин кыпчак элинде негизги бийлөөчү болгонун,
бай турмушка кеңелип, аң уулоо, аскери машыгуу жумуштары менен айланышып жүргөнүн
билди.
Чыңгызхан ачуудан жарылып кете жаздады. Ал Жочинин далай жолу жиберилген
кабарчыларды элеп-эскербегенине, хан жарлыгын иликке албаганына, энеси Бөртөнү, анын
тезирээк келүүсүн күтүп жаткан атасынын мээр-шапатын ойлобогонуна түтөдү. Ал өзүнүн
жарлыгын орундабагандардын башын албай койчу эмес. Эми упаасыздык кылмакчы болгон
Хорезим тургундарына колдонулган амал Жочиге да колдонулмак болду.
Арадан он күн өтпөй эле моңгол бөксөсү кайрадан ала сапран боло баштады. Өз
жерлерине кайтарылган аскерлер Бурхан Халдун тоосунун этегиндеги ордого кайрадан
чогулду. Кыпчак элине жортуулга аттанууга үч жүз миң жоокердин сардарлыгына Чагатай
менен Үгүтөй дайындалды.
Жочини жазалоого аскер чыгаргандан кийин да Чыңгызхандын санаасы тынбады. Арадан
бир ай өткөн соң ал дагы аскер чыгарууну ойлоп, бу сапар сардарлыкка Толуну дайындоону,
өзү да кошо барууну ыйгарды. Бирок, экинчи сапар аттануучу аскерлер кечеңдей берди.
Анткени, Бурчу менен Зелме Чыңгызхандын өзү барып Жочи менен кармашуусун колдободу.
Бирок, Чыңгызхан сардарларынын каршылыгы менен эсептешпестен, ниетинен кайткан жок.
Анын ачуусун эч ким да басалбады. Жочинин азабынан моңгол бөксөсү дагы бир жолу ээн
калмай боду.
Чыңгызхан Жочиге кенедей да кеңчилик кылмак эмес. Жочинин аскерин тып-тыйпыл
кырмайынча, кыпчак жериндеги жан бүткөндү кирпич менен таштын коңулуна корумдап түгөл
курутмайынча анын ачуусу басылаар эмес. «Минтпегенде сан-сансыз улут кишилери, ордого
караштуу моңгол аскерлери менен сардарлары четинен укурукту жула качат!» деп ойлоду. Ал
Бөртө менен кайра учурашпастан жанына Толуну алып керей жерине көчтү. Тугла дарыясынын
жээгиндеги Харышугуйдун тегереги атчан аскерлерге жык толду.
Чыңгызхандын керей жерине көчүп барганынан эки-үч күн өткөндөн кийин алгач аттанган
Чагатай менен Үгүтөйдүн кабарчылары келди. Бул кабарчы кыпчак жеринен чыккан
кабарчыны ээрчите келген экен. Белдерине каралуу кур байланган бул эки кабарчы
Чыңгызхандын ордосуна келтирилди.
— Уулуңуз Жочи үч жылдан бери сыркоолуу болучу. Анын сыркоосу быйыл август айында
жаман жагына чалып, кыпчак элинде — Каспи деңизинин түндүгүндөгү айлында дүйнөдөн
кайтты. Ал көз жумарында: «Эмки жылдын февраль айында бардык аскер менен сардарлар
сөөгүмдү Ата мекениме алып кайтсын!» деп осуят кылды, — деди кыпчак элинен келген
кабарчы.
Чыңгызхан кабарчыны тиктеген бойдон селейип туруп калды. Чагатай менен Үгүтөйдүн
жиберген кабарчылары да кыпчак жеринен келген бул кабарчынын сөзүн ырастап, Жочинин
узакка созулган оорудан каза болгонун, 1223-жылдын жайында Кыпчак түзөңдөрүндөгү
жапайы кайберендерди Сыр-Дарыянын боюна кууп айдап барганда, сыркоолугунун
себебинен Жочи аңга чыгалбаганын, камкор атамды убайга салбайын деп ноокасын
жашыргандыгын баяндады.
Чыңгызхан эки кабарчынын эс алуусун буйруп, лам-мим дебей үйүнө кирип кетти. Ал
жолоочу соодагердин сөзүнө акмактык менен ишенгенине аябай өкүнүп, жалгыз отурган
тейинде көпкө ыйлады, оор кайгыга батты. Кулан каза болгондо да, Жебе дүйнөдөн өткөндө
да өзүн кайгы деңизине чөгөрүүдөн тыйган Чыңгызхан, Жочинин жат элде узак сыркоолоп
жүрүп жарык дүйнө менен коштошконун ойлогондо кайгысын басалаар эмес. Анын жан
бүткөндүн баары жазганган эки көзүнөн шоргологон жаш, карылык тамгасы басылган каратору бетиндеги аппак сакалы менен мурутун жууду. Көк жалдарча улуп ыйлап, токтоно албай
ары-бери баса берди.
Чыңгызхан аздан кийин көзүнүн жашын чорт тыйып, ишенимдүү малайларын чакырып:
— Үйгө эч кимди жолотпогула, мени менен так ушул үйдө кездешкен кишинин башын
алам! — деп катаал буйрук берди. Буйрук алган малайлар үйдөн чыга жөнөштү. Ал жалгыз
отуруп, муңканып дагы ыйлады. Бүткүл моңголдун тизгинин кармап турган ушул киши кайгы
деңизине эми чындап батты.
Чыңгызхан Жочини уулдарынын баарынан өзгөчө көрөрүн, өзүнө окшош эле жат
тайпалыктар тартып алып кеткен энеден туулган, моңголдордун көк жалы экендигин иш
аракети менен накта далилдемейинче көңүлү тынбаган Жочиге деген сүймөнчүлүгүнүн
бөлөкчүлүгүн эми туйду. Эртеси Чыңгызхан Жочи хандын каза болгонун элине угузуп, буйрук
жарыялады:
— Уулум Жочи хан кыпчак жерннде дүйнөдөн өтүптүр. Ал жер моңголдордун ата-бабасы,
кудайдын амири менен туулган Бөртө Чоно, Гуамарыл өтүп келген Каспи деңизи деген жер
экен. Накта эр жүрөк, өтө жөндөмдүү Жочи хан далай согушка катышып, моңгол аскерлери
менен сардарларына өрнөк болду. Токсон шаардын камалын бузуп, эки жүз шаарды
багындырды. Алтан хандыгынын тым-тыракайын чыгара сокку уруп, Хорезим элине чабуул
жасап, Арал деңизи, Каспи деңизи, Кара деңиз сыяктуу жерлердин түндүгүндөгү кыпчак
хандыгын куруп, өзү ошонун туңгуч ханы болду. Жочинин урпактары кыпчак хандыгын түбөлүк
бийлесин. Жочинин жоокерлери менен сардарлары ошол жерди мекендеп, Жочи хан курган
хандыкты коргосун!
Чыңгызхан кыпчак хандыгы деген атты өзү коюп, аны Жочиге менчиктеди.
Бул жөнүндөгү жарлыкты окумуштуу Йе Лү жазды.
Ошондон кийин ал уулунун каза болгондугу жөнүндөгү кайгылуу кабарды Бөртөгө угузду.
— Бөртө байбиче, өзүң тууп, өз колуңда эр жеткен кайран Жочинин казасына менин да
кабыргам кайышып турат. Сенин кайгың менин да кайгым го. Анын атынан билинип тургандай
Жочи кудайдын бүржүгүндөргө жиберген коногу экен. Ошол конок эми түбөлүк конушуна
кайтыптыр, — деди.
Чыңгызхан бир нече күндөн кийин араң эсин жыйып, сардарларынын башын кошуп, таңгыт
элине жортуул жасоо жөнүндө кеңешкенден кийин, ал элге чабуул жасоо чечимин
чыгарышты. Согушка даяр турган кошуундарынын таңгыт элине каршы аттануусун буйруп,
кыпчак жерине кеткен Чагатай менен Үгүтөй аскерлеринин дароо кайтып, таңгыт элине чабуул
коюусун да буюрду.
Таңгыт элине чабуул жасоо жөнүндө кокусунан чыгарылган мындай чечимдин үч түрдүү
себеби бар эле. Биринчи, моңгол кошууну Хорезим элине чабуулга аттанганда, Таңгыт
падышасы жардам бермек түгүл каршы чыккан, эми ошонун жазасын тартышы керек. Экинчи,
Мухулайдын көзү өткөн соң, Алтан хандыгын түбөлүк багындыруу милдети Чыңгызханга
жүктөлгөн болучу. Ал бул парзын орундоо үчүн алды менен таңгыт элин багындырбай
болбос эле. Үчүнчү, Жочинин казасы алып келген кайгыны тек согуш кана баса алмак.
Чыңгызхан эмки өмүрүн Алтан хандыгы менен таңгыт элин багындырууга арнады. Ал:
«Моңгол Бөртө Чоносунун үрүм-бутактары аткарууга тийиштүү милдеттерди али орундап боло
элекмин, өз өмүрүмдү Жочи менен Жебеге, тиги куланча нукура согушка арнашым, өзүм да
Бөртө Чоно болушум керек!» деп санады.
Таңгыт элине чабуул жасоочу моңгол аскерлери 1226-жылдын башында Жочинин казасы
жөнүндөгү буйрук жарыяланып он күн өткөн соң Тугла дарыясынын жээгинен аттанышты.
Моңгол кошууну 1227-жылдын көктөм чагааны чөл талаада өткөрүштү. Жочи өлүмүнүн
каралуу күндөрү али аякталбагандыктан көктөм чагааны куттукталбай аскерлер менен
сардарлар жөнөкөй гана ырым кылып, катуу бороонго каршы жортуул жасашты. Бу сапаркы
жортуул моңгол аскерлерине аябагандай кыйынчылык алып келди. Январь айынын орто
ченинен кийин күнүгө калың кар түшүп, адам жана ат-унаанын чыгымы арбып, тоңуп өлгөндөр
көбөйө баштады.
Моңгол аскерлери таңгыт элинин четине февраль айынын орто ченинде араң жетти.
Чыңгызхан Чагатай менен Үгүтөйдүн кошуунун күтүп, алар келиши менен эле таңгыт элин туштуштан курчап алды. Согуш таңгыт элинин түндүк жагынан башталып, жаз менен жай
аралыгында каракалаа жана анын түндүгүндөгү бир кыйла шаар-базарлар моңгол
аскерлеринин колуна өттү.
Чыңгызхан бардык аскерин Хуншуй тоосуна чогултуп, жайдын ысыгында тоо арасында
салкындашып, күз болору менен согушка аттанып, Гажу, Сужу шаарларын, андан кийин
Лиаңжу, Лиңжу шаарларын тез-тез эле басып алды. Өзүнө каршылык көрсөткөн шаарлардын
тургундарын канга боёду. Моңгол аскерлери кирген шаарлардын бардыгы каңгырап бош
калды, өлүктөр дөбө-дөбө болуп үйүлүп жатты.
Бир жылдан кийин — 1227-жылынын февраль айында моңгол аскерлери таңгыттын
борбору Ыргай шаарына жакындады. Кошуундун бир бөлүгү борборду курчап Чыңгызхан өзү
Хуаңхы дарыясынан өттү. Хуаңхы дарыясынан өткөн калың кол тобун жазбай илгерилеп,
Жишиху, Линтофу, Тохыжу, Шиниң, Шиндыфу шаарларын басып алды да, тургундарын кырып,
шаарларын өрттөп таштады.
Май айында Паңдиаңфунун батышындагы Лунди деген жерге ордосун тиккен Чыңгызхан
Алтан хандыгынын Нанжиндеки падышасына элчи жиберип, моңголдордун карамагына
өтүүсүн айтып кыстады. Таңгыттардын борбору Ыргай шаарынан башка жерлеринин
бардыгын басып алгандыктан, Алтан хандыгына чабуул жасоого дап-даяр эле. Ал Ыргай
шаарында турган Таңгыт ханы Ли Шиандын тизе бүгүүгө ыраазы болуп жиберген элчисин
кабылдады. Ли Шиан шаардын дүкөндөрүн түгөл ачтырып, даярдык көрүүгө бир айлык
мөөнөт сураган экен, Чыңгызхан буга макул болду.
Чыңгызхан Ыргай шаарынын дарбазасы ачылганга чейинки аралыкта Алтан хандыгына
жалпы чабуул жасоо планын түзүп, Мухулайдын мезгилсиз каза болгонуна байланыштуу
аткарылбай калган. Алтан хандыгын түбөлүк багындыруу милдетин орундап, дүйнөдөн өткөн
досунун арманын ишке ашырууга киришти.
Июль айында Чыңгызхан Алтан хандыгынын элчиси менен көрүшүп, жиберген белектартууларын кабылдады. Маржан-бермет салынган кутулар көздүн жоосун алат. Бирок,
Чыңгызханга кереги маржан-шуру эмес, тээ бир кезде моңгол аскерлеринин таманы менен
тапталган учу-кыйырсыз жер болучу. Ал шуру-маржандардын бир бөлүгүн сардарларына
бөлүп берип, калганын чачып жиберди. Эмне экенин ким билсин, табактагы кезинде он чакты
талдай гана көрүнгөн маржан-шурулар жерге чачылган соң түмөн, миңге айланып, ордонун
ичи түгөлү менен шуру-маржандарга толуп кеткенсиди.
Чыңгызхан көзүн колу менен басып бир аз отуруп, колун бошотту эле, үйдүн ичи дагы эле
шуру-маржанга толтура экен. Ал кечке жуук киши чакырып үйдүн ичи толгон шуру-маржанбы,
деп сураганында, алар андай эч нерсе жогун айтты. Чыңгызхан өзүнүн айный баштаганын
ошондо сезди. Хуаңхы дарыясынын боюнда да ушундай абал болгон. Бирок, андагысы
маржан-шурулар эмес, куураган сөөк болучу. Бир кездеки согушта кырылган отуздай таңгыт
аскеринин сөөгү Чыңгызханга бүткүл талааны каптап жаткан куу сөөк болуп көрүнгөн.
Чыңгызхан ошол түнү Үгүтөй менен Толуну жанына чакыртып, өзүнүн күнүнүн саналуу
калганын, непада жарык дүйнө менен коштошуп калса, калың колду ата конушка кайтарып
барганга чейин бул ишти купуя сактоолорун тапшырды. Ал ошол эле түнү ооруп калды.
Бир жума өткөндө Чыңгызхан оорусу күчөп жөөлүй баштады:
— Жочи! — деп бирде чоң уулунун атын чакырса, бирде:
— Кулан! — деп ааламдан өткөн көрөр көз аялынын атын чакырды.
Куландын Индикуш тоосунун терең жылгасындагы калың музга коюлгандыгы эсине
түшкөндө:
— Мухулай! — деп калат. Же болбосо:
— Жебе! — деп кыйкырат.
Чыңгызхан күсөп чакыргандардын эч кимиси да жарык дүйнөдө жок болучу. Куландан
башкаларынын бейитинин кайда экенин да билбейт.
— Толу! — деп үн катты ал бир кезде.
Толу жанынан унчукту.
— Алтан хандыгынын тандалган кошуундары Туңгуаң өткөөлүнө чогулуп жатат. Туңгуаң
өткөөлүнүн алдыңкы жагы Лиаңшан тоосуна, арткы жагы Хуаңхы дарыясына туташат. Аны тез
эле алуу мүмкүн эмес. Алтан хандыгына баруу үчүн Суң падышалыгы элинен айланып
өтүшүңөр, Хынандын түштүгүндөгү Таңжу менен Диңжуну багындырып, Далиаңды
ойрондооңор керек. Миң чакырым алыста жаткан Туңгуаң өткөөлүндөгүлөр жардам бере
албайт. Ушул айткандарым боюнча иштегин, Толу, — деди Чыңгызхан.
Чыңгызхан Алтан хандыгына чабуул жасоо жөнүндөгү акылын айтып болгон соң, көзүн
жумду. Аздан кийин ал эч кимдин атын оозуна албастан эле:
— Таңгыт эли убадалуу күнү шаардын дарбазасын ачпаса, туш-тушунан чабуул коюп, ханын
өлтүрүп, шаар тургундарын бүт кырып таштагыла! — деди.
Ушуну айтып жарты мүнөт өткөн соң, Чыңгызхандын тыныгы токтоду.
Таңгыт ханы Чыңгызхан менен жасашкан токтомун бузуп, шаар дарбазасын убадалуу күнү
ачпады. Моңгол аскерлери менен сардарлары Ыргай шаарынын туш-тушунан жабылып,
сепилден ашып түшүп, шаарга кирди. Ли Шиан колго түшүп башы алынды, шаар
тургундарынын көбү кыргынга учурады. Бир айдан кийин моңголдун калың колу Хуаңхы
дарыясынын жээгине жыйналып, кан майдандан моңгол бөксөсүнө тике тартты. Баштакы
чечим боюнча, Үгүтөй калың колго башчылык кылды. Чыңгызхандын каза болгондугу аз
сандагы сардарлар менен вазирлерден башка эч кимге билдирилген жок.
Моңгол аскерлери саратан ысыкта таңгыт жерин туурасынан кесип, чөлдөрдөн өтүп,
түндүктү көздөй багыт алып, Онон дарыясы менен Керүлен дарыясынын башындакы Бурхан
Халдун тоосуна тартты. Калың колдун сапары оңдуу болду. Он чакты аскер жер майыштырган
калың аскердин как ортосу менен Чыңгызхандын сөөгүн алып келе жатты. Муну кимдир
бирөөнүн сөөгү экенин билишсе да, Чыңгызхандын сөөгү экендигин эч ким билген жок.
Калың кол жолдо учураган жандардын бардыгын, мейли ал кары-жаш, аял-эркек болсун
баштарын кесип жүрүп отурушту. Бул кабар таралган соң, жан бүткөндүн баары буларга жолой
албады. Кайсы гана тайпанын жеринен өтпөсүн алдыларынан тирүү жан чыкпады.
Чыңгызхандын сөөгү бүржүгүн уруусунун конушуна жеткиче сентябрь айы да өтө чыкты.
Толу Чыңгызхандын ааламдан өткөнүн бардык аскерлери менен сардарларына ордо алдында
угузду. Ал күнү аскерлер топ-топко бөлүнүп, ошол тегеректе түнөштү. Ат туягынын дабырты
менен аскерлердин ары-бери жүргөндөгү аяк добушунан башка тырс эткен шыбыш чыкпады.
Чыңгызхандын сөөгү Бөртө байбиченин үйүнө алып келинип, билерман бийлер таң аткыча
сөөк жанында олтурушту. Түнкү асманда самсыган жылдыздар жымыңдашып шоола чачат.
Көк күмбөзүнүн астына көп үй тигилген. Бүржүгүн уруусунун жерине элдин көп конушу,
түндөрдүн тым-тырстыгы ушул жолу гана. Чыңгызхандын сөөгү эртеси Бөртө байбиченикинен
Йесүйдүкүнө, анын эртеси Алтан хандыгынан алып келинген аялыныкына көчүрүлүп, айтылуу
он чакты аялынын үйлөрүнө бир-бир түнөтүлүп, соңунда өзүнүн үйүнө алып келинди.
Чыңгызхандын каза болгонун угузулгандан кийин, моңгол бөксөсүнүн жер-жерлеринен эл
селдей агып келе баштады. Бүржүгүн уруусунун айыл-аймактарында кайгы-муңга баткан
кемпир-чал жана башка кишилер котолошуп, көпкө чейин киши аягы басылбады.
Жарым жылдан кийин Чыңгызхандын сөөгү Бурхан Халдун тоосундагы токойдун бир жак
четине коюлду. Коёр күнү аябагандай катуу бороон чыкты. Бурхан Халдун тоосунун
тегерегиндеги жердин кыртышын сыйрып кетчүдөй гүүлдөгөн кара бороон Чыңгызхандын
сөөгү коюлган жердеги токойду деңиздей толкутту. Ушуга байланыштуу, жерлөө ырымжырымы бир аз кечеңдетилди.
Чыңгызхандын сөөгү коюлган ошол токой эки-үч жылдан кийин мурдакысынан да калың,
түнт токойго айланды. Сөөк коюлган жер жыйырма-отуз жыл өтпөй эле мүлдө билинбей
калды.
Чыңгызхан алтымыш беш жыл жашап, жыйырма эки жыл эл бийледи.
АКЫРКЫ СӨЗ
«Адабият, көркөм-өнөр доору» журналы «Бөртө Чоно» романын Шиюванын 34-жылы
(1950) октябрдагы санынан 35-жылы (1960) июлдагы санына чейин жарыялаган болучу.
Башында ушул журналдын үч-төрт санына эле жарыялап бүтүрүү мөлчөрлөнгөн болсо да,
роман жазыла келе болжообуздан бир эсе ашып кетти.
Ушул сапар китеп болуп басыларында романдын журналда жарыяланган нускасына кээ
бир өзгөртүүлөр киргизилди. Соңку нускага киргизилген өзгөртүүлөрдү Рим мейманканасында
бүтүрүп, калемимди үстөлгө койгонумда, ушул чыгарманы жазуу жарыянында «Адабият,
көркөм-өнөр доору» журналы редакциясындагы мырзаларды жана башка тармактагы бир топ
мырзаларды убара кылып, ишине жолтоо болгондугум эсиме түшүп, көп кыжалат болдум.
Жарыяланган кыска макалаларымды эсепке албаганда, «Бөртө Чоно» романы «Тианпиао
жеринде», «Лиулан», «Дунхуаң» аттуу тарыхый романдарыман кийинки төртүнчү романым
экенин эскерте кетким келет.
Шиюванын 35-жылы,
5-август түнү,
Рим шаарынын Тибр дарыясы
боюндагы мейманкана.
Йинове Ясаши
You have read 1 text from Kırgız literature.
  • Büleklär
  • Бөртө Чоно - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3860
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2018
    28.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3937
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1997
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3979
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2088
    31.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3908
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2000
    30.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3920
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2007
    31.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3883
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1892
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3833
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1931
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3841
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2078
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3838
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1976
    30.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3850
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1980
    30.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3850
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1898
    30.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3785
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1940
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3783
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1950
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3805
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1985
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3864
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2011
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Бөртө Чоно - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 2185
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1296
    31.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.