Latin

Карамолдонун Күүлөрү - 2

Total number of words is 3690
Total number of unique words is 2121
27.4 of words are in the 2000 most common words
39.0 of words are in the 5000 most common words
45.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
жүрөгүнөн түнөк таап, элди рахатка көшүлтүп турду.
Мени менен тушташ арткы катарда отурган Покрасс, өзүлөрүнчө кобурашып
калган устакерлерге: «Слушайте внимательно, у него обсолютный слух» деген сөзү кулагымда ушул күнгө чейин сакталып турат. Күү чертилип
бүткөндөн кийин жездем бир аз токтой калып, залга көз жүгүрттү эле:
- Улант, Молдоке, улант, - дешип эл жана бир топ
күүлөрдү черттиришти.
Покрасс сахнага чыкты. Карамолдо комуздун улам бир жерин көрсөтүп өзүнүн
ой-пикирин көпкө чейин түшүндүргөндөй болду. Покрасс ошол жактан эле
усталарга көрсөтмө берип жатты. Алар өзүлөрүнө гана түшүнүктүү
белгилерди жан дептерлерине шыпылдатып жазып киришти. Жездем ордунан
козголуп залга карай басканда, отургандар.
- Эми Ыбрай чыксын!
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
- Шекербек чыксын! - дешти эле, Молдокемден кайсы сынды бермек элек.
Молдокемдики эле жетиштүү дешип, көшөрүп болбой коюшту. Эл тарады.
Ошентип, Кармолдо оркестрдеги комуздун жаңы формасынын тушоосун
кескен. Ал альт-комуз аталып калды.
Азыр Карамолдо Орозов атындагы улуттук эл аспаптар оркестри элдин
массасына кеңири маалым, Күнөстүү жергебиздин щыңгыр обон,
темпераменттүү ритмдери, адамды бийлеп алган жандуу ырларды даана
аткарышып дүйнө элине аттын кашкасындай таанымал. Бул жанрдагы
оркестрдин эң мыктысы десек, эч ким талашпас. Карамолдонун күүлөрүн
оркестрлештирип, төгөрөктүн төрт бурчуна, дүнүйөгө жайылткан жана
пропагандалаган, көрүнүктүү маэстро Асанхан Жумахматов.
Карамолдо угулган добуштарды дээрлик күүгө сала алган: Кремль
мунарасынын курантынын какканын, паровоздун жүргөнүн, дубалда илинип
турган чоң сааттын, ар жарым саатта зыңылдаган коңгуроосун, шамалдын
ышкырыгын, теректин жалбырак-тарынын шуулдаганын, эшик алдындагы
арыктагы шылдыр суунун акканын, шыбырт чыккан дабышты, жамгырдын
доошун, көчөдө кетип аткан ат-арабанын дөңгөлөгүнүн кычыралкыйчылдаганын өзүндөй окшоштуруп черте алган.
- Канча күүнү билесиз десем, кыргыздын күүлөрүн дээрлик билем, санаганым
жок, беш жүзгө чамалаш күү чертем, аттарын эскертсе болду черте берем
дечү. Элүүнчү жылдары аны Радиокомитетке чакырышып күүлөрүн
жаздырышкан. Бүгүн 78 же 87-чи күүнү жаздырдым дегени эсимде. Эртең
барып жаздырам дегенде ага аябай даярданчу, а күнү комуздан башка.
Күүдөн упөн башка машакаты жок болоор эле. Комуздун кылдарын чертип,
сынап, тынымдан кийин кайталап чертип турчу. Эртең буюрса мына бул
күүлөрдү жаздырам деп, аларды бир нече жолу кайталап чертип, тактап
турчу.
***
Комуз күүлөрү оң толгоодо жана сол толгоодо экиге бөлүнүп чертилет - дечү
Карамолдо. Алгачкы комуз күүлөрү оң толгоо менен чертилген болуу керек,
бул байыркы, эскирип бүткөн, биздин доорго келип жеткен жок. Унутулган
толгоо. Азыр бир-эки эле күү оң-толгоо менен чертилет, айтсак «жинди күү»
же «бий күү» түркүмдөгүлөр, Сол толгоо оң толгоодон көп кийин комузду
өркүндөтүүдөн келип чыккан, жашыраак, доорону жүрүп турган толгоо. Бул
биздин мезгилге келип жеткен толгоо. Азыркы күүлөрдүн бардыгы сол толгоо
менен чертилет.
Комуз күүлөрү төрт түркүмгө бөл үнөт, төрт багытка өсүп кетет;
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
1)Камбаркан
1. Насыйкат
2. Шыңгырама
3. Ботой
Ышкыбоз адеп комуз черткенди үйрөнгөндө бардык түркүмгө кирген
күүлөрдөн чертип үйрөнөт. Чоң комузчу болууга шыгы барлар, түркүмдүн бир
багытына көбүрөөк кызыгат да аны мыктылап өздөштүрөт. Өз алдынча күү
чыгарууга далалат кыла аштаганда эле, өзүнө сүйкүмдүү, жактырган
түркүмдөн күү чыгарууга ашыгат. Көбүнчө ошол түркүмдөн күү чыгарып
калат.
Камбаркан түркүмү, багыты боюнча күү жараткандар- Мураталы, Карамолдо,
Кудайберген. Булардын күүлөрүн мыкты аткаргандар Шекербек, Мейилкан
Асылбек, Карамолдоев Сабыр, азыркылардан Бейшеке Жандаров, Самара
Токтакунова, Апас Бакиров, Саадабай Шабданов ж.б.
Убагында Карамолдо өзү «менин күүлөрүмдөн жакшы чертет» - деп
Шекербекти өзгөчө баалай турган жана ашыкча урмат менен кадырлачу.
Концерттерде же жооптуу жолугушууларда, кээде өзүнүн күүлөрүн
Шекербекке аткартчу. Жогоруда аталган чертмекчилер Карамолдонун
күүлөрүн дээрлик өздөштүрө ала-алышпады, тек айрымдарын гана
алгылыктуу аткарышат.
Насыйкат түркүмү күү чыгаргандар - Токтогул, Ыбрай, Атай, Шекербектер.
Бул багыттагы күүлөрдү мыкты черткендер Шекербек, Асылбек, Самара,
Болуш жана дагы азыркы мыкты аткаруучулар.
Шыңгырама түркүмү - өкүлдөрү жана аткаруучулар Атай, Шекербек, Болуш.
Ботой түркүмү - комуз кармагандын бардыгы чертишет.
Комузчулар күү чыгарганда эки түркүмдөн чыгарышы мүмкүн, же эки
түркүмдүн ортосунан деле чыгара беришет.
Комуздун жасалыш формасы боюнча экиге бөлүп жүрүшөт: Токтогулдун
комузу, Чалагыз Иманкуловдун комузу. Комуз илгери карагайдан, өрүктөн
чабылчу, капкагы карагайдан.
Азыркы комузду формасы жагынан төрткө бөлсө болот: Токтогулдун комузу,
Чалагыздын комузу, оркестрдеги альт-комуз жана электро комуз. Комуз
жыгачтын ар кыл породасынан жазала берчү болду. Формасы боюнча
Чалагыздыкы бардык жерде «көбүрөөк пайдаланып кеткени байкалат.
Комузду үйрөтүүдө жана пропагандалоодо Саадабай Шабдановдун ысмын
жана ыкмасын өзгөчө бөлүп атоого татыктуу. Ал ышкыбоздорго комузду нота
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
менен үйрөтөт. Орус кыздар же башка-улуттун өкүлдөрү Карамолдонун
күүлөрүн кыян жүргөндөй, сел каптагандай шартылдатып чертип турса тула
боюңдагы кылдардын баары өзүнөн-өзү күүгө келет. Саадабайды колдон
келсе багып алчу жигиттерден.
Карамолдо өзү комуз чапканды жакшы билсе да, Чалагыз жасаган комузду
пайдаланчу. Өрүктөн өзгө жыгачтардан жасалган жана башка формадагы
комузду черткен жок. Элүүнчү жылдардын башында, комузум эскирип кетти
деп, Чалагызга атайын тапшырма менен жаңы комуз чаптырган. Мойну
мындай болсун, күлчөгү тигиндей болсун, мурунку комуздан чоңураак болсун
деп түшүндүрмө-көрсөтмө берген. Комуз даяр болгондо экөөң тең алмаксалмак чертип жүрдү. Кыйладан кийин гана жаңы комузунун үнү ачылып, аны
такай чертип калды, бул Карамолдонун акыркы комузу эле.
Кеткутже мондалиндин кылдары тагылган комузду көргөндө кабагы бүркөлүп,
серт өңү түнөрүп, аябай кейип калар эле. Карамолдо комуздун кылдарын өзү
жасачу, же Чалагыз, Ыбрайлар атайлап алып келишчү. Кылды өзү
чыйратканда бардыгыбыз жардамдашчубуз. Бул өзүнчө бир окуяга, көңүлдүү
майрамга айланып кетер эле. Карамолдо ал күнү маңдайы жарык, көңүлү
куунак, кубанычта жүрчү.
***
Карамолдо Орозов (өз аты Токтомамбет, кичине чагында окумал кара тоголок
бала экен). Ыссык-Көл аймагында, Корумду деген жерде 1883-жылы жарды
дыйкан чарбагердин үй-бүлөсүндө туулган. Комузда ойноону өз атасынан
үйрөнгөн. Ал улуу көңтөрүшкө чейин эле атактуу комузчу-музыкант болчу.
Досторунун курчоосунда, элдик жыйындарда, аш-тойлордо, кийин жалпы
союздук майрамдарда, мелдештерде жана комузчулардын нечен
сынактарында өзүнүн күүлөрү менен чыгып жеңип чыккан.
Карамолдонун таланты көңтөрүштөн кийин жаңыча гүлдөдү, ал жаңы
музыкалык маданиятты түзүүчүлөрдөн болуп калды. Кыргыз элдик күүлөрдү
тапкычтык жана билгичтик катары гана чыкпастан, аларды чебер аткаруучу
гана болбостон андан ары өстүрүп өнүктүрүп, тереңдетип түп нускалык
музыканын деңгээлине чейин көтөргөн инсан. Көп сандаган, унутулгус
аспаптар пьесасынын автору. Элдик композитор катары, элдик-классикалык
күүлөрдү «Сынган бугу», «Ибарат», «Кайтып черт», «Насыйкат», «Жаш
Кербез», «Колхоз камбарканы» башка толгон күүлөрү өз алдынча кыргыздын
элдик аспаптар музыкасынын эң жогорку жетишкени болуп калды.
Карамолдо комузду ар-тараптуу өздөштүрүп жеткилең билген жана комузда
аткаруучулук чеберчиликтин жогорку баскычына жеткен. Кыргыз
искусствосунун тарыхына комузда ойноо академиялык мектебинин
негиздөөчүсү катары кирди. Анын чыгармачылыгы кыргыздын профессионал
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
музыкасынын өлүшүнө, торолушуна жана гүлдөшүнө өбөлгө түздү. Элдик
композитор жараткан күүлөр, кыргыз композиторлорунун көп сандаган
чыгармаларына негизи болуп калды, Азыркы комузчулардын жемиштүү
чыгармаларына түздөн-түз таасирин тийгизди. Өткөндүн улуу мастерлеринин
мурастары, элдик музыканттардын көп кылымдык тажрыйбалары
Карамолдонун барлыгынан гана сакталып калды, жеткилең формалары
жалпыланып кийинки муундарга өткөрүлүп берилди - дейт ал жөнүндөгү
буклетте.
1931 жана 1936 жылдары Карамолдо Орозов Кырмам театрда оркестрдин
солисти, ал эми 1936-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Кырмам
филармониясынын Эл аспаптар оркестринин солисти катары эмгектенген.
К.Орозов Москвада өткөрүлгөн кыргыз искусствосунун эки декадасынын
катышуучусу. Комузчунун коомдук жана чыгармачыл зор ишмердүүлүгү
партия жана өкмөт тарабынан жогорку бааланды, 1935-жылы ага «Кыргыз
ССР эл артисти» ардактуу наам ыйгарылды. Карамолдо Орозовдун ысмы
Токтогул Сатылганов атындагы Кырмам филармониясынын мамлекеттик
Элдик Инструменттер оркестрине ыйгарылган, Нарын шаарындагы музыкалык
мектеп Карамолдо атында. Өзү туулган өскөн Корумду айлындагы орто
мектеп, Каракол шаарындагы бир көчө Карамолдонун ысмын алып калды.
Мектептин алдында Орозовдун кутунасы орнотулду.
1983-жылы 24-декабрда филармониянын чоң залында Карамолдонун
туулганына 100 жыл толгонуна байланыштуу салтанаттуу кече болуп өттү.
Республикалардан делегация катышышты.
***
Жыйнак жазылып бүтүп, материалдарды ирээти менен жайгаштырып басмага
берип атсам, туугандарым алыстан болгондо да Жумгал районунан «Агым»
гезитинин үстүбүздөгү жылдын 2002-ж. 27-сентябрын-да чыккан «Ачыла элек
сандыкта» рубрикасынын астында жарык көргөн «Кыргыз күүсү кантип
кылымга калды?» - деген көлөмдүү макала маекти алып келишти. Автору
элдик фольклор жыйноочу Буудайбек Сабыр уулу.
Туугандарымдын кыжырдануусунун жөн-жайын териштирип көрсөк «Сокур
ичегиден жеңилген Карамолдо» деген темасы экен. Туугандарым аякта
макаланы аябай талкуулашып, авторлорго, гезитке жеткилең иликтенбеген
жалган материалды басып жиберишкенине нааразы болуп келишиптир.
Макала менен таанышып көргөндө эле, апыртмалуу ушак сөз, адамдын
паркын коомчулуктун алдында кетирген, аброюн тебелеп-тепсеген, бүтүндөй
бир элдин (Карамолдонун байбичесинин төркүндөрүнун) абийирине шек
келтирген, тынч жаткан адамдарды дүрбөтүп намысын козгогон, «беш
өрдөк» макала экен. Карамолдону бир бечера адамдай сүрөттөгөн. Макалада минтип жазылат: «Ошол учурда Кармолдонун радиого жазыла элек,
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
дагы 40-50 дөй күүсү бар экен. Эмне үчүн сиздин күүлөр толук жазылган
эмес? - десем, «эски күүлөр» деп радиого албай жүрүшөт» - деп жооп берди.
Деги Буудайбек Сабыр уулу Карамолдонун канча күүсүн жазып алды экен?
Эгерде жазып алса, алар кайда? Канча күү чертесиз деп сурасам. «Кыргыз
күүлөрүнүн бардыгын чертем. Санап көргөнүм жок, атын айтса эле эстетсе
эле болду аткара берем, чамасы 500дөн ашык күү чертем» - деген эле.
Карамолдонун күүлөрү 1953-жылга чейин (Мен университетти бүткөнчө
Карамолдонун үйүндө тарбияландым) жазылып бүткөн болуу керек. Аларды
театралдык институтту бүтүп келген таланттуу жана шыктуу адис
радиокомитетте иштеген Турсун Уралиев жазып алган. Карамолдо ошол
жылдары Жогорку Советке депутаттыкка шайланган. Карамолдонун күүлөрү
3-4 жолу радиодон жаңырып турчу.
Жездем бир күндө үч же төрт гана күүнү жаздырчу. Жаздырам деген күнү
күүнү кайра-кайра чертип кыялына жеткирип, комузун да табына келтирип
туруп, анан барып жаздырган. Эски күү экен деп радиокомитет эч качан отказ
берген эмес. Күү жаздырган жылы көңүлдүү, жайдары, майрамда жүргөндөй
кубанычта жүрчү. Ошол Турсун Уралиев азыр деле телерадио комитетте
иштейт.
- Кайра макалага келели, «1960-жылы Тоголок Молдонун жүз жылдык
мааракесине Нарынга барып келгенден кийин Карамолдо «сокур ичеги»
болуп союлуп ооруканага жатып калат». Автор бул маалыматты кайсы
булактан алды экен?
Ырасында ошол жылы Карамолдо үй-бүлөсү менен Ыссык-Келгө барып,
(Корумду) эс алып келишкен. Арадан 15-20 күн өтбөй эле жездем ЫссыкКөлгө карай барып келем деп эле шашылыш кетиптир. Учурашайын деп
барсам үй-бүлөсү кабатыр болушуп отурушкан экен. Карамолдо Нарындан
келгенден Ыссык-Көлдөн, экинчи барганда ооруп келген.
Гезитте «... Карамолдо сокур ичеги болуп союлуп ооруканага жатып калат.
Жанында Чалагыз Иманкулов отуруп, анан өзүнүн байбичеси келгенден кийин
ага тапшырып кетет» Бул жалган маалымат кайдан чыга калды, эмненин
негизинде жогорку саптар жаралды?
Дегинкисинде, Карамолдо айылга барып Дүйшөмбү деген мыкты иниси бар
эле ага жолугуп мейман болуңуз дегенине ынабай, токулуу ат таптырып
жайлоого кетет. Жайлоодо ар-бир үйгө аяк өйдө кирип, учурашып эми
көрүшөбүзбү, жокпу деп эле коштошо берет. Түтүнмө-түтүн коштошуп бүткөн
соң, 3-4 күндөн кийин жакага түшөт. Иниси Усуп менен «экөөбүз деле
картайып кеттик» деп кучакташып ыйлашкан экен. Дүйшөмбү үйүнө чакырып
козу союп меймандап калат. Эт бышкыча, эс алган болуп кыйшайып уктай
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
бериңиз деп төргө жаткырат. Тамак даяр болду дегичекти болбой, чочуп
ойгонот да, мен болбой калдым, тезинен Бишкекке жеткиргиле деп чыдай
албай алдастап калат. Түнү менен жол жүрүшүп Бишкектеги Нигматулиндин
(мезгилинде атактуу клиниканын бири) клиникасына жеткиришет.
Нигматулин өзү операция жасайт, бирок сокур ичегиси оорубай эле аман
экен. Оору өтүндө экен деп бооруна операция жасайт. Өтүндө таш бар экен,
кабыгы жарылып кетиптир, өт денесине таркаган. Жетимиштен небак ашкан
кишиге эки операция катар жасалса улгайган адам эмес, жаш жигиттер
туруштук бере алабы? Карамолдо «сокур ичегиден жеңилген жок, өтү
жарылып кетип, операцияны көтөрө албай «боордон» кетти.
Эми гезитиңизге келели: «Жанында Чалагыз Ыманкулов отуруп, анан өзүнүн
байбичеси келгенден кийин ага тапшырып кетет, бир аз туруп анан
байбичеси да кетип калган экен».
Бул чындыкка жакындашпаган жалган маалыматты автор каяктан алды экен?
Карамолдонун байбичеси Токтобүбү деген ким эле?
Менин өз атам Солтонбеков Ырсалы, энем Жумакан кызы Сайракенин
балдары токтобой жүрөт. Бала көрүшсө эле чарчап калат. Жакын бир
туугандарынан боюнда бар аялы төрөй электе, өзү өлүп калган болот. Мына
ушул жетим калган ымыркайга Токтобүбү деген ат коюшуп атамдар багып
алышат. Токтобүбү менин ата-энемдин багып алган баласы. Кыз жаңы атаэнесинин көзөмөлүндө Бишкекте, ошол кездеги алдыңкы интеллигенттин
үйүндө тарбияланып, окуп билим алып абдан адептүү өсөт. Ал техникумда
окуп жүргөндө атасы, абасы, чоң эжеси репрессияга дуушар болушат. Үйбүлөсүн Жумгалдан чоң энебиз Бурул келип көчүрүп кетет. Окуусун бүтүп өз
кесиби боюнча иштеп жүргөндө, Чаекте иштеген Көлдүк, болгондо да
Корумдулук Абдрахман дегенге турмушка чыгат жана ал өз жерине алып
кетет. Абдрахман карып калган ата-энесинин жалгыз баласы экен. Жакын
туугандары деле жок болсо керек. Согуш чыкканда Абдрахман фронтко
жөнөйт. Токтобүбү кыска мөөнөттөгү трактористтик курсту бүтүп бөгүп алган
кайын ата-энесин багып жүрөт. Абдрахман жарадар болуп согуштан кайтат
жана ошояктан үйлөнүп келинчегин ала келет. Токтобүбү тракторун МТС.
Тапшырып төркүнүнө Жумгалга кетүүгө камынат. Айылдаш аксакалдар
чогулуп, жакшы жердин бүлөсү экен, кетирбейбиз дешип, баталарын
беришип, баласыз жүргөн Карамолдого алып беришет Карамолдо
Токтобүбүдөн Гүлсүн аттуу кыздуу болот.
Мен университетте окуп жүргөндө Карамолдо студенттик жатаканага өзү
барып, биздин үйдө жүр эртели кеч баш көз бол деп мени ээрчитип кеткен
Комнатада бирге жашаган жолдошторумдун көзү тирүү катышыл турабыз.
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
... Сексенинчи жылдары Бишкекке которулуп келүүгө туура келди. Анчамынча убакыт квартирасыз болуп калдым, Эжем Токтобүбүгө кайрылдым бир
аз убакытка төрт квартираңыздын бирине кирип турайын,- батириңизди тез
эле бошотуп берем. Эжем караманча көшөрүп болбой койду. Бул квартиралар
меники эмес, жездеңдики. Мени туура түшүн. Карамолдонун квартирасын эки
квартирага айлантып, аны төрт квартирага көбөйтүп Карамолдонун тукумун
толугу менен үйлүү жайлуу кылышым керек. Карамолдонун атына кыпындай
дагы кир жугуза албайм иним. Капа болгон жокмун. Кайра күйөө баласы
Гүлсүндүн курбалын жолдошторума барып айтып жетекчи кызматка
койдурдум. Токтобүбү деген Карамолдо үчүн өз жанын аябаган инсан эле. Өзү
бардык ишке бүйрө, тыкан, аялзаттын тазасы. Үйүндө кыл жатчу эмес.
... Түнү менен Дүйшөмбүлөр Ысык-Көлдөн алып келишип, операция
бүткүчөктү башында туруп, анан кайра көлгө кетишкен. Карамолдонун
жанында иниси Аскар Ибраев турду. Байбичесин, кызы Гүлсүндү дарыгерлер,
аларды көрүп Карамолдо өзүн таштап жибербесин деп, ооруканага келтирбей
коюшту. Аскар Ибраев өзү чоң журналист, «Мугалимдер кезинде» эмгектенчү.
Кийин ондогон жылдары Москвада Жогорку Советтин алдында котормочу
болуп иштеди. Эки уулу Москвада илимдин доктору, профессорлор. Азыр
Чолпон-Атада үй салдырып ошол жакта турат. Көлгө эс алып кеткин деп мени
мейманга чакырып жүрөт.
Аскарды өз уулу Искенбай алмаштырды. Искендер Карамолдоев Москвадан
институтту бүтүрүп келген (айыл чарба боюнча инженер), Фрунзеде
Партиялык Жогорку мектепте окутуучу. Азыр ал инсан жок, дүйнөдөн көчүп
кетти.
Искенбайдан колмо-кол жездемди мен өткөрүп алдым. Акыркы эки суткада,
алмаштыра турган киши жок, кагары менен мен болуп калдым. Карамолдону
бири-бирибизден колмо-кол өткөрүп алып турдук, жанынан бир карыш
жылган жокпуз. Албан музыкантты да жалгыз таштап коюучу беле!.,.
Эми «стакандагы сууга келели». Ал сууну ким алып келди экен, каяктан? Же
сыркоолор жаткан ар бир палатада крандын суусу бар бекен. Же эшиктен,
операция болгондорго суу алып барып бергиле деп уруксат берет бекен?
Кайсы ооруканада айрыкча ички органдарга операция болгон хирургиялык
бөлүмдөрдө стаканга толтура куюлган суу асмандан түшүпбү?
Борбордук ооруканалар эмес тээ тетиги чет жакадагы элеттик ооруканаларда
деле муздак суу менен оозун сүртүп тургула деп уруксат
берилбесин, борбордук жазуучулар кандайча түшүнбөй калат?
Бейтапканаларда стаканды пайдаланууга уруксат берилбейт, бул жобо ал
муздактан бери эле күчүндө.
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
Улукбектин медицина боюнча үч томдук трактатында кеселмандарга муздак
чийки сууну ичирбөөнү талап кылган. Дүнүйө жүзүндөгү дарыгерлер ушул
күнгө чейин бул жобону так аткарат. Азыркы санитардык тейлөө (дүйнө
жүзүндө) Улукбектин окуусуна негизделген. Башкы врачтын көрсөтмөсү
боюнча, кеселмандын оозу кургап турса, кеберсиген эриндерин көк чайды
кайнатып, салкыныраак абалда таза дакини нымдап сүртүп тургула дегенин
жанында багып тургандар так аткарып турдук. Өтө эле чыдабай баратса чай
кашык (аш кашык эмес) менен бирди оозуна бергиле дегенин да унутканыбыз
жок. № 95 көк чай пайдаланылган, аны фарфор чайнекте (стакан эмес) алып
келишчү. Ал тургай чыныны да пайдаланууга уруксат берилген
эмес. Дарыгердин көрсөтмөсүн даана аткарганбыз.
Жездем анда санда өзүнө келет. Көпчүлүк убакта жөөлүйтү чабалактайт.
Ысык-Көл, Ысык-Көл деген сөздөрдү көп айтат. Түнүндө, «жел сокпойт,
шамал жүрбөйт»,... «Ысык-Көлдүн шамалы ай» -дей бергенинен Кал ык
Акиевдин үйүнө телефон чалдым. Ооруканага жакын, азыркы «Манас»
кинотеатрынын оро-парасында болчу. Караңгы түндө Маша жеңем өзү
жүгүрүп келип жел үйлөткүчүн, вентиляторун берип кетти. Маша жеңем Магрифа Рахимова - педагогикалык илимдердин доктору, профессор, Ондогон
жылдар бою Арабаев атындагы педуниверситетте үзүрлүү эмгектенет.
Кафедра, институт башкарат. Диссертация коргоо боюнча канча илимий
Советтердин (Өзбекстан, Казахстан) мүчөсү. Илимдин кандидаттарын
тарбиялап чыгарып турат. Ондогон илимий макалалардын, педагогикалык,
методикалык, окуу-методикалык куралдардын автору. Шериктеш
мамлекеттерге белгилүү окумуштуу.
Желпигичти коюп берсем жездем эсине келе калып, Өөх! Жаным жай ала
түшпөдүбү, Ысык-Көлдүн шамалы келбедиби, Көлдүн шамалынан айланайын!
_ деп мени көпкө алкады. Эсине келе калса эле, сен бактылуу болосуң, ооба
сен бактылуу болосуң балам! Эми жанагы чайыңдан оозу-мурдумду нымда.
Ооба, сен бактылуу болосуң деп эле айта берди. Анан кичине көшүлгөнсүйт,
кайра ойгонот. Алдастайт. Оозу мурдун этияттык менен сүртүп чыгам. Башы
ысып турат. Өңү албырат.
Күндүр-түндүр эки сутка жанынан карыш жылганым жок, ажатканага да
медсестра келбесе бара албайм. Халат жамынып, керебеттин жанында
керебетке байланган сол колун кармап ушалап отурганым отурган. Колум
талып кетсе деле укала дейт. Жездем эшикке жакын, төрдөгү экөө да
операция болгондор, төшөктө. Алар мени аяшат, чыдамкайлу-улугума баа
беришет. Мен жездем менен алпурушам.
Күндүзү, түшкө жакын, жездемдин шайы оой баштады, алдастап чабалактап
калды. Мен дароо Чалагыз Иманкуловка телефон чалды. Аксакал дароо келе
калыңыз, даарат ала келиңиз, жездемдин шайманы кетип атат.
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
Болуптур айланайын, ырым-жырымымды жасап алып тез эле келе коём.
Чалагыз Иманкулов Карамолдо операция болуп атканда үстүндө болгон эмес,
үстүндө Дүйшөмбү жана Көлдөн келгендер болгон. Чалагыз Карамолдо
кайтыш болуп атканда менин чакыруум боюнча келген.
Аксакал кирип келип эле мага жалына берди. Айланайын сен жөн билги бала
турбайсыңбы!... Адам турбайсыңбы - көпкө кобурады. Эми жездең болбой
калыптыр. Сенин эсиң чыгат, эшикке чыгып отур. Мен эшиктин сырткы
түбүндө отурдум. Экинчи этаж, болгондо да коридор түгөнгөн жерде. Аксакал
шатыратып көлкө дем салды, ыйманын окуп атат деп эле отура берипмин.
Бир мезгилде өзү чыгып, доктурларды чакыр деди. Мен дароо чакырып
келдим. Үч-төртөө жабыла келишти, мени киргизбей коюшту.
Көп убакыттан кийин кирсем, жездемдин үстүн ак шейшеп менен жаап
коюптур. Чалагыз аксакал жездемдин жанына отура бер, эми быякка сөөктү
алып кетмейинче эч ким келбейт. сен жанында болосуң. Мен барып үйүнө
угузайын. Эки сааттан кийин доктурлар келип, сөөктү көтөрүп эшикке чыгар.
сөөк коючу жайга алып бар. деп шаштырды. Үйгө телефон чалсам Искенбай
келди, экөөлөп замбилге салып корридор аркылуу көтөрүп, экинчи этаждан
ылдый түшүп, сыртта короонун арткы четиндеги атайын жайга алып бардык.
Ошончо жерден бир да жолу дем чыгарып жерге койгон жокпуз. Искенбай
жүгүргөн боюнча кайра кетти. Санитар эшикти кулпулап ачкычын мага
тапшырып кетип калды. Мен жездемдин сөөгүн сырттан кайтарып калдым.
Бир мезгилде күн батты, түн кирди. Жападан-жалгыз караңгы туш-тарабы
курчалбаган, эбегейсиз чоң ээн короодомун. Түн ортосу болгондо, саат
үчтөрдө жүк ташуучу машина менен Дүйшөмбүлөр өкүрүп келишти. Машина
толо эл, ызы чуу, мен эшикти ачып бердим. Алар чуулдаша сөөктү машинага
салып, кетип калышты. Мени ала кеткиле дегичекти болбой эле жөнөп
кетишти. Ошол жерден жөө жалгыз караңгы көчөлөр аркылуу сербеңдедим.
Үйүм азыркы “Айчүрөктүн” бет маңдайында «Наркомпростун»
квартираларыңда болчу.
Сөөктү үйүнө түнөтүп, эртеси өкмөттүк комиссиянын (пазик) автобусунда
Көлгө карай жол тарттык. Автобуста комиссиянын мүчөлөрү Гапар Айтиев,
Чалагыз Иманкулов жана мени ошолорго кошуп отургузду. Эртеси шааншөкөт менен сөөк коюлгандан кийин ошончо эл Усуптун үйүнүн эшигинде
тегеректеп жерге отурушту. Осмонкулдун колуна Карамолдонун комузун
берип, столго отургузуп кошуп ырда деп талап кылышты. Осмонкул эки
куплет ыр айтып, оозума эч нерсе келбей атат, молдокемди кандайча кошмок
элем деп элдин алдынан өттү. Аңгыча мени жанына алып отурган, Чалагыз
Иманкулов обдула өйдө туруп, жалпы элге кайрылды. Үнүн жогору чыгарып
төмөнкү сөздөрдү айтты: «Калайык калың журт, Карамолдого бактыны кайын
журтунан айткан экен Бир кичинекей кайниси. кичинекей бала Карамолдонун
жаны оозунан чыгып кеткичекти бапестеп бакты. Бул баланын кызматы ат
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
көтөргүз. Ушул жерде отургандар, балага бата берип койгула деп мени өйдө
тургузуп, «өмүрүңүз узун болсун, бактылуу, таалайлуу бол, эч жамандык
көрбөгүн» - деп айтөгөрек отурган эл чурулдап бата берген.
Карамолдо жөнүндө макала керек, болсо мага кайрылсаңар болмок экен.
Азыр «Карамолдонун күүлөрү» аттуу көлөмдүү китебим басмаканадан чыгып
атат.
Буудайбек Сабыр уулу мени жакшы билет эле, эмне үчүн мага жолугуп
макаласын тактаган жок. Карамолдонун дүйнөдөн кайтканына 40 жылдан
ашты, ооруканага жатканына күбөлөр деле калбай калды го деген максатта
жазылганбы же атай бирөөлөрдүн тапшырмасын орундатып жүрбөсүн.
Бул маселе боюнча, гезиттин редакторуна кайрылсам «Агымдын» 2003-жыл,
10-январындагы номуруна «Тактап койбойлубу», Карамолдо сокур ичегиден
жеңилген эмес» деген темада менин макаламды кыскартып басып
чыгарышты.
БАЛАСАГЫН ОТТОРУ
(Уламыш)
«Көбү жалган көбү чын, көрүп турган киши жок, көпчүлүктүн көөнү үчүн,
жарымы жалган жарымы чын, жанында турган киши жок, жарандардын көөнү
үчүн» - деп жомокчулар манасты айтаарда кириш сөз катары баштоочу
дешет. Чоң манасчылар, булар акыйкатта улуу инсандар: миңдеген сап ырдан
куралган поэманы жатка үйрөнүп айткан, оңдогон, жүздөгөн кишилердин
ысмын атаган, жер-суунун аттарын, урууларды, элдерди чаташтырбай
сүйлөгөн, айрым эпизоддорду кайра-кайра кайталатса да бир сөзүнөн
жаңылышкан эмес, булардын эси-эс, сезимтал, акылы тунук, даана. Күндүртүндүр күпүлдөтүп сабалап айтып отурушса да өзүлөрү чаалыгып-чарчап
койбогон, тажабаган, сөзгө да балбан, өзүлөрү да балбан, кайратман.
Чечендиги жөө күлүк, акындыгы артыкча, акылга дыйкан, даанышман
адамдар.
Байыркы кыргыз элинин тарыхын айткандардын бири Балык ооз манасчы.
Балык ооз Манасты түрк атадан тартып айтчу экен, анын манасы толук болгон
жана адистердин айтуусуна караганда көлөмү 120 басма табакка жеткен.
Бирок Балык ооздун Манасы толук сакталган жок айрым үзүндү, же кара сөз
катары уламалардын санжырасында, кээ бир сөзмөлөр түрүндө бизге жетти.
Анын айтуусу боюнча мындай үч миң жыл мурун биз Угуз-Уйгур мамлекети
болуптурбуз.
Кыргыз тайпалары башка эл, уруулар, улуттар сыяктуу эле бир динден
экинчисине өтүп, тутуп келишти. Кыргыздар бир заманда тотемдик, шаман
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
бакшы диндерин кармаган. Ошолордун калдыктарынан азыр деле тоо-ташка,
мазарларга сыйынуу, булак башын булгабай табынуу шам жагуу, долононун
бутактарына чүпүрөк-чапырактарды байлоо (укуругум долоно ууру-бөрү
жолобо, Камчымдын сабы долоно капыр ууру жолобо) жазында күн алгач
күркүрөгөндө «дамбыр таш» кылып дагыра-чылапчындарды калдыратып боз
үйдү айлана жүгүрүү сыяктуу көрүнүштөр кездеше калат эмеспи.
Кыргыздар булардан кийин Будда динине өтүшкөн. Будда динине кыргыз
тайпаларын Угуз каган өткөргөн. (каган-хандары ханы). Акырында азыркы
Ислам динин тутуп калышты. Ушундан баштап кыргыздын билерман чоңдору
тарыхты Манастан баштап гана айттырышкан, мурунку санжыра тарыхты
айттырууда будда дини тоскоол болгон. Бир мезгилде «бөө, чаян» жээр
болгон экенбиз, анын эмнесин айтмак элеңер деп намыстанышып катуу табуу
коюшкан. Ошентип кыргыздар Манастан берки гана тарых санжыраны билип
калышты. Бирок кыргыз урууларынын башчылары топко чогулган кезде,
атайлап элден обочороок өргөө тиктирип коюп, байтал бээнин бал кымызын
чайкатып, кызыр эмди тайпадан сойдуруп коюшуп, жашырынышып чектелген
чөйрөдө Манастан тышкары кыргыздын мурунку тарыхын айттырып угушчу
экен. Кыргыздын эски тапкычы айрым манасчылар, акындар ырчылар
аркылуу сакталып келди, бирок элдин кеңири катмарына тараган жок,
көшөгөнүн ары жагында.
Балык ооз 17-18 жаштагы курагында Кетмен-Төбөдөн ооп Таласка өтүп
Ажыбек датканыкына келет, өзү сарбагыш уруусунан. Эмне өнөрүң бар десе
Манас билем деп бир түнү таң аткыча манас айткан. Балык ооздун өнөрү
Ажыбек даткага жагып келатда, баланы мончого түшүрүп, башка кийим
кийгизгиле деп буйруган экен. Эки боз үйдү жанаша бириктирип тиктирген
мончого салып, жаңы кийим кийгизип, ал Ажыбек датканыкында болуп калат.
Бул жигит кыргыз санжырасын да билгендиктен. Ажыбекке ого бетер
жаккан. Бул окуя Кокон хандыгынын тушунда болгон себептүү, Анжияндан
диний башчысы атайын келип, Будда динин айтпасын деп катуу тыюу салып
кеткен. Балык ооз Ажыбек датканыкында көпкө жүрдү. Ал Ажыбектикине
«Кыргыз элинин биримдигин куралы» деп сүйлөшүүгө барган Байтикке
жолугуп, аны ээрчип келип Солто элинин тургуну болуп калды. Байтик ар
мүчөсү келишкен, алп денелүү, ажарлуу да, айбаттуу да адамдын зору«Байтикти көргөндө Манасты көргөндөй болдум укмуш киши экен, ошону
ээрчип Чүйгө келдим» - «Манасты айтып атканда Байтиктин элеси Манас
болуп көз алдымда турат»- деп Балык ооз далай эскерген. Ал санжыраны
Эсен акындан үйрөнгөн экен. Ал кезде жалпы солто элин төртөө башкарган.
Эшкожо, Канат, Карбоз Чыны. Канат бийдин биринчи аялынан: Байсейит,
Бошкой, Нурсейит, Куттуксейит. Экинчи казах аялынан Байтик, Баяке, Тилеке,
Балык ооз Байтикти ээрчип келгенден кийин санжыраны Бошкойдун уулу
Алымбек үйрөнгөн, андан санжыра Турумбекке атадан балага өткөн.
Турумбек 1937-38-жылдары Балык ооздун санжырасын 12 дептерге жазып
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
берген, ал ушул күнгө чейин Академияда сакталып турат, аны кыймылдаткан
киши жок. Мына ушул санжыраны жана солтодон чыккан мыкты санжырачы
Бала Айылчынын айткандарын Абытай Өмуралиев үйрөнгөн.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Карамолдонун Күүлөрү - 3
  • Parts
  • Карамолдонун Күүлөрү - 1
    Total number of words is 3876
    Total number of unique words is 2150
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    39.6 of words are in the 5000 most common words
    45.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Карамолдонун Күүлөрү - 2
    Total number of words is 3690
    Total number of unique words is 2121
    27.4 of words are in the 2000 most common words
    39.0 of words are in the 5000 most common words
    45.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Карамолдонун Күүлөрү - 3
    Total number of words is 3751
    Total number of unique words is 2186
    25.9 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    43.5 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Карамолдонун Күүлөрү - 4
    Total number of words is 3635
    Total number of unique words is 2205
    26.3 of words are in the 2000 most common words
    38.0 of words are in the 5000 most common words
    44.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Карамолдонун Күүлөрү - 5
    Total number of words is 3489
    Total number of unique words is 2062
    24.3 of words are in the 2000 most common words
    34.9 of words are in the 5000 most common words
    40.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Карамолдонун Күүлөрү - 6
    Total number of words is 1980
    Total number of unique words is 1269
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    40.5 of words are in the 5000 most common words
    46.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.