Latin

Улуттун жоголгон байлыгы - 7

Total number of words is 1081
Total number of unique words is 730
38.5 of words are in the 2000 most common words
50.6 of words are in the 5000 most common words
56.8 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
сыртка чыгышып, машинаны жүргүзүп буларды сыртта
күтүп турган атасынын айдоочусунун шопурлугунда прессконференцияга жөнөп кетишти. Маалымат борборунун
имаратына келип, атайын даярдалган залга киришкенде,
залдын ичи толо адам экен. Булар кирээр менен
фотоаппараттар шакылдап сүрөткө тартып калды.
Алдыңкы катарда кайсы бир чоңдор отурган сыягы, атасы
алар менен кол алышып учурашып калды. Баймурат
аганын жубайы залдын арка жагына өтүп отуруп, өзү болсо
балдары менен чогуу баарынын көңүл чордону болгон
“сахнадан” орун алды. Сүйлөөчүлөрдүн алдындагы эки-үч
бөтөлкө
суу
коюлган
столго
журналисттердин
микрофондору толуп кетиптир. Топурап тура калгандар
отуруп, зал кичине тынчый түшкөндө, жөтөлүп тамагын
оңдоп алып Баймурат мырза сөзүн баштады:
- Мындан төрт күн мурун, көлдүн түбүнө чумкуган бойдон
балдарымдын жоголуп кеткенин баарыңыздар эле
уксаңыздар керек. Кээ бирөө айтып, жазып жатыптыр:
“Баймурат мырзанын кызы менен баласы байлыгына көөп,
люкс кеме жалдап көлдө эс алып жаткан жеринен ичип
алышып, мас болуп сууга жыгылып чөгүп кетишиптир” деп.
Чындыгында андай эмес, булар илимий изилдөө иштер
боюнча суучул адистин коштоосунда, атайын жабдыктар
менен сууга чумкушкан! Үч күндөн бери тынбай жасалган
издөө иш аракеттерибиз жыйынтык бербей үмүтүбүз
үзүлүп баратты эле, кечээ күнү Кудай жалгап өздөрү
телефон аркылуу байланышка чыгып калышты. Учурдан
пайдаланып,
Өзгөчө
Кырдаалдар
Министирлигине
ыраазычылыгымды
билдирип
кетмекмин.
Ушул
министирликтин иш билген, тажыйырбалуу куткаруу
тобунун өтө кылдаттык менен жасаган операциясынын
натыйжасында куткаруу иши ийгиликтүү аяктады! - деп
алдыңкы катарда отурган чоңдордун бирөөсүн кол жаңсап
көрсөтө кетти. Тиги көрсөткөн кишиси, аталган
мамлекеттик органдын жетекчиси белем, артына бурулуп
журналистерге баш ийкеп учурашып, ого бетер керсейип
отуруп калды.
Аңгыча журналистердин четираакта отурган бирөөсү колун
көтөрүп суроо узатып калды:
- Окуя учурунда балдарыңыздын жанагинтип эс албай эле,
илимий иштер менен алек болгонун кантип далилдеп кете
аласыз?
Суроо узаткан журналистке ууртунан жылмайып Баймурат
мырза жооп берди:
- Тура тургула шашпай, азыр баарын өздөрү айтып
беришет! – деп уулуна бурулуп “башта” дегенсип баш
ийкеди.
Камералардын объективи Максатка карай бурулуду.
Жанатан унчукпай ойго батып, эмне деп айтаарын ойлонуп
отурган Максат отургандардан азыраак сүрдөп, сөзүн
алыстан баштады.
- Баарыңыздарга белгилүү болгондой Ысык Көлгө
сексенден ашуун чоң-кичине дарыя келип куят, бирок бир
да дарыя көлдөн агып чыкпайт. Бул феномен мени аябай
кызыктырып тынчымды алгандыктан, бул табышмактын
сырын билүү үчүн эжем экөөбүз Балыкчыга бардык.
Себеби мурун ошол аймактан суу агып чыкчу экен көлдөн.
Кийинчерээк агып чыкпай токтоп калыптыр. Ал жерден
кеме жалдап көлдүн түбүн изилдөө максатында көлгө
чыктык – деп айтып келатканда жанагы журналист
Максаттын сөзүн бөлдү:
- Чындыгын айтсаңыз, кемеде ичкилик ичтиңиздер беле?
Анткени кеменин бир кызматкери ушиндай маалымат
берди да!..
- Мен таптакыр ичпейм! Сизден сураныч, сөзүмдү бөлбөй
турсаңыз, сизге бул окуянын эң маанилүүсү ичкилик
темасы болсо да! – деп тигиге жооп берип, Максат кебин
улантты:
- Адистин коштоосунда керектүү жабдыктарды асынып
чумкуп, суунун түбүн изилдеп жатып, бир убакта килейген
жаракага агып кирип жаткан көлдүн жер асты дарыясына
туш келдик. Кокустуктан ал жаракага суу тартып кирип
кетип, жер асты дарыясы менен агып отуруп, кыргыз
элинин 1916-жылы үркүндө жоголгон баа жеткис
байлыгынын бир бөлүгүн таптык! – дегенде жанатан үн
катпай,
суз
отурган
зал
заматта
жанданып,
фотоаппараттар жаркылдап, Максатка суроолор жаай
баштады. “Байлык” деген сөздү укканда жада калса алды
жакта баятан бери алмак-салмак алакандары менен оозун
тосуп эстеп, зеригип отурган чоңдорго да жан кирип,
көздөрү чоңойо түштү. Алар да журналистердин суроосун
кайталай:
- Эмне болгон байлык экен ал? – деп жарыша сурап
калышты.
- Эгер бул байлык тууралуу кененирээк айта турган болсом
– деп суудан ууртап алып сөзүн улантты Максат: - Бул
байлык, азыр деле бийлик ээлеринин кайдыгерлигинен
улам вагон-вагон болуп Кыргызстандан чет өлкөлөргө
тынымсыз чыгып кетип жатат!
- Ха, ал кандай байлык экен поюздап өлкөдөн чыгарылып
атса да биз байкабаган? Күмтөрдүн алтынын айтып
жатасың го! – деп кытмыр жылмайды чоңдордун бирөө.
Аларды тиктеп “менин тиешем жок” деп актангансып
Баймурат мырза колдорун жайып, желкесин кагып,
“азыраак сүйлө” дегенсип чыканагы менен акырын уулун
түрткүлөп калды.
- Темир жол бекетине барсаңыз сөзсүз байкамаксыз! – деп
тигил чоңго жооп берип, атасы берген белгиге көңүл
бурбай Максат сөзүн уланта берди:
- Бул байлыгыбыз, 1916 жылы үркүн убагында орус
бийлигинин империалдык амбициясынын натыйжасында
миңдеп жок кылынып, аман калганы жан куткаруу үчүн жүз
миңдеп өз мекенин таштап чет жерге кеткен болсо,
тилекке каршы азыркы күндө да бул байлыгыбыз үйбүлөөсүн, кара жанын багуу ниетинде жүз миңдеп чет
жерге токтобой агып кетүүдө. Бир кылым мурунку
жоготуубузду калыбына келтире албасак да, учурдагы
байлыгыбызды сактап калууга мүмкүнчүлүгүбүз бар! Мен
айтып жаткан улуттун, мамлекеттин эң негизги байлыгы
бул - ЭЛ! Биз, үркүн убагында жоготкон элибиздин кичине
бир бөлүгүн таптык! – деп сөзүн аяктаар менен
журналистер ордуларынан тура калып, жабалактай
микрофондорун сунушуп Максатты тегеректеп калышты...
8-бөлүм. Кыз-жигит
Колунун учтары менен данга толгон оор салмактарынан
жерге карай ийилген буудай баштарын сылай, саргайып
бышкан эгин талаасын бойлоп, желкесине асынган
баштыгын алмак-салмак бир далысынан экинчи далысына
алмаштырып, алыста көрүнгөн орок оруп, эгин жыйнап
жүргөн топту көздөй, кадамдарын чечкиндүү таштап,
тааныш чыйыр жол менен орто бойлуу, сымбаттуу жигит
бара жатты. Үстү-башы суу болсо да көңүлү жайдары,
анда-санда бир ырды кайталап ырдап коѐт ооз учунан.
Алыстагы топтон бир кыз тура калып алаканы менен күндү
калкалап бир саамга карап туруп, келаткан жигитти
утурлай кубанычтуу кол булгалай жүгүрүп жөнөдү. Берки
жигит да кадамдарын ылдамдатып, арыдан чуркап
келаткан кызды кармап калчудай кучагын жайып баратты.
Кыз жакын келгенде күлүмсүрөп ордунда токтой калган
жигит желкесине асынган баштыгын жерге таштап, тиги
кызды кучактап тосуп алды.
- Мен сизди аябай сагындым Максат! – деди жигиттин
мойнуна асылган кыз колдорун коѐ бербей.
- Менин сени сагынганымды айтпа Нурсулуум! – деди
жигит кызды бекем кысып кучактап.
- Эмне кечиктиңиз? – деп кыз жоодураган көздөрү менен
жалооруй карады.
- Иш орундарын түзүп, элди өлкөнүн аймагында жумуш
менен камсыз кылуу боюнча семинарга катыштым – деди
жигит кыздын бешенесинен өөп.
- Кандай өттү, жакшы элеби?
- Ооба, бийликтегилерге жеткирдик окшойт үнүбүздү.
- Мен сиз менен сыймыктанам!!!
- Рахмат жаным! Эжем, жездемдер кайда?
- Гүлайым эжем тиги жакта биз менен, а Бекмырза жездем
болсо тээтигинде чет элдик конокторго бул жердин
өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп жүрөт – деп тоонун боорунда он
чакты адамды ээрчитип бакылдап сүйлөп жүргөн атчанды
жаңсап: - Айтмакчы, жездем сиз жасаган суу тегирменди
илгертен калган тегирмен деп айтып жатат келгендерге –
деп кыз кыткылыктап күлүп калды.
- Ха, ха, ха, жездем эпчил да ошондой! – деп жигит да кыз
көрсөткөн жакты карап каткырып күлүп, бираздан эңкейип
баштыгын сыйпалап калды.
Баштыгынан кичинекей кутучаны жигит алып чыгып, кызга
табышмактуу жылмайып: - Менин сага белегим бар! – деди
кубанычтуу толкунданып.
Эпилог:
Тарыхта кыргыз эли көптөгөн кыйынчылыктарга
учурап, оор кырдаалдарды башынан өткөрүп келген.
Алардын кээ бирөөлөрүнө токтолсок:
1916 - 1917:
Айрым маалыматтар боюнча 1913-жылы кыргыз элинин
калкы 1 282 500 адам болгон.
Үркүндөн кийинки 1917-жылкы эсептөөлөрдө 634 800 эле
адам катталган.
Орусия империясынын жергиликтүү калкты жазалоо
максатындагы иш-аракеттеринин натыйжасында
курман болгондордун жана чет жерге качкандардын саны
орто эсеп менен 647 700 адамды түзгөн.
1998 - 2012:
1998 - жылдан баштап ушул күнгө чейин Кыргызстандан
1 000 000 дон ашык жаран, өлкөдөгү экономикалык оор
абалдан улам чет мамлекеттерге чыгып кеткен.
Сыртка болгон миграция тынымсыз уланууда...
Улуттун байлыгы жоголууда...
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
  • Parts
  • Улуттун жоголгон байлыгы - 1
    Total number of words is 3775
    Total number of unique words is 1964
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    43.9 of words are in the 5000 most common words
    49.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Улуттун жоголгон байлыгы - 2
    Total number of words is 3903
    Total number of unique words is 1915
    31.8 of words are in the 2000 most common words
    44.8 of words are in the 5000 most common words
    51.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Улуттун жоголгон байлыгы - 3
    Total number of words is 3913
    Total number of unique words is 1920
    32.5 of words are in the 2000 most common words
    46.0 of words are in the 5000 most common words
    52.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Улуттун жоголгон байлыгы - 4
    Total number of words is 3946
    Total number of unique words is 1757
    33.4 of words are in the 2000 most common words
    45.7 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Улуттун жоголгон байлыгы - 5
    Total number of words is 3889
    Total number of unique words is 1832
    33.5 of words are in the 2000 most common words
    46.1 of words are in the 5000 most common words
    52.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Улуттун жоголгон байлыгы - 6
    Total number of words is 3837
    Total number of unique words is 1884
    32.6 of words are in the 2000 most common words
    45.3 of words are in the 5000 most common words
    51.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Улуттун жоголгон байлыгы - 7
    Total number of words is 1081
    Total number of unique words is 730
    38.5 of words are in the 2000 most common words
    50.6 of words are in the 5000 most common words
    56.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.