Latin

Том Сойердин жоруктары - 10

Süzlärneñ gomumi sanı 4068
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1895
33.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
50.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
– Деги кандай кеп жүрүп жатат, Хек? Мен көп эле угуп жүрөм.
– Кеппи? Баягы, улам эле Мафф Поттер, Мафф Поттер, Мафф Поттер... Уккан
сайын мени тер басат, тим эле бир жакка кетип калгым келип кетет.
– Мен да ошентем. Менимче, анын иши бүттү. Кээде ага сенин бооруң
ачыбайбы?
– Ачыбай анан. Дайыма боорум ачыйт. Ал жарыбаган киши, бирок эч кимге
жамандыгы жок. Жөн эле балык уулайт, тапканын ичип алат да, мас болуп темтеңдеп
жүрө берет. Бирок, кудай акы, баарыбыз эле ошондойбуз го. Баарыбыз болбосок да,
көпчүлүгүбүз. Жада калса, даабатчылар менен ошол сыяктуулар. Ал жаман киши эмес,
өзүнө жетпей турса да, бир жолу мага балыгынын жарымын берип койгону эсимде.
Дегеле ишим болбой жүргөндө бир топ эле жардам берген.
– Ал менин да батперегими оңдоп берген, Хек, анан дагы кайырмактарымдын
боосун байлап берчү. Биз аны чыгарып алсак жакшы болмок.
– Эй, биз аны чыгара албайбыз, Том. Анан калса, аныбыздан майнап чыкпайт,
тигилер аны баары бир кармап алат.
– Ооба, алар ошентет. Бирок тигил эчтеке кылбаса деле, аны кордоп, сөгүп аткан
сөздөрдү менин уккум келбей кетет.
– Менин дагы, Том. Кудай акы, бу дүйнөдө мындай канкор жоктугун, анын ушу
күнгө чейин эмнеге асыла электигин айткандарын уккам.
– Чын, ал тууралуу дайыма кеп кылышат. Мен дагы угуп калдым: эгер Маффты
бошотуп жиберсе, анда алар аны балталайт экен.
– Алар муну кылат, анысы чын.
Балдар бир топ сүйлөштү, бирок бул аларды бир аз эле тынчытты. Күүгүм
киргенде, экөө, балким, дагы бир нерсе алардын мүшкүлүн жөндөп коёр деген үмүттө,
ээн жердеги кичинекей камактын айланасында нары-бери басып жүрүштү. Бирок эч
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
нерсе деле болгон жок, кыязы, периште менен перилердин дагы кара жолтой туткун
менен иши болбосо керек.
Балдар буга чейин да бир нече жолу жасаган иштерин дагы кайталашты: темир
тордуу терезеге барып, алар Поттерге тамеки менен ширеңке сунушту. Ал биринчи
кабатта отурчу, аны кайтарган киши да жок болчу.
Алып барган белектери үчүн тигил ыраазычылыгын айта баштаганда, балдар
дайыма уялышчу, бул жолку алкышы мурдагыдан да катуу уялтты. Алар Поттердин
төмөнкү сөздөрүн укканда, өздөрүн коркок чыккынчыдай сезишти:
– Силер мага өтө боорукер болдуңар, балдар. Бул шаарчада эч ким мынчалык
ырайымдуу эместир. Мен мунуңарды унутпайм, эч унутпайм. Мен өзүмө дайыма айтып
келем: «Балдардын баарынын эле мен батперек жана башка буюмдарын оңдоп берчү
элем. Каерден балык жакшы түшөрүн көрсөтчүмүн, алар менен ымалалаш элем. Бирок
азыр башына мүшкүл түшкөндө Мафф карыяны тигилердин баары таштап кетти,
жалгыз гана Хек менен Том таштаган жок, алар мени унутпады, мен да аларды
унутпайм». Балдар, кантейин эми, мен кылмыш кылыптырмын, ошондо мас
турбаймбы, башым кеңгиреп турган. Бул ишти башкача түшүндүрө албайсың. Мени
эми бул кылмышым үчүн дарга асышат, ошондой болушу керек. Мүмкүн, анысы деле
туурадыр, туура жана акыйкаттык деп ойлойм. Айтканым менен не пайда! Силерди
кейитким келбейт, силерге ымалалашмын да. Силерге бир гана нерсени айткым келет:
эч качан ичпегиле, эч качан биерге түшпөйсүңөр. Нарагыраак тургулачы... ушундай...
эми болду. Адам ушундай балекетке учураганда, бирөөнүн ачык маанайын көргөнү
кандай жакшы дейсиң. Мага силерден бөлөк эч ким келбейт. Карачы, ырайымдуу
жарык маанайыңарды, ырайымдуу жарык маанайыңар. Колум силерге жете тургандай
кылып, бири-бириңердин үстүңөргө чыккылачы. Мына ошондой. Менин колуму
кыскыла: силердики темир тордон өтүп кетет, меники өтө чоң. Кичинекей, чабал
колдор, бирок Мафф Поттерге аябай жардам берди, шарт келсе, мындан да көп жардам
бермек.
Том үйүнө өтө кайгылуу кайтты, түнү бою коркунучтуу түш көрүп чыкты.
Эртеси кечке чейин сот имаратынын айланасында чыйпылыктап басып жүрдү. Ичине
киргиси келди, бирок өзүн эптеп токтотту. Хек да ошентти. Алар бири-бирине
жолукпаганга аракеттенди. Тигиниси да, мунусу да улам нары басып кетет, бирок
кандайдыр бир азгырык аларды тарткылап, кайра жакындатат. Соттон айрым оозу
боштор чыкканда, Том кулагын төшөп калат, бирок жалаң суук кабар угат: бечара
Поттердин мойнундагы сыйыртмак улам кысылып келатат. Эртең инди Жо сөзүнө
бекем турат, ошондо калыстардын өкүмүнөн шектенип кереги жок деген сөз бүт
шаарчаны аралады.
Ал түнү Том аябай кеч кайтып, үйүнө терезеден кирди. Өзүнчө бушайман
болгонун айтпа. Уктаганча бир топ саат өттү. Эртең менен шаарча бүт сот имаратынын
алдына чогулду. Имараттын ичи да жык толду. Бир топ күткөндөн кийин калыстар
биринин артынан бири кирип, өз орундарына отурушту. Андан соң дароо эле өңү
кубарып, үрөйү качкан Поттерди кишенделген бойдон алып киришти да, баары көрө
тургандай жерге отургузуп коюшту. Эч кенебеген инди Жо да туш тараптан
кадимкидей көрүнүп турду. Кайрадан жымжырттык. Анан сот келди да, жыйын
башталат деп жарыялады.
Жактоочулардын демейдеги күбүр-шыбыры, кагаздарын топтоштуруусу
башталды. Ушул майда-чуйдаларды ырастоодон жана ага байланыштуу даярдыктардан
бир нерсе чыга тургансып эл тымтырс боло түштү.
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
Кылмыш болгон күнү Мафф Поттер булактын боюнда жуунуп отурганын, анын
ошол замат качып кеткенин көргөн күбөнү чакырышты. Бирин-экин суроодон кийин
айыптоочу жактоочуга:
– Күбөнү суракка ала бериңиз, – деди.
Айыпкер башын көтөрүп карады да, жактоочусу:
– Менин сурай турган суроом жок, – дегенден кийин, кайра башын шылкыйтты.
Кийинки күбө бычак өлүктүн жанынан табылганын айкындады.
– Күбөнү суракка ала бериңиз, – деди айыптоочу.
– Менин сурай турган суроом жок, – деди Поттердин жактоочусу.
Үчүнчү күбө далай жолу Поттерден бычак көргөнүн айтты.
– Күбөнү суракка ала бериңиз, – деди айыптоочу.
Поттердин жактоочусу аны суракка алуудан баш тартты. Элдин өңүнөн
кыжырланганы көрүнүп турду. Бул жактоочу өз кардарын сактап калууга эч аракет
кылбайбы?
Бир нече күбө Поттердин кылмыш болгон жерге барганда өзүнө шек
келтиргенин ырастады. Аларды да ар тараптан суракка албай эле коё беришти.
Сотко катышуучулардын эсиндеги ошол күнү эртең менен болгон окуялардын
бүт майда-чуйдасына чейин далил күбөлөр тарабынан айтылды. Алардын баары
Поттердин күнөөсүн оорлотту, бирок алардын бири дагы жактоочу тарабынан суракка
алынган жок. Эл таңыркоосун, нааразылыгын күңкүлдөп билдирди эле, анысы үчүн
соттон жеме укту. Анан айыптоочу сүйлөдү:
– Ант алдында күбөлөрдүн эч шеги жок айткандарынын негизинде, бул оор
кылмыш күнөөлөнүп отурган бактысыз адам тарабынан жасалгандыгын аныктадык.
Биз ушул бүтүмгө токтодук. Бечара Поттер онтоп жиберип, оор жымжырттык өкүм
сүргөн жерде бетин колдору менен басып, эки ийни солкулдай баштады. Көп
эркектердин боору ачып, боорукер аялдар болсо, ыйлап да жиберишти. Жактоочу
ордунан тура калып, мындай деди:
– Сиздин урматыңызга, жыйындын башында биз жактап жаткан адам бул
кылмышты акылнес, мас кезинде, ичкиликтен оолугуп турганда кылгандыгын
далилдейли дегенбиз. Биз пикирибизди алмаштырдык. Биз эми ал пикирге
кайрылбайбыз, – анан кызматчыга кайрылды. – Томас Сойерди чакырыңыз!
Таңыркоо отургандардын баарынан, анын ичинде Поттердин да өңүнөн көрүндү.
Көздөрдүн баары ордунан туруп, күбө берүүчү жайдан орун алган Томго тигилди.
Баланын көздөрү алаңдап кетти, себеби ал аябай коркуп турду. Андан ант алынды.
– Томас Сойер, он жетинчи июнда түн ортосу ченде сиз кайсыл жерде элеңиз?
Том инди Жонун темирдей жүзүнө бир карап алып, тили таңдайына катып
калды. Эл дем чыгарбай тыңшап турган, бирок Томдун оозуна бир да сөз келбей
жатты. Анткени менен бир аздан кийин ал бар күчүн чогултуп, отургандардын
биринчи катары зорго уга тургандай секин сүйлөдү:
– Мүрзөдө...
– Кичине катуурак сүйлөңүз! Коркпоңуз. Сиз болгонсуз...
– Мүрзөдө.
Инди Жонун өңүндө каркеш жылмаюу жаралды.
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
– Сиз Хорс Уилиамстын көрүнө жакын белеңиз?
– Ооба, мырза.
– Айта бериңиз, болгону катуураак сүйлөңүз. Канчалык жакын жерде?
– Менден сизге чейинкидей жерде.
– Сиз жашынып турдуңуз беле же жокпу?
– Жашынып тургам.
– Кайсыл жерде?
– Мүрзөнүн четиндеги дарактын аркасында.
Инди Жо бир аз солк эте түштү.
– Сиз менен бирөө бар беле?
– Ооба, мырза. Мен аякка тиги...
– Коё туруңуз, бир аз коё туруңуз. Шеригиңиздин атын айтам деп убара
болбоңуз. Биз аны өз учурунда чакырабыз. Өзүңүз менен бир нерсе ала бардыңыз беле?
Том мукактанып, өзүн ыңгайсыз сезип телмире түштү.
– Айта бериңиз, балам, тартынбаңыз. Чындык дайыма улук. Ал жакка эмне алып
бардыңыз эле?
– Болгону... өлүк мышыкты.
Отургандар каткырып күлүп жиберишти, сот аларды тыйды.
– Биз сотко ал мышыктын сөөгүн алып келебиз. Эми, балам, бизге бүт ирети
менен айтып бериңиз, өзүңүз билгендей айтыңыз, эч нерсесин жашырбаңыз, коркпоңуз.
Том баштады, ириде ал мукактанды, анан кичинеден жанданып, сөзү улам
эркинирээк куюла баштады. Бир пастан кийин анын үнүнөн бөлөктүн баары жымжырт
боло түштү да, көздөрдүн баары ага тигилди. Коркунучтуу баянга кумарланган
угуучулар ооздорун ачып, дем чыгарбай, анын ар бир сөзүн ынтаа менен угуп
жатышты.
– Анан дарыгер такта менен Мафф Поттерди көмөлөтө койгондо, инди Жо
бычагы менен секирип барып,… – Томдун бул сөздөрүн угуп жаткан элдин чыдамы
чегинен чыгып кетти. – Анан...
Тарс этип, кармаганы умтулгандарды жыга коюп, аргын заматтын ичинде
терезеден секирип түштү да, качып кетти!
24.Кара жолтой каарман
Том дагы бир жолу каармандыкка жетти да, улуулардын сүймөнчүгү,
теңтуштарынын суктанычына айланды. Ал эле эмес анын ысмы басма сөздө да
түбөлүккө калды, шаарчанын гезити аны көкөлөтө мактап жазып чыкты. Асып
өлтүрүп эле койбосо, ал бир күнү президент болот деп ишенген айрымдары да бар.
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
Оома, ишенчээк эл мурда Мафф Поттерди кандай тилдесе, эми болсо кайра
бөпөлөп, кучагын жайып отуруп калды. Бирок элдин ушул адаты деле урматка
татыктуу нерсе, ошондуктан аны жамандап отуруунун кажети жок.
Күндүз Том жыргап, шайыр жүрдү, түнү коркунучтун кучагында болду. Инди
Жо анын түшүнөн кетпей, дайыма көз алдына каргыштай тартылып туруп алды. Кеч
киргенден баштап Том үйүнөн чыкпас болду. Байкуш Хек дагы ошондой эле коркуп
жүрдү, себеби баягыда сот болор алдындагы күнү Том жактооочуга окуяны толугу
менен айтып берген эле, инди Жо качып кеткенине байланыштуу ал сотто сүйлөбөй
калганы менен, ишке катышканы билинбесе экен деп аябай чочуп жүргөн. Жактоочу
бүт ишти жашыруун кармайм деп, бечарага сөз берген жайы бар, бирок ага ишенсе
болобу? Экөө тең абдан катуу жана оор ант берип шерттешкени менен, пендечилиги
үстөмдүк кылып, Том кечинде жактоочунун үйүнө келип, коркунучтуу сырын айтып
бергенге аргасыз болгон соң, Хек дегеле адамга ишенбей калды.
Мафф Поттердин ыраазычылыгын угуп, Том чындыкты айтып бергенине күнүгө
сүйүнчү, бирок түн ичинде тилин тарта албаганына абдан өкүнчү.
Жарым күнүн Том инди Жону эч качан кармай албайт го деп корксо, калган
жарымын кармап алат го деп чочуп жүрдү. Ал киши өлүп, анын өлүгүн өз көзү менен
көрсө гана, ал кенен дем аларын Том жакшы түшүнчү. Күнөөлүүнү кармаганга
сыйлык өлчөндү, айлананын баарын аңтарып чыгышты, бирок инди Жо жерге житип
кеткенсип табылбады. Сент-Луистен балекеттин баарын билген, адамдарды
таңгалдыра турган укмуш кишилердин бири, полициянын тергөөчүсү келип, тинтип
чыкты да, башын чайкап, терең ойго батты, кыязы, өз кесибинин кишилерине
тиешелүү эң мыкты ийгиликке жетсе керек, башкача айтканда, «изге түштү». Бирок
киши өлтүргөндүн «изин» дарга аса албайсың да. Тыңчы ал жерде бир аз жүрүп,
үйүнө кеткенден кийин, Том мурункудай эле абалда калды.
Күндөр өтө берди, аны менен кошо балдар дагы акырындап ошол коркунучун
унута башташты.
25.Кенч издөө
Адептүү өскөн ар бир баланын өмүрүндө бир жакка барып, көмүлгөн кенчти
издеп тапсам деген ынтызарлык болот. Ошондой ынтызарлык бир күнү Томго дагы
келди. Ал Жо Харперди издеп жөнөдү, бирок таба алган жок. Анан ал Бен Рожерсти
издеди, тигил балык уулоого кетиптир. Жолдон ал Кандуу кол Хек Финнге учурап
калды. Хек жооп бермек. Том аны ээн жерге ээрчитип барып, жашыруун сырын айтты.
Хек макул болду. Хек шамдагайлыкты талап кылган кандай оюн-зоок болбосун, андан
эч качпайт. Акча талап кылбаса болду, себеби акчадан башка байлыктын бири болгон
убакыт анда өтө көп эле.
– Каерден казабыз? – деди Хек.
– Каерден болсо деле мейли.
– Эмнеге, бүт эле жерге көмө бермек беле?
– Жок, чынында ар жерде эле боло бербейт. Кайсы бир иттей ээн жерге бекитет,
Хек: кээде аралда, кээде куурап калган талдын түбүндөгү дат бас-кан сандыкта, айтор,
түн ортосунда көлөкө түшкөн жерде, бирок көбүнчө эски үйлөрдүн астында болот.
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
– Аны ким бекитет?
– Йа? Каракчылар да. Сенин оюңча ким бекитмек эле? Жекшемби мектебинин
жетекчилери дейсиңби?
– Билбейм. Меники болгондо, эч бекитпей эле, аны жыргап коротуп, эс алат
элем.
– Мен деле ошентет болчумун. Бирок каракчылар андай кылбайт. Алар дайыма
дүйнөсүн бекитип, аны ошол жерге калтырат.
– Алар анысына кийин келбейби?
– Жок, алар келебиз деп ойлойт, бирок кийин белгилеген жерин унутуп калат
же өлүп тынат. Ошону менен ал көпкө жата берип, дат басып кетет, анан кимдирбирөө ошол саргайган эски кагазды таап алат. Ал кагаздын сырдуу белгилерин табуу
үчүн эми толугу менен бир апта керек, себеби анда белгилер менен иероглифтер
гана коюлган.
– Иеро... эмне?
– Иероглифтер... Сүрөт менен тартылган ар нерселер. Билесиңби, алар бир
карасаң, эчтекени билдирбегенсийт.
– Сенде ошондой кагаздын бири барбы, Том?
– Жок.
– Анда сен белгилерди кантип тапканы атасың?
– Мага белгилердин кереги жок. Алар кенчти дайыма эски үйдүн астына же
аралга, же бир бутагы сороюп турган куураган талдын түбүнө бекитет. Биз Жексондун
аралынан кичине казып көргөнбүз, дагы көрсө болот. Же болбосо Стил-Хауз сайынын
төшүндө да бир эски там бар, аерде куураган талдар оголе көп.
– Алардын ар биринин түбүндө кенч барбы?
– Кандай десем? Жок.
– Анда сен кайсыны казышты кантип билесиң?
– Бардыгын казыш керек да.
– Том, эй, анда жай бою казабыз да.
– Мейли, анын эмнеси бар экен? Элестетип көрчү, сен дат баскан, бозомтук
жүз доллары бар бир жез кумган же көөр толтура чириген бир сандык таап алдың
деп коёлу. Кандай болор эле?
Хектин көздөрү жалындай түштү.
– Укмуш. Мен үчүн бул иттей укмуш да. Сен мага жүз долларын эле бер,
көөрдүн мага кереги жок.
– Мейли. Бирок ишенип кой, көөрдү мен чача бербейт элем.
Анын айрымдары жыйырма доллар турат, жетимиш беш цент же доллардан
арзаны жок.
– Жок! Ошондойбу?
– Албетте. Аны сага ким да болсо айтат. Сен көөрдү такыр көрөлек белең, Хек?
– Эсте жок.
– Э-э, алар падышаларда толуп жатат.
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
– Бирок мен бир да падышаны тааныбайм, Том.
– Билем, тааныбайсың. Эгерде сен Европага барсаң, анда баскан сайын
падышаны учуратат болчусуң, тегерегиңде чапкылап жүрмөк.
– Чапкылап дейби?
– Чапкылап? Ий, койчу! Андай эмес!
– Болуптур, анда эмнеге өзүң чапкылап жүрөт дедиң?
– Болбогон кеп, мен жөн эле айттым. Алар эмнеге чапкыламак эле? Жөн эле
аерде падышалар көп дегеним да. Түкүрсөң эле, падышанын башына түшөт. Тиги карт
бүкүр Ричардга7 окшогон немелер.
– Ричард? Анын дагы башка аты ким?
– Анын башка аты жок. Падышаларда башка ат болбойт.
– Кантип эле болбосун?
– Ушинтип эле.
– Өздөрү кааласа, мейли го, Том, бирок негрлердей бир эле ат менен жашап,
падыша болгонду мен каалабайм. Анда айтчы, сен ириде каерге барып, каза
баштайсың?
– Билбейм. Менимче, Стил-Хауз сайынын төшүндөгү куураган талдын түбүнөн
баштап казсакпы?
– Макул.
Алар сынык бир чукулдук менен күрөк алып, үч чакырым аралыктагы сайга
жөнөштү. Ысып-күйүп жана энтигип барышты да, анан эс алмакка жанындагы көлөкөлүү
талдын түбүнө бой таштап, тамеки тартканга киришти.
– Мага ушул жагат! – деди Том.
– Мага дагы!
– Айтчы, Хек, биз биерден кенчти таап калсак, өз үлүшүңдү эмне кылат элең?
– Күн сайын май токоч, лимонад сатып алам, дагы мен цирк келген сайын барып
турмакмын. Өлүп кетейин, жыргап жашамакмын.
– Акчаны топтогонго аракет кылбайсыңбы?
– Топтоппу? Кереги эмне?
– Кийинки жашооңо жете тургандай кылып, кичинеден коротуп, йа?
– Андан эч пайда жок. Эгер коротуп таштабасам, атам шаарчага кайтып
келгенде, акчама колун салат да, анан заматта бүт шыпырып жок кылат. Сен үлүшүңдү
эмне кылат элең?
– Мен жаңы добулбас, чыныгы кылыч, кызыл жагоо, бульдогдун күчүгүн сатып
алмакмын, анан үйлөнмөкмүн.
– Үйлөнөм дейсиңби?
– Дал ошондой.
– Том, сенин акыл-эсиң ордундабы?

Бүкүр Ричард – Англиянын ХV кылымдагы падышасы Ричард III.
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
– Коё тур, көрөсүң го.
– Ай-ий, сенин кылгандарыңдын эң жаманы ушу. Атам менен апамды билесиң
го. Күндө эле чыр-чатак! Дайыма эле тытышып жатышчу. Бүт эсимде.
– Эчтеке эмес. Мен үйлөнөйүн деген кыз урушпайт.
– Том, мен билем, алардын баары окшош. Тытыша эле берет. Эми сен адегенде
жакшылап ойлон. Жакшылап ойлон дейм. Бийкечтин аты ким?
– Ал бийкеч эмес, ал кыз.
– Менимче, баары эле бирдей го: бирөөлөрү бийкеч дейт, бирөөлөрү кыз дейт.
Болуптур, анын аты ким, Том?
– Учуру келгенде сага айтам, бирок азыр эмес.
– Мейли, өзүң бил. Болгону сен үйлөнгөндө, мен коколой болуп жалгыз калам
го.
– Жок, жалгыз калбайсың. Сен меникинде жашайсың. Эми аны коё туралы, жүр
казабыз. Алар жарым сааттай тердеп иштешти. Натыйжа жок.
Алар дагы жарым саат тытынды. Дале натыйжа жок.
– Алар дайыма ушунча терең көмөбү?
– Кээде болбосо, дайыма эмес. Көбүнчө терең эмес. Менимче, биз туура эмес
жерди казып атабыз.
Ошентип, алар бөлөк жерди тандап, кайрадан башташты. Иш кичинеден жүрүп,
улам алдыга жыла берди. Алар бир топко чейин унчукпай казышты. Акырында
күрөгүнө таянып, маңдайынан аккан терди жеңи менен сүртүп салды да, Хек сурады:
– Кош, муну бүткөндөн кийин каерди казабыз?
– Менимче, жесир Дугластын үйүнүн артындагы Кардифф дөбөсүндөгү
куураган талдын түбүн казабыз.
– Менимче, ал жер жакшы болсо керек. Бирок жесир бизден кенчти тартып
албайбы, Том? Ал анын жеринде да.
– Ала албайт! Аракет кылып көрсүнчү. Кенчти ким тапса, ал ошонуку болот.
Кимдин жери экени айырмасы жок.
Ушул жетиштүү болчу. Иш улантылды. Көп өтпөй Хек мындай деди:
– Кашайгырдыкы, биз дагы туура эмес жерди казып атат окшойбуз. Сен эмне
дейсиң?
– Бир нерсе болду, Хек. Эчтекени түшүнбөйм. Кээде мастандар каршылык кылат
дейт. Менимче, азыр ошондой болуп атат.
– Койсоңчу, күндүз алардын күчү жок болот.
– Ооба десең. Муну мен ойлобоптурмун. И-и, мен иштин жайын эми түшүндүм!
Экөөбүз тең айбан экенбиз! Ириде бутактын көлөкөсү түн жарымында каерге
түшкөнүн көрүш керек, анан ошол жерди казабыз!
– Анда биз айбан болуп, керели кечке бекер эле каза берген турбайбызбы! Кокуй
десе, эми биерге түндө дагы келет турбайбызбы! Бул иттей узак жол да! Сен чыга
аласыңбы?
– Чыкпай анан! Баары бир бүгүн түндө казышыбыз керек, болбосо бирөө жарым
бул чуңкурларды көрүп, иштин жайын дароо түшүнөт да, анан каза баштайт.
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
– Мейли, мен түндө келип, сага мыёолойм.
– Болуптур. Күрөктөрдү куурайдын арасына бекитип салалы.
Балдар убадалашкан маалда түн ичинде кайрадан ошол жерде болушту. Алар
көлөкөдө күтүп отурду. Ээн жер, анан баягыдай эле караңгы түн болчу. Жиндердин
шыбыры шуулдаган жалбырактардын арасынан угулуп, арбактар караңгы бурчтарда
жашынып, алыстан иттин арсылдап үргөнү угулуп, үкү да жамандыкты чакыргансып
гүүлдөйт. Балдар сырдуу түндүн коюнунда дээрлик аз сүйлөштү. Бир пастан кийин алар
саат он эки болду деп чечишти, көлөкөнүн түшкөн жерин белгилеп, каза башташты.
Үмүттөрү кайра жанды. Кызыгуусу күчөп, иштери кызуу жүрдү. Чуңкур тереңдей
берди, тереңдей берди, чукулдук бир нерсеге урунган сайын, жүрөктөрү солк этип,
кайра аларды найүмүт калтырып жатты. Акырында Том мындай деди:
– Бекер убара болуп атабыз, Хек. Дагы туура эмес каздык.
– Жаңылышыбыз керек эмес. Биз көлөкө түшкөнүн өлчөбөдүк беле.
– Билем аны, эми кеп анда эмес.
– Эмнеде?
– Биз убактысын туура эмес эсептесек керек. Өтө кеч же өтө эрте болуп калды
көрүнөт.
Хек күрөгүн таштап жиберди.
– Дал ошондой, – деди ал. – Кеп дал ушунда. Биз муну дагы ташташыбыз керек.
Так убакытты эч биле албай атабыз, андан тышкары өтө коркунучтуу нерселер болуп
атат, мастандар менен арбактар аралап жүрөт. Дайыма менин артымда бирдеме
турганын сезип жатам, артымы карагандан корком, анткени, мүмкүн, алдымда дагы
бирөө кылчайганымы күтүп тургандыр. Ушуерге келгенден бери мен титиречү болуп
калдым.
– Мен деле ошондоймун, Хек. Билесиңби, кенчти көмгөндө, кайтарсын деп
ичине дайыма өлүктү таштап коёт.
– Кокуй!
– Ооба, ошондой кылат! Мен муну дайыма угам.
– Том, ошол өлүктөр көмүлгөн жерди казганды жактырбай турам. Билесиңби,
алар менен ойноо жакшы эмес. Чын эле, алар менен байланышкан болбойт.
– Менин буга аралашкым келбей турат. Элестетсең, өлүктүн бирөөсү капысынан
ородон башын чыгара калып, сүйлөп жиберсе!
– Болду, Том! Ансыз деле коркуп турам.
– Болсо болду, Хек, мен деле чочулап турам.
– Укчу, Том, биерден кетип, бөлөк жерди казып көрөлүчү.
– Мейли, ошенткенибиз дурус.
– Каерди казалы?
Том бир аз ойлонуп калды, анан мындай деди:
– Тигине эски үй. Мына ошоерди казалы.
– Кашайгырдыкы, мен эски үйлөрдү жактырбайм, Том. Анын түрү өлүктөн да
жаман көрүнөт. Өлүк сүйлөп жибериши мүмкүн, бирок ал үй кепинчен артыңан
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
илешпейт, ийниңен артылып карабайт, арбактай тишин шакылдатпайт. Мен андайга
чыдай албайм, Том, дегеле эч ким чыдай албайт.
– Ооба, Хек, бирок арбактар түндө гана жүрөт. Алар биздин күндүз
казганыбызга тоскоол болбойт.
– Мейли, ошондой эле болсун. Билесиң го, ал үйдүн жанынан күндүзү да,
түндөсү да эч ким жүрбөйт.
– Аерден бирөөнү өлтүрүп кетиптир. Ошон үчүн ал үйдүн жанынан өткөндү
бардыгы жаман көрөт. Аерден эч ким өзгөчө бирдеме көрбөптүр, арбактарды деле
көрбөптүр, жөн эле түнкүсүн көк оттор терезелердин алдында жалындап турат экен.
– Эгерде бир жерде көк от жалындаса, анда арбак да аерден алыс эмес. Турган
кеп. Көк оттун арбактардан башка эч кимге кереги жогун өзүң билесиң да.
– Ооба, дал ошондой. Бирок анткени менен алар күндүзү баары бир келбейт,
анда эмнесинен коркобуз?
– Мейли анда. Анчалык кааласаң, эски үйдөн деле казып көрөлүчү, бирок
аныбыз бекер убара го. Ошол маалда алар дөбөдөн ылдый түшүп келатышты. Айдың
өрөөндүн ортосунда, кашаасы жок, босогосуна чейин шыбак өскөн, мору бузук,
терезелери аңырайып карайган, шыйпаңынын бир жагы ураган, «арбактуу там» жалгыз
турчу. Терезелеринен көк от жалындап чыгар бекен деп, балдар узакка карап турушту,
анан шыбырап сүйлөшкөн бойдон оң тарапка бурулуп кетишти да, эски үйдөн
алысыраак өтүш үчүн алар үйлөрүнө токойду аралап, Кардифф тоосунун арты менен
жөнөштү.
26.Кайрадан инди Жо
Эртеси түшкө жакын балдар иш куралдарын алганы куураган талга кайта
келишти. Томдун арбактуу үйгө эртерээк жеткиси келди, Хектин ою дагы ошол болчу.
Бир маалда Хек минтти:
– Бери карачы, Том, бүгүн кайсы күн экенин билесиңби?
Том ичинен аптанын күндөрүн ылдам эсептей койду да, корккон көздөрү менен
Хекти карап калды:
– Ий! Мен муну эч ойлобоптурмун, Хек!
– Кап! Менин да оюма келбептир, бирок бүгүн жума экенин эми эстеп
отурбаймынбы.
– Ай, шайтан алгырдыкы, эми эмне кылып сактанабыз? Аз болгондо биз бул
ишти жума күнү баштап алып, бүт бузмак экенбиз да.
– Бузмак экенбиз эмей эле, сөзсүз бузмакпыз! Балким, жакшы күндөр бардыр,
бирок алар жума күнү эмес.
– Аны бардыгы эле билет. Муну сен биринчи тапкан жоксуң, Хек.
– Мен биринчи таптым деген жокмун го, йа? Кеп жалаң эле жумада эмес.
Өткөн түнү мен иттей жаман түш көрдүм: түшүмө келемиштер кириптир.
– Э, койчу! Ал нак эле жамандыктын белгиси. Урушуп атыптырбы?
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
– Жок.
– Анда түзүк, Хек. Билесиңби, эгер алар урушпаса, анда жөн эле бир жамандык
бар деген белги. Биз этияттап, баарына сак болушубуз керек. Биз муну бүгүнчө таштап,
ойнойлу. Робин Гуд дегенди билесиңби?
– Жок. Робин Гуд дегениң ким?
– Кандайча, ал Англияда болгон эң улуу кишилердин бири, эң мыктысы. Ал
каракчы болчу.
– Укмуш, мен да ошондой болсом го. Ал кимдерди тоночу?
– Жалаң бийлерди жана диний кызматкерлерди, байларды жана падышаларды,
дагы ушул сыяктууларды. Кедейлерге болсо, эч качан тийген эмес. Аларды кайра
жакшы көргөн. Алар менен дайыма тең бөлүшчү. – Нак азамат болсо керек.
– Сөзсүз да, Хек. Ал адамдардын эң асылы болгон. Чынын айтсам, азыр андай
киши жок. Ал бир колу байланган бойдон Англиядагы кимди болсо дагы жеңип салчу,
анан дагы бир жарым чакырымдан арча жаасы менен он тыйындыкка тийгизчү экен.
– Арча жаа дегени кандай?
– Билбейм. Жаанын бир түрү болсо керек. Тыйындын ортосуна эмес, четине
тийип калса, анда ал отура калып ыйлап, сөгүнчү экен. Анда биз Робин Гуд болуп
ойнойлу. Ал укмуш оюн. Мен сага үйрөтөм.
– Мен макулмун.
Ошол бойдон алар түштөн кийин толугу менен Робин Гуд болуп ойношту да,
кээде арбактуу эски үй тарапка көз жүгүртүп, ал жерде эртеңки аткарчу иштери
тууралуу сөз кылышты. Күн бешимден оогон маалда алар талдардын узун көлөкөлөрүн
кесе басып, үйлөрүнө кайтмак болуп, заматта Кардифф тоосундагы токойго кирип
кетишти.
Ишембиде түштөн кийин балдар куураган талга кайра келишти. Алар көлөкөдө
тамеки тартып, кобурашып отурушту да, анан акыркы чуңкурду дагы бир азга
казышты. Алардын өтө чоң үмүтү жок эле, болгону Томдун бирөөлөр беш-алты карыш
казып, кенчке жетпей кетип калганда, бөлөктөрү келип, күрөгү менен түртө салып,
байлыкты таап алганы жөнүндө сөзү үчүн гана казышты. Ошентсе деле бул ирет
алардын жолу болгон жок, ошондуктан алар курал-жарактарын ийнине салып, тагдыр
менен тамашалашпай, кенч издегендер эмне кылыш керек болсо, ошонун баарын чын
ниетибиз менен бүт аткардык деген ойдо жолго түшүштү.
Алар эски үйгө жеткенде, кайнаган күндүн аптабында өкүм сүргөн тунжураган
жымжырттык кандайдыр бир сырдуу, коркунучтуу сезилди, бул жер ээн, сүрдүү
болгондуктан, тигилер үйгө дароо кирүүдөн бир аз чочулашты. Анан алар каалгага
уурдана жетип, үй ичине калтаарып көз жүгүртүштү. Алар чөп баскан, таманына тактай
төшөлбөгөн бөлмөнү, шыбагы ураган эски очокту, терезеси жок, ураган тепкич
босогосун көрүштү. Тигил жакта да, бул жакта да, бардык жерде чаң баскан, самсаалаган жөргөмүштүн желелери жайнайт. Алар аярлык менен, жүрөктөрү дүкүлдөп,
шыбырап сүйлөшүп, шырп эткен дабышка кулак түрүп, бир нерсе болсо, качууга даяр
болуп, өтө сактык менен үйгө киришти.
Бир аздан кийин балдар көнө түшүп, коркпой калышты, алар өздөрү турган
жерди сын көз менен кызыга карап, өздөрүнүн тайманбастыгына сүйүнүп да, таңыркап
да жатышты. Андан кийин алардын үстү жакты көргүлөрү келди. Ал бир нерсе болсо,
кайра качып чыгууну кыйындатмак, бирок алар бири-бирин шыкактап отуруп, акыры
үстүнө чыкмай болушту: алар куралдарын бурчка таштап, өйдө чыгып жөнөштү.
Марк Твен
Том Сойердин жоруктары
Үстүндө деле ошол ойрондун белгиси. Бир бурчтан алар табышмактуу бир ашкананы
табышты эле, бирок анын табышмагы деле жалган болуп чыкты – ашканада эч нерсе
жок экен. Шерденишип эми алар анча коркпой калышты. Жаңы эле ылдый түшүп, каза
баштамак болушканда...
– Чишш! – деди Том.
– Эмне болду? – деп шыбырады Хек, коркконунан кубара түшүп.
– Чишш!.. Ана!.. Уктуңбу?
– Ооба!.. Кой, качалы!
– Секин! Кыймылдаба! Туура эле эшикти карай келатышат, – деди Том.
Балдар жыгачтын үстүнө жата калып, такталардын арасындагы жылчыктан
тиктеп, коркуп күтүп калышты.
– Токтоду... Жок, келатат... Анакей алар. Тынч, шыбыраба, Хек. Тобо, тезирээк
биерден чыгып кетсек экен!
Эки эркек киши кирди. Эки бала тең өзүнчө минтип ойлошту: «Бул баягы
биздин шаарчабызга бир-эки ирет келген дүлөй жана дудук испан карыя экен, беркисин
болсо мурун эч көрбөптүрмүн».
Беркиси кир, үксүйгөн, өңү суук бир жан экен. Испан жабуусуна оронуп
алыптыр, үрпөйгөн ак бакенбардасы бар. Узун көгала чачы калпагынын астынан
желкесине чубалып турат, жашыл көз айнекчен экен. Ичкери киргенде «беркиси»
коңур үн менен сүйлөп жатты. Алар эшикке бет маңдай, дубалга жөлөнүп отурушту,
сүйлөп жатканы кебин уланта берди. Эми ал күңкүлдөгөн жок, ошон үчүн анын
кийинки сөздөрү даанараак угулду.
– Жок, – деди ал. – Мен аны бүт ойлонуштурдум, ал мага жакпайт. Ал
коркунучтуу экен.
– Коркунучтуу! – деп күңгүрөндү тигил «дүлөй-дудук» испан, балдарды аябай
таңгалдырып. – Катын!
Бул үн балдардын дене-боюн дүркүрөттү. Ал инди Жо экен! Бир паска
жымжырт боло түштү. Анан Жо сөзүн улантты:
– Тиги акыркы иштен өткөн дагы коркунучтуу иш барбы, бирок андан эчтеке
болгон жок го.
– Ал башка да. Ал суунун наркы өйүзүндө болчу, жака белинде бир да там жок
эле. Биздин аракетибизди, бирдеме болбогондон кийин, эч ким билбей калат.
– Койчу, биерге күндүз келгенден коркунучтуу дагы эмне бар. Бирөө жарым
көрсө, шекший баштайт.
– Билем аны. Бирок бекингенге бөлөк жер табылбай койбодубу. Бул кепени
унуткум эле келет. Кечээ эле кетейин дегем, бирок эч арга таппай койдум, тиги каргыш
You have read 1 text from Kırgız literature.
Çirattagı - Том Сойердин жоруктары - 11
  • Büleklär
  • Том Сойердин жоруктары - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 4062
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2017
    30.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4114
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2057
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4060
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2027
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 4107
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1965
    31.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 4160
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1918
    32.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 4063
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2102
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4071
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1974
    31.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4016
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1904
    30.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 4060
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2114
    30.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 4068
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1895
    33.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 4143
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1936
    32.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 4056
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1928
    32.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 4101
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1936
    31.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Том Сойердин жоруктары - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 2738
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1395
    35.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    54.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.