LatinHärber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Кичинекей Айымдар - 01
Süzlärneñ gomumi sanı 3972
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2009
31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
42.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
48.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
«Кичинекей айымдарда» 19-кылымдын акырында
энеси төрт кызы менен жашаган, атасы согушта жүргөн бир
үй-бүлөнүн образында америкалык провинциялык жашоотиричилик баяндалган. Үй-бүлө бири-бирине карата өтө эле
камкор жана абдан эмгекчил. Кыздар өспүрүм куракта, ал
эми ата-энеси аларды болгон күчтөрү менен эмгектенүүгө,
достукту баалоого, жакындарга жардам берүүгө үйрөтүүгө
аракеттенишет.
БАСЫЛМА АКЫСЫЗ ТАРАТЫЛАТ
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Луиза Мэй Олкотт – америкалык жазуучу аял.
Өзүнүн үч эже-сиңдинин чөйрөсүндө чоңоюшу
жөнүндө эскерүүлөрүнө негизделген «Кичинекей
айымдар» романы менен атагы чыккан. Ал роман
1868-жылы жарык көргөн. Луиза 22 жашында
«Гүлдөр жөнүндө тамсилдер» («Flower Fables»)
деген биринчи китебин жазган, ага Ральф Уолдо
Эмерсондун кызы Эллен Эмерсон үчүн жазылган
аңгемелери кирген. Олкоттун эң белгилүү жана
кеңири тараган китеби – «Кичинекей айымдар».
Мында Марчтардын үй-бүлөсүнүн төрт кызы: Мэг,
Жо, Бет жана Эми жөнүндө баяндалат. Мэгдин прообразы катары эжеси Аннаны алган, өзүн Жонун
образында көрсөткөн, ал эми Бет менен Эминин
образдары тиешелүү түрдө сиңдилери Элизабет менен Мэйге таандык.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Биринчи бап
ПИЛИГРИМ ОЮНУ
елек-бечкексиз кантип Рождество болсун, – деп күңкүлдөгөн Жо килемчеге кыйшая кетти.
– Кедейлик курусун, – деп үшкүрдү Мег, эски
көйнөгүн карап.
– Кээ бир кыздардын кооз буюмдарынан башы
айланат, айрымдарынын болсо эч нерсеси жок,
ушул да адилеттүүлүкпү? – деп ыйламсырап, таг
дырына таарына кетти кичинекей Эми.
– А бирок биздин ата-энебиз, эже-сиңдилерибиз
бар да, – деп жайгарды бурчта отурган Бесс.
Муну укканда кичинекей кыздардын каминдеги оттун жарыгы түшкөн жүздөрү бир саамга жаркый түштү, бирок аны да Жонун сөзү суу сепкендей
өчүрдү:
– Атабыз жок азыр, ал көпкө чейин келбейт.
Тиги «а балким, кайтпай калышы да мүмкүн»
деп айтпаганы менен алыс жакта согушуп жүргөн
атасын ойлогон кыздардын ар биринин оюна ушул
келди.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Бир саамга унчукпай калышты, анан Мег башка
бир үн менен сүйлөп кирди:
– Апам эмне үчүн Рождестводо белек беришкенге тыюу салганын билесиңер да. Кычыраган кыш келатат, анан да эркектер кан кечип согушуп жүргөндө
акчаны болбогон бир майда-чүйдө нерселерге сарп
тай бербейли деп айтпады беле. Биздин колубуздан
эч нерсе келбейт дечи, бирок биздин да курмандыкка
чала турган нерселерибиз бар, чалганда да кубанып
туруп чалышыбыз керек. А бирок мен кубана албай
турам. – Мег башын чайкап, кыялданып жүргөн кооз
нерселерин ойлоп салбырап отуруп калды.
– Менин оюмча, биздин тыйындарыбыздан
пайда деле жок. Болгону бир доллардан акчабыз
бар, ошондон эле армия жыргап кетмек беле. Мен,
макул, апамдан да, силерден да белек күтпөйм, бирок «Ундина жана Синтрамды»1 сатып алам. Мен
аны качантан бери эңсеп жүрөм, – деди китеп десе
эт-бетинен кете турган Жо.
– А мен жаңы нота алсамбы деп жүрөм, – деди
Бесс, бирок анын үшкүрүк аралаш күбүрөгөнүн
чайнек койгуч менен шыпыргы эле уккандай болду.
– А мен бир куту түстүү карандаш албасам болбойт, – деди Эми тыкылдап.
– Апам биздин акчабыз тууралуу эч нерсе айткан
эмес, баарынан баш тарткыла деп деле айтпайт болуш
керек. Ар кимибиз каалаганыбызды алалы да, кичине
кубанып калалы. Анан калса ошого жараша эле жанталашып иштеп атпайбызбы, – деп чаңкылдаган Жо
жамалган туфлисинин өкчөсүн кекирейе карап койду.
Ундина жана Синтрам (1811) – немис романтик
жазуучусу Фридрих де ла Мотт Фукенин чыгармасы.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
– Баарынан да мен өтө кыйналдым, жанагы чурулдаган балдарды керээли-кечке окутуп. Тим эле
үйгө качып кеткиң келет, – деп муңканды Мег.
– Сеники меникине караганда оңой да, – деп
чыкты Жо. – Жанагы кежир кемпирдин жанында
отурасың, ал да жеткен чыргоо, жаныңа батканда
жөн эле терезеден ары секирип кеткиң же өңгүрөп
ыйлагың келет.
– Эми арыз-арманды айта берген өзү жакшы
эмес, бирок идиш-аяк жууп, үй жыйыштыргандан
оор иш жок болсо керек. Кыжырым кайнап, колдорум сенейип калат да, ойной да албай калам. – Бесс
куудураган колдорун карап, баары уккандай кылып
үшкүрүп койду.
– Менимче, менчелик эч кимиңер азап
тартпайсыңар, – деп чыңкылдады Эми. – Анткени
силер мектепке барбайсыңар, желмогуздай кыздар
менен отурбайсыңар. Алар сабакта жооп бере албай
калсаң, өлгүдөй жамандашат, атаңды таптакыр кедейге чыгарып, көйнөгүң эски, же бир мурдуң жакшыраак болсочу деп шылдыңдашат.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
– Жамандашса жамандады деп айт, бирок атамды чыгарып таштаган идишке салыштырба да, –
деди Жо күлүп.
– Мен эмне деп жатканымы жакшы билем, антип мени какшыктабай эле кой. Жакшы сөздөрдү
колдонуп, сөз байлыгыңды көбөйткөнгө эмне жетсин, – деп Эми да моюн берген жок.
– Айтышпагыла, кыздар. Атамын биз кичине
кездегидей бай болушун сен каалабайт белең, Жо?
Ай, кудайым ай, эгер убайым чекпесек, кандай бактылуу, кандай бейгам болор элек, – деди бактылуу
кездери эсинде калган Мег.
– Өткөндө биз Кингдин балдарына караганда бактылуубуз, алар бай болгону менен урушуп-талашкандан башка эч нерсе билбейт деп айтпадың беле?
– Айтканым чын, Бесс. Азыр да иштеп
жүргөнүбүз менен алардан бактылуураакпыз деп
ойлойм. Анткени биз көңүл ачканды билебиз, Жо
айткандай, «жинди кампаниябыз».
– Бул капкайдагы жаман сөздөрдүн баарын
сүйлөй берет, – деди Эми, килемчеде сулап жаткан
Жону карап.
Жо дароо өйдө болуп отурду да, колун чөнтөгүнө
салып, ышкырып кирди.
– Койсоңчу, Жо, эркек балдардай болбой!
– Мен атайлап ышкырып жатам.
– Тарбиясыз, орой кыздарды жаман көрөм!
– А мен чоёктогондорду жек көрөм!
– «Уядагы балапандар чурулдашып сайрашат»
деп Бесс күлкү келерлик түрү менен ырдап ийди
эле, баары кыткылыктап, «балапандар чокулашпай
калышты».
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
– Чынында эле, кыздар, бул кылганыңар болбойт, – деп Мег эже катары акыл айта баштады. –
Жозефина, сен эми чоңойдуң, жанагыдай кылыкжоругуңду таштап, кыздай болуп жүрүшүң керек.
Кичинеңде го анчалык билинбейт эле. Эми минтип бой тартып, чачыңды «чоңдордукундай» тарай
баштагандан кийин бала эмес, бийкеч экениңди
эстен чыгарбашың керек.
– Мен бийкеч эмесмин! Чач эле болсо, анда аны
жыйырмага чыкканча кош өрүм кылып жүрө берем! –
деп кыйкырган Жо башындагы торду жулуп алды
эле, коюу чачы жайыла түштү. – Чоңоюп, элдин баары мисс Марч дешерин, чубалган узун көйнөк кийип,
кытайдын астра гүлүндөй болуп чоюлуп турганымы
ойлогум да келбейт! Эркек балдардын оюнун, ишин,
жүрүм-турумун жакшы көрүп туруп кыз болгондун
өзү эле кандай кордук! Эркек бала эмес экениме эч
көнө албай койдум. Азыр ого бетер кыйын, анткени
майданга барып, атам менен кошо согуша албайм.
Анын ордуна минтип карыган кемпирдей болуп байпак токуп отурам! – Жо колундагы көк аскер байпагын жин тийгендей жерге чапты эле, шиштери
шаңгырай түшүп, түймөк жип секирип кетти.
– Байкуш Жо! Бирок эми эмне кыласың, ушундай да. Атыңды эркек баланыкындай кылып, бизге
ага-ини болуп тим болосуң да, – деди Бесс, Жонун
уйпаланган чачын кичинекей колу менен сылап.
Канча идиш жууп, канча үй жыйыштырбасын, быйтыйган колу назиктигин жоготпоптур.
– Ал эми сен, Эми, – деп сөзүн улады Мег, –
өтө эле көйрөңсүң. Азырынча бул күлкүлүү, бирок убагында токтотпосоң, бир аңкоо казга окшоп
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
калышың мүмкүн. Сенин тарбия көргөндүгүң,
кооздоп сүйлөгөнүң мага жагат дечи, бирок анын
да эби-чени болуш керек. Жанагы айткандарың
Жонун жаргон сөздөрүнөн кем калышпайт.
– Жо тентек бала, Эми аңкоо каз экен, анда мени
да айта кетпейсиңби? – деп сурады Бесс, өзүнө
тиешелүүсүн укканга даярданып.
– Сен сүйгүнчүксүң, болгону ошо, – деди Мег
аны эркелете. Буга эч ким каршы чыккан жок, анткени бул «чычканды» баары жакшы көрүшчү.
Жаш окурмандар «адамдардын кебетеси кандай
болду экен» дайым кызыккандыктан, ушул жерден декабрдын көз байланган күүгүмүндө тышта
үлпүлдөгөн кар каалгый жаап, от чыртылдап күйгөн
үйдө отурган төрт эже-сиңдини сыпаттай кетели.
Бөлмө жайлуу эле, килемченин өңү өчүп, эмеректер жөнөкөй болгону менен дубалда бир нече жакшы сүрөт илинип, шкаф китепке толуп, текчелерде
гүлдөгөн хризантемалар менен кичинекей розалар
жанды жай алдырып турат.
Кыздардын улуусу Маргарет он алтыга келип
калган татынакай кыз болчу: толмочунан келген,
ак жуумал, бото көз, жибектей жумшак кара чачы
бар, оозу оймоктой, колдору өзү сыймыктанганчалык апапак. Он беш жаштагы Жо болсо узун бойлуу
кыз болчу, тартайган узун колу-бутунан улам кулунга окшоп турчу. Оозу чийилгендей болгону менен
мурду бир аз теңирейип, баарын көрүп тургансыган
кой көздөрү бир туруп каар төгүп, бир туруп күлүп,
бир туруп ойго батып турчу. Узун коюу чачы аны
көркүнө чыгарып турчу, бирок тиги неме аны да жөн
койбой жолтоо болот деп түйүп туруп, тор кийгизип
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
койчу. Колу-бутунун узундугунан уялгандай бир аз
бүкүрөйүп жүрчү, үстү-башына деле анчалык маани
берчү эмес. Ошентип, ал аялзатына айланып бараткан, бирок ушунусуна нааразы бир кыз эле. Ал эми
он үч жаштагы Элизабет (аны баары Бесс деп коюшчу) сыйда чачтуу, көздөрү бакырайган, тартынчаак,
момураган жоош кыз болчу. Атасы аны «Кичинекей бейкуттук» деп койчу, өзүнүн бактылуу, бейкам
дүйнөсүндө жашап, андан өзү ишенген, сүйгөн адамдар менен жолугушуу үчүн гана чыга турган кызга
бул ылакап ат абдан бап келчү. Эми кыздардын кенжеси болгону менен үйдөгү эң таасирлүү киши болуп эсептелчү, башкалары болбосо да өзү ушундай
ойдо болчу. Көк көз, алтындай тармал чачы далысына түшкөн, ак жуумал, чыбыктай ийилген бул кыз
кадимки бийкечтей болуп жүрчү. Ал эми бул төрт
эже-сиңдинин мүнөздөрү бара-бара белгилүү болор.
Саат алты болгондо Бесс каминдин чогун бери
тартып, апасынын үйдө кийчү башмагын жылып
турсун деп жанына коюп койду. Эски башмакты
көргөн кыздар сүйүнүп кетишти, анткени азыр
апасы келет. Мег насаатын токтотуп, чыракты
күйгүздү, Эми эч ким айтпаса деле жайлуу креслосун бошотуп чыга берди, Жо чарчаганын унутуп,
тезирээк жылысын деп апасынын башмагын отко
жакын кармай баштады.
– Бул өтө эскирип кетиптир, апама жаңысын
алып бериш керек экен.
– Мен алып берем, – деди Бесс.
– Жок, мен! – деп кыйкырып ийди Эми.
– Мен улуумун, – деп баштады Мег, бирок анын
сөзүн Жо бузуп ийди:
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
– Атам жокто үйдө эркек мен болгондон кийин,
мен сатып берем, анын үстүнө атам апаңды кара
деп кеткен.
– Мен бир нерсе ойлоп таптым, – деди Бесс. –
Ар бирибиз өзүбүзгө эч нерсе албай туруп апама
белек алып берели.
– Ай-иий, таппасаң сыйпалап кал! Эмне сатып
алабыз? – деп сүйүнүп кетти Жо.
Бардыгын бир саамга ой баса түштү да, бир маалда
Мег татынакай колу шыбырай койгондой айтты:
– Мен ага сонун мээлей сатып берем.
– Аскер туфли, мындан артык кандай белек болмок эле! – деп кыйкырды Жо.
– Бир нече бет аарчы, тамгасы менен, – деди
Бесс.
– Мен кичинекей атыр сатып берем. Апама
ушул жагат, анын үстүнө кымбат эмес, карандашка
да акча калат, – деп кошумчалады Эми.
– А белектерибизди кантип беребиз? – деп сурады Мег.
– Баарын столго коёбуз да, апамы чакырып, белектерди ачып жатканын карап турабыз, – деп жооп
берди Жо. – Мурун туулган күндөрдө ушундай болчу эмес беле, эсиңердеби?
– Кезегим келип, чоң креслого таажы кийип
отурганда, баарыңар тегерене басып, белек берип,
өпкөнүңөрдө мен аябай коркчумун. Белектериңерге,
өпкүлөгөнүңөргө сүйүнчүмүн, бирок белектерди
ачып жатканда карап отурганыңар жакчу эмес, – деди
Бесс, өзү отко кактап отурган токочундай кызарып.
– Апам өздөрүнө белек алышкан экен деп ойлосун, анан биз ага сюрприз кылалы. Белекке эртең
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
түшкү тамактан кийин баралы. Рождество келип калды, а жасай турган иштер көп, – деди тартайган Жо,
узун колдорун аркасына алып, ары-бери басып жатып.
– Бул менин мындай оюнга акыркы жолу катышканым болот болуш керек. Чоңойдум да, – деп
калды мындайда шоктонуп, жаш бала болуп кетчү
Мег.
– Ак көйнөк кийип, чачты жайып ийип, алтын
түстүү кагаздан жасалган жасалгаларды тагынып
алып ары-бери басып жүргөндөн кантип баш тарт
мак элең. Сен биздин эң мыкты актрисабызсың,
эгер сен сахнага чыкпай калсаң, биздин театрдын
иши бүтөт, – деди Жо. – Келгиле, андан көрө дароо
репетицияга киришели. Эми, бери кел, жанагы сенин эсиң ооп кала турган жерди кайталайлы. Сен
каккан казыктай болбой бир аз ийилсең.
– Эми эмне кылайын? Эси оогон кишини мурдакийин көрбөсөм. Сендей болуп тарс кулап түшүп,
бети-башымы көгөртүп жүргүм келбейт. Эгер жай
кулай албасам, анда креслого кулайын, менимче,
ошондо жакшынакай болот. Мейли, анан Гуго пис
толети менен келе берсин, мен андан коркпойм,деди Эми. Анын артисттик таланты деле жок болчу,
бирок көшөгөнүн артына сүйрөп кетиш оңой болгондуктан, башкы роль тийип калган эле.
– Мына мындай кыл: колуңду минтип, ары-бери
теңселип, анан: «Родриго! Мени куткара көр! Куткарып кал! – деп чыңыр. – Жо ушинтип чаңырганда,
беркилер калтырай түшкөндөй болду.
Эми аны туурайын деди эле, бирок эмнегедир
колу түптүз сунулуп, кыймылы бурап койгон оюнчуктай олдоксон болуп, чыңырганы да азап чеккен13
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
дей эмес, бирөө ийне менен сайып ийгендей чыкты.
Жо айласы кетип онтоп ийди, Мег күлкүсүн тыя албай калды, Бесстин оозу ачылып калган экен, кактап отурган наны күйө түшүптүр.
– Болбойт экен! Болуптур, билгениңдей кыл,
бирок көрүүчүлөр боорун тырмап күлүшсө, менин
күнөөм эмес. Эми сен, Мег.
Калганы шыдыр кетти: кыздын атасы дон Педро эки беттей узун сөзүн бир дем менен айтып, бүт
дүйнөгө чакырык таштады; сыйкырчы Хейгар казан
толо уулуу бакасын акырын кайнатып жатып дубасын окуду; Родриго, башкы оң каарман, чынжырын
үзүп-үзүп ыргытты, ал эми жек көрүндү Гуго бир
чети мышьяктан, бир чети абийир сотунан азап чегип өлүп баратып, ошондо да жөн өлбөй, «ха, ха,
ха!» деп жүрөк түшкөндөй каткырып атып өлдү.
– Бул – биздин койгон оюндарыбыздын эң мыктысы, – деди Мег, өлгөн Гуго өйдө болуп, сыйрылган чыканагын кармалап жатканда.
– Сен ушундай оюндарды кантип ойлоп таап,
коюп жатасың, Жо? Шекспир болуп кеттиң го сен! –
деди Бесс. Ал эже-сиңдилеринин бардык жагынан таланттуу экенинен эч шек саначу эмес.
– Жок, андай деле эмес, – демиш болду Жо. –
Менимче, «Сыйкырчынын дубасы» деген операм
жаман эмес, бирок Банконун арбагы чыга турган
жери бар сахна болсо, мен сөзсүз «Макбетти» коймокмун. Мен киши өлтүргүчтүн ролун эле ойногум
келе берет. «Менин көзүмө канжар көрүнүп атабы?» деп күбүрөдү Жо, бир жолу театрдан көргөн
атактуу трагикти туурап, көзүн чакчайтып, колун
сермегилеп.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
– Жок, бул нан кактаган айры, анда апамдын
туфлиси турат! – деп кыйкырды Мег, анан ошентип
репетиция каткырык-күлкү менен бүттү.
– Көңүлүңөр ачык го, кыздарым, – деген апасынын кубанган үнү чыкканда, актёрлор менен
көрүүчүлөр бурулуп карап, апасын көрүштү. Узун
бойлуу аял энелик мээримин төгө карап: «Эмне кылып жардам берсем» дегендей болуп турду. Кийими
жөнөкөй болгону менен келбеттүү эле, кыздардын
оюнча, жөнөкөй боз плащ менен модадан чыккан
шляпа дүйнөдөгү эң жакшы апаны жашырып турчу.
– Кана, алтындарым, бүгүн мен жок эмне
кылдыңр? Бизде бүгүн жумуш көп болду: Рождествого посылка даярдадык, түштө үйгө да келе албадым.
Эч ким келген жокпу, Бесс? Сасык тумооң кантти,
Мег? Жо, сен аябай чарчагандай болуп турасың го.
Кел, өбүшөлү, Эми, кичинекейим менин.
Миссис Марч ушинтип сурап атып суу болгон
плащы менен шляпасын чечти, жылуу башмагын
кийип, жайлуу креслого отуруп, Эмини бооруна
кысып, түйшүктүү күндүн эң бактылуу учуруна камынды. Кыздар карбаласташып, ар кимиси өз ишин
кыла башташты. Мег дасторкон жайды, Жо каминге отун алып келип, отургучтарды тарс-турс эттирип коё баштады, Бесс жыла басып ашкана менен
залдын ортосунда жүрдү, ал эми Эми болсо отуруп
алып баарына буйрук берип атты.
Баары столго отургандан кийин миссис Марч
жылмайып:
– Кечки тамактан кийин мен силерге бир нерсе
көрсөтөм, – деди.
Кыздардын жүзү жайнай түштү. Бесс кармап
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
турган печеньесин унутуп колун кайчылаштыра
калды, Жо болсо майлыкты көккө ыргытып:
– Кат, кат! Жашасын атам! – деп кыйкырды.
– Ооба, узун, сонун кат жазыптыр. Ден соолугум жакшы, сууктан деле кыйналган жокмун дейт.
Бардыгыбызды Рождество менен куттуктап, силерге өзүнчө мындай деп жазыптыр, кыздар, – деди
миссис Марч, чөнтөгүн аялуу кармап.
– Анда болгула, тамакты тезирээк жейли! Эми,
чоюлбай тезирээк бол! – деп кыйкырды Жо, чайын
ууртап жатып. Шашканынан май сыйпалган нанын
да түшүрүп ийди.
Бесстин тамагынан аш өтпөй калды, баягы
караңгы бурчуна барып, жыргал учурду күтүп отурду.
Акыры баары даяр болушту.
– Атам жашы улуу болгонуна, ден соолугу начар экенине карабай согушка капеллан болуп кетпедиби, – деди Мег.
– Мен согушка добулбасчы же vivandiere2 болуп
баргым келет. Же медсестра болуп атамдын жанында жүрсөм, – деп ийди Жо.
Биз баарыбыз аракет кылабыз! – деп безилдеди
Мег. – Мен кебетеми көбүрөөк ойлонуп, иштегенди сүйбөйм, муну билем, бирок эми андай болбойт,
аракет кылам.
– Мен дагы атам айткандай «кичинекей айым»
болгонго аракеттенем, калжаңдабай, албууттанбай, ар кайсыны эңсей бербей, үйдөгү милдетимди
жакшы аткарбасам, – деди Жо, бирок үйдө калган
түштүктүк козголоңчулар менен бетме-бет согушкандан да оор болот болуш керек деп ойлоп койду.
vivandiere – маркитанка (франц.).
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Бесс эч нерсе деген жок, баягы көк байпак менен жашын аарчып алып, убакытты текке кетирбей,
өз милдетин аткара баштады. Эмки жылы атам келгенде, ал каалагандай болуп тосуп албасам деп ичинен өзүнө убада берип отурду.
Миссис Марч Жонун сөзүнөн кийин өкүм сүрө
калган тынчтыкты бузду:
– Кичинекей кезиңерде пилигрим болуп ойногонубуз эсиңердеби? Кыркынды салган баштыктарды
аркаңарга асып, шляпаларды кийгизип, колуңарга
таяк, насаат жазылган кагаз карматып, Талкаланган
шаар деп аталган жертөлөдөн ар түрдүү кооз нерселерден курап, Көктөгү шаар3 деп атап алган үйдүн
чатырына жөнөтчү эмес белем?
– Айрыкча арстандардын жанынан өтүп,
Аполлион менен согушуп, каардуу эльфтердин
өрөөнүнөн өткөн укмуш эле, – деп кыйкырды Жо.
– Мен баарынан да баштыктарыбызды ыргытып, алар тепкич менен ылдый кулап кеткен учурду
жакшы көрчү элем, – деди Мег.
– Мага болсо үйдүн чатырына чыккан жакчу, анда карапага өстүрүлгөн гүлдөр жана башка кооз нерселер бар болчу, анан биз күн нурун
көргөнүбүзгө сүйүнүп ырдачу элек, – деди Бесс,
ошол сонун кездерди башынан өткөрүп жаткандай
жылмайып.
– Менин эсимде жертөлөдөн, караңгы кире бериштен коркконум эсимде калыптыр, бирок чатырда сүт ичип, пирожки жегенди жакшы көрчүмүн.
бул оюндун негизин англис диний жазуучусу Жон
Беньяндын «Пилигримдин саякаты» (1678) поэмасынын
сюжети түзөт. Мен аны бала кезимде окугам – окуса боло
турган китеп...
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Чоңоюп калбадымбы, болбосо азыр да ойномокмун, – деди он эки жаштагы Эми бир топ жашка
барып калгансып.
– Алтыным, бул оюнду чоңойгондо да ойной берсе болот, анткени биз аны өмүр бою ойнойбуз. Баштыктарыбыз дайыма аркабызда, жолдорубуз алдыда,
жакшылык менен бакытка умтулуп, көптөгөн оошкыйыштар аркылуу жан көшүткөн бейкуттукка –
Көктөгү шаарга барабыз. Азыр болсо, менин кичинекей пилигримдерим, чындап ойноп көрөлү да, атаңар
келгенче ким канчалык илгерилей аларын байкайлы.
– Чын элеби, апа? А баштыктарыбыз кайда? –
деп сурап ийди демейде көп толкунданбаган Эми.
– Баарыңар өз жүгүңөрдү айттыңар. Бир гана
Бесс унчуккан жок. Анын жүгү жок окшойт деп
калдым, – деди миссис Марч.
– Менин жүгүм бар, ал – идиш-аяк жууп, чаң
сүртүү. Анан жакшы фортепьянодо ойногон кыздарды көрсөм ичим күйөт жана элден корком.
Бесстин түйшүгүн угуп баары каткырып жибере жаздашты, бирок капа болуп калабы деп деп эч
ким күлгөн жок.
– Анда жолго чыгалы, – деди Мег ойлуу. – Пилигрим болуп ойноо – жакшы болууга умтулуунун
башкача бир аты. Балким, бул оюн бизге жардам
берет, анткени биз жакшы болууну каалаганыбыз
менен бул биз үчүн оор түйшүк, анан калса кээде
көздөгөн максатыбызды унутуп, колдон келе турган
нерселерди да жасабай коюп жатпайбызбы.
– Бүгүн биз Көңүл чөгүүнүн сазында отурдук
эле, апам келип, китептеги Үмүт сыяктуу бизди
сууруп чыкты. Бирок колубузда насаатыбыз жок,
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
аны кайдан алабыз? – деп сурады Жо. Ал бул оюн
көңүлсүз милдетти аткарууга аз да болсо романтика
алып келерине сүйүнүп турду.
– Аны Рождествонун таңында жаздыгыңардын
алдынан таап аласыңар, – деп жооп берди миссис
Марч.
Карыган Ханна дасторконду жыйнаганча, жаңы
планды сүйлөшүп отурушту. Анан төрт себетти
алып чыгышып, Марч жеңеге шейшеп тигишти. Бул
тажатма иш болгону менен эч ким качкан жок. Жо
узун тигиштердин ар бирин төрткө бөлүп, аларды
Европа, Азия, Африка жана Америка деп атайлы,
анан тигип жатканда ушул континенттеги ар түрдүү
өлкөлөр жөнүндө сүйлөшөлү деп сунуш киргизген
соң иш ого бетер кызыды.
Саат тогузда баары ишти токтотуп, жатардан
мурун бир нече ырды ырдашты. Эски фортепьянодо Бесстен башка эч ким ойной алган жок. Саргарган эски клавиштерди аяр басып, ырдап жүргөн
жөнөкөй ырларды ойноо анын гана колунан келчү.
Мегдин үнү флейтаныкына окшош болчу, ал апасы
экөө хорду башташчу. Эминики чегирткеникиндей
чыйылдап, бакыттан башы айланган Жо муңдуу
ырды да экилентип ийип, кээде үнү обу жок кыркырап ырды бузуп ийип жатты. Кыздар тили чыккандан эле ырдап жүргөндүктөн, анан калса апасы да
тубаса ырчы болгондуктан, мындай кечки ырлар үйбүлөлүк салтка айланып калган. Таңдагы алгачкы үн
бөлмөлөрдү кыдырып баарын торгойдой ойготкон
апасынын ыры болор эле. Соңку үн да аныкы болор эле, анткени кыздар апасынын көнүмүш бешик
ырын укмайынча укташчу эмес.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Экинчи бап
БАКТЫЛУУ РОЖДЕСТВО
ождествонун буурул таңы атканда, биринчи
болуп Жо ойгонду. Камин жакты караса, белек салынган байпак көрүнбөйт, көңүлү сууй түштү. Бир
жолу да ушундай болгон, бирок анда байпактагы белектер оор болгондуктан, жерге түшүп калган экен.
Анан апасынын убадасы эсине түшүп, жаздыктын
алдына колун сойлотту эле, чымкый кызыл мукабалуу кичинекей китепче таап алды. Ал бул китепчени жакшы билчү, анда бир укмуштай сонун өмүр
баяндалчу. Алыс жолго чыга турган пилигрим үчүн
мындан ашык белек болмок беле. «Рождествоң кут
болсун, Мег!» – деп шаңкылдап эжесин ойготту да,
жаздыгыңдын алдын кара деди. Ал жактан да ушундай китепче чыкты, мукабасы эле жашыл болбосо,
ичиндеги сүрөттөрү, апасынын жазган сөздөрү бирдей экен. Анын жазып бергени кыздар үчүн кымбат
эле. Ойгонуп кетишкен Бесс менен Эми да күмүш
түстүү жана көк китепчелерин таап алышып, белектерин карап, божураша башташты, ал ортодо
чыгыш тарап кызгылт тартып келатты.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Маргарет бир аз шашма болгону менен абдан
жоош, момун кыз болчу, анын мунусу сиңдилерине,
өзгөчө Жого баары бир таасир этчү. Жо эжесин абдан сүйгөндүктөн, сөзүн эки кылчу эмес.
– Кыздар, – деди Мег, түнкү чепчик кийген эки
башты олуттуу карап, – апам бул китепти кунт коюп
окуп чыгышыбызды каалайт, ошондуктан биз муну
дароо баштайлы. Мурун мындай нерселерге жакшы
карачубуз, бирок атам согушка кеткенден бери кы
йынчылыктардан улам буга көп көңүл бурбай койдук.
Силер, албетте, өзүңөр билгиле, бирок мен бул китепти мына бул түнкү столго коюп коём да, күн сайын
ойгонор менен бир аздан болсо да окуйм. Мунун пайдалуу болоруна, кечке чейин кубат болоруна ишенем.
Анан жаңы китебин ачты да, окуп кирди. Жо аны
кучактап, бетине бетин тийгизип алып, кунт коюп
окуй баштады. Анын мындай түрүн аз көрөсүң.
– Мег кандай жашы кыз! Кел, Эми, биз да
окуйлу. Кыйын сөздөр болсо, мен жардам берем,
түшүнүксүз болсо, тигилер түшүндүрүп берет, –
деп шыбырады китептин кооздугуна жана эжелерине таасирленген Бесс.
– Меники көк экенине кубанып турам, – деп
күбүрөдү Эми. Анан бөлмөдө тынчтык өкүм сүрүп,
барактардын ачылганы гана угулуп калды. Кышкы күн терезеден баш багып, кыздардын чачынан,
олуттуу жүздөрүнөн аймалап эркелете баштады.
– Апам кайда кетти? – деп сурады Мег Ханнадан, арадан жарым сааттай убакыт өтүп, апасына
ыракмат айтмакчы болуп ылдый чуркап түшкөндө.
Мег төрөлгөндөн бери чогуу жашап жүргөн Ханна
кызматкер эмес, туугандай жакын болчу.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
– Ким билсин! Бир бала кайыр сурап келди эле,
апаңар эмне кылып жардам берсем экен деп анын
үйүнө кетти. Мындай аялды көргөн эмесмин: тамак-ашты, кийим-кечени, отунду баарына тарата
берет, – деп жооп берди Ханна.
– Менимче, апам тез эле келет, Ханна. Май токочторду жылытып, дасторкон даярдай бер, – деди
Мег, апасына деп катып койгон белектер салынган
себетти дивандын алдынан алып жатып. – Ой, Эминин белеги кайда? – деп сурады ал, атыр жок экенин
байкап.
– Ал жана алып, лента менен байлайм деп жатса керек эле, – деп жооп берди Жо, жаңы туфлини
апасына берерден мурун бир аз ийге келтирип коёюн деп бийлеп жатып.
– Менин жүзаарчыларым сонун болду, чынбы?
Ханна жууп, үтүктөп берди эле, белгисин өзүм сайдым, – деди Бесс, канчалык тырышса да түз чыкпай
калган тамгаларын сыймыктана карап.
– О-о, мына сага! «Миссис Марч» дегендин ордуна «Апа» деп сайып салган турбайбы! – деп кыйкырды Жо, жүзаарчылардын бирин алып.
– Эмне, жаманбы? Мегдин инициалы да «М. М.»
да, буларды апамдан башка эч ким колдонбосун деп
ушундай кылдым, – деди Бесс, кооптоно түшүп.
– Баары жакшы, алтыным. Абдан жөндүү идея
экен, эми эч ким адашпайт. Бул апама абдан жагат,
мен билем, – деген Мег Бесске жылмая карады да,
Жону жактырбагандай болду.
– Апам келатат! Себетти бекит, бол! – деп кыйкырды Жо, тышкы эшик ачылып, бирөөнүн келатканын угуп.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Бөлмөгө Эми кирип келди да, баары аны күтүп
турганын көрүп, апкаарай түштү.
– Сен кайда жүрөсүң? Артыңда эмнени катып
алгансың? – деп сурады Мег, Эмини таң кала карап.
Плащчан экенине караганда көчөгө чыгып келгендей. Бул жалкоо оңойлук менен чыкмак эмес.
– Мени шылдыңдап күлбө, Жо! Муну азырынча эч ким билбей эле турсун. Чуркап барып, болгон
акчамды бердим да, чоңун алмаштырып келдим.
Мындан кийин өзүмчүл болбойм деп сөз берем.
Ушуну айткан Эми мурунку кичинекей, арзанына алмаштырып келген кооз, чоң флаконду
көрсөттү. Анын кебетеси кишинин ичин эзилткендей болгондуктан, Мег аны кучактап өөп жиберди,
Жо «азамат» деп мактады, Бесс жүгүрүп барып,
флаконду кооздош үчүн розаларынын эң коозун
тандап келди.
– Бүгүн эртең менен кантип жакшы болушту
сүйлөшүп, китеп окугандан кийин, белегиме уялып
калдым. Анан тургандан кийин эле дүкөнгө чуркадым. Аябай сүйүнүп турам, анткени эми эң кооз белек меники болбодубу!
Тышкы эшик кайрадан ачылды эле, кыздар себетти диванды алдына ката салышып, дасторкон
жайылган столго ашыгышты.
– Рождествоңуз кут болсун, апа! Китептер үчүн
ыракмат! Биз аларды эртең менен окудук, эми күн
сайын окуйбуз! – деп кыйкырышты алар бир ооздон.
– Рождествоңор кут болсун, кыздарым! Дароо
окуй баштаганыңарга кубанып турам, эми кайракайра окуй бересиңер го. Дасторконго отурардан
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
мурун бир нерсе айткым келип турат. Жакын жердеги үйлөрдүн биринде жаңы төрөгөн бир оорукчан
аял жатат. Алты баласы бар экен, тоңуп калбайлы
деп бир жуурканды жамынып жатышат бүрүшүп,
анткени отундары жок экен. Тамак жоктугунан чоң
баласы мага келиптир жардам сурап. Кыздарым,
азыркы тамагыңарды аларга белек кылып бергенге
макулсуңарбы?
Кыздар бир саатка жакын күтүп калгандыктан,
күндөгүдөн ачкараак болчу. Бир аз унчукпай турушту да, анан Жо кыйкырып ийди:
– Тамакка киришкенден мурун келгениң жакшы болгон турбайбы!
– Сени менен ошол байкуш балдарга тамак жеткиришсем болобу? – деп сурады Бесс.
– Мен каймак менен май токочторду алып барам, – деди Эми, баарынан жакшы көргөн нерселеринен баатырдык менен баш тартып.
Мег гречка ботко салынган идиштин капкагын
жаап, нандарды бир чоң табакка салды.
– Ушинтериңерди билгемин, – деди миссис
Марч ыраазы боло жылмайып. – Баарыбыз чогуу
барабыз, силер мага жардам бересиңер, анан келип
нан менен сүт ичип курсакты тойгузабыз.
Көп өтпөй баары даяр болуп, жолго чыгышты.
Бактыга жараша, эртең менен болгондуктан, кичинекей көчөлөр менен бараткан бул таң каларлык
процессияны эч ким көрбөй калды.
Мына, терезелери талкаланган аңгыраган суук
бөлмө, эски төшөктөгү оорулуу эне, ыйлаган наристе, бир жуурканды жамынып калтырап жаткан
купкуу балдар. Кыздар кирип барганда, балдардын
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
бакырайган көздөрү жалжылдап, көгөргөн эриндери жыйылбай жалжая түштү.
– О, кудай! Бизге боорукер периштелер келишти! – деп кыйкырды купкуу аял, кубангандан
ыйлап.
– Ооба, периштелер, капор кийип, мээлей тагынган периштелер! – деп Жо айтты эле, баары
күлүп ийишти.
Бир нече мүнөт өтпөй эле чындап боорукер
периштелер келгендей болуп калды. Ханна ала
келген отуну менен
от жагып, сынык терезелерди эски шляпалар менен бүтөй
салып, өзүнүн плащын парда кылып
тарта койду. Миссис
Марч оорулуу аялга ысык чай берип,
суюк сулу шорпо
ичирди да, аны жубатканча наристени

You have read 1 text from Kırgız literature.
Çirattagı - Кичинекей Айымдар - 02
- Büleklär
- Кичинекей Айымдар - 01Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3972Unikal süzlärneñ gomumi sanı 200931.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.42.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.48.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 02Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 4021Unikal süzlärneñ gomumi sanı 198932.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.48.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 03Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 4051Unikal süzlärneñ gomumi sanı 201831.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 04Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3996Unikal süzlärneñ gomumi sanı 178332.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.51.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 05Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 4031Unikal süzlärneñ gomumi sanı 188232.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.44.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 06Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 4069Unikal süzlärneñ gomumi sanı 185432.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 07Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3951Unikal süzlärneñ gomumi sanı 195729.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.42.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 08Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3985Unikal süzlärneñ gomumi sanı 199530.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 09Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 4037Unikal süzlärneñ gomumi sanı 192232.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.44.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 10Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3964Unikal süzlärneñ gomumi sanı 188832.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.43.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.49.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 11Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 4008Unikal süzlärneñ gomumi sanı 185031.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.44.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 12Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 4065Unikal süzlärneñ gomumi sanı 189332.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.44.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.51.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 13Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 4059Unikal süzlärneñ gomumi sanı 176732.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.44.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 14Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 4048Unikal süzlärneñ gomumi sanı 186631.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 15Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 4139Unikal süzlärneñ gomumi sanı 177532.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.45.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.52.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 16Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 4086Unikal süzlärneñ gomumi sanı 180332.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.45.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 17Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 431Unikal süzlärneñ gomumi sanı 30347.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.56.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.61.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.