Latin

Улуттун жоголгон байлыгы - 1

Süzlärneñ gomumi sanı 3775
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1964
30.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
49.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
«Улуттун жоголгон байлыгы»
1-бөлүм. Үркүн жыл.
Аяктап бараткан жай айларынын жамгырлуу
күндөрүнүн бири. Асман булуттуу болгонуна байланыштуу,
күн жүзү көрүнбөй, убакыттын түштөн ооп
баратканы айлана чөйрөнүн караңгылай баштаганынан
гана билинет.
Жанааракта жаап өткөн нөшөр жамгырдын кесепетинен
Пишпектен Балыкчыга карай кеткен топурак жол чылаага
айланып кеткен. Ушул баткактуу жолду былчыйта баса,
кош аттуу арабага чиркелген замбиректи коштой, катаркатар тизилип жүзгө жакын мылтыкчан жөө аскер Ысык
Көлдү карай шашып баратты. Аскерлердин суу болгон
кийимдеринен жана араба тарткан аттардын тумшугунан
чыккан буу, жамгырдан кийинки туманга аралашып, бул
жолоочу топту ээрчип бараткансыйт.
Бул аскерлер Орусия империясынын генералы
Куропаткинге тийиштуу 11 батальондун бир бөлүгү эле.
Булардын башында генералдын өзү жана адъютанты экөө
ат минип алышкан. Аталган аскер бөлүгү, Ысык Көлдү
көздөй сүрүлүп үркүп качып бараткан жергиликтүү
кыргыздарды кечке чейин кууп жетип, көлдүн аркы
тарабына өтүп кетүүлөрүнө мүмкүнчүлүк бербей жок кылуу
максатында шашылыш жолго чыккан.
1873-1876 жылдардагы кыргыз көтөрүлүштөрүн басууда
тажыйырбасы болгондуктан, генерал Куропаткин Орусия
императору тарабынан Түркстан аймагынын генералгубернатору болуп дайындалып, ага жергиликтүү калктын
көтөрүлүшүн басуу милдети тапшырылган болчу. Азыр да
тапшырылган милдетти кемчиликсиз ишке ашыраарына
көзү жетип, бунтчуларды жазалап кайтып барып,
Петербургда императордун жеке өзүнөн сыйлык алып
жатканын ат үстүндө баратып кыялданып элестете
баштады.
Кечке жуук генерал Куропаткиндин аскер бөлүгү
Балыкчыга кирип барды. Качкан элдин кай тарапты көздөй
кеткенин билүү үчүн, генерал Ысык Көлдүн жээктерин
көздөй чалгынчыларды жиберди. Аскерлерге арабадагы
жүктөрдү түшүрүп, ок дарыларды бөлүштүрүп чабуулга
даярдануусуна буйрук берип, өзү аттан түшүп,
портсигарынан чылым чыгарып чегип ары бери баса
баштады.
Аңгыча көп өтпөй чалгынчылар кайтып келди. Көлдүн
жээгин көздөй кеткен чалгынчылар, көрүнүп турган
дөбөчөнүн ары түшө беришинде, көлдүн батыш
тарабындагы жээгинде, калың топ көтөрүлүшчүлөр бир
канча жыгач салдарга мал-мүлкүн жүктөп жатышканын
айтып келди. Көз алдына Императордун сыйлыгы жана
жогорку чин даражасы элестей түшкөн Куропаткин,
аскерлерине ыкчам тизилүүгө буйрук берди. Адъютанты
экөө картанын үстүнө бир саам үңүлүп карап чыгышкан
соң, кыскача кайрылуу менен аскерлерине кайрылды: -
«Орусия Императорлугунун эр жүрөк жоокерлери!
Мекенибиз бизге жооптуу кызматты тапшырды. Бул жерде
жашаган
жергиликтүү
жапайылар,
улуу
урматтуу
Императорубуздун жарлыгына каршы чыгып, фронтко
барып иштөөдөн баш тартып, анысы аз келгенсип Жети
суудагы биздин дыйкандарыбызга кол салып өлтүрүп, үйжайын өрттөштү. Биздин максат, бунтчулардын бирин
калтырбай жок кылуу болуп эсептелет! Алардын колунда
курал-жарактар бар, ошондуктан көтөрүлүш аѐсуз
басылышы керек. Бошотулган аймактарга Орусиядан
дыйкандарыбыз келип отурукташат, башкача айтканда бул
жерлер силердики болот!» деп ууртунан кытмыр
жылмайды.
Сүйлөп бүтүп, Куропаткин аскерлердин бир бөлүгүн
замбиректи атка сүйрөтүп тез арада көтөрүшчүлөрдү
айланып өтүп, болжол менен салдар сүзүп өтө турган
булуңдан орун алууларына буйрук берди. Куропаткиндин
планы боюнча, бунтчулар салдарга отура баштаганда өзү
баштаган топ аскер жээктен кол салмак, а берки
замбирекчен топ аскер болсо сүзүп качып бараткан
салдарды нарыраактагы булуңдан тосуп алып, атып
жардырып жок кылмак. Анткени эгер көтөрүшчүлөр жээкте
турганда кол салынса, тигилер каршылык көрсөтүшү
мүмкүн жана кээ бири тоо-ташты, токойду аралап качып
кетиши ыктымал. Өзүнүн жеке абройуна көө түшүрбөш
үчүн, өзүнө дайындалган кызматты так аткарышы
керектигин ойлоп жатты.
Ушул эле учурда, көл жээгинде эркек-аял, жаш-кары болуп
жүзгө чукул кыргыз, шашылыш түрдө жыгачтан даярдалган
салдарга боз үй эмеректерин, кой-эчки, уй-жылкы дебей
болгон мүлкүн жүктөп жатышты. Узундугу он беш метрдей
келген карагайлар аркан менен бири бирине тыгыз
байланып, болжол менен сегиз-он кадам кенендикте
жасалыптыр салдар. Өмүрүндө мындай нерсеге чыгып
көрбөгөн аттар кишенеп үркүп салга чыкпай, аларды
жетелеп түрткөн адамдарды убара кылып жатты.
Мал-жандык менен бирге, алгачкылардан болуп салдарга
карыларды, аялдарды жана жаш балдарды да отургуза
башташты. Жаш балдардын арасында алты жашар Бакыт
да бар болчу. Жамгырда суу болгон тондун ичинде жакшы
көргөн козусун кучактап, жайдын кечки салкын шамалына
азыраак чыйрыгып салдын четинде, жээкте бир канча чоң
кишилер менен бирге башка салдарга жүк жүктөшүп
жаткан чарчап-чаалыккан атасын аяп карап отурган. Атасы
анда-санда Бакытты карап, ичиндеги кабатырлануусун,
чарчаганын билдирбейин дегенсип жылмайып койсо да,
баарыбир кандайдыр бир нерсе тынсыздандандырып
жатканы байкалып турду.
Күүгүм кирип калганда жүктөр жүктөлүп бүтүп, жээктегилер
салдарга чыга башташты. Бакыттын атасы да «мына
баары бүттү” дегенсип жеңил үшкүрүп, үй-бүлөсү отурган
салды карай суу кечип жөнөдү. Аңгыча болбой токой
жактан бөтөн тилде «огонь» деген кыйкырык чыгып, аны
коштой жапырт тарсылдаган мылтыктын үндөрү угулуп,
жээктеги адамдар, жерге, сууга кулап, элдин арасында
ызы-чуу, кыйкырык-өкүрүктөр пайда болду. Эмне балекет
башталганын жаш бала Бакыт түшүнбөсө да, салга
чыкканы келаткан атасы жакшы түшүнгөндөй туюлду ага.
Атасы салды жээктен алыстатып түртүп жатып: «Сүзүп
кеткиле батыраак» деп атайын сүзүүгө даярдалган калак
кармаган улуу уулдарына кыйкырды. Өзү болсо жээкте
жаткан союлдардын бирин көтөрө калып ок аткандарга
карай өзү курактуу бир топ киши менен кыйкырып бет
алды. Мылтыктарга карай союл кармап чуркаган эл,
салдардагы үй-бүлөөлөрү сүзүп кеткиче аз убакытка болсо
да кол салган аскерлерди алаксытып токтотуп турууну
көздөдү сыягы. Бирок, алыстан ок бышкырткан жаңы
курал-жарак менен жабдылган аскерлерге союлчан
адамдар эмне кыла алмак эле? Кайра-кайра «огонь» деген
кыйкырык менен кошо мылтыктар тарсылдап, жээктеги
сууну-жерди канга боѐгон алаамат көпкө узабай, душманга
карай жүгүргөн кыраан жигиттердин саны суюлуп,
мылтыктардан чыккан түтүн таркай баштаганда Бакыттын
атасы баш болуп жээкте калган адамдардын баары жер
кучактап жаткан болчу.
Салда бараткан келиндер, энелер жээкте болуп жаткан
кыяматка түздөн-түз күбө болуп, кимисинин күйөөсү,
кимисинин уулу болгон жигиттердин шуулдап учкан
ажалдан мерт болгонун көрүшүп чырылдап ыйлай
башташты. Бакыттын апасы да бир колу менен Бакытты
бооруна кучактап, экинчи колу менен салдын тактайын
койгулап өксүп ыйлап, балдары болбосо салдан сууга
ыргып түшө калып, күйөөсүнүн жанына жетип барып
кучактап жыгылчудай болуп турду.
Генерал Куропаткиндин аскерлери жээктеги элди атуу
менен алек болуп жатканда, салдар жээктен бир кыйла
алыстап кетүүгө үлгүрдү. Ошентсе да жээке келген
Куропаткин, аскерлерине салдарды көздөй ок атууну
уланта берүүгө буйрук берип, өзү болсо замбирекчен
бөлүк жайгашкан булуңду карай чапкылап жөнөдү. Октор
ызылдап абада учуп, кээ бирөөлөр ачуу айкырык менен
салдан кулай башташты. Бир салдагы аттын жамбашына
ок тийип, ат үркүп сууга секирип, өзү менен кошо салды да
чөктүрүп кете жаздады. Ат байланган салдын устуну
сынып, ат менен сууда калып кетти.
Салга түшүп жан куткарып бараткан кыргыз эли үчүн
каргашалуу окуянын бул болгону башталышы болчу. Алды
жактагы булуңдагы токойчонун ичинде, замбиректи ок
атууга даярдап, мылтыктарын мелжеп Куропаткиндин
аскерлеринин экинчи бөлүгү аңдып турган.
Бөлүктүн башчысы болуп дайындалган жаш офицер, оң
колуна маузерин кармап, сол колун атууга буйрук берүүгө
даярдап жогору көтөрүп, сол капталдан сүзүп келаткан
салдардын жакын келүүсүн күтүп турган. Бирок салдар
замбирекчен бөлүктүн жанына жакындап сүзүп келгенде,
жаш офицер колун көтөргөн бойдон эмне кылаарын
билбей дендароо болуп катып туруп калды. Офицердин
салды көздөй мелжеген тапанчасынын так тушунда, бир
колу менен апасынын этегине жармашып, бир колу менен
козусун кучактап, жашка толгон алаң көздөрү менен түз
эле жээктеги офицерди тиктеп, салдын четинде кичинекей
өспүрүм олтурган болчу.
Салдар катар-катар бөлүктүн жанынан сүзүп өтүп жатты.
Офицердин башынан ылдый тер агып дендароо болуп
катып турган абалын замбиректи атууга даярдап турган
аскердин бирөөсүнүн шыбыраганы бузду: - «Офицер!
Батарея ок атууга даяр, сиздин буйрукту күтүп жатабыз».
Бирок, салда жалаң гана жаш балдар, аялдар жана
карылар экенин көргөн офицердин ок атууга буйрук
берүүгө оозу барбады: – «Булар болушу мүмкүн эмес» деп
кайра-кайра башын чайкап күбүрөнүп жатты маузерин
куруна салып жатып.
Аңгыча заматта, тиги жактан чапкылап, аты менен кошо
өзү да бышылдап генерал Куропаткин адюъютанты менен
жетип келди: - «Кана салдар? Эмнеге атпай жатасыңар?»
деп аттан секирип түшүп бөлүктүн офицерине атырылып
барды.
- Ал жакта жалаң гана жаш балдар, аялдар экен, ошого ата
албадык, деп бозоруп жооп берди жаш офицер.
- Мага баары бир, булардын баары бунтчулар, аткыла
тезирээк узап кетише электе! – деп замбирек аткычтарга
кыйкырып, аларга карай жулунду. Чечкинсиз кадам таштап
жаш офицер жолтоо болуу үчүн Куропаткиндин алдын
тороду. Мындай жосунсуздука жана жогорку чиндеги аскер
адамына баш ийбестикке жини чыккан Куропаткин
офицерге ызырынып:
- «Сен биздин улуу урматтуу императордун буйругуна
каршы чыккың барбы? Же, сен бизге каршы курал көтөргөн
бунтчуларга болушуп жатасыңбы? – деп бакырды.
Генералдын шилекейин чачыратып айкырганынан улам
башта коркуп кетсе да, офицер туура чечим кабыл алып
жатканын ичтен туюп, кайраттанып, ишенимдүү жооп
берди:
- Булар куралчан бунтчулар эмес, андыктан атууга буйрук
бере албадым. Куралсыз, күнөөсүз адамдарды атып
өлтүрүп
күнөөго
калгым
келбейт.
Анын
үстүнө
башкалардын кайгысынын натыйжасында өз бактылуу
боло албайсын. Аскердик эрежеге баш ийбегендигиме
керектүү жазамды тартууга даярмын...
Ачууга буулугуп турган Куропаткин заматта кабындагы
маузерин сууруп чыгып – Мына сенин жазаң саткын!» деп
бакырып офицерди көкүрөкө туштап атып жиберди. Тийген
октон жерге кулаган жаш офицер, узап бараткан салдар
жака акыркы күчү менен башын буруп кабатырлануу менен
карап көз жумду. Балким, көз алдында козусун кучактап
салда отуруп узап бараткан жаш баланы элестеткендир,
ким билет.
Офицерди кебелбей атып салып, жанындагыларга сабак
болсун дегенсип бакырынып сүйлөдү: “Императордун
өкүмүнө каршы чыккандардын баарын ушундай тагдыр
күтөт” – деп Куропаткин эч нерсе болбогондой, замбирек
менен салдарды атууга буйрук берди. Өзү болсо дүрбүсүн
көзүнө кармап көл тарапты карап, төгүлгөн канга моокуму
канбай калгандай ок атуучуларды шаштырып жатты.
Салдар бир кыйла узап кетишсе да замбиректин огу жете
турган алыстыкта болчу. Жаңы гана тарсылдаган
мылтыктан кутулуп, Жаратканга жалбарып, оор жоготууга
учурап, араңдан-зорго жанын куткарып бараткан элдин
үстүнө дүңкүлдөгөн добуштун коштоосунда килейген темир
октор түшүп жарыла баштады. Аттар үркүп кишенеп, жаш
балдар чаңырып ыйлап, эл дүрбөлөңгө түштү. Абу дегиче
болбой, артта бараткан салдарга катар-катар ок тийип
талкаланып, алардын үстүндөгү эл менен кошо малдар,
жүктөр да сууга түшүп чөгө баштады. Жарылган
салдардагы элдин аман калганы суу үстүндө жыгач
калдыктарына жармашып, жан куткарууга далбас уруп
жатты. Бир маалда алдыда бараткан акыркы салдын
алды жагына шуулдап ышкырып учуп келип ок түшүп,
колотто жаңырган жаңырыктан суунун астында жер
жарылгансыды. Оңор эмес суу асманга сапырылып кайра
түшүп заматта суунун үстүндө айлампа сормо пайда
болуп, акыркы сал да үстүндөгү адамдары, мал-сал, жүк-
мүгү менен бирге, сууда пайда болгон айлампага агып
кирип көздөн кайым болду…
2-бөлүм. Жер асты дарыялары
2011 жыл, май айы. Бишкек шаарынын кымбат баалуу
үйлөр жайгашкан кичи конуштарынын бири. Ушул эки-үч
кабаттуу кооз үйлөрдүн биринде Баймурат аттуу
мамлекеттик чоң кызматта иштеген эллүү жаштардагы
киши үй-бүлөөсү менен жашайт. Жубайы, бир уул, бир
кызы бар. Балдарынын экөө тең жогорку окуу жайында
билим алышат. Бир ата-энеден төрөлүшсө да, экөөнүн
кыялы эки башка болуп чыкты чоңойгондо. Атасынын
акчасына ичип-жеп, ойноп, окуп, жашап жатканынабы,
айтор кызы өтө эле эрке жана орой. Аты Гүлайым,
тентуштары Гуля дешет, сырткы келбети сулуу. Мектепти
аяктап жогорку окуу жайында окуп баштаганы үч жылдан
бери атасын да апасын да тоготпой калган. Атасы
мамлекеттик чоң кызматта иштегендиктен, коңшу-колоң,
тууган-урукту деле көзгө илбейт. Туугандары ийменишет
бир нерсе деп айтуудан чоңдун кызына. Иши кылып такыр
эле тарбиясыз болуп бой жетти. Түшкө чейин уктап, атасы
алып берген машинаны минип алып окууга кечигип барат.
Чоңдун кызынын мындай адатына окуу жайдын
жетекчилери жана мугалимдери көнүп калышкан. Окууда
деле кыйратып эч нерсе окубайт, арткы катарларга отуруп
алып, акыркы модель телефону менен интернетке кирип,
чат аркылуу интернеттеги достору менен сүйлөшүп отурат.
Эмнеси болсо да атам бүтүрөт окуумду дегенсип. Үй
түйшүгү апасынын мойнунда. Бой жеткени эч качан үй
иштерине колу тийгени же ашканага кирип тамак жасаганы
болгон эмес. Окуудан келип өз бөлмөсүнө кирип алып
телефон аркылуу дос кыздары менен сааттарча сүйлөшөт,
анан кечке жуук клубга даярданат. Шаарда өсүп, орус
мектепте окугандыктанбы, кыргызча сүйлөгүсү келбейт
негедир. Айылдык жигиттерди тоготпойт, аларды көрсө
кемсинтип орусча сөздөр менен сүйлөп туруп алат.
Жакында эле коңшулардын үйүнө келген элеттик жигитти
катуу капа кылган. Ал жигиттин аты Нурбек, айылдан
шаардагы туугандарынын үйүнө келип, Бишкекте бир
жерде иштеп жаткан го чамасы, бир жылдан бери коңшу
үйдө жашайт. Нары-бери созулуп баскан Гүлайымдын
сулуулугун көрүп, сыртынан эле ашык болуп калган
көрүнөт, айтор күндөрдүн биринде Гүлайым дарбазадан
машинасы менен чыгып баратканда тиги жигит
дарбазанын ары жагында гүл көтөрүп тосуп туруптур.
Күлүмсүрөп, кызарып сүрдөп турган Нурбектин колундагы
гүлүн карап да койбой сигналды катуу басып, машинасын
жигиттин үстүнө бастырып, анысы аз келгенсип айнектен
башын чыгарып: - «Өлгүң келип калдыбы? Кач жолдон! »
деп кыйкырып жигиттин көңүлүн сындырып кете бериптир.
Ошондон бери Нурбек коңшу кызды ичтен жактырса да
анын машинасын көргөндө, «кокустан тебелеп кетпесин»
дейби, иши кылып алыстан айланып өтүп калган дешет.
Дегеле Гүлайым элеттик жигиттерди гана эмес, элетти да
жактырбайт.
Ата-энеси
канча
жолу
айылдагы
туугандарына жайкы эс алууга жиберүүгө аракет кылышса
да жыйынтык чыккан жок. – «Айылга барып эмне кылам?
Таш доорундагыдай жашашат ал жакта! Адамдары
замандан артта калган! Барбайм дедимби барбайм!» деп
жаңжал салат ар жолкусунда. Албетте, шаарда ал үчүн
бардык шарттар бар; даяр акча, достору, интернет жана
кечки клубтар. Айылда булар кайдан болсун.
Баймурат аганын кызынан кийинки уулу Максат. Ал да
жогорку окуу жайда окуйт биринчи курста. Жашы
жыйырмада.
Эжесинен
айырмаланып
Максат
тескерисинче бир кыйла жоош, оор баштуу, ыймандуу
болуп эр жетти. Максатка эжесинин жашаган жашоо тарзы
жат келчу. Кээде апасы Гүлайымды түнкү клубтарга койо
берип жатып, Максаттан эжесин коштоп барып келүүсүн
суранат. Апасынын өтүнүчүн кыя албай түн бир оокумга
чейин клубта эжесинин курдаштарынын арасында,
алардын мас каткырыктарына, кулак-мээни жеген
музыканын катуу добушуна, сасыган ичкиликтин жытына
кайыл болуп эжесин кайтарып отурат. Клубтагы ичип алып
мушташып, кусуп, жыгылып, адам кебетесин жоготкон кызжигиттерге көз чаптырып отуруп, кээде эч ким жашабаган,
ээн жерге кетип калгысы келет. Жапжашыл токойлуу
тоонун ортосунан агып түшкөн шаркыратмалуу, чар
тарабы көкмөк деңиздер менен курчалган кыялындагы
идеалдуу аралды көз алдына элестете берет. Географияга
кызыгат. География сабактарына үзгүлтүксүз катышып,
мугалимдин айткандарын кунт кою менен угат жана
теориялык жеке билимин практикада текшерүүгө умтулат.
Өткөн жумада география сабагында Кыргызстандын суу
байлыктары тууралуу тема каралып, айрыкча Орто
Азиядагы көздүн карегиндей баалуу болгон Ысык-Көлгө
мугалим тарабынан өзгөчө көңүл бурулду. Көрсө Ысык Көл
деңиз деңгээлинен 1600 метр бийиктикте жайгашып,
бийиктикте жайгашуусу боюнча Америкадагы Титикакадан
эле кийинки орунда турат экен. Ысык Көлдүн дагы бир
касиети, кышкысын да тоңбойт, окшош климаттагы башка
көлдөргө салыштырмалуу, ошондуктан Ысык Көл деп
аталып калган сыягы. Мындан тышкары, Максатты өтө
кызыктырган нерсе, Ысык Көлгө 80 ден ашуун чоң-кичине
дарыя келип куйганы менен бир дагы дарыя көлдөн агып
чыкпайт экен. Илгери, Чүй дарыясына куйчу дешет көлдөн
агып чыккан суу, бирок кийинчерээк негедир агып чыкпай
калыптыр. Бул факты, Максатты көп ойлондура турган
болду. Эгер көлгө 80 ден ашуун дарыя куюп, бирок бири да
агып чыкпай калган болсо, демек, жер асты дарыялары
аркылуу суу башка тарапка агып кетип жатат болуш керек.
Ушул ойлор Максатка эч эле тынчтык бербегендиктен, ал
жайкысын Ысык Көлгө барып, дайвер жабдыктары менен
көлдүн түбүн изилдөөгө чечим чыгарды.
Ансыз да башка кылаарга жумушу болбогондуктан, жайкы
эс алууну практика менен өткөрүүгө даярдана баштады.
Компютеринен
интернетке
кирип
жер
шаарынын
спутникалык картасын таап, карта аркылуу Ысык Көлдүн
рельефин жана географиялык түзүлүшүн сааттарча тиктеп
отуруп алчу болду. Максаттын Ысык Көлгө баруусуна атаэнеси каршы болмок эмес, бирок, эгер жылдагыдай эжеси
Гүлайым айылга көшөрүп барбай шаарда кала турган
болсо, апасы Максаттын да шаарда калып, эжесин кечки
клубтарга коштоп барып, көзөмөлчү болуусун суранат.
Анда Максаттын Ысык Көл боюнча пландары бузулат.
Андыктан, эжесин жайкы эс алууга өзү менен бирге көлгө
барууга көндүрүүнү пландай баштады. Эжесинин кыялын
жакшы билгендиктен, жөнөкөй пляждагы эс алууга
Гүлайымдын барбастыгы түшүнүктүү эле. Күнгө күйүп
карайып кетем деп пляжда эс алууну жактырчу эмес.
Өзгөчө бир эс алуу түрүн тандап, сунушташ керек эле.
Май айы аяктап, жайкы эс алуу күндөрү башталайын деп
калган. Ушул күндөрдүн биринде Максат убакыт таап,
эжесине көл үстүндө кемеде круиз саякатын сунуштады: –
«Эгер мени менен Көлгө барбасаңыз атамдар айылга
жөнөтүшөт, айылга барбаган күндө да клубга мен жок
жалгыз коѐ беришпейт, андыктан көлгө барып чогуу эс
алалы, көлдөн келип деле клубдарга бара бересиз» деп
көндүрө баштады. Башка пландарды ойлонуп жүргөн
Гүлайым, башта каршы чыкса да, кийинчерээк инисинин
өжөрлөнүүсүнөн улам айласыздан Максаттын сунушуна
макул болду.
Көптөн күткөн күн да келди. Окуу аяктап, жайкы
каникулдар башталды. Керектүү буюмдарды машинага
салып Максат эжеси экөө Ысык Көлгө карай жол
тартышты. Жол боюндагы дүкөнгө токтоп, жолго деп азыктүлүк алышты. Максат, эжесинин кыз башы менен ичкилик
ичкенин жактырчу эмес, азыр да пиводон ууртап, үйдөн
алыстаганына сүйүнүп, машинанын терезесинен башын
чыгарып бакырып ырдап бараткан Гүлайымды бир туруп
ичтен жаман көрүп, бир туруп ушундай абалга түшкөн
эжесин аяп баратты. Максат бир нерсе деп бул жөнүндө
ооз ача турган болсо Гүлайымдын жообу даяр экенин
билет, ошондуктан унчукпай тим болду.
Түшкө жакын эже-ини Балыкчы шаарына кирип барышты.
– «Эмне учун туптуура Балыкчыга келдик, мындан башка
кооз жерлер да толтура эмеспи?» деп таң калып сураган
эжесине: - «Эң жакшы кеме саякаттары ушул жерде экен
да, ошого түз эле ушул жака айдабадымбы!» - деп сыр
билгизбей жооп берди Максат. Болбосо Ысык Көлдүн
тегерегиндеги башка туристик жайларда да каалаган
түрдөгү ижаралык кемелер бар болчу. Муну Максат билсе
да Гүлайымга калп айтууга мажбур болду. Анткени бир
кездерде Ысык Көлдөн агып чыгып турган дарыянын нугу
ушул Балыкчы өрөөнүндө жайгашкан жана Максаттын ою
боюнча суунун агып чыкпай калган табышмагын да дал
ушул аймактан издөө керек болчу.
Шаарды аралап өтүп, Максат туура эле машинаны көл
жээгине карай айдады. Жол бою пиво ичип ырдап келген
эжеси машинада уктап калган жанааракта. Бир эки жерге
токтоп, кайсыл жерден сууга астына чумкуу боюнча кызмат
көрсөткөн туристик мекемелерди сураштырды. Издеген
табат дегендей, көп өтпөй издеген дарегин таап барды.
Туристик мекеменин кызматчыларына бир канча күнгө
дайвинг бонча адис жана коозураак бир яхта керектигин
айтты. Көп күндүк кардар келгенине сүйүнгөн мекеменин
кызматчысы Максатка шашкалактап кыскача маалымат
берип, өз мекемесин мактап, дайвер жабдыктарын жана
кемелерди көрсөтө баштады. Чындыгында булардын кеме
паркы жакшы экен. Бир жаңы, кооз, 11 метрлик люкс яхта
жана эскирээк болсо да жакшы каралган ар кайсы
көлөмдөгү 2 кеме бар экен. Максат эжесинин көңүлүн алуу
үчүн, эң кымбат люкс яхтаны жактырды. Яхтанын ичинде
бардык шарттары бар экен; бөлмөлөрү, ашканасы, душажаткана.
Шыпылдап заказ кабыл алып жаткан кызматчы: - Качан
көлгө чыгууну пландаштырып жатасыздар? деп сурап
калды.
- Мүмкүн болсо дароо эле чыксак жакшы болмок, болобу
ошентсек? – деди Максат кубанганын жашырбай. Кантсин
анан, көптөн күткөн убак-сааты келип жетип, тезирээк көл
тереңин изилдөөгө ашыгып турду.
- Албетте, сиз кандай кааласаңыз ошондой кылабыз! Эгер
«баары камтылган» деген программаны тандасаныз
көлдөн жээке чыкпай деле жүрө беребиз, тамак-аш,
ичимдик баары кемеде болот! - деп колун жайды кызматчы
жылмайып.
- Жарайт! Абдан сонун болот! деди Максат көктөн
издегени жерден табылып.
Келишим
түзүлөөр
менен
дайвинг
борборунун
кызматчылары, кемеге керектуу жабдыктарды, тамак-аш
азыктарын ташып, көлгө чыгууга даярдык көрө башташты.
Максат машинага келип Гүлайымды ойготууга киришти: «Эже, эмне уктаганы келдинизби көлгө ыя? Жүрүңүз бир
сюрприз көрсөтөм!» - деп күлүмсүрөп, эжесин колунан
кеме жака сүйрөдү. Пиводон башы ооруп, көздөрүн араң
ачып, килейген кооз апапак люкс яхтаны көргөндө
Гүлайымдын көнүлү заматта көтөрүлө түштү. – Урраа! деп
жаш секелек кыздай ордунда так секирип, чуркап барып
яхтанын палубасына чыгып өзү ырдап, ырды коштоп
бийлей баштады. Муну көргөн яхтанын капитаны
жылмайып, музыка коѐ салды. Бийлеп жатып Гүлайым
жээктеги Максатка кайрылып: - «Бул яхтада сүрөттөргө
түшүп интернетке жайгаштырып, досторумдун ичин
күйгүзөм» деп кубанычы койнуна батпай секирип жатты.
Эжесине баш ийкеп жылмайганы менен Максат, алдыдагы
белгисиз, табышмактуу саякаттын эмне жыйынтык алып
келээрин ойлонуп жатты ичинде.
Даярдыктар жасалып бүтүп, капитан, анын жардамчысы,
суучул адис, Максат, Гүлайым болуп 5 адам яхта үстүндө
жээктен айрылышты. Жан сергиткен көлдүн жылуу жели
бет аймалап, жан эргиткен музыканын коштоосунда,
ылдам кеме көл үстүндө зымырап баратты. Көгүлтүр
асман, көгүлтүр көл, жапжашыл жээк, алыстагы көк
тиреген бийик аска тоолор, шаардан келген коноктор үчүн
жаратылыштын жапжаңы баракчасын ачкандай болуп
турду. Кеменин кызматчысы муздаткычтан түрдүү
ичимдиктерди алып чыгып конокторго сунуштады. Моокум
кандырган муздак суу ичимдигин колуна кармап Максат,
капитан менен маектешип бараткан адистин жанына
барып суроо узатты:
Сиздер
көптөн
бери
эле
бул
иш
менен
алектенесиздерби? Мени кызыктырган суроолор бар эле?
- Кай жерден суу чумкуй турганыбыз тууралуубу? Азыр
ошол жака баратабыз. Көбүнчө туристтер жана чет
өлкөлөрдөн келген суучулдар да ошол жерге барышат.
Эски шаардын калдыктары бар. Ошол жерди изилдеп
алтын тапкандар да болгон – деп адис, колу менен алысты
көрсөтүп түшүндүрө баштады.
- Ооба, суроом ушул боюнча, бирок мени кызыктырган
нерсе шаар калдыктары эмес! – деп Максат күлүмсүрөдү.
Максаттын жообуна таң калгандай капитан да бурулуп
карап, эмне дээр экен дегенсип күтүп калды.
- Мен географияга кызыгам, мени кызыктырган нерсе бул
көлдүн түбүндөгү жер жаракалары.
Күтүлбөгөн жоопту уккан капитан да, адис да бир саамга
унчукпай ооз ачып Максатты тиктеп калышты.
- Мен биринчи жолу угуп жатам көлдүн түбүндө жер
жаракалары бар экенин – деп капитан күлүмсүрөп желке
кагып колун жайды.
Адис да башын тырмап ойлонуп туруп калды.
- Илгери Ысык Көлдөн суу агып чыгып турган дешет – деп
сөзүн улантты Максат: – Кийинчерээк кандайдыр бир
себептерден улам токтоп калыптыр, 80 ден ашуун дарыя
азыр деле көлгө куюп турганына карабастан. Менин оюмча
мунун себеби көлдүн астында жаракалардын пайда
болушунда болсо керек деп божомолдоп жатам.
- Болушу мүмкүн! – деп Максатты колдогондой баш ийкеди
капитан: – Бирок көлдүн көлөмү оңор эмес да, токтой тур
азыр так көлөмүн айтам… ии баса, адашпасам 6200
квадрат километр болжол менен, эң терең жери 700
метрден ашат. Көлдүн түбүн изилдеп чыгыш үчүн атайын
аппарат керек! Жөн эле аквалангды артынып алып
изилдей албайсын.
- Ооба, туура! – деп макул болду адис да.
- Жок, мага көлдүн ортосу, терең жери керек эмес, менин
байкашымча көлдүн айланасындагы жердин рельефи
ушул Балыкчы өрөөнүндө төмөнүрөөк экен башка
жактарына караганда. Мурун суу да дал ушул аймактан
көлдөн агып чыгып, Чүй каналына куюп турган экен
билишим боюнча – деп түшүндүрө баштады тигилерге
Максат: – Белгисиз себептерден улам көлдүн суу көлөмү
белгилүү бир деңгээлге чейин азайып, дал ушул деңгээлде
туруктуу болуп калып калган. Демек, көлгө куйган суунун
бууланып абага көтөрүлгөн пайызынан тышкары, калган
көпчүлүк бөлүгү кандайдыр бир жол менен көлдөн агып
чыгып кетип жатат. Жаракалардын негизинде жер асты
дарыялары пайда болгон болушу да ыктымал деп ойлойм.
Капитан менен адис үчүн Максаттын оюндагылар
азырынча туман болсо да, кардардын каалоосу мыйзам
деген сыңары анын оюна көнүп, макул болбоско айлалары
жок. Мындан сырткары мындай чөнтөктүү кардар дайым
эле туш келе бербейт. Албетте булар үчүн адаттагы
көнүмүш программа менен туристтерди айландырып эс
алдырып кыдыртып келүү алда канча оңой болмок. Бул
жолу алардын адында белгисиз илимий изилдөө иштерине
катышуу милдети турган.
- Анда Балыкчыдан алыска узабай эле ушул чөйрөдо
кемени казыктайт экенбиз да – деп капитанга кайрылды
адис.
- Ооба, ошондой кылабыз, илимпоз жигит ошентип
жатпайбы ушул өрөөндө изилдөө жүргүзөбүз деп,
туурабы? – деп капитан Максатка карап жылмайды.
- Туура... – деп Максат капитандын илимпоз деген наамды
ыйгара салганына уялгандай кызарып баш ийкеди.
Капитан ылдамдыкты азайтып, кеме токтой баштады.
Максат тигилер менен баарлашканча, арткы палубада
сууга тушчу купальнигин кийип алган Гүлназ, кеменин
куйрук жагына туруп алып вино куюлган бокалдан ууртап,
кеме кызматчысы болсо Гүлайымдын өтүнүчү боюнча аны
фотоаппарат менен сүрөткө тартып жаткан.
- Өзүңүздөн жаш жигитке турмушка чыккансызбы? – деп
ыңгайсызданып сурап калды бир убакта кеме кызматчысы.
- Кайсы жигит? Оой ал менин иним болот – деп каткырып
күлүп калды Гүлайым.
- А жакшы. Анда жигитиңиз жок окшойт го э? – деп тийише
баштады кызматчы.
- Жигиттер көп тимеле, бирок мен жактырбайм эч кимисин.
Татыктуу жигитти жолуктура элекмин. Бири эпсиз,
экинчиси айылдык, үчүнчүсүнүн чөнтөгү жука, төртүнчүсү
иреңи суук – деп виного мас боло баштаган Гүлайым
жигиттерди сындай баштады.
Тигинин
жигиттерди
кемсинткен
жообу
кеме
кызматчысынын намысына тийди бейм, заматта көңүлү
сууй түштү.
Аңгыча нары жактан капитан кыйкырып калды: - Алмаз,
арканды ташта, ушул жерге токтойбуз!
Колундагы фотоаппараты Гүлайымга узатып,
кызматчысы кеменин алды жагына чуркап кетти.
кеме
- Биз жанааракта жөнөгөн жээктен канча алыстыкта
турабыз азыр? – деп Максат капитанга кайрылды.
- Кеменин эсептегичине караганда 2 чакырымдай сүздүк.
Кааласаңар ушул жерде сууга түшүп чөмүлгүлө,
кааласаңар атайын жабдыктарды асынып инструктор
менен бирге чумкуп суу түбүн изилдеп көргүлө, балким бул
чөйрөдө жоктур издеген нерсеңер. Эгер жок болсо башка
жака барып токтойбуз, макулбу?– деп капитан каютасына
кеменин ылдый жагына бет алды.
- Макул, мүмкүн болсо чумкуп көрөлү э байке ушул
жерден? – деп адиске карады Максат.
- Албетте мүмкүн! Мурдалары чумкуп көргөнсүңбу же бул
биринчи жолкубу? – деп сурады адис.
- Ооба биринчи жолу, аябай кызыгып шашып жатам ошого.
- Аа түшүнүктүү, шашпа, дагы көп чумкуйбуз буюрса – деп
жылмайды Максатка карап – Тиги дос кызың да каалайбы?
- Ал эжеси болот экен – деп сөзгө кыпчыла калды
палубанын устунуна сүйөнүп турган бул экөөнүн маегине
кулак салып турган кызматчы.
- Ооба эжем болот. Азыр сурап көрөйүнчү – Максат арткы
палубага карап басып кетти.
Инструктор кеме кызматчысы экөө өз ара шыбырашып
калышты. Адис тигиден Гүлайым жөнүндө сураштырып
жатты сыягы.
Гүлайым күн чатырынын астында күнөстөп, телефонун
чукулап жаткан.
- Эже чөмүлгүңүз келеби, мен чумкуганы жатам адис
менен чогуу?
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Улуттун жоголгон байлыгы - 2
  • Büleklär
  • Улуттун жоголгон байлыгы - 1
    Süzlärneñ gomumi sanı 3775
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1964
    30.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Улуттун жоголгон байлыгы - 2
    Süzlärneñ gomumi sanı 3903
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1915
    31.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Улуттун жоголгон байлыгы - 3
    Süzlärneñ gomumi sanı 3913
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1920
    32.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Улуттун жоголгон байлыгы - 4
    Süzlärneñ gomumi sanı 3946
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1757
    33.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Улуттун жоголгон байлыгы - 5
    Süzlärneñ gomumi sanı 3889
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1832
    33.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Улуттун жоголгон байлыгы - 6
    Süzlärneñ gomumi sanı 3837
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1884
    32.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Улуттун жоголгон байлыгы - 7
    Süzlärneñ gomumi sanı 1081
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 730
    38.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    56.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.