Latin

Том Сойердин жоруктары - 01

Süzlärneñ gomumi sanı 4062
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2017
30.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
49.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Бет ачаар
«Сүйүү, өлүм жана аруулук жөнүндөгү “Том Сойердин жоруктарына” кош келиңиздер!»
«Том Сойерди» кармап турган кымбаттуу балдар (жана бардык чоң кишилер)!
Жаңы дүйнөгө кош келгиле! «Том Сойердин» татынакай, окурманды суктандырган, жай
күнүндөй жадыраган дүйнөсүнө кош келгиле. Кырк жылдан кийин Марк Твендин ушул шедеврин
кайрадан окуп чыгып, азыркы «балдар» адабияты менен салыштыра келгенде, кайталангыс нерсе
катары мени үч жагдай абдан таң калтырды.
Биринчиси – сүйүү. Том, балким, болгону он жаштадыр, бирок ал ашык болуу эмне экенин,
бирөөгө кам көрүү кандай болорун, сүйгөнү Бэкки үчүн өзүн садага чабууну билет. Мунун баары
кудум эле «чоңдордун сүйүүсүндөй» болуп жайбаракат, татынакай бир жагымдуу таризде
жүрөт. Албетте, мында жумшак юмор да бар. Ал ашыгынын терезесинин түбүнө азап чегип
өлмөк болуп жата кетсе, бирөө жугундуну үстүнө төгүп жибергенин окуганда бооруң эзилип
күлөсүң! Ал эми алардын алгачкы өбүшкөнү башка бир эки ашыктын, «Ромео менен Жульеттанын»
өбүшкөнүндөй сонун...».
Мында өлүм да бар, бүгүнкү күндө көптөгөн адамдар балдар менен (ал турсун кээде чоңдор
менен да) бул теманы сүйлөшпөйт. Кичинекей кезинде өтүп кеткен досун кадыресе киши катары
эстеп жүргөн Том андай эмес. Ал турсун Томдун наристе дүйнөсүндө да өлүм жашоонун бир
көрүнүшү катары каралат, купуя кала бербестен кээде баяндалат жана талкууланат. Томдун
өлүмдү идеалдаштыруусу викториан заманынын эпкини катары 21-кылымдын окурмандарын таң
калтырышы ыктымал, бирок, менимче, балдар менен муну ачык сүйлөшкөн жакшы.
Акырында, таң калтыра турган дагы бир нерсе – бул Томдун чөйрөсүнүн жана Томдун
өзүнүн тазалыгы. Таежеси демейдегиден катуурак айтып койгон сөзү үчүн өзүн дароо күнөөлүү
сезип калат. Том да өзүнүн балалык кылыктары үчүн чындап өкүнөт. Бардык ашыктар сыяктуу
эле Бэкки менен Том да бирин бири кызганышат – болгону оюн аянтчасында башка бирөө менен
китеп окуудан! Бардык нерсе мээримдүүлүк менен бейкуттукка чөмүлүп турат.
Балким, «Том Сойер» азыркы кичинекей окурмандар үчүн эски тема болуп жүрбөсүн? Бала
өстүргөн эне катары мен жок деп айтар элем. Балдардын азыркы мууну Марк Твен китебин
арнаган муундай эле бала болгусу келет. Алар да олуттуу маселелер жашына ылайык жана юмор
менен баяндалган «Том Сойер» сыяктуу новелланы эңсешет. Ошентип, кымбаттуу окурмандар,
мен силерге «балдардын китебин» эмес, наристелер тууралуу баяндалган романтикалык новелланы
сунуш кылам. Силер да кырк жыл мурунку мен сыяктуу ыракат аласыңар го деп ойлойм!
Татьяна Гфеллер,
АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси
Бишкек
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
Мазумуну
Бет ачар Ошибка! Закладка не определена.
Биринчи бап. БААРЫ МУШТАШУУДАН БАШТАЛДЫ
Экинчи бап. ЖАЛДАМА АКИЛЕГИЧ
Үчүнчү бап. ТАТЫНАКАЙ БЕЙТААНЫШ
Төртүнчү бап. КӨЙРӨҢДҮК ЭМНЕГЕ АЛЫП КЕЛЕТ
Бешинчи бап. КАНДЕК ЖАНА КЫПЧЫКЕЙ КОҢУЗ
Алтынчы бап. КАРА ДУБА ЖАНА КЫЗ БАЛАНЫН АРБАЛУУСУ
Жетинчи бап. КАЙРАДАН СҮЙҮҮ ЖАНА ЖҮРӨК ЗАРЫ
Сегизинчи бап. ДЕҢИЗ КАРАКЧЫЛАРЫ ЖАНА ТАЛООНЧУЛАР ЖӨНҮНДӨ
Тогузунчу бап. КӨРҮСТӨНДӨГҮ КИШИ ӨЛТҮРҮҮ
Онунчу бап. КАЧУУ
Он биринчи бап. ЭЛДИК СОТ
Он экинчи бап. ДАРЫ ИЧҮҮДӨ
Он үчүнчү бап. ҮЧ КАРАКЧЫ
Он төртүнчү бап. СУУГА ЧӨККӨНДӨРДҮ ИЗДӨӨ
Он бешинчи бап. ТОМДУН ҮЙҮНӨ БАРЫШЫ
Он алтынчы бап. КАРАКЧЫЛАР ТУРУГУНДА
Он жетинчи бап. КАРАКЧЫЛАРГА АЗА ЗЫЙНАТЫ
Он сегизинчи бап. ТАҢ КАЛЫШТУУ ТҮШ
Он тогузунчу бап. ТОМДУН ӨКҮНГӨНҮ
Жыйырманчы бап. ТОМ КҮНӨӨЛҮҮМҮН ДЕДИ
Жыйырма биринчи бап. СЫНАКТАР
Жыйырма экинчи бап. ТОМ КЫЗЫЛЧА МЕНЕН ООРУП КАЛДЫ
Жыйырма үчүнчү бап. ТОМ МАФФ ПОТТЕРДИ САКТАП КАЛДЫ
Жыйырма төртүнчү бап. КАРА ЖОЛТОЙ КААРМАН
Жыйырма бешинчи бап. КЕНЧ ИЗДӨӨ
Жыйырма алтынчы бап. КАЙРАДАН ИНДИ ЖО
Жыйырма жетинчи бап. АҢДУУ
Жыйырма сегизинчи бап. АЧЫЛЫШ
Жыйырма тогузунчу бап. ХЕК ЗӨӨКҮРЛӨРДҮН ИЗИНЕ ТҮШТҮ
Отузунчу бап. ХЕКТИН АҢГЕМЕСИ
Отуз биринчи бап. ҮҢКҮРДӨ АДАШЫП КАЛЫШТЫ
Отуз экинчи бап. АЛАР КУТКАРЫЛДЫ
Отуз үчүнчү бап. ТАБЫЛГАН КЕНЧ
Отуз төртүнчү бап. ЖЕСИРДИКИНДЕГИ КЕЧЕ
Отуз бешинчи бап. БАЙЛЫКТЫН ЭКИНЧИ ЖАГЫ
Корутунду
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
Автордон
Бул китепте баяндалган көпчүлүк окуялар чындыкта болгон; айрымдары менин
өз башымдан өткөн, калгандары мектепте мени менен окугандардын жоруктары. Хек
Финн турмуштан алынган; Том Сойер дагы, бирок ал бир бала эмес, мен тааныган үч
баланын мүнөзүнөн чогултулган, ошондуктан ал айкалыштыруунун эң татаал
түзүлүшү болду.
Ошол кезде Батыштагы жапайы ырымдар, мындайча айтканда, отуз же кырк
жыл мурун балдардын жана кара түстүүлөрдүн арасында көп тараган эле.
Менин китебим көбүнчө балдар-кыздарды кызыктырыш үчүн жазылганы
менен, аны чоң кишилер дагы эске алабы деген үмүттөмүн. Анткени менин максатым
чоңдорго алардын бир кезде кандай болгонун, эмнени сезип, ойлоп жана сүйлөшкөнүн,
кээде алар кандай кызыктуу окуяларга учураганын эске салуу болчу.
Хартфорд, 1876-ж.
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
1. Баары мушташуудан башталды
– Том!
Жооп жок.
– Том!
Дале жооп жок.
– Кызык, ал кайда жоголду? Йа, Том дейм!
Эч жооп жок.
Байкуш кемпир көз айнегин ылдый түшүрдү да, үйдүн ичин бир сыйра карап
чыкты, анан көз айнегин өйдө көтөрүп алып, анын астынан дагы карады. Бул көз
айнеги менен тигил бала сыяктуу кээде майда-чуйданы карачу же дегеле карачу эмес,
көз айнеги анын сыйга тагынып, көңүлүн көтөргөн буюму эле, аны иш кылыш үчүн
эмес, көркү үчүн гана пайдаланчу, ошондуктан аны менен караганда, мештин
жапкычын карагандай эле эч нерсе көрүнчү эмес. Ал өзүн бир аз оңтойсуз сезип, анан
өтө катуу эмес, бирок үйдөгү эмерекке угулчудай кобурады:
– Колума тиерсиң, сазайыңды гана бербесемби сенин!..
Ал унчукпай калды, анткени ушул маалда эңкейип, шыпыргысы менен
төшөктүн алдын сайгылап жаткан учуру болчу. Ал жактан мышыкты гана көрдү. Эми
анысын да токтотту, себеби бир аз дем алышы керек эле.
– Ой тобо, бул баладай шумдукту көргөн жок элем!
Ал ачылып турган эшикти карай басты да, босогодо туруп сырттагы чырмоок
менен помидордун сабактары баскан багына бир сыйра көз чаптырды. Том көрүнбөйт.
Ошондо ал үнү алыска угула тургандай катуу кыйкырды:
– Ой-у-у, То-о-ом!
Артынан угулар-угулбас шыбырт чыкты, ошондо ал шарт бурулуп, баланы
күрмөсүнүн боосунан шап кармады.
– Мына сага! Баяле ашкананы эстебей. Аерде эмне кылып жүрдүң, ийа?
– Эчтеке.
– Эчтеке? Колдоруңду кара. Оозуңду кара. Бул эмне?
– Билбейм, таеже.
– Эмесе мен билем. Бу кыям! Кыямга тийбегин, колуңду чагам деп кырк жолу
какшабадым беле! Чыбыгым кана, апкелчи.
Чыбык абада шуулдап келатты... Качууга мүмкүн эмес эле...
– Менби? Артыңыздагы эмне, таеже?
Кемпир бир нерседен сактангандай белдемчисин өйдө тартып, артына бурулду.
Бала көз ачып-жумгуча дубалдан секирип түштү да, көздөн кайым болду.
Полли таежеси эмне болгонун түшүнбөй бир паска турду да, анан күлүп
жиберди:
– Буга эч арга жок экен да! Ушу чунактын айласын таба албай койдум, ээ?
Көрсөтпөгөн жоругу калдыбы мага? Акылым жетер мезгил деле болду го. Көрсө,
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
алжыган акмактан ашкан акмак жок турбайбы бу дүйнөдө. «Карт бөрүдөн карылык
качпайт», – деген накыл бекеринен айтылбаса керек. Болбосо күнүгө бир балекетти
табат, анын эч бирин билип болбойт. Мени жүдөткөнүн өзү да билет: канткенде мени
күлдүрүп же бир паста алдап коёрун да билет, делдейип эле калам, атүгүл ургум да
келбей кетет. Кудай акы, өз милдетимди аткарбай жүрбөймбү! Таякты аяган баланын
шоруна калат деп Ыйык Китепте айтылбады беле. Күнөөдөн башка мунун эч
жакшылыгы жок. Шайтандыгы бар бул жубарымбектин, бирок ыраматылык эжемдин
баласы да, байкушту кантип көрдөн алып жерге чабам? Оюна койсом – шерменде
кылат, жазаласам – жанымды ачытат. Ооба, ооба, адамдын өмүрү аз, кайгысы көп деп
Ыйык Китепте бекер айтылган эмес да, мен да ушуну туура көрөм. Бүгүн мектепке
барбай койду, эртең сазайын бербесемби. Бирок балдардын баары ойноп жүрсө, бу
баланы иш кылдырганым да туура эмес го. Аяйм деп баланы бузуп албайын,
мелдетимди да аткарайын.
Том мектепке барбай, убактысын жакшы өткөрдү. Ал кечки тамакка чейин Жим
деген кара түстүү бала менен эртеңкиге отун араалады, отко ичеги белендеп, үйгө
кайтып келүүгө араң үлгүрдү. Жим иштин төрттөн үч бөлүгүн бүтүргөнчө, Том
башынан өткөргөндөрүн бүт айтып чыкты. Томдун иниси (тактап айтканда, аталаш бир
тууганы) Сид чамынды терип, отун ташып, аткара турган ишин бүтүрүп койгон,
анткени ал элпек, шоктугу жок бала эле. Том тамагын ичип, ыңгайы келгенде
чөйчөктөн бир чагым кант ала коюп отурду, Полли таежеси болсо, тамак ичип бүткүчө
ага нары татаал, нары жаңылтма суроолорду бере берди. Томго улам бир суроо узатып,
анын тамырын тартып көрдү. Куулук-шумдугу жок бардык кишилердей эле, ал дагы
өзүн купуя жана каймана сүйлөгөнгө жөндөмүм бар деп астейдил ойлочу, ошондуктан
ал өзүнүн кашкайып сезилип турган куулуктарын укмуштай айлакердик катары көрчү.
Бир маалда ал сурап калды:
– Том, мектеп жылуу бекен?
– Ооба, таеже.
– Аябай жылуубу?
– Ооба, таеже.
– Сууга түшкүң келген жокпу, Том?
Бир балээни сезип, Томдун жүрөгү шуу дей түштү. Полли таежесинин өңүнө
тигилди эле, бирок эч бир сыры билинбейт. Ошондо ал:
– Жо-о, анча деле эмес, – деди.
Кемпир колун сунуп, Томдун көйнөгүн сыйпалап көрдү да, анан мындай деди:
– Ооба, тердебептирсиң деле.
Оюндагысын эч кимге сездирбей, Томдун көйнөгүнүн кургак экендигин билип
алдым деп ичинен сүйүнүп калды. Бирок Том шамал каяктан согуп жатканын сезип
турду. Ошондо ал алдын-ала утурлай сүйлөдү:
– Кээ бирибиз башыбызга кудуктагы суудан куюнуп алдык. Көрдүңүзбү, башым
дале суу?
Полли таежеси дал ушул айкын нерсени өзү байкабай калганына абдан өкүндү.
Ага дагы бир жаңы ой келе калды:
– Том, башыңа суу куюп жатып, мен көктөп берген жакаңды сөгүп жиберген
жоксуңбу, йа? Күрмөңдү чеччи!
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
Том эч чочуган жок. Ал күрмөсүн чечип жиберди. Көйнөгүнүн жакасы тыкан
көктөлүү бойдон экен.
– Кашайгырдыкы десе! Жогол нары! Сабактан качып сууга түшүп жүрөт десе.
Болуптур, бу жолу кечирдим сени. Мен сени бейбаштын бири деп жүрдүм эле, түзүк
бала көрүнөсүң... Азырынча.
Ал бир жагынан өзүнүн баамчылдыгынан тайганына капаланып, бир жагынан
ушул саам Томдун тил алганына ыраазы боло түштү.
Бирок Сид үн катты:
– Менимче, анын жакасын сиз ак жип менен көктөгөндөй болдуңуз эле го, эми
кара жип болуп калыптыр.
– Эмне дейт? Мен ак жип менен көктөгөм. Том!
Бирок Том андан аркысын күтүп отурган жок. Ал эшикке чыгып баратып
кыйкырды:
– Сид, сени элеби, көрөсүң!
Далда жерге жеткенде Том күрмөсүнүн жакасына кадалган эки чоң ийнени
көрдү, бирөөндө кара, бирөөндө ак жип бар экен. Ал кобуранды:
– Сид айтпаганда, ал эчтемени билбейт эле. Шайтан алгырдыкы! Бир туруп ак,
бир туруп кара жип менен көктөп салат. Анын кандай жип менен көктөгөнүн билип
болобу, башым катты, өлүп кетейин, Сид, эми жейсиң! Мен сага көргөзөм!
Том шаарчадагы үлгүлүү бала эмес болчу, бирок ал бир үлгүлүү баланы жакшы
таанычу, таанымак түгүл аны аябай жек көрчү.
Бир саамдан кийин, балким, ага жетпей эле, ал бүт кайгысын унутуп калды.
Кайгысы чоң кишиникинен кымындай да жеңил же оңой эмес болчу, бирок аны азыр
башка кызык бир нерсе алаксытты: чоң киши дагы бир башка ишке алаксыганда өз
кайгысын тез эле унутуп салат эмеспи. Аны кызыктырган нерсе – ышкыруунун дагы бир
жаңы ыкмасы болчу, аны ал жакында эле бир негр баладан үйрөнүп алган, эми ошол
өнөрүн үйрөнүү менен алек болду. Анысы чымчыктын сайраган үнүнө окшогон өзгөчө
бир ышкырык эле, андай кубулжуган ышкырыкты чыгаруу үчүн обондун ортосуна
келгенде, тилди таңдайына улам-улам тийгизип туруш керек, – бир кезде бала болуп
көргөн окурман, мүмкүн, кантип мындай ышкырганын эстесе керек. Дамамат аракети
Томду тез эле ийгиликке жеткирди, оозу обонго толо, көңүлү куунак көчөнү бойлоп
келатты. Ал өзүн жаңы жылдыз тапкан илимпоздой сезди, – ушунчалык күчтүү,
ушунчалык терең, ушунчалык чексиз кубаныч илимпоздун эмес, баланын көңүлүн
шексиз көкөлөтүп турду.
Жайкы кечтин узакка созулмагы бар. Караңгы кире элек болчу. Бир маалда Том
ышкырыгын токтотту. Караса, алдында бирөө туруптур, карааны өзүнөн чоңураак бир
бала. Сент-Питерсбург деген чакан шаарча эмеспи, ошол жарды шаарчага келген
кандай курактагы, жыныстагы адам болсо да, эстен чыккыс таасир калтырчу. Тигинин
деги эле татынакай болуп кийинип алганын кантесиң, – жөнөкөй күнү деле жасанып
алыптыр! Тим эле укмуш. Калпагы келишет, көк кездемеден тигилген, боору тегиз
топчуланган жаңы күрмөсүнүн татынакайын айтпа, шымы дагы ошондой. Бутунда бут
кийими бар, болгону бүгүн жума күн эмеспи! Жада калса, жаркыраган ала-була
кездемеден жагоо тагынып алыптыр. Томдун кыжырын келтиргени – тигинин өңү
шаардыктарга окшойт. Бул сыланкорозду канчалык караган сайын, Том тигинин
ошончолук мурдун көтөрүп турганын көрдү, өзү болсо, уламдан-улам андан пас көрүнө
берди. Эч кимиси унчуккан жок. Бири кыймылдаса, экинчиси кыймылдайт, бирок
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
бири-биринин капталынан тегеренип басат, алар көз ирмебей бири-бирин тиктеп, бирибиринен көздөрүн албай тура берди. Акырында Том үн катты:
– Эй, азыр токмоктоп салам сени!
– Көрөм сенин токмоктогонуңду!
– Токмоктойм эле.
– Колуңан келбейт.
– Келет.
– Келбейт!
– Келет.
– Келбейт!
Тирешип туруп калышты. Анан Том сүйлөдү:
– Атың ким?
– Сенин ишиң эмес.
– Ишим болсочу?
– Эмнеге болбойт?
– Көп сүйлөсөң болот.
– Мына, көп-көп сүйлөйм.
– А-а, сен өзүңдү кыйынмын дейсиңби, йа? Керек болсо, менин бир колума да
жарабайсың, мен сени бир колдоп эле сабап коём.
– Эмнеге антпейсиң? Жөн эле сүйлөй бересиңби?
– Болуптур, дагы калжаңдасаң сабайм.
– Тигини, сага окшогондун далайын көргөм мен.
– Жасанып алганын дегеле! Өзүңдү кыйын сезет окшойсуң! Калпагын кара!
– Тебелеп сал, колуңдан келсе. Ким кыжырыма тийсе, анын сазайын берем.
– Бас оозуңду!
– Өзүң бас!
– Сен ооз көптүргөнүң менен, колуңдан эчтеке келбейт.
– Э-э, жоголчу нары!
– Дагы оозуңду ачсаң, башыңды таш менен жара коём!
– Ооба, жара коёсуң!
– Жара коём эле.
– Анда эмнеге антпейсиң? Сен сүйлөгөндү гана билесиң. Эмнеге урбайсың?
Коркосуң да?
– Коркпойм.
– Коркосуң!
– Коркпойм.
– Коркосуң!
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
Кайра унчукпай калышты, бири-бирине көздөрүн тигип, бири-бирине кыр
көрсөтүштү. Эми алардын ийиндери тирешти.
– Жогол биерден! – деди Том.
– Өзүң жогол!
– Мен кетпейм.
– Мен да кетпейм.
Экөө тең буттарын буттарына матап, күчтөрүнүн болушунча тирешип, бирибирин жекире тиктеп турушту. Бирок бири да жеңген жок. Итиреңдеп тирешкенден
кийин экөө тең кызарып-татарып артка акырын чегинди да, анан Том:
– Сен коркоксуң, күчүксүң, – деди. – Агама айтып эле койсом, ал сени чыпалагы
менен гана жеңип салат, мен ага айтам, көрөсүң.
– Сенин агаң эмне болуп калыптыр? Менин сеникинен да чоң агам бар, ал сенин
агаңды мына ушул дубалдан ашыра ыргытып жиберет! (Экөөнүн тең агасы ойдон
чыгарылган болчу.)
– Мунуң калп!
– Сен калп десең эле, калп болуп калмак беле?
Том топурактын үстүн бутунун учу менен сызып, анан минтти: – Ушул
чийинден аттасаң эле, мен сени турбас кылып сабайм. Эч кимди өткөрбөйм.
Жаңы келген бала чийинди дароо аттады да, мындай деди:
– Мына, эми айтканыңды кылып көр, колуңдан эмне келет экен көрөйүн!
– Сен мени шаштырба, көзүңдү ачып жүр, эй!
– И-и, жана көрсөтөм дебедиң беле! Эмнеге көрсөтпөйсүң?
– Атаңдын көрү, ай-йе! Эки тыйынга эле сени сабап таштайм.
Жаңы келген бала эки чоң жез тыйынды чөнтөгүнөн сууруп чыкты да, аны
шылдыңдагансып сунду. Том аларды колунан ыргыта чапты. Заматта эки бала чаңга
оонап жатып калды, мышыкчасынан бири-бирин тытмалашты, бир пастын ичинде
чачташып, кийимдерин жулккулашып, бири-биринин мурдун былчылдатып, алар чаң
менен даңкка бөлөнүп жатып калышты. Ошондо иштин жайы ачыкка чыкты, анан чаң
тараганда, жаңы келген баланын үстүнө минип алып, аны муштагылап сабап жаткан Том
көрүндү.
– Жетиштүүбү? – деди ал.
Берки бала болсо, бошонушка аракеттенди. Ал ызаланып ыйлап жиберди.
– Жетиштүүбү? Том муштаганын токтоткон жок.
Акырында тигил бала: «Жетиштүү!» деди, ошондо Том аны коё берип минтти:
– Бу сага сабак болот. Эмкиде көзүңдү ачып, ким менен акыйлашканыңды биле
жүр.
Жаңы келген бала кийиминин чаңын күбүп, ыйламсырап, мурдун шор тартып,
улам-улам артына кылчайып башын чайкап, «эмкиде сага көргөзбөсөмбү!» дегенсип
сүрдүү кетип баратты. Анысына Том ырсалаңдап койду да, көңүлү жай жолуна түштү.
Узап-узай электе жаңы келген бала таш ала коюп, ызалуу уруп калды эле, анысы барып
эки далынын ортосуна тийди. Тигил болсо, куйругун түйүп, жейрендей безе качты. Том
аны үйүнө чейин кууп барды, ошентип анын каерде жашаганын билип алды. Ал
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
касташканын сыртка чакырып, дарбазанын түбүндө бир топко турду, бирок касы
терезеден өңү-башын тыржаңдата эликтеп, сыртка чыкпай койду. Акырында касынын
апасы чыгып, Томду бейбаш, зөөкүр, орой бала экенсиң деп урушуп, анын кетүүсүн
талап кылды. Том кетти, бирок балаңардын сазайын берем деп кекетип кетти.
Ал ошол түнү үйүнө аябай кеч келди, акырын терезеден ашып киргенде, аңдып
отурган таежесинин колуна түшүп калды. Үстүндөгү кийиминин кейпин көргөн таежеси
ага ишемби күндү дем алыш кылбай, оор иш жүктөп туткунга айландырарын айтып, бул
оюнан эч кайтпай турган болду.
2. Жалдама акилегич
Ишемби күндүн таңы атты, жайкы дүйнө жаркылдаган таза нурга бөлөнүп,
жашоо кумарына толду. Ар бир жүрөктө ыр таңшып, кайра жашарып, көмөкөйдөн обон
куюлуп турду. Ар бир өңдөн кубаныч, ар бир кадамдан жаз көрүнүп жатты. Ак гүлдүү
алтыгана гүлдөп, жыты аңкып турду.
Шаарчанын капталында суналган Кардифф тоосу көктөмгө оронуп, чексиздикти
карай жайылган өзүнчө бир укмуш өлкөдөй мемиреп, балкып, азгырып жатты.
Акиташ салынган челегин жана узун саптуу актагыч чачысын көтөргөн Том
көчө боюнда пайда болду. Кашааны бир сыйра карап алып, анын бүт кубанычы тарап,
көңүлүн терең кайгы ээледи. Узуну отуз кадам, бийиктиги тогуз таман тактадан
жасалган кашаа. Жашоо ага бекер убара, тиричилик жалаң түйшүк болуп көрүндү.
Үшкүрүнүп алып, ал чачысын челекке малды да, кашаанын эң жогорку тактасын
актады, ишин дагы кайталады, анан дагы. Акталган бираз жерин кашаанын акталбаган
учу-кыйырсыз аралыгына салыштырып көрүп, көңүлү чөгүп, талдын түбүндөгү
кутунун үстүнө отура кетти. Колуна калай челегин кармап, «Буффалонун селкилерин»
ырдап, дарбазаны аттап-буттап Жим жетип келди. Шаарчадагы кудуктан суу ташуу
Томду бир кезде жадатып жиберчү, бирок азыр ал бул ишти башкача көз менен карады.
Көз алдына кудукту тегеректегендер тартылды. Ак жуумал, аргын, кара түстөгү балдар
жана кыздар дайыма ал жерде өз кезегин күтүп турчу, эс алып, оюнчуктарын
айырбаштап, талашып-тартышып, чурулдап урушуп ойношчу. Кудукка чейин жүз элүү
кадам болсо да, Жим ал жерден суу толтурулган челегин көтөрүп бир сааттан эрте
келчү эмес, анда дагы артынан дайыма бирөө издеп барышы керек болчу.
Том мындай деди:
– Йа, Жим, сен бир аз актай турсаң, мен сууга барып келет элем.
Жим башын чайкады.
– Болбойт, Том мырза. Картаң айым мага барып суу апкел деди, бирөө менен
алаксып ойноп кетпе деди. Ал дагы айтты, Том мырза кокус акташып кой десе, сенин
ишиң болбосун ага, актаганды өзүнө кой деди.
– Сен аны укпай эле кой, Жим. Ал дайыма ошенте берет. Берчи мага челекти,
мен заматта эле келип калам. Ал билбей деле калат.
– Жо-ок, болбойт, Том мырза. Картаң айым башымды жулуп алат. Анын
колунан келет.
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
– Албы? Ал эч качан бирөөнү урган эмес. Оймогу менен эле башыңа нукуп коёт,
ошондон да коркосуңбу? Ал болгону тилдейт, ал эми тилдегенден бир жериң оорумак
беле, кайра өзү эле ыйлап калат. Жим, мен сага укмуш бирдеме берейинби. Мына,
мармардан жасалган тоголок ак коргол ташты берем!
Жимдин көңүлү оой баштады.
– Ак мармардан коргол таш, Жим! Мына, укмуш коргол таш.
– Ой-у-уй, чын эле бир укмуш турбайбы! Бирок, Том мырза, картаң айымдан
мен иттей корком...
– Эгер кааласаң, мен сага жарылган бармагымды да көргөзөм.
Жим да ишенчээк бир пенде болчу – ал ушундай азгырыкка алданып калды.
Челегин жерге коюп, ак коргол ташты алды да, Том таңылган бутун чечкиче, анын
бармагын үңүлүп тиктеп турду. Бир маалда ал челегин ала коюп, ачышкан жонун
сыйпалап көчөнү бойлоп учуп жөнөдү, Том күчүнүн болушунча актап кирди, колунда
бут кийими, көзүндө күлмүңдөгөн жеңиш оту жанган Полли таеже болсо, салгылашуу
майданынан басып кетти. Бирок Том кыйратып деле иштеген жок. Ушул күнгө
болжогон оюнду эстегенде, кайгысы ого бетер күч алды. Жакында колу бош балдар
үйлөрүнөн чыгып, көчөдө сейилдеп ойногону жөнөйт, анан алар анын иштеп жатканын
көрүп шылдыңдайт – мына ушул ой эсине түшкөндө, ал өзүн отко күйгөндөй сезди. Ал
болгон байлыгынын баарын чөнтөгүнөн алып чыгып чачты да, эмнеси бар экенин
көрдү: болгону биртике оюнчук, мармар коргол таш менен майда-чуйда, аны бир
нерсеге айырбаштаса болот, бирок эң кур дегенде жарым сааттык эркиндикти сатып
алганга жарабайт. Ал чакталуу буюмдарын кайра чөнтөгүнө салды да, балдарды сатып
алам деген оюнан баш тартты. Ошентип, башына каран күн түшүп, үмүтсүз болуп
турганда ага бир илхам келди. Ал болгондо да бир укмуш, керемет илхам эле!
Ал чачысын алды да, беймарал ишин улантты. Ошол маалда Бен Рожерс анын
көзүнө илинди – мына ушул баланын мазактарынан ал абдан коркчу. Бендин жайдары
секирип басканы анын көңүлү ток, маанайы шайдоот экенинен кабар берчү. Бен
алмасын кемирип, созолонто ырдап, кээде коңур үнү менен «диң-доң-доң», «диң-доңдоң» деп келатты. Бул анын кемени туураганы болчу. Жакындап келгенде, ал
ылдамдыгын бир аз басаңдатып, «кемесин» көчөнүн ортосуна бурду, оң капталына
кыйшайды да, салмактуу, салтанаттуу түр менен жээкти карай шашпай бурула
баштады. Мунусу анын тогуз таман суунун астына чөккөн «Чоң Миссури» кемесин
туураганы болчу. Кеме өзү, капитаны да өзү, кеменин коңгуроосу да өзү болчу, ошон
үчүн ал кеменин тумшугунда туруп, өзү буйрук берип, анысын өзү аткарып жатты.
– Токто, мырза! Тиң-илиң-илиң! – токтой калган «кеме» жай жылып,
кыябанды беттеди.
– Кемени артка тарт! – колун ылдый түшүрүп, эки жагына жыйды.
– Оңго бур! Тиң-илиң-илиң! Чү! Ч-ү-өү! Чү! – анын оң колу тегеректи сызып
кирди: бул анын кырк таман дөңгөлөктү көргөзгөнү болчу.
– Солго бур! Тиң-илиң-илиң! Чү! Ч-ү-өү! Чү! – Эми сол колу чарыкты сыза
баштады.
– Токто, оңго! Тиң-илиң-илиң! Токто, солго! Оң жакка алга! Токто! Өзүң
тарапты жайыраак айда! Тиң-илиң-илиң! Чү! Ч-ү-өү! Башынан жипти таштагыла!
Болгула эми! Оролгон арканыңарды сыртка ыргыткыла, болбойсуңарбы! Зым
тартылган мамыны бурагыла! Ушу бойдон орноткула, эми коё бергиле! Кыймылдаткыч
өчтү, мырза! Тиң-илиң-илиң! Ишт-ишт-ишт! (Шамал өлчөгөн жебени туураганы).
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
Том актаганын уланта берди, кемеге эч көңүл бурган жок. Бен аны бир аз тиктеп
турду да, анан мындай деди:
– Ай-ий, күнөөңдү актап атасыңбы!
Унчуккан жок. Аткарган ишине Том сүрөткердин көзү менен карады, кайра
чачысы менен дагы бир секин шилтемиш болуп, анысын мурдагыдай эле карап туруп
калды. Бен анын катарына турду. Алманы көрүп Томдун шилекейи акты, бирок ал иши
менен алектенди. Бен ага кайрылды:
– Салам, дос! Иштетип койдубу, йа?
Том ага бурулуп, мындай деди:
– А-а, бу сенсиңби, Бен? Байкабай калыптырмын.
– Билесиңби, мен сууга түшкөнү баратам. Сен кошулбайт белең? Бирок албетте,
сен иштешиң керек да, э? Албетте, иштешиң керек.
Том Бенди бир сыйра карап алды да, анан сурады:
– Сен эмнени иш деп атасың?
– Булчу, бул эмне, иш эмеспи?
Том актаганын улантып, акырын гана жооп берди:
– Мүмкүн, иштир, мүмкүн, иш эместир. Бир билгеним, бу Том Сойерди
канааттандырат.
– Э, койчу, сен эми ушул иш сага жагат дегени турасыңбы?
Чачы кыймылдай берди.
– Жакканыбы? Эмнеге мага жакпай калышы керек? Күнүгө эле бизге кашааны
актаганга мүмкүнчүлүк берип атыптырбы?
Бардык нерсе башкача түскө келгендей боло түштү. Бен алмасын аймаганын
токтотту. Том тыкандык менен актап, кандай болгонун көрүш үчүн артына
кетенчиктеп, ала жерлерине кайрадан аки тийгизип, анысына дагы көз жүгүртүп жатты.
Бен анын ар бир кыймылын карап, улам-улам кызыгып, кайра-кайра суктана берди.
Андан кийин ал сурана баштады:
– Токтосоң, Том, мен дагы бир аз актайынчы.
Том макул болуп, берейин деп ниеттенди эле, анан кайра оюн өзгөрттү:
– Жок, Бен, сен жакшылап актарыңа мен ишене албай турам. Билесиң го, Полли
таежем бу кашаага өзгөчө күйпөлөктөйт. Өзүң көрүп турасың го, бу түз эле көчө
тарапта. Короону караган тарабы болсо да мейли эле, мен да, ал да эчтеке демек
эмеспиз. Бу кашаа үчүн Полли таежем тим эле күйүп кетет. Муну өтө кылдат акташ
керек? Миң баладан бирөө, жок, эки миң баладан бирөө гана муну кандай акташ
керектигин билет.
– Жок... Же ошондойбу? Болуптур, эми бир эле көрөйүнчү. Мен сенин ордуңда
болсом, сага берет элем го, Том.
– Бен, мен берейин эле дейм, кудай урсун, инди чындыгы!1 Бирок Полли
таежемчи... Жимдин да актагысы келген, бирок ага уруксат бербей койду. Сиддин да
актагысы келди, ага да болбой койду. Кандай жоопкерчилик экенин эми көрдүңбү? Сен
кашааны актай баштасаң, анан бирдеме болуп кетсе...
Америка индилеринин анты.
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
– Э кокуй десе, Том, мен деле аракеттенем да. Берчи эми, мен да бир көрөйүн.
Уксаң, мен сага алмамдын өзөгүн берейин.
– Мейли эмесе... Жок, Бен, болбойт. Мен коркуп турам...
– Алмамды бүт эле берейинчи!
Том чачыны сыртында кыйылуу, ичинде кубануу менен берди. «Чоң
Миссуринин» акыркы кемечиси аптапта тердеп-тепчип иштеп жатканда, эс алып
жаткан сүрөткер болсо, көлөкөдөгү чапчактын үстүнө отуруп алып, буттарын
салаңдатып, алмасын кемирип коюп, курмандыкка аңкоолордон дагы кимисин
азгырыш жолун ойлонуштурду. Балдардан өксүк болгон жок, алар улам көбөйө берди,
алар шылдыңдаганы келип, кайра актаганы калып жатты. Бир аздан кийин Бен
чарчады, Том кийинки кезекти Билли Фишерге жакшылап оңдолгон батперекке сатты,
ал күйүккөндөн кийин Жонни Миллер айлантканга ыңгайлуу болушу үчүн жип
байланган өлүк келемишке сатып алды. Ошентип, биринин артынан бири туруп, саат
сайын кийинкиси келе берди. Түш маалы болгондо, эртең менен эле колунда эч нерсеси
жок Том байлыкка көмүлүп эле жатып калды. Тигил айтылган байлыктан башка, ал он
эки коргол таш, сынык ооз комуз, дүрбү кылып ойнолчу көк шишенин сыныктары,
чыгырыктан жасалган замбирек, эчтекени ачалбаган ачкыч, бир сындырым бор,
көөкөрдүн капкагы, калайдан жасалган жоокер, эки көнөк баш, алты от аттыргыч, бир
көзү көр мышык, каалганын жез туткасы, ит өзү эмес, анын каргысы, бычактын сабы,
алты апельсиндин кабыгы жана терезенин бузулган алкагы – мына ушулардын ээси
болду.
Том жоро-жолдоштору менен бош убактысын жыргап өткөрдү, анын ортосунда
кашаа үч сыйра акталды. Акиташ түгөнүп калбаганда ал шаарчанын балдарынын бүт
чөнтөктөрүн кагып алмак.
Том өзүнчө ойлоду: жашоо андай деле жаман эмес окшойт. Өзү байкабай туруп
эле адамдарды кыймылдаткан бир улуу мыйзамды таап алды, тактап айтканда, чоң
киши болобу же бала болобу, аларды бир нерсеге кызыктырыш үчүн ал эңсеген
нерсесине жетиши кыйын болуш керек тура. Эгерде ал ушул китепти жараткан жазуучу
сыяктуу улуу жана даанышман ойчул болгондо, ал сөзсүз Эмгек – кандай гана киши
болбосун аткара турган милдет, Оюн болсо, кандай гана киши болбосун аткара турган
милдет эмес деген тыянакка келмек. Бул ага дагы бир нерсени түшүнүүгө жардам
бермек: эмнеге кол менен гүл жасоо же бир өңчөй иш аткаруу – эмгек, ал эми качма
топ ойноо жана Монбландын чокусуна чыгуу жөнөкөй гана оюн-зоок болуп саналат.
Англияда айрым байлар бар, алар күнү бою төрт ат чегилген унааны жайкы аптапта
нары-бери чапкылайт, себеби алар акчасын төлөп ойнойт, ал эми алар ошол эле
нерсени акча табуу үчүн кылганда, анда алардын оюну жумуш болуп, кызыгы тарап
кетмек.
Бала дүйнөнүн шарттарына жараша аң-сезиминде болгон ушул маанилүү
өзгөрүүнү дагы бир паска ойлонуп турду да, аткарылган иш жөнүндө кабарлаганы
башкы жетекчисине жөнөдү.
3. Татынакай бейтааныш
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
Том Полли таежесинин алдына келсе, ал таптаза кылып жыйналган, бир эле
маалда жатаканасы дагы, мейманканасы дагы, ашканасы дагы, китепканасы дагы
болгон бөлмөсүнүн ачык терезесинин алдында отуруптур.
Жайдын мелүүн жели, жайбаракат тынчтыгы, гүлдүн жыпар жыты, аарылардын
мемиреткен шарпасы өз таасирин берди, Полли таеже токуп отуруп үргүлөп кетти,
себеби мышыктан бөлөк эч ким жок эле, мышыгы болсо, анын этегинде уктап жаткан.
Көз айнегин түшүрүп албайын деп ак аралаган чачына көтөрүп коюптур. Ал Томду,
албетте, небак эле безип жоголгон десе керек, камарабай анын алдына өзү келгенин
көрүп таңыркады. Том суранды:
– Мен эми барып ойной берсем болобу, таеже?
– Эмне, болдуңбу? Канчасын бүттүң?
– Баарын бүтүрдүм, таеже.
– Том, мага калп айтпа. Мен калп айтканды жаман көрөм.
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Том Сойердин жоруктары - 02
  • Büleklär
  • Том Сойердин жоруктары - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 4062
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2017
    30.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4114
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2057
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4060
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2027
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4107
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1965
    31.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 4160
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1918
    32.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 4063
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2102
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4071
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1974
    31.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4016
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1904
    30.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 4060
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2114
    30.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 4068
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1895
    33.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 4143
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1936
    32.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 4056
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1928
    32.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 4101
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1936
    31.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 2738
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1395
    35.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    54.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.