Latin

Болот, Асан, Жамал - 10

Total number of words is 1624
Total number of unique words is 1117
34.1 of words are in the 2000 most common words
46.0 of words are in the 5000 most common words
54.0 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Бизди хандар алышпаса теңине.
***
Адам деген өрүштөгү мал эмес,
Адам деген кышта жааган кар эмес.
Алтын эмес каухар эмес адамзат,
Адам асыл асманда ай тең эмес.
Адам кымбат, адам азиз баарынан,
Баалаганга адам күндөн кем эмес.
***
Бергин дешет эпсиз чыгым жылына,
Эки дөдөй ээ болгонсуп кылымга.
Тозок кечип, ууга калкып жетишсек,
Ары жоктор көз артышат сулууга.
Ач көздөрдөн эмнеге коркоюн,
Мен даярмын каалаганын кылууга.
***
Эл кадырын хандар баалай билбесе,
Эрди хандар жек көрүшүп сүйбөсө.
Адамзаттан азып чыккан асылды
Малсызсың деп таалайды ыраа көрбөсө.
Кандай кордук кайгы муңдуу бул заман,
Асат дарга асылдарды ар кезде.
***
Нурайымым кыздардын чын нуру го,
Нуриллахан, Акседептер гүлү го.
Биздин бакыт, таалай үчүн туулган,
Айдан сулуу, адамзаттын күлү го.
Сулууларды кантип берем кол менен
Калдар, Чеге, Болотбектер түрү го.
***
Деп Болотбек кагаз калам алдырып,
Кеңеш менен жооп жазды жандырып,
Ал элчини кайра салды жолуна,
Айтчу сөздү ак кагазга жаздырып.
Колду куруп даярданып казатка,
Болотбек да тура берди кам кылып.
***
Кол жыйналып келип жатты шатырап,
Куралданып кылыч, найза жалтырап.
Өң баатырлар өздөрүнчө бир бөлөк,
Кийгендери соот, чопкут жаркырап.
Сөөлөтүнө көктө жылдыз таң калып,
Айбатынан ажыдаар, шер калтырап.
***
Сөөлөттөнтүп куруп бүттү көп колду,
Саркерликти Калдарбекке өткөрдү.
Тандалмалуу тулпарлары тыбырап,
Алтын балдак, ак асаба көтөрдү.
Кызыл найза, айбалталар өзгөчө,
Колдун көркүн душмандардан өткөрдү.
***
Баары окшош калканы бир формада,
Кол башчылар өздөрүнчө жоргодо.
Каарын ойлоп хандарга эл кыжынат
Кылыч асып, жебе кармап колдорго.
Улан-селки кайрат курчайт белине,
Кантип жоого бололу деп биз олжо.
***
Колдун саны миңден, миңден, миң болду.
Басып кирген жоону жеңчү күн болду.
Керней, сурнай дүбүртүнө үн кошуп
Сөөлөттөнтүп саркер баштап көп болду.
Жөнөгөндө кылкылдатып жыл ыргап,
Кең талаага кызыл гүлдөй түр болду.
***
Эки ханга элчи барды бир нече
Элчи сүйлөйт нени ойлойсуң келгиче.
Жардысынтып Болотбекти кордобо
Жалгыз силер жаралгансып пилге эсе.
Кан төгүшпөй чечишели чырларды
Айткылачы максатыңар эмине?
***
Хан Добулбай Дөөлөтбекти жандаган,
Көп олжону элестетет ал наадан.
Элдин малын, кыз-келинин олжолоп,
Эсепсиз мүлк алчудай казнадан.
Ошондуктан жооп берет күрсүлдөп,
Катты кабыл албасаңар болот жан.
***
Хандар көнбөйт Болот дагы болбоду,
Ал дөдөйлөр эл талоодо болжолу.
Абал мурун эрдин-эрин сынашып,
Күч салышып сайышууга оң, солду.
Туу көтөрүп орто жерде калыстар,
Хандар окшойт тиги турган жондогу.
***
Жеке-жеке чыккыла деп эки хан,
Сайышууга балбан Бөкчө камдалган.
Бууралардын башын үзчү күчүңдү
Көрсөткүн деп хан Дөөлөтбек жанданган.
Түшүнгүлө Бөкчө деген өзү ким?
Адам да жок ал Бөкчөдөй зор балбан.
***
Бөкчө берен далай кордук дөөлөргө,
Бөкчө балбан атчан эрге жөө эрге.
Жоосун жеңген, жеңилбеген эч качан,
Бөкчө даңктуу ала тоолук элдерге.
Тосуп алып урган ташын кайта уруп,
Ал жеңдирбес, асмандагы перлерге.
***
Тиги турган көк челекче башы бар,
Ар бир талы ортон колдой чачы бар.
Бака сүзчү чөлмөк сындуу көзү бар,
Түнт чытырман чөп сыяктуу кашы бар.
Мурду тиги жатагандай салаңдап,
Кабагы окшойт кашатчадан көчкөн жар.
***
Катар сайган чий сыяктуу кирпиги,
Музоо баштай эки беттин сары түгү.
Добул жааган чагылгандай добушу,
Адам эмес айбан сындуу өз түрү.
Ачууланса ичин жарбай куйкалап,
Жута турган ирик койду бүкүлү.
***
Сегиз карыш кош далинин арасы,
Эки көздөй колдорунун салаасы.
Мойну жоон нар бууранын санындай,
Жылга — чыбыр эки беттин талаасы.
Ар бир тиши кара жыгач күрөктөй,
Кара үңкүрдөй кош мурдунун таноосу.
***
Булут чапчып кер тобурчак мингени,
Тогуз кабат соот, чопкут кийгени.
Жети кадак уютулган чоюнбаш,
Калканы бейм сол карыга илгени.
Карагайдан улап кадап жасаган,
Найзасы бейм ак булутка тийгени.
***
Дагы жүрөт сол жанбашта салбырап
Жамгыр менен түшкөн жаадай жалтырап.
Байкаганга кылыч окшойт анысы,
Токойлорду чапса кесет барчалап,
Дагы илген далысына сур жебе,
Огу тийсе ташты бузар талкалап.
***
Ушул Бөкчө ишенгени хандардын,
Ач көз залим арсыз чалдардын
Хан Дөөлөтбек жандап келип баласын
Деп шыбырайт: «келгиле деп жар салып,
Аргымагын алга сүрүп туйлатып,
Дарылдады чыккыла деп балбаның».
***
Булут көчүп күн күркүрөп кеткендей,
Жылдыз учуп жерди сыйпап өткөндөй.
Жер силкинип чаң агызды асманга
Удургутуп катуу бороон соккондой.
Алыс-алыс катар тоолор жаңырды.
Ачуу үнү жер түбүнө жеткендей.
***
Муну угуп кол башчылар чыдабай,
Өздөрүнчө кеңеш кылды бир далай.
Балбан издеп Өмөр колду кыдырат,
Буга теңдеш эр барбы деп аралай.
Бир карыя чыгып келип кошундан
Эр болобу Болот, Чеге, Калдардай.
***
Бул үчөөнүн бири буга барбаса,
Башкаларга Бөкчө кылат каргаша.
Орою суук опсуз балбан көрүнөт.
Коё береби кокус бирди кармаса.
Деп карыя Болотбекке карады,
Сен чык балам деген сындуу жараса.
***
Чымырканат Чеге буга чыгам дейт,
Желмогузду жерге жексен кылам дейт.
Уруксат кыл мен барайын сен кал деп,
Туталанып кабар чыкпайт Калдарбек
Ошол кезде Болот күлүп буларга, Калдар,
Чеге экөөңүздөр бери кел дейт.
***
Кайратыңа Чеге эч ким тең эмес,
Күчкө толсоң өзүңө шер теңелбес,
Калдарбек сен жүрөгүң курч, өзүң жаш.
Бөкчө менен беттешишиң эп эмес.
Кан ичкичке мен барайын экөөң кал,
Анын канын төкпөй келчү мен эмес.
***
Жеке чыгып бул арсызды сынайын,
Намыс үчүн кайратымды чыңайын.
Ажыдаардай түрү суук Бөкчөнүн,
Кабак башын жанчып санат кылайын.
Карыптардын касиети колдосо.
Башын кырчып бул заңгини жыгайын.
***
Атка минип баарың даяр тургула
Муну жыксам шаңдуу чабуул кылгыла.
Кокус болуп мен жеңилсем Бөкчөдөн,
Качпай коркпой сайгылашып куугула.
Элдик тилек жеңип чыкса Бөкчөнү,
Калгандарын чегирткедей кыргыла.
***
Деп Болотбек найза кармап колуна
Кабат, кабат соот кийди жонуна.
Кылыч, жаасын, чоюн башын байланып,
Алтын калкан асып койду карыга.
Жер силкинтип минген атын ойнотуп
Эки-үч камчы уруп алды сооруга.
***
Кайрат берди Өмөр кары бабасы
Калдар баштап калың колдун баарысы,
Жеңип кел деп тоодой болгон нааданды,
Нурайымдыа тынбай турат санаасы,
Ажал менен кармашууга Болотбек,
Атырылган шер мусалдуу баратты.
***
Муну көрүп балбан Бөкчө чамынып,
Мурун найза салуу үчүн камынып.
Алга сүрүп жөнөп калды мингенин,
Күнгүрөнгөн үнүнө жер жарылып.
Болотбек да тайманбастан качырды,
Аркы-терки куу найзалар сайылып.
***
Күүсү менен бири-биринен өтүшүп,
Мингендерин бура тартып секиртип,
Ачууланып Болотбек да кыйкырып,
Жаңырыкка Булак суусун силкинтип,
Айбаттуулар көз ирмебей сайышса,
Жер чыдабайт башаттарын бүркүлтүп.
***
Пачыр-пучур сынып кетип найзалар
Жандан сууруп кылычтарын алды алар.
Карсылдашып кайра тартпай чабышып,
Ширендидей от жалтылдайт калкандар.
Кылыч сынып, ай балтасын алышат.
Калкандары болуп барат чалдыбар.
***
Болот чабат ылачындай зыпылдап,
Илгир кыран куш кумпадай кыпылдап.
Балбан Бөкче бурулгуча дагдаңдап,
Он беш чабат алдын тороп ыкчамдап.
Үүшүн алып барган сайын шаштырып,
Кээде Болот чапчып өтөт алкымдап.
***
Ай балтанын сабы Жолдо калышып,
Ээр каштан чоюн башын алышып.
Дүбүрөтүп бирин-бири качырып,
Куу Бөкчөнүн колу барат карышып.
Эр Болотбек ыгы менен келтирип
Оң карыга салып өттү чаңыртып.
***
Жерге түштү колдон ыргып чоюн баш,
Ал ойлоду эми мени соо кылбас,
Алгычакты далыдагы жебесин,
Дал чекеге чаап кетчи добуш тарс.
Ары жоктун мээси бөлөк быркырап,
Тоо көчкөндөй кулап кетти Бөкчө кас.
***
Отуз киши калыс эки тараптан,
Сайган тууну ошолорго карматкан.
Бөкчө балбан жексен болуп жер менен,
Калыстар да, Болот туусун жандашкан.
Эки хандын туусун жулуп алганда,
Ал арсыздар артын карай чаңдашкан.
***
Ач көздөрдүн кабыргасы кыйрады,
Таранчыдай дүркүрөдү жыйналды.
Ишенгени Бөкчө балбан жеңилип,
Кейиш түшүп чөкө таандай чуулады.
Бөрү тийип кой үрккөндөй дабырап,
Кылчакташып артын карай чубады.
***
Качкан жоонун алдын артын тозушуп,
Чабуул койду бири-биринен озушуп,
Калың тулпар жар көчкүдөй дүңгүрөп,
Добушуна керней, сурнай кошултуп,
Кылкылдатып агызчудай кан төгүп,
Кызыл сырдан жердин бетин жошултуп.
***
Ураалашып Бекчегелер алыстан,
Чар тараптан чыга келип кылды жаң
Чегирткедей калың душман ортодо,
Кырып кирди эр Калдарбек каарман,
Бир тарабын жалгыз тосуп Болотбек
Кутулалбайт качып душман булардан.
***
Өрт кеткендей туш тараптан ат салып,
Арга таппай хандар калды апкаарып.
Ан сайын үүшүн алып кыйкырып,
Чыга келет жүздөн-жүздөн топ болуп,
Кандар уюп агып суулар бөгөлдү.
Жер титиреп, көл чайпалып козголуп.
***
Алакташып дедей хандар шашышат,
Жан калкалап элди аралай качышат.
Өлүктөрү корум болуп жыйылып,
Далай душман жер кучактап жатышат.
Бирөө жарым качкан болсо бөлүнүп,
Аркасынан жебе менен атышат.
***
Келип жатат Болотбекти билгендер,
Хан колунда аргасыздан жүргөндөр.
Бөлүнүшөт өтөт Болот тарапка,
Бул казатка зордук менен келгендер.
Учурашып колун берет Болотко
Азап чегип Добулбайдан күйгөндөр
***
Арсыздарга ажал тору кийилип,
Арачы жок чырды басчу кийлигип.
Олжо түгүл Добулбайга орун жок,
Коркуп бүттү өз жанынан түңүлүп.
Алдын тоз деп кыйкыргансып өз колун,
Хан Дөөлөтбек чапкан болот үңүлүп.
***
Асман жерди ажал каптап келгенсип,
Күн муңаят нурун төкпөй келгенсип,
Кан жыттанып жердин бети коңурсуп.
Жел тыбырайт элге кабар бергенсип.
Чаң түнөрүп көктү каптап боз түшүп,
Бул кыргында ажал күлөт эрдемсип.
***
Алдасташат кочкул суулар шар менен
Атыр жытын жел жоготуп чаң менен.
Канкорлорду кайсап жүрөт Болотбек,
Күч чыңачу ариет, намыс, ар менен,
Хансыз өскөн эл көнөбү кулдукка,
Утур күчөп кирип жатты шаң менен.
***
Кан шыркырайт адырдан сел куйгандай,
Тоолор көчүп жер бузулуп тургандай.
Зоону бузуп уйгу-туйгу чагылган.
Бет алдырбай туш тараптан ургандай,
Ай балталар аркы-терки чакылдайт,
Карга, кузгун бүгүн тарпка тунгандай.
***
Аттар тердеп көкөлөдү көк түтүн,
Желге калкып, күүгүмдөнтөт жер бетин.
Ашар кылып арапканды оргондой,
Жоготушту душмандардын үлүшүн.
Олжо алуучу ач көздөрдү талкалап,
Туткун кылды өлбөй калган түрүүсүн.
***
Мактанышкан хан Добулбай, Дөөлөтбек,
Кайгыланды келгенине эбеп-жеп.
Ал арсыздар элге болду шерменде.
Таба кылды ай, жылдыз, жер тиги көк.
Бирөө кайтып мекенине кеталбай.
Өлүктөрү кала берди чымын жеп.
***
Канын чачып эки хан жа өлгөнүн,
Тебеленип жатып жанын бергенин.
Эр Болотбек аныктады, тааныды,
Эми хансыз бакты ачылды элдердин,
Ан үчүн жел айга кабар жеткирет,
Залимдерди Болот, Калдар жеңгенин.
***
Мына ушундай экен өткөн замана,
Эл кор болгон арсыз ач көз хандарга.
Ору терең, уусу ачуу ал заман.
Жыргалдуу күн берген эмес адамга.
Болот сындуу элдик эрлер чыкса да
Элди баштап жеткен эмес таалайга.
***
Ал заманда жер ыйлаган эл түгүл,
Суусуз какшып ачылалбай кызыл гүл.
Дардан аккан кызыл кандын буусуна,
Аралашып жел ыйлаган таппай нур,
Эркин ээлеп балыгын жеп өстүрбөй,
Көлдү ыйлатып соруп жатчу жылан сур.
***
Күндө дарды, орду көрүп тангансып,
Жердин жүзү хандык бойдон калгансып,
Күн муңайып зуу заманды каргаган,
Элдин муңу ага жетип баргансып,
Эшен, молдо алдамчыны жек көрүп,
Жылдыз турчу бүлбүл чырак жангансып.
***
Хандар, бийлер кайгырышып элдерди,
Ачкан эмес элдик таалай кендерди.
Элдин бакты асыл жерди кор тутуп,
Көгөртпөдү чаңкап жаткан чөлдөрдү.
Ал сур заман тумчуктуруп тоолорду,
Жол курбады бузуп зоону, белдерди.
***
Болотбек ким, Нурайым ким уктуңар,
Ханды элди салыштырып чыктыңар.
Ошол кезде Болотко жол бербеген,
Мына бүгүн бизди сыйлайт капчыгай.
Ал заманда кан шимиген акбейит.
Ак алтындай була берет дапдаяр.
***
Ал заманда Нурбай үчүн кусадар,
Азыр зергер өчпөй таалай нур табар,
Чечилдиби менден күткөн сурооңор?
Чечкен болсом машинеге чыксаңар,
Элге азыр таалай бүттү дапдаяр.
Калган ырды машинеде уксаңар.
***
Деди Курман кызыл жүзү тамылжып,
Толкундадык биз да буга кубандык.
Дүңгүрөдү машиненин мотору,
Биз да чыктык жүрдү күтүп тургансып.
Ыр оргуду жүрөгүнөн акындын,
Коңур үнү моторду күү кылгансып.
(Аягы)
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
  • Parts
  • Болот, Асан, Жамал - 1
    Total number of words is 3759
    Total number of unique words is 2308
    28.2 of words are in the 2000 most common words
    39.5 of words are in the 5000 most common words
    46.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Болот, Асан, Жамал - 2
    Total number of words is 3869
    Total number of unique words is 2097
    29.4 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    48.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Болот, Асан, Жамал - 3
    Total number of words is 3850
    Total number of unique words is 2133
    30.1 of words are in the 2000 most common words
    42.7 of words are in the 5000 most common words
    49.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Болот, Асан, Жамал - 4
    Total number of words is 3774
    Total number of unique words is 2215
    29.7 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    50.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Болот, Асан, Жамал - 5
    Total number of words is 3811
    Total number of unique words is 2157
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.4 of words are in the 5000 most common words
    49.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Болот, Асан, Жамал - 6
    Total number of words is 3876
    Total number of unique words is 2079
    29.1 of words are in the 2000 most common words
    42.2 of words are in the 5000 most common words
    48.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Болот, Асан, Жамал - 7
    Total number of words is 3821
    Total number of unique words is 2202
    29.5 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    47.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Болот, Асан, Жамал - 8
    Total number of words is 3805
    Total number of unique words is 2016
    30.0 of words are in the 2000 most common words
    41.5 of words are in the 5000 most common words
    48.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Болот, Асан, Жамал - 9
    Total number of words is 3741
    Total number of unique words is 2163
    30.3 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    50.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Болот, Асан, Жамал - 10
    Total number of words is 1624
    Total number of unique words is 1117
    34.1 of words are in the 2000 most common words
    46.0 of words are in the 5000 most common words
    54.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.