Latin

Умай бала - 10

Общее количество слов 3833
Общее количество уникальных слов составляет 1876
32.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
Жашыл-Нурабад шаарына жөнөп кетишти.
«Чоцдордун кебине
бала аралашпайт...»
олдо Сауле өзүнчө оИго батып, АкылтаИ өзүнчө кыялга
чөмүлүп келатышты. Сауле:
«Ушу балам чоңоИгондо кандаИ адам болор экен, акыл-эстүү болсо экен» - деп
оИго батса, АкылтаИ УмаИ досу, Расул
Касымалиевич агаИы жана жакында жо-
Ж
Явлцк
Умай бала
голуп табылбай жаткан Нуркан жана
аны куткарууга кантип жардам берүү
тууралуу жол издей берди...
Эртеси мектептен келип, кечки тамакка ата-энеси менен отурганда, Тайыр
айылда болгон жаңылыкты сурап билген
соң, шаардагы окуялардан сөз кылып киришти. Ал өзүнүн бөлүм башчысы Алымбек Шаршенбаевичтин жоголгон баласы
дагы эле табылбай жатканын айтып кирди.
- Бир адам улам-улам телефон чалып
атып, мурдагы күнү жолугууга чакырыптыр...
Тайыр ушуну айтып баштаганда, Сауле анын сөзүн бөлүп, Акылтайга карады:
- Тайыр, кечирип кой, сөзүңдү бөлөйүн... Акылтай, балам. Тамагыңды ичип
бүтсөң, барагой, «Керемет көчтү» көрүп,
анан сабагыңды окуй гой... - деп, анын
өз бөлмөсүнө кетүүсүн каалады.
Анын эсинде: «Балаңды чоңдордун
ишине көп аралаштырба, ал алиге жаш
эмеспи» деген Умай эненин туюму турган...
Акылтай аргасыз өз бөлмөсүнө кетти...
Сулайман Рысбаев
"Бешинчи
«Эмне болуп жатты экен?.. Жанагы телефон чалган адам каякта болду
экен?.. Эмне деди экен... Умай балага ал
тууралуу айтсам, ал сөзсүз жардам бермек... Алардын жашынган жери, балким, белгилүү болуп калмак...»
Ошол маалда, окуя мындай болуп жаткан... Алымбек Шаршенбаевичке күн
сайын белгисиз бирөө жашыруун номер
менен телефон чалып тынчын кетирип
жүргөн. Ал «жүз миң» сом сураганын
койбойт, же уулунун дайын-дарегин айтпайт...
Бирок ошентип жатып, белгисиз баш
кесер жолугушууга макул болот.
«Жетинчи кичирайонундун күн чыгыш жагындагы ээн аянтка кел» - дейт
ал. Алымбек Шаршенбаевич машинасын
өзү айдап, эч кимди жанына кошпой
жалгыз барат. Машинадан түшөт. Адатта ошол жерде жашагандар, алардын бирин-экин машиналарынан башка эч ким
жок. Гезит саткан күркө, анан чакан павильон турат.
«Мен келдим, сен кайдасың?» - дейин
десе, телефондон номер чыкпайт. Кыйладан соң, баягы телефондон үн салат баягы белгисиз адам.
Явлцк
Умай бала
«Келдиңби?»
«Ооба.»
«КаИдасың?»
«Гезит саткан күркөнүн жанында турам... »
«А, көрдүм. Мени кара...»
«Өзүң каИдасың?»
«Мындамын, бери мени көздөИ бас...»
«Каякка, арткабы, оң жаккабы?»
«Алдыга! Мен сени көрүп турам го...»
«А мен сени көргөнүм жок...»
«Мен маңдаИыңдагы үИдүн балконунда сага карап турам го... »
«Балкондо?.. КаИсы кабаттагы?..»
«Үчүнчү кабаттагы... Сага кол булгап
жатпаИмынбы... »
«КудаИ урсун... Ал жерде мага кол
булгалап турган эч ким жок?..»
«ЭИ, сен каИсы кичираИондосуң?»
«Жетинчи... өзүң аИтпадың беле?..
«Сен туура эмес угуптурсуң, Алтынч ы ^ дебедим беле... Алтынчы кичираИонго кел... Бала керекпи?..»
Ушинтет...
Ушинтип мыскылдаган белгисиз немелер ал жерден да табылбаИт...
Ооба, АкылтаИ аралаша албаган «чоңдордун иши» ушундаИ уланууда...
Сулайман Рысбаев
'Беш.ин.ш
Белгисиз бул адамдар даИынын билгизбеген боИдон убакыт өтүп жатты...
Өтүп жатты убакыт...
Чын эле алар каИда болду экен?..
УмаИ бала аны каИдан, кантип табат?
КаИдан табат?
Кантип буларга жардам берет?
Расул
Касымалиевдин
идеясы
акында биринчи чеИрек бүтүп,
каникулга чыгабыз, - деп жатканда АкылтаИ окуган класста
кубанычтуу окуя болду. Ал окуя - капысынан Расул Касымалиевичти ээрчитип,
КаИыргүл эженин класска кирип келиши эле.
Окуучулар жалпы тура калып учурашып, кубангандарынан кол чаап жиберишти.
- Ыракмат, досторум, - деп Расул
Касымалиевич дагы кубанганын, кичинекеИ досторун сагынып келгенин билдирип, токтоо көздөрү менен жылмая
карады.
- Мен эмне үчүн келдим, билесиңерби
досторум? - деди ал, сумкасын ачып жа-
Ж
Явлцк
Умай бала
тып. Анан ал сумкасынан чоң китепти
алып чыгып, бетин балдарды карата жогору көтөрдү.
- «Таттуу үй» - деп окушту балдар.
- Менин жаңы чыккан китебим. Силерге окугула деп белекке алып келдим...
Мына эжейиңерге тапшырайын... Салтанаттуу түрдө...
Кайыргүл дагы агайга күлө карап, баары кол чаап жиберишти. Дуулдаган кол
чабуу менен жапырт айтылган «ыракмат» деген сөз Расул Касымалиевичти
аябай толкундатты.
Анан Кайыргүл эже сөз баштап мындай деди:
- Балдар, Расул Касымалиевич агай
силерге ишенгенинен жаңы бир идеясын
айтмакка келиптир. Биз агайдын идеясын колдойлубу?
- Колдойбуз! - дешти жалпы окуучулар.
- Анда, сөздү агайдын өзүнө берейин...
Расул Касымалиевич «сөзүмдү эмнеден баштасам» дегендей ээрдин бир ачып,
бир кымтып, таптанып алды да, минтип
баштады.
- Силер мыкты балдарсыңар! Мен
силердин
мыктылыгыңарга
жайын273
Сулайман Рысбаев
'Беш.ин.ш
дагы «Мен ким болом келечекте» деген оюнуңарды көрүп чындап ишенген
элем. Ошондуктан көптөн бери айталбай
жүргөн бир жаңы идеямды силер менен
бирге айтып чыксам... Силер аркылуу
ошол маселени көтөрүп чыксам, - деп
ойлоп калдым.
Окуучулар, анын ичинде өтө сезгич
Акылтай дагы: «Ал эмне деген жаңы
идея?» - деп көңүл коё дымып турушту.
- Мен бул идеямды Жогорку Кеңештин
депутаттарына да айттым. Колдошту, бирок жылыш болбоду. Өкмөткө да
кайрылдым. Алар билим жана илим
министрлигине жиберишиптир. «Акча
жок, муну колдой албайбыз» - деп жооп
беришти. Балдары үчүн, балдарынын келечеги үчүн Мамлекеттин, Өкмөттүн акчасы жок имиш! «Тойго» дегенде акча
табылат имиш! «Балага» дегенде акча
табылбайт имиш!
Ушинтти да, Расул Касымалиевич бир
жагынан толкунданып, бир жагынан туталанып, азга унчукпай калды. Класс
ичи дагы эле муюп турду.
Карагылачы...
Кыргызстаныбыз
- эгемендүү өлкө. Эгемендүү өлкөнүн
эгемендүү балдарынын Улуттук майра274
Яөлцк,
Умай бала
мы барбы? Барбы?.. - деп каИтадан суроолуу карады да, өзү жооп кылды. Жок! Дагы аИтам - жок!
Ошол үчүн, досторум, бардан жок болгончо, жоктон бар кылсак жакшы. Биз
силер менен бирге - Кыргызстан балдарынын өзүнүн Улуттук «Жомок маИрамын» уюштуралы...
- Аны эмнеден баштаИбыз? - деп тынымды бузуп жиберди АкылтаИ.
- Аныбы? - деп суроо коюп алды Расул Касымалиевич. - Аны жомок окуп,
үИрөнүүдөн баштаИбыз. Эзелки жомоктон келечегибизди издеИбиз, табабыз!
Анан ошол келечекке бирге барабыз...
Ошентти да, өзүнүн бүткүл оИ-максатын аИтып, өзүнүн «Шамбала», «Бакыт издеген бала» деген жомокторунун,
«АИжаз менен Бегулан» аттуу романтикалуу аңгемесинин инсценировкаларын
калтырды.
- Окуп үИрөнгүлө, анан ар бириңер
өзүңөргө жаккан ролдорду бөлүштүргүлө
да, сөздөрүн жаттагыла. Биринчи кар
жааган күнү жомок маИрамын өткөрөбүз.
Анткени жомоктор ак кардуу тоо-токоИлордун ичинде жашаИт... Билесиңерби?деп оИ таштап, Расул Касымалиевич
коштошуп чыгып кетти...
Сулайман
Рысбаев
'Беш.ин.ш
Баары жакса да, «Кап, Расул агаИ
ТТ
У
«_>
«_»
менен Умаи досум тууралуу сүилөшпөи
калдым да...» деген оИдо калды АкылтаИ.
«Жашыл-Нурабадда
балдарды сатып соода кылчу
жашыруун уюм бар»
аары бир, эртеси эле КаИыргүл
эжеИи аркылуу АкылтаИ Расул
Касымалиевичти тапты да, жоголгон Нуркан аттуу бала, ал тууралуу
ата-энесинен уккандарын, билгендерин
бүтүндөИ аИтып берди.
Расул Касымалиевич ошол эле күнү
ТаИыр иштеген жерге келип, Алымбек
Шаршенбаевичке жолугуп, уулунун жоголгонун, аны соодалап, каИсы бир жашырынган адамдар «жүз миң» сом талап
кылып жатышканын, алардын күндө
мазактап телефон чалып, бирок бир жарым аИдан бери уулунан же жашыруун
топтон даИыны жок экенин укту.
Расул Касымалиевич бул окуя менен
АкылтаИдан уккан буга чеИинки эки
окуяны салыштырып көрдү. Жакунун
жоголуп, табылышындагы окуя менен
окшоштурду. «Балким - деди оюнда, аны
Б
Явлцк
Умай бала
дагы операция кылып, бир мүчөсүн алып,
аны бигизбей айыктырып, анан бир күнү
таштап кетишер... Же, чындап эле жүз
миң сом талап кылып жатышкандыр...»
Анан оюна бир нерсе «тык» эте калып,
минтти.
- Балким, балаңызды уурдагандар
башкадыр, а сизди эрмектеп акча доолап
соодалашып жатышкандар башкадыр...
же, баары чогуудур...
Ушуну айтып, ал Жаку деген бала менен болгон окуяны ортого салды.
Эки-үч күндөн кийин эле «Кыргыз
байрагы» гезитине Расул Касымалиевичтин «Жашыл-Нурабадда балдарды сатып
соода кылчу жашыруун уюм барбы?»
аттуу көлөмдүү макаласы жарыяланды. Эмне үчүн ички иштер министрлиги
ушундайларды билип-туюп жүрүп унчугушпайт?! - деген чоң доомат коюптур
анда!
«Туура, - дешти окугандар, - биздин
милицияга колуна салып берсең да коё
берип оозун ачып отуруп калышат. Тоок
уурдасаң соттошот, бала уурдаганды таба
алышпайт...»
Ошол макала жарыялангандын эртеси таң эрте Расул Касымалиевичтин
жан телефону чырылдап калат. Караса
Сулайман
Рысбаев
"Бешинчи
ал - Алымбек Шаршенбаевичтин номери
экен.
- Сиз менен тезинен жолугушуум
керек... Мүмкүн болсо, жумушуңуздан
сырткары жерде, ээн сүйлөшөлү.
- Болот...
Ошентип экөө «Жибек жолу» гүлбагынын жээгинен жолугушту да, ээн
орундукту таап отурушту.
- Мен бир сыр көрдүмбү, билбейм...
Чын көрдүмдү билбейм... Кечээ кечтен
бери эсим ооп отуруп, сизди ойлодум...
- Айтыңыз...
- Айтам... азыр айтам... - деп жүрөгүнүн тушун басып энтигип алды. Жүрөгүм кысылып, энтиктирип жиберди.
Расул Касымалиевич кубара түшкөн
тиги кишини карап чочуп кетти.
- Эс алыңыз... Шашпаңыз...
- Коркпо, эч нерсе эмес... Азыр... Бул
«эзелки тарых» дегендей кеп, Расул Касымалиевич... Жүрөгүм ошону туюп жатат окшойт...
Ошентти да, ойлуу тартып сөз баштады...
Умай бала
Эски мыктын даты жаман,
эски кектин өчц жаман...
лымбек Шаршенбаевич мындан
алты-жети жыл мурда Өкмөттүн
ишкердикти өнүктүрүү иштери
боюнча бөлүмүндө лицензиялоо боюнча
жетектөөчү кызматкер болуп иштеген
болчу. Азыркы козу карындаИ жаИнаган менчик орто бизнести өнүктүрүү менен бирге, андагы көмүскө экономикага
көзөмөл күчөп баштаган чак эле. Көпчүлүк
бизнесчилер лицензиясыз иштеп, лицензиясы болсо да, өкмөткө жыл бою налог
төлөбөИ көпкөлөң тарткандар көбөИүп,
жең ичинен паИда көрүп, четтен келген
гранттарды чөмүчтөИ чалып, өлкөдөгү
бизнести өнүктүрүү боюнча түзүлгөн жагымдуу шарттарды өз көмөчүнө күл тартып паИдалангандар атасын тааныбаИ бараткан. ОшондоИ иштерди териштирүү
боюнча өкмөттүк комиссия түзүлүп, анын
төрагасы катары Алымбек Шаршенбаевич республиканын дубандарынын менчик ишканаларын текшерген.
Анын арты менен далаИ жашырынып
иштеп жаткан ишканалардын бети ачылып, өкмөткө налог төлөнбөИ, электр
энергиясына карызы жүз миңдеген сомго
А
Сулайман
Рысбаев
"Бешинчи
жеткен бир нече бизнесчилердин дайындареги табылган. Алардын ичинен миллиондогон сом карызы менен ойноп-тойлоп жүргөн «Сан-Таш» ишканасынын
жетекчисинин иши сотко өткөрүлүп берилген...
Сотко өткөрөрдө Алымбек Шаршенбаевичке Өкмөттөгү таасирдүү бир адам
телефон чалып, ошол ишти жаап коюусун өтүнгөн эле. Бирок принципке бекем турган жигит аны укпай койгон.
Анын натыйжасында «Сан-Таш» менчик
фирмасынын жетекчиси олбурлуу болук жигитттин иши сотко ашып, Алымбек Шаршенбаевич болсо Айыл чарба
министрлигине «өз арызы менен» которулуп кеткен...
Ошондон туптуура жети жыл куштай
учуп өтүптүр... Аны Алымбек Шаршенбаевич эстеп-эстеп жүрүп унутуп да койгон...
Эки күн мурда иштен кеч чыгып, карды ачкандыктан бир кафеге баш багып
чай иче кетүүнү туура көргөн.
Бир чайнек ысык көк чай демдетип
ичип, бурчта чекесин укалап отурган...
Ары жак, бери жакта отурган бейтааныш адамдарга кез-кез көз кыйыгын салып, чайдан ысык-ысык ууртайт...
Явлцк
Умай бала
Олбурлуу бирөө далысын салып арыта
отурган...
Эмнегедир эки көзү ошол адамдын далысына каИра-каИра урунат... Тааныш
деле эмес...
Бирок туюм деген - туюм белем...
Бир маалда ошол адам артында бирөө
карап отурганын билгенсип, кылчая карап алды.
Бир аздан соң, баягы адам Алымбек
Шаршенбаевичке каИра да бурулуп карады. Анан денесин бери бура обдулду.
ОИго тунган Алымбек Шаршенбаевич
карап турганы менен тааныган эмес...
Баягы олбурлуу адам орундугунан кычырата өИдө турду да, Алымбек Шаршенбаевичтин столуна келип шашпаИ отурду.
- Салоом алеИкум... Тааныган жоксуңбу?.. - деди тиги олбурлуу жигит.
УИкудан оИгонгонсуп, Алымбек Шаршенбаевич көзүн ирмеп алып, бет алдындагы адамды көңүл коё карады да, алик
алды.
- ТааныбаИ турасыңбы? - деди беИтааныш каИрадан каадалуу, чиренген калыбында.
- Жок, кечиресиз... Мен... баИкабаИ
отургам...
Сулайман
Рысбаев
"Бешинчи
- Кантип эле... чоң адамдар биздей бечараларды унутуп коёт да... Эмне, көк
чай ичип?.. Жумуштан кийин жакшылап эс алуу керек го... Аны сиз жакшы
билесиз го...
Анан официант кызды өзүнө чакырды:
- Сулуу кыз... Бизге «жүздөн» экини... Анан жакшы салаттан... Тезинен...
- Жок, мен рулдамын...
- Эч нерсе эмес...
- Убара болбоңуз...
- Эч нерсе эмес... Азыркы ЖашылНурабаддын көчөлөрүндө ичпеген адамК>
К>
X
У
дар машина айдай албай калышыптыр
го...
Башка жактан келгендей сынап сүйлөгөн бул жигитке эми Алымбек Шаршенбаевич «кайдан көрдүм эле» дегендей шекший карады.
- Сиз...
- Ооба, мени эми тааныдыңызбы?
- Жок... Кечиресиз сиз.
- Койчу маалкатпай, сен мени жакшы тааныйсың... Азыр «жүздөн» бирден
алабыз... Анан эстейсиң...
Алымбек Шаршенбаевич дагы эле
өк-төм унчугуп, кекээрдүү сүйлөгөн бул
Явлцк
Умай бала
жигиттен негедир шексине, бирок жакшылап эстеи албаи бүшүркөи көңүл ала
качты...
Тиги жигит Алымбекти күтпөИ эле
бир рюмканы тартып жиберди. Анан
шылдыңдаИ, каИрадан сылыктана сүИлөп
кирди:
- Алымбек Шаршенбаевич, сиз бир
кезде арстан болуп, мага окшогон коёндорду мыжып оИногондоруңузду унуттуңузбу?... «Сан-Таштын» чаИын ичип,
бирок маИын жебеИ Алымбек Шаршенбаевич мукактана калды, кеткениңизди
эстесеңизчи...
- Сиздин «чесныИлыгыңыздын» эсесин ким канча тартты?.. Билесиз... Мен
жарым жыл отуруп чыктым... Бирок
азыр кудаИга шүгүр, жашап жүрөм...
Жаман эмесмин. Сиз болсо, тишиңиздин
кирин соруп, сасыган бир бөлмөдө, сары
чаИ ичип жашап жатасыз...
- Эстедиңизби... Дагы да эстеИсиз...
Анан идиштин түбүндө калган аракты
өз рюмкасына толо куИду да, бирок
жактырбагандаИ болуп, кичине ээгин тиИгизип, каИра столго коИду.
- Мени эми көрбөИсүз... ИздеИм, табам,
- деп убараСырттамын...
болбоңуз. Мен
бул жакта эмесмин...
Бирок
мен
Сулайман
Рысбаев
'Беш.ин.ш
сизге эң керектүү кишимин... Эсиңизде
болсун! Тагдырыңыз - менин колумда.
Кош болуңуз! Артымдан чыкпаңыз!..
Эмне сөз болуп жатканын ойлоп түшүнө албай, отурган ордунда катып калган Алымбек Шаршенбаевичке анын:
«Тагдырыңыз менин колумда» деген табышмактуу сөзү мээсине мык болуп кайра-кайра кагылып жатты...
«Эмне үчүн? - деп ойлоп жатты ал башын мыкчыган бойдон. - Эмне үчүн менин тагдырым анын колунда болмок?..
Эмне, жети жылдан мурдагы эзелки
өчүн эми алып, мени өлтүргүсү келип
жүргөнбү?.. А өлтүргүсү келсе, коштошуп кетмек беле...»
Ошентип ой туңгуюгунан бошоно албай отуруп, башынын катуу ооруганынан
коркуп кетти... Коркуп кетти да, чайдын акчасын шашылыш төлөп, эшикти
көздөй басты...
Ошондо жоголгон уулун эстеди... Үйдө
күтүп отурган уулу жок, жүрөгү дагы
бир ирет «зыр» эте түштү. Анан жанагы
жигиттин «тагдырыңыз - менин колумда» деген кекээрдүү сөзү эсине келди...
«Эх!» - деп алды да, башы айланып,
өзүн жоготуп койду...
Явлцк
Умай бала
...Көзүнөн жашы кылгырып отуруп,
Алымбек Шаршенбаевич ушул окуяны Расул Касымалиевичке зорго аИтып
бүттү.
- Көрсө, баламды уурдаган зөөкүр
ошол экен г о . - деди оор үшкүрүнүп.
Эзелки кегин алгысы келген тура!.. «Эски
мыктын даты жүрөгүмө батып баратат...
Расул Касымалиевич, жанагы сиз гезитке жазып, көтөрүп отурган мамлекеттик
маселе - дал ушунун өзү эмеспи!
КаИгыга баткан адамдын ачуу үшкүрүгү Расул Касымалиевичтин денесин от
менен каптап өткөнсүдү.
- Көрдүңүзбү, - деди ошондо ал муштумун бекем түИүп, - зөөкүр кылмышкер
аз болсо да, уюмдашып алгандыгынан
улам күчтүү жана көп, а биз көп болсок
да бирикпегендигибиз үчүн азбыз, бечарабыз... Азбыз! Биригүүбүз керек...
Алымбек Шаршенбаевич эрксизден
көз жашын жүз аарчысы менен сүрттү.
- Сиз абдан туура аИттыңыз. Бул жеке адамдын жеке тагдыры эмес. Бул
- мамлекеттик масштабдагы көкөИ кести
проблема! - деп сөзүн андан ары улантты Расул Касымалиевич. - «Балалыкты
коргоо жана өнүктүрүү» аттуу комитет
Сулайман Рысбаев
"Бешинчи
түзүү өтүнүчү менен Өкмөткө кайрылып
жатам. Буюрса, макулдашып жатабыз.
Ага бүтүндөй күч органдары менен бирге
билим, маданият жана башка министрликтер да баш кошушат. Буюрса, мындай зөөкүрлөрдүн уюгун таап, ташын
талкан кылабыз...
Сөз бүтүп баратты.
- Мен доктурума барайын... - деди алсыз, Алымбек Шаршенбаевич жүрөгүнүн
тушун басып, - врачтардан зорго жооп
сурап келдим. Бул эле жердеги өкмөттүк
ооруканадамын... Эки-үч күн дарыланып
алып, сиз менен кабарлашайын...
- Мен да ага чейин бир нерсени ойлонормун. Буюрса, уулуңузду аман-эсен табабыз...
- Оозуңа май, Расуке... Балам аманэсен табылса...
Ушуну айтып, кайрадан жүрөгүн мыкчый калды:
- Эч нерсе эмес... Азыр...
Явлцк
Умай бала
Зөөкцрлөрдцн
жашыруун
жайы табылды
УмаИ бала учуучу килемине түшүп
алып, күндүзү да, түндөсү да бу
кең ЧүИдүн ар бир коктусу менен жылгаларын калтырбаИ көзөмөлдөп
жүрдү. Чыгышынан бери келгенде: СынТаш, Жылуу-Булак, Салкын-Төр, андан
аркы Ак-Булак капчыгаИлары аИрыкча
көңүлүндө турду. Анткени мурдагы окуя
эсинде турган: Салкын-Төр капчыгаИынын токоИлуу коктусундагы жашыруун
жаИдагы жертөлөнү канча ирет текшерди. Бирок ал жерде эч нерсе жок болуп
чыкты. Эми аИрыкча, Жылуу-Булак
капчыгаИы негедир көңүлүн буруп, бир
нерсенин шеги бардаи аиланчыктады.
Бир күнү күздүн саргаИган чөбү баскан билинбеген жол менен бир боз түстүү машина келди да, коктуга кирип
көрүнбөстөн жок болду. Аңдып келип,
үстүнөн каИкып учуп өтсө, дубалдаИ болгон тегиз буИткалуу бетте гараждын каалгасы түспөлдөнгөн боз темир каалга тургансыИт.
т/1
«_»
«_>
«_»
т -т
«_»
Каира-каира каирылып өттү... Умаи
бала баамдагандаИ эле, каалга экен.
Сулайман Рысбаев
"Бешинчи
«Болсо болгондур, бирок булар кимдер болду экен?..» деген ой Умайды бийлеп алды. - Бул, болду-болбоду жөн жай
жер эмес, жашыруун жай болсо керек.
Ким болсо да ушундай жерде бекеринен
жайгашкан ж о к .
Жүрөгү да сезип тургансыды бир нерсени. Кандайдыр бир туюм ал жер өтө
жашыруун жай экендигин, ал жерде эки
чоң адам, бир жаш бала бар экендигин,
экөөнүн ниетин кара чүмбөт басып, баланын жүрөгү көз жашка толуп, жарылар чегинде турганын сезди. Умай бала
кереметтү Умай энеден жардам сурап,
анын аныктыгын туйду... Булар баягы
Жакуну уурдаган зөөкүрлөр экенине да
чындап ишенди.
Бир канча убакыт көзөмөлдөгөн соң
гана, темир боз каалга билинбей ачылып,
баягы боз түстүү машина чыгып, ылдый
жөнөдү. Ийрилдик жолу жыландай чубалжып жаткан бу бозоргон тар коктудан боз машина билинер-билинбес эле
көрүнөт. Умай бала кайкып учуп келди да, машинанын үстүнөн айлана өтүп,
алдынан тороду. Машинадагы адам аны
көрүп, токтой калды. Көпкө чейин турду
да, машина кайра артка жөнөмөкчүдөй
Явлцк
Умай бала
көрүндү. УмаИ бала каИрадан анын арт
жагынан аИланып учуп келип, жолун
каИрадан тороИ келип жерге конду.
Машинанын каалгасы ачылып, узун
боИлуу бетине кара чүмбөт тагынган,
тартаИган адам чыкты. Чыкты да УмаИ
баланы карап туруп, бетин жапкан кара
чүмбөтүн чечип, жерге таштады.
- Сен баягы... немесиңби? - деди тиги
«зоңк-зоңк» эткен үнү менен, бирок таИсалдагансып калтырап тургансыИт.
- Тааныдыңбы?
- Ооба... деги сен, бала. Эмне деген
жансың?
- Мен...
- Же, менин жанымды алчу немесиңби? Же, Улуу кудаИдын периштесисиңби?
- КудаИдын атын оозанганыңа канча
болду?
- КудаИ урсун, аны оозанбаганыма
көп болду? Азыр каИрадан көрүнгөн улуу
сырдан улам, кудаИ бар экенине чындап
ишенип отурам...
- АндаИ болсо, мен УмаИ баламын,
- деди УмаИ бала, тигини сынаИ карап.
- Мен Улуу кудаИ өзү жараткан пенде
балдарынын коргоочусумун! СилердеИ
зөөкүрлөрдөн балдардын өмүрүн сакта289
Сулайман Рысбаев
"Бешинчи
ган сакчысымын!.. Кудай бар экенин
ойлосоң, ошол! Нуркан кайда?..
Бул суроого тигил зөөкүр буйдала калды эле, Умай бала демитип жиберди:
- Жакуну салган азапка Нурканды да
салып, муштумдай жаш жүрөгүнө көз жашын толтуруп, тумчуктуруп өлтүргөнү
калыпсыңар го! Таап бер азыр!
Чындыгында, бул - узун бойлуу тартайган адам сыягы жок таш боор неме,
баягы Жакуну уурдаган, анын бөйрөгүн
операция кылып сатып марыгандардын
бири, анан аны Умай баланын күчү менен, Термезге сатып жиберерде бакчасына аргасыз кайра жеткирип берген
зөөкүрдүн өзү эле. Ошондо, бул - «Паханына» калп айтып, жолдон рейдге кабылып, баланы издеп жүргөндөр кармап
алып, зорго качып кутулуп, машинам
менен «Бууракан» каналына түшө качып
араң аман калдым - деп, зорго жанын
сактап калган зөөкүрдүн өзү ушу эле.
Бир менчик фирманын ээсинин Нуркандын атасына болгон өчүн алып бермекке, анын уулун уурдап, «Паханына» апкелип берип, андан элүү миң сомду өз
энчиси катары алып маарыгысы келип
жүргөн зөөкүрдүн дал өзү ушул эле!
Явлцк
Умай бала
Мына эми, каИтадан УмаИ баланын
жолуна кабылып, колуна түшүп отурат.
«Уурунун жолу кууш» дегендин өзү
да ушу белем.
- Болуптур... - деди зөөкүр күрсүнүп,менин жанымды коИ, Нурканды өз
колуңа тапшырам...
- Качан?.. Ал каИда?
- Азыр аИта албаИм...
- Качан аИтасың?
- Эки күндөн киИин, үчүнчү күнү чак
түштө тетиги Кызыл-КаИкыдагы чоң таштын жанынан баланы алып кетесиң...
- Убадалаштыкпы?!.
- Сөз бүттү?..
УмаИ бала учуучу килемине отурду
да, жеңил көтөрүлүп, коктуну өрдөп кетти. Тиги зөөкүр болсо, эс-акылын жыя
албаИ, экинчи ирет көргөн бул кереметке
эмне дээрин билбеИ, жакасын карманып
көпкө турду.
Жакасын кармаса, миң кармана берсин, ал эми бул ирет кылган кылмышы,
адамга адам жасабаган зөөкүрлүктү жасагандыгы үчүн кудаИ алдында кантип
жооп берер экен?!.
КаИсы бир чет элдик наркобарондун
леИкоз болуп ооруган аялына жаш ба291
Сулайман Рысбаев
"Бешинчи
ланын таза канын куИса болот экен деп,
ошол максатта Нурканды уурдап келип,
анын жаш канын бир жарым аИдан бери
ал аялга куюп жаткан жашыруун экспериментти Улуу КудаИ кечиреби? Анан
иш бүтүрүшкөн соң, бечара баланы чет
өлкөгө чоң суммадагы долларга кул катары сатып жиберүүгө даярдык көрүп
жатышканын мыИзам кечиреби?! Улуу
КудаИ дагы, мыИзам дагы кечирбеИт!
Эгер ал максаты ишке ашпаИ калса,
бул эки зөөкүр Нуркандын атасынан талап кылган акчаны алышы керек эле да,
из жашырып, биротоло башка жакка кетиши керек эле... Алардын божомолдогону ушул болчу. Ошонусуна «жете алар
бекенбиз» деген эки көзү төрт болчу...
Зөөкүр ушуну оИлоп, үчүнчү күнү
эмне кылуу керектигин акылдашмакка «паханын» көздөИ аргасыз артка
каИтты.
Умай бала
Умай бала кайтадан
Акылтайга
келди
та-энеси «окубасын» деп катып
койгон «Кыргыз байрагы» гезитин Акылтай окуп алды. Андагы Расул Касымалиевичтин «Бала сатып
кылмышкерлик кылган зөөкүрлөрдүн
жашыруун тобу» туурасында чагылгандай жазылган макаласы Акылтай үчүн
жаңылык эмес эле. Аны Расул агайынын өзүнө айтып берген. Эчактан бери
Умай досу аркылуу алар менен күрөшүп
келаткан.
«Мейли, алар Өкмөт менен биргелешип балдарды коргоо комитетин түзө беришсин. Алар ишке киргенче, мен Умай
досумдан жардам сурайын. Балким,
Умай досум тезинен таап берер... » деген
ниетте, досу менен эртең жолукмакка
кыялданып жатып, Акылтай уктап баратты.
Дал ошол уйку-соодо Акылтайга Умай
досу жолукту. Кудум экөө бири-бирин
издеп, күтүп жатышкандай, бир күчтүү
туюм экөөнүн сезимдерин табыштырды.
Балким, экөөнүн ортосундагы биотелефон жардамга келип, экөөнүн туюмдарын
байланыштыргандыгынан болгондур.
А
Сулайман Рысбаев
'Беш.ин.ш
Экөө ошол биотелефон аркылуу туюмдарында сүйлөшүп жатты.
«Мен азыр сенден аябай-аябай алыстамын, - деп жатты Умай досунун назик
ички добушу. - Сен менин сөздөрүмдү
унутпай эстеп калууга аракет кыл. Ансыз
деле эске тутууң жакшы. Мен ЖылууБулак капчыгайынан Нурканды барымтага кармап жаткан кылмыштуу топту
таптым. Алар баягы Жакуну уурдап кеткен зөөкүрлөрдүн өзү экен. Үчүнчү күнү
чак түштө Жылуу-Булак капчыгайындагы Кызыл-Кайкыдан жолугасыңар... Мен
дагы ошол жерге келүүгө аракет кылам...
Сен тезинен Расул агайыңа айткын. Жардамчы күчтүү топ менен жашыруун түрдө
жолун тосуп кармашса болот...»
Умай досунун биотелефону үзүлдү белем, коштошпой сөзүн бүттү Умай досу...
Эртеси сабакка келген соң, түндөгү
Умай досунун тапшырмасын Расул Касымалиевичке айтканча шашты.
- Кайыргүл эжей, - деди биринчи эле
танаписте Акылтай, эжейин далистин
бурчуна чакырып. Анын үнү дирилдеп,
колдору калтырап турган болчу.
- Эмне болду? Ооруп калдыңбы?
Кайыргүл да сезимтал, сүйүктүү окуучусунун алайган көздөрүнө тигилди.
Явлцк
Умай бала
- Жок... ЭжеИ, Расул Касымалиевич
агаИ менен сөзсүз жолуккум келет...
АИта турган сөзүм бар...
Качан жолуктураИын.., - деп
КаИыргүл жан телефонун кармалады.
- Атам келгенче...
- ЖараИт...
КаИыргүл болгон сөздү аИтып: «Түшкө
чеИин мектепке келе алар белеңиз» деди эле, ал «макул» дегендеИ болду.
- СүИлөштүм. Бир сааттан киИин келем, - деди...
- Рахмат, эжеИ... Рахмат...
АИткандаИ эле, Расул Касымалиевич
киИинки танаписте ашыгып келип калды. АкылтаИ экөө сыртка чыгып, ары
жактагы токоИго кирип кетишти. АкылУ
ТТ
У
«_»
«_»
таи Умаи досу менен сүилөшкөнүн аитты
эле, Расул агаИы ишенип-ишенбеИ жатып макул болду. Тезинен ишке киришерин билдирип, каИтып кетти.
Алымбек
Шаршенбаевичке
келсе,
баягы белгисиз бирөө дагы да телефон чалып: «Балаң керек болсо, Жылуу-Булак
капчыгаИындагы 25-километр белгиси
коюлган Кызыл-КаИкыга чоң кара таштын түбүнө жалгыз кел. АИткан акчаңды
ала кел» деген буиругун угуп, элеиип
отуруптур.
Сулайман Рысбаев
'Беш.ин.ш
«Демек, чын экен. Баары дал келди» деп ойлоп Расул Касымалиевич Алымбек
менен кеңешип, ИИМдеги анын досторуна билдиришти. Алар тезинен күчтүү
куралданган «опер топ» түзүшүп, иштин
так планын түзүштү.
Ошентип, баары үчүнчү күндү күтүп
жатып калышты...
Капка салынган бала
аары алдын ала акылдашкандай
башталды. ИИМдин жети снайперден турган кыраакы «Бүркүт»
тобу экинчи күндүн түнүндө жанга билинбей Кызыл-Кайкынын арча-четиндүү
өйүз-бүйүзүнөн бекем орун алышты. Таңдан баштап кайкыдагы чоң кара таштын
айланасындагы жөргөлөп жүргөн чычкандарга чейин карап, көз салып жатышты. Булардын ичинде Расул Касымалиевич дагы бар болчу. Техникалык жардам
иретинде капчыгайдын оозундагы дачалардын ичине брондолгон үч «Жип» машинасы коюлду. Алар рация менен ар
бир эки мүнөт сайын байланышып жатышты. Ким билет, тиги зөөкүрлөр каяктан келет - капчыгайдагы жертөлөдөн
Б
Явлцк
Умай бала
келеби, же Жашыл-Нурабад тараптан
баИкатпаИ келишеби, белгисиз эле...
Чак түш да келип жетти...
Сааттын жебеси 12ни көрсөттү.
КапчыгаИ тараптан кара түстөгү брондолгон «Хамер» машинасы катуу ылдамдыкта келатты. Дал ошо маалда КызылКаИкыга кызыл-күрөң түстөгү «Ауди»
да келип токтоп, ичинен купкуу болуп
арыктаган Алымбек Шаршенбаевич жалгыз чыгып келди. Ал: «Мен мындамын.
Өзүм элемин» дегени эле.
Капкара «Хамер» Алымбек Шаршенбаевичке жакын келип токтоду да, арткы терезеси ачылып, кара чүмбөт киИген
адам көрүндү. Алымбек Шаршенбаевич
даярдап турган акчаны жылаңач тутамдап сунду...
«КанакеИ, балам» дегендеИ, акчаны
бергиси келбеИ, «баламды берсең, анан
акчаңды берем» дегендеИ, көз ирмемче
буИдалып турду Алымбек Шаршенбаевич.
КиИинки көз ирмемде акчаны алган
чүмбөттүү адам аИдоочуга кол шилтеди. «Хамер» «ар-рр» эте ордунан жылды. Ошондо даяр турган снаИперлер ок
жаадырып жиберишти. «Хамер» өгүздөИ
Сулайман
Рысбаев
'Беш.ин.ш
өкүрүп Алымбек Шаршенбаевичти аз
жерден тепсеп кете жаздап, жандап өтө
берди. Колунан акчасын алдырган Алымбек Шаршенбаевич аз жерден тепсендиде
кала жаздап чалкасынан кетти да, чаңга
аралашып жатып калды.
«Хамердин» ачуу күрүлдөгүн жамгырдай жааган октун үнү басып, капчыгай ичи заматта алааматка түшүп калды.
Эсине келе албай Алымбек Шаршенбаевич жакын эле жерден жаш баланын
үзүл-кесил уңулдап ыйлаганын угуп, обдулуп тура албай чаңда жатты. Үн кайдан
чыгып жатканын, өзүнүн кайда жатканын билбейт. Бир топтон кийин жанына
жетип келген Расул Касымалиевич бетине суу чачып өйдө кылганда гана өзүнө
келгендей болду да:
- Балам барбы, айланайын... - деп өңгүрөп ыйлап жиберди жаш балача.
Карбаластаган Расул Касымалиевич
ары-бери карады. Ошондо гана тээ арыта
чаңда оонап бир мешок жатканын, мешок былкылдап ичинде жандуу бир нерсенин бар экенин байкады. Андан жаш
баланын ыйы чыгып жатканын кулагы
чалды.
Умай бала
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Умай бала - 11
  • Части
  • Умай бала - 01
    Общее количество слов 4100
    Общее количество уникальных слов составляет 1995
    31.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Умай бала - 02
    Общее количество слов 4069
    Общее количество уникальных слов составляет 1868
    32.7 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.3 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Умай бала - 03
    Общее количество слов 4013
    Общее количество уникальных слов составляет 1894
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.2 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Умай бала - 04
    Общее количество слов 4003
    Общее количество уникальных слов составляет 1847
    33.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Умай бала - 05
    Общее количество слов 4054
    Общее количество уникальных слов составляет 1793
    34.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    46.6 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.9 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Умай бала - 06
    Общее количество слов 3996
    Общее количество уникальных слов составляет 1702
    32.0 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.2 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Умай бала - 07
    Общее количество слов 3828
    Общее количество уникальных слов составляет 1856
    28.8 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    40.3 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    45.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Умай бала - 08
    Общее количество слов 3900
    Общее количество уникальных слов составляет 1925
    30.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.5 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Умай бала - 09
    Общее количество слов 3970
    Общее количество уникальных слов составляет 1945
    32.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Умай бала - 10
    Общее количество слов 3833
    Общее количество уникальных слов составляет 1876
    32.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    44.1 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Умай бала - 11
    Общее количество слов 2301
    Общее количество уникальных слов составляет 1344
    32.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    45.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов