Latin

Айта бар менин кебимди... - 10

Süzlärneñ gomumi sanı 3714
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2362
22.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
32.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
39.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
эмеле Илени кеп кылып отурган жаны ушинтип Кишимжанын
Кашкелеңдин кашатына ээрчитип түшкөнүн да эстеп алды.
Кабырганын учун мүлжүп отурган Эсенгул баатырга карап: “Абабыз
го алты катындуу!” деп суктана карады.
- Көөлөнгөн талканыңдан келе! – чаначты көздөй обдулган
жигиттердин бири колун сунду.
- Арагыңдан бер!
Кол чаначка ээлик кылган жигит арак куюлган көөкөрдү –
бозодон тартылган арак эле – кош колдоп сунду.
Алты катындуу Эсенгулдун таңдайы катып турган экен,
көөкөрдү шыпкай көңтөрүп, колунун үстү менен сакал-мурутун
жана: “Бах! Арак эмес бекен!” деп тамшанды. Жигит көөкөрдү
кайталап сунду эле:
- Болду, болду, иним! – деп, карт-карт кекирди. – Күчала го
мунуң!
- Ээй! – дешти майлуу эттин артынан көөлөгөн талкан сугунуп,
жумуру кургап отургандар чаначтуу жигитке тигилишип, –Тарт
арагыңдан бизге деле!
Арак чуркаганга жумур-ичегиси ысып, денеси жибиген
Эсенгул баатыр майлуу колдорун жекесан өтүгүнө түрө-түрө
аарчып, “мен болдум!” дегендей капталына ооду да буура сандуу
аяктарын узатасынан суна жамбаштап жата кетти.
Бу жарык дүнүйөң башы кара, буту айрынын шыбагасына
тириликтин не бир ыракатын ченебей ыроолоп, ырайымын төккөн
болсо, ошонун бири – жайык төштү таяна кырыңан түшүп жатуу
эмеспи, кыңая жаткан тейде теребелдеги ой-кырга, өркөчтөнө
чубалган керме тоолордун кооздугуна сугуң артып, кыйыры
мунарыктаган этектеги талаа-түздүн кенендигине төштүн
бийиктигинен санаасыз көз чаптыра, түпсүз ой-кыялга чөмүлүптермелүү эмеспи. Кыраан куштун баласы кырымга карайт демекчи,
көчмөндүү кыргыз баласынын жазбай өздөштүргөн бир өнөрү ушул.
- Төө-жылкыга ырас жер экен, - деп тамшанды Эсенгул СулууТөрдүн айыштуу этегин кайкыта тиктеп. – Келерки жылы ушуларды
кыштасакпы!
Жер чалгандарды зарыга күтүнүп, кара таштын түбүндө жол
күзөтө жатчусунда жер уусун сынга толтургандан бөлөк эрмеги
жоктон Сулуу-Төрдү өндүр-өтөгүнөн бери төрт түлүк малга өлчөп
чыккан тууганы:
- Оту сөлдүү-чыктуу болот, - деди.
Айланта көөкөр көтөрүп, арактан кере-кере жуткан жигиттер
туурадан кужулдашып, сары сойгогу көң болгон мынабул тегерекке
элди отургузмактын ылайыгы сөзгө алынды заматта.
- Этеги төөгө, жылкыга ылайык, - деп коюшат.
- Жылгасы уйга, койго ылайык, - деп коюшат.
Ушинтип бир сыйра кыялдарында Сулуу-Төрдүн оюнда ат
ойдолотуп, мал “айдалап!” алышты.
Кыялында Сулуу-Төрдөн тарта Үч-Алматынын ичин ОйсулАта менен Камбар-Атанын тукумуна жык толтурган Эсенгул ушу
саам санаасын кызыр эмди тайдын кайгысына жетелетти. Астыңкы
ээрдин кыйшайта тиштеп, “Ата-а, сыныгы зилдебей, муунуна кирип,
мал болор бекен?” деп отурган. Бир оокумда оттогу аттардан обочо
турган тулпарынын жер чапчый кошкурунганын туйгандан
жумулуңку көзүн ачып, ээгин жаңсады:
- Моберекини кара! - деди. – Соо немелерби?
Баштарын көтөрсө кырк элүүдөй жарактуу казак – казактыгы
кулакчындуу бөркүнөн таанылды - капталдагы кырдан чыга келди
шоңшоюп. Ат койчудай түрлөнүп, кебетелери чындап суук.
Адегенде Эсенгул баатыр саамга козголбой, жалдырай тиктеди:
ушундан төмөн топурактын көзгө үрүл-бүрүл илинген тээтигиндеги
учуна чейин болжол кылып, “ээмин!” деп отурса, эминеси кокуй!?
Ушул отурган туштагы тоолордон - өткөндөгү жамгырдан кийин
белинен туташ кар баскан мынабул аркадагы арсак тоолордон
тартып маңдайдагы талаанын кыйырына дейре ээлик кылып атса,
ээнбаш бастырган кандай немелер? Же бир жөнжай жүргөн аламан
каракчыларбы?
Алдыдагы казактын эңчер бойлуу тулкусунан, алдындагы
атынан оңой жоонун жоктугун баамдаган тууганы:
- Каапырдын орою жаман! – деди.
- Капырай, төлгөдө жок эле! – деди Эсенгул баатыр.
Козголбогон Эсенгул эсин жыйгыча:
- Атты тарт! – деп бакырды тууганы.
Айдөштө туйгунт отурган кыргыздар ордуларынан атып туруп,
айкырган тейде “атты эле атты!” деп, ат-көөлүгүн издей каршытерши чуркап, азыктуу чаначтарды таштай аттап-буттап чуркап, шашкан жанга тушоосу да оңойлук менен чечилбей калат мындайда
- кымгуут түштү. Мынча кишинин атка мингени бир тең,
Эсенгулдун мингени бир тең, мынча кишинин жарак шилегени бир
тең, жалаңдатып Эсенгулдун шилегени бир тең эмеспи, үркөрдөй
жигит оттоп кеткен карагерди орой чуркады оболу. Кошкурунган
карагер тулпар кулагын камыштай тикчийте тура калган. Сары
чийкил жигит шамдагай эле, тике чуркай мурда жетип, жылоодон
кармай ооздугун катты да баатырдын алдына оңдоп тартты.
Ошентип элде мурда Эсенгулду мингизишкен.
Такай койнуна ала жатчу сырнайзасын толгой кармаган
Эсенгул баатыр каракчы жүргөн казактарды жолдошторуна
жибербестен жол тосууга камынып:
- Ии!.. – деп теминди. – Ниети бузуктан болбогун!?
Ичине найза аралатчудай теминди. Артынан жигиттери
ээрчиди.
- Качырткы болуп жүрбөсүн! – деп эскертти тууганы.
Адегенде бирин-бири аңдый, кабактарын саландата бута
атымчалык желдире келишти эки топ, анан айдарын тигип, маңдайтескей үн алышты.
- Кимсиңер? – деди Эсенгул баатыр.
- Шапырашты!74 – деди казактар.
- Жок издегениңер эмине?
Казактар ийиндерин куушура бирин-бири тиктеп калды эле,
омуроодогу көмөлдүрүгү күмүштөн, карчыты бийик ат минген,
найзаны узун кармаган кара туулгачан баштык адамы:
- Мынау жерлер кыстаумыз гой! Өзүңдер? – деди.
Каны бузулган Эсенгул баатыр:
- Дени-кардың соо немесиңби? Оозуңа кара! – деп опурулду.Ушундан Жетиген жакка караган жердин баары сарыбагыштыкы
эмеспи!
- Сарыбагыстыкы-ы? – деп кыйшайды казак.
- Кыяма-ат! Деги өзүң кимиси болосуң?
Ушинтип эки бааатыр кер-мур айтышкычакты, алым-сабак
айтыша өздөрүн тааныштыргычакты – бет маңдайдан бир кез келбей
жүргөн Абылай дегени бар казактын, ошого жөөкөр жүргөн неме
экен тигил баатыр - эки жак ыкыс берип чукул келди. Коошу
келишпеген эки баштык бирин-бири сынай кажылдашканча
кызууланган жигиттер бирин-бири чет-четинен омуроолоп, сөгүнүп
турушту: “Ээй! Тиги маңканы кара маңканы! Ары жок! Ары жок!”.
Кокус кыргыздын аты үркүп, октос берсе, казагы каткырат жапыра,
казактын аты үркүсө, “мингениң чобур го!” деп, кыргыздын
каткырыгы каптайт. Анан союл кезеп, найза кезеп, тап бермейге
өтүштү. Бирин-бири омуроолоп жатышты.
Казактын баатыр чалышы чама-чаркын билбеген өпкөрөөк
көрүндү Эсенгул баатырга. Аты туйлап, көздөрү шойкондуу
ойноктойт. “Сарыбагыш Эсенгул - мен болом!” дегенди таңазар
Казак уруусу.
албай, алса да билмексен түр көрсөтүп, айтканындай эле казасы
жетип турган немедей:
- Эсенгул экениң чын болсо жекпе-жек! – деп айкырса
болобу.
Сайышпай жүргөн казак беле!? Ушуну эле күтүп турган
Эсенгул баатыр жигиттерине:
- Эми болбостур, балдар! - деди. – Кийин тургула!
Омуроолошкон атчандар экиге жарылып, эки баатыр окчун
бастырып кетишти. Болжолдо алты жүз арыш аралыктан ат коймой
болушту.
Колтукка толгоорунда экөө тең түпөктөрү желбиреген
найзаларын жерге бир уруп, матай кармап, маңдайда кыйшайган
күзгү күнгө жылтыраган кылда учун саамга шыкаалашты. Бирин
бири найзанын учуна илмектин оңутун издей шыкаалашат. “Жарай
көр!” деп шыкаалашып, “Ажалыңды ушундан табасың!” дегендей
кезенишет.
- Ка-ап, араактан чаппай, карагери ыраакчыл эле!
– Эсенгулдун тууганы жүрөкзаада үн катты.
Аргымагын жулкунтуп, өрөпкүгөн чапырашты казагын
кандай ой бийлеп турду ошондо, бир кудай билет. Балким, “далай
эрдин куну мойнуңда эле, кекти кууштун кыябы табылды” дегендир,
балким, “мактанган баатырын ыргыта сайсам, чын атагым Абылайга
жетээр” деп ойлогондур, ай, ким билсин? “Колумдан казак өлбөй
жүрдү беле!? Көп болсо Көкжал Баракчалык барсың!” деп ойлоду
Эсенгул баатыр. Көкжал Барак дегени болгон найман казагынан.
Ажалы көзүнө көрүнгөндө бармагын кесе чайнап, Кескен-Ташты
аралай качкан, куйругун түйүп, Кочкор-Атанын тоосун тогуз айлана
качкан ошол Көкжал Баракты көк желкелеп сойгон, артынан Айтак,
Күржү дегендерин 75 солоткон сырнайза эмеспи мынабул. Баатыр
найзанын учун аттын башынан кере кулач ашыра сундуруп,
бууданын кууш теминди. Теминээрде:
- Куу далы, сени жебесем! – деп ачуу айкырды.
“Куу далы!?”. Эсенгулдун көзүнө “куу далы” көрүнгөн тигил
казак үзөңгүлөрүн кагыштыра жарданган кыргыздын көзүнө куу
далы көрүнгөн жок. Көздөрүн бардап-бардап, оңду-солду карап, не
бар, не жок, жеңдерин каруудан түрүнүп, жарактарын кезене камдуу
турушту.
Ат жалына өбөктөй найза сундурган казак ачуу айкырып,
илгиртпей тулпарынын оозун жайды. Алдындагы атынын желдей
күлүктүгүн кантесиң, чаткаягын кере таштай адымдап, чымын-куюн
болуп атырылды, нардай күчтүүлүгүн кантесиң, ноопаздай казакты
Көк жал Барак, Айтак, Күржү – кыргыздардын колунан каза тапкан казак баатырлары.
камгактай көтөрүп, алкынып учуп баратты. Ээрге көчүгү жармашкан
эңчер мүчө казагы түпкүчтөй түйүлүп, найзанын учун маңдайдагы
Эсенгулдун өпкө-жүрөгүнө кадамакка мелжеп келатты. Көөдөнүн
жара саймакка, көкүрөгүн көзөй саймакка болжоп келатты.
Кайың-долонодон кыркылып, ашталгандан анты ушундай
тура, не бир усталардын колунан ашталып-бүлөнүп аткандагы
баштатан анты ушундай тура, найзанын учу жоонун өңгө жерине
мелженбейт, туура эле өпкө-жүрөгүн аралата саймакка мелженет.
Кызыл өңгөчтү бөлө кыркып, жүрөгүн толтосунан жара саюуга,
өпкөсүн үзүп, кыр аркасын быркырата саюуга мелженет.
Темир үзөңгүсүн үзө тепчүдөй оң капталына кыңайган
Эсенгул да “Өпкөңдү сенин үзбөсөм!” дегениби, айтор матай
кармаган сырнайзанын бөрүнүн тилиндей жалаңдаган кымасын
казактын көкүрөгү тушка туштады. Толгой кармап, өпкө туштан
өткөрө саймакка, кыр аркадан жарым кез чыгара саймакка өлчөп
алган. Казактын көөдөнүн бөлө саймакка, эки далысынын ортосунан
найзанын бөрү тилин эки карыш чыгара саймакка ыктанып алган.
Алты жүз арыш аралык эле, алты ирмемде жетчү аралык эле,
казандай көмкөрүлгөн туяктарынан муштумдай-муштумдай даңкан
ыргып, ордунан жебедей аткан аргымактар эрегешип алгандай
алкынып учту, жетип бара алкымдашып чайнашчудай, жалдан
тиштеп чалышчудай жулунуп учту. Эки баатырдын өчөгүшкөнүн
туйгансып, “менин баатырым сеникин алат!”, “менин баатырым
сеникин жутат!” дегенсип, кан күсөп найза сундургандарды ташып
учту.
Эки жаат болуп жарданган казак менен кыргызың, жер
жаңырта кыйкырып, сүрөп турду. “Жангороздоп!”76 кыйкырды
кыргызың, “Алачтап!”77 айкырды казагың.
Көзүң жамандыкты көрбөсүн! Ооздуктарын жара чайначудай
жаактарын керип, оозунан ак көбүк чачыраткан аргымактар атчан
эрлерден озунуп жетип, омуроолору менен кагышчудай
шукшурулган ал аттардан сунулган найзалар мурун жетип, үй
ордундай жердин тозу сапырылып, абасы уюлгуй түштү да
найзалардын “карс” этип кагышканы угулду. Карашса, казактын аты
арткы аяктарынан очорулуп, жамбашы сынгандай жерге жалп этти
да оңолуп туруп кете албай, көз ирмемге катып калды. Мууну
талыгандай алдыңкы аяктары солкулдап, арткы аягын тартмакка
далбастап, башын чулгуй жүткүнүп-жүткүнүп алды. Болбоду.
Эсенгул баатыр болтурбады. Колтугун жырып кетчүдөй бекем
толгонгон сырнайзасы түз кадала соотун айрып, казактын көөдөнүн
жарган экен, канга боёлгон кымасы эки далынын ортосунан эки
Кыргыздын эски урааны.
Казактын урааны.
карыш чыга түшкөн экен, Эсенгул найзанын сабын саамга
бошотпой, кашында үзөңгүсүн кере тепкен тейден мүрт үзүлгөн
шордууну ат-маты менен ныгыра басып турду. Ээрдин кашына
өбөктөгөн бойдон башы шылкыйган, оозу толтура коюу кан
жүткүрүп, эки колу эки жакка салаңдаган казакты көзү канталай
кумарлана карап турду. Баятада ойноктогон көздөрү эми чанагынан
чыкчудай акшыйып, кареги айнектей каткан казакты маашырлана
карап, бир уруп жанын чыгарганына кыбаасы канып турду. Саамга
ушинтип турду да колтугун бошотуп, найзаны копшоп-копшоп
сууруп алды эле, “корр” эткен доош чыгара, ээрден оолжуй кулаган
казак оңкосунан “күп” эте жер сайып, эт-бетинен түшүп жатып
калды. Казандай кара туулгасы алыс ыргып, чачы жаңыдан
кырылган, буржуйган чарадай башы куураган сойгоктуу топуракка
бети менен сайылды. Очорулган буудан ошондо оңолуп,
кылчылбырга чалына ээсин айланчыктай азынады.
Булоолонгон канга масайган Эсенгул тизгинди кыска жыйып,
чулу туяктары жер ойгон аргымагын туйлата сөөктү тегерете
бастырып турду саамга. “Ээңе тапшырдым сени!” дегендей
бастырып турду. Анан ээрден жай эңкейип, казактын узатасынан
ыргыган найзасын эңди да азынаган азоо аргымагын жылоолой бери
бастырды.
- Ой-боой! Аргымактын омоктуусу тура! – деп астейдил
тамшанды сары чийкил жигит. – Соорусунун бийигин айтчы!
- Соорунчуңа көмөлдүрүгүн ал! – деп тамашалады экинчиси.
Жигиттер бир-бирине карап, кыйшая күлүп калышты.
Бөөдө катылганын туйган жак качып берчү эле, кайра чап
салуу болчу эмес эле. Казак-кыргызда жок эле мындай коолу,
арданган казактар айбат көрсөтүшсө болобу!?
“Жекпе-жек!” 78 деп айкырып, нечен-нечен эр сайышка чыга
жүргөн, эчен-эчен эрди көмөлөтө жыга жүргөн баатырынын эмеледе
ээрден шыпырылганын көргөндөгү көздөрүнө ишенбей аңырайган
казактар адегенде нестейди. Кулачтап жер кучактап, тумшугу менен
жер сая үстөмөнүнөн түшкөн баатыры ордунан козголуп, оодарыла
туруп келчүдөн бетер, ооналактай башын өйдө көтөрөөрдө кумтопосу аралашкан оозу толо канды кыйшая түкүрүнүп, чаңын
сапыра жер чапчып тура калчудан бетер өлүк жаткан жерди жапырт
кадала карашат. Кара туткан баатыры жер кучактаган бойдон
козголгон жок, чаң сапырылта чапчынган да жок.
Кабактарын калың салаңдатып, үтүрөңдөгөн казактар кур
намыстуу окшобойбу, же көптөп төбөлөшөбүз дештиби, айтор айгай
салып, бет маңдай турган кыргыздарга тобу менен жапырылды эми.
Жекеме-жеке!
Эсенгул баатыр бастырып келгиче кекенген эки жаат ыкыс берип,
найзанын ыгын тапканы найзасын кезенип, чокмордун ыгын
тапканы чокморун шиленип, алеки заматта куюндай удургуп,
аралаша түштү. Уй түгүндөй калмактын соңку ирет “жагылап!”
кыйкырып өтүп, изи сууганы, ызы-чуусу ын-жыңсыз жоголгону
мемиреп тынч жаткан Сулуу-Төрдүн тар коктусунда кишилердин ач
айкырык, куу сүрөөнү кайрадан жаңырып, айгайлаган найзакери
өпкө-жүрөктү, такыр колтукту, табарсыкты бойлото саймакка
найзасын мелжеп, чокморчону чокудан ары шилемекке, жаза кетсе
көк шилисин жанча урмакка жанталашып, кыргызы казактын жанын
суурусам дейт, казагы кыргыздын жанын суурусам дейт. Ушунча
кенен жерден Сулуу-Төрдүн тар коктусуна тыгылып, ары-бери
удургуган топ кара жерди майыштыра өлүп-тириле чабышып,
кыргызы казактын жанын тобу менен алсам дейт, казагы кыргыздын
жанын тобу менен алсам дейт, казагы кыргызың кырылып калса деп
ураан таштайт, кыргызы казагың кырылып калса деп ураан
таштайт...
- Арам, ээй! – деп сүйлөндү Эсенгул баатыр. – Азуулашчу
силерби!?
Олжого эңген найзасын челчең ыргытып, жылоологон атты
агытты да чукулунан теминип, казакка четинен тийди. Ошондо анын
жоонун катарын жарып ары өтүп, аралата бери өтүп, эгем талаадан
бешенесине найзадан ажал табаары жазылган бешөөнү удаасы
менен жыга сайганы топ казакты жанынан түңүлтүп, жалтантты.
Аламан уруш менен алалбасына көзү жетти аларың.
Шору кайнап, ажалы тооруган дагы бир ала өпкөсүнүн жанын
сууруп алмакка, айланып бир тиймекке Эсенгул баатыр аттын
башын жана бир мертебе алчылана бурганда казак чыдабастан четчетинен бузулуп, бет келди качып берди. Көбүнчөсү сай ылдый,
эңиштеп качышты. Кыргыз оролой кысканда, кача албастан ортодо
калганы жабыла аттан ыргып түшүп, камчыларын моюнга иле, жан
соога сурады.
- Жан сауга! Жан сауга! – дешти жалынычтуу.
Чабыштын кызыгына батып, кызып алган кыргызың токтоно
албастан, күүсү менен бир тийип, жанчкылап өлтүрчүдөй чамынып,
баштарын шылкыйта чөгөлөгөн казактын дагын эки-үчөөн төбө
талаштыра уруп жыкты.
- Шешеңди! – деп коюшат балдар.
- Токтой көргүлө! Токтой көргүлө! – деп арачы түштү Эсенгул
баатырдын тууганы.
- Жоо аяган жаралуу! – дейт кызуу кандуу бирөөсү.
- Теңи качты, болду эми! – дейт тигиниси арага колун созуп.
- Жалбарып ийдиңиз, болбосочу!
Жигиттер текши найзаларынын учун өйдөлөтө көтөрүп,
чокморлорун алды. Тек, башы-көзүнөн тамтык калбай канга боелгон
бирөө гана жолдошторунун жол тосуп, тизгинин тутамдай
тартканына болбостон атын башка чапкылай оң-тетири теминип:
- Коё бер эле коё бер! – деп жулунду.
- Сабыр кыл, баатыр, сабыр кыл! – деп жаалашты эмеледе эле
өздөрү кошо ай-койго келбей, арыстандай атырылып аткан
жолдоштору туш-туштан.
- Эгей-шыгайымдын кеги үчүн канын ичпесем! - деп
кокуйлады тигил.
Анысы “Эгизимдей эле!” дегендей жаңыргандан каңырыгы
түтөгөн Эсенгул баатыр:
- Тим тургула! – деди.
- Бөөдө канына забын болбо! – деди тууганы.
- Жаагың карышкыр! Жаагың бас! - деди Эсенгул баатыр. –
Жоонун иши жоонукундай болучу!
Жаактары жап болуп, кийиндей беришти. Өкүрүп-бакырып,
буркан-шаркандаган кыргыз аттан секирип түшөр замат жалаңдаган
болот кестигин сууруп чыкты да жалынычтуу караган көп казактын
ичинен алаңдаган четтегисин койчо баса калып, “Ээ!” дегенге
үлгүртпөй карын тушту болжоп, узунунан эки мертебе эше сайды.
Күрмөөгө келбей, кургаган тилин туурасынан чайнаган бечара казак
каны шыркырап аккан, ичеги-карды чубалган курсагын кош колдой
мыкчый, бүк түшүп жыгылды. Болот кестигин кончуна кыстара
салган кыргыз көзү канталай жүйүртө басып отура калып, канжинине аралашып жаткан өлүктүн үстүнө жакын эңкейди, адегенде
оргуштап барып, анан түтүктөп агып, куураган чөптү аралай
сарыгып, турпакка сиңип аткан ысык канга ээгин матыра ичип
алмакка мойнун созо эңкейди. Өпкөсүн муздак абага толтура илеп
тартып, жакшы эле эңкейди эле, бирок иче алган жок. Атадан нечен
укканын эстеп намысына келсе да ээгин мала алган жок. Бокжиндин жагымсыз жыты каңылжарын аралагандан жипкирип башын
өйдө көтөрдү. Кандын бок-жинге аралашпай таза шоргологон
тамчысына дароо оң колунун уучун тосту. Саамга уучун тосуп,
канга толтурду да шуркурата ууртап ийди. Тамчы канга зар болуп,
таңдайы ката суусагансып үч ирет удаа ууртады. Үчүнчүсүн
ууртаганда эсине келе соолуккан эмедей “шуу” эткире үшкүрүп
ийип, билегинин үстү менен тумшугун жанды.
- Сарынын кеги эми жанды! - деп кыйкырды кандуу
ооздонуп.
- Сары?
- Баса, Сарыбыз каякта?
- Арабызда эмес беле!? Каякта? Каякта? – деген үндөр
жаңырды.
Кан ууртаган жигит “Тигинде!” дегиче, жолдоштору жанжагын элеңдей каранып, чокморунун боосу билегине оролгон
бойдон аттан кулаган Сарынын анда-мында сулайган өлүктүн
арасында чалкасынан дардайып жатканын көздөрү чалды. Кокуйлап
дароо жетип барышса, найза төөнөп өткөн кокосу айрылып,
коюнуна кан толуп, узунунан суналат. Малакайы башынан
сыйрылып, көгүштүү көздөрү мемиреп жаңыдан уйкуга кирчүдөй
чала жумулган. Бир караган кишиге көздөрү түпсүздү тиктей кыялга
чөмүлө катып калгандай.
Карагерин туйлатып, сырнайзасын бооруна кыса бастырып
келген Эсенгул баатырга дагы сары чийкил жигит Иленин боюн бир
көрүүнү эңсеп-кыялданган бойдон, көзүн чала жума уктап калгандай
туюлду. Ичи эңшерилип, сөөкчүлүк туюму козголду.
- Илени гана алгысы келген эрени-им! – деп кейиди Эсенгул
баатыр Сарынын түгү түшө элек кыймылсыз жүзүн тиктеп.
Негедир ичинен кайрып ийди. Күүлөнгөнү билинбей, күзгүдөй
бети мелтилдеп, чамынганы билинбей, чалкая бети мелтилдеп,
кемерлүү жээги мелт-калт толуп, жайылып агат Иле-өзөн, ошол
өзөндүн быткылдуу өйүз-бүйүзүн көзү тешиле көрүүнү эңсеген
тейден өлгөнүндөй туюлду бу жигит. Ит муруну жыш өсүп, кырчын
тал, жийде, жылгындуу болот бүйүзү, жык сөксөөл каптап капталын,
чий, камыштуу болот өйүзү, жылга-жыбырткасын аңыр баласы
өрдөк-каз, кекилик-кыргоол өрдөп, ала мышык баласы жолборс
менен илбирс, карсак баласы карышкыр менен түлкү жойлоп, куланбөкөн калың мекендеп, берекеси төгүлгөн кенен жер болот, ак
келтени асынып, ошол жерлерди оозунан оргуштаган ак көбүгүн
омуроого чачыраткан желмаян минип аралап, өйүз менен бүйүзгө
аркырата каттасам деп кыялданган боюнча оо дүйнөгө кеткениндей
туюлду. Эл жайлоодон түшкөндө, өзөндү жээктеп көчкөндө, ӨгүзКечүү, Кыз-Кечүү, кыркаар тартып кечкенде, Кыз-Кечүүнүн
тушунан, кылкылдаган кыз-келин, өлөң созуп өткөндө, ойноктото ат
минип, ашыгы минген күлүктү жылоодон алмакка эңкейе берип,
күмүш сыргалуу кулагынын тушунан жүрөктөгү арзуусун шыбырап
айтууну ала качкан кыялында ала кеткениндей туюлду. Антпесе,
эзели көрбөгөн Иленин эки жээгин неге зарламак да неге оозанмак!
Көзү чала жабылган, алданемени кобурачудай болуп,
ээриндери чала ачылган өлүктү ээр үстүнөн карап турчуда Эсенгул
баатыр ушинтип кейиди. “Элимди аркама салып ээрчитип, Илеге
отургуза албай, атаганат, деги-деги Кудаяндан айырмам не?” деген
ой дагы бир ирет мээсин көзөп, көкүрөгүн ачыштыра аралап өттү.
Кимдир-бирөө жонундагы чепкенин чечип, Сарынын үстүнө
айкарасынан жаба салды.
- Бу шордуу түтүн булатканга жарады беле? – деди Эсенгул
баатыр атынын башын туурага тартып.
- Кайдан! - деди Сарынын сырдана жолдошу. - Кар кыламык
жааганча жуучу чаптырмак.
- Курагы нечеде эле?
- Жаңы он жетиге караган.
- Айдарчач кытайды албай кал, шордуу..., - деди Эсенгул.
- Атадан жалгыз туяк эле! – деп кайгырышты тургандар.
- Көгөндөгүлө! – деп өктөм кыйкырды Эсенгул баатыр өрүм
камчылары моюндарына асылуу казактар жакка ээгин өчтүү жаңсап.
Каардуу, өктөм добуш кулактарына шак эткенде эстери
чыккан топ казак бир-биринин колтугуна тыгылды: “Не дейт, не
дейт, оп-пирим!? Тоодой заңкайган мынабу кыргыздын зөөкүрлөнө
сүйлөнгөнү эминеси? Көгөндөп байлатканы койчо мууздайм дегени
эмеспи!? Канды суудай агызып, мууздатканы жүрөбү!?”.
Кийин-кийин, агала сакал болуп, алтымышка киргенче
сырнайзаны оң колтуктан түшүрбөй, армансыз сундуруп, ач
бууданын алкынта доорон сүргөн өмүрүн көз алдынан заакымдата
сыдыра өткөргөн ирмемдерде же бир эл-журт аңырая оозун тиктеп,
орой-курчай отурган топ жыйындарда кадалана сурангандан ушул
окуяны кыстара айтып, кыраатын келтирип кеп сала эстечүдө
болжоп-баамдаса, Сулуу-Төрдүн оозундагы чабышта жан таслим
кеткен Сарыга сөөкчүлүгү бекерден ойгонбоптур. Ойлоп-бакса,
ажалын издегенсип алдынан чыккан казакка тегинден туш келип,
сырнайзасын кезебептир, тегинден ошол казактын кара туулгасын
карагеринин чарадай туягы менен тебелете бастырбаптыр...
Бирок дал ушул ирмемдерде, бир эсе, суу жээктей конгон айыл
үстүнө сөөктү туурасынан артынып, каралуу кайтаарын ойлогондо,
баштары шылкыйган топ жигитти баштап, Ыргайтынын коктуколотун жаңырта өкүрүп түшөөрүн, аны көргөндө жамандыкты
туюп, жалгызынан айрылганын сезген эненин элечегин ыргытып ийе
чачын жая чыңырып, эт-бетинен кетээрин элестеткенде көңүлү
кирдеп, бир эсе, кан ууртаганына көкүрөгү өскөн мынабул
жалоондой жигиттерге купулу толгон дал ушул уйгу-туйгу
ирмемдерде, аргымагын туйлатып өйдө-төмөн бастырган ушул
маалдарда үч уктаса түшкө кирбеген калабалуу окуядан, төлгөдө
жок каргашадан капарсыз эле. Каргылуу тоосу кулаарын, кара көзүн
кашайтып, караан туткан кабыландын дал бүгүн жоо колунан
сулаарын туйган жок эле. “Кандуу журт болсок” деп гана какшанчу
кан досунун көөдөнү жарылып, ичеги-карды аңтарылып, кабынан
суурулган өпкө-жүрөгү тең бөлүнүп, тенинен алыс ыргытылаары,
боз топуракка оонаган өлүгү өкүрүп алаар кишиси жок ай-талаада
суналып жатып калаары оюна да келген эмес. Ошол, ошол
саамдарда...
...Олуя-Атанын ойдуңун оң түштүк жагынан ороп, күн
жүрүшкө чубалган сайын балык жон – балык жон тартып
бөксөлөнгөн дөңсөөлөрдү этектей конгон эл арасы бүгүн башкача
кымгуут. Жигиттер ат тезегин кургатпай өйдө-төмөн чаң уюлгута
чапкылап, эртеден-бери тыным жок. Чабармандар боз чаптуу
дөңсөөлөрдү этектей тигилген боз үйлөрдүн тушунан туш-тарапка
кутургандай чапкылап кетишет дагы, бир оокумда эле туш-тараптан
өрөпкүй чапкылап келишип, алтын түстөнгөн жибек жиптен
кештелген ак туусу ирегесинде шаңкайган чоң үйдүн – айчыктуу
асаба сайылган ортодогу ал үйдү “кан чатыр” деп коюшат капталындагы мамыларга аттарынын мүрү менен сайыла жол
талашып, тыгылып калышат. Аптыга: “Деп айтты! Деп айтты!”
дешип, аманат кепти айтууга ашыгат.
Маңдайдагы, так кан чатырдын маңдайындагы, жарактуу
сарбаздардын камоосундагы сайма алачыкты айланта котолопсагалаган караламан эл кандан эмне буйрук болоорун зарыга
күтүнүп, алачыктагы адамдын тагдыры эмне менен бүтөөрүн
билмекке ынтызар. Өлүмгө буйрулабы? Өлүм эмей анан, өлүм эле
ылайыктуу го канкорго! Агер өлүмгө буйрулса, дарга асылабы же
башы алынабы? Анткенинде, алмадай башын шыпыра чабууга
кимиси ылайык болду экен?
Күбүр-шыбыр кеп аралайт эл ичин.
- Кошоктолуу келген анау бала ким?
- Баласы.
- Баласы?
- Ие, өз баласы.
- Жаш ко!
- Бу ирет токолдон эместир!79
- Ха-ха-ха...
“Ха-халап” каткыргандар алданемени эстеп, табалуу.
Кереге-саганагы жок тигилген, кара туурдугу чүргөй жабылган
алачыкта болсо кыл чайнашкан нечен-нечен айкашта казактын далай
баатырын алып, эмикиде кан Абылайдын өзүн аттан оодара сайсам,
башын кыя чапсам, чиркиндики, эки дүйнөдө арманым жүрбөс деп
кыялданган адам жер муштап отурат, бүгүн түш оой ошол
кыялынын ойрону чыгып, тун уулу менен чогуу байлоодо отурат.
Абылайдын мурдараактагы Чүй кыргыздарына жортуулу маалында солто кыргызынын
баштыгы Жайыл баатыр уулдары менен түгөл туткунга түшүп, токолдон туулган уулу Итикеден
башкасы өлтүрүлгөн болчу. Жайылдын жакын адамдары арага түшүп, Итике үйлөнө элек
себептүү жанын Абылайдан сурап алган.
Уйгу-туйгу армандуу ойлор көкөйүн ачыштырып, эргилчектен көзүн
албай, ээрдин тиштене түнөрөт.
Каршысынан кез келип, шор аяк менен беттешүүгө жетпестен,
байлоого түшкөнү эмнеси, капырай? Кап, бирин-бири найза суна
качырып, “жутамын!” деп айкырып, жекеме-жеке сайыштын
моокумуна канбастан, каруусунун кайрылганы, билегинин
толгонгону эмнеси? Каеринен жазды, капырай? Таң. Кара алачык
көп казак, Түлкү-Башка жолотпой, түлкүдөй жойлоп чапчуда,
Күйүктүн белин кароолдоп, күлүгүн минип чапчуда, “Жайсаң,
Жапегиңди жайладым, айсал-буйсал болгуча, Абак-Тарагыңды
мойсодум, канжыгамдан Көкжал Барагыңдын башын чечтим,
каапырды Кара-Тоонун караанын көргүс кылаармын, Самтыр сартты
алууга мына-мына аз калдым!” дечү эле, “Самтыр сартты албасам,
Садыр атым өчсүн” дечү эле, дегенинде азуусу айга бүлөнүп, санын
аткып ийчү эле, атаңгөрү-ү дүнүйө, сыр көрсөттүм деп жүрсө,
мураасына жетпей өмүрдүн, мүдүрүлчү чагы бүгүнбү? Сырттан
Манас кептенип, как жомоктогудай түмөндөтө кол баштап, Сырдайраны бойлото чоң казатына аттанды, чакчелекейин чыгара
аарынын уюгун чачкансып, Чолок-Коргон, Сузактын 80 күлүн көккө
сапырды, ошондо күңгөй тоо менен терскей тоо бүткөн талааларды
каршы-терши кезип, учу-кыйры бир талай жерди аралай чапты эле,
ошончодон мүдүрүлчү жери - Олуя-Атанын алакандай оюбу?
Алдырарда жаздырар болуп, Абылайдын колуна түшүп калганы
кандай? Капырай! “Үч уктаса түшкө кирбеген жорук” деген
кептегидей окуя! Сарыбагыш, солто сан кыргыз, колун күтпөй
элинин, жалгыз башына ишенип, жалгыз аттанып алдыбы? Балким,
ымыртта тийбей, жарыкта тийип алгандан жазгандыр!? Канын
көөкөрлөп, капылет качырып киргенде, эликтей элирген Каранар
күлүгүн омуроого тээп теминип, айкырык салып тийгенде, шор
аякка жеткирбестен карпа-курп жолун бөгөгөн кимисинин колу
болучу?
Күржүйгөн мойнунан ылдый каршы-терши арчындалып,
толгой тартылган кыл арканга колу-буту чырмалуу Кан Садыр
ушундай ойлор менен алпуруша бирде түктөйүп, бирде түнөрүп,
жабалактаган суроолорду жандырмакка шаасы жетпей эшейип
отуру, жоо кылычы шиленгенде тонун каруу туштан таарып өтүп,
булчуң этин кыя тилген жаракаттын оорусун сезбей, капканга
түшкөн жаралуу жолборстой күш-күш эте дем алып, заманасы
куурулуп отуру. Тегеректин уу-чуусу даана угулбай, кайдадыр
ыраактан калкыгандай жаңырып, дүйнө андан алыстап, ал дүйнөдөн
алыстап, эси-көөнү бүгүнкү окуяда. Катарында боортоктоп, таңылуу
Казактын ордо калаалары.
жаткан багалчагы бекем ката элек баласына да көңүл бурган жок
атүгүл.
Колунан найзасын кагып ийип, “Уучта!”, “Уучта!” деп
кыйкырып, төө бастыга алчудай жабылган топ казактын ичинен
кылычын кыйгач кезеген экөөбүнүн атып ийчүдөй тиктеген кектүү
көздөрүн эстеди. Жаңылбаса, бири Жоогач өңдөндү эле. Ооба, ооба,
жапкак көздүү Жоогачтын өзү. Абылайдын айтуу менен Таластын
аягынан арага кирип, бир курдай алдына келген, келгенинде
керегеге жөлөнө отуруп, “айылымды үч чапты, айылдаш түшүп
конбоймун, жоолашам ошол кул менен, уктуңбу!?” дегенди башын
ийкегилей-ийкегилей угуп кеткен баягы Жоогачтын өзү. Каккы
жегенине мусаапыр кейиптенип, боз ала болуп узаган баягы Жоогач
бүгүн эми баягы Жоогач болбой, жылтыя карап, кээкердүү тим эле.
“Кап, элде мурда ушу сенин көзүңдү тазалабай, каапыр!” деди
ичинде Кан Садыр.
Жоогачтын кектүү тиктеши көз алдына тартылып, жүрөгү
жамандыкты туюп туруп алды. Эгер дал ушул саамдарда Кан Садыр
төрт мүчөл өмүрүнөн жаңылып-жазган иш издеген болсо, элде
мурда Жоогач менен жоолашып, эртелей чым жаздантып
салбаганына өкүндү. Кермек өкүнүч көңүлүн өйүдү.
Кабагын карыш түйүп, кайра ойго чөмүлдү. Бу Абылайдын
сазайын колуна берүүнү кайдан ойлонуп, кайдан кекенип жүрөт? Бу
Жараткан жарыкчылык дүнүйөнү жаратып атканда эле башынан
калмак-кытайды бир жаат, көчмөндүү кыргыз журтун бир жаат
кылып бөлүп, ушул эки жаатты бир-бирине батыштырбай антташкан
жоо кылып, жер бетиндеги тиргиликти капкаяктан өчөшкөндөрдүн
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Айта бар менин кебимди... - 11
  • Büleklär
  • Айта бар менин кебимди... - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3734
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2300
    23.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    33.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Айта бар менин кебимди... - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3801
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2259
    25.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Айта бар менин кебимди... - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3734
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2300
    25.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Айта бар менин кебимди... - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3749
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2208
    25.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Айта бар менин кебимди... - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3698
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2125
    24.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Айта бар менин кебимди... - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3748
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2233
    25.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Айта бар менин кебимди... - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3649
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2371
    23.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    33.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Айта бар менин кебимди... - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3791
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2225
    24.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Айта бар менин кебимди... - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3797
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2336
    24.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Айта бар менин кебимди... - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3714
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2362
    22.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    32.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Айта бар менин кебимди... - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3746
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2391
    22.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    33.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Айта бар менин кебимди... - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 855
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 651
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.