Latin

Ажымурат - 5

Total number of words is 4008
Total number of unique words is 2041
31.1 of words are in the 2000 most common words
42.9 of words are in the 5000 most common words
49.4 of words are in the 8000 most common words
Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
Селде кийгени — Шамилге берилгендиги дейт. Бирок генерал аныи сөзүнө ишенбептир
да, ага тийбегиле, дептир. Бир күнү генерал Тифлиске жөнөп кетет. Ошону
пайдаланып, Ахмет-Хан өз билгенин жасады: бир рота солдат менен келип, мени
кармап алды, колу-бутумду кишендеп, замбирекке таңып койду. Ушундайча мени алты
күн кармады. Жетинчи күн дегенде, байлоодон бошотуп, Темир-Хан Рура шаарына
айдатты. Октолуу мылтык асынган кырк солдат айдап баратты. Эки колум байлануу
болучу, ошондо да кылт этсе, атып таштагыла, деп буюруптур, мен муну билчүмүн.
Моксохтун жанындагы ашуудан ашып баратабыз, жол тар, оң жагыбыз типтик жар,
бийиктиги элүү саржандай. Мен бир солдаттын он жагына өттүм. Солдат мени
токтотмокчу болду эле, тобокел деп жардан каргыдым, солдат мени менен кошо
кулады. Солдат мүрт кетти, мен тирүү калдым, бирок кабыргаларым кабышып, башым
жарылып, колум, бир бутум сынды. Жылайын дейм, алым келбейт. Башым айланын,
көзүм караңгылап, уктап кетипмин. Бир убакта көзүмдү ачсам, канга бөлөнүп жаткан
экем. Бир койчу көрүп, киши чакырып, ошолор бир айылга алпарат. Сынган жерлерим
бүттү, кабыргаларым да, башым да жазылды, бирок бутум кыскарып калды,— деп
Ажымурат кыйшык бутун сунду.
— Айтор, ажат ачканга жарап жүрөт, анысына да шүгүр,— деди ал. —Менин алжайымды угуп, ал келип-кетип жүрдү. Абдан айыккандан кийин Цельмеске бардым.
Аварлар мени эл башкар деп дагы да чакыра башташты,—деп ал салмактуу, сабырдуу
түрдө көтөрүлө сүйлөдү. — Ага мен макулдугумду билдирдим.
Ушуну айтып, Ажымурат учуп турду да, куржундан портфелин алып, анын ичинен
саргайып калган эки кат чыгарып, бирин Лорис-Меликовго сунду. Экөө тең Клюгенаудан
келген каттар экен. Лорис-Меликов окуп чыкты. Биринчи катта мындай делинген:
«Прапорщик Ажымурат, сен менин карамагымда кызмат кылдың, кызматың мага
жакчу жана өзүңдү жакшы адам деп эсептечү элем. Жакында генерал-майор АхметХан
сенин үстүңдөн мага арыз түшүрдү. Анын айтымынча, сен чыккынчылык кылып,
башыңа селде чалып, Шамил менен астыртан байланыш жасапсың жана орус
чоңдоруна багынбагыла деп элге иритки салыпсың. Мен сени камап, мага алып келгиле
деп буюрган элем,— сен качып кетипсиң. Мындай кылганың жакшылыкпы,
жамандыкпы, билбеймин, анткени сенин ак-караң мага белгисиз. Эми болсо, сөзүмө
кулак сал. Эгер улуу падышага ниетиң ак болсо, эгер эч кандай айыбың жок болсо,
мага кел. Эч кимден коркпо, мен сени коргоп каламын. Хан сага эчтеме кыла албайт,
анткени анын өзү менин карамагымда. Ошентип, сен корко турган эчтеме жок».
Андан ары Клюгенау өзүнүн өмүр бою эки сүйлөп көрбөгөнү, дайыма адилет болуп
келгендиги жөнүндө жазып, Ажымуратка кел, деп дагы да акыл айтыптыр.
Лорис-Меликов биринчи катты окуп бүткөн кезде, Ажымурат колундагы экинчи катты
ага берүүдөн мурда мына бул биринчи катка кандай жооп кайтарганын айтты.
— Мен ага мындай деп жаздым: башыма селде оронсом, Шамил үчүн оронгонум
жок, өз ар-намысым үчүн орондум жана Шамилге өткүм келген эмес, өтө албаймын да,
анткени ошонун кесиринен менин атам, агам туугандарым каза тапты, бирок орустарга
да өтө албаймын, анткени алар менин аброюмду төктү дедим. Хунзахта байлануу
жаткан чагымда бир душманым менин үстүмө чычып кетти. Ошол адам
өлтүрүлмөйүнчө, мен силерге бара албаймын. Эң башкысы, жалакор Ахмет-Хандан
коркомуң дедим. Ошондо генерал мына бул катты жибериптир,— деп Ажымурат
саргарган экинчи кагазды Лорис-Меликовго сунду.
— «Сен менин катыма жооп кайтардың, аныңа ыракмат,— делиниптир бул катта,—
сен: кайтып баруудан коркпоймун, бирок бир капырдын кордугу өтүп кетти, ошондуктан
бара албаймын, депсиң. Мага ишенип кой: орус мыйзамы адилет, быякка келсең, сени
маскаралаган адамдын жазаланганын өз көзүң менен көрөсүң. Мен азыр эле бул ишти
текшерүүгө буйрук бердим. Кулак салчы, Ажымурат, менин сага нааразы боло турган
жөнүм бар, анткени менин сөзүмө, менин адалдыгыма ишенбейсиң, бирок
тоолуктардын күдүкчүл келерин эске алуу менен, мен сенин мунуңузду кечиремин. Эгер
ниетиң адал болсо, эгер селде оронгондо өз ар-намысың үчүн гана оронгон болсоң,
аның туура, анда орус өкмөтүнөн да, менден да эч бир ийменбей эле кой, ал эми сени
кордогон адам жазаланат. Малмүлкүң кайта берилет, ошентип, орус мыйзамынын
кандай болорун өзүң көрүп-билесиң, буга ишенип кой. Андан соң орустар бардык
нерсеге башкача карайт: кайдагы бир Донуз сени кордогон экен деп, алар сени кем
санамакчы эмес. Ал эми гимриндерге селде оронууга мен өзүм уруксат бергем жана
алардын аракетине оң көз менен карап отурамын; демек, дагы айтам, сен корко турган
эчтеме жок. Азыр мен жиберип отурган адам менен кошо мага кел, бул сенин
душмандарыңдын кулу эмес, менин ишенимдүү адамым, өкмөт алдында зор бедели
бар кишинин досу.
Каттын аягында Клюгенау дагы да Ажымурагка кел деп акыл айткан.
Лорис-Меликов катты окуп болгон кезде, Ажымурат мындай деди:
— Мен буга ишенген жокмун, ошондуктан Клюгенауга барганым жок. Мага эң
башкысы, Ахмет-Хандан өч алуу эле, ал эми орустар аркылуу мындай кылууга мүмкүн
эмес эле. Так ошол убакытта Ахмет-Хан Цельмести курчап, мени кармап алууга же
өлтүрүүгө ниеттенди. Менин адамым аз эле — ага туруштук бере албай турган болдум.
Дал ошол учурда Шамилден адам келди, мага кат тапшырды. Катында Шамил АхметХандан кутулуп, анын көзүн жоюуга көмөктөшөм жана бүткүл Аварстанды өзүң башкара
турган болосуң дептир. Мен узак ойлонуп-толгонуп, акыры Шамилге өттүм. Мына
ошондон бери карай орустар менен тынымсыз согушуп келдим.
Мындан кийин Ажымурат өзүнүн бардык уруш-кармаШууларын айтып берди. ЛорисМеликов бул уруштардын чет-жакасын биле турган. Анын жортуулдары менен
чабуулдарынын бардыгы тең укмуштуудай тез, адам айтып бере алгыстай кайраттуу
жүргүзүлүп жаткан жана баштаган аракетинин эч бири ийгиликсиз болгон эмес.
Аңгемесин аяктап келип, Ажымурат мындай деди:
— Шамил экөөбүздүн ортобузда эч качан достук болгон эмес, бирок ал менден
коркчу, менсиз күнү да жок эле. Ошентип жүргөндө, бир жолу бирөөлөр менден: —
Шамилден кийин кимдин имам болушу ылайык, деп сурады. Кимдин кылычы курч
болсо, ошол имам болот, дедим мен. Ушу сөздү Шамилге жеткизиптир, ошондон кийин
ал менден кутулмакчы болду да, мени Табасаранга жумшады. Мен барып, миң кой, үч
жүз жылкы тийип келдим. Ал мени, айтканымды аткарбапсың деп, найыптыктан
түшүрдү жана бар акчаңды бер, деп буюрду. Мен ага миң дилде жибердим. Буга да
канагат кылбай, муруттарын аттандырып, менин бар мал-мүлкүмдү тартып алды.
Өзүмдү да чакыртты эле, бирок өлтүргөнү жүргөнүн билип, барганым жок, ошондо мени
кармап алмакчы болду. Анысына көнбөй, качып чыктым да, Воронцовго өтүп кеттим.
Бир гана бала-чакамды куткара албадым. Энем да, аялым да, уулум да ошонун
колунда калып калды. Сардарга айт: бала-чакам кутулмайынча мен эчтеме кыла
албаймын.
— Айтайын,— деди Лорис-Меликов.
— Аянба, айтууга аракет кыл. Колумда болгону бүт сеники, бир гана княздан өтүнүп
көр, көмөгүңдү көрсөтөт. Менин колу-бутум маталуу жана аркандын бир учу Шамилдин
колунда,—деп Ажымурат сөзүн бүтүрдү.
XIV
Жыйырманчы декабрде Воронцов согуш министрине мындай деп жазды. Кат
француз тилинде эле.
«Сүйүктүү князь, мен сизге кийинки жолу жазган жокмуң, анын себеби, эң оболу
Ажымуратты кандай кылуу керекэкенин чечил алмак элем жана өзүм эки-үч күн
сыркоолоп жүрдүм. Акыркы катымда мен сизге Ажымураттын Ушу жерге келгенин
кабарлаган болчумун. Ал Тифлиске 8-күнү келди. Эртеси күнү аны менен таанышып,
сегизтогуз күндөй аңгемелештим, ошону менен бирге кийин анын бизге кандай пайдасы
тиери жөнүндө, айрыкча азыр биздин ага карата эмне кылышыбыз керектиги жөнүндө
ойлоштурдум. Азыр анын оюн төрт бөлүп жаткан нерсе — үй-бүлөсүнүн тагдыры. Ал
ачыктан-ачык мындай деди бала-чакам Шамилдин колунда турганда, менде эч бир
дарман жок жана силердин көрсөткөн ыкласыңар үчүн, өткөндөгү күнөөмдү кечкениңер
үчүн алкыш иретинде адал кызмат кылар элем, бирок буга да ылажым жок дегенди
айтат. Кыйбас жандарынын эмне болгонун биле албай, кайгы, зар чегип жүрөт. Мен
анын жанына кошуп берген адамдарымдын айтымдарына караганда, ал түнү бою уйку
көрбөйт, тамакка да табы жок, жалаң ибадат кылып отурат, бир гана күндөлүктүү
эрмеги — уруксат алып, жанына бир нече казакты ээрчитип, салт ат менен серүүн
куруп келет. Күн сайын ал бала-чакасынан кабар алганалбаганымды билүүгө келет,
келген сайын ар тараптан колго түшкөн, туткун адамдарды чогулттуруп, Шамилге
башма-баш айырбаш үчүн берсеңиз кантер эле, өзүм анын үстүнө бир аз акча кошор
элем дейт. Акча берген адамдары бар көрүнөт. Ал мага дайым мындай дейт: «Менин
бала-чакамды куткарыңыз, андан соң менин кызмат кылуума мүмкүндүк бериңиз (анын
оюнча, кызмат кылуусуна эң ыңгайлуу жер — лезгин майданы), ал эми эгер бир ай
убакыттын ичинде ойдогудай кызмат көрсөтпөсөм, өз каалооңуз боюнча мени
жазалаңыз» дейт.
Мен ага: бул айтканыңдын баары орундуу сыяктуу, ал эми эгер сенин бала-чакаң
аманат эсебинде биздин колдо болбой, мурункудай тоодо калса, биздеги адамдардын
бир далайы, алтургай, сага ишенбес эле дедим, ошондуктан мен чек арада колго
түшкөн туткундардын баарын чогултуу жагын караштырайын. Ал эми өзүң таба турган
кундук акчанын үстүнө менин акча кошушумду мыйзам көтөрбөйт, бирок, балким, башка
бир жол менен жардамдашармын дедим. Ушундан кийин мен ага өз пикиримди ачык
айттым: Шамил бала-чакаңды тирүүлөй кайтарып бербес, ал түз жар салып, же кайтып
кел, бардык күнөөңдү кечиремин, мурдагы ордуңа коёмун дээр, же келбейт экенсиң,
энеңди, аялыңды, алты балаңды өлтүрөм деп коркутар. Шамил ушундай деп
жарыяласа кантер элең, туурасын айтчы, дедим мен. Ошондо Ажымурат жогору карап,
колдорун жайып, мындай деди: баарын тең алланын амири билет, бирок мен эми эч
качан өз душманымдын колуна берилбеймин, анткени Шамил мени кечирбейт да, узак
бакыт тирүү койбойт да, а ушундай экенине ыйманым зор, ал эми бала-чакамды кырып
салат дегенге келсек, деди ал, Шамил мындай чектен чыккан мыкаачылыкка бара коёт
деп ойлобоймун, анткени мындай кылган күндө, биринчиден, мени өзүнө мурункудан
бетер өчөштүрүп, тынбаган душманы кылып алар эле. Экинчиден, Дагыстанда бир
далай эң таасирдүү кишилер бар. Алар мындай иштен аНын бетин кайтара билишет.
Андан соң Ажымурат келечекте алла-тааланын жазмышы кандай болсо да, күнү бүгүн
анын оюн төрт бөлүп жүргөн нерсе — бала-чакасын куткарып алуу камы экенин бир
нече ирет кайталап айтты. Кудай үчүн, жалынып сураймын сизден, деди ал, мага
жардам бериңиз жана чечен элинин четине кайтып барышыма уруксат этиңиз, ошол
жерде сиздин карамагыңыздагы начальниктердин жардамын, уруксатын алып, үйүм
менен кабарлашар элем, үйдүн ал-жайын билип, аны куткаруу амалын караштырар
элем деди. Анын айтымына караганда, жоо тарапта анын сөзүн жерге таштабаган көп
адам бар, алтургай ал жерден найыптар да табылат. Ал эми берки тарапта, орустарга
багынган же болбосо бейтарап отурган элде да биздин жардамыбыз менен ага кызмат
кылчу адамдар табылмак, ошо адамдарды пайдаланып, өз максатын орундамак, күнүтүнү тилек кылган максаты орундалган сон бизге адал кызмат кылып, өз борчун
аткармак. Ал дагы да: Грозный шаарына жибериңиз, жаныма жыйырма-отуздай эң эр
жүрөк казак кошуп бериңиз деп өтүнөт; алар аны жоодон коргогон калкан болсо,
экинчиден, бизге анын ниети ак экенин көрсөткөн кепилдик болмок.
Сүйүктүү князь, ушунун баары мени катуу ойлонтту, анткени эмне кылсам да чоң
жоопкерчилик мага жүктөлмөк. Албетте, ага толук ишенүү эң чоң абайлабастык болор
эле, ал эми эгер анын качып кетишине тыюу салабыз десек, аны камап койгонубуз
туура болор эле. Бирок мунун өзү ары адилетсиздик, ары жагдайды байкабастык болор
эле. Мындай кылсак, бул кабар бүткүл Дагыстанга тез тарап, өз ишибизге зыян
келтирер эле. Шамилге каршы ачык күрөш жүргүзгүсү келген адамдар муну көрүп,
бөгөлүп калар эле, анткени айласыздан биздин колубузга түшүп берген имамдын эң
баатыр, эң эптүү найыбынын жайы эмне болор экен деп кулак түрүп отургандар өтө
көп. Эгер биз Ажымуратты туткун катарында кармасак, анын Шамилден кетишинен
бизге келтирер пайданын баары жок кылынар эле.
Ошондуктан азыркыдан башкача иштөөмдүн жөнү жок деп эсептеймин. Бирок да
Ажымурат кайтадан кетип калгандай болсо, буга күнөөлүү өзүм болмокчумун, бул да
мага аян. Кызмат бабында жана ушундай чатышкан иштерде бир гана түз жол менен
жүрүү мүмкүн эмес дебесем да, өтө кыйын. Ал эми жол түз көрүнгөн экен, ошол жол
менен жүргөн оң,— неси болсо да тобокел.
Сизден өтүнөм, сүйүктүү князь, ушу катты улуу падыша агзамдын кароосуна
бериңиз, эгер үзүрү кең амирчим менин ушу ишимди жактырса, мен өзүмдү бактылуу
деп санаймын. Жогоруда сизге айткандарым жөнүндө генерал Завадовский менен
генерал Козловскийге да жаздым. Ажымурат менен бетме-бет сүйлөшүңүз деп
Козловскийге тап: шырдым, сиздин ыктыярыңыздан тышкары Ажымурат эчтеме кыла
албайт да, эч кайда бара албайт да, дедим. Ага дагы бир дайындаганым, биз үчүн эң
жакшысы — Ажымурат биздин сакчыларыбыз менен бирге сыртка чыгып келип жүрө
турган болсун, болбосо Ажымуратты камап коюптур деп Шамил жар салат дедим.
Андан соң Ажымурат эч убакытта Воздвиженге барбаймын деп мага убада кылды,
мындай убада алган себебим — ал эң оболу менин балама берилген болучу жана аны
досум деп санайт, бирок менин балам ал жерде начальник эмес, ошондуктан тескери
пикир (ыңгайсыз жагдай) туулуп калышы мүмкүн. Анын үстүнө, Воздвижен бизге кас
көптөгөн кыштактарга жакын, ал эми Грозный болсо, өзүнүн ишенимдүү адамдары
менен байланыш жасоо үчүн бардык жагынан ыңгайлуу.
Ажымураттын жанына кошуп берген тандалуу жыйырма казактан башка мен
ротмистр Лорис-Меликовду да жибердим. Бул жөн билги, өтө акылдуу, эң зирек
офицер, өзү татарча сүйлөй алат. Ажымуратты жакшы билет жана байкоомчо, ага
абдан ишенет көрүнөт. Ушу жерде өткөргөн он күндүн ичинде Ажымурат подполковник
князь Тарханов менен бир үйдө турду. Тарханов Шушинск уездинин начальниги, быякка
жумуш менен келген болучу. Ал өтө ардактуу киши, мен ага абдан ишенем. Ал да
Ажымуратка ишенимдүү кишинин бири болду. Ошол аркылуу биз өтө жашырын, өтө
кылдат иштер тууралу сүйлөшүп отурдук, анткени ал киши татарча жакшы билет.
Ажымурат жөнүндө мен Тарханов менен акылдаштым. Менин оюмду ал да абдан
макул тапты: же ошондой кылганыңыз туура, же болбосо Ажымуратты түрмөгө салып,
колдон келишинче катуу кайтаруу керек,— анткени ага катаал карабагандан кийин аны
колдон чыгарбай кармап туруу жеңил-желпи боло койбойт,— болбосо, аны таптакыр
алыска айдатып жиберүү керек деди. Бирок акыркы эки чара Ажымурат менен
Шамилдин чыр-чатагынан келип чыкчу бардык пайданы жок кылары мындай турсун,
алтургай тоолуктардын Шамилге нааразылыгы күчөп, ага каршы чыгуусуна бөгөт болор
эле. Князь Тарханов мага Ажымураттын сөзүнүн чын экенине ишенерин айтты жада
Шамил кечирем деп канчалык убада берсе да, Ажымураттын күнөөсүн эч качан
кечирбесин, кайта өлүм жазасына кириптер кыларын Ажымураттын өзү да билип отурат
деди. Тархановдун көнүлүнө кир түшүргөн бир гана нерсе – Ажымураттын өз динин бек
туткандыгы жана ал Шамил эң мыктаса, ага ушу жагынан таасир эте алат дегенди ачык
айтат. Бирок, жогоруда айттым, өмүрүнө кастык жасабаймын деп Шамил Ажымуратты
ишендире албайт, барар замат болбосо да, бир аз убакыт өткөидөн кийин анын көзүн
тазалары күмөнсүз.
Мына, сүйүктүү князь, бул жердеги иштер тууралуу менин сизге айтайын дегеним
ушул болчу».
XV
Бул билдирүү Тифлистен 24-декабрь күнү жөнөтүлгөн эле. Ал эми жаңы жылдын
арапасында фельдъегерь жолдо карата он чакты атты зоруктуруп, он чакты ямщикти
суй жыгып, бул катты ошол кездеги согуш министри князь Чернышевге жеткирди.
1852-жылы 1-январда Чернышев башка иштер менен кошо Воронцовдун ушул
билдирүүсүн да Николай падышага алып жөнөдү.
Чернышев Воронцовду жаман көрчү, аны бүткүл элдин урматтай тургандыгы да,
анын чириген байлыгы да, Воронцовдун чыныгы барин, ал эми Чернышевдин жөн гана
parvenu1 экендиги да, башкасын мындай койгондо, падышанын Воронцовго айрыкча
ыклас көрсөткөндүгү да анын көзүнө түшкөн чөп болуп, ичтен тына турган. Ошондуктан
ыңгайы келсе эле болгону, Воронцовго өз күчү жетишинче зыян келтирүүгө тырышып
жүрчү. Өткөн жылы Кавказ1 иштери жөнүндө жасаган баяндамасында башчылардын
олдоксондугунан Кавказдагы чакан отрядды тоолуктар бүт бойдон кырып салды деп
Воронцовду жамандап, Черкышев Николай падышаны катуу кейиткен болучу. Бул жолу
да ал Воронцовдун Ажымурат жөнүндөгү жардыгын бурмалап көрсөтмөк эле. Воронцов
жергиликтүү кишилер, ге дайыма камкордук кылат, аларга жумшак мамиле жасап
Мансапкор (французча).
жатат, ушундан улам ар качан орустарга зыян келүү, дө, ал эми анын Ажымуратты
Кавказда калтырып жаткандыгы таптакыр акылсыздык деп Чернышев падышану
ынандырмак эле, чын-чынына келгенде Ажымураттын бизге өтүшү айлакердик, анын
бар болгон ниети биздин коргонуу каражаттарыбызды билип алуу, ошондуктан эң туу,
расы, Ажымуратты Россиянын борборуна жөнөтүү керек, анын бала-чакасын туткундан
бошотуп, ниети адал экендигине көз жеткенде гана анын жардамын пайдаланууга
болот демекчи эле.
Бирок Чернышевдин бул ою ишке ашпай калды, анткен себеби, 1-январь күнү эртең
менен Николай айрыкча көңүлсүз эле, ошондуктан жалаң өзүнүн өргө чабар
мүнөздүүлүгүнөн улам гана ким кандай сунуш киргизсе да кабыл алмак эмес эле.
Айрыкча Чернышевдин сунушуң кабыл албайт болучу. Анткени Николай муну жактырчу
эмес. Ордуна коё турганга ылайыктуу адам азырынча жок деп эсептелгендиктен гана
буга айласыз чыдап келе жаткан; ал эми анын декабристтерге сот болгон кезде Захар
Чернышевдин көзүн тазалап, анын мал-мүлкүн ээлеп алмакчы болгонун билгенден
бери аны барып турган шүмшүк адам деп эсептечү. Ошентип, Николайдын ошол
учурдагы кыртышы сүйбөстүгүнүн аркасында Ажымурат Кавказда калып калды, ал эми
эгер Чернышев өз баяндамасын башка убакытта жасаган болсо, анын тагдыры
башкача чечилмек беле, кантер эле.
Ошол туман баскан аяздуу күнү эртең меденки саат тогуз жарымда Чернышевдин
ошондой баркыт тумакчан, чоң сакал, курсактуу арабакечи Николай Павловичтин
чанасы сыяктуу кичинекей көркөм чана менен зыргытып келип, Кышкы Сарайдын
кичине дарбазасынын алдына келип токтоду. Ал князь Долгорукийдин кучерин көрө
коюп, аны менен баш ийкеп амандашты, ал эми Долгорукийдин кучери өз мырзасын
алып келип түшүргөнү көп убакыт болгон эле. Ал божусун астына басып, жооруган
колдорун үстөккө-босток ушалап отурат.
Чернышевдин үстүндө кундуз жакалуу шинель, башында короз канаты сайылган
аскердик үч кырдуу калпагы. Аюу терисинен тигилген чана жапкычты сыйрып таштап,
галошсуз өтүк кийген буттарын чана ичинен эптеп чыгарып алды да, жерге түштү —
Чернышев өмүрү галош кийген жан эмес, аны өзү сыймык көрчү. Ал бир аз үшүп, уюган
буттарын жазып, такасына тагылган шылдырагын шылдыдатып, төшөлүү килем үстү
менен ичкериге кирди. Ызаат меНен жанына келген малайга шинелин чечип берди да,
өзү күзгүнүн алдына барып, жасалма тармал чачынын устүнөн калпагын акырын алды,
күзгүдөн өзүн көрүп, калтыраган колдору менен саамай чачын чыйратып, төшүндӨгү
крестин, аксельбанттары менен чоң ариптүү эполеттерин оңдоду, андан соң чалдардай
калтаңдап басып, килем төшөлгөн жалпак баскыч менен жогору көтөрүлө баштады.
Эшик-эшиктин алдында көркөм кийинген малай нөкөрлөр турат, алар четинен
Чернышевге таазим этип, баштарЫн ийкешти. Чернышев алардын тушунан өтүп, кабыл
алуу бөлмөсүнө кирди. Жапжаңы мундир кийип, эполеттерин, аксельбанттарын
тагынып жасанган, кара мурутун чыйратып, Николай Павловичке окшоп саамай чачын
сербейте таранган, жаңы дайындалган, жапжаш, кызыл жүздүү флигель-адъютант
Чернышевди ызаат менен каршы алды. Согуш министринин орунбасары князь Василий
Долгорукий, саамай чачын, көкүлүн, мурутун Николайча өстүргөн киши. Чернышев
киргенде, ал да ордунан туруп саламдашты.
Чернышев төркү бөлмөнүн эшигин ээги менен нускап, флигель-адъютанттан:
—Lvemperevr1 — деп сурады.
—Sa Maieste Vient de renter2 — деп флигель-адъютант өз үнүнө өзү шүйшүнгөндөй
жооп берди. Андан соң, төбөсүн толтура стакан суу койсо да төгүлбөстөй абай менен
жыла басып, өзү буту тийген орунду жан дили менен кастарлаганын билдире, эшик
ачты да, ичкериге кирип кетти.
Ал аңгыча Доргорукий портфелин ачып, ичиндеги кагаздарын текшере баштады.
Император? (французча).
Улуу мартабалуу агзам азыр гана келди (французча).
Ал эми Чернышев болсо, кабагын түйө, кайкаңдап, падышага айтар сөзүн эсине
түшүрүп, бөлмө ичинде аркы терки басып турду. Чернышев төркү бөлмөнүн эшигине
жакындай бергенде, кайтадан адъютант чыгып келди, жүзү мурункудан да жайдары, өзү
жанагыдан да ызааттуу көрүнгөн адъютант согуш министри менен анын орунбасарын
падыша агзамга чакырган ишарат билдирди.
Кышкы Сарай өрттөн кийин алда качан кайра оңдолгон болчу, бирок Николай дале
ошонун жогорку кабатында турчу. Анын министрлер менен мансабы чоң адамдарды
кабыл ала турган бөлмөсү чоң-чоң терезелүү бийик үй.
Төркү дубалда император Александр I нин чоң сүрөтү илинип турат. Терезелердин
аралыгында кең тартмалуу эки үстөл. Дубал бойлото коюлган орундуктар. Бөлмөнүн
орто ченинде эң чоң жазуу үстөлү турат, үстөлдүн жанында Николай падышанын
креслосу жана келүүчүлөр отурчу орундуктар.
Николайдын үстүндө эполетсиз кара сюртук, ийиндеринде чакан погондору;
чытырата буулган чоң курсагы чедирейип, далдайган көкүрөгүн чалкалата, орундуктуң
жөлөнгүчүнө сүйөнүп үстөлдүн башында отурган экен. Келгендерди мелтейе суз карап
турду. Дөң чекелүү, ат жаактуу, мээримсиз жүзүндө жылуулук билинбейт, айрыкча
жыпжылма тараган, париги менен жиксиз жалгашып, башынын кашкасын жашырып
турган саамай чачтары өңүнө өзгөчө каардуулук менен катаалдыкты берип тургандай.
Небактан нурсуз көздөрү да бүгүн бөтөнчө өчүңку, түйүлүү каш-кабагы чыйратылган
сейрек муруту, кымырылган эриндери, жаңы гана устара менен кырылган, бийиктик
жакасы тиреген жаак сакалы, тик жакасы кыскан богогу — ушунун баары нааразы,
алтургай, ачуусу кыстаган адамдын кебетесин билдирет. Анын ушундай кейипте
болушу —— чарчагандыктын белгиси эле. Ал эми чарчаган себеби, өткөн түнү ал
маскарадда болгон. Кадимки адаты боюнча, башына куш сүрөттүү темир калпак кийип,
топтошкон элди аралаган болучу. Абажаарып жыш турган адамдар эр көкүрөк
падышаны тааный калышып, ага ыгыша жол беришкен. Бир кезде ага бет пардалуу бир
аял жолуккан. Бул аял өткөн жолку маскарадда да бир көрүнүп, келерки жолу кездешем
деп кетип калган эле. Кечээки маскарадда падышанын жанына ошол аялдын өзү келди.
Николай эми аны коё берген жок. Падышанын өзүнчө жеке аңгемелеше тургандай
атайын ложасы бар болучу, алиги аялды ошого ээрчитип кетти. Ложанын эшигине
барып, өзүнүн каппельдинерин издеп эки жагын карады эле, бирок ал жок экен.
Ошондо Ннколай кабагын чытып, ложанын эшигин өзү түртүп жиберди да, аялды
өзүнөн мурун киргизип, өзү артынан жөнөдү.
Аял тык токтой калып:
— Uya quelquъun1,— деди.
Чынында эле ложа бош эмес эле. Баркыт дивандын үстүндө бири-бирине сүйөнүп
эки киши отуруптур, бири —атчан аскер офицери, экинчиси — тармал чач, татынакай,
ак саргыл жапжаш кыз, бет пардасын алып коюптур. Николайдын типтик, далдайган
тулкусун, ачуулуу өңүн көрө салып, аксаргыл аял дароо бет пардасын жаба койду. Ал
эми атчан аскер офицери үрөйү учуп, ордунан да турбасчан, селейген калыбында
Николайды алая карап калды.
Элди эчен ирет үрөйлөндүрүп, мындай көрүнүшкө көзү абдан үйрөнсө да, Николай
бирөөнүн үрөйлөнгөнүн көрген сайын кычуусу кангандай болучу. Ал эми кээде ал үрөйү
учуп кеткен адамга жылуу сүйлөп, арамза кичи пейилдүүлүгү менен кишини айран таң
калтырар эле. Бул жолу да Николай ошондой кылды. Ал үрөйү учуп селейген офицерге
карап:
— Кана, иничек, сен менден көрө жашсың го, мага орунду берсең кантет,— деди.
Офицер учуп турду да, бир бозоруп, бир кызарып, башын төмөн сала, бет пардалуу
кыздын соңунан ложадан чыгып кети. Ошентип, Николай өзү ээрчиткен аял менен
өзүнчө калды.
Мында бирөөлөр отурат го (французча).
Аля бет пардасын алды эле, жыйырма жаштарга келген, татынакай кыз экен, анын
энеси швед жеринен келген окутуучу аял болучу. Кыздын айтымынча, бала чагынан
Николайдын сүрөтүн көрүп, ага ашык болуптур. Анын атын ардактап, бир көрсөм
дегенде ак эткенден так этчү экен. Мына эми ошол тилеги орундалды, эми өз
айтымынча, кызга башка эчтеменин кереги жок. Кыскасы, Николай оолак жерде кыз
менен аңгемелешип, бир сааттан ашык убакыт өткөрдү.
Түн ичинде ал өз бөлмөсүнө кайтып, ары катуу, ары тар, бирок өзү сыймык көрчү
төшөгүнө келип, плащын жамынып жатты. Кезегинде Наполеондун калпагы кандай
атактуу болсо, Николай да өз плащын ошондой деп саначу, элге ушуну айтып мактана
турган. Ал үстүнө плащ жамынып, төшөгүнө жатканы бир далай убакыт болсо да, көпкө
чейин уктай албады. Бирде алиги кыздын бир сурданып, бир нурданган ак жуумал жүзү
көз алдына келди, бирде өзүнүн эчаккы көңүлдөш аялы Нелидованын мамык төшү,
болук тулкусу көзүнө элестеди. Оюнда ушул эки аялзатты бири-бири менен
салыштырды. Ак никелүү адамдын азгырылып кетиши жакшы адат эмес экендиги
Николайдын оюна келген да жок. Ал эми эгер бирөө ушул үчүн айыптаса, аябай таң
калар эле. Бирок өз иши өзүнө абдан ылайык көрүнсө да, көңүлүндө бир жагымсыз
нерсе калган эле, ошондуктан ушул сезимди кетирүү үчүн ал мурдакысындай дайыма
көңүлүн жубатмак болуп, өзүнүн кандай улуу адам экендигин ойлой баштады.
Кеч уктаса да, Николай ар дайымкы адатынча саат сегизге кеткенде ойгонду.
Жуунуп-таранып, өзүнүн тыгырчыктай, жоон денесин муз менен жышкылап болгондон
кийин, кудайга кулдук уруп, бала чагынан жаттап үйрөнгөн «Кудай эне», «Ишенем»,
«Биздин агзам» дубаларын айтып чыкты, бирок аят сөздөрүнө эч кандай маани берген
жок. Анан шинели менен фуражкасын кийип, кичине баскыч менен төмөн түштү да, суу
жээгине барды.
Суу жээгинде ага өзү сыяктуу далыйган бир жаш жигит кезикти. Николай анын
тааныш кийими менен калпагын көрүп баамдады, укук мектебинин шакирти экен.
Шакирттерин өз бети менен эркин коё берди деп Николай Павлович бул мектепти
жактырчу эмес, ошондуктан тигини көрүп кабагын түйдү. Бирок жаш жигиттин узун
бойлуу келбети, колун чекесине алып барып, аскерче салам бергени жакты окшойт,
падышанын көңүлү жибип калды.
— Фамилияң ким? —деп сурады ал.
— Полосатов, улуу даражалуу агзам.
— Баракелде!
Шакирт дале колун чекесине алып барган калыбында турду. Николай токтой калды.
— Аскердик кызматка баргың келеби?
— Баргым келбейт, улуу даражалуу агзам.
— Келесоо!—деди да, Николай чукул бурулуп, илгери жүрүп кетти. Оозуна келген
сөздөрдү угуза айтып келатты. «Копервейн, Копервейн»,— деп кечээки кыздын атын
бир нече ирет атады. «Шумдук, шумдук»,— деди. Өзүнүн эмне айтып келе жатканын
ойлогон да жок, оозуна келген сөз менен ички сезимин басууга тырышты. Көңүлдөгү
чикертти кетирмекчи болуп, өзүнүн пандык оюна берилди: «Мен болбосом, Россиянын
көргөн күнү эмне болор эле,— деп ойлоду Николай. — Жалгыз Россия тургай,
Европанын күнү эмне болор эле». Анан да Николай өзүнүн бөлөсүн пруссак королун
эсине түшүрдү, анын алсыздыгын, акмактыгын ойлоп, башын чайкады.
Ал баскычка кайтып барганда, Елена Павловнанын тырашманкесин көрдү, кызыл
кийимчен малайы жанында, Салтыков дарбазасына карай басып бараткан экен,
Николай Елена Павловнаны көңдөй адамдардын үлгүсү деп билчү. Мындайлар илим,
поэзия жөнүндө гана эмес, эл башкаруу жөнүндө да кеп козгошот. Алар: Николай бизди
жөндүү башкара албайт, кайра өз тизгинибизди өзүбүз жакшы алып жүрөбүз деп
ойлошот. Ал адамдарды канча кысса да, кайра калкып чыга келерин, эч качан моюн
бербесин Николай билчү. Жакында өлгөн иниси Михаил Павлович эсине түшө кетип,
Николайдын көңүлү капалуу, кайгылуу сезим бийледи. Ал кабагынан кар жаадырып,
кайрааан оозуна келген сөздөрдү күбүрөп айта баштады. Сарайга кирген учурда гана
күбүрөгөнүн токтотту. Өз бөлмөсүнө кирип, күзгүнүн алдында саамай чачын жана
төбөсүндөгү жасалма тулумун асемденткенден кийин, мурутун чыйрата, Николай түз
эле баяндама кабыл алчу кабинетине бет алды.
Анын эң адегенде кабыл алганы Чернышев эле. Чернышев Николайдын жүзүнөн,
асыресе көздөрүнөн бүгүн анын өтө эле көңүлсүз экенин ошол замат эле байкады жана
падышанын кечээки жортуулун билгендиктен анын мындай кейипте отурушунун
себебин да аңдады. ЧерныШев менен салкын гана амандашып, отурушуна уруксат этип,
Николай нурсуз көздөрү менен анын бетине кадала карады.
Чернышевдин эң адегенде баяндалган иши интендант чиновниктеринин ачылган
уурулугу жөнүндө эле, андан соң Пруссия чек арасындагы аскерлердин орун
которуштуруусу тууралу баяндады; мындан кийин алгачкы тизмеде көрсөтүлбөгөн бир
нече адамды кызматка дайындоо. Жаңы жылдын урматына сыйлыктар берүү маселеси
айтылды; анан Ажымураттын өтүшү жөнүндө Воронцов жазган билдирүү сөзгө алынды,
эң акырында баяндалган бир жагымсыз иш — медицина академиясынын бир
профессорунун өмүрүнө кыянаттык кылышы.
Николай үнсүз отурду. Эриндерин кымтып, алтын шакектүү ак манжалары менен
кагазды сыйпалап, уурулук жөнүндөгү баяндамага кулак төшөдү, эки көзү Чернышевдин
маңдайы менен көкүлүндө.
Николай уурулук кылбаган жан жок деп билет. Эми интенданттарды жазалоо керек,
жазалаганда баарын тең солдатка берүү керек, ырас, мындай чара кызматтан
You have read 1 text from Kyrgyz literature.
Next - Ажымурат - 6
  • Parts
  • Ажымурат - 1
    Total number of words is 3968
    Total number of unique words is 2175
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    43.3 of words are in the 5000 most common words
    50.0 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ажымурат - 2
    Total number of words is 3932
    Total number of unique words is 2025
    32.8 of words are in the 2000 most common words
    45.1 of words are in the 5000 most common words
    51.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ажымурат - 3
    Total number of words is 3925
    Total number of unique words is 2065
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    48.9 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ажымурат - 4
    Total number of words is 3949
    Total number of unique words is 1963
    30.5 of words are in the 2000 most common words
    43.0 of words are in the 5000 most common words
    48.8 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ажымурат - 5
    Total number of words is 4008
    Total number of unique words is 2041
    31.1 of words are in the 2000 most common words
    42.9 of words are in the 5000 most common words
    49.4 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ажымурат - 6
    Total number of words is 3992
    Total number of unique words is 2153
    30.8 of words are in the 2000 most common words
    43.2 of words are in the 5000 most common words
    50.3 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ажымурат - 7
    Total number of words is 3986
    Total number of unique words is 1979
    32.0 of words are in the 2000 most common words
    45.4 of words are in the 5000 most common words
    51.6 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ажымурат - 8
    Total number of words is 4014
    Total number of unique words is 2087
    31.5 of words are in the 2000 most common words
    44.4 of words are in the 5000 most common words
    50.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.
  • Ажымурат - 9
    Total number of words is 2823
    Total number of unique words is 1537
    35.5 of words are in the 2000 most common words
    46.7 of words are in the 5000 most common words
    53.7 of words are in the 8000 most common words
    Each bar represents the percentage of words per 1000 most common words.