Latin

Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 17

Süzlärneñ gomumi sanı 3193
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1470
28.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
40.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Эмгексиз тапкан мал эсепсиз кетет.
Эмгексизге ыракат жок.
Эмгектен арыктаган, түшүмүнө семирет.
Эмгектен булчуң чыңалат, эринчээкке конбос бак.
Эмгектен качсаң —дөңгөккө.
Эмгектеп жылсаң да эртеңиңе умтул.
Эмгекти барктасаң, эмгек сени барктайт.
Эмгекти көрбөгөн — ыракаттын кадырын билбейт.
Эмгектин деңгээлин мезгил тастыктайт.
Эмгектин көркү ыракат, эринчээкке конбос бак.
Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү.
Эмгектин наны таттуу, жалкоонун жаны таттуу.
Эмгектин түбү — ыракат, эринчээкке конбойт бак.
Эмгектүү (же жазган) кулда чарчоо жок.
Эмгекчил кулда чарчоо жок
Эмгектүүнүн — наны таттуу, жалкоонун — жаны таттуу.
Эмгектүүнүн аты калат, эселектин даты калат.
Эмгекчил таң атаарын күтөт, жалкоо күн батаарын күтөт.
Эмгекчинин — эмгеги байлык, билимдүүнүн — пикири байлык.
Эмдик боз минсең, оозун тарт, элдүү жерде тилиң тарт.
Эмнени эксең, ошону оросуң.
Эмчектен артык эм жок, кайраттан артык дем жок.
Эмчинин өз эми өзүнө түшпөйт.
Эне — тоодогу булак, бала — чөлдөгү кулан.
Эне адаты — кызга үлгү
Эне өлсө — төркүн жок, ата өлсө — тууган жок.
Эне өлсө, төркүндөн кадыр кетет.
Эне көөнү —бешикте, бала көөнү — эшикте.
Эне сабырында чек жок.
Эне сүтүн актоо — унутулгус карыз.
Эне сыйлаган элине жагат.
Эне сыры — кызында, ата сыры — уулунда.
Эне тилин билбеген элин сүйүп жарытпайт, эне
тилин сүйбөгөн, эси жогун аныктайт
Эне тыйбас кыздан түңүл, ата тыйбас уулдан түңүл.
Эне элжиресе — өпкө — боорун чабат, баласы
акылдуу болсо — ысык мээрим табат.
Энеге баланын алалыгы жок.
Энеге жакканың—балалык, элге жакканың— адамдык.
Энеден сүт ич, акылмандан акыл ич.
Энеңдин баткакта жатканын айтып келгенге сүйүн.
Энеңи жонуңа көтөрүп үч ирет Меккеге жөө барсаң да карызыңдан кутулбайсың.
Энелүү баланын өзү ток, энесиз баланын көзү ток.
Энесиз кыз — никесиз, атасыз уул — жетесиз.
Энени көрүп кыз өсөт, атаны көрүп уул өсөт.
Энени көрүп кыз өсөт, эжени көрүп сиңди өсөт.
Эненин көөнү балада, баланын көөнү талаада.
Эненин колунан — кыз тойбойт, эрдин колунан — куш тойбойт.
Эненин сөзү — нур, атанын сөзү —ур.
Эненин тогуз уулу болсо да көп көрбөйт.
Эненин эмгеги эки дүйнөдө эстен кетпейт, ата кадырга жетпейт.
Энеси болушчаактын кызы ыйлаак, атасы болушчаактын уулу урушчаак.
Энеси жок кыз — эпсиз, атасы жок уул — жетесиз.
Энеси жок кыз, атасы жок уул — жетесиз.
Энеси жок кыздын эмчеги чоң, атасы жок уулдун аласы чоң.
Энеси жоктун — кызы баш, атасы жоктун — уулу баш.
Энеси көрбөгөнүн кызы көрөөр, атасы көрбөгөнүн уулу көрөөр.
Энеси мактаган кызды алба, жеңеси мактаган кыздан калба.
Энеси ой ойлобогон, атасы той тойлобогон.
Энеси тепкен кулундун эти оорубайт.
Энесин Үч —Коргондон таанытам.
Энесин көрүп — кызын ал, эшигин көрүп — төрүнө өт.
Энөөбайго — энөө бай, тыгырчактай тың көрүнгөн
Тынапбайга эмне болду?
Эп келтирип сүйлөсөң, эл сөзүңдү угат да.
Эп көргөндү эп көр, жек көргөндү жек көр.
Эпкиндүү болсоң, элиң сүйөт, курбу — курдаш, теңиң сүйөт.
Эптүү зайып жартыны бүтөйт, кысканы узартат.
Эптүү сүйлөп чөгөлөсө, кулдук кылып баш ургун.
Эптүү уулдан септүү уул туулат.
Эпчил төөнү жаса муштагандай иш кылат.
Эпчил эки ичет.
Эр — баш, катын — моюн.
Эр — бир өлсө, эс — миң өлөт.
Эр — зайыптын экинчи кудайы.
Эр — тууган жеринде, ит — тойгон жеринде (жашайт).
Эр — улан болбойт, ат — кунан болбойт.
Эр — эгиз, эмгектүү — жалгыз.
Эр — элден — суу — жерден.
Эр — элден, балык — суудан.
Эр — элдин оң жагынан каалоосу, жел жагынан паанасы.
Эр адамдын жан жолдошу — ат.
Эр азамат өлсө, Чубактын кунун куугандай куу.
Эр азыгы — элден, бөрү азыгы - жолдон.
Эр азыгы менен бөрү азыгы жолдон.
Эр айласы - бир, катын айласы — миң.
Эр алат деп коркоюнбу, эмчегим чыгат деп коркоюнбу.
Эр алат деп коркоюнбу, эмчек чыгат деп коркоюнбу?
Эр атасыз болбос.
Эр аттан айрылганда — жөө, эр элден айрылганда — алсыз, жетим.
Эр атын зайып чаба албайт.
Эр ачкадан өлбөйт, ардан өлөт.
Эр ачкадан өлбөйт, арынан өлөт.
Эр барданы бек болсун, от барданы бош болсун.
Эр башына кун (же иш) түшсө өтүгү менен суу кечет.
Эр бир өлсө, эс миң өлөт.
Эр бөрү жолдуу.
Эр болсоң эрдигиңди элге көрсөт, арык чапсаң
күчүңдү жерге көрсөт.
Эр болсоң, көк бол, айткан сөзгө бек бол.
Эр даңкын эл чыгарар.
Эр деми — эм.
Эр достугу — эгиз, эл достугу — деңиз.
Эр жаңылса да эл жаңылбайт.
Эр жаңылып колго түшөт, куш жаңылып торго түшөт.
Эр жалдаган эмгегинен табат.
Эр жаратсыз болбойт.
Эр жигит ачкадан өлбөйт, ардан өлөт,
Эр жигит бирде мырза, бирде кул.
Эр жигит жигит болобу, этеги шорго малынбай! Эр
жигит жолу болобу, кез — кезде торго чалынбай.
Эр жигит жолго жүрөр жолдош менен,
карышкыр жолдош болбойт жолборс менен,
Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү.
бир жүрбө миң — миллиард берсе дагы
акылы жок — акмак наадан менен.
Эр жигит үйдө туулуп, жоодо өлөт.
Эр жигит күрөшпөгүн балбан менен, балбанды
жыга албайсың чалган менен.
Эр жигит менен бөрү азыгы — жолдо.
Эр жигит эки айтпайт.
Эр жигит эл камын жейт.
Эр эл камын ойлойт.
Эр жигит эл четинде, жоо бетинде.
Эр жигит элдин камын жейт, эселек малын жейт.
Эр жигит эмгекти сүйөт, эмгектин үзүрүндө жүрөт.
Эр жигит энеден туулат, эл үчүн өлөт.
Эр жигитке жетимиш түрлүү өнөр аз.
Эр жигитке жетимиш түрлүү өнөр аздык кылат.
Эр жигиттин алганы жарашса алка жакасы ак
болот да, элине эмгек сиңип бак конот.
Эр жигиттин алганы жарашпаса алка жакасы ак
болобу да, элине эмгек сиңип бак конобу.
Эр жигиттин башы канжыгада, каны көөкөрдө.
Эр жигиттин башына, нелер (эмне) келип, нелер (эмне) кетпейт.
Эр жигиттин кадырын агайын билбейт, жат билет.
Эр жолдошу — тобокел.
Эр үчүн кылган жакшылык эбилип жерге түшпөс.
Эр өлүмгө күлүмсүрөп барат.
Эр өлсө да, эл өлбөйт.
Эр өлтүрүп, эриш бузганым жок.
Эр кадырын эр билет, зер кадырын зергер билет.
Эр кадырын эр билет, эр билбесе ким билет.
Эр кайраттуу болсо, катын уяттуу болот.
Эр кайраты бир күндүк, эл кайраты миң күндүк.
Эр канаты — ат.
Эр канаты — күлүк ат, журт тиреги — эр жигит.
Эр кармаган эмгегинен кутулат.
Эр картайса эрки кетет, аял картайса көркү кетет.
Эр карып эшек түшөбөйт, катын карып пакта (камыр) түшөбөйт.
Эр карыса ат бөлөт, кемпирине жат болот.
Эр карыса да, ой карыбайт.
Эр келин балага жагат, затын эркелеткен эркек соң басып калат.
Эр күзгүсү — эмгеги.
Эр көңүлчөөгү — зар, катын көңүлчөөгү — кар.
Эр көрбөгөн кыйшыкты зайып түзөйт.
Эр коңураттан жер коңурат өтүптүр, ана катындан бала катын өтүптүр.
Эр колбашчы өлсө — кол жетим.
Эр колунан куш тойбос, эне колунан кыз тойбос.
Эр мактанса, бир октук, бай мактанса, бир жуттук.
Эр намыстын кулу.
Эр намысы — эл намысы
Эр ортону — элүү жаш.
Эр ортону — элүү.
Эр соргогу — үй толтурат, катын соргогу — үй курутат.
Эр соргогу үй толтурат, катын соргогу үй курутат (же түгөтөт).
Эр сыйлаган катын эшикке олтурбайт.
Эр сыйлаган эшикте отурбайт, ат сыйлаган жөө баспайт.
Эр сынаар кучкачмын, бир сынабай учпасмын.
Эр тайын тартат, ит атасын тартат.
Эр тамагы — элден, бөрү тамагы — жолдон.
Эр ташыса — элине, суу ташыса — жээгине.
Эр төрөгөн эл өлбөйт.
Эр төркүнү эшиктен кайтат, аял төркүнү төрдөн кайтат.
Эр төркүнү эшикте олтурат, катын төркүнү төрдө олтурат.
Эр туулса, элге мактан.
Эр уйкусу — куш уйкусу.
Эр улан болбойт, ат кунан болбойт.
Эр чегишпей, бекишпейт.
Эр чегишпей, билишпейт.
Эр чекишип бекишет.
Эр эгиз, эмгексиз жалгыз.
Эр — эгиз, эмгектүү — жалгыз (же сегиз).
Эр эңсегенине жетет,
Эр эмгеги менен, жер жемиши менен (даңктанат).
Эр эмгегин жер жебейт.
Эр эмгегин эл жебейт, эл эмгегин жер жебейт.
Эр эмилбей мал кайда, кетмен чаппай дан кайда?
Эр энеден туулат, тулпар бээден туулат.
Эр энеден туулат, элге кызмат кылат (же эл үчүн өлөт).
Эр энөө болот.
Эр эшиги тоң темир, эритмекке эр керек.
Эрге берсең ашыңды эрлер сыйлар башыңды.
Эрге жаккан аял элге да жагат.
Эрге ишенбе, эки колуңа ишен.
Эрге ишенгенче, эки босогоңо ишен.
Эрге кылган жакшылык — элге кылган жакшылык.
Эрге кылган жакшылык жерге калбайт.
Эрге тиймек бат экен, өтүк ултармак кеч экен.
Эрге уйку жок.
Эрге чарык табылат, жеген иттин бетине кара.
Эрден ашмак бар, элден ашмак жок.
Эрден безсең да элден безбе!
Эрден кийин сый жок, энеден кийин төркүн жок.
Эрден кийин эрмек жок, уулдан кийин урмат жок.
Эрден чыксаң да, элден чыкпа.
Эрден ыйман качып кутулбайт.
Эрден эрдин неси артык? Эптеп айткан сөзү артык.
Эрди даңазалаган эли, жерди даңазалаган кени.
Эрди жарыткан да аялы, арыткан да аялы.
Эрди жоо үстүндө(жоодо) көр.
Эрди жоо үстүндө көр.
Эрди кабагынан сына.
Эрди — катын бир үйдүн — айы менен күнү.
Эрди катындын ынтымагы — капкалуу калаанын берекеси.
Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү.
Эрди көңүлдө сыйлаң, жоону көрбөй баалаң.
Эрди кудай урарда котур болуп кашынат, атты кудай урарда аягынан басынат.
Эрди кудай урарда элүүсүндө жаш болот.
Эрди намыс өлтүрөт, коёнду камыш өлтүрөт.
Эрди талап учурат, кушту канат учурат.
Эрди эл баалайт.
Эрди эр кылган да, жер кылган да — аял.
Эрди этегинен, нарды буйласынан кармайт.
Эрдиги тоодой, кеңдиги көлдөй.
Эрдигиң бар эсиң жок, эчтеме менен ишиң жок.
Эрдигиң бар, эсиң жок.
Эрдигинен солто кырылды, энөөлүгүнөн колпош кырылды.
Эрдик билекте эмес — жүрөктө.
Эрдик кылсаң, сүрө бил.
Эрдик кылып кой сойду (сойсоң), иттик кылын төш тартты (тартпа).
Эрдик кылып кой сойсоң, иттик кылып төш тартпа.
Эрди — катын — бир үйдүн айы менен күнү.
Эрди —катын — эриш —аркак.
Эрди — катын бир төшөктө жатып, эки башка түш көрөт.
Эрди —катын бирин бири туура түшүнүшпөй,
кечиришпей туруп, сыйлаша алышпайт.
Эрди — катын урушат, эси кеткен болушат.
Эрди — катындын ынтымагы — капкалуу калаанын берекеси.
Эрдиктин мыктысы — жөнөкөйлүк.
Эрдиктин түбү өзүнө жоо көбөйтөт.
Эрдин ажалы эрден.
Эрдин атын алыстан ук, жанына келсең — бир киши.
Эрдин атын эмгек чыгарат.
Эрдин бир журту — өз эли, бир журту — кайыны, бир журту — тайы.
Эрдин даңкын — эл билет, дыйкандын даңкын — жер билет.
Эрдин даңкын алыстан (же сырттан) ук.
Эрдин даңкын эл чыгарат.
Эрдин даңкын эмгек чыгарат.
Эрдин ичине ээр токумчан ат батат, катындын ичине кара башыл киши батат.
Эрдин өзүн көрбө, даңкын ук.
Эрдин өзүнө караба, сөзүнө кара.
Эрдин күнү — эл менен, элдин күнү — жер менен.
Эрдин күчү — эшектин оосурагы.
Эрдин күчүн эл сынайт.
Эрдин көзү өтсө — чамгарак отто, зайыптын көзү өтсө — куттун качканы.
Эрдин куну, нардын пулу эмес.
Эрдин малы — элдин малы.
Эрдин намысы өз колунда,
Эрдин насиби элден.
Эрдин сөзү эки эмес.
Эрдин сөзү элде калсын, душман сөзү жерде калсын.
Эрдин тебетейине карап зайыбын сына, атына карап затын сына.
Эрдин эриши — элден, аркагы — жолдон.
Эрдүү катын таяк жейт, койлуу катын куйрук жейт.
Эрегишсең энеңди ал.
Эрегиштен эр өлөт, кара кулак шер өлөт.
Эрегиштен эр өлөт.
Эрендер чыккан элет бар.
Эрендер элдин четинде, үзөнгүдөн жан берет.
Эри өлгөндө катынга төркүнү жакын.
Эри өлүп, эрге тийген — элдин адаты; эри туруп,
Эрге тийген — беттин карасы.
Эри өлүп, эрге тийген катын келинчек болот.
Эри сүйбөс катынга эндик — упа не пайда?
Шылдыр чачпак не керек?
Эри сүйбөс катынга эндик — упа не пайда?
Эриңе ишенгенче эки улагыңа ишен.
Эриккен — койчу, эси кеткен — жолоочу.
Эрикпей кезген жолоочу эшек менен Мекеге барат,
зерикпей иштеген бакыр ийне менен кудук казат.
Эрим мени урса, мен балдарымды урам.
Эринбесең эмгегиң өнөт.
Эринен айрылган көмгөнчө ыйлайт, элинен айрылган өлгөнчө ыйлайт.
Эринчеек эгинчиден эринбеген машакчы өтөт.
Эринчеек эшке чыкса, ат жалдайт.
Эринчээк түшкө чейин уктайт, кечке чейин эстейт.
Эринчээк эгинчиден эринбеген машакчы озот.
Эринчээк этегине аарчыйт.
Эринчээк эшикке чыкса ат жалдайт.
Эринчээкке бүгүндөн эртең оңой.
Эринчээктин шылтоосу көи.
Эрите билбесең алтын ирийт, ийлей билбесең тери
чирийт.
Эришине жараша — аркагы, эшегине жараша — тушагы.
Эрөөл милдетин так аткарган жоокер өлбөйт.
Эрк күчтүү болсо, тоо талаага айланат.
Эрке бала — туз, ташбоор бала — муз.
Эрке козу — эки энеге тең.
Эркең эселек болот, карыса да эресеге жете элек
болот.
Эркек (карып) эшек түшөбөйт, катын (карып)
камыр түшөбөйт.
Эркек атын зайып чаба албайт.
Эркек бала шок болсун, шок болбосо жок болсун.
Эркек баланы туурап кыз колуна сиет.
Эркек берешен болсо — заар, ургаачы берешен болсо — каар.
Эркек бий азууга салат, катын бий амал менен алат.
Эркек болбосо, үй жетимсирейт.
Эркек үндүү аялдын уяты жок, катын үндүү эркектин кубаты жок.
Эркек үчүн өлүм таттуу!
Эркек өзүн менсинет, эркекти ким теңсинет.
Эркек көңүлчөгү — зар, катын көңүлчөгү — кор.
Эркек козу туулганда курмандыкка жараткан,
Эркек бала туулганда намыс үчүн жараткан.
Эркек опкогу үй толтурат, аял опкогу үй түгөтөт.
Эркек туумак, кыз туумак эсте болсун.
Эркекке жүрөк, аялга жөлөк керек.
Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү.
Эркектен ийменген катын элине сыйлуу.
Эркектин жаманы — катындын экинчи кудайы.
Эркектин көй сойгону, аялдын сайма сайганы менен тең.
Эркектин лөгү сөзгө көнөт, катындын лөгү сүзүп ийет.
Эркелик балага жагат, зайып эркелеткен эркек сыз басып калат.
Эркелээриң болбосо эмшийгениң не пайда.
Эркелээриң болбосо, эмшийгениң кимге таң.
Эркенин жашы кургабайт, жоргонун тери кургабайт.
Эркенин жашы кургабайт.
Эркин жүргөн катын — мурунтугу бош кунаажын.
Эркин келсе, эки кулагыңды чой.
Эрлүү катын таяк жейт.
Эрте жазда куймак жеген, кеч күздө ээрдин тиштейт.
Эрте жатып, кеч турган эринчээктин белгиси.
Эрте оңбогон кеч оңбойт, кеч оңбогон эч оңбойт.
Эрте сепсең бир күнү, эрте оросуң бир жума.
Эрте соода — соода, кечки соода — коога
Эрте турган — сергек, ырыскыга — теңдеш
Эрте турган адамдын насибеси (насип) артык.
Эрте турган жигиттин бир ырысы артык, эрте
турган катындын (кээде аялдын) бир иши (же жумушу) артык.
Эрте турган жигиттин ырысы артык.
Эрте турган аялдын, бир жумушу артык.
Эрте турган эркектин (жигиттин), бир ырысы артык.
Эрте тургандын этеги толот.
Эрте чыксаң, алдыңдан күн чыгат, кеч чыксаң, алдыңдан түн чыгат.
Эрте ысыган бат муздайт.
Эртең макул, бүгүн жок.
Эртең менен жолу болсо, кечке чейин таскагын жазбайт.
Эртең менен жолуң болсо, кечке чейин текиреңинден жазба.
Эртең мененки насиптен калба, кечки насипке барба.
Эртең тамактана турган идишиңди бүгүн жуу.
Эртеңки ашка күт, кечки ашка күтпө.
Эртеңки базар кечкидей болбойт.
Эртеңки иш эшекти да кайгырткан.
Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө артык.
Эртеңкини бүгүн тарбияла.
Эртеңкинин эрте —кечи жок.
Эртеңки күндүн камын бүгүн көр.
Эсебиң так болсо, эртеңкиң нак болот.
Эсебин эптеп билебиз, эшегин кантип минебиз?
Эсен (өлбөгөн) кулга мал бүтөт. Мал бүткүчө эс кетет, эшикке келген дос кетет.
Эсен уул ыйлабас.
Эсеп билбес — чот билбес, жыйганынан айрылат.
Эсеп билбес — эп билбес, жыйганынан айрылат.
Эсеп, эсеп билбеген — эшек!
Эсепке төө да чөгөт.
Эсепсиз колхоз — эшиксиз үй.
Эсептешкен дос болбойт.
Эсептүү дос айрылбайт, эсепсиз дос кайрылбайт.
Эсептүү дос айрылбас.
Эсепчини жут алат.
Эсеп —чоттун тагы жакшы.
Эсеп — чоттун тагы жакшы, эмгегиңдин агы жакшы.
Эсери болбой, эл болбойт.
Эси жок курсагы тойгондо эсирет.
Эси жок элчи эки элди бузат.
Эси кеткен сокурга тулку кактырат.
Эсиң барда — этегиңди жап.
Эсиң болсо эчки бак, эчки тууйт үч улак.
Эсиң болсо эчки бак, эчки тууйт төрт улак, эч
оокатың болбосо, эгин айдап, жериң чап.
Эсиң кетсе эчки бак, эчки туйт төрт улак, эч
оокатың болбосо, эгин айдап, жериң чап.
Эсиң кетсе эчки бак, эчки тууйт төрт улак.
Эсиң оосо, эчки бак.
Эсирген серке аскадан секирсе, артындагы аксак
койлор ташка жанчылар.
Эсирген эркек жаза басат, эсинен жаңылган ургаачы эр кызганат.
Эски — жаңыга аралжы, аз — көпкө аралжы.
Эски (эки) сөздүн бири жалган, бири чын.
Эски даракты түбүнөн кырк.
Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос баркка жетпейт.
Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос кадырга жетпейт.
Эски досуң кас болбос, эски касың дос болбос.
Эски жаңыга аралжы, аз кепке аралжы.
Эски жоо атышаарга жакшы, эски дос алышаарга жакшы.
Эски журттун кадыры өрүүдө билинет.
Эски карыз — жаңы табылга.
Эски көч кайда барса, жаңы көч ошого барат.
Эски мечитке — күкүк азанчы, эси кеткен адамга — эшек азанчы.
Эски сөздүн бири жалган, бири чын.
Эскини жаңыртпа, жаңыны эскиртпе.
Эскини тиксең, эсиң кетет.
Эскини эптей кий, жаңыны сактай кий
Эскини эптеп кий, жаңыны сактап кий.
Эскиси жоктун жаңысы жок.
Эстүү — көпчүл, эселек — тууганчыл.
Эстүү адам эмгектен качпайт, эзели жаман жакка баспайт.
Эстүү зайып жартыны бүтөйт, кысканы узартат.
Эстүү киши — элим дейт, эл жактаган жеңилбейт.
Эстүү киши кыйшайбай, эл — журтуна тең болот.
Эстүүгө эки ооз сөз жетет.
Эстүүлүктүн белгиси — эпчилдик.
Эт — этке, сорпо — бетке
Эт бычактуунуку.
Эт жакшысы картадыр, бир чалымы тартадыр.
Эт жасаган колун жалайт.
Эт жасаган эбин табат.
Эт жебеген куш болбойт, эки жакшы туш болбойт,
эки жакшы туш болсо, чамгарагы ыш болбойт.
Эт жебеген куш болбойт.
Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү.
Эт жебесем таш жейин, этегиң жапчы кудагый.
Эт жеген да ууру, сорпо ичкен да ууру.
Эт жокто — карын, эл жокто — барың.
Эт кайнаса шорпо жок, Эки сөздүн (убаданын) бири жок.
Эт көрбөгөн — чоң сугунат, кант көрбөгөн — бор сугунат.
Эт көрбөгөн (ачка киши) — чоң сугунат. Ун (кант)
көрбөгөн — бор сугунат. Туз көрбөгөн шор — сугунат.
Эт көрбөгөн чоң сугунат, кант (же ак) көрбөгөн бор сугунат.
Эт көрбөгөнгө өпкө таңсык.
Эт көрүнгөнчө жип көрүнсүн.
Эт менен челдин ортосунда.
Эт этиме тийген катыныма баркым жок.
Эт, май — бир тууган, пияздан күйгөнү күйгөн.
Эт, сүт менен эл баккан, тери, жүн менен пул тапкан,
коргол, көң менен от жаккан, эмгектүү адам кой баккан.
Этеги шалтак болсо да, бай катыны эмеспи.
Этекке жетсе, жеңге жок, эңгиреткен дүйнө бок.
Этекти кессең жең болбойт, эзелки душман эл
болбойт, жеткилең бийик жол болбойт, жээн — тага эл болбойт.
Этекти кессең жең болбойт, эзелки душман эл болбойт.
Эти тургай табагыңды таап ал.
Эти тургай табагым жок.
Эти тургай, табагымды таппай жүрөм.
Эти этиме тийген катыныма баркым жок.
Этим, тургай табагымды таппайм.
Этке жетпей туз тынбайт, эрге жетпей кыз тынбайт.
Эттен өткөн таяктан, сөөктөн өткөн сөз жаман.
Этти касапчы сомдойт, төөнү жүгү бар комдойт.
Этти тарткан билбейт, туураган билет.
Эч өнөрүң болбосо, көмүр өчүр, тал аарчы.
Эч оокатың болбосо, эгин айдап, жерин чап.
Эчки болбосо теке болсун, сүтү болсо болду.
Эчки өзү тууй албай жатып, койго аначы кириптир.
Эчки жаан жааганда — койдун бакыры, күн
тийгенде анын баатыры.
Эчки өлөөрүндө сүзөнөөк.
Эчки семирсе тоого чыгат, кызыл кулак семирсе
соода чыгат, катын семирсе коога чыгат.
Эчки сүйөт баласын, «тентегим» деп, кой сүйөт баласын, «жөнтөгүм» деп.
Эчки сойсо бакырат, элдин баарын чакырат.
Эчки тону этинде, эрдик сыны бетинде.
Эчки тууй албай жатып, койго арачы болуптур.
Эчки эгиз тууп койдон ашпайт, дарыя ташып тоодон ашпайт.
Эчки эгиз тууп, койдон ашпайт.
Эчки эгиз, иттики сегиз, арстандыкы жалкы, жалкы болмок кимдин баркы.
Эчки эгизди тууйт, ит сегизди тууйт, жолборс
бирди тууйт, бир жолборс миң иттин жолун бууйт.
Эчкиң болсо, сүт да болот.
Эчкилүү кой өкүнчүл, келиндүү эл ушакчыл.
Эчкини сааса булак, ичи толгон улак эле, териси
эгинге кап, мүйүзү бычакка сап, тогуз карын
майы, токсон чакмак куруту бар эле.
Эчкиче бакырып өлгүчө, койчо онтоп өл.
Эчтемеден жаңылбаган олуяны табуу кыйын.
Эшеги — бир теңге, токуму — миң теңге.
Эшегине жараша акыры.
Эшегине жараша тушагы, эришине жараша аркагы.
Эшегине жараша чому, төөсүнө жараша кому.
Эшегинин тушагы жок, төөсүнө ком жасаар имиш.
Эшек айкырса, булбул тынчып калыптыр.
Эшек баксаң ардактап тулпар болбойт, эли башка бул арам тууган болбойт.
Эшек барга саналса да, малга саналбайт.
Эшек кашыганды, жаман сыйлаганды билбейт.
Эшек минген ат сурабайт, балык жеген эт сурабайт.
Эшек мингендин эки буту тынбайт, эки катын алгандын кулагы тынбайт.
Эшек сайда заңкылдайт, малым болсун баткакта.
Эшек сайда заңкылдаса, баткак берер жазаңды.
Эшек семирсе ээсин тебет.
Эшек табылса, тезек табылбайт, тезек табылса, этек табылбайт.
Эшек эшектен калса, кулагын кес.
Эшекке ээр жарашпайт
Эшектен жыгылганды элирген атка мингизбе.
Эшекти кандай ардактап баксаң да, буудан болуп бербейт.
Эшекти отко айдаса, бокко качат.
Эшектин жүгү жеңил болсо, жатак (же жаталак) болот.
Эшектин жүгү жеңил болсо, жаталак болот.
Эшектин күчү — адал, сүтү — арам.
Эшектин күчү адал, сүтү арам (же эшектин сүтү арам, күчү адал).
Эшектин кулагы узун, ушакчынын тили узун.
Эшигин көрүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал.
Эшик алдынан жел келгиче, үй артынан жоо келсин.
Эшик ачык болсо да сурап кир.
Эшикке чыксам эчки каапыр тебелейт, үйгө кирсем кайнэнем каапыр жемелейт.
Эшиктен келип төр меники дейт, жолдон келип тон меники дейт.
Эшиктен кирип, төр меники дейт.
Ээгиңдеги сакалың, эрксиз (элсиз) жүрсөң агарат.
Ээк астында элди ойло.
Ээн баштык менен тапкан малың, өз башыңа жүк
болор, эмгек менен тапкан малың, өлгөнүңчө мүлк болор.
Ээн жерде ойло, эл ичинде сүйлө.
Ээн жердин көк бөрү.
Ээн жердин сууру алты айгырга жүк.
Ээн көлдү шайтан ээлейт.
Ээнбаштык менен тапкан малың өз башыңа жүк болор,
эмгек менен тапкан малың өлгөнүңчө мүлк болор.
Ээр токумдуу ат ээсин түгөтөт.
Ээси арамза болсо, аты котур болот.
Ээси арамза болсо, аты чакар болот.
Ээси итин жумшайт, ит — куйругун жумшайт
Ээси келсе, бээсин бер.
Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү.
Ээси көрмөксөн болсо, малы көтөрүм болот.
Ээси теңдикке көнсө да, ууру көнбөйт.
Ээси укмуштуу болсо, ую жорго болот.
Ээси эки кылам десе, эгем бир кылат.
Ээсин сыйлаган итине сөөк таштайт, (ээсин сыйласаң, итине сөөк сал).
Ээсин сыйлаган итине сөөк таштайт.
Ээсин сыйласаң (ган) итине сөөк сал (ат).
Ээсине буюрбаган мал, башкага буюрбайт.
Ээсине керек болсо, коңшу таарынбайт.
You have read 1 text from Kırgız literature.
  • Büleklär
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3989
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1842
    25.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4043
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1897
    25.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4101
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1744
    26.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3916
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1856
    25.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 4036
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1867
    25.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3980
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1609
    25.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3953
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1709
    25.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3980
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1936
    24.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3946
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1924
    24.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3981
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2013
    25.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3954
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1980
    26.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3910
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2027
    24.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3984
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1955
    24.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3976
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1958
    24.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3928
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2086
    24.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 4105
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1789
    26.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 3193
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1470
    28.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.