Latin

Ырлар - Джорж Байрон - 3

Süzlärneñ gomumi sanı 3682
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2495
24.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
36.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
42.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Ахелой — Грециядагы суу

Этолия — Эпирдин түштүгүндө жаткан Грециядагы жер

Утракей — Этол жээгиндеги булун
Бүткүл баарын жай терметип тунжурап,
Турган түндөн суктангансыйт сыр сурап.
Суу бойлото катар оттор жагылып,
Бүттү ичилип үлпөтчүлүк кеселер.
Кокус өткөн жолоочу оозу ачылып,
Ушул замат башталды укмуш нерселер:
Жымжырт жаткан түндү ойготуп
шарактап,
Бийлегенде баары кызып кетишти.
Өскөн жердин адат-үрпүн ардактап,
Паликарлар 1 белден кылыч чечишти.
Чимирилип, ырдай, бийлей беришти.
Жасалмасыз ушул таза шапарга,
Чайльд Гарольд турду оолактан суктанып,
Эч бир жаман ой келбестен капарга,
Карап турду тамашага куп канып.
Зарделүүлөр бийлеп жатат талашып,
Кара көздөр тегеренет желбиреп.
Үнү дагы, түнү дагы жарашып,
Фустенелдер 2 шуудурады желбиреп.
Ирети жок обон турду түн жиреп:
Сен, тамбурчу, 3 белги берип дүңгүрөгүн,
Жоого башта кайраттантып эр жүрөгүн.
Ар бир тоолук үнүңдү укса башың катпайт.
Иллириялык, хмериялык, сульот жатпайт.
Аппак көйнөк, кементайчан, кылыч таккан,
Сулиоттон баатырдыкты ким талашкан?

Паликар — жигит, азамат деген сөз. Кош мааниси жоокер; түрктөр менен күрөшкөн учурда
партизан маанисине өткөн
Фустанелла — гректердин улуттук кийими

тамбурчу — барабан, барабанчы
Карышкырга, бүркүттөргө малын таштап,
Салык кабак сульот жөнөйт жоого баштап.
Эгер албан унутпаса дос кордугун,
Кантип унутат душманынын ал зордугун?
Аткан огу жазбай тийип душманына,
Душман башы бута болот атканына.
Македония жиберет эр көзү жокту,
Убактынча таштап коюп уучулукту;
Кылычтарын боёмоюн кызыл канга,
Алар салбайт ач болотун кайта кынга.
Бекер акча табылганга ким кубанмак?
Начар сатып алса, болот тартып алмак.
Андай жигит табат кыздын сонунунан,
Жулуп алып энесинин өз койнунан.
Жаш сулууну жактырдым мен өзүм элеп,
Ырдап берет жалгыз үйдө күндө эркелеп.
Мукам үндүү сыбызгысын кыз сыздатат,
Өз атасын кошуп ырдап муңга батат.
Превезанын1 ойлоп көргүн чабылганын,
Жеңген күлүп, жеңилгендин ыйлаганын!
Жери өрттөлүп, олжо болуп, мал бүлүнгөн,
Сулуулары тартуу кетип, байлар өлгөн.
Неден корком? Кимди аяйын? Мага эмне
сын!

Превеза — Албаниядагы шаар
Эгер кызмат кылгың келсе вазирге чын.
Ай ааламга айдын нуру таралганы,
Али сындуу бир ноён жок жаралганы.
Тажаал Мухтар, вазирзаада, Дунай кетти,
Кылыч менен капырларды титиретти.
Кан агызып, дели кирсе туш-тараптан,
Капырмардан канча болор үйгө кайткан?
Кылымчандар! Кылычыңды жалаңдаткын,
Эй тамбурчу, согуш болсо тамбур каккын,
Карагыла! Сайда жүрөт элесибиз.
Мөрөй алып кайтабыз же жан беребиз.
Эллада сен күмбөзүсүң кылымдын!
Чөктүң даңктуу, өлүк болдуң аты өчпөс.
Арын козгоп уулуң менен кызыңдын,
Ким үздүрөт кишениңди ок өтпөс?
Фермотилдин 1 аскаларын таянып.
Душман сөөгүн капчыгайга тирелтип,
Жок байыркы турбагандар аянып!
Адам барбы арбагыңды тирилтип,
Эвротту 2 өтүп алар сени кутултуп?
Эркиндикти талашканда Фразибул3
Ойлодубу зыңгыраган афиндер,

Фермотил — Орто Грециядагы тоонун тар капчыгайы. Гректер ушул жерде аз аскер менен
персняндардын жүз миң аскерин токтоткон
Эврот — Түндүк Грециядагы суу

Фразибул — байыркы гректердин саясий жетекчиси. Афиндин кулчулук мамлекетин кайтадан
куруп, «отуззулум» бийлигин кулаткан. Биздин эрадан 403 жыл мурун Афинди бошоткон
Чаап алып, талкан кылып Истамбул,
Кул болот деп гүлдө турган ушул жер?
Бүгүн эми бийлеген ким Эллатты?
«Отуз» эмес көрүнгөнү кожоюн!
Түрк камчысы кул-күң кылып каратты,
Эллин тилсиз төмөн кылып өз боюн,
Касиеттүү жерин жатка таптатты.
Көркү гана калды кейпин жоготпой,
Эл көзүндө бир терең сыр жаткансыйт...
Байыркы кут чыпчыргасын коротпой,
Кайта келип, эркиндикке баткансыйт.
Ата салты кайта бир күн келер деп,
Дале ишенет куру үмүттөн кол жуубай.
Бирөө келип мол жардамын берер деп,
Жал-жал этет көмөктөн көз айырбай,
Өзү отурат түрктөргө кол кайырбай.
Эрк каалаган кишенди өзү бузарын,
Акыйкатка эзүү туруш бербесин,
Унуттуңбу бирөөлөрдүн муң-зарын,
Башка бирөө тыңшап көзгө илбесин?
Москвит да, четтен келген галл дагы,
Бере алышпайт алчаңдатып эркиндик.
Зулум качып илоттордун 1 арбагы
Кубанса да алалбайсың сен теңдик.
Ар кимине жыгылышың милдеттик!
Капырлардын түрктөр алган калаасын
Мүмкүн кайра капырлардын алышы,
Кытмыр франк тандап үйдүн тазасын,

Илот — бир кезде кул болуп жоголуп кеткен эл
Анда бышык кайра келип жатышы.
Пайгамбардын казынасын талаган 1
Же баш кесер вахабиттер 2 жойломок.
Жериң тепсеп сенин каның жайнаган,
Так ошондо башка таяк ойномок,
Эркиндиктин түп тамырын томормок.
Арылтмакка ар ким кылган күнөсүн,
Күндүз жебей, түндө тооба этмек парз.
Бирок мында сактап ислам жүйөсүн,
Орозого чын ыкласын койгон аз.
Тообалары кабыл болуп келгиче,
Ким да болсо эптеп ыгын табышып,
Түн ичинде үлпөт куруп билгенче,
Тамашага батат экен канышып.
Өңүн буруп, кубулушуп алышып.
Бирок ушу таң-тамаша кезинде,
Адам жокпу өткөндү ойлоп түнөргөн?
Эски дарты кала берип эсинде,
Ыйлап көмгөн күндү санап үшкүргөн?
Дүнүйө капар, эсиргендер ичинде,
Шүмшүк болуп ойдун уусун жуткан ким?
Жер жарылбай, кызыл калбай бетинде,
Жыргалына токонаалат айткан ким?
Кепин кийип, өз кийимин тыткан ким?
Коруна бер, так ошосуң, сен эллин...
Кана кайда, чын патриот кимиң бар?
Оозу менен сүйгөн болуп өз элин,

Казына — пайгамбардын казынасы деп, Байрон Меке менен Медийианы айтат.

Вахабит — вахабиттер — мусулмандардын ичинде дин жагынан өзгөчөлүгү бар бир кыймыл
болгон, булар 1803— 1804-жылдары Меке менен Медийнаны алышкан.
Эки колун бооруна алып тургандар,
Кармашканда оолак качып калтылдап,
Кошоматка зулумга баш ургандар,
Келген душман үрөйү учуп калчылдап,
Бабалары перс, Трояны куугандар —
Адам эмес, эне сүтү ургандар.
Спартанын кайта туруп балдары,
Кайратына келген кезде Афиндер,
Тукумунун жеткен чакта баралы,
Төрөгөндө эркек бала келиндер,
Мына ошондо урандыдан козголуп,
Тирилесиң, баш көтөрүп, эллада.
Бир мамлекет миң жылдарда нык толуп,
Талкаланат бир сааттык арада,
Өткөн кайтпайт акыл, алтын, зерге да.
Кайгыга да, теңдеши көркү бар,
Болуп өткөн кудайлардын өлкөсү,
Маңги көк чөп, тооларында жатат кар,—
Табыйгаттын өзү сүйгөн эркеси.
Кайран жердин топурагы жошулуп,
Соко чийип, сулуу жүзү оюлду.
Касиеттүү мазарлары кошулуп,
Айдоо болуп, укмуштары жоюлду.
Даңкы гана алыска тек угулду.
Урап түшкөн ага-инисин сагынып,
Жалгыз калган түркүктөрү зыркырайт.
Палладанын сынар калган мазары,
Бир гана өзү закымга ойноп жаркырайт.
Унут болгон эр мүрзөсү дүмпүйүп,
Араң турат, бопбоз ташын чөп баскан,
Чыдагансыйт болочокко сыр түйүп,
Саякатчы кээде токтоп адашкан,
«Аттиң!» айтып, көзүн сүртөт жаш аккан.
Дале болсо жер соорусу бу жерлер,
Феб 1 маарыткан берекеси тирелүү,
Талаа көктөп, май жыгачы сүлкүлдөп,
Гиметанын2 балы тунук, ширелүү.
Мурункудай күн нурунда бүлкүлдөп,
Бал аарысы үйүн жасайт кыжылдап.
Асманы ачык, жайы сонун үлпүлдөп,
Өткөн өттү, өркөндөгөн миң жылдап,
Жаратылыш кала берди жылтылдап.
Баскан жериң касиеттүү аталган,
Топурагы кереметтүү бир белек.
Муза атасы, жомок кылып айтылган
Укмуштардын баары бүтүп кете элек.
Тегеректи карап көрсөң телмирип,
Тургансыйсың өз өңүндө түш көрүп:
Бооруң ачып, көз жашын дагы келтирип,
Тоо, токойлор кордук тарткан өзгөрүп.
Ураса Афин, Марафон 3 бар түрдөнүп.
Жатса да эл-жер туткун- болуп карышып,
Жери жердей, күнү күндөй кадимки;
Мына майдан албан-балбан салышып,
Мөөрөй алган атактуу жер илгерки.
Персияңдын колун грек талкалап,

Феб — Афина Паллада

Гимета — Грециядагы бал жагынан атагы чыккан жер

Марафон — байыркы гректердин кыштагынын аты, биздин эрадан 490 ж. мурун байыркы
гректер ушул кыштакта персияндарды жеңгенде гректердин жөө кулүгу ушул кыштактан
Афинага чуркап жетип, жеңиштин катарын айтып туруп үзүлүп кеткен экен.
Касиеттүү сөзгө калган Марафон.
Эллада өзүн бүлүнүштөн калкалап,
Сыймык кушу эл башына бир конгон.
Ушул жерде баары турат сыр толгон.
Урмат кылып ушул жердин урпагын,
Жолоочулар зыяратка көп келет.
Ион 1 жели жолчулардын саламын
Согуш, ырдын аймагына жеткирет.
Аңыз кылат бардык адам уруусу,
Өлбөс тилиң, өнөрүңдү, Эллада.
Жаштарга өрнөк, сыймыктанат улуусу,
Тыңшайт акын, карыясы, бала да,
Сөз баштаса Муза менен Паллада.
ҮЧҮНЧҮ ЫРДАН
Ада 2, чүрпөм, жалгыз кызым, каралдым,
Окшошсуңбу, кара жаным, апаңа?
Айрылганда үмүт таап кубандым,
Көздөрүңдөн көл суусундай садага!
Эми мына тегерегим шарпылдап,
Көгөргөн суу..- шамал согот күркүрөп,
Кайда барам, билбейм, сүзөм калтылдап,
Тууган жерим калып баратат бүлбүлдөп.
Калсын, күйбөйм, сүйүнбөйм да
жаркылдап.
Барам сүзүп кайта толкун аралап,
Чапкан аттай толкун туйлайт элирип,
Алда кайда алып учуп, сабалап,
Кете берсин бир жактарга жеткирип;

Иония — байыркы Грециядагы бир область

Ади, Аада — Байрондун кызы; аялы менен ажырашканда аялынын колунда калган
Камышка окшоп мачталары ийилип,
Жыртык парус делпилдесин, чапкылап;
Сүзө берем. Сууга турам үңүлүп,
Жардан ылдый салаңдаган чөпчылап,
Толкунга да, бороонго да тур чыдап!
Дүнүйөнүн тарткылыгын көп тартып,
Көптү көрүп, мезгил жетпей карыган,
Баарын билип, турмуш тузун бек татып,
Сүйүү, кайгы, даңк, сыймыктан таныган, 1
Машакаттын кагып миздүү канжарын,
Жолотпос жан өз боюна сайылтып, —
Билет көңүл неге үңкүргө качарын:
Анда сүйгөн элес кучак жайылтып,
Жымжырттыкта келет черди жазылтып.
Чыгарма бар бу жерлерде, чыгарма
Экинчи өмүр, жашоодогу бир маңыз,
Ой-кыялдан жасап үлгү, бир сайма,
Окшоп мага кыялдан кең казабыз.
Мен эмнемин? Жок немемин!! Кыялым,
Баары сенсиң, жандын жаңы, көрүнбөс.
Бирок саксың, сени менен учамын,
Киндик туташ болгомун мен бөлүнбөс,
Сени менен бүт ааламды угамын.
Токто, пикир!.. Ой үстүнө ой басып,
Тегеретти ойдун кара көбүгү,
Кыял, жалын кайнай берип көп ташып,
Чарчаңкы акыл болду кыял көрүгү.
Багынбадым, моюн сунуп көрбөдүм,
Өмүр кыйдым, өткөнгө жол таппадым,

Таныган — танган, танып кеткен
Ошондо да башка болбой, көгөрдүм,
Мезгил алсыз, бардык зардык сактадым,
Ачуу тартып, тагдырга арз айтпадым.
Кыпкызыл гүл турса жайнап, жалтылдап,
Ким кызыкпайт, кимдин келбейт үзгүсү?
Кызыл жүздүү сулуу турса жаркылдап,
Кыналышып кимдин келбейт жүргүсү?
Ким жулунбайт турса даңк көк четинде,
Түпсүз куя, булуттарды аралай?
Чайльд кайра ойсуз жаштар ичинде
Жүрөт чардап, өткөн күндү санабай.
Бирок башка, ак тилекке көңүл бай.
Топураган адамга ыркы келбесин
Ал түшүндү, кудай да алы жетпесин,
Киши акылы кулагына кирбесин,
Өз акылын эч бирөөгө бербесинЖаштайынан тил албаган өрт чыгып,
Көздү карап, иймегенди билбеди.
Бирөөлөргө бийлеттирип, бойду ыгып,
Же кайгыны назарына илбеди.
Котологон көп шарына кирбеди.
Аска, тоолор болду жакын сырдашы,
Өз үйүндөй болду деңиз чалкыган.
Көгөргөн көк анын эски курдашы,
Күндү көрсө бүткөн бою балкыган.
Үңкүр, толкун, токой, кум, чөл, чагылган,—
Баары сырдаш, баарынын бир тил-кеби;
Том китептен альбин тилде жазылган
Табыйгатты окуйт жакшы илеби,
Табыйгат го китептердин китеби.
Ичи бышып, кабак түшүп, буулугуп;
Киши көрсө солгун тартып чаалыктыКолго түшүп, эси кетип уугуп,
Канаттары сынган куштай камыкты.
Аба жутса өз үйүндөй сезилген,
Бир заматка дүнүйөсү кеңеет,
Көкүрөгү тор темирге кесилген,
Капастагы куштай болуп кызыл эт,
Тар зындандан жаны тышка элирет.
Үмүт да жок, бирок калып үшкүрүк,
Айдалгансып, дагы кетти кезип жер,
Туйду өмүрү текке өтөрүн түбөлүк,
Келечектен боло албасын үмүткөр.
Толкун жүрүп, кемелери чөгөрдө,
Матростор Дүнүйөнү унутуп,
Арак-шарап ичишкендей өлөрдө,
Гарольддагы күлкүңү ичке бек жутуп,
Алаксытмак болот өзүн дем тутуп.
Сүйгөндү да эми кайта үйрөндү,
Таң каласың буга кантип көнгөнүн,
Адам сүйбөс киши кантип күйгөндү
Үйүр кылып, ынтымактуу жүргөнүн!
Дүнүйөңү танып, талак кылгандар
Жибиталбайт сенек болгон көңүлдү,
Бирок муңда бала мүнөз кыялдар
Дале болсо бар болучу бөлүндү,
Ушул кыял кала берди шүкүлдү.
Бир мунайым, назик жанга байланды,
Чиркөө таккан боодон да бек мындай боо.
Билбегенди шаан-шөкөт кылганды,
Никесиз деп, өсөк кылып, чыгат жоо.
Далай-далай машакатты көп тартып,
Аял байкуш эки эселеп кайгырар,
Бирок таза сүйлөшкөндүн баркы артып,
Түбөлүгү касиетке айланар.
Аны мактап келди четтен бул ырлар:
Кырлар жатат жар таштуу,
Кырка чептер заңкайган,
Күрпүлдөгөн Рейн 1 суу,
Кучак жайып маңкайган.
Кырды этектеп суу бойлоп,
Жүзүм шактап ийилген,
Рейнвейн2 вино ойноп,
Ушул жерде ичилген,
Мас болмокмун оолжуп,
Сен турганда моймолжуп.
Аппак калаа жаркырап,
Сууда турат чагылып,
Аскада чеп жалтырап,
Жалбырак, чөп тагынып;
Бейиш жерде шоодурап.
Дыйкан кыздар гүл такты,
Күлүп коюп жоодурап,
Астыртадан каш какты.
Бул өзөндө жок нелер?
Жалгыз сен жок кол берер!
Ал гүлүмдү каркыттап,
Арнап сага жибердим,
Болсо дагы бир жыттап,
Коёрбу деп тилендим.
Гүлүмдү бир искесе,
Балапан кушча талпынып,

Рейн — Германиядагы суу

Рейнвейн — Рейнден чыккан вино
Көңүлү мага элирсе,
Дейм ичимден жалынып.
Рейнден үзгөн гүл,
Сен деп өтөт бүт өмүр.
Бейиштей экен бул аймак,
Күрпүлдөп суусу шар аккан,
Кулпунушуп туш-туш жак,
Сулуулукту талашкан.
Менменсип жер чанышкан,
Тоң моюн, бузук байланмак.
Экөөбүздүн үшкүрүк,
Ушул жерде кошулса,
Ырыска бай, түбөлүк,
Жер чыгарбы кыдырса?
Кобленцага 1 жакын жерде, дөбөдө,
Жупуну бир пирамида 2 көрүнгөн,
Ушул жерге баатыр Марсо 3 өлгөндө
Таш корумдап, аманаттап көмүлгөн.
Тулаң чөптүү бул мүрзөнү көргөндө,
Жашын сүртөт салык кабак карт жоокер;
Күчкө толуп, чытыраган кезинде
Франция үчүн жанын кыйган эр,
Анын аты ар кимдердин эсинде.

Германиянын Рейн областындагы шаар, XVIII кылымда Француз буржуазия революциясы
учурунда Франциядан качкан дворяндар ушу жерге чогулуп, революция менен күрөшкөн
Пирамида — бул жерде: мүрзө

Марсо — (1769—1796) француз революциясынын генералы, реакциячыл көтөрүлүшкө каршы
күрөшкөн
Кыска бирок өттү өмүрү дүңгүрөп,
Эки жоо тең Марсону ыйлап жоктогон;
Бата окушу керек болчу күңгүрөп,
Ушул жерден кыя өталбай токтогон.
Дүнүйөнүн даамын татып, кайгысыз,
Эркиндикке өз өмүрүн арнады.
Эми мындай адилетти таппаспыз.
Кылычты да ичте кирсиз кармады,
Эстеп аны ыйлабаган калбады.
Сүйбөстүктөн адам качпайт адамдан,
Жандын баары жаралбаган киндиктеш;
Жек көргөндөн жашырынып ааламдан,
Жүрөгүнө сыр булагын бекитпес.
Жүргүң келбейт аламанда топурап,
Жамандашат, өчүгүшөт, басташып,
Эрегишет, ушак айтып, кобурап,
Талантсызы талаптууга касташып,
Жөөлөп кирген жөө чеченди жандашып.
Рона 1 суусу агат көгүш жаркырап,
Көк ирим көл 2 баласындай ойнотот.
Чыр баладай Рона өкүрсө баркырап,
Эмчек салып эркелетип сооротот.
Ошондуктан жерди сүйүп, каркыттап,
Дурус болор жалгыз жүрүп жашаган.
Бири шүмшүк, бирөөлөрү басаган,
Бири куурап, бирөөдөрү талаган,
Жаак баспас аламандан ыраактап.

Рона — Швейцария менен Франциядагы суу

Көл — Женева көлү; Рона Женева көлүнө куят
Мен жашабайм өз бетимче, ичимде,
Айланамдын мен бир майда бөлүмү.
Буулугамын борборлордун ичинде,
Аска, тоолор көтөрүлтөт көөнүмү.
Жер өбөктөп жүргүм келбейт сүйрөлүп,
Жаратылыш арасында сергиймин.
Учкум келет көктү карай күүлөнүп,
Жылдыздарга талпынамын, эргиймин,
Деңиздерге кошулууга дегдеймин.
Дүйнө экөөбүз сүйүшпөдүк ээрчишип,
Буруксуган сасык денин өппөдүм.
Жойпуланып, дегенине келишип,
Төрөсүнө тиземди да бүкпөдүм.
Кара күчкө мактаганга күчөнүп,
Корстон болуп, коорконуп, көппөдүм.
Ой-санаанын зар кепинин чүмкөнүп,
Аламанга кошулушуп чөкпөдүм.
Кошулсам да өз жолумдан көчпөдүм.
Дүйнө экөөбүз сүйүшпөдүк эришип,
Жоолашпаймын, эмес менин ичим тар.
Ажырайлы жарашып, кол беришип,
Тилек келип, сөз орундар деген бар;
Мен ишенем: бул болгон иш, болгон да,
Начарларга капкан эмес бул месел:
Эки-үч киши таза турмуш курганда,
Ар кимге ырыс бир келерин укканда,
Сыркоо болуп калат экен кай эсер.
Жаным кызым! Атыңды атап ыр баштап,
Атың менен аягын да бүткүм бар.
Бүт мээримди сага берип, багыштап,
Карааныңды бир көрүшкө болдум зар.
Жалгыз сенсиң өмүрүмдү терметер,
Жаш кезимден мен унуткан абандар,
Мени алганда кучагына муздак жер,
Келечекте көз алдына элестер,
Тирүү абан бардыгын тең эстетер.
Чоңойтподум күлкүң сактап каткырган,
Байкабадым басканыңды тамтаңдап.
Тилиң чыгып жаңы бир сөз таптырган,
Көрө албадым турганыңды алчаңдап.
Колума алып көңүлүмдү өргүтүп,
Көкүрөккө кысып, жыттап, өппөдүм,
Тагдыр мага артын буруп көкүтүп,
Баарын алды, башка кыял күтпөдүм,
Жылуу сезим деген жерде түтпөдүм.
Эми мейли өсөкчүлөр жарышып,
Айттырбасын тыюу салып атымды,
Сүйлөй берсин жаактары карышып,
Өчүрмөккө атым эмес, затымды;
Ортобузга бейит орноп калса да,
Колдон келсе, тамырдагы сүрүлгөн
Каныбызды ажыратып салса да,
Андан бетер жакшы көрүп үйрүлгөн,
Сен болорсуң мен дегенде үзүлгөн.
Балапаным, кайгы менен төрөлүп,
Азап даамын татмак болдуң жашыңдан!
Атаң тарткан запкыларды сен көрүп,
Балким сен да өткөзөрсүң башыңдан.
Бирок кызым, башка сенин таалайың,
Тагдыр сага жакшылыкты атасын.
Бешигинде укта, түшпөй маанайың,
Атаң берет алыс жактан батасын,
Өсө көргүн тындыргыдай санаасын.
ТӨРТҮНЧҮ ЫРДАН
Венеция! Үшкүрүктүү көпүрө 1.
Түрмө он жагым, сол жагымда ак сарай.
Суу астынан сыйкырчы өңдүү ким бирөө
Заңгыраган үйлөр го үн салгандай;
Канаттуу арстан2 бийликтери түзүлүп,
Ордо курду аралдарга жүздөгөн.
Өлүүчү даңк жылмайыңкы бузулуп,
Ондоп өткөн кылым менен бир жүргөн,
Бул үйлөргө карап турат бурулуп.
Тил билемин, тили буруу чет элде
Чоочун эмес өз кишидей боло алам;
Акыл токтоо, кор болбоймун чөл жерде,
Кайсы өлкөдөн болсун үй, жай табалам.
Бирок менин тууган жерим Альбион;
Мен бир бейжай эрк баласы, тентиген.
Өз бооруна тартпай деги койбогон
Киндик кесип, кир чайкаган жер деген;
Мен бир жолчу өз мекенин эңсеген.
Кимди гана жерге-жээгин кучактап,
Өлсөм мейли, ошол мага эптүү жай; '
Ал өз эркиң! бирок элге жууктап,
Эңсеп турган өз жергене канат жай.
Эл оозунда калармын мен жоктолуп,
Альбиондун тили такыр житпесе,
Эмгегимдин татыктыгы жок болуп,
Урпактарым менден жерип кетпесе,
Таалайга окшоп мени унут этпесе.
Даттанбаймын, мейли унутсун баарысын,
Пантеоного 3 кире берсин калганы,
Үшкүрүктүу көпүрө — Венециядагы көпүрө, Венецияны башкаргандардын сарайлары менен
түрмөнүн кошулган жери. Илгери бу жер мамлекет кылмышкерлерин асып өлтүргөн жер болгон
Канаттуу арстан — Венециянын герби

Пантеон — атактуу кишилердин сөөктөрү сакталган имарат
Бейитиме байыркы сөз жазылсын:
«Спартандын балдарынын жаманы» 1
Тикенектүү болчу сайган жыгачым,
Жазмыш ошол! бекер жаным кейиши.
Арман кылбайм, ооруксунуп этпейм чым,
Шундай болмок жыгачымдын жемиши;
Бак тиккендер керек жемиш териши.
Австрия 2 бийик кылып тебелеп,
Венеция эми сени мөгдөттү.
Калаңарды так курулган жекелеп,
Четте калган провинция өңдөнттү.
Бир катар улут жайкы жүргөн көчкүдөй,
Өз бийлигин жоготушуп кулады.
Сексен бешке чыккан баатыр Дандолу3
Бир заматка турса куумак буларды.
Далай душман карыядан сулады.
Венеция! Көп жыл бою эзилип,
Биротоло эркиндиктин үнү өчтү.
Тассоо 4 акындын үнү гана сезилип,
Ошол тирүү, алар алса Тассо өчтү.
Англия, океандын падышасы 5,
Толкуган суу балдарын сен курутпа;
Алы кыйын, айыкпас бар жарасы,

Байыркы лакап боюнча, Спартандардын колбашчысы (ноёну). Брасиданы энесине эл мактай
бергенде энеси: «Спарттардын мыкты балдары көп, бул алардын ичиндеги эң жаманы» деген
экен
1815-жылдан тартып Венецияны Австрия бийлен турган

Дандоло — Венецнянын дожусу (же текчиси); 1192-жылы 85 жашында дожулукка шайланган;
Дандоло башкарып турган учурда Венеция өз жерин кенитип, күчтүү болуп, даражанын кылда
башына жеткен
Тассоо — байыркы Венециянын акыны
5Англия
океандын падышасы — Англиянын Париж келишимине катышканына Байрондун
каңырыгы түтөгөн, ал келишим боюнча Венеция Австрияга берилген
Өзүңдүн да тагдырыңды унутпа,
Жатсаң дагы суу жамынып, тынч жакта.
Венеция, сени сүйдүм жаш чактан,
Жер дечүмүн: дүр дүнүйөсү жайнаган;
Деңизинен куюнга окшоп бир жактан
Оргуп чыгып кенч базары кайнаган;
Отвей, Радклиф, Шиллер менен
Шекспир 1
Көңүлүмө салды сени таттуулап,
Мурункудай болбосоң да тутам пир,
Даңктуу чактан турган чагың мукурап,
Эң башкача жакын өңдүү мага бир.
Жаралмыштан бийик чыгат карагай,
Чокудагы аска ташка тирелип,
Тамырлары ташты жарып чалкагай,
Жел жалаган борчуктарга ширелип.
Тоого татык бороондорду элебей,
Өзөк байлайт, кулач жеткис, каркайып.
Чыныгы таш кучагынан ченебей,
Кубат алып, бир алп болот дардайып.
Ошого окшоп өссөчү акыл залкайып.
Өмүр деген коого чыккан карагай;
Куру затка жаят тамыр, бийлетпей;
Жону жооруп жатса да үнүн чыгарбай,
Төө жаныбар тартат жүгүн былк этпей;
Токойдогу жан-жаныбар, айбандай,
Карышкыр да кыңк дебестен өлсө жай,
Асылсынган адам кантип кайгырбай,
Кайраттанып, сабыр кылбайт жаймажай
Өмүр батмак күн сыяктуу закымдай.

Бул атактуу жазуучу, акындардын чыгармаларындагы окуя Венецияда жүргөн
Кайгы өлтүрөт жеңсе адамды бычактап
Же кайгыны адам жеңип өлтүрмөк.
Кээ бирөөнү үмүт кайта кучактап,
Жибин ийрип, ийик кайта жүгүрмөк.
Бирөөлөрдүн ындыны өчүп, ташыркап,
Эрте карып, мөгдөп жүрүп өлүшмөк.
Бирөө өйдөлөп, бирөөлөрү жабыркап,
Согуш, эмгек, жыргал, мээнет көрүшмөк
Кимге кандай тагдыр жазса бөлүшмөк.
Падышалар бийлик курган Рим эли,
Италия! сен дүнүйөнүн гүлзары;
Илгертеден сен жарыкка келгени
Өрчүдү өнөр 1, жаратылыш базары.
Ураандындан канат көздүн кумары,
Аза күткөн чөбүң турат сеңселген,
Төрткүлдөрүң, чалдыбарың, — бүт баары
Бактан артык гүлдөрү аңкып, термелген;
Байыркынын көркүнө жок тең келген.
Италия, Италия! сен шордоп,
Сулуулукту белекке алдың өзүңө.
Ошондуктан мээнет, түйшүк оордоп,
Сулуулугуң чиркөө болду жүзүнө.
Санжыраңды отко жагып өрттөштү...
Сулуудан да эгер болсоң күчтүүрөк,
Тоспойт белең каракчыга өркөчтү.
Айбат болсо эмес каның төгүлмөк,
Ичтен сызган кайгыңа эмес күлүшмөк.
Сулуу болсоң, жамалыңда сертирек,
Жашамаксың бейпилде тынч, жадырап.
Ороңдошуп капкайдагы бадирек,
Келмек эмес душман болуп шатырап.

Өнөр — Искусство
Суу ордуна ичмек эмес каныңды,
По 1 суусунун эмес жээгин таламай,
Дос, душмандан сактайт элең арыңды,
Өз көркүңдү мындай турсун каргамак.
Күн көрмөксүң ач кулактан, тынч кулак.
Италия, өнөр, жарак энеси!
Тарбиялап сен жетилттиң баарысын.
Эми чыксын эмгегиңдин киреси,
Сени азаптан мамлекеттер куткарсын.
Сенден издеп жүрдү бейиш килитин.
Тукумдарың зыйнатынды булгабай,
Европа эгер кайтарбаса жоо бетин,
Азабыңа кантип түтүп, чыдасын,
Так ошондо күнөөсү да арылгай.
Канга тоюп, мас болгондор жин кусат,
Француздар канга эсирип, кутурду.
Кайсы жерде кандай өлкө болсо азат,
Кул кылам деп, үрөйлөрүн учурду.
Кесирденип, дөөкүрсүдү чиренип,
Адамдардын эркин ою тыйылды.
Күндөр өттү кан аралаш кирденип,
Акыр барып өз тагдыры кыйылды.
Шылдың. мыскыл керт башына жыйылды.
Желди бөгөп, желбиреди сүрдөнүп.
О эркиндик, жыртылса да желегиң,
Добулбаска доо кетсе да түрдөнүп,
Бурганакта үндөп келет илебиң.
Жыгачыңдын бүрү түштү, күбүлүп,
Кабыгына тийди балта чабылып,
Бирок турат ширелери төгүлүп,
Уруктарың жатат суук жамынып.
Жакшы жазда өнөт жайнап, жабылып.

По — Италиядагы суу
О махаббат! көзгө илинбес периште!
Жалгыз гана ишенебиз өзүңө.
Кан агызып ыйлайбыз биз кейиште,
Өмүр бою көрбөй карап жүзүңө,
Санаа менен биз жүрөбүз бейиште;
Санаа менен өзүңдү да жараттык,
Жан күсөгөн элес кылып биз ичте,
Өзүбүздү бир өзүңө караттык,
Жан күйгүзүп сага өмүрдү таптаттык.
Биздин турмуш жаралганда тескери,
Баш аламан, каргыш тамга басылып;
Бул ааламдын калбай чоло бир жери,
Уу коргошун басып кетти асылып.
Уу коргошун көктү карай оожалып,
Өлүм, апат, каатчылык тепседи.
Көкүрөктү алсыраткан дарт чалып,
Каргашанын катуу заары кетпеди,
Азап, мээнеттерге эсеп жетпеди.
Тайсалдабай бирок акыл ойлойлук;
Шерменделик ой, пикирден айрылмак!
Куру көөдөн, ойдон кемчил болбойлук,
Тизгин турса кожоюндук ким кылмак!
Кокус адам кирбесин деп акылга,
Акыйкатты канча болбо сен басмак,
Айдап, сүрүп, байласаң да чынжырга,
Көк даарыган акылга нур тарамак,
Сокурлардан чел кетип, түз карамак.
О замана! өлгөндөрдү зыйнаттап,
Чалдыбарга сайма сайган чеберсиң.
Жаралууга табып болуп, каркыттап,
Даанышмансың, катаны оң чечесиң.
Философсуң, калпты жокко чыгарып,
Текшересиң, баарын кайра иргейсиң,
Кечиксең да жокту, барды ыйгарып,
Акыр бир күн сурак кылып тергейсиң;
Койнуңдамын, үнүмдү угуп бергейсиң:
Карапайым менин мүрзөм бир бөлөк
Жалгыз турат, мүрзөлөрдөн оолактап;
Урандыдан жыйнаганда сен белек,
Мени дагы кошуп койгун ардактап;
Моюн сунсам катуу болбой зулумга,
Мерез болсом, кулагыңды жапыргын;
Алсыз элем, кылычымды кылымга
Өз бооруңда сактап жүргүн, жашыргын,
Жалаңдатып душманымды качыргын.
Немезида 1 кылмышы бар ар ишти
Унутпадың таразага тартканды.
Жазаладың байкуш бала Орести,
Коргоп турдуң арыз-арман айтканды.
Орест 2 болсо атасы үчүн түшүп түн,
Энесинин канын төктү өч алып,
Бирок ал кан өз кан болчу, катыгүн!
Таш төшөктөн эми тургун чаң салып!
Көкүрөктүн зарын уккун таң калып!
Ким күнөөлүү, же өзүмбү, бабамбы,
Иши кылып көкүрөгүм жаралуу.
Адилеттүү эгер курал тапсамбы,
Кан төгүүдөн жок болуучу аянуу.
Өч алууга эми бирок болбостур!
Эрте, кечпи, өч алмакмын баары бир!
Мен ойгонбос уйкудамын, козгол, тур!

Немезида — өч алуучу арбак

Орест — байыркы гректердин сөзү боюнча, Орест Агемменон менен Клитамнестранын уулу;
Клитамнестра өзүнүн күйөөсүн кошо өлтүрүшкөн; Орест атасынын канын кууп, энесин өлтүрөт,
бирок аны жазага тартышат
Өч алып бер, максатыма сен жеткир,
Тазалансын жүрөктөгү жаткан кир!
Мен кыйкырбайм чабалдыктан каржалып,
Ким көрүптүр алым кетип, мукурап,
Демден тайып, кайрат бошоп, баш салып
Турганымды мүңкүрөп да, буркурап?
Бул ырларым кылымдарга жол басат;
Күл болсом да үнүм чыкмак шаңкылдап.
Кечиксем да айткандарым ишке ашат:
Адамдарды каргагым бар заңкылдап,
Мезгил учуп келе жатат жакындап.
Каргаганым — кечиргеним, жарашып!..
Күбө: асман, төшү түктүү кара жер!
Мен эмеспи тагдыр менен талашып,
Ыйлап кечкен кыйнаса да эзгендер?
Не кылбады жүрөгүмдү эзгилеп,
Турмушумду кылышты акыр эки ача!
Үмүтүмдү үзүшсө да тебелеп,
Былк этпедим, жаралыпмын башкача.
Көрдүм далай калгандарды темселеп,
Көрбөпмүнбү кылбаганды кылганын,
Майда калптан чоң кордукка барганын,
Ушагынан жалаасына жылганын,
Шилекейин агызып чуу салганын,
Ар бир сөзү ок жыланча чакканын?
Янустары 1 анткорсунуп үшкүрүп,
Тымызындан кыл жип менен бууганын,
Дөдөйлөрдүн алдында ийин кушуруп,
Билмемишке салып уулап жатканын!
Ошондо да бекер өмүр сүрбөдүм,
Акыл кемип, мейли каным муздасын,
Ички күчтү жоёр кудурет көрбөдүм,

Янус — эки жүздүү киши
Азап кыйнап, канча мезгил учпасын!
Мен мүрзөдө жатсам да ырым шыңгырап,
Кыл кыяктай омок болмок көңүлгө,
Жүрөктөгү ташты эритип, шаңгырап,
Махабаттан куру калган өмүргө
Азык болуп, берип тургай демилге.
Поэмамды баякыда ширетип,
Жөнгө салган кайда жүрөт кезгинчи?
Дайны да жок, сөздөн өзүн четтетип,
Болбой кетти, коштошолу, кетсинчи.
Сапар бүткөн: көргөндөрү — куру элес.
Өзүнүн да санда калган саны жок.
Эгер аны адам дебей бир келес,
Сезими бар, тирүү жан деп ойлосок,
Жакшы болбос кош айтышып койбосок.
Унутупмун: кезгинчибиз храмда;
Айрылалы ушул жерден кош айтып,
Эмгек бүттү, не бар үйгө барганда,
Океанга бир көз салбай баратып?
Бизге согот орто жердин салкыны,
Көрдүм кайта албан тоодон кайкыган,
Бала кезден бизге тийген жаркыны,—
Зор деңизди көз кумарын кандырган,
Гибралтардан эвксинге 1 чалкыган.
Аттиң, аттиң эрме чөлдү жер тутуп,
Жүрбөсмүнбү жалгыз сүйгөн жар кучуп.
Бүт кечирип, адамзатты унутуп,
Сүйбөсмүнбү жаш селкини бирге учуп.
О кубулуш! бороонунда ак канат,
Далай жолу көктү карай эргиген!
Бороонуңду бересиңби аманат?

Эвксин — Кара деңиздин байыркы аты
Же катабы үмүт кылып тилесем,
Бул таалайдан кылдың беле мени кем?
Кубанчы бар чер токойдун ичинде,
Ырыскы бар ээн суунун жанында;
Күндө каттап келбесе да бир пенде,
Музыка бар деңиздердин шарында.
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Ырлар - Джорж Байрон - 4
  • Büleklär
  • Ырлар - Джорж Байрон - 1
    Süzlärneñ gomumi sanı 3690
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2237
    27.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар - Джорж Байрон - 2
    Süzlärneñ gomumi sanı 3724
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2403
    25.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар - Джорж Байрон - 3
    Süzlärneñ gomumi sanı 3682
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2495
    24.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар - Джорж Байрон - 4
    Süzlärneñ gomumi sanı 3849
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2220
    27.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар - Джорж Байрон - 5
    Süzlärneñ gomumi sanı 3858
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2175
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар - Джорж Байрон - 6
    Süzlärneñ gomumi sanı 3901
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2130
    28.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар - Джорж Байрон - 7
    Süzlärneñ gomumi sanı 3802
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2347
    26.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар - Джорж Байрон - 8
    Süzlärneñ gomumi sanı 666
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 560
    34.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.