Latin

Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 15

Süzlärneñ gomumi sanı 3928
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2086
24.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
35.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
43.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Түшү оңолбой, иши оңолбойт.
Түшү оңолгондун иши оңолот.
Түшүң жаман болсо сууга жорут.
Түшүм алам десең түйшүктөн.
Түшкү тамактын ээси көп.
Түштүк өмүрүң болсо, кечтик мал жыйна.
Түштүн башы казандай, моюну кылдай, жоруган жакка оойт.
Төгүлгөн аяк кайра толбойт.
Төгүлгөн сарттын бозосу, сынган сарттын кесеси.
Төгүлгөн соодагер бозосу, сынган соодагер кесеси.
Төгүлгөндүн толугу бар, карысы бардын ырысы бар.
Төгүлсө — кыргыздын бозосу.
Төгүн жерден өрт чыкпайт.
Төө — бойдон, асыл — койдон.
Төө баласы — төрө баласы.
Төө жазасын көпүрө берет
Төө өлгөндө жүк өгүзгө жүктөлөт.
Төө канча болсо, жүк ошончо.
Төө качып, жүктөн кутулбайт.
Төө көп болуп, конокко сойбойт.
Төө көрдүңбү? — Жок бээ көрдүңбү? — Жок.
Төө кыядан өтүп кеткенден кийин.
Төө кыядан өткөн соң, «оо» — дегениң курусун.
Төө кыядан өткөндөн кийин «Өч!» дегениң курусун.
Төө минген иттен коркпойт.
Төө мингенде жигитти тегеректеп эл жүрөт,
Жөө жүргөндө жигитти, келекелеп эл күлөт.
Төө мингендин төбөсү бийик.
Төө минип, эчкиге жашынба.
Төө сойгон эчки сойгондон эт сураптыр.
Төө чайнаганын билип, жутканын билбейт.
Төө чөлдү ойлосо, бака көлдү ойлойт.
Төөгө жантак керек болсо, мойнун созот.
Төөгө минген боюн жашырбайт.
Төөнү кыядан өткөрүп жибердиң.
Төөнү мээнет чырмаса, жайдын күнү чоо басат.
Төөнү сел алса, эчкини асмандан көр.
Төөнүн бир өркөчү кесилсе, бирөөнүн күчү жок,
эки эмчектин бири кесилсе, биринин сүтү жок.
Төөнүн куйругу жерге тийгенде.
Төөнүн мазар менен иши жок.
Төөнүн пайдасы талаада билинер, адамдын пайдасы
балаада билинер.
Төөсүнө жараша — кому, эшегине жараша — чому.
Төөчө чайнаганыңды билип, жутканыңды билбей калба.
Төп болуп төртөө болсоң, төбөдөгүнү түшүрөрсүң.
Төр көркү — гүл, үй көркү— зайып.
Төрдө орун болсо, улагага отурба.
Төрдө орун болсо, эшикке жакын отурба!
Төркүндүн төбөсү — кубат.
Төркүндүн төрүндө болгуча, уулдун улагасында бол.
Төркүнү бар сөзүң болсо, төркүнүн көрсөтө айтпайсыңбы.
Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт
Төркүнүңдөн төө сура, коркконунан бээ берсин.
Төрт аяктуу мал да мүдүрүлөт.
Төрт өлчөп бир кес, ток этээр сөздү бир айт.
Төрт өлчөп тең кескин, ток этээр сөздү бир айткын.
Төшөгүңө карай аягыңды соз.
Төшөгүңө карай бутуңду сун.
Төшөгүн салып жата албай — жерден көрөт, өз
эрин алып жата албай — элден көрөт.
Төшөктүн тардыгы — тардык, көңүлдүн тардыгы —
кордук.
Тобокел — кээде жакшы, кээде жаман.
Тобокел - эрдин жолдошу.
Тобокел ишке кайгы жок.
Тобокел түбү — жел кайык, желесиң да жетесиң.
Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү.
Тобокелге салгандык—илимден артта калгандык.
Тобокелде кайгы жок.
Тобокелдин көөнү ток.
Тобокелчи тоо аттайт.
Тобунан ажыраган — торго түшөт.
Тоготпогон жыланды топтошкон кумурска өлтүрөт.
Тогуз кабат торкодон токтучагымдын териси артык.
Тогуз катар торкомдон үшүп отурам, көңдөй көт
кантти экен (шилбинин сөңгөк куурайга айтканы).
Тогуз катар торкодон токтучагымдын териси жакшы.
Тозгон казды топтошкон карга алат.
Тозок менен тооруган, бейиш менен алдайт.
Тозокко үйрөнгөн от чачышып ойнойт.
Тозокту көргөн от менен ойнойт.
Тоңгон тонун мактайт, адашкан жолун мактайт.
Той — токчулуктун жышааны.
Той — тондуунуку, аш — аттуунуку.
Тойбодум деп таарынбайт, сойбодуң деп таарынат
Тойбой жеген (кээде ичкен) аш курусун, кордукта
жашаган баш курусун.
Тойго барсаң мурун бар, мурун барсаң орун бар,
Тойго барсаң тоюп бар, ашка барсаң ачка бар.
Тойго барсаң тоюп бар, жамандыгыңды коюп бар.
Тойго барсаң тоюп бар—торко тонуң кийип бар,
ашка барсаң ачка бар, ала чапаныңды кийип бар.
Тойгон — таткан— баарыга тең.
Тойгон ит ээсин тааныбайт.
Тойгон мышык чычкан менен ойнойт.
Тойгондо токтунун эти топурак татыйт.
Тойгондон кийин токтунун эти топурак татыйт.
Тойгон — таткан — баарыга тең.
Тойгонуңа сүйүнбө, сиңиришиңе сүйүн.
Тойдо тонумду бер дебе.
Тойдум деп сүйүнбө — сиңерине сүйүн, байыдым
деп сүйүнбө — ийгилигиңе сүйүн.
Тойдун көркү — аш, тоонун көркү — таш.
Ток бала ач балага карабайт.
Ток бала ач болом деп ойлобойт.
Ток бала эчтемени ойлобойт.
Ток чычканга тоң май жакпайт.
Токмогу күчтүү болсо, кийиз казык жерге кирет.
Токмун деп томуктун этин таштаба.
Токой — тоонун көркү, Эр — ЭЛДИН көркү.
Токойдо жүрүп сайраган: булбулдан муңдуу куш
барбы, өлгөндөн жаман иш барбы.
Токойлуу жер аңсыз болбос.
Токол катын — эрге жакын, алкы таза—элге жакын.
Токол уйду чапсаң, мүйүздүүгө доо кетет.
Токол уйдун түшүнө мүйүз кирет.
Токол эчки өзүн улаксыйт.
Токол эчки кой баштабайт.
Токол эчки койдо жок, токол катын тойдо жок.
Токол эчки мүйүз сураймын деп, кулагынан ажыраптыр (айрылыптыр).
Токоч — тоют, жарма — оокат.
Токоюна карай аңы, учуруна карай заңы.
Токсон ооз сөздүн томуктай түйүнү бар,
Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол.
Токтогулдай ырчыны айт, Толубайдай сынчыны айт.
Токтоолук—бакытка алып баруучу ырыстуу жол.
Токумдай тоосу жок, кемегедей коосу жок.
Токчулукта ит күчөйт, ачарчылыкта бит күчөйт.
Толбоско куйба, тойбоско бербе.
Толкунсуз суу болбойт, кайгысыз эл болбойг.
Толтура буудай салганда кампанын чери жазылат,
топ этип жерге түшкөндө жампанын чери жазылат.
Толубайдай сынчы бол, Токтогулдай ырчы бол.
Томугу толук буудайдын өз колунда болбосо, азабы артык туугандын.
Томуктай нерсени тоодой кылат.
Тон жылуусун ээси билет, муңдуунун муңун муңдуу көрөт.
Тон жылуусун ээси билет.
Тон кийбеген тон кийсе, кача —кача (бүтүрөт)
тоздурат, ат минбеген ат минсе, чаба — чаба өлтүрөт.
Тондууга тондуудай, тону жокко тону жоктой — суук.
Тоо — ташсыз болбойт, эл — башсыз болбойт.
Тоо арасын суу бузат, эл арасын чуу бузат.
Тоо бийиктиги алыстан байкалат.
Тоо бөрүсү, токой каракчысы көп.
Тоо түгөнүп уч болот, жол айрылып үч болот, жер
түгөнүп сай болот, ат арыктап тай болот.
Тоодо кийгенин тойдо да киет.
Тоодогу түлкүнү табындагы тайган алат.
Тоодогу эчки күүлөгөндө, теке жүгүрүп келет.
Тоодой калпты томуктай чындык жеңиптир
Тоодой караны томуктай ак жеңет.
Тоодой сөздү бергенче, берметтей ишти бер.
Тоодон түшөрдө — таскак, тоого чыгарда — аксак.
Тоодон түшкөн — таскак, тоого чыккан — аксак.
Тооң бийик болсо, ыргыткан ташың алыс түшөт.
Тооксуз эле таң атат.
Тооктун түшүнө таруу кириптир.
Тооктун түшүнө таруу кирет.
Тоолуу жер аңсыз болбойт, көчмөн эл малсыз болбойт.
Тоолуу жер, карсыз болбос.
Тоолуу жердин бөрүсү, ойлуу жердин уурусу.
Тоону бийик дебе, талаптансаң чыгаарсың, жоону
күчтүү дебе, кайраттансаң жыгасың.
Тоону, ташты суу бузат, адамзатты сөз бузат.
Тоонун көркү — кенинде, талаанын көркү — эгинде.
Тоонун түбү — бек болоор, жоонун түбү — эл болоор.
Тоонун түлкүсү жакшы, бардын күлкүсү жакшы.
Тоону —ташты суу бузат, адамзатты сөз бузат.
Тоорумду бирге тооруштук, качан көңүл калыштык,
Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү.
чалгынды бирге чалыштык, кай жерде көңүл калыштык.
Тоосуз жер болбойт, доосуз эл болбойт.
Тоосуз жер болбойт.
Топ болуп төртөө болсоң, төбөдөгүнү түшүрөрсүң.
Топ жүргөн мал карышкырга алдырбайт.
Топ сокурдун арасында жалгыз көздүү — Султан.
Топтон качкан каракчыга кез болот.
Топтон качкан каракчыга туш болот.
Топтон озгон — чечен, көптөн озгон — көсөм.
Топту карай таш ыргытпа.
Топук кылсаң тоёрсуң, ууруну коёрсуң.
Топуксуздун курсагы тойбойт.
Торко — тозот, туяк — озот.
Тоту — куштун барчасы, кеклик — куштун калчасы.
Тоту жүнү менен, булбул үнү менен (даңктанат).
Тоту куш башын көрүп кубанат, бутун көрүп арданат.
Тоюмдук эмес, көңүлдүк.
Туз таткан жериңе карасанаба.
Тузга кара санаган жарыбайт.
Тузду даам татканга бер, кызды издеп тапканга бер.
Тузду мээнет чырмаса, даамы чыгып шор болот,
кызды мээнет чырмаса, атасынын төрүндө көп олтуруп кор болот.
Тузу аз болсо туздалар, тузу көп болсо бузулар.
Тукум уласа, журттун жылдызы жарык.
Тул катынга жалчы айгыр.
Тулпар — тушунда, күлүк — күнүндө.
Тулпар айланып үйрүн табат.
Тулпар жерин, эр элин сагынат.
Тулпар жүнүн оордобойт.
Тулпар түгүн оордобойт, султан сөөгүн кордобойт.
Тулпар сөөгүн оордобойт, тууган сөөгүн кордобойт.
Тулпар тушунда, күлүк күнүндө (керек).
Тулпар чаба жетилет, шумкар уча жетилет.
Тулпарга минген турчу эмес, тууганга жетпей тынчу эмес.
Тулпарды минген турабы, тууганга жетпей тынабы.
Тулпарды тогунда сынаба, ачында сына, ай —
ааламдагы элдердин кашында сына. Эр жигитти
эл ичинде сынаба, эл четинде сына, канжыгадан
баш чечишкен, карыдан кан кечишкен жоо бетинде сына.
Тулпардын бир туягы кем.
Тулпардын үйүрү бир болсо да оттоосу башка.
Тулпардын туягы кетилет, сазга басса жетилет.
Тулпардын туягы кымбат.
Тулпардып изи жоголбойт, бузуктун иши оңолбойт.
Тумагын, топусун ал десе келлесин алган, жасакердин жосуну.
Тумшугу байланган ит көчүгү менен үрөт.
Тунук көлдүн түбү курт.
Тунук суу кысыктан жол табат.
Турмуш ажарыңды да, базарыңды да ылгабайт.
Турмуш эшек араба, карабасаң сынып калат.
Турмушта эң кыйын нерсе — акылсыздыкты жөнгө салуу.
Турмуштун туткасы — аял.
Турнадан бий (башчы) койсоң, кайгы кетпейт башыңан.
Турнанын да башчысы бар.
Тур —турдан кабар келсе, уйкудан маза кетет.
Туткундагы эр — канаты жок куш.
Туубаган катындан улактуу эчки жакшы.
Тууган ай — туураган май.
Тууган бар болсо көрө албайт, жок болсо асырай албайт.
Тууган бир жакшылыкта, бир жамандыкта.
Тууган жер алтын бешик (уя), туулган жерге
тууңду тик, туулган жердин топурагы алтын, эли мазар.
Тууган издеп, достон кетпе
Тууган катары кучакташтырган — тил, душман
катары бычакташтырган — тил.
Тууган күйгузуп айтат, душман сүйгүзүп айтат.
Тууган күйдүрүп айтат, душман күлдүрүп айтат.
Тууган менен үч бөлүнсө жат болбойт.
Тууган туугандын казанына аш салбайт.
Тууганга душман болбо, душманга тууган болбо.
Тууганга кара санаган, туура жалчыбайт,
Туугандан өтөм десең, коон бак, душмандан өтөм десең аштык бак.
Туугандын өзү таарынса да, боору таарынбайт.
Туулбаган — өлбөйт.
Туулган адам жаман эмес, турмуштан ордун таппаган жаман.
Туулган жер — алтын бешик.
Туулган жерге тууңду тик.
Туулган жердин суусу — мүрөк, кызы — чүрөк.
Туулган жердин топурагы - алтын, суусу — мүрөк.
Туулган жердин топурагы — алтын, эли—мазар.
Туулган жердин ташы алтын, суусу дары.
Туулган жердин кадырын алыста жүрсөң — билесиң
Туулганына сүйүнбөй, тураарына сүйүн.
Туулдуң — өлдүң, тутандың — күйдүң.
Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок.
Туура сөз — кылычтан өткүр.
Туура сөз — темирди тешет, өткүр сөз — кылычты кесет.
Туура сөз (кеп) — тууганга жакпайт, катуу айткан — катынга жакпайт.
Туура сөз кылычтын мизинен курч.
Туура сөз тууганга жакпайт.
Туура сөзгө жооп жок.
Туура сөздү туура дебеген адам, калыстыктан кетет.
Туурамчыдан тууганың болсун.
Тууруна сүйүнбө, турарына сүйүн.
Туюнтпай мээнет жолукса тууганың сага кас болот,
туш келип деөлөт жолукса душманың келип дос болот.
Туягы бүтүн тулпар жок, канаты бүгүн шумкар жок.
Тыйын, тыйын иши кыйын.
Тыртайсаң тыртай, алымсагың бир тай.
Тыртыкты алган кудай менин уулумду коёбу (же кимди коёт дейсиң).
Тышы жалтырак, ичи калтырак.
Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү.
Убада аткарылышы менен баалуу.
Убадасыз кишиден жүрүп кеткен жел артык.
Убайым басса, уйку жок.
Убакыттан уттурганың — ырыскыдан куру калганың.
Увазир жакшы — кан жакшы, катын жакшы — эр жакшы.
Угаары жоктун унчукпаганы эп,
Угар жерде — сөз айт, сиңер жерге — суу төк.
Угар кулак, көрөр көз.
Угар кулакка сөз айт.
Угумдуу аңгеменин узагы жок.
Уз колунан бүткөн иш жоокерге эм.
Узаткандын жолдоштукка тоому жок.
Уздан учук артат.
Узун бойлуу жигитке, чарчы бойлуу кыз керек.
Узун жолду кыскарт, ат жалына казан ас (от жак).
Узун кескин карагай, кыскасы кый болобу.
Узун күндө — иш көп, узун түндө — түш көп.
Узун тил — уудан жаман.
Узун тил өмүрдү кыскартат.
Узунсуз кыска болбойт үлгүсүз уста болбойт.
Узунсуз кыска болбойт, улуусуз нуска болбойт.
Уй — кокусунан түшөт, күлүк — арзанынан түшөт.
Уй байлаарга жиби жок, үрүп чыгаар ити жок.
Уй бул болор, катын бий болор.
Уй мүйүзүнөн сынат, адам сөзүнөн сынат.
Уй мурдун сасык деп, кесип салбайт.
Уй мурдун сасык деп, кесип таштабайт.
Уй окусунан түшөт, күлүк арзанынан түшөт.
Уй сойсоң үч күн үйүңө жолобо, жылкы сойсоң, жети күн үйүңөн чыкпа.
Уй сыйпаганды билбейт, жаман сыйлаганды билбейт.
Уй териси тон болбойт, урушкан киши чоң болбойт.
Уй териси тон болбойт, урушчаак киши оң болбойт.
Уй, уйдан калса кулагын кес.
Уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы.
Уйга килем жапкандай.
Уйга ком, төөгө чом.
Уйду мүйүзгө чапса, туягы зыркырайт.
Уйду мүйүзүнөн, адамды сөзүнөн карма.
Уйду таанып ал, тааныбасаң таргыл ал.
Уйдун кыркы кыр ашырбайт.
Уйдун сүтү тилинде.
Уйдун тууруна күтүп, уузуна күтпөптүр.
Уйку — душман.
Уйку — өлүм.
Уйку — жарым өлүк.
Уйку — өлүктүкү, иш —тириктики.
Уйку менен тамакта ар жок.
Уйку орун тандабайт
Уйку төшөк тандабайт.
Уккан — уламал, көргөн — көзөмөл.
Уккан бала тарбия алат, укпаса талаада калат.
Уккан кулакта айып жок.
Уккан кулакта жазык жок.
Укканда кубанып, көргөндө көңүл сууйт.
Уккандан көргөн артык.
Уккандын уламасы көп.
Укканыңа ишенбе, көргөнүңө ишен.
Укмуштуунун төөсү жорго.
Укпайт деп — ушак айтпа, билбейт деп — ууру кылба.
Уктабаса — эр башы чоюн, тынбай жортсо — ат туягы болот.
Уктаган жыландын куйругун баспагын.
Уктаган ойгонот, ойлогон — толгонот.
Уктаган уйку алат, түн каткан жылкы алат.
Укурук бою кар жааса, кулдун малы жутабайт.
Улак — түшкөн үйдүкү.
Улак өлбөсүн, ууру өлсүн.
Улак маарап суу кечет.
Улам кийин дегендин үйүнө жалкоолук үйүр.
Улугу адил болбосо, убара болгон эл карып.
Улугуң каапыр болсо, акырын тут.
Улугуң сокур болсо, бир көзүндү жум.
Улук болсоң — кичик бол, сенден эч ким
талашпайт.
Улук болсоң — кичик бол.
Улук болсоң—кичик бол, бийик болсоң —жапыс бол.
Улукка пара бергиче, күн өткөрүп бара бер.
Улуксуң — кыласың.
Улуктун улуулугу — анын элдики экендигинде.
Улуу адам — улуу тоо сыяктуу: Улуу тоого
чыкканда айлананы (жакынды) тааныйсың,
алысты көрөсүн, улуу адам менен сүйлөшкөндө,
укпаганды угасың, билбегенди билесиң.
Улуу адам улуу тоо сыяктуу.
Улуу үйдөгү күлсө, кичүү үйдөгү ырсаят.
Улуу үйдөгүлөр күлсө, кичү үйдөгүлөр жылмаят.
Улуу сөздө уят жок.
Улуу сезим — улуу сүйүүнү жаратат, улуу эмгек —
улуу акылманды жаратат.
Улуу сөз — өткөн өмүр.
Улуу сөздө уят жок.
Улуу улуу эмес, урмат улуу.
Улууга — урмат, кичүүгө — ызаат.
Улууга сый көрсөтсөң, кичүүдөн урмат көрөсүң.
Улууга урмат кылуучу, жигиттер кызмат кылуучу.
Улууга урмат, кичүүгө ызаат
Улуу — кичүүнүн кадырын билемин десең, агыны
катуу суудан кеч, ашуусу бийик тоодон аш.
Улууну аке де, кичүүнү үкө де.
Улуулукка жаш жеткирбейт, баш жеткирет.
Улууну укпаган адам узак жашабас.
Улууну укпаган узабас.
Улууну урматта, кичүүдөн иймен.
Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү.
Уста, устадан — нуска.
Устадан шакирти өтөт.
Усталардан — дат калат, молдолордон — кат калат.
Устанын тогоосу жок, бекердин чолоосу жок.
Устанын тогоосу жок.
Устанын уун тапсаң, темирдин суун табасың.
Устанын уусун билгенче, темирдин суусун бил.
Устара кырат, сөз кесет.
Устасы дудук, шакирти дүлөй.
Устасынан шакирти өтөт.
Устат акындын ою көп, сөзү аз.
Устукан мүлжүбөй этке тойбойт, коно жатпай кепке тойбойт.
Устукан мүлжүбөй этке тойбойт.
Уу десе, чуу дебей.
Уу ичкен — бир өлөт, ант берген — миң өлөт.
Уу ичкен бир өлөт, ант ичкен миң өлөт.
Уугум сага айтамын, уулум сен ук.
Уугум, сага айтам, уулум, сен ук, керегем сага айтам, келиним сен ук.
Уул аштабаган балтаны кыз аштаар, эр чаппаган кылычты зайып чабаар.
Уул жакшысы — урмат, келин жакшысы — келбет.
Уул жаманы — уйгак менен тең.
Уул жаманы — уйгак, кыз жаманы — камгак.
Уул калса мал табат, катын калса эр табат.
Уул таппас аял болбос, анын тураарын айт, мал
таппас жигит болбос, анын кураарын айт.
Уул таянган мал таянат, мал таянган жер таянат.
Уулга уул тизгиндеш болсо, казандагы аш —тамак бир кайнайт.
Уулдан уят кетсе, келинден келбет кетет.
Уулду төрөйт — уятын кошо төрөбөйт, кызды төрөйт — кыялын кошо төрөбөйт.
Уулдун уулу мекен коргойт, душмандын астын торгойт.
Уулдуу болсоң узун сүйлөбө, кыздуу болсоң кыя сүйлөбө.
Уул — кызды үйлөмөк — тукумуна кам көрмөк.
Уул —кызың эрке болсо, дооматты башкага койбо.
Уулсуз ата — канаты кыркылган куш.
Уулу жакшы болсо, катардагы атасы бек үйүнөн жай табат.
Уулу жаман болсо, тоодой болгон атасын төө үстүнөн ит кабат.
Уулу жоктун — мууну жок, кою жоктун — куну жок.
Уулу жоктун — мууну жок.
Уулуң аскер барбаса, ал жөн эле илинип турган колбаса.
Уулуң жакшы болсо — өмүрүң узарат, уулуң
жаман болсо — өмүрүң кыскарат.
Уулуң жаман болсо да, бою узун болсун.
Уулуң жаман болсо да, чоң болсун.
Уулуң өссө — урумга, кызың өссө — кырымга.
Уулуңду адепке сөз менен эмес, өрнөк менен (өрнөктүү иш менен) үйрөт.
ю. Уулум узун болсо мейли, түндүк көтөрүп бербейби.
Уулуң өссө уяттуу, кызы кылыктуу менен айыл кон.
Уулуң чоңойсо, абийирдүү менен айылдаш бол,
кызың чоңойсо, өнөрлүү менен айылдаш бол.
Уунун да дарылыгы бар.
Уунун сырын мерген билет, жоонун сырын жеңген билет.
Ууру — талапташ, бөрү — кулакташ.
Ууру «койдум» дебейт, сопу «тойдум» дебейт.
Ууру байыбайт.
Ууру ит адат кылбаса үйгө киреби да, тумшукка
чаппаса каңшылап билеби.
Ууру байыбайт, сук тойбойт.
Ууру карыса, сопу болот.
Ууру карыса, сопу болот.
Ууру күч болсо, ээси айыпка жыгылат.
Ууру күч болсо, ээси арам өлөт.
Ууру күч болсо, ээси өлөт.
Ууру күч болсо, ээсин доого жыгат.
Ууру күчтүү болсо, ээси күнөөгө жыгылат.
Ууру көчүгү кууш.
Ууру коркот айгактан, уйлар коркот сайгактан.
Ууру коркот айгактан.
Ууру кылган карышкыр терисин төлөйт.
Ууру кылсаң жалгыз кыл, жолдошуң айгак болбосун.
Ууру менен конок айттырып келбейт.
Ууру менен кошуна болсоң, кулпу үзүлбөйт эшиктен.
Ууру сойлогон жылан катуу чагаар.
Ууру танапташ, бөрү кулакташ.
Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат.
Ууру уурулугун койсо да, «ууру» аты калбайт.
Ууру: «койдум» — дебейт, молдо (бөрү) «тойдум» — дебейт.
Уурулук кесип эмес, энелүү бала жетим эмес.
Ууруну актаганың, уурдоону жактаганың.
Ууруну каракчы урат.
Уурунуку уу менен чууга кетет, жегичтики суудан сууга кетет.
Уурунун бир бети кара, айгактын эки бети кара.
Уурунун бир көзү ууда, балыкчынын бир буту сууда.
Уурунун ичкени ирим, жегени желим.
Уурунун катыны да уурдалып келген.
Уурунун көтү (кээде чамасы) кууш.
Уурунун көчүгү кууш.
Уурунун тапканы жукпайт.
Уурусу күчтүү болсо, ээси өлөт, (же) уурсу күч болсо, ээсин коркутат.
Ууручулук ийнеден башталат.
Уучу бирге жазылат, түбү бирге кошулат.
Учаар кушка бир канат.
Учкан кушту кармоого болот, айткан сөздү кармоого болбойт.
Учкашкандын баары дос эмес, урушкандын баары кас эмес.
Учпас — тоок, көчпөс—там.
Ушак — уудан жаман.
Ушак — айың кеп уксаң (үчүн), көңүлүңдү аздырба.
Ушак уксаң унутуп сал, эстүү айтылган кеңешти эсиңе сал.
Ушак уксаң унутуп сал.
Ушакчы — ушакчы эмес, ушакты уккан — ушакчы.
Ушакчыдан узак кач.
Ушакчыны жолотпогун жаныңа, сырыңды жайып салат баарына.
Ушакчыны узатпайт, элдер аны тузактайт.
Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү.
Ушакчынын үйү күйөт.
Ушакчынын оозу тынбайт.
Ушу жарык дүнүйө, устаранын мизиндей, оодарылат күнүгө.
Уюмдун көзү жаман — өлүү музоо тууйт.
Уюткусу ирисе — айран сары суу.
Уя көрктүү эмес, шумкар көрктүү.
Уяда жаткан балапан, асманда учкан куш болот.
Уяда жаткан жумуртка асманда учкан куш болот.
Уядан эмне көрсө, учканда ошону алат.
Уядан эмне көрсө, учканда ошону жасайт.
Уялбаган буюрбагандан ичет.
Уялбаган буюрбаганды да ичет.
Уялбаган ундун бети, узарбаган төөнүн таманы.
Уялбаган ырчы болот.
Уялбагандан өзүң уял.
Уялган шыбагасынан куру калар.
Уялгандан өлөйүн десем жан таттуу, кирейин десем жер катуу.
Уялгандан кара жер айрылат (же жарылат).
Уялчаак өз ырыскысынан куру калат.
Уясы жок күкүк болот, уяты жок түксүз болот.
Уят — өлүмдөн катуу.
Уят — уяттуу үчүн.
Уят өзүнчө бир уруу журт.
Уят өлүмдөн катуу экени кийин билинет, бирок анда кеч болуп калат.
Уят өлүмдөн күчтүү.
Уятсыз дыйкан — жерсирээк, уятсыз катын — эрсирээк.
Уятсыз жигит— жүгөнү жок атка окшош.
Уятсыз уул — урматсыз жээн болор.
Уяты жок ырчы болот.
Уяты жоктун бети калың.
Уяты жоктун колуна кашык тийсе, беш ууртайт.
Уяты жоктун колуна кашык тийсе, беш ууртайт
(же уятсызга кашык салсаң беш уурайт).
Үзүлбөгөн нерсени чорт чаап кесет.
Үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган — азамат.
Үңкүр болсо да үйүм.
Үңкүр да болсо үйүм бар, аюу да болсо эрим бар.
Үй кылган да аял, күл кылган да аял.
Үй чабышып, мал тийсе, тынчы кетет элиңдин.
Үй ээсинин кабагы, меймандын сүйгөн тамагы.
Үй — бүлөнү бузган — чоң шаарды бузганга барабар.
Үйгө үт киргенде — малга сүт кирет.
Үйгө кирген — куру чыкпайт, көргө кирген — тирүү чыкпайт.
Үйгө кут кирсе, малга сүт кирет.
Үйгө — жайга орун камда, мейманыңа оюн камда.
Үйдү кырк эркек толтуралбайт, бир аял толтурат.
Үйдүн ашы үйгө сонун.
Үйдүн жакшы жаманы кыш түшкөндө билинет.
Достун жакшы жаманы иш түшкөндө билинет
Үйдүн көркү — аялда.
Үйдүн чоңу — жут, казандын чоңу — кут.
Үйдүн ысык — суугун кыш түшкөндө билерсиң,
кишинин жакшы — жаманын иш түшкөндө билерсиң.
Үйдүн ысык —суугун кыш түшкөндө билесиң,
кимдин алыс —жакынын иш түшкөндө билесиң.
Үйдө — баатыр, жоодо — жок.
Үйдө бир душманың болгуча, тышта миң душманың болсун.
Үйдө жүргөн бир чоро, жоого чыкса миң чоро.
Үйдө көпкө талаада батпайт.
Үйдө короз, тышта жөжө.
Үйдө олтурган аялдын ашы менен иши бар, кушу менен неси бар.
Үйдө тынчы жоктун талаада кош баракаты бар.
Үйдө чечен доодо (же көптө) жок.
Үйдө чечен, доого жок.
Үйдө ыркы жоктун, талаада сыйы жок.
Үйдө —арстан, сыртта — мышык.
Үйдөгү кеп көчөгө жарабайт (жакпайт).
Үйдөгү ойду базардагы нарк бузат.
Үйдөгү ууруну ит каппайт.
Үйдөгүлөр күлсө, сырттагылар ырсайат.
Үйдөгүсү майын жейт, мергенчиси жанын жейт.
Үйдөгү ток кыз ашка барам деп ыйлайт, аштагы ач кыз үйгө барам деп ыйлайт.
Үйдөн өлгөн жаман ат, жоодон өлгөн салтанат
(жаздыктан өлгөн жаман ат, жоодон өлгөн салтанат).
Үй — жайга орун камда, мейманыңа оюн камда.
Үйү — ак, ичи — как.
Үйү жакын иттин куйругу узун.
Үйү өрттөнгөндө кудук казыптыр.
Үйүң толгон аш болсо, буюрганын ашаарсың.
Үйүңдү тикпес жерди шыпырба.
Үйүңдүн байлыгын көчкөндө көрөсүң.
Үйүңдүн ичи тар болсо да, өзүңдүн ичиң тар болбосун.
Үйүңдө сүтүң төгүлсө, талаада музооң эмип кетет.
Үйүңдө толгон аш болсо, буюрганын ашайсың,
кудайдын жылы кумдан көп, буюрганын жашайсын.
Үйүңө келгенге таарынчы айтпа.
Үйүндө жалам талканы жок, уулунун аты Талканбай.
Үйүндө жалап ичер айраны жок уулунун аты Жууратбек.
Үйүндө кашык (бир ууртам) айраны жок уулунун аты Жууратбек,
мойнунда жалгыз мончогу жок кызынын аты Шурубү.
Үйүндө кашык айраны жок, кызынын аты Жуурат.
Үйүндө көптү талаада урбайт.
Үйүндө ыракаты жоктун, талаада кош баракаты бар.
Үйүрүн сагынбас (тааныбаган) ат болбойт, жерин
сагынбас (тааныбаган) мал болбойт, элин
сагынбас (тааныбаган) эр (адам) болбойт.
Үйлөнгөндүн көркү — ыр, өлгөндүн көркү — ый.
Үйлөнөм десең, бойдокко кеңешпе.
Үйрөнбөгөн бейишиңден, үйрөнгөн тозок жакшы.
Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы.
Үйрөнгөн жоо атышаарга жакшы.
Үйрөнгөн жоо атышаарга ийги (жакшы).
Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү.
Үйрөнгөнүң байлыктан артык.
Үйрөнүү үчүн жаша, жашоо үчүн үйрөн.
Үлп эткен учкундан үймөк күйөт.
Үмүт — узак, ажал — кыска.
Үмүт адам менен жашайт.
Үмүтсүз — шайтан.
Үмүттүн өз дөөлөтү бар.
Үмүттүн түпкү чеги жакшылык. (А жакшылык
деген ыргыткан сайын кайырмагыңа илине бербейт).
Үн жетпегенге, сөз да өтпөйт.
Үн салмагы — сөз маанисин арттырат.
Үндөбөгөн — үйдөй балаадан кутулат.
Үнүң жетпес жерге кыйкырба, үйүңдү тикпес жерди шыпырба.
Үпү менен шыйпаң дос, бучук менен жыртык дос.
Үттүү мончок жерде жатпайт.
Үч киши билген сыр — сыр эмес.
Үч кыз ата —энеге күч кыз.
Үшүгөндү — шишиген жетелейт.
Үшүгөнгө от жактырба.
Хан болбосо эл уюбайт.
Хан кайда барса нөкөрү калбайт.
Хан кебине кайруу жок.
Хан койнунда калтыраганча кул койнунда кутуруп жат
Хан сарайы — кылычтын мизи, камчынын күчү.
Хан тартуусу — тогуз.
Ханы кайрымдуу болсо, калк башына бак конот.
Ханды кудай ураарда катыны менен кабышат, эли менен чабышат.
Хандын каарынан сактан, каракчынын доосунан сактан.
Хандын кызы кашык кармаса колу жооруйт,
«Чылык» бар жерде «былык» бар.
Чаап айтканча, таап айт.
Чаба албаган, чалгы тандайт.
Чабал өрдөк мурда учат.
Чабалекей менен шилекей алышып достош.
Чабандоздор чогулса, улактын чери жазылат.
Чабандын иши— чатак иш.
Чабышта жоо аяган өзү жаралуу.
Чагылгандай көздөнгөн, чак эткендей сөздөнгөн.
Чагым — өлтүрөт, мактоо — жеткирет.
Чаң созулат тамандан, жакшылык келбейт жамандан.
Чай болуп төргө өткөн суу бир кезде арыкта акканын унутпаса.
Чайкап сүйлөгөнчө, байкап сүйлө.
Чайнаганың — күмөн, жутканың сеники.
Чайпалса аяк төгүлөр.
Чайырды көп чайнаса — сагыз болот, карыганда көп сүйлөсө — маңыз болот.
Чаккан өлтүрөт, мактаган жеткирет.
Чакмак (оттук), чакмакгы атка берген акмак.
Чакмак таш кууну тутандыргандай, кагылыш
болор — болбос себептен чыгат.
Чакпаган жылан ийинден сырткары.
Чакылдаган катынды үй чечкенде (же эл көчкөндө, же кыз бергенде) көрөбүз.
Чакырганга барбаган, ымдаганга зар болот.
Чакырганга келбеген, ымдаганга зар болот.
Чакырганда келбеген, кол булгаганга зар болот.
Чакыргандан калба, өзүн басып барба.
Чакырса келбес — шыкаалайт, берсе жебес — чымчылайт.
Чакырылбаган конок татардан жаман.
Чакырылбаган конок шыпырылбаган жерге отурат.
Чакырылбаган конок шыпырылбаган үйгө олтурат.
Чакырылган жерден калба, өзүн басып барба
Чакырылган жүз конок үчүн — бар,
Чакырылбаган бир конок үчүн — жок.
Чала жорго жол бузат, чала молдо эл бузат.
Чала өлтүргөн жылаандай.
Чала молдо дин бузат.
Чалыры турса көзүндө, чаргыты (чалгырты) болот сөзүндө.
Чапанды жакасынан киет.
Чапанчанга камчы чапса, көйнөкчөнгө доо кетет.
Чапанчанды чапса, көйнөкчөнгө доо кетет.
Чапкан сайын көз чыкпайт, айткан сайын кеп өтпөйт.
Чапкан сайын көз чыкпайт.
Чаппаса билекте калат, айтпаса жүрөктө калат.
Чапса болот кетилет, чарыкка кармаса бычак жетилет.
Чапса болот кетилет, чарыкка салса жетилет.
Чапсан — чарчаарсын, жетпесең — жетээрсиң.
Чапчаң ат арышын таштайт, баары бир күлүктөн ашпайт.
Чарайна менен чаптайт, булгаары менен каптайт.
Чаранада козум өлгөнчө, чары коюм өлсөчү.
Чарчаган кулда жазык жок.
Чарыкчанды жактырбасам, өтүкчөн мени карабайт.
Чатак сүйлөп чычаалак — чыр адамдын мүнөзү,
токтоо сүйлөп жай айткан — сабырдуунун мүнөзү.
Чатактан кан чыгат, кагылыштан жан чыгат.
Чатактын жайы — кан чыгат, кагыштын жайы — жан чыгат.
Чатактын түйүнүн (түбүн) калыс айткан сөз чечет.
Чатактын чырын калыс чечет.
Чач алакасы үч күндүк.
Чачтарач менен сүйлөшсөң, устара менен кайрагын айтар.
Чачты жуубаса бит басат, тарабаса сирке басат.
Чаяндын уулары өздөрүн өлтүрөт.
Чеге таканы сактайт, така тулпарды сактайт.
Тулпар эрди сактайт, эр элди сактайт. Акылдуу касыңдан коркпо,
арзыбас досуңдан корк.
Чегирткеден корккон эгин экпейт.
Чегирткенин алын көр да, канын сор.
Чеңгел жеринде күркүрөйт.
Ченебей ичкен мастан түңүл, ыгы жок көпкөн жаштан түңүл.
Ченемди билген чегинде ийрилет, чегинде ийрилген өмүргө үйрүлөт.
Чептен эрдин күчү бек.
Черик — журттун аныгы.
Четке барып султан болгуча, өз элиңде ултан бол.
Четте жүрсөң тарыгаарсың, өз элиңди сагынаарсың.
Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү.
Четтен келген жоону тилге келтиргин,
ал тилге келбесе, кылычыңды тос.
Чече сүйлөйт чечендер, эл чогулган жерлерде.
Чечекейи чет болот, чеч кап менен топ болот.
Чечен - сөздүн эбин табат, дайым кептин кемин табат.
Чечен — чечен эмес, өкүм чечен.
Чечен алжыса атагын жейт.
Чечен алжыса богун мыкчыйт.
Чечен алжыса төө дейт.
Чечен алжыса төө дейт, молдо алжыса эмне дейт.
Чечен алжыса, даңкын кетирет.
Чечен алжыса, богун жейт.
Чечен менен чебер — көпкө орток.
Чечен менен чебер жазуунун ортосу асман менен жердей.
Чеченде — жалпынын сөз акысы бар, байда — кедейдин көз акысы бар.
Чеченден өткөн чеченди «кара жаак жез тандай» дейт.
Чечендин — сөзү, баатырдын — көзү (курч).
Чечендин — тили орток, чебердин — колу орток.
Чечендин көркү—таңдайда, баатырдын көркү —маңдайда.
Чечендин сөзү алтын, устанын колу алтын.
Чечендин сөзү кумдай куюлат.
You have read 1 text from Kırgız literature.
Çirattagı - Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 16
  • Büleklär
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3989
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1842
    25.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 4043
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1897
    25.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 4101
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1744
    26.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3916
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1856
    25.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 4036
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1867
    25.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3980
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1609
    25.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3953
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1709
    25.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3980
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1936
    24.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3946
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1924
    24.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3981
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2013
    25.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3954
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1980
    26.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3910
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2027
    24.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3984
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1955
    24.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3976
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1958
    24.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3928
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2086
    24.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 4105
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1789
    26.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 3193
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1470
    28.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.