Latin

Дүрбөлөң Заман - 01

Süzlärneñ gomumi sanı 3656
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2069
26.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
36.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
43.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
ПОВЕСТЬ ЖАНА РОМАН
Казакчадан которгон Кымбатбек Укаев


Заманыбыздын улуу сүрөткери Мухтар Ауэзовдун бул китебине анын эң алгачкы
жана залкар чыгармаларынын бири болгон «Дүрбөлөң заман» повести жана партиялык
жетекчинин, каарман малчылардын унутулгус элесин сүрөттөгөн акыркы чыгармасы,
асыл мурасы «Өскөн өркөн» романы кирди.
Китеп М. Ауэзовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгына арналган адабий белек.

АУЭЗОВ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ
Жан бүткөндүн баарына тегиз өкүмүн жүргүзгөн жазмыштын баары өтүп, баары
өзгөрөт деген жобосу аты-жөнү урпактардын көңүл жадында жашап калгандар үчүн да
күчүндө кала бере тургандыгына жыл өткөн сайын ишенүүгө туура келет. Алар үчүн,
арийне, убакыт кыйыр түрдө — биздин аң-сезимибизде өтүп жатат, алар үчүн тарых да
уланып жатат.
Буларды мен мезгил фактору бардыгын өз-өз ордуна коюп, өткөндүн тарыхына,
санжыра-санатына, качандыр бир мертебе болгон уламыштарга, тигил же бул инсанга,
окуяга алакасы бар официалдуу же жекече пикирлерге, бааларга өзүнүн өзгөртүүтүзөтүүсүн кийире алган таң каларлыктай, кай бирде көңүл-жүзгө каралбаган бирок
дайыма кайра жанбас жана эң жогорку даражада зарурат мааниде көрүнгөн касиети
бар таризде айтып жатам.
Айрыкча адабиятта, искусстводо, жазуучулар менен чыгармалардын акыбал
тагдырында мезгилдин ушул мыйзам ченемдүүлүгү бүткүл ырааты жана туруктуулугу
менен көрүнөт. Не дегенде урпактардын сын-өкүмү муундардын рухий тажрыйбасынын
жаңы баскычына, өнүгүүнүн жаңы проблемаларына акыл салып көрүү үчүн зарыл
болгон жаңыча чен-өлчөмдөргө ээ болот. Бул күч — биз демейки турмушта акыйкат деп
атап койчу тарыхый объективдүүлүктүн дал өзү.
Бир кезде тоодой көрүнүп, азыраак мезгил өткөн соң пасайып, бөксөрүп кетчү кээ
бир күтүлбөс кокустуктар да ушундан улам болот. Андыктан бул ачуу чындыкты кабыл
алууга туура келет. Бирок анын тескерисинче да болушу ыктымал — урпактар
байкалбаган же болбосо көзү бар кезинде баркталбаган оригиналдуу залкар талантты
капыстан ачып алышы мүмкүн. Ооба, мындайлар сейрек болсо да, сөзсүз болот. Деген
менен мезгил өзүнүн мындан башкачараак түрдөгү түзөтүүсүн көбүрөөк кийирет —
качандыр бир кезде көкөлөтө макталып, бардык ызаат-урматтын шаңына бөлөнгөн
бараандуу сөөлөттүн жели чыккан шар сымал кунары кетип, куушурулуп, кичирейе
берет...
Бирок кеп оролу бул жөнүндө эмес. Турмуштун туткасы мындай кокустуктарда эмес.
Чындык-» тан жаралган чындыктар, жер катмарынын силкинүүсүнөн пайда болгон туу
чокулар, доор-заман жараткан азамат уулдар болот. Буга калганда башкача чен
бирдиктери колдонулат.
Мына, бизди Ауэзовдон ажыратып турган, аны менен маек куруп, баарлашуунун
бактысына туш кылган ошол унутулбас мезгилдерден бери бир топ жыл өтүп кетти.
Жоготуу кайгысына баш ийип, бүгүн биз өзүбүзгө Ауэзов тарых алдында жана
муундардын сотунан моюбай өттү, мына ошонусу менен дагы зоболосу көтөрүлдү деп
айта алабыз. Бул мезгилдин ичинде Мухтар Ауэзовдун ысмы жана чыгармалары жеке
өзүнүн өмүр таржымалынан жалпы элдин өмүр таржымалына айланды. Азыр Мухтар
Ауэзов менен казак эли ажыралгыс бир түшүнүктү туюнтуп калды. Эми азыр Мухтар
Ауэзовдун ысмы азыркы таптагы казак элинин маданиятын, руху менен ой-сезимин
кулпуртуп турат. Эми азыр XX кылымдын классиктери деген сыпаттама түшүнүккө
Мухтар Ауэзовдун да ысмы кирет. Кеп оролу мына ушул тууралуу болмокчу.
Жүрөктүн буйругу менен өз сезимимди билдирип, Ауэзовдун улуулугуна баш ийип,
таазим эткен терең ызаатымды сыпаттоо үчүн чыгармачылык иш боюнча анын жашы
кичүү иниси жана шакирти иретинде мен бар болгону Ауэзов жөнүндөгү айрым бир
ойлорумду бөлүшүп, кээ бир фактыларды гана айткым келет.
Мухтар Ауэзовдун улуулугу жөнүндө айтканымда, мен анын улуттук аң-сезимдин,
казак элинин философиясы менен образдуу дүйнө туюмунун түпкүрдөгү терең
кыртышынан угутун жарып, тарыхый жактан тамырын түптөп өнүп чыккан талантынын,
азыркы замандын эң көрүнүктүү көрүнүшүнүн биринин — Октябрь Революциясынын
дооруна ыкыбалы туш келген таланттын, коомдук жаңы идеялардын шарапаты
аркасында сүрөткердик ойдун байманасын ташытып, өз доорунун турмуштук
тажрыйбасы менен кошо бардык мезгилдердин тажрыйбасынын эң бийик маанисин —
адамзаттын башкы идеалдарын өзүнө камтып, жакшылык менен жамандыктын
глобалдык проблемаларына абай салып аңдоонун бийиктигине көтөрүлүп чыккан
таланттын эволюциясын да эске алып отурам. Мухтар Ауэзовдун улуулугу да ушунда,
анын чыгармачылыгынын маани-маңызы дал ушунда; казак элинин тагдыры жайында
кеп салып, казак элинин турмушун сүрөттөп жазуу менен Ауэзовдун ою адам
болмушунун мазмун-маңызын универсалдык маанидеги масштабдарда аңдап билди;
«Эңлик-Кебектен» тартып монументалдуу «Абайды» көздөй кадуулап жүрүп отурган
өзүнүн чыгармаларында жазуучу бизге ушулар жайында санат айтат. Ауэзовду ал өзү
талашсыз түрдө татыктуу болгон наам менен атаганга мезгил жетти — Мухтар Ауэзов
биздин күндөрдүн улуу гуманисти. Муну анын бүткүл өмүр жолу, анын эбегейсиз бүткүл
чыгармачылыгы айгинелеп турат.
Адамзаттын бардык мезгилдердеги көркөм акыл-оюнун шедеврлери: алгачкы жазуу
даректерден, шумердик чопо табличкаларынан, байыркы Египеттин папирустарынан,
Вавилон менен Аккада жазуучуларынан тарта сан миңдеген жылдардын эчен
катмарлуу элегинен сарыгып өтүп, бардык кылымдар менен доорлорду басып өтүп,
бардык маданияттар менен цивилизациялар аркылуу бизге чейин келген, тарых өзү
тандап-ылгап алган көөнөргүс көркөм эстелик-мурастардан түзүлүп, XX кылымдагы
басма ишинин уникалдуу фактысынан болуп калган Бүткүл дүйнөлүк адабият
китепканасынын эки жүз элүү томдугунда Данте менен Шекспирдин, Толстой менен
Томас Манндын, Горький менен Шолоховдун катарында дүйнөлүк адабияттын 250
томунун эки тому биздин Мухтар Ауэзовго тиешелүү болгондугу анчейин кокустук эмес!
Ар кандай эле классик мындай орунга ээ боло бербейт. Муну мен жалпы адамзаттын
көркөм казына-дөөлөтүнө кошкон казак элинин салымы деп эсептейм.
Ал гана турсун мен муну бардык түрк тилдүү өткөндөгү көчмөн элдердин салымы
деп эсептейм. «Абай» эпопеясы — бул биздин көркөм жана социалдык
энциклопедиябыз, бул биздин көз кайкыткан Евразия мейкининде жашап өткөргөн
бардык мезгилибиз үчүн, муңдуу-зарлуу мүшкүлү көп өткөн тарыхта биз баштан
кечирип, касирет-кайгысын тарткан иштердин баарысы үчүн өзүбүздүн көркөм жана
ымандык байлык, көз-карашыбызды, өзүбүздүн көчмөн маданиятыбызды, өзүбүздүн ,
улуу поэтикалык сөзүбүздү түзүп, таанып-билген, баккан-көргөндөрүбүздүн баарысы
үчүн жармакташып берген жалпы отчётубуз. Булардын баары Мухтар Ауэзовдун
чыгармачылыгында — анын прозаларында, драмаларында, асыресе андан Россиянын
революциячыл тагдырында жакындап келаткан добулдуу шоокумдун шобураттары
угулуп турган «Абайда» таасын көрүндү. Ауэзов ушул багытта биздин жалпы маанидеги
тарыхый-көркөм ойдун дүйнөлүк секисине алып чыкты. Дүйнөгө көз чаптырып кароо
үчүн, башкалардын баамына урунуп, байкалыш үчүн, адам рухунун бийиктигин жар
салып, алар менен үн алышуу үчүн «кароол дөбөгө» — Мухтар Ауэзовдой бийик чокуга
ээ болуу абзел. Мухтар Ауэзовдун бийиктигинен туруп биз өзүбүздү аңдап-билебиз да,
башка маданияттар жана элдер менен баарлашып, алака жасайбыз. Бүгүн мына
ушулар тууралу айтуунун маалы келди, биз бүткүл аалам алдында мына ушулар менен
мактана алабыз, анткени биз Ауэзов аркылуу өзүбүз тууралу билдирип, өзүбүздү
аныктайбыз, андан биз өз акыл-эсибизди, ар-намысыбызды жана рухубуздун ажайып
көркүн көрөбүз. Ауэзов аркылуу биз дүйнөгө түрк тилдеринин мүмкүнчүлүктөрүн,
байлыгын жана күчүн, ойлоонун куралы жана биздин тарыхый салт-санааларыбыздын
аккумулятору катары тааныта алдык.
Ауэзовдун эмгеги, Ауэзовдун чыгармачыл кыялы менен ой чабыты уникалдуу жана
теңдешсиз. Кеп «Абай» үчилтигинин тарыхыйлыгы, масштабдуулугу жана эпикалуулугу
жөнүндө гана болуп жаткан жок, мунун баары ансыз да белгилүү иш, бирок өзгөчө
көңүл бурууга татыган нерсе мында турат: романдын башкы каарманы Абай Кунанбаев
— биздин күндөгү реалисттик адабияттын эң улуу, эң залкар образдарынын бири
катары көз алдыбызга тартылат, ал эми уникалдуулугу, кайталангыстыгы болсо
жазуучу өзүнө ракета сымал космосту көздөй жол салып, Абайды анын түбөлүктүү
орбитасына алып чыккандыгында; аны кеңири таанылуунун орбитасына алып чыгуу
менен жазуучу эки бирдей ачылыш жасап, эки бирдей милдеттин өтөлүнө чыгат —
Ауэзов Абайдын инсандык күчүн бийикке көтөрүп даңазаласа, Абай өз кезегинде ойчул
акын катары казак элин бийикке көтөрүп даңазалайт. Мунун баары өзүнүн эки бирдей
феноменалдуулугу менен жалпы элдик, жалпы маанидеги категорияларга: кайда гана
жашабасын, кайсы гана тилде сүйлөбөсүн, кандай гана обондорду ырдабасын,
алардын баары ушул адамдарды сөз кудурети баш коштуруп, жакындык, боордоштук
сезимин, санаалаштык сезимин жаратып, адамдардын жан дүйнөсүндө жаңырыктап
шоокум салган, ага түшүнүктүү, жакын турган сезимдер менен ыкластарга көтөрүлүп
чыгат. Болмушту көркөм аңдап-билүүнүн жалпы маанидеги, универсалдуу феномени
ушунда турат. Абай менен Ауэзов менин түшүнүгүмдө бөлүнбөс инсандар.
Учурдан пайдаланып, жазуучунун ушул сабактары мени эмнеге үйрөткөнүн айта
кетким келет. От материянын тулкусунда жердигинен эле кошо бүткөн сыңары улуу
акындын чыгармачылыгында жердигинен эле элдин үнү кошо бүтүшүн шарттаган
өзүнчө бир мыйзам болорун мен дал Ауэзовдон улам түшүндүм. Дээриңде кошо жашап,
каныңда кошо кайнаган, адамдардын акыл-эсинде, сезимдеринде, дүйнө туюмдарында
жүргөндөрдүн баары акындын искусствосунда эң бийик туюнтулушка ээ болгон. Акын
салтанат-майрам күндөрү да, кайгы-капалуу күндөрдө да чогулуп турчу өзүнчө эле бир
граждандык аянтка айлангандай болот, ошондуктан эгер акындын ырлары элдин жандүйнөсү менен үмүт-тилегин даңазаласа, эгер акындын ырларында Ата Мекен
даңкталып, анын тарыхы баяндалса, эгер акындын ыры адамды бешиктеги кезинен
тартып өмүрүнүн эң соңку күнүнө чейин, ал баралына толуп, иштесе ишке тойбой,
сүйкүмдүү көрүнүп, өзү да сүйүүгө карк болуп турган чакта да, турмуштун далай ачуутаттуусун татып, акылы толуп, адам пендесинин түбөлүк өлбөс күчүн, маанисин жете
түшүнүп турган чакта да, кыскасы өмүр жолунун бардык учурларында коштоп жүрүп
олтурса, анда акыл-эстин көзөлү жана сыймыгы, ата-бабаларыбыздан келаткан
байыркы тилдин жоомарттыгы жана байманасы — ыр жашасын, ким болбосун жана
кайсы тилде болбосун аны биринчи ойлоп таппасын, сөздүн пири — туңгуч ыр
жашасын, эртеңки күндө дүйнөгө келе турган ыр жашасын...
Ауэзовдун Абайын, анын маанисин өз алдынча көрүп, өз алдынча түшүнүүгө акысы
бар. Мен болсом аны жогоруда айтып өткөнүмдөй түшүнөм. Өзү үчүн гана жашап жана
өз үйүнөн чыкпаган бир да бир адабият «улуу» атана албастыгын Ауэзов эң жакшы
билген. Ауэзов орус реализминин тажрыйбасына, европалык ойлоонун келберсиген
кеңдигине жана маданиятына канчалык терең канык болгондугун анын бүткүл
чыгармачылыгы ырастап турат. Бул жерде Ауэзовду көңүлгө тута туруп мындай деп
айтуу жөндүү болор эле: орус классикалык адабияты, орус совет адабияты биз үчүн
устаттыктын жана идеялык максатчылдыктын тунук башаты болгон жана болуп жатат.
Мен баяракта көз жумгандар үчүн да мезгил өтүп жатат, аты жөнү урпактардын эсжадында жашап калгандар үчүн да тарых уланып жатат деп айтканымда, аларды тек
сөздүн көркөмдүгүн көздөп айтканым жок.
Өткөн он жылдыктарда, жазуучунун жетимиш-сексен жылдык санжырасынан соң
Ауэзовдун чыгармачылыгы кең-кесири изилденди, толукталып, өнүгүүгө ээ болду. Бул
мезгилде Ауэзовдун эң алгачкы жана кереметтүү чыгармаларынын бири болгон
«Дүрбөлөң заман» повести анын көзү өткөн соң биринчи мертебе орус тилинде
жарыяланды. Менин баамымда бул биз үчүн чоң жана принциптүү окуя болду. Мунун
өзү партия адаттагысындай эле совет адабиятынын өнүгүшүндөгү туура жолдорду
акылмандык менен айныбай көрө билгенин көрсөтүп турат.
Чеберчилиги, көркөмдүк күчү жагынан алганда повесть чыгаандык менен жазылган.
Эң оболу мен Ауэзовдун бул повестинин саясий мааниси жайында айткым келет,
«Дүрбөлөң заман» — социалисттик революциянын россиялык империянын бардык
аймактарындагы шексиздигин көрсөткөн дагы бир далил, бул социалисттик
интернационализм элдердин ортосундагы алака-мамилелердин өнүгүшүндөгү жападан
жалгыз туура жол болгонун ырастаган биздин турмуштун таламындагы дагы бир далил.
Бул жерде колуңуздардагы китепке аты коюлган ушул «Дүрбөлөң заман» повести
жөнүндө дагы бир аз кеңитип кеп сала кетели...
Салт атчан сапар чегип келаткан карыяга бейтааныш боз улан жолукту дейлик. Өз
көзүнө өзү ишенбесе да, алда кандай ушунчалык бир жанга жакын таанышын көрүп
ымыр-чымыр болуп, жаш жигиттин жүзүнө кадала карап, аңдоосуздан добушу
дирилдеп: «Чиркин-ай, атам замандагы жоготкон күлүк атымдын өзүндөй жылуу учурап
кеттиң го, кайдан жүрөсүң, балам?» десе, эсине дароо өзүнүн жаш чагы, мынабу улан
айныбай тарткан баягыда кеткен досу, ошол жол, ошол ат туягынын дүбүртү менен
айдарым соккон жел, ошол добуштар, ошол түспөлдөр... дароо эске түшөрү ак.
Бүгүн «Дүрбөлөң заман» повестин кайталап окусам менин да ошентип ойлоор
чагым экен, анткени азыр мен жаш жагынан да, ошондогу жыйырманчы жылдардын аяк
чениндеги жаш жазуучу Мухтар Ауэзовдун атасынын болбосо да, агасынын жашында
экенмин.
Таңгаларлык бир жагдай — бул повесть жазылгандан кырк беш жыл өткөн соң,
автору кайтыш болгондон көп жыл кийин окурмандарына туңгуч ирет тартууланып
олтурат.
Чыгарманын окурман коомчулугунун колуна жазуучунун көзү тирүүсүндө тийгени
бир башка да, ал эми көз жумган соң өзү жокто тийгени башкача кеп. Бул өзү эртерээк
жазылган, кала берсе эң алгачкы чыгармалардын бири дей турган дүнүйө. Анын үстүнө
адабият босогосун эч ким дароо эле улуу жазуучу болуп аттабай тургандыгын түшүнүп
турсаң да, тобокелге салып айтсак: Ауэзовдун ысмынын ар качан дүйнөлүк
классиктердин катарында, түбөлүк өлбөс-өчпөс «Абай жолу» эпопеясынын кыл
чокусунда көрүү окурман коомчулугунун көңүл-көкөйүнө абдан сиңген.
Ал эми «Дүрбөлөң заманды» окуп чыккан соң Ауэзовдун чыгармачылыгын
урматтоочулар аны кайрадан жарыялоону алгачкы ирет колго алган «Новый мир»
журналынын редакциясына ыраазычылык жөнүн айтар деп ишенемин. «Суу атасы -—
булак» дегендей башатсыз улуу өзөн болобу? Демек, «Абай жолуна» чейин да Ауэзов
айтылуу чебер болгон. «Дүрбөлөң заман» Ауэзовдун «Абай жолунан» эбак мурун, ошол
кездин өзүндө эле кучагы кең эпикалык баяндоо формасын өздөштүргөндүгүн
айгинелейт. Ушул көз караштан алганда «Дүрбөлөң заман» — кийинчерээк Ауэзовдун
телегейи тегиз залкар эпопеясын жараткан эң алгачкы кубаттуу булактардын бири.
Деген менен да ар чыгарманын өз орду болот эмеспи. Тээ өткөн жылдарда жаш
Ауэзов жазган ушул кыян-кески кайгылуу повесть — жазуучунун талантынын
революциялык калыптануусунун айкын мисалы. Мынакей, окурмандардын назарын
повесттин дал ушу революциялык мазмунуна оодарсамбы дедим эле.
Падышачылыкка, анын зордукчул аппаратына болгон көчмөндүүлүктү жаш Ауэзовдой
ушунчалык сүрөткерлик ынанымдуулук менен көрсөткөн, падышанын колониялык
саясатынын ырайымсыздык катаалдыгы менен мыкаачылыгын жерине жеткире
ашкерелеген, көчмөн элдин өзүнө жат падышачылык зордукчул жүйөсүн
кабылдабоочулук табияты мол мисалдар менен көрсөтө олтуруп зор тереңдик менен
ачып берген, шору кайнап көтөрүлүшкө чыгып, ошонусу үчүн кан-жошолуу кыргынга
учурап, туулуп-өскөн жеринен куулган карапайым калктын кайгы-касыретин эт-жүрөгү
эзилип отуруп айтып берген мындай чыгарманы мен чыгыш адабияттарынан сейрек
кездештирдим.
«Дүрбөлөң заманды» окуп отуруп, эгер Октябрь революциясы болбосо көчмөн
казактар менен кыргыздардын андан аркы тагдыры эмне болорун мезгил өткөн соң
ойлоонун өзү коркунучтуу экендигин даана сезесиң. Айтууга оозум барбайт — мүмкүн
биз болбос да элек. Ал эми түбөлүк өмүр сүргүсү келбеген эл барбы? Тек жалгыз ушул
үчүн — Октябрь революциясынын Россияда төрөлүп, империялык колониячылдыкты
талкандап, ошол аркылуу менин элдеримди бир жолу жоюп жиберүүдөн куткарып
калгандыгы үчүн гана мен өлөр-өлгөнчө революцияны даңазалап өтүүгө даярмын жана
балдарымдын балдарына: күнүбүздүн туулганын Октябрдан баштап санагыла! — деп
осуят калтырамын.
Ауэзовдун повестин окуп олтуруп, күбөлөрдүн аңгемелерин эске алдым...
Жазалоочулардан качып кутулуу үчүн бүткүл эл болуп кар кечип, ашуулардан
ашканда энелер эң алды менен наристелерин жетелеп, коргоп сактаган. Пулемёттун
октору боо түшүрүп сулатканда энелер наристелерди көөдөнү менен калкалай кулаган.
Ошол кыргында соо калган бөбөктөр азыр жетимиштерге келип калышты. Көбүнүн
аттары ошол кыйын кезеңдин эстелигине Тенти, Качкын, Үркүн деп аталат.
Сан албан чапкынчылардын салдарынан безип, туулуп-өскөн жерлерин таштап
конуш оодарганда көчмөндөр үйүр-үйүр малын, дүнүйө-мүлкүн эмес, үмүт арткан
болочок урпагын — балдарын куткарган.
Ауэзов жазып олтурган ошол кандуу 1916-жылы да казактар менен кыргыздардын
эзелки урууларынын алдында дагы да (канча ирет десеңизчи) өмүр сүрүү, же өлүү, же
тууган жердин топурагында калуу, же жат жерге жылышып конуш оодаруу маселеси
турду.
Ауэзов өзүнүн повести менен бизге, асыресе жаш урпакка, Россияда Советтердин
жеңишинин биз үчүн маңызы кандай зор экенин, дүйнө жүзүнүн алдында артыкчылыгын
азыр тарых өзү далилдеп берип олтурган СССРдин түзүлүшүнүн мааниси кандай зор
экенин эске түшүрөт. Өткөндөгү элдин чексиз туңгуюк кайгысы менен биздин бүгүнкү
чындыгыбыздын арасы жер менен көктөй, кала берсе, салыштырууга келбей турган
категориялар. Бирок ошол өткөндүн ичиндеги жакшылык жагы, эл-журт эңсесин көтөрүп
падышанын колониялык зомбулугуна калайык-калктын стихиялык толкундоосу, өз
иштеринин дурустугуна көздөрү жетип, эркиндикке умтулуп, адам рухунун ушунчалык
мол кубатын таанытып, зордук-зомбулукка каршы туруу — таңгалууга боло турган
нерсе жана биз Ауэзов менен бирге ошол он алтынчы жылкы окуянын даңкын
даңазалайбыз да кайгырабыз.
Менимче, Мухтар Ауэзов барынан мурда өздөрүнүн адамдык касиеттери үчүн,
боштондук, адилеттик үчүн байыркы күрөш сезимине ээрчиген элдин стихиялык
толкундоолорунун бышып жетип, калыптанышы мыкты сүрөттөлгөн. Ошол кездеги жаш
Ауэзов муну ашкере зор сүрөткердик менен жана тарых таразасынын көз карашынан өз
мезгилинин алдыңкы катарлуу революциялык, таптык позициясынын көз карашынан
туруп жазган.
Ошондуктан кыргынга учуроо алдын ала айтпаса деле белгилүү болгондордун
күчтөрү тең эмес күрөшүн баяндаган ушул кайгы-өкүнүчкө жык толгон тарых биздин
ары боорукердик, ары ошол адамдарга деген мактаныч сезимибизди козгойт.
Жок, адамзат тарыхында күч менен басылып тумчуктурулса да, боштондук үчүн
курмандыкка барып, баш тиккен баатырлыктын, трагедиялык асемдиктин символу
иретинде сан урпактын эсинде өчпөс из калтырган көп-көп көтөрүлүштөр, эрөөлдөр,
бүлгүнчүлүктөр сыяктуу: самодержавиеге (жеке бийлөөчүлүккө) каршы элдин кегинин
бул буркандоосу да текке кеткен жок. Мунун баары тең адамзат коомуна социалдык
жана тарыхый сабак болду.
Ауэзовдун «Дүрбөлөң заманы» — падышалык Россия элдердин түрмөсү
болгондуктан, Россия империясынын бардык жеринде социалдык революция зарыл
болгондугун, биздин заманыбыздын чындыгы — элдердин арасындагы карымкатнашты өнүктүрүүнүн бирден-бир туура жолу социалисттик интернационализм
экендигинин дагы бир далили болду.
Ауэзовдун повести окурмандын көңүлүндө ар кыл сезимдерди туудурат. Ауэзовдун
ошол кездеги турмушту терең билип, эргүү менен жазган бул чыгармасынын көркөмдүк
өзгөчөлүктөр жайында дагы да көп нерселерди айтууга болор эле. Маселен, табиятты,
турмушту, Каркыра жарманкесин, адамдардын портреттерин сүрөттөөдө Ауэзовдун чын
маанисиндеги Рабленин калемине ылайык ажайып чеберчилиги жөнүндө айтпай кетүү
кыйын... Ошол жарманкедеги пристав Акжелкенин жанында жүргөн тилмеч казактар
менен падышанын итарчы-жалдаптары, элин саткан арсыз азгын байлар тууралу
ашкере жийиркенүү менен өлтүрө маскаралап жазганын айтпай кетүүгө такыр болбойт.
Өзүнүн тууган элин жерип, оолактап, Ак желкелердин коюн-кончуна кирип, мазагына
мас болуп жүргөн бул сыяктуулар жөнүндө тээ Дантенин айтып кеткени дал келет.
Мындайларды асман кабыл албады,
Бейиш түгүл тозок буга арданды.
Ооба, сүйүктүү жазуучу жана өнөгөлүү устаттын беймаалим китеби менен кайта
кездешүү ары оор, ары кубанычтуу. Кубанычтуу болгону — бул окурман коомчулугунун
күтпөгөн жерден кездешүүсү, улуу жазуучунун эбакта жазган дагы бир чыгармасын
тагдыр апкелип тартуулап олтурат, ал эми оор болгон себеби — авторунун арабызда
жоктугу.
Ошондуктан Мухтар Ауэзовдун «Дүрбөлөң заманына» кириш сөз жазуу үстүндө мен
сан кайгылуу сезимдин кучагында олтурамын. Бул тапта ээси жок сайкүлүктү чоң жолго
салып жиберген сыяктуумун. Мына, чапканда, кедерги болбосун деп, тизгинин түрүп,
үзөңгүлөрүн канжыгага кайырып байладым да, айт, жаныбар, чү дедим: «Эсен-соо бол,
буудан тулпарымдын көзү! Жер танабын куура чап! Акыйкат аркырай берсе экен!»
Анан да узаган сайын анын артынан карап туруп, ойго каламын: жакшы адам ээсиз
чаап бараткан сени көргөндө ак жол тилейт чыгар. Ал эми сенин жасалгалуу ээртурманыңа, абзелдериңе кызыгып жармашкысы келген жан эч кимден эч качан алкыш,
ыракмат уга койбос...
Бул чыгарма жөнүндө мындан тышкары да түркүн ой козгоп айтса жарашар эле.
Деген менен акыркы жылдарда биз Ауэзовдун көркөм санжырасынан ачкан
жаңылыктар жалаң гана «Дүрбөлөң заман» менен бүтпөйт. Атактуу «Караш-караш
окуясы» жана «Көк серек» повесттери киноэкрандан экинчи өмүр тапты. Эгерде ар
нерсени өз аты менен атоо зарыл болсо, бул чыгармалар кино өнөрүнүн табиятына
жана мыйзамдарына ылайык анык таланттуулук менен тартылды. Ошону үчүн алар
советтик кинематографтын соңку кездеги эң мыкты жетишкендиктеринин катарына
киргени тегин жерден эмес. Кыргыз кинематографисттеринин бул окуяга тикеден-тике
тиешеси болгону үчүн мага бул тууралу эскерип өтүү ого бетер жагымдуу. Кыргыз
кином искусствосунун көрүнүктүү ишмерлери — Төлөмүш Океев. Болот Шамшиев,
Сүймөнкул Чокморов — Ауэзовдун чыгармалары боюнча тартылган фильмдерге бүткүл
жан-жигерин, кайталангыс чеберчилигин сарпташып, биздин баарыбыз үчүн бирдей
кымбат көрүнгөн Мухтар Ауэзовдун алдындагы өздөрүнүн инилик сүйүүсүн жана
таазимин билдиришти. Кыргыз эли Мухтар Ауэзовдун кыргыз маданиятына жасаган
өзгөчө мамилесин жана өзгөчө сиңирген эмгегин эске алуу менен аны казак эли менен
бирдей эле өлчөмдө өз уулу, өз жазуучусу, өзүнүн көрүнүктүү өкүлү катары
эсептешкени бекер эмес.
Бул тек чечендик үчүн айтылган сөз эмес. Ауэзов коңшулаш кыргыз адабиятына
канчалык көп убакытын бөлүп, көңүл буруп, жардам көрсөткөнүн баарыбыз билебиз.
Элдин оозеки поэтикалык чыгармачылыгына кайдыгерлик, жоопкерсиздик менен,
залалдуу, социалдык-вульгардык мамиле жасоонун салакасынан улам кыргыздын улуу
«Манас» эпосуна осол айыптоолор тагылып, кыйын кезең күн түшкөндө Ауэзовдун
залкар билим-эрудициясынын аркасында, анын принциптүүлүгү жана тандырбас
далил-жүйөөлөрүнүн аркасында элдин ушул өлбөс-өчпөс көркөм казнасын коомчулук
жактап, коргоп калгандыгын биз баарыбыз билебиз. Ауэзовдун ушул граждандыказаматтык жана жазуучулук эрдигин биз эч качан унутпайбыз.
Кыргыз кинематографисттери Ауэзовдун чыгармаларына ыраазычылык жана
боордоштук сезими менен, өздөрүнүн анын алдындагы парздуулугунан улам
кайрылышты.
М. Ауэзовдун көп тилдерге которулуп, мезгил сынынан дүбүрт салып өткөн,
партиялык жетекчинин жана каарман малчылардын унутулгус элесин сүрөттөгөн
акыркы чыгармасы, асыл мурасы «Өскөн өркөн» романы да орун алган «Дүрбөлөң
заман» китебинин кыргыз окурмандарынын колуна тийип олтурушу — Мухтар
Ауэзовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгына арналган адабий белек болуп саналат.
Ауэзов коомдук процесстердин маани-маңызын кеңири, чыгармачылык менен
түшүнө билген, нукура интернационалдык мамилелердин жактоочусу болгон. Ал
улуттук маданияттардын бардык прогрессивдүү, мыкты, өнөгөлүү жактарын өзүнө
кабыл алып, ошол эле мезгилде тил жана маданияты жагынан өз алдынча
бөтөнчөлүктөрү бар элдерге, алардын улуттук маданиятына өнүгүп-өсүү үчүн кеңири
мүмкүнчүлүктөрдү ачып берген бирдиктүү совет коомун түзүү менен биз өзүбүздүн
улуттук маданиятыбызды — тарыхый жактан калыптанган биздин этникалык,
лингвистикалык жана маданий жалпылыктарды эсептен чыгарып салбай
тургандыгыбызды, тетирисинче казактар менен кыргыздарга жаңы тагдырдын
барактарын ачып берген социализмдин жаңы шарттарында искусство жана адабият
жагынан күчтөрүбүздү бириктирүү үчүн, өз ара жардамдашуу үчүн революцияга
чейинки мезгилдерде пайда болгон рухий кенемтенин ордун тезирээк толуктоого тийиш
экендигин эскертип айткан.
Керт башым өзүм ауэзовдук салттарды, интернационалдуулукту ауэзовчо
түшүнүүнүн, ауэзовдук осуяттардын жалындуу тарапкеримин. Андыктан Калтай
Мухамеджанов экөөбүз азыркы туштагы казак-кыргыз интеллигенциясынын
турмушунан алып «Фудзиямадагы кадыр түн» аттуу пьеса жазганыбызда биз муну ар
бирибиздин кыларга ишибиз, саларга кушубуз болбогондон улам эмес, Ауэзовдун
осуяттарын тажрыйбада, иш жүзүндө орундатуу ниетинен улам жасадык.
Мухтар Ауэзовдун тажрыйбасы биздин күндөрдө, биздин коомдун шартында ар
кандай улуттук адабият не деген интеллектуалдык жетилүүгө, не деген көркөм
бийиктиктерге, не деген рухий өркүндөөгө жетише аларын айгинелеп турат.
Андыктан биз, совет адабиятынын интеграциясын чет элдик адабиятчылар айтып
жүрүшкөндөй, унификация, улуттук тилдердин монолингвизми катары эмес, ар түрдүү,
ар тилдүү социалисттик маданияттардын идеялык саясий биримдиги катары
түшүнөбүз, анткени ар бир тил өзүндө, бүтүндөй элдин турмуштук тажрыйбасын жана
кылымдарга созулган үмүт-тилектерин камтып турат. Тил — бул элдин автопортрети,
ар-абийири. Ар бир тил өз жолу менен улуу, ар бир тил жалпы адамзаттык наркзыйнаттардын палитрасында кымбат жана өзгөчөлүү. Лениндик улут саясатынын
адамдары биз ушинтип ойлойбуз.
Сүрөткер менен эл — өзөктөш, эки өркөч тоодой эгиз нерсе. Талантты эл жаратат,
анын чебер өкүлдөрү түзгөн бардык мыкты көрөсөн иштердин баалоочусу да,
сактоочусу да ошол эл. Булардын байланышы тутумдаш: Сүрөткер — элдин рухий
жөлөгү болсо, эл — сүрөткердин рухий жөлөгү болот. Орус элинин улуттук аң-сезими
болбогондо Пушкин Пушкин болмок беле да, грузин тили, грузин эли болбосо Шота
Руставели ушул күнгө чейин жетет беле. Анын сыңарындай азыркы казак эли
болбогондо, совет коому болбогондо Ауэзов канчалык гениалдуу болгон күндө да, анын
атак-даңкы менен улуулугу ушундай бийик угумга айланмак эмес. Ушул мааниде
айтканда, Мухтар Ауэзов бактылуу инсан, анткени анын ысмы юбилейлик даталарда
гана эмес, кадыресе күндөлүк турмушта деле канчалык сүймөнчүк, жалпы элдик ызаатурмат менен айтыла тургандыгын, казак элинин рухий турмушунда Ауэзовдун кандай
орунду ээлеп турганын биз баарыбыз жакшы билебиз.
Жер бетинде казак тили менен казак эли жашап турганда, Мухтар Ауэзовдун ысмы
да жашай бермек!
Адамдар китеп окуп турганда, Мухтар Ауэзовдун ысмы жашай бермек!
Чыңгыз Айтматов
ДҮРБӨЛӨҢ ЗАМАН

ПОВЕСТЬ
I
Эстен кеткис 1916-жылдын жазы эле. Жазы жаандуу, суусу мол, жайыты кең,
кызыктуу, калың Албандын жомоктогудай бай сулуу жайлоолору: Үч-Мерке, ТегерекСаз, Үч-Каркыра, Сырт, Лабас — жай күндөрүнүн жашыл ала көшөгөсү, көк жибек
бешиги сыяктуу. Тиричилик, молчулук, бакыт, байлыктын кызуусу менен буусу асманга
чыгып жаткан турмуш жарманкесин көрсөткөндөй. Жай күндөрүнүн жарашыгы менен
кызыгы адам баласын мас кылгандай жалындуу, желдүү.
Чалкыган, көрөсөндүү мол дүнүйөнүн тирүү түспөлдүү белгиси сыяктанып Каркыра
жарманкеси кайнап жаткан.
Жарманке ачылганы айдан ашса да, кызуусу али басылып солгундаган жок. Кайта
күндөн-күнгө күч алып, өөрчүп, доорону жүрүп жаткан. Жарманке — тогуз жолдун
тоому. Бери чети: үлгүлүү орус калаалары болсо, экинчи жагы: Кулжа, Кашкар, Хива,
Бухара, Самаркан, Ташкент. Баарынан тең албан-албан казыналар чөлмөктөп
куюлгандай болуп, Каркыранын жайыгына төңкөрүлүп жатты. Жаан артынан АлаТоодон аккан селдей болуп сооданын пулдары токтолбой төгүлүп жаткан. Далай
сандаган коштор менен келген миң-миңдеген койлор Каркыра жайыгын ыжылдаган ак
курттай басканына бир далай мезгил болгон.
Ошондой калың үйүр-үйүр жылкы, бада-бада уй да Албандын жайлоолорун оңдусолду чыйырлап каптаган. Айдыңы аз гана Каркыра жайыгы ийин тирешкен малдан
бети-жүзүн көрсөтпөйт. Каптай баскан туяктан кабыргасы кайышып тумчуккандай. Оор
күрсүнүп ыңгырангандай.
Токтоосуз агылган агын эртели-кеч ак карлуу тоонун арасындагы кыргыздан,
тескейдеги казактан жармаңке казанына төрт тараптын төгөрөгүнөн чөлмөктөп
куйгандай болуп, төрт түлүк малын тизип апкелип жатышты.
Калың уруунун ортосу — Каркыра. Байлыктын улуу өрүшүнө жеткен кең колтук колу
ачык, аңкоо эл: Албан, Бугу, Жарманке жыл он эки айда бир ирет болот. Болгондо да
узак болот. Үч-төрт ай бул жарманке бою асман атып доорон сүрөт. Ошол кезде
жылдык керегин Албан баласы ушу жарманкеден күрөп алат.
Бай көп соода кылып, көп керегин алчу калың эл болгондуктан, соодагердин
жытчыл мурду бул элдин ортосун эбактан тандап алган.
Өрүшкө чыккан койдун жытын сезип, желге карап тумшугун тосуп, ичин тартып жер
тарпып, бет түзөп, жото-жотодон кароол карап, ууга чыккан карышкырдай — ач
пейилдүү жукпас соодагер боркемиктүү, батман куйруктуу Албанды бекерге тандаган
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Дүрбөлөң Заман - 02
  • Büleklär
  • Дүрбөлөң Заман - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3656
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2069
    26.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3848
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2079
    29.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3955
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2090
    28.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3889
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2125
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3872
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2044
    29.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3860
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2050
    29.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3991
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2003
    32.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3835
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1985
    30.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3904
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2041
    31.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3901
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2010
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3956
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2039
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Дүрбөлөң Заман - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3301
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1760
    32.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.