Latin

Чиркейдин салмагы - 4

Общее количество слов 4130
Общее количество уникальных слов составляет 1946
32.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
43.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
жөнүндө да ооз ачпайт. Көбүнчө андайлар өздөрүнүн иш аракетин табышмактуу
жасап, колунан келишинче өздөрүндөгү ички сырларды, өзгөрүүлөрдү
билдирбөөгө аракет кылышат. Эмесе бул айтылгандар төмөнкү аңгемеде
мындайча сүрөттөлгөн;
Качандыр бир мезгилде окумуштуу-врач жашаптыр. Ал сыркоологондорду
сакайтыш үчүн бар болгону көзүн гана жумуп койчу.
Ошол учурда анын көз алдына, кантип дарылоонун жолдору картина сыяктуу
тартыла калаар эле.
Күндөрдүн биринде ага адаттагыдай эле бирөө дарыланганы келет да,
өзүнүн чоо жайын түшүндүрөт. Врач адатынча көзүн жумуп, төмөнкүдөй
картинага күбө болот: Көрсө тигил өзүн өлтүрө турган кандайдыр бир ууну жеп
алыптыр. Ал ууну уу менен гана дарылоо керек болгондуктан, врач андай жолго
бара албашына түшүнүп, жөн гана мындай дейт:
- «Тилеке каршы, мен сизге эч кандай жардам бере албайм. Сиз айыккыс
дартка жолугупсуз, андыктан үйүңүзгө кете бериңиз.»
Муну уккан киши катуу капа болду. Анан ал үйүнө кайтып келатып, жолдун
жээгине эс алмакчы болуп отурду да, ошол бойдон ук- тап кетти. Оозу ачылып
калгандыктан аңгыча уулуу курт ичине сойлоп кирди. Киши капыстан сезе
калып, шашылып турду да, куртту түкүрүп салууга аракеттене баштады. Бирок
ал антип минтип түкүргөнчө курт чакканга үлгүрдү. Бир нече убакытка чейин
киши өзүн жаман сезип жатса да, акыры аягында ал толук сакайып кеткенине
түшүндү.
А баягы акылман врач уу жөнүндө айтпай, тигини коргоого кан- чалык аракет
кылбасын, кайра өзү шылдыңга калды. Анткени бул окуя өтө белгилүү болуп
кетти да, курт чаккан киши болсо, жолуккан адамдын баарына минтип
мактангандан тажаган жок: - «Силердин эң кыйын деген врачыңар, менин
дартыма жардам бере албай койду эле, аны жөнөкөй эле бир курт
айыктырды...»
26. АК КАЛПАКЧАН АДАМ
Ним Хаким колунан андай деле иш келе бербеген адам эле. Бир жолу ал,
кандайдыр бир үйдүн жанынан өтүп баратса, андан бир топ адамдар чыгышты
да, аны токтотушту.
- «Суранабыз, үйгө кире кетиңизчи, - дешти алар - Биздин кожейкебиз аябай
ооруп жатат, ошону көрүп берсеңиз эле болот.»
- «Эмне үчүн мен көрүшүм керек?» - таң калды Ним Хаким.
- «Себеби, өткөндө бир акылман киши анын оорусун көрүп: «Муну жерден
эки метр бийик турган, ак калпакчан киши гана айыктыра алат» - деп айткан.
Анан биз ошондой кишини издеп жүргөнүбүздө сиз жолуктуңуз, кийген
калпагыңыз да ак, ал эмес боюңуз да эки метр экен. Чынын айтсак, биз сиздин
калпагыңызды пайдаланып көрсөк дейбиз.»
- «Таң калычтуу», - деп ойлонду Ним. Акыры ал үйгө кирди да, оорукчандын
аяк жагына көчүк басты. Качан гана ал тигиге бир саам
карап турган соң, сыркоо аял өзүн жакшы сезип, ал тургай керебетке отурганга
жарап калды.
- «Көрсө мен тубаса дарыгер экемин!» - деди ал өзүнө-өзү. Чынында ал жөн
гана аспап катары колдонулган болчу Анткен менен бул көрүнүш, аны кийинки
кызыктуу окуяларга кириптер кылды
Ошентип ал, «менин учурдагы жашоом жөн гана бош убакыт коротуу экен,
андан көрө дүйнө кезип чыныгы доктор катары таанылышым керек», деген
чечимге келди. Бул үчүн алгач наабайчыга келип, жолго жетээрлик нан
жаптырды да, анан Ним Хаким сапарга аттанды.
Көп өтпөй ал өзү жөнүндө эч ким эч нерсе билбеген жерге келди. Байкаса
жергиликтүү элде бир чоң көйгөй бар экен Тагыраак айтканда, аябай каардуу
бир жапайы пил, алардын эгин талабасын тынымсыз талкалап, ал эмес
алдынан чыккан адамдарды да теп- сеп, өлтүрүп жатыптыр. Муну көргөн Ним
Хаким: - «Менде баардык ооруларды сакайтуучу касиет бар», -деди да, пилдин
келишин күтө баштады. Аңгыча көчөнүн чак ортосунан кандайдыр бир заардуу
кыйкырык угулду. Котологон элдердин баары заматта алды артын карабай
качып кетишти. Бул, оорукчандын керебетинде отурганга караганда алда канча
коркунучтуу экенине түшүнүп, Ним да качууга камынды эле, бирок пил ага көз
ачып жумганча кууп жетти. Анан тумшугу менен аны жерге көтөрүп чаап,
баштыгынан куюлган нандарды жей баштады. Бул учурда эси чыккан Ним
Хаким, жерде кыймылсыз жаткан эле. Аңгыча пил да капталына кыйшайып
барып, күтүүсүз анын жанына күп этип кулап түштү. Бир нече убакыт өткөн соң,
өздөрүнүн коргоочусу эмне болгонун билиш үчүн, элдер да үйлөрүнөн чыга
баштады. Кудай жалгап, алар пилдин кантип жыгылып өлгөнүн көрүүгө
үлгүрүшкөндүктөн, Ним Хакимди өзгөчө салтанат менен падышага жеткизишти.
Чынында, баягы наабайчы Нимдин кекирейгенин жаман көргөндүктөн, аны
өлтүрүш үчүн, нанга пилди да өлтүрүүгө жете тургандай көп уу кошуп койгон
эле. Бирок аны булардын бири да билишкен жок.
Ошентип, падыша өзүнүн элинин чоң кырсыктан кутулганына аябай сүйүнүп,
Ним Хакимге- Ним Молдо деген жаңы ысым берди. Хаким - дарыгер деген
мааниге ээ болсо, Молдо - устат дегенди түшүндүрөт. Демек, Нимдин жогорку
эрдиги дарыгерликке караган- да устаттыкка жакын эле.
- «Эгер сизге ушундай жакса, мени устат дей бериңиз, - деди Ним,
канааттанбаган түр менен. - Бирок мен эрдигимдин акысына,
бүткүл аскерлериңиздин кол башчылыгын сурайм. Анкени жанагы пилден
жоокерлериңиздин баары качып жүрчү эмес беле?!»
Бир алды коркуп, бир алды суктанып, анан өзүнүн ордосунда ушундай
адамдын жүрүшүн да каалап, акыры падыша ага «Ним Молдо- Бардык
Кошуундун Маршалы» деген наам ыйгарды.
Арадан жылдар өттү. Бул мезгилди болсо, Ним Молдо өзүнүн кыйын экенин
айтып жүрүп коротту Ап эмес тегерегине да, жалаң өзүнүн жасаган эрдигине
суктангандарды чогултту. Көпчүлүк адамдар Нимден да ашып түшкүсү келип,
оорулууларды айыктырам дешти, чуркап келаткан жапайы пилди өлтүрүүгө
аракет кылышты, ай- тор эч кимиси майнап чыгара алган жок. «Сөзсүз аракет
кылып көргүлө!»-дечү аларга Ним. Бирок, тигилер колдорунан келишинче
аракет кылып, майнап чыгара албаган сайын, элдин Нимге болгон ишеними
күчөй баштады. Ал эмес аны кандайдыр бир деңгээлде пайгамбар деп да
чыгарышты Айтор эмне болгон күндө да, Ним жөнүндө башкача пикир айтууга
мүмкүн эмес эле. Ага кызыккандын баары аны ыйык санап, ал өзүнүн ордун
биротоло бекемдеп алды.
Күндөрдүн биринде, «өлкөдө адам жегич арстан пайда болуп- тур» деген сөз
тарады. Көрсө ал арстан, күн сайын кайсы бир кыш- така кол салып, дайыма
олжосуз кайтчу эмес экен. Акыр аягында элдер. «бизди кырсыктан сактап
калыңыз»деп, өздөрүнүн ишенген баатыры - Улуу Маршал Нимге кайрылышты.
Ошол да кеп бекен деген Ним, жер жайнаган аскерин ээрчитип арстанга каршы
аттанды. Көп өтпөй анын чалгынчылары «киши жегичтин» кайда жүргөнүн
аныктап келишти. Бирок тилекке каршы, арстандын үнү чыгаары менен
аскердин баары тыркырап, өздөрүнүн кол башчысына да ка- рабай качып
жөнөштү. Качып бараткандар өздөрүн минтип жоокто- тушту: - «Ал деген ыйык
адам, мындай иш менен күрөшүү жалгыз өзүнүн гана колунан келет!»
Ошентип Ним, арстанды өз көзү менен көрдү да, коркконунан эмне кылаарын
билбей жакын турган дарактын башына чыга качты Арстан болсо алыс кетпей
дарактын түбүнө отуруп алды. Бул чы- ныгы курчоо эле. Күндө кечинде Каардуу
ырылдакты угуп, Нимди калтырак басчу жана күн өткөн сайын экөө тең алсырай
башташты. Арадан бир жума өткөн соң арстан аябай ачуу айкырды. Ансыз да
алсырап, курсагы ачып турган Ним, коркконунан катуу чочуп кетти да канжарын
түшүрүп жиберди. Кудум ушул учурда арстан да ас- манды карап оозун чоң
ачкан эле. Жанагы канжар түз эле барып анын таңдайына сайылып, заматта
арстанды жан таслим кылды. Оо бир оокумдан кийин гана Ним эмне болгонуна
түшүндү.
- «Эми билдим, - деди ал өзүнө-өзү, - Көрсө мен тагдырдын өзгөчө куралы
турбаймынбы Ошон үчүн жерде жашаган адамдардын ичинен эң улуу
даражалуусу жана эң бактылуусу болсом керек »
Анан ал дарактан түштү да, арстандын кулагын кесип алып падышага алып
барды эле, тез аранын ичинде аны «Мамлекеттеги Эң Улуу Жеңиштин ээси»
деп жарыялашты. Көп өтпөй «Улуу Жеңиштин ээсине», коңшу өлкөнүн
аскерлери каптап келатат деген кабар угулду. Мындан мурун аны сактап
келаткан баардык кереметтерге карабастан, Ним бул жолу чындап коркту Ошол
эле түнү ал өзүнүн бүт алтын-күмүштөрүн чогултуп, эң күлүк атка минди да,
колдон келишинче алысыраак качып кетүүгө камынды.
Бирок тилекке каршы караңгы болгондуктан, Ним душмандардын жанынан
өтө бергенде аты чалынып жыгылды Куржундагы алтын табактар менен
кеселердин баары, таштан- ташка таңкылдап тоголонуп жөнөдү Муну уккан
тигил аскерлер, бизге чабуул башталган экен деп ойлошту да, шашылыш куралжарактарына жабылып согушуп киришти. Алар айсыз түндө өздөрү менен
өздөрү өтө баатырларча кырылышкандыктан, бир да тирүү жан калган жок.
Эртеси падышанын чалгынчылары, Ним Молдону таштардын арасында эси
ооп жаткан жеринен таап алышты. Анан элдер аны аябагандай зор салтанат
менен падышанын тактысына отургузушту.
Мындан кийин анын өмүрүндө эч кандай кыйын кырдаалдар болгон жок жана
өмүрүнүн аягына чейин бактылуу жашап өттү. Мына ошондуктан силер, керемет
нерселерди жасап, бирок эч качан жеңилбеген - Улуу Ним жөнүндө көптөгөн
уламыштарды угуп жүрөсүңөр.
Ар бир элдин, мейли алар билеби же билбейби, айтор өз Ними бар. Апар тээ
байыркы кыялкеч доорлордон бери карай, башкача ат менен болсо да жашап
келген, жана эми да жашай бермекчи.
27. ИЧКИӨНҮГҮҮ
«Ички өнүгүү» деген эмнени түшүндүрөөрүн, акыл эстин ар түрдүү абалына
сыноо жүргүзүүнү каалаган көпчүлүк адамдар биле беришпейт. Алар,
түшүнүктөрүндө элестетүүнүн жана тажырыйбанын жоктугунан улам, өздөрүнүн
ички жашоосундагы окуялардын ирээтин да бузуп жиберишет
Бир жолу бир нече шакирттер чогулушуп, баштарынан өткөргөндөрүн
талкуулап жатышты Алардын бири мындай деди- «Качан гана мен көнүгүүлөрдү жасай баштаганымда, жарыктын
ылдамдыгынан да тез НУРДАНУУга жеткендей сезим пайда болду Анан ал
нурлар менин мээмди тең экиге бөлүп, ар бир бөлүгүнөн өзүнчө кубулжуган НУР
чачырады »
Анын сөзүн экинчи шакирт бөлүп кетти:
- «Сенин айткандарыңан улам бир учурду эстеп кеттим Мен көнүгүү жасап
жатканымда, НУРЛАР менин мээмди токсон миң тилкеге бөлүп кетишкен. Анан
бүткүл дүйнөнүн менмин деген мистиктери, менин кантип ошондой деңгээлге
жеткенимди билиш үчүн, кол куушуруп келишкен.»
Баары саамга унчукпай калышты Бир аздан соң дагы бир шакирт мындай
деди:
- «Балким, силер өзүңөрдүн багынткан бийиктигиңерди көрсөтүп, биздин
досубуздун ушундай жеңил ойлуулугу үчүн, кудай- дан кечирим сурап
көрөөрсүңөр?
- «Анын эмнеси бар экен, -деди экинчиси, - Эгер биздин досу- буз өзүнүн
мээсиндеги НУРДАНУУну бир нерсе кылса, анда мен, өздөрүнүн урматын
билдирип, кол куушурган мистиктердин санын кыскартууга аракет кылам...»
28. БҮТПӨГӨН СОТ
Качандыр бир мезгилде атактуу суфий жашап өткөн деп айты- шат. Бир күнү
аны, элдин ишенимин талкалап жатат деген жалаа менен соттомок болушуптур.
Көрсө суфийдин жазган эмгектери, кылган иш аракеттери, ал тургай сүйлөгөн
сөздөрүнө чейин кабыл алынган диний мыйзамдарга каршы келет экен.
Юристтердин ою боюнча, ал өз пикирин өтө акыл эси өнүккөндөр үчүн гана
сактоого тийиш эле.
Канткен менен суфий коомчулукка өтө кадыр барктуу адам болгондуктан, ага
элдик сот уюштурушуп, соттун мүчөлөрү кандай адамдардан куралуусун да өзүң
танда дешти. Суфий өзүнүн шартын мындайча билдирди:
- «Соттун курамы төмөнкүдөй адамдардан куралууга тийиш:
1. Өзүнүн илимпоздук мантиясын кийе келген жана ошол эле учурда, өзүнүн
жазган эмгектеринин коомчулукка кереги деле жок экенин мойнуна алган философ-окумуштуу болсун.
2. Мен акчанын азгырыгынан бийик турам деп эсептебей, тескерисинче
акчадан баш тартып, ал мени бузат деп ишенген - дервиш болсун.
3. Алты айдан бери такыр эт жебеген - касапчы болсун.
4 Эч кандай кеңешчиси жок, бирок элин өтө акылдуулук менен башкарган падыша болсун.
5. Өзүнө урмат - сый менен мамиле кылганды жактырбаган - аким болсун »
Тилекке каршы, бул окуя мындан жүздөгөн жылдар илгери болуп өтсө да,
жогорудагыдай адамдар табылбагандыктан, азыркыга чейин сот бүтө элек деп
айтышат.
29. ТААСИР ЭТҮҮНҮН БӨЛӨКЧӨ ЫКМАСЫ
Илгери-илгери өзгөчө каардуу падыша жашаптыр. Качан гана анын кол
алдындагылар тажаган соң, «бизди эптеп падышанын каарынан сактап
калыңыз» деп суранышып, суфийлердин устатына кайрылышат.
- «Абдан жакшы, - дейт суфий, - Бирок мен ага түздөн-түз таасир көрсөтө
албайм, андыктан азыркы кырдаалдан пайдаланышым керек. Суфийлердин иш
аракетинин негизги маңызы - бул, адатка айланган жашоого түшүнүү жана ой
жүгүртө билүү.»
Көп өтпөй ал падышанын алдына келди.
- «Улуу Урматтуу Падышам, -деди суфий ийилип, - Мени туптуура эки
сааттан кийин, сиз отурган тактан үч кадам берирээк өлтүртүүңүздү, сөзсүз
талап кылам'»
Бул жорукка күбө болушкан көпчүлүк эл, өз ара күбүрөшө баштады:
- «Биздин суфий чыныгы Улуу адам! Ап өзүн-өзү атайлап азапка салгысы
келип жатат. Себеби, эгер падыша аны өлтүртсө эл ачуусуна чыдабай
көтөрүлүшкө чыгат да, тигил «жүзү жок жапайыны» тактысынан кулатышат...»
Чынында, падышаны буга окшогон жоруктар анчалык деле таң калтырчу
эмес. Ошентсе да ал бул жолу өтө катуу шектенди.
- «Кандай чара колдонсоңор да, эмне үчүн ал бир гана ушул жерге өлгүсү
келгенин мойнуна алдыргыла' Себебин да айтып берсин!» - деп буйруду
падыша.
Арадан жарым саат өтпөй, башкы желдет өзүнүн курмандыгын жетелеп
келди да, падышага мындай деп билдирди.
- «Мунун айтымына караганда, байыркы ыйык китептерде мин- тип
жазылыптыр: «Эгер кандай гана адам болбосун, ушул көрсөтүлгөн убакытта
жана көрсөтүлгөн жерде өлтүрүлсө, ал - «Түбөлүк өлбөс ыйык жанга» айланат.»
Падыша аны угуп бүтөөрү менен, бир мүнөт да күтпөстөн буйрук берди:
- «Мени тезинен ушул жерге өлтүр!»
Албетте, анын буйругун эч ким эки кыла алмак эмес. . .
30. СЕБЕП. . .
Атактуу устаттар колдонушкан көнүгүүлөр, адатта элдерди абдан
таасирлентет Анан алар кандайдыр бир себептер менен, жаш жагынан да,
касиети жагынан да ошолорго теңелүүгө аракет кылы- шат. Мындан сырткары,
«Улуу Аң Сезимге» бир гана жол жеткизет деген ишеним, көпчүлүк адамдардын
элестетүүсүнө катуу орногон. Алар өз ишенимдерине каршы кандайдыр бир
пикир айтылса эле, анын баарын туура эмес деп чыгышат Тескерисинче,
көпчүлүк учур- да ошол сыяктуу карама-каршы жолдор, колдонууга өтө
ыңгайлуу болуп чыга келээрин биле беришпейт. Эмесе, төмөнкү окуя жогору- да
айтылгандарга мисал болуп берсин.
Өзүн чыныгы «акыйкат издөөчүмүн» деп эсептеген бир киши, кудай жалгап
атактуу акылмандын кабыл алуусунда болуп калды. Бул акылманды
«Мистиктердин тукумун улантуучу» деп катуу даңазалашчу жана ошол наамы,
анын «Рухий устаттардын» арасындагы беделин көтөрүп тураар эле.
- «Сиздин ушунчалык узак жашап келатканыңыз кандай керемет, - деп
сөзүн баштады баягы киши. - Анан калса сиздин рухий такыбалыгыңыз бүтүндөй
дүйнө жүзүнө тарап, канчалаган элдер чын дилдеринен суктанышат.
Айтыңызчы, мынчалык узак жашаш учун, сиз колдонгон эрежелердин эң
керектүүсү кайсылар?»
- «Биринчиден, - деп баштады акылман калтыраган үнү менен, - Мен
таптакыр эт жебейм жана жалаң сүт азыктары, жашылча- жемиштер менен
тамактанам. Экинчиден, мен өзүмдүн абалымды тынч, бир калыпта сактайм
Мейли кандай гана кырдаал түзүлбөсүн, мен эч убакта ачууланбайм »
Ушул учурда ашкана тараптан кандайдыр бир ачуу кыйкырык угулуп, катуу
чуулган түштү да, акылмандын сөзүн бөлүп кетти.
- «Ага анчалык көңүл бурбай эле кой, - деп жылмайды майышпаган такыба.
- Бул менин атактуу чоң атам Чамасы ал этти кеч бышырып бергендиги үчүн,
касапты же ашпозчуну сабап жатса керек.»
31. НУРИСТАНДЫКТАРДЫН ӨТҮГҮ
Бийик тоолуу аймактан он эки Нуристандык, Кабулга май сатыш учун түшүп
келишти. Акча колго тийген соң, алар, укмуштай сапаттуу кайыш өтүктөр
сатылып жаткан дүкөнгө туш болушту. Чынында мындай өтүктөрдү өмүрүндө
көрүшкөн эмес эле.
Ошентип ар бир Нуристандык өзүнө бирден өтүк сатып алды. Аны кийген
соң, алар минтип ойлонушту: - «Биз алаарын алып, баарын кийип алдык. Эми
ага эч ким суктанбай деле калышы мүмкүн.»
Ушундан соң алар уй мүйүз тарта отурушту да, жаңы өтүктөрүнө тигилип,
ырахаттана башташты. Ал эмес, башкалар да таңыркашсын деген менен ой
менен, буттарын болушунча алдыга сунуп койду.
Арадан бир нече саат өткөн соң, жаш балдар сыяктуу буттарын ортого сунуп
отурган Нуристандыктардын тобуна, элдин баары таңыркап карай баштады.
Бирок алардын жүзүндө эч кандай суктануу жок эле. Акыры кимдир бирөө басып
келди да, минтип сурады:
- «Эмне үчүн силер качантан бери ордуңардан жылбай отура- сыңар? Же
Нуристандыктарда ушундай салт барбы?»
- «Жок, - деди Нуристандыктын бирөө, - Мындай салт Кабулда бар. Алар
аны жаңы өтүк сатып алганда колдонот.»
Айтор, ошентип алар жаңы өтүк сатып алышканын, алардын коендой
окшоштугуна суктанып жатышып, кимисинин буту кайсы экенин да унутуп
калышканын жана ошол себептүү тура албай отурушканына чейин түшүндүрүп
беришти.
- «Анын эч кандай деле кыйынчылыгы жок», - деди Кабулдук. Анан ал
колуна таяк алды да, тигилер секирип тура калмайынча, ар биринин бутуна чаба
берди...
Ушундан улам Нуристандыктарда мындай салт пайда болгон: «Эгер
кандайдыр бир буюмдун кимге таандык экени белгисиз болсо, аны алгач таяк
менен чаап көрүшөт да, ээсине секирип качаар бекен деп карап турушат.»
32. МАГИЯЛУУТОО
Майман деген жерде Абдулвахаб аттуу, жөнөкөй дыйкандын уулу жашачу.
Анан ал бир күнү, акылмандардын: «Кеңеш бергиче иш бер, бирок эч нерсеге
карабай аракет кылуу - баарынан жакшы» -деген насаатын, сөзсүз аткарышым
керек деп чечет.
Көп өтпөй ал жергиликтүү дыйкандардын арыз-муңуна күбө болду. Алар: «Мындан ары ханга ушунчалык көп салык төлөй албайбыз, бизге суу жеткизип
жаткан жалгыз алышты да сел алып кеткени жатат, кыштагыбызга сөзсүз жаңы
мечит куруу керек» -деп ыйлактап жатышыптыр. Ушул эле учурда, ал дагы бир
нерсени байкады. Жанагы дыйкандар арызданган сайын, Пишки аттуу
жергиликтүү акылман адатынча минтип жатыптыр:
- «Эгер араңардан бирөө-жарым менин кеңешимди укса, бул көйгөйлөр эчак
эле чечилмек.»
Абдулвахаб муну уккан соң, эмне болгон күндө да анын кеңешин угуп,
көрсөтмөлөрүн сөзсүз аткарам деп чечти да, Пишкиге мин- тип кайрылды:
- «Өзүмдү-өзүм курмандыкка чалууга уруксат бериңиз! Мен ушул элдин
тургуну болгондуктан сиздин көрсөтмөлөрүңүздү күтүп турам. Эгер сиз
айткандар чындап эле биздин кыштакты кырсыктан сактап калса, анда мен
баарын кылууга даярмын.
- «Убактың абдан эле аз, - деди Пишки, - Андыктан сен, мына азыр
аттанууга тийишсиң жана төмөнкүлөрдү унутпай аткарышың керек:
Эң бийик тоого чыгып баргын да, эң чоң бүркүттүн канатынан бир тал ал.
Анан канаттын талын Хумаюн деген чымчыкка алып барып берсең, ал сага
учтуу тикенек берет. Ошол тикенек менен денеңди сайып, бир аз кан ал. Канды
магиялык суусундук катары кимдир бирөөгө ичир. Ошондон соң кадимки эле нан
жасалчу камырдан бир аз үзүп ал да, адамдын сөлөкөтүнө окшотуп бышыр. Аны
да сөзсүз бирөө жарым жеш керек. Булардын баарын жасап бүтүп, ыйык деген
жайга сапар тартууга тийишсиң. Ал жерден эл эмнени уккусу келбесе, сен
ошону сүйлө. Эч убакта өзүңдүн сүйлөп жаткан сөзүң жөнүндө ойлонбо жана
колуңдан келишинче алар ишен- ген нерсеге каршы чык.
Качан сен ушуларды жасап бүткөндө, өз кыштагыңа кайтып келсең болот.
Ошондо гана, сенин иш аракетиң баарын өзгөртүп, эл- дин жашоосуна тоскоол
кылчу эч кандай көйгөй калбай калганын көрөсүң. Кыскасы баары жайына
келет.»
Ошентип Абдулвахаб, акылмандын айткандарын кымындай да калтырбай
жасады. Бирок буга анын үч жыл убактысы короду. Улам бир шумдуктан экинчи
шумдукка келтелип, «табышмактуу адам», «өз ишин билген киши» деген
наамдарга татып, анын арты менен бир топ шакирттерди да чогултту. Анын
түшүнүксүз иш аракеттери өзүн курчаган адамдарга өзгөчө чоң таасир
калтырып кеткенин да айта кетсек болот.
Акыры ал өзү жашаган кыштака кайрылып келди да, алдынан биринчи эле
жолуккан кишиге мындай деди:
- «Мен азыр эле алыскы сапардан кайттым. Бийик тоого көтөрүлүп, эң чоң
бүркүттүн канатын алып түштүм. Канатты Хумаюн деген чымчыка берип,
тикенекке алмаштырдым...»
- «Эй келесоо, - деди дыйкан, - Азыр бизде сенин тантыган сөздөрүңдү
укканга убакыт жок. Эгер билсең каардуу хан өлүп, майрамга даярданып
жатабыз.»
- «Хандын өлүмүнө мен себепкермин!» - деп кыйкырды Абдулвахаб.
- «Көзүмө көрүнбөй жогол, акмак!» -деди ачуусуна чыдабаган дыйкан.
Ушул учурда Абдулвахаб жергиликтүү молдону көрө калды да, ага
кайрылды:
- «Таксырым, мен сизге бир нерсени сүйүнчүлөп кетейин. Буюрса мындан
ары алышты сел албайт. Ап үчүн менин иш аракетиме ырахмат десеңер болот.»
- «Уулум, - деди молдо, ага боор ооруй карап, - Сен бул жер- де көп жылдан
бери жок болуп, көп нерседен куру калыпсың. Ап эмес акылың да артта калган
окшобойбу. Сен кеткен соң алыш бузулбай эле, ичиндеги суусу соолуп калды.
Бирок биз айылга жакын жерден сууга мол кудуктарды таап алдык. Ошондуктан
алышты сел алабы, албайбы бизди кызыктырбайт.»
- «Айткандарыңыздын баары менин колуман келген иш!» -деди ызаланган
Вахаб.
- «Ооба, ооба, сенин колуңан келди», - молдо да шылдың аралаш коштоп
койду.
Анан Абдулвахаб жергиликтүү мечиттин имамына кезигип, ага да
сүйүнчүлөдү:
- «Имам эми сиз жаңы мечитти күтпөй эле коюңуз. Анткени ал жакында
курулат. Мен өзүмдүн жеке күч аракетим менен, мечит курууга шарт түзүп
келдим.»
- «Бизге дагы бир жаңы мечиттин зарылдыгы деле жок», - деди имам.
Абдулвахаб таң калды: - «Бирок силерде азырынча жаңы мечит курула элек
да?»
- «Курулуп бүткөн. Сен бул жерде жок мезгилдерде, бир бай киши келди да,
мечит курдурууга жетээрлик алтын берди. Айтмакчы, дал ошол күнү мен нандын
камырынан бышырылган адамдын сөлөкөтүн таап алдым. Анан аны баягы бай
кишиге көрсөттүм эле, ал мындай деди: - «Эгерде силерде дагы деле
бутпарастар бар болсо, анда сөзсүз жаңы мечитти курдуруу керек!»
- «Бул дагы менин колумдан келген иш!» - деп кыйкырды Абдулвахаб
адатынча.
Бирок тилекке каршы, ага эч ким ишенген жок. Акыры ал эмне болгонуна
түшүнүү үчүн, акылман Пишкини кездей жөнөдү. Анын үйүнө келсе, устаты да
дал ошол күнү көз жумган экен...
33. БАЙЫРКЫ СЫР КИТЕП
Балхалык Искендер хан, аябагандай кенен жер үлүшүнүн жана жүздөгөн
сарайлардын ээси болчу. Анын тиешесине короо-короо «күрпөң» койлор, токой
толгон грек жаңгактары караар эле. Мындан сыркары анда, атасынан мураска
калган «байыркы сырлар сакталган китеп» да бар.
- «Уулум, - деп насаат айткан атасы ага, - Бул китеп, сен ээлик кылган
мүлктөрдүн ичинен эң баалуусу. Ал сага, бүгүнкү күндө бир дагы киши жасай
албай турган ишти жасоого мүмкүндүк берет.»
Искендер хан улгайып калган курагында экинчи жолу үйлөндү. Бул жолку
колуктусу, Гүлбадам - бегим аттуу - аябагандай сулуу, көп нерсеге ынтызар,
эрки күчтүү жана эрке аял эле. Арадан жылдар өтүп, Искендер күндөн-күнгө
улгайып баратты. Бир жолу ал мин- тип ойлонду: - «Эгер ушул байыркы сырлар
сакталган китептен, кандайдыр бир формуланы таап алып, ал аркылуу кайрадан
жашарууга мүмкүн болсо... Эх, анда эле атамдын айтканы туура чыгып, мен
аябагандай артыкчылыкка ээ болбойт белем.»
Анан ал китепти шашпай, кунт коюп окуп чыгып, анын мазмууну көптөгөн
нерселерди өзүнө камтыганын жана жашаруунун да жол- жобосун таап алды.
Тилекке каршы китептеги жазуулар түшүнүүгө аябай эле оор экен. Андагы
колдонулган көпчүлүк белгилер жана сөздөр өтө эле байыркы болгондуктан,
хан, саналуу калган акылмандарды издеп, бир нече жолу сапарга аттанууга
мажбур болду. Себеби, алгач жашаруунун жол-жобосуна толук түшүнүп бүтүү
керек болду.
Кийин Искендер өзүнүн бакчаларынын бирине, магиялык иш аракетти
жүргүзүү үчүн жер төлө каздырды. Анан ал өзүн жашарта турган формуланы
күнүнө он маал кайталап, китепте жазылгандай кылып баардык көнүгүүлөрдү
аткарып, магиялык суусундук үчүн кошулмаларды аралаштырып, айтор бир
нече күн бою жертөлөсүнөн чыккан жок.
Ушул эле учурда аялы Гүлбадам да, күйөөсүнүн эмне менен алек болуп
жатканын билүүгө катуу кызыга баштады. Бирок, байыркы илимдин мыйзамы боюнча, Искендер өзүнүн иш аракетинин максатын эч
кимге айтпоого тийиш эле
Айткан эле күндө баары күйүп, жасаганы текке кетмек. Ошондуктан ал
жертөлөсүн жылчыксыз бекемдеп, ал тарапка басууга эч кимге уруксат берген
жок Ошентип Искендер, китептеги көрсөтмөлөрдү үтүр чекитине чейин так
аткарып баратты.
Менин иш аракетиме акмалаганды токтотуп, такыр башка нерсе менен алек
болсун деди да, аялы Гүлбадам үчүн сейрек кез- дешүүчү атыр-упаларды,
кийим кечелерди, оюн-зоокторду таптырып берди. Ал эми өзүнүн абалын бир
калыпта сакташ үчүн, ал китепте айтылгандай кылып, байыркы накыл кептерге
өзгөчө маани бере баштады жана өз уруусу үчүн кам көрүп, саясий ии аракетин
да токтоткон жок.
Качан гана убакыт жетип, Искендер хан талап кылынган шарт- тарды толук
аткарган соң, бир гана нерсе калды. Тагыраак айткан- да, китептин көрсөтмөсү
боюнча, ал өтө алыс жерге зыяратка барып, аны ошол күнү жана ошол жерде
күтүп жаткан, дервиштин сөзүн угууга тийиш эле.
Сапарга чыгаарда, Искендер аялы Гүлбадамдан жертөлөгө жакындабоого
жана бөлөк бирөөнү да жолотпоого убада алды. Кыскасы ал көрсөтүлгөн күнү
храмга келип, ал жерде отурган дервишке мындай деди:
- «Устат, мен баланча-түкүнчөмүн, менин ишим баландай- түкүндөй Айтор
мен өз ишимдин акыркы этабын жасай албай кыйналып жатам Же байыркы
сырлар сакталган китеп, мени, жакшылыкка сыйбаган, Ыйык мыйзамда тыюу
салынган, дервиштердин иш аракетине карама-каршы келген нерсеге түртүп
жатат окшойт.» Аны угуп болгон соң, дервиш минтип жооп берди: -Уулум!
Байыркы накылдардын маңызы буйрук берүүдө эмес, шарт түзүүдө. Бул
китептеги баян муну кыл деп сага көрсөтмө бер- ген жок. Ап сапарга чык жана
кандайдыр бир кошулма талап кылынат деп жатат. Жакшылап байкасаң,
кошулманы сөзсүз сен гана табасың деп айтылбаптыр, ал эмес бул храмга
зыярат кылышың керек деген да сөз жок. Сыйынуу - бул сенин ойлоп
чыгарганың, а таап алуу - бул сенин гана жеке божомолуң
Ар бир нерсе өз учуру менен болууга тийиш. Ошондуктан, эгер сен китептеги
көрсөтмөлөрдү аткарып бүтсөң, мен сага үйүңө кайта бер деп кеңеш берем.
Чынында бул сөздөр Искендердин шагын катуу сындырды. «Эгер кошулма
керек болсо, аны мен таппаганда ким тапмак эле? А эгер мен храмга келүүгө
милдеттүү болсом, анда сыйынбаганда эмне кылмак элем?» - деп ойлонду
ичинен. Ошентсе да сыртынан сыр бербей, акылмандын колунан өптү да,
шаабайы сууп кайра кайтты.
Ушул мезгилде аялы Гүлбадам, өзүнүн үй кызматкерине жашыруун жертөлө
жөнүндө айтып берди. Бирок ал өзүнүн жеке божомолун сөз кылган жок «Мен
сөзсүз бул тууралуу кимдир бирөөгө ай- тышым керек эле, болбосо ичимде ката
берип жарылып кетмекмин» - деп жооткотту өзүн-өзү
Үй кызматкер болсо кокусунан базардан жолуккан дагы бир таанышына
айтты. Ал таанышы машине оңдоочу болуп иштеген өзүнүн уулуна айтты
- Искендер хан бакчасында жашыруун жертөлөгө асыл буюмдарын, же дагы
баалу байлыгын сактайт экен. Өзү болсо зыяратка кетиптир. Слесардын аты
Кульфсаз болчу, ал муну апасынан угуп минтип ойлонду:
- Мен барып билип көрөйүнчү, ал жерде эмне сыр бар экен. Жертөлөнү
өзүндөй кылып ачып, кайра өзүндөй кылып жаап койгон- го деги эле устатмын.
Анан калса барганымдан эч ким шек албайт, өзүм да билдирбейм. Көрүп кою бул уурулук эмес, жөн гана - маалымат алуу.
Ошентип ал түн жарымында жертөлөгө жөнөдү. Жаңы эле же- тип кулпуга
колу тиери менен, кандайдыр бир күч аны кармап алды эле, ал жерге жыгылды
да, тыбырчылап жатып жан берди. Эртеси эртең менен ханыша бакчасына
келсе, жертөлөнүн оозунда слесарь өлүп жатыптыр. Бул окуя тууралуу
полициянын башчысына билдиришкен соң, ал «жертөлөнү тонойм деп жатып
өлүптүр» деген жыйынтык чыгарды.
Ушундан бир нече күн өткөндө гана Искендер хан үйүнө кайтып келди. Анан
ал босогосун аттабай туруп бакчасындагы жертөлөгө барды да, өзүнүн буга
чейинки баардык иш аракетин чогултуп, өрттөп жиберди. Өзүн-өзү минтип
сооротту:
Байыркы накылдар акыйкатта терең экен. Ал, - адам уулу кандайдыр бир өзү
каалаган максатына жетсе болоорун көрсөтөт. Бирок ошол эле учурда,
пенделердин кудурети аз болгондуктан, осуяттарды жасоого мүмкүнчүлүгүбүз
жетпээрин да далилдейт тура?.
Анан ал сүйгөн жарын сыга кучактап, балдарын эркелетип, аларга өзү менен
кошо ала келген белектерин бериш үчүн үйүнө жөнөдү Кызматкерлерине болсо:
«Менин аман эсен сапардан кайтканымдын урматына чоң той, оюн-зоок
уюштуруп, элге бекер тамак бергиле»деп буйруду. Акыры аягында сүйгөн аялын
эркелете отуруп, ага төмөнкү сырын ачык айтты:
- Өзүмдүн жертөлөдөгү келесоодой иш аракетимди акыры токтотуп тындым.
Эми сенин кызыккан суроолоруңа жооп берип, көксөөңдү кандырайын.
Мен «байыркы сыр сакталган» китептин жардамы менен кандайдыр бир
дары жасап, кайрадан жашарайын деп ойлогом. Дарынын эң акыркы кошулмасы
ушунчалык татаал болгондуктан, аны өз күчүм менен таба албадым. Магиялык
иш аракетим бүтүп баратканына байланыштуу, акыркы кошулма деле
кандайдыр бир жашыруун мааниге ээ болсо керек деп ишендим. Анан өлбөгөн
үмүт менен Улуу Храмга зыяратка бардым. Китептин айтымы боюнча, ал
жерден мага белгисиз дербиш жардам бермек эле Тилекке каршы, тигил
дербиш акыркы кошулманы издебей эле кой деди. Муну уккан соң айласыз
артыма кайттым да, жертөлөдөгү ишимди өрттөп тындым.
Гүлбадам таң калганын жашырбай суроо узатты:
Вы прочитали 1 текст из Киргизский литературы.
Следующий - Чиркейдин салмагы - 5
  • Части
  • Чиркейдин салмагы - 1
    Общее количество слов 4152
    Общее количество уникальных слов составляет 1946
    30.9 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.1 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Чиркейдин салмагы - 2
    Общее количество слов 4112
    Общее количество уникальных слов составляет 1857
    31.1 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    42.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    48.7 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Чиркейдин салмагы - 3
    Общее количество слов 4241
    Общее количество уникальных слов составляет 1858
    32.2 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.0 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Чиркейдин салмагы - 4
    Общее количество слов 4130
    Общее количество уникальных слов составляет 1946
    32.5 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.7 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    50.8 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Чиркейдин салмагы - 5
    Общее количество слов 4098
    Общее количество уникальных слов составляет 1696
    32.3 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    43.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    49.0 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов
  • Чиркейдин салмагы - 6
    Общее количество слов 2874
    Общее количество уникальных слов составляет 1368
    35.4 слов входит в 2000 наиболее распространенных слов
    46.9 слов входит в 5000 наиболее распространенных слов
    51.4 слов входит в 8000 наиболее распространенных слов
    Каждый столб представляет процент слов на 1000 наиболее распространенных слов