Latin

Умай бала - 01

Süzlärneñ gomumi sanı 4100
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1995
31.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
44.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
49.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Романтикалуу
жомок-повестъ
С.Рысбаевдин бул жаңы китебинде бүгүнкү
күндөгү оош-кыйыштуу заман, андагы айрым
криминалдуу топтордун балдардын өмүрүнө
жана ден соолугуна жасаган зордук-зомбулук­
тары, заманга жараша балдарга билим-тарбия
берүүнүн түйүндүү маселелери, алардын өмүрүн,
балалыгын коргоп калуу жана өнүктүрүү үчүн
акыл-эстүүлүктүн күрөшү чагылдырылган.
Жомок-повесттин окуясы Жашыл-Нурабад
аттуу шаарда бүгүнкү эле күндөрдө болуп өтөт.
Ошол шаарда балдарды түрдүү криминалдуу
жана кырсыктуу кырдаалдардан сактап калууда
автор тарабынан табылган поэтикалуу жомок­
тук каарман - Умай бала зор аракеттерди жа­
сайт. Адамдарды акыл-эстүүлүккө үндөө менен,
бала тагдыры үчүн улууларды ойлонууга чакы­
рат, дилин тазартууга жетелейт. Акылтайдын
образы аркылуу автор бүгүнкү күндөгү кыргыз
баласынын жаңы бейнесин тартууга жана аны
издөөгө кыйла аракеттенген.
Окуясы кызыктуу, чебер тил менен жазыл­
ган бул повесть автордун жаңы поэтикалуу та­
былгалары менен коштолуп, балдарыбыздын
гана эмес, ата-энелеринин да жүрөгүнөн орун
тапкан сүйүктүү китебинен болуп каларында
шек жок.
Баян башы
Балдар, мен силерге жаңы баяным­
ды айтып берейин. Көңүл салып окугу­
ла. Чынбы же жалганбы, илгери-илгери
Жер жаңы жаралганда Теңир ата жана
Умай эне кошо жаралыптыр. Алар адам
баласы жер бетинде жаңы басып тиричи­
лик кыла баштагандагы алгачкы адам­
дар экен. Азыркы элдердин баары ошол
экөөнөн көбөйүп, ошол экөөнөн таралып­
тыр. Ошондуктан, алардын урпактары
ал экөөнү атабыз-энебиз дешип, бирин
Теңир ата деп, экинчисин Умай эне деп
атап калышкан экен.
Теңир дегени - баарыбыздын атабыз,
баарыбызга тең, бирдей ата дегени тура.
Ал эми Умай эне дегени - «эң алгач­
кы», «эң биринчи» эне дегенди туюнду­
рат экен.
Мына ошол үчүн бүгүн да: «Теңир ата,
колдо» - деп адамдар бата кылып, ошол
алгачкы атадан көп жакшылыктарды
тиленишет. Ал эми эненин да, жаңы
төрөлгөн баланын да пири, колдоочусу
деп Умай энени айтат экенбиз. Умай эне
эң биринчи эне экендигинен улам өзүнөн
кийинки бардык энелерди колдоп жүрөт
экен. Айрыкча, жаңы төрөр кезде бар­
дык энелердин оңой көз жарышына жар­
дам берип, жаңы ымыркайлардын оору­
бай-сыктабай торолушуна, тез басып, тез
сүйлөп, аман-эсен чоңоюусуна да бир өзү
көз салат экен.
Ошол Теңир ата менен Умай эне да
эң алгач ирет балалуу болушкан эмеспи.
Биринчи төрөлгөн ошол баланы да алар:
«Умай бала» - деп аташыптыр. Андай
болсо, Умай бала деген сөз «эң бирин­
чи бала» дегенди түшүндүрөт. Бул бала
дагы башкаларга окшобогон касиет-кере­
меттери менен бирге төрөлүптүр. Өзүнөн
кийинки
бардык
балдарды
колдоп­
жөлөп, ар түрдүү кокустуктардан кор­
гоп, аман-эсен чоңоюп эр жеткенге чейин
алар үчүн камкордук көрүп, Умай энеге
жардам берип, балдарды тооруп келген
түркүн кырсыктарды болтурбай, алдын
алып, көчөдө, талаада жалгыз жүргөндө
көз салып жүрөт экен.
Бала деген бала да, Умай бала сырты­
нан билгизбей көз салып, жардам берип,
таламын талашып, кырсыктан коргоп,
жанында дайыма бирге жүргөнүн бил­
бейт тура.
Бул жомок-баянымда мына ушулар
жөнүндө, Умай баланын керемет-касие­
ти, ал бүгүнкү күндө биздин балдары­
бызды кантип коргоп-сактап, алардын эң
ишенимдүү коргоочусу жана сактоочусу
болуп жүргөнү тууралуу кызыктуу окуя­
ларды айтып берейин...
Сулайман
Рысбаев
'Бир.инчи
Бороондо
буюккан бала
Кереметке
жолугуу
ына бул кол менен жасап коИ­
гондоИ кең өрөөндүн чок орто­
сундагы чакан шаар - Жашыл­
Нурабад шаары деп аталат. Ал качан
түптөлүп, качан курулганын ар кандаИ
аИтышат. Кээси: «Кечээ жакында эле,
эки кылымдын бери жагында түптөлгөн»
- дешсе, кээси: «Эчактан бери эле бирин­
деп эл жашап келиптир, киИин беш бо­
луш эл биригип, бир шаар болгон экен»­
дешип божомолдошот. Кантсе да, бир
жашыл өрөөнгө баткан алакандаИ кооз
шаардын тургундары өз мекени менен
сыИмыктанып келишет.
Баарыдан да, анын Жашыл-Нурабад
дегени кулакка жагымдуу угулат. Кары­
ялар аИтып келген сөзгө караганда, «бул
шаарды Теңир ата менен УмаИ эне өзү
М
Умай бала
Явлцк
жактырып, нурун төгүп кеткен экен»
бир кезде. Ошол үчүн жапжашыл болуп
дарак көктөп, жайы-кышы жашылда­
нып турганы-турган дешет. Мурда шаар
майда тамдардан курулса, мына заман
жаңыланып, бүгүн көк тиреген бийик
үйлөр курулуп, көчөлөрүнө түркүн маши­
налар батпай, түндөсү жылдыз көлү жат­
кансып, түнкү шамдар жыбырап күйүп
турат. Мына ошол маалда тоого чыгып
караган кишиге алакандай кең өрөөнгө
кут төгүп койгонсуп, ал кут алаканыңда
көйкөлүп эрип тургансып, кадимки эле
жомоктогу бир Нурабад шаары экен де­
гендей ой калтырат.
Мына ошол шаарда жомок-повесттин
кызыктуу окуясы бүгүнкү эле күндөрдө
болуп өттү. Андагы окуялардын кээсин
мен өз кулагым менен угуп, айрымда­
рына өзүм да күбө болуп калдым десем
болот. Эмесе, мына ошол окуяларга ке­
зекти берели.
Деги эле, шаар дегениң «шаар» деген
эле аты болбосо, айылдыктар алыстан эң­
сеп, кооз-кооз имараттарын, түркүн буюм­
тайым оокат сатылган базарларын, чы­
мын-куюн болгон сансыз машиналарын,
кызыл-тазыл көчөлөрүн эле көргүлөрү ке­
Сулайман Рысбаев
'Бир.инчи
лишпесе, келгенден соң түтүн жыттанган
абасынан, дары даамданган суусунан бат
эле тажап качкылары келишет. А шаар­
дыктар үчүн алар биротоло көнүмүшкө
айланып билинбей калса да, баары бир
аба жутууга ашыккан балык сымал, ар
жума сайын шаар сыртына барып эс
алып келүүгө жөнөшөт. Мындайда, ба­
ла-чакасын ээрчитип, ал түгүл коңшулар
же шеринелеш достор биригип эс алууга
чыгышкандар да жыш кездешет. Шаар
сыртынын таза абасын эңсегендер, ай­
рыкча, кыш күндөрү көбөйөт. Шаар че­
тиндеги муз тээп көңүл аччу «Жаштык»
эс алчу жайы мындайда күжүлдөгөн элге
батпай чыгат.
Мына, бүгүн да ошондой болду. Та­
йыр үй-бүлөсү менен, досу Азим да бала­
чакасы менен тиги «Салкын-Төр» лагери
тараптагы «Жаштык» эс алчу жайына
келишти. Анын үстүнө, Тайырдын бала­
сы Акылтай менен Азимдин кенжетайы
Умар - жашы бир, экөө бир бакчага бары­
шат. Быйыл экөө тең беш жашка жаңы
чыгышты. Үйлөрү эки башка кичи ра­
йондо болсо да, Азим менен Тайыр бал­
дарын жакшы бакча деп, «Жылдызча»
деген бала бакчага беришкен.
беицк
Умай бала
Ошентип, улуу шашкеде келишкен
эки үИ-бүлө бешим ченге чеИин чана,
лыжа тебишип, жакшы көңүл ачышты.
Аңгыча эле каИдан-жаИдан келгени бел­
гисиз, кар учуруп катуу келген бороон
элди чымын-куюн кылып кубалап, алеки
заматта көз ачырбаИ түн түшүрүп ташта­
ды. Балдар аталарын, кыздар энелерин
таппаИ, «Жаштыктын» муз тепчү эки
кош коктусу ызы-чууга толуп калды.
Кимдер эмне болду белгисиз, жанын­
да эле чана тээп турган АкылтаИды издеп
таппаИ калган ТаИыр менен аялы Сауле
ботодоИ боздошуп, көз ачырбаИ бороИло­
гон бороондо ӨИДӨ-ТӨМӨН жүгүрүп К Ы И ­
ла жүрүштү. Акыры каш караИып түн
түшкөндө баласынын табылышынан үмүт
үзүшүп, аргасыз үИлөрүнө каИтышты.
«Жаштыкка» барбасак болбоИт, таза
аба жутабыз, - деп жатып сен кылдың»
дешип, ТаИыр менен аялы Сауле бирин
бири күнөөлөшүп, түнү бою уруш-талаш
менен таң атырышты. Эне эмеспи, Сауле:
«Бороондо буюгуп, карда каИыгып, баИ­
куш балам, каИда калды?!» - деп бото­
доИ боздоп, жанын коёрго жер таппады.
Эртең менен эрте ТаИыр машинасын
чымын-куюн аИдап, Сауле экөө «жок де­
Сулайман Рысбаев
'Бир.инчи
генде, баласынын тоңуп жаткан денесин
таап келмекке» «Жаштыкты» көздөй бет
алышты. Бирок алар аппак карга орол­
гон арча-бадалдан башка эч нерсени көрө
алышкан жок. Кечке издешип, үмүттөрү
биротоло үзүлгөн соң гана үйлөрүнө ке­
лип, эстерин жыйып телевизорго кулак­
тандыруу бермекке жөнөштү...
Умай бала жардамга келди.
Чын эле, кечээки бороондо буюккан
кичинекей Акылтай эмне болду? Сөздү
эми ошондон баштайлы.
Акылтай Умар досу менен кичинекей
дөңсөөдөн ылдый чана тээп келатканда
катуу бороон куюндап келип, Акылтай­
ды топ арчаны көздөй будамалап алып
кеткен. Бороондон аптыгып, оозу-мурду­
на кар кирип сүйлөй албай буюгуп жат­
канда, ата-энелери аны башка жактан из­
дешип ызы-чуу түшүшкөн.
Бир канча убакыттан соң гана Акыл­
тай өзүнө келип, караңгыда көзүн ача
албай өңгүрөп ыйлай берип, ээси ооп жа­
тып калат. Ошол маалда, кайдандыр келе
калган бир кичинекей жылуу кол анын
бетин сылап, каткан карды тазалап, ко­
лунан тартат. Тоңуп бараткан Акылтай­
дын денесине кан чуркап, эсине келет.
Көзүнө баланын элеси көрүнөт.
Яеоцк
Умай бала
- Коркпо, мен УмаИ баламын, - деИт
жанагы бала.
«А-а, досум Умар издеп келип калган
турбаИбы» - деИт оюнда.
- Умарсыңбы? - деИт бышактап басы­
ла калган АкылтаИ.
- Жок, УмаИ баламын... Сенин үнүңдү
угуп, мени УмаИ энем жиберди. Тур өИдө,
тоңуп калган турбаИсыңбы, кетели...
- Каякка? - деИт АкылтаИ. - Менин
атам менен апам каякта?.. Алар кетип
калыштыбы?
- Мен сенин атаң менен апаңды көр­
гөнүм жок. Алар бороон болгондо сени
таппаИ кетип калган болуу керек? Азыр
түн ортосу болуп калды. Жүрү кеттик.
ҮИүңдү эртең табасың...
- Сен менин үИүмдү билесиңби? - деИт
анда АкылтаИ.
- Сен өзүң таба аласыңбы?
- Түндө таба албаИм да... Атам-апам
мени издеИт да... - деп каИра ыИлап ки­
рет АкылтаИ.
- Азыр УмаИ энеме кетели. Эртең ме­
нен үИүңдү табууга УмаИ энем жардам
берет...
УмаИ бала ошентти да, АкылтаИды ко­
лунан тартып алдыга жетеледи. АкылтаИ
Сулайман Рысбаев
'Бир.инчи
бир кадам таштап, буту жумшак килемге
урунгандай болду. Анан ал экөө самолет­
той учуп, кайдадыр сызып жөнөштү.
* * *
Умай, бала менен Акылтай кичине­
кей, анча чоң эмес учуучу килем менен
учуп Умалай тоосундагы Алтын өргөөгө
келишкенде, Умай эне кирпиктүү көзүн
ирмебей күтүп отурган эле.
Анткени ал кеч бешимде бороондо
буюгуп, топ арчанын түбүндө карга мур­
ду сайылып дем ала албай, чабалактап
жаткан беш жашар Акылтайды жүрөгү
менен туюп, аны сактап калууга он миң
чакырым алыстагы Умалай тоосунан
Умай баланы жибербеди беле...
Умалай
тоосунда
ындыгында, Акылтай ким ме­
нен, каякка жана эмне үчүн ке­
лип калганын билген жок, биле
да алмак эмес.
Умай эне Умай баласы жана Теңир
ата жай кылган бул Умалай тоосу туура­
луу адамдар билген күндө да, ал жерде
Алтын өргөө деген бар экенин, адамдар
Ч
беицк
Умай бала
өздөрү Теңир ата, УмаИ эне жөнүндө ар
качан аИтып жүрүшсө да, жүрөктөрү ме­
нен туюп жүрүшсө да, ал өргөөдө алар­
дын түбөлүк жашап турары тууралуу түк
билишпеИт болчу. Мына ошол жерге биз­
дин чоң шаардын кичинекеИ бир наристе
баласы АкылтаИ УмаИ эне жана Теңир
атанын кудурет-күчү менен минтип ке­
лип отурганы аИрыкча керемет окуя бо­
луп калды.
УмалаИ тоосу, дүИнөнүн эң биИик, эң
чоң, КудаИ Таала өзү үчүн жасап жер
үстүнө өстүрүп чыгарган, эң алгачкы тоо
экен. Төбөсү адамзаттын көзү эмес, акы­
лы жеткис биИик экен. Адамзат аягы бас­
паган бул биИик тоонун жарымын булут
чалып турат экен. Булут чалып, жер бе­
тинен көрүнбөИ турганы менен, булуттан
өИдө жагы күндүн нурунан алтын-күмүш
түстөнүп турганы андан бетер керемет
экен.
МындаИ керемет дүИнө кичинекеИ
АкылтаИдын кичинекеИ акылын аИран
кылып, өзү мактанган шаарынан миң­
миллион эсе кооз, сулуу дүИнө болуп
көрүндү. Кечээки түндөн берки капасы
тарап, ыИы басылып, УмалаИдын күндүн
нуру чалган, алтын, күмүш аскаларынын
Сулайман Рысбаев
'Бир.инчи
коюнундагы Алтын өргөөдөн эми кетки­
си келбей, үйүмө кетем деп шашылбай
да калды. Акылтай Теңир атаны көргөн
жок, бирок Умай эненин айтуусу боюн­
ча Умай бала Акылтайды Умалайдын эң
кооз жерлерин көргөзүп, учуучу алтын
килем менен саякаттатып чыгууга да
жиберди.
Умай эненин ушунча мээримдүү жан
экенин туюп, ага Акылтайдын жүрөгү
элжиреди. Аны өзүнүн айылындагы чоң
энеси жана шаарда күтүп жаткан өз эне­
си менен салыштыра да карады. Өз эне­
си, анын эртең менен өз убагында турба­
ганы, кийимин кирдетип, ичип жаткан
чайын төгүп-чачып алганы, оюнкараак­
тыгы үчүн күн сайын он ирет жемелесе
да, Акылтай баары бир аны аябай жак­
шы көрөрү чын го. Ошентсе да, ал эч ка­
чан бул Умай эненин мээримдүүлүгүнө
түк окшобостугун сезип, ушул ирет өз
энеси Саулеге таарынып алды. Ошон
үчүн күн сайын он ирет жемелеп-урушуп
турган баласын тоого алпарып жоготуп
жиберип, түнү-күнү ботодой боздоп, из­
дебеген жери, сурабаган адамы калбаган
энеси бүгүн минтип, тентек уулунун ка­
раанын көрүүгө зар болуп: «Каякта эмне
Яеоцк
Умай бала
кылып отурду экен... - деп оИлоду Акыл­
таИ, - эми барганда, жөнү жок теске салып
тилдебеИ, урбаИ кала турган болсун...»
УмаИ бала менен аябаИ дос болуп кал­
ды, аны менен алтын, күмүш тоонун
тектир-карларына чыгып, улак-козулар­
К>
К>
/-'
даИ секирип О И Н О П , жылуу, дары булак­
тардан ичип, жүздөрүн жууп, сергип,
көңүлү ачылды.
Ошентсе да, АкылтаИ улам-улам:
- УмаИ бала, мен эми үИүмө, апама,
атама качан барам... Менин үИүм каякта
калды?.. - деИ берди.
- Кеч кирсин АкылтаИ, кеч кирбе­
се, экөөбүздү эл көрүп коёт. Булар ким­
дер? ЖомоктогудаИ болуп, килем менен
учуп жүргөн кимдер? - деп бизди кар­
мап алгылары да келишет. Анын үстүнө,
УмаИ энем, күндүз адамдардын көзүнө
көрүнүүгө мага катуу тыюу салган...
Ошентип, алар кечти күтүп, оюнда­
рын уланта беришти.
Сулайман Рысбаев
Акылтаи
А
V
'Бир.инчи
цицнө каитты
V
V
маИ бала менен АкылтаИ отурган
учуучу килем зор УмалаИ тоосун
бир ирет аИланып өттү да, Жа­
шыл-Нурабад шаарын көздөИ бет алды.
Ортодогу көз жетпеген аралык бат эле арт­
та калды, алар көптөгөн тоолорду, талаа­
ларды, көлдөр менен сууларды, жылдыз
төгүп коИгондоИ түнкү оттору көлкүлдөп
эрип жаткандаи болгон далаи шаарлар­
ды басып өтүштү. АкылтаИ мындаИ кооз
түндү буга чеИин көргөн эмес. Түнкү от­
тору жанган жылдыздарды аралап өтүп,
АИга жетерине аз калып, каИкып учуп
келатышты. Оюна коИсо, АкылтаИ үИүнө
барбаИ эле УмаИ досу менен бирге аалам­
ды аИланып жүрө бергиси келип кетти.
- Сен эми мага качан келесиң УмаИ
бала?.. - деди бир кезде.
- Сен каалаган күнүңдө келип турам,­
деди анда УмаИ досу. - Сен мени чакы­
рып эле коИ, мен сенин жаныңа ошол за­
мат даяр болом.
- Кантип чакырам.
- ОпоңоИ эле. Минтип:
«УмаИ досум жардам бер,
Учуп азыр мага кел» ­
деп үч ирет аИтсаң болду. Мен УмаИ эне­
У
Умай бала
Явлцк
ме айтам да, учуучу килемимди минип
алып, учуп келип калам.
Анан дагы буларды түшүндүрдү:
- Мен сага окшогон балдар кыйынчы­
лыкка учураганда жардамга шашам. Кээ­
де, жаш балдарды уурдап кетип жаты­
шат. Аларды ата-энелерине таап берүүгө
жардам берем. Кээде, көчөдө балдарды
машиналар менен уруп кетип качып ке­
тишет, аларды табышам...
- И-ий, сен кыйын экенсиң э... Сен
буларды кимден үйрөндүң? Мага да
үйрөтчү...
- Мага буларды Умай энем үйрөткөн.
Эгер мени менен дос болсоң, мен каякка
барсам бирге барасың, үйрөнөсүң. Көп
балдар менен дос болобуз, жардам бере­
биз...
- Макул... Келе колуңду!
Ошентип экөө кол алышты.
- Дос болдук э... Мен сени менен кай­
да барсаң бирге барам...
Аңгыча учуучу килем жылдыз төгүп
койгондой жаркыраган Жашыл-Нурабад
шаарынын үстүнө келип, айлана башта­
ды.
- Кана, үйүң каякта?
- Менин үйүм «Нооруз» деген кичи­
районунда... Он бешинчи үй. Биздин үй
Сулайман Рысбаев
'Бир.инчи
аябай бийик. Он тогуз кабат. Ошонун
сегизинчи кабатында... Сексен бешин­
чи квартирада турабыз. Менин минтип
жыргап жүргөнүмдү билбей, атам менен
апам «өлдү» деп ойлоп жатышат го э?..
Акылтай үйүнө жакын калганын ой­
лоп, сүйлөөргө сөз таппай бежиреп жат­
ты...
- Мына, сенин үйүңдүн терезесине
жакын калдык. Атаң, апаң, бир тууган­
дарың кантип күтүп жатышканын бай­
кайбыз...
- Балконго конуп алыппы?
- Ооба...
Алар сексен бешинчи квартиранын
балконунун кырына конуп отуруп алы­
шып, ак терезе пардадан үй ичин карап
отурушту. Үйдө апасы менен атасы экөө
тең бар экен.
«Азыр телевизор көрүп отурушат
жыргап»...
Кайдан жыргап... Апасы ыйлап от­
урат. Телевизордон бир кичинекей бала­
нын сүрөтүн көргөзүп жатыптыр... Де­
мейде, жоголгон балдардын сүрөттөрүн
ушинтип кечинде телевизордон көргөзчү
эле го... Ооба, бул ирет Акылтайдын
сүрөтүн көрсөтүп: «Кимде-ким ушундай
Умай бала
Явлцк
баланы көрсө, токтоосуз бизге кабарла­
гыла...» - деп жатат да...
Ушуну билип, АкылтаИ чыдабаИ ке­
тип: «Апа-аа» - деп ыИлап жиберди.
- Чүш-ш, - деп УмаИ бала досунун
оозун баса коИду колу менен, - токто.
Сен экөөбүз азыр жерге түшүп, үИдүн
эшигине барабыз. Сен өз үИүңө киресиң.
Мен болсо коштошуп, өз үИүмө кетем...
- Эх, меИли, досум!
Акылтаи
- цщндө
маИ бала кош аИтышып учуп кет­
ти. АкылтаИ күндөгүдөИ эле, ко­
роодо кечке оИноп жүрүп, кечин­
де чарчап келгенсип, жаИма-жаИ үИүнө
кирип баратты. Алдынан кошуна дос ба­
ласы Элдос чыкты.
Элдос көрө калып эле:
- ЭИ, сен каИда кеттиң жоголуп...
Атаң, апаң ыИлап атышпаИбы сени тап­
паи, - деп момпое беикапар сүилөдү.
- Алар менин каИда барып келгенимди
билишпеИ ыИлап жатышат да... Мен де­
ген... УмаИ бала досум менен жүрбөдүм­
бү...
Экөө лифт менен сегизинчи кабатка
чыкканча Элдос кечке болгон окуялар­
У
Сулайман Рысбаев
'Бир.инчи
ды, тиги «Монохиттеги баягы сары бала»
менен урушканын, Керим деген баланын
күчүгү жоголгонун, Айканын атасы ма­
шина алганын, жана да ушул эки күн
ичинде болуп өткөн бир канча окуялар­
ды айтып берүүгө үлгүрдү.
Акылтайдын атасы Тайыр, апасы Сау­
ле болсо бул күндөрү баласын издебеген
жери, сурабаган адамы калбаган. Ортодо
өткөн эки күндө апасынын чачы агарып,
жүрөк оорусу эки-үч ирет кайталанып,
доктор уколдоп жатып жакшы болду.
Бүгүн минтип телевизорго сүрөтүн бе­
рип, издөө салышкан. Издөө салганы ­
баягы кымгуут борошо болгон кечте баш­
К>
К>
/-'
аламан үй-үйлөрүнө качкан бирөөлөр
көрсө, адашкан баланы өзүлөрү менен
ала кетти бекен? - деген илгери үмүттөрү
эле. Ошентсе да, аман-эсен болсо, үй да­
регин билген бала бирөөнүн жардамы ме­
нен үйүн табат эле, үйдүн телефонун деле
билет эле да - дешип, телефон же каал­
гадагы коңгуроо «чыр» этсе жүгүрүп чы­
гып жатышып чарчашты...
Ошентип отурушса эшиктин коңгуроо­
су «чыр» этти. «Чыр» эткенде, Акылтай
тамашалап, атасынын машинасынын сиг­
налынын «пип-пип-пиип» деген үнүндөй
беицк
Умай бала
туурап, «чыр-чыр-чы-ыр» эттирип бас­
ты.
- ОИ, АкылтаИым го...
- АИланаИын, кудаИ! Балам го...
- Чын эле... - дешип атасы менен апа­
сы каалганы көздөИ жарыша чуркашты.
Ооба, ошентип АкылтаИды ТаИыр ме­
нен Саулеге Теңир ата менен УмаИ эне
экинчи ирет берди...
ТаИыр каалгадагы аИнек көзөнөккө
биринчи келди да, сыртта коңгуроо басып
эпеИип турган АкылтаИды көзүнө жаш
толгон көзү менен биринчи көрдү. Көрдү
да, Саулени колдон бекем кармап:
- Бакырып иИип, адатыңча, жүрөгүн
түшүрүп алба, - деди да, ары ваннаны
көздөИ басып кетти.
Сауле да ТаИыр аИткандаИ кылып, де­
меИдегидеИ эле эшикти ачып, уулун ку­
чак жаИып тосуп алды. Бирок бооруна
кысып бир нече мүнөт кое бербеИ босо­
годо отуруп, көзүнүн жашын көл кылып
үнсүз ыИлап жатты.
- Мен деген... УмаИ досумдукуна ко­
нокко барбадымбы... - деп быдылдап
сүИлөИ берди АкылтаИ. - УмаИ досум
экөөбүз момунтип зуулдап учуп саякатта­
бадыкпы... Силер көргөн жоксуңар да...
Сулайман Рысбаев
'Бир.инчи
- Умар досум дейби? - деп арттан Та­
йыр чыгып келди ашыгып. - Эй, сен кай­
сы Умарды айтасың?..
Анын үнүндө ачуулануу да, таңдануу
да, эки күндүк азап менен тозок да сези­
лип турган.
- Умар досуңдун үйүнө качан бар­
дың?..
Тайыр баягы күнү тоого бирге барган
досу Азим Акылтайды үйүнө алып кетип
калып, айтпай алдап жатышкан экен
деп ойлоп жиберген. Анткени ал баласы­
нын Умай досум дегенин «Умар досум»
деп жаткандай түшүнгөн эле.
Алар качан гана, баягы кар борошо
уруп адашып табылбай калганда: Бир
бала келип тургузуп, кийимин, бети-ба­
шын тазалап, жүрү деп үйүнө ээрчитип
кеткенин, кеткенде да, уча турган ка­
димки эле кооз килемдин үстүнө отургу­
зуп алып учуп кеткенин, ал Умай бала
деген бала экендигин, анын Умай эне
деген апасы бар экенин, алардын үйү
тээ алыста эч ким билбеген чоң тоонун
ичинде кооз үйдө экенин, ал кооз үйү
айылдагы чоң атасыныкына окшош эке­
нин, алар учуучу килемге отуруп алып
кооз тоону кыдырып саякат кылганын,
беицк
Умай бала
УмаИ эне аябаИ жакшы, боорукер эке­
нин, УмаИ бала экөө дос болушкандыгын
бир укмуш «жомок» кылып, быдылдап
аИтып берди.
Атасы менен апасы мындаИ «керемет
жомокко» эстери ооп, эмне дээрин бил­
беИ калышты.
- Врач психиатрга көргөзүш керек
тезинен! - деди күбүрөп, көзүнүн жашы
алиге тыИыла элек Сауле үнү калтырап.
ТаИыр болсо уулунун сөзүнө оозу ачы­
ла, отура берди шалдырап.
Психиатрда
-о, АкылтаИ деген жакшы бала
турбаИсыңбы? - деди врач жигит
алдында тепеИип отурган балага
эркелете карап. ТаИыр менен апасы Сау­
ле АкылтаИдын «өөдүк-сөөдүк» аИткан
сөздөрүнөн коркушуп, анын эки күн бою
каИда, эмне кылып жүргөнүнө таң ка­
лышып, акыры ушул психиатр врачка
көргөзүүнү чечишпеди беле.
- Кана, мага түшүндүрүп берчи? ­
деп, болгон окуяны башынан баштап су­
раИ баштады.

Сулайман Рысбаев
'Бир.инчи
Ал, адегенде, тоого кайсы күнү, ким­
дер менен барганын сурады. Тоодо эмне
кылып, кимдер менен кантип ойногондо­
рун тактады.
Акылтай болсо, дем алыш күнү «Сал­
кын-Төр» деген тоого барышканын, ата­
сынын досу Азим, анын баласы Умар
досу, Умар досунун апасы, өзүнүн ата­
сы, апасы болуп барышканын, чана тээп,
асма жол менен тоого чыкканын, баарын
кадимки болгонундай эле айтып берди.
Анан дөңдөн ылдый чана тээп келатканда
бороон болуп, бороон менен учуп барып
оозуна, көзүнө кирип жаткан кардан дем
алалбай бир арчанын түбүнө жатып кал­
ганын; андан соң эптеп турса, ызылдаган
шамал кайра учуруп кетип, бир коктуга
куланып түшкөнүн; анда да оозу-мурду­
на кар кирип, дем ала албай пальтосу­
на башын катып көпкө үшүп жатканын;
«ата-апа» деп коркуп ыйлап, кыйкыр­
ганын, анын үнүн эч ким укпай койго­
нун; караңгы киргенде да ошол бойдон
коркуп жата бергенин; анан бир кезде
бирөө келип колунан тартып, «тур-тур»
дегенин, бетинин карын тазалап, тоңуп
калган колдорун-буттарын ушалап, анан
аны килемге отургузуп алыс-алыс жакка
беицк
Умай бала
учуруп алып кеткенин жомоктоИ кылып
узакка аИтып берди...
Анын сөзүн угуп бүтүп, врач жигит
көз аИнегин көзүнө салды да далдаИган
чоң кара китепти текчеден алып, каИсы
бир барагын издеп тапты. Анын оИлуу,
сырдуу кыИмылынан ТаИыр менен Сауле
бир жакшылыктуу сөз күтүп, ооздорунан
сөз учуп, элеИишип карап отурушту.
Врачтын оозунан: «Балаңар психи­
калык ооруга туш болгон, нервине суук
тиИип, галлюцинацияга кабылган» де­
ген сөзүн уккусу келбеИ, ар бири өз
ичинен бул табышмактуу окуянын жан­
дырмагынын жакшылыктуу чечилишин
күтүшүүдө. Бирок ушул эки күндө деги
эмне болушу мүмкүн эле? Бала тоңуп та­
лаада калса, аны ким, качан, каИда ал­
парып, анан аман-эсен боИдон кантип өз
үИүнө апкелип коИду? Чоң киши болгон­
до аИтып берет эле да: «МомундаИ киши,
моминтип алып келди» - деп...
АкылтаИ болсо,
терезени карап,
бөлмөдөгү өсүп турган гүлдөрдү карма­
лап беИкапар оИноИ берди. Анын оюнда
УмаИ бала досу, аны менен оИногондо­
ру туюлду. «Чын эле, аны качан чакыр­
сам, - деп оИлоду АкылтаИ, бирок аны
Сулайман Рысбаев
'Бир.инчи
азырынча эч бир киши билбеши керек.
Эч ким көрбөшү да керек. Аны жөн эле
чакыра берүүгө да болбойт. Балдар уур­
далып, же аябай жардам бериш керек
болгондо гана чакырыш керек да. Бул
жөнүндө менден башка эч ким, бул врач
да, атам-апам да билбеши керек... Досто­
рума да айтпашым керек».
Анын бул ойлорун врачтын сөзү бузуп
жиберди.
- Балаңар чана тээп ойноп жүргөндө
тердеди беле... - деп сурады Тайырдан.
- Тердегендир да... Чуркап, чана тээп
ойноп жүргөндө тердесе тердейт да... ­
деди кыжалат, ал тургай, күлкүсү ке­
лип, анча жактыра бербей Тайыр.
- Кеп ошондо, - деп сөзүн бышыкта­
гысы келди врач, - дал ошондо бороон
болуп, арчанын түбүнө көпкө жатып кал­
ганда баш нервине катуу суук тийген...
- Баланын башына суук тийсе темпе­
ратурасы көтөрүлмөк, эти ысып, башы
оорумак да... - деди чыдабай кеткен Сау­
ле. - Мунун эч жери ооруган жок...
Ошондо врач Акылтайга кайрылды:
- Сенин башыңдын каери ооруду
ошондо, - деди.
- Иги, менин башымдын эч жери
ооруган жок...
беицк
Умай бала
- Эч жери оорубаса, анда балаңар ая­
баИ корккондуктан эсин жоготуп жа­
тып калган да, кимдир бирөө таап алып,
үИүнө алып кеткен. Эсине келгенде бала
үИүңөрдүн дарегин аИтып, тиги киши
таап жеткизген... Бирок ошондон бери өз
акылына толук келе элек... ТакаИ галлю­
цинацияда жүрөт. Ишенбесеңер, азыр да
баягысын каИталаИт... Корккондо ушун­
даИ болот. Ушул болгон сөз.
- Анда эмне кылыш керек?.. - деди
көзү жашылданган Сауле чыдамы ке­
тип...
«Эмне кылыш керек?» Бир гана нер­
се - ооруканага жаткырыш керек тези­
нен... Дарылаш керек...
Ишенип келген «олуя врачтын» бул
сөздөрү ТаИырдын кулагынын сыртынан
кетип жатты. Сауле болсо, «жаткырса
жаткыралы» деген оИго келди.
«Болуптур, - деди анан күбүрөнүп,
бүгүн дагы да караИ туралы, эртеңден
алып келели...» - деди өИдө болуп Та­
Иыр.
Жаш врач жигит алакан жаИды:
- МеИлиңер, бала силердики. Өзүңөр
билгиле...
Сулайман Рысбаев
'Бир.инчи
Чоц эне менен
чоц атанын кецеши
Т
о
о
айыр врачтын айтканына түк
ишенбеди. «Эч нерсе билбейт, да­
гы да врач... - деди ал ачуулана
машинасын от алдырып жатып.
Ал үйүнө кайрылып, аялы менен ба­
ласын калтырды да, жумушуна барып,
бир аптага кезексиз өргүү алды. «Айыл­
га, атама алып барайын... Балким, атам
билер... кыргызча бир аз күн дарыла­
тайын дем салдырып», - деген чечимге
келди.
Сауле анын бул чечимине макул бо­
луп, эртеси таң эрте аларды айылга узат­
ты.
Миң-Булак айылына жеңил машина
менен бешим ченде кирип келишти. Бу­
лардын күтүүсүз келгенине атасы чочуп
кетти.
- Тынччылык эле, жөн-жай... Иш­
тен облустун борборуна командировкага
жиберген. Анан силерге көрсөтө кете­
йин деп бу тентекти ала келдим, - деди
адегенде. Чай ичип болгон соң, Акылтай
айыл балдары менен ойноп кетти. Ошон­
до Тайыр апасы менен
атасына болгон
ишти бүтүндөй айтып берди.
Умай бала
Явлцк
- Эми эмне кылсак болот... - деп эси
эки болгон ТаИыр элеИе атасынын оозун
карады.
Атасы жетимишке келип, салабаттуу
карыя болуп калган. Баласынын сөзүн
угуп болгон соң, ата-бабалардын арба­
гына узакка күбүрөнө куран окуп: «Не­
берелеримди Теңир ата, УмаИ эне, өзүң
колдоИ көр» - деп муңкана узакка бата
тиледи апакаИ чокчо сакалын
каИра­
каИра сылап.
- Коркпо, балам. Корко турган эч нер­
се жок. Баламды ошол түнү УмаИ эне өзү
колдоп, аман алып калган тура... болбо­
со - деп эне да муундары бошоп жашып
кетти.
- О, УмаИ энеси, жаным тартуу сага!
Кара башым тартуу сага. КагылаИын
УмаИ энеси... Каралдымды өзүң аман
алып калган экенсиң... Эми, мындан ары
да өзүң жар болуп жүргөИсүң... Тентек
балам ошону көтөрө алар бекен...
Ырыскелди карыя УмаИ энеге ушин­
тип каИра-каИра жалынып-жалбарды да,
тигинде оИноп жүргөн небересин өзүнө
чакырып алып, балта менен эмдеп, кам­
чы менен домдоп, кыИлага убараланды.
- Теңир ата, өзүң колдо. УмаИ эне,
өзүң колдо, баламды. Кара жер, сен
Сулайман Рысбаев
'Бир.инчи
көтөр, менин балам көтөрө албаИт... АИ­
ланаИын ата-арбактар, өзүңөр жар бол­
гула...
Ошенткен соң, атасы Ырыскелди ка­
рыя, аИылдын алты-жети аксакалын ча­
кырып, короодон бир сары серкени кар­
мап, небересине садага чапты. Теңир ата
менен УмаИ энеге арнап куран окуп, түлөө
өткөрдү.
Эртеси Таажы чоң энеси көп ырым­
жырым иштерин жасады: кантсе да,
коркуп калдыбы деп, аИылдагы ЗеИнеп
деген бүбү кемпирди чакырып, жүрөгүн
көтөрттү, коргошун эритип, «жүрөк»
куИдурду. Түштүктүн зире чөбүнөн тап­
тырып, жүрөк тумар тиктирип, кыбы­
ланы карап аккан мазар булактан тогуз
кара таш алдыртып тумар тактыртты.
Анын эртеси БүбаИша деген төлгөчү
кемпирди апкелдирип, төлгө тарттырды.
БүбаИша кемпирдин төлгөсү оң түшүп,
баары ыраазы болушту. Андан соң, ке­
чинде Бекбоо деген көзү ачык абышканы
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Умай бала - 02
  • Büleklär
  • Умай бала - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 4100
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1995
    31.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Умай бала - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4069
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1868
    32.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Умай бала - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4013
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1894
    30.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Умай бала - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4003
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1847
    33.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Умай бала - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 4054
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1793
    34.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Умай бала - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3996
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1702
    32.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Умай бала - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3828
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1856
    28.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Умай бала - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3900
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1925
    30.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Умай бала - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3970
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1945
    32.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Умай бала - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3833
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1876
    32.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Умай бала - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 2301
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1344
    32.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.