Latin

Аңгемелер - Лев Толстой - 1

Total number of words is 3944
Total number of unique words is 2019
31.5 of words are in the 2000 most common words
43.6 of words are in the 5000 most common words
49.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
ЖАСАЛМА КУПОН 1
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
I
Казналык палатанын председатели, ашкан ак жүрөк, ушунусу менен сыймыктанган, түнт
либераль жана динин моралды гана четке какпастан, бирок да ырымчылдыктын калдыгы
катары эсептеген динчилдиктин ар кандай көрүнүшүн жек көргөн Федор Михайлович
Смоковников палатадан аябай капалуу кайтты. Губернатор ага ашкан келжирек кат жиберди,
аны окуп олтуруп Федор Михайловичти митаамчылык бир иш жасаган экен деп ойлойсуң.
Федор Михайловичтин ушунчалык кыжыры кайнап, ошол замат кер какшык жооп жазды.
Үйдө бардыгы өзүнө каршы иштелип жаткандай сезилди Федор Михайловичке.
Саат бешке беш мүнөт калган эле. Мына азыр тамак алып келишет деп ойлоду ал, бирок
тамак али даяр эмес. Федор Михайлович каалганы тарс Жапты да, өз бөлмөсүнө кирип кетти.
Кимдир бирөө каалганы такылдатты. «Дагы кимиси болуп кетти»,— деп ойлоп, үн катты:
— Ким бул?
Бөлмөгө бешинчи класстын гимназисти, он бештеги улан, Федор Михайловичтин уулу
кирди.
— Эмне келдиң?
— Бүгүн айдын бир жарыгы,
— Эмне? Акчабы?
Көңүл ачсын деп атасы ар айдын биринчи числосунда баласына үч сомдон берип
туруучу. Федор Михайлович кабагын чытып, капчыгын алды да, издеп жатып эки жарым сомдук
купон алып чыкты, ага дагы элүү тыйын кошту. Баласы үн катпады, акчасын алган жок.
— Ата, теңир жалгасын, эмки айдыкын кошо бериңиз.
— Эмне?
— Сурабай эле коёт болчумун, сөз байлашып жатып бирөөдөн карыз алгам, убада
бергем. Мен, ак ниет адам катары, анте албайм... мага дагы үч сом керек, чын айтам, мындан
кийин сурабайм... теңир жалгасын, ата.
— Сага айтылдыбы...
— Ата, бир эле жолу...
— Айына үч сом айлык аласың, ошо да аз сага. Сендей кезимде мен элүү тыйын да алчу
эмесмин.
— Азыр жолдошторумдун бардыгы менден көп алышат. Петров, Иваницкий элүү сом
алышат.
— Сага айтып коёюн, эгерде ушинтип жүрсөң алдамчы болуп кетесиң. Айтпадымбы.
— Эмнени айттыңыз. Сиз эч качан менин абалыма түшүнбөйсүз, мен эми жүзүкара
аталууга тийишмин. Сизге эмне, баары бир да.
— Жогол мындан, салпаяк. Жогол.
Федор Михайлович ордунан ыргып туруп, уулуна жулунду.
— Жогол. Жон териңерди сыйрыш керек.
Уулунун бир эсе үрөйү учса, бир эсе жини кайнады, бирок коркконго караганда ачуусу
үстөмдүк кылды, анан шылкыйып, эшикти карай ылдамдай басты. Федор Михайлович уулун
урайын деген эмес, бирок өз каарына куштар болуп, уулун сөгүнүп-сагынып узатты да, далайга
дейре айкырды.
Горничная келип тамактын даяр болгонун айтканда Федор Михайлович ордунан турду.
Акчанын ордуна жүрүүчү баалуу кагаздын бир бөлүгү (котормочу).
— Адамды зарыктырып,— деди ал. — Тамак ичким да келбей калды.
Анан үтүрөйгөн бойдон ашкананы карай жөнөдү.
Столдо олтурганда аялы сөз катты эле, ал ачуулуу бурк этип койгондо аялы оозун жап
кылып отуруп калды. Уулу да башын көтөрбөй унчукпады. Оокатты унчукпай ичип, унчукпай
тарап кетишти.
Оокаттан кийин гимназист өз бөлмөсүнө кайтып келип, чөнтөгүнөн купонду, майда
тыйындарды алып чыгып, столдун үстүнө ыргытып жиберди да, мундирин чечип, курткасын
кийди. Гимназист адегенде тамтыгы кеткен латын грамматикасын колуна алды, анан каалганын
илгичин илип, акчаны ящиктин ичине шыпырып салды, ящиктен гильзаларды алып чыгып
бирине тамеки толтуруп, кебез тыкты да, бурулдатып тарта баштады.
Грамматиканы окуп, дептерлерин карап эки саатча отурду, бирок башына эч нерсе
түшпөй койгон соң ордунан туруп, бөлмөдө аркы-терки басып, атасы экөөнүн кежилдеше
кеткенин кайрадан эсине түшүрө баштады. Атасынын богооз сөздөрүн, өзгөчө анын каардуу
жүзүн кудум эле азыр угуп, азыр көрүп тургандай эстеди. «Салпаяк. Жон териңди сыйрыш
керек». Ал канчалык эстеген сайын, атасына ошончолук ачуусу келип жатты. Атасынын
айткандары эсине түштү: «Сенден алдамчы чыгат окшойт. Эсиңде болсун» — «Ушинте берсең
алдамчы болуп чыгасың». Ага баары бир да. Жаш кезинде өзүнүн кандай болгонун унутуп
калыптыр да. Деги мен эмне кылмыш кылдым эле? Болгону театрга бардым, акчам жок эле,
Петя Грущецкийден алдым. Анын эмнеси бар? Башка бирөө болсо боору ооруп, териштирип
көрмөк, ал болсо тилдегенден, өзүнүн керт башынын камын жегенден башканы билбейт.
Бирдемеси жок-болуп калса бакырып-өкүрүп үйдүн чаңын асманга сапырат, мен алдамчы
аталып калам. Жок, өз атам болгону менен, аны жаман көрөм. Билбейм, бардыгы эле
ошентишеби, иши кылып мен жаман көрөм».
Горничная каалганы такылдатты. Ал кат алып келди.
— Сөзсүз жообун берсин деди.
Кат мындайча жазылган экен: «Мен берген алты сомду кайра бер деп ушуну менен
сенден үчүнчү ирет өтүнүп олтурам, бирок тил эмизип келе жатасың. Бул чынчыл адамдын
кылар иши эмес. Ушул барган адамдан токтоосуз берип жиберишиңди өтүнөм. Менин өзүмдүн
да муктаждыгым .кекиртектен. Кантип эле таба албай жүрөсүң?
Сени, берип жибергениңе же бербегениңе жараша, жек көргөн же урматтаган
жолдошуң.
Грушецкий;
«Мына эми ойлоно бер. Ушундай чочко болучу. Күтө турбайбы. Дагы бир жолу аракет
кылып көрөйүн».
Митя энесине жөнөдү. Бул акыркы үмүт болучу. Энеси жок дегенди билбеген мээрман
адам, мүмкүн, жардам берет беле, бирок азыр кенжеси, эки жашар Петясы ооруп калып,
айласы кетип жүргөн. Кирип барары менен азан-казан түшүргөндүгү үчүн Митяга ачуусу келип,
дароо жок деп койду.
Митя күңкүлдөгөн бойдон эшикти карай басты. Уулуна боору ооруй түшкөн эне аны
кайра чакырды.
— Токто, Митя,— деди ал. — Азыр жанымда жок эле, эртең таап берейин.
Бирок Митянын атасына ачуусу али тарай элек.
— Мага бүгүн керек, эртең эмне кылам? Билип койгула, мен жолдошума кеттим.
Ал каалганы тарс жаап, чыгып кетти.
«Башка арга жок, атам саатымды күрөөгө койгонго үйрөтмөй болду»,— деп ойлоду
чөнтөгүндөгү саатын кармалап көрүп.
Митя столдон купонду жана майда тыйындарды алып, пальтосун кийди да, Махинге
жөнөдү.
II
Махин мурутчан гимназист эле. Карта ойноочу, аялдарды билип калган, ошондуктан
анда дайыма акча боло турган. Ал эжеси менен туруучу. Махиндин жакшы жигит эместигин
Митя билүүчү, бирок аны менен бирге жүргөндө ага аргасыздан баш иер эле. Махин үйүндө
экен, театрга барганы жатыптыр: анын кичинекей кир бөлмөсү жыттуу самын, атыр жыттанат.
Митя башына түшкөн мүшкүлдү айтып болуп, купонду жана элүү тыйынды көрсөттү да
тогуз сом керек экендигин билдиргенден кийин:
— Амал, аргаң куруган экен, тууган,— деди Махин. — Күрөөгө саатыңды койсоң да
болот, андан башкача жол да бар. — Махин бир көзүн кысып койду.
— Кандайча жол?
— Опоңой жол. — Махин купонду алды. — 2 с. 50 дегендин алдына бирди койсок 12 с.
50 болот.
— Кантип ошондой болсун?
— Ананчы, миң сомдук билеттерчи. Ошондойлордун бирин ишке жараткам.
— Мындай болушу мүмкүн эмес!
— Эмне, көрсөтөйүнбү?— деди Махин калем сапты алып, сол колу менен купонду
тегиздеп.
— Минткенибиз жакшы эмес да.
— Кеп эмес.
«Айтса-айтпаса төгүнбү,— Митя ушинтип ойлоду да, атасынын алдамчы деп сөккөнүн
кайра эсине түшүрдү. — Мына эми чындап алдамчы болом». Ал Махинди тиктеди. Махин
бейкапар жылмайып, аны карады.
— Кана, көрсөтөйүнбү?
— Көрсөт.
Махин мыкчыңдап жатып бирди жазды.
— Мына, эми дүкөнгө барабыз. Тиги бурчта фотографиялык буюмдарды сатуучу магазин
бар. Мага рамка керек эле, мына бул сулууга.
Ал чачы чөмөлөдөй, көкүрөгү келишкен, бакыраң көз кыздын фотографиялык сүрөтүн
алып чыкты.
— Укмуш кыз бекен? Ыя?
— Ооба, ооба. Албетте...
— Иттен оңой. Кеттик.
Махин кийинди, алар чогуу чыгышты,
III
Фотографиялык магазиндин сырткы каалгасынын коңгуроосу шыңгырады. Гимназисттер
буюмдар текчелери жана прилавкалардын үстүнө орнотулган витриналары бар ээн магазинге
киришип, элеңдеп эки жагын каранышты. Арткы эшиктен өңү серт болгону менен мээримдүү
аял кирди да, прилавканын жанында туруп, силерге эмне керек деп сурады.
— Жакшынакай рамка болсо, мадам.
— Канча сомдук? — деп сурады аял мээлей кийген, муундары шишимик тарткан
манчалары менен түрдүү фасондогу алкактарды шыпылдата көрсөтүп. — Булар элүү тыйындык,
булар болсо кымбатыраак. А мунусу өтө кооз, жаңы фасон, бир сом жыйырма тыйын.
— Анда, ушуну бериңиз. Баасын төмөндөтө албайсызбы? Бир сом алыңыз.
— Биз соодалашпайбыз,— деди аял нарктуу карап.
— Антканыңыздай эле болсун,— деди Махин купонду витринанын үстүнө коюп жатып.
— Раманы бериңиз да, акчанын калганын тезирээк кайрыңыз. Театрга кечигип калабыз.
— Жетишесиңер,— деди аял купонду көзүнө жакын алып барып карай баштап.
— Ушул рамкага тим эле жарашып калар. Ыраспы? — деди Махин Митяга кайрылып.
— Башка акчаңар жокпу? — деди сатуучу.
— Азаптын баары ошо жоктугунда. Атам берген, майдалатуум керек да.
— Кантип эле бир сом жыйырма тыйыныңыз жок болсун?
— Элүү тыйыным бар. Эмне, жасалма купон берип, алдап жатышат деп турасызбы?
— Жок, жөн эле.
— Анда кайра бериңиз. Майдалатып келебиз.
— Силерге канча кайрыйм?
— Он бир сом бир нече тыйын.
Сатуучу счётту чакылдатып, конторканы ачты, он сомдук кагаз акча алып чыкты да,
жыйырма тыйындык күмүш тыйындан алтыны жана беш тыйындыктан экини санап берди.
— Ороп бериңизчи,— деди Махин шашпай акчаны алып жатып.
— Азыр.
Сатуучу ороп, жип менен таңды.
Оозгу каалганын коңгуроосу арт жактан шыңгырап, алар көчөгө чыгышты, Митянын
көңүлү ошондо гана жайланды.
— Он сом сага, а мунусун мага бер. Кийин берем.
Махин театрга жөнөдү, ал эми Митя Грушецкийдикине барып, андан кутулду.
IV
Гимназисттер кеткенден бир сааттан кийин дүкөндүн ээси үйүнө келип, түшкөн акчаны
санай баштады.
— Тейтек бут келесоо десе! Келесоо десе! Келесоо деп ушуну айт,— деп айкырды
аялына жасалма купонду көрө коюп. — Купондорду неге алат.
— Женя, менин көзүмчө сен деле албады белең, болгондо да он эки сомдукту,— деди
бир чети уялса, бир чети өкүттө калган аялы ыйламсырап. — Гимназисттер кантип башымды
айландырып кетишкендиктерин өзүм да билбейм,- деди ал. — Келишимдүү жаш жигит болучу,
адептүүдөй эле көрүнгөн.
— Адептүү келесоо. — Акчаны эсептеп жатып күйөөсү сөгүнө берди. — Мен купонду
алганда андагы жазууларды көрүп туруп алам. А сен карыганыңа карабай эки көзүң
гимназисттерде.
Ушуну укканда аялы чыдай албай кетти да, ал өзү да ачууланып кирди.
— Эркек имиш! Башкаларды айыптаганга эле маш, өзү кумарга элүү төрт сом уттурса эч
нерсе эмес.
— Менин жөнүм бир бөлөк.
— Сүйлөшпөйм сени менен. — Аялы ушинтип айтты да, өз бөлмөсүнө кирип кетти, анан
абалы боюнча күйөөсүнүн алда канча төмөн экендигине карап, ата-энеси кызын бербейбиз
дегенин, өзү жалгыз мойноп жатып, буга турмушка чыгып алганын эсине түшүрө баштады;
өзүнүн чарчап калган баласын, бул жоготууга күйөөсүнүн бейкапар мамиле жасагандыгын
эстеп, күйөөсүн жек көрө түштү да, өлүп калса кандай сонун болор эле деп ойлоду. Бирок
минтип ойлоорун ойлоп алып, кайра өзү чоочуп кетти. Нары-бери кийине салып, кетмекчи
болду. Күйөөсү үйүнө келсе, аялы жок экен. Аларды кечеге чакырган француз тилинен берген
мугалиминикине күйөөсүн күтпөй эле кетип калыптыр.
V
Француз тилинен сабак берген орус полягынын үйүндө таттуу печенье менен шаан-
шөкөттүү чай берилди, анан бөлүнүп-бөлүнүп алышып, карта ойной башташты.
Фотографиялык буюмдарды сатуучунун аялы, үйдүн ээси, офицер жана парик кийген,
музыкалык магазиндин ээсинин жесири, оюн дегенде ичкен ашын жерге коё конгон, маш
оюнчу, кулагы катуу кемпир төртөө бир столго олтурушту. Фотографиялык буюмдарды
сатуучунун аялынын колу келип турду. Ал эки жолу шлем койду. Жанында жүзүм жана алмурут
салынган кичинекей табак; сыртка чыгарбаганы менен көңүлү куунак.
— Эмне, Евгений Михайлович келбейби? — деп сурады бөлөк столдо олтурган үй
ээсинин аялы. — Биз аны бешинчи кылып жазып койдук.
— Эсеп-кысабы менен алек болуп жатса керек,— деди Евгений Михайловичтин аялы,—
кире отун акысын төлөөгө тийиш эле.
Күйөөсү менен кер-мур айтышып калганын эстеп, кабагы бүркөлө түштү, мээлейчен
колдору ачуусуна чыдабай калтырап кетти.
— Айтып оозду жыя электе,— мына өзү да келип калды,— деди үйдүн ээси эшиктен
кирип келе жаткан Евгений Михайловичке кайрылып. — Эмне кечиктиңиз?
Түрдүү иш чыгып,— Евгений Михайлович колдорун ушалап көңүлдүү үн катты. Анан аялынын
жанына басып келди:
— Алиги купондун көзүн тазаладым.
— Кантип?
— Отундун акысы деп мужикке бердим.
Евгений Михайлович аялын сөзгө аралаштыра олтуруп, анын уят-сыйыттан кеткен алиги
гимназисттерге кантип алдатып жибергендигин бажырап айта баштады.
— Кана, эми ишке киришели,— деди ал кезеги жеткенде столго олтуруп, картаны
аралаштырып жатып.
VI
Чын эле Евгений Михайлович отун үчүн деп купонду Иван Миронов деген дыйкандын
колуна кармата салды.
Иван Миронов отун сатып күн көргөн адам, ал жыгач складынан бир саржан жыгач алат
да, шаар аралап сатат, аны арабага ушунчалык эптүүлүк менен жүктөгөндүктөн, бир саржандан
беш чейрек чыгат, алардын ар бирин жыгач сарайындагы бир чейректин баасына сатат.
Алдырар күнү жаздырар болуп, ошол күнү Иван Миронов эртең менен эрте сегизден бир,
бөлүгүн сатып келе койду да, дагы ошончо отун жүктөп жөнөдү, аларман издеп кечке жүрдү,
бирок эч ким албады. Баталашып алышкансып, ага өңчөй эле жыгач саткан мужиктерте
алдатып коюп, ооздору күйгөн кыйды шаардыктар туш келе берди, жыгачты кыштактан алып
келдим дегенине эч кимиси ишенбеди. Курсагы ачты, көөнөрүп калган чолок тону, жыртык
калың кемсели суукка байым бербеди, көгөрүп үшүдү: аяз кечке жуук жыйырма градуска
жетти; шумпайлардын бирине сатмакчы болуп жүргөн атын аябады, анысы биротоло баспай
калды. Аргасы куруп, кем болсо да сатмакчы болгон Иван Мироновго дүкөндөн тамеки алып,
үйүнө келаткан Евгений Михайлович жолугуп калды.
— Алыңыз, мырза, арзан берем. Чобурум такыр баспай калды.
— Кайдан келгенсиң?
— Кыштактанбыз. Жыгач өзүбүздүкү, кургак.
— Билебиз силерди. Болуптур, канча аласың?
Иван Миронов улам төмөндөтүп олтуруп, акыры өз баасына берди.
— Сиз үчүн гана, мырза, үйүңүз да жакын экен,— деди ал.
Евгений Михайлович купондун көзүн тазалайт экенмин деп кудуңдап, анча көп
соодалашпады. Иван Миронов арабаны ок жыгачынан алып өзү сүйрөп, жыгачты короого
жеткирди да, сарайга өзү түшүрдү. Короо шыпыргыч жок экен. Иван Миронов адегенде
купонду албай бир аз кыйылды, бирок Евгений Михайлович аны аябай муютуп ишендирди,
анын үстүнө ал ушунчалык салабаттуу мырза болуп көрүнгөндүктөн Иван Мироновдун албаска
амалы калбады.
Кызматчы кыздардын бөлмөсүнүн арткы крыльцосунан кирген Иван Миронов чокунду
да, сакалына тоңгон музду эритип, кафтанынын этегин көтөрүп, булгаары капчыгын алып, анын
ичинен сегиз сом элүү тыйынды чыгарып, Евгений Михайловичке сунду, ал эми купонду болсо
кагазга ороп, капчыгына салды.
Көндүм адат боюнча мырзага ыраазылыгын билдирген Миронов төрт аягын зорго
кыбыраткан, тулкубоюн кыроо баскан, өлүмгө баш койгон чобурун эми камчы эмес камчы сап
менен сабап, бош арабаны трактирди көздөй кубалап жөнөдү.
Трактирге кирип, Иван Миронов сегиз тыйынга шарап жана чай алды, денеси жылып,
тердеп да чыкты, чечекейи чеч боло түшкөн ал жанында олтурган короо шыпыргыч менен узун
сабак сөзгө кирди, Ага өз абалын терип-тепчип айта баштады. Шаардан он эки чакырымча
жердеги Васильев кыштагынан экенин, атасынан жана бир туугандарынан бөлүнүп, аялы, эки
баласы менен бөлөк жашай тургандыгын, балдарынын улуусу жаңы гана училищага
киргендигин, андан азырынча кайыр жоктугун айтты. Бул жерде фатерде турарын, эртең жылкы
базарга барып, бу чобурун сатаарын, карап көрүп, же ылайыгы келсе, башка ат сатып аларын
божурады. Азыр акчасы бири кем жыйырма төрт сом болгонун жана акчасынын жарымы
купондон экенин айтты. Ал купонду алып чыгып, короо шыпыргычка көрсөттү. Короо шыпыргыч
сабатсыз адам болучу, ал мындай акчаларды короодо жашагандарга майдалатып келип берип
жүргөндүгүн, алардын жакшы акча экендигин, бирок жасалмасы да боло тургандыгын айтты,
ошондуктан анын чын-төгүнүн билиш үчүн азыр трактирдин ээсине берип көр деп кеңеш салды.
Иван Миронов аны ашкана кызматкерине берди да, артканын кайрып алып кел деди, бирок
ашкана кызматкери келбеди, анын ордуна эткээл колуна купонду кармап, кашка баш, бети
жылтылдаган приказчик келди.
— Сиздин акчаңыз жарабайт,— деди ал купонду көрсөтүп, бирок аны бербеди.
— Жакшы эле акча, мага мырза берген.
— Кеп мына анын жакшы эместигинде, мунуң жасалма акча.
— Эгер жасалма болсо өзүмө бер.
— Жок, тууган, сага окшогондордун акесин таанытыш керек. Бир алдамчыга кошулуп
жасагансың муну.
— Бер акчаны, кандай акың бар сенин?
— Сидор! Полицейскийди чакырып койчу,— деди буфетчи половойго.
Иван Миронов кызымтал болучу. Ал эми ичип алганда делөөрүп кетчү адаты бар эле .Ал
приказчикти алка жакадан алып, айкырып коё берди:
— Кайта өзүмө бер, мырзага барам. Кай жерде жашаарын билем.
— Приказчик жулкунуп алды эле, көйнөгү дырт дей түштү.
— А ошондой экенсиң да. Карма муну.
Ашкана кызматкери Иван Мироновду кармай калды, городовой1 да жетил келди. Иштин
жөн-жайын начальник катары угуп бүттү да, турган эле жеринде бүтүм чыгара салды.
— Участокко.
Купонду городовой өз намыянына салды да, Иван Мироновду аты менен кошо участокту
карай айдап жөнөдү.
VII
Иван Мироноз мастар, уурулар менен участокто түнөп чыкты. Түшкө жакын гана
Падышалык Россиядагы шаардык полициянын төмөнкү даражасы (котормочу).
околоточныйга 1 алып келишти. Околоточный аны суракка алды да, городовойду кошуп,
фотографиялык буюмдарды сатуучу адамга жөнөттү. Көчө менен үй Иван Мироновдун эсинде.
Городовой алиги мырзаны чакырып, ага купонду жана Иван Мироновду көрсөттү, бул
купонду мага дал ушул мырза берген болучу деди ал. Евгений Михайлович таңдана карап
туруп, анан кабагын түйдү.
— Акылыңдан айныган немесиң го. Муну биринчи жолу көрүшүм.
— Мырза, күнөө болот, баарыбыз эле тиги дүйнөгө барабыз,— деди Иван Миронов.
Буга эмне болгон? Түш көргөндөн соо эмес ко. Башка бирөөгө сатсаң керек,— деди Евгений
Михайлович.—Айтмакчы, токтой туруңуздарчы, аялымдан сурап келейин, кече отун албады
бекен?
Евгений Михайлович чыгып кетти да, сулуу, ашкан балбан жана эпчил, сылаңкороз,
шайыр, жаш короо шыпыргыч Василийди дароо чакырып, эгерде отундун акыркы жолу кайдан
алынгандыгын сурашса, складдан алганбыз, эч кандай мужикти көргөн эмеспиз деп айткын
деди.
Болбосо тиги мужик жасалма акчаны ушундан алгам деп мени көрсөтүп жатат. Ал бир
келесоо неме окшойт, оозуна келгенин оттогон, а сен аркы-беркини түшүнгөн адамсың. Демек,
отунду складдан гана сатып алабыз деп айт. А муну сага көптөн бери берейин деп жүргөм,
куртка сатып ал,— деп кошумчалап койду Евгений Михайлович дворникке беш сом берип
жатып.
Василий акчаны алды, көздөрүн кагазга, анан Евгений Михайловичтин жүзүнө
ойноктотту, чачтарын силкилдетип, акырын жылмайып койду.
— Алардын беймаани эл экени белгилүү деңизчи. Түркөйлүктөн. Кабатыр болбой эле
коюңуз. Кантип айтарды билем го мен.
Иван Миронов Евгений Михайловичтен бул менин купонум деп айтып коюңузчу, ал эми
короо шыпыргычтан менин сөзүмдү төгүнгө чыгарбаңызчы деп канчалык ыйламсырап жалбара
өтүнсө да алар эч качан мужиктерден отун алып көргөн эмеспиз деп айткандарынан кайтпай,
кашайып туруп алышты. Ошентип городовой жасалма купон үчүн айыпталган Иван Мироновду
участокко кайра айдап жөнөдү.
Өзү менен бирге олтурган мас катчынын кеңеши боюнча Иван Миронов околоточныйга
беш сом берди да, купонунан жана кечеки жыйырма беш сомунун жети сому калганына кайыл
болуп, камактан кутулуп чыкты. Иван Миронов ошол жети сомунун үч сомун ичип, бети-башы
жарылып, өлгүдөй мас болуп аялына келди.
Аялы ай күнүнө жетип турган, оорукчан жан эле. Күйөөсүн тилдей баштады, күйөөсү
аялын түртүп жиберди, аялы аны сабай баштады. Иван Миронов үн катпады, нарга барып
көмкөрөсүнөн түштү да, озондоп ыйлап кирди.
Аялы иштин жөн-жайына эртеси эртең менен гана түшүндү да, өзүнүн Иванын сызга
олтургузуп кеткен каракчы мырзаны далайга дейре каргап-шиледи. Соолуккан соң, Иван кечеки
бирге олтуруп ичишкен жумушчунун кеңешин эстеди да, адвокатка барып даттанмакчы болду.
VIII
Адвокаттын бул ишти колго алышына өз чөнтөгүнө түшө турган акчага караганда, Иванга
ишенгендиги көбүрөөк түрткү болду, мужикти карабеттик менен алдап кеткендиктерине
Полициялык даража (котормочу).
кыжыры кайнады.
Сотко эки тарап тең келишти, короо шыпыргыч Василий күбө катары өтмөк. Сотто дал
ошонун өзү кайталанды. Иван Миронов кудайды, акыры башка бир келүүчү өлүмдү эскертти.
Жасаган ишинин былыктыгын жана коркунучтуулугун сезип кыйналганы менен Евгений
Михайлович мурдакы берген көрсөтмөсүн азыр өзгөртө алмак эмес, ошентип ал сыртынан өзүн
токтоо тутуп, караманча тана берди.
Короо шыпыргыч Василий дагы он сом алды, ал бейкапар жылмайып туруп, Иван
Мироновду өңүндө гана эмес, түшүндө да көрбөгөндүгүн айтты. Касам ичиришмек болгондо, ал
ичинен жүрөксүгөнү менен, бардык чындыкты айтам деп крестке жана ыйык инжилге таазим
кылып туруп, карыя священникти ээрчип, касамдын сөздөрүн сыртында токтоо кайталады.
Иш мындайча аяктады: судья Иван Мироновдун доосун четке кагып, андан соттук чыгым
үчүн 5 сом өндүрүлсүн деди. Бирок Евгений Михайлович айкөлдүк кылып, кечирим берди. Иван
Мироновду коё берип жатып, судья ага мартабалуу адамдарга мындан кийин байкабыраак
күнөө коюп жүр жана соттук чыгымдарды кечирип, жапкан жалааң үчүн соттоп
жибербегенибизге тобо кыл, болбосо үч айча түрмөдө олтурат элең деп насаат айтты.
— Абдан чоң рахмат айтабыз,— деди Иван Миронов, башын чайкап улутунду да,
камерадан чыкты.
Бул иш Евгений Михайлович жана короо шыпыргыч Василий үчүн жакшы бүткөн
сыяктанган. Бирок ал ошондойчо гана көрүнгөн болучу. Эл көрбөгөн, бирок эл көргөндөн да
маанилүү окуя башталды.
Василийдин кыштактан кетип, шаарда жашаганына үч жылга аяк басты. Атасына акчаны
жыл өткөн сайын азыраак жибере баштады, аялын чакыртып албады, бу жерде, шаарда,
топондой аялдар турганда илээнди неменин ага эмне кереги бар. Жыл өткөн сайын кыштактын
салт-санаасын унутуп, шаардык тартипке көнө баштады. Кыштакта бардыгы одоно, мазасыз,
жарды, баш аламан, мында бардыгы назик, ойдогудай, таза, бай, бардыгы өз ирети менен.
Кыштактагылар токойдогу айбандарга окшоп, түшүнүксүз жашашат, мындагылар болсо чыныгы
адамдар деген түшүнүк көңүлүнө тереңдеп сиңе берди. Мыкты жазуучулардын чыгармаларын,
романдарды окуду, элдик үйгө барып, оюндарды көрдү. Мындайларды кыштакта түшүңдө да
көрбөйсүң. Кыштакта карыялар аялың менен закондуу жаша, эмгек кыл, оокатты ашыкча жебе,
короздонбо деп айтышат, а мында болсо адамдар акылдуу, билимдүү, демек, чыныгы законду
билишет, өз билгениндей жыргап жашашат. Ыр-чыры да жок. Алиги купондун чатагына чейин
мырзалар үчүн эч кандай закондун жоктугуна баары бир ишенбеген. Алардын законун билбейт
окшойм, канткен менен закон бар деп жүрдү. Бирок купон жөнүндөгү акыркы иштен, эң
башкысы коркуп жатып ичкен жалган касамдан залал тартпай, тескерисинче, дагы он сомдуу
болгон Василий эч кандай закон жок тура, өз билгениңдей жыргап жашай берүү керек экен
деген ишенимге биротоло батты. Ал дал ушинтип жашай баштады, дал ушинтип жашай берди.
Адегенде ал короодогулардын соода-сатыгынын эсебинен күн көрүп жүрдү, бирок бул анын
бүткүл чыгымына жетпеди, анан ыгы келе калганда короодо жашагандардын квартираларынан
акча, баалуу буюм уурдай баштады, Евгений Михайловичтин капчыгын кымтып алды. Евгений
Михайлович билип калды, бирок сотко бербеди, иштен бошотуп жиберди.
Василийдин үйүнө кеткиси келбеди, орун издеп, асылкечи менен Москвада жашап
калды. Акысы азыраак болсо да дүкөнчүгө дворник болуп орношту. Бирок кийинки эле айда
бир топ кап уурдап, колго түштү. Кожоюн даттанып олтурбай, Василийди сабап туруп кууп
жиберди. Мына ушул окуядан кийин башка орун табылбады, акча түгөндү, кийимин сатып
бүттү, тытык күрмө шымы жана кончу кесик чарыгы калды. Асылкечи таштап кетти. Бирок
Василийдин ындыны өчпөдү, мурдагыдай эле көңүлү сергек, шайыр, жаз чыккан кезде үйүн
карай жөө жөнөдү.
IX
Бакене бой, кетирекей мурун, кара көз айнек тагынган (анын көздөрү ооруп, биротоло азиз
болуп калуу коркунучунда жүргөн) Петр Николаич Свентицкий адатынча таң ирең-баранда
турду, бир стакан чай ичти, саңсаң кыюуланган, башы жабык чолок тонун кийди да чарбаны
тейлештиргени сыртка чыкты.
Петр Николаевич бажыкана чиновниги болуп жүрүп, он сегиз миң сом жыйнаган.
Мындан он эки жылча мурда аргасыздан отставкага чыгып, дүнүйөсүн туш келди ысыраптаган
улан-помещиктин чакан имениесин сатып алган. Петр Николаич кызматта жүргөн кезинде эле
үйлөнгөн болучу. Анын аялы дворяндык уруудан чыккан жарды жетим, өмүрү согончогу
канабаган, сөөк-саактуу, толук, сулуу аял. Петр Николаич бардык иштин көзүн таап иштеген,
бүйрө адам. Чарбадан эч кабары жок Петр Николаич (ал польшалык шляхтичтин баласы болгон)
ишке шымаланып киришкендиктен, үч миң сомдук чыгымды талап кылган имение он жылдан
кийин кулпунуп чыга келди. Анын үйдөн кампага чейин бекемдеп жатып тургузган кошумча
курулуштары, өрт өчүрүүчү трубанын үстүндөгү бастырмасы тунуке менен жабылып, өз
убагында сырдалган. Балта-чоту сакталуучу сарайга арабалары, буурусундары, соколору,
малалары иреттелип коюлган. Ат жабдыктары майланган. Аттары жапыз, негизинен өз
заводунан — кула, эттүү, карылуу, бирине бири окшош. Молотилка жабык бастырманын
ичинде иштеп, тоют атайы курулган сарайга жыйылат, чыла боорлоруна таш коюлган аңга
куюлат. Уйлары да өз заводунан, жапыс, бирок сүттү. Чочколору англиялык чочколор.
Канаттуулары, көп тууй турган тукумдагы тооктору бар. Жемиш бактары акталып, араларына
жаш көчөттөр отургузулган. Чарбасында кынтык жок, бекем, таза, оң. Петр Николаич өз
чарбасына өзү куштар, мунун бардыгына дыйкандарды кыйнап-кыстабай, тескерисинче, аларга
жасаган катуу адилеттиги менен жетишкендигине сыймыктанат. Ал гана тургай дворяндардын
арасында орточо, консервативдүү көз карашка караганда, либералдуу көз карашта турат,
крепостниктердин алдында ар качан элге жан тартат. Алар менен жакшы жүрсөң, алар да
жакшы жүрүшөт. Ырас, жумушчулардын жаңылыштыктарын жаза кетирбейт, кээде өзү да
аларга анда-санда көмөктөшө коёт, жумушту талап кылат, анткен менен берген үйү, тамагы эң
мыкты, айлыкты ар качан өз убагында төлөйт, майрам сайып арак да берет.
Эрип жаткан карды чеберлей басып,— бул февралда болучу,— Петр Николаич жумушчу
аткананын жанынан өтүп, жумушчулар жашаган үйгө бармак. Жерге жарык кире элек; каптап
турган тумандан улам айлана ого бетер караңгы тартат, бирок жумушчулардын үйлөрүнүн
терезелеринен жарык жылтылдайт. Жумушчулар тура башташкан. Аларды шаштыргысы келди:
наряд боюнча алардын алтоо токойго барып, акыркы отунду тартып келмек.
— «Бул эмнеси?» — деп ойлоду ал аткананын эшигинин ачык турганын көрүп.
— Ой, ким бар мында?
Эч ким жооп кайтарбады. Петр Николаич атканага кирди.
— Ой, ким бар мында?
Эч ким жооп кайтарбады. Караңгы, баскан сайын таман алды былпылдап, кык жыттанат.
Каалганын оң тарабындагы акырга эки жаш кула байлануучу. Петр Николаич колун сунду —
аңгырап бош. Буту менен түрткүлөп көрдү. Жатып алып жүрүшпөсүн? Буту эч нерсеге урунбады.
«Кайда чыгарып кетишти экен?» — деп ойлоду. Чанага чекти дейин десем, чаналар сыртта
турат. Петр Николаич сыртка чыгып, катуу кыйкырды.
— Ой, Степан.
Степан старший жумушчу болучу. Ал жумушчулардын ичинен чыккан.
— Оов! — деди Степан. — Бу сизби, Петр Николаич? Балдар азыр барышат.
— Атканаңар эмне ачык турат?
— Аткана? Биле албадым. Ой, Прошка, фанарды алып кел.
Прошка фонарды алып жетип келди. Атканага киришти. Степан түшүнө койду.
— Ууру кирген экен, Петр Николаич. Кулпуну сындырышыптыр.
— Ыраспы?
— Алып кетишиптир, каракчылар. Машка жок, Карчыга жок. Карчыга мында. Торала жок.
Чүрөк жок.
Үч ат жок болуп чыкты. Петр Николаич ооз ачпады. Кабагын чытып, оор дем алып турду.
— Ох, колума түшсө ээ. Күзөттө ким эле?
— Петька, Петька уктап калыптыр.
Петр Николаич полицияны, становойду, земствонун начальнигин карай жөнөдү, туштушка киши чаптырды. Аттар табылбады.
— Каргыш тийген калк! — деди Петр Николаич. — Кылгандарын! Менден эмне
жамандык көрүштү эле. Токтой тургула. Каракчылар, бардыгы каракчы. Акеңерди таанытам
эми.
Ал эми үч кула бул убакта өз-өз орундарын таап кетишкен. Машканы цыгандарга он
сегиз сомго сатып, Тораланы кырк чакырымча жердеги мужикке бутташтырып жиберишти,
Чүрөктү союп салышты. Терисин үч сомго сатышты. Бул ишти уюштурган Иван Миронов болду.
Ал Петр Николаичте иштей турган: анын кылык-жоругун жакшы билчү, акчасын кайрып алгысы
келди. Ошентип, ишке киришти.
Жасалма купондон улам кырсыкка кабылгандан кийин Иван Миронов далайга ичип
жүрдү, эгерде аялы каамыттарын, кийимдерин жана сатып ичүүгө жарай турган буюмтеримдерин катып койбогондо, ал бардыгын ичип, аягына чыкмак. Иван Миронов ичип жүргөн
кезинде өзүн ызалаган адам жөнүндө гана эмес, бирок да бүткүл мырзалар менен айымдар
туурасында тынбай ойлоно берди, алар бизге окшогон шордууларды талап-тоноо менен гана
жансакташат тура деп түшүндү. Күндөрдүн биринде Иван Миронов Подольскинин алдындагы
мужиктер менен ичти. Мас болуп алган мужиктер жолдо келе жатышып, бир мужиктин аттарын
кантип алып кетишкендиктерин айтып беришти. Мужикти ызалагандыктары үчүн Иван
Миронов ууруларды жемелей баштады. «Күнөө мунуңар,— деди ал,— мужикте чабыр ат боор
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Аңгемелер - Лев Толстой - 2
  • Parts
  • Аңгемелер - Лев Толстой - 1
    Total number of words is 3944
    Total number of unique words is 2019
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    43.6 of words are in the 5000 most common words
    49.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Аңгемелер - Лев Толстой - 2
    Total number of words is 3887
    Total number of unique words is 2076
    29.2 of words are in the 2000 most common words
    40.4 of words are in the 5000 most common words
    46.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Аңгемелер - Лев Толстой - 3
    Total number of words is 3860
    Total number of unique words is 2108
    28.1 of words are in the 2000 most common words
    40.1 of words are in the 5000 most common words
    45.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Аңгемелер - Лев Толстой - 4
    Total number of words is 3866
    Total number of unique words is 2056
    29.3 of words are in the 2000 most common words
    40.3 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Аңгемелер - Лев Толстой - 5
    Total number of words is 1018
    Total number of unique words is 683
    42.3 of words are in the 2000 most common words
    51.7 of words are in the 5000 most common words
    55.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.