Latin

Болот, Асан, Жамал - 7

Total number of words is 3821
Total number of unique words is 2202
29.5 of words are in the 2000 most common words
42.1 of words are in the 5000 most common words
47.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Сөөгү жатат бадалдуу тор жылгада
Арстан чайнап өлтүргөн бейм чагымда.
Этин бузбай соруп кеткен турбайбы
Чөө жолугуп калтырбастан канын да.
***
Анын сөөгүн жарга Болот жашырып
Нурайымды тез табууга ашыгып.
Азап менен күндөр өттү кайгылуу
Жаш жүрөгүн жарат чырмап ашынып.
Чөө жолугуп Умсунганды соргонсуп
Сүйгөн жарым калдың бекен жашынып.
***
Деп Болотбек утур токой аралап,
Көп учурда жарга-зоого камалат.
Нурайымым жырткычтарга жем болуп
Мен билалбай калдымбы — дейт талаалап.
Табалбадым бул токойдон даректи,
Өттү убакыт эки ай он күн чамаалап.
***
Ыйлай берип бүт кабарган эки көз
Болотбекке бардык кайгы болгон кез.
Түнт токойдо түркүн жапан айбан көп,
Бирок чиркин сырдашууга билбейт сөз.
Нурайымсыз аша кечип жанынан
Тынсамбы дейт жырткычтардан өлүп тез.
***
Эр Төлөгөн, Пархат, Мажнун кыз үчүн
Жусуп, Таргын, Боз жигит да көрдүм.
Кандай эрди кор кылбады махабат
Шер Тариэл, Афтандил да татты ууң.
Түн да, нур да, уу да, бал да махабат
Көз ачкыча өткөнсүйт го көп кылым.
***
Ой сур заман рахатың курусун
Бүт түгөндү Нурайымсыз ырысым.
Сүйгөнүмдү жеген болсо жырткычтар
Мени да жеп тындырсакен жумушум.
Деп Болотбек туталанып чыдабай
Алга карай шилтегенсийт өз бутун.
***
Элестелип утур келет Нурайым
Түнт токойдо жолуккансып жубайын.
Сүйлөшкөнсүйт токой менен күңгүрөп
Кайда менин бак-таалайым угайын.
Тирүү болсо кезиктирчи жеткирип
Жаздым болсо мен да өлүп тынайын.
***
Араң чыдайт асыл жанын кыялбай
Кан аралаш аккан жашын тыялбай.
Адамзатты сен жараттың кара жер
Неге айырдың эки ашыкты о дүйнө ай.
Жалын болуп өрттөнүшүп кетет бейм,
Махабаттын кайгысына чыдабай.
***
Аша берип Болотбектин арманы
Алы кетип куруп барат дарманы.
Өлбөй туруп жаны күйүп тозокто
Махабаттын жалынына кармалды.
Эси оогондой сендиректеп басалбайт,
Кандай кордук Умсунгандын салганы.
***
Же жеткирбей туулуп өскөн элине,
Же туш кылбай отоо курган жерине.
Жол табалбай туман кечип жүргөнсүйт
Көз тунарып жакын калып өлүүгө
Аргасыздан араң чыдайт жүрөгү
Бул дүйнөдөн Нурайымды көрүүгө.
***
Же жолукпай бир адамзат кишиге
Башын ийип махабаттын күчүнө.
Туш тарабы кыяматтан учурап
Эрксиз Болот уулуу заар ичүүгө.
Сүйүү сырын түз баалоочу ким экен?
Кайгы аралаш рахаттуу ишине.
***
Үч ай толуп так токсон күн болгондо
Кирген окшойт шек табуучу оң жолго.
Үч күн жүрүп келсе токой четине
Отоо курган жерине окшойт болжолдо.
Кыстарылуу кагаз турат бутакта
Байкас кылса артта, алга, оң-солго.
***
Шашып жетип ал кагазды алды эми
Көзүн бардап кагазды окуп калды эми.
Сүйүнтөбү, кайгыртабы ким билет?
Сүйгөн жүрөк алып учуп дегдеди.
Күсөгөнүн элестетип көзүнө,
Шылдыңдайсың ачуу санаа пендени.
***
Ал кагазда жазылды экен эмине
Окуп кулак салалычы кебине.
Кетеринде жазган экен Нурайым
Жел аркылуу тие көр деп — теңиме.
Эрксиз кеттим — дейт биринчи сөздөрү
Нур чачырап күндүн чыкчу жерине.
***
Бир жарым ай издеп токой-бадалды,
Таппаган соң же изиңди караңды.
Жер чайпалып болгон сындуу зилзала
Жарык дүйнө болду мага караңгы.
Жааннамга куйкаланып жүрөгүм.
От ичинде таба албадым чарамды.
***
Өлөйүн деп кыялбадым жанымды
Көрөмбү деп соо-саламат жаныңды.
Айласыздан кечип кетип баратам
Алоолонгон айланамда жалынды.
Махабаттын рахатын буюрбай
Ачуу заман байлаган бейм багымды.
***
Тирүү туруп жүрөк боорум тилинди
Бир башыма миллион санаа үйүлдү.
О, жараткан эч пендеге салбасын.
Махабат деп менин көргөн күнүмдү.
Эркин ойноп ачалбадым гүлүмдү,
Муңдуу заман тозоктугу билинди.
***
Уу ичкендей жүрөгүмдү тырмалап
Сенин кайгың ичимди эзди жулмалап.
Этим, ирип, сөөгүм барат шалдырап
Мүңкүр, нанкүр күрүзү менен ургулап.
Өлбөй туруп болду мага кыямат
Көз алдымда кыл көпүрө сурданат.
***
Мен күтөмүн өзүңдү эсен көргүчө
Жер жүзүнөн бир кабарың билгиче.
Табалбасам зоодон таштайм боюмду,
О, Болотбек күйүтүңдө жүргүчө.
Төгөрөктү бүт кыдырам сени издеп
Өрт ичине конуп түнөп өлгүчө.
***
Каттагы сөз Болотбекти уулады
Өксөп ыйлап жер кучактап сулады.
Үн кошконсуп Болотбектин муңуна,
Ала салды таштын тунук булагы.
Башын чайкап, кой кейибе дегенсип
Кайгыргансыйт көк тиреген чынары.
***
Тентек шамал арачалап жаткансып
Экиленип өтүп жатты шашкансып,
Секин сылап бети, башын жымылдап
Болотбекке үгүт кайрат айткансып.
Бөөдө күйүп кетпечи деп тыбырап
Жүрөгүнө муздак колун баскансыйт.
***
Таап издеп ойго, тоого баргандай
Сүйгөнүнө жетип кабар салгандай.
Бир оокумда эсин жыйды Болотбек
Салкын шамал жанын сактап калгандай.
Туталанат жараланган жүрөгү
Бул күйүткө кылар арга табалбай.
***
Токтоналбай кагазды окуп көргөндө
Нурайымдын бар экенин билгенде.
Аргасыздан ыргай таяк колго алып,
Алыскы жол сапарга жөө киргенде.
Болотбекке ийинден жар көрүндө
Асман жердин ортосунда кең дүйнө.
***
Жетем десең алдыңдагы максатка
Чыда бекем кайраттанып азапка.
Көктөн түшүп өзү келбейт тилегиң
Калбоо керек кордуктардан жадап да.
Кутулбайсың башыңдагы кайгыдан,
Жата берсең жулунбастан тузакта.
***
Дейт Болотбек: — Айланайын көк асман
Биздин таалай алыс кайда адашкан.
Адамзаттын көпчүлүгү мендей кор
Азгылыгы хандар, бийлер чардашкан.
Эсен сактап сүйгөнүмдү көрсөтчү
Кошулушсун эки жүрөк самашкан.
***
Бет алдымдан издеп барам аргасыз
Же жанымда жолдошум жок жапжалгыз.
Кайда барсам жүргөн жерим караңгы
О, шум заман жаштадың бейм таалайсыз.
Багымды ачып жетсем экен максатка,
Колго тийип күткөн тилек ар намыс.
***
Же шордуу баш ажал жетип өлбөдүм,
Же сур заман ырахат күн бербедиң.
Биз сыяктуу максатыма жетпеген
Муңдуулардын көз жашыбы эрмегиң.
Бир жыргалым бул дүйнөдө Нурайым
Муну дагы акыр ыраа көрбөдүң.
***
Элге эрмек ый, муң берди Добулбай,
Эмине бердиң мен ыраазы болчудай.
Таалайыма шор учурайт алдымдан
Түрү суук ажыдаардын оозундай.
Ой сур заман неге мынча жектейсиң
Жыргал бербей алакандын ордундай.
***
Барсыңбы сен чын жараткан кудурет,
Чын бар болсоң кулак салып укчу кеп.
Ханды, бийди каалашынча жыргатып,
Алсыздардан бүтпөдүң го алып кек.
Жок окшойсуң биз ойлогон ордуңда
Болбос жерден сыйынамын теңир деп.
***
Кең дүйнө күндө мени көрөсүң
Мен өткөргөн кордуктарды билесиң.
Карыптарга сенин бооруң ачыйбы,
Же катуубу ошончолук мүнөзүң.
Айтып берчи кайда жүрөт Нурайым
Шордууларга райым кылган бир өзүң.
***
Ой атыр жел эркиң менен угасың
Асман жерди кыдырасың сызасың.
Бул дүйнөдө жалгыз эрке сыяктуу
Кайда жайсаң жетет сенин кулачың.
Билгениңди жашырбачы угайын
Нурайымдан кандай кабар кыласың.
***
Жер сен билсең так көрсөтчү жолуңду
Туура баштап алчы менин колумду.
Же кайнатып пешенеде шорумду,
Ачтың бекен Нурайымга бооруңду.
Сүйгөн гүлүм жер үстүндө болбосо
Э жан алгыч сунчу мага колуңду.
***
Айткылачы кимиң көрдүң угайын
Аман барбы мени сүйгөн жубайым.
Айткылачы бул дүйнөдө бар болсо,
Азаптардын бардыгына чыдайын.
Андан калбай менда өтүп тынайын.
***
Берчи дүйнө бир керемет билейин
Тирүү болсо кабак ачып күлөйүн.
Жолумду ачып сүйгөнүмө кошо көр,
Тарткан шордун ырахатын көрөйүн.
Азап көрүп сүйгөнүмө жетпесем,
Кара жер сен эч койнуңду кирейин.
***
Деп кана жаш Болотбек кайгыланып,
Жүрөктөн кан аралаш ириң агып,
Нурайым өзүң үчүн чыдайын деп
Чыкпаган жаны денде араң калып.
Тытылган сары чепкенин жер жоготуп,
Кылчылдап ак көйнөкчөн турду наалып.
***
Ышкырып ызырынат суук аяз
Эрбейген бадалдар бар көп эмес аз.
Жылтылдап кардын үстү күмүш кыроо,
Али узак, жакын эмес дегенсийт жаз.
Удургуп борошолор беттен уруп,
Тийишип Болотбекке кылгансыйт наз.
***
Ушундай кышы катуу ачык талаа,
Жаткансыйт айланасын чырмап балаа.
Жансактап жүргөн мында жаныбар аз,
Коён бар бүкчүңдөгөн анда-санда.
Болотбек уруп алса ажалдуусун
Үнөмдөйт бир коёнду жарым айга.
***
Жазууга жери да жок ылымталуу
Суу жоктон арык жылга, болбойт аңы,
Ун сепкен супарадай мел-мел этет,
Кышкысын карап турсаң бул талааны.
Көрүнөт сороктошуп арыс чычкан
Тиктесең алыс-алыс айлананы.
***
Сурданат көрүнгөндү оп тартчудай,
Келгенди кетирбестен жеп жатчудай.
Ызылдап карды түрүп алып жөнөйт,
Бороону бардык жерди сел алчудай.
Болотбек ушул жерден басып өттү
Сүйгөнүн табуу үчүн такат кылбай.
***
Кийгени кийиктердин кам териси
Көктөлгөн арсак-терсек бүт тигиши.
Ичинде жалаң көйнөк ыштаны бар
Алар да бүт эскирип кеткен күчү.
Жинди деп табар элең анда көрсөң
Замандын кимге жаксын ушул иши.
***
Күн жылып карлар эрий, жазга айланды
Көбүрдү агып суулар сайлардагы.
Өпкөгө өткөн суугу эстен кетпей,
Болотбек элестетет кышкы айларды.
Ушундай жол азабын актаар бекен
Таап алып издегени Нурайымды.
***
Калтырып аскарлуу тоо бийик белди
Ээн жер, эрме чөлдө көрбөй элди.
Ышкысы Нурайымдын жалындатып,
Бел байлап кышкы чөлдүн суугун жеңди.
Темтеңдеп араң басып, өңдөн асып,
Жолдон бир нез жигитке дуушар келди.
***
Ал жигит өңдөн азган азаптанып,
Жүрөгү калган сындуу жараат чалып.
О, курдаш кайдан тентип жүрөсүң деп,
Болотбек суроо берди жакын барып.
Ал жигит Болтбекти сезген да жок,
Кабагын калыбынча жерге салып.
***
Дүйнөсүн ырахатын таштагансып,
Жашоонун бөтөн жолун баштагансып.
Телмирип айланасын тиктеп коёт
Койгонсуп түлкү боюн ташка жанчып.
Унчукпайт адамзатты билбегендей,
Өскөнсүп таштан туулуп, ташка жатып.
***
Болотбек дагы буга суроо берди
Э, жигит акылыңды кимдер жеңди.
Экөөбүз жер кылыппыз эрме чөлдү
Сүйлөчү кимдер сени элден бөлдү.
Ошондо тиги жигит эсин жыйып,
Болотко учурашып колун берди.
***
— «О, курдаш байкабапмын келгениңди
Укпадым мага суроо бергениңди.
Кантейин таалайым жок жаралыпмын
Сезе албайм, адам эмес асман жерди.
Деди да баштан өткөн окуясын.
Чууртуп Болотбекке айта берди».
***
Бар эле менин дагы өскөн элим
Атам бай, байбичеле менин энем.
О, чиркин атам ач көз, дүйнө пороз,
Башкача мүнөзү бар бөлөк элден,
Бир тууган эркек же кыз туулбаптыр
Болупмун жалгыз туума, жалгыз берен.
***
Ан үчүн гүлдөн алып гүлгө бөлөп,
Багыптыр атам, энем мени өнтөлөп.
Же мага ошол кезде ажал келип
Эмнеге албадыкен суук өлөт.
Дүйнөнү билбей өлсөм бала чакта
Кайгысыз жатпайт белем жерде сенек.
***
Ошентип мен чоңойдум болдум муңдуу
Боз балдар үйлөнүштү өзүм курдуу.
Бир күнү ошол атам Орунбайга,
Энем бир сунуш менен келип турду.
О, көрсө мени дагы үйлөнтүүнү
Ойлонуп жүргөн экен энем шордуу.
***
Атымды Бекчеге деп койгон экен
Өмүрү болсокен деп мыктай бекем.
Акыры атам мага эмне кылды
Мына азыр ал жорукту айтып өтөм.
Ач көздөн адам болуп туулганда
Таалайсыз болгон экен ушул чекем.
***
Ошол күнү ханга ханыша кеңешип
Бекчеге да калды деди бой жетип.
Бул уулуңду үйлөндүрсөң болбойбу,
Деди энем ала карап сыр чечип.
Каш-кабагын чытып койду Орунбай
Аял алса багалабы ал жетим.
***
Ал ушинтип жерге үңүлүп карады,
Кыялында алда эмнени санады.
Бир оокумда ачылгансып кабагы,
Бир кыз тапты деди ушул жарайбы.
Өткөн жылда өлгөн Алым доокердин
Жалгыз кызы аты Бакбур таалайлуу.
***
Деп Орунбай энем жакка бурулду,
Бул дурус кыз, айтчы деди чыныңды.
Муну кой, деп айтканыма көнбөсөң
Уулуң үчүн чача албаймын пулумду.
Ансыз деле бакшыларга алданып
Берип койдум кемпир сенин күнүңдү.
***
Орунбайдан угулганда ушул кеп,
Энем байкуш ага айтты мындай деп,
Алым бийдин кызы Бакбур курусун
Эл кеп кылат көзү кыйшык, дөдөй деп.
Балык ооз, орок тумшук, түйдөк чач,
Ал бүкүр кыз жалгызыңа болбойт эп.
***
Жап оозуңду деп Орунбай бакырды
Аны чанып табалбайсың асылды.
Өрүштө мал, казынада мүлкү бар,
Жакыр болсо, не кыласың акылды.
Атам бербейт өз билгенин бирөөгө
Жакын кел деп мени өзүнө чакырды.
***
Ал сүйлөдү кылган сындуу ырайым,
Үйлөн балам мен жебейин убайым.
Жок дебестен кызын алгын Алымдын,
Жаштык кылып тиктебегин чырайын.
Калың жебейт, той да дебейт чыгымсыз
Өз дөөлөтүн ала келет бу зайбың.
***
Ушул кыздын энесинин малы көп,
Казынада алтын, күмүш зары көп.
Өргө тигип, энчи бөлүп, сеп жыйып,
Кул жумшашып аял алыш болот эп.
Таалайсыздын чырайына кызыкпа,
Чырайсыздар малдуу болсо көрбө жек.
***
Ушундай деп акыл айтты ал мага,
Ошондо алды жүрөгүмдү бул жара.
Эмнегедир энем көзүн шишитип,
Миң алтынды салып койду жаныма.
Энем айтты кулагыма шыбырап,
Сүйгөнүңдү ал, мал мүлкүнө караба.
***
Жолго чыктым, кылдым өзүм чечимди,
Карабадым каадасы жок эсилди.
Бирден бирге, элден элге аралап
Кыз жактырчу жигит кылдым өзүмдү.
Калың элден аралап кыз табалбай
Мен бакытсыз шордуу башым өкүндү.
***
Бир күн кайра келе жатсам кайгырып
Каарын ойлоп Орунбайдан айбыгып.
Тогуз жолдун тоомундагы кепеде,
Нур жаркырайт келаткансып ай чыгып.
Шаша жүрүп мен да келдим жакындап,
Аттын башын кепе жакка тез буруп.
***
Учурады эшигинен кары чал,
Көптү көргөн, көптү билген ак сакал.
Тура калды кемпирине тигилип,
Тур эрте деп бул баланын атын ал.
Кепесинен ичин карап үңүлүп,
Балам тышка мейман келди орун сал.
***
Мен да түштүм ат алынып тез эле,
Көңүл бурдум ким бар сырдуу кепеде.
Ал сурашып эзелки бир тааныштай,
Сөз сүйлөшүп отурдук бир нечеге.
Чалдын кызы айдан айрып алгысыз
Бирок чиркин эч кийими жок денеде.
***
Ал олтурган кыздын аты Акседеп,
Кулун сындуу келишимдүү бүт келбет.
Сыр билгизбей отургансыйт жайдары
Тамагына жарашчудай ак бермет.
Билгизгенсийт муңайыңкы кабагы
Отурганын жокчулукту көрүп жек.
***
Чал от жакты, кемпир кылды калама,
Кайнап жатты чайы кара кумганда.
Нанды салып чуңкур кара табакка,
Койду кемпир дасторконун жайды да.
Ошол кезде туруп келип ордунан
Чайды куюп сунуп калды кыз мага.
***
Мен ошондо кызга өзүмдү арнадым
Анын колун чайга кошо кармадым.
Уялгандан от чагылды көзүнөн
Сезбегенсип махабаттын салмагын.
Бирок Седеп сырды ачык билбеди
Ал чоңойгон арасында муң-зардын.
***
Адамзаттан терең эле акылы
Нур себелеп эки көздүн жаркыны.
Ууртап жуткан чай ичинен көрүнүп,
Ак булуттай тунук эле алкымы.
Ушул көркү токтотконсуп имерип,
Камыш үйдө мени эрксиз калтырды.
***
Дедим чалга: — «Сөзгө кулак салыңыз
Бизге дайын болду сиздин алыңыз.
Жолум алыс бүгүн мында каламын
Бул алтынды жан калтага салыңыз.
Өзүң билип оокат алып базардан,
Бир сыйрасын кызыңызга табыңыз».
***
Ошол чалдын аты болчу Шүкүрбай
Үйрөнүшкөн ал кепеге кышы-жай.
Карыганда көргөн кызы Акседеп,
Чырайына теңелалбайт аппак ай.
Бирок кызы өмүрүнчө жылаңач
Ийни бүтүн көйнөк кийип жыргабай.
***
Ал аңгыча чал да келди базардан
Алган экен түрдүү оокат, ширин нан.
Таап алып ханыша кийбес асылдан
Бөлөк түйүп Акседепке арнаган.
Чалдуу, кемпир кубанычтуу Седеп да
Өмүрүндө мындай базар кылбаган.
***
Айдай сулуу кийингенде буралып
Ийги шайы асыл бойго кыналып.
Таңдын жалгыз чолпонундай көрүндү
Айнек бети алоолонуп нурланып.
Эргип учат чөгөт болгон көңүлү
Бак таалайга отурган соң чырмалып.
***
Кеселерге келген шарап куюлуп
Мага турду Акседептен сунулуп.
Адам көркү, ак чүпүрөк — дегенсип
Айдай сулуу перизаттай кубулуп.
Көнө-көнө кыз да сөзгө кошулду
Назик доошу кыл кыяктай угулуп.
***
Таң жаркырап ата келди көңүлдүү
Бул кепеге күндүн нуру төгүлдү.
Кечээ жүрчү тоо кийиктей жылаңач,
Акседеп кыз бүгүн кайдан кийинди?
Ай ааламга ушундай деп жар салып
Күндүн нуру кубангандай туюлду.
***
Ата дедим жетет кылган сыйыңыз,
Кулак салың сизге айтар сырыбыз.
Өмүр балы, үйдүн гүлү кылайын
Акседепти ата мага кыйыңыз.
Дедим дагы миң алтынды бүт бердим,
Алдыңызга ушул тартуу пулубуз.
***
Жок дебеди Шүкүрбай чал куп деди
Айдай сулуу ал кызынан бак көрдү.
Чалдуу кемпир бул бакытка сүйүнүп,
Биз таттуу деп мага карап ант берди.
Сөз аяктап убада бүтүп кыз менен
Атты токуп чал өнтөлөп апкелди.
***
Ойлодум атам көнөр кызды көрүп
Адамдын гүлү экен деп көңүл бөлүп.
Мен мунун жалгыз эрке уулу болсом,
Сындырбас көңүлүмдү менден жерип.
Бул оюм таш-талканы чыгып кетти,
О, курдаш калалбадым ошондо өлүп.
***
Атама барып айттым кыз сыпатын
Чынында бул кыз: — дедим чылгый алтын.
Көнсөңүз мен ушуга үйлөнөмүн
Кадырын бул кыз билет адамзаттын.
Кетирер сыпатымды күлгө тепсеп,
Алымдын Бакбур кызы билбей баркым.
***
Үйлөнүп сыпатсызга байыбаймын,
Бакбурдун абийири жок элге дайын.
Дүйнөнүн ичи бирөө, сыры бирлек
Сүйүүдө бир кана сыр, нурдуу жалын.
Сүйүүнүн оту түштү жүрөгүмө
Көрүнүп бул кыз менин бак таалайым.
***
Дегенде атам мага кыйгач карап,
Көрөйүн өзүм барып деди жарайт.
Аттанып жолго түшүп келетабыз,
Ишенем, атам көрсө Седеп жарап.
Баа коюп: — Кыздардын бул чолпону деп,
Атам да кубанар деп келем санап.
***
Аркасын жаңсай курган бийик жарга
Камыш үй, тар кепеге буруларда.
Атамдын төбө чачы тике турду,
Кепенин түрүн көрүп, таппай арга.
Аңгыча Акседеп да чыга келди,
Окшошуп ак маңдайы толгон айга.
***
Атамдын орою суук сөзү чапчаң
Ошондо мага тиктеп көзү чакчаң.
Бак эмес чөнтөгүңө бир нан турбас,
Кепесин көрүп туруп кызын алсаң.
Менин да бүт арбагым качып кетер,
Бурулуп бул кепеге жакын барсам.
***
Деди да атам кайра жөнөп калды,
Көрүндү желмогуздай буга жарды.
О, чиркин ызаландым жерге сыйбай,
Бир жагы толгондуктан ичке кайгы.
Аңгыча атам көрүп жүзүн бурду,
Жылгада отун терген Шүкүрбайды.
***
Шашылып мен атымдан түшө калып,
Атамдын маңдайына басып барып,
Сизге, мен айыптуумун кечир дедим,
Чөгөлөп өз мойнума бото салып.
Алып бер жалгызыңдын сүйгөн кызын,
Мен болсом сенин жалгыз уулуң анык.
***
Табылар мал дүнүйө эсен болсом
Кааладым Акседепке башым кошом.
Жок десең Бакбурду алып кор болгуча,
Тынч өлүп жатуу үчүн ажал тозом.
Жүрөгүм ушул кыз да өзүмдө эмес,
Ан үчүн уулуңузда иш болбойт оң.
***
Атаке мал жетишет өмүр болсо
Мал барбайт өлүп кетсең гөргө кошо.
Кепени, чалды албайм кызды алам
Жаш өмүр рахаттуу өтүш олжо.
Ушинтип жашым төгүп жалдырадым
Кетирбей мен атамдын жолун тозо.
***
Ошондо атам мага тиктеп үңүп,
Ой уулум арың жок дейт муну сүйүп.
Көрүнбөй кызың менен жоголгун деп
Кат безер алып берди турпак түйүп.
Куураган как баш чалмын балам жок деп
Толгонуп кете берди алга жүрүп.
***
Мен буга кантер арга табалбадым
Артынан экинчи сөз салалбадым.
Ааламды кара туман каптагансып,
Турпагын мага берген алалбадым.
Атамдын бул ачуусун жазуу үчүн
Бакбурга көңүл буруп баралбадым.
***
Муңайып Акседепти калдым тиктеп,
Ойлоду ал эминени болжоп диттеп.
Урагансып уу үшкүнү жүрөгүмө.
Жалынсыз күйүп турдум ичимди өрттөп.
Акседеп мага жакын басып келип,
Сүйлөдү кулак уккус бир укмуш кеп.
***
Ал айтты, кыйналбагын гүлдөй жигит
Мени сен алалбайсың өзүң билип.
Алымдын кызын кошуп малын алып,
Үйлөнүп өмүр көргүн доорон сүрүп.
Дегенде бул сөз мени тыбыратты,
Жүрөккө сээп турган уудай тийип.
***
Жок... айткандарың болот ката,
Баласын тилдейт, урат көнөт ата.
Өзүңсүз өмүр муңдуу өтмөк эмес,
Жароокер жан кейитип болбо капа.
Дүйнөдө таалайым бар өзүңдү алсам
Бактым жок, ырысым жок сенден башка.
***
Дедим да кыздын кармап назик колун,
Оймоктой оозуна тийди оозум.
Энтигип бир нерсени күткөн өңдүү
Акырын тыңшап калдым анын доошун.
Кыз айтты кырк жыл азап көрсөм дагы
Каардап көчүрсө да тозок тоосун.
***
Айрылбайм айткан сөзүң ырас болсо,
Жакса да жаннамга мени кошо.
Келсе да уу кылычын ажал кармап.
Сен үчүн жаным берем алдын тозо.
Албасаң бул дүйнөдөн ыйлап өтөм,
Өлөрдө элесиңе колум созо.
***
Ошентип шерт кылышып мени аткарды
Жөнөдүм жал-жал карап Седеп калды.
Атамдын арт жагынан үйгө келсем,
Ал мага каарданып курду дарды.
Байлыктын касиетин жоготтуң деп,
Күнөөлөйт алам дедиң кызды жарды.
***
Желдеттер мени калды тегеректеп,
Койчудай этим тытып сөөгүм өрттөп
Чыңырып шордуу энем ыйлап келип,
Тырмагын Орунбайга салды беттеп.
Ачуусу келсе атам такыр жанбайт,
Шордуу энем сулап жатты, жерди беттеп.
***
Кылычын аарчып алды көк шиберге
Тыбырап башсыз энем жатты жерде.
Айыпсыз шыркыратып кызыл канын
Топурак торко болду асил денге.
Атыма камчы басып качып чыктым,
Беттешсе өлүм берип желдеттерге.
***
Артымдан кубалашып келген жанды
Чымчыктай башын үздүм калды армандуу.
Ан үчүн сүрө куубай чечиништи
Баарына берерим чын мен ажалды.
Атамды жексен кылып коёр элем,
О, чиркин балакенмин кол барбады.
***
Ошентип кайра келсем Акседепке
Седепсиз ээн калган камыш кепе.
Энеси отуруптур муң кучактап,
Киринип көз жашына өзү жеке.
Седепти алдагандай жүргүнчүлөр
Олжолоп тартып алып кеткен текке.
***
Кайгылуу кайын энемдин сөзүн угуп,
Бой таштап өлгүм келди сууга чүмүп.
Ан үчүн ага берет токтобостон
Аргасыз арман менен жашым тунук.
Алдымда шер турса да көралбаймын
Айнектей көздүн челин баскан булут.
***
Шерттешкен Седеп үчүн элден тентип,
Жетпедим арт жагынан кууй берип.
Кеп болсо ак өрүктүн данегиндей,
Калгандыр жүрөгүмдүн баары эрип.
Акыры элсиз чөлдө кала бердим,
Курт чагып алдымдагы атым өлүп.
***
Чиркин ай кимдер алып кетти кайда,
Шордуу кыз дуушар болду кандай жанга.
Түңүлбөйм жер бетинен жолугар дейм
Учуруп кетпегендир көктөгү айга.
Угарлык сөзүң барбы эшитейин,
О, досум баратасың өзүң кайда.
***
Кайгылуу сырын угуп Бекчегенин
Болотбек бүт унутту эстегенин.
Көксөгөн Нурайым да элестелбей
Эсинен бүт чыгарды турган жерин.
Кармашып жаштар тарткан кордук менен
Жүргөнсүйт кан майданда алып кегин.
***
Катардап хан, увазир, бийлер жардап,
Тургансыйт да бирөөнү отко кармап,
Болотбек ал шордууну куткарам деп,
Кылычын бараткансыйт утур кандап.
Да бир хан Нурайымды туткун кылып,
Койгонсуйт көндүралбай орго камап.
***
Кадамы белди таштап белге жетет,
Бийлерди алмаз менен уруп өтөт.
Бир кезде Нурайымды ордон табат
Жанында бир жаткансыйт тиги
Акседеп. Болотто, ойдун күчтүү толкунуна
Тиктешип муңайышат жер менен көк.
***
Бир кезде Бекчегени Болот карап,
Кайда дейт Седепти алып кеткен тарап.
О, достум жетип кызды куткаралы,
Калбасын жаш жүрөгү күйүп канап.
Ошентип кол кармашып жигит менен
Жөнөсө — жетер беле атаганат.
***
Чиркин ай ажыраган чеге эстен
Бил албайт кай тарапка Седеп кеткен.
Бет алса суудан, чөлдөн аска жардан,
Өтүүдөн башын бурбайт, кызыл өрттөн.
Ачкалык жалаң ачтык эстен чыгып,
Седепти тапкысы бар айдан, көктөн.
***
Адашкан үшүн жыйып эске келбей
Болоттун суроосуна жооп бербей.
Ордунан тура чуркап жөнөп калды.
Элирип тыбыраган куюн желдей.
Озондоп кээ бир кезде күңгүрөнүп
Акседеп-Акседеп дейт элес көрбөй.
***
Ширелген чөл тикени таманына
Бүткөнсүйт булак көздүн чанагына.
Болотбек жалгыз таштап кеталбады
Боору ачып, ичи эзилип абалына.
Артынан калбай жүрүп ойдон тоого.
Таппады сүйлөшүүгө такыр даба.
***
Сезе албай Чеге жүрөт күндү-түндү
Өртүнө-өрт кошулуп Болот күйдү.
Кайгылуу кара туман жерди каптап,
Сезбеди көз зиреси тунук күндү.
Адашып алдындагы Бекчегеден
Кучактап Болот жатты бир дүмүрдү.
***
Бир кезде эсин жыйды көзүн ачып,
Караса күн түш болгон асман ачык.
Токойдон кийик кууган жер мусалдуу,
Бет алды арыш керет ылдам шашып.
Элестейт Чеге досу көз алдына,
Жүргөнсүп адамзаттан безип качып.
***
Достусун табуу үчүн күн чыгыштан,
Кайраттуу кадам шилтейт Болот сырттан.
Берсечи чебер дүйнө канат жасап,
Карыпты көтөрүлтүп, көккө учкан.
Чегенин көргөн күнү бийлик кылып
Көксөгөн Нурайымы эстен чыккан.
***
Жаккан от жалын өрткө айлангансыйт,
Жаш жаны ортосуна байлангансып.
Жалдырап кээде сызга жата кетет,
Жаралуу жүрөгүнө чымды басып,
Ааламдын бүт кайгысын жалгыз өзү
Түгөнбөс энчи кылып кармагансып.
***
Жүгүрөт кээде тынбай алга карай
Түнөргөн караңгыда жол берет ай.
Боор ооруп зоо жол ачат жата калып,
Токтотуп кирген суусун өткөрөт сай.
Талаанын жапан өскөн айбандары
Таңыркап арт жагынан ээрчишет жай.
***
Болотко эрмек болуп күкүк үнү
Дүйнөнү бүт унутуп жүрөт тирүү.
Эрме чөл, ээн талаа муңайышат
Булардын не болот деп көргөн күнү.
Кабыгын аарчып койгон куу жыгачтай,
Кан качып адамчылык кеткен сүрү.
***
Таш тилсе таманынан кан сыгылбайт,
Жыгылса тизесинен эт сыйрылбайт.
Ширидей арык тери сөөккө катып,
Ыйласа көздөн нымшып жаш куюлбайт.
Дем алса жүрөгүнөн жалын оргуйт,
Уктаса кирпиктери эч жумулбайт.
***
Бир кылым мурун өлгөн арбак сындуу
Көөдөндө жаны жүрөт чыкпай сырдуу.
Соболуп кээ чанакка кирип кеткен
Ойгонсуп как жыгачка салып бурчу.
Кудурет жалгыз буга берген белем.
Калтырбай асман жерге жыйнап муңду.
***
Угулат алсыз добуш кезек-кезек
Жүрөгү Нурайымын араң сезет.
Куюнга камгак сындуу учар эле,
Салмактуу азыр мындан кургак тезек.
Эрбеңдеп ээн жерде келе жатса
Көргөн жан алда эмине деп качат безет.
***
Бир күнү чий дүмүргө өзүн ороп,
Бекинип коён жатат коркок нонок.
Шору бар чукул чыгып муну көрүп
Ошондо оокат жешти эстеп коёт.
Коёнду кармап оокат кылайын деп
Кармады сүдүрүлүп кетти Болот.
***
Жапайы эркин коён кош аяктап
Болотту көкүрөккө тепти баптап.
Ошондо чалкасынан кулап түштү,
Кутулуп коён кетти кудуп таскак.
Көңүлү караңгылап кайра эс алып,
Акырын Болот кетти өзүн чактап.
***
Ошентип кетип барат Бекчеге жок,
Уу жутуп жүргөн сындуу аралап чок.
Чөл сактап асыл дене калар бекен,
Бүт өчүп жалындабай жүрөктөн от.
Тынымсыз илкип алга умтулгансыйт,
Чалыштап өз буттары өзүн тороп.
***
Кыйналып бет алдына барат кетип,
Аралап тоодон өтүп, суудан кечип.
Термелип алсыз кургур келе жатыр,
Үмүттүн үзүлбөгөн жибин ээрчип,
Тургансып Нурайымы мында күтүп,
Сенделип бир шаарга келди жетип.
***
Караса шаар кым куут ыйгы-тыйгы,
Кыйналыш азап каптап келген сындуу.
Чаңдатып чапкандар көп көчөлөрдө
Басчудай арачалап болгон чырды.
Сенделип Болотбек да келе берди,
Түшүнбөй бул шаарда болгон сырды.
***
Аңгыча ат ойнотуп аркы беттен,
Бир жигит шашкан сындуу буга жеткен.
Барбы дейт эй мусапыр молдолугуң
Деп сурайт шашкан жигит Болотбектен.
Баласы эр Өмөрдүн кесел болуп,
Ан үчүн бизге катуу бүлүк түшкөн.
***
Жалбарат: — Түндө келген кыз кана дейт,
Ал кызды сүйдүм алып бергиле дейт.
Колуна бир шакекти кармап алып,
Өпкүлөп туталанып ыйлай берет.
Оорусу барган сайын оор тартып,
Кыйналып эр Өмөрдөн кетти кудурет.
***
Жүрөбүз молдо таппай ошондуктан,
Шер эле кайран жигит азып чыккан.
Жыйна деп молдолорду буйрук берип,
Аргасыз өксөп ыйлайт Өмөр сырттан.
Ансызда муңайышат эл кайгырып
Кайран эр жигит эле элге жаккан.
***
Болотбек бекем кысып от жүрөгүн
Толкундуу элестеди сүйүү өрнөгүн.
Кеселдин өз оозунан сырды угууга,
«Окуйм» деп келди бирге жигит менен.
Мусаапыр молдокен деп Болот шерди
Ал кесел жаткан үйгө алып кирген.
***
Байкаса өңдөн азган санаа оору,
Тырмалайт ачышкансып ичи боору.
Шакекти жүрөгүнө бекем кысып,
Диртилдеп токтоналбайт эки колу,
Бир туруп өбөт, сүйөт ал шакекти,
Тынымсыз утур жутат, муздак сууну.
***
Көргөн соң бул жигиттин алы жайын,
Сүйүүгө күйгөндүгү болду дайын.
Жаралуу жүрөгүнө чок тийгендей,
Болотбек сурайт неге куйкаландың?
Колуңда шакегиңде кандай сыр бар
Бул неге кетирүү сенин алың.
***
Мүмкүн мен куткарармын сырың айтсаң,
Махабат мага досту, мага душман.
Жаралуу жүрөгүмдү уулабастан
Тезирээк сырыңды айтчы күйгөн сырттан.
Кай жактан, кимден алдың каухар шакек,
Мен да бир күйгөн арча махабаттан.
***
Чиркин ай сүйүү кимди уулабады
Кимдердин жүрөгүнө уу салбады.
Мен да бир махабаттын туткунумун,
О, достум ырбаттың го без жарамды.
Ичиме, жүрөгүмө жалын толгон,
Махабат өрттөнбөгөн бейм бул ааламды.
***
Ошондо кесел жигит эсин жыйды
Сүйлөдү туталанып болгон сырды.
Болотбек айткан сырды кулак салып,
Жигиттен чыккан сырды угуп турду.
Бирде ыйлап, бирде муңдуу айтып жатты
Ал жигит каухар шакек берген нурду.
***
Ал айтат: — «Мен Өмөрдүн баласымын,
Бой тартып жигит болуп калгансыдым.
Каралдым сүйгөнүңө үйлөнгүн деп
Жиберди тандагын! — деп элдин кызын.
О, чиркин ойдогудай кыз табалбай,
Жүрөгүм муздай тоңду айтсам чынын.
***
Жолуктум далай чолпон, далай үргө,
Ансайын өтө бердим гүлдөн гүлгө.
Арадан ала салып айлар өттү,
Алга үрөп бара бердим, бирден-бирге.
Кайсыл эл, кайсыл жерде калды билбейм,
Айтайын жолукканды ушул күнгө.
***
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Болот, Асан, Жамал - 8
  • Parts
  • Болот, Асан, Жамал - 1
    Total number of words is 3759
    Total number of unique words is 2308
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Болот, Асан, Жамал - 2
    Total number of words is 3869
    Total number of unique words is 2097
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Болот, Асан, Жамал - 3
    Total number of words is 3850
    Total number of unique words is 2133
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Болот, Асан, Жамал - 4
    Total number of words is 3774
    Total number of unique words is 2215
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Болот, Асан, Жамал - 5
    Total number of words is 3811
    Total number of unique words is 2157
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Болот, Асан, Жамал - 6
    Total number of words is 3876
    Total number of unique words is 2079
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Болот, Асан, Жамал - 7
    Total number of words is 3821
    Total number of unique words is 2202
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Болот, Асан, Жамал - 8
    Total number of words is 3805
    Total number of unique words is 2016
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Болот, Асан, Жамал - 9
    Total number of words is 3741
    Total number of unique words is 2163
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    50.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Болот, Асан, Жамал - 10
    Total number of words is 1624
    Total number of unique words is 1117
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.0 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.