Latin

Узак Жол - 01

Общее количество слов 4065
Общее количество уникальных слов составляет 2066
31.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
43.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
50.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
Биздики — элден обочо, жалгыз тамдын түбүндөгү жалгыз кара үй эле.
Шашке кез. Биз төшөктөн жаңы туруп жатканбыз. Бир кезде Алмакан эжем
ойдо жок жорукту баштап, эпкиндеп, чыркырап барып төшөктө жат-кан
энемди басып жыгылды. Анын төшөк тартып жатканына көп болгон.
Энем да күндөкүдөй эмес, көздөрү коркунучтуу, чарасынан чыгып, көкүрөгү
кырылдап, билинер-билинбес дем алып, улам жоошуп кетип баратат. Өлүп
бараткан адамды биринчи көргөнүм ушул. Ошондо мен он бирдемин.
Баарыбыз үрпөйө түшүп, энемди тегеректеп, үйүлө калдык. Эжем тура түшүп,
элирген немедей бардык үнү менен өкүрүп тышка чыкты да, бир кезде кайра
кирип келип, энемди дагы басып жыгылды. Биздин үй элден обочо болсо да
эжемдин чыңырган дабышы менен бирин-серин эл жыйналып калды. Ошол
убакта мен эмнегедир алданып тышка чыгып кеткемин. Аңгыча болбой бир
кезде «чур» дей түштү. Чуркураган чаржайыт үндөр уламдан-улам күчөй
берип, жаман үйдү көтөрүп кетти.
Ошентип, алты чөбүрө жетим калдык. Эң улуубуз Алмакан эжем, анан мен,
менден кийин Беккул, анан Эш-бай, андан кийин Ашымкан деген кыз. Эң
кенжебиз Бекдайыр. Баарыбыздын арабыз эки жаштан. Өлөр алдында жана
бир кыз төрөп, аны багып ал деп бирөөгө берген. Бул он айга жетпей өлүп
калды.
Энем деги койдой чубуртуп, көп төрөгөн адам: төрт эркек, алты кыз болуп,
баары — онду тапкан. Үч кызын эрге берген. Ушулардан азыр үйдөгүбүз
алтоо.
Энем өлгөн соң, анын ордун басып жетимдерге көз болууга Бурмаке кемпир
келди. Бул — атамдын агасы — Элебестин зайыбы. Алтымышка келип калган,
бүкчүйгөн гана кичине кемпир. Булардан башка карашаарыбыз жок. Элебес —
эзелтен томаяк адам. Ошондуктан Кызыл-Кыя деген жерге жолчу болуп,
биротоло көчүп кеткен. Кедей жан багышка бул жер бир аз ылайык эле.
Мында көчүп келгенине быйыл үч жыл.
Эми багыбызга туш келгендей быйылкы жыл да өтө кыйын болду. Мезгили
жетсе да жакын арада көк чыкпай, күн сурданып, кезек-кезек кара бороон
буркурап, эл-дин көзүн ачырбай жутатып туруп алды. Былтыр эгин болбой
калган. Анын үстүнө биздин элдин көбү жарытып эгин экпейт. Мыктаганы эки
тешеге жетпеген жер айдоочу. Элде быйыл ачарчылык. Ошондуктан биринсериндеп кап бөктөрүнүп алып, орус поселкаларына чубап калган.
Биздин бир табак буудайдын акыры кечээ бүткөн. Бүгүн эртеден бери наар
алганыбыз жок. Бурмаке кемпир мени төмөн жакта бир үйдөн бир жармалык
буудай суратып жиберген. Ал жампайган кепенин түбүндө бир кара үй эле.
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
Бардым. Мурду барбайган чоң кара кемпир, коломтодо күйүп бүткөн тезек
чогун жайып коюп, отко кактанып отуруптур. Анын колтугунда жамгырдан ыккан кулундай корголоп бир кичине кыз олтурат.
Мен барып:
— Бурмаке энем бир чөйчөк буудай берсин дейт — дедим, кемпирге бет
бакпай, четке карап туруп. Буйдалган жок, чыгдан жагын бир карап алды да
кемпир:
— Жок,— деп күңк этти.
Кайра келдим. Бурмаке энем жаңкыдан бөлөк акыл үйрөтүп жана жиберди.
— Айт, өлбөсөк бир чөйчөк буудайынын кунуна чыгарбыз...
Берген жок, жана кур бардым. Ошондо Бурмаке:
— Эми жокту жерден чукуйбузбу! Силер да таалайыңардан көргүлө, багы
жокторум,— деди баарыбыздын көрөр күнүбүз бүткөндөй каран түшүп.
Ушундан он күн өтпөй бир Бурмакеден башкабыз текши кыйрап жыгылып,
ооруп калдык. Ар кай жерде чачылып, кыңкыстап жаткан адам. Бурмаке
бөкчөңдөп, калтыраган кары колу менен кыдырып, ооруларга суу берип
жүрөт. Баягыда бир тамырчы келип, мага он-он беш күнчө суу бер деп
кеткен. Ансыз да суудан бөлөк ичээрибиз жок. Мынабу чачы жүндөй
уйпаланып, эс-мас болуп жаткан — эжем. Анын бери жагында, коломтого
жакын жерде алсыз кыңкыстап Беккул жатат. Капшыра кармап койсо сынып
кетчүдөй илмийген билегинин тарамыштары көгөрүп, саналып турат. Тырп
этер ал жок. Анын кыңкыстаганына карай:
— Э, Беккул, эмне кагылайын? — дейт Бурмаке. Ал түк да билбейт. Зорго
демин алып жаткандай көрүнөт.
Атам болсо, көптөн бери жетимдердин карды үчүн кайгырып, алда-кайда бир
жакка кап бөктөрүнүп, бирдеме издеп кеткен. Күндө келер бекен деп күтөбүз,
жок.
Бир үйдө четинен кыйрап жаткан ооруларга баш-көз болуп турган — жалгыз
Бурмаке. Өзү түн баласында жарытып уйку да көрбөйт. Түндө зарыгып
отуруп, талык-шып кеткенде кезек-кезек көзү илинип, кайра селт ойгонуп
кетип, коркунучтуу, калың токойго келген эмедей, тегерекке кулак түрүп,
көпкө тынып тыңшап калат. Бир-де Беккул чыдабай жаткан түнү таң аткыча
кирпик какпай чыкты. Эсимде: түн ортосу кез, карарып өчүп бара жаткан
чокту улам көзөп, жайып коюп, мазардай жалгыз өзү коломто жанында
олтурат. Чок акырын карарып, күңүрттөтүп, өчүп бараткан. Кээде каалгып
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
кетип, башы шылк эте түшөт. Үй караңгы, жымжырт. Анда-санда гана
Беккулдун алсыз дабышы угулат...
Ушул түндө Бурмаке өмүрдө көргөнүн түгөлдөп, ойлоп олтуруп, чарчап
кеткендей болуп көрүнүп турду.
Мен төшөктөн бир ай чамасында барып турсам керек. Баарыбыз келте менен
жыгылганбыз. Айыккандан кийин чачым таздын башындай жыдып түшүп
калганын бир гана билдим. Менден бир аз күн кийин Беккул турду. Анда да
чач жок. Биз төшөктөн туруп, тамтуң басууга жараган кезде Беккул экөөбүзгө
Бурмаке таяк жасап берди.
— Көп бассаңар муунуңар кирет. Үйдү айланып басып келгиле,— дейт. Биз
жолду катар тынып олтуруп, үйдү зорго бир айланып чыгабыз. Бирок мен
бассам эле көңүлүм айнып, көзүм тунарып кетет. Жер астын-үстүн болуп, өлө
мас кишидей көзүмө эчтеме көрүнбөй кетет.
Молодой жалгыз үй! Анын үстүнө биз четинен кыйрап, жыгылгандан бери
бизге каттаган жан болгон жок. Ошондо, тышка чыкканда бар көрө турганым:
үйдү айландыра салган купкуу там, тамдын бурчундагы жалгыз аттын акыры,
анын жанында шылдыраган шакел, баягыда Беккул экөөбүз тогуз коргол
ойноп казган чуңкурлар... Ал чуңкурдун четки бирине топурак толуп, бүтөйүн
деп калыптыр. Береги күрөндүдө кечтен бери таарынган эмедей букуюп, ала
мойнок ит жатат. Көптөн бери көрбөгөнгө сагынып калгандай мага куйругун
булгалап, көзүн жалдыратып, эркелеп коёт.
Арадан көп күн өттү... Бирок, тамактын тартышынан оңой менен муунубуз
кирбей койду.
— Атаганат, тамак болсо бат эле тыңып кеткени турасыңар. Мен кантейин
эми? Кудай бечара-карыпка боору ачыбайбы! — дейт Бурмаке кемпир. Дар
дүйнөдө бир табак талкан бар. Аны үнөмдөп, анда-санда гана чаңыт-тап,
жарма жасап, кары колу менен дарыгердей өлчөп, топ ооруга бөлүп берет.
Бул жумурубузга жүк болбойт.
II
Төшөктөн турганыма бир айдай болгондон кийин, бир күңү таенем келип,
мени алып кетти. Алмакан эжем али айыга элек. Мен таенемди ээрчип, тышка
чыгып баратканда, ал уйпаланып, көзүн жаап калган чачын бир жагына
сылап жатып, мага бурулуп, «кетип баратасыңбы? Кош эми» деген кишидей
аянычтуу, кайгылуу көзүн муңайтып кала берди.
Бир гана менин кетишим менен үй жеңилдебейт, мен-ден башка чубурган
дагы беш жетим бар. Антсе да менин кетишим үйдөгүлөр үчүн оңой олжо
эмес.
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
Таятамдыкы Чоң-Таштан1 кырк чакырымдай ары — Кең-Сууда. Таятам чоң
бай, бала-бакыралуу, алты уулу бар; алтоо тең четинен дүркүрөп байып келе
жаткан.
Таенем мени балчайган, чоң курсак тору бээге учкаштырып алып, үйүнө
кечкире келди. Мал кызуу төлдөп жаткан кез. Биз барганда быкпырдай көп
койду саап болуп, агытып жаткан экен. Кой саап жаткан бир ак жуумал
келин:
— И, энем келди,— деди бизди көрө коюп. Тосмо суудай мемиреген жазы,
жумшак кечте, кыжылдаган сансыз кой аралашып, чаржайыт чуркурап, уйлар
музоосун издеп мөөрөп, жер суунун тынчын алып, кечки тунук абаны
экилендирип, айлана кайнаган күүгө толуп турду. Жалгыз молодой жымжырт
жерде өскөн адам, мына бул жерден экинчи бир дүйнөнү көргөндөй болдум.
Бир топ күндөр өттү. Жакын айылдарга барып, бал-дары менен аралашып, аз
күндө үйүр алып кеттим.
Бир күнү эртең менен таенем келинине айтып, бир кичине көнөчөккө мага
айран куйдуруп берди да:
— Бар, кагылайын, козу кайтарып кел. Үйгө жиберүүчү болбо,— деди.
Таенем көзү бажырайган, балпайган, чоң кара байбиче. Чекесинин так
ортосунда чоң меңи бар. Таятам жетимишке чыгып, былтыр өлгөн. Анын
күмбөзүн тургузабыз деп он чакты кишиге кыш куйдуруп жаткан экен.
Айымжан таежеңем «киш-киш» деп козуларды айда-шып, короодон узатышып
салды. Жер жайнаган жаш козуларды жогору карай айдап, мен кете бердим.
Колумда узун чыбык. Кийин калгандарын сайып койсом, кээ бири туйлап
кетет. Жашы мени менен тең — Курманбай таякем кызык көрүп, ээрчип
чыккан. Бир аз ойноп жүрүп, эриккен кезде кайра кетип калды.
Козуларды жайып олтуруп, айылдан абдан узаган кезде, бир кырдан ашырып
таштадым да, өзүм келер жолун тосуп бери жактагы бир дөңсөөгө
көнөчөгүмдү коюп, олтура кеттим. Кызык көрүнөт: көнөчөктү улам
айландырып, карай берем. Козулар бадалга кирип кетип тын-чып калган
кезде чокоюмду чечип жайып таштап, алдыма тонумду жая салып, жата
кеттим. Айланамда көп караан жок, мына мында гана Сарыбай байдын баласы
куш салып, тамаша жасап жүрөт. Сарыбай — байлыгы-нан бүтүн көл
өрөөнүнө, андан калса казактын Албан элине түгөл маалым болгон адам.
Ошондуктан «Сан жыл-кылуу Сарыбай» деген атка конгон.
Бала береги борчук ташка келгенде, колундагы кушун бир сагызганды көздөй
шилтеп жиберди да, чылк күмүш менен жабдылган атын шарактатып, төмөн
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
карай кирип кетти. Андан жогору карасам, тээтиги бир алыскы чоку-да,
жалгыз койчу, салмак менен гана созуп, озондоп, кырдан ашып баратат.
Ошентип туруп, көрбөй калыпмын, менин ылдый жагымдагы каптал менен,
жүзгө жакын козу дүркүрөп агып, төмөн карай кирип бараткан экен. Шашкан
бойдон, дүнүйөмдүн баарын олтурган жеримде калтырып, ала-сала куюндап,
мен да жөнөдүм. Ээлигип алган ойноок козулар ошондон үркүп отуруп кой
короого барып бир эле токтоду. Аларга жетпей калып, орто жолдон кай-тып
келе жатсам, калганы дагы жамырап, жүрүп калган экен. Аларды тосконум
жок, «эми болоору болду го»,— дедим да жайына коё бердим.
Эртеси дагы ушундай жайып чыктым. Күн ачык, ылдыйтан козу жайып бир
бала келди. Бою менден чоң эмес, кийими жакшы, бутунда өтүк, баркыт
шымы бар. .Колунда меникиндей көнөчөк. Экөөбүз козуларды кошуп
жиберип, жогору жайпатып олтуруп, чоң беттеги калың табылгыны аралатып
жибердик. Козулар табылгыга сиңип-сиңип кетишти. Өзүбүз бери жакта
калып, бийиктен таш жарыштырып, ойной баштадык. Мен эки сапар ашырып
ыргыттым.
— Ордуңан жылбай ыргыт,— дейт бала.
— Сен да жылбай ыргыт!
Күн ысый берген кезде оюнду таштап, көнөчөгүбүзгө келип, айран ичтик. Аны
бая жалбырак менен көлөкөлөп кеткенбиз. Бала көнөчөктөн обочороок
чөгөлөп алып, түтүк корулдатып ойноп ичти да:
— Сен дагы ушинтип ич, жакшы болот,— деди.
— Жөн эле ичем,— деп мен түбүнөн көтөрүп алдым. Ошол мүнөттө топ козу
бөлүнүп алып, жүрүп калды.
— Тос тигини,— деди бала чөгөлөп, айран ичип жатып.
— Тоспоймун, ал сенин козуң,—дедим мен. Бала мага жакындай түшүп,
бетимден аткып алчудай тикирейип келип, каршыма тура калды да:
— Эмне, атаңдын көрү, тентиген кул! — деди. Мен да тилимди тарткан
жокмун:
— Атаңдын сени көрү.
— Арам кул, кимдин үйүндө жүрөсүң? Кайтарган козуң кимдики? Элиң
кайда?..
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
Ошентти да мени жакадан алды. Мен да жакалап, жооп бердим. Бир сапар
күрөшө кетип, ит жыгылыш болуп, будаланып кайра турдук. Ал бир кезде
жакамды коё берип, ары кетип калып, издеп жүрүп, былжыраган бир түрү
суук кара куртту чубалжытып, чөпкө кыпчып келди да:
— Мойнуңа салам,— деп жогору көтөрүп мага сунду. Ал келип жеткиче мен
даярданып алып:
— Жакын жолобо, болбосо атырылтам,— деп тегеренип туруп алдым...
Бешимден өтө бергенде козуларды жамыратып айдап келдим. Топ киши
кубалап козуларды көгөндөп болгончо кырдан аша коюп койлор да келип
калды. Жаш тууган койлор козуларын жоктоп чуркурап, заматта жерди
жаңыртып жиберди.
Короону тегеректей конгон төрт-беш үй бар. Башкы дардайган чоң ак үй
менин таятамдыкы. Кой келери менен ар кайсы үйдөн идиштерин көтөрүп,
бирден-экиден болуп, эрине баскан келиндер чыгып келди.
— Бол эми, бат-бат кармап жибер,— деди Айымжан таежеңем мага.
Менден башка да кой саадырып жүргөн бир тобу бар. Аралай кубалап, кой
кармап жүрөбүз. Үч-төрт койду саадыргандан кийин, көпүрөгө келген эшектей
кыйык бир кара токтуну кыйкылдатып, зорго жетелеп келди. Мындай арам
болорбу, саанчыга желини жаңы тие бер-генде атып кетип, мени
дыргаяктатып, алып жүрүп бербеспи. Өлбөй тирүү куткарбаймын деген
немедей мойну-нан салаалаган колумду чыгарбай, тери шымды калдыратып,
өлөрмандыкка салып, мен да жүрүп отурдум. Ошентип баратып, бир кезде
жыңайлак бутумду курч туягы басып кетти эле сазайымды тартып, отура
калдым. Койдун чыласына кесилип жүргөн бутум чатырап, канап кетти.
Жакын жерде кой саап олтурган бир катын:
— Байкушту жаман басып алды ээ,— деди мени аяган кишидей, короонун
башында, дүйнөнүн баарын көзү менен чолуп отурган таенем, менин
жаңкымды көрүп калып:
— Деги, томаяктын баласына мал ошондой келет тура,— дегендей болду. Бул
сөзү мага араң угулду. Мен секеңдеп, аксап барып, андан башкасын кармап
келдим. Кой саадырып турсам, таенем жаныма келип, бутактуу кыпкызыл
табылгы таягын оң колуна бош таянып тура калды да, менин үстүмдү
айландыра карап алып:
— Ырысы жок, тонуңду эмне тыттырып алгансың?— деди.
— Бая Сасбактын баласы ала качып жүрүп ушинтип койду,— дедим мен
койдун мойнунан кармап туруп, көгөндөгү козуларды карап калып.
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
— Ырысы жок, оюнду эмне кыласың? Сага ким жамап берет?
— Ойногон эмесмин. Менин козумду тоспойсуң деп, өзү келип тийишти,— деп
улуюп жерге карадым.
— Ырысы жок, ырысы жок киши ошондой болот! Таенемдин сөөктөн өткөндөй
заар тили менен сыйлап
туруп, үстүмдү бүтөп бергенинен, антпей жылаңач койгону жеңил көрүнүп
турду. Ачуулангандан эки сөзүнүн бири «ырысы жок». Бул сөз энчиме
басылгандай, көбүнчө мага жумшалчу. Ал Курманбайга канчалык ачууланса
да бир айтып көргөн эмес. Ошон үчүн мен «ырысы жок» жалаң томаяктар
үчүн гана бүткөн сөз болсо керек деп ойлочумун.
Жаңкы бала экөөбүздүн тарыхыбызды таенеме, Курманбай жеткирсе керек.
Бөлөк киши айткан жок, билем. Ал айтканы бышык болсо, мени мактабасына
көзүм жетет. Экөөбүз башынан өчпүз. Мен жокто таенемдин колтугуна кирип
алып, көр-жерди жамап көбүн өзүнөн кошуп, мени бүлдүрүп, жамандай
берчү.
— Малды буту менен тээп жиберет экен,— деп арзыбаган немелер менен
жамандап жатканын да бир укканым. Мал тепкен кишини таенем жек көрчү...
Бир күнү кечке жакын:
— Сарыбай байдын байбичеси чакырат,— деп мени бирөө чакырып алып
кетти.
Сарыбайдыкы Кең-Суунун ичинде, алыстан бадырайып турган эки ак үй эле.
Тегерегинде дайым мандырдай болгон төрт-беш боз үйлөр тигилип турар эле.
Ысмайыл, Букара, Карыбай деген балдарында да бирден ак үй бар. Бирок,
Сарыбайдын өз үйү бүтүн Кең-Сууда бадырайып бөтөнчө туруучу.
Ушинткен Сарыбай байдын байбичеси мени киши катары санап, «ардактап»
чакыртып жибергени мени таң калтырды. «Сарыбай» деп сырттан укканым
менен үйүн көргөн жан эмесмин. Бардым. Тыштан бирөө мени баш-тап барып,
ак үйүнө кийирди. Мен кирип токтогон алдыңкы бөлмөсүндө чымкый бачайы
— макмалдын үстүндө жашыл тукаба чапанын желбегей жамынып, көөлгүгөн
бир зайып отурат. Башында заңкайган торгун элечек. Байбиче ушул экенин
байкадым. Жашы жетип калса да (бери болгондо элүү беште болор) кең
дөөлөттүн аркасын-да, али карылыкка толук моюн суна койбогондугу көрүнүп
турат. Семиз, чатыраган кызыл киши экен.
Мен кирип барганда: «мына бул жерге олтур» деген-дей ишаара кылып,
өзүнө жакын жерден орун көрсөттү. Бир аз жымжырт. Тагдырым ушунун
колунда тургандай, ааламга аян болгон байбиченин алдында, анын чечимин
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
күтүп, байлоого түшкөн кулдай уңкуюп, мен отурам. Колума берген жалгыз
нанды сындырып жеп отуруп.
«Балким менин жетимдигиме жаны ачып, бирдеме берейин деп чакыргандыр»
деп ойлоп коём.
Байбиче бир кезде сол колун сунуп, мага бирдеме берди. Колума тийгенден
кийин карасам; бири беш тыйындык, бири эки тыйындык — жети тыйын жез!
Адегенде: «капырай, сан жылкылуу Сарыбайдын колунан жети тыйын
чыкканыбы» деп ойлосом да артынан түшүндүм. Бул мага берген садагасы
экен! Анткени Сары-бай бай көптөн бери ноокас эле. Бая мен келгенде элдин
аягы басылбай, бири кирип, бири чыгып, төркү бөлмөдө жаткан байдын
көңүлүн сурап жатышкан. Мен ушул үчүн чакырылып келипмин. Азыр мен нан
жеп отурган-да, байбиче бирдемени дубалап жаткан молдодой, оозу башын
күбүрөтүп, колунда аралаштырып кармап турган бир, эки жез тыйынга кезеккезек «сув!» деп коюп отурган.
Садага бериш үчүн төрт кыбыласы түгөл жетим издешип, буга бүтүн КеңСуудан мени туура такса керек!
Бир нанды жеп, жети тыйынды алганымдан кийин эми менде эч кимдин
тыйынча да жумушу жок көрүндү: жолума түштүм. Бая мени үйгө киргизген
неме иттен чыгарып койду. Жолдо бара жатып, бүгүн мени кордогондой,
кемсинткендей болуп көрүнүп, көңүлүм иренжиди. Мени эмнеге чакырып
кеткенине, мурун түшүнүп алышкандай, үйгө баргандан кийин Сарыбай
байдыкынан эмне «олжо» менен келгеним тууралуу менден эч ким сураган
жок.
Үч ай жүргөнүмдөн кийин бир күнү Элебес келип, мени алып кетти. Буга
таенем да көп карышкан жок. Биз аттанганы жатсак:
— Кетсең кет эми. Сага бирдеме да кийгизе албай калдым. Жамандабай
бар...— деген болду да, өзүнүн бир эски күрмөсүн берди. Жаздай жүрүп
тапкан олжом ушул!
Таята, таекелерим, четинен бай. Бирок аларды башы-нан сараң кылып
жараткан! Байлык жагына келгенде бул Кең-Сууда Чыңгышбай уулунан ашып
түшкөн бай кем. Жалаң бир атадан тарагандар бир уруу журттай болуп,
эртели-кеч малы жайылып чыкканда кара таандай каптачу. Ошентсе да, котур
улак үчүн өлгөн өңкөй сараң. Тогуз жүз койлуу тун уулу — Сааданбай тери
шымдан бөлөк, өмүрүндө кездеме кийип көргөн жан эмес. Али эсимде: бир
күнү талаадан өөдөлөнүп өлгөн бир токту үчүн кадимкидей ыйлап, койчусун
таң аткыча сабап чыккан.
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
Балдарынын аты уйкаш. Эң улуусу: Сааданбай, анан Мергенбай, анан
Ийгенбай, Деркенбай, Орозобай, Кар-таңбай.
III
Мен таятамкынан кеткенде туура Кызыл-Кыяга бар-дым. Элебес ушул жерде
жолчу. Чоң-Ташка барбай, туура Кызыл-Кыяга эмне үчүн кетип
баратканыбызды Элебес жолду ката мага мындай деп түшүндүрдү:
— Сен баягыда таятаңдыкына кеткенден кийин, силердин үйдү Кызыл-Кыяга
көчүрүп алып, бүгүп таштап, жетимдерди биздин үстүбүзгө кийрип алганбыз.
Азыр баарыбыз бир үйдөбүз. Эми ошентип оокат кылбасак болобу...
Кызыл-Кыя деп, кадимки атактуу Каркыра жарманкесинен элүү чакырымдай
бери, бир чоң ашууну айтат. Каракол, Жаркент, Кулжа, Нарынкол —
баарынын аралыгындагы түйүшкөн жери — Каркыра.
Кызыл-Кыянын түбүндө жайдыр-кыштыр козголбой жети-сегиз түтүн
кедейлер отурат. Буларды «жолчу» дейт. Падыша өкмөтү буларды ар кайсы
болуштан милдеттүү кылып жыйнап алган. Жолчулуктун мөөнөтү бери
болгондо төрт жыл. Бирок ушулардын ичинде он жылдан бери турган
жолчулар да бар. Өзү жайлоо мисалдуу жер. Кышында кардын тереңдигинен
жолго орноткон карагайларга киречилер көчүгүн коюп, попорос тартар эле.
Ат жолдон чыкты жок: кур этип тереңге кетет.
Ушу жерде дагы бир-эки түтүн орус бар. Булар жолчу эмес. Бири Башарин
деген бир чоң бай. Мунун Кызыл-Кыяга келип түшкөнүнө көп жыл болсо
керек. Бул тууралуу кыргыздар «башында жалгыз арабалуу аты менен келип,
акиташ бышырып сатып, ошондон уланып, байыган адам...» деп кеп кылуучу.
Жылыга жетимиш-сексен ую тууйт. Элебестин келини, Жанымжан ушунун уюн
саайт экен.
Кызыл-Кыя өрөөнүндө булардан башка да ар кайсы коктуда, сайларда бал
челек салган, мал кесибин кылган бирин-серин орустар болот. Деген менен
бул өрөөндө Башаринден ашып түшкөн бай жок. Жалгыз гана Каркырадан
отуз чакырымдай бери, Кызыл-Кыядан ары — Кутурган булакта «почточу
Метирей» деген чоң көпөс бар. Метирейдин бул жердеги жайынан башка
жана Караколдо, Түптө бирден үйлөрү болучу. Мунун аттарын жолчулар
алыстан таанышат. Тетигиндейден келе жат-канда «тиги Маңкашка, тиги
Чабдар ат» деп турушат. Мунун Кутурган булакка жай салып, почто тартып
турганына да кыйла замандар болгон экен.
Жолчулардын кесиби болсо жолдун ташын терет, бузулган, суу жеген
жерлерди, көпүрөлөрдү оңдойт; кыш болсо бирден чолокторун арнап, байлап
коёт да, кезек менен Кызыл-Кыядан почто чыгарышат. Артыкча кышкысы
кыямат. Кышында жолчулар түн баласында жары-тып уйку көрбөйт. Нечен
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
бир карлуу бороон, калайман түндөрдө почто келип калып, жылуу
төшөктөрүнөн атып туруп, уйкулуу көздөрү менен чананын (почтонун) алдына
чолокторун кошуп алып, жөнөгөн күндөрүн сураба... Эгер почто келип, жетер
замат жолчулар даяр болбосо, же ашууга барганда аттары тартпай калса,
почтодо отуруп бараткан төрөлөр жолчуларды омбу карга будалап, тепкилеп
коё берүүчү.
Ошондуктан, эзелтен жүрөк үшүп жалкотой болгон кургурлар не бир
бороондогон айсыз караңгыда, сак жат-кан кулактар алда кайдан ызылдап
келе жаткан коңгуроонун дабышын уга коюп, төшөктөн ыргып туруп, бүлүк
түшүп калар эле...
Мен Кызыл-Кыяга барганда, атам төшөктө жаткан экен. Оорусу кыйын. Иштин
түбүнө жаңы түшүндүм. Мени таятамдыкынан алып келген себеби да ушул
көрүнөт. Атам адегенде мени тааныган жок окшойт. Үңүрөйгөн терең
кабагынын алдындагы алсыз көзү менен бир топко мени тиктеп туруп-туруп:
— И, сен белең! — деп койду да жөн болду.
Деги таятамдыкынан келгенге жараша, мына бу да чекем жылый турган жер
көрүнбөйт! Атам көр оозунда турганына капары жок, Эшпай көз жашын
көлдөтүп кардым ачты деп ыңылдап тамак сурап отурат. Береги кишиден
калган бир жарманын түбүн шыпкап ууртап, ырсыйып, Ашымкан карындашым
отурат. Айтор, бул үй отун-суусуз бир жерге жаңы көчүп түшкөндөй жутаңкы.
Ошого жараша да киши-кирим бүлөлүү болсокчу. Жалаң биз, атамдан
башкабыз күчүктөй чубурган алты жетим. Эми Бейшембинин балдары канча!
Бейшемби — Элебестин жалгыз уулу, отуздан аша берген, суюк сакал, кыр
мурун, узун бойлуу, кара жигит. Мунун үч баласы бар.
Ушинтип, эки үйдүкүн кошкондо жалаң чөбүрө балдар ондон ашык. Койчу
эми, бир үйдө каптаган он төрт киши болдук да калдык.
Көп узаган жок, атам өлүп кетти. Бул момураган бир жумшак түн эле. Биз
төшөккө жаңы жатканбыз. Уктап кетсем керек, бир кезде күтпөгөн жерден:
— Оо, тумшугу жоктор тургула! —деген Бурмакенин күндөгүдөн бөтөнчө ачуу
дабышы менен селт ойгонуп кеттим.
Баарыбыз уйпаланып, кайра турдук. Үй чуулдап калды. Ошондо кайдан
жеткенин билбейм, айтор, уйкулуу көзүбүздү ача электе бир катын жетип
келип, Беккул экөөбүзгө бирден таяк берип, эшикке жетелеп чыкты да:
— Ме, мына муну таянып алып, көзүңөрдөн кан чык-кыча ыйлагыла,
шордуулар,— деп үйдүн жанында бөйрөгүн таянып, өкүрүп турган
Бейшембинин катарына саптап, тургузуп кетти.
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
Беккул колундагы таягынан узун эмес. Ал да көндү. Бирок жарытып үнү
чыкпайт. Мен, оболу элди тыңшап алдым. Бейшемби «эсил кайран бир
боорум» деп жатат. Мен «эсил кайран атакем» деп кирдим. Аңгыча Беккул Да
мени туурап өкүрө баштады. Ошондо мен экөөбүздүкү бир сөз болуп
калганына намыстанып, эл өкүрүп бир пас басыла калган кезде, Беккулга
бурулуп, жыңайлак бутун тиктеп туруп...
— Сен кишини ээрчибей, өзүңчө таап өкүр,— дедим. Таң атып калган. Ошол
кезде төмөн жактан топ кишинин өкүрүгү чыкты. Ордубуздан тура калып, биз
да жамырадык. Ошондо Беккулду тыңшасам дагы эле «эсил кайран атакем»
деп жүрөт. Токтой калып бурулдум да:
— Өзүңчө сөз таап ал дебедим беле,— деп уруша кет-тим. Ошенткенде ал
токтой калды, мен кайра өкүрүп кирдим.
Байкай албай калдым, айтор Беккул дагы мени туурап жаңкыдай болду.
Бирок бул жөнүндө мен жаңылганымды кийин билдим.
IV
Биздин айыл Серкенин кашаасында. «Серкенин кашаасы» дегенибиз:
айланасы жүз саржанча келген бир таш короо. Буга көп заман болсо керек:
четинен урап, бузулуп калган. Көлөмү кенен, бир теше бар. Бул короону
башында ким салганын жана качан салганын ушул күнгө чейин анык
билбеймин. Бирок ошол кезде бирөөлөр: «Илгери бир заманда бу жерди
калмактар мекен этип, турган экен. Алардын бир нече миң серкеси болуп-тур.
Кашааны ошо салдырыптыр. Тегерегиндеги аңдар болсо, жоокерчилик
заманында казылса керек...» дечү. «Серкенин кашаасы» деген ат ошондон
калган имиш. Өзү Түп суусунун боюнда мелтиреген талаада, жолго жакын.
Ары-бери өткөн киречилер ушул жерде отурган жолчуларга түшүп, самоор
койдуруп чай ичип өтүүчү. Жолчулардын кыштоолору ушул жерден көрүнүп
турат, арасы тай чабым жер.
Бир күнү кечинде, тыштан отун кертип жатып, Жанымжан:
— Апей, эне! Баягы Урманбет келетат,— деди.
— Эмине дейт? — деп үйдөн Бурмаке күңк этти.
— Мына, келип да калды.
Эми Урманбет ким экенин билмек болдук го.
Менин чоң атам Алымбектен тарагандар бешөө. Аларды жашына карай баш
ылдый айтканда мындай болуп чыгат: Барктабас, Баалабас, Элебес, Эстебес,
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
Элебай. Барктабас менен Эстебес мен төрөлө электе өлүптүр. Барктабастан
тукум жок. Эстебестен Урманбет, Турдумамбет деген эки бала калат. Атасы
өлгөндөн кийин Урманбетти менин атам, Турдумамбетти Элебес асырап алат.
Турдумамбеттин аты жаңы туулганда ушундай деп коюлганы менен аны
элдин баары «Бечел» дечү. Анткени, маалынан өткөндөн кийин эки жыл
бечел калыптыр. Ошол себеп менен түбөлүк аты «Бечел» болуп кала берет.
Урманбеттин элден безип кеткенине быйыл үч жыл. Эне, атам өлгөнүн бул
көргөн да жок. Мунун көптөн бери кай жерде, кай калааларда жүргөнүн
билүүчү да эмеспиз. Бирде, «Караколдо экен» деп, бирде «Анжиянга
соодагердин малын айдашып кетиптир» деп гана бирөөлөрдөн угаар элем.
Эми бирөөдөн «Каркырада бир сартка малай жүрүп, ал акысын бербей койгон
соң, бир атын минип алып качып баратып, кайра кармалып кетиптир»,— деп
угуп калуучубуз. Аныгын билген эч ким жок.
Жетимчиликтин айынан бул көрбөгөн азап, жүрбөгөн жер кечпеген суу калган
эмес. Илгери бир үйдө казанда эт оодарыштырып жатып, «жетимчиликти
менден көп көргөнүң жоктур» деп, кеп уруп отурганын да бир уккамын. Өзү
бала күнүнөн шок чыккан. Бир жерге байыр алып турган жан эмес. Тынч
турса буулугуп, ичи бышып кетүүчү. Канчалык айыл болсо дагы башынан
кирип аягынан чыкпай көңүлү тынбайт.
Ушунун бир жоругу али эсте. Жаздын күнү, бир топ бала чүкө ойноп отуруп,
кечинде үйлөрүнө тарап бара жаткан кези эле. Аңгыча Урманбет, оттоп
турган бир саан уйга далп этип, секирип минип алды; уй сырак-сырак этип,
тоңкочуктап мөңкүп кетти. Урманбет оңкосунан барып түштү, эл боорун
тытып күлүп калды... Кийин борбуюн көтөрүп алган соң, элден биротоло кол
үзүп, дайнын таптырбай кеткен. Нечен жолу издеп барып, жүргөн жеринен
таап алып келсе да, беш түнөбөй кайра көздөн кайым болучу. «Эл, журттан
безгендин акыр түбү оңбойт, мунуңду кой» деп ар кимдер айтып да көрдү,
бирок өз оюн өлсө бербеген, айтканынан кайтпаган бир көк мелтей эле.
Жакын туугандары нечен аракетке салып, «акыл, насаат» айтып жатса да
«ооба сеникин билип турам» деп, ичинен тыңган эмедей унчукпай гана
дулуюп отура берүүчү. Өзү далысы бир кез келген, болук, дордок бет, эрди
түйрүк, кабагы бийик, кыпкызыл көзүнүн ары жагынан эрдиги жайнап
тургандай неме эле.
Бая бул күүгүмдө келди. Башында жыртык боз калпак, үстүндө сүйрөлгөн узун
кара таар, бутунда жалпак таман кашкарлык өтүгү бар. Бул кейпи
кашкарлыкка жүрүп келгенин далилдегендей:
Эзелден энчисине басылгандай, үйгө кирсе дайым ирегеге барып отурмай
адаты. Эми да ошол. Ирегеде бир ээрге жөлөнүп, бир бутун чала сунуп
таштап, колун куушуруп, калпагын кабагына баса кийип, бирөөнүн тымызын
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
сырын тартып отурган немедей, унчукпай гана дулуюп, үйдүн ичин көзүнүн
алды менен уурданып карап отурат. Эмнени ойлоп отурат болду?
Бейшемби буга бирдеме деп акыл айтып отурат.
— Көп жыл эл көрбөй безип жүрүп да мүйүзүң чык-кан жок. Эми баш кошуп,
эптеп оокат кылалы, жетимдерди багалы,— деди бир кезде.
Бурмаке да бир жактан, Бейшембиге жардамдашып:
— Алдыңа кетейин, эми тил ал! Аздыр-көптүр эсиң кирди, Бейшекеңдин
акылын таштаба,— деп жатат.
Урманбет булардын сөзүн акылга салып, ойлонуп жаткан немедей «лам» деп
сөз катпай, оттун жанында турган чоргосу сынык, кара кумгандан көзүн албай
гана мелтиреп* отурат. Не бир айтылбаган акылдар айтылды. Бейшемби көп
асылды. «Эми жибидиң го, калдың го» деп мен ойлоп отурам. Ал ошентип
мелтиреген бойдон отурду да, күтпөгөн жерден бир кезде:
— Жок, кетем,— деп кыскасынан гана бир жооп кайырды. Башка бир сөз
каткан жок, кечтен бери асылып айткан сөздөргө бар берген жообу ушул
болду. Бейшемби түңүлбөй, мындан кийин да көп айтты. Урманбет бая тышка
чыкканда артынан эре чыгып, сүйлөшүп да келген.
Ушул күнү кечинде биздикине бир нече киречи татар жигиттер келип түшкөн.
Баары бир кур жаштар. Чай ичип, жайланып алгандан кийин, попорос чегип,
гармон тартып, ырдашып, биздин жаман үйдү төбөсүнө көтөрүп отурушту.
Урманбет бир кезде бери жактагы сөздү таш-тап коюп, ушулар менен
сүйлөшүп кетти. Максаты — ушулардын киресине сүйлөшүп, Караколго түшүп
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Узак Жол - 02
  • Части
  • Узак Жол - 01
    Общее количество слов 4065
    Общее количество уникальных слов составляет 2066
    31.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Узак Жол - 02
    Общее количество слов 4057
    Общее количество уникальных слов составляет 2030
    31.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Узак Жол - 03
    Общее количество слов 4007
    Общее количество уникальных слов составляет 1957
    32.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Узак Жол - 04
    Общее количество слов 3991
    Общее количество уникальных слов составляет 1988
    33.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    46.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Узак Жол - 05
    Общее количество слов 4013
    Общее количество уникальных слов составляет 2123
    31.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Узак Жол - 06
    Общее количество слов 4059
    Общее количество уникальных слов составляет 2110
    31.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Узак Жол - 07
    Общее количество слов 4068
    Общее количество уникальных слов составляет 2111
    30.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Узак Жол - 08
    Общее количество слов 4022
    Общее количество уникальных слов составляет 2080
    31.6 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.4 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Узак Жол - 09
    Общее количество слов 4015
    Общее количество уникальных слов составляет 2007
    32.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Узак Жол - 10
    Общее количество слов 4047
    Общее количество уникальных слов составляет 2008
    32.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Узак Жол - 11
    Общее количество слов 3084
    Общее количество уникальных слов составляет 1666
    34.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.5 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов