Latin

Өмүр кызык - 14

Süzlärneñ gomumi sanı 3271
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1844
31.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
49.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
колунан келбей калат. Аял болсо кайта бактыга бөлөнөт. Себеби эркек анын жүзүн көрө
албай тургандыгына кубанат. (Ал сулуулукту жакшы көрө тургандыгын айтпадыкпы).
Эркек аялды баягыдай эле жакшынакай экен деп ишенип, аны бооруна кысып өбөт.
Анын сулуулугун баягыдай элестетет, жана кадимкидей өңүн көрө албай тургандыгына
кейип, тынымсыз кеп салат.
Күндөрдүн биринде ал аялга беш чоң сүрөт тартууну ойлогондугун айтат. Эгерде
жарыкты кайра көрө турган болсо, беш сүрөттү тарткандан кийин: «жашоом бүттү» деп
өлүмгө моюн сунмак. Мына ушул мезгилде кандайдыр аялдын колуна сыйкырдуу дары
пайда болот. Эгерде аны менен өзүнүн сүйгөн адамынын көзүн нымдап сүртүп койсо эле,
кайта көзү көрөт.
Линдей ичиркенип, ийинин күйшөп койду.
— Аял кандай ойлорго чөмүлбөдү дейсиң? Эркектин көзү көргөндөн кийин баягы
беш сүрөттү тартат, бирок аялды кайтадан таштап кетмек, анткени, сулуулук анын дини
да. Ал аялдын өңү өчкөн иреңин эч карай алмак эмес. Дары менен эркектин көзүн сүртүү,
сүртпөө жөнүндө беш күн ойлонот да, акыры сүртөт...
Линдей ушул жерден сөзүн токтотуп, аялга карады. Анын жалжылдаган көз
каректеринен кандайдыр от чагылышып кетти.
— Демек сен да Рекс Стрэнгди ушундай катуу сүйөсүңбү деген суроо туулат?
— Мейли, ошондой эле болсун, эмне экен?
— Чын эле сүйөсүңбү?
— Ооба.
— Андай болсо, эгер ал айыксын үчүн кайыл болууга даярсыңбы? Андан кол үзүүгө
кудуретиң жетеби?
Аял бир аз кысталып туруп, жай гана сүйлөдү:
— Ооба, — деп жооп берди.
— Демек сен мени менен кетесиңби?
Аял бу жолу үнүн угулар-угулмаксан араң гана чыгарып:
— Ал айыккандан кийин, макулмун, — деди.
— Женева көлүндөгү таттуу турмуш кайтадан баштала тургандыгына түшүнсөң. Сен
эми кайра менин аялымсың.
Аял улам жыйрылып, жер карап шылкыйып баратканы менен, макул дегендей башын
ийкеди.
— Эң сонун! — деп Линдей ордунан ыргып туруп, баштыгына барып, анын кайыш
бүчүлүктөрүн чече баштады.
— Мага жардам керек болот. Инисин чакыр быякка. Баарын чакыр. Кайнаган суу
керек, мүмкүн болушунча арбыныраак. Бинт ала келгем, бирок кана, силерде жара
байлай турган башка кандай материал бар, көрсөтчү. Эй, Доу, от жагып тезинен канча
суу болсо ошонун баарын кайнатууга киришиңиз. А сиз, — деп Гарриге кайрылып, —
столду сыртка, тээтиги терезенин түбүнө алып чыгыңыз. Кырып, тазалап, кайнак суу
менен жууңуз. Тазалаганда да укмуштуудай таза болсун! Сиз, миссис Стрэнг, мага
жардамдашасыз, шейшеп болсо жоктур дейм? Мейли эми, эптеп бир балээ кылаарбыз.
Сиз инисисизби, сэр? Мен азыр наркоз 1 жыттатамын, анан качан керек болгондо сиз
кайталап турасыз. Эми угуп туруңуз: эмне иштеш керек экениңизди сизге үйрөтөйүн.
Баарыдан мурда тамыр кармашты билесизби?
IV
Линдей кайраттуу жана жөндөмдүү хирург катары көпкө даңкы чыккан доктор болчу,
ал эми кийинки мезгилде жөндөмдүүлүгү мурункудан да ашып кеткен.
Же Стрэнгдин катуу майып болгонунанбы, же жардамдын кечиңкиреп келгениненби,
айтор, Линдей бул сыңардуу кыйын окуяны мурда учуратпаган. Чын, ал эч качан бул
сыяктуу саламаттыгы темирдей адамды кездештирбеген, бирок, эгерде оорулуу
адамдын ит жандуулугу, адам таң каларлык укмуштуудай күчү жана өлүмгө
чыдамдуулугу болбогондо, баары бир, анын иши оңунан чыгып, колунан эч нерсе келмек
эмес.
Стрэнгдин эти ысып, жөөлүгөн күндөрү болду; тамыры билинер-билинбес араң согуп
калганда жүрөгүнүн кагуусу начарлаган күндөр да болду; кээде кадимкидей акыл-эсине
келгенде, кыйналган жана чүңүрөйүп кирип кеткен көздөрүн чакчайтып, оорунун
запкысынан кара терге түшүп жатып далай күндү өткөрдү. Линдей көшөргөн
чыдамдуулугу, кажардуулугу жана ырайымсыз талаптуулугу, ороскелчиликке чейин
барган тайманбастыгы аркасында бир нече ирет тобокелге салып, аны жеңип отуруп,
ийгиликтүү натыйжага жетишти. Өзү дарылаган оорулуу адамды тирүү алып калуу ага
Наркоз — уктатуу же талытуу жолу менен организмдин кээ бир жеринин же бүт сезимин жоготуучу дары.
аз көрүнгөнсүдү. Ал өз алдына татаал жана опурталдуу милдетти койгон: Рексти
мурункудай күчтүү жана соо кылып айыктыруу эле.
— Бул эми майпар же мунжу болуп калабы? — деп сурады Медж.
— Ал жалгыз гана басып жүрүүгө жарабастан, сүйлөйт, мурунку Стрэнгдин жөнөкөй
гана бир сөлөкөтү болбойт, жок, чуркоого, секирүүгө, таштак суулардан сүзүүгө, аюуга
ыргып минүүгө, илбирс менен кармашууга — кыскасы, өзүнүн акылсыз кесирлүү
иштерин бүт бойдон орундатууга жарайт. Эсиңде болсун: ал мурункусундай эле бардык
аялдардын сүйгүнчүгү да боло алат. Буга эмне дейсиң? Канааттандыңбы? Бирок сен
анын жанында бирге болбой тургандыгың эсиңден чыкпасын.
Улант, улант өз ишиңди, — деп аял акырын жооп берди. — Эптеп саламаттыгын
калыбына келтир, мурда кандай болсо, ошол кебетесине жеткир.
Оорулуунун абалы мүмкүндүк берген сайын, Линдей аны бир нече жолу дары менен
уктатып, эң эле опурталдуу жана кыйын операцияларды жасады: дененин жана ичтин
тайпылган эки анжы жерлерин кесип, жамап, улаштырып бириктирди. Күндөрдүн
биринде ал оорулуунун сол колу начар иштегенин баамдады. Стрэнгдин колу
кыйынчылык менен кандайдыр белгилүү гана өлчөмгө чейин көтөрүлчү болду. Линдей
себебин териштире баштады.
Көрсө, биердеги илинчек — чыйралган жана үзүлгөн бир нече булчуң
айламталарында экен. Линдей кайтадан аларды кесип, чатышын жасып, чоюп, тегиздеп
түзөтүүгө киришти. Стрэнгди анын темирдей чың жана укмуштуудай чыдамдуу дене
жаралышы гана аны өлүмдөн сактап калды.
— Сиз минтсеңиз өлтүрүп аласыз! — деп Гарри каршы боло баштады. — Жанын
кыйнабай жөн коюңуз! Кудай үчүн, тынч жайына коюңуз! Кескиленип жатып өлгөнчө,
майып болсо болсун.
Линдейдин ачуусу келе түштү.
— Эшикке чыгып кетиңиз! Мен муну ажалдан аман алып калганы жатканымды
толук ойлонуп, мойнуңузга алмайынча, үйдөн чыга туруңуз! Кажылдоонун ордуна мага
дем бериш керекко. Бир тууганыңыздын өмүрү кылдын эле учунда илинип турат. Үйлөп
койсо үзүлүп кеткидей. Түшүнүктүүбү? Эмесе биерден кетиңиз да, баарыдан мурда, анын
жашай тургандыгына, мурун кандай болсо, ошондой болуп айыга тургандыгына,
экөөңөр обу жок иштерди дагы ойлой тургандыгыңарга бекем ишенип, жылуу-жумшак
жана көңүлдүү болуп келиңизГарри муштумдарын түйүп, тиштенип, акыл сурагандай Меджге карады.
— Чыгып кетчи, бай болгур, чыгып кетчи! — деп ал жалынып-жалбарып жиберди. —
Доктордун айтканы туура. Мен билип турам, анын айтканы туура.
Стрэнгдин абалы коркунучтуу кырдаалдан өтүп калгандан кийин, күндөрдүн биринде
анын иниси мындай деди:
— Доктор, сиз тимеле кереметтүү адам турбайсызбы? А мен ушул кезге чейин
жадаса, сиздин фамилияңызды суроону ойлонбопмун.
— Аны менен ишиңиз болбосун! Ишке саат болбой, оолак жүрүңүз!
Көбүрөөк тытылып, тамтыгы чыккан оң колдун айыгышы кокустан эле токтолуп, бир
жеринен эң коркунучтуу жаранын оозу ачылып калды.
— Некроз 1 — деди Линдей.
— Анда иши бүткөнү ошол! — деп Гарри кейий баштады.
— Үн чыгарбаңыз! — деп Линдей ага урушуп жиберди, — Азыр Доу экөөң жөнөгүлө,
Биллди да кошуп алгыла да, мага тирүү жана куландан соо бир нече коён кармап
келгиле. Бардык жерге кылтак коюп, кылтак менен кармагыла.
— Канча коён керек сизге?
Некроз — дененин кандайдыр бир бөлүгүнүн жансыз болушу, өлүшү.
— Кырк... төрт миң... кырк миң... канча кармасаңар ошончо! А сиз, миссис Стрэнг, мага
кол кабыш кыласыз. Ушу колдун жарасын эмнеси болсо да ачып көргүм келди, А силер,
жигиттер, коёнго аттангыла.
Ал жараны тереңирээк ачып, чирип-бузулуп бараткан сөөктү жонуп көрүп, бир топ
жерге чейин ириңдеп кеткенин билди.
— Ушунун бардыгы анын ар жеринен катуу жарадар болгондугуна байланыштуу.
Анткени, алар анын күчүн алып койбодубу. Болбосо мындай болбойт эле, — деп ал
Меджге түшүндүрө баштады, — Баары бир мунун денесиндей чың дене да бардыгына
туруштук бере албайт. Мен муну мурун эле билген болчумун, бирок тобокел деп күтүп
туруудан башка айла калган эмес. Мына бул кичинекей сөөктү алып ташташ керек.
Мунсуз деле иш бүтөт. Аны коёндун сөөгү менен алмаштырамын, кол кадимки
мурункусундай, иштей берет.
Линдей кармалып келтирилген жүзгө жакын коёндун ичинен бир нечесин тандап
алып, алардын жарактуулугун текшерип акыры бирөөнү жактырды. Наркоздун калдыгы
менен Стрэнгди уктатып, жалпы физиологиялык өсүш колго жардам берсин үчүн, коён
менен адамдын тирүү сөөктөрүн бири-бирине улаштырып, кыйыштырды.
Мына ушул кыйын мезгилдин ара-торосунда, өзгөчө Стрэнг жакшы боло баштагандан
тартып, Линдей менен Медждин ортосунда кыска сүйлөшүүлөр боло баштады. Доктор
айтканынан кайткан жок да, аял анын айткандарына көп анчалык кежейген жок.
— Бул машакаттуу иш! — деди Линдей. — Бирок законду аттап кете албагандан
кийин, экөөбүз кайта үйлөнүш үчүн, сен аны менен никеңди бузушуң керек. Муну кандай
дейсиң? Женева көлүнө кетебизби?
— Мейли! — деп жооп берди аял.
Экинчи жолу доктор мындай деди:
— Бу сен, деги, анын эмнесине кызыктың? Мейли, эми анын акчасы көп экен деп эле
коёлу, аны билем, Бирок экөөбүздүн деле, мындайча айтканда, жылуу-жумшак
оокатыбыз бар эмес беле; кийин мен кириш китептен карап көрсөм, тажрыйбадан мен
жылына орто эсеп менен кырк миң алчу элем. Жалаң эле өзүңдүн жеке менчик немең
менен заңкыйган хан сарайың жетпейт дебесең, башканын баары бар эле го.
— Билсең иштин түйүнүнө мен ушул азыр араң түшүнүп жүрөм. Сыягы, сен дайыма
тажрыйбаң менен алек болуп жүрүп, мага такыр көңүл бурбай койгондугуңан келип
чыккан окшойт.
— Ошондойбу! — деди Линдей билмексен мыскылдагансып, — Мүмкүн сенин
Рексиңдин деле илбирс менен кыска чыбыктан башы кутулбай жүрбөсүн.
Линдей аялдан Стрэнг аны кантип жана эмне өзгөчөлүгү менен өзүнө ыктатып
алгандыгын түшүндүрүүнү ар качан талап кыла турган.
— Түшүндүрүү кыйын, — дей турган аял ар дайым. Бир күнү акыры аял мындайча
жооп берди:
— Сүйүү эмне экенин эч ким түшүндүрө албайт, а жагынан мен деле эч кимден озуп
кете албаймын. Мен сүйүүнү бар болгону эч кимдин алы жетпей турган нерсе деп гана
түшүнөм. Ванкувер Фортто Гудзонова булуңундагы Компаниянын бир чоң капиталисти
жергиликтүү англиялык чиркөөнүн побуна катуу нааразы болуп калат. Анткени поп
Англияга жазган катында Компаниянын бардык кызматчылары башкы уполномочени
баш болуп, индианкалар менен жолугушуп күнөөгө батып жатышат дептир. «Андай
болгондон кийин сиз эмне үчүн жеңилдетүүчү себептер жөнүндө ооз ачпайсыз?» — деп
сураптыр капиталист. Поп мындай деп жооп берет: «Уйдун куйругу төмөн карата өсөт.
Эмне үчүн анын куйругу төмөн карата өсө тургандыгын мен түшүндүрө албаймын.
Бирок болгонду болгондой, көргөндү көргөндөй айтыш менин милдетим».
— Акылдуу аялдарды шайтан алсын! — деп Линдей айкырып, көздөрүнөн чаары
чыга түштү.
— Клондайкка кандайча келип калдың? — деп сурады Медж.
— Менде акча топондой эле, бирок аны сарп кыла турган аялым жок. Каржалып
кеттим окшойт, — эс алгым келди. Адегенде Колорадого бардым. Оору кишилер аякка
телеграмма жаадырып тынчымды алды, кээ бири үстүмө келе башташты. Сиэтлге көчүп
кеттим — баягыдай эле тынчымды алышты. Рексом атайын поезд менен оору аялын
жибериптир. Айла жок, качууга болбоду. Операция түзүк өттү. Жергиликтүү газеталар
аны угуп алышыптыр. Калганы өзүңө белгилүү да! Баарынан жашынгым келди да
Колондайкты көздөй сыздым. Мына ошентип, аерде Юкондогу алачыкта жылуу-жумшак
карта ойноп отурган жеримен жанагы Том Доу издеп таап албадыбы.
Акыры Стрэнгди тургузуп, төшөнчүсүн күнгө жайып сергиткен күн да келип калды.
— Эми айтууга уруксат кыл, — деп сурады Медж.
— Жок, дагы коё тур — деп жооп берди Линдей.
Көп узабай Стрэнг бутун койкадан түшүрүп отурууга, андан кийин эки колтугунан
жөлөтүп бир-эки кадам шилтөөгө жарады.
— Айтууга убакыт жетти го дейм — деди Медж.
— Болбойт. Адегенде чала бүтүрбөй ишти аягына чейин жеткириш керек! Сол
колунун иштеши али ойдогудай болбой турат. Ал эчтеке эмес, бирок кайта төрөлгөндөй,
куландан соо кылып айыктырышым керек. Эртең колунун жарасын дагы ачып көрүп,
майып жерин алып таштайм. Дагы бир-эки күн чалкасынан жатууга туура келет.
Наркоздун түгөнүп калганын карачы. Мейли эми, тиштенип эптеп чыдайт да. Антүү
анын колунан. келет. Чыдамкайлыгы он кишиникиндей эле бар.
Жай келди. Кар эрип бүткөн, тээтиги чыгыштагы аскалуу тоонун чокусунда гана бир
аз кар жатат. Күн узара баштады. Дээрлик түн кирбестен, түн жарымы ченде күн түндүк
жакка эңкейип, бир нече гана минут батып, кайра чыгып жатты.
Линдей Стрэнгдин жанынан күнү-түнү чыккан жок. Ар дайым энеден туума чечинтип,
керилтип-чоюлтуп, булчуңдарынын жана жалпы денесинин кыймылын, басканын
баамдоочу болду. Денени жандантуу максатында тынымсыз ушалатып турду. Өзү
токтотмоюнча Том Доу, Билл жана Гарри укалап жатышып, Турциянын мончосунда же
сөөк ооруну айыктыруучу ооруканада укалоочу болуп иштөөгө жарагыдай үйрөнүштү.
Бирок доктор алиге канааттанган жок. Кандайдыр бир жашыруун калдыктан кооптонуп,
ал Стрэнгге дене тарбиянын ар түркүн көнүгүүлөрүн жасоого буюра берди. Кайрадан
бир жума төшөккө жаткызып, майда көк тамырлардын үстү жагынан бир канча жеңил
операцияларды жасап, кайсы бир шек санаган сөөктүн кофенин данегиндей жерин
кырып, дал ошол жерге отургузулган жандуу сөөк — эт кызгылт, таза экенине көзү
жетмейинче операция жасай берди.
— Айтууга эми уруксат берчи — деп жалдырады Медж.
— Али убакыт боло элек. Дарылоо бүткөндө гана айтасың, — деп жооп берди
Линдей.
Июль айы өтүп, август аяктап калган. Линдей Стрэнгге бугу уулоого барууну кеңеш
берди. Өзү болсо анын артынан калбай, кыймылын байкап жүрүп отурду. Стрэнг кудум
мышыктын кыймылындай мурдагы шамдагай калыбына кайта келдн — Линдей мындай
ылдам жүргөн бир да адамды кезиктирген эмес. Стрэнг эч кандай кыйынчылыксыз
бутун бир калыпта бийик таштап, чоң арыштап зымырылып баратканынан адегенде
анын ылдам жүрүшү байкалган жок. Чыны менен бул баягы Том Доуну суй жыккан
жүрүштүн нак өзү болчу. Линдей өзү айыктырган адамына араңдан зорго үлгүрүп
келатты, анын караанынан алыстабас үчүн кээ кезде түзөң жерлерден чуркоого аргасыз
болду. Ушинтип он миль басып өткөндөн кийин, Линдей тык токтоп, жерге узунунан
түшүп, жата кетти.
— Жетет! — деп кыйкырды ал Стрэнгге. — Сизди кууп жете албайт экемин!
Линдей кара терге түшкөн жүзүн аарчынды, Стрэнг болсо докторду жылмая карап,
диний көз караштагы адам сымак айлана тегерекке суктанып, кубанычтуу көз жиберип
карагайдын дүмүрүнө отура калды.
— Эч жериң сайгылашпайбы, уюп-сыздабайбы? ооруган жокпу? Оорунун ишаараты
билинбейби? — деп сурады Линдей.
Стрэнг жок дегендей башын чайкап, магдырагандай бардык ийкемдүү денеси менен
керилип койду.
— Демек, бардыгы жайында, Стрэнг. Кышында суук, ным, бүркөк кездерде эски
жарадар жерлериң сыздап, уюп ооруйт. Бирок кийин өзүнөн-өзү басылып кетет. А
мүмкүн андай сыздатып оору такыр болбошу да ыктымал.
— Теңир жалгаган, доктор, сиз тимеле кереметтүү иш иштедиңиз! Кантип алкыш
айтарымды билбей турам... Мен жадегенде али сиздин атыңызды да биле элекмин!
— Аны билүүнүн көп анча кажаты жок. Сиздин сакайып кетишиңизге жардам
болдум. Мына негизгиси ушул.
— Бирок сиздин ысмыңыз көп жерге белгилүү болуш керек! — деп Стрэнг
айтканынан кайтпайт. — Мелдешип эле коёюн, эгер сиз ысмыңызды атасаңыз, мага да
тааныш болуп чыгат.
— Мүмкүн, болсо-болор. Бирок, анын азыр биерде зарылдыгы жок. Эми дагы бир
акыркы сыноо — андан кийин мен сизди өз жайыңызга коёмун. Айрыктын ары
жагында дал эле өзөндүн башталышында бул суу Биг Виндиге куйган жер бар. Өткөн
жылы силер үч күндө ортоңку айрыкка чейин барып, кайра келгениңерди Доу мага
айткан эле. Анын айтымына караганда сиз аны суй жыккан имишсиз. Азыр сиз ушул
жерде калып, түнөңүз, а мен кошко барып, жолго керектүүлөрдүн баарын Доудан берип
жиберемин. Сизге бериле турган тапшырма: ортоңку айрыкка жетип, былтыр канча
убакытта кайтып келсеңер, ошончо убакытта келүүңөр керек.
V
— Бол, даярдан, — деди Линдей Меджге кайрылып, — аяк-башын жыюуга бир саат
убакыт беремин, а мен кайыкка кеттим. Билл болсо бугу уулоого кетти, күүгүмгө чейин
келбейт. Биз бүгүн эле менин алачыгыма жетип барабыз, бир жумадан кийин Доусондо
болобуз.
— А мен үмүттөнгөн элем... — деп намысынан Медж сөздүн аягын айта албады.
— Мени жол чыгымдан качат деппи?
— Жок, макулдашканын макулдаштык, бирок мынчалык ырайымсыз болуунун
кереги эмне эле! Эмне үчүн мени аны менен коштоштурбастан, үч күндүк жолго кууп
жибердиң? Бул адилеттүүлүккө жатпайт!
— Кат жазып калтыр.
— Мейли эмесе, баарын жазамын.
— Үчөөбүздүн бири-бирибизден сыр жашыра турган жерибиз калган жокко, — деди
Линдей.
Линдей кайыкты алып келген кезде, Меджинин эмеректери дайындалып, кат
жазылып бүткөн эле.
— Эгер сен каршы болбосоң, мен окуп чыгайын.
Медж бир минутка олку-солку болуп туруп, анан катты ага сунду.
— Жеткилең, ачык-айрым жазылыптыр, — деди Линдей окуп бүткөндөн кийин. —
Кана, даярсыңбы?
Ал аялдын буюмдарын жээкке жеткизип, тизесин бүгүп туруп бир колу менен
кайыктын төңөлөгүн кармап, кайыкка түшүүгө жардамдашып, экинчи колун Меджге
сунду. Линдей аны байкап турду, бирок Медж кайыктын кырын аттап өтүүгө умтулуп,
кыйылбай туруп ага колун берди.
— Токто! — деди Линдей. — Бирпаска! Баягы мен сага айтып берген сыйкырдуу
дары жөнүндөгү жомок эсиңде барбы? Жомокту аягына чейин айтып берген эмес элем.
Угуп тур! Аял эркектин көзүн дары менен сүртө коюп, бура тартып жөнөйт, бирок,
кокусунан күзгүгө карай салса өзүнө сулуулук кайта пайда болгонун көрөт. А сүрөтчү
көзү ачылар замат, супсулуу жарын көрөр менен кубанычына чыдабай кыйкырып,
бооруна кысат...
Медж демин ичине жыйып, оюн билдирбеске тырышты. Анын иреңинен бир аз аң-таң
калгандык байкалып турду.
— Сен эң эле сулуусуң, Медж... — деди Линдей, бир аз токтолуп туруп, мындай деп
кайдыгер кошумчалады: — Калганы түшүнүктүү. Стрэнгдин кучагы көп анчалык
узакка бош калбастыр дейм. Кош.
— Грант! — деп аял дээрлик шыбырап айтты. Мына ушул үндүн өзү гана бардыгын
ага түшүндүрүп койду.
Линдей кыска жана жагымсыз күлдү.
— Сен ойлогондой ырайымсыз эмес экенимди көрсөткүм келген — көрбөйсүңбү,
жамандыкка жакшылык кылып жатам.
— Грант!
— Кош! — деп ал кайыкка түшүп, өзүнүн ийкемдүү, калтырак колун Меджге сунду.
Медж колду бекем кысты.
— Кымбаттуу, кайраттуу кол! — деп аял күбүрөп, эңкейип анын колун өпкүлөдү.
Линдей колун тез булкуп алып, кайыкты жээктен алыстата түртүп, аны күзгүдөй
тунук суунун көбүктөнүп шарылдап агып жаткан жагын карай бурду.
1911-жыл.
ДЖЕК ЛОНДОН
Американын прогрессивдүү жазуучусу Джек Лондон 1876-жылы 12-январда
Калифорния штатынын чоң порттуу шаары Сан-Францискодо, жарды фермердин үйбүлөсүндө туулган. Жазуучунун балалык чагы учтан-түпкө кысымчылыкта жана
жакырчылыкта, кыскасын айтканда, кыйынчылык шартта өткөн. Жазуучулук даражага
жеткенге чейин ал ар түрдүү кесипти башынан өткөргөн. Ал 11 жашында көчө кыдырып
газета сатты, андан соң балык уулады, консерва заводунда, кендир ийрүүчү фабрикада
жана кир жуучу жайда жумушчу болуп иштеди, матрос болуп Япония менен Арктиканын
жээктерине чейин сүзүп барды жана репортёрлук кызматты аткарды, жумушсуз
калгандыгы үчүн түрмөгө да түштү.
Сан-Францисконун газеталарынын бирөөндө анын «Япониянын жээктериндеги
тайфун» деген очерки биринчи жолу басылып чыгып, конкурста сыйлыкка ээ болот.
Мына ушул окуя аны адабий чыгармачылык жөнүндө олуттуу ойлонтот. Бирок, дасыган
жазуучулук наамга жетиш үчүн ал көп кыйынчылыктарга дуушар болуп, көптү өз көзү
менен көрдү.
1896-жылы Аляскадагы Клондайкадан алтын табылып, миң сандагандар дүнүйө-мүлк
издеп, ошол жакка чубурушту. Алардын ичинде Джек Лондон да бар болчу. Бирок, бир
жылдан кийин ал сыркоолоп, кур кол кайра үйүнө кайтты. Анткени менен бул «саякат»
келечек жазуучуга бир топ пайдалуу материалдарды берди. Джек Лондон алтындын
зээри азгыргандардын кулк-мүнөзүн, ал жерде жашаган элдердин үрп-адаттарын,
арктикалык каардуу жаратылышты, адамдардын аны менен болгон күрөшүн баяндаган
бир топ чыгармаларды жазган. Аларда «америкалык жазуучу Джек Лондон,
буржуазиялык дүйнөдөгү алтынга аябай берилген, алтын дегенде ааламдын аркы
четине чейин боортоктоп жылып барууга даяр турган кишилердин мүнөздөрүн ачыкайкын сүрөттөп көрсөткөн» 1
1899-жылдан баштап анын Түндүк жөнүндөгү аңгемелери биринен-сала бири
жарыкка чыга баштады. Ал негизинен Түндүк жана Океания аралдары жөнүндө бардыгы
болуп 152 аңгеме жазган. Мына ушундан кийин Джек Лондондун жазуучу катары атагы
чыга баштаган. Бул чыгармаларда жазуучу күчтүү, кысымчылыкка чыдамкай, кажардуу
адамдарды сүрөттөгөн.
1902-жылы жазуучу Лондондо болуп, ал жерден жыйган материалдарынын негизинде
«Караңгы адамдар» аттуу очерктер жыйнагын жазат. Ал жыйнакта автор Англиядагы
кедей-дыйкан катмарынын укуксуздугу жана жакырдыгы жөнүндө баяндайт.
1905 — 1910-жылдар — Джек Лондондун чыгармачылыгынын гүлдөп, эң жогорку
деңгээлге өсүп жеткен мезгили. Бул жылдары Лондон АКШнын жумушчулар
кыймылынын, 1905 — 1907-жылдардагы орус революциясынын жана М. Горькийдин
чыгармачылыгынын таасири астында өзүнүн көлөм жана идея жагынан зор
чыгармаларын — «Темир бут», «Мартин Иден», «Ак азуу», «Таптардын күрөшү»,
«Революция» жана башкаларды жазды. Бул чыгармаларда жазуучу негизинен
капитализм коомунун чирип, ойрон болуп баратканын, революциянын жакындап
калганын жана пролетардык революцияга карата өзүнүн көз карашын жазат. Джек
Лондонго чейин Американын адабиятында, бул сыяктуу революцияга жана
пролетариатты биригүүгө ачык жана чечкиндүү чакырган чыгармалар болгон эмес.
Булардан тышкары Лондондун «Деңиз карышкыры», «Мезгил күтпөйт» сыяктуу
көлөмдүү чыгармалары бар. Он алты жылдык чыгармачылыгынын ичинде Джек Лондон
элүүгө жакын китеп жазды.
Н. С. Xрущев. СССРдин эл чарбасын 1959 — 1965-жылдарда өнүктүрүүнүн контролдук цифралары жөнүндө
КПССтин кезексиз XXI съездинде жасаган доклады. Кыргызмамбас. 1959-ж., 56-бет.
Джек Лондон жер кыдырып, эптеп жан багып жүргөн кезинде эле социалисттик
адабият менен, көбүнчө Карл Маркстын эмгектери менен таанышкан. Кийин аларга
кызыгуусу көбөйүп, улам терең үйрөнө берет. Натыйжада ал жумушчулардын
революциялык кыймылдарына ыктап, Американын социалисттик жумушчулар
партиясына мүчө болуп кирет. Жогорку идеялуу чыгармаларды автор дал ушул
мезгилдерде жазган. Бирок Джек Лондон аягына чейин социалист боло алган эмес.
Буржуазиялык индивидуалисттик идеологиядан толук бошонуу жана революциялык
пролетариаттын көз карашын түп көтөрө жактоо анын колунан келе алган жок. Мына
ошондуктан анын саясий көз карашы жана чыгармачылык жолу да өтө карама-каршы.
Капиталисттик коомду тартынбай ашкерелеген, көркөмдүк жагы жогору деңгээлде
турган реалисттик чыгармалары менен бирге, Джек Лондондун чыгармачылыгында
буржуазиялык идеология жык толгон начар жана жасалма очерк, романдары да орун
алган. Бул жагынан Джек Лондондун чыгармачылыгына берген В. И. Лениндин баасы
жөнүндө Н. К. Крупскаянын жазгандары өтө кызык.
«Ильич өлөрдөн эки күн мурун мен ага Джек Лондондун «Өмүр кызык» деген
аңгемесин окуп бердим, бул китеп Ильичтин өз бөлмөсүндө азыр да жатат. Өтө күчтүү
нерсе. Адамдын буту тийбеген кардуу талааны басып, ачкадан өлгөнү турган оорулуу
киши чоң дарыянын жээгиндеги пристанга жөнөйт. Анын биротоло күчү кетип, баса
албагандыктан боору менен жылат, анын жанында аңдып, ачыгып алы кеткен
карышкыр баратат, экөө кармаша кетип, акыры адам жеңет, ал чала өлүк жана эстен
танган бойдон көздөгөн жерине жетет. Ильичке бул аңгеме аябай жакты. Эртеси
Лондондун аңгемелерин дагы оку деди. Бирок Джек Лондондун жазгандары кай бири
өтө күчтүү болсо, кай бири өтө начар. Кийинки аңгеме таптакыр бөлөк — буржуазиялык
осуятка толгон нерсе экен: кандайдыр бир капитан жүктөлгөн эгинди кымбат баага
сатуу үчүн, кеменин ээсине берген убадасын аткарам деп отуруп, акыры өлүп тынат.
Ильич күлүп жиберип, колун тескери силкти.» 1
Өлөрдөн бир нече ай мурда Лондон социалисттик партиянын катарынан чыгып кетет.
«Менин социалисттик партиядан чыгып кеткенимдин себеби — ал күрөштөн баш
тартты... Жумушчу табы өзүнүн күрөшү жана душман менен келишпестиги астында өзүн
бошото алат го деп ойлогон элем. Бирок, Кошмо Штаттардагы бардык социалисттик
кыймылдар кийинки жылдарда келишүүчүлүк жолго түшүп кетти, ошондуктан мен
партиянын мүчөлүгүнөн оолак турууну туура таптым», — дейт жазуучу. Чынында эле
ошол кезде Америкадагы социалисттик партия оппортунисттик жолго түшүп кеткен.
Джек Лондон 1916-жылы 40 жашында дүйнөдөн кайтты. Бирок, ал көп сандаган
мыкты чыгармаларды жазып таштап кетти..
Совет элине жазуучунун чыгармалары жана ысмы кеңири белгилүү. Анын
чыгармалары көп улуттуу совет элинин тилдерине которулду. Лондондун мыкты
чыгармалары азыр кыргыз тилине которулуп, жарыкка чыгып жатат.
You have read 1 text from Kırgız literature.
  • Büleklär
  • Өмүр кызык - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3930
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2167
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Өмүр кызык - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3981
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2144
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Өмүр кызык - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4102
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2013
    33.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Өмүр кызык - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3960
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1949
    32.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Өмүр кызык - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3990
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1978
    29.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Өмүр кызык - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 4007
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2034
    31.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Өмүр кызык - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 4137
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1847
    33.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Өмүр кызык - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 4034
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1968
    31.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Өмүр кызык - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 4043
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1926
    32.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Өмүр кызык - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3979
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1956
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Өмүр кызык - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3941
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2013
    30.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Өмүр кызык - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3942
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1976
    29.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Өмүр кызык - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 4076
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2105
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Өмүр кызык - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3271
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1844
    31.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.