Latin

Кыргыз эл жомоктору - 8

Total number of words is 4117
Total number of unique words is 1937
35.0 of words are in the 2000 most common words
49.0 of words are in the 5000 most common words
54.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
кызга жолдош болуп кызматын кылам,-деди.
Ошентип, алар өмүр бою эң жакшы жолдош катары өз өмүрүн
өткөрүп жашап калышкан экен.
ОТУНЧУ ПАДЫША
Бир заманда Султаналы деген отунчу болгон экен. Өзүнө ылайык
кембагалдын кызы Умсунайга баш кошуп "эки бакыр, бир тукур" болуп
оокат кылышат. Аялы көп кечикпей эле эркек төрөп бериптир. Баланын
кубанычы менен жылаңач-жабык эстен чыгып кетет. Мырза аттуу баласы
бат эле чоңоюп, он жашка чыгат.
Султаналы үй-бүлөсүн, өз кардын тойгузуу үчүн "өлбөс оокат,
чыкпас жан" дегендей, кара жанын карч уруп, күнүгө талаадан отун терип
калаага сатуучу экен.
Күндөрдүн биринде кылаңгыр чайга тоюп, өлбөс оокатка жан
талашат. Койнуна бир көмөчтү салып, жолду карата көп ойлорду ойлоп
баш катырды. "Мен алтымыштан, кемпирим элүү жаштан аштык. Демек
экөөбүз тең картайдык. Артыбызда керки, чотту жыйнап, атыбызды
өчүрбөй турган тукумум Мырза бар. Жалгызымдын колун адалдап
коюуга кудуретим келбеди. Атаганат!"-деп далай жерге келип калганын
да өзү билбей калыптыр.
Отун алуучу жеринде эмне кыларын билбей, "урушарга жоо таппай,
урунарга тоо таппай" жолдун боюнда сары сан болуп терең ойго батып
отуруп калат. Бир убакта ордунан ыргып туруп артын көздөй жөнөйт.
Баратып кантип уулунун тоюн берүүнү ойлонду: "Кой, аздан акча
жыйнайын, катып койгон акчамды таптакыр унутуп калбайын, күрүч, кой
алып туруп, уулума той берип, элден бата алайын" деп кызык кыялга
батты.
Жолдо келе жатып көздүн жоосун алган сонун куурайларга көзү
түшөт. Ана-мына деп карап турбай Султаналы жол боюндагы шуудурап
турган куурайларды оро баштады. Күндөгүсүнөн алда канча көп куурай
жыйнап, бекемдеп таңып, көтөрүүгө көп аракеттенип, кара терге түштү.
Бир маалда эптеп дөңгө сүйрөп жеткирип, чарчап алы кеткендиктенби,
аны ордунан кайра жылдыра албады.
Бүткөн бою суу болуп, өзү кара терге түштү. Көтөрө албайт, көтөрүп
тура калайын дегенде, башынан ашып көмөлөнүп кетет. Бир туруп
ызаланып, бир туруп капаланды. Кандай жеткирүүнүн амалын таппай,
казыктай болуй жолду карап туруп калды.
Жолдон
өтүп
бараткан
жолоочу
көрүп-билип
тургансып
Султаналынын кыжырын кайнатып суроо берди. Ал жини келип:
-Көзүң көр, кулагың кереңби? Бооруң ачыса жеткирип бер, болбосо
эмнеге куру сүйлөйсүң,-деп кыйкырып үнүн катуу чыгарды.
-Ачууланба, чабалдык кылба, билем сенин эмне кылганыңды,
балаңа той берүүнүн камын көрүп, азап тартып, убара чегип жатасын.
Сен куу жаныңды кууратып эмне кыласың. Ыракаттан жүзүн көргөн
жериң жок, дүйнөгө келгениңден кийин жыргайм деп ойлосоң боло.
Отунчум куу жанынды кууратпай менин акылыма көн. Тетиги чоң ташты
көтөргүн, астындагы чуңкурга колуңду салсаң бир тасторкон, бир
бешмант, бир сака бар. Ошолорду алгын, көктөн тилегениң жерден
табылат.
-Аларды шаарга сатамбы?-деп Султаналы сураганда, жолоочу:
-Кокуй, андай кыла көрбө, кайсы тамакты көңүлүңө түшүрсөң ошол
замат даяр болот, каалаганча жеп, тасторконду кайра катып коюп
жүргүн. Бешмантты кийип алсаң, эл көзүнө көрүнбөй каалаган жерге
жетесиң! Саканы болсо, башыңа кыйын иш түшкөндө курал кыл. Саканы
тамдын төбөсүнө коюп туруп анын артынан өзүң чуркап бар. Сака
түшкөн жерде эшик ачылып калат. Ичине кирип ылдый түшсөң адамдын
көңүлүн чайыткан бак пайда болот. Ортосунда чоң жолу бар, жол менен
басып бараткаңда оң жагыңды карасаң бышып жетилген мөмөлөрдү
көрөсүң. Бирок сол жакка карабай, ар убак оң жактын мөмөлөрүн же. Сол
жактагы мөмөнү сага мурда ким жамандык кылса ошолорго берип жедир.
Аны жегенден кийин алар таш болуп катып калат. Каргап туруп берсең,
сен жаман санагандай болот. Кыскасы кандай ойлосоң ошондой болот,деди дагы жолоочу көздөн кайым болду.
Султаналы: "өңүмбү, түшүмбү", деп бир топко дал болуп туруп
калып, араң-араң эсине келди.
Султаналы жолоочу айткан чоң ташты ордунан жылдырып коюп,
дагы колун ийнине чейин төмөн карай салып, төмөнүрөөк жибергенге
коркту. "Колумду улам салам деп отуруп, өзүмдү сордурбайын, кой
кемпиримди жардам бергенге алып келейин" деди. Үйүнө барып
кемпирине сүйүнчүлөп, "жүр, кемпирим" деп, алып келди.
Султаналы чөк түшүп отурду да, артынан кемпирине этегин
карматып:
-Сак бол, кокус мени ары карай тартса, сен бери карай тарт, андай
кылбасаң мен өлдүм,-деди.
Кемпири ээгин тиштеп, Султаналыны бекем тартып, кыйналып
кысталып туруп тасторкон, бешмант, саканы сууруп алып чыкты.
Кубанычтары койнуна батпай, абдан сүйүнүштү.
- Кемпирим эмне жегиң келет?-деп жалт карады. Умсунай:
- Сары майга бышырылган каттама болсо!
-Мен да ошону каалаймын,-дей салды Султаналы. Ичинен сары
майга бышырылган каттама чык,-деп тасторконду ачты эле, тасторкон
толду, өлгөнчө жеп тоюшту.
Баягы жолоочу айткандай жеп бүтүп, кайра жаап коюшту. Айт
тамактар болуп, береке жайнап ырахаттын жүзүн көрө башташты.
Анан бешмантты кийип, Султаналы шаарга чыкмакчы болду.
Бешмантты алып, жолоочу айткандай эч кимге көрүнбөй шаарга кирип
барды. Султаналы шаарды аралап, бир жерди караса набайчы нан
чыгарып жатыптыр, "ушундан бирди алып көрөйүн, билинер бекен,
билинбес бекен", деп нанды алды дагы, тыяк-быякка карап көрдү. Бир аз
басып, кайра турду, набайчы аны менен иши да болбоду.
Султаналы дагы сынап, бир киши алма сатып отурган жерден
алмасын алды эле, эч ким көрбөдү. Андан ары бал саткан жерге келип,
оюндагысын алып, керек дегенин колуна кармады. Бирок такыр адамдын
көзү чалбады.
Султаналы кездеме саткан соодагердин жанына келип: "Бул
адамдын акчасын алайын" деп ойлонуп, коюн кончуна тыгып акчаны ала
берди. Бул дагы көргөн жок.
Анан Султаналы келатса, базарда чөнтөкчү уурдаган акчасын
санап туруптур. "Мейли бул дагы бирөөлөрдү какшаткан акча", деп анын
дагы акчасын, алды.
Ары барса, кай бирөө какшап, кай бирөө боздоп жүрүшөт.
Султаналы абайлап канча жоготсо, ошончо акчаны орундарына салат.
Андан ары сыйкырдуу бешмант менен жүрүп отуруп кайыр -тилеген
пенделердин арасына келип баягы акчаларды берип отуруп, аны дагы
апың-упуң кылды.
Жолдо келе жатып Султаналы бир казыга кезигип калды. Казынын
башындагы жибек жоолугуң алып жаман чүпүрөктөрдү ороп койду. Казы
бул ишти байкабай жүрө берди, ары өткөн, бери өткөндөр шылдың
кылышып шермендеси чыкты.
Сыйкырдуу бешмант менен аман-эсен Султаналы үйүнө келип
болгон иштердин чыпчыргасын коротпой аялына айтып берди.
Арадан көп убакыт өтпөй Султаналы: "Эми саканы сынайынчы", деп
үйүнүн үстүнө чыгып, жолоочу айткандай саканы атып жиберип, анын
артынан өзү келди. Шарт этип эшик ачылып, мөмөлүү бактар көрүндү.
Мөмөлөрдү көрүп, айран таң калып, оң тарабындагы жемиштерди татып
көрдү.
Жолдун сол жагындагы ашпурт, анжыр, алмаларга көзү түштү.
Самсаалап турган анжырдан бирди үзүп алып, өзү жебей: "Умсунай муну
жакшы көрүүчү эле",-деп сүйүнгөн бойдон кемпирине аласала алып
келди.
Умсунай "жеп коеюн" деп, оозуна салаары менен мышык болуп
мыялап калды.
Султаналы аргасы кетип, айласы түгөндү. Умсунай дубалга чыгып,
эмне кыларды билбей жалдырап турду.
"Бир анжырдын азабынан кемпиримден айрылдым", деп кокуйду
үстөккө-босток айтып, эстен танды. Аргасы кетип көзү карайлап, баягы
сакасын калчап, бактын оң тарабындагыга барып, анжыр, ашпурт, анар,
жүзүм терип алды дагы, бирден мышыкка зордоп жедирди. Анжырды
жегенден кийин кемпир өз калыбына келди.
Султаналы сүйүнүп, "Кемпиримден бөөдө ажырап кала жаздадым",
деп мөмөлөрдүн кандайы дабаа, кандайы залал боло турганын жакшы
билди. Султаналы сыйкырдуу бешмантты көп кийип күндө базарга
барат. Арам тамак соодагер, байлардын акчасын алып, кембагалдарга
таратып берет. Кембагалдар тоюнуп жыргашты. Кандын казынасын
чачты. Короо-короо кой, өрүшү менен жылкыны таратып, кедейлердин
жарпы жазыла баштады.
Жердин үстүндөгү жемиштер дагы калганы жок, утурумдук оокат
үчүн Султаналы Умсунай экөө алтын саканы ыргытып коюп жер
астындагы бактардын мөмөлөрүн сата баштап турмушу оңолду.
Бир күнү Султаналы баласына той берип шаардын падышасын
вазирлери менен чакырып ааламда жок даамдарды тасторкон жасап,
аябай тан калтырды.
Кетээрде падыша Султаналынын сыйкырдуу бирдемеси бар экенин
билип, анын сырын билиш үчүн:
-Мындан ары жакшы жүрөлү, келишип кетишип туралы, балким
кудалашып каларбыз,-деп өзөр-мазир сөзүн айтты.
Султаналы кубанычы терисине батпай:
-Кулдук-кулдук,-деп таазим кылды.
Мына ушундан баштап падышанын кызы Айжамал менен Мырза
көп ойной турган бодду.
Бир күнү Султаналы менен Умсунай бир жакка кетишип, баягы
сыйкырдуу бешмантты үйгө унутуп калтырышат.
Айжамал менен Мырза бышып турган коонго барат да ээси кармап
алып, Айжамалды жибербейт. Ошондо Мырза кызга боору ачып,
сыйкырдуу бешмантты алып келип, коонду оюнча жеп, каалаганча алып
кетишет.
Бешмантты үйүнө коюп, Мырза билмексен болуп калды.
Айжамал болгон ишти төкпөй, чачпай атасына айтып келди.
-Сен ошол бешмантты алып келсен, алтындан сөйкө жасатып
берем,-деп падыша кызына убада кылды.
Кыз атасынын айтканын орундатып, сыйкырдуу бешмантты алып
келип берди. Падыша сыйкырдуу бешмантты сынап көрүп, бекем катып
таштады.
Бир күнү Султаналы менен Умсунай экөө дагы айылчылап
кеткенде, Мырза Айжамалдын астына барбактап тасторконду жайып,
түрдүү оокатты жайнатат. Каалаганча жешип, тасторконду кайра ордуна
илип коюшат.
Айжамал үйүнө келип атасына сыйкырдуу тасторкон жөнүндө айтып
берет. Атасы аябай кубанып кызына:
-Сага алтын шакек берем, ошол тасторконду алып келсең,-деп дагы
жумшайт.
Сыйкырдуу тасторкон да алынып келди.
Султаналынын тырпы тышына айланып, бешмант, тасторкондон
ажыраганына аябай капаланды. Ким колдуу болгонун дароо байкады.
Алтын саканы ыргытып, анан өзү чуркап жердин алдындагы бакка
барып, мөмөлөрдү эки-үч чакадай жыйнады. Кыштын кырчылдаган күнү
падышага тартуу кылып алып барып берди. Баарысы аң-таң калып, жеп
жыргашты.
-Эртең дагы алып келем,-деп убада кылды.Султаналы бактын сол
жагындагы мөмөлөрдү терип туруп падышаныкын көздөй басты.
Султаналы:
- Мен бирден оозуңарга салам, оозуңарды ачып, көзүңөрдү жумуп
тургула - дегенине падыша менен вазирлер макул болду.
- Падыша мышык, вазирлери ит болсун,-деп Султаналы шыбырап,
колун бир силкип койду.
Ошондон кийин баарысы айткандай болду. Падышанын тактысына
өзү олтуруп, адил иш жүргүздү. Жоголгон буюмдарын таап, жаркырапжайнап жатып калган экен.
СУЛУУ КЕЛИН
Бир жигиттин түшүнө ай десе аркы жок, күн десе көркү жок сулуу
кыз кирет. Ошо сулууну табам деп ал жигит:
Медийнанын беш бурчун,
Беш айланып кыдырат.
Төгөрөктүн төрт бурчун,
Төрт айланып кыдырат.
Баягы ойдогу сулуусу табынбайт. Жалдырап жигит жолго салат.
Келе жатса бир булактын башында тамагынан ай көрүнгөн бир сулуу
келин олтурат.
Жигит ойлоно калып: "Менин түшүмдөгү көргөн кыз келин болуп
калды. Мейли тобокел, ушуга сөз салып, тийсе алайын -деп камчысын
бүктөп олтура калып:
-Экөөбүз баш кошсок кандай болот?-ден сулуу келинге кеп салса,
ал макул болот.
Сулуу келинди жигит алып үйүнө барат. Жигит үйүнө баргандан
кийин үй-турмушу оңолуп, тамак-ашы жайнап жатып калат.
Бир аз убакыттан кийин баягы жигиттин өңү саргарып, арыктай
баштайт.
Ал жигиттин бир досу болот. А жигитке досу учурап:
-Ай, сенин өңүң эмне саргарат?-дейт. Аңда берки жигит:
- Билбейм!-деп жооп берет. Анда дос житити:
- Өңүндүн саргарганын сен билбесең, мен билем. Аялың аял эмес,
карган ажыдаар. Бул карыганда оокат кыла албай калганда кубулуп
келин болгон. Муну алдың, азапка калдың. Өзүңдү баш кылып бул
шаарды сордурасың,-дейт.
Сулууну алган жигит ишенбейт: "Кантип эле ажыдаар аял болуп
калсын",-деген ойго келет. Анда берки дос жигити:
- Болуптур, мага ишенбесең бара көрөбүз,-дейт.
- Сен бүгүн түнү чыпалагыңды кес. Чыпалагыңды чынанган тузга
малып жат. Аялың таңга маал уктайт, ошоңдо курсагын сына, киндик
болсо аялың киши, киндиги жок болсо, аялың кар-таң ажыдаар, элдин
убалына калба,-дейт.
Баягы жигит досунун тилин алып, колун кесип тузга малып,
аялынын ичин сыйпаласа, киндиксиз.
Шек алдырбай эртең менен эрте туруп:
-Сенин айтканың чын экен,-деп досуна баягы сөздү жашырбай
айтат.
Анда досу:
-Мен сенин сулуу аялыңды көрө албагандай ойлодуң эле. Бүт иш
чындык болду. Бирок аялыңдын эки айлык боюнда бар.
Ошол аялың төрөгөнчө, соода кылам деп бир шаарга кет. Тогуз ай,
тогуз күндү болжоп үйгө кел. Ошол учурда аялың толготуп төрөйт. Ошо
менен макул болуп шаарга кетип, айтканындай тогуз айда кайта келип
досуна учурайт.
-Эми бүгүн аялың толготуп жатат. Бала жуп төрөлүп түшүп
баратканда, аялыңдын мойнун кыя чап!-деп колуна кылыч берет.
Ошондо сөөгү эрип, көлкүлдөп жумшап калат. Бир өлтүрсөң ошондо
өлтүрөсүң. Бирок баланы ылдам ал,-дейт.
Айтканындай төрөп жатканда кылыч менен аялынын мойнун кыя
чапса, башы өгүздөй, денеси кырк кулач ажыдаар болуп сулайт.
Баягы аял эркек төрөйт. Баланы антип-минтип энесинин алдынан
алганча, энесинин мойнундагы эки тамчы кан баласынын көкүрөгүнө
таамп калат.
Баланы ороп:
- Эмне кылам,-деп баягы досуна барат. Ошондо досу:
- Аялыңдын терисин сыйрып алып, калган денесин өрттөп ийгин!деп колуна бир куура кестик берет.
Кара кестик менен ажыдаардын терисин тилсе, ажыдаардын
терисинин калыңдыгы үч карыш болот. Терисин сыйрып алып, денесин
отко өрттөйт.
Ушуну менен бала чоңоет. Он сегиз жашка чыккан учурунда бир
көтөрүп келген отуну бир шаардагы элге бир кышка жарайт. Бир ичкенде
бир шаардын тамагын бир ичкен, ушунчалык алп, күчтүү бала болот.
Күңдөрдүн биринде баягы досу учурайт.
-Ии, досум, баягында мага ишенбей, аялымдын сулуусуна ичи
тарып жатат деп ойлодуң эле. Бул чындык болду. Эми балаң кандай?деп сурады.
Аңда сулуу аял алган жигит:
-Таң, билбейм, баланын бир көтөрүп келгенин бир шаар бир жыл
оокат кылат. Бир жолу ичкенде бир шаардыкын бир эле ичет.
Аңда досу айтат:
-Болуптур, досум, мени достукка санап, балаң экөөң тезинен үйгө
келип, конок болуп кет,-дейт.
Берки жигит макул болуп, алты күндөн кийин барса, берки досу бир
темирден үй жасайт. "Темир үйдүн ичин кызын-тазын кооз кынат.
Өзү ачылып, өзү жабылган эки жагынан эшик жасайт. Досуна
жакшылап тамак берет. Баягы баласы экөөн ээрчитип темир үйгө астына
өзү, ортосуна досу, артынан бала кирет. Өзү менен досу мурда чыгат.
Баягы үйдүн ичиндеги кооздолгон нерсени карап, бала алаксып ошол
үйдө калат.
Эки дос ээрчишип эшикке чыгышат. Бала элең-булаң эки жакты
карагыча, үйдүн ичиндеги эшик тарс жабылып, бекилип калат. Бала
бакырганда деминен темир көккө үч тийип, жерге үч түшөт.
Досу эл-журтту жыйдырып, темирден казык кылдырып, чынжыр
менен чырматып, темир үйдү жерге кагат. Бир сындырым нан, суу менен
жети күнү баланы багат. Жети күндөн кийин өзөгү карарып, бала
жыгылат. Жети күнгө чейин берки досу жетимиш кулач ор каздырып, бир
бээни жардырып, жылкынын эки казысын катар койдуруп, жети нан
үстүнө, жети кетмен астына коюп, казган оруна таштайт. Жетимиш
балбанга жетелетип баланы ордун үстүнө алып барат. Ачыгып калган
бала оп тартып, нанды, этти караганда баланын оозунан эки жылан атып
түшүп, нан менен баягы жылкынын казысына барып сайылып, бала
чалкасынан кетет. Ошондон кийин бала куландан соо таптаза болуп
тамак ичип, адам болуп калган экен.
БАЙДЫН ЭРКЕ БАЛАСЫ
Илгери, илгери бир байдын жалгыз эрке баласы болгон экен. Ал
бала: "О атамдын ушунча малы, дүнүйө-мүлкү, өзүмдүн сулуу аялым
бар. Атам өлсө да мен эчтемеден кор болбойм", деп ойлочу экен.
Баланын колуктусу акыддуу болот.
Күндөрдүн биринде атасы өлүп, энеси, аялы үчөө калат. Атасынын
жыйган мүлкү, малы түгөнөт. Эч кандай оокат кылар нерсеси жок
калганда, баланын колуктусу:
-Ой, атаңын жыйып берген мал-мүлкү, дүнүйөсү түгөндү. Сен иштеп
оокат тапсаң боло,-дейт күйөөсүнө.
Анда күйөөсү:
-Жо-ок, мен иштебейм, сени кайтарып олтура берем. Болбосо
сулуулугуңа кызыгып бирөө алып кетпесин,-дейт.
Анда келинчеги:
-Жо-ок, мен сенден бөлөк эч кимге көңүл бурбайм. Сага менбир гүл
берейин, ошону жакаңан түшүрбөй тагып ал, эгер ошол гүл солуп калса,
анда мени бирөө алып кеткени! Жок, эгерде солубаса, кетпегеним,-дейт.
Бала аялынын бул айтканына макул болуп, бир шаарда жашаган үч
бир тууган байга малайлыкка барат. Үч бир туугандын улуусунун аты Адыл, ортончусунун аты -Мадыл, кичүүсүнүн аты - Жалын экен. Ошентип
бала оокат кылып жүрө берет.
Күндөрдүн биринде Адыл:
-Ой, иним, алдагы жакаңдагы кызыл гүл эмнең - деп баладан
сурайт.
Анда бала:
- Бул менин аялымдын белеги. Эгер ушул гүл солуп калса,
аялымды бирөө зордуктап алып кеткени. Солубаса, аялым мени күтүп
үйдө отурганы,-деп сырын айтат.
- Ал аялың кандай, кереметтүү эме беле?-деп Адыл сурайт.
Анда бала:
-Аялым дүйнөдө жок ашкан сулуу,-дейт.
Ошондо Адыл: "А бул бала кем акыл турбайбы. Мен буга билгизбей
мунун үйүнө барып, байлыгымды айтып, сулуу аялын бузуп алайын",-деп
ойлонуп калат.
Күндөрдүн биринде Адыл баягы келиндин үйүнө келет. Келсе,
баланын аялы жакшынакай кабыл алып, коюн союп, коногун кылат.
Жатаар мезгилде аял эшиктеги баланы чакырып:
- Коноктун атын жайла,-дейт.
- Атты кандайча жайлайм?-деп бала сурайт. Анда келин:
- Атты ала баканга аса байла, төрт туягы булганып, конок капа
болбосун, төрт туягын сыйпалай таза байла,-дейт.
Ал сөз атты тазалап союп, этти ала баканга аса байлап, илип кой,
төрт туягын тазала дегени, терисин жайып, туздап кой дегени экен.
Андан кийин келин балага:
-Куш коңгуроо чалбасын, муну байка,-дейт. "Куш коңгуроо чалбасын
муну байка", дегени эшикти калдыратып табыш бер дегени экен.
Бала атты байлап, ишти жайлап, эшикти кагат. Эшикти какканда
келин тура калып конокко карап:
- Кокуй, конок аке, айып этпей тура кал, кайненем катуу киши эле,
каарданып келе жатат,- деп үй астындагы ордун оозун ачат. Конок
чуңкурдун түбүндө калат, келин шып этип ордун оозун мыктайт. Тыптынч
жакшынакай уктайт. Ошо боюнча конок эшикке чыкпайт. Эртең менен
эрте, таң агарып атканда, тараза жылдыз батканда келин:
- Бу да сиздин насибиңиз, - деп эки сындырым нанды конокко
таштайт.
Андан кийин баладан сырды сурап билип, Адылдын үстүнө Мадыл,
экөөнүн үстүнө өрт жалындай Жалын барат. Үчөө бир чуңкурга түшүп
калат. Ошентип акылман келин үчөөнүн бирдей акылын табат.
Ошондуктан ушундай аялдарды упалуу аял деген экен.
Күндөрдүн биринде баягы бала иштеп таап келген оокаты жок кур
алакан үйгө келет.
-Алган нерсең кана? Бир жыл бою талаалап жүрдүң, бир тыйын
тапкан пулуң жок. Сенин тапкан пайдаң кайда? Үч байдын өзүн же өлүгүн
көрсөтөйүнбү?-дейт аялы.
- Кой, өлүгүн көрсөтүп эмне кыласың, өзүлөрүң көрсөт, - дейт. Анда
келин:
- Кой, өзүлөрүн көрсөтсөм, түбү өзүңө зыян болор,-деп келин айтса,
бала кежирленип болбой ордун оозун ачып, баягы Адыл, Мадыл жана
Жалынды чыгарып алат.
Ошондо баягылар:
-Биздин аттарыбыз кайда?-деп келинден сурашат. Анда келин:
- Ала бакандан сурагыла,-деп жооп кайтарат. Баягылар:
- Ала баканың эмне?-деп барышса, аттын туягы, кулагы ала
баканда илинип турат.
Ошондо Адыл, Мадыл жана Жалын: "Бул келин өзү сулуу болгону
менен акылы ашкан шум келин экен. Биздин төбөбүзгө жете электе
көзүнө көрүнбөй эптеп качып кетели", - деп түнү менен качып кетишет.
Ошентип бала акылдуу аялы менен түбөлүккө бактылуу жашап
калган экен.
ЖЕТИМ БАЛА
Илгери-илгери бир жетим бала болгон экен. Ал бала бир байдын
колунда коюн багып, эптеп күнүмдүк оокатын өткөрүп жүрөт. Бир күнү
бала байдын малын түшкө жайып коюп, өзү уктап калса, малын жортуп
жүргөн ууру айдап кетет. Бала ойгонсо, койлорунун бирөө да жок.
Чочуган бойдон кырдан-кырга чуркап койлорун издеп жөнөйт, бирок
эчтекенин дайны жок, жалпайып бир жерге барып отуруп калат.
Аңгыча алыстан үч караан көрүнөт. Малынан үмүт кылган бала буту
жерге тийбей баягы караанды көздөй дагы чуркайт. Жетип барса, ал
жерде үч киши отурат. Бала:
- Байкелер, мен коюмду жоготуп издеп жүрөм, көрдүңөрбү? Мага
жардам кылып койгула болбосо, бай мени өлтүрүп коёт,-деп жалынат.
- Мунун бышыктыгын кара. Кой көрдүңөрбү дейт тура,-деп уурулар
баланы кармап алып эсин оодара урушат. Көпкөн немелер баланы
көтөрүп алышып ээн талаа, эрме чөлгө ташташат.
Бир оокумда асманда айланып жем издеп жүргөн бир чоң бүркүт
баланы көрүп тумшугу менен тике сайылып жерге түшөт да, баланы
асманды көздөй алып, сызып жөнөйт.
Канатын күүлөп учуп отуруп, бүркүт бир зоокага барып конот. Бала
эсине келип көзүн ачса, жанында калкайган кара бүркүт жүрөт. Баланын
тирүү экенин көргөн бүркүт ордунан козголуп кайра учуп жөнөйт.
Бир топтон кийин бала эсин жыйып эки жагын караса, адамдын
эскирген жана жаңы сөөктөрү жайнап жатканын көрөт. Баягыларды көрүп
баланын зээни кейип ыйлайт. Айланасын караса, жол жок, кылычтын
мизиндей аркайган аска-зоонун кырында турат.
Бир оокумда кырк нар жетелеп кербенчилер келет. Алар баланы
көрүп:
-Ай, бала, алдагы тоонун башынан, алтын-каухар ташынан кырк
төөгө жүк чыккандай кулат. Анан сени биз эптеп түшүрүп алабыз,-дешет.
Баягы бала кербенчилердин тилине ишенип алтын-каухардан кырк
төөлүк кылып кулатат да:
-Байкелер, эми мени түшүрүп алгыла,-дейт. Кербенчилер:
-Эми бир келгенде түшүрүп аларбыз, ошол жерде жата бер,-деп
кырк төөгө алтын-каухар жүктөп, үч кербенчи кете берет. Чарчаган бала
катуу уктап калат. Эртең менен ойгонуп, дагы түшүүнүн айласын издеп
бир топ аракет кылат. Бирок зоокадан эч жол таппай катуу капа болот.
Бала дагы тырмалап жол издей баштайт. Ошентип отуруп бир жерден
билинер-билинбес бир кишинин изи баткаңдай жылчык көрүнөт. "Эми
тобокел, ушул жылчык менен эптеп кыялап түшүп көрөйүн", - деп бала
баягы жылчыкты көздөй барып, коп кыйынчылыктар менен акыры жерге
түшөт.
Ошол жерден жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир мээ кайнаган ээнталаа, эрме чөлгө келет. Бала тери шорголоп, каны катып суусап, эмне
кыларын билбей турса бир жерде оймоктой булакты көрөт. Ал булактын
жанында үч аппак улак ойноп турат. Бала баягы булакка бети-колун
жууп, суусуну канганча ичип, тегеректи карап олтурса, баягы үч улак
секирип бышкырып, таманын такылдатып, көкүлүн сексендетип жолго
түшөт. Бала да баягы үч улактын артынан түшүп жөнөйт.
Нечен күн, нечен түн жол жүрүп, каны калып бир кашык, эти калып
көк жашык, буту серпилбей калганда бир караан көрүнөт. Бала ошого
жетейин деп тырмышып олтуруп келсе, жети бөлмө там турат. "Кандай
болсо да ушул жерде бир адам бардыр", - деп бала тамдын түбүнө
жатып уктап калат.
Кеч бешимде бала керилип уктап жаткан мезгилде бир абышка
келет. Ал абышка келип, баланын ары жагына, бери жагына чыгып
байкап:
-Бул жерге адамзат келчү эмес эле. Кайдан келген бечара болду
экен?-деп таң кала карап туруп басып кетет. Көрсө, ал аксакал ошол
жердеги канаттуу куштардын эсебин алган экен.
Бир оокумда бала ойгонот, абышканын жанына барып салам айтат.
Абышка:
-Ээ, балам, бул жерге адам баласы келчү эмес эле. Сен кайдан
келдиң?-деп сурайт.
Ошондо бала башынан өткөн-кеткенин төкпөй-чачпай айтын берет.
Абышка баланын башынан өткөргөндөрүн угуп олтуруп:
-Адамзаттын чегинен чыгып, перилердин чегине келипсиң. Бул
жерден эми кетишиң кыйын,-дейт.
Анда бала:
-Кетишим кыйын болсо, ата, сизге эле бала болоюн,-деп суранат.
Абышка макул болуп, алты бөлмө үйүнүн ачкычын берет. Бирок бир
бөлмөсүнүн ачкычын бербейт. Баягы алты бөлмөдө дүр-дүнүйө, ар
түрлүү тамак-аштар көп экен. Бала тамак-аштан ичип-жеп жүрө берет.
Бир күнү бала отуруп: "Атам мага алты бөлмө үйдүн ачкычын
берди. Бир бөлмөнүн ачкычын сурайын, берсе берээр. Бербесе
уурдайын",-деп ойлонот да, абышкадан бала ачкычты сурайт. Анда
абышка:
- Ээ, балам, ал ачкычты сурап эмне кыласың? Азапка башың
чырмалат. Ал азаптан кутулбай, артыңда бир топ чыр калат,-десе бала
болбойт.
Акыры бала абайлап туруп, жетинчи бөлмөнүн ачкычын уурдап
алып ачса, алтын түркөк, күмүш бакан, чынар терек, түрлүү гүл, ЧатырКөл бар экен.
Карап отурса бир үч көгүчкөн учуп келип, Чатыр-Көлдүн жээгине
конуп, адамзаттай тил кирет.
Баягы үч көгүчкөн сүйлөшүп, улуусу:
- Ээ, бул жерде адамзаттын жыты жыттанат,-дейт. Ортончу
көгүчкөн:
- Ооба, эжеке, чын эле адамзаттын жыты жыттанат,-дейт. Кичүүсү:
- Адамзат бул жакка келбейт. Эчтеме жок эле турат. Булардын
мурунунун жыттуусун!-деп кичүүсү кебин чечип ыргытып жиберсе, күндөй
сулуу кыз болуп калат.
Муну көрүп бала тура калса, эки көгүчкөн чочуп кетип учуп кетет.
Бала баягы кыздын көгүчкөн көйнөгүн барып басып калат. Бу перинин
кызы этин күнгө да, адамзатка да көрсөтпөй түшөт экен.
Баягы кыз көлдөн акырын чыгып жигитке басып келет да:
-Ээ, жигит, болуптур, сен менин этимди да, бетимди да көрдүң.
Көгүчкөн көйнөгүмө дагы колуң тийди. Эми мен адамзат жыттанып
калдым. Никем сага түшкөн экен. Бирок иш кыйын, катуу жабырчылык
тартабыз, менин көйнөгүмдү бер. Барсам деле ата-энем адамзат
жыттанып калыпсың деп, үйгө киргизбейт бу жерге турсак атам сени да,
мени да өлтүрүп коёт. Мен барып ата-энемден эптеп уруксат сурайын,деп жалынса бала болбойт. Акыры экөө жетелешип баягы куштун эсебин
алган чалга барышат.
Ошондо чал балага:
-Балам, пери деген ушул. Кой десе болбой колго, чач кирпигинден
көп шорго түштүң. Болуптур, бул кыздын көйнөгүн бер. Мунун атасыперилердин падышасы. Бөөдө өлүмгө дуушар болосуң. Бу кыз үйүнө
барып келсин. Баары бир үйүнө барганда деле "адамзат жыттанын
калыптырсың", деп үйүнө жолотпойт,-деп абышка көйнөктү алып берет.
Ушуну менен баягы кыз көйнөктү алып, көзүнүн жашын көл кылып,
эки эжесинин артынан кетет.
Эки эжеси үйгө мурун жетип, берки байкуш артында калып,
караңгыда барат. Ата-энеси суракка алып, кызды караңгы жерге камап
салат.
Эртең менен эрте эне-атасы туруп, кызын кашына чакырып алып,
сөзүн угат. Кыздары төкпөй-чачпай көргөнүн айтып берет. Ошондо
перилердин падышасы, кыздын атасы:
-Өлүмгө даба, ууруга айла жок, никең ошого түшүп калды. Быяктан
канаттуу куштун кебинен алып барып, күйөөндү алып кел,-деди.
Кыз балага канаттуу куштун кебин кийгизип, ата-энесинин астына
алып келди.
Ошондо кыздын атасы:
-Болуптур, балам, таруудай калың берип алгының,-деп буйрук
берди.
Бала:
-Мен калыңды кайдан табам. Калың эмес менин таруум да жок,деди.
Анда кайын атасы:
- Тарууну сен таппасаң мен табам,-деп бир кап кара таруу, бир кап
ак таруу берип:
- Кара таруу менен ак тарууну аралаштырып, жети жолу желден
өткөрүп сапырып, эки бөлүп эки жерге коюп, ак таруунун ичинде бир
томолок кара таруу, кара таруунун ичинде бир томолок ак таруу
калбасын, экөөнү таң атканча терип чык,-деп буйрук берди.
Муну угуп бала айласы кетип зарлап ыйлап колуктусуна келет.
Колуктусу:
- Эмне буйрук алдың?-деп сураса, бала:
- Ээ эмнесин билейин, "ак таруу менен кара тарууну экиге бөл", деп
буйрук кылды атаң,-деди.
Анда колуктусу:
-Ээ, ал эчтеке эмес, андан коркпо, уктап жата бер. Бирок атам эрте
турат. Ошол учурда эки кап таруунун ортосунда бол,- деди.
Жигит макул болуп уктап жата берди. Кыз таң атканча перинин
кыздарына тарууну тердирип койду.
Эртең менен жигит зрте туруп баягы тарууну теримиш болуп отуруп
калды. Кайнатасы келип, баланын тарууну бөлүштүрүп койгонун көрүп:
- Эми экинчи буйругумду берейин,-деп экинчи буйругунда андан да
күчтүү кызмат берди.
- Айнектен эки катар жети бөлмө там салып бер. Жети бөлмө
тамдын бирөөндө алтын чынар орногон май күл, анын ичинде алтын
балык болсун. Чынар теректин үстүнө тоту куш консун. Бирөөндө күмүш
чынар орноп, сүт көл болсун. Сүт көлдүн ичинде күмүш балык ойноп,
күмүш чынардын үстүнө күмүш куйрук булбул конуп, алтын балык сүткө
секирип, күмүш балык май көлгө түшүп, биринин балыгы бирине барып
ойноп турсун,-деди.
Жигит капа болуп, кыйналып үйүнө барып:
- Атаңдын буйругун кантип аткарам?-деп жубайынан сурады. Анда
кыз:
- Сен буга кыйналып капа болбо. Мен муну таң атканча бүтүрүп,
иштеп коем,-деп күйөөсүнүн санаасын тыңдырды.
Баягы кыз атасынын айткандарын аткарды. Кыз эртең менен эрте
туруп, жигиттин колуна алтын балканы берип:
-Айнекти сындырбай, босого жаккы көзүн акырын тыкылдатып тур,деди.
Бала эртең менен эрте туруп, колуктусунун айтканына кынды.
Ошондо кайын атасы каарданып, кабагына кар жаап, мурутуна муз
тоңуп, андан да катуу буйрук берди.
"Эми эки буйрук беремин, ошону аткарып кетсең кызымды ал.
Менин биринчи буйругум, үч кызым коендой окшош. Ушунун улуу,
кичүүсүн туулгандан бери өзүм билбейм. Өз колуктуңду өзүң таап ал"деди кыздын атасы.
Бала колуктусунун жардамы менен кайнатасынын ал буйругун да
аткарды.
Каардуу кайнатасы ага да болбой баланы кыйнап дагы буйрук
берем дегенде бала менен кыз бел байлап качып чыгышты. Кайнатасы
кыз менен жигиттин аркасынан куугун жиберди. Куугунчулар жете турган
болгондо кыз сыйкырлап, жигит менен өзү бөдөнө болуп жерге түштү.
Аны бүркүт болуп эки жигит теберинде жигит менен кыз таруу болуп
чачылды. Эки жигит таранчы болуп терериңде жигит менен кыз жылан
болуп жерге сойлоду. Эки жигит жыланды бармагына чаларында, кара
ташка чабарында ак балык болуп кара сууга ойноду. Кайырмак ийип,
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кыргыз эл жомоктору - 9
  • Parts
  • Кыргыз эл жомоктору - 1
    Total number of words is 4156
    Total number of unique words is 1977
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    50.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыз эл жомоктору - 2
    Total number of words is 4170
    Total number of unique words is 1648
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.0 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыз эл жомоктору - 3
    Total number of words is 4207
    Total number of unique words is 1798
    35.1 of words are in the 2000 most common words
    48.1 of words are in the 5000 most common words
    55.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыз эл жомоктору - 4
    Total number of words is 4198
    Total number of unique words is 1764
    36.6 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    55.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыз эл жомоктору - 5
    Total number of words is 4102
    Total number of unique words is 1820
    36.2 of words are in the 2000 most common words
    49.3 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыз эл жомоктору - 6
    Total number of words is 4313
    Total number of unique words is 1648
    41.4 of words are in the 2000 most common words
    55.9 of words are in the 5000 most common words
    61.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыз эл жомоктору - 7
    Total number of words is 4122
    Total number of unique words is 1646
    38.4 of words are in the 2000 most common words
    52.5 of words are in the 5000 most common words
    59.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыз эл жомоктору - 8
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 1937
    35.0 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыз эл жомоктору - 9
    Total number of words is 4142
    Total number of unique words is 1774
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    47.9 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыз эл жомоктору - 10
    Total number of words is 1330
    Total number of unique words is 720
    46.2 of words are in the 2000 most common words
    57.5 of words are in the 5000 most common words
    62.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.