Latin

Аңгемелер - Лев Толстой - 3

Total number of words is 3860
Total number of unique words is 2108
28.1 of words are in the 2000 most common words
40.1 of words are in the 5000 most common words
45.9 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
гимназиянын мурдакы дин сабагынын мугалими архимандрит Мисаилди жибермек болду.
XIX
Мисаилди жанына олтургузуп алып, архиерей өз епархиясында пайда болгон окуяларды
божурай баштады.
— Мунун бардыгы алиги священниктин мажүрөлүгүнөн, түркөйлүгүнөн. Сен окумуштуу
адамсың. Мен сага ишенем. Баргын да, элди чогултуп, түшүндүр.
— Эгерде кудурети күчтүү архиерим ак батасын берсе, бар күчүмдү жумшайм,— деди
архимандрит Мисаил. Ал берилген тапшырмага жетине албады. Ыгы келе калган учурларда
динге ишенгендигин көрсөтө алгандыгына кубанчу. Башкаларды динге үгүттөө менен, ал динге
ишенем деп өзүн ого бетер бек ынандыра турган.
— Аракет кыл, өзүмдүн чиркөөлүк коомумдан аябай жапа чегип жүрөм,— деди
архиерей кызматкер сунган стакан чайды аппак, эткээл колу менен шашпай алып жатып.
Вареньең ушул элеби, башкасын алып кел,— деди ал кызматкерге. Жаным аябай
кашаят,— Мисаилди карап сөзүн улантты.
Мисаил өз макулдугун билдирмекчи болгонуна кубанды. Бирок жарды адам катары,
жолго деп акча сурады, анан орой элдин мамилесинен чочулап, керек болгон учурларда
жергиликтүү полиция мага көмөк көрсөтүшүн, губернаторго буйрук берип койсоңуз экен деп
өтүндү.
Архиерей анын айткандарынын бардыгын аткарды, ошентип Мисаил өз кызматкерине
чакан сандык жасатты да, ага кухарка бышырган тамак-ашты салып, жолго аттанды. Ушул
командировкага бара жатып, Мисаил өз кызматынын маанилүүлүгүн, анын үстүнө динге өз
ишенимине ар кандай шек саноолор тыйылып, тескерисинче, анын кадиксиздигине биротоло
ынангандыкты сезип, бою балкыды.
Анын ою ишенимдин маңызына эмес,— ал аксиома тарабынан таанылган,— анын
сырткы формалары жагындагы ошол талаш-тартыштарды четке кагууга багытталган.
XX
Кыштактын священниги жана анын аялы Мисаилди аябай жатып ардактап тосуп алышты,
эртеси элди чиркөөгө чогултушту. Жибектен тигилген жаңы узун чепкен кийген, крест тагынып,
чачы таралган Мисаил амвонго кирди, анын жанына священник турду, окчунураак жерде
дьячоктор, хорго катышуучулар, ал эми каптал жаккы эшиктерде полицейскилер. Майланышып
кейпи кеткен чолок тондорду кийип сектанттар да келишти.
Ибадаттан кийин Мисаил диний үгүт жүргүзө баштады, бөлүнгөндөрдү чиркөө энеге
кайра кайткыла, болбосо тозокко түшөсүңөр, тобо кылгандарга кечирим берилет деп бирин
коркутса, экинчисин алдап-соолай баштады.
Сектанттар ооз ачышпады. Берген суроолорго жооп кайтара башташты.
Силер эмне үчүн бөлүнүп кеттиңер деген суроого алар чиркөөдө колго жасалган жыгач
кудайларды ардакташат, ал эми инжилде бул көрсө күлмөк гана түгүл, тескерисинче айтылып
жүрөт, дешти. Ыйык икондорду жалпак жыгач дегениңер чынбы деп Мисаил Чуевдец
сураганда ал минтип жооп кайтарды: «Каалаган иконуңду алып, арт жагын кара, өзүң көрөсүң».
Эмне үчүң священствону тааныгыңар келбейт деп сурашканда алар: «Бейакы алдыңарбы,
бейакы бергиле» — деп жазылган инжилде, ал эми поптор болсо өз жакшылыктарын акчага
таратышат, деген жоопту айтышты. Мисаил ыйык инжилге канчалык таянса да, анда
жазылгандарды мыкты билген тикмечи менен Иван ага жайбаракат, бирок катуу каршылык
көрсөтүштү. Мисаилдин ачуусу келип, калктын каарына каласыңар деп коркутту. Ага сектанттар:
«Мени куушкан — силерди да куушат» деп жазылгандыгын айтышты.
Эч тыянак чыкпады, ошентип бардыгы жакшы бүтмөк, бирок эртеси күнү обеднянын
убагында Мисаил азытмалардын зыяндуулугу, алар ар кандай катуу жазалоолорго татыктуу
экендиктери туурасында осуят айтты, анан чиркөөдөн чыккан адамдардын арасында элди
бузбай, жөн жүрүшсүн үчүн кудайбезерлерди теске салып коюу жөн болор эле деген күбүршыбыр келип чыкты. Мисаил шаардан келген адептүү инспектор менен бирге семга жана сиг
балыктарын жеп олтурган кезде кыштакта тополоң башталды. Провославие динин туткандар
аларды сабамак болушуп, Чуевдин үйүнүн жанына топтолушту, качан сыртка чыгышаар экен
деп аларды күтүп турушту. Сектанттар эркек-аялы болуп, жыйырма чакты адам. Мисаилдин
үгүт-насыяты, православиеликтердин минтип камалап турушу жана аларды коркута чыккан
сөздөрү сектанттарда мурда болбогон, ачуу сезимди туудурду. Күн кечтеп, катындардын уй
саай турган убагы болду, ал эми православиеликтер кетпей күтүп туруп алышты, сыртка чыга
калган бирин-экин адамды камчыга алып, кайра үйгө кууп киришет. Эмне кылуу керек деп
кеңеш курушту, бирок бир пикирге келе алышпады.
Тикмечи коргонуунун кереги жок, чыдаганыбыз матал деди. Чуев эгерде минтип чыдай
берсек алар ар кимибизди бир-бирден сабашат деди да темир көсөөнү ала коюп, көчөгө чыкты.
Православиеликтер ага жабалакташты.
— Ка-на, Моисейдин закопу боюнча,— деп кыйкырды да, православиеликтерди сабап
кирди, бирөөнүн көзүн чыгара чапты, беркилер үйдөн чыгышып, үйлөрүнө тарашты.
Чуевди соттошту, кылган күнөөсү үчүн, чиркөө реликвияларына акарат келтиргендиги
үчүн сүргүнгө өкүм чыгарышты.
Мисаилге сыйлык берилип, архимандриттикке көтөрүштү.
XXI
Мындан эки жыл мурда Петербургга Дон войскаларынын жеринен курска албеттүү,
чыгыш эли түспөлдөнгөн, Турчанинова деген сулуу кыз келди. Ал кыз Петербургда Симбир
губерниясындагы земство начальнигинин баласы студент Тюрин менен жолугушуп, аны сүйүп
калды, бирок анын аялы, анын балдарынын энеси болуу ниетиндеги кадыресе аялдык сүйүү
менен эмес, көбүнчө жашап жаткан түзүлүшкө, ал гана тургай анын өкүлдөрү болушкан
адамдарга бирдей кыжырлануу, аларды бирдей жек көрүү сезимин боюна сиңирген
жолдоштук сүйүү менен сүйдү жана да өзүнүн акыл, билим жана нравалык жактан алардан
артыкчылык кыла тургандыгын аңдай олтуруп сүйдү.
Ал окууга жөндөмдүү кыз болучу, лекцияны жеңил кабыл алып, экзамендерди жеңил
тапшырат, андан тышкары жаңы китептерди өлчөөсүз кеп окуду. Ал өзүнүн милдетим бала
төрөп, аларды багып өстүрүүдө эмес. — ал мындай милдетке жийиркеничтүүлүк жана жек
көрүүчүлүк менен карай да турган,— элдин мыкты күчтөрүн думуктуруп басып жаткан ушул
азыркы түзүлүштүн ойронун чыгарып, европалык соңку жазуучулардан үйрөнгөн ошол жаңы
турмушумдун жолун элге көрсөтүүдө деп ишенген. Толук, кызылы кызыл, агы ак, сулуу, көздөрү
карагаттай жайнаган, олоң чачтуу ал далай эркектин жүрөгүн козгоп, сезимин ойготту, кыз
аларды каалабады, анын үстүнө бөлүштүрө албайт да болучу,— анткени ал бүт бойдон өзүнүн
агитациялык, оозеки үгүт-насыят иштерине берилип кеткен болучу. Бирок боюн жасап-түзөбөсө
да, барк албай, таштап койбосо да, мындай сезимдерди туудурушу деген менен, анын көңүлүн
жубатты. Эркектердин жактырганына ичинен кудуңдайт, ал эми иш жүзүнө келгенде башка
аялдар тарабынан ушунчалык бааланган нерсени канчалык жектегендигин көрсөтө алат. Жашап
жаткан тартипке каршы күрөштүн каражаттарына болгон көз караштары жагынан ал өз
жолдошторунун көпчүлүгүнөн, ысык курдашы Тюринден озуп кетти жана күрөштө, киши
өлтүрүүнү кошо алганда, бардык каражаттар жакшы жана колдонулушу мүмкүн деп эсептеди.
Ал эми чын-чынына келгенде ушул революционерка Катя Турчанинова өз пайдасынан,
ырахатынан, жыргалчылыгынан башка бирөөнүн пайдасын, ырахатын, жыргалчылыгын -ар
качан жогору койгон жана кимдир бирөөгө — балага, карыга, айбанга — жагымдуу иш кылуу
үчүн ыгы келе калган мүмкүнчүлүккө ар качан чын ниеттен кубанган өтө ак көңүл жана
кайраттуу аял.
Жайды Турчапинова Волга боюндагы уезддик шаарда, өзүнүн курдашы, кыштактык
мугалимдин үйүндө өткөрдү. Ушул эле уездде атасынын үйүндө Тюрин да жашайт. Уезддик
врач үчөө тез-тез көрүшүп турушат, китеп алмашып окушат, талашып-тартышат,
кыжырланышат. Тюриндердин имениеси Петр Николаич башкаруучу болуп барган
Ливенцовдордун имениесине жамалаш. Петр Николаич келер замат тартипти колго алгандан
кийин жаш Тюрин ливенцовдук дыйкандардан өз алдынчалык духту, өз укуктарын коргоп калуу
ниетин көрүп, аларга кызыга баштады, кыштакка бат-бат барып, дыйкандардын арасында
жалпы алганда социализм жана жеке алганда жерди улутташтыруу теориясын өнүктүрө
олтуруп, алар менен аңгемелешип жүрдү.
Петр Николаич өлтүрүлүп, судьялар жабыла жетип келишкен кезде уезддик шаардын
революционерлеринин кружогунун сотко кыжырлануу үчүн күчтүү негизи бар болучу жана аны
тайманбай айтты. Тюриндин кыштакка барып, дыйкандар менен сүйлөшүп жүргөндүгү сотто
аныкталды. Тюриндин үйүн тинтишти, революциялык бир нече брошюралар табылды, ошентип
студентти камакка алышып, Петербургга жеткиришти.
Турчанинова анын соңунан жөнөдү, аны менен жолугушмак болуп түрмөгө барды, бирок
киргизбей коюшту, жалпы жолугушуулар өткөрүлүүчү күнү гана уруксат беришти, ошентип ал
Тюринди эки тордун нары жагынан көрдү. Бул жолугушуу кыздын кыжырын ого бетер
кайнатты. Жандармдык сулуу офицердин менин айтканыма көнсөңүз тилегиңизди орундатууга
даярмын деп чөк сала олтуруп, кыйыта сүйлөгөнү кыздын кыжырын чегине жеткирди. Бул анын
бардык начальниктерге болгон жаалын акыркы баскычка алып барып такады. Ал арызданып,
полициянын начальнигине барды. Полициянын начальниги колубуздан эч нерсе келбейт,
министрдин буйругу бар, деп жандармдын сөзүн кайталады. Ал жолугушууга уруксат сурап,
министрге докладдык кат жөнөттү; өтүнүчүн четке кагышты. Ошондо ал арга түгөнгөндөгү
жумушту жасамак болуп, револьвер сатып алды.
XXII
Министр өзүнүн көндүм убагында кабыл ала баштады. Ал келгендердин үчөөн жандай
өтүп, губернаторду кабыл алды, анан кара кийип, сол колуна кагаз кармап турган кара көз,
сулуу жаш аялдын жанына басып келди. Сулуу аялды көргөндө министрдин көздөрүнөн
сүйкүмдүү — аял жандуулук учкун чачырай түштү, бирок өзүнүн кызмат абалын эстей коюп,
министр олуттуу боло калды.
— Сиз кандай жумуш менен? — деди ал жакындай басып келип.
Ал жооп кайтарбай, револьвер кармаган колун пелеринкасынын астынан сууруп ала
коюп, аны министрдин төшүн каратып туруп, атып жиберди, бирок жаза атты.
Министр анын колун кармай калмак болду эле, ал буйт берип, экинчи ирет атты. Министр
качып жөнөдү. Аялды кармап калышты. Ал калтырап-титиреп сүйлөй албады. Аңгыча
истерикалуу каткыра баштады. Министр жарадар да болбоду.
— Бул — Турчанинова эле. Аны алып барып камап коюшту. Эң жогорку даражалуу
адамдардан, ал гана тургай падышанын өзүнөн куттуктоо жана көңүл айткан каттарды алган
министр акыры келип ушул кол салууга такалган ошол заговорду иликтөө үчүн комиссия
дайындалды.
Албетте, эч кандай заговор болбогон; бирок жашыруун жана ачык полициянын чиндери
дарексиз заговордун учугун жаналакетке түшүп издөөгө киришишти, алган жалыйналарын ак
ниеттүүлүк менен акташты: таңзаарынан турушат да кеч күүгүмгө чейин тинтүү артынан тинтүү
жүргүзүштү, кагаздарды, китептерди катташты, күндөлүктөрдү, жеке каттарды окушту, алардан
татынакай кагаздарга татынакай кылып экстрак жасашты, Турчанинованы далай ирет суракка
алышты, анын жанжөкөрлөрүн табуу үчүн беттештирүүлөрдү уюштурушту.
Министр өз көңүлүндө мыкты адам болгон, ушул албеттүү, сулуу казак аялын аябай
аяды, бирок ал өзүнө-өзү мойнумда мамлекеттик оор милдет бар, алар канчалык кыйын болсо
да аткарып жүрөм деп айтты. Анын мурдакы жолдошу, камергер, Тюриндердин таанышы
сарайда өткөрүлгөн балда жолугуп калып, Тюрин менен Турчанинованы бошотуп
жибербейсиңби деп өтүнгөндө министр ийиндерин куушурду эле ак желетинин үстүндөгү
кызыл тасма тырышып-бырыша түштү.
— Jе nе demanserais pas mieux due de lacher cette pauvre tillette, mais vous caver —
ledevoir 1 деди.
Ал эми Турчанинова бул убакта камакта олтурган, кээде жолдоштору менен жайбаракат
дубал чертип сүйлөшөт, алар берген китептерди окуйт, кээде таптакыр үмүт үзүп, жинди боло
түшөт, дубалдарды койгулайт, чаңырат, каткырып күлөт.
XXIII
Марья Семеновна күндөрдүн биринде казнадан пенсиясын алып келе жатып, тааныш
мугалимге жолугуп калды.
— Эмне, Марья Семеновна, казна алдыңызбы? — деп кыйкырды көчөнүн наркы
бетинен.
— Алдым,— дейт Мария Семеновна,— тешиктерди бүтөгөнгө араң жарайт.
Коюңузчу, акча көп, тешиктерди да бүтөйсүз, артып да калат,— деди мугалим, анан коштошуп
өтүп кетти.
— Кошуңуз,— деди Мария Семеновна, мугалимди карап бара жатып шаты колдуу,
чырайлуу, узун бойлуу адам менен карпа-күрп беттеше түштү.
Ал үйүнүн жанына жетти, алиги шаты колдуу адамды кайра дагы көрүп таңданды. Аял
үйүнө кирип кеткенден кийин ал бир аз турду да терс бурулуп, жолуна түштү.
Мария Семеновнанын адегенде төбө чачы тик турду, анан капалана баштады. Үйүнө
кирип, чалга, булак оорулуу кичинекей жээни Федяга базарлык берди, кубанганына чыдабай
кыңшылап жиберген Трезорканы эркелетти, кайра көңүлү көтөрүлө түштү, акчаны атасына
берди да өмүр бою бүтпөгөн жумушуна киришти.
Мария Семеновнага жолуккан адам Степан болучу.
Кербен сарайда дворникти өлтүргөндөн кийин Степан шаарга кетип калбады. Анан дагы
бир кызыгы дворниктин кантип өлтүрүлгөндүгүн ойлогондо денеси дүркүрөй түшкөнүнө
карабай, аны күнүнө бир нече ирет эсине түшүрөт. Мындай ишти таза да, кылдат да жасай алат
экенмин, мындан ары башкаларды да ушинте берсем эч ким билбейт, эч ким жолто кылбайт
экен го деп ойлогондо көңүлү көтөрүлө түшөт. Трактирде чай жана арак ичип олтуруп, элди
караган сайын буларды да өлтүрүү керек деп оолуга берди. Түнөп кетүү үчүн жердеши, жүк
ташуучу арабакечтикине кирди. Арабакеч үйүндө жок экен. Күтө турам деди да олтуруп алып
аял менен сүйлөшө баштады. Ал меш жакка бурула бергенде, өлтүрмөк болуп оолугуп кетти. Ал
таңданды, башын чайкады, анан өтүгүнүн кончунан бычагын-алып чыкты да, аялды жыгып
алып, мууздап жиберди. Балдар ызы-чуу түшүштү, аларды да өлтүрдү, түнөбөй шаардан чыгып
кетти. Шаардын сыртындагы кыштакка барып, трактирге түнөдү.
Эртеси уезддик шаарга кайра келди, Мария Семеновнанын мугалим менен сүйлөшкөн
(франц.).
Ошол бечера кызды бошотуп жибергенине аябай курстант болор элем, бирок өзүңүз түшүнөсүз – милдет ошондой
сөзүн укту. Аялдын көз карашынан чочуп кетти, бирок баары бир анын үйүнө кирип, алиги
акчасын алып кетмек болду. Түн ичинде ал кулпуну бузуп, бөлмөгө кирди. Биринчи болуп
чалдын күйөөдөгү кичүү кызы угуп, кыйкырып жиберди. Степан ошол саат мууздап салды аны.
Күйөө бала ойгонуп, аны менен кармаша кетти. Ал Степанды кекиртектен алып, далайга бой
тирешти, бирок Степан карылуулук кылды. Ошентип күйөө баланы да өлтүрдү, кармашуудан
кийин толкунданып, делебеси козголо түшкөн Степан тосмонун жанына барды. Тосмонун нары
жагында Мария Семеновна жаткан экен, ал башын көтөрүп, Степанды алаңдап жалт карап
алды да, чокуна баштады. Анын көз карашынан Степан кайра чоочуп кетти.
— Ал жер карады.
— Акча кайда? — деди ал көзүн көтөрбөй.
— Аял унчукпады.
— Акча кайда? — деди Степан ага бычагын көрсөтүп.
— Бу эмнең? Чындап элеби? — деди аял.
— Демек, чындап эле.
Степан анын жанына жакын барды, жолтоо кылбасын үчүн колдон алмак болду, бирок
аял колун көтөрбөдү, каршылык көрсөтпөдү, болгону колдорун көкүрөгүнө катып алып, оор
улутунду да, минтип айтты:
— Өх, мунуң улуу күнөө. Бу эмнең? Өзүңдү ая. Бирөөнүн канын мойнуңа жүктөбө, өз
жаныңа зыян...
— Ө-өх! — аял кыйкырып жиберди.
Степан анын үнүнө, көз карашына чыдай албай кетти, бычагын кекиртегине малып алды.
«Силер менен сүйлөшүп олтурамбы». Ал жаздыкка кулап түшүп, кырылдай баштады, жаздык
канга чыланды. Ал терс карап кетти, бөлмөнү тинтип, буюмдарды чогулта баштады.
Керектүүлөрүн алды да, чылым чегип бир аз олтурду, кийимин тазалап сыртка чыкты. Ушул
жолкум да мурдакыдай билинбей, ың-жыңсыз калат деп ойлоду, бирок түнөгүн карай бара
жатып, кыбырарга алы калбаганын сезди. Арыктын ичине барып жата кетти, түндүн калганын,
күндү жана кийинки түндү ошол жерде өткөрдү.
ЭКИНЧИ БӨЛҮМ
I
Мария Семеновнанын чүкөдөй арык, алаңдап корккон бети арыктын ичинде жаткан
Степандын көз алдынан, «Бу эмнең?» деген сөздү айткандагы өзгөчө, шамшаңдап, жалбара
чыккан үнү кулагынан кетпей конду. Анын үрөйү уча түштү, ошол ойду, элестерди силкип
ыргытып таштамак болуп, көзүн жуумп, чачы үксүйгөн башын чулгуп-чулгуп алды. Бир саамга
алардан бошоно түштү, бирок аңгыча көздөрү чоктой кызарган кара караандар келе башташты,
адегенде бири, анан экинчиси, алардан кийин башкасы келди, бети-баштарын бырыштырыптырыштырышты, анан бир ооздон минтип айтышты: «Аялды өлтүрдүң — эми өзүңдү өлтүр,
болбосо тынчтык бербейбиз». Ал көзүн ачты, баягы аял кайра көрүнүп, үнү угулду, ага боору
ооруп кетти, өзүнө-өзү жийиркенди, үрөйү учту. Көзүн кайра жумду, алиги каралар кайра
көрүндү.
Кийинки күнү кечке жуук ордунан туруп, кабакты карай жөнөдү. Кабакка илкип зорго
жетти да иче баштады. Бирок канча ичсе да мас болбоду. Ал столго олтуруп алып, стакандын
артынан стаканды жутту. Кабакка урядник келди.
— Кайдан жүргөн немесиң? — деп сурады урядник андан.
— Кече күнү Добротворовдо элдин бардыгын мууздаган адамдын өзүмүн.
Анын колу-бутун байлашты, становойдун үйүндө бир күн кармап турушту да,
губерниялык шаарга жөнөтүштү. Түрмөнүн бакылоочусу көрө замат Степанды өзүнүн мурдакы
чатак арестанты экенин жазбай тааныды, эми минтип ашкан баш кесер болуп алган немени
кабыл алып жатып, жаалы келди.
— Көзүңдү ачып жүр, менде шойкомдончу болбо,— деп кирилдеди бакылоочу кабагын
чытып, астыңкы жаагын орсойтуп,— Бир эле кылыгыңдын четин билсем — териңди тескери
сыйрам. Менден качып кете албайсың.
— Эмнеге качмак элем,— деди Степан жер карап,— колго өзүм түшүп бердимби.
— Токтот сөзүңдү, мени менен жаакташпай. Ал эми начальник сүйлөп жатканда көзүн
түз кара,— бакылоочу ушинтип кыйкырды да, аны жаак талаштыра муштап жиберди.
Бул убакта алиги аял Степандын көзүнө кайра көрүнүп, үнү угула баштаган.
Бакылоочунун эмне дегенин укпай калды.
— Эмне? — деди жаагына муштум тийип, эсине келе түшкөн Степан.
— Болду, болду, марш, анткорлонбой.
Бакылоочу бул эми чатак чыгарат, берки арестанттар менен сүйлөшүп алып, качууга
аракет кылат деп күткөн. Бирок андай болбоду. Каалаганын тешигинен вахтер же
бакылоочунун өзү кайсы гана убакта шыкаалап карашпасын, Степандын саман шыкалган
мүшөктүн үстүндө башын колуна таяп алып, дайыма күбүрөп олтурганын көрүшөт. Тергөөчүнүн
сурагында да ал бөлөк арестанттарга окшобойт: ал өзүн элегей тутуп, суроолор кулагынын
сыртынан кетет; ал эми суроолорго түшүнгөн кезде нукура чындыкты гана сүйлөйт, караңгыда
шатынын кылда башына жетип, анын жок тепкичине такандамак болуп, бүт көтөргөнүндө
кандай сезимге кабылсаң, айыпталуучунун сурактагы булт берме айла-амалдары менен
күрөшүүгө көнүп калган тергөөчү аны көрүп олтуруп, дал ошондой сезимге кабылды. Степан
кабагын бүркөп алып, бир чекитти тиктеген калыбында, канча адам өлтүргөндүгүн эң жөнөкөй,
каадалуу үн менен майда-чүйдөсүнөн бери терип-тепчип айта баштады: «Жалаңаяк,— деп сөз
баштады Степан биринчи жолу өлтүргөн адамы жөнүндө,— сыртка чыкты да каалганын жанына
тура калды, а мен болсом керилип туруп согуп калдым, ал кор дей түштү, буйдалып карап
турбай, аялын да өлтүрүп тындым» ж. б. Прокурор абактын камераларын кыдырып жүрүп,
андан кандай арыз-арманың бар, эмне керек деп сурады. Ал мага эч нерсенин кереги жок жана
эч кимден деле ыдык көрө элекмин деди. Прокурор каңырсыган коридордо бир аз басып
барып токтой калды да, ээрчип жүргөн бакылоочулардан алиги арестанттын кылык-жоругу
кандай? деп сурап калды.
— Чексиз ыраазымын ат,— деди Степандын мактагынына компоё түшкөн бакылоочу. —
Бизде отурганына. эки айдын жүзү болду. Жүрүш-турушу үлгүлүү. Бирок бир билгениң барбы
деп корком. Эр жүрөк, эпсиз карылуу адам.
II
Түрмөнүн биринчи айында Степанды тынымсыз кыйнаган баягы эле көрүнүш болду:
анын көргөнү өзүнүн камерасынын бозомтук керегелери, укканы абактын үнү — асты
жагындагы жалпы камеранын уу-дуусу, коридордо наркы-терки баскан часовойлордун
добуштары, сааттын чыкылдаганы, аларга аралаша алиги аял — көчөдө кездешкенде эле
Степанды багынтып алган кыска көз карашы, өзү шылый кескен арык, бырыш-тырыш баскан
мойну бар аял көзүнө көрүнүп, анын жүрөктү элжиретип, жалооруп чыккан, кемшеңдеген үнү
угулат: «Бөлөк бирөөнүн каны-жаны өз жаныңа зыян. Ушу кантип болсун?» Анан үн басылат
да, алиги үч кара келишет. Көзү ачыкпы, жабыкпы, ага карабай келе беришет. Көзү жабык кезде
алар даана көрүнүшөт. Степан көзүн ачканда алар каалгаларга, керегелерге аралашып,
акырындап жоголо башташат, бирок кайрадан пайда болушат да, бети-баштарын
бырыштырып-тырыштырышып,. үчөө үч жактан жакындай башташат: «Өзүңдү өзүң өлтүр
өлтүр»,— деп коркутушат. Муунуп өлүүгө болот, өрттөнүп өлүүгө болот. Аңгыча Степандын
денеси калтырап-титирей баштайт да «Богородицаны», «Вотчаны», иши кылып билген дубасын
окуп кирет, адегенде алар жардам бергенсип жүрдү. Дуба окуп олтуруп өзүнүн өткөн өмүрүн
эсине түшүрө баштайт: атасын, энесин, кыштагын, бөрү басар итин, мештин үстүндө жатчу чоң
атасын, балдарга кошулуп сыйгалак тээп ойногон скамейкаларды эстейт, анан үн созуп, ыр
ырдаган кыздарды, анан аттарды, аларды кантип уурдап кетишкендиктерин жана уурунун
кантип колго түшкөнүн, араң жан жаткан уурунун башын таш менен кантип былчырата урганын
эстейт. Биринчи абак да, андан чыкканы да эске түштү, семиз дворник, арабакечтин аялы,
балдары да, анан алиги аял кайра эсине түштү. Ошентип, денеси ысып-күйүп чыкты, ийнинен
халатын силкип ыргытып, нардан секирип түштү, капастагы жырткыч айбанга окшоп,
керегелерин тер баскан, ным, тар камерада наркы-терки шыпылдап баса баштады. Кайра дуба
окуду, бирок дубаң эми жардам бербей калды.
Мордон шамал ышкыра баштаган күздүн узун кечтеринин биринде ал камерада наркытерки баса берип, чарчаган кезде койкасына келип олтурду да мындан ары күрөшүүгө болбой
тургандыгын, каралардын жеңип кеткендиктерин сезди, аларга моюн сунду. Ал мештин
отдушинасын көптөн бери багып жүргөн. Эгерде ага ичке жипти же сызманы казык боо чалып
байласаң жылмышпай тургандай. Бирок муну кылдат жасоо керек. Ошентип ал ишке киришти,
өзү астына салып жатып жүргөн мүшөктүн жиптерин чубап, сызма жасай баштады (вахтер
кирип келгенде ал койкасын халаты менен жаба салат). Сызманы улаштырып, үзүлүп кетпей,
денеге туруштук берсин деп эки кабаттап эшти. Муну кыйналбай, бейкапар иштеди. Бардыгы
даяр болгон соң чечилгис кылып, илмек жасады, аны мойнуна илди да керебетке чыгып,
асылып калды. Тили салаңдап чыга баштаган кезде сызма үзүлүп кетип, жерге кулап түштү.
Күрс-тарс эткен дабышты угуп, вахтер кирип келди. Фельдшерди чакырып, аны ооруканага
алып барышты. Эртеси куландан соо тура келди, ошентип аны ооруканадан чыгарып, жалпы
камерага жайгаштырышты.
Жалпы камерада жыйырма адамдын ичинде жашаганы менен, ал өзүн жалгыздай
сезди, эч кимди көрбөдү, эч ким менен ооз ачып сүйлөшпөдү, мурдакыдай эле кыйнала берди.
Ал беркилер уктаган кезде өзгөчө кыйналат, чакчайып уктабайт, баягы аял көзүнө көрүнүп,
кулагына үнү угула берет, анан жүрөк түшчүдөй болгон көздөрү бар алиги каралар кайра келип
коркута башташат.
Мурдакысындай эле кайра дуба окуй баштайт, бирок ал дуба мурдакысындай аралжы
боло албайт.
Күндөрдүн биринде дубадан кийин алиги аял Степанга кайра дагы келди, мени коё бер,
кечир мени деди ага, анын арбагына чокуна баштады. Таңга жуук гана будаланып бүткөн
мүшөгүнүн үстүнө кулап түшүп, катуу уйкуга кетти, илмийип арык, бырыш-тырыш баскан,
шылына кесилген мойну бар аял түшүндө ара келди.
— Кана, кечиресиңби?
Аял ага кыска көз чаптырды, бирок ооз ачпады.
— Кечиресиңби?
Аялдан ал ушинтип үч ирет сурады. Бирок ал баары бир эч нерсе айтпады. Аңгыча
ойгонуп кетти. Ошондон тартып ал жеңилдей түштү, уктап ойгонгонсуп, жанжагын каранды,
камерада бирге жаткан өз жолдошторуна биринчи ирет ооз ачып, аларга жакындаша баштады.
III
Ууру кылгандыгы үчүн кайра колго түшүп, сүргүнгө өкүм кылынган Василий, абакка өкүм
кылынган Чуев да Степан менен бир камерада. Василий өнө бою жолдошторуна өзүнүн
кереметтүү үнү менен же ырдап, же башынан өткөргөн окуяларын жомоктоп айтып берет. Чуев
болсо иштейт, көйнөктөн же ич кийимден бирдемелерди тигет, же инжил менен псалтырды
окуйт.
Степандын эмне үчүн абакка түштүң деген суроосуна Чуев чыныгы христов дини үчүн,
инжилдин жолу менен жашаган адамдардын духун уга албаган жана айыптарын ашкере
кылгандыктары үчүн аларды жектеген алдамчы поптордун азабынан сүргүнгө айдалдым деп
жооп кайтарды. Ал эми Степан инжилдин законунун маңызы эмнеде деп сураганда, Чуев ага
инжилдин закону колго жасалган кудайларга чокунбай, духка жана чындыкка чокунуу деп
түшүндүрдү. Ушул нукура динди ал жер бөлүштүрүп жаткан кезде бир буту жок тикмечиден
уккандыгын айтып берди.
— Ал эми жаман иш жасагандар кантет? — деп сурады Степан.
— Бардыгы айтылган.
Ошентип Чуев окуй баштады.
«Адам баласы атак-даңкка жетишкенде ыйык периштелер да бүт бойдон аны
имерчиктешет, анан ал өзүнүн атак-даңкынын тактысына олтурганда анын кашына бүткүл эл
чогулушат; койдон эчкини бөлүп, койду оң жагына, эчкини сол жагына жыйган койчуга окшоп,
бирин экинчисинен бөлөт. Ошондо падыша өзүнүн оң жагында тургандарга минтип айтат:
«Жараткандын алкышына татыктуу болгон пенделер, келгиле да дүйнөнү жараткандыгыңар
үчүн өзүңөргө таандык падышачылыкты мурастагыла: анткени курсагым ача баштады эле тамак
бердиңер; чаңкады элем суусун бердиңер; селсаяк элем башмаанек бердиңер; жылаңач элем
кийим кийгиздиңер; оорулуу элем көңүл сурадыңар; зынданда жатсам келип турдуңар».
Ошондо такыбалар ага мындайча жооп кайтарышат: «О-о кудурет! Ачка жүргөнүңдү көрүн
тамак ичирген же чаңкаганыңда суу берген биз белек? Селсаяк болуп жүргөнүңдө башмаанек
берип, же жылаңач жүргөнүңдө кийим кийгизген биз белек? Оорулуу кезиңде же зынданда
жатканыңда сага барып турган биз белек? Анда падыша аларга минтип жооп айтат: «Силерге
чындыкты айтып жатам: «Аны тиги инилеримдин бирине жасаганыңар мага жасаганыңар».
Ошондо сол жагында тургандарга да минтип айтат: «Жоголгула жанымдан, каргыш тийгирлер,
азезилге жана анын периштелерине делген өчпөс отко түшкүлө; анткени курсагым ачты, оокат
бербедиңер; чаңкадым, суусун ичирбедиңер; селсаяктык кылып жүрсөм, баш манек
бербедиңер; жылаңач элем, кийиндирбедиңер; оорулуу элем жана зынданда жаттым,
келбедиңер». Анда алар ага мындайча жооп кайтарышты: «О-о кудурет! Сени ач кезиңде, же
чаңкаганыңда, же селсаяктык кылып жүргөнүңдө, же жылаңачында, же оору кезиңде, же
зынданда жатканыңда сага кызмат кылбай койду белек?» Анда аларга мындай деген жоопту
айтат: «Силерге чындыкты айтып жатам; муну кичүү инилеримдин бирине кылбаганыңар, мага
кылбаганыңар». Ошентпи алар түбөлүк кыйноого түшүшөт, ал эми такыбалар өмүрлүк жашап
калышат (Матф. XXV, 31—46).
Чуевдин маңдайында сыңар тизелеп олтурган Василий татынакай башын ийкеңдете
берди.
— Калпы жок,— деди ал чечкиндүү сүйлөп,— баргыла, каргыш тийгилер, түбөлүк
тозокко, эч кимге даам татытпай, оокатты өзүңөр курсагыңар айрылганча жейсиңер. Аларга
ошо гана керек. Кана, бери берчи, мен окуюн,— деп кошумчалады өзүнүн кат тааныганына
мактангысы келип.
— Унчукпай олтура турчу,— деди Чуев байлар селсаяктарга эч качан оокат
бербегендиктерин, зынданга да барбагандыктарын айтып, тынбай кобурай берген Василийге.
— Токтой турсаң боло,— деп кайталады Чуев инжилди барактап жатып. Чуев керектүү жерин
издеп таап абакта жатып кубарып кеткен карылуу колу менен барактарды сылагылады.
«Ошентип Христоско кошуп,— деп баштады Чуев,— эки шумпайды да өлүм жазасына
айдап келишти. Жаза берилүүчү жерге жеткенде аны жана шумпайларды колу-буттарын керип,
крестке кадашты, бирин оң жагына, экинчисин сол жагына керишти.
Анда Иисус мындан дейт: «Бу эмне кылганың, кечир буларды, анткени эмне
кылгандыктарын өзүлөрү да билишпейт...» Эл карап турушту. Аларга кошулуп, начальниктер да
келекелешти, минтип айтышты: «Башкалардын жанын аман алып калган Христос, эгерде
кудайдын өкүлү болсо, анда өз жанын өзү сактап калсын». Анын жанына келип, уксус беришкен
жоокерлер да сөгүнүштү, минтип айтышты: «Эгерде сен иудейдин падышасы болсоң өзүңдү
өзүң сакта». Анын үстүндө «Бул иудейдин падышасы» деп грек, рим жана еврей тилдеринде
жазылган жазуу бар болучу. Асылып коюлган шумпайлардын бири аны жамандап, мындай
деди: «Эгерде сен Христос болсоң, анда өзүңдү да, бизди да сакта». Экинчиси болсо,
тескерисинче, аны сооротуп мындай деди: «Ошол эле жазага өзүң да кириптер болуп
олтурасың, же кудайдан коркпойсуңбу? Биз адилет соттолдук, анткени биз ошого татыктуу
болдук; ал эми тиги эч деле жаман иш кылган эмес». Анан Иисуска муну айтты: «Тиги дүйнөгө
барганымда мени өз жаныңа алагөр». Анда Иисус ага муну айтты: «Чындыкты айтам: бүгүндөй
баштап менин жанымда бейиште болосуң» (Луки, XXII, 32—43).
Степан тыңшаган болуп, үн катпай, ойлуу олтурду, бирок Чуевдин кийинки
окугандарынын бири да кулагына кирбеди.
«Чыныгы дин дегениң ушу экен да,— деп ойлоду ал. — Бей-бечараларга оокат
бергендер, суу бергендер, абактагыларга баргандар гана кутулуп, ал эми муну жасабагандар
тозокко түшөт турбайбы. Каракчы болсо крестке керилип турганда гана күнөөсүн мойнуна алып
өкүнгөн, анысы да бейишке кетти». Ал мындан эч кандай карама-каршылыкты көрбөдү,
тескерисинче, бири экинчисин ырастады: кайрымдуулар бейишке, ал эми кайрымсыздар
тозокко түшөт, бул бардык адамдар кайрымдуу болууга тийиш дегендикке жатат, ал эми
Христостун каракчыга кечирим бергени, демек, Христостун өзү да кайрымдуу болгон. Бул
Степан үчүн таптакыр жаңылык; ушул күнгө чейин укпаганына аң-таң болуп олтура берди.
Ошентип ал бош убактыларынын бардыгын Чуев менен өткөрөт, сурайт, тыңшайт. Тыңшап
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Аңгемелер - Лев Толстой - 4
  • Parts
  • Аңгемелер - Лев Толстой - 1
    Total number of words is 3944
    Total number of unique words is 2019
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Аңгемелер - Лев Толстой - 2
    Total number of words is 3887
    Total number of unique words is 2076
    29.2 of words are in the 2000 most common words
    40.4 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Аңгемелер - Лев Толстой - 3
    Total number of words is 3860
    Total number of unique words is 2108
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.1 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Аңгемелер - Лев Толстой - 4
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2056
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Аңгемелер - Лев Толстой - 5
    Total number of words is 1018
    Total number of unique words is 683
    42.3 of words are in the 2000 most common words
    51.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.