Latin

Узак Жол - 07

Общее количество слов 4068
Общее количество уникальных слов составляет 2111
30.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
апийим айдаптыр. Апийим алып Кулжага жылына барат экен.
Кечикпей Беккул, Эшпай мен үчөөбүз энчиге тараткан малдай бөлүнүп кеттик.
Беккулду Мамирмазин, Эшпайды улуу баласы Шерпеден, мени ортончусу
Бакырдин алып кетти. Алар уй кайтарып калды, мен апийимдин отоосуна:
шаардын башына чыгып кеттим. Бу жерди «өстөн» дешет. Чегиртке болбогон
жылы элинин дыйканчылыгы көбүнчө ушул арада болот экен.
Өстөнгө барсам он чакты киши жабалактап апийим отоп жаткан экен.
Бакырдин мени базарга салчудай колумдан жетелеп отуруп, түгөйү жок бир
сары жигиттин жанына алып барып токтоп, менин калпагымды алып, кайра
кийгизип коюп:
— Мына сага шерик,— деди.
Жигит мага таңыркагандай аңырайып оозун ачып, тула боюман чоло
калтырбай карап алды да, артынан какшыктап жымыйып:
— Аа! Абдан тапылыпты! Өзүм үргөтүп аламан. Кел,— деди, колундагы чанжы
менен солду көрсөтүп.
Жигитке караганда мен чабалдык кылдым: солдун орто ченине барганда, ал
өз жагын отоп, менин алдымды таштап, кете берди. Алыс калдым. Кезеккезек:
— О, жүрле! — деп үнүн көтөрүп кыйкырып коюп, кайтып:
— Нан йемсээң!—деп коёт. Мени тамашалап оюнчук кылып алды.
Бара түшүп чалкалап, күндү карап коюп, калпагын ошол жакка баса кийип,
чанжыны кыйкаңдатып, бир-эки шилтеп алат да:
— Ойнада-а-а! — деп созуп ырдап кетет.
Күн бешимге кулаган кезде нан жейбиз деп баары чогулду. Дандырга
жабылган беш-алты калдайган жука нан келди. Ортолоп келген кезде, менин
оң жагымда отурган сары жигит, калган нанды сындырып, эң үстүнө бир чоң
сыныгын калтырып, кадырлуу коноктун алды-нан өтүнгөндөй, кичи пейилдик
менен колун ийкеңдетип, мага:
— Ал! — деди.
Баары колундагысын жеп болуп, эми жерден ала турган ирээти келип турса
да, тигинин өтүнгөнү боюнча бири кол суңбай мени күтүп тура калышты.
Алдым. Четинен тиштеп бир-эки чайнай электе, топурак аралашкан бир таш
барып тишиме кычырай түштү. Ошол замат оозумдан алып кайра таштадым.
Эл дуу күлүп жиберишти...
Апийим отоосунда мен он чакты күн жүрүп калдым. Жакында бүтөр эмес.
Башкалары күндө кечинде топ-топ болуп, чогулуп, ырдап, күүлдөп алып,
шаарга кирип кетишет. Бирлери нашаа чегип, кызып алат. Жапан талаа-да
жалгыз алачыкты багып, бир уйгур малай экөөбүз калабыз. Карамагыбызда үч
ат калат. Аны кайтарабыз, ар кайсы жерге жаңылап аркандап, мезгили менен
сугарып турабыз.
Бир күнү түшкү тамактан кийин эл эс алып жаткан кезде, мен алачыктын
артында бир кумурсканын уясы-нан өтүп барып, жалаң этиме кийген
бешмантымды жайып коюп, жыңалач болуп, битин карап отурат элем. Ошол
убакта менин жанымдан бирөө басып баратып:
— Дадаң кычкырып йатупту,— деп кетти.
— Эмнеге?
— Таң.
Муну Бакырдинге барып айттым эле:
— Барып тез кел! — деди, басып баратып үңүрөйгөн терең көзү менен мага
бурулуп карап.
Үй баягы корукта. Барып, ойдо жок жерден Бурма-кенин өлүгүнүн үстүнөн
чыктым. Мен кирип барсам, Бейшемби «мына, көрдүңбү? Сени биз ушуга
чакырганбыз» деген кишидей мага бир карап алды да, кайтып Бурмакенин
өлүгүнө карады. Жыгылганына бир жумача болуптур. Муну мен азыр билип
отурам. Бетине бир ак немени жаап, сундуйтуп мындай алып коюптур.
Ашууда жүк көтөрүп келе жатып, тыныккан немедей Бейшемби менен Элебес,
эки жерде сумсайып, жымжырт тартып отурат. Тамдын бурчунда, Бурмакенин
ийрип бүтпөй калтырган жип-шууларын кармалап, үшкүрүп Жанымжан
отурат. Анын бери жагында бүрүшүп, Ашымкан, Жума-бек отурат. Эшпай
келиптир. Беккул менен Бечел жок. Өлүккө жыйналып турган бар эл ушул.
Бирок кадимки жорук-жосундай үн чыгарып, ыйлаган бир да бири жок.
Жымжырт тартып, адамды куса кылып ич бышырган жалгыз там. Опураган
эчтеме жок. Эшиктин алдында, очоктун жанында бир колтуктай бактын
куураганы жатат. Баягында көкөйүмдү тешип, Көк-Теректен көтөрүп келген
жаргылчак жатат. Үйдүн көчө жагында, бир чуңкурда алда качан тозугу
жетип, бирөөдөн калган жалгыз кепичтин тарпы жатат.
Үйдүн ичинде жайындагы чабалекейдин бир уясы али бар экен. Балапандары
чыйпылдап жетилип алыптыр. Каалгасы жок эшиктен энеси шып этип учуп
кирип, балдарына жем берип жатат. Ушул уяны баягыда балдардын бирөө
бузам дегенде:
— Кой, убал болот. Бу да бир күн көрөйүн деген макулук,— деп Бурмаке
тийгизбей койгон. Азыр уяны көрүп, ошол эсиме түштү.
Өлүктү көмүшүп коюп, мен өстөнгө кайра чыгып кеттим. Жолдо баратып,
Бурмакенин өлө элегинде «атаганат, эч болбосо Көлгө жетип өлсөк
арманыбыз болбос эле» дегени оюма түштү. Менин алдымда, жыйырма
саржандай жерде эки бутун салактатып, эшек минген бирөө кетип бара
жатты. Оң жагындагы корукта бир кичине кыз сереңдеп, уй тосуп жүрөт.
Мына мында тердигин салпактатып, жаман ээри менен бир ат качып келип,
ушул коруктун дарбазасынан чыгып алып, жогору карай салды. Бир казак
артынан жөө кубалап алыптыр. Бул жаңкы ат чыгып кеткен дарбазага жаңы
жете бергенде, бир уйгур жигит, дарбазаны шарт жаап жиберип:
— Наге барсе? Нимишка? — деп аны жибербей тосуп калдык.
— Ойбай аке, сенин «нимишкең» бүткөнше ол кетип калды гой! — деди
берки, коё бер деп жулкунуп. Булардын натыйжасын көрбөй калдым.
Эки айдан кийин Токмолдо менен Элебес өлдү. Бу жолу мен Мамирмазиндин
бир күйөөсүнүкүндө болучумун. Үйү Байын казакта.
XX
Эгин орогу бүтө жаздап калган убак. Бир күнү кожоюнум туруп, эми бизде
жумуш бүттү, сен кете бер,— деди.
Күн батарга жакын чыгып, жылдыз толо Мамирмазиндикине келдим.
Жаңыдан тамак ичкени жатышкан экен. Мен үйгө кирип, бир аз отургандан
кийин кызынын ал-абалын сурап алып, артынан:
— Сен Бейшеге барып келчи. Алар мында,— деди Мамирмазиндин катыны.
Айтары менен чыгып кеттим. «Мен келер замат үйгө жибериши кандай» деген
сөз оюма шап этти.
Биздики ат короонун жанында, бир тамда экен. Бул мУРУн музоонун короосу
болучу. Ушул тамга башында да биз өңдөнгөн бирөөлөр турса керек. Очогу
бар, түштүк жакта бир шыкырайган караңгы терезеси бар.
Барсам Бейшемби төшөктө жаткан экен. Жанында көп какырып ботала болгон
бир чылапчын жатат. Жамачылуу, кызыл чепкенин айкарасынан жаап
салыптыр. Аттын чыласында жатып, сарала болгон бир тутам, ным шакелди
түтөтүп коюп, күлгө бир быр эттире чимкирип, мурдун тартып бышактап
ыйлап очоктун жанында жеңем отурат. Бир демге түшүнбөй жаткандай,
энесинин жаш агып турган көзүн анда-санда жалдырап карап коюп, муңайым
тартып Жумабек отурат.
Отто баятан бери быкшып жаткан шакелдин бир убакта дүр этип жанып
кеткен жарыгы менен тактанын алдынан таруудай көзүн жылтыратып,
жөргөлөп бараткан бир чычкан көрүнө түштү.
Үйдөгүлөр жаңы үчөө гана! Баягыда алты канат үйгө батпай бир айыл элдей
опур-топур болуп жатчу көп бүлөө бүгүн кайда? Ошонун баары четинен өлүп,
бүтүп олтуруп, аягында мынабу үчөө гана калган сыяктанат. Бүгүн өлүктөй
жымжырт. Көптөн жүрүп келип, мынабу үйдү жаңы көргөнүмө башыбыздан
бир кырк жыл өтүп кеткендей болуп көрүндү.
Башта мындай мен көпкө жүрүп, бир жактан келгенимде: «и, кандай» деп
барар замат имерилип, сүйлөшүп калчу Бейшемби бу жолу лам деп сөз каткан
жок. Мен бая кирип барып, бир аз отургандан кийин, өлүп баратып керээзин
айтчу кишидей, биз жакка бир эки мертебе бурулуп, жакшы эле
ыңтайлангандай болуп келди да, кайтып: «Эми койчу ары, мен да чарчадым
го, өзүңөр билгиле... Жайымды көрүп отурбайсыңарбы» деген кишидей болуп
тетири карап кетти. Көз алдындагы караңгы бурчту карап жатып, кезек-кезек
бирдемелерди кобурап, жөөлүп коёт.
Бир кезде мен жеңеме карап:
— Бейшекем оору беле? — дедим акырын гана бошогон дабыш менен.
Мен муну айтканда, жеңем эми мындан ары көрө турган күнү бүтүп, өмүрдүн
акыркы сааты калган кишидей колунда бир тал куурайы менен жерди чукуп,
салбырап, акырын гана жашын төгүп, үнсүз ыйлап отурган. Мага бир аздан
кийин жооп берди.
— Качантан бери? — дедим.
— Көп болду...
Жашын төгүп-төгүп алат да:
— Ата дүнүйө ай! Ушундай жерде өлмөк белек!! — деп коёт каргылданган
жашыган үнү менен.
Күзгү күн жаап турган. Мен. бир тыпын үйгөн, эшиги жок жайдак тамда
жаткамын. Таңга жуук бир кезде кечээги кайгылуу кара тамдан жалгыз
жеңемдин жалгыз муңканып ыйлап жатканын уктум... Аларды мен экинчи
дүйнөдө кезиктирбеймин да. Бирок ошондогу чындыкты жеткирип айталбасам
өзүм өмүрдө күнөөлүмүн деп санаймын.
Нечен кайгылуу кара күндөрдө жокчулукка чыдап, ушул жерге бизди сүйрөп
жеткирген Бейшемби эле. «Мынча жетимди чубуртуп бөөдө кырылгыча,
четинен таштап сатып кетели» деп Элебес нечен айныганда да, Бейшемби
болбой көшөрүп жүрүп отурган. Бейпилчилик-те көрсөткөн эрдик — эрдик
эмес. Кыйын кыстоо замандарда көрсөткөн эрдик. Жөнөкөйдө кайрылган
кайрымдуулук эмес, башыңа түшкөн кара күндөрдө кылган кайрымдуулук...
Бейшемби өлгөн соң, биз бир аздан кийин ак баарыбыз бытырап тарай
баштадык. Жеңемдин төркүнү казак-тын Коңут Бөрүк уруусунда болучу. Ал
ошол жактан төркүнүн таап алга, жалгыз баласы менен өз жанын ала качып
кетти. Эшпай Шерпедендин колунда. Беккул,
Ашымкан мен үчөөбүз Мамирмазинде калдык. Бечел болсо Бейшемби өлөрү
менен жоголгон.
Бир күнү катыны менен турганда Мамирмазин мени чакырып алып:
— Сен эртең же бүрсүгүнү Тогуз-Булакка жөнөйсүң... Кой быйыл ошондо
кыштайт. Жакшы багып кел,— деди.
— Ал кандай жер? — дедим мен.
— Тогуз-Булак... Малга жайлуу жер. Анда менин күйөөм Армолдо көчүп барат.
Кызым бар. Сен ошол Ар-молдонун коюна кошуп кайтарасың. Тамактан
ачыкпайсың. Дайындап коём. Уктуңбу?..
Ушунун эртеси курман айт болуп, мени бир күнчө токтотуп коюшту. Уйгурдун
заңында улуу дамбылдалар, молдолор бүгүн түтүнгө кыдырып куран окуйт.
Мамирмазин да бүгүн табына келгендей, эртең менен ашыгып, чала-була чай
ичип, селдесин заңкыйтып оронду да, менин ийниме бир бош куржунду салып
алып, үйдөн ээрчи-тип чыкты. Көчөнүн башынан баштап, адегенде бир четтеги тамга кирдик. Биз эшиктен кире бергенде, орто жашаган бир кара катын:
— А, моллаке, келиңиз! — деп ордунан ыргып туруп, жүгүнүп сыпайылык
менен каршы алды. Менин отурган-отурбаганым менен жумушу да жок, айтор
молдо отурду болду дегендей, тиги куттуу жерине барып конгондон кийин,
өзү да ордуна барып отурду. Молдо төргө чөк түшүп, кашын серпип көздү
жумуп, куран окуп жат-канда, мен үстөлдө не бир түрдүү кылып жасалган
ширин нандарды көзүмдүн алды менен бир сыйра кыдырып өттүм. Куран окуп
бата кылгандан кийин молдо:
— Биссимилла,— деп бир түйдөктөлгөн аңдын четинен кол учу менен
чебердеп ооз тийди. Мен аны туура-дым. Милдетин чапчандык менен өтөп
жиберип:
— Оомийин, аллоакбар,— деп молдо колун жайып бата кылып эми турайын
деп жатканда, үйдүн катыны менин куржунума эки нан салып берди. Андан
чыгып экинчи үйгө кирдик. Кайсы үйгө кирсек да менин көргөнүм мындан
өзгөргөн жок. Ар бир үйдөн экиден кем эмес нан алып чыгабыз.
Бир көчөнүн башына чыккандан кийин көтөргөн куржунумдун эки көзү тең
шыкай толуп чыкты. Ошол убакта Мамирмазин:
— Үйгө алып барып төгүп кел,— деп мени жиберип ийди. Беш саржандай узап
калганымда:
— Тез кел! — деди. Жолдо кетип баратып, «баягы менин кайырчылык
заманымда эл ушундай март болсо-чу» деп, бир ойлоп алдым.
Мен кайра келгиче Мамирмазин бир да үйгө кирбей мени күтүп туруптур.
— Бул күнү үйдөн кур калыш болбойт. Бул бир кудаанын берген насиби...—
деп коёт.
Ошо күнү шашкеде чыккан так бешимге чейин тын-бай кыдырсак керек.
Куржундун эки көзүн төрт жолу толтуруп барып төктүм.
Эртеси таң эртең менен төшөктөн жаңы туруп, чокоюмдун боосун байлап
жатсам, Мамирмазин алактап же-тип келип:
— Кана, жөнөгүн! Армолдонун кою кетип барат,— деди.
Койду айдап чыгып баратсам үйдөн:
— Ачка кетти го,— деген катындын үнү чыкты.
— Нан алды, болот.
Тышка чыксам Армолдонун кою сайды бойлоп, төмөн карай жайпап бараткан
экен. Бир топ жерге баргандан кийин мен да артынан жеттим. Койчусун
таануучумун. Аты — Жамат,— көзү көк таштай, чеңкийген, ээрдинен эзели
желки кетпеген, мойну ичке, куркуйган сары неме. Экөөбүз бет маңдай туруп
сүйлөшкөндө, мен жогору карап калчумун. Жашы жыйырмаларда бар.
Мен коюмду кошуп жиберип, Жаматтын жанына жакындай бергенимде:
— Эй келдиңби? — деди күлүмсүрөп оозун ырсый-тып. Мен да белгисиз
бирдемеге кубанып бараткандай болом.
— Тогуз-Булакка качан жетебиз?
— Э токтамай кетсек, күн бата барып каламыс — деди камаарабай, өз
жагында кийин калып койгон бир боз койду таягы менен жазгап калып.
Бир аз бара түшкөндөн кийин:
— Энди кыштай экемис жолдас боламыс...— деди.
XXI
Биз Тогуз-Булакка келгени бир айча болгон. Мында көбүнчө мал кыштаткан
байлар отурат. Кышында суук кыйын болсо да мал эти менен чыгат. Жер от.
Чийдин бийиктиги атчан кишинин бою менен тең. Бир түп чий-дин дүңгөсү
кучак келип, башына турган бубактар салаңдап, кой аралаганда жонуна
куюлуп турат. Коён десең ушунда. Бир жерден он-он бештен чубайт. Койлор
жаңы келген кезде коёнду көрүп дыркырап жөнөп берчү эле. Эми көнүп
калган; Капылыстан чыга түшүп, чуу койгон коёндон селт этип коёт да кайра
башын жерге салып оттой берет.
Жолдошум күндөгү адаты боюнча, алдынан атып жөнөгөн коёнго:
— Айт! — деп калып таякты жиберип алат да кай-тып: — Кап, сенин! — деп
тийбегенине кейип калат.
Коёнго калганда колу түз. Кээде көздөп туруп урган-да таяк таамай барып,
чийге тийип калып коён кутулуп кетчү. Бир итибиз бар. Бирок жарамсыз.
Качырып кирген коёңун бир аз барганда жоготуп жиберип, капылыстан
кезиккен экинчи бирөөнү кууп кетип, андан да кур кайтат.
Бир күнү атайын чыгындык. Коёндор жазатайым качып калган учурда
жолсузга салбаса, көбүнчө өздөрү жасап алган белгилүү жолдору менен
жүгүрөт. Чийди кырчып жол салып алат. Жамат бир мезгилде ушундай
жерлердин бирин ыңтайлап, дүкүйгөн бир чычырканак-тын түбүнө бугуп
калды да, мени коён айдаганга жиберди. Кеттим. Чий аралаш чыккан бир
калың карагандын артына чыгып:
— Айт, айт!— дегенимче болбой, булак-булак ыргып, көп коён жабыла качып
жөнөдү. Жамат тосуп туруп калганда таяк алыс кетти. Бери жактан дыркырап
барат-кан коёндор, аны көрүп калып, үркүп жолдон чыга берди. Кийинки
жолу урганда бирөө будаланып барып оңолуп кетти. Мен коёндун жатактарын
таяк менен салгылап, өлчөп чыгарып турам. Бир сапардан жети-сегиз коён
бир чубады. Ошол топто кетип баратып, жолдошумдун тушуна барган кезде
бирөө жалп этти. Чокмор таамай тийди белем, жүнү бурк эте түштү. Мен
жетип барганымча Жамат коёндун арткы бутунан көтөрүп алып:
— Жыктым! — деп ырсайып койду.
Ошол замат терисин сыйрып, бир чоң чийдин түбүнө от коюп, күлгө будалап
кактап жибердим. Этти жеп болгондон кийин карасак, бети-башыбыздын чоло
жери жок. Жаматтын мурду көө болуп жүрөт.
Кеч кирип кетти. Чачылып жайылып жаткан койлорду ышкырып жыйнай
баштадык.
Армолдонуку айылдан обочо бир жалгыз боз там. Жанында бир боз үйү бар.
Мында согумдун эти турат. Жамат экөөбүз ушунда жатабыз. Боз үй кой
короонун эшигинин алдында. Армолдо бир семиз бээни союп таш-тап, өзү
Кулжага кеткени көп болду. Үйүндө бешиктеги жалгыз баласы менен катыны
гана калган. Өзүнөн катыны көп жаш, ары кетсе жыйырма бештерде деп
айтарлык чарчы бойлуу, көзү капкара, бети тоголок чымыраган кара катын.
Сөзгө сараң, өзүнүн керегинен артык унчукпайт. Тышка чыкпай, отту жагып
салып, узунду кечке мештин маңдайында отурганы отурган. Эртели кеч үйдө
болгондо мешин жаккан, чайын кайнаткан биз. Өзү болсо тамагын таптап
ичип, ысык үйдө ырахаттанып отурганды гана билет. Кечке аязда жүрүп
ачыгып келсек да биз мезгили менен тамак ичпейбиз. Эртең менен кеткен
бойдон кечинде келип бирдеме жалмайбыз. Өзү болсо шашпай отуруп алып,
тамакты жайланып ичип болгондон кийин анан бизди чакырат. Эт салса
шылдыр шорподон башка артпайт. Мунусуна да чыдаар элек. Биз жей турган
эленбеген кара нанды кайрачкайра жасагандан эринип, көп кылып, бир гана
жасап алат да, сактай берип аны көгөртүп салат. Күндө көгөргөн чирик нан
жейбиз.
Ушу жоругуна чыдабай кетип, бир күнү үйдөн чыгып баратып, өзүнө чалабула угуза, Жамат:
— «Ач кадырын ток билмейди». Биздин көргенимиди өзү бир күн көрсө
кайтер эди? Ай, кудай жазаңды бергир!..— деди.
Бир күнү эртең менен тамакка отуруп жатсак алдыбызга көпкөк болгон бирэки нан келди. Чирип кетип-тир. Күндөгү жеп жүргөнүбүздөн да бөтөн.
Арасында пахтанын майдасындай үлпүлдөгөн бирдемелер илээшип жүрөт.
Адам жей турган эмес. Катынга өчөшкөн болуп, экөөбүз эки табакка толтура
туурап, чайга чылап алдык да тышка чыгып, итке куюп бердик. Ит жыттап
алып басып кетти. Жамат жаны кашайган кишидей эшикти ачып туруп төрдү
көздөй каңк-каңк эттирип табагын ыргытып жиберди. Ошону менен ачка
кеттик.
Мамирмазиндин бул кызы кессең кан чыкпай турган бир жез тырмак эле. Бул
тууралуу энеси да «ушу кызым абдан сараң» дечү.
Жалган түш ченде өз жагымдагы койлордун четин кайра жапырып таштап,
Жаматтын жанына басып келдим. Анын кабагы бүркөк, ээрди кеберсип
кеткен.
— Эртең менен сага эмне болду? — дедим.
Желки болгон ээрдин жалап өзүн карай тырсылдап оттоп бараткан боз
токтуну «киши» деп алып:
— Тукуму куруп кетсин онун! Оган биз де бир, ит де бир болды,— деди.
— Ушинткенибизди билер дейсиңби? Табагын ыргыт-кандан көрө кылганын
көзүнө айтканыбыз жөн эмеспи?
Ушуну айттым да бекер урганча мен бир аңгемеге салып кеттим. Илгери бир
бай оруска жүрүп, тамакка кенелгенимди кеп урдум. Байдын кеңирилигин,
молдугун айта келип, угуучумдун көз алдына не бир түрдүү та-мактын жети
атасын тизип өттүм. Булардын ичинен көбүнчө бал менен майга түрдөп
бышырган ширин нандар кулагына жагымдуу тийип жаткандай болду. Жамат
менин сөзүмдү ыкласы менен тыңшап туруп, улам шилекейин жерге түкүрүп
коёт. Бир кезде:
— Токташы! — деп мени төшкө түртүп алып, көзү чакырая .түшүп: — Каскыр
улып жатыр,— деди.
Тыңшай калдык. Элсиз талаада, көрүнбөй муңдуу кылып улуп жаткан топ
карышкырдын чуусу чыкты. Менин уккум келет. Экөөбүз койдун эки чети
менен тез жүрүп отуруп, алдына чыктык. Эчтеке көрүнбөйт.
Талаа көңүлсүз. Мелтиреген эни-чени жок боз талаа. Күндө көргөн күнүң бир
калыпта болот да турат. Эч бир өзгөрүш, жаңылык жок. Бар көргөнүң
аңгыраган боз талаада жайылып жаткан кой. Абактыда жатып зарыккан
туткундай ичиң бышат. Кулак кескендей жымжырттыктын ичинде кечки күнгө
чагылышып, көзгө бүлбүлдөгөн закымды карап туруп, ар кыл ойго кетем.
Ушул күндөн кетсем, алдан бир жаңылыкка кабылчудай болом. Бир
калыптагы жымжырттык бузулуп, тезинен бир жаңыдан дүйнөгө кезиксем
дегендей болом. Бул өмүр бир көңүлсүз, супсур көрүнөт. Кээде кыялданып
келип жакын арада мындан куткара турган алдымдан бир белгисиз эркиндик
элестеп тургандай толкуп, өзүмдү бактылуу сезем. Ушундай белгисиз ойлорду
эш кылып, кезек-кезек койдун четине Жамат экөөбүз баш кошо калган жерде,
мен:
— Ушул күндөр бат эле өтүп кетсечи? — же болбосо: —жакында жазды көрөр
бекенбиз! — дегенди айта берер элем. Жамат мунумду жаратпайт.
Дагы бир күнү ушуну кайталап айтканымда:
— Ай... Акмаксың да... Өмириңдин тез өткенин тилейсиң,— деди.
Ошол замат мен:
— Тез өтпөгөндө ушул өмүрүңдүн эмнеси кызык сага? — деп жооп күткөндөй
бетине карадым. Муну айтып коюп, артынан, «ушул өмүргө өзү ыраазы болсо
керек» дедим ичимден.
Тамак өпчап. Жарытпайт. Бир күнү жаныбыз кашайып, боз үйдөгү
алабакандан эт кесип алып, чокко бышырып жедик. Жатаар кеч болучу. Үч
баканды туурасынан коюп, туздаган этти шыкай илген. Казы-карталар сүрсүп,
тоңгон муздай буртуюп турат. Жамат байпагынын
кончунан учтуу бычагын сууруп алып, ар кайсысын бычактын учу менен
түртүп коюп, анан мага карап туруп:
— Куның кеткен ит, мыналардан бизге кыштай бир тистетпеди ал!
От май каңырсып, үйдүн ичин каптап кетти. Жамат этти аралап, али кобурап
жүрөт.
— Көзү тоймаган кунсыз! Өзиң бермеген немени биз бийтип жетик. Эң
болмаганда сорпаның майын да калпып аласың. Биз болсок, аязды-аяз
билмей мыңдаган койдың артында сандалып ач жүрмиз. Сен болсоң барин
жыланша сорып, ырахаттанып ыстык үйдө жатасың...
Дагы бир түнү ушинтип жатсак, майдын жыты менен келип, катын көрүп
койду. Караңгыда ары жакта өзүнүн там үйүнөн басып келип, боз үйдүн
жыртыгынан шыкаалап, көзүн жылтыратып туруп:
— Бул силердин эмне кылып жатканыңар? — деди. Унчуккан жокпуз. Жамат
экөөбүз бир-бирибизге карадык да тим болдук. Катын кирип келип, бир эсе
бакан-дагы этке, бир эсе отко карап алып:
— Андай кылбай жүргүлө! — деди жүзүн суутуп. Ушул жерде бир түтүн казак
отуруучу. Үйү биздин
кой короонун артында. Үйдүн ээси кыркка жакындап калган бир жесир катын.
Он экиде бир эркек баласы бар. Экөөнүн маңдайына бүткөнү бир ноопаз, үч
кой. Жамат экөөбүз кээде түн ичинде бошой калганда барып калар элек.
Катын ачык-айрым, жалпылдаган неме. Биз барганда бүлөсүндөй ачылып,
жапылдашып калат. Биз да жыргап калабыз. Кээде жарым түнгө чейин
кобурашып отура берип, түндүн кандай өткөнүн да сезбейбиз. Кыш-тын узун
түнүндө капкайдагыны кожурашып отуруп кайтканда тойдон таркагандай,
көптөн берки черибиз жазылып, сергип калар элек. Эрмегибиздин көбү жесир
катындын баласы болучу. Кээде Жамат экөөбүз ушунун талаадан ноопазын
минип, кетип бараткан жеринен кармап алып, өлөң айттырчубуз. Баланын
төрт-беш ооз бир өлөңү бар:
Ойда жок келем деген осы жайга
Кедейлер жалданып жүр бирден байга.
Каңгырап, жетим-жесир сая таппай,
Биз болдук быйылкы жыл ар бир сайда...
Ушуну айткан сайын энеси:
— Осы карагым аман жүрсө болды маган. Куу дүние кимге опа болар дейсиң...
Айналайын карагым! — деп коёр эле.
Бир күнү Жамат экөөбүз келип, ушунда жарым түнгө чейин отуруп калдык.
Ары жактан дагы бир байдын койчусу келди. Баары беш-алты кишидей
болдук. Мен эшиктин алдында каптагы тезекти жамбаштап отурам.
Коломтодо чок күйүп болуп, акырын гана карарып, күңүрт тартып барат.
Үйдүн ичи кобур-кобур. Аңгеме жүрүп отуруп, бир иретте биздин кожоюн
катынга да тийип өттү.
— Апырым ав, тамак сога кайтип сиңеди экен ширкин!.. Өзи типти бир
кыймылдамай отурады гой,— деп калды жесир катын, Жамат экөөбүзгө кезек
менен карап.
— Ийе, үйдөн жылмайды.
Катын бул жөнүндө кепти узартып калды:
— Өзи де бир адамга жылдызы жок, түгин салган неме экен. Осы алты айдан
бери авыл отырып бири-биримиздин үйимизге кирип көргөн жан эмеспиз.
Адамдан осынша безген не деген жан өзи? Онан баскалар казан асбаяк, соган
күнү калып отурган жок гой. Сол куу пейил неме сендерге да жөнди тамак
бирмес ав деймин...
Эми муну таштап коюп өлөңгө кирдик. Баарыбыз кезек менен айтууга убада
болду. Буга мен унчукканым жок. Адегенде жесир катындын баласы баштады.
Баягы биз угуп жүргөн өлөң. Мага кезек келгенде:
— Мен билчү эмес элем,— деп тарткынчыктай баштадым эле:
— Ие билесиң, айт! — деп жаалап жиберишти. Аларга кошулуп Жамат бир
жактан:

Кыргызыңша жырла,— деди мени карап жыл-мыйып. Кызып турган соң
амал жок, бирдеме дедим.
Кулдурап көзүм тунарды,
Жакшылык болор күн барбы?
Кимге айтамын ким угат,
Ичимдеги арманды?
Ар кимибиз бир сайда,
Адашып калдык ар кайда.
Амал куруп турганда,
Кимден болот бир айла?..
— Басе, сенде бар! — деди бирөө мен айтып токтогондон кийин.
Менден кийинки кезекти таштап коюп, мени менен эми таанышып
жаткандай тарыхыма кирип кетишти.
— Бу жерде кимиң бар сенин? — деди жесир катын мага үңүлүп карап. Айтып
бердим. Менин ар кай жер-ден сүйлөгөн, чачыранды сөзүмдү, алар дитин
салып угуп турду.
— Жериң каерде деги?
— Каркырадан бир күнчүлүк ары —Ысык-Көл деген жер болот,— дедим.
— Нече күңдө жетеди? — деди ары жактан келген байдын койчусу.
— Билбеймин. Бияктын жолун көргөн эмесмин.
— Каркырадан ары күндүк болса, бу жерден Каркырага үч коңуп жетеди. Төрт
күндүк жол экен,— деди Жамат менин сөзүмдү түзөтүп.
— Бу жерде карасатын жакының жок экен да? Энди жериңе кете алмай
калганың гой?
— Көрөбүз го...
— Аман болсаң, болганы бейшара! Эр жетип алсаң бир күнү сартты тастап
кете берерсиң...— деди жесир катын мага жаны ачыгандай.
Булардын сөзүнөн корутунду чыгарганда бүгүн бул үйдө менден өткөн шордуу
жок сыяктанып көрүндү. Ушул отургандардын эң шордуусу мен болуп, алар
мага караганда бир бакыттуу немедей туюлду...
Бир кезде тышка чыктык. Жылдыздарга карасак түндүн далайы болуп
калыптыр...
------------------------------------------Жаз чыгары менен Армолдонукунан койду бөлүп, тоого чыгарып кеттик.
Эртең кой менен кетем деген түнү мен, таң атканча чырм этпей какыйып
чыктым. Улам бир жагыма оонаймын. Уйку жок. Түн — жыл көрүнөт. Бүгүн
таң атса бир бакытка жете тургансып, көңүлүм толкуп, алда кайда бир
белгисиз нерсеге сүйүнгөндөй болом. Түн караңгысында, көзүмдү бир жумбай
кыял басып, жалдырап, карап жатам. Тышта бирдемелер шыбыр-шыбыр
болуп, кайра басылып калат. Катарымда жаткан Жаматка караймын. Ал
жаман тонун баса жамынып эчтемеден капары жок корулдап, уктап жатат.
Мага караганда, бул туткунда калган бир бактысыз немедей көрүнөт. Анын
келерки тагдырын ойлоймун. Ай бечара!..
Эртең менен койду айдаганы жөнөп жатсам: —
Кош энди. Кыштай даамдес болдук...— деди Жамат.
XXII
Кийинки жылы Мамирмазин коюн өз колуна кыш-татты. Күндө тоого жаям.
Ушу жылы күздөн тартып, эчкиге кара өпкө келген. Мамирмазин эчкилүү бай,
койдон эчкиси көп. Эки, үч ай ичинде кара өпкөдөн бир тобу кырылып кетти.
Быйылкы кара өпкөнүн тушунда мунун көбү эчки болуп калганы, менин
таалайымдан болгондой көрүнөт. Ар бир эчкинин өлүмү жаныма ийне
жанчкандай батат. Талаада жүрүп бирөө кекейип, оттобой туруп калса анын
айыгып кетишин күйөрман кишимдей тилеймин. Кожоюндарым бул кырсыкты
менин каражолтойлугумдан болгондой, менин ичимде бир ала курт бардай
көрүшөт. Мамирмазин өзүнүн багына кирип мага күндө бир жаңы таяк кесип
чыгат. Күндө таң эртең короодон чыгып баратканымда: «Капыр ушунун
эмнеси бар» деп күмөн санагандай, ала көзү менен артымдан карап калат.
Анын шектенип карап, акырайганынан атып жибергени жеңил өңдөнүп,
эшиктин далдаасына киргиче беш саржан жер алыс көрүнүп, кыйпылдап
отурам.
Бир күнү кожоюнумдун бир жакшы көргөн кара төбөл эчкиси талаадан ооруп
калды. Эртең менен болучу. Бир кезде карасам, көзү өлүмкү тартып, чөп
кыркпай кекирейип, койдун бир четинде туруп калыптыр. Эчкилеринен муну
бөтөнчө жакшы көрүүчү.
— Эчкилердин көбү ушунун тукуму. Ак жолтой өзү,— деп катыны кеп салып
отурар эле. Чөп жесе жазылып кетчүдөй, артынан дедектеп туруп калган
жеринен улам козгоп айдап коём. Ал көңүлдөнбөй туруп, башын жерге жакын
алып барат деле кайтып «жок, жүрөгүмө барбайт» деген немече бир тал чөп
кыркпай, көзүн үргүлөтүп, кайра кекейип туруп алат. Кечке алек болдум.
Кечинде мен барганда Мамирмазин тышта туруптур. Алдынан чубап, кирип
бараткан койго көзүн алактатып кыдыртып, өткөрүп жиберди да, кирпигин
тез-тез кыйпылыктатып:
— Бүгүн аманбы? — деп сабырсыздык менен мага карады. Ошо замат жооп
бере койбой басып баратып таягым менен тай туягымдын карын кың эттирип,
кагып калып:
— Кара төбөл ооруп келди,— дедим кылмыштуу немедей болуп.
Мен койду короого камап, эшигин бекитип жатканым-да Мамирмазин үйүнө
кирип кетип, катыны менен күң-күлдөшүп калды. Катуураак сүйлөгөндө
сыртка угулуп туруучу. Катынынын жашы кырк чамасында. Чекеси, көзүнүн
тегереги, эки жаагы калың бырыш. Бети жайык, эрди жука, көзү акылдуу
адамдыкындай караган, тилдүү неме. Эрине караганда бул ойлонуп
сүйлөгөндөй сөзү салмактуу. Көздөгөнүнө жеткирип айткан уу тили бар.
Эшикте жүрсөм, аш үйдөн бир кезде:
— Бул капыр кара жолтой болду го? — деп алып артынан — аркыны тамак ич
деп кой? — деди катыны.
— Кимди? — деди кызы.
— Муканды.
Булар бизге өздөрүнчө ат коюп алган. Эшпайды — Эшан, Беккулду — Беки,
мени — Мукан, Ашымканды — Ашы деп чакыруучу.
Кирип, эби жок колжойгон чокоюм менен эшиктин алдына, сары чылапчынга
жакын барып отурдум. Башынан энчилеп койгондой менин ордум дайым ушул
болучу. Мамирмазин, катыны, Мукбул, эки кызы, эркек баласы болуп төртбеш киши бийиктиги карыш келген жапыс үстөлгө тегеректеп отуруп алып,
жабырап, тамак ичип жатышкан экен. Беккул менен Ашымкан жок. Суукта,
жылууга кирип ысык кесме колума тийгенге боюм чымырап, сүйүп барат.
Кесме ортолоп калган кезде эки жаагымдан самсаалап тер кетти. Улам агып
келе жатканда тонумдун этегин кайрып келип сүртүп коём. Тамак ичип
жатышып, эшиктин алдында отурган мага катыны экөө кезектешип, андасанда бир суроо берип коёт. Мага карышкыр көргөндөй карашат. Баарынын
алдында байлаган койдой мен отурам.
— Бул эмне, күндө бири ооруп келет? — деди бир кезде Мамирмазин мага
карап кабагын түйүп.
— Мен кайдан билейин. Малга келген бир кырсык да...
— Өлүп отуруп бүтө турган болду го! Бу сенин эмнең бар? — дейт катыны.
— Эчтекем жок...
Мага билдирбей өздөрүнчө кобурашып кетип артынан:
— Сен бирөөгө кошуп кайтардың беле? Айтчы ошону! — деди Мамирмазин.
— Эч бир койго кошкон эмесмин.
Биз ушинтип отурган кезде короодон бир эчки бакырып калды. Тамак ичпей
таш ичкендей болуп, колумдагы ашымды таштап жиберип тура жөнөдүм.
Баягы кара башыл эчки! Мен жеткенде дагы бир бакырып, буттарын бир-эки
ирет серпип алды. Артымдан Мамирмазин жете келип:
— Эмне болуптур? — деди көзү бакырайып. Ага бер-чү жооптун ордуна, өлүп
жаткан эчкини көрсөттүм...
Ошондон кайтып үйгө келгеним жок. Өлгөн эчкини жайлаштыргандан кийин
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Узак Жол - 08
  • Части
  • Узак Жол - 01
    Общее количество слов 4065
    Общее количество уникальных слов составляет 2066
    31.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Узак Жол - 02
    Общее количество слов 4057
    Общее количество уникальных слов составляет 2030
    31.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Узак Жол - 03
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 1957
    32.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Узак Жол - 04
    Общее количество слов 3991
    Общее количество уникальных слов составляет 1988
    33.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    46.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Узак Жол - 05
    Общее количество слов 4013
    Общее количество уникальных слов составляет 2123
    31.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Узак Жол - 06
    Общее количество слов 4059
    Общее количество уникальных слов составляет 2110
    31.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Узак Жол - 07
    Общее количество слов 4068
    Общее количество уникальных слов составляет 2111
    30.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Узак Жол - 08
    Общее количество слов 4022
    Общее количество уникальных слов составляет 2080
    31.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Узак Жол - 09
    Общее количество слов 4015
    Общее количество уникальных слов составляет 2007
    32.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Узак Жол - 10
    Общее количество слов 4047
    Общее количество уникальных слов составляет 2008
    32.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Узак Жол - 11
    Общее количество слов 3084
    Общее количество уникальных слов составляет 1666
    34.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов