Latin

Ак баталар - 8

Total number of words is 3662
Total number of unique words is 2010
25.6 of words are in the 2000 most common words
37.9 of words are in the 5000 most common words
44.1 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
пирлеринен «колдо, жалга, даары» деп өтүнгөн тилектерди негизги мазмун
кылат. Атап айтканда, берүүлөргө берилсе, тилек өзүнө кылынат.
Тилек адам муратына жетүүнү көксөөнүн белгиси. Адамдын бүткүл нээти
туураланып,
ошол
нээтине
жетүүдө
бүткүл
өзүндөгү
мүмкүнчүлүктөрүн
пайдаланып шыкалып турганда, дагы да кандайдыр бир улуу күч ал тилегине
жеткирүүгө колдошун тилеген. Тилектин негизги максаты муратын чыңоо болуп
эсептелген да, «тилегиңе жет, тилегиңди берсин, тилектүү жаш» деген бата
сөздөр тилекти коштоп берген. Тилек турмушка, жашоого көңүлдүү экенин
билгизип. кайратка келүү, белсенүүнүн бүдөөсү катары кызмат кылып турган.
Тилектүү жашоо адамзаттын келечекте умтулуусун көрсөтүп тургансыйт.
Тилектин чыгышына себепчи болгон дагы бир нерсе, баштапкы коомдо
дүйнө адамзатка сырлуу болуп, түрдүү коркунучтар үкүс кылып турган. Ал
коркунучтарга чамасы келбеген, техника өнөрү жетишпеген адамзат кандайдыр
бир ээге, жаратканга жалбарып, андан «сакта, колдо» деп тиленген. Азыр ушул
күндө да кандайдыр бир оорчулукка, өзү мажирөөлүк кылган ишке кабылганда,
кээ бир сырды чече албаган тилек тилешет. Кыргыздар жөрөлгөлүү тилектерден
төмөндөгүлөргө түшүнүк бере келет.
«Ээден тилек». Бул тилекти жекелер өздөрү ээн отурганда, кандайдыр бир
нээтке келгенде, оорчулукка кабылганда адамзаттын ээлеринен суранган
тилектер болуп, жакшылыкты, дөөлөттү, өмүрдү ж.б. ларды бер» деп тиленип,
өзүнүн оюндагы бөксөлүктү толтуруп, өзүнө топук пайда кылып жашаган. Өзүнүн
айткан бул ак сөзүн ээлер угат, билет деген наристе тааным боюнча айтылган.
Ээден тилек тилегенде байыркы кыргыздар мойнуна бото байланып, таш
оодарып, шаңдуу дөңгө чыгып, агыны катуу суунун боюна барып, эч кимге
көрүнбөй тилектерин айткан. Кээ бирөөлөр жайынча отуруп, адам жок кезде үн
чыгарып айтып тилек кылган. Кээ бирөө ичинен тилек айткан. Тилеген тилек
өзүндө эмне жок болсо, эмне керек болсо, ошону эмнеден корксо, ошондон
сакта деп тилеген. Ал эми кыргыздар ислам динине киргенден кийин да,
намазды арапча окуганы менен тилекти кыргызча айтып, намаз тилекти аткарып
турушкан. Кээ бир тилектер бата катары элге айтылып, кырсыктан, кокустуктан
эл-журтту сакта деген тилек тиленген. Ошого кээ бир тилектер бата катары
айтылып кете берет.
«Мерген тилек». Мергендер аңга чыкканда, капкан койгондо кайберен
ээсинен «колдо, жолума жолдуу кыл, жолум болсун, жолум ач» деген тилекти
айтып аң уулашкан. Кайберендин ээси болот деген түшүнүк кыргыз аңтыларына
кайберенди опсуз кырбоонун чектеме күчү катары көрүнүп келген да, опсуз
кырса, кайберен ээси жазалап Кожожаш сыяктуу аскада калат дегенден
коркушкан. Ошого аң уулаганда, алды менен кайберен ээсинен тилек тилеген.
«Байгеге тилек». Байге кыргыздардын тууштуулугун, ат таптоо саяпкерлик
өнөрү менен мөөрөйгө жетүүнүн эң чоң сыноосу болуп баш байгени алуу
олжонун молдугуна жетүү гана эмес, кадыресе, баш байге алган киши, уруу, эл,
айыл өзүнүн күч, кубатын, (бир айбанды канат жасабаса да башка өнөр менен
эң алдыңкы катарга чыгара алган) акылмандыгын көрсөтүүгө жетишкен.
Кыргыздар табияттын башка бир мүчөсүн өзүнө үйрөтүп алуу жагынан
мактанарлуу өнөрү бар экенин мындай эки нерсени мисалга тартып мактанып
жүрөт. Анын бирөө, аргымакты эң эле жүдөп
жүрбөгөн тайдан чыгарганын, ал тайдын өзүн көрбөй туруп, тезегинен эле
аргымак болор жылкы экенин таанып, аны таптап аргымак кылып алганы бул
өнөрдүн эң чокусуна жеткен экен. Дагы бирөө, алгыр куштан эмес, адам эң
жаман көргөн канаттуунун чабалы «жоорду айра чокуган» сагызганды таптап
ага кийик алдырган өнөрү чын эле мактанууга татыйт. Мында айтып кетели,
сагызгандын
биринчиден,
суктугунан,
экинчиден,
тумшугунун
курчунан
пайдаланып керек- сиз нерсени тактап, керекке жараткан. Сагызганды кармаган
соң, кийик кеп жасап, кийиктин эки көзүнө жакшы этти байлап, күндө чокутууга
көндүргөн. Өз табына жетип колго көнгөндө , кадимки эле куштай аны кийикке
салганда, закымдап учкан сагызган тиги кийиктин эки мүйүзүнүн ортосуна конуп
алып (кийик сагызгандан үркмөк тургай тоотуп да койбойт), анын көзүн олуй
чокуп, эки көздөн ажыраганда, мерген барып кийикти кармап алганга жетишкен.
Бул өнөр чын эле мүлүшкөрдүк жактан мактанууга татыйт. Ал эми алгыр кушту
таптоо ар кимдин эле колунан келбес, сагызганды колго көндүрүп, аны керекке
жаратуу, табияттын, болуп да канаттуулардын сырын билген алымкандардын
колунан келген.
Айтарлуусу байге кыргыз турмушунда түрдүү жактардан караганда өтө
маанилүү чоң жарыш болуп, ан- дан аты чыгууну ар ким тилек кылышкан.
Мээнети менен тилеги жеткендердин аты байгеден чыккан. «Байге тилегин»
атты кое берерде бата катары айтса, байгеден келгиче ар ким өз тилегин
ичинен айтып көксөп турган.
«Суу кечкендеги тилек». Кыргыздын мифтик (аңыздык) түшүнүгүндө суунун
ээси (пири) Сулайман деп тааныган. Улуу суу тили жок жоо, мындай жоого
кабылган киши суудан аман-эсен өтүүнүн тилегин кылган, суунун пиринен,
ата-баба арбагынан колдоо талап кылып айткан. Бул «суу кечкендеги тилек»
болуп калыптанган.
«Дамбыр таш» (жаан тилек). Кыргызда алгачкы жаан жаап, күн күркүрөгөндө
жаанга чыгып, челек калдыратып, «Дамбыр таш» деген тилекти айтышкан.
Чагылгандын пири, күндүн пиринен жаан көп жаашын тилеген. Күндүн жаашы
«жаан менен жер көгөрөт, бата менен эр көгөрөт» деген макал менен
корутундуланган. «Дамбыр ташты» үйдөгү балдар челек
калдыратышып айткан. Андан бөлөк жаан жааганда балдар айта турган дагы
жаан тилөө айтымы болгон.
«Уктардагы тилек». Түнкү бейпилдикти, амандыкты тилөө кыргызда илгертен
калыптанган. Көбүнчө жашанган кишилер уктаардын алдында тилек тилеп,
өздөрүнө дем берип уктаган. Кээ бир жалгыз уктагандар да уктаарда тилек
сөздөрдү айтып өзүн толуктап, топук алып уктоо адатына айланган. Ошону
менен «уктаардагы тилек» айтымы калыпташкан.
«Жаңы айга тилек». Кыргыздын байыркы ишениминде асмандагы заттарга
сыйынуу болгон. Анын бир күбөсү азырга чейин жаңы айды көргөндө ага
жүгүнүп, «айга тилек» айтуу жөрөлгөсү келе жатат. Айдын жаңырган түсүн
байкоо, ошого карай аба ырайын жоромолдоо кыргыздын ойчул кишилеринде
болгон. Ошол жаңы туулган ай элге-журтка жакшылык алып келсин, кырсык
болбосун деген тилектерди айтышкан.
«Төлгө тилек». Төлгө салуу, төлгөгө ишенүү тээ байыркы «сыйкырчылык
өнөрүнө» ишенген доордон баштап кыргыздарда келе жатат. «Манас» эпосунда
Манастын атайын төлгөчү адамдары болуп, жоо жактын төлгөчүлөрүнүн
абалын, болор иштин жоромолун айтканы баяндалат. Төлгө салганда төлгөсүнө
атайын тилек айтымы айтылып, «төп түш, оң түш, ооп түш» деген сыяктуу
тилектерди айтат. Төлгө тилекти төлгөчүлөр гана айткан.
«Жай таш тилеги». Жай таш тилегин байыркы кыргыздардын «кам» - деп
аталган бакшылары айтышкан. «Кам» уйдун өтүнөн чыккан «жээк ташты» алып,
аны сууга салып, булут пирлеринен тилек тилеп, жаан жаадырууну суранган.
Бул да илгерки наристе түшүнүк боюнча жасалган аракет болуп, сыйкырчылык
замандын адамдар мээсиндеги тагы эсептелет. «Жай таш», «жаан таш»
дегенден буруп айтылганы болуп, жаан тилеги жайчылар жагынан айтылганы.
«Бакшы тилек». Кыргыздар качанкы бир доордо шаман динине ишенген.
Шаман дини кезинде билимдүү, окумуштуу адамдарды бакшы деп атаган. Азыр
да моңгулдар мугалимди «бакшы» деп айтышат. Туркияда түрктөр акынды
«бакшы» дешет. Кыргыздар «жин кууй турган, илээшкен, жабышканды кууй
турган жөндөмү бар» адамды «бакшы» деп атайт. Байыркы шамандык таасир
боюнча ооруган адамга «бакшы ойнотуу» болуп келген. Ал бакшылар өзүнчө
эркекче уйкаштуу айтым менен пир чакырып, «илдетти айдатуу» аракетин
жасашкан. Мында да пирлерден тилек тилөө, сүрлүү пирлерди чакырып, андан
күч тилөө айтымы айтылган.
Төмөндө тилектердин үлгүлөрүн окуйлу.
ТИЛЕК
Ыя Теңири, эске ал,
Өзүңдөн башка пенденин,
Сүйүнө турган неси бар.
Ыя Теңири, абалы өз каарыңан сакта,
Шайтандын заарынан сакта,
Кадамы катуудан сакта.
Карарып-түнөргөндөн сакта,
Куюлган уудан сакта.
Жыйылган доодон сакта,
Каптаган чуудан сакта,
Ташыган суудан сакта.
Онтотуп жаткан дарттан сакта,
Өчпөс өрттөн сакта,
Кетпес кектен сакта.
Оомийин!
Ыя Теңири,
Арамды адал дегизбе,
Катынды базарчы кылба,
Нааданды азанчы кылба.
Жерим тозбосун,
Элим азбасын.
Оомийин!
Сакта Кудай.
Арбак колдо.
Жараткан жар бол.
Олуям демей көр,
Кыдыр ата жебей көр.
Касиетиңден айланайын,
Колдо пирим,
Колдо бабам.
Тил, көздөн сакта,
Медет бер баба.
Оомийин!
Балаадан сакта,
Жалаадан сакта.
Кооптон сакта, чууттан сакта,
Түн жатып тушуңа чыккандан сакта,
Озунган бөрүдөн сакта.
Оозу кан уурудан сакта,
Күлүп кирип, күңгүрөнүп чыккандан сакта,
Дос болуп, кас болгондон сакта.
Оомийин!
Ыя, Кудурет,
Суук көздөн сакта,
Кайбаат сөздөн сакта.
Мезгилсиз өлүмдөн сакта,
Көөдөнсүз келинден сакта.
Татымсыз туздан сакта,
Арсыз кыздан сакта.
Капылет ордон сакта,
Кайрымсыз зордон сакта.
Жамгырсыз жаздан сакта,
Тагдырсыз таздан сакта.
Бакты берсең, бактылуу кылып бер,
Дөөлөт берсең, пайырлуу кылып бер.
Аял берсең, сүйүктүү кылып бер,
Уул берсең, улуктуу кылып бер.
Келиндин келиштүүсүн бер,
Аттын желиштүүсүн бер.
Тирүүбүзгө тилек бер,
Өлүүбүзгө жумак бер.
Ушул тилегимди бөлүп-жарбай,
Үйүп-төгүп бир ак бер,
Оомийин!
Ыя, Жараткан, колдой көр,
Бак дөөлөттү өлбөс кыл,
Жалгаганга жалгаш кыл,
Ала ооздуудан алыс кыл,
Көрө албастан калыс кыл.
Ниеттери пак болсун,
Мээнеттери ак болсун.
Тилектерин асыл кыл,
Нээттерин кабыл кыл.
Өпкөсүн чаң өрдөбөс,
Жүргөн жерин жашыл кыл.
Оомийин!
Далактатар тоодон сакта,
Жалактатар жоодон сакта.
Ачыккан бөрүдөн сакта,
Кара жердин көрүнөн сакта.
Ашынган уурудан сакта,
Кулкуну курудан сакта.
Душмандын каарынан сакта,
Ичи жамандын заарынан сакта.
Аяк алдынан кезигээр,
Балаа-жалаанын баарынан сакта.
Оомийин!
О, Жараткан,
Өлүмдүн тезинен сакта,
Андан калса сегизинен сакта,
Андан калса эгизинен сакта.
Кандын каарынан сакта.
Карачанын дооматынан сакта,
Бакбай балаңдан сакта,
Жаппай жалааңдан сакта.
Капсалаң болгон жуттан сакта,
Кара өзгөй болгон доодон сакта.
Аңдыган уурудан сакта,
Абайсызда тийген жоодон сакта.
Оомийин!
О, Кудай,
Кандын каарынан сакта,
Төрөнүн заарынан сакта.
Өктөгөн өкүмдөн сакта,
Онтогон оорудан сакта,
Кежирлердин дооматынан сакта.
Качырганы шамалдай,
Кайсаганы камандай,
Кандын кабыланынан сакта.
Күрүлдөгөн көчкүдөй,
Төрөнүн дөлөңгүтүнөн сакта.
Жабуулаган жалааңдан сакта,
Таңуулаган балааңдан сакта.
Күлүп киргенден сакта,
Күңгүрөнүп чыккандан сакта.
Сасык арамзаанын ушагынан сакта,
Эшек арамзаанын тушагынан сакта.
Оомийин!
О, Кудай!
Айланайын, өзүң колдо,
Өйдө-ылдыйда, ашууда, татаал жолдо,
Шайтанга азгыртпа ач көз кылып,
Кулкумду буза көрбө, ниетимди оңдо.
Сагызганча шакылыктатып кичилетпе,
Чар каргача чырылдатып, кишенетпе.
Кай жерде, кайсы тойдо олжо бар беп,
Түлкүчө жойлоттуруп шимшилетпе.
Жон жоруча жонго коюп, тарп күттүрбө,
Кол жооругуча үксөйтүп баш мүлжүтпө.
Карышкырдан калгандын кардын жарып,
Кашкулакча капталдан сүйрөттүрбө.
Кузгунча таң лвардан куркулдатпа,
Каргача кайдалатып тарпаңдатпа.
Кайда болсо напсим тыйып, ыйман берип,
Касиеттүү элиме уят кылба.
Оомийин!
Жалга Теңир, кабыл эт,
Жалгоонун камын эт.
Ызат, аброй, бак, дөөлөт,
Кызыр карап, бак конуп,
Эмне тилек тилесең,
Ошонун баарын кабыл эт.
Ыйманымды түгөл эт.
Достун көңүлүн ача көр,
Душман көңүлүн баса көр.
Тозоктогу оттон как,
Насип каккан жоктон как.
Адилтикти бургандан сакта,
Кайрымсыз туугандан сакта,
Нанды тепкен кесирден сакта,
Ырысты чанган келинден сакта,
Мезгилсиз келген өлүмдөн сакта,
Татымсыз туздан сакта,
Уятсыз кыздан сакта,
Жигиттин аңкоосунан сакта,
Жаштардын жалкоосунан сакта,
Агайындын бүтпөс доосунан сакта.
Оомийин!
Ыя, Жараткан кудурет,
Ниети кара, жегени арамдан сакта.
Күлө кирип, күңгүрөнө чыккандан сакта,
Өтпөс бычактан, баспас күлүктөн сакта.
Эл ичин ыдыраткан бүлүктөн сакта,
Жетим-жесирдин ырыскысын ашагандан сакта.
Аманатка кыянат жасагандан сакта,
Ыя, Алла, кооп, коогадан сакта,
Оору-сыркоо, балаа-жалаадан сакта.
Жетесиз уулдан сакта,
Никесиз кыздан сакта.
Оомийин!
Аброй бер, аман сакта,
Өрттөн, суудан сакта,
Тилсиз жоодон сакта.
Тилишкен чуудан сакта,
Күлө кирип, күңгүрөнө чыккандан сакта,
Жөндөн жөн келген балаадан сакта.
Балаадан жаман аялдан сакта,
Желиккен жеңеден сакта,
Балаа алып келер теңгеден сакта,
Чочуган желинден сакта.
Кетпес кезик келинден сакта,
Дос болуп, кас болгондон сакта,
Арам дүнүйөгө мас болгондон сакта,
Кыдыр колдосун,
Башыбызга бакыт консун.
Оомийин!
О, касиеттүү Кудурет,
Тилди билбегенден сакта,
Дилди сыйлабагандан сакта.
Кайрымсыз туугандан сакта,
Коогалуу катындан сакта.
Ыймансыз баладан сакта,
Жамандын көзүнөн сакта,
Оозу кандуу бөрүдөн сакта.
Тескери батадан сакта,
Элди балаадан сакта.
Оомийин!
О, Кудурет, Жараткан,
Башыбызга эсендик бер,
Дөөлөт, бакыт, ынтымак бер.
Жерге жамгыр бер,
Бакырга байлык бер,
Азалуу үйгө шаттык бер.
Карыга сөөлөт бер,
Балага абийир бер.
Кемпирге келбет бер,
Келинге ыйман бер.
Жигитке эрдик бер,
Элге береке бер.
Ырыскы менен даарый кет,
Ушул тилегибизди кабыл эт.
Оомийин!
О, Жараткан,
Айдан аман сакта,
Жылдан эсен сакта,
Жаман ойдон сакта,
Жазакер азгырыктан сакта.
Жабыркаткан оорудан сакта,
Жалаңдаган жоодон сакта.
Жамандын жалаасынан сакта,
Жазатайым жолуңан сакта,
Жашырынган ууруңан сакта.
Жалындаган өртүңөн сакта,
Жанталашкан сууңан сакта.
Улуу жолдо туш келер,
Балаа капсабыңдан сакта.
Душмандын табасынан сакта,
Кол жайып бата бердик,
Колдосун Кыдыр ата.
Оомийин!
О, Кудай,
Олуя колдо,
Жалгамак сенден,
Жаңылмак бизден.
Кимди жалгасаң ошонун арасында,
Элди-жерди колдой көр,
Ашка береке, башка дөөлөт бер.
Кең пейил, ырыс бер,
Бала-чакага узак өмүр бер.
Жакшыны көп кыл,
Жаманды аз кыл.
Оомийин!
Оболу Кудай оңдой көр,
Оң жолуңа жолдой көр.
Адашса жолго сала көр,
Мүдүрүлсө колдоп ала көр,
Кездешсе шайтан кага көр.
Жакшыларга жанаштыр,
Жамандардан адаштыр,
Жылдыздарга жалгаштыр.
Оомийин!
Жамгырсыз жаздан сакта,
Жапа чеккен аздан сакта,
Касиетсиз кектен сакта,
Кегин кууган көптөн сакта.
Булуттун аласынан сакта,
Элдин балаасынан сакта.
Дос болуп, кас болгондон сакта,
Күлө кирип, күңгүрөнө чыккандан сакта.
Оомийин!
Ээ, Кудайыы сакта,
Бакыт бер башка,
Соолук бер жашка.
Бармын деп ташба,
Жокмун деп арыба.
Береке бер,
Ичип-жеген ашка.
Оомийин!
Ыя, Жараткан кудурет,
Жамандыкка жазбасын,
Жакшылыкка баштасын.
Мал ээси Жер эне,
Жан ээси Көк ата.
Не тилесе Азирет,
Эткен нээтти кабыл эт,
Кабыл этсең, Азирет.
Оомийин!
Теңир, Теңир!
Тогуз жалбырактуу ыйык кайың сайдык, Теңир!
Тогуз козу биз сойдук, Теңир!
Жакшылыкты жерге, элге жалга, Теңир!
Жамандыкты жерден, элден качыр, Теңир!
Жашообузду оңдо, Теңир!
Оо, Кудай!
Кандын каарынан сакта,
Төрөнүн заарынан сакта.
Өктөгөн өлүмүңөн сакта,
Онтогон ооруңдан сакта.
Кежирлердин дооматынан сакта.
Оо, Кудай!
Канга жүгүнүп салам айтам,
Алик алар.
Качырганы шамалдай,
Кайсаганы камандай,
Кандын кабыланынан сакта.
Төрөгө кол куушуруп кулдук кылам,
Башын ийкер.
Күрүлдөгөн көчкүдөй,
Күүлөнгөн борошондой,
Төрөнүн дөлөңгүтүнөн сакта.
Өлүм болсо моюндагы милдет,
Оору болсо кезектеги илдет.
Жабуулаган жалааңдан сакта,
Таңуулаган балаадан сакта.
Доомат болсо аягы тынат,
Доо болсо берип кутулат.
Күлүп киргенден сакта,
Күңгүрөнүп чыккандан сакта.
Сасык арамзаанын ушагынан сакта,
Эшек арамзаанын тушагынан сакта.
Атың жакшы Теңирим,
Мен бир тилек тилейин.
Ак мүйүзү чакмактай,
Тегерек куйрук кочкорду,
Малды берсең койду бер.
Уул берсең бойлуу бер,
Журтка акыл салгыдай,
Акылы артык ойлуу бер.
Кудай кулум дегейсиң,
Маметим үмөтүм дегейсиң.
Чалыяр досум дегейсиң,
Оозу кандуу бөрүдөн сакта.
Колу кандуу уурудан сакта,
Шайтандын шарынан сакта.
Каапырдын калабасынан сакта.
Күн күркүрөгөндөн сакта,
Түн түбүрөгөндөн сакта,
Кыйкырган жоодон сакта,
Келе деген доодон сакта.
Ат берсе ала берсин,
Томолок баш бала берсин.
Эчки берсе теке берсин,
Эшиги ачык Меке берсин.
Пайгамбар мазарын берсин,
Кызырым назарын берсин.
Оомийин!
Жаш баланын күлкүсүн бер,
Жан эненин уйкусун бер.
Жоомарттын колун бер,
Жолдоштун жолун бер.
Кыздын кылыгын бер,
Уздун учугун бер.
Суунун тунугун бер,
Азоонун арымын бер.
Айлуу түндүн жарыгын бер,
Эгиздүү улагын бер,
Эки айрык шыбагын бер,
Аскар тоонун салкынын бер,
Булбулдун таңкы үнүн бер,
Талаанын жарыктыгын бер,
Гүлдүн назиктигин бер.
Деңиздин тереңдигин бер,
Дүйнөнүн кереңдигин бер.
Кыраандын көрөгөндүгүн бер,
Эрдин билегин бер.
Шердин жүрөгүн бер,
Түбөлүккө ажырабас,
Чын ашыктын тилегин бер.
Оомийин!
МЕРГЕН ТИЛЕК
Кайберен ата чеберим,
Сыйынамын мен сага.
Менин жолум кайыптан,
Алла Таала буюрган.
Күндөп-түндөп көп басам,
Буюрбассың айыпка.
Каргашалап жанымды,
Тоо-ташыңдан тайылтпа.
Куру кол бекер келбейин,
Кайберен аткан айыбыма.
Аркар-кулжа аралаш,
Алдыма тушташ аралаш,
Кайберен атам, чеберим,
Ырыскым колго бере көр.
БАЙГЕГЕ ТИЛЕК
Аа, Кудайым, ак сары башылым,
Ай туягың, эр Баабедин колдо.
Арбак жар бол,
Кудай, жер казыгынан сактай көр.
Оомийин алло акпар!
СУУ КЕЧКЕНДЕГИ ТИЛЕК
Агыны катуу дайрадан,
Жараткан өзү колдосун.
Суу ичинде жетелеп,
Илияс пирим жолдошум.
Шашылбай солгун кечиргин,
Шайтан наадан жоголсун.
Жаа пирлерим, шар суудан,
Чымын жанды колдогун.
Агымы катуу дайрадан,
Алла Таала колдосун.
Суу кечкенде жетелеп,
Сулайман болсун жолдошуң.
Шаштыра албай кыйналып,
Шайтан шашып оңбосун.
Сулаймандан кагажып,
Чөлгө качып жоголсун.
Оомийин!
«ДАМБЫР ТАШ» (ЖААН) ТИЛЕК
Дамбыр, дамбыр, дамбыр таш,
Дамбыраткан кызыл таш,
Жамгыр жаады күркүрөп,
Челек, тулга калдыр таш.
Күн күркүрөп көп жаа,
Жер жарылып чөп чык,
Желин айрылып сүт чык.
Чебичегим челеңдеп,
Челек, челек сүт бер.
Тоо жарылып от чык,
Токтучагым тороңдоп,
Торочу, торочу сүт бер.
Байчечекей башбаксын,
Арык-торук кой, козу,
Көккө тоюп жан баксын.
Жыл жаадырап эртелеп,
Келишинен кайтпасын.
Күн жаа, күн жаа,
Күндөп-түндөп көп жаа,
Карагай башын кайра жаа,
Арча шагын айра жаа,
Чекенде башын черте жаа,
Чийдин башын ийип жаа,
Төө куйрукка уюп жаа,
Жер жаанга сийип жаа,
Төгүп-төгүп куюп жаа.
Ашкана толгон ак болсун,
Малга жыргап бак болсун.
Береке нуру чачылсын,
Пейили элдин ачылсын.
Малдын-жандын ырысы,
Жаап-жаап турушу.
Көксөп жүргөн элдердин,
Жамгыр болот ырысы.
Оомийин!
УКТААРДАГЫ ТИЛЕК
Жаттым жараткан,
Тургузарсың эсен-аман.
Бейиштин түбүндө бир дарак,
Жалбырагы гүлдүү барак.
Аны жети жолу окуп жаттым,
Менден тозок оту ыраак.
Жаттым аманат,
Ойгото көр саламат.
Оомийин!
Жаттым тынч,
Жаздыгым кенч.
Тилим куран,
Тилегеним ыйман.
Ыя, Жараткан,
Уйкумду мамык кыл,
Тилегимди анык кыл.
Оомийин!
ЖАҢЫ АЙГА ТИЛЕК
Ай көрдүм, аман көрдүм,
Айдын мунарасынан,
Жердин кучагынан,
Жегилик дан,
Бир кыштык саман көрдүм.
Жесирге жемиш,
Жөөгө улоо,
Жалкоого мээнет,
Жалгызга эркек.
Иштерменге кут,
Ушакчыга уу,
Ак ниетке туз,
Баарыга кайыл заман көрдүм.
Айдан аман,
Жылдан эсен бололу.
Келерки ушул күнгө,
Өсүп-өнүп тололу.
Бакылга тар,
Бакырга бар ай бол.
Оомийин!
КЕЛИН АЛГАН КҮНКҮ ТИЛЕК
Ыя, Жараткан,
Өмүр берсең жайлуу кылып бергин,
Дөөлөт берсең сыйлуу кылып бергин.
Уул берсең от болсун,
Кыз берсең чок болсун.
Келин берсең келиштүү болсун,
Келечеги өрүштүү болсун.
Аял берсең адептүү болсун,
Алыс-жакындын көөнү толсун.
Куда берсең жолдошуңдай болсун,
Кудагый берсең сырдашыңдай болсун.
Ата-баба жолунан ким ашсын,
Кудалык сый миң жылга улашсын.
Эки жаштын бактысын бер,
Эки жак тең кызыгын көрүшсүн.
Оомийин!
ТӨЛГӨ ТИЛЕК
Байгамбардын бал төлгө,
Таштанбектин таш төлгө,
Азирети алп төлгө,
Жолдо жолоочуну,
Баскан-турганды көрбөй түш,
Калп айтпа, жакшы түш,
Бешенеси беш түш,
Оң колума ооп түш,
Он эки таш айтып түш,
Оомийин!
«ЖАЙ ТАШ» ТИЛЕК
Кара канын — султаны Аккуу,
Кануу менен туман абыраган ашкан,
Каранаттык боз булутту,
Теңирим денден тиледим.
Апкан булут, бери кел, тез кел,
Булутум жетип кел.
Аа, аа аракети арайын,
Сиздин макини бийнабайын,
Каннын журтуш.
Лийсаран, мисаран, тарамун.
Тарнашып, жалылен, шаман мосом, ыякут.
Алло акпар!
«БАКШЫ» ТИЛЕК
Ой, тоодон бир тоого учкандар,
Ой, жылан бир камчы туткандар,
Ой, жандыра суу ичкендер,
Ой, Азирети Сулайман пирим.
Ой, дулдул, атам, дөө, пери мейман,
Ой, Сулайман аттуу суу чилтен мейман.
Ой, ошол суу башы Сулайман мейман,
Ой, Анжиянда ак жылан мейман,
Ой, Самарканда нар жылан мейман.
Ой, кабазыр, мудур, каяшар мейман,
Ой, султан бир мудур,
Ой, башыр мейман.
Ой, кара бир көздүү,
Ой, ширин бир сөздүү,
Ой, келте бир ойлуу,
Ой, шына бир тиштүү,
Ой, кочкор мүйүздүү,
Ой, дөө, пери мейман.
Ой, муз тоодо жатып семирген мейман,
Ой, муз тоонун музун кемирген мейман.
Ой, томоголуу сарала куштун,
Ой, томогосун алып кое кел мейман.
Ой, ак буура келди буркурап, мына ай,
Ой, бириңен бириң ыйба кылбагын мейман.
Ой, чоң олуя улук кум мазар,
Өзүңдөн медет тилеймин бүгүн,
Ой, Кең-Колду баскан ак буура атан,
Өзүңдөн медет тилеймин бүгүн.
АК БАТА
Ак бата уйкаштык жагынан кудум эле ырдай түзүлөт. Бул жагынан алып
айтканда кыргыз ырларынын бир түрү деп ыйгарсак да жаңылбайбыз. Бирок Ак
бата кумдай чачылган турмуштун жакшылык жагын жактайт. Келберсиген
адамзаттар кетилбей кемелине келүүсүн, ак тилеги кабыл болуусун кубаттайт.
Эмесе Ак бата дегенибиз тыянактап айтканда алкоо. Кыргыз улуту алкоону
эненин мээриндей тагдыр-таалайынын сүйгөнүндөй сезет.
Кыргыздар «жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көгөрөт» деп
билишет. Ошондуктан, кыргыздар алкоо алса кубанычы койнуна сыйбай
кылыңдаган жаш баладай кубанат.
Этке эттей бата,
Эт бети менен кеткен бата.
Нанга нандай бата,
Мындан артык кандай бата.
Атадан калган Ак бата,
Ар адамга бап бата.
Арамзаада бузукту,
Арабыздан тап бата.
Кадимден калган Ак бата,
Калың журтка бап бата.
Кара ниет бузукту,
Казыктай жерге как бата.
Жаңырбек Матили
***
Эмесе кыргыздар көбүрөөк жаңы өспүрүм балдар-бата берет.
Көтөр бала билегиңди,
Кудайым берсин тилегиңди.
Бак карасын,
Кызыр даарысын.
Айыкпас балаа,
Жок жалаадан сактасын.
Ата-бабаңдын арбагы колдосун,
Эч жамандык болбосун.
Дөөтбай Молдо
***
Көтөр балам билегиңди,
Он сегиз миң ааламдын падышасындай,
Кудайым кабыл көрсүн тилегиңди.
Каз каркылдап кечкисиз көл бол,
Куш куркулдар өткүсүз бел бол.
Тукумуң журтка таанылсын,
Илимиң башка толуп,
Илебиң ташты жарсын.
Казаның кайнап турсун,
Отуң жайнап турсун.
Башыңан бакыт кетпесин,
Жооңо бийлик жетпесин.
Матили Абдыкерим
***
Шыбагалуу баш берсин,
Берекелүү аш берсин.
Маңдайыңа
Баркыраган баш берсин.
Уучуң узарсын,
Жаның жайрасын.
Өмүрүң узун болсун,
Өрүшүң жайык болсун.
Ырысың журттан ашсын,
Көңүлүң толкуп жатсын.
Эч нерседен кем болбо.
Жусуп Мамай
***
Башыңан бакыт кетпесин,
Башканын каргышы жетпесин.
Балдарың чечен болсун,
Бир тууганың эсен болсун.
Кыдыр сага даарысын,
Кылымга атың таанылсын.
Тилиң кызыл болсун,
Тилегиң узун болсун.
Тайыр Мамбетаалы
***
Бак карасын,
Кыдыр даарысын.
Кудай жалгасын,
Мал-башыңды
Аман кылсын баарысын.
Кудай бак берсин,
Бак берсе бат берсин.
Кудайым ырыс берсин,
Ырыс берсе дурус берсин.
Бактылуу бол, баштуу бол,
Узун өмүр жаштуу бол,
Телегейиң тептегиз,
Малынып турсун майга кол.
Бактылуу болуп балдары,
Ачылсын багы ар дайым.
Түндүктөн ырыскы куюлуп,
Жолу болсун күн сайын.
Балдарыңа бак берсин,
Бакыт берсе,
Ар дайыр артык берсин.
Даражасы көтөрүлүп, нур чачып,
Ырыскың көөхардан чачып берсин.
Бак карап, Кыдыр даарып, ырыс жетип,
Дөөлөтү суудай агып өсүп өтсүн.
Кудайберген Ауган
***
Манастай билектүү бол,
Каныкейдей тилектүү бол.
Алмамбеттей улуу бол,
Айчүрөктөй сулуу бол.
Бакайдын өмүрүн берсин,
Эр Агыштын көңүлүн берсин.
Анкар
***
Билектүүдөн күчтүү бол,
Жалтырактан түстүү бол.
Аталуудан улуу бол,
Акылдуудан кундуу бол.
Энелүүдөн эрке бол,
Эл алдында серке бол.
Кызыл тилден таңдайлуу бол,
Ырыскыдан маңдайлуу бол.
Элдики
***
Кийимиң кептүү болсун,
Элиң эптүү болсун.
Өмүрүң узун болсун,
Өрүшүң жайык болсун.
Тукумуң журттан ашып,
Тууганың канат болсун.
Эспер
***
Жети мүчөл жашагын,
Тартпагын жоктун азабын.
Баатыр болсоң жөлөк бол,
Баарыбызга өбөк бол.
Аксакалдуу абышка болгула,
Ак саамайлуу байбиче болгула.
Кален Асан
Жейрендин этин ашагын,
Жети мүчөл жашагын.
Аркардын этин ашагын,
Алты мүчөл жашагын.
Калыйча Казыбай
***
Шердей үндүү бол,
Жолборстой сүрдүү бол.
Ажыдаардай заардуу бол,
Карышкырдай каардуу бол.
Буудайдай бутакта,
Талдай шакта,
Карагайдай көгөр
Жусуп Мамай
***
Алдыңды бала бассын,
Артыңды мал бассын.
Ак жоолугуң башыңан ообасын,
Алганың менен тең кары.
Көчтө минер жоргоң болсун,
Койдой киер торкоң болсун.
Өзүңдөй күйөөң болсун,
Жетелерге төөң болсун.
Үнүң угумдуу болсун,
Колуң жугумдуу болсун.
Жусуп Мамай
Кыргыз элинде жаңыдан турмуш курган жаштар берген батасы да аз эмес.
Ошолордун бирөө:
Баш алган буудайдай ыргалгыла,
Кошулган талдай чырмалгыла.
Ырысыңарга эр бала сүйгүлө,
Суктанарга кыз бала сүйгүлө.
Кайгыланбай каткырып,
Кол кармашып жүргүлө.
Жусуп Мамай
Кыргыз өмүрүндө жайлоодон жайлоого, этектен төргө, ойдон тоого көчүүдө
өз алдынча салтанаттуу урмат. Көч алдын тосуу, көч коюн байлатуу, ак ичирип,
ак бата берүү салты бар. Мисалы:
Көчүң көрктүү болсун,
Журтуң жуктуу болсун.
Унааң кабыл болсун,
Айланаң адыр болсун.
Кызың кылыктуу болсун,
Уулуң урматтуу болсун.
Келиниң келбеттүү болсун,
Торко элгектүү болсун.
Калдайып турган жер сүйсүн,
Калың кыргыз эл сүйсүн.
Ичкениң тунук суу болсун,
Өмүрүң түгөл дуу болсун
Матили Абдыкерим
Көч конушуна түшкөндө да олуядай болгон аппак береке сакал абышка, же
болбосо кызыл ээк балкыган кемпирлер көч ээсине, эмесе көзгө басар баласына
карап ак батасын беришет. Мисалы:
Корооң мыкты болсун,
Конушуң ыктуу болсун.
Жайлооңуз чөптүү болсун,
Айланаңыз көрктүү болсун.
Жайытыңыз жайык болсун,
Жаш балаңдын ойногону,
Жашыл сырдуу кайык болсун.
Айды Качкын
деп бата берсе, дагы бирөө:
Кочкоруң жүндүү болсун,
Айгырың үндүү болсун.
Өгүзүң күчтүү болсун,
Инегиң сүттүү болсун.
Кур сайга суу аксын,
Кылган ишиң элге жаксын.
Токтосун бий
Кыргыз эли батакөйлүү керемет. Бата берүүгө шыктанат. Берген батанын
кундуулугун аңгеме дууман кылышат. Атайы аңыз кылып айылдан айыл
жайышат. Ошол көп батанын бирөө бээ байлаганда берген бата.
Кулун тайың жөрөлгөлүү болсун,
Сабааңыз көрөңгөлүү болсун.
Ортого чыгып сөз сүйлөсөң,
Сөзүңүз өбөлгөлүү болсун.
Желе бооң бек болсун,
Желдеген касың тек болсун.
Табагыңда сүт турсун,
Ашканаңда кут турсун.
Жылкыңдын үйүрү башка болсун,
Кулундары кашка болсун.
Жоргосу болсо кызың минсин,
Күлүгү болсо уулуң минсин.
Кас санаган оңбосун,
Камбар ата колдосун.
Матили Абдыкерим
Ал эми кыргыз улуту кой саагандарга ак батасын берип кайрылат.
Кызыл кандан айрылган,
Аппак сүтүң бергиниң.
Чолпон ата баш болуп,
Кошокту колдоп бергиниң.
Бендеге чачкан ырыскы,
Берекеттен тергиниң.
Жусуп Мамай
Кыргыз улуту суу кечерде да жөн өтпөйт. Сууга да арнаган атайын баталары
болот.
Агымы катуу дайрадан,
Алла Таала колдорсуң.
Суу кечкенде жетелеп,
Илияс болсун жолдошуң.
Шаштыра албай кыйналып,
Шайтан ойго орносун.
Илиястан кагажып,
Эрмен чөлгө жоголсун.
Кабыл Төлөгөн
Суу кечкендеги бата али эле кокустан чыккан бата эмес. Ал эзелки кыргыз
улуту сууну тутум кылган шаман дини бар заманда эле жаралган. Мына мындай
баталар дарегине караганда кыргыз улутунун ак батасы кыргыз улутуна ыр
бүткөндө эле кошо жаралганын далилдеп турат. Ошентип, ак бата «Манас»
эпосуна да кирген.
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Ак баталар - 9
  • Parts
  • Ак баталар - 1
    Total number of words is 3724
    Total number of unique words is 1893
    24.4 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ак баталар - 2
    Total number of words is 3744
    Total number of unique words is 2017
    26.6 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ак баталар - 3
    Total number of words is 3707
    Total number of unique words is 1925
    26.4 of words are in the 2000 most common words
    38.4 of words are in the 5000 most common words
    44.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ак баталар - 4
    Total number of words is 3575
    Total number of unique words is 1805
    24.0 of words are in the 2000 most common words
    35.8 of words are in the 5000 most common words
    42.2 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ак баталар - 5
    Total number of words is 3719
    Total number of unique words is 1833
    27.3 of words are in the 2000 most common words
    39.3 of words are in the 5000 most common words
    45.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ак баталар - 6
    Total number of words is 3584
    Total number of unique words is 1793
    25.6 of words are in the 2000 most common words
    37.1 of words are in the 5000 most common words
    43.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ак баталар - 7
    Total number of words is 3570
    Total number of unique words is 1949
    24.7 of words are in the 2000 most common words
    36.5 of words are in the 5000 most common words
    43.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ак баталар - 8
    Total number of words is 3662
    Total number of unique words is 2010
    25.6 of words are in the 2000 most common words
    37.9 of words are in the 5000 most common words
    44.1 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ак баталар - 9
    Total number of words is 531
    Total number of unique words is 407
    29.6 of words are in the 2000 most common words
    42.1 of words are in the 5000 most common words
    47.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.