Latin

Том Сойердин жоруктары - 13

Süzlärneñ gomumi sanı 4101
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1936
31.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
44.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
досторун, жылуу төшөгүн, эң негизгиси жарыкты кеп кылышты! Бекки кайра ыйлап
кирди, Том болсо канткенде ага жагдайды жеңилдетүү жолун табарын ойлоого
аракеттенди, бирок соороткон сөзүн улам кайталай бергендиктен, анысы өз таасирин
жоготуп, эми шылдың катары угулгансыды. Катуу чарчагандыктан Бекки үргүлөп,
көздөрү илинип кетти. Том ошого кубанды. Ал кыздын азыңкы өңүн карап отуруп,
жакшы түштүн таасиринен анын жүзү кайра нурданып, кадимкисиндей болуп
баратканын көрдү. Анан бара-бара өңү жылмайып, ошол бойдон сакталып кала берди.
Нурдуу жүзү кандайдыр бир бейгамдыкты алып келип, Томдун жаны жай алды.
Ошондо анын кыялы өткөн күндөрүнө закымдап эскерүүлөрдү карай алып учуп
жөнөдү. Ал терең ойго батып отурганда, Бекки секин күлүп, көзүн ачты, бирок күлкүсү
бир паста өчүп, анын ордун оор үшкүрүк ээледи.
– И-ий, кантип уктап кеттим экен! Мен эч качан, эч качан ойгонбой койсом,
жакшы болмок! Жок! Жок, мен антпейм, Том! Антип карабачы! Мындан кийин антип
айтпайм!
– Уктаганыңа сүйүндүм, Бекки. Сен азыр эс алып калдың, эми биз чыга турган
жолду табабыз.
– Аракет кылалы, Том. Бирок мен түшүмдө ушунчалык укмуш өлкөнү көрдүм
дейсиң. Менимче, биз ошоякка баратабыз.
– Мүмкүн, баратабыз, мүмкүн, жок. Көңүлүңдү ач, Бекки, анан аракет кылып
көрөлү.
Алар ордунан туруп, алга карай жөнөштү, кол кармашып, бирок үмүт жок эле.
Алар үңкүрдө канча убактан бери жүргөнүн санап кирди, алардын баамында күндөр
менен апталар өтүп кеткенсиди. Бирок андай болушу мүмкүн эмес, анткени алардын
шамы дале түгөнө элек. Андан бери узак мөөнөт өттү, канча экенин алар билбейт. Том
акырын басып, суу тамчылаганын тыңшаш керек, булак таап калышыбыз мүмкүн деди.
Алар булакты тез эле табышты, Том дагы эс алалы деди. Экөө тең өлөсө чарчады,
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
бирок Бекки дагы бир пас басканга жарай турганын айтты. Томдун каршы болгону аны
таңгалдырды. Ал түшүнбөй калды. Алар отурду, Том өзүнүн шамын тушундагы
дубалга ылай менен чаптап койду. Аларды ой басты, көпкө чейин эч нерсе сүйлөнгөн
жок. Анан Бекки жымжырттыкты бузду:
– Том, кардым аябай ачты!
Том чөнтөгүнөн бир нерсени алып чыкты.
– Бул эсиңдеби? – деди ал.
Бекки жылмайымыш болду.
– Бул биздин үйлөнүү той токочубуз, Том.
– Ооба, болгону ал тоголок эмес, бирок болгону ушу.
– Мен сейилде муну кийин эскерүү үчүн жаздыктын астына бекитип койгом.
Чоң кишилер үйлөнүү той токочун ошентет го, бирок бул биз үчүн...
Кыз сөзүн жарымынан токтотту. Том токочту сындырды, Бекки аны ышкылуу
жеди, Том өз үлүшүн четинен гана тиштеди. Тойду аяктаганга муздак суу да кенен
болчу. Бир аздан кийин Бекки жолду улантууну сунуштады эле, Том бир паска
унчукпай калды. Анан ал үн катты:
– Бекки, мен сага бирдеме айтсам, кабыл аласыңбы?
Беккинин өңү кубарып кетти, бирок ал макул болду.
– Анда, Бекки, биз ушул ичүүгө суу бар жерде калалы. Бул кичинекей шам
биздин акыркы шамыбыз.
Бекки көз жашына күчүн чыгарып, улуп-уңшуп ыйлап кирди. Том аны мүмкүн
болушунча сооротту эле, бирок анысы анча жардам берген жок. Акырында, Бекки
кайрылды:
– Том!
– И-и, Бекки?
– Алар бизди жоктоп, анан издейт болуш керек!
– Ооба. Албетте, издейт.
– Балким, алар азыр бизди издеп жүрүшкөндүр, Том!
– Менимче, ошондой болсо керек. Ошондой эле болсо керек.
– Качан алар бизди жоктошот болду экен, Том?
– Кемеге кайра барганда деп ойлойм.
– Том, анда караңгы кирип калат да. Алар биздин жогубузду байкайт дейсиңби?
– Билбейм. Жок эле дегенде, апаң сени тигилер үйгө жеткенде жоктойт.
Чочуп кеткен Беккинин өңүнөн Том эсине келе калып, чоң ката кетиргенин
түшүндү. Беккини ал күнү кечинде үйүндө күтмөк эмес! Балдар тымтырс болуп,
ойлонуп калышты. Бир пастан кийин Беккинин кайрадан кайгырганынан улам, Том
анын оюна келген нерсе тигиге да келгенин түшүндү: Харпер айымдыкына Беккинин
түнөбөгөнүн Тетчер айым билгенче, жекшембинин жарым күнү өтүп кетет.
Балдар көздөрүн кичинекей сынык шамга тигип, анын жай жана аёосуз эрип
баратканын карап, акырында жарым карыш билиги гана калганын көрдү, кибиреген от
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
жалындап, анан бүлбүлдөп барып, түтүнү үлдүрөп отуруп, учунда бир аз кармалып,
акыры толугу менен караңгылык өкүм сүрдү.
Томдун кучагында ыйлап жатканын Бекки сезгенге чейин канча убакыт өткөнүн
эч ким айта албайт. Экөөнүн түшүнгөнү алар ошол узак мезгилдин аралыгында көпкө
уйкунун кучагында нес болуп жатып, анан өздөрүнүн азап-кордугун гана сезип, кайра
эсине келишти. Том азыр жекшемби болушу керек, же мүмкүн, дүйшөмбү деп
болжоду. Ал Беккини сөз менен алаксытууга аракет кылды, бирок тигинин кайгысы
ушунчалык күчтүү эле, бардык үмүтү үзүлгөн болчу. Том аларды эмгиче жоктошуп,
сөзсүз издөө башталган болушу керек деди. Мүмкүн, кыйкырып көрсө, бирөө жарым
келип калар. Ал кыйкырып көрдү, бирок караңгыда алыстан кайткан жаңырык
ушунчалык коркунучтуу болгондуктан, ал башка кыйкырганын токтотту.
Убакыт өтө берди, ачкалык туткундарды кайрадан кыйнап кирди. Алар Томдун
той токочунан калган жарымысын бөлүп жешти. Бирок алар мурункудан да ачка
болгондорун сезишти. Бир сындырым тамак алардын ышкысын гана козгоду.
Бир маалда Том:
– Чиш-ш! – деди. – Уктуңбу?
Экөө дем чыгарбай, тыңшап калышты. Алыстан болор-болбос кыйкырыкка
окшогон бир добуш угулду. Том дароо эле жооп берип, Беккини колунан алды да, ошол
тарапты карай сыйпалап жөнөдү. Бир маалда ал дагы тыңшады, үн дагы угулду, кичине
жакыныраактан даана угулду.
– Бул ошолор! – деди Том. – Алар келатат! Жүр, Бекки, эми бардыгы жакшы
болот!
Жоголгондордун кубанычы чексиз болчу. Анткени менен алар жай басышты,
себеби чуңкурлар дээрлик бардык жерде бар болчу, андыктан этият болуш керек эле.
Бир аздан кийин эле алар бир чуңкурга такалып, токтоого аргасыз болушту. Анын
тереңдиги, мүмкүн, үч кадамдыр, мүмкүн, жүздүр, – кандай болсо дагы аны айланып
өтүү мүмкүн эмес эле. Том көмкөрөсүнөн жатып, алы жетишинче эңкейди. Түбү
көрүнбөйт. Алар ордунда туруп издегендер келгенче күтүшү керек. Алар тыңшады:
алыстагы кыйкырыктар улам алыстап бараткан өңдүү. Бир оокумдан кийин же дагы
бир пастан кийин тигилер биротоло кетип калышты. Жүрөктү зардаткан азап болду го
бул! Том үнү бүткөнчө кыйкырды, бирок пайдасыз. Ал Беккини үмүттөндүрүп сүйлөп
жатты, ошентип тынчсызданып күтүү маалы да бүттү, добуш кайра угулбай калды.
Балдар эптеп тырмышып отуруп, кайра булакка жетишти. Убакыт узакка созулду,
алар кайрадан уктап, кайрадан кайгырып, карды ачып ойгонушту. Томдун болжолунда,
бүгүн шейшемби болуш керек. Бир ой анын эсине кылт этти. Жака белде туш тарапка
кеткен далистер бар. Бекерчиликте оор мезгилдин салмагына басылбай, ошолордун бирин
кыдырып келген оң эмеспи. Ал чөнтөгүнөн батперектин жибин алып чыгып, урчукка
байлады да, Бекки менен жолго чыкты. Том жипти чубап, ташты сыйпалап, алдында
баратты. Жыйырма кадамдай аттаганда, далистин учу жарга барып такалды. Том чөгөлөй
калып, колун ириде астына, анан мүмкүн болушунча бурчтун артына сунду, оң тарапка
дагы кичине сунайын дегенде, жыйырма эле кадамдай жерден, асканын аркасынан шам
көтөргөн бирөөнүн колу көрүндү! Том сүйүнүп кетип кыйкырып жиберди эле, бир маалда
ошол колдун артынан чыга калган караан... инди Жонуку экен! Том ордунан жыла албай,
шалдайып туруп калды. Анан испандын качып баратканын, көздөн кайым жоголгонун
көрүп, Том абдан сүйүнүп кетти. Инди Жо анын үнүн таанып, сотто күбө болгону үчүн
келип өлтүрбөгөнүнө Том таңыркады. Кыязы, жаңырык анын үнүн өзгөртүп койду
көрүнөт. Күмөн жок, ошентти окшойт деген ишенимде калды Том. Коркунуч денесинин ар
бир булчуңун алсыратты. Эгер анын булакка кайра барганча күчү жетсе, ал ошол жерден
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
жылбайт, анткени инди Жого кайрадан жолугуп калышы мүмкүн деп ойлоду ал. Ал кимди
көргөнүн Беккиге айтуудан сактанды. Жөн эле тобокелге салып кыйкырдым деп койду.
Бирок ачкалыгы менен азаптары жанагыдай коркуп качкандан да күчтүүрөк
болду. Булак боюндагы баягы эле тунжураган күтүү, баягы эле алсыраткан уйку
көңүлдөрүн чөктүрдү. Балдар карды ачып кыйналганынан ойгонушту. Томдун ойлогону
эле: шаршембиби же бейшембиби, мүмкүн, жума же ишемби болбосун, акыры ага
аларды издегенин токтотуп койгондой сезилди. Ал дагы бир далисти кыдырып чыкмак
болду. Бул жолу ал инди Жо же бөлөк кандай коркунуч болсо дагы тобокелге салды.
Бирок Бекки абдан алсырап калган эле. Анын көңүлү кайгыга батып, аны кайра
көтөрүүгө эч болбой калган. Эми кыз кайсы жерде жатса, ошол жерде өлө турган болду,
ал өзүнүн өлөрүнө аз калды деди. Эгер кааласа, ал Томго жип менен далистерди кыдыра
бергенге уруксат берди. Болгону тезирээк кайра келип, сүйлөшүп турушун суранды,
анан ал эң оор акыбалга жеткенде, жанында болуп, бардыгы бүткөнчө колунан кармап
турушуна убадасын алды.
Том аны өөп, кекиртеги буулуп туруп, үңкүрдүн оозун таап каларына же аларды
издегендерге жолугууга дагы ишеним бар деди. Анан ал ачкасынан зорго кыймылдап,
өлүм жакындап калганына арман кылып, жипти колуна алган бойдон жол издеп төрт
аяктап жөрмөлөп жөнөдү.
32.Алар куткарылды
Шейшембиде түш ооп, эми күүгүм кирди. Сент-Питерсбург шаарчасы дале
кайгыда болчу. Жоголгон балдар табылган жок. Жамаат алар үчүн чиркөөдө сыйынып
жатты, көптөгөн жеке табынуучулар жан-дилинен жалынды, бирок үңкүрдөн жарыткан
жакшы кабар келбеди. Издегендердин көпчүлүгү түңүлүп, балдар эми табылбай калды
го деп, өз тиричилигине кайтышты. Тетчер айым катуу ооруп, үстөккө-босток жөөлүй
берди. Анын кызын чакырып, жаздыктан башын көтөргөнүн, бир топко чейин тыңшап
туруп, анан кайрадан онтоп, башын кайра жаздыкка койгонун карап туруу өтө
кейиштүү көрүнүш дешти эл. Полли таеже да кайгыга батып, буурул чачы биротоло
агара түштү. Шаарча шейшемби күндүн кечинде кайгырып, жетимсиреп, уйкуга
кирген.
Түн жарымынан ооп калганда шаарчанын коңгуроолору тынымсыз катуу
чалынды, анан бир маалда көчө чала-була кийинген элге толуп, тигилер кыйкыра
башташты: «Тургула! Тургула! Алар табылды! Алар табылды!» Калай көмөч казан
менен сурнайлар ызы-чууну күчөтүп, жыйылган эл сууну карай жөнөштү. Жолдон үстү
ачык чыгырыкка Том менен Беккини салып, жабалактап кыйкырып келаткан
кишилерди тосуп алышты. Аларды туш тарабынан курчап, ураалап, үйлөрүнө
укмуштай салтанат менен чоң көчө аркылуу узатышты.
Шаарча жарыкка толду. Бул түнү эч ким уктаган жок. Ушул түн чакан шаарчада
эч качан кайталанбас улуу түн болду. Алгачкы жарым сааттын ичинде шаарчанын
тургундары Тетчер соттун үйүнө чууруп кирип, табылгандарды кучактап өөп, Тетчер
айымдын колун кысып жатышты. Ал бир нерсени айтмак болуп, дарамети жетпей,
сыртка чуркап чыгып, көз жашын көлдөтүп жиберип атты.
Полли таеже кубанычка бөлөндү, Тетчер айым деле ошого жакындагансыды.
Анткени менен эгер үңкүргө жөнөтүлгөн киши бул кубанычтуу кабарды анын
жубайына тезирээк жеткиргенде, анын деле кубанычы толук болмок. Том диванда
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
жатып, аны тегеректеген ынтызар угармандарына өзүнүн укмуштай окуяларын айтып
берди, бирок ал кызыктуу болушу үчүн окуяга анча-мынча калпты да кошуп жиберди.
Ал баянын кантип Беккини таштап коюп, үңкүрдүн оозун издегени кеткени, анан
кантип жиби жеткен эки өткөөлдү аралаганы, анан жибин чоюп отуруп, үчүнчү
өткөөлгө барганы, анан артына кайрыла берерде, алдынан күндүзгү нурга окшош бир
нерсе жаркырай түшкөнү, анан жибин таштай коюп, тигил жакка жөрмөлөп, өтө
баштаганы, кантип башы менен ийиндерин сыртка чыгарып караса, кең Миссисипинин
толкундары көз алдында жайкалып жатканы менен жыйынтыктады. Ошондо түн
болгондо, ал күндүзгү нурдун жарыгын көрбөйт да, далис менен аралап барбайт да
болчу. Ал кантип Беккиге кайтып келип, кубанычтуу кабарды айтканын, анда кыз буга
окшогон майда-барат кеп менен аны кыйнабашын суранганын, анткени ал чарчап,
жакында өлөрүнө көзү жетип калганын, керек болсо, кыз эмес өзү да ошондой болорун
сезип турганын божурап берди. Ал кантип кызды сооротуп, аны эптеп
үмүттөндүргөнүн, кантип нуру төгүлгөн көгүш так көзгө учураганда, кыз өлө
сүйүнгөнүн, кантип жылчыктан өзү чыгып, анан Беккиге жардамдашканын, кантип
экөө жээкте отуруп, сүйүнгөндөрүнөн ыйлаганын, кантип алардын жанынан бир
кишилер кайык менен өтүп баратканда, аларды чакырып, анан алар үңкүрдөн эмеле
чыгып, өлгүдөй ачка экендерин айтканын, кантип тигил кайыктагы кишилер адегенде
алардын обу жок баянына ишенбей коюшканын, себеби дайраны бойлоп отурса, үңкүр
бул жерден беш чакырым өйдөдө экенин, анан кантип тигилер аларды кайыкка салып,
бир үйгө алып барып, ал жерге токтоп, курсагын тойгузуп, эки-үч саат эс алдырып,
ошондо гана караңгы киргенде, үйлөрүнө жеткиргенин көркөмдөп кеп куруп берди.
Таң атарда гана Тетчер сот менен эки-үч жардамчысын артынан чубалган жип
аркылуу үңкүрдөн таап, аларга кубанычтуу жаңылыкты айтышты.
Том менен Бекки жакын арада байкагандай, тигил үч күн жана үч түн үңкүрдө
адашып жүргөндөр, ачка болгондору аларга оңой-олтоң иш эмес экен. Алар шаршемби
менен бейшемби күндөрү аябай чарчап, чаалыгып, турбай төшөктө жатышты. Том
бейшембиде бир аз турумуш болду, жума күнү шаарчага чыгып, ишембиде кадимкидей
оңолуп калды. Бирок Бекки жекшембиге чейин өз бөлмөсүнөн чыккан жок, анын өңү
катуу оорудан жаңы айыккансып көрүндү.
Хектин ооруганы жөнүндө угуп, Том жума күнү ага жолукканы барды, бирок ал
жаткан бөлмөгө киргизбей коюшту. Ишемби менен жекшемби күндөрү дагы ал кире
албады. Ошондон кийин гана аны Хекке күн сайын киргизе башташты, бирок өзүнүн
окуяларын айтпай, Хекти капаландыра турган кептерди козгобой отурсун деп
эскертишти. Бүт айткандай кылып жатабы деп, анын жанында жесир Дуглас кошо
жүрдү. Том Кардифф тоосундагы окуяларды үйдөн уккан, ошондой эле «албыраган
кишинин» өлүгү акыры пристандын жанынан дайрадан табылганын билчү: балким, ал
качканга аракет кылганда чөгүп кеткендир.
Үңкүрдөн чыккан соң жарым айдан кийин Том биротоло оңолуп, кан кызыта
турган кепке даяр болуп Хек менен көрүшкөнү жөнөдү. Томдун Хекти кызыктырар
жаңылыктары бар болчу. Тетчер соттун үйү анын жолунда эле, ал Беккини көрүп
кеткени токтоду. Сот менен анын айрым дос-тору Томду кепке чакырып, алардын
бирөө андан кайрадан үңкүргө барганды каалайт белең деп тамашалап сурады. Том,
өзүнүн ою боюнча, буга каршы эмес экенин айтты. Сот минтти:
– Ко-ош, сага окшогондор дагы бар, Том. Буга эч шек жок. Бирок биз ага каршы
чара көрдүк. Мындан нары ал үңкүрдө бир да киши адашпайт.
– Эмнеге?
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
– Анткени мындан эки апта мурун мен тунуке менен капталган чоң
каалга жасатып, аны үч кулпу менен бекиттирип салгам, анан ачкычтарын алып
койгом.
Том кагаздай кубарып кетти.
– Эмне болду, балам? Бирөө-жарым, бол, тезирээк! Суу алып келгиле!
Суу алып келишти да, Томдун бетине чачышты.
– Мына эми оңолдуң. Сага эмне болду, Том?
– Сот мырза, үңкүрдө инди Жо бар!
33.Табылган кенч
Бир пастын ичинде бул кабар желдей тарап, киши толо ондогон кайык Мак
Дугалдын үңкүрүн көздөй сүзүп баратты, аларды ээрчип жүргүнчүлөр шыкалган чакан
кеме дагы жөнөдү. Том Сойер Тетчер сот менен кошо бир кайыкта отурду.
Үңкүрдүн каалгасын ачканда, күңүрт тунарыкта бардыгынын көз алдына
кайгылуу көрүнүш тартылды. Инди Жо, сырт жактагы, боштондуктагы жарык, керемет
дүйнөгө көзүн тигип, эшиктин жылчыгына көмкөрөсүнөн жабышып өлүп калыптыр.
Томдун боору ачып кетти, себеби бул бечаранын көргөндөрүн ал дагы өз башынан
өткөрбөдү беле. Ал аяп кетти, бирок анткени менен жеңилдей түшүп, эркиндик жана
коопсуздук сезимине бөлөнүп, тигил сотто канкор аргынды күнөөлөп сүйлөгөндөн
кийин коркунуч аны кандай кыйнап жүргөнүн мына бүгүн чындап түшүндү.
Инди Жонун канжары тең бөлүнүп, жанында жатыптыр. Эшиктин ылдыйкы
калың тактасы кертилип-кесилип калыптыр, инди аябай эле аракет кылган көрүнөт.
Бирок ал бекер убара болуптур, анткени тыш тараптагы пайдубал болуп турган аска
ташты инди эч нерсе кыла албаптыр, болгону канжары сыныптыр. Пайдубал жок
болгондо деле мээнети талаага кетмек экен, анткени инди Жо ылдыйкы тактаны жонуп
бүткөндө деле, баары бир эшиктин алдынан чыга албайт болчу. Аны ал билген,
ошондуктан кыйналган жанын бир аракет менен алаксыткысы келип, эптеп убакыт
өткөрүш үчүн гана кыймылдап, тактаны жонсо керек. Үңкүрдүн жылгаларында дайыма
саякатчылар ыргытып кеткен беш-алты шамдын калдыктары жатчу, бирок эми алар
жок экен. Камалган инди аларды таап, аймап салыптыр. Анан дагы айласы кетип, бирэки жарганатты кармаптыр да, аларды да жеп салыптыр, болгону тырмактары жатат.
Шордуу бечара ачкадан өлүптүр. Кире беришке жакын жерде үстүндөгү сталактиттен
кылымдап тамчылаган суудан жаралган сталагмит оркоюп турат. Туткун сталагмиттин
учун талкалап, аны таш менен кадап койгон экен. Сааттын жадаткыр ар бир үч жолу
тыкылдаганы менен жыйырма төрт саатта бир чоң кашык асыл тамчы чогула турган ал
ташка кичинекей чуңкур оюп алыптыр. Ал тамчылар пирамидалар курулуп жатканда
деле, Троя ойрон болгондо деле, Рим негизделип жатканда деле, Иса пайгамбарды
крестке керип койгондо деле, баскынчы Вильгельм Британия империясын түзүп
жатканда деле, Колумб деңизде сүзүп баратканда деле, Лейсингтондогу салгылашуу
жаңылык болуп турганда деле тамчылап турган. Эми деле ал тамчылап турат.
Булардын баары бүгүнкү күн тарыхтын түштөн ооган маалына, мажаранын (өткөн
мезгилдин) күүгүмүнө, андан нары биротоло белгисиздиктин караңгы түнүнө чөгүп
кеткенче тамчылай берет. Бардык нерсенин өз максаты менен озуйпасы барбы? Ушул
тамчы беш миң жылдан бери талыкпай, бул бир пенденин суусунун кандырганга
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
сакталып, тамчылап турдубу? Дагы он миң жылдан кийин ал эмки бирөөнүн
зарылчылыгына жарап берер бекен? Баары бир. Байкуш аргын асыл тамчыны чогултуш
үчүн ташты ойгонунан көп жыл өттү, бирок Мак Дугалдын үңкүрүндөгү кереметтерге
суктанганы келген саякатчы көздөрүн узакка ушул кунарлуу ташка, ошол жай чогулуп
жаткан тамчыга тигип турат. Инди Жонун кесеси үңкүрдөгү кереметтердин ичинен
биринчи орунда турат. Жада калса, «Алладиндин ак сарайы» дагы ага тең келе албайт.
Инди Жону үңкүрдүн кире беришине көмүштү. Көмгөнү эл кайыкчан, арабачан,
жети чакырым алыстыктагы шаарлардан, чарбалардан жана кыштактардан келди, алар
балдарын жана ар кандай азыктарын кошо көтөрүнүп алган. Алар кийинчерээк кеп
кылгандай, өлүктү көмгөнү анын дарга асылганын көргөндөй эле табаларын кандырды.
Бул сөөк коюу дагы бир күч алып келаткан ишке кедерги болду – инди Жону
кечирүү тууралуу губернатордун наамына арызды токтотуп койду. Арызга далай
колдор коюлуп, көз жашына, жалындуу сөздөргө толо чогулуштар болуп, ыйчы
аялдардын комитети кара кийинип алып, боздоп ыйлап губернаторду курчамак да, аны
ырайымдуу эшек болуп, өз милдетин унутууга чакырып жалынмак. Инди Жо
шаарчанын беш жаранын өлтүргөн дешет, бирок анын эмнеси бар экен? Эгер ал
шайтандын өзү болгон күнү да кечирүү тууралуу арызга кол коюп, көз жашын төгүп
губернаторго жалдыраганга даяр зампар кишилер жайнап табылмак, анткени алардын
көз жашы кирпигинин учунда болот эмеспи.
Өлүк коюлган күндүн эртеси маанилүү нерсе тууралуу сүйлөшкөнү Том Хекти эч
ким жок жерге ээрчитип барды. Томдун жоруктары тууралуу Хек уэлстик чал менен
жесир Дугластан уккан, бирок Том Хекке дагы бир нерселерди уга элегин, ал билбеген
дагы бир нерсе бар экенин айтып, ошол тууралуу сүйлөшүш керек деди. Хектин өңү
кайгылуу боло түштү. Ал минтти:
– Эмне экенин билем. Сен экинчи сыйынтка баргансың да, туурабы? Анан
ичимдиктен бөлөк эчтеке таппай койгонсуң. Бу сен экениңи мага эч ким айткан эмес,
бирок ичимдик жөнүндө угарым менен сен экениңи билгем, акчаны табалбаганыңы
дароо эле түшүнгөм, болбосо бөлөккө айтпасаң да, мага эптеп бир кабар бербейт белең.
Том, менин ал акчаны табарыбызга эч көзүм жетчү эмес.
– Э, Хек, мен трактирдин ээсине бул жөнүндө эч качан айткан эмесмин. Билесиң
го, ишембиде биз сейилге кеткенде, трактир татынакай эле болчу. Ошо түнү сен
кайтарып калганың эсиңдеби?
– Ооба да! Эмнегедир андан бери бир жыл өткөндөй сезилет. Бул мен инди
Жонун артынан акмалап, жесирдин үйүнө ээрчип барган түнү болгон да.
– Аны сен аңдыдың беле?
– Ооба, бирок сен оозуңу жаап жүр. Менимче, инди Жонун достору калган
чыгар, алардын мага жини келип, бир жамандык кылып койбосун. Мен болбогондо,
эмгиче ал Техаска качып кетмек.
Анан Хек Томго уэлстик чалдан чала уккан окуяны бүт жалтактап айтып берди.
– Мынакей, – деди Хек, кайрадан башкы маселеге кайрылып. – Экинчи
сыйынттан ичимдикти ким алып кеткен болсо, акчаны да ошол алды. Кандай болгон
күнү дагы, мен бирдемени так билем, Том, биз үчүн ал акчанын эми дайыны жок!
– Хек, ал акча экинчи сыйынтта дегеле болгон эмес!
– Эмне? – Хек жолдошунун бетин тигиле карады. – Том, сен ал акчанын изине
кайра түштүңбү?
– Хек, акча үңкүрдө жатат?
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
Хектин көздөрү жалындай түштү.
– Дагы бир айтчы, Том!
– Акча үңкүрдө дейм!
– Том, өлүп кетейин дечи? Бу тамашаңбы же чынбы?
– Чын, Хек. Мен өмүрүмдө эч качан айтпаган чындык. Мени менен тиякка
барып, аны алып чыкканга жардам бересиңби?
– Бербей анан! Болгону аерге көзүбүз жетип, адашпай барсак, макулмун.
– Хек, биз ал ишти дүйнөдө бир да кыйынчылыгы жок бүтүрөбүз.
– Абдан жакшы! Сенин акча ошоякта деп ойлошуңа эмне...
– Хек, биз аерге жетип алалычы! Эгер биз аны таппасак, мен сага добулбасымды
берем, болгон нерсемди бүт берем! Берем, өлүп кетейин!
– Абдан жакшы, сүйлөштүк. Качан дедиң?
– Азыр деле, кааласаң. Күчүң жетеби?
– Үңкүр өтө алыс эмеспи? Жаңы эле кичинеден баса баштадым, турганыма үчтөрт күн эле болду, бир чакырымдан ашык баса албайм. Ай, ушу жете албайм го!
– Эгер эл жүргөн жолго түшсөк, анда беш чакырым болот, Хек, бирок дагы бир
иттей кыска жол бар, аны менден бөлөк эч ким билбейт. Хек, мен сени түз эле ошоякка
кайык менен жеткирем. Өзүм сууга түртүп чыгып, жеткенде өзүм тартып чыгарып
коём. Сенин ага колуң дагы тийбейт.
– Анда эмесе азыр эле кеттик, Том.
– Абдан жакшы. Бизге биртике нан менен эт керек, канжаларыбызды да алабыз,
кичинерээк бир-эки кап, батперектин жибинен эки-үчтү, анан жанагы күкүрт ширеңке
деген немеден алабыз. Сага айтайынбы, мен ушуларды жанымда болуп калса экен деп
нечен ирет тилебедимби.
Түштөн бир аз оогондо, балдар бир жакка кеткен жарандардын биринин
кайыгын жалдап, ошол замат жолго чыгышты. «Аңырайган үңкүрдөн» бир нече
чакырым ылдыйлаганда, Том мындай деди:
– Тээ тияктагы жарды көрдүңбү, ылдый карай аңырайган үңкүргө чейин бир
өңчөй, там да жок, отун короосу да жок, токойлору да бир калыпта. Бирок сен тиги
көчүп турган жердеги ак такты көрдүңбү? Ооба, ал менин белгилеримин бири. Эми
жээкке барабыз.
Алар жерге түштү.
– Эми, Хек, биз турган жерден үңкүрдүн оозуна чейин кайырмагың менен эле
жетсең болот. Колуңан келсе, таап көрчү аны.
Хек тегеректи бүт аңтарып чыкты, бирок эч нерсе таба албады, Том мактанып
калың куурайдын арасына басып барды да, көрсөттү:
– Мынакей! Карачы, Хек, бу деген аймактагы эң оңтойлуу тешик. Сен оозуңду
бек кармашың керек. Менин каракчы болгум келип жүрбөдү беле, бирок, мен билгем,
бизге мына ушундай жер керек, кыйын кезеңде качып келгенге да ыңгайлуу. Эми бул
биздин жерибиз, биз муну эч кимге айтпайбыз, болгону Жо Харпер менен Бен
Рожерске гана айтабыз, анткени алар биздин шайкабызга кирет, ансыз бул сыяктуу иш
болбойт. Том Сойердин шайкасы – сонун угулат бекен, йа, Хек?
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
– Ооба, туура, Том. Биз кимди тонойбуз?
– Э-э, толуп атпайбы! Кишилерди барымталайбыз – көбүнчө ошентет го. – Анан
аларды өлтүрөбүзбү?
– Жок, дайыма эле эмес. Үңкүрдө кармап турабыз да, кунун төлөгөндө коё
беребиз.
– Кун деген эмне?
– Ал акча. Аларга мүмкүн болушунча акча чогулттурасың, өзгөчө жорожолдошунан. Анан аларды бир жыл кармап, анда да төлөбөй койсо, өлтүрүп саласың.
Дайыма ушундай. Болгону аялдарды өлтүрбөйсүң. Аларды барымтага аласың, бирок
өлтүрбөйсүң. Алар дайыма сулуу, бай, анан иттей коркок болот. Алардын сааттары
менен буюмдарын аласың, бирок алдында калпагыңды алып, сыпайы сүйлөшүү керек.
Каракчылардан өткөн сылык эч ким жок, аны сен каалаган китептен табасың. Аялзаты
сени сүйүп калат, анан үңкүрдө бир-эки апта тургандан кийин, ыйлаганын токтотот,
андан кийин сен аны кууп да кетире албайсың. Эгер сен айдап жиберсең, анда ал
темселеп жүрүп, кайра келет. Бүт эле китепте ушундай.
– Сонун турбайбы, Том. Менимче, бу каракчылыктан да жакшы экен.
– Ооба, бул бүт жагынан сонун, анткени үйгө да жакын, цирк, анан ушу
сыяктууларга дагы жакын.
Ошол маалда бардыгы даяр болуп, балдар чуңкурга кирип кетти. Том алдыда.
Алар тешиктин эң алыскы четине зорго сойлоп жетип, батперек жибинин учун
карматты да, жолун улантты. Бир нече кадам аларды булакка жеткирди, ошондо Том
денесинин бүт титиреп кеткенин сезди. Ал дубалдын тушундагы топуракка
карматылган биликтин калдыгын Хекке көргөзүп, алар Бекки экөө жалындын бир
жалбырттап, бир бүлбүлдөп өчүп баратканын тиктеп отурганын айтып берди.
Балдар эми шыбырап сүйлөй баштады, анткени бул жердин тымтырстыгы менен
күңүртү алардын үрөйүн учурду. Алар улам узап отуруп, бир маалда Томдун кийинки
далисине кирип, анан «аттай турган жерге» жетти. Шамдын жарыгы бул эч кандай
аттай турган жер эмей эле, жыйырма же отуз кадам бийиктиги бар жар экенин
айкындады. Том шыбырады:
– Азыр мен сага бирдемени көргөзөм, Хек.
Ал шамды өйдө көтөрүп, мындай деди:
– Бурчтун тээ тереңирээк жагын карасаң. Көрдүңбү? Тээ тиги чоң асканын
үстүндө, шамдын ышы менен белгиленген.
– Том, ал крест го!
– Эми сенин экинчи сыйынтың каерде экен? Кресттин алдындабы, йа? Шам
көтөргөн инди Жону мен дал ушуерден көргөм!
Хек табышмактуу белгини узакка карап туруп, анан калтыраган үнү менен
сүйлөдү:
– Том, биерден кеткенибиз оң го!
– Эмне? Кенчти калтырыппы?
– Ооба, калтырыптыр. Инди Жонун арбагы жака белде эле жүргөн болушу
керек.
– Ал жок биерде, Хек, жок биерде. Ал өлгөн жерде болушу керек, үңкүрдүн
оозунда, мындан беш чакырым алыстыкта.
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
– Жок, Том, андай эмес. Ал акчанын айланасында тегеренип жүрөт.
Арбактардын жүрүшүн мен билем го, сен деле билесиң.
Хектин сөзү чын чыкпасын деп, Том коркуп калды. Жүрөгү жамандыкты
сезгенсиди. Бир маалда ага бир ой келди...
– Бери кара, Хек, экөөбүз тең эмнени дөөдүрөп атабыз! Инди Жонун арбагы
крест турган жерге эч качан келе албайт!
Бул сөз дал келди. Ал натыйжалуу болду.
– Том, мен муну ойлобоптурмун. Бирок ошондой да. Крест бар, жолубуз
болуптур. Менимче, биз эми ылдый түшөлү да, үкөкчөнү издейли. Том биринчи түшүп,
ылай дөбөнү чукулап, чала-була тепкич жасап келатты. Хек аны ээрчиди. Ичинде
килейген аска турган чакан үңкүрдүн ичинен төрт жол ачылды. Балдар үчөөнү аңтарып
чыкты, натыйжа болгон жок. Асканын түбүнө жакын чуңкурдан өтө терең эмес бир
тешик табышты, ичинде төшөк жайылган жатак, ошондой эле эски арчын, чочконун
терисин жана эки-үч тооктун таза мүлжүнгөн сөөктөрүн көрүштү. Бирок ал жерде
үкөкчө жок экен. Алар тегерегин бүт издеп-изилдей беришти, бирок бекер убара
болушту. Том минтип кайрылды:
– Ал кресттин алдында деди беле? Мына бул крестке жакын дегенге болот. Ал
асканын алдында боло албайт, себеби аска жерге кирип турат.
Алар бүт жерди дагы бир сыйра тинтип, анан чарчап отуруп калышты. Хек эч
нерсени сунуштай алмак эмес. Кийинчерээк Том минтип айтты:
– Бери карачы, Хек, асканын бир тарабында из бар экен, жерге шамдын майы
тамчылаптыр, бирок башка тарабында жок. Эмнеге андай болду экен? Мен мелдешем,
акча асканын алдында болуш керек. Мен топуракты каза баштайм.
– Бу оюң жаман эмес, Том! – деди Хек жанданып.
Том Барлоу фирмасынын «чыныгы» макисин дароо чыгарып каза баштады,
бычак төрт карыш кирбей туруп, жыгачка урунду.
– Йа, Хек, муну уктуңбу?
Хек да чукулап, каза баштады. Тез арада биртике такта табылып, аларды
чыгарып ташташты. Такталар асканын алдына кеткен табигый коңулду жаап туруптур.
Том ал жакка кирип, колундагы шамды алы жетишинче нары сунду да, бирок
жараканын түбүнө чейин көрө албай койгонун айтты. Ал барып көрүп келүүнү
сунуштады. Эңкейип, астына өттү, тар жол секинден төмөндөп баратты. Ал желдин
агымын ээрчиди, ириде оңго, анан солго бурулду, Хек аркасынан жүрүп отурду. Том
дагы бир аз бурулду да, бир заматтан кийин кыйкырып жиберди:
– Айланайын кудай! Хек, бери карачы!
Ал баягы кенч салынган үкөкчө экен, кичинекей ыңгайлуу үңкүрдү өзү гана
ээлептир. Жанында ок-дары салынчу чакан бош челек, кайыш каптагы эки мылтык, эки
же үч түгөй эски чокой, кайыш кемер жана суунун тамчысынан эзилип калган майдачуйда ар кандай нерселер жатат.
– Акыры таптык! – деди Хек, өңү өчкөн тыйындарды сапырып жатып. – Биз эми
байбыз, Том!
– Хек, мен муну табабыз деп дайыма ойлочумун. Буга ишениш өтө кыйын,
бирок биз акыры буга жеттик! Болду эми, калп эле бөйпөңдөй бериштин кереги жок.
Жүр, чыгарабыз. Кана, үкөкчөнү көтөрө аламбы, көрөйүнчү.
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
Үкөкчөнүн салмагы элүү кадактай экен. Кыйналып болсо да, аны Том көтөрдү,
бирок жетчү жерге жеткире алгыдай эмес.
– Мен да ушундай дегем, – деди ал. – Алар муну тиги сыйынт үйдөн чыгарып
You have read 1 text from Kırgız literature.
Çirattagı - Том Сойердин жоруктары - 14
  • Büleklär
  • Том Сойердин жоруктары - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 4062
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2017
    30.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4114
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2057
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4060
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2027
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4107
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1965
    31.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 4160
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1918
    32.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 4063
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2102
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4071
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1974
    31.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4016
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1904
    30.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 4060
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2114
    30.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 4068
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1895
    33.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 4143
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1936
    32.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 4056
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1928
    32.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 4101
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1936
    31.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 2738
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1395
    35.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    54.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.