LatinJokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.
Манас - Саякбай Каралаев - 41
Sanojen kokonaismäärä on 4267
Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 2021
30.3 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa
43.8 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa
52.5 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
Беш эли толбой калды эле,
Кытай оттук, боор таш
Кырып ийип, чок койду.
Коңурбайдын сыр канжа
Тартканында коркурайт,
Коё берсе түтүнү
Жеңдей болуп буралып,
Төбөсүндө буркурайт.
Муну көрүп алган соң
Коңурбай калча экен, - деп,
Кароолдогу кырк кечил
Карап турду чуркурап,
Жакын кирип барганда
Сыр найзаны колго алды,
Коңурбайдай калчанын
Өзү болуп зыңгырап,
Көөкөрдөй болгон шуру таш
Төбөсүндө жаркылдап,
Оозунан жалын төгүлөт.
Карап турган кечилдин
Көрүп көөнү бөлүнөт.
Кылым кытай элине
Коңурбай деген кан чыккан,
Добушунан жан чыккан,
Каарданып бакырды,
Кырк кечилди чакырды:
«Билимсиздик жайыңдан,
Кырк кечил сенин айыңдан,
Ат боройду сыдырдым,
Алыстагы буруттун
Чалып жолун кыдырдым.
Карап келдим кырк кечил,
Кара сууда кеме жок,
Силерге каш кайтарар эме жок.
Бекемдеп жатып салдырган
Бээжинден башка калаа жок,
Берен башым турганда
Кырк кечил сага балаа жок!
Бээжинден зор калаа жок,
Туура өлүм келбесе
Кырк кечил сага амал жок,
Ойлогула, кырк кечил,
Бекип жаткан белим бар,
Бел байлаган жерим бар.
Абайлачы, кырк кечил,
Түлкүм жатат белинде,
Куу кулжа жатат көрдүңбү?
Кароолдогу жеринде!
Өрдөгүм жатат көлүндө
Бек бекинип чеп кылып,
Бери келгин, кырк кечил,
Мен силерге кеп кылам,
Кайран башым өлбөсө,
Ар кимиңди ар жерге
Тактан түшпөс бек кылам.
Арылбаган арманың
Чек араны сен тозуп,
Катын албай калганың.
Бээжинге кабар салбасам,
Бээжиндеги Карыкан
Кырк кыз сурап албасам,
Ыламаны жыйбасам,
Силерге ике кыйбасам.
Айтканыма көнбөсө,
Сураганым бербесе,
Ажалым жетсе өлбөсөм,
Кырк кечил, сенин дартыңдан
Алты кан элин бөлбөсөм!
Теңдик менен бербесе,
Зордук менен талкалап,
Кыздарын тартып албасам,
Кырк кечил, сенин айыңдан
Чындап кызык салбасам».
Муну укканда кырк кечил
Айбалтасын ыргытып,
Баары басты буркурап,
Тизеси жерге бүгүлүп,
Кытайча чокунуп, жүгүнүп,
Алмамбеттин алдына
Таазым кылды чуркурап.
Кырк кечил каны Чоң Малгун
Баспай турду сандалып,
Алмамбетке таң калып,
Күрсө-күрсө жөтөлүп,
Жолум үйдөй чоң Балтай
Жонго салып көтөрүп,
Чоң Малгун деген чоң чыккан,
Добушунан жан чыккан,
Жаткан жерин бекемдеп,
Көк темирден тор кылган,
Дөө, беринин шаарынан
Алып келип окутуп,
Адам тилин билгизип,
Түп кароолго дайындап,
Кароолчуга зор кылган.
Ок өтпөгөн темир тон
Кийип турду Чоң Малгун.
«Күндүзү бүркөк, түнү ачык,
Күндүн сыйкы бузулду.
Ала кардап шыбыргак
Алмамбеттин жайы окшойт.
Кырк кандын эли чогулуп,
Кызык оюн той кылып,
Калкка кабар салды эле,
Кабар тийип Бээжинге
Коңурбай кетип калды эле.
Азык артып алганы Бир канчалык бил болгон,
Бээжинге Калча кеткени -
Так он эки күн болгон».
Муну айтып турганы
Анык ырас сөз эмес,
Түп-Бээжинден кайрылып,
Коңурбай келер кез эмес.
Оңтойлонду Чоң Малгун,
Малгунду Алмаң көргөн соң,
Колуна болот курч алып,
Урушка кирди ошондо
Кырк кечилге кол салып,
Ары-бери Алмамбет
Ойноп-ойноп алды эле
Ойногондо ону өлдү,
Жана кирип калды эле
Кирген жерде жарымы өлдү.
Ок жыландай октолду,
Октолгондо Алмамбет
Кырк кечил бүткүл жок болду.
«Кыркын кырып койдум», - деп,
Кырааның кайдан токтолсун,
Сырнайза сунуп кычырап,
Кылычын сууруп көтөрүп,
Малгунду көздөй бет алды.
Амалкеч тууган Чоң Малгун
Шашып чуркап барбактап,
Жетмек болду жалгыз көз
Чоң качырга дардактап,
Качырына жеткизбей,
Кара болот кыргагы
Алакең үнүн укканда,
Качырып калды мелтиреп,
Кайран бала Сыргагы.
Куу сокурду мингизбей,
Качырына жетейин,
Тегерете карабай,
Жетип калды эр Сыргак
Теңиз жанын аябай.
Астындагы Көкчебич
Канаты бар тулпарың
Жебеден мурун жетти эле,
Колундагы Наркескен
Жетип Сыргак берениң
Моюнга чаап өттү эле.
Ит Малгундун боз качыр
Башы үзүлдү быркырап,
Тоо ураган эмедей,
Кулап кетти дыркырап,
Канатынан кайрылды,
Жалгыз көздүү Чоң Малгун
Боз качырдан айрылды.
Каарданып Чоң Малгун
Бир айкырып алды эле,
Кыйкырыктан дүңгүрөп,
Тоо жаңырып калды эле.
Каарданып жөтөлүп,
Жолум үйдөй айбалта
Ийинине салып көтөрүп,
Чоң Малгун дөө муну айтат:
«Мойнун толгоп бурайын,
Бирин койбой кырайын.
Кезигип калса Алмамбет
Аны кармап алайын,
Качып кеткен качкындын
Башын кесип алайын,
Бээжиндеги Карыкан
Карыкандын алдына:
«Алмамбет башы мына», - деп,
Тартуу кылып барайын!
Берип салса Чет-Бээжин
Мен кандыгын алайын».
Муну ойлойт Чоң Малгун,
Чоңдугу тоонун теңиндей,
Мурду тоонун сеңирдей,
Көзү көлдүн буткулдай,
Көрүнгөндү жуткудай
Мурутунун бир талы
Айбалтанын сабындай,
Оозунан чыккан дем
Күйүп турган жалындай,
Нече-нече калың кол
Кармашкандан коркпогон,
Күнү-түнү дем албай,
Санатылуу алты ай
Салышкандан коркпогон,
Алмамбет кыраан көк жалың
Бир кишиден коркпогон,
Сокурду көздөп бет алып:
«Алмамбет!» - деп бакырып,
Айзаны көздөп сундурду.
Мелтиретип оңдонуп,
Көзүнөн жалын шыркырап,
Тиштегенде Алмамбет
Кашка тиши быркырап,
Жебеден мурун жетти эми:
«Оң далынын бети, - деп,
Өпкө, жүрөк чети», - деп,
Жетип, муштап өткөндө
Таш муштаган сыяктуу
Сырнайза кетти бычырап.
Оңбогон сокур оңбоду,
Соктугуп аты тийгенде
Тизеден жерге орноду.
Эсин жыйып алганча,
Кайран күлүк Сарала
Өөдө тура калганча,
Кабагы карыш тутулду,
Кайраты зор Малгундан
Кандай киши кутулду?
Кылмак болду кызыкты,
Алмамбеттин башына
Салмак болду бузукту.
Айкырыкты салганы,
Сараланын куйругу,
Алмамбеттин этеги
Куу сокурдун колуна
Кабат тийип калганы.
Алмамбет кандай шер эле,
Саралага кошоктоп,
Экөөнү бирдей сүйрөдү.
Жолум үйдөй айбалта
Оңтойлонуп колуна
Алмак болду Чоң Малгун,
Алмамбет антип турганда,
Көңүлгө батпай көп санаа,
Кайран Сыргак балбандын
Көзүнүн жашы он талаа:
«Бу сокурга туш кылдың,
Башка түшкөн заманбы?
Кабылан тууган эр эле,
Алмамды кудай аман кыл.
Ажалым жетсе өлөйүн,
Алмамбеттей арсланга
Курман болуп берейин».
Алдындагы Көкчебич
Оңдоп-солдоп камчылап,
Олбуй-солбуй теминип,
Жебеден мурун жетти эми,
Жеткен жерден сокурду
Алмамбеттин үстүнөн
Көмө коюп өттү эми.
Муну менен Алмамбет,
Ыргып минип атына
Бир оңолуп кетти эми.
Бура тартып эр Сыргак
Ылаачындай качырып,
Кайра жетип келди эми,
Болоттон соккон айбалта
Бекем кармап эр Сыргак,
Дөбөдөй болгон Малгунду
Төбөсүнө эки кур
Салып-салып өттү эми.
Чапканга Малгун кенебейт,
Сыргактын чапкан зардабын
Бучкагына теңебейт.
Бура тартып өткөнчө,
Ат оюнчу, жөө күлүк,
Казыналык чоң балбан
Көздү ачып-жумганча,
Бала Сыргак баатырдын
Башын жара чабаарда,
Эр Сыргакты чаптырбай,
Көкжал кайран Алмамбет
Куюндан мурун жетти эми,
Жеткен жерде Малгунду
Көөдөнгө муштап өттү эми,
Туткундагы жаш Сыргак
Бошоп калып кетти эми.
Малгун менен Алмамбет
Чапкылашып калышты,
Калкандын бети кагышты.
Сооттору жыртылып,
Качпай туруп эки эр
Чындап жатып салышты.
Көкчебич менен түйүлүп,
Жандап жүрөт эр Сыргак:
«Жаралбасам нетет», - деп,
Жаратканга жалынып,
Ыйлап жүрөт эр Сыргак.
«Мен, Алмамбет артыкча
Адамзаттан шер болдум.
Бир Малгунга тең кылбай,
Мунча неге кем болдум.
Не да болсо көрөйүн.
Каршылашып турганда,
Капыр Малгун сокурду
Жалгыз көздөн жаңылбай,
Айза менен аныктап,
Көзгө муштап өтөйүн», Деп, ушинтип, эр Сыргак
Турумтайдай жетти эле,
«Малгундун жалгыз көзү», - деп,
Чечекейге эр Сыргак
Муштап эми өттү эле.
Муштаганда чечекей
Жалгыз көзгө сайдырып,
Чечекейден айрылды.
Амалы кетип Чоң Малгун
Тоого качты шок-шоктоп,
Алмамбет, Сыргак эки шер
Тоого койбойт токмоктоп,
Бээжинде Малгундай башка эл болбойт,
Сайган менен айза өтпөйт,
Шилтесе кылыч түк кеспейт,
Чындап качып чуркаса
Эки күлүк ат жетпейт,
Сабаса Балтай дагы өтпөйт.
Капырдан кайдан аянды,
Ортого алып Малгунду
Алты күнү сабады,
Өлтүрө албай Малгунду
Эки кыраан жадады.
Ажалдын жеткен убагы
Жана жетип түйүлүп,
Кашында бала Сыргагы,
Жеткен жерден эр Сыргак
Башындагы туулга
Ыргыта коюп өттү эми,
Атайы соккон асыл курч
Азизкандын жалгызы
Чындап колго алды эми,
Кыйгай тартып Малгунду
Башка шилтеп калды эми,
Карышынча кан кылды,
Бир чапканда Алмамбет,
Чоң Малгунду сойгон соң,
Алмамбеттей шер болбойт.
Ээрдинен тешип Малгунду
Артып берсе атына,
Малгундун жалгыз башына
Кайран Сыргак тең болбойт.
Качыры болсо капырдын
Тең келишер дүнүйө
Адамзатта эр болбойт.
Азизкандын жалгызы
Бел байлаган Бээжинди
Беттеген жерде сойгон шер,
Чоң Малгунду баш кылып,
Кырк кечилди сойгон жер.
Ушул кезде чоң Бээжин
Эштеме менен иши жок,
Мындан ары Бээжиндин
Кароолунда киши жок.
Асылым менин Сыргагым,
Кытайдын көп жылкысын чачабыз,
Эми эки күн жол жүрсөк
Ит-Өлбөс белин ашабыз,
Эңкейген жерде чоң катын
Канышай элин басабыз.
Эбин тапсак катынды
Эптеп жүрүп соёбуз,
Эптебей шекти билгизсек,
Катынга туткун болобуз.
Кирген чакта оозунда
Алтындан курган чатыр бар,
Ошол чатыр ичинде
Бозкертик менен Музкиндик
Эки түгөй баатыр бар.
Чытырмандуу токойдо
Жалгыз аттын жолу бар,
Кандай заман, кандай күн
Кагылайын Сыргагым,
Канжаркол деген зору бар.
Шек билдирбей булардын
Баарын текши кыйратсак,
Кытайдын жолун чачабыз.
Кыргыздын жолун ачабыз.
Бээжиндеги Эсенкан
Анын кызы Бурулча,
Учурашып кайтабыз
(Аман болсо Сыргагым).
Шек алдырсак, Сыргагым,
Канжарколдон бир миңи
Кармайын, - деп камынат,
Бээжиндин бу да кароолу,
Шек билдирсек, Сыргагым,
Чоң катыны баш болуп,
Экөөбүзгө жабылат.
Канча айтам мен муну
Бекип жаткан бели ушул,
Бек ишенип Карыкан
Бел байлаган жери ушул.
Алты айчылык берерге
Желдет кытай эли ушул,
Кадырын билип кытайдын
Канчасын көргөн мен ушул.
Бастырып чаап алуучу
Маргалаң, Букар шаары ошол,
Кылчайбай кырып ийүүчү
Кызылбаштын эли ошол.
Кызырканып, кытай, - деп,
Кылчайбай жоолай бергендей,
Кызыталак Алмаң мен эмес,
Кымбаттуу Бээжин кытайдан
Эсен кайтчу эл эмес».
Муну айтып Алмамбет
Күңгүрөнүп күүлөндү,
Карап турсаң турпаты
Канча-канча түрлөндү.
Кыяга кирип барганда
Карап турса абыдан,
Кара чаар кабылан
Капталынан чамынды,
Кабылан берен Алмаңдын
Колдогону бул экен,
Ийри-буйру жол менен
Имерилип барганда,
Бир караса Алмаңды
Камчы куйрук арслан,
Каарданып чамынып,
Бу да келип калыптыр.
Бир караса Алмаңды
Кырк айзачан, кырк бир жан
Тегеректеп алыптыр.
Жаңырыктын Жар-Кыя
Жаңы кирип барганда,
Алты кулач ажыдаар
Оозунан өрт чыгып,
Арт жагында алжаңдап,
Кошо жүрүп калыптыр.
Жана дагы караса
Алп кара куш алжаңдап,
Бутун салып арбайтып,
Алмамбетти илчүдөй,
Бу жакындап калыптыр.
(Көбү төгүн, көбү чын,
Көрүп келген адам жок,
Бири төгүн, бири чын,
Билип келген адам жок,
Илгеркиден биздерге
Келе жаткан ушу кеп,
Оодарылган алардан
Опсуз чиркин дүйнө шок.)
Бет алып Бээжин жол жүрдү,
Жолго салып мол жүрдү.
Астындагы Сарала
Айтайын десе тили жок,
Эчен кайкы-белести
Ашкан жерин көргөндө
Кулунунан ойноктоп
Баскан жерин көргөндө,
Көкүлдү көккө ыргытып,
Туякты жерге мылгытып,
Кара болот ооздук
Көмөкөйгө каккылап,
Оонап ийчү эмедей,
Тал жибектей куйрукту
Чаткаякка чапкылап,
Адырдын башы ак кайкы
Көрүп барат Сарала,
Окуранып жер чапчып,
Өтүп барат Сарала.
Ылдам жүрүп кеткенде,
Жетик тулпар Сарала
Желгенине жел жетпейт,
Басканына мал жетпейт.
Чу койгондо Алмамбет
Этек-жеңи дыркырап,
Атып ийген ок жетпейт.
Кең Бээжинди көргөндө,
Айбан да болсо Сарала
Артыкча жаны сүйүнөт.
Улутунуп, сумсайып,
Үйрүн ойлоп күйүнөт.
Баскан жери быркырайт,
Чоң казандай даңканы
Төбөсүндө зыркырайт,
Жүрө түшүп кылтылдайт,
Күмүш така, алтын мык,
Аягында жылтылдайт.
Араандай оозу ачылат,
Кан аралаш ак көбүк
Омуроодо чачырайт.
Таманы жерге тарсылдайт,
Салынган тили бир карыш
Тизесинде салпылдайт.
Сарала буудан жол тартат,
Алдындагы эр Сыргак
Коштогону Карткүрөң,
Санааны катуу мол тартат.
«Кудайдын жалгыз буйругун
Башка келсе көрсөк, - деп,
Айза менен челишип,
Ажал жетсе өлсөк, - деп,
Калың уруш бир болуп,
Какайлатып кытайдын
Калаасын эчен бөлсөк», - деп,
Өлүп барат Сыргак жан.
«Түнөрүп токой көрүнгөн,
Түтүнү көккө бөлүнгөн,
Калдайып караан көрүнгөн,
Карааны көздөн бөлүнгөн,
Канышай турган чек ушул,
Көрүнүп калсак көзүнө
Челише турган эл ушул,
Акыл менен албасак
Азапка салчу эр ушул.
Ат көтөрбөс жөөсү бар,
Башкасын айтып нетейин,
Ушул элдин ичинде
Музкиндик деген дөөсү бар.
Жеке катын ал эмес,
Жалгыз турчу жан эмес,
Колунда бир миң колу бар».
Муну айтып Алмамбет
Өрттөй көзүн жайнатып,
Алдындагы Сарала
Эр Сыргакка карматып,
Кынсыз кылыч байланып,
Айбалта белге чалынып,
Ок өтпөгөн тон кийип,
Койнуна куран салынып:
«Колдой көр!» - деп жалынып,
Баса түшүп токтолуп,
Ок жыландай октолуп,
Арсландай чамынып:
«Абайлап Сыргак, көзүңү ач!
Алыс жерде жан жолдош».
Шыпылдай басып каранып,
Койго тиер бөрүдөй
Оозу-мурдун жаланып,
Ылдамдай басып токойго
Кирип кетти Алмамбет.
Ортосунда токойдун
Үйдөй болгон көк чынар,
Бу чынарды көрмөккө
Кимдер болсо чын кумар.
Жалгыз чынар түбүндө
Агып жаткан кара суу.
Таш сайынган кытайдын
Тазасы ичкен ушу суу,
Атайлатып Бээжинден
Алты кан журтун чалдырган,
Эсенкандын алдынан
Эшек кулак балбанды
Суусун ташып беришке
Арнап аны алдырган.
Күрсө-күрсө жөтөлүп,
Суу алам деп чынарга
Алты бука терисин
Алып келет көтөрүп,
Булакка жакын келгенде,
Муну Алмам билгенде,
Сууну балбан толтуруп,
Үйдөй болуп олтуруп,
Кайра ийнине саларда,
Канышайдай катынга
Көтөрүп балбан барарда,
Басканына койбоду,
Берен көк жал Алмамбет
Жетип барып кармады.
Жеткен жерден Алмамбет
Башын кесип туйлатып,
Кара сууга салды эми,
Кийиминин үстүнө
Бар кийимин балбандын
Баса кийип алды эми.
Кол токмоктой айдар чач
Аркасына жайды эми,
Алты күн сууну көтөрүп,
Калың балбан, чоң катын
Канышайдай капырдын
Ордосуна барды эми,
Кайгайлаган кытайдын
Ортосуна барды эми.
Ошол чакта ордого
Кытай кайнап толуптур,
Чагаан айы болуптур,
Алмамбет кез болуптур,
Кандай айла табарга
Акыл санап ошондо,
Ойлоп кирди Алмамбет,
Таш сайынган кытайдын
Тазасы болуп көнгөн кул
Баса түшүп ийилип,
Кытай болуп жүгүнүп,
Башка сүйлөп балдырап,
Калмагынча калдырап,
Оюн салып, кеп таштап,
Акырын сүйлөп, бек таштап,
Кырк бөлөк кылым оюнун,
Баарын айтып тең таштап,
Эче түркүн сөз айтты.
Көргөн кытай корголоп,
Чоң катындын алдына
Азизкандын Алмамбет
Кирип барды жорголоп.
Ок жыландай октолгон,
Чекири жок, кой көздүү,
Сепкили жок, ак жүздүү,
Азизкандын Алмамбет
Укуруктай моюндан
Ак тамагын кылайтып,
Бийлеп турду муңайып.
Алакең оюн салганда
Байкап кытай билген жок,
Чын Алмамбет экенин
Ылжыган кытай туйган жок.
Алтындан кылган тактанын
Үстүндөгү чоң катын
Алакең бийлеп турганда
Эрип бою эңгиреп:
«Бир кучактап жатсам», - деп,
Ашык болуп Алмаңа
Эси кетти зеңгиреп.
Күйүп-күйүп чок болбой,
Кызыккандан Канышай
Сабыр кылып токтолду.
«Кырк уруу кытай элине,
Кыйла жаткан жерине
Ар бириңер кырк балбан
Бергин, - деп, салык салсам, - деп,
Ошол калың балбан көпчүлүк
Башчы кылып алсам, - деп,
Жакындашып дос болуп,
Бир төшөктө жатсам, - деп,
Чаганга келген көп элге
Арак-шарак көп берип,
Баарын бирдей мас кылып,
Ырдап турган суучуну
Боорума бассам», - деп,
Ойлоп турду чоң катын.
Андан бетер Алмамбет
Кызыктырып кытайдын
Кызы эмес, эркегин,
Бүткөн боюн эритип,
Канча кызык обонго
Салып жатат Алмамбет,
Арак куйган кумура
Анда-санда Алмамбет
Камдай барган ууларды
Бийлемиш болуп билгизбей
Көп кытайга көргөзбөй,
Көнөк менен көөкөргө
Куюп жүрөт Алмамбет.
Канжаркол менен Музкиндик
Кайрат кылар кара жок
Алып келип аракты
Сунуп жүрөт Алмамбет.
Жөө күлүктүн мыктуусу,
Жоо бетинде ыктуусу,
Музкиндикке келди эле,
Билбей басып жүгүнүп,
Бели кетип ийилип,
Буга да арак берди эле.
Сунуп жүргөн аракты
Ичкен жерде бүк түшүп,
Өлүп жаткан мындан көп.
Оозунан көбүк чубуруп,
Басалбастан тыбырап,
Араң жаны кыбырап,
Сулап жаткан андан көп.
Кусуктары басылбай,
Мастыгынан басалбай,
Кулап жаткан андан көп.
Эки көзү кылайып,
Өлө турган эмедей,
Акырайып алайып,
Ары-бери темтейип,
Туйлап жаткан андан көп.
Не дегенин билбестен
Эч адамды көрбөстөн,
Оозуна келсе аны айтып,
Ырдап жаткан андан көп.
Сөзү угулбай дүңгүрөп,
Өз ичинен күбүрөп,
Көздүн жашы он талаа,
Ыйлап жаткан андан көп.
Мындай ишти көргөндө,
Көрүп баарын билгенде:
«Бул эмине болду, - деп,
Муну ойлойт чоң катын.
Жара келген бул калкты,
Келген жерден мындайча
Салып ийген дүмөктү,
Кырчоосун кылдан эштирген,
Бүтүн жерин кем кылып,
Бурутка барып кестирген,
Азизкандын кан ичер,
Алмамбет келген экен го,
Аябаган чатакты
Салып келген экен го.
Жолдогу бүткүл кароолду
Баарын бирдей өлтүрүп,
Кырып келген экен го.
Кулжа менен түлкүнү,
Жалгыз көзчөн чоң дөөнү,
Кырк кечил менен кыйратып,
Союп келген экен го.
Баарың бирдей камын, - деп,
Балбандардын баарысы
Алмамбетке жабыл» - деп,
Айкырып катын турганда,
Жөө күлүк баары камынды.
Калың балбан биригип,
Канжаркол менен Музкиндик
Алмамбетке жабылды.
Жекени белге курчанды
Жетик кыраан Алмамбет
Бир миң эмес, жети миң
Жайнап жаткан көп колго
Жеке кирип кол салды.
Өлүм десе сүйүнөт,
Өсөт десе күйүнөт,
Кабылан көк жал кайран шер
Кан ичип жүрүп чоңойгон,
Канкор, берен, кабылан эр
Токутпай качыр бурагын,
Топтоп кытай киргенде,
Ыргыта тепти чырагын.
Жагылган отун өчүрдү,
Жабылган кытай баары мас,
Кылыч менен кыймалап,
Кырып таштап баарысын
Капчыгайдай көчүрдү.
Урушарга кытайда
Эч бир кайрат, дарман жок,
Канжаркол менен Музкиндик,
Канча балбан, Бозкертик,
Бири тирүү калган жок.
Ок жыландай октолуп,
Оюп жүрөт Алмамбет.
Ошол жаткан кытайдын
Бирин эсен койбостон,
Союп жүрөт Алмамбет.
Ошол кезде чоң катын
Каарданып бакырды,
Үстүндөгү ордону
Бир кол менен уратып,
Тышка карай ашыгып,
Чуркап чыкты чоң катын.
Ар жабдыгы шайлануу,
Астында күлүк тулпары
Ак сарайда байлалуу,
Ага жетип чоң катын
Ыргып атка минди эми,
Атка камчы бир басып
Бээжинди көздөй жүрдү эми.
Барган сайын кайраты
Ташып турду Алмамбет:
«Бээжинге катын жетет - деп,
Жеткирбестен кетет», - деп,
Шашып турат Алмамбет.
Шашканынан бакырды:
«Жете көр!» - деп чакырды.
Алмамбет үнүн укканда
Асыл Сыргак турабы?
Сараланы жетелеп,
Ай тийгендей өңдөнүп,
Зымыратып чурады,
Көздү ачып-жумганча,
Алып келди чунагы.
Сараланы минди эми,
Изине салып жаңылбай,
Катынды кууп жүрдү эми.
Көкчебич менен Сарала
Коштоодогу Карткүрөң
Ооздук менен алышат,
Алмамбет, Сыргак эрендер
Учкан куш менен жарышат.
Кара тоонун белинде
Качып кеткен катынга
Кидирбестен жетти эми,
Жеткен жерде катынды
Ылаачындай эр Сыргак
Көмө коюп өттү эми,
Азизкандын Алмамбет
Оңолуп катын турганда
Башын кесип кетти эми.
Сыргакка Алмаң кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат:
«Көңүлдө эми арман жок,
Топон суу тийбес Бээжиндин,
Тозоту эми калган жок, Сыргак!
Туулуп-өскөн жер ушул, Сыргак!
Алты жашар кезимде
Көйнөгүм чечип жүгүрүп,
Көпөлөктү кубалап,
Чоңоюп жүргөн жер ушул, Сыргак!
(Туулган жерди көргөндө
Көңүлү жаман бөлүндү,
Көзүнүн жашы он талаа
Көлдөй болуп төгүлдү.
Киндик кесип, тууган жер,
Кирин кабат жууган жер
Мекесиндей көрүндү.)
Ойноо бала чагымда,
Турганда алтын тагымда,
Береки кашат көрүнгөн,
Андан аркы заңкайган,
Көгала борчук бийик тоо
Атамдын Кан-Жайлак деген жери эле.
Береки жаткан Бээжинден
Миң балбанын алдырып,
Күлүк байлаар жерине
Күмүштөн керме тарттырып,
Өгүзгө казан арттырып.
Кырк кулактуу казанга
Азыктарын кайнатып,
Чыгам деген кытайдын
Чыгарбай шорун кайнатып,
Тозуп турган мен элем.
Анык күлүк Сарала
Оттоп көнгөн жер эле.
Асманда күнүм бүркөлөт, Сыргак!
Бээжин эске түшкөндө,
Томуктай болгон башыма
Акыр заман, кыямат,
Алтымыш санаа бир келет, Сыргак!
Алмамбеттин Бээжинге
Азап салган шоктугу,
Ушу турган Бээжинде
Койчу, кокуй, Сыргагым,
Бусурман диндин жоктугу!
Калдайып жаткан Бээжинде
Алмамбет улук кан болсо,
Миңге бөлүп кытайды
Эч болбосо биринде
Мага жолдош бар болсо,
Калың кытай Бээжинге
Кайгыны кантип баштайын, Сыргак!
Бусурман дини бар болсо,
Кантип журтум таштайын, Сыргак!
Таштап журтум кеткенде
Не муратка жетемин, Сыргак!
Туулуп-өскөн, туңгуч жер,
Түгөл айтып кетейин, Сыргак!
Береки туура жаткан кара кыр,
Чай алуучу кен ошол,
Черикти кытай эл ошол.
Кырк кандын эли кытайга
Алтын берсе, чай берип,
Бу Бээжинди сурап турган мен ошол.
«Алмамбеттин чай чыгуучу кенти», - деп,
Алигиче Бээжинге
Атагы калган мен ошол, Сыргак!
Тетиги агала мойнок көрүнгөн,
Алтын казар жер ошол,
Ар шайманы тептегиз,
Айланта билген мен жалгыз,
Айтып турган мен ушул, Сыргак!
Тетиги, агала кум, кызыл чап,
Шордуу атам:
«Алмамбет ойноп жүрөт», - деп,
Казыналык кылдырган,
Атакемдин керүүсү Түбүндө калмак эр ошол.
Он эки күндө бир чыгып,
Ошол жаткан көк кумга
Оюн кылган жер ошол.
Ойлосом ичим чок болот,
Санаамды кантип жоёмун, Сыргак!
Эрмегим калган кайран жер,
Эстебей кантип коёмун, Сыргак!
Алдыбызда мелтиреп,
Айнектей болгон ак талаа,
Алмамбеттин талаасы,
Койчу, Сыргак, кабылан
Айта берсем өткөндү
Бөлүнөт эрдин санаасы, Сыргак!
Ак талаа жайын айтайын,
Кунанында Сарала
Кутуруп ойноп минген жер,
Жаш кезимден жүргөн жер,
Айнектей болгон ак калаа
Атамдын Таш-Көпүрө калаасы,
Таш-Көпүрө шаарында
Алмамбет жорук билген жер,
Атакемдин ордуна
Алты күнү кан болуп,
Алтын тагын минген жер.
Алтын так жайын айтайын:
Асыл темир дарбаза
Кандын турган эшиги.
Ошол эшик ичинде
Тегерете чынар бак,
Ичинде болот алтын так,
Адам басар жолу жок.
Бу туш менен тиги туш,
Жакут таштан жабылуу,
Ич жагында не түрдүү,
Ар белгиси салынуу,
Кырк жылы сууга чыласа,
Кылт этип кыры оңбогон.
Топурак тозоң-чаң көрсө,
Кылайып өңү оңбогон,
Алтын көчөт чоң килем,
Чылк жибектен токуган.
Астына аны жайдырган
Алтын такты орнотуп,
Үстүнө анын салдырган.
Кумар болуп калың эл
Көрсөм - деп, көзү кызарган,
Бир көргөнү: «Кайтадан
Дагы келип көрсөм», - деп,
Алтын такка кубанган.
Жакут менен көөрдөн
Босогого салдырган,
Тоту куштун куйругун
Токсон түрдүү кулпунтуп,
Ар бурчуна сайдырган,
Көргөндүн мээрин кандырган.
Көркү артык, алтын так,
Талак кылып дүйнөмдү
Таштап кеткен ошо чак.
Кыяматтын айынан,
Кыйын тозок барынан,
Кыйналып азап мен тарттым,
Кылча көрбөй мүлкүмдү
Кылчайбастан мен качтым.
Кырка тиккен сары тал
Алмамбет сайган бак ошол,
Карарып турган кара там
Алтымыш кечил жетелеп,
Алдымдагы Сарала,
Сараланы байлаган
Ат акыры жер ошол.
Куурап калган арбайып,
Ортодо турган чоң чынар
Азыз энем Алтынай
Мени тууган жер ошол.
Мен туулган чынарым
Бүткүл чирип тамыры,
Такыр куурап алыптыр,
Төбөсүндө чачырап,
Бүчүрдүн учу калыптыр,
Таласка эсен тартпаймын,
Бээжинден бекер кайтпаймын.
Шордуу энем айткан кеп эле:
«Кокус Бээжин сен келсең,
Менден тукум бар болсо,
Чынарымдын түбүнө
Чырпык чыгат», - деди эле, Сыргак!
Түбүнөн чыккан чырпыгы
Чынарга жакын болуптур,
Бузулуп кетет санаа бар,
Артымда калар бала бар.
Көп дүнүйөм жатат көрдүңбү?
Боз ордом кулап калыптыр, Сыргак!
Артыкча жыйган алтыным,
Мен Бээжинден кеткенде
Кытай талап алыптыр,
Жаңгагым жарым болуптур,
Чынарым суудан калыптыр,
Сараланын акырын
Кыжылдаган көп кытай
Камчыга ченеп бөлүптүр,
Кайран жаным өлүптүр.
Бозоруңку көрүнгөн
Аштыгым айдаар жер ошол,
Баштатан аккан суу жок,
Баарын текши бастырып,
Күрпүлдөктүн суусунан
Алыш алган мен ушул, Сыргак!
Алты кан эли той кылып,
Алыш алып турганда,
Кызмат кылып ошондо
Атын койгон «Кең-Алыш».
Ошол алган алыштын
Түбүн кырк кез ойдуруп,
Үстүнөн аша жайпатып,
Кытайды ашка тойдурдум.
Мен турганда Бээжинге
Алмамбет эрке жан эле
Чолпондой көзүм жаркырап,
Алтымыш энем багуучу
Алмамбет эрке бала эле, Сыргак!
Ойноп жүргөн чагымда
Чыкса дагы, чыкпаса,
Оюн кылып тамаша
Сайган талым бар эле, Сыргак!
Чырпыгы үйдөй тал болгон,
Өсүп өтө дөөлөтүм,
Бээжинге Алмаң кан болгон.
Сайган менин талымдын
Калың кытай ошондо
Касиетин билүүчү:
«Өзүнчө чыккан экен» - деп,
Калың кытай ошондо,
Мазар кылып жүгүнчү,
Тооп кылып жүрүүчү,
Талдын жайы ушундай, Сыргак!
Кечеги өткөн заманда
Жапалак чөлүн басканда,
Калың кытай эл менен
Жалгыз жүрүп кармашып,
Жапааны мен чоң тартып,
Силерди көздөп качканда,
Кытай кырк миң, мен жалгыз
Жекелеп кытай алганда,
Алдыңдагы боз дөңдөн
Кытайлардын Калча кул
Коңурбай кууп жетти эле, Сыргак!
Айза менен бир муштап,
Коңурбай кууп өткөндө
Оозумдагы сыр канжа
Оозумдан ыргып кетти эле, Сыргак!
Кылчайбастан артыма
Туура жолду баштадым,
Ала албастан канжаны,
Кайта Бээжин кайрылсам
Алармын - деп, аманат кылып таштадым.
Заманым кетти муң болгон,
Күнүм кара түн болгон.
Топурагын чачып көр,
Ишенбесең өзүмө
Муштаган жерим ачып көр, Сыргак!»
Узун кармап айзасын
Күн батарда күүгүмдөп,
Муштап калды Алмамбет.
Көрсөткөн боз дөбөсүн,
Алмамбет сайып турганда
Ошондо Сыргак муну ойлойт:
«Күндүз эмес, түн болсо,
Кеткенине Алмамбет
Алда канча жыл болсо,
«Коңурбай жетип сайды, - деп,
Алтын канжам калды, - деп,
Калп айтканын карачы»,
Муну менен эр Сыргак
Аттан ыргып түштү эми.
Айза учунда топурак
Айбалталап бузду эле,
Топурагын чачкылап,
Учун чукуп ачкылап,
Ачып алып караса,
Баякы айткан канжасы
Жаткан экен учунда.
Сууруп алып кармаса,
Алтын болуп Бээжинди
Билип турган кезинде,
Жакутту жара жардырган,
Упчусуна канжанын
Көмкөрө кылып көөрдү
Көз-көз кылып салдырган,
Эскиргендей түрү бар,
Соро турган жеринде
Дат баскандай кири бар.
«Кырк кандын эли ушул» - деп,
Элин айтты Сыргакка.
«Өзүмдүн турган жайым» - деп,
Жерин айтты Сыргакка.
«Калган жерге кайгырып,
Кай муратка жетебиз?
Мунарык болуп бурчтанган,
Булуң тартып учтанган,
Эсенкан кызы Бурулча
Эригип жатат ошондо,
Мени күтүп кургуруң
Зеригип жатат ошондо,
Учураша кетебиз, Сыргак!
Ошол жерге жетпесек,
Учурашып кетпесек,
Наадан деп бизди билбейби?
Канча жылы күйсөм - деп,
Кайгы тартып жүрсөм - деп,
Акыретке барганда
Кара эшек кылып минбейби,
Кылышкан антты бузбайбы,
Учурашпай кетти - деп,
Убайым тарткан Бурулча
Анык күдөр үзбөйбү, Сыргак!» Деп, ошондо Алмамбет,
Күңгүрөнүп ойноктоп,
Астындагы Сарала
Ок жыландай сойлоктоп,
Миздей сары талаага
Жетип келсе заматта,
Томуктай болгон тоосу жок,
Томуктай болгон коосу жок,
Буурсун жүргөн чийин жок,
Кашкулак, суур, чычкандын
Казып койгон ийини жок.
Талаага кирип келгенде
Казык моюн Сарала
Канаттуудай бездирип,
Уй куймулчак Сарала
Учкан куштай түйүлүп,
Уюлгутту Алмамбет.
Карткүрөңдү жетелеп,
Желгенине жел жетпей,
Чү дегенде, ок жетпей,
Артынан кошо арылтып,
Келе жатат артында
Арслан Сыргак кана бек,
Нече күн жүрүп оолукту,
Күрпүлдөктүн Сары-Суу
Дайрага булар жолукту.
Сары-Суу боюн карасаң
Будур-будур бурулат,
Будурдун чөбү суюлат,
Адырдын жазык салаадан
Куланы сууга куюлат.
Сары-Суунун бою өзөн,
Бул өзөндү карасаң
Жалбырагы жаргактай,
Кара курту бармактай,
Кымыздыгы билектей,
Үркүп чыкса маралы
Сайгактаган инектей.
Тоосунда алыс кары бар,
Токоюнда чары бар,
Карап турсаң өзөндө
Жан бүткөндүн баары бар.
Будурунда бугу бар,
Кумдак сууда кундуз бар,
Кыймылдаган жаныбар,
Кыйыр-кыйыр чабы бар,
Чычкандын мурду өтпөгөн
Чытырман токой дагы бар.
Ошол токой ичинде
Үйдөй-үйдөй үйүлгөн
Кызыл кумдан мунар бар.
Мунардын түбүн бойлогон
Мунарадай чынар бар.
Бир көргөн жан чынарды
Да көрүшкө кумар бар.
Алмасы түшүм көң болгон,
Аюу менен карсактын
Азыгына жем болгон.
Жаңгагы бышып сай толгон,
Өрүгү бышып май толгон,
Мистеси бышып бал болгон,
Телегейи тегиз жер
Көргөн киши дал болгон.
Чынарда булбул сайраса,
Ичинен адам чыккысыз,
Таңшыганда таң калып,
Муңдуу киши уккусуз.
Туралбай Алмаң оолугуп,
Айткан сөзүн Алмаңдын
Сыргак турду дагы угуп.
«Алдыбызда көрүнгөн
Күрпүлдөктүн дайрасы,
Канаттуу учуп өтпөсө,
Чыдап муну кече албайт,
Адамзаттын баласы.
Аты мунун Күрпүлдөк,
Агыны катуу дарыя,
Алыска шары угулат,
Тоо жаңырып дүңкүлдөп.
Кырк кандын эли кытайга
Кыстоо салып жыйдырдым,
Темир залдуу көпүрө
Жалгыз аттын жолу бар,
Танабын тарта качпаган
Алмамбеттин шору бар.
Эми сырым айтайын,
Асылым менин Сыргагым,
Бул сууну канча кечкемин.
Ошол үчүн жаңылбайт,
Астымдагы Сарала
Өзү кечкен кечүүдөн.
Канча-канча кечкен жер,
Кытай менен кармашып,
Бул дайрадан өткөн жер.
Кечкен жерде Сарала
Башка жакка кайрылба
Кандай кечсе шондой кеч.
Сараланын соңунан
Сыргагым, асты айрылба.
Суунун мындай жолу бар,
Куржунумда Сыргагым,
Менин атам Азизкан
Сейилдикке кийүүчү
Жарым кандын тону бар.
Тонду кийип аламын,
Карарып жаткан кытайга
Карап тургун, Сыргагым,
Калың кызык саламын!
Канжыгада ак куржун,
Кабыланга чак куржун.
Куржунду алып караса
Жаркылдаган алтындан.
Жоо болорун Бээжиндин
Биле кеткен эмеспи:
«Жортуулга кытай кайрылсам
Байдасы тиер тондун», - деп,
Азизкандын Алмамбет
Абалдан ойлоп ушуну
Кие кеткен эмеспи.
Ушинетип Алмамбет
Атасынын чен тонун
Кийип турса керилип,
Жакут ташты жардырган,
Көкүрөккө тонунун
Асыл таштан салдырган,
Кытайча жазып кол койгон
Чоң-Бээжинде Карыкан:
«Бээжиндин жарым канына
Бердим», - деп, колун чын койгон.
Керек болор буюмду
Уйпалатпай бактырган.
Эки каптал бөйрөккө
Корголдой болгон бермет таш
Катарынан тактырган.
Карап турган эр Сыргак:
«Кадимки кытай экен», - деп,
Алмамбетти жактырган.
Ушул тонду кийгенде
Карай албай жүзүнө
Сыргактын көзү уялып,
Жактырып турду Алмаңды.
«Аман болсун көк жал», - деп,
Өз ичинен кубанып.
Алмамбет бизге келгени
Бадыша султан дини экен,
Ушу жерде Алмамбет
Кырк кан эли кытайдын
Ордолуу журту Бээжиндин
Оёнунун бири экен.
Алмамбет деген сөз экен.
Бысмылдабыз болбосо,
Береки Бээжин шаарында
Жүрөр кытай өзү экен.
Ушу турган кытайга
Кичине эмес, дөө экен,
Кырк кандын эли кытайды
Кызыл канга боёлтуп,
Кыйратып билер эр экен,
Ушу турган Бээжиндин
Ойлоп турсам Алмамбет
Орнотулуу чеп экен.
Алмамбет качып кеткенде
Калың кытай дүңгүрөп,
Ыйлаганы эп экен.
Бул өңдөнгөн арсланды
Келгенден «кытай» дей берип,
Кудай урган кеп экен.
Ошонун баарын көтөргөн,
Алмамбет анык эр экен,
Кабакты чытып койбогон
Алмамбет кара көк экен.
Алакең көзү бар болсо,
Орнотулуу Манаска
Терең казган ор экен,
Адам кесип өткүсүз
Болоттон кылган тор экен,
Аныгында Алмамбет
Бусурман дини болбосо
Бизге келген кор экен».
Муну айтып турганда
Арсланың берен Алмамбет
Көк жалдыгын билгизди,
Жанындагы сумбул тон
Эр Сыргакка кийгизди.
Кан башы менен Алмамбет
Кынай курчап Сыргакты,
Жыйырмада чунакты.
Жигиттен артык сымбаты,
Сумбул тонду кийгенде
Жарым кандын артынан
Жүрө турган сакчысы,
Жигити болуп калды эми.
Бура тартып Күрпүлдөк
Чоң дайрага кирди эми.
Кирген жерден чоң дайра
Тердикке чыкпайт шаркырап,
Анык тулпар Сарала
Кобулданган кашка тиш
Оозунда жаркырап,
Өрдөктөй сүзүп дайраны
Кетип барат аркырап,
Артынан түштү эр Сыргак
Карткүрөңдү чың коштоп,
Сылай-сылай камчылап,
Астындагы үч тулпар
Үстүндө оор жүгү жок,
Сүйлөйүн десе тили жок,
Айбандан эстүү жаныбар,
Уй куймулчак Сарала
Булт койгондо булт коёт,
Кылт өткөндө кылт коёт,
Ээрчиткени эр Сыргак,
Азизкандын көк жалы
Аман кечип өттү эми.
Күрпүлдөктөн өткөн соң,
Ар жагында чаңдаган
Боз жалпакка жеткен соң,
Маңдай жагы жаңырык
Жалгыз аттын жолу экен,
Кайнап жаткан калың журт
Кабарын билген киши жок,
Ичинде Жолой чоң экен,
Манжуунун каны эмеспи
Эзкаранын колу экен.
Ошол колго барганда
Дүрбөдү кытай дыркырап,
Он башы менен миң башы
Бээжиндин жарым каны экен,
Алмамбетти көргөндө
Бүткүл кытай чогулуп,
Таазым кылды чуркурап,
Ошол колду бек кылып,
Азизкандын Алмамбет
Курап кеткен эмеспи,
Жарым кандын алтын так
Минип кеткен эмеспи.
Калың кытай, манжууну
Билип кеткен эмеспи.
Дүрбөп кытай чогулуп:
Кытай оттук, боор таш
Кырып ийип, чок койду.
Коңурбайдын сыр канжа
Тартканында коркурайт,
Коё берсе түтүнү
Жеңдей болуп буралып,
Төбөсүндө буркурайт.
Муну көрүп алган соң
Коңурбай калча экен, - деп,
Кароолдогу кырк кечил
Карап турду чуркурап,
Жакын кирип барганда
Сыр найзаны колго алды,
Коңурбайдай калчанын
Өзү болуп зыңгырап,
Көөкөрдөй болгон шуру таш
Төбөсүндө жаркылдап,
Оозунан жалын төгүлөт.
Карап турган кечилдин
Көрүп көөнү бөлүнөт.
Кылым кытай элине
Коңурбай деген кан чыккан,
Добушунан жан чыккан,
Каарданып бакырды,
Кырк кечилди чакырды:
«Билимсиздик жайыңдан,
Кырк кечил сенин айыңдан,
Ат боройду сыдырдым,
Алыстагы буруттун
Чалып жолун кыдырдым.
Карап келдим кырк кечил,
Кара сууда кеме жок,
Силерге каш кайтарар эме жок.
Бекемдеп жатып салдырган
Бээжинден башка калаа жок,
Берен башым турганда
Кырк кечил сага балаа жок!
Бээжинден зор калаа жок,
Туура өлүм келбесе
Кырк кечил сага амал жок,
Ойлогула, кырк кечил,
Бекип жаткан белим бар,
Бел байлаган жерим бар.
Абайлачы, кырк кечил,
Түлкүм жатат белинде,
Куу кулжа жатат көрдүңбү?
Кароолдогу жеринде!
Өрдөгүм жатат көлүндө
Бек бекинип чеп кылып,
Бери келгин, кырк кечил,
Мен силерге кеп кылам,
Кайран башым өлбөсө,
Ар кимиңди ар жерге
Тактан түшпөс бек кылам.
Арылбаган арманың
Чек араны сен тозуп,
Катын албай калганың.
Бээжинге кабар салбасам,
Бээжиндеги Карыкан
Кырк кыз сурап албасам,
Ыламаны жыйбасам,
Силерге ике кыйбасам.
Айтканыма көнбөсө,
Сураганым бербесе,
Ажалым жетсе өлбөсөм,
Кырк кечил, сенин дартыңдан
Алты кан элин бөлбөсөм!
Теңдик менен бербесе,
Зордук менен талкалап,
Кыздарын тартып албасам,
Кырк кечил, сенин айыңдан
Чындап кызык салбасам».
Муну укканда кырк кечил
Айбалтасын ыргытып,
Баары басты буркурап,
Тизеси жерге бүгүлүп,
Кытайча чокунуп, жүгүнүп,
Алмамбеттин алдына
Таазым кылды чуркурап.
Кырк кечил каны Чоң Малгун
Баспай турду сандалып,
Алмамбетке таң калып,
Күрсө-күрсө жөтөлүп,
Жолум үйдөй чоң Балтай
Жонго салып көтөрүп,
Чоң Малгун деген чоң чыккан,
Добушунан жан чыккан,
Жаткан жерин бекемдеп,
Көк темирден тор кылган,
Дөө, беринин шаарынан
Алып келип окутуп,
Адам тилин билгизип,
Түп кароолго дайындап,
Кароолчуга зор кылган.
Ок өтпөгөн темир тон
Кийип турду Чоң Малгун.
«Күндүзү бүркөк, түнү ачык,
Күндүн сыйкы бузулду.
Ала кардап шыбыргак
Алмамбеттин жайы окшойт.
Кырк кандын эли чогулуп,
Кызык оюн той кылып,
Калкка кабар салды эле,
Кабар тийип Бээжинге
Коңурбай кетип калды эле.
Азык артып алганы Бир канчалык бил болгон,
Бээжинге Калча кеткени -
Так он эки күн болгон».
Муну айтып турганы
Анык ырас сөз эмес,
Түп-Бээжинден кайрылып,
Коңурбай келер кез эмес.
Оңтойлонду Чоң Малгун,
Малгунду Алмаң көргөн соң,
Колуна болот курч алып,
Урушка кирди ошондо
Кырк кечилге кол салып,
Ары-бери Алмамбет
Ойноп-ойноп алды эле
Ойногондо ону өлдү,
Жана кирип калды эле
Кирген жерде жарымы өлдү.
Ок жыландай октолду,
Октолгондо Алмамбет
Кырк кечил бүткүл жок болду.
«Кыркын кырып койдум», - деп,
Кырааның кайдан токтолсун,
Сырнайза сунуп кычырап,
Кылычын сууруп көтөрүп,
Малгунду көздөй бет алды.
Амалкеч тууган Чоң Малгун
Шашып чуркап барбактап,
Жетмек болду жалгыз көз
Чоң качырга дардактап,
Качырына жеткизбей,
Кара болот кыргагы
Алакең үнүн укканда,
Качырып калды мелтиреп,
Кайран бала Сыргагы.
Куу сокурду мингизбей,
Качырына жетейин,
Тегерете карабай,
Жетип калды эр Сыргак
Теңиз жанын аябай.
Астындагы Көкчебич
Канаты бар тулпарың
Жебеден мурун жетти эле,
Колундагы Наркескен
Жетип Сыргак берениң
Моюнга чаап өттү эле.
Ит Малгундун боз качыр
Башы үзүлдү быркырап,
Тоо ураган эмедей,
Кулап кетти дыркырап,
Канатынан кайрылды,
Жалгыз көздүү Чоң Малгун
Боз качырдан айрылды.
Каарданып Чоң Малгун
Бир айкырып алды эле,
Кыйкырыктан дүңгүрөп,
Тоо жаңырып калды эле.
Каарданып жөтөлүп,
Жолум үйдөй айбалта
Ийинине салып көтөрүп,
Чоң Малгун дөө муну айтат:
«Мойнун толгоп бурайын,
Бирин койбой кырайын.
Кезигип калса Алмамбет
Аны кармап алайын,
Качып кеткен качкындын
Башын кесип алайын,
Бээжиндеги Карыкан
Карыкандын алдына:
«Алмамбет башы мына», - деп,
Тартуу кылып барайын!
Берип салса Чет-Бээжин
Мен кандыгын алайын».
Муну ойлойт Чоң Малгун,
Чоңдугу тоонун теңиндей,
Мурду тоонун сеңирдей,
Көзү көлдүн буткулдай,
Көрүнгөндү жуткудай
Мурутунун бир талы
Айбалтанын сабындай,
Оозунан чыккан дем
Күйүп турган жалындай,
Нече-нече калың кол
Кармашкандан коркпогон,
Күнү-түнү дем албай,
Санатылуу алты ай
Салышкандан коркпогон,
Алмамбет кыраан көк жалың
Бир кишиден коркпогон,
Сокурду көздөп бет алып:
«Алмамбет!» - деп бакырып,
Айзаны көздөп сундурду.
Мелтиретип оңдонуп,
Көзүнөн жалын шыркырап,
Тиштегенде Алмамбет
Кашка тиши быркырап,
Жебеден мурун жетти эми:
«Оң далынын бети, - деп,
Өпкө, жүрөк чети», - деп,
Жетип, муштап өткөндө
Таш муштаган сыяктуу
Сырнайза кетти бычырап.
Оңбогон сокур оңбоду,
Соктугуп аты тийгенде
Тизеден жерге орноду.
Эсин жыйып алганча,
Кайран күлүк Сарала
Өөдө тура калганча,
Кабагы карыш тутулду,
Кайраты зор Малгундан
Кандай киши кутулду?
Кылмак болду кызыкты,
Алмамбеттин башына
Салмак болду бузукту.
Айкырыкты салганы,
Сараланын куйругу,
Алмамбеттин этеги
Куу сокурдун колуна
Кабат тийип калганы.
Алмамбет кандай шер эле,
Саралага кошоктоп,
Экөөнү бирдей сүйрөдү.
Жолум үйдөй айбалта
Оңтойлонуп колуна
Алмак болду Чоң Малгун,
Алмамбет антип турганда,
Көңүлгө батпай көп санаа,
Кайран Сыргак балбандын
Көзүнүн жашы он талаа:
«Бу сокурга туш кылдың,
Башка түшкөн заманбы?
Кабылан тууган эр эле,
Алмамды кудай аман кыл.
Ажалым жетсе өлөйүн,
Алмамбеттей арсланга
Курман болуп берейин».
Алдындагы Көкчебич
Оңдоп-солдоп камчылап,
Олбуй-солбуй теминип,
Жебеден мурун жетти эми,
Жеткен жерден сокурду
Алмамбеттин үстүнөн
Көмө коюп өттү эми.
Муну менен Алмамбет,
Ыргып минип атына
Бир оңолуп кетти эми.
Бура тартып эр Сыргак
Ылаачындай качырып,
Кайра жетип келди эми,
Болоттон соккон айбалта
Бекем кармап эр Сыргак,
Дөбөдөй болгон Малгунду
Төбөсүнө эки кур
Салып-салып өттү эми.
Чапканга Малгун кенебейт,
Сыргактын чапкан зардабын
Бучкагына теңебейт.
Бура тартып өткөнчө,
Ат оюнчу, жөө күлүк,
Казыналык чоң балбан
Көздү ачып-жумганча,
Бала Сыргак баатырдын
Башын жара чабаарда,
Эр Сыргакты чаптырбай,
Көкжал кайран Алмамбет
Куюндан мурун жетти эми,
Жеткен жерде Малгунду
Көөдөнгө муштап өттү эми,
Туткундагы жаш Сыргак
Бошоп калып кетти эми.
Малгун менен Алмамбет
Чапкылашып калышты,
Калкандын бети кагышты.
Сооттору жыртылып,
Качпай туруп эки эр
Чындап жатып салышты.
Көкчебич менен түйүлүп,
Жандап жүрөт эр Сыргак:
«Жаралбасам нетет», - деп,
Жаратканга жалынып,
Ыйлап жүрөт эр Сыргак.
«Мен, Алмамбет артыкча
Адамзаттан шер болдум.
Бир Малгунга тең кылбай,
Мунча неге кем болдум.
Не да болсо көрөйүн.
Каршылашып турганда,
Капыр Малгун сокурду
Жалгыз көздөн жаңылбай,
Айза менен аныктап,
Көзгө муштап өтөйүн», Деп, ушинтип, эр Сыргак
Турумтайдай жетти эле,
«Малгундун жалгыз көзү», - деп,
Чечекейге эр Сыргак
Муштап эми өттү эле.
Муштаганда чечекей
Жалгыз көзгө сайдырып,
Чечекейден айрылды.
Амалы кетип Чоң Малгун
Тоого качты шок-шоктоп,
Алмамбет, Сыргак эки шер
Тоого койбойт токмоктоп,
Бээжинде Малгундай башка эл болбойт,
Сайган менен айза өтпөйт,
Шилтесе кылыч түк кеспейт,
Чындап качып чуркаса
Эки күлүк ат жетпейт,
Сабаса Балтай дагы өтпөйт.
Капырдан кайдан аянды,
Ортого алып Малгунду
Алты күнү сабады,
Өлтүрө албай Малгунду
Эки кыраан жадады.
Ажалдын жеткен убагы
Жана жетип түйүлүп,
Кашында бала Сыргагы,
Жеткен жерден эр Сыргак
Башындагы туулга
Ыргыта коюп өттү эми,
Атайы соккон асыл курч
Азизкандын жалгызы
Чындап колго алды эми,
Кыйгай тартып Малгунду
Башка шилтеп калды эми,
Карышынча кан кылды,
Бир чапканда Алмамбет,
Чоң Малгунду сойгон соң,
Алмамбеттей шер болбойт.
Ээрдинен тешип Малгунду
Артып берсе атына,
Малгундун жалгыз башына
Кайран Сыргак тең болбойт.
Качыры болсо капырдын
Тең келишер дүнүйө
Адамзатта эр болбойт.
Азизкандын жалгызы
Бел байлаган Бээжинди
Беттеген жерде сойгон шер,
Чоң Малгунду баш кылып,
Кырк кечилди сойгон жер.
Ушул кезде чоң Бээжин
Эштеме менен иши жок,
Мындан ары Бээжиндин
Кароолунда киши жок.
Асылым менин Сыргагым,
Кытайдын көп жылкысын чачабыз,
Эми эки күн жол жүрсөк
Ит-Өлбөс белин ашабыз,
Эңкейген жерде чоң катын
Канышай элин басабыз.
Эбин тапсак катынды
Эптеп жүрүп соёбуз,
Эптебей шекти билгизсек,
Катынга туткун болобуз.
Кирген чакта оозунда
Алтындан курган чатыр бар,
Ошол чатыр ичинде
Бозкертик менен Музкиндик
Эки түгөй баатыр бар.
Чытырмандуу токойдо
Жалгыз аттын жолу бар,
Кандай заман, кандай күн
Кагылайын Сыргагым,
Канжаркол деген зору бар.
Шек билдирбей булардын
Баарын текши кыйратсак,
Кытайдын жолун чачабыз.
Кыргыздын жолун ачабыз.
Бээжиндеги Эсенкан
Анын кызы Бурулча,
Учурашып кайтабыз
(Аман болсо Сыргагым).
Шек алдырсак, Сыргагым,
Канжарколдон бир миңи
Кармайын, - деп камынат,
Бээжиндин бу да кароолу,
Шек билдирсек, Сыргагым,
Чоң катыны баш болуп,
Экөөбүзгө жабылат.
Канча айтам мен муну
Бекип жаткан бели ушул,
Бек ишенип Карыкан
Бел байлаган жери ушул.
Алты айчылык берерге
Желдет кытай эли ушул,
Кадырын билип кытайдын
Канчасын көргөн мен ушул.
Бастырып чаап алуучу
Маргалаң, Букар шаары ошол,
Кылчайбай кырып ийүүчү
Кызылбаштын эли ошол.
Кызырканып, кытай, - деп,
Кылчайбай жоолай бергендей,
Кызыталак Алмаң мен эмес,
Кымбаттуу Бээжин кытайдан
Эсен кайтчу эл эмес».
Муну айтып Алмамбет
Күңгүрөнүп күүлөндү,
Карап турсаң турпаты
Канча-канча түрлөндү.
Кыяга кирип барганда
Карап турса абыдан,
Кара чаар кабылан
Капталынан чамынды,
Кабылан берен Алмаңдын
Колдогону бул экен,
Ийри-буйру жол менен
Имерилип барганда,
Бир караса Алмаңды
Камчы куйрук арслан,
Каарданып чамынып,
Бу да келип калыптыр.
Бир караса Алмаңды
Кырк айзачан, кырк бир жан
Тегеректеп алыптыр.
Жаңырыктын Жар-Кыя
Жаңы кирип барганда,
Алты кулач ажыдаар
Оозунан өрт чыгып,
Арт жагында алжаңдап,
Кошо жүрүп калыптыр.
Жана дагы караса
Алп кара куш алжаңдап,
Бутун салып арбайтып,
Алмамбетти илчүдөй,
Бу жакындап калыптыр.
(Көбү төгүн, көбү чын,
Көрүп келген адам жок,
Бири төгүн, бири чын,
Билип келген адам жок,
Илгеркиден биздерге
Келе жаткан ушу кеп,
Оодарылган алардан
Опсуз чиркин дүйнө шок.)
Бет алып Бээжин жол жүрдү,
Жолго салып мол жүрдү.
Астындагы Сарала
Айтайын десе тили жок,
Эчен кайкы-белести
Ашкан жерин көргөндө
Кулунунан ойноктоп
Баскан жерин көргөндө,
Көкүлдү көккө ыргытып,
Туякты жерге мылгытып,
Кара болот ооздук
Көмөкөйгө каккылап,
Оонап ийчү эмедей,
Тал жибектей куйрукту
Чаткаякка чапкылап,
Адырдын башы ак кайкы
Көрүп барат Сарала,
Окуранып жер чапчып,
Өтүп барат Сарала.
Ылдам жүрүп кеткенде,
Жетик тулпар Сарала
Желгенине жел жетпейт,
Басканына мал жетпейт.
Чу койгондо Алмамбет
Этек-жеңи дыркырап,
Атып ийген ок жетпейт.
Кең Бээжинди көргөндө,
Айбан да болсо Сарала
Артыкча жаны сүйүнөт.
Улутунуп, сумсайып,
Үйрүн ойлоп күйүнөт.
Баскан жери быркырайт,
Чоң казандай даңканы
Төбөсүндө зыркырайт,
Жүрө түшүп кылтылдайт,
Күмүш така, алтын мык,
Аягында жылтылдайт.
Араандай оозу ачылат,
Кан аралаш ак көбүк
Омуроодо чачырайт.
Таманы жерге тарсылдайт,
Салынган тили бир карыш
Тизесинде салпылдайт.
Сарала буудан жол тартат,
Алдындагы эр Сыргак
Коштогону Карткүрөң,
Санааны катуу мол тартат.
«Кудайдын жалгыз буйругун
Башка келсе көрсөк, - деп,
Айза менен челишип,
Ажал жетсе өлсөк, - деп,
Калың уруш бир болуп,
Какайлатып кытайдын
Калаасын эчен бөлсөк», - деп,
Өлүп барат Сыргак жан.
«Түнөрүп токой көрүнгөн,
Түтүнү көккө бөлүнгөн,
Калдайып караан көрүнгөн,
Карааны көздөн бөлүнгөн,
Канышай турган чек ушул,
Көрүнүп калсак көзүнө
Челише турган эл ушул,
Акыл менен албасак
Азапка салчу эр ушул.
Ат көтөрбөс жөөсү бар,
Башкасын айтып нетейин,
Ушул элдин ичинде
Музкиндик деген дөөсү бар.
Жеке катын ал эмес,
Жалгыз турчу жан эмес,
Колунда бир миң колу бар».
Муну айтып Алмамбет
Өрттөй көзүн жайнатып,
Алдындагы Сарала
Эр Сыргакка карматып,
Кынсыз кылыч байланып,
Айбалта белге чалынып,
Ок өтпөгөн тон кийип,
Койнуна куран салынып:
«Колдой көр!» - деп жалынып,
Баса түшүп токтолуп,
Ок жыландай октолуп,
Арсландай чамынып:
«Абайлап Сыргак, көзүңү ач!
Алыс жерде жан жолдош».
Шыпылдай басып каранып,
Койго тиер бөрүдөй
Оозу-мурдун жаланып,
Ылдамдай басып токойго
Кирип кетти Алмамбет.
Ортосунда токойдун
Үйдөй болгон көк чынар,
Бу чынарды көрмөккө
Кимдер болсо чын кумар.
Жалгыз чынар түбүндө
Агып жаткан кара суу.
Таш сайынган кытайдын
Тазасы ичкен ушу суу,
Атайлатып Бээжинден
Алты кан журтун чалдырган,
Эсенкандын алдынан
Эшек кулак балбанды
Суусун ташып беришке
Арнап аны алдырган.
Күрсө-күрсө жөтөлүп,
Суу алам деп чынарга
Алты бука терисин
Алып келет көтөрүп,
Булакка жакын келгенде,
Муну Алмам билгенде,
Сууну балбан толтуруп,
Үйдөй болуп олтуруп,
Кайра ийнине саларда,
Канышайдай катынга
Көтөрүп балбан барарда,
Басканына койбоду,
Берен көк жал Алмамбет
Жетип барып кармады.
Жеткен жерден Алмамбет
Башын кесип туйлатып,
Кара сууга салды эми,
Кийиминин үстүнө
Бар кийимин балбандын
Баса кийип алды эми.
Кол токмоктой айдар чач
Аркасына жайды эми,
Алты күн сууну көтөрүп,
Калың балбан, чоң катын
Канышайдай капырдын
Ордосуна барды эми,
Кайгайлаган кытайдын
Ортосуна барды эми.
Ошол чакта ордого
Кытай кайнап толуптур,
Чагаан айы болуптур,
Алмамбет кез болуптур,
Кандай айла табарга
Акыл санап ошондо,
Ойлоп кирди Алмамбет,
Таш сайынган кытайдын
Тазасы болуп көнгөн кул
Баса түшүп ийилип,
Кытай болуп жүгүнүп,
Башка сүйлөп балдырап,
Калмагынча калдырап,
Оюн салып, кеп таштап,
Акырын сүйлөп, бек таштап,
Кырк бөлөк кылым оюнун,
Баарын айтып тең таштап,
Эче түркүн сөз айтты.
Көргөн кытай корголоп,
Чоң катындын алдына
Азизкандын Алмамбет
Кирип барды жорголоп.
Ок жыландай октолгон,
Чекири жок, кой көздүү,
Сепкили жок, ак жүздүү,
Азизкандын Алмамбет
Укуруктай моюндан
Ак тамагын кылайтып,
Бийлеп турду муңайып.
Алакең оюн салганда
Байкап кытай билген жок,
Чын Алмамбет экенин
Ылжыган кытай туйган жок.
Алтындан кылган тактанын
Үстүндөгү чоң катын
Алакең бийлеп турганда
Эрип бою эңгиреп:
«Бир кучактап жатсам», - деп,
Ашык болуп Алмаңа
Эси кетти зеңгиреп.
Күйүп-күйүп чок болбой,
Кызыккандан Канышай
Сабыр кылып токтолду.
«Кырк уруу кытай элине,
Кыйла жаткан жерине
Ар бириңер кырк балбан
Бергин, - деп, салык салсам, - деп,
Ошол калың балбан көпчүлүк
Башчы кылып алсам, - деп,
Жакындашып дос болуп,
Бир төшөктө жатсам, - деп,
Чаганга келген көп элге
Арак-шарак көп берип,
Баарын бирдей мас кылып,
Ырдап турган суучуну
Боорума бассам», - деп,
Ойлоп турду чоң катын.
Андан бетер Алмамбет
Кызыктырып кытайдын
Кызы эмес, эркегин,
Бүткөн боюн эритип,
Канча кызык обонго
Салып жатат Алмамбет,
Арак куйган кумура
Анда-санда Алмамбет
Камдай барган ууларды
Бийлемиш болуп билгизбей
Көп кытайга көргөзбөй,
Көнөк менен көөкөргө
Куюп жүрөт Алмамбет.
Канжаркол менен Музкиндик
Кайрат кылар кара жок
Алып келип аракты
Сунуп жүрөт Алмамбет.
Жөө күлүктүн мыктуусу,
Жоо бетинде ыктуусу,
Музкиндикке келди эле,
Билбей басып жүгүнүп,
Бели кетип ийилип,
Буга да арак берди эле.
Сунуп жүргөн аракты
Ичкен жерде бүк түшүп,
Өлүп жаткан мындан көп.
Оозунан көбүк чубуруп,
Басалбастан тыбырап,
Араң жаны кыбырап,
Сулап жаткан андан көп.
Кусуктары басылбай,
Мастыгынан басалбай,
Кулап жаткан андан көп.
Эки көзү кылайып,
Өлө турган эмедей,
Акырайып алайып,
Ары-бери темтейип,
Туйлап жаткан андан көп.
Не дегенин билбестен
Эч адамды көрбөстөн,
Оозуна келсе аны айтып,
Ырдап жаткан андан көп.
Сөзү угулбай дүңгүрөп,
Өз ичинен күбүрөп,
Көздүн жашы он талаа,
Ыйлап жаткан андан көп.
Мындай ишти көргөндө,
Көрүп баарын билгенде:
«Бул эмине болду, - деп,
Муну ойлойт чоң катын.
Жара келген бул калкты,
Келген жерден мындайча
Салып ийген дүмөктү,
Кырчоосун кылдан эштирген,
Бүтүн жерин кем кылып,
Бурутка барып кестирген,
Азизкандын кан ичер,
Алмамбет келген экен го,
Аябаган чатакты
Салып келген экен го.
Жолдогу бүткүл кароолду
Баарын бирдей өлтүрүп,
Кырып келген экен го.
Кулжа менен түлкүнү,
Жалгыз көзчөн чоң дөөнү,
Кырк кечил менен кыйратып,
Союп келген экен го.
Баарың бирдей камын, - деп,
Балбандардын баарысы
Алмамбетке жабыл» - деп,
Айкырып катын турганда,
Жөө күлүк баары камынды.
Калың балбан биригип,
Канжаркол менен Музкиндик
Алмамбетке жабылды.
Жекени белге курчанды
Жетик кыраан Алмамбет
Бир миң эмес, жети миң
Жайнап жаткан көп колго
Жеке кирип кол салды.
Өлүм десе сүйүнөт,
Өсөт десе күйүнөт,
Кабылан көк жал кайран шер
Кан ичип жүрүп чоңойгон,
Канкор, берен, кабылан эр
Токутпай качыр бурагын,
Топтоп кытай киргенде,
Ыргыта тепти чырагын.
Жагылган отун өчүрдү,
Жабылган кытай баары мас,
Кылыч менен кыймалап,
Кырып таштап баарысын
Капчыгайдай көчүрдү.
Урушарга кытайда
Эч бир кайрат, дарман жок,
Канжаркол менен Музкиндик,
Канча балбан, Бозкертик,
Бири тирүү калган жок.
Ок жыландай октолуп,
Оюп жүрөт Алмамбет.
Ошол жаткан кытайдын
Бирин эсен койбостон,
Союп жүрөт Алмамбет.
Ошол кезде чоң катын
Каарданып бакырды,
Үстүндөгү ордону
Бир кол менен уратып,
Тышка карай ашыгып,
Чуркап чыкты чоң катын.
Ар жабдыгы шайлануу,
Астында күлүк тулпары
Ак сарайда байлалуу,
Ага жетип чоң катын
Ыргып атка минди эми,
Атка камчы бир басып
Бээжинди көздөй жүрдү эми.
Барган сайын кайраты
Ташып турду Алмамбет:
«Бээжинге катын жетет - деп,
Жеткирбестен кетет», - деп,
Шашып турат Алмамбет.
Шашканынан бакырды:
«Жете көр!» - деп чакырды.
Алмамбет үнүн укканда
Асыл Сыргак турабы?
Сараланы жетелеп,
Ай тийгендей өңдөнүп,
Зымыратып чурады,
Көздү ачып-жумганча,
Алып келди чунагы.
Сараланы минди эми,
Изине салып жаңылбай,
Катынды кууп жүрдү эми.
Көкчебич менен Сарала
Коштоодогу Карткүрөң
Ооздук менен алышат,
Алмамбет, Сыргак эрендер
Учкан куш менен жарышат.
Кара тоонун белинде
Качып кеткен катынга
Кидирбестен жетти эми,
Жеткен жерде катынды
Ылаачындай эр Сыргак
Көмө коюп өттү эми,
Азизкандын Алмамбет
Оңолуп катын турганда
Башын кесип кетти эми.
Сыргакка Алмаң кеп айтат,
Кеп айтканда деп айтат:
«Көңүлдө эми арман жок,
Топон суу тийбес Бээжиндин,
Тозоту эми калган жок, Сыргак!
Туулуп-өскөн жер ушул, Сыргак!
Алты жашар кезимде
Көйнөгүм чечип жүгүрүп,
Көпөлөктү кубалап,
Чоңоюп жүргөн жер ушул, Сыргак!
(Туулган жерди көргөндө
Көңүлү жаман бөлүндү,
Көзүнүн жашы он талаа
Көлдөй болуп төгүлдү.
Киндик кесип, тууган жер,
Кирин кабат жууган жер
Мекесиндей көрүндү.)
Ойноо бала чагымда,
Турганда алтын тагымда,
Береки кашат көрүнгөн,
Андан аркы заңкайган,
Көгала борчук бийик тоо
Атамдын Кан-Жайлак деген жери эле.
Береки жаткан Бээжинден
Миң балбанын алдырып,
Күлүк байлаар жерине
Күмүштөн керме тарттырып,
Өгүзгө казан арттырып.
Кырк кулактуу казанга
Азыктарын кайнатып,
Чыгам деген кытайдын
Чыгарбай шорун кайнатып,
Тозуп турган мен элем.
Анык күлүк Сарала
Оттоп көнгөн жер эле.
Асманда күнүм бүркөлөт, Сыргак!
Бээжин эске түшкөндө,
Томуктай болгон башыма
Акыр заман, кыямат,
Алтымыш санаа бир келет, Сыргак!
Алмамбеттин Бээжинге
Азап салган шоктугу,
Ушу турган Бээжинде
Койчу, кокуй, Сыргагым,
Бусурман диндин жоктугу!
Калдайып жаткан Бээжинде
Алмамбет улук кан болсо,
Миңге бөлүп кытайды
Эч болбосо биринде
Мага жолдош бар болсо,
Калың кытай Бээжинге
Кайгыны кантип баштайын, Сыргак!
Бусурман дини бар болсо,
Кантип журтум таштайын, Сыргак!
Таштап журтум кеткенде
Не муратка жетемин, Сыргак!
Туулуп-өскөн, туңгуч жер,
Түгөл айтып кетейин, Сыргак!
Береки туура жаткан кара кыр,
Чай алуучу кен ошол,
Черикти кытай эл ошол.
Кырк кандын эли кытайга
Алтын берсе, чай берип,
Бу Бээжинди сурап турган мен ошол.
«Алмамбеттин чай чыгуучу кенти», - деп,
Алигиче Бээжинге
Атагы калган мен ошол, Сыргак!
Тетиги агала мойнок көрүнгөн,
Алтын казар жер ошол,
Ар шайманы тептегиз,
Айланта билген мен жалгыз,
Айтып турган мен ушул, Сыргак!
Тетиги, агала кум, кызыл чап,
Шордуу атам:
«Алмамбет ойноп жүрөт», - деп,
Казыналык кылдырган,
Атакемдин керүүсү Түбүндө калмак эр ошол.
Он эки күндө бир чыгып,
Ошол жаткан көк кумга
Оюн кылган жер ошол.
Ойлосом ичим чок болот,
Санаамды кантип жоёмун, Сыргак!
Эрмегим калган кайран жер,
Эстебей кантип коёмун, Сыргак!
Алдыбызда мелтиреп,
Айнектей болгон ак талаа,
Алмамбеттин талаасы,
Койчу, Сыргак, кабылан
Айта берсем өткөндү
Бөлүнөт эрдин санаасы, Сыргак!
Ак талаа жайын айтайын,
Кунанында Сарала
Кутуруп ойноп минген жер,
Жаш кезимден жүргөн жер,
Айнектей болгон ак калаа
Атамдын Таш-Көпүрө калаасы,
Таш-Көпүрө шаарында
Алмамбет жорук билген жер,
Атакемдин ордуна
Алты күнү кан болуп,
Алтын тагын минген жер.
Алтын так жайын айтайын:
Асыл темир дарбаза
Кандын турган эшиги.
Ошол эшик ичинде
Тегерете чынар бак,
Ичинде болот алтын так,
Адам басар жолу жок.
Бу туш менен тиги туш,
Жакут таштан жабылуу,
Ич жагында не түрдүү,
Ар белгиси салынуу,
Кырк жылы сууга чыласа,
Кылт этип кыры оңбогон.
Топурак тозоң-чаң көрсө,
Кылайып өңү оңбогон,
Алтын көчөт чоң килем,
Чылк жибектен токуган.
Астына аны жайдырган
Алтын такты орнотуп,
Үстүнө анын салдырган.
Кумар болуп калың эл
Көрсөм - деп, көзү кызарган,
Бир көргөнү: «Кайтадан
Дагы келип көрсөм», - деп,
Алтын такка кубанган.
Жакут менен көөрдөн
Босогого салдырган,
Тоту куштун куйругун
Токсон түрдүү кулпунтуп,
Ар бурчуна сайдырган,
Көргөндүн мээрин кандырган.
Көркү артык, алтын так,
Талак кылып дүйнөмдү
Таштап кеткен ошо чак.
Кыяматтын айынан,
Кыйын тозок барынан,
Кыйналып азап мен тарттым,
Кылча көрбөй мүлкүмдү
Кылчайбастан мен качтым.
Кырка тиккен сары тал
Алмамбет сайган бак ошол,
Карарып турган кара там
Алтымыш кечил жетелеп,
Алдымдагы Сарала,
Сараланы байлаган
Ат акыры жер ошол.
Куурап калган арбайып,
Ортодо турган чоң чынар
Азыз энем Алтынай
Мени тууган жер ошол.
Мен туулган чынарым
Бүткүл чирип тамыры,
Такыр куурап алыптыр,
Төбөсүндө чачырап,
Бүчүрдүн учу калыптыр,
Таласка эсен тартпаймын,
Бээжинден бекер кайтпаймын.
Шордуу энем айткан кеп эле:
«Кокус Бээжин сен келсең,
Менден тукум бар болсо,
Чынарымдын түбүнө
Чырпык чыгат», - деди эле, Сыргак!
Түбүнөн чыккан чырпыгы
Чынарга жакын болуптур,
Бузулуп кетет санаа бар,
Артымда калар бала бар.
Көп дүнүйөм жатат көрдүңбү?
Боз ордом кулап калыптыр, Сыргак!
Артыкча жыйган алтыным,
Мен Бээжинден кеткенде
Кытай талап алыптыр,
Жаңгагым жарым болуптур,
Чынарым суудан калыптыр,
Сараланын акырын
Кыжылдаган көп кытай
Камчыга ченеп бөлүптүр,
Кайран жаным өлүптүр.
Бозоруңку көрүнгөн
Аштыгым айдаар жер ошол,
Баштатан аккан суу жок,
Баарын текши бастырып,
Күрпүлдөктүн суусунан
Алыш алган мен ушул, Сыргак!
Алты кан эли той кылып,
Алыш алып турганда,
Кызмат кылып ошондо
Атын койгон «Кең-Алыш».
Ошол алган алыштын
Түбүн кырк кез ойдуруп,
Үстүнөн аша жайпатып,
Кытайды ашка тойдурдум.
Мен турганда Бээжинге
Алмамбет эрке жан эле
Чолпондой көзүм жаркырап,
Алтымыш энем багуучу
Алмамбет эрке бала эле, Сыргак!
Ойноп жүргөн чагымда
Чыкса дагы, чыкпаса,
Оюн кылып тамаша
Сайган талым бар эле, Сыргак!
Чырпыгы үйдөй тал болгон,
Өсүп өтө дөөлөтүм,
Бээжинге Алмаң кан болгон.
Сайган менин талымдын
Калың кытай ошондо
Касиетин билүүчү:
«Өзүнчө чыккан экен» - деп,
Калың кытай ошондо,
Мазар кылып жүгүнчү,
Тооп кылып жүрүүчү,
Талдын жайы ушундай, Сыргак!
Кечеги өткөн заманда
Жапалак чөлүн басканда,
Калың кытай эл менен
Жалгыз жүрүп кармашып,
Жапааны мен чоң тартып,
Силерди көздөп качканда,
Кытай кырк миң, мен жалгыз
Жекелеп кытай алганда,
Алдыңдагы боз дөңдөн
Кытайлардын Калча кул
Коңурбай кууп жетти эле, Сыргак!
Айза менен бир муштап,
Коңурбай кууп өткөндө
Оозумдагы сыр канжа
Оозумдан ыргып кетти эле, Сыргак!
Кылчайбастан артыма
Туура жолду баштадым,
Ала албастан канжаны,
Кайта Бээжин кайрылсам
Алармын - деп, аманат кылып таштадым.
Заманым кетти муң болгон,
Күнүм кара түн болгон.
Топурагын чачып көр,
Ишенбесең өзүмө
Муштаган жерим ачып көр, Сыргак!»
Узун кармап айзасын
Күн батарда күүгүмдөп,
Муштап калды Алмамбет.
Көрсөткөн боз дөбөсүн,
Алмамбет сайып турганда
Ошондо Сыргак муну ойлойт:
«Күндүз эмес, түн болсо,
Кеткенине Алмамбет
Алда канча жыл болсо,
«Коңурбай жетип сайды, - деп,
Алтын канжам калды, - деп,
Калп айтканын карачы»,
Муну менен эр Сыргак
Аттан ыргып түштү эми.
Айза учунда топурак
Айбалталап бузду эле,
Топурагын чачкылап,
Учун чукуп ачкылап,
Ачып алып караса,
Баякы айткан канжасы
Жаткан экен учунда.
Сууруп алып кармаса,
Алтын болуп Бээжинди
Билип турган кезинде,
Жакутту жара жардырган,
Упчусуна канжанын
Көмкөрө кылып көөрдү
Көз-көз кылып салдырган,
Эскиргендей түрү бар,
Соро турган жеринде
Дат баскандай кири бар.
«Кырк кандын эли ушул» - деп,
Элин айтты Сыргакка.
«Өзүмдүн турган жайым» - деп,
Жерин айтты Сыргакка.
«Калган жерге кайгырып,
Кай муратка жетебиз?
Мунарык болуп бурчтанган,
Булуң тартып учтанган,
Эсенкан кызы Бурулча
Эригип жатат ошондо,
Мени күтүп кургуруң
Зеригип жатат ошондо,
Учураша кетебиз, Сыргак!
Ошол жерге жетпесек,
Учурашып кетпесек,
Наадан деп бизди билбейби?
Канча жылы күйсөм - деп,
Кайгы тартып жүрсөм - деп,
Акыретке барганда
Кара эшек кылып минбейби,
Кылышкан антты бузбайбы,
Учурашпай кетти - деп,
Убайым тарткан Бурулча
Анык күдөр үзбөйбү, Сыргак!» Деп, ошондо Алмамбет,
Күңгүрөнүп ойноктоп,
Астындагы Сарала
Ок жыландай сойлоктоп,
Миздей сары талаага
Жетип келсе заматта,
Томуктай болгон тоосу жок,
Томуктай болгон коосу жок,
Буурсун жүргөн чийин жок,
Кашкулак, суур, чычкандын
Казып койгон ийини жок.
Талаага кирип келгенде
Казык моюн Сарала
Канаттуудай бездирип,
Уй куймулчак Сарала
Учкан куштай түйүлүп,
Уюлгутту Алмамбет.
Карткүрөңдү жетелеп,
Желгенине жел жетпей,
Чү дегенде, ок жетпей,
Артынан кошо арылтып,
Келе жатат артында
Арслан Сыргак кана бек,
Нече күн жүрүп оолукту,
Күрпүлдөктүн Сары-Суу
Дайрага булар жолукту.
Сары-Суу боюн карасаң
Будур-будур бурулат,
Будурдун чөбү суюлат,
Адырдын жазык салаадан
Куланы сууга куюлат.
Сары-Суунун бою өзөн,
Бул өзөндү карасаң
Жалбырагы жаргактай,
Кара курту бармактай,
Кымыздыгы билектей,
Үркүп чыкса маралы
Сайгактаган инектей.
Тоосунда алыс кары бар,
Токоюнда чары бар,
Карап турсаң өзөндө
Жан бүткөндүн баары бар.
Будурунда бугу бар,
Кумдак сууда кундуз бар,
Кыймылдаган жаныбар,
Кыйыр-кыйыр чабы бар,
Чычкандын мурду өтпөгөн
Чытырман токой дагы бар.
Ошол токой ичинде
Үйдөй-үйдөй үйүлгөн
Кызыл кумдан мунар бар.
Мунардын түбүн бойлогон
Мунарадай чынар бар.
Бир көргөн жан чынарды
Да көрүшкө кумар бар.
Алмасы түшүм көң болгон,
Аюу менен карсактын
Азыгына жем болгон.
Жаңгагы бышып сай толгон,
Өрүгү бышып май толгон,
Мистеси бышып бал болгон,
Телегейи тегиз жер
Көргөн киши дал болгон.
Чынарда булбул сайраса,
Ичинен адам чыккысыз,
Таңшыганда таң калып,
Муңдуу киши уккусуз.
Туралбай Алмаң оолугуп,
Айткан сөзүн Алмаңдын
Сыргак турду дагы угуп.
«Алдыбызда көрүнгөн
Күрпүлдөктүн дайрасы,
Канаттуу учуп өтпөсө,
Чыдап муну кече албайт,
Адамзаттын баласы.
Аты мунун Күрпүлдөк,
Агыны катуу дарыя,
Алыска шары угулат,
Тоо жаңырып дүңкүлдөп.
Кырк кандын эли кытайга
Кыстоо салып жыйдырдым,
Темир залдуу көпүрө
Жалгыз аттын жолу бар,
Танабын тарта качпаган
Алмамбеттин шору бар.
Эми сырым айтайын,
Асылым менин Сыргагым,
Бул сууну канча кечкемин.
Ошол үчүн жаңылбайт,
Астымдагы Сарала
Өзү кечкен кечүүдөн.
Канча-канча кечкен жер,
Кытай менен кармашып,
Бул дайрадан өткөн жер.
Кечкен жерде Сарала
Башка жакка кайрылба
Кандай кечсе шондой кеч.
Сараланын соңунан
Сыргагым, асты айрылба.
Суунун мындай жолу бар,
Куржунумда Сыргагым,
Менин атам Азизкан
Сейилдикке кийүүчү
Жарым кандын тону бар.
Тонду кийип аламын,
Карарып жаткан кытайга
Карап тургун, Сыргагым,
Калың кызык саламын!
Канжыгада ак куржун,
Кабыланга чак куржун.
Куржунду алып караса
Жаркылдаган алтындан.
Жоо болорун Бээжиндин
Биле кеткен эмеспи:
«Жортуулга кытай кайрылсам
Байдасы тиер тондун», - деп,
Азизкандын Алмамбет
Абалдан ойлоп ушуну
Кие кеткен эмеспи.
Ушинетип Алмамбет
Атасынын чен тонун
Кийип турса керилип,
Жакут ташты жардырган,
Көкүрөккө тонунун
Асыл таштан салдырган,
Кытайча жазып кол койгон
Чоң-Бээжинде Карыкан:
«Бээжиндин жарым канына
Бердим», - деп, колун чын койгон.
Керек болор буюмду
Уйпалатпай бактырган.
Эки каптал бөйрөккө
Корголдой болгон бермет таш
Катарынан тактырган.
Карап турган эр Сыргак:
«Кадимки кытай экен», - деп,
Алмамбетти жактырган.
Ушул тонду кийгенде
Карай албай жүзүнө
Сыргактын көзү уялып,
Жактырып турду Алмаңды.
«Аман болсун көк жал», - деп,
Өз ичинен кубанып.
Алмамбет бизге келгени
Бадыша султан дини экен,
Ушу жерде Алмамбет
Кырк кан эли кытайдын
Ордолуу журту Бээжиндин
Оёнунун бири экен.
Алмамбет деген сөз экен.
Бысмылдабыз болбосо,
Береки Бээжин шаарында
Жүрөр кытай өзү экен.
Ушу турган кытайга
Кичине эмес, дөө экен,
Кырк кандын эли кытайды
Кызыл канга боёлтуп,
Кыйратып билер эр экен,
Ушу турган Бээжиндин
Ойлоп турсам Алмамбет
Орнотулуу чеп экен.
Алмамбет качып кеткенде
Калың кытай дүңгүрөп,
Ыйлаганы эп экен.
Бул өңдөнгөн арсланды
Келгенден «кытай» дей берип,
Кудай урган кеп экен.
Ошонун баарын көтөргөн,
Алмамбет анык эр экен,
Кабакты чытып койбогон
Алмамбет кара көк экен.
Алакең көзү бар болсо,
Орнотулуу Манаска
Терең казган ор экен,
Адам кесип өткүсүз
Болоттон кылган тор экен,
Аныгында Алмамбет
Бусурман дини болбосо
Бизге келген кор экен».
Муну айтып турганда
Арсланың берен Алмамбет
Көк жалдыгын билгизди,
Жанындагы сумбул тон
Эр Сыргакка кийгизди.
Кан башы менен Алмамбет
Кынай курчап Сыргакты,
Жыйырмада чунакты.
Жигиттен артык сымбаты,
Сумбул тонду кийгенде
Жарым кандын артынан
Жүрө турган сакчысы,
Жигити болуп калды эми.
Бура тартып Күрпүлдөк
Чоң дайрага кирди эми.
Кирген жерден чоң дайра
Тердикке чыкпайт шаркырап,
Анык тулпар Сарала
Кобулданган кашка тиш
Оозунда жаркырап,
Өрдөктөй сүзүп дайраны
Кетип барат аркырап,
Артынан түштү эр Сыргак
Карткүрөңдү чың коштоп,
Сылай-сылай камчылап,
Астындагы үч тулпар
Үстүндө оор жүгү жок,
Сүйлөйүн десе тили жок,
Айбандан эстүү жаныбар,
Уй куймулчак Сарала
Булт койгондо булт коёт,
Кылт өткөндө кылт коёт,
Ээрчиткени эр Сыргак,
Азизкандын көк жалы
Аман кечип өттү эми.
Күрпүлдөктөн өткөн соң,
Ар жагында чаңдаган
Боз жалпакка жеткен соң,
Маңдай жагы жаңырык
Жалгыз аттын жолу экен,
Кайнап жаткан калың журт
Кабарын билген киши жок,
Ичинде Жолой чоң экен,
Манжуунун каны эмеспи
Эзкаранын колу экен.
Ошол колго барганда
Дүрбөдү кытай дыркырап,
Он башы менен миң башы
Бээжиндин жарым каны экен,
Алмамбетти көргөндө
Бүткүл кытай чогулуп,
Таазым кылды чуркурап,
Ошол колду бек кылып,
Азизкандын Алмамбет
Курап кеткен эмеспи,
Жарым кандын алтын так
Минип кеткен эмеспи.
Калың кытай, манжууну
Билип кеткен эмеспи.
Дүрбөп кытай чогулуп:
Olet lukenut 1 tekstiä osoitteesta Kirgisia kirjallisuutta.
Seuraava - Манас - Саякбай Каралаев - 42
- Osat
- Манас - Саякбай Каралаев - 01Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 3804Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 231423.7 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa34.0 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa39.8 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 02Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4271Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 193028.5 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa41.5 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa49.6 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 03Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4421Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 203429.2 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa43.0 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa49.8 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 04Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4433Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 196329.2 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa43.5 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa50.5 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 05Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4426Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 196030.8 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa43.3 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa50.8 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 06Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4422Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 196730.8 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa44.0 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa50.6 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 07Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4220Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 200328.7 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa42.2 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa49.7 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 08Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4325Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 196329.2 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa41.6 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa49.5 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 09Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4303Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 191029.5 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa41.8 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa49.3 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 10Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4339Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 207329.5 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa42.9 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa49.5 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 11Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4328Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 201528.5 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa43.6 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa49.9 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 12Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4299Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 205528.2 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa41.9 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa49.0 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 13Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4336Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 205829.4 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa43.2 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa50.4 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 14Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4308Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 201329.6 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa43.6 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa50.7 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 15Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4207Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 196628.5 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa41.7 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa49.1 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 16Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4276Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 207928.2 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa41.9 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa49.8 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 17Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4253Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 196629.4 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa42.8 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa50.7 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 18Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4333Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 202629.2 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa42.0 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa49.4 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 19Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4259Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 206328.2 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa42.1 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa50.1 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 20Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4321Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 218128.3 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa41.5 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa49.0 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 21Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4372Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 210230.4 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa44.0 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa51.0 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 22Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4266Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 208227.9 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa41.8 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa48.6 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 23Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4406Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 203928.9 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa42.9 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa48.8 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 24Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4326Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 210429.0 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa41.5 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa48.8 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 25Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4350Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 211129.4 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa42.6 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa49.9 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 26Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4282Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 201530.4 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa44.3 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa51.2 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 27Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4376Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 207730.1 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa44.0 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa49.9 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 28Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4323Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 206928.8 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa42.1 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa49.5 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 29Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4329Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 214229.4 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa42.7 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa49.7 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 30Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4371Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 208429.8 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa44.8 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa51.2 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 31Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4396Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 202029.3 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa42.6 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa49.5 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 32Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4341Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 206230.4 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa44.7 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa51.2 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 33Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4404Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 203630.1 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa45.1 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa51.7 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 34Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4353Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 202630.6 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa44.8 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa52.0 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 35Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4286Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 210329.0 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa43.4 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa50.8 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 36Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4323Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 205229.7 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa42.8 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa50.0 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 37Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4223Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 194530.0 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa44.3 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa51.9 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 38Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4282Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 204129.1 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa42.6 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa50.0 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 39Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4329Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 219529.6 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa42.9 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa49.7 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 40Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4239Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 215529.7 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa43.1 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa50.6 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 41Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4267Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 202130.3 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa43.8 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa52.5 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 42Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4206Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 194931.5 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa45.5 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa53.0 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 43Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4220Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 186730.9 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa44.7 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa52.6 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 44Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4270Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 184532.1 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa46.8 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa54.1 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 45Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4301Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 205432.2 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa45.7 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa52.8 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 46Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4312Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 185032.0 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa46.1 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa54.5 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 47Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4258Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 190032.0 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa45.8 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa53.5 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 48Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4312Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 204131.8 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa45.4 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa52.5 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 49Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4302Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 209929.7 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa43.8 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa51.5 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 50Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4262Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 203431.3 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa45.6 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa52.9 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 51Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4271Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 187230.8 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa46.0 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa53.7 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 52Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4229Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 172232.2 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa45.8 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa54.3 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 53Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4223Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 176731.4 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa44.1 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa52.4 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 54Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4266Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 182532.6 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa47.4 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa54.4 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 55Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4290Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 169630.7 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa44.9 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa52.7 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 56Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4323Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 187630.0 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa43.5 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa51.7 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 57Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4230Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 199628.3 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa42.9 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa50.3 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 58Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4296Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 197028.4 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa42.5 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa49.8 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 59Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4243Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 208726.8 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa40.0 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa47.1 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 60Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4320Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 208029.6 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa44.1 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa51.4 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 61Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4280Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 199929.5 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa42.9 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa49.8 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 62Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 4338Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 239925.3 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa37.9 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa45.1 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa
- Манас - Саякбай Каралаев - 63Jokainen rivi edustaa sanojen prosenttiosuutta 1000 yleisintä sanaa kohti.Sanojen kokonaismäärä on 306Yksilöllisten sanojen kokonaismäärä on 24336.1 sanoista on 2000 yleisimmän sanan joukossa44.6 sanoista on 5 000 yleisimmän sanan joukossa52.2 sanoista on 8 000 yleisimmän sanan joukossa