Latin

Карамолдонун Күүлөрү - 1

Süzlärneñ gomumi sanı 3876
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2150
27.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
39.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Бир убактарда Кырмам университетте окуп жүргөн маалымда Карамолдонун
үйүндө жашап калдым. Анын туугандык жайы да бар эле. Ал киши бизге
жезде боло турган. Өзүм комуз чертпесем деле, эртең менен керээли кечке,
төрдө кара саксак көлдөлөңдө малдашын жазбай отуруп алып, комуз черткен
улуу музыканттын күүлөрүн талбай укчумун. Ал киши бир орундан козголуп
да койчу эмес. Топучан, тебетейин жанына чалкасынан коюп, комузун күүлөп
ойлуу отурган жездемдин элеси азыр деле көз алдыман кетпейт. Күнүгө угуп
жүрсөм деле черткен күүлөрүн чарчабай чаалыкпай кайрадан-кайра укчумун.
Карамолдо жаш-кары дебей, элдин суроолорун канааттандырган киши эле.
Күүлөрүн угабыз деп үйгө не бир залкарлар келчү. Атасам Алымкул,
Осмонкул, Саякбай жана Райкан, Мыскал, Бүбүсайралар айтор баары эле
келишип, өзүлөрү да аңгеме куруп беришчү. Комузчулардан Ыбрай, Чалагыз,
Шекербектер көп каттай турган.
Булар да күүлөрүн угуп өзүлөрү да комуз чертип беришчү. Дем алыш күндөрү
ким келбесин керээли кечке күү угуп анан кетишчү. Комуз үйрөнөбүз деп,
республиканын булуң бурчтарынан, комузга шыктуу жаштар каттаган. Атайын
комуз үйрөнөм деп 16 жаштагы бала Оштон пойуз менен келиптир деп Болуш
Мадазимовдун атын атаганын кулагым чалганы бар.
Карамолдо өзү жайыл дасторкон, меймандос, адамды кадырлаган киши
болгон. Меймандар алгач согум союлган маалда көп чакырылуучу, алардын
басымдуу көпчүлүгү искусствонун адамдары болоор эле. Карамолдо кичи
пейил сылык, көп сүйлөбөгөн бир мүнөз, салабаттуу, салмактуу, өзүн оор
басырык кармаган, ойчул, бирөөнүн сөзүн дитин коюп уккан, ошондо да
комуз колдо кыңгырап сүйлөгөн кишини коштоп маашырланып укчу.
Карамолдо комуз черткенден жадабаган мээнеткеч деп айтпадымбы, өзү өтө
аракетчил, тынымсыз иштеген кишини да урматтар эле. Мен анын үйүндө
тарбияланып жүргөндө Карамолдо улуу инсан кайталангыс кубулуш экенин
жакшы түшүнчүмүн. Ошондуктан жездемдин баскан турганы кыймыл
аракетин, бирөөлөр менен аңгемелешкенде жасаган мамилесине көз салып
өзүмчө байкоо жүргүзчүмүн. Ал кезде сын алгы дегендин дайыны жок, эрмек
жалгыз үн алгы. Ак калайдан жасалган аппараттар борбор калаабыздын
көчөлөрүнүн кесилишкен бурчтарында зым карагайлардын чокусунда таң
аткандан баштап, түн бир убакытка чейин үнүн жаңыртып турчу. Уктурулган
концертте Карамолдонун атын жана анын күүлөрүн бир нече жолу угууга
туура келчү. Карамолдонун эмгеги жогору бааланып ордендер менен
сыйланган жана ошол жылдары Жогорку Советке депутаттыкка шайланган.
-Ошентип Карамолдону түшүнүүгө, ичимен жалпылап корутунду чыгарууга
аракет кылчумун. Эшиктен киргенде эле, көзгө биринчи комузу, ойноп
олтурган анын колдору урунчу. Манжалары башка музыканттардыкындай
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
ичке узун эмес, барбайып жоон кыскараак жана кубаттуу, жоон бармактары
менен ичке кылдын экөөң, ал түгүл үчөөң кошоктоп кантип басып албайт,
аларды кандайча кылдат басат деп да таңданып ойлочумун. Комузду
черткенге карандай эле күч керек, бармак манжалар балбан болуу керек,
ичке узун манжалар менен жанагы пианино дегенди жакшы ойнойт дечү. Эс
алып үйдүн ичинде же эшикте, короодо ары-бери басып жүргөндө, дайыма
колдорун, алаканын, манжалардын түптөрүн ушалап массаж жасачу экен, аны
кийин түшүндүм,
Үйдөгу балдары Гүлсүн, Искенбай азда болсо комуз чертишчү. Уулу Сабыр
чоң комузчу, Мураталы Курөнкеев атындагы музыкалык окуу жайында окуп
адис музыкант болуп жүргөн. Карамолдо бул окуу жайга комуздан сабак
берчү.
Кичинекей Гүлсүндү атасынан комуз үйрөнүп профессионал болушун, мен
тымызын тилээр элем, оюмду жездеме ачык айтканым да бар. Айдын нуру
төгүлгөн сахнада Гүлсүн Карамолдоева - Карамолдонун куүлөрүн аткарып,
элдин алкышын алып турса жаманбы деген жүйөлөрдү келтирчүмүн.
Бир күнү мага комуз үйрөтчү деп кыйнадым. Жүккө жөлөнүп турган комузду
көрсөтүп: «Чертип көрчү» - деди. Алып эле кулагын толгоого кириштим.
-Чүүш! Кулагына тийбе бузуп койосуң, даяр комуз черте бер,
- Кандайча чертем бармак-манжаларды каякка коюшум керек?
Айтканын айткандай шартылдаттым. Кайнаса каны күүгө жакындабаган
добуштарды айда даңкылдаттым. Жездем шылдың кылып күлөбү десем
күлгөн жок, тескерисинче ары-бери баса менин «күүлөрүмдү» тыңшайт.
Колдоруман, манжаларыман көзүн албайт. Бир топко чейин черттим,
аягында: «Комуздун башын оорутпай ордуна жөлөп кой! Сенден комузчу
чыкпайт, сен комуздун күүсүн ынтызар укканга жаралгансың, ошол эле сага
чоң олжо» - деген.
Ошондон кийин жүктө жөлөнүп турган комузунун жанына экинчи басып
барганым жок.
... Ал киши куйкум сөздү, тамашага чалдырып кычыткы сүйлөгөн кишини, артүрдүү күлкүлүү болмуштарды жакшы көрчү. Жездемдердин уругу Чоң чарык
тукумунан болот экен. Анын уламышын бир күнү өзү айтып берди.
- Айылда бирөөлөр той берип калат, келген кишилер эшиктин алдына
кепичтерин чечип төргө өтүшөт. Аксакалдар салабаттуу сөздөн кеп козгошот,
Ошолордун арасында биз сөз кыла турган киши да болот. Ал дагы эл катары
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
чарыгын чечип, төрдөгү аксакалдардын катарына отурат. Буту ушунчалык
кетмендей чоң экен, чарыгын көргөндөр мыйыгынан күлүшөт.
Аңгыча бир аял улагымды жоготтум деп, чырылдап айыл арасында өйдөтөмөн жүгүрүп жүрөт имиш. Айылдын булуң, бурчтарын канчалык
аңтарбасын, аял чаалыгып-чарчап бүтсө да улагы эч жерде көрүнбөйт. Көрсө
улагы эшиктин алдындагы чечилген чарыктын ичинде эле, болгондо да бир
бурчунда кепшеп жаткан имиш. Ошондон кийин өз аты калып «Чоң
чарык1 атакка өткөн экен». Муну мага үйрөтүп коюп, эл жыйналып, сөз кезеги
келгенде ушуну айтып бересиң деп шыкактайт. Муну уламышка өз оюмдан
«мурчу» бар сөздөрдү кошуп, кырааты менен айтып берер элем. Эл дуу күлсө
жездем да ыкшып атып көзүнөн жаш чыкканча күлчү.
- Ээ! айланайын Бике! Жездеңдин чоң-чарык экенин кайталап койчу, деп
Чалагыз күлөт. А киши мени жакшы тааный турган.
- Оо! - Атаны арман каран күн!
Кокуй наалат шордуу түн!
Жездең эч кереке жарабаган эле Чоң чарык ботом! - деп Саякбай Манастын
обонуна салып ха-ха-ха,лап күлүшөөр эле.
... Сабак даярдап отуруп жедеп чарчаганда эшикке чыксам жездем отун
жарып, кичине отургучта отуруптур, байбичеси жанында турат. Колунан
балтаны алып, отун дегенди, отургучка отуруп алып бапестебей эле, минтип
күрсө-күрсө. тарса-тарса чаап эле жарып салат. Деп кыйын киши болуп отун
жарганга кириштим. Бирок менин далалат-аракетимден аз натыйжа чыгып
атты.



Келе балтаны отун жарганды да билбейсиң.
Карап тур! - деп салмак менен балтаны шилтеп койсо эле,
бутактуу дөңгөч жарылып түшөт. Анан мени шылдың, маанилүү
көздүн тикеси менен карап коёт.
А, мен жарсам эле көп аракеттерди талап кылат.
Чүүш! Эй отунду жарганга да акыл керек мындай чап, тигиндей
чап деп көрсөтмө берет.
Чоң чарыктын акылы, отун жарганга эле жетет, андан башка
акылың эмнеге жетмек эле! - деп отунду күрсүлдөтө кирем.
Жездем эмнегедир унчукбай калган, кылчайып карасам менин сөзүмө күлүп
атып отургучта кыйшайып калыптыр. А киши күлгөндө каткырып күлбөстөн,
түнт мүнөзү жоюлуп, кыткылыктай күлүп жүзү жадырап жайнап турчу. Мына
ушундай окуялардан кийин жездем кычкыл, куйкум сөздү жанындай
жактыраарын түшүнгөм.
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
Мен сабакка тыкан даярданчумун, китеп окугандан тажачу эмесмин. Сабакка
эрте кетип лекциялардан кийин окуу залдарында, китепканаларда болуп
кээде түнкү саат он бирде келчүмүн. Мен кайсы убакта келбейин жездем үйбүлөсүн жаткырып коюп, мешке отундан көбүрөөк салып, кып-кызыл памир
чайдан ууртап, мени күтүп отурганы, отурган. Тамакты жылытып менин
курсагымды тойгузуп, эми бир чыны чайды үстүнөн бастырып кой деп, анан
экөөбүз көпкө сүйлөшүп бир мезгилде жатчубуз. Окууга болгон мамилемди
көбүрөөк жактырчу жана мени жакшы көрө турган. Маянасы тийген күндөрү
далай жолу филармонияга ээрчишип барчубуз. Атактуу артисттерди,
акындар, жазуучуларды ошол жайда жакындан таң калуу менен көргөнмүн.
... Молдокенин күүлөрүнүн тарыхы мони аябай кызыктырды. Жаш кары дебей,
кыргыз журтчулугу Карамолдону атынан Айтбай Молдоке деп кайрылышчу.
Бир күнү ар-бир күүнү кандай себептер менен жаралганын сурап калдым
жездем күүнүн жаралыш тарыхын сүрөттөп берди. Ошол кезде
мүмкүнчүлүгүмө жараша күүлөрүнүн жаралышын жазып жүрдүм. Бүткөндөн
кийин өзү алып барып машинкага бастырып келди. Жыйырма беттин ар жак,
бер жагында. Окуп көрсөм карапайым супсак чыгыптыр.
Университетти бүтөөр менен жолдомого жараша алыска иштегени кеттим.
Сыртта бир топ жүрүп, көп жылдан кийин келип сурасам, кол жазманы үйбүлөсү кимге бергенин билбейт. Бирок бирөөң Балбай Алагушовка бергенбиз
дешти. Балбай Карамолдого жээн
экен.
Балбай кол жазманы пайдаланып комуздун тарыхынан балдардын журналына
чыгарганын учкай окуп калганым бар.
Эми ошол комуздун жаралыш тарыхы жана «Сынган бугу», «Кайтып черт»
жана «Ибарат» күүлөрүнүн жаралышын Карамолдо Орозовдун өз оозунан
укканыман эсте калганда
Карамолдо Орозовдун айтуусу боюнча илгери бир замандарда Камбар деген
хан өткөн экен. Ал өзү ар нерсеге ышкыбоз. Ыр чыгарган. Ырдагандарды
жакшы көргөн, өзү дагы ченемсиз өнөрпоз адам болот. Бир күнү жигиттерин
чакырып: «Төрт тарапка аттангыла. Кайсы жерден жанга жагымдуу добуш
уксаңар абайлап байкап мага толугу менен айтып келгиле» - деп жөнөтөт.
Бир жигити күндөп-түндөп жүрүп отуруп. калың токой, чер ичин аралап,
чарчап чаалыккан неме жатып калат. Ойгонуп, ар тарапты баамдап тыңшап
жатса жанга жагымдуу бир доош чыгат. Ал таң азандагы желге термелип,
кыңгырап кулакка алда немедей угулуп турат. Муну көпкө тыңшаган жигит
ордунан козголуп үн чыккан жакка барса доош карагайдын башынан
чыккансыйт. Байкап көрсө чагылган тийип карагайдын чоку бутактарын
сындырып кеткен. Сынган бутактардын баштары жараңкаларга айланып
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
кургап учтуу курч болуп калган экен, бир бутактан экинчи бутакка секирем
деген маймылдын ичи жараңкага тилинип, ичегиси бутактарга керилип кургап
калган имиш. Ошол желге термелип кыңгырап жагымдуу доош чыгарып
турат. Көпкө чейин байкап тыңшаган жигит: «Канча күн, канча түн жол
жүрдүм. Жамгырдын дыбыраганы, дарактын шуудураганы, аккан суунун
шарпы менен не бир ажайып шаркыратмалардын үндөрү, шамал желдин
ышкырыктары кулакка чоочун угулбаганы менен, жагымдуулугу жагынан тиги
карагайдын бутагындагы ичегинин үнүнөн ашып түшпөсө керек» - дейт да
ошол жерден кайра аттанып, ханына көрүп билгендерин төкпөй-чачбай айтып
берет. Камбархан карагайдын кургаган ийри бутагын алдырып, эки учуна
жалгыз ичеги тарттырып өйдө төмөн чертип көрсө чыккан доош өзүнө жаккан
дейт. Камбар бир кыл менен күү чыгарган имиш.
. Ошондон тартып күүнүн башы камбаркан аталыптыр деп айтчу эле
жарыктык,
...Илгери, тиги көлдүк бугулардан бир шайыр жигит чыккан экен. Ал ит
агытып, куш салууга аябай ынтызар. Комузду ойдогудай чертип, жакшы атты
жабдыгы менен минчү экен - Өзгөчө күлүк аттарды, жорголорду жактырып,
аларды көргөндө ак эткенден, так этчү. Ошол мезгилде дубанды бузган
алдына ат салбаган бир күлүк чыгат. Жайды жайлата биринчи байгени эч бир
жанга алдырбайт. Мына ушул атка кызыккан жигит, бойго жеткен жалгыз
кызын башма-баш айырбаштап жиберет. Ат жигиттин колуна келгенден кийин
зоругуп кеткен экен, көп узабай өлүп калат. Бугулук жигит мына ушинтип
сынат жана арман кылып күү чыгарат. Ал күү бир-эки эле кайрыктан турчу.
Эл дайым эле арман күүнү уккусу келбейт. Ошондуктан аны оңдоп, түздөп,
уккулуктуу кылып чертиш керек. Аны улал-курап узартып мен чертип жүрөм.
Бир күүнү чыгарыш үчүн, аны улам такшалдырып алымча-кошумчалап жана
жылмалап эми бышты, болду го дегичекти 20-25 жыл өтүп кетет.
Күү ошентип жаралат, - деген эле.
Жайдын толуп турган кези. Эл жайлоодо. Эртең баланча байдын көчү конуш
жаңыртып, түкүнчө жерге конот экен деген каңшаар жайлоодогуларга
чагылгандай тез тарады. Эл аңыз кылган, айтылуу бай эле. Жакында
дүйнөдөн кайткан. «Кыркын» өткөргөндөн кийин журт жаңыртып башка
жерге көчкөнү жатышкан. Анда мен тай минген балдарга кошулуп, өйдө
төмөн чапкылап жүргөн бала чагым. Эртеси улуу шашкеде көч келайтат,
тээтетиги жогорку тумшуктан чыгат экен дешип, адамдар серепчилеп
колдорун маңдайларына жөлөп ошол тараптан көз албайт.
Бир топ, тай минген балдар менен жарышып көч алдынан тозо чыктык. Көч
көрүнбөгөндөн кийин, тайлар бир аз эс алып бели суусун деп жайлоонун
бетегесине оонай кеттик. Жайлоонун керимсели бетти аймалап көңүл
сергийт. Шырп эткен добушка кулак төшөп, тыңшап жатсам, алда кайдан
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
укмуштуудай бир үндү жел айдап жеткиргендей болду, Тим эле алда немедей
үн. Тиштеген бир тал чөптү ооздон албай ошол үндү аңдып, көмкөрөмдөн
түшкөн боюнча жатып калыптырмын. Балдар көч карааны көрүнгөндө эле
тайларына минишип, утурлап өргө чапкылап кетишиптир, аларга деле көңүл
бурбаптырмын. Тайдын ноктосун колдон чыгарбай бекем кармап керемет үнгө
кулак төшөйм.
Бирде жалгыз, бирде ал үндү коштогон көптөгөн үн. Жел үндөрдү желпинте
жеткирет, жел үзүлсө үзүлүп, көч жакындаган сайын шаңдуу угула баштады.
Турмушта мындай ыргактарды жолуктура албайсың. Бул мага угулган керемет
үндөр жомоктогудай.
Ал кезде сөөк чыккан үй-бүлө конуш жаңыртып, көчкөндө бойго жеткен
кыздары жана аялдары үн чыгарып, ыйлап кошуп көчүшчү.
Алдыда төө жетелеген бойго жеткен кыздар, мингендери күмүш жабдык
шарактаган жорго же базыгы мыкты аттар, аялдардыкы да жетелегендери
бирден төө. Кошокчулардын төөлөрү жеңил желпи жүктөлүп, жүктүн үстүнө
килем-килчелер, шырдактар өңүнөн жабылып, көз жоосун алчу. Кыздар, анан
келиндер, аялдар болуп кыркалай чубашып жүрчү. Кошокчуларга жылкынын
кишенегени, койлордун маараганы, төөнүн боздогону, төрттүлүктүн доошу
кошул-ташыл болуп кетчү. Тиги ыраматылык, атактуу бай болгондуктан,
шаан-шөкөттү көбөйтүп, атын дагы бир жолу даңазалап, көчүп аткан тура.
Балалык, ээрчиген тунук сезим, көчтүн үнүн ого бетер кыял чабытта кабыл
алып комуздун үч кылына ылайыгы менен илинтип, күүгө которуп турду.
Кайтып үйгө баргычакты, андан кийин деле бул керемет үндөрдү унута алган
жокмун. Кулагыма жуккан боюнча калды. Кайсы бир күндөрү. комузга салып
көрсөм күүгө тартыла баштады.
Жаш кезимде эргип чыгарган бул майрам күүмдү жаштарга ибарат болсун
деген тилек менен, кийин атын «Ибарат»1 койдум деген эле.
... Айылдагылар койлорун кошуп кесүүлөшүп кайтарышчу.
Бир күнү ат минип кой жайып жүргөн жеримен, анда 15-16га барып калган
курагым, айыл аксакалыбыз менин ордума бала жиберип алдыртып келди
Эртең сен биз менен Көк-Мойнокко ашка барасың. Ал жерге Мураталы чоң
комузчу келет экен. Сени тааныштырып, ага сынатам, камынгын деп үйгө коё
берди.
Эртеси эртелеп жыйырма чакты киши менен аттанып кеттик. Көк-Мойноко
жетип калдык деп бараткандар кобурап калышты, Ангычакты айылдан бир
жигит чабагандап тозо келип салам айта: Силер кимсиңер, каяктан келе
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
жатасыңар, аксакалыңардын аты ким деп, кабар алып, кайра атын
таскактаткан боюнча айлына кетти.
Балыкчы тараптан баратканда суунун аркы өйүзүндө жумурткадай көп боз
үйлөр тигилген. Желе мамыларда ээр-токумчан аттар, котологон кишилер.
Айылга бир чакырымча калганда эле комуз үнү шаңкылдап угула баштады.
Добуш оболоп бийик чыккандыктан, ушундай да үндүү комуз болот экен ээ деп, таң калып коём, күүгө алаксып атчандардан улам артта калам. Ой,
бастыр биз менен катар жүр дейт. Айылга кирип бардык, баягы комуз дагы
эле таңшып атат.
Бул үйгө түшөсүңөр деп ат алгандар бизге арналган өргөөгө киргизе
баштады. Биздин аксакалыбыз Мураталы келдиби деп сурап калды.


Келди, тээтиги үйдө деп жаңсап көрсөтүштү.
Капырай мага бир чакырымдай жерден угулган комуз күүсү,
буларга эмне угулган жокпу деп, ичимен таң калып коём. Жок,
сүйлөшүп келатып, алагды болуп, комуз үнүн укпай калышса
керек деген оюм бүтө электе:
Жүрү мени менен деп, ээрчитип жөнөдү, боз үйдүн эшик
жабуусун бирөөлөр көтөрүп ачты эле салам айтып кирип
бардык. Үйдө толтура эл. Төрдө кырктардын кырына барып
калган кара мурут жигит комуз чертип отурат. Комузу
карагайдан чабылыптыр, узундугу кере кулач. Мени эрчитип
барган киши Мураталы менен кучакташып көрүштү. Эскиден
тааныш экен жанына отурду. Мураталы жана да бир күүнү
чертти.
- Муке! Баягы мен айткан комузчу баламды ала келдим, Сынап көр, Эгерде
керекке жарай турган болсо, күүлөрүңөн үйрөт, сени сагынганда черттирип
эрмек кылып жүрөлү деп сөзгө салды.
Мукем, улагадагы мен тарапты ормоюп карап отурат.
- Кана, анда мобул күүну угуп көрчү деп, мага карап комуздун кулагын
толгой баштады. Кеткен жерден эле камбаркандан кетти.
Күү шартылдап чертилип бүттү, Ушуну кайрып көрчү иним деп мен жакка көз
салды. Мени алып келген аксакал, өзү комузга ышкыбоз киши эле, мага
өрүктөн комуз чаптырып берген. Ошону белимден чечип, кулагын толгой
баштадым эле, коё турчу комузуңдун үнү пас экен, менин комузум менен
чертип көр деп, чертилген күүгө ылайыкталып бураган даяр комузун сунду.
Алып чертип көрсөм, айланайын кудай, үнү тим эле асманга көкөлөйт. Сол
колуңду кичине жогору жылдыр деп мага көрсөтмө берип коёт. Колумду
айтканындай кичине жылдырсам, Мукем черткен күүгө шак эле келе түшкөнү.
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
Тердеп кеткен экенмин, эки көздү бек жумуп туруп: Бар береке тап деп,
Мукемдин күүсүн ойноп жибердим. Күү бүтүп басылгандан кийин отургандар
бул күүнү мурун үйрөнүп алган тура, башкасын черттирип көр дешип
Мураталыга карашат. Мукем үнсүз сөзсүз ойлуу отурат. Комузун кайра алып
дагы бир күүнү чертти да, жана мен тарапка комузун узатты. Мен так өзүндөй
таза, кыйналбай кайталап аткардым. Отургандар «бали» деп мени сүрөп
коюшат. Мукем тунжурайт. Дагы бир күүнү жылдырды аны да чертип кеттим.
Күү чертилип бүткөндө, эл сүрөп комузду жакшы үйрөнүпсүң дешип кужулдап
көпкө отурган соң, «Иним күү чыгарып жүрөсүңбү?» - деп сурап калды.
Комузду жана кайра узатты.
Комузду толгой баштаганда эле Мукем ормоюп менин колдорума кадалып
калды. Күүмдү чертип бүттүм. Мукем күүмдү кайтып чертчи деп сураганда
күүмдү кайтып черттим.



Күүңдүн аты эмне деп сурап калды.
Күүмдүн аты жок жаңы чертип жүрөм:
Эмесе күүңдүн аты «Кайтып черт» болсун. Мындан кийин
күүлөрүңдү уккандарга биринчи «Кайтып чертти» аткарып жүр,
анан башка күүлөрүңдү черте бер.
Мукем көпчүлүккө жана мага кайрылып Карамолдо буюрса чоң комузчу
болуптур. Кыргызда, дубанга атагы чыкса менчелик болоор, менден ашкан
комузчу болбос деп ойлочумун. Ал эми Карамолдо менден ашкан комузчу
экен, атагы ааламга кетет. Жанагы мен черткен күүлөрдү Карамолдо биринчи
жолу угуп эле чертти, аларды мурун үйрөнгөн эмес. Карамолдо аман болсо
комуздан эч кимди алдына салбас. Мен бүгүндөн баштап комузду чертбейм,
комузду Карамолдого бердим - деп комузун мага сунду. Уккан кулагыма
ишенбей таңыркап калган экенмин. Сен мага карабай эле кой, комуздан
башка өнөрүм кыягым бар. Мындан ары мен кыякты гана тартам деп жүктүн
сол бурчунда жөлөнүп турган, кыл кыякты алып «Кер өзөндү»1 созолонтту.
Аш тараганча Мукем менен бирге жүрүп күүлөрүн үйрөндүм. Тарыхын да
алгач ошол кишиден уккам дечү эле. Кайран киши.
Мураталынын айтуусу боюнча Карамолдо кийин Кочкордогу Кудайбергенге
жана башкаларга жолугуп өнөрүн үйрөнгөн жана күүнүн тарыхын, дагы бир
жолу алардан уккан. Таалим тарбия алган.
Күүнүн башы Камбархан бабадан. Казахтар аны өркүндөтүп эки кылдуу
домбураны өнүктүрдү, Домбураны мыктылыкка чейин жеткирил, берене
тагып, нота менен үйрөнө турган абалга көтөрүштү, Түркмөндөр баба
Гамбардан эки кылдуу дутарды мурасдап аны, жогорку абалына чейин
өздөштүрүп чертип жүрүшөт. Кыргыздардын ышкыбоздору, таланттуу
өкүлдөрү, карагайдан комуз чаптырышып, үч кыл тагып бүгүнкү күнгө
жектиришти. Кечээ эле өткөн Атай Огонбаев комузга төрт кыл тагып чертчү
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
экен. Концерттерде эл аз чогулса үч кыл комузун черткен, эл көп келип калса
анда төрт кыл комузун чертчү.
***
Ортоазиялык исламда бакшылардын пайгамбары мусулмандардын касиеттүү
олуясына айланыш сейрек эмес. Мындай фигуралар өнүккөн ислам жана
бакшылык (аса-мусасын шарактатып, ак уруп жер кыдырган) беттешкен
жерде мыйзам ченемдүү-Түркмөндөрдөгү Гамбар баба2 олуяны жерге сууга
батырбай асмандаткан аброюна кулак төшөйлү:
Гамбардын кейипкерин Орто Азияга ислам алып келди. Гамбар Али3 халифтин
жардамчысы экени аз Мухаммеддин хадистеринде эскертилет. Ал өз жерине
берилген, аны кут туткан, Хаджжадже кыйноодо өлтүрүлгөн4. Али
пайгамбардын атак-даңкы, касиеттүү Гамбар-бабанын аброюнун кеңири
таралуусуна жөлөк болду. Анын ысмы менен кээ бир суфий ордендеринин
жөрөлгөлөрүнүн келип чыгышын түшүндүрүүчү, көп уламыштар, болмуштар
тыкыс байланышкан. Бекташтын орденинин жер кески (сөзмө-сөз «букара»)
дербиштерди куруна «камбари» аталган аркандын үзүндүсүн илип жүрүшчү.
Бул болсо «атбаккан, атчысы Алия, Камберия, өзүнүн кожоюнунун сүйүктүү
атын тушоочу» аркандын урматына.5
Гамбардын «изи» («след») жана «мотила» («нокто) Фергана өрөөнүндө дагы
урматталат.6 Мусулмандын арасында Канбар Алинин жумушкери экени
көрсөтүлгөн китептердин таркап жүрүшү айтылат.7 Бирок элдик көз карашта
кейипкер жаңы белгилер менен кошумчаланат. Түрктөр - Камбарды ат
багарлардын коргоочу-патрону катары, кыргыздар жана "уйгурлар Камбар ата
жылкылардын колдоочусу катары баалашат. (Мындан башка кыргыздар комуз
күүсүн биринчи чыгарган Камбар хан болгон деп айтып жүрүшөт).
Түркмөндөрдө Гамбар-баба музыканттар жана ырчылардын коргоочусу
катары чыгат. (Сөзмө-сөз дутардын,8 музыканын ээси). Мындай мүнөздөмө
Гамбар исламга чейинки ишеним Түркмөндөрдө сакталып калгандыгын
көрсөтөт.
Түркмөндөрдө таркап жүргөн болмуштарда Гамбар-баба Али халифтин
атчысы катары сүрөттөлөт. Анын милдети Алинин атактуу аты - Дулдулду
багуу болгон. Дулдулдун кун өткөн сайын арыктап барат-канын, Али байкап
калат да, бул эмнеси деп Гамбар-бабадан сураса Гамбар-баба эмне дээрин
билбестен алдастап калат. Дулдулду мурунку эле таза, шар аккан сууну
бойлото даамдуу чөптүү жайыттарда оттотот, Эмне үчүн ат арыктап кетти деп
Али өзү көзөмөлгө ала баштайт. Байкап көрсө Гамбар отуруп алып дутарда
ойноп аткан болот, ал эми Дулдул башын жерге салып, муңайымда музыканы
угуп калган. Көздөрүнөн жаш кулап түшөт жана ат оттогонду унутуп
калыптыр.
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
Легендалардын бирдей аягы жок, Мургаб өрөөнүндө жайылган варианты
боюнча, Али өзүнүн кызматчысына карата үн салат. Кожоюндун үнүнөн селт
эткен Гамбар-баба, ат анын музыкасынан арыктаганын түшүнөт. Өзүнүн
күнөөсүнө уялат (же Алиден коркуп кетип) бет алды жүгүрөт, Али качпагын
деп кыйкырат. Бирок Гамбар-Баба «Жержарыл!» деп бакырат да жаракага
түшүп жок болот. Али тешикке башын салып «Гамбар!» деп чакырса, тиги
түпкүрдө «Мекке-Мединадан» үнү угулат. «Качан жолугушабыз?» - деп суроо
салса, «Үрөй учурган сот күнү» - деп Гамбар жооп берет. (Кыямат - кайыңда,
өлгөндөр тирилип «бейишке», «тозокко» бөлүштүрүлгөн макшар күн).
Дутардын ыргып кеткен, кулагы түшкөн жерге, куду дутардын «кулагына»
окшогон дарак өсөт.
Ахалда, Тедженде жана Серахан райондорунда таркаган ар-түрдүү жактары
боюнча, Али калган дутарды жерге (ташка) уруп талкалаган. Айрымдардын
айтуусунда Гамбар-баба өзү сындырган деп да жүрүшөт. Башка аңгемелерде
Али Гамбарга жаңы дутар жасоого (же сынганды оңдоого) рахым кылган,
ошондуктан мурунку сонун үнүнөн ажырады деп жүрүшөт.
Мындай уламалар Теджен, Серахон райондорунда жана Мургаб өрөөнүндө
кеңири тараган. Аңгеменин башталышында же аягында Гамбар-бабаны
биринчи дутарды жаратуучу катары түшүндүрүшөт. Дутар Гамбар -бабага
чейин эле болгон, бирок биринчи дутарды Гамбар тапкан дешет.
Төмөнкүлөрдү далил катары келтиришет. «Бир жолу Бухаралык эмир, күн
тутулуп атканда, мунун себеби эмнеде деп, динчилерге суроо салса, тигилер:
азыр музыканттар, аңгемечилер, ырчылар, жана акындар көбөйүп кетти деп
түшүндүрүшкөн. Эмир бардыгын үлпөткө (пир) чакырып: «Бүгүндөн баштал
ырчылыкка жана поэзияга тыюу саламын» - деп жар салган. Ошондо Гамб
(мулла-Гамб) жыйындын ортосуна чыгып, эмирдин алдында ырын окуп берет.
Эмир өз чечимин алып таштаган. Ал ыр: «Музыканы жамандабагыла. Качан
жерде Адам-ата, Обо-эне пайда болгондо музыка бар экен, качан Каин жана
Авел энесинин курсагынан жарып жарыкка келгенде музыка бар экен.
Адамды бейиштен кууп чыкканда, ар ким өзүнө ылайык, мүнөзүнө ылайык иш
менен алектенет. Мен - менсиген текебердуүлүктөн сактангыла. Качан Нук
(Ной) Ковчекте сүйлөгөндө, музыка бар экен».1
Айрым убакта Гамбардын шайтан менен келишип, шериктешкени да айтылат.
Шайтан: «Эмне кылышты мен сага үйрөтөм, эгерде сен мага салам айтсаң» деген. Ыйык баба кулак какпаган. Бирок мурункудай эле дутар деп эч нерсе
чыгара албайт. Алдына дасторкон жайып тиги желмогузду күтөт. Шайтан
келген. Салам алейкум - дейт Гамбар-баба, Анан шайтан сырды ачат:
«Дутарга эшек (тепке) жасаш керек» - дейт, анан өзунөн-өзү кубана баштайт:
«Көрдүңбү сен мени менен учураштың, мен сенин шеригиңмин». Бирок
Гамбар жооп берген: «Жок, мен «салам» деп сага айткан жокмун,
дасторконго айттым».
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
Уламыштын башка, түрдүү көрүнүштөру да белгилүү.
Биринчи дутар бүт бойдон тут жыгачынан жасалган, ал эмес кылдары да
жибектен чоюлган. (Жибек курту тыттын жалбырагы менен тамактанат).
Башка аңгемеде Гамбар кылды койдун ичегисинен жазаган. Үнү шаңкылдап
алда кайда угулган жана сулуу да болчу, бирок Гамбар бармактарын
жоорутуп алган. Ошондуктан дутарга жибек кыл таккан имиш. Сакталган
пикирлерге караганда биринчи дутар өзүндөй болгон, бирок көлөмү боюнча
эбегейсиз чоң эле, себеби ал убакта адамдар да чоң болушкан.
Кылдар да көп болушкан дешет, мойнунда 72 берене болгон Али бардык
кылдарды экисинен башкасын үзүп таштаган жана берененин санын
кыскартып 12 же 13кө түшүргөн. Ошондон кийин дутардын үнү төмөндөп
адамдын үнүнө теңелип калды.
Биринчи дутардын үнү ушунчалык кооз жана «таттуу» болгон, бардык
айбанаттар жана канаттуулар оттогонун токтотуп музыка угуп калышчу.
Бирок Али (сейрек Гамбар) айтыптыр: «Мейли адамзаттын үнү, дутар сыяктуу,
жогорку нотаны ала-албайт, бирок дутардын үнү бийик болсун". Ошондуктан
азыр адам гана дутар менен моокум кандырат, а жаны-барлар анын үнүнө
кайдыгер.
Түркмөнстанда Гамбар-бабанын эки жерде мүрзөсү сакталган. Бирөө КопетДагда Ашхабад районундагы Маныш айлынан 20 кмче түштүк тарабында,
аскалуу тоонун түбүнөн атып чыккан булактын башатында. Көрүстөндүн
дөбөчөсү таш менен корум-далган жана тегереги жапайы таштар менен
курчалган коргончосу бар. Мүрзөнүн жанындагы тал Гамбар-бабанын
таягынан, экинчиси анын дутарынан өсүп чыккан имиш. Бул көрүстөндү
кыштактагылар гана билишет, жанаша жашагандар деле бул ыйык жерден
кабардар эмес.
Гамбардын экинчи мүрзөсү кеңири маалым. Ал Иолотан районунда Газыклыбенд суу тосмосунан бир нече км жерде жайгашкан. Гамбар-баба жерге түшүп
кеткен жерде деген уламага байланыштуу ыйык жер. Көрүстөн орду Мургаб
дарыясына 100 метрче жээкке жакын. Көрүстөн топурак дөбөчөдөн жана
бийик эмес топурак ноолу менен курчалган. Сыпай (Үч бут) түрүндө,
кишиден бийик шыргый мамы орнотулган. Бул жерде бир мезгилде Дулдул
байланып турчу экен. Мүрзөнүн жанында дарак өсүп турат, ал жараткандын
эрки менен Гамбар-бабанын дутарынын ыргып кеткен «кулагынан» өскөн.
Аны дутардын кулагы деп айтышат. Айрымдары бул даракты бадам, кээ
бирлери «бадам» эмес, эч качан мөмө байлаган эмес, буга окшош дарак да
жок. Адистер даракты бадам дешет.1
***
www.bizdin.kg электрондук китепканасы
... Азыр концерт залдарында жүздөгөн кишилер чогулушат эмеспи. Шартка
ылайык комуздун үнүн дагы жогору көтөрүш, учур талабы болуп калды.
Элүүнчү жылдары Москвадан бир туугандар Покрасстар келишти. Алардын
максаты комузду оркестрге ылайыкташтыруу, оркестрди улуттук аспаптар
менен байытуу болучу. Алар комуздун жаңы үндүү формасын түзүштү. Берки
комуздардан өзгөчөлөнүп гитаранын кичирейтилген формасы сыяктуурак
жасалды. Жаңы комузду сыноодон өткөрүп кабыл алыш үчүн филормонияга
комузчулар, акындар чогулушту. Анда филармониянын имараты, азыркы АлаТоо бульварында, Люкс магазининин бир башында жайгашкан. Жездем мени
ошол кечеге ээрчитип барды. Залда алдыңкы катарда Молдобасан, Калык,
Карамолдо, Саякбай, Осмонкул, Ыбрай, Шекербек, Чалагыз жана башкалар
отурушту. Мен үчүнчү арткы катардан жай алдым. Эл орундарга
жайгашкандан кийин, тигил каптал эшиктен чыгып, филармониянын
жетекчилери менен комузду жараткан устакерлер жана Покрасс менин
артымдагы катарга отурушту.
- Ким биринчи чыгат? - дегенде эле залдагылар жапырт бир ооздон Молдокем
чыксын дешип, Карамолдону сахнага чыгарышты. Жаңы комуздун үлгүсүн
Покрасс элге көрсөтүп туруп Молдокеге колмо-кол узатты. Карамолдо комузду
көпкө күүлөдү.
Кулактарын, мойнун, аржак-бержагын бир топко текшерип көрүп, комузду
кайрадан күүлөй баштаганда эле:
- Молдоке! Камбаркандан башта, залдагылар жаалап жиберишти.
- Күү жанды эритип, сезимдерди козгоп, көңүлдү көтөрүп, ар бир адамдын
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Карамолдонун Күүлөрү - 2
  • Büleklär
  • Карамолдонун Күүлөрү - 1
    Süzlärneñ gomumi sanı 3876
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2150
    27.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Карамолдонун Күүлөрү - 2
    Süzlärneñ gomumi sanı 3690
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2121
    27.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Карамолдонун Күүлөрү - 3
    Süzlärneñ gomumi sanı 3751
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2186
    25.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Карамолдонун Күүлөрү - 4
    Süzlärneñ gomumi sanı 3635
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2205
    26.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Карамолдонун Күүлөрү - 5
    Süzlärneñ gomumi sanı 3489
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2062
    24.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    34.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Карамолдонун Күүлөрү - 6
    Süzlärneñ gomumi sanı 1980
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1269
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.