Latin

Акындын Элеси - 01

Süzlärneñ gomumi sanı 3840
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2225
26.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
37.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
44.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
1944-жылдын кышы. От жагылбаган үй суук. Кыштык пальтону желбегей
жамынып, мойнума жүн жоолук оронуп, мээлей кийип «Биздин замандын
кишилерин» жазып олтургам. Бир маалда эшик тымызын ачылды. Көңүл бурган
жокмун.
Алыкулдун үнү жумшак угулду
— Иштеп олтурган белең?..— Иймене калды бейм, адатынча мени
«Көлкөңбай» деп тамашалабастан осолдук сезгенсип тигил жалгыз орундукка
олтура кетти. Ал да пальтосун желбегей жамына кирген экен. Эки өңүрүн жыя
кумтуланып, колдорун бооруна алган калыбында ойлуу, тыптынч олтуруп калды.
Кызы Жыпары чарчап, баш кошкон жары чыгыштык кылып бир үйдө жалгыз
калган ары оорулуу, ары адамга чечилип сыр айтпас ойчул акын өтө түнт,
санаачыл болуп басынып жүргөн кези. Ал курбу-курдаштарына жолугууну
каалабайт. Өзүнүн суук бөлмөсүндө дайым жалгыз. Эмне иштеп, эмне ойлоп,
эмнени окуп жатканын билгизбейт (Ал кезде биз Түш- түк көчөсүндөгү № 61-үйдө
коңшу турчубуз. Ал үйдүн сыртында эки тепкичи болор эле, эрте-кеч үйүнөн
чыккан акын ошол тепкичтин баскычында үңкүйүп, шадылуу колдору уркуйган
тизесин салаалап, алда немени тыңшагансып оң жагына саал моюн бураган
калыбында узакка олтурат. Кээде арык, жотолуу кешпирин шамдай созултуп
короонун ичинде жай басып жүрөт. Ал келгенде, биз жаадырап мүмкүн кадары
анын көңүлүн ачууга, анын ыгы менен болууга тырышабыз. Маектешип, бир топ
«канаттуу» кептер айтылган соң Алыкул саал чымырап, көңүлү ачылайын дейт...
Өз мүнөзүнө жараша сөзмөр, тамашакөй акындын тез аранын ичинде мынчалык
басынып кетишин оорудан көрүп, мен ага өзүм кургак учукту кандай жеңгенимди
кеп салып, өз «тажрийбамды» айтып оорулуу адам, дени сак кишидей жаркын,
шайыр жүрүшү керек. Солуп турган өсүмдүккө суу сол берсе, шайырдык, күлкү
оорулуу адамга кубат, дем берерин айтып бажылдаганымда... Алыкул күлгөн
болуп мулуңдап коёт:
— Ырысын төөдөй, Көлкөнбай... Романынды жаза берсенчи...
Анын ошол «чи...» синде салмактуу күрсүнүү, айтылбаган өкүнүч сезилчү...
Алыкул олтурар замат мен ишти токтоттум. Ал тек зериккенинен келген жок.
Не бир айтар кеби, кенешер ою, не бир иши бар. Ал аны ошол замат чечилип
айтпасын да билем. Аркы-беркиден кеп салышып маектешип олтурдук.
Кандайдыр бир иш көңүлүн бөлгөндөй Алыкул тизесин чыканактап, ээгин таяна
калып тигил этажеркада тизилген китептерге алдыртан көз салат. Кээде менин
айткандарымды укмаксан. Көңүлү тигил китептерде. Ал ошентип узакка олтурду
да менден туңгуч ырларынын жыйнагы «Чолпонстанын» сурады. Өзүн белекке
берген бир нускасы бар, аны катып жүрөмүн дедим. Ордумдан туруп катып
койгон жеримден «Чолпонстанды» алдым да, ага бербей өзүм жыйнакты барактай
олтуруп алданемнелерди сүйлөдүм. Бирок акын кебиме кулак койбостон
колумдагы жыйнактан көзүн албай бир азга олтурду да анан уялгансып,
кыйпычыктай түшүп чечкиндүү өтүндү:
— Окубачы, ушуну. Бирөөнүн үйүнөн ушул жыйнакты көрсөм уялып кетем. Сенде
да турбасын. Өзүмө берчи?...
— Тан калгансып каткыра күлдүм да, жыйнакта жакшынакай эле ырлар
басылганын айтып, автордон алган белекти кайра бербесиме мен да бекем
турдум. Алыкул ага өкүндү. Бербесиме көзү жеткенде аны эчкимге көрсөтпөй
катып коюшумду суранды.
Акыры катып жүрүп да мен «Чолпонстанды» таппай калдым. Аны мага
көрсөтпөй автор алдыбы не башка бирөө алдыбы билбейм. Бирок бир катар
ырлар жыйнагынын автору, улуу Шота Руставелинин «Жолборс терисин кийген
баатырын» кыргыз тилине татынакай которгон таланттуу акындын эмне ой
менен ошентип өз чыгармасын өзү жерип, аны көргүсү келбей аны окуучунун
колунан көрсө уялып, өкүнүп жүргөнү чынында эле а дегенде бизге түшүнүксүз
болучу. Кайран акын ушинтип жаза албай өксүп калабы, деген өкүнүчтүү
божомолдор да бар эле. Артыкча, Алыкулдун кыргыз Гимни үчүн жазган үч
куплети кургак, өтө көркөмсүз болуп калганын окуганыбызда, аны жазган
акындан үмүт үзүп коё жаздап, аны аяп калдык. Кээки жолдоштору анын
сыртынан анекдот айтышып этиетсиздик иштешти. Акындын үй-бүлөлүк
турмушуна, түнт мүнөзүнө байланыштырып артыкча — «Пальтосу жаны порум,
кара жака» кээки аяштар, жеңил ойлуулук менен —«Көзү ойноп, кызыл эрди жыпжып этир",— Токтой тур, тигил дагы келсин дешип» эбиреген кызыл эриндери
эриндериче тийбей айыпсыз акынды сырттан жамандашкан сайын... «Да... да» лап
жер тепкилеп четки эмеси» ушак-айыңдарга от тутандырышы тек каңырыштан
чыккан айын боюнча чалып, ал кезде турмушту кеңири баамдап, акындыктын
жаман-жакшысын таасын ылгай баштаган ойчул акын талантын курчутту:
Ал кезде, мен олтурдум үйдө жалгыз,
Ойлордон-ойго батып, түпсүз-сансыз.
Аттиң ай, бир чоң килем соксом ээ дейм,
Бир четин мүлдө кыргыз көтөрө алгыс...
Ошентти. Ойчул акын Пушкинден, Шотадан, Гётеден акыл суроо менен
баамчылдыгын күчөттү, чеберчиликти өздөштүрдү. Күрп-күрп кан жөткүрүп
олтуруп, бал эмгектин даамын татты.
Өңү өчүп, оңой менен гүлү оңбогон,
Жанагы «жаман» деген «жакшылардын» —
Сөзүнүн, чын-калпына күбө болгон.
Элдик маданиятка түбөлүк салым болучу асыл килемин кирпик менен сокту.
Бирок акындын жанын кейитип, жүрөгүн сыздаткан жаман- доонун учугу башка
жакта. Ал, акындын өзү эмес, анын эмгегине ушак айтуу, эмгегин бурмалап,
эмгегин жамандоо болучу.
1940-жылы акын, ырлар жыйнагынын кол жазмасын Кыргызмамбаска
тапшырат. Али басма көрө элек, басууга сунуш кылынган гана жыйнакты колуна
алган бир редактор кол жазмадагы өзү байкаган бирин-эки мүчүлүштөрдү
авторго көрсөтүп, ага редакторлук кеңешин берүүнүн ордуна, кош маанилүү бир
сөздү бурмалап авторго оор саясий айып тагат. Ал ошол жыйнакка киргизилген
бир ырдагы — «Жутунган европанын өрт балдары» деген саптагы «Жутунган» де
ген сөз. Албетте, акын бул сөздүн маанисин редактор бурмалагандай — «Тоюнбас,
сук» деген мааниде албастан, «Тайманбас, тартынбас» деген оң мааниде алган.
Ошентсе да мааниси так эмес—кош маани туудурган сөздү акын ырында
колдонбой койгондо дурус болмок. Албетте бул жаш акындын али өз эне тилин
жакшы билбестигинен кетирилген мүчүлүшү болучу.
Айтор ал жолу, жыйнагы жарык көрбөй калган акын тек сын угуу менен тим
калбастан узак мезгил текшерилип жүрдү. Дал ошол күндөрдө ал басынып,
чүнчүп, түнт тартты. Жалгыздыкка берилди. Түндүн кайсы маалында үйдөн
чыкканыңда акындын карааны үңкүйүп, бозоруп тепкичте олтурганын, не эч
дабышсыз көлөкөдөй үрүң-бараң тартып басып жүргөнүн көргөнүндө жүрөк
сыздачу;. Ал көп учурда беймаал убакта ошентип жалгыз жүргөнүн адамга
билдирбеске аракет кылат. Себеби жок жерден адамдын тынчын алууну кандай
жактырбаса, өзүнүн күлгүн өмүрүндө бөйдө кайгы тартып, оор кеселге чалдыгып,
жанга күйүмдүү жарсыз, эркелеткен баласыз жалгыз соколой башы ушунтип
басып калгандыгын адамга «билгизбеске» тырышат... Беймаал убакта жалгыз
басып жүргөндүгү жөнүндө сурай калсак, ал аны жактырбай, уккусу келбей,
алтургай андан бирөө анткорлонуп, жаман ой менен сурагансып өкүнүп, өзгөрүлө
түшөт. Андай учурда ал эчким менен сүйлөшпөйт. Тек сыпайкерчилик көрсөтүп
жанында жүргөнү болбосо, баягыдай эле жападан жалгыз, баягыдай эле ойлуу,
түнт, жанындагы адамды унутуп өз дүйнөсүндө. Алтургай көңүлү сүйбөгөн
кишиден жүз буруп «Сени менен жүргүчө жалгыздыгым артык. Ойго батам... Ыр
табам...» дегени айтпаса да байкалат. Ошентти. Ал кез: ойчул акындын кээ бир
татаал кырдаалдардан улам басынып чөккөнү эмес, акындык намысы курчуп,
жүүнү бош ырларды танып, поэзиянын жалынын жандыруу жолун издегени,
ушул жашына чейин:
Мен уялам; мына мындан уялам:
Көзгө толор бир чоң эмгек кылбагам!
Колун кезеп, жолуң болгур дегенсийт,
Жер шарынан күлүк учкан заманам.
деп өзүнүн замана алдында акындык ыйык милдетти али мажрөө аткарган
чабалдыгына өкүнүп уялганы болучу. Бирок ушул өзүн уялткан чабалдыкты
канткенде жеңер жолун изденүүсү — дал ошол кытмыр редактордун өкүнүчтүү
«чабуулунан» кийин ого бетер тездетилди, ого бетер акындык намысы аны
тынчытпады.
Дал ошондон кийин Алыкул баштакы жазылган чабал ырларын өзү
жактырбай, аларды кишиге окутпай, кокус бирөөнүн үйүнөн жыйнагын көрүп
калса аны алып жок кылып, өз эмгегин өзү танды, өз үйүнөн безди. Жаз, күз,
кайбир учурларда кыш айларында да ал эл аралап кетет. Сөзмөр кишилердин
баянына канат. Жандуу сүйлөмдөргө кулак коюп, таамай айтылган канаттуу
сөздөрдү, тамсилдерди, нускоолу кеп-сөздөрдү, лакап-макалдарды эсине тутуп,
күндөлүгүнө жазып кайтат. Ал а дегенде, Чүйдөгү, Ысык-Көл өрөөнүндөгү бир
катар колхоздордо болгондон кийин — «Жайлай эгинимди асырадым. Эми
түшүмүн алам» деген дыйканча, не Чолпон-Атага, не Жети-Өгүзгө, не Койсары
менен Ысык-Атанын бирине айлап жатып бир жактан өзүнүн начардап кеткен
ден соолугун асырап, бир жактан — «Чабыттап жем издеген ак баарчындай»
сонундап «...эки—үч сап ыр таап келишке»... жарык талантын жумшап койду. Ал
ажал коюндаш жүргөндөй, бирок Ысык-Көлдүн мөлдүр толкуну, Ала-Тоонун
салкын илеби аны ажалга бербей, өмүрүн сактап, аны коргоп, асырап багып
турганын өтө кубанып кеп салганында кумсарган иреңине кан жүгүрүп, көңүлү
ачыла түшүп, мулуңдап, кол жоолугу менен оозу-мурдун тез-тез сүртүнө кубанат.
— Ол да биздин жер-суубуз ай! Кылымдан кылымдарга жомоктолгон сонун
баяндарды барактаган Ала-Тоо өзөндөрүчү...
Толкундаган акынды тымызын кубаттап коём:
— Жазылбай калган китептер канча! Аларды тымпыя сактап улуу тоолор
менсинип зыңгырайт, жакшылап сырдашсак, беришээр бекен, Алыкул?
Акын кепке сараң. Ал тек сени менен маектешкенсип коюп ичтен күнгүрөнүп,
өз дүнүйөсү менен алек. — «Ал кандай, күн батарда көл укмуштуу, кандайдыр
жанга салкын мындагы уу-чуу... Кымыздай чөйчөгүндө сапырылып, жаштыктай
күү-шаа этет көбүк чачып...»
—...пай, пай! Ысык-Көлдүн касиети ай. Эл аралаш керек, эл аралаш керек,
Көлкөңбай...
Жеткен тамашасын акын ушуну менен аяктатат. Ал аша берилсе эл ичинде
жүрүп таап келген татынакай ырларынан эки-үчтү окуп коёт. Чынын айтыш
керек. Ыр окууда Алыкул анча машыккан устат эмес болучу. Үнү пас, саал
долдурабыраак чыгып, дирилдеген үнүндө болор-болбос шашмалык байкалат.
Ошенткен менен бирде коңур тарткан үнүндө өзүнчө ыргак, өзүнчө так сүйкүм
бар. Сабактын акырына чекит коёрунда өзөктөн муңкана чыккан жумшак илеп
урулат:
Кечээги жоготулган балалыктай,
Аралдын аржагына сүзгөн ак куу... дегенде жумшак муңкануу; түпкүрдөн
угулат. Акындын дал ушул илебин угууну каалап:
— Дагы кандай ырларың бар? Окуп кой дегенибизде; ал оң кыялы кармаса, дагы
бир аз окуйт. Сол кыялы кармаса, кол жоолугу менен оозу-мурдун сүртүнгөн
болуп, мулуңдап, андан бирөө талашы жаткансып кол жазмасын столдун
тарткычына салууга ашыгат. Андан кийин жаңы эле сатылып келинген сыяктуу
столунун үстү таптаза болуп, өзү да эч-эчтемке көрбөгөн-билбеген кишиче
коржоюп, тизесин кучактап олтуруп калат.
Ошентет. Өз баамында абдан жетилген, өз купулуна толуп, өз көңүлүнө жаккан
гана ырларын окуп коюп... анан аны окуганына да өкүнүп калгансыйт. Өтө
кызганчаак эне кут төгүлгөн бешикте нурга бөлөнүп көшүлгөн эгиз уулун
байкоосуздан жаман көзгө көрсөтүп, кайра ичи тартына түшкөн сыңары...«Ушул
ырларымды эмне үчүн кишиге угуза окудум? Жетиле элек го? Жакпай калды го?»
— дегендей кээде өкүнүчтүү кебетеде басынат, кейигенсийт. Окулган ырларын
мактай берсең, аны уккусу келбей ошол замат шадылуу узун колун жаңсай:
Койчу... аны айтпачы. Жакшы ыр биздин кол жеткис жай, да... О-о... бизге али
иштеш, иштеш керек...
Акындын өзүнө өзү канааттанбагандыгы кай кездерде чегинен аша түшүп, ал
өтө эле эч-эчтемени жактырбас — кызганчаак, ой пикирге аша сараң, деле оңой
менен жакшыны тааныгысы келбеген «ичи тар» өңдөнүп кетичү... Алтургай
мындан аз эле жыл мурда өзү сүйгөн, өзү баалаган акындарга азыр этиет сын көзү
менен карап, алардын өздөрүн да, жазгандарын да этиет талдап; кокус бир
акындын супсак ырын басмадан көрүп калса, аны өзү жазып, байкабай чыгартып
жибергенсип, супсак ырдын автору үчүн өзү уялат.
— Ыр деп эле жаза берет экенбиз да. Уйкашкандын баары ыр болбосун теги
байкасак боло?! Койчу, мындайды окубай эле коёлу...— Ал ошол замат колундагы
супсак ыр басылган газетаны бүктөй салат. Не чаңын күбүгөнсүп этегин чапкылап
ордунан ашыга турат, не алда кимге таарынгансып коржойгон тизесин
чыканактап, ээгин таянып ойлонуп олтуруп калат.
Ал өзү менен өзү маектешкендей, өзү менен өзү сырдашкандай ойлуу, түнт.
(Балким, анын түнттүгү саздын түнөргөн мөлдүр кудугундай тымып, мелтиреп,
чегинен аша түшөр). Ошентсе да өзү менен өзү болгон ойчул акындын ички
дүйнөсү жакшы пейилге, терең сырга бай. Ал уч-кыйрына көз жеткис деңиз
мейкиндигиндей — нукура акындык кыялдын канатын жая бийикте шаңшыган
көрөгөч кыраандай:
«Мен барармын, кыш соңунда барармын,
Кыш бүткөнчө ушул жерде калармын,
Келген-кеткен конуп-түнөп өтсүн деп,
Төрт бөлмөлүү ырдан бир там салармын» —
деген ыйык шаңшуусун ичтен кайталап, ичтен жаттай, акындык максатка алагды.
Төрт бөлмөлүү ырдан бүтчү жарык имаратка поэзиялык асыл боёкторду
ааламдан издеген чебер акын дүйнөлүк адабиятты талыкпай окуп, терең ойлонуп,
дүйнөлүк устаттары менен да сырдашып, кооздукту көз алдына элестете
табийгаттын көркүнөн, кубулушунан да сыр сурап, эл-жерден да сыр сурап асыл
максатын, акыл-таланттын чабытында:
Ах, чиркин, биздин күндөр кандай таттуу,
Бүгүндөн эртеңкиси ыракаттуу!..
Табийгат жана анын музыкасы —
Күн санап кандай сулуу, кандай шаттуу!
Табийгаттын шаңдуу- музыкасына үн кошкон баамчыл, чебер, акпейил акын
бийиктен шаңшып, өзүнүн жарык дүйнөсү менен элине, адамга ак пейил тиледи:
Тилегим: кийми болсун жибек, шайы,
Жагымдуу, жайлуу болсун жүргөн жайы
Балдары аман болуп, тукуму өссүн,
Кант, шекер, бал татысын ичкен чайы.
Баса, бул тек кана ак пейилдүүлүк көрсөткөн тилек бекен? Жок! Бул — асыл
поэзиянын курч куралын таптап: жыргалы, таалайы, өмүрү балдарынын, укумтукумунун амандыгы үчүн адамга жигер берүү. «Таш идишке куйган» бактысын
жоомарттык менен кош колдоп кароолчунун баласына бөлүшүү:
Берем,
Алсын!
Сатпайм, кадыр-баркымды, Уйчу, койчу,
Кетменчинин —
Менмин кымбат акыны.
Баалай келсе тең келе албайт,
Бул ааламдын алтыны!
Баса, кээкилерче ажаандык менен өзүнө күнүмдүк даңк талашпастан өзүнөн өзү
келип турган алп эмгектин зор сыймыгын уйчу, койчунун балдарына бөлүшкөн,
элине бөлүшкөн акпейил жоомарттыктан кымбат эмне бар, дүйнөдө. Ичи
тардыкты, сараңдыкты, карамүртөстүктү — деле эч бир терс сапатты адамдарга
каалабай; андай жаман нерселерден адамдарды сактап, коргоп, адамдарга
жоомарттыкты, ак-пейилдүүлүктү, берекени — деле бардык жакшы нерселерди
берешен күздүн берекелүү жемишиндей, берекелүү акындык дасторконго салып
адамдарды меймандап сыйлап туруудан ыйык кандай сый бар, дүйнөдө. Акын
жүрөгүндөгү ошол ак пейлин жоомарттык менен бөлүшүп, адилдик үчүн
майданга чыкты. Ал, ааламга тегиз саябасын тийгизер адилдиктин байтерегин
өндүрчү Жер. Бардык сонун касиеттер, бардык ыйык иштер Жерде. Ырысберекенин түгөнгүс булагы Жерде. Кара кылды как жарган калыстуулук. адилдик
Жерде. Биз жердин балдары караниеттүүлүктү, караөзгөйлүктү таштандыдай
тереңге көөмп салып, адил күрөшкө чыгалы. Эртеңки жыргалыбыз үчүн «Бир
жеңден кол, бир жакадан баш чыгарышып» таалай табалы, жарык заман куралы:
Эгерде ай кызганып, күн түртпөсө,
Жер шарын колтугума кысып алыл,
Мейманга барар элем эки-үч күнгө!
Көрсөтүп бир тилектүү жер баласын,
Болгондо — биз сыяктуу эр данасын!
Көп турбай кайра түшүп келер элем,
Таанытып адилдиктин заманасын.
Көркөм сөздүн жагымдуу куралын ушундай чебер жумшап, чебер кынаптап
ыйык майданга аттанган акын баштакы жаштыгына, чабалдыгына өкүнүп,
уялып; азыр ал мажрөөлүктү этегине жабышкан саманды серпкендей силкип
таштап, акындык эргүүсүндө жетилтип келаткан кезинде Алыкул, кээ бир
каламдаштарынын да айрым кем- кетиги үчүн өкүндү. Алардын жетилишин
каалады. Антпесе, канчалык зыңгырабасын жалгыз аска тоо кыркасын куралбайт
да. Тарыхы бар түптүү элдин — кечээкисин, бүгүнкүсүн, эртеңкисин бардык
жагынан кеңири баяндап, чебер сүрөттөгөн — бай мурастуу чоң адабият
жаратыш үчүн аны жаратышчу таланттардын катарлары калың болууга тийиш.
Биз, тек кара чабуулдагыларды каалабайбыз. Кадимки коо бузган койкашка
күлүктөрдөй дүбүртү күчтүү — залкар таланттар көп болсо дейбиз. — Прозанын,
поэзиянын, драманын, балдар адабиятынын, айтор ар бир жанрдын туусун
намыстуу, бийик көтөрүшкөн ондогон «кол башчылары» болсо, жалпы эле элдик
чоң маданиятка кыргыз жазуучуларынын кошкон салымы ташкын дарыядай
күрпүлдөп куюлбайбы! Атаганат, көп кечикпей ошондой күрдөөлгө тез жетишсек
э!
Кез кез маектешип олтурганыбызда Алыкулдун көп көксөгөн тилегинин бири
ушул — кыргыз жазуучуларынын катары ошондой шыктуу, акыл-эстүү жаштар
менен толуктанып тез эле парандуу болушун көксөчү. Жазуучулук — эң ыйык
кесип. Жазуучумун деген адам, (ал чын жазуучу болсо) ал баамчыл, адамга арам
санабаган ак пейил, көрөгөч, калыс, кечиримчил, боорукер болушка милдеттүү да.
Себеби, ал жазган китеби аркылуу адабият окуучулары менен маектешет. Аларга
акыл, кеңеш кошот. Тарбия-таалим берет. Турмуштук таасын сабактарды таасын
сүрөттөп элестетүү аркылуу адамдарга туура жолду көрсөтөт. Эмесе, жазуучунун
жазгандары менен анын жүргөн жүрүмү, иштеген иштери, айткан кеп-сөздөрү эки
ажырым кетишке тийиш эмес. Бирок... тилекке каршы жазуучулардын катары көп
учурларда ар кыл адамдар менен толуктанып калат. Олдоксон, эпсиз каңылдаган
жамакчыларга карай — «Уялбаган ырчы болот» деп элибиз таамай айткандай
арабыздагы жазуучу атанган кээ бирлер көкшилти «чыгармаларын» сунуш
этиштен уялбай тажатып келишсе, кээси андан да ашкан шылуундук, колдон
суурулган эптүүлүк менен басмадан орун алат. Андан ары ага даба жок, жол ачык.
Бардык мүмкүнчүлүгү келе калса, болду. Адабияттын камын көргөн киши болуп,
ал уурт көбүртөт, эркинче кекиликтейт. Бирок ал сырттан ошондой көрүнгөн
менен анын бардык аракети өзүнө жол ачуу, текиреңдеп араң келатканы менен
иши жок өз атын жылоолоп, өз атын сүрөөгө алуу болот. Алыкулдун каалабаганы,
сүйбөгөнү, жек көргөнү, жийиркенгени дал ошондой уятсыз өзүмчүлдөр болор
эле. Чогулуштарда, не пленумдарда ошондой өзүмчүл бирөө чыр-чатактын учугун
чубап, маңызсыз сүйлөй баштаса, Алыкул аны угуп олтуралбай чыгып кетет. Деле
өзүнө тиешеси жок болсо да, тигинин куру чечендикке салып маңызсыз
сүйлөгөнүн жактырбайт, ал үчүн уялат. — Уялбагандан өзүң уял деген ушул.
Жанагы сөзүн бүттүбү, теги? — деп кейип-кепчип, жоолугу менен оозун сүртүнүп,
сыртта ары-бери басып турат...
— Бейбаш келжирегенче турмушту араласак боло... Жалпы адабияттын
кызыкчылыгы үчүн күч жумшасак боло...
Албетте, акын сыртта жалгыз кыжырлануунун ордуна кетпей олтуруп,
алтургай өзү сөз алын, адабиятты өнүктүрүү жөнүндөгү өз оюн ачыкка салып,
коллективге кайрылган болсо, ал коомдук ишке катышууда өз активдүүлүгүн
ачык көрсөткөн болор эле. Бирок, ден соолугу начар, өз ичинен күйгөн түнт акын
антпейт. Андай ишке акын жөндөмүнүн жоктугунан эмес, ага өз пейли
чаппагандыктан, коллектив алдында бирөөнүн беделин түшүргүсү
келбегендиктен ал, ошентип, байкабаган көзгө — «коомдук иштерге катышпаган
пассивдүү» адамдай көрүнөт. Чындыгында, чынчыл, намыскөй акын эң чыйрак
активдүүлүктү өз талантына берди. Чыгармачылыгына жумшады. Ал жеке эле өз
чыгармачылыгына убакыт өткөрүп тим калган жок. Анын сыр сандыгынын
ачкычын таба билген каламдаштары адабият жөнүндөгү анын баалуу
пикирлерин бөлүшөбүз. Жаштарга Алыкул кеңешин аябады, алардын
чыгармаларына оюн айтты, таасын талдоолору менен жаш талапка жардамын
берди. Акындын кеп-кеңештеринен да, жаңы өстөнгө теминген кашка суудай
мөлдүр тарткан көркү тунук, мааниси терең татынакай лирикалуу ырлары, сонун
поэмалары адабиятка ат салышкан жаштарга өзүнчө мектеп, аларды жаңы
багытка чакырган, жаңы ыкмага, табылгага үйрөткөн жакшы жөрөлгө болду.
Акындын талантына сыйынып, анын чыгармасынан таалим алган жаштар кээде
акындын үйүнө келишчү. Аларга кымбат кеңештерин, өз тажрыйбасын айтып
берүүдөн акын тажачу эмес. Алтургай кыргыз поэзиясын жаңы өстөнгө буруудагы
анын татынакай табылгасы биздей улууларга да дээрлик үлгү болгондугун
эскербесек калыстыктан таяр элек...
... Күндөрдүн биринде Алыкул экөөбүз анын үйүндө маектешип олтурабыз. Ал
Түштүк жерин кыдырып кайткан. Иреңине чыгып, көңүлдүү, чечилип жайдары.
Столунун тарткычынан улам бир блокнотту алып, барактап коёт. Андагы
жазууларды ачык окубайт. Элдик ырларды, лакап-макалдарды, уламыштарды бир
топ жазып алганы байкалды... — Түштүк кыргыздын элдик ырларындагы
өзгөчөлүктөрдү айтып кызыгуу менен кеп салды:
— Ушул кезге чейин эч билбеген экенбиз. Түштүк эл ырларынын өзүнчө
ыргагы, өзүнчө обону, күүсү бар. Сөздөрү салмактуу, уйкалыштары так, орундуу,
бай. Ал эми тиличи... Түндүктөн укпаган сөздөрдү Түштүктөн көп уктум. Азыркы
кезде кеңири колдонулган нукура элдик тил!
Алыкул алданемнени эстей калдыбы? Башын бир чайкап койду да суктанып
кызыга түштү: — издеп тапкыс кызыктуу уламыштар, эчен таамай, сонун
айтылган лакап-макалдар, канаттуу сөздөр түштүк элинде бай сүйлөнөт. Азыр
аларга кол тие элек... Биз тургай ошол жактын кулундары чолуп айтыша элек
тура. Жазуучу үчүн кечиримсиз. Биз ал жакка көбүрөөк барууга милдеттүүбүз...
Баамчыл, көрөгөч, байкагыч акын ошентип эл арасына барып кайткан сайын
— изилдөө жүргүзүп, жаңы кен тапкан геолог сыңары чоң кубанычта кудуңдап,
кампайып келет. Оорулуу жаны эл ара- сында жүрүп, ал оор илдетинен сакая
түшкөнсүп иреңине келип, күнгө күйүп, беттеринин отуна кан ойноп, бирер
кездерге чейин санаасыз, ойсуз өз үйүндө узакка, узакка жалгыз олтуруп иштей
берет, иштей берет... Акын иштеген кезинде, анын бөлмөсү жым- жырт. Эч дабышшыбыш угулбай — анын үйүнө далайдан бери жан каттабагансып эшиги бекем
жабык, тым-тырс. Эшик-терезелери да, үйү да, анын ичинде өзү да мелтиреп катуу
уйкуга баткандай... Ошентсе да бирер мезгилде ошол тынычтыкта мемиреген
үйдү созолонгон, муңканган сонун музыка ойготот. Чыкылдаган минут санап
баятан ыр чубурткан акын, эми кана приемникке кол тийгизип, музыка
деңизинин толкунунда кыялга батып, дем алууда. Дал ушул мезгилде, эшигин
шарт ачып, бажылдай сүйлөп үстүнө кирип барсаң, — «Келгин» деп да койбойт,
сени көрбөй да калат. Пальтосун желбегей жамынып, жылаңбаш бөлмөнүн
ортосунда ары-бери басып турган болот. Не уркуйган тизесин кучактап, алыстан
дүбүрт уккансып, башын саал оң жакка кыйшайтып алыска карап, ойго батып,
муңканган музыканын кучагында эч кимди элес албайт...
Баса, музыка деңизинин толкунунда көбүк серпкен канатын жай сермеген
асыл сезим, терең ойдун акыны ушул кезде тестиер чагын көз алдына келтирип,
мейкиндикте эргип, «Жаа, жаа жамгырын» ырдап; тамчы черткен ташбаканы
көрүп, бетегенин түбүнөн бырп учкан «Бөк, бөк бөдөнөсүн» кубалап; андан ары
кыялында — «Кыйтуулап бүркүт таптап», «Тай күлүгүн жарыштырып» анан.
жибек көйнөгү жаанга суу болгон эрке кыздын өкүнгөнүнө күлүп; андан тоо
жоготуп, анын ордун сыйпалап, андан жетим козунун арманын уга чарчап үйүнө
кайтар замат, өзү коңшусунан суу талашып, помидорун сугарып, өзү да суусап...
айтор, шаңшыган, мунканган, ыргаккан музыкадан суусун сурап:
Мен суу ичпейм, тандай катып турганда,
Мен нан жебейм алдан тайып курганда,
Музыкадай мага таттуу суусун жок
Берчи мага,
Берчи мага,
Жарым кашык музыка! —
деп музыка деңизинен суусун кандыра асыл ырларды жараткан эң жооптуу
сапарында кыялга баткан акын, баса, бул учурда, өзүнүн ыйык ишинен башка
эмнеге көңүл бурмак эле!
Музыка, акындын канын үрөп, сезимин дирилдеткендей. Суу ичпей обонго
суусун кандыруу — ар бир акындын колунан келеби? Жок! Көңүлүбүзгө албайлы.
Айрымдарыбыз андай касиеттен курубуз да?! Ал, эненин сүтү менен бирге келчү
нерсе. Ошентсе да жалпы маданияттан кеңири кабары бар адам музыканы да
кулактын сыртынан кетирбес. Эң болбосо обонду үстүртөн түшүнбөсө, ал артыкча
акын үчүн чоң кемчилик. Эриши болсо да, аркаксыз калган жалаң кабат өрмөктөй
анын ырлары түргө келбейт. — Тек курулай уйкаштыкта лепилдегенсип... бирок
эргип учар канатсыз «жылаңайлак» жамактын түрмөгүн түрөт. Анда ыргаккан
обон, тереңден кайнап чыккан кайнар булактай жалындуу лирика кайда?!
Көзгө көрүнбөс «майда» темага терең маани берип, кыска, так музыкалык
обонду ыр саптарында безенткен Алыкул ички зор дүйнөсүндө, күчтүү сезиминде
музыкага ошентип суусунун кандыра билген. Туш келди жерден кайнар булак
оргуштабайт. Ал өзүнүн чыкчу жерин табат. Акыл, талант айкалыша келгенинде
да ал өзүнүн оргуштап чыгар жерин таппай калуусу ыктымал. Муну көбүнчө,
ошол акыл, таланттын өз ээсинин аларды туура багыттап асыроосу өнүктүрчү
нерсе. Арийне асыроо жарашпаса, талант өчөт, акыл бөксөрөт. Алардын табы
жарашса, талант курчуйт, акыл эргийт. Буга, дале болсо, түйшүкчүл акын Алыкул
Осмоновдун өз талантына болгон «мүнүшкерлиги» айгине далил.
Алыкул башкаларыбыздай эле, жаш да, жашык да болучу. Анча ылгабай,
ойлонбой туруп «чулуң» этиш, жолдошуна сыр чечпей ага таарына калыш,
алтургай түнттүк, бир мүнөздүүлүк сыяктуу терс сапаттардан ал да куру эмес
болучу. Ушул мүнөздөрү анын жеке турмушуна салакасын тийгизбей койгон жок.
Ошентсе да, ич тардыктын, кекчилдиктин, көрө албастыктын ыплас баткагынан
бир бутун тартса, бир бутун матырып ыркырап-чыркыраган алсыз... (текст
жоголгон).... Алыкул өз башындагы айрым кемчиликтерди өлгөнчө (текст
жоголгон).... кылбады. — Ийри чыккан бутакты туура багыттаса, (текст
жоголгон).... кеткен сыяктуу — баамчыл, чоң акын катарында Алыкул (текст
жоголгон).... дагы майда-барат кемчиликтерди силкип таштады да, (текст
жоголгон).... менен кен адымдап өз талантын тарбиялады. Ал чебер (текст
жоголгон).... өздөштүрүш үчүн Шекспир, Руставели, Низами, Пушкин сыяктуу
поэзия алптарынын көрүнүктүү чыгармаларын кыргыз тилине которду. Эки
тилди бирдей билем деген кээки котормочуларча ал м (текст жоголгон)....
койгон жок. Же тигил, же бул чыгарманы которуудан мурда изденүү ишин
баштады. Аркыл котормолорду изилдеди. Алардагы ийгиликтерди өзүнө үлгү
катары пайдаланса, андагы кемчиликтерди кайталабаска тырышты. Дал ошондой
чоң эмгектенүүнүн натыйжасында жыйырмадан жаңы ашкан курагында, улуу
Руставелинин атактуу поэмасын эң көркөм, эң түшүнүктүү тил менен жагымдуу
ыргакка салып, өз элине тартуу тартты... Дал ошол «Жолборс терисин кийген
баатырды» которуу акынга эң жарык мектеп болду бейм. Артыкча ошондон
кийин ал, музыканы, сүрөттү — жалпы маданиятты терең таанууну баштагыдан
көрө көп кайталап кеп салат. Баса, поэзия, музыка, сүрөт зор маданият токоюна
көрк берген үч өзөк — эң көркөм зор чынарлар да! Ушул үч өзөк чынардын
саябасында — үчөөнү бирдей сүйгөн, үчөөнү бирдей тааныган акын, акындардын
эң таалайлуусу, эң билимдүүсү, маданияттуусу го.
Эмесе, биздин акындардын катарынан асыл Алыкул, дал ошондой —
маданияттын үч өзөгүн бирдей сүйгөн, бирдей таанып, бирдей баалай билген
баамчыл, көрөгөч, сезгич — эң таалайлуу акыныбыз болучу! Дал ошол касиеттер,
ага чалгыны күүлү канат берди. Ал ошол акындыктын күүлү чалгынын эркин
сермеп, кыргыз поэзиясын бийикке көтөрдү. Кыска өмүрүндө, элине баалуу
мурастар калтырды. — Чоң ишмер Александр Фадеевдин аныктамасы менен
Алыкул Осмонов — заманыбыздын улуу классиктеринин катарына өттү!
Ошентти. Күн өткөн сайын дүбүртү катуулаган улуу акын Алыкул Осмонов
өзүнүн нурдай жаркын поэзиясын ырдап ал дайым тирүү, дайым катарда!
... Пьеса жазууга Алыкул көп убактысын өлтүрүп, көп күчүн зарып кылды. Биз
бул жерде «өлтүрүп» деген терминди бекеринен айтпадык. Прозанын, поэзиянын
жолу шыдыр сыяктуу. Себеби, алар рецензенттин, редактордун гана колунан өтөт.
Пьеса, коллективдин күчү менен сахнада көрсөтүлчү нерсе болгондуктан анын
«киндик энеси» бүт коллектив. Албетте, көп учурда коллектив өз ара ынтымактуу
болушуп, авторго мээрим кылышат. Бирок маал- маал драматург ал мээримден
ала албай да калат. Бирине жаккан пьеса, бирине жакпай калса, көбүнө жагып
туруп азына жакпай калса да, алтургай баарына жагып туруп... бирөөгө жакпай
калса болгону — пьесаң кургур сахна көрбөйт. Сахна көрбөгөн соң, ага басмадан
да орун тийбейт. Ошентет. Драматург Алыкулдун өмүр бою жазган пьесалары
(алар акындын экинчи томуна топтолду) өз кезинде дал ошондой себептер менен
көрүүчүлөргө жете алган жок. Бирок намыстуу драматург, пьесасын сахнага
чыгарып, көрүүчүлөрдөн кымбат пикир угууга чоң дилгир эле. Ал, улам бир
пьесаны жазып, аны далай жолу талыкпай коллективге окуп жүрдү. — «Жакшы
кабыл алышты. Пьесам коюлмак болду», — деп далай жолу кубанып келди..)
Далай жолу, далай жолу:
— Бир айтканын унутуп салып, терс айтчулары да бар экен. Жададым. Мага
окшогон эпсиз кургурларга тил алышса, пьеса жазбагын дейм?!— деп, бозоруп,
кейип кайтты... Айтор, неси болсо да акындын драмалык чыгармаларынын көбү
өз мезгилинде мөмөлөй албады. Алар, тек, папкаларда сакталып калды. Албетте
драмалык чыгармалары анын поэзиясындай жетилбеген. Алар айрым
кемчиликтерден куру эмес. Ошентсе да, алар өз учуруна толук жооп берген дурус
пьесалар болучу.
Атаганат, өз мезгилинде мөмөлөп, өз мезгилинде бышкан жемиштен ширин
жемиш болчу беле! Аларды мөмөлөтүш үчүн Алыкул канчалык аракеттенди.
Талыкпай иштөө, бирок ал иштен өз учурун- да үзүр көрбөө машакаты канча
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Акындын Элеси - 02
  • Büleklär
  • Акындын Элеси - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3840
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2225
    26.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3736
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2283
    26.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3811
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2151
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3982
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2076
    31.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3859
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2239
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3940
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2064
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2049
    28.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3794
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2098
    26.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3825
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2063
    28.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3649
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1939
    27.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3813
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1876
    29.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3816
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1931
    30.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3826
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2135
    28.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3817
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2076
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3692
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1499
    35.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Акындын Элеси - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 2613
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 815
    30.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.