Latin

Кыргыз эл жомоктору - 1

Total number of words is 4156
Total number of unique words is 1977
32.3 of words are in the 2000 most common words
44.0 of words are in the 5000 most common words
50.7 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Дөбөдөй болгон чоң аюу муштумдай болгон коёнду кармап алып, эч
бир жазыгы жок байкушту кулагынан чойгулап кыйнайт. Өлүмгө
жеткирбесе да эсин оодарганга чейин алпарат. Ошондо коен капаланып:
-Кулак жазылар, көздүн жашы кургар, бирок ушунча кордук көрө
турган эмне жазыгым бар! Аюу токойдогу аңдардын чоңу, күчтүүсү,
карышкыр менен түлкү араларынан кыл өтпөгөн ысык достор. Эми мен
кимге корголойм?-деп арман кылат.
Ошол убакта калың камыштын ичинен:
- Мага корголо!-деген бир абдан ичке үн чың эте түштү. Коен
көзүнүн кыйыгы менен караса, үн чыгарган чиркей экен.
- Сен мени коргой аласыңбы? Аюу аңдардын чоңу, күчтүүсү, сен
болсо чиркейсиң. Сенин колуңдан эмне келет?
- О, жолуң болгур! Мен аны уктатпай, тынчын кетирүүгө жараймын.
Ошону билбейсиңби?
...Жайдын ысыгында токойдо чабыттап жүргөн аюу жанын коерго,
жер таппады. Тынчы кетип, бүлдүркөндүн жалбырагынын үстүнө дем
алайын деп жатса, кулагынын түбүнөн ызың-ң, ызың-ң-ң деген дабыш
чыгат. Аюу чиркейдин табышын угуп, тааныйт. Чиркей аюунун мурдуна
келип конуп, каңылжарына кирип кетет. Аюу чыдабай күчүнүн
бардыгынча таманы менен мурдун ургулап, жерге ооналактап эси оойт.
Дыңылдаган чиркейдин үнү кулагынан кетпейт. Аюу андан жүрөксүп
коркуп, "эми кай жериме конор экен" деп уктамыш болуп, козголбой
тыңшап калат. Аюунун бут жагында ызылдап жүрүп, бир кезде чиркей
ың-жың дабышы жок болуп кетет.
"Чиркей учуп кетти го" деп ойлоп турганда, ал аюунун кулагынын
түбүнө эптеп коно калып, "тыз" эттире чагып алат. Аюу көзүнүн от
чагышып кокуйлап ордунан ыргып турат. Оң таманы менен кулагын
кагып: "Жеди эле жеди! Бу кандай жаны бек неме эле" деп өңкөлөңдөп
качып жөнөдү.
Чиркей токойду кыдырып, бутак, бадалдарды койбой тинтип,
дыңылдап аюунун артынан түштү. "Зың-ң-ң - ызың-ң-ң" деген чиркейдин
үнү аюунун алапайын таптырбайт.
Жүгүрүп отуруп бир жерге келгенде алы кеткен аюу эс алгысы
келип, башын бадалга сүйөп уктап кетсе түш көрөт. Түшүндө токойдун
ичинен аарынын уюгун таап алат. Аарынын уюгундагы балга бутун сала
берерде "зың-ң-ң - зың-ң-ң" деген үндү дагы угат. Баягы чиркей аюуну
дагы кууп жөнөйт. Көзү умачтай ачылып, кайран неме зымырылат.
Аюу жан талашып качып баратса да чиркей тынчтык бербеди.
Ызылдап, ызылдап келип кайрадан жымжырт боло калат. Аюу
шектенгендей тыңшап туруп, жаңгак жыгачынын түбүнө жашырынат. Бир
аздан соң кыйналган шордуу көзүн жуумп үргүлөп кетет. Бирок чиркей
мурдагыдай эле ызылдап аюунун жанын жай алдырбай таң атып, күн
чыкты. Уйпаланып, түктүйүп уктабай сенделип келе жатса, чиркейдин
ызылдаган үнү аюунун кулагына дагы угулду. Ал селт эте түштү.
Алыстан байкап турган коён чиркейге:
-Жарайсың, кайраным!-деп көзүнүн жашы чыкканча күлүп, ыраазы
болот.
Чиркей болсо аюуга:
-Коендун күйөөрү жок деп ойлогонсуң го. Эми, баатыр акеси,буга
кордук көрсөткөнүңдү койгун. Мунунду койбосоң, айлаңды гана кетирем
да, тытынып жүрүп өлөсүң!-деп коркутуп "ызылдап"учуп кеткен экен.
КУУ ТҮЛКҮ
Жолборс бир түлкүнү кармап алат. Түлкү куйругун буландатып,
тумшугун жогору көтөрүп:
-Мени жей албайсың! Мен мына бул калың токойдун кожоюну болуу
үчүн келгенмин,-дейт.
Жолборс ары карап, бери карап анын сөзүнө ишенбейт. Анда түлкү:
-Жоке, ишенбесең мени менен бирге токойго баргын. Андагы
бардык айбанаттардын менден кандай корко тургандыктарын өз көзүң
менен көргүн!-дейт.
- Көрсө көрөйүн,-деп жолборс түлкүнү ээрчип жөнөйт.
Түлкү анын алдына түшүп алып, абайлап жүрүп отурат. Жолборсту
көргөндөрдүн жүрөктөрү түшүп, туш-тушка качып, жым-жым жок
болушат. Канаттуу куштар уяларынан уча качышат. Түлкү жолборско:
-Жоке, менден коркпой турган эч ким жок экендигине эми көзүң
жеткендир-дейт.
Анда жолборс:
-Чындыгында сен абдан барктуу экенсиң. Айбанаттардын баары
сыйлап, абдан коркушат тура. Сени менен эрегишип, жамандык кылуу
болбойт,-деп түлкүдөн коркуп, кое берет.
Ошентип куу түлкү куулугунан өлүмдөн кутулган экен.
ЭКИ УЛАК
Ак улак менен кара улак ары жүгүрүп, бери жүгүрүп жан-жагын
карап секирет. Бир жагында калың бадал, бир жагында калың тикен, эч
кандай кой-эчки көрүнбөйт.
- Сен ак улаксың, тил укпаган акмаксың! Мени ары бери сүйрөп
жүрүп акыры адаштырдың, жаның барында койду таап бергин,-деп ак
улакка кара улак айтат.
Кара улак бир күн мурун туулган. Денеси чымыр, маңдайында
жумуру эки мүйүзү бар. Ак улакты боорум экен деп, жан тартчу эмес.
Кичине эле кылт этсе: "Ак улаксың, акылы жок акмаксың",-деп
шылдыңдап, ачууланса мүйүз матап, бөйрөккө сүзүп жиберчү. Кара улак
өзү жалакор, ак улак жакын келсе эле: "Мына жердин чөбүн жеп койду,
ба-а - ба-а!" деп бакылдачу. Эми адашкандан кийин айласыз "ак улак"
деп гана турат. "Ай, ак улак, акмак! Жаның барда түш деймин, бас
деймин" деп, кара улак секирди. Ак улак ары ойлонуп, бери ойлонуп,
зирек неменин жүргөн-турган жерлери эсине түшүп, беркиге кайрылды:
- Узап кеткен койду кантип табабыз, тоону ашып жайлоого барып
калган чыгар. Жайлоого жол таап баруу эң кыйын болсо да, жол издеп
көрөйүн. Сага айтайын дегеним, эчки менен эрегишпегин, менин
айтканымды иштегин. Муну орундатпасаң адашып өлөбүз. Ак улактын
"өлөбүз" деген сөзүн кара улак укканда үрөйү учуп коркуп кетет.
Кара улак канча тентек болгону менен, ак улактын тилин алууга
убада берет. Ак улак жол баштап алдыга түшөт, калың чөптү жапырып,
алдынан аң, таш жолукса секирип өтүп, жүрүп отурат.
Ошентип ак улак, кара улак экөө тоонун этегине келип жетет. Эки
жагын караса көрүнгөн эч нерсе жок, жымжырт.
Капысынан алдыларынан бир түлкү чыга калат.
-Өзүң аппак, сулуу улак экенсиң, агаң дагы келишкен неме тура!
Чарчап калган чыгарсыңар, биздин үйгө барып даам татып кеткиле.
Менин дагы силердей эки балам бар, бирге ойноп, кумарыңарды жазып
эс аларсыңар, -деп, түлкү ичинен "ак улак кичинекей экен, капысынан
эбин таап жеп алайын" деп ниети бузулат.
Айта турганын мурунтадан ойлоп койгон ак улак:
- Түкө, тетиги дөбөнүн башында, кара таштын астында бизди
карышкыр күтүп турат. Ал кара улак экөөбүздү конокко чакырган. Сизди
ээрчип кеткенибизди көрсө, ачуусу келет го, кашакеңдин каары катуу
эмеспи. Эми өзүңүз деле биз менен кошо жүрүңүз.
- Анда эмесе жарайт, силер кете бергиле, мен артыңардан
барармын,-деп түлкү куулук кылып калып калат.
Эки улак кетип бара жатканда алдынан көк жал карышкыр каршы
чыгып, оозун араандай ачып, эки улакка тап берет. Карышкырды көргөн
түлкү сайга кире качат. Карышкыр дароо жара тартпай сөзгө келет:
- Кардым ачып куркулдап калдым эле, мындай жакшы болорбу, мен
силерди жеймин,-дейт. Анда Ак улак дагы чыңылдайт:
- Кашаке, тетиги дөбөнүн башында, кара таштын астында бизди
арыстан күтүүдө. Ал тоодогу жортуп жүргөн кайберендерге, учкан куш,
айбанаттарга падыша болуп келүү күнү келиптир. Эртең мененки
тамагына эки музоону, түшкү тамагына эки улакты, кечкисине эки козу
жейт экен. Сиздин бул кылыгыңызды байкаса, буркан-шаркан болуп
ачууланып өзүңүз жаздым болбоңуз, мейли жей бериңиз! Аңгыча
болбой:
- Ме-ке-кээ, карышкыр, арстанды карагын! Бака-ка! Чакырып жатат,-
деп кара улак тикчилиндеп бакырып жиберди.
Карышкыр шаштысы кетип:
-Бакбай балааңдан, жакпай жалааңдан - деп качып жөнөйт. Эки
улак жүгүргөн боюнча бир тоонун башына чыгышат. Эки жакты карашса,
тоону бөксөлөп бир короо кой жайылып жатат. Койдун артында астында
аты бар, кашында ити бар койчу келе жатат. Койду көргөндө
кубанганынан эки улак "мака-каа" деп маарап кое беришет.
Чолпон ата жол баштап, мурун келген ак улакты жерден көтөрүп
ала коет да:
-Мен силерди ой-кыр койбой издеп таба албай койдум эле.
Өзүңөрдүн таап келгениңерди карачы, жарайсың, ак улагым, ап-пагым:
"Ак улак акмак" деп мазактагандардын өздөрү акмак – деди да ак улакты
кучактап бооруна кысты.
КҮКҮК МЕНЕН ЗЕЙНЕП
Илгери илгери бир куш жыгачтын башына уя салып, эки балапан
чыгарат. Ал балапандарынын биринин аты Күкүк, экинчисинин аты
Зейнеп экен. Балапандар бат эле чоңоюп, уядан учууга жакындап калат.
Учуп кетүү алдында Күкүк менен Зейнеп даярдык көрүп, алмак-салмак
канаттарын күүлөп, машыга баштайт.
Бир күнү Зейнеп канаттарын күүлөп бүтүп, ордуна келип жаткан
соң, Күкүк уянын кырына чыгып талпына баштайт. Ошентип жатып Күкүк
кулап кетет да аңкилдек атып отуруп жердин түбүндөгү жаракага кирип
кеткен экен.
Уяда калган Зейнеп бир тууганына кантип жардам берерин билбей
чыйпыйы чыгып чыркырап кала берди. Күкүк ошол бойдон дайынсыз
жоголду.
Бир оокумда Зейнеп менен Күкүктүн ата-энеси келип, Күкүктүн
жардан кулап кеткенин угуп, артынан издеп жөнөшөт. Ошол бойдон алар
да жаракага түшүп жым болду.
Бир нече күн уяда жалгыз "Күкүк" деп сайрап отуруп, акыры Зейнеп
да учуп кетет. Ошол күндөн ушул күнгө чейин Зейнеп бир тууганын
чакырып "Күкүк" деген боюнча жүрөт экен. Ал эми Күкүк болсо, жер
алдында жашап, жер үстүндө калган бир тууганы Зейнепти
сагынганынан "Зейнеп" дей берет экен. Алар бирин бири издеп, үн
алышып сайрап, жолугарына жакын калганда таң атып кетет экен да,
жер алдындагысы "эртең издейинчи" деп кашаңдай түшөт. Ал эми жер
үстүндөгүсү болсо, "кеч кирип, таң атсынчы" дейт экен да экөө тең
табышалбай жүрөт имиш.
ЖЫЛАН МЕНЕН КИШИНИН АРБАШЫ
Илгери-йлгери бир дыйкаң болгон экен. Эгинин отоп жүрсө, жакын
эле жерден ышкырган дабыш чыгат. "Эмне болду экен?"-деп карай
калса, бет маңдайында эки-үч кадам аралыкта эгинден да бийигирээк
болгон жылан куйругу менен тикесинен турат. Дыйкан апкаарып
жыланды тиктеген боюнча туруп калат. Баягы жылан да кишиден көзүн
албай, тостоё тигилет. Дыйкан да көзүн ирмебей көпкө чейин карап тура
берет.
Бир топтон кийин дыйкан жылан менен арбашып калганын билип,
бир аз эсин жыйып, мындай учурда эмне кылуу керзк экенин элден
уккандары боюнча жасоого аракет кылат. Жылан менен арбашып
турганда ал кыймылдап, же бурулуп кетпей, жыландын атын табууга
аракет кылып, ар кандай ысымдарды айта баштайт: "Мар", "Могой",
"Мокочо", "Кайыш", "Айнек", "Айнеккөз", "Уу", "Заар", "Чаар"!
Бирок жылан эч кыймылдабай тикесинен катып турат. Дыйкан
жыландын аты ушул болуп калбасын деп болжогон сөздөрүн жобурап
улантат. Бирок таба албайт. Жылан анда-санда ышкырып коюп, тилин
соймоңдотуп, дыйкандан көзүн албай кыймылсыз. Булардын арбашуусу
созула берип, бир топ убакыт өтөт.
Түш ченде дыйкандын кызы атасына тамак алып келет. Келсе,
атасы жылан менен тиктешип турат. Атасы күндүн ысыгына какталып
тура берип, бүткөн боюнан шорголоп тер кетип, деми кыстыгып, ичи көөп
бара жаткан экен. Жыланды караса анын да ичи көөп, шайы кетип, көзү
тостоюп чанагынан чыгарына аз калыптыр. Кыз жүрөгү түшүп бир кадам
жасай албай каккан казыктай туруп калат.
Кызыын келгенин билген дыйкан: "Топчумду чеч!"-деп айтууга гана
араң кудурети келет. Эмнегедир шол замат баягы жыландын ичи тарс
эте жарылып, сулап жатып калат. Көрсө, жыландын аты "Топчу" экен.
Жыландын аты табылган соң, ичи жарылып кетиптир.
Жылан менен арбашкан адам, жыландын атын таба албаса ичи
көөп, жарылып өлөт экен.
Ошентип дыйкан жыланды жеңип бала-бакырасы менен аман-эсен
оокатын кылып жатып калган экен.
КУЙРУГУН ЖАЗАЛАГАН ТҮЛКҮ
Түлкү талаада жойлоп жүрсө, ит ээрчиткен аңчылар көрүп калат.
Алар тайгандарын агытып, түлкүгө кое беришет. Түлкү буту-бутуна
тийбей качып отуруп тайгандан кутулбасын билгенден кийин жакын
арадагы ийинге кире качат. Ошентип, тайгандар оозунан жулдурган
бөрүдөй болуп, аңкайып сыртта туруп калышат.
Ийиндин түп жагына жетип, бир аз эс алган соң түлкү:
-Көзүм, көзүм, сен эмнени көрдүң,-деп көзүнүн сурайт. Анда көзү:
-Мен болгон окуянын баардыгын көрүп турдум. Тайгандар
жакындап келе жатканын, ушул жерде ийин бар экенин көрдүм,-дейт.
Түлкү:
-Кулагым, кулагым сен эмнени уктуң?- деп сурайт. Анда кулагы:
-Аңчылардын кууп келе жатканын, иттердин арылдаган үнүн угуп,
сага алардын жер жарган дабышын билгиздим,- деп жооп берет.
Андан кийин түлкү:
-Мурдум, мурдум, сен эмне кылдың?- деп сураса, анда мурду:
-Мен коңурсуган жаман жыттуу иттердин жакындап калганын сезип,
сага билгиздим, - деп жооп берет.
Түлкү:
-Буттарым, буттарым, силер эмне кыддыңар?- деп сураса, буттары:
-Биз күчүбүздүн келишинче тез чуркап, иттерге жеткирбей, сени
ушул ийинге алып келдик,-дешип жапырт жооп беришет. Алардын
жоопторуна маашырланган түлкү:
- Куйругум, куйругум булар мага минтип жардам берди, сен эмне
кылдың?- деп сураса, куйругу:
- Мен тайгандар келе жатканда коркконумдан эч айламды табалбай
сенин эки арткы бутуңа жашынып калдым - дейт.
Ошондо түлкү ачуусу келип:
-Сен менин буттарыма жолтоо кылып, тез чуркатпай кармап жаткан
турбайсыңбы. Иттер кармап алсын деген арам ойдо экенсиң го! Мен
сени иттерге салып берейин, акеңди гана таанытайын,- деп ачууланып
куйругун ийиндин сыртына булактатып, боортоктоп жатып калды.
Ийиндин оозунда аңдып турган иттер сүйүнгөн бойдон түлкүнү куйруктан
тиштеп чыгарып, талап киришти.
Ошентип, куйругун жазалайм деген кем акыл түлкү өзү кырсыкка
учурап өлүптүр.
АЛДАНГАН КАРЫШКЫР
Илгери-илгери капчыгайлардагы коргул таштардын арасына бир
түлкү ийин жасап алып, анда көп жылы жашап, тар ийинге эч ким
каттабаптыр.
Бир күнү күн аябай суук болуп, түлкү ийинден чыгып, тамак издеп
жойлоп жөнөйт. Ал кетээри менен ачка, кынжыйган, бир карышкыр
түлкүнүн келишин күтүп, ийинге жатып алат.
Түлкү жолу болуп курсакты кампайта тойгузуп, кечке жуук ийинге
келди. Караса, карышкырдын изи, дароо ойлоно калды.
"Эгер карышкыр болсо, мени соо койбойт, амал табайын" деди.
Ийиндин оозунан алынын бардыгынча:
-Ийним, ийним! Барсыңбы, мен келдим,- деп обон сала кыйкырды.
Карышкыр болсо, "чоң жырткыч айбан келген экен" деп былк этпей
дымып калат.
Түлкү дагы чыйкылдады:
-Ийним, ийним! Сен соо эмессиң го, келгенимде жооп берүүчү элең,
ал кайратың кайда кеткен!
Карышкыр түлкү экенин билгеңден кийии:
- А-у, а-уу!- деп обон сала күркүрөп жооп берет. Түлкү болсо,
карышкырдын бар экенин билип:
- Ошентип бая эле айтпайсыңбы, мен карга оонап, тазаланып
келейин!- деп шылтоолоп туруп, жылт коёт. Ач көз акмак карышкыр эми
тоём деп тилин саландатып, түлкүнүн келишин күтүп жата берет.
Аң уулап жолу болбой келаткан мергенчилер ийинди көрүп, капкан
салып койсо, карышкыр түшүп калат. Ошентип түлкү амал менен бир
ажалдан калат да, карышкыр алданып өлгөн экен.
ТҮЛКҮ МЕНЕН КАРЫШКЫР
Бир күнү түлкү куйругун булактатып, тилин саландатып, ээн жерде
келе жатып, жалгыз аяк жолдун таманында жаткан койдун куйругун
көргөндө кубанып кетти. Аны тегерене карап, салып койгон капканды
көрдү да, шилекейин чууртуп, эмне кыларын билбей туруп калды.
Аңгыча желип-жортуп карышкыр келди. Түлкү жагалданып:
-Каке, келиңиз, келиңиз, куйруктан көп жеп коюп май кекирип турам.
Алдагыны сизге сактап койдум,- деди.
"Астында капкан болбосун?" деп шектенген карышкыр анчалык
көңүлсүнбөй мыкчыя тигилди.
-Кээде ушинтип кекирейип каласыз... жебесеңиз өзүм үйгө алып
кетейин,-деп түлкү баягы май куйрукка тап бергенде, карышкыр түлкүдөн
мурда озунуп сугунмак болду эле, тумшугу капканга чабылып калды.
Куйрук четке ыргыды. Түлкү аны илип алды да:
-Жат, бөрү аке, жабышып, капкан менен кабышып!
Эртең эрте ушерден,
Ээси менен табышып,-деп шаттанып ырдап, желе-жорто жүрүп
кетти.
ТҮЛКҮ, ЖОЛБОРС, АЮУ, КАРЫШКЫР
Жолборс, карышкыр, түлкү, аюу - төртөө жолдош бодду. Тапканын
ортого салып, оокат кылмакка убада кылышты. Анан келе жатышып алар
төөгө кезигишти. Төөнү да "бизге жолдош бол" деп төртөө кошуп алды.
Узак жол жүрүшүп, курсактары ачты. Түлкү буларга масылат кылды:
- Ии, бул төө ынанса, баасын он койго чегерелик. Жазында ар
бирибиз экиден кой десек, бул турган төртөөбүз сегиз кой беребиз. Эки
кой өзүнө эсеп болсун, ушуну менен баасы тынат,-деди. Бул сөздү түлкү
баштап, төөнү карызга соймокко, ага бурулушту:
- Төртөөбүздөн сегиз кой ал, экөө өзүңө эсеп. Эби келсе сени соёлу,
жазында койду алып магдырап жатып каласың. Койду бооз, кысыр
дебейбиз, колго тийгенин беребиз! Койлор бооз чыгып калса, төлү менен
он алты болот. Козулары сенин пайдаң, мындай пайда эч жерден
чыкпайт,- деп түлкү деле шек билгизбей жубатты. Төө ойлонуп: "Бул көп
олжо экен, булардын коюн алыш керек",-деп өзүн он койго баалап,
тартайып чөгүп, мойнун сунуп, көзүн сүзүп жатып берди.
"Кылыйган кыраан түлкү, жүргөн жери күлкү, бул төө-түлкү акемдин
мүлкү" деп, этин бешке бөлүп: бир бөлүгүн жолборско, бир бөлүгүн
аюуга, бир бөлүгүн карышкырга ыйгарып, бир бөлүгүн өзүнө чыгарып
алды. "Төө куру калабы" деп бир бөлүгүн түлкү төөгө бөлдү да, өзүнө
тийиштүү этке кошуп койду. Бөлүктөн ашып калган төөнүн бөйрөгүн
Түкөң тымызын култ эттирип алды. Карышкырга бирөөн алыңыз деп
ишарат кылып турганда, аюу саксайып "жүрөгү жок го" деп, ы-ыңк" этти.
Дардайып тура калган Жокең:
-Төөнүн бөйрөгү кана?-деди. Түлкү "Бөрү жеп койду окшойт"
дегенсип кыйыгы менен ишарат кылды.
Каары келген жолборс бөрүнү бир чаап өлтүрүп таштады. Аюу,
жолборс эттерин бөлөк жыйып коюп, тамашага кетти. Алар келгенче
түлкү акең карап турабы, төөнүн этин бүт бойдон бир үңкүргө бекитти.
Бир убакта аюу менен жолборс келди да:
- Эт кана?-дешти. Буга түлкү:
- "Эмитен жаңжал кылып жүргөн немелер мага кийин кой береби?"деп төө айнып туруп кетип калды,- деди. Аюу менен жолборс буга
ынанып калышты. Түлкү аларды алагды кылып ээрчитип, бир заңгелге
алып барды да жолборско кайрылды:
-Атаң ыраматылык ушул капчыгайдын тигил өйүзүнөн бул өйүзүнө
секирип чыгып кетүүчү эле кайраның! Сен өтө албайсыңго, коркок
көрүнөсүң! Жолборс "бул эмне?" дегендей аны кекээрдүү тиктеп,
дардайып жөнөдү. Мактангысы келди окшойт, жүгүрүп келип баягы
заңгелдин башына ыгдырылып тура калды. Түкөң жалынга май
тамызгандай кылды:
Чамынганы, басканы, сын-сыпаты атасы ыраматылыкка окшош.
Аттиң ай, азыраак коркогу болбосо, атасынын эле өзүн тарткан экен!..
Атаң ашкан эр эле, качыргандан кайткан эмес, кармаганын куткарган
эмес. Бет алган жагынан эзели кайра тартпай түйүлгөн боюнча секирип
кетээр эле, жүрөгүң тайкы дебейин, бирок жаштыгын да! - Ошондо
Жокең далдаңдап түйүлүп калган тура.
Анан күркүрөгөн бойдон таштан ташка тийип, бели сынган жолборс
өлдү. "Жокемдин сөөгүн таза жерге коем" деп, түлкү кийин этин жемекке
зыңыйта жашырат. Жанында жалгыз гана аюу калды. Түлкү мындан
башкасын амал менен өлтүрүп бүтүрдү.
"Эми аюу акеме кезек келди го, мунун да эсебин табайын" деп
ойлонду. Жаткан жеринде катып койгон эттен кыйыбын таап, түлкү акең
аюуга көрсөтпөй, аста-секин жей берди. Аны аюу билбейт, ачка кесээрип
алсыроодо.
Аюу уктай албай жатса, -түлкү кыртылдатып бир нерсе жегендей
болот. Анда аюу түлкүгө муңдуу кайрылат:
- Ээ, түлкү дос, сен эмне жеп жатасың?
- Ээ, аюу балбан, чыдай албай, ачкалыктын азабынан өз ичимди
жарып, чучугумду жеп жатам. Ачкалык азап тура.
- Андай болсо мен да өз чучугумду чубап жесем болобу?
- Болбой эмне, сен деле мендей жан турбайсыңбы, чучугуңду чубап
жей бер. Эртең эле айыгып калат. - Аюу чымырканып бир тиштеп тартты,
өзүнүн ичи ооруганына чыдай албай жаны чыга жаздады.
- Ээ, түлкү дос, өзүмдү-өзүм тиштегендей этим ооруп чыдай
албадым, сен кандай амал менен жеп жатасын?
- Сен анын эбин таба албайсың, мен оорутпай кең оюп, чучугуңду
чубап чыгарып берейин.
Аюу тартайып чалкасынан жатты. Түлкү тумшугун салып, аюунун
ичинен чучугун сууруп алды. Ичи жарылып онтоп, жаны көзүнө көрүнгөн
неме өлүп калды.
Аюунун, жолборстун, бөрүнүн, төөнүн этин түлкү акең жалгыз басып
калды. Четинен жеп, ою менен уктап, эриккенде этке кирип, суусаганда
суу ичип, жыргалда жүрдү. Калыңдыгы карыш казы алды.
Аяр түлкү, алы эчтемеге жетпейт. Эси чыгып чочуп жүргөн, токтоно
албай качып жүргөн жырткычтын баарын жолго салып, жылас кылды.
"Эми бүргөнүн азабынан кутулайын" деп, бир кийизди тиштеп алып сууга
барды. Аста-секин куйругун сууга салды. Бүргө куйругунан качып жонуна
келди. Жонун сууга салды эле, жонунан үркүп мойнуна барды. Түлкү
мойнун сууга салды. Бүргөлөр үркөп оозуна тиштеген кийизге жабышты.
Түлкү кийиз-ди сууга таштап: "Бүргө неге кутурдуң, эми сенден
кутулдум"-деп чычайып жолго түшкөн экен.
БААРЫНАН КИШИ КҮЧТҮҮ
Кыштын күнү кызыл кыргоол жээктеги бадалдан койкоюп чыгып,
чаңкаганын жазыш үчүн астындагы чон-сууга кирди. Каптаган көк музду
кыдырып жүрүп, күбүрдү араң таап, муздак суудан иче баштады.
Ошондо булайган куйругу музга чып жабышып, чыкпай калган экен.
- Ой-ей, көк муз! Дүйнөдө сенден күчтүү эч ким жок бейм... Заматтын
ортосунда куйругумду куп кармайсың,-деди кыргоол.
- Жок, кыргоол,-деди көк муз,-менден жамгыр күчтүү. Ал жааганда
тымтыракайым чыгып бат эле эрип кетем.
Кийин жамгыр айтты:
-Мен кайдан күчтүү болоюн! Менден жер күчтүү, канчалык
шатырата жаасам да, бүт бойдон соруп алат.
Анда жер күңгүрөнүп тилге келди:
- Менден токой күчтүү. Ал үстүмдү каптап, жалбырактуу бутактары
туш-тушка жайылып, болгон күчүмдү бүт тартып кетет.
Жо-жок, менде да күч жок,-деди токой. Баарынан өрт күчтүү. Ал
каптаса, соройгон гана сөңгөгүм калат.
Муну угуп турган өрт күңк этти:
- Менден шамал күчтүү. Андан аябай корком. Шамал катуу
соккондо, чаңым асманга чыгып, кайда качарымды билбей калам!
- Ырас эле менде күч көп,-деди шамал. - Жыгачты түбү менен
жулам, үйдү кулатам, отту чачам... Бирок ошондой болсо да, жерге жаңы
чыккан көк чөпкө эч алым жетпеди. Канчалык каарданып соксом да, ал
былк этип койбойт. Ошондуктан көк чөп күчтүү го.
Анда көк чөп сөзгө келген экен:
-Менде эч кандай деле күч жок. Калың кой каптаганда чымчылап,
мүлжүп жеп, туягы менен тепсеп, таза айламды кетирет. Жо-жок,
баарынан да кой күчтүү.
Анда кой байкуш минтип маараган экен:
- Ма-а! менде балээнин күчүбү? Көк карышкыр жолукса, куйругумду
бир апчып сугунуп, кекиртегимди чарт жулуп, анан баса калып жей
баштабайбы! Дүйнөдө карышкырдан өтөр эч балбан жок!
Силер эч нерсени билбейт турбайсыңарбы!-деп уулуду анда көк
карышкыр. -Баарынан киши күчтүү! Ал кыргоолду кылтактайт, музду
бузат, жаанды болсо эч тоотпойт, жерди тыткылап айдайт, токойду
тыптыйпыл кыркат, өрттү, шамалды өз пайдасына жумшайт, чөптү чаап
алат, койду союп жейт, мендей карышкыр эмес, илбирс, жолборстун
жанын чыгарып жок кылат. Мына ошондуктан дүйнөдө баарынан киши
күчтүү!..
АРСТАН МЕНЕН КОЕН
Калың токойдун четиндеги карагандуу жерде бир коен жашап,
коркоктугунан казып алган ийнинен алыс чыкчу эмес. Бир күнү: "Коркуп
ийинде жата берип, кантип күн көрөм?.. Атасынын көрү, баатыр
болоюн",- деп ойлоду да, ошол замат ийинден чыкты. Эки жагын
каранып тиштерин арсайтып, жүндөрүн үрпөйтүп, так алдында турган
арстанды көрө койду да жыгачтай катып калды. Арстан коендун жанына
келип:
- Бакыраң көзүм, колго түштүң-ээ! Эми сени жейин, -деп тиштерин
кычыратты.
Коён эсин жыйып, кантип кутулуштун аргасын издеди. Акыры
арстанга:
- Жесең мейлиң, бирок айта турган сырым бар,-деди.
- Анда тезирээк айт.
- Сен өтө күчтүүсүң, мунуңа толук ишенем, бирок тетигинде кудукта
сенден да чоң арстан бар. Ал бая күнү - сени жейм деп ачууланып
жатканын уккам. Оболу ошого бир беттешип көр, күчүңдү көзүм көрүп
калсын, мени анан жебейсиңби... Эч кайда качпайм, сырттаным!
Арстан чындап ачууланып:
- Кана?.. Кайсы жерде? Ээрчитип баргын! - деп буйрук кылды. Коён
арстанды терең кудукка ээрчитип барып:
- Ушул кудукта... өзүң карап көр,- деди. Арстан кудукту карап, өзүнүн
сөлөкөтүн көрдү да:
- Мен ушундан кантип кем калайын? Күч сынашат, ээ! Кана
кармашып көрөлү! - деп кудукка куюндап кирди. Сууга барып "шалп"
эткенде гана өлөрүн билди.
Ошентип коён амал менен арстанды өлтүрүп, "анык макоо тура"
деп секирип жолго түштү.
АЧ КАРЫШКЫР
Чоң суунун боюн жеке ээлеп, ошол жерде оюна келгенин кылган,
жолукканды тытып, моокусу канган көк жал болуптур. Ошол суунун боюн
ээлегенине элүү жыл болот. Бирок топук кылып тойбой, акыры "ач
карышкыр" деген атка конуптур.
Күндөрдүн биринде жортуп келатып, Карышкыр канаты сынган
Карчыгага кезикти. Кубанычы койнуна батпай:
- Ой, мен сени жеймин!-деди.
- Эмне үчүн, Каке?
- Курсагым ачка, таппадым сенден башка,-деди Карышкыр тилин
салаңдатып, шилекейин агызып.
Андай кылба. Каке, мени жегениң менен карыныңа как, жумуруңа
жук болбойм. Карап көрсөң, аркайган гана сөөгүм турат. Мындан ары
барсаң, тээтиги дөбөдө узундугу бир кулач чучук жатат. Ошону жесең
оюңча тойбойсуңбу?- деди Карчыга.
-Эмесе макул,-деди да, Карышкыр желген бойдон дөбөгө чыгып
барды. Айтканындай эле бир кулач чучук жаткан экен. Аны көрө сала:
-Ой, Узун Чучук, араң жеттим чуркап-учуп, мен сени жеймин,-деди.
-Эмне үчүн жейсиң?
-Курсагым ачка, буюрбаптыр сенден башка,- деп Карышкыр тилин
саландатып шилекейин агызды.
-Жоок, Каке, мени жегениң менен тишиңе тыгын да болбойм. Андан
көрө тетиги кырды ашсаң, ак улак жүрөт. Ошону жесең капшытың
чыкпайбы!
Муну укканда карышкыр ичинен кымындай түшүп, желип-жортуп
кырды ашып, улакка кандай жеткенин өзү да билбей калды:
- Ой Улак, мен сени жеймин.
- Эмне үчүн?
- Курсагым ачка, буюрбады сенден башка!
- Жоок, Каке, мени жебе!.. Керчү кандай арыкмын, этим көк жашык,
каным бир кашык. Мени жегениң менен тойбойсуң. Мына бул тоонун ары
жагында Чоң Кара Эчки бар! Ал семиз, ошону жесең жыргабайсыңбы,деди улак чепилдеп.
Ач Карышкыр макул болуп, куйругун көтөрүп алып, даң салган
бойдон тоону ашып, Чоң Кара Эчкиге барды:
- Ой, Эчки, мен сени жеймин!
- Эмне үчүн?
- Курсагым ачка, буюрбады сенден башка!
- Мен бир жегенден чыкпайм, эртең дагы тамак издемек белең!..
Андан көрө мына бул өзөнгө барсаң Чоң Боз Бээ баткакка тыгылып
жатат. Аны үч-төрт күн оокат кылбайсынбы!
- Сеники ырас,-деди да, ач Карышкыр желе-жорто өзөнгө келди. Боз
Бээни көргөндө көзү кызарып, шилекейи агып, "эми муну жеймин" деп
сүйүндү.
- Ой, Боз Бээ, мен сени жеймин.
- Эмне үчүн?
- Курсагым ачка, ылайыктуу жок башка.
Эмесе жакшы болуптур... Оболу мени баткактан чыгарып, анан
жегин...
Карышкыр макул болду да, Боз Бээни араңдан-зорго баткактан
сүйрөп чыгып:
- Эми жейинби?-деп тиштерин арсайтты.
- Эми жейсиң, бирок сен оболу менин туягыма өзүндүн ким
экенинди жазып коюп, анаң жегин,-деп Бээ туягын тосту.
Туягына кат жазып жаткан кезинде, Боз Бээ кош аяктап жыга тепти
да, өзү оюн салган бойдон жөнөп кетти. Ач карышкыр ордунан туруп,
сендиректеп басып, арманын айтып баратты:
"Карчыганы жебеген
Кайран башым,
Кулач чучук жебеген
Курган башым,
Ак улакты жебеген
Аңкоо башым,
Кара эчкини жебеген
Каткан башым,
Балчыктай байтал суурган
Балбан башым,
Таманына кат жазган
Молдо башым,
Тарс эттире тептирип
Өлүп кала жаздаган
О-олдо башым!"
Ошондон кийин карышкырдын башындагы
кабылдап, көп узабай өлүп калган экен.
жарасы
бат
эле
КӨНӨЧӨК КИЙГЕН ТҮЛКҮ
Илгери бир кемпир-чал болуп, алардын жалгыз кара ую бар экен.
Уюн саап, сүтүн ичип, каймагын каттама кылып жеп күн көрүшчү. Кемпир
табакка жыйнаган каймагын тактанын алдына койчу. Муну бир шум түлкү
байкап калып, күн алыс келип жеп кетчү болду. Кемпир аны мышыктан
көрдү да каймакты оозу тар көнөчөкке салды.
Күндөрдүн биринде түлкү кемпир-чалдын үйүнө дагы келди.
Каймак табакта эмес, көнөчөктө экен. Түкөң жанталашып жатып
көнөчөккө башын салып, каймакты жеп алды. Анан башын кайра
чыгармакчы болду эле бирок болбоду. Куткарар эмес. Түлкүнүн айласы
кетти да:
-Көнөчөк аке, эми тамашанды кой. Ушунчалык убара кылганың да
жетишет. Үйдө балдарым бар, кое бериниз.-деп жалынды.
Анда көнөчөк ага кекээрдүү сөзүн жөнөттү.
-Кайран түлкүм, келип жатат күлкүм! Сени конокко чакырдым беле,
эми кое бер дебе. Каймак жейм деп үйгө киресиң, анын таттуу экенин
билесиң. Мен бир аз тамаша кылсам, "үйгө барайын, балдарым бар" деп
чебелектейсиң! Жок, сен үйүңө барбайсың, экинчи көнөчөккө башыңды
да салбайсың!
Түлкүнүн күйбөгөн жери күл болду:
-Эмесе сенин жазаңды берейин да, сууга агызып жиберейин,-деп
өзөндү карай жөнөдү.
Түлкү келип башын сууга салды. Көнөчөккө суу толуп, түлкү
тумчугуп кулап түштү. Куу түлкү дал ушинтип өлгөн экен.
МЫШЫК МЕНЕН ЧЫЧКАНДАР
Мышыктын карылыгы жетип, чычкан алып жешке кудурети келбей
калды. Ал ойлонуп олтуруп, анан чычкандарга барды да:
- Кымбаттуу туугандар, мен карып кеттим. Өткөн-кеткен күнөөм
болсо кечирип койгула... Эми татуулашалы. Бир-бирибизге чоңдукзордук кылбай тынч жашайлы. Кай бир иштеримди эстеп, өзүм да уялам,
мындан ары силерге тийбейм. Сопулукка баш койдум. Эгер ынтымакка
келсеңер, күндө үч маал жанымдан чубап өтүп, алымды сурап тургула,деди.
Чычкандар мышыктын "үлгүлүү" сөзүнө кубанышып, күндө келишип,
алын сурап турушту. Мышыктын амалын чычкандар эч бир сезишкен
жок. Бурчка тынч отуруп алып, чычкандарды өткөрүп жиберет да, эң
акыркы чычканды лып басып калып жеп коет. Күндө үч маал үч чычкан
жеп, өз ичинен кубанып гана жата берет.
Күндөрдүн биринде чычкандардын эң мыктысы Шылк мурун менен
Былкмурун чычкандардын азайып бараткандарын көрүп, мышыктан шек
санашып, аңдып калышты. Шылк мурун алдыга, Былк мурун артка
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Кыргыз эл жомоктору - 2
  • Parts
  • Кыргыз эл жомоктору - 1
    Total number of words is 4156
    Total number of unique words is 1977
    32.3 of words are in the 2000 most common words
    44.0 of words are in the 5000 most common words
    50.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыз эл жомоктору - 2
    Total number of words is 4170
    Total number of unique words is 1648
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.0 of words are in the 5000 most common words
    51.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыз эл жомоктору - 3
    Total number of words is 4207
    Total number of unique words is 1798
    35.1 of words are in the 2000 most common words
    48.1 of words are in the 5000 most common words
    55.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыз эл жомоктору - 4
    Total number of words is 4198
    Total number of unique words is 1764
    36.6 of words are in the 2000 most common words
    49.2 of words are in the 5000 most common words
    55.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыз эл жомоктору - 5
    Total number of words is 4102
    Total number of unique words is 1820
    36.2 of words are in the 2000 most common words
    49.3 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыз эл жомоктору - 6
    Total number of words is 4313
    Total number of unique words is 1648
    41.4 of words are in the 2000 most common words
    55.9 of words are in the 5000 most common words
    61.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыз эл жомоктору - 7
    Total number of words is 4122
    Total number of unique words is 1646
    38.4 of words are in the 2000 most common words
    52.5 of words are in the 5000 most common words
    59.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыз эл жомоктору - 8
    Total number of words is 4117
    Total number of unique words is 1937
    35.0 of words are in the 2000 most common words
    49.0 of words are in the 5000 most common words
    54.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыз эл жомоктору - 9
    Total number of words is 4142
    Total number of unique words is 1774
    35.3 of words are in the 2000 most common words
    47.9 of words are in the 5000 most common words
    53.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Кыргыз эл жомоктору - 10
    Total number of words is 1330
    Total number of unique words is 720
    46.2 of words are in the 2000 most common words
    57.5 of words are in the 5000 most common words
    62.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.