Latin

Ырлар Жана Поэмалар - 01

Süzlärneñ gomumi sanı 3662
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2287
26.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
38.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
44.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Сурарсыңар: «Үйрөнөсүң сен кимден
Сөз жоргосун — тилиң чечен желдирген»?
Мен айтамын: «Жакшы, таамай сөздөрдү
Үйрөнгөмүн, үйрөнөмүн Ленинден!»
Айтам жана: «Жүрөгүм чын берилген
Чындык сөзүн кызганбоону элимден,
Калыстыкты урмат кылуу адатын
Үйрөнгөмүн, үйрөнөмүн Ленинден!»
Аман жүрсүн азамат уул керилген,
Айыл-үйдөн чачылбасын терилген!
Бейпилдикти, тынч дүйнөнү сүйүүнү
Үйрөнгөмүн, үйрөнөмүн Ленинден!»
Гүлдөр өнсүн аккан маңдай териңден,
Көрк өчпөсүн, бак качпасын жериңден!
Жакшылыкты каалаганды баарыңа,
Үйрөнгөмүн, үйрөнөмүн Ленинден!»
Эл байлыгы болсун тоодой көрүнгөн!
Кайрат куру чечилбесин белиңден!
Күрөшкөндү, иштегенди жадабай
Үйрөнгөнбүз, үйрөнөбүз Ленинден!»

БООРКЕЧ АДАМ

Аяган бардык шордууну,
Ач көз байдын зордугу
Жүрөгүнө так салып,
Аябай өткөн кордугу...
Кожоюн дебей алдууну,
Кудайдай сезбей малдууну,
Өзүнөн өйдө санабай,
Май баскан жонун жалдууну...
Эскинин житип калдыгы,
Жоголуп турмуш тардыгы,
Ак эмгектин жемишин
Тең көрсө деген бардыгы...
Камкору ким элиңдин,
Атадай бооркеч кенениң?
...Такалбай атайт биздин эл
Сүйүктүү ысмын Лениндин.

ЫЙЫК ТУУ

Келгендей жазы өмүрдүн,
Көңүлдүү мынча бүгүн күн?
Октябрь туусу желбирейт,
Темиркул, баш ий, жүгүнгүн!
Ушул туу шаңдуу желбиреп,
Жумушчу тап жеңди деп,
Жар салганда дүйнөгө,
Эт жүрөгүң элжиреп...
Сүйүнгөнүң эстеби?—
Сулуу ай ошол кездеги
Күбөсү болуп жеңиштин,
Токтогул комуз черткени.
Калды да ойдон чыкпастан,
Калбаган эч ким укпастан,
Жер солкунткан көп иштер
Бирине бири учкашкан.
Өз жайына койбостон
Уктаганды ойготкон,
Ошол көз, ошол учурлар
Жүрөктүн күүсүн толготкон.
Жолдошундай өмүрлүк
Көзүңө жакшы көрүнүп,
Баарынан башка бөлүнүп,
Күн нурундай төгүлүп...
Сар жылдыздай баркырап,
Сезимдей сулуу жаркырап,
Октябрь берген бак-таалай
Кыл кыяк болуп тартылат.
Куткарып кулду азаптан,
Суу ичирип башаттан,
Өмүрлөрдү узарткан,
Көңүлдөрдү жашарткан:
Октябрь таңы ырыстуу!
Октябрь шаңы Кызыл Туу!

КАРЛ МАРКС

Көздөрүн көр өзгөчө балбылдаган,
Кыраакы да душманга алдырбаган!
Каштарын көр шумкардын канатындай,
Күрөштөрдө жалынга чалдырбаган!
Сакалды да өстүргөн, акылды да...
Акыл менен жеңген эр баатырды да.
Ишенгенден оюна, адамдарды
Теңсиздикти жыгууга чакырды да.

ЭСКИ БОЛЬШЕВИКТИН ЫРЫ
Каршы турдук күйбөй туруп өчүүгө,
Каршы турдук эзүүчүгө, эзүүгө.
Эзилгенге, чүнчүгөнгө кол берип,
Жардам кылдык өз укугун сезүүгө.
Алга жүрдүк бир орунда турбастан,
Ошон үчүн сыймыктуубуз ар качан.
Кайгы туман... Аны сүрүп тараттык,
Күндүн көзүн эл тарапка караттык.
Кыш куйдук биз колубузду кабартып,
Күн-түн иштеп жаңы дүйнө жараттык.
Бак өстүрдүк тоонун какыр сайына,
Ошон үчүн сыймыктуубуз дайыма.
Бардык жерде күчүбүздү сынадык,
Таштарын да бир бирине кынадык.
Окоп каздык, алга бастык от кечип,
Азаптардын миң түрүнө чыдадык.
Айтарсыңар: «Анык эрдик ушул да!»
Ошон үчүн сыймыктуубуз биз мына!
Укмуш экен чыдамкайлык, өжөрлүк,
Чай ичүүгө чолобуз жок өзгөрдүк.
Башталган иш бүтмөйүнчө дем албай,
Күрөшкөндө жеңиш туусун көтөрдүк.
Жадырады изибизге гүл өнүп,
Ошон үчүн сыймыктуубуз түбөлүк...
***
Биринчи Май!
Биринчи Май!
Туу кылкылдап бараткан шаңдуу көчө —
Бүт ааламдын көңүлүн буруучу жай.
Кыз, боз улан бөтөнчө убайымсыз,
Жаштык өтпөй гүл ачып туруучудай.
Ырдагыла, курбулар, ырдагыла!
Көңүл ачпай, шаттанбай турбагыла.
Пейил тардык азайып, бүт адамзат
Жол берүүдө достукка жылдан жылга.

БЕКЕМБИЗ

Ленин чачып жарыкты,
Көргөздү бизге алысты.
Кыргыз өңдүү көп элдер
Караңгыны чанышты.
Жеткирдик сууну кактоого
Жакындан буруп алышты.
Биздин кез таалай таңындай.
Биздин эл жолдон жаңылбай,
Өнүгүп, өсүп жатпайбы,
Бир жыгач жайган тамырдай.
Бекембиз — болот сепилдин
Көк тиреп турган чагындай.
Эчактан көнгөн адаттай,
Чыгамын жонго таң атпай.
Көк шибер көйкөл өрүштө
Жайылып жатат мал батпай.
Адыр, түз гүлзар бул кезде
Бозоргон жер жок бармактай.
Чөп кайда калган чабылбай?
Чөл кайда каткан жаңырбай?
Эгеси жердин эркин эл,
Эмгекти сүйүп жанындай,
Көгөрдү тегиз туш тарап
Бир адамдын багындай.
Касташуу менен коштошуп,
Ынтымакка кол созуп,
Орус, тажик, түрк дебей
Кучакташып достоштук.
Көйкөлгөн чексиз көк ойго
Баарыбыз жылкы откоздук.
Жыйнасак бакта бышканды,
Жылан да карап суктанды.
Америкалык банкир да
Бул күндү бизден кызганды.
Кулак сал, досум, тынчтыкты
Коргоодон артык иш барбы.
Жол бербейбиз согушка!—
Болбой, көктөн ок учса,
Жеткирбей ата конушка,
Жарайбыз жерди корушка.
Баатырча туруу жагынан
Баарыбыз окшош оруска!
Болбосо дейбиз бир адам
Бак-таалайдан кур калган.
Гүл турмуш үчүн күрөшкөн
Айрылбасын жыргалдан.
Дан ташылсын кампага
Дыйкан чапкан кырмандан.
СССР Ленин чарбагы,
Биз Лениндин балдары
Биздики бул деп ырдайбыз
Багында бышкан алманы.
Ала-Тоодой мындагы
Ар бир сөздүн салмагы.
Биздин бул заман эскирбейт,
Биз көргөн күнгө кеч кирбейт.
Кыраан эл достук үйүнө
Кырсыктын колун жеткирбейт.
Ленин айткан сөз өлбөйт,
Ал бүтүргөн иш өлбөйт.
СОГУШТУК ДЕПТЕРДЕН

Көп нерсе унутулду, эстен чыкты,
Капкачан көргөн түштөй кышкы түндө.
Алыптыр көңүлүмө орноп мыкты
Эсимде кээ бир иштер ушул күнгө...


Венага жакын жерде бир кыштакта
Бир адам узун чачы ийнин жапкан,
Такыды көтөрчүдөй чоң кызматка,
Тарыхтын торун жайып, салып капкан.
Сурады сынагандай Чынгышкандан,
Сурады Хан Батыйдан, Темирландан...
Мөрөйдү өзүм алдым чыгып андан,
Күлүктөй байге бербей көнүп калган.
Жооп айтып, суроо бердим өзүнө мен:
— Кай жылы Аристотель өлгөн эле?
Карады адам окшоп бүшүркөгөн:
— Тарыхты окугансыз кайсы жерде?
— Окугам Москвадан, Фрунзеден.
Таң калды: «Окуу жайлар барган кайдан? »
Мен күлдүм: «Бардыгы да түшүп келген
Жай күнкү жарык нурдай күндөн, айдан!»
Ал айтты: «Шылдың кылба, уккан элек,
Силерде, Россияда, ошол жакта
Төрт класс... андан өйдө окуу жок деп,
Геббельстин күнү батсын жалган айтса...»
Мен айттым: «Чындыгында батты күнү...
Өзүңүз ойлоңузчу бир аз терең:
Согушту жалын чачкан күнү-түнү
Башкарган, акыл менен буйрук берген.
Герингди коён өңдүү корголоткон,
Танктарын Гудериандын талкалашкан,
Геббельсти кол куушурткан, жорголоткон —
Маршалдар окушуппу төрт класстан?»
Ордунда туруп калды сөз сураган —
Өрбөгөн узун чачы ийнин жапкан,
Чөмүлдү ой көлүнө тунжураган
Табылбай жаткан өңдүү тор же капкан...


Будапешт... Ышкырат кыш ажыдаардай,
Жарылган снаряддан кулак тунат.
Ызылдап октор учат бир дем албай,
Туш-туштан ач көз ажал мойнун сунат.
Алдыда сегиз кабат чоң имарат
Алганбы көркөмдүктүн тонун кийип.
Бир көрсөң тургуң келет кечке карап,
Ойлойсуң: «бузбаса экен бомба тийип...»
Курусун, ал имарат кандай жаман,
Жылдырбайт алга сени, кырсык чыгат.
Фашисттер кабаттарга орноп алган,
Былк этсең ошол замат атып жыгат.
Сүйлөштүк биз өз ара ал-абалды:
— Жолду ачып алуу үчүн атуу керек.
Командир командирден буйрук алды,
Кыйратты имаратты көп замбирек.
Быркырап түшүп жатты терезелер,
Көчкүдөй шыпырылып дубалдары.
Чаң ызгып, түтүн каптап, көрүнбөй жер,
Сороктойт куланган жоо куралдары.
Биз турган чоң сарайдын жер байынан
Бир селки чыга келди жинденгендей —
Кармады капитанды алкымынан,
Каргады сөзгө келбей, тилге келбей:
— Ушундай сулуу жайды бузуу кандай?
Жырткычы жырткычтардын силер белем?
— Ким барган бизге каршы өчү бардай?
Каары күч катаал болот согуш деген...
Силердин аскериңер бизге барган,
Себепсиз атып, кырып согуш салган,
Үйлөрдү, мектептерди талкалаган,
Жаш бөбөк, карыган чал жайсыз калган...
— Силерде жок мындай жай. Тооккананы
Бузушса, оңдоп алуу абдан оңой.
Бул жайды куруу иши кайра жаңы
Мүмкүнбү көп каражат чыгым болбой?
Мен күлдүм, көз алдыма Москванын
Мончоктой кооз үйлөрү келе калып.
Көрүндү жана дагы Одессанын
Көрккө бай театры шамдай жанып.
Ойлондум Фрунземдин көчөлөрүн
Куюнган атырынан түркүн гүлдүн.
Билбеймин ал бейбактын көргөндүгүн
Кай жерден тоокканадай кимдин үйүн?..


Эсимде Болгария кыштактары,
Токойлуу адырлары карайышкан.
Эл салты салт сыяктуу биз жактагы,
Көргөн кез ызат, урмат калайыктан.
Эсимде кыз-келиндин гүл сунганы,
Эсимде кубанычтуу ырдашканы.
Эсимде бийлеп тоскон учурлары,
Эсимде жай сурашып бир басканы.
— Бар бекен аялыңыз сүйүп алган?
— Бар болсо, көптөн бери турасызбы?
— Кат-кабар аласызбы күткөн жардан?
— Балаңыз барбы? Нечөө? Уулбу? Кызбы?
Кай жерге барбайын мен согуш менен,
Ким менен кезигишип сүйлөшпөйүн.
Бул суроо чыга калат турган жерден,
Сурашат бала жөнүн, сүйүү жөнүн.
Эң мурун ойлодум мен: «Эл салты экен
Баланы, үй-бүлөнү жакшы көргөн!»
Жок, бирок сурай берип бардыгы тең
Ал ойду кагып алды көңүлүмдөн.
Чоң кыштак. Дунай бою. Бир үйдө мен
Отургам каттарды окуп үйдөн келген.
Сары кыз он жашардай кибиреген
Жабышып улам бир сөз сурайт менден:
— Аялың же балдарың барбы сенин?
Каттарды алсаң керек сен алардан?
Ойлонбой ошол замат: ооба, — дедим —
Баламды артык көрөм өз жанымдан.
Кызым бар ушул сендей кичинекей,
Колдору татынакай сеникиндей.
Бирок да көзү кара меникиндей,
Апасын жүргөн чыгар эриктирбей...
Сары кыз чуркап кетти ошол замат,
Жаныма кайра келди аз өтпөстөн.
Көздөрү очоктогу чоктой жанат,
Турабы суроолорду жөнөтпөстөн.
Кызыңдын сүрөттөрүн көрсөтчү сен,
Бар чыгар бирөө-жарым ала жүргөн?
Издедим ыр жазылган дептеримден,
Издедим кителимдин чөнтөгүнөн.
Бар экен сүрөтүбүз чогуу түшкөн,
Жанымда турат кызым жабышып бек.
Окшоштук көрүнүүдө көзүбүздөн,
Каш окшош, мурун окшош, белги жетет.
Сары кыз сүрөттү алып чуркап кетти,
Бир кезде бир короо эл кирди чууруп.
Сүрөткө, анан мага көп тиктешти,
Таңыркап «окшош» дешти карап туруп.
Чогулуш башталгандай эшик алды...
Катындар жулду сөздү бир биринен,
Карылар көңүл коюп, кулак салды...
— Мына бул үйгө кирген офицердин.
Бар экен баласы да, аялы да,
Орустун офицери, жалганы жок.
Мынакей сүрөтүнөн карагыла!
— Чын эле дал өзүнө турат окшоп.
Түшүнбөй, үйдүн ээсин чакырдым мен,
Сурадым: «таңыркашат неге мынча»
— Бар болчу укмуш жомок мындай деген:
Никени большевиктер көрбөйт кылча.
Аялдар жетегинде көрүнгөндүн,
Ар күнү ар башка эркек жандаганы.
Билишпейт атасы ким бөбөгүнүн,
Багалбай көңтөбөгө таштайт аны.
Оруста кадырлабайт үй-бүлөнү,
Баланы сүйбөйт эч ким, албайт колго,
Эп көрөт эркин басып, бой жүргөндү,
Таанышат, ажырашат даңгыр жолдо...
— Ушуга силердин эл ишенгенби?
— Кантишет айтып жатса, жазып жатса...
— Эсептеп көргүлөчү аскерлерди
Жайнаган күн чыгышта, күн батышта!
Ак деңиз, Кара деңиз ортосунда
Ким экен фашисттерди кырып жаткан?
Мунарык бүт Европа жолдорунда,
Кимдер ал каптап кирип чаң ызгыткан?
Ушунча көп кошунду алдык кайдан,
Баланы таштасак биз көңтөбөгө?
Таш эмес чогулткандай терип сайдан,
Пул эмес жыйнагандай чөнтөгүңө?
— Оңбосун — деди үй ээси, — пропаганда...
Жаланы оңой көргөн суу ичкенден,
Жалганды пропаганда деген анда
Геббельс го... не кыласыз сурап менден.


Эрчиде, Будапешттен алыс эмес,
Көчөдө салгылашуу жүрүп жаткан.
Алда жоо, артта Дунай, кысылган кез,
Сөз укпай, кулак тунуп карсылдактан.
Чоң короо. Чыга калсам эшигине,
Он чакты немец сулап жаткан экен.
«Эс-эс» тин белгилери жеңдеринде,
Боёлгон кочкул канга бардыгы тең.
Бир азга тура калдым жакын барып,
Карадым ар бирине кыжырланып.
Бир адам узун бойлуу, калган карып,
Ар жактан басып келди өң кумсарып.
Көргөзүп чоң муштумун, сөктү мени:
— Жырткычтар, бул кандайча кылганыңар,
Баары жаш көрүшпөгөн эч нерсени,
Кылмыш иш жашатпастан кырганыңар.
— Жок, — дедим, — атканым жок буларды
мен,
;
Ушундай ырайымсыз согуш деген.
Сураңыз: согушту ким баштады экен?
Биринчи ажал огу учту кимден?
Ушулар биздин жерге барып келген,
Балдарга, кемпир-чалга мылтык кезеп.
Далайды кырган булар биздин элден,
Ушундай болот тура келме кезек.
Күңк этти оңбогон чал: «сөзүн анык,
Кырылса кырылгандыр азиялык
Айбандай оттогон эл артта калып...
Не болмок чөл бөкөнүн атса барып?
Кишилер этин жешет төрт буттуунун,
Колдору калтырашпайт мал сойгондон.
Өспөгөн, өнүкпөгөн көп улуттун
Аз эле айырмасы уйдан, койдон.
Гүл ачкан маданият багында өскөн
Буларды теңештирбе өзүн менен,
Булар күн жерге жарык чачкан көктөн,
Сиздин эл тамеки окшош чыккан жерден».
— Буларын орустарды көп атышкан,
Орустар өзүңөрдөй европалык.
— Жок, алар силер менен көп чатышкан,
Кандары аралашкан, болбойт танып.
Орустар азиялык болгон эчак,
Атаба «европалык» аларды сен...
...«Карма, — дейт, — тапанчаны!» — ачуу кычып
«Эх деймин, — карт дөбөттүн тилин кессем...»
Уяттыр уруш баштоо картаң менен,
Кечтим мен узак туруп сүйлөшүүдөн.
Айланам «азиялык» элдеримден,
Талбаган жарык чачып күрөшүүдөн!
Москваны «Азия» деп айтса мейли,
Сыймыкка толот менин эт жүрөгүм.
Кемсинтип Азиядай кенен жерди
Келжирек өңчөй макоо ойлойт төгүн.
Волганы Азияга кошсо кошсун,
Жанаша ага берет Иртыш, Нарын.
Адамдар туушкандык колун созсун,
Кангыча ичет сууну жүзүмзарым.
Аташсын орустарды «Азиялык»
Ансыз да жакынбыз биз бир туугандан.
Кан бирге, аны неге жашыралык,
Жан бирге Ленинизм туулгандан!


Өткөнбүз Альпылардын ар жагына,
Замбирек дем алышка чыккан кези
Кат жазат солдат үйгө, алганына:
«Кут болсун элибиздин зор жеңиши!»
Мен турган үйдүн ээси карган доцент,
Кубанып кан күйгөн өрт өчкөнүнө,
Сөз сурайт: «согуш эми бүттү» дешет,
Атышуу басылдыбы бүт дүйнөдө?
— Жок,— дедим,— Япония чарчай элек,
Чыгышта жүрүп жатат салгылашуу...
Адамзат тынчтык күнгө шашуу керек,
Алдыда көк тиреген акыркы ашуу.
— Японго каршылар ким? Кайсы калктар?
— Кытайлар, Англичандар жана да көп.
— Бар чыгар Америка, көптүр актар?
— Бар,— дедим,— японго жоо бүт төгөрөк.
— Жеңилет андай болсо япондуктар.
— Билемин, жалгыз өзү күчсүз Япан.
— Кудайдын сүйгөндөрү биздин актар,
Сарылар жеңилишет ошондуктан.
Мен ага каршы туруп, суроо бердим:
— Немецтер кошулушат кай тарапка?
Окшошот кай улутка өңүм менин?
Кудайым, кулум десең, эми сакта...
Чочуду, шашты бир аз, сөзгө кирди:
— Кошулат биз сыяктуу немец акка.
Сиз болсо азиялык эмессизби?
— Бул чын сөз: менин элим ошол жакта.
— Анда сиз кошуласыз сарыларга.
— Советтик Армияны көрдүңүзбү,
Мен өңдүү сарылар көп катарында,
Ойлоңуз азыр айткан сөзүңүздү:
Ак немец кыйрап калды бизден неге?
Сарылар талкалашты кандайынча?
Бербейби кудай жардам сүйгөнүнө,
Алдына кол куушуруп бармайынча?
Чекесин кармап бир аз ойлоп туруп,
Кайрадан сөз талашты мени менен:
— Бир силер чыктыңарбы кылыч сууруп?
Бүт дүйнө, бардык актар көтөрүлгөн.
Немецтер ак насылга ок атышкан,
Ок жешкен кыргынынан ак элдердин,
Ак туруп, акка каршы нээтин бузган,
Болушкан кас душманы элдин, жердин.
Эгерде Азияга бара берсе,
Качырса сары, кара экөөнү тең,
Кеңитет болчу жерин он миң эсе,
Жашамак буту-колун керип кенен.
— Эх,— дедим,— окумуштуу европалык,
Көрбөпсүң таразалап дүйнө күчүн.
Жүрбөгүн он миң жылдык артта калып?
Кишинин баары киши, аны түшүн!..


Көп нерсе унутулду, эстен чыкты
Капкачан көргөн түштөй кышкы түндө.
Алыптыр көңүлүмө орноп мыкты —
Эсимде кемсинтүүлөр ушул күнгө.
Бирок мен кемибедим кемсинтүүдөн.
Не дебейт жеталбаган, ичи күйгөн.
Ойлосом, кабар алсам өткөн күндөн,
Азиям кем болбоптур башка жерден.
Кем эмес азиялык түк эч кимден,
Мактанып, сыймыктанып айтамын мен:
Табышкан алтын, күмүш кендеримден,
Качпаган булбул чочуп гүлдөрүмдөн.
Жанагы «окумуштуу» билер бекен
Кагазды эң биринчи жасаганды?
Эсепти ким ойлогон, тартиптеген,
Үйрөтүп адам сындуу жашаганды?
Жибекти азыр баары кийип жүргөн
Ким ойлоп, абал башта ким чыгарган?
Кай жылы улуу сепил бүтүрүлгөн,
Кайсы калк кана бурган чоң суулардан?
Азиям алтын уя акындарга!
«Манастай» дастандарды, «Миң бир түндү»
Ким айткан азиялык айтпаганда,
Бүт дүйнө уккан далай биздин үндү!
«Шах Нама» Азияда жазылганын
Билбеген кандай макоо, кандай неме?
Азия баатырлардын баатырларын
Бергени угулбаган кайсы жерге?
Азыр да угуп жатат, көрүп жатат
Уйкудан азиялык ойгонгонун.
Зор жеңиш Азияга нурун чачат,
Ким билбейт эчак бизде той болгонун!
Азия, Россия — туугандашкан,
Москва — биздин уя, биздин жүрөк!
Ашыктай бир бирине көз ымдашкан
Кубанат, бирин көрүп бири күлөт!

СОГУШТАН СОГУШКА

ОЧЕРК
Эки тарап бетме-бет,
Качырып чыкты жүз миңдеп.
Жер онтоду, наалыды,
Жүлүнүмдү үздүң деп.
Замбирек сансыз атылды,
Аңызды көккө сапырды.
Бүт элге согуш желмогуз
Уу тырмагын батырды.
Аламын деп жаныңды,
Агызам деп каныңды,
Эсеби жок, саны жок,
Бомба түшүп жарылды.
Ок жааганда нөшөрлөп,
Тийген жери көзөлмөк,
Жигиттердин денеси
Жер үстүнө төшөлмөк.
Дал ошондой күн болду,
Чак түштө кара түн болду.
Ышкырып учкан жан алгыч,
Ыргытты жулуп миң колду.
Ошол түндө биз жүрдүк,
Бир күнүбүз жүз күндүк.
Азапка тең болсо да,
Миң күндүк иш бүтүрдүк.
Менин ынак жолдошум,
Айтканы эки болбосум,
Семен Ильич Савенок
Душманга сүрдүү жолборсум.
Ошол кыйын чактарда,
Кызыл кан сайдан акканда.
Кызыл жалын чатырап,
Кыр өрттөнүп жатканда.
Ажыдаар менен арбашты,
Кан ичкич менен кармашты.
Ал ыргыткан эс-эсти,
Аска кулап, жар басты.
Балатон көлү көгөрүп,
Түбүнө көп сыр чөгөрүп
Жаткан кез... Семен экөөбүз,
Буйрук алдык, жөнөдүк.
Жолугуу керек солдатка,
Солдат кыргын бир жакта,
Жоо тебелеп жанчылган,
Мекендин өчүн алмакта.
Айтуу керек солдатка:
Башталат чабуул тан ата
Ыргытуу керек бар күчтү,
Ач көз жоону карата.
Бардыгын айттык бир баштан,
Иштедик кечке тынбастан.
Окоптон өттүк окопко,
Бир жерде көпкө турбастан.
Мессершмидт шуу этти,
Бүткөн бой оттой дүр этти.
Капыстан мындай катылуу,
Келтирди оозго жүрөктү.
Тумшугунда күйгөн от,
Тытырай түштү пулемёт.
Он санымды талкалап,
Өткөндөй болду тийген ок.
Савенок мага сүйөндү:
— Кетти бейм жулуп сүбөмдү?
Кан толуп барат ичиме,
Каларым тирүү күмөндүү...
Иштер иш, максат бир дешип
Биз менен турган сүйлөшүп
Жоокер жигит Курманбек,
Өмүр жиби күйгөнсүп.
Бүткөндөй жашоо булагы,
Чирене түшүп сулады —
Тамырын кырккан теректей
Туралбай тике кулады.
Савенок жашып карады,
Сөз айтууга жарады:
— Эр өлдү. Эрдик өлгөн жок.
Тарыхтын өчпөс барагы.
Кылымдардан кылымга,
Темиркул, сенин ырыңда
Көрүнсүн! Алга баскын түз,
Кылчайба, артка бурулба!
Бирге бардык санбатка,
Бирге жаттык санбатта.
Жан эриткен жакшы сөз
Жагат тура солдатка.
Эскирбей Семен жаңырды,
Кеч кирбей шамы жагылды.
Айыга баштап жарасы,
Ак ырга уйкаш табылды...
Канонада башталды,
Араң турган жаштарды
Туман баскан түн ичи
Тунук акыл башкарды.
Танк батпай талаа, түздөргө
Бирин бири сүзгөндө,
Окшоп турду башкача —
Күрөшкө тоолор түшкөнгө.
Кулакты жыртты карсылдак,
Тийгендей таяк тарсылдап.
Миң-миллион жарылуу,
Майкандар күчү барчылап.
Бир жума бою тынбады,
Снаряд, бомба «ырдады».
Апчып үзүп, асманга
Ыргытып жатты кырларды.
Көргөн өңдүү шайтанды,
Жер теңселди чайкалды.
Жыгачтар эттей тууралып,
Жок болчудай байкалды...
Сел кетпес жерден «сел» кетти,
Тепселди жердин бермети.
Эсеби жок танк күйүп,
Жылдызга толду жер бети.
Жоокерлер жоосун кырышты,
Тең бөлдү кылыч кылычты.
Чагылган үзгөн жыгачтай,
Замбиректер сынышты...
Самолеттор жер сүзүп,
Жарылган бомба колду үзүп.
Чет-учу жок мейкинде
Фашизм калды боо түшүп.
Түшкөндөй эске алганы,
Качышты тирүү калганы,
Венгрия бошоду
Гүл сунган бизге балдарды
Жыттабай биз да турбадык,
Кубангандан ырдадык.
Сүйөндү мага Савенок,
Жаратты сезбей жыргадык...
Биз кеттик алга, илгери,
Ал күндүн эсте бир жери:
Ошондон кийин фрицтер
Качкандан башка билбеди.

ӨЗҮҢ ТӨРКҮН

Эстей берем Моздок чөлүн,
Арбашканды өмүр, өлүм.
Танк тебелеп, окопторго
Теңтуштардын көмүлгөнүн...
Эстей берем, эстей берем,
Кур санааны көрбөйм эрен.
Ал каардуу кез сай сөөгүмө
Батса керек өтө терең?
Көз алдымда жер чымырап,
«Бах!» — дейт бомба, башты жулат.
Бирок биздин чыдамкайлык
Ушул күнгө эсте турат.
Кыргын каптап ойду, кырды,
Күн-түн көрбөй кылыч кынды
Турган кезде, бизге тийген
Таш быркырап, темир сынды.
Жоо болдук элдин жоосуна биз,
Өрт коюп ажал тоосуна биз,
Тик карадык ажыдаардын
Ачылып турган оозуна биз.
Жутуудан бизди үмүт үзгөн
Желмогуз качты коркуп бизден.
Сый көрбөдү октон башка
Уч-кыйры жок мейкин түздөн.
О, мейкин түз, бопбоз мейкин!
Шамал сырдуу жортот эркин.
Кыргыз кыргыз, улуу жеңиш —
Бардыгына өзүң төркүн!
Жактырбаган ач көздөрдү
Жүрөк сыйлайт бул сөздөрдү
Алиге биздин эрдик ишти
Ырдап турат Моздок чөлү.

ЖАПАРКУЛОВ НАЗИКУЛ

Кээ бирөөнү үйрөтүп,
Жыйырма жыл окутуп,
Жыйнап билим башка жык,
Куш сыяктуу таптадык,
Бөпөлөп жем чокутуп.
Ошондо да ал урган,
Үндөккө дароо келмек жок.
Караган өскөн капталдан,
Кекилик учса чап салган,
Карчыга болуп бермек жок.
Жапаркулов Назикул
Полк мектебин бүтүргөн,
Ойлорду жаткан ичтеги
Аткара турган иштерди
Айттырбастан түшүнгөн...
Болгону кенже командир —
Старшина болучу.
Аткарса байге алуучу,
Чоң ишке аска жаруучу,
Жетелек болчу кол учу.
Кармаганы автомат
Чапчаң эле илбирстей
Тосуп барып жолунан
Канжарды душман колунан,
Алып келчү билгизбей.
Старшина Назикул,
Салмактуу кызыл дан эле.
Өткүрлүгү албарстай,
Касташкан менен кармашпай
Туралбаган жан эле.
Окко каршы түз барган,
Эрки күчтүү эр эле.
Байкатып баатыр мүнөзүн:
— Он фашистти бир өзүм
Оңколотом дээр эле.
Бошоткондо Майкопту,
Кылыч болуп чабылган.
Ал баскан жерден өрт кеткен
Акылдан танган беттешкен,
Түз тийгендей чагылган.
Шаарга кирген биринчи
Кыйкырып түштүк тараптан,
Кайгыны шилеп санаага
Караңгы баскан калаага
Ал күн болуп тан аткан!
Дал ошондо Назикул
Взводной болгон аз убак,
Кырк жоокерди башкарып,
Кыйкырыгы таш жарып
Көргөзгөн күчүн жаш убак.
Краснодарды бошоттук,
Назикул дуу-дуу анда да.
Фашистке мүшкүл туш болгон
Тоо көчкөндөй иш болгон
Ал кыйкырык салганда.
Ал өткөн жерде боо түшүп
Баскынчы жатат урулган
Чалгы менен чапкандай,
Катюша менен аткандай.
Эсеби жок кырылган.
Батальонго командир,
Болду баатыр Назикул
Түн эмес, күндүз чак түштө
Майор чыкчы тепкичке
Конду баатыр Назикул.
Старшина Назикул
Миң кишиге кол башчы
Астына түшүп жоо качты,
Суулардан кечти, тоону ашты,
Канча кыйын жол басты.
Осколок тийип колуна,
Ок жанылды санына.
Кийгени бизден башканын,
Карады өлүп жатканын,
Карабай кара жанына.
Чабуул коюп бараткан,
Таңдырып алып жарасын
Баскынчыны бастатпай,
Белин үзүп, башка атпай,
Кумары кайдан тарасын.
Калганда жакын Анапа,
Кармаарда жетип качканды,
Ышкырган бомба жарылып,
Түн түшүп дүйнө тарылып,
Челкилдешмей башталды.
Таамай тийип снаряд,
Назикул учту асманга.
Эрдик ишке ышкылуу,
Өктөмдүгү, курчтугу
Ылайык эле дастанга.
Ким десем, согуш турбайбы,
Баардыгын бирдей сок деген,
Коркокту жаман дебестен,
Баатыр деп кайгы жебестен
Шылыйт тура ок деген...
Өмүрү кыска болсо да,
Абанын жутту тазасын.
Жек көрүп жоону күңүлөп,
Ал көз жумду күбүрөп:
— Ата Журт эркин жашасын!

ҮЗҮНДҮ

Эсиңде барбы, Апсамат,
Колуңдан түшпөй автомат
Ашканды Кавказ тоолорун,
Ойлосоң жүрөк апкарат...
Ойлобо да, эскербе,
Болбогондой эч жерде.
Жөн жүрбөстөн көзүңдү
Чаптырсаң оттуу кездерге:
Сени кыял башкарат,
Жутунат ажал ачкарак...
Калкалап сенден күн көзүн,
Капыстан бомба ташталат.
Снаряд тийип таш жарат,
Жазайыл үнү баш жарат.
Тытырап «Максим» пулемет,
Кызыл өрт кыргын башталат.
Танк менен танк кагышат,
Атчандар кылыч чабышат.
Кан аккан согуш жолдорун
Көргөзгөн элес жабышат.
Жок, жок... Мен катуу жаңылам:
Андагы түшкөн чагылган,
Андагы бомба жарылган,
Андагы дүйнө тарылган.
Биз эмес, биздин душмандын
Ой-максатын бузганын,
Ажыдаардай Гитлерди
Жер жарылып жутканын.
Ойлосоң ойло, жоокерим,
Эсине түшсүн өткөнүң.
Ал оюңа касыңдын
Үйүнүн оту өчкөнүн.
Жалганбы көп жол басканың?
Жалганбы окоп казганың?
Бошотуп чөлүн Моздоктун,
Көргөнүң жоонун качканын?
Бир күн жок мылтык атпаган,
Тынч алып бир күн жатпаган,
Сенин эрдик ишиңди,
Краснодар көрүп мактаган.
Фашисттин канын төккөнсүң,
Өзүн да канга чөккөнсүң.
Өрт чалган танкка жармашып,
Кубандан сүзүп өткөнсүң.
Көп ишке күбө Анапа,
Экөөбүз ошол тарапта.
Какталып кызыл жалынга,
Чапканбыз жоону канатка.
Карагаттай көздөрүн,
Күйгөнүн көрсө өзгөнүн,
Көргөзөт тырык беттериң,
Башыңдан көп иш өткөнүн.
Өткөрбөй жоону жол тостуң,
Уктабай чепти коргоштуң,
Аттап да өттүң өлүгүн,
Жанындай көргөн жолдоштун.
Геленжик билет өзүңдү,
Туапсе көргөн күчүңдү.
Эльбурс — өзүң көп ашкан,
Тоолордон кыска үзүндү.

ИЗ

Кавказ көргөн биздерди,
Биз бүтүргөн иштерди.
Качкан жоону кууганда,
Капталда калган издерди...
Жүндүбаев Сулайман,
Жигиттин көзү тунарган,
Дозоктой кыйын күндөрдө,
Коркоктукту кылайган.
Келтирбей жакын жанына,
Кир жукпай намыс-арына,
Жоокердин салтын көргөзчү,
Жолдоштордун баарына.
Атакага туруучу,
Биринчи найза сунуучу,
Бет алдынан туш болгон,
Фрицтин шору куруучу.
Жан керек болсо бет келбе...
Иш бүтөт жигит жеткенде.
Жарылган топтой быш этчү,
Сулайман ичке тепкенде.
Нөшөр куйган түн ичи,
Этегин өйдө түрүнчү.
Өлөмүн деп ойлобой,
Өлтүрөм деп жүгүрчү.
«Тил» керек кезде кетүүчү,
Болжогон жайга жетүүчү.
Тар жерлерден эң кыйын,
Тайгаланбай өтүүчү.
Эңдирбестен эңүүчү,
Жеңдирбестен жеңүүчү —
Дөңгөчтөй болгон эс-эсти
Бутунан сүйрөп келүүчү.
Ошол эр калды келбестен,
Өз үйүн кайра көрбөстөн.
Миллион эрдин бири да,
Бизге жарык көргөзгөн!
Жоо куралын алган биз,
Жоо бетине барган биз.
Жүндүбаев жаткан жер,
Кавказда бизден калган из.
Жаткан жери жай болсун,
Жакшылыкка бай болсун!
Күндүзү күн, түнүндө —
Күмүш нур чачкан ай болсун!

ЖООКЕРГЕ

Асылов Омор балбаным,
Атышкан жерде калганын.
Ойлосом көзгө жаш келет,
Унутпайт эч ким арманын.
Эр эле эч бир коркпогон,
Ызылдап учкан октордон.
Жалтанып да койчу эмес,
Ал чапкан душман жок болгон.
Эрегиш болсо кычашкан,
Ар бир окту түз аткан.
Бир күндө бир топ фашистти
Бул дүйнөдөн узаткан.
Утурлап жоону жол тоссо,
Комдонуп жатчу жолборсчо.
Жаман кезде эн жакшы
Жолдош эле жолдошко.
Ойлобой башка эч нерсе,
Сулатчу касын кез келсе.
Ата Журт үчүн жан кыйды,
Жоо бетинде жоокерче.

ЖЕТКЕН ЖОК

Шульц эңседи Москваны көргөнү,
Орустарга көрсөтүүнү эрдикти.
Каалабастан элге салам берүүнү,
Ал каалады мейкиндикти, кеңдикти.
Өз эркинче созуп нечен ырларын,
Жүрсөм деди токойлордо чер жазып.
Көрсөм деди бай өлкөнүн жыргалын,
Ээлерине калтырбастан бир кашык.
Берлинине ташып орус жыйганды,
Кыздарынын кызыл өңүн бозортуп.
Асып дарга, атсам деди Иванды,
Алуу үчүн бардык жерин бошотуп.
Кеттик деди өзүн сезип Наполеон,
Мен дегендей албарс кылыч курчуткан.
Ажыдаардай өттү сойлоп жолдордон,
Темир кийип, темир минип, мылтыкчан.
Иван ага өз эшигин ачпады,
Кол куушуруп, көргөзгөн жок сый-урмат.
Же болбосо коркуп андан качпады,
Жоо келгенде жоокер каршы туруу — шарт.
Окко каршы октор учуп жатышты,
Кылычтарга каршы барды кылычтар.
Төшүн тосуп танк менен танк атышты,
Кызыгандан катуу кызып уруштар...
Кол үзүлдү, денеден баш бөлүндү,
Кыян жүрдү, акты селдей кызыл кан.
Кең дүйнө тар, түрү суук көрүндү,
Жер кепедей бомба тийип бузулган.
Шульц жеткен жок, Москваны көргөн
Кагылышта кан жөткүрүп жеңилди.
Иван дарга асылган жок, өлгөн жок,
Аралады туу көтөрүп Берлинди!

9-МАЙ ЫРЫ

Тогузунчу май десе,
Бардыгы түшөт эсиме.
Элестейт баары көзүмө,
Сөз кошулат сөзүмө —
«От күйгөн кандуу майданда
Болгомун мен да» дешиме.
Жол берип мага айлана,
Айткын деп сурайт тоолорум.
— Ооба, мен нечен болгомун
Кан ичээр фашист коргонун
Бузушкандар ичинде,
Тытышкам темир торлорун.
Тогузунчу май десе,
Түшүмө кирет басканым,
Түн ичи окоп казганым,
Тез бүтүүгө шашканым
Көз алдыма элестеп,
Көрөмүн жеңиш асманын.
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Ырлар Жана Поэмалар - 02
  • Büleklär
  • Ырлар Жана Поэмалар - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3662
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2287
    26.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3647
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2230
    25.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3719
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2251
    26.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3615
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2279
    25.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3733
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2198
    27.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3602
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2180
    23.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3653
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2245
    27.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3774
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2268
    29.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3825
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2292
    31.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3871
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2229
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3852
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2162
    31.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3813
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2203
    31.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Ырлар Жана Поэмалар - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 711
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 563
    44.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    55.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    59.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.