Latin

Мисмилдирик - 01

Süzlärneñ gomumi sanı 3741
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2297
26.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
38.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
43.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
(Беделдеги каргыш)
I
1938-жыл, 7-ноябрь. НКВДнын күңүрт баскан, жалгыз киши
араң баткан абагы. Темир менен жыш тордолгон, казанактын
көзүндөй болгон терезеден жарык деле кирип жарытпайт. Бирок, таң
атып, кеч киргенин боолголоого болот.
Атууга өкүм кылынган айылдык коммунист Мукай Камбаров
ошол терезени тиктеп, көз байланып баратканын болжоп койду. “Түн
оосо cегизинчи ноябрь” деп ойлоду. Мукай Камбаров абакта
камыгып жаткан күндөрүн жаңылбай санап келет, бу сапар саналуу
убакыт калгандай сезилет, бирок канча саамга жатаарын гана
билбейт.
“Өкүмү чыгып калды, бүгүн эле алып чыгып атып салышабы
же күтө турушабы? Өкүмү өзгөрүп, өлүмү башка жазага алмашып
жүрбөсүн” деп ичинен күбүрөндү. Илгери, үркүн учурунда
жазалоочу отряддын колуна түшүп, өлүмгө жуп тартылаарда
кутулуп кетти эле, ошону эстейт. “Мүмкүн, «үңкүнүн» колунан да
ырайым көргүм бардыр” деп үмүттөнөт.
Үркүндү эстеп, “үңкү” десе эл үрккөн мынабул заманга туш
келген жазмышын эстеп, бир туруп айласы куруп кетет. Кайрадан
терезени тиктейт. Көзүн албай кечке тиктесе, илгери тилек менен
тирмейе тиктесе жаза тайып сыйкырдын шыпаасы тийип, терезенин
темир тору кыйрап, шарт этип ачылып кетчүдөй телмирет. Үмүт
деген курусун, “Теңирим жалга” деп жалынып, “куткара көр” деп
тилейт.
Капталдагы кайсы бир бөлмөлөрдөн «үңкүнүн» кыйноосуна
түшкөндөрдүн жүрөктүн үшүн алган аянычтуу кыйкырыгы,
тергөөчүнүн орусча-кыргызча сөгүнүп, бакырганы угулат. “Карс”
эткен доош чыгат, ага улай сурактагы шордуунун жан ачыткан ачуу
айкырыгы жаңырат. Жүрөгү опкоолжуган Мукай Камбаров өзү чала
жан, жанчылып жатып, «Кимиси болду экен? Эмненин сурагына
каруусу сынды?» деп тагдырлаш бечарага боор тартат.
Мукай Камбаров камыш менен жабылган, жалпайган орус
тамдарынын арасында жайгашкан НКВДнын ушул жайынын ичинде
өзүнө окшоп отургандарды бир сыйра ойлоду. Көпчүлүгүнүн өңдөрү
тааныш көрүнгөнсүдү эле. «Республика» деп аталып калганбыз,
«Кызыл Кыргыз Республикасы» деп коёт, ошонун
«совнарком», «нарком», «төрага» атыккан мурдагы жетекчилери
жүрөбү?» деп, тагыраак тааный албай, таң калды. Тергөөчүнүн
алдында бир-экөө менен бетме-бет да келди. “Абдыракмановдун
айдагы астында Англиянын тыңчысы болдуңбу?” деп сураганда
кайсы бир активди көрдү окшойт. Абдыракмановдун өзү окшойт.
Кимиси кимисине айгак чыкты, байкабай калды.
Кабагын карыш түйүп, кан-сөөлү качкан жүзү сурданып
турган, тикенектей көздөрү теше тиктеген, кебетеси желдет өңдөнгөн
булгаары мээлейчен тергөөчүнүн алдында колу аркасына байланган
Абдыракманов экөө бет келишип, аяктарын араң тарта сүйрөлө
келишип, сурактын жан чыдагыс азап-тозогун бир-эки
саатчалык чогуу тартышкан. Тергөөчү тинтүү маалында НКВДнын
колуна тийген калың-калың дептерлерди тигил экөөнүн көздөрүнө
такай матап: «Англиянын тыңчысы болгонуңардын далили мына!»
деп айкырып, анан добушун басаңдата: «Үркүн ырларын» эмне
максатта жаздыңар? Совет өкмөтүнө каршы үгүт жүргүзүүгө ким
шыкактады?» деп сурап, оңдуу жооп укпай калганына туталанып,
Мукай Камбаровду дептер менен бетке урган.
- «Аалы менен Сулаймандын эрдигин» алалы. Эл баатырлары
депсиңер! Эзүүчү тапка каршы калкты баштаган чыныгы эл
баатырларын, революциянын баатырларын чанып, эскинин
тукумдарын көтөрө чалганыңар кандай!
- Эл оозунан жыйнаганым, - дейт Мукай Камбаров, -1920жылдан тарта киришип, он беш жылдан артык өмүрүмдү сайгам.
Жообу тергөөчүнү ынантпайт.
- Аалы менен Сулайман ким? Аты-жөндөрү динчилдердей
угулат, кайсы таптын өкүлдөрү? Бай-манаптанбы?
- Аларды таанысам кудай урсун, эзели көргөн эмесмин.
Тергөөчү көк дептердин бирин алып силкилдетип, Мукай
Камбаровдун көзүнүн алдына такайт:
- «Нарботонун какшаганы», «Токмок казаты», «Карагыз
апанын» (тергөөчү «апанын» дегенден кийинки бир сөздү
мукактанып айта албай, аттап кеткен)бул ырларыңар эмнени
даназалайт? Ким жаздырган жомоктор? Өзүң чыгардыңбы же
душмандын тапшырмасы мененби?
Көк дептердин сырткы барагындагы өз колу менен бадырая
жазылган аталышты, чала ачылган барактарынан жол-жол ырларды
тааныган Мукай Камбаров:
- Жолдош тергөөчү! Бул бир өтмүш эмеспи. Унутулбасын деген
ойдо өз көзүм менен көргөндү, өз кулагым менен укканды кагаз
бетине түшүрүп койгондогум, - дейт үнүн акырын чыгарып.
Жаалы кайнаган тергөөчүнүн көзүнөн чаары учат:
- Падышаны төңкөрүүдөгү большевиктердин ордун, тарыхый
өнүгүүдөгү жумушчу табынын ордун бурмалап, эскичил, улутчул
көз карашты үгүттөп, Англиянын бузуп-жаргыч саясатына кызмат
кылышты кимдер жетектеген!? Айт!
«Эмненин эскичили? Эмненин улутчулу? Кечээ эле баштан
өткөн окуя эмеспи!» деп Мукай Камбаров тергөөчүнүн сурагына
түшүнө бербейт. «Арга болорбу» деген ойдо:
- Жолдош тергөөчү, мен - партиямын! – дейт.
- Карагыздын каргышы тийип дегениңер барып турган
сандырактык! Коммунисттик партиянын билетине жамынып алып
улуу орус элине жек көрүү үгүттөлгөн, орусту мазактаган китеп
чыгармак болгонсуңар! Оруска каршы адабият жайылтмак
болгонсуңар! Ушундайбы!? – деп зекийт тергөөчү.
Суракта ушундай сөз болгон. Ал эми Абдыракмановдун эмне
жооп айтканы эсинде дурус калган жок.
Тергөөчү экөөнү тең уруп, оюндагысын айтпаса, колун
кычырата кайрып, башын толгоп, чарадагы сууга алмак-салмак
тумчуктуруп, «Ооба, ооба, мойнума алам!» дедиртип туруп,
«падышаны Ленин кулаткандагы, большевиктер кулаткандагы
тарыхый окуяны бурмалаганыңар, Октябрь революциясынын
маанисине каршы чыгууга тукурганыңар, улуу орус элине акаарат
келтиргениңер ыраспы?» деп кайталап сурап, «Ырас! Ырас!» деп
жүлүндөрү үзүлгөнчө кыйкыртып, кайталатып угуп, мойнуна
алгандыктарын күбөлөтүп кол койдуруп, анан жалгыз кишилик сыз
абакка жаткырган. Айлап созулган бул азап элден мурда үркүн
ырларына байланыштуу башталып, эмне үчүн аягында тыңчылык
айыбы аралашканын, кайсы күнөөсү үчүн ушул тагдырга туш
келгенин түшүнө албай Мукай Камбаров деңдароо.
“Ата-жотом укпаган кайдагы Англия? Англия каякта, Бедел
каякта? Андан бери жыйырма эки жыл өтүптүр”, - деди Мукай
Камбаров. Англиясы жок эле Беделдеги окуяны айтайын, жазайын
деп жүрдү эле. “Ошондогу көргөнүмдү айтып калмайынча,
көкөйүмдү тешиген окуяны жазып калмайынча кантип өлөм,
жазмайынча кантип өтөм дүйнөдөн!” деген сөздөрүн эстеди.
Чоң энеси Карагыз апа «кесир сүйлөбө, балам» дечү эле, кесир
сүйлөп алдыбы? Кыргызда “каргышың кара башыңа” дечү эле,
качандыр бир уккан каргышка азгырылып алдыбы? Атаңгөрүү!..
Мукай Камбаров үшкүрүнүп алды. Качанкы бир кездеги, жыйырма
жылчалык мурунку окуялар көз алдына сүрөт болуп тартылды.
II
Түн ката жолго чыккан топ атчан ай жарыкта улам бир кырды,
улам бир жонду ашып отуруп, таң каракчы маалда чектеги опол
тоону өрдөдү. Таң кылайганча кыр ашып кеткей элек, жат кишинин
көзүнө илинбей, коктулап кеткей элек деп ашыгып, аттарын теминет.
Алар Кытай карамагындагы калмактардан жылкы чапканы
аттанышкан кудаян кыргыздарынан болот. Калмактан жылкы чабуу
канаатташ жаткан казактын же коңшулаш кыргыз урууларынын
жылкысына тийүү эмес. Калмакка тийүү оторчуну көзгө илбей,
орустун чегин бузуп, Кытайга өтүп баруу дегендик. Оторчунун
эзүүсү жанга баткандан, ачынган
кыргыздарыңдын өжөрлүгү
ошончолукка жетип калган эле. Бордунун оозунан кытай чегине
чейин бугу элин аралап катуу жүргөндө төрт күнчөлүк жол деп
айтылган, айткандай эле төртүнчү күн дегенде минтип белди ашып
баратышат…
Алдыда барымтачылардын караан туткан баштыгы - Нарбото.
Баштарына жалаң жоолук байланган, далылары бир кезчелик
калдайган, карылуу барымтачылардын арасында уландар да бар.
Оруска чейинки жоокерчилик салт ушундай болгон экен, биле
жүрсүн дегенчелик барымтачылар тың чыкма уулдарынын экиүчөөсүн ээрчитип алышкан. Болуш атасы жумуштап кетип, аны
менен кеңешпей, жолдо жолуккан жеринен алысыраак агасы
Нарботону ээрчип алганы - Мукай. “Эркексиңби?» деп койсо,
“эрешен жетип калганымды көрсөтөйүн силерге” деп, үйүнө
жетпестен жүрүп кеткен.
Кыргыздардын бул жакка баштагыдай ээн бастырбай
калгандарына канча? Оруска караган заман ичинде Шабдан,
Балбайлар приставка моюн бербей калмакка барып, жылкы тийгенин
угушкан. Анан аткезчилер каттап жүрөт. Кудаян тобунан Нарбото
көп өтөт, жердин уусун анык билгени да, жылкы тийиштин ыгын
өткөрө билгени да ошол.
Алдыда келаткан Нарбото кырды ашып кетээрде куйрук улаш
бастырган барымтачыларга камчысын жаңсады. «Кытайдын чегин
аттадык» деген ишаара. Барымтачылар ат жалына өбөктөй калышты.
Чоңдорду туураган уландар баштарын салып, ээрдин кашына
жармашты.
Чекти бойлой Кытайдын черүүсү турат, ары-бери жүргөндү
каттап, аткезчисин камап турат деп угушкан. Барымтачылар кароолу
кем деп ушул тушту тандап алышкан, ат жалына өбөктөгөн бойдон
өтмөлүктөн өтө беришти.
Капталдап бастырып, чыйыр салышты. Жер уусу өөн туюлган
жок. Буурул түндүн жарыгында мунарыктап көзгө илинген
тегеректин баары өркөчтөнгөн тоо. “Кытай” деген аты эле болбосо
кырдын бул жак бети деле өздөрү көчүп-конуп жүргөн конуштар
сымал өрүштүү белем. Тобо-о, “Кытай” десе тоону аша бергенде
көздөрүнө өлүңкү талаа, таранчынын боз тамы, андан ары капкалуу
калаалар, балким, Алтышаар-Жетишаардын карааны көрүнөөр деп
жүрүшүптүр. «Чектен өттүк» дегени болбосо, бугу кыргыздарынын
четине чейин бир көчүмдүр көп болсо! Керүүсү кең Керме-Тоо кете
берет тура керилип. Аттын өмгөгүнөн келген оттуу көрүнөт,
чиркиндики-и, өргүүгө ылайык жер экен деп тамшанышты. Өбөктөп
келатышат, “мынабул өтөктүү жерлер биздин Бетегелүү-Чоңташтын
өзү эмеспи!” деп коюшат.
- Бетегелүү-Чоңташка жер жетеби!? - деди Нарбото.
- Чек салганда ушул жондун бу жагы Кытайга, тиги жагы
падышага карап калыптыр, - деди кыргыздардын бири.
- Илгери Илеге чейин эле кыргыздын жери болуптур, - деди
баятан бери атынын басыгына наалып келаткан жигит билерман
чыгып, -Сарыбагыштар жердечү экен!
Муну укканда калгандары “ээ, ошондойбу” дегендей муюп
калышты. Өчүп бараткан жылдыздарга карай таңды санап, таңдын
кылайышын аңдып, саксактап келаткан немелер бээ саам убакытта
тоонун этегине түшүп келишти. Чоочун бирөө-жарымга капталбай,
ашууну болжошкондон эртелей ашып кетишкендерине жеңилдеп,
“өх!” деп алышты. “Эми, кудай жылкылуу жайытка туш келтирип,
жолдуу болгой элек” деп, жолунан чыккан жерден жылкы чапканга
камданышты.
Нарбото барымтачыларды карагайлуу коктунун ичине баштап,
оттуу жер таап, токтотту. “Ат чалдырып алгыла!” - деди. Жигиттер
аттарынын басмайылдарын бошотпой, кишендүү бойдон отко
коюшту. «Нарботонун оозунан эми кандай сөз чыгат?” деп турушса,
атынын басыгына наалыган жигит:
- Каркытыңардын кагынчыгы калдыбы? - деди. Карды ачты
көрүнөт. Кымыздуу кол чаначтар эбак кабышталып, канжыгада
чалынуу эле. Кымыздын артын Нарбото артынган чоң чаначтан
ичишкен. Уландар унчукпай чондорду карап, жолдоштору
каркыттарын аңтарды. Азыктары азайып, күлазык салынган
каркыттар соңку өргүүдө эле бош чаначтар менен теңделип
калганын билишсе да, кагынып-күбүнүп көрүштү. Күлазыктын жугу
эле калыптыр, талкан аралашкан тууралган эттин кагынчыгы
кочушка толбойт. Чымчып эт жешкенсип, жуктап тим болушту. Ага
алымсынбай, алиги жигит тоонун боорун оюп чыгып, оргуп агып
түшкөн шыргалаң сууга каркытты тосо калып, кап ортолой толтура
калып, жугун чайкап, жутуп жиберди. Муз аралай агып түшкөн
шыргалаң суу чыкыйын какшатып, жигит маңдайын «ух!» деп
сылады. Мурдуна такаса каркыттын жыты ансайын каңылжырды
өрдөйт. Чала тоют жанга жылкынын талкан аралашкан майлуу
этинин жыты бир келет, төө этинин жыты бир келет.
жок.
- Тиш какшаткан сууну ичип! - деп жолдоштору жактырган
Асманга көз чаптырып, таңдын куланөөк салганын баамдаган
Нарбото:
- Жылкыга түн жамынып тийчү эле. Кечке колотко жашырына
турсак? - деди.
- Тийебиз! - дешти жигиттер. Дагы бир күн керээли-кечке
күтүшсө, кезээрип кетерин, шайлары оой түшөөрүн билип, демигип
турушту.
- Коңулга киргидей кашкулак белек! Жер чалып көрөлү,
жакын жерде жатса тийели. Черүүсү жок тура! Черүүсү жок кезде
кырдан ашырып кетпей жаныбыз жокпу? - дешти.
“Белге таңуу жигиттер айтып аткан соң” деп Нарбото көндү.
Cаамга тыным алгандан кийин:
- Анда эмесе аттангыла! Таң сөгүлө электе ашыгалы! - деди.
Тоо этектеп, өрдү көздөй илгерилешти. Жүрүп отуруп,
калмактын жылкылары жайылган төргө келишти. Таң супасындагы
жарыкта акмалашса, жанды оозго тиштеп, самап келген олжосу ак
жайык болуп жуулган жайытта жайылып жатат. «Топоз болуп
жүрбөсүн, кара мал болуп жүрбөсүн» деп жакшылап карашты.
Жылкы экени анык. «Жаңылбаппыз!» дешти.
Баамдашса, чек
саналган белге, баята ашып түшкөн белге чукул. «Белди ашырып
алсак, андан ары эл карааны суюк, далдаа жер таап, камай турабыз.
Күндүз жашырып түн ичинде айдап, жүрүп кетебиз» деп ойлошту.
Ары алпарыш опурталдуу көрүнүп, уландарды бир
имерилишке калтырышты. “Берилегенде кошуласыңар, оозуңарды
ачпай, сак тургула!” деп айтылды. “Жылкынын дүбүртү кайсы
бурчуктан жаңырат?” деп уландар кала берген.
Өздөрү балык жон дөңсөөлөрдү аралап, житип кетишти.
Үйүрмө кырдын учу бөксөргөн туштан имерилип, жакын келип көз
салышты. Калмактын жылкысы таңкы үрөң-бараңда негедир көзгө
ысык көрүндү, калыңдыгынан жалы тултуюп, кабыргасы жабылуу
көрүндү. Семизинен эмеспи! Кудай жалгап, кулуну жок, субай үйүр
экен, «айдаганга жеңил» деп кудуңдашты. Саан жылкы болсо,
айдакка келбей, кулунун тегерегенип, ал ортодо айгыры утур
айланып, тиштенип, айлаларын кетирмек. “Азыр тийсек, ашырып
кетебиз!” деп ойлошту.
Жылкычы калмактар «таң ашырдык, таңдын аппак атаары эле
калды, эми үйгө кирип чыгалы» деп бастырып кетишкенби же бир
коңулга тыгылып, камырабай жатышканбы, жакын арада карааны
көрүнбөйт. Тек алыстан, колоттун ичинен калмак иттин абалаганы
угулат. Дөңсөө аралай конгон конушу болсо керек калмактын.
Жигиттер дабыш алдырбай келип, үйүр-үйүр жылкынын
ортосунан тийди. Оболу, соксоюп көзгө урунуп калбаска ээрдин
кашына өбөктөй келип, камчыларын тиштенип, үзөңгүнү кууш
теминип, тынч жаткан калың жылкыны аралап, чаап кетчүсүн
бөлүштү. Чаап кетчү багытты баштантып, айдаганга ылайыктап,
айгырлуу кылып бөлүштү. Анан, акырын айдап көрүштү. Адегенде,
айгыры айдакка келбей, жылкыларды имерип, жылкылар айгырына
имерилип, желип барып, туруп калышат. Мына ошондо жигиттер
аттарынын курчтугуна, айкырыктын ачуусуна салып үркүтүштү
жылкыны. «Дүңк» этип бир коюп үркүтмөккө колдо мылтык жок,
кантишсин, Нарбото «Ка-айт!» деп, тамагы айрылганча айкырып,
атын алчыланды. «Турчубу!» деп жигиттер кошо айдалашты.
Азыноо үн салган айгыр башын жерге салып, төмөн желгенде
жылкылар айдакчынын ыгына көнүп, айгырдын артынан арыш
керишти. Төмөн карай агылды. Качан жылкылардын күтүрөп алдыга
түшкөнүнө көздөрү жеткенде барымтачылар жалпы дабыш сала,
«алдык эле алдык!» деп кыйкырышты. Улам катуулай кыйкырышат.
Айлана алеки заматта ызы-чууга толуп, таң супасындагы тынчтык
бузулду.
Жылкы кароого келгенде калмагың кыргыздан өткөн куу
окшобойбу. «Катынынын койнуна кетти го» десе, жакын жерде
бирин-экөөн турганы бар экен. Үйүрдүн четинен бузулуп, дүбүрт
чыкканынан шек алган кароол калмак кошо кыйкырып, торой тосту.
Жигиттер тороого чыккан кароолун торойто чапты.
Ээр үстүнөн шыпырылып, союл жегенине сестене түшкөн
калмак бир маалда кайратына келип, качырган жылкысын
кайрымакка көмөк сурай чуркады. “Хулкач! Хулкач! Алач, күүне эм
талач!”-деп айгай салды. «Кашайып уктабай кал, калмак! Кайдасың!?
Ууру тийди жылкыга!»-деп айкырды. “Айгуйт! Чапкыла эле
чапкыла! Алдыга салгыла!”-деп кыргыздар барат.
Анда-мында дөңсөө аралай конгон конуштардан жылкычы
калмактар чыга келди суурулуп. Топтолуп келип, кайра жол тороду.
Аралашып кетишти. Уурусу менен ээси аралашкан айкашта биринбири айкыныраак айрый алышпай, кас экенин, өз экенин тилдешкен
тилинен көрө, сороңдогон союлунан, кезеген таягынан тезирээк
таанып жатышты. Үзөңгүлөр кагышып, союлдары карсылдайт.
Жылкынын дүбүртүнөн жер дүңгүрөйт, башы айрылган
калмактын айкырыгы угулат, кыргыздын кыбалуу кыйкырыгы
угулат. Барымтачылар моюн берген жок. Жандарын ооздоруна
тиштеген кашкөйлөр «олжобуз буйругай эле, ишибиз оңунан чыккай
эле» деп коюшат. “Буйруса, сан жылкыны чаап алдык, кудай эми
өзүң дагы бир жолу жалга” деп жаратканга жалынып коюшат.
«Белге жетип, белди ашырып кетсек болду» дешкени, «орустун
чегинен корккон калмак куугун салганын тыймак» деп үмүт
этишкени.
Болжошкон жерге жеткенде уландар кошулду. Мындайды
мурда көрбөгөн уландарга жылкылардын жер сабаган дүбүртү
Манас-Семетейдин заманындагы жортуул сымал туюлду. Кошо
аралашып, кошо чаап баратышат.
Барымтачылар катуу келатышкан, куугундан буйруса куйрукту
үздүк, эми бир аз барсак, кырга салаарыбыз калды деп калышкан.
Бир топ жерге жетип алышкан эле.
Таң агарган маалда тарсылдаган доош чыкты. Жыйналып
келген калмак экен, капталдан тийди. Өлөрман кыргыздар
“куугунчуңду урайын, калың жылкыны калтыргандан көрө өлүп
берели” деп кайра чабышты. Аралары алыс эмес, калмактын түтөтмө
мылтыгынан барымтачылардын корко турган түрү жок. Нарбото
кашкөйдүн эрдигин көрүп ал, жанаша түшкөн калмакты урса эле ат
үстүнөн камгактай ыргыйт. Башкасы белгисиз, Мукай баш болгон
уландарга ошондой көрүндү. Көздөрүнө Эр Курманбек, Эр Табылды
тартылды.
Барымтачылар ат үстүндө баратып союл кайрып, узап кетүүгө
ашыгат. Калмактар белди ашырып жибербеске жанталашып,
уйгактай жармашып алды. Алаңгыча, көзүнүн кыры менен
балдарды кайтарып, алардын тизгин кармаганын байкап,
«бошураакпы» деп Мукай жакка кылчактап, куугун жакындаса
алдын торой чаап келаткан кыргыздын ачуу кыйкырыгы кулакка
жаңырды. Мукай кылчайып караса артында келаткан барымтачы
аттан кулап, калмак найза уруп жатат. Жүрөгү оозуна тыгылган
Мукай араң эсин жыйып, Нарботого кыйкырды.
- Аба, абаке! Өлдү! - деди шак эле. Камчысы менен арт жагын
сермеди.
Нарбото аттын башын тартты. Кошо келген шеригин найзалап
салышканын алыстан көрдү.
Аттын башын тарткан Нарботону көрүп, жолдоштору да
имериле түштү.
- Чоңдор! Артыман жүргүлө, калганыңар аркаңарды карабай
чапкыла! - деди да, Нарбото алты жолдошун артына салып, ач
айкырык салган бойдон калмакты кайра беттеди.
Кыргыздар менен куугун калмак кайра чабышты. Күүсү менен
келген Нарбото калмактын зорсунганын беттеп барып, күрсү менен
баштан аяк бир салды. Имериле калып, дагы бирин жайлады.
Күрсүсүн кезеп, «силерден келгенди көрөйүн» деп, чимирилип турду.
Колу бошой түштү. Жолдоштору төбөлөшүп жатканда Нарбото
өлгөн кыргызды көздөй чаап барып, атынан ыргып түштү. Шериги
жатат жер жазданып, эки колу эки жакка ыргып, эки аягы суналып.
Басып жүргөнүндө чакан эле көрүнчү неме, эми чалкасынан түшүп
дардаят. Байкаса, өңөрө алчудай эмес, өңөргөн күнү да алыска алып
кете алчудай эмес. Бирок, карап туруп кантип калтырат? “Энесине
эмне дейм? Эл-журттун бетин кантип карайм?” деп кабыргасы
кайышты. “Сөзгө сөлтүк болгуча, сөөгүң ала качайын” деп, арына
келди. Атын качырып албаска чылбырын узун тиштеп, жалкуйруктан өрүлгөн кыл чылбырдын учун тиштеп, чөгөлөй отурду.
Койнунан канжарын сууруп чыгып, өлүп жаткан шеригинин
үстүндөгү кийимин эндейинен айрып, сан-сан кылып сыйрып алды.
Өлүк жылаңач калды.
Жүрөгүң тоодой баатыр болсоң да, кишини союш кишини
өлтүрүштөн кыйын экен, жанале жайнатып көзүн көргөн, эмеле
ийиндеш-табакташ жүргөн шеригиңдин өлүгүн мына минтип союу ажалын тилеп алдыңа келген жоону төбөгө бир уруп, жыгып өлтүрүш
эмес экен... «Жоого сөөк калтырчу эмес!» дегенди далай уккан
Нарбото жакшы эле арданганы менен сөөккө келгенде көз
ирмемге дапкаарып калды. Жүрөгүн токтотту да жүүнүн бошотуп
албаска чымырканды. Ичинен «үх!» деп ычкынып, кулачын керип,
канжарын карын тушка матыраарда кыл чылбырды кыя тиштеп алды
көрүнөт...
Жалаңдаган канжарын бир шилеп, өлүктүн кардын жарды. Кан
жая берди оргуштап. Канжарынын мизин карчыга тушка тартты.
Эки шилеп ичеги-кардын аралаштыра аңтарып салды. Канжарын
алкымына чейин сойлотуп, копшоду. Анан каруусун батырып, өпкөжүрөгүн кабынан булкуп алды, кызыл өңгөчү менен чогуу жулкуп
алды.
Күрөө тамырдан түтүктөп аткан ысык кан жүзүнө бүркүлдү.
Көзү канга желимдей жабышып, таноосу жармашат. Кетмендей
алаканы менен ылдый шыпырып, аарчый бергенде, жаак ылдый тер
аралаш аккан кандын кыйгыл даамы оозуна урунду... «Бү!» деп,
ууртун кыйшайта түкүрүк аралаш бүркүп койду. Канжарын кайра
шилеп, карчытын тилди, кайыштыра кармап, кабыргасын сөктү.
Жоон санын жарып, жилигин жиктеп алды. Шадылуу колдору
шашкалактап, канжарын каршы-терши шилейт. Тегерегин кызыл
жаян кан каптап, тулаңдуу көк жайык кырмызы жайык түстөнүп,
көк тулаңдуу теребел кызыл түскө оронуп баратты. Ысык кандын
шүүдүрүм аралаш бууланып чыккан жытына масайып, эңгиреп
баратты эле, башы салаңдап баратты эле, “эй!” деген үндөн эсине
келди. Үстүнө келген калмакты жигиттер сүрүп кеткенин байкады.
Туяктары жерди ойгон аттарын алчылантып, калмак жана бир ирет
үстүнө уюлгуп, бул ирет чукул келди эле, аты октос бергенде, кыл
чылбыр тиштеген каалгадай кашка тиштери омкорулуп кала
жаздады. Жигиттер жана бир ирет сүрүп кетишти калмакты.
Калмак жакындаган жокпу деп, эки жагына элтеңдеген
Нарбото ашыгып жатты. Этинен сөөктү кыра ажыратты, сөөктү
сөөктөн ажыратты. Омурткасын омкоруп, сөөктү бел тушунан
эки бүктөдү да сороңдогон башын жулкулдатып атып кесип алды.
Канжыгадагы төө чаначты сол колу менен бир чапчып
илип, булкуп жайды да бөлөк-салак сөөктү ныгырды ичине.
Ныгырып болуп, үстүнө башты батырды да атка секирип
минип, чаначты эңип алды. Бөктөрүнгөн бойдон чү койду. Чаап
баратып, кыйкырды:
- Качкыла эле качкыла! Таштагыла жылкыны, жаныңарды
ала качкыла!
Шериктери “Нарбото айтты, аттиң!” деп, өрдөш алган
жылкыны айла жоктон ташташып, айтып качкан Нарботонун
артынан коштоп чабышты. Калмактар куумуш этип, жылкыны
кайрып алганына ыраазы артта калды.
Алдыга чапкандар итабар жерге кетиптир, жерге жарык толук
кирген маалда орустун чеги деген ченден кууп жетишти. Жемин
оозунан жулдурган бөрүлөрдөй жортуп, жолу болбогон
барымтачылар аттарды кара терге бастырып, белди кайра ашып,
коктулап из жашырышты. Карагай-черди аралап кирип, карагайдын
таңына барып тыгылышты. Өргүүгө токтошту.
Чаалыккан, айрымдарынын башы-көздөрү айрылып, үстүбаштары кан. Биринин жарасы оор. Айдалыга найза жеген жаралуу
жигит ээринин кашына араң жармашып, шыпырылып калаарда
жолдоштору алып түштү. Анысы оор онтойт. Санын аткып айкырган
Нарбото атынын башын тартып, туурасынан тура калды.
Чанач бөктөрүнгөн Нарботонун сөөктү ала качканын чоңдор
билет. Уландар туйган жок.
- Шордуунун сөөгүн калмактын колунан жулуп алдым!? Сөөгү
калмак талаада, шоруң каткырдын! - деп айкырды жүзү-башы,
көкүрөгү канга чыланган Нарбото.
Айкырса уккан кишинин каңырыгы түтөйт. Бир кишибизден
айрылдык деп кабактары салыңкы тартты баарынын.
Уландар ошондо түшүндү иштин жөнүн. Кечээ эле чогуу
аттанып, жылкыга чогуу тийген кыргыздын эти талаада калып,
бөлөк-салак болгон сөөгү чанач менен келгенин. Оруска чыгым
төлөй берип, мал жандан азып кеттик, ачкалыктан өлгөнчө ата
салтына салып жылкы тийели деп аттанган топ кыргыздын бири жок
минтип. Жылкы тийген кызык көрүндү эле, жылкылардын дүбүртү
башка дүйнөнү элестетти эле, азыр аны бири жок, жүүндөрү бошоп,
бүшүркөп калышты.
Беш-алты кыргыз үн-сөз катпай жетип, бири Нарботонун
алдындагы айгырды тизгиндеп, калгандары алдынан канга боелгон
чаначты аярлап алып түштү.
- Аңырайып оозуңду ачпай, атты карма! – деп бакырды
барымтачылардын бири. Өң-алеттен кетип, көздөрү алайган Мукай
ошондо эсине келди, чыйралып Нарботонун атын чылбырдан алды.
- Окутабыз деп жүрүп, балабызды бузуп алыптырбыз! барымтачы ат кармаган Мукайды каарып өттү. “Мунуң энөө киши
уга турган сөз эмеспи, эмнем бузулуп?” деди Мукай ичинен. “Сен
болбосоң өлбөйт болчу дегени го” деп түшүнүп, айласыз унчукпай
турду.
Чаначтын оозу чала жабылган. Мукай чала жабылган чаначтан
кишинин эттен жаңы ажыратылган, каны сарыга элек сөөктөрүн,
каркайган карбыргаларын көрдү. Баягы өздөрү менен кошо аттанган,
“атым начар” деп наалыган, өңү тааныш кыргыздын канга боелгон
башы жүрөт! «Тоонун кыры кытай менен кыргыздын чеги» деп,
«далай жер кыргыздан кетти» деп кейиген барымтачынын канжалаган
башы! Бел этектеп, ат чалдырып турганда ашам эт эңсеп, каркыттагы
күлазыктын жугун шыргалаң сууга чайкап жутам деп, чыкыйын
какшатып алды эле, бечара. Денеси бөлөк-салак болуп, чаначка
тыгылганы эле болбосо, көзү сүзүлүп, чала жабылганы эле болбосо,
мойнунан кыйылып, канга боелуп турганы эле болбосо, бети
чаначтан бери караган баш дале тааныш. Тулкусу жок тааныш
маңдайды, жазы маңдайды көргөндө Мукайдын тула бою дүркүрөп,
жүрөгү опкоолжуп барып токтоду.
III
Демейде, улуктар далыга таптаса кудуреттүү алакандын ысык
табы өткөндөй ичинен жымыйып, көксөткөн чени ыйыгына
жабышкандан бетер корстон болуп калчу Камбар болуш бул жолу
приставдын үйүнөн жүрөгү түпөйүл чыкты. Кабагынан билдирбегени
менен ичинен “кап!” деп сызылып, “өңгө жерди берсем да,
Бетегелүү-Чоңташты колдон чыгарбасам болот эле” деп өкүндү.
Бастырманын бел кырчоодон келген жыгач тосмосун таянып, таштан
төшөлгөн тепкичтерине аяктарын аяр таштай түшүп келатып,
приставдын алдында, аны коштогон тилмечинин алдында сыр
алдырбайт. Баятан сыртта күтүнүп, чочкочу орустун короосу жактан
урган сасык жытка саруулап, араң чыдап турушкан жигиттери менен
жалаң тон кыргыздардын көзүнчө өзүн токтоо кармап, салабатынан
жанбайт.
Короонун бурчундагы дүпүйгөн бактын көлөкөсүндө аткөлүктөрүн даяр кармап, болушунун чыгаар жагын зарыга караган
кыргыздар Камбар болушту байлоодогу атына чейин узатып чыккан
приставдын карааны көрүнгөндө “копкула!” деп кыйкырып,
ордуларынан тура калышты. Бөрктөрүн шыпырып, колдорун
боорлоруна кысып, баштарын ылдый салды. “Жарайт!” деди пристав.
Кыргыздар бөрктөрүн кийе сала, аттанууга ашыкты. Атчы жигит
карагердин басмайылын тартып, болушунун алдына тарткычакты,
колтугунан сүйөп, атказгычакты пристав тилмечи экөө тикесинен
турушуп, “көрүшкөнчө, Камбар-мырза!”
деп кол булгалашты.
Билегине камчысынын кайыш боосу имерилген оң колун бооруна
алып, Камбар болуш “көрүшкөнчө, биристаб-бай! Сый-урматыңыз
үчүн кулдугум бар! Үлкөн ыракмат!” деп жүгүндү. Атын теминип,
алдыга түштү.
“Биристаб улук башын кичик кылып, болушту
ызаатка ченебей бөлөдү” деген ойдо калган кыргыздар артынан
ээрчишти. “Сый көргөнүм болдубу же кысым жегеним болдубу?”
деп Камбар болуш барат желдирип. Приставдын үйүндө эмеле
көргөн-укканын кайра бир сыйра эстеди. Болуштун жүрөгүн өйүгөн
окуянын төркүнү мындай эле.
Урушка деп элден жыйылган таңык-таңык алманды, айылдын
катын-калачы “өзүбүз уруна элек оокат, өлүгүңдү!” деп, орусту
каргап-шилеп жатып араң берген кийиз-шырдактарды, эркектерибиз
кийинсе деп ултарышкан тери тон, жылкынын куйрукжалынан өрүлгөн кыл аркан, жип-шуудан бери ат-төөгө артынып
келип, салыкчы оруска өз колу менен тапшырып болгон соң, Камбар
болуш приставдын үйүнө кирген.
- Жакши, киргиз, жакши! Добрый день. Рад Вас видеть,
Камбар-мирза! - деп, пристав эшигин ачып, алаканын жайып,
“кириңиз” деген ишаара жасаса, анысы болушка эңилип эшик
ачкандай туюлган.
Тилмечи кыргыз жигит эле, тили безеленип, которуп жатты.
Адегенде, кыргызча жайылган, даам толтура дасторконго отурушуп,
ал-жайды сурашты.
Сары жезден куюлган «самоор» дегени болот орустун,
чоргоосунан чай куюлуп жатканда кернейинде кызыл чогу калануу
болот. Ошондой самоордон чай сунулду. Чайга кошуп, бал сунулду.
“Тоонун балы, мынабул эле өзүбүздүн Талды-Булактын ичине
отурган орустар тарткан бал, ооз тийип көрсөңүз!” деп тилмечи кошо
жебирегенден, Камбар болуш калай кашыктын башына илип,
даамдап көрдү. “Жакшы экен!” деп мактады. Илгери, бал челекчилер
коно электен мурун, кыргыздар жайлачуда Талды- Булактын кымызы
макталчу эле, «кабыргасы майлуу жер» делчү эле,
ошону эстеди. “Самагон” деген арак тартат орусуң, шишедей
жумуру айнек идишке куюп, пристав андан сунду. Камбар болуш
самагонун бир ууртап, кулгуп жибере жаздады.
- Сапсаңке экен десе, кулгутма турбайбы, - деп идишин
кийин койду.
- Камбар мырза, мен бир олуттуу маселени Сиз менен
кеңешип-танашып алайын, - деди пристав чай ортолоп калганда.
Тилмеч которду. Камбар карап калды.
- Өтө олуттуу маселе!
Орустун көзүн тиктегени менен сөзүн түшүнбөй, “олуттуу
маселе” дегенди укканда Камбар болуш карып кейиптенип,
тилмечтин оозун карайт. Пристав сүйлөп жатканда караган болот,
тилмеч сүйлөгөндө көзүн жалт буруп, жалдырайт.
- Улуу урматтуу падышанын буйругуна ылайык ээн жаткан
казыналык жерлерден кестирип, хутор түшүрүү чарасы бар.
Тилмеч которду. Камбар кайра сурады.
- Кутор дейби?
- Ооба, ооба, хутор түшүрүүгө жер кестирилгени жатат.
- Кайсы жер экен?
- Бетегелүү-Чоңташтын оозуна хутор түшөт.
Камбар болуш чоочуп кетти. Өзгө жерди сураса да БетегелүүЧоңташты сурайт деген үч уктаса түшкө кирбеген жорук. Көзү
алайды. “Кокуй, Бетегелүү-Чоңташты бергенибиз жаныбызды
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Мисмилдирик - 02
  • Büleklär
  • Мисмилдирик - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3741
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2297
    26.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3810
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2108
    28.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3754
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2272
    25.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3687
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2143
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3825
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2217
    28.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3823
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2225
    26.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3847
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2152
    28.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3753
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2295
    26.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3723
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2253
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3776
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2179
    26.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3632
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2366
    23.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    33.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3718
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2244
    24.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    34.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3724
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2369
    25.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3764
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2244
    25.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Мисмилдирик - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 2450
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1530
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.