LatinHärber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Кичинекей Айымдар - 13
Süzlärneñ gomumi sanı 4059
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1767
32.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
44.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
менин ишим эмес. Камырым ачып калды, катымды аяктайын. Мистер Марчка салам айтыңыз. Бул
өпкөсүнүн акыркы ооруганы болсун.
Сизди урматтап Ханна Мюллет».
«№ 2 палатанын кароочусуна
Раппаханокада баары тынч, аскерлердин абалы жакшы, интенданттык кызмат жакшы иштөөдө.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Полковник Тедди жетектеген кароолчулар дайым
постто, башкы кол башчы генерал Лоренс күн са
йын аскерлерди кароодон өткөрөт, квартирмейстер
Мюллет лагердеги тартипти сактап, майор Лайон
түндөсү пикетке чыгат. Вашингтондон жакшы кабар келгендиктен жыйырма төрт замбиректен салют атылып, парад болду. Башкы кол башчы жакшы
каалоолорун айтат жана мен да ага чын дилимден
кошулам.
Полковник Тедди».
«Кымбаттуу миссис Марч!
Кыздар жакшы жүрүшөт, Бесс менен уулум мага
күн сайын билдирүү берип турушат. Ханна – үлгү
болорлук кызматчы жана татынакай Мегди ажыдаардай кайтарат. Аба ырайы жакшы болуп турганына кубанып жатам жана Бруктун жардамы тийсе
экен деп тилейм. Чыгымдар ойлогондон көбүрөөк
боло турган болсо, мага кайрылыңыз. Күйөөңүз толук камсыз болгондой болсун. Кудайга шүгүр, ал
айыгып баратыптыр.
Сиздин ишенимдүү досуңуз жана кызматчыңыз
Жеймс Лоренс».
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Он жетинчи бап
«КИЧИНЕКЕЙ АК НИЕТТҮҮЛҮК»
иринчи жумада Марчтардын эски
үйүндөгү жакшы сапаттар бүт аймакка ашыгы менен жетчүдөй болуп турду. Бул чынында эле таң кала
турган көрүнүш эле, анткени бардыгынын маанайы
башкача болуп, өзүн курмандыкка чалуу мода болду. Бирок атасынан көңүлү жайлана түшкөн кыздардын мурунку аракети начарлап, мурунку адаттары кайра пайда боло баштады. Алар «ишенүү жана
эмгектенүү» деген ураанын унутушпаганы менен эс
алуу – биз толук татыктуу болгон сыйлык деген сезим пайда болуп, көбүрөөк эс ала турган болушту.
Жо чачы алынган башына жылуу баш кийим
кийип жүрбөгөндүктөн, суук тийип, ооруп калды
жана кырылдаган үн менен китеп окуп бергенди
жаман көргөн Марч жеңе айыкканча үйдө жат деп
буюрду. Жо сүйүнүп, чердактан жертөлөгө чейин
издеп жүрүп, акырында дивандан жай тапты да,
оорусун арсеникум30 жана китептер менен дарылай
арсеникум альбум – гомеопатиялык антибактериалдык препарат.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
баштады. Эми үйдөгү милдеттер менен искусство
бири-бирине шайкеш келбейт экен деп чечти да,
ылайдан фигура жасоо өнөрүнө өттү. Мег балдарды
караганы күндө барат да, үйдө бир керсе тигип же
ойлонуп отурат, бирок убактысынын көбүн апасына
узун каттарды жазып же Вашингтондон келген каттарды кайра-кайра окуу менен өткөрөт. Кээде гана
эс алганы болбосо, Бесс гана мурункусундай иштей берди. Ал ар күнү өзүнүн кичинекей милдеттерин так аткарып, эже-сиңдилеринин унутуп калган
иштерин да жасап койчу. Ал апасын сагынып куса
болгондо же атасын ойлоп корккондо, гардеробго
барып, апасынын эски көйнөгүнө башын катып букулдап ыйлап алчу же кудайга сыйынчу. Анын кантип кайраттанып каларын эч ким билчу эмес, бирок
анын ак көңүл жана пайдалуу экенин баары сезип,
кеңеш сурашчу.
Алар бул сыноонун мүнөздү текшерүү экенин аңдашкан жок жана биринчи толкундануу басаңдаары менен эле жакшы экенибизди
көрсөттүк, эми дем ала берсек болот деп ойлошту.
Албетте, ошондой болчу, бирок алардын катасы
жакшы сапаттарын көрсөтүүнү токтотуп койгонунда болду жана мунун жаңылыштык болгонун
көптөгөн азап-тозоктордон кийин гана билишти.
– Мег, сен Хаммелдердикине барып келбей
сиңби, апам аларды унутпагыла дебеди беле, – деди
Бесс миссис Марчтын кеткенине он күн болгондо.
– Мен бүгүн абдан чарчадым, – деп жооп берди
Мег, креслосунда термелип бир нерсе тигип отуруп.
– Анда сен, Жо, барып келбейсиңби? – деп сурады Бесс.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
– Күн суук болуп турат, мага болсо суук тийген да.
– Менимче, ал өтүп кетти.
–.Мен бакта Лори менен чуркап ойношум
мүмкүн, бирок Хаммелдердикине баргыдай боло
элекмин, – деп күлдү Жо.
– А эмнеге өзүң барбайсың? – деп сурады Мег.
– Мен күн сайын барып турам, бирок бөбөк
оорулуу болгондуктан, эмне кылышты билбей атам.
Миссис Хаммел жумушка кетет да, баланы Лотхен
карап калат, бирок ал күн сайын начарлап баратат,
силер барсаңар же Ханна барса, жакшы болор эле.
Бесс абдан кызууланып кеткендиктен, Мег
эртең барам деп убада берди.
– Ханнадан даамдуу бир нерсе ал да, аларга жеткирип бер, Бесс. Сага сейилдеген пайдалуу, – деди
Жо. Анан айыптуудай кошумчалады: – Мен барат
элем, бирок аңгемени бүтүрүшүм керек болуп атат.
– Башым ооруп, чарчап турам. Мен силердин
бирөөңөр барат го деп ойлодум эле, – деди Бесс.
– Азыр Эми келет, биздин ордубузга ошол барып келсин, – деп сунуш кылды Мег.
– Жарайт, эс алганча күтүп турайын.
Бесс диванга жата кетти, башкалар кайра иши
менен алек болушуп, Хаммелдерди унутуп калышты. Бир саат өттү, Эми келген жок. Мег жаңы
пальтосун кийип көргөнү бөлмөсүнө кетти, Жо
аңгемесине баш-оту менен кирип кетти, Ханна
болсо ашканада көзү илинип кетти. Бесс акырын
капорун кийди да, себетине байкуш балдар үчүн
бир нерселерди салып алып, башы ооруганына карабай аязга чыкты. Ал кайтып келгенде кеч болуп
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
калган эле, жогору чыгып, апасынын бөлмөсүнө кирип кеткенин эч ким байкаган да жок. Жарым саат
өткөндөн кийин Жо апасынын шкафынан бирдемени алганы барса, көздөрү кызарган, кайгылуу Бесс
камфоранын бөтөлкөсүн кармап отуруптур.
– Христофор Колумб! Эмне болду? – деп ийди
Жо. Бесс аны келбе дегендей колун көтөрдү да,
ашыгып сурады:
– Сен скарлатина болдуң беле?
– Андан бери жүз жыл өттү, Анда Мег да ооруган. Эмне болду?
– Анда сага айтайын. О, Жо, бөбөк чарчап калды!
– Кайсы бөбөк?
– Миссис Хаммелдин баласы. Ал келгенче эле
менин тиземде жатып өлүп калды, – деп ыйлап
ийди Бесс.
– Байкушум десе, жаман болгон турбайбы!
Сенин ордуңа мен барышым керек эле, – деди Жо
өкүнүп. Сиңдисин кучактап, апасынын чоң креслосуна отургузду.
– Жок, Жо, мен корккон деле жокмун, бирок
абдан кайгылуу болду! Начарлап баратканын дароо эле байкадым, бирок Лотхен апам доктурга
кетти деп айтканынан Лоттини алдыма алып отурдум. Ал уктап аткандай болгон, бирок бир маалда
кыйкырып ийди да, титиреп барып денеси жайыла
түштү. Бутун жылытайын деп аракет кылдым, сүт
да бердим, бирок карасам кыймылдабайт, ошондо
түшүндүм: өлүп калыптыр.
– Ыйлаба, алтыным! Анан эмне кылдың?
– Миссис Хаммел доктур менен келгенче алды270
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
ма алып отура бердим. Доктур бала чарчап калыптыр деди да, Хейнрих менен Миннаны текшерди,
анткени алардын да тамагы ооруп аткан. «Скарлатина, мэм. Мени эртерээк чакырсаңар болмок», –
деди ал ачууланып. Миссис Хаммел кедей экенин,
баланы өзү дарылаганга аракет кылганын, бирок
кеч болуп калганын айтып, эми калгандарына жардам бериңиз деп жалдырады. Доктур жылмайып,
ачуусу келбей калды, бирок мунун баары абдан кайгылуу болгондуктан, ыйлап атсам, ал мага карап,
үйүңө бар да, дароо белладона ич, болбосо сен да
скарлатина болосуң деп урушту.
– Жок, болбойсуң! – деп ийди коркуп кеткен
Жо аны бооруна кысып. – О, Бесс, эгер сен ооруп
калсаң, мен өзүмдү эч качан кечирбейм. Эми эмне
кылыш керек?
– Коркпо, менимче, көп кыйналбайм. Апамдын китебин карасам, скарлатина баш оору, тамак
оорудан башталат экен да, алың кетет экен. Белладона ичтим эле, бир аз жакшы болуп калдым, – деди
Бесс, муздак колун күйүп жанган маңдайына коюп.
– Апам үйдө болсо эмне! – деп ийди Жо, апасынын китебин алып. Бир бетти окуду да, Бессти карап, маңдайына колун басып, тамагын караган соң,
олуттуу айтты: – Сен бир жумадан ашык күн са
йын бала менен болуп жүрдүң, ошондуктан ооруп
каласың го деп корком, Бесс. Ханнаны чакырайын,
ал оорулардын баарын билет.
– Эмини киргизбе, ал скарлатина менен ооруган эмес, жугуп калып жүрбөсүн. Мег экөөң кайра
ооруп калбайсыңарбы? – деп сурады Бесс чочулап.
– Менимче, оорубайбыз. Оорусам ооруп кала
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
йын, чала болот эле мага окшогон манчыркаган
чочкого! Сени жиберип коюп, болбогон бирдемени
жазымыш болуп отурдум! – деп күбүрөгөн Жо Ханна менен кеңешейин деп чечти.
Байкуш Бесс дароо туруп, ишке киришти да,
Жону кыжалат болбо, скарлатина бардыгында болот жана андан эч ким өлгөн эмес деп ишендире
баштады. Жонун көңүлү бир аз жайланып, Ханна
менен Мегди чакырганы кетти. Анан көп өтпөй эле
үчөө келип калышты.
– Эми мындай кылабыз, – деди Ханна, Бессти
карап, сурамжылап бүткөндөн кийин. – Доктор
Бэнгсти чакыралы, ал сени текшерсин, балким, биз
жаңылышкан чыгарбыз. Эмини убактылуу Марч
жеңеникине жибере туралы, болбосо ага да жугуп
калышы мүмкүн. Силердин бирөөңөр жумуштан
калып, бир-эки күн Бессти карагыла.
– Албетте, мен калайын, улуусумун да, – деди
Мег. Кыжалат болуп, абийири да кыйнап турганы
көрүнүп турду.
– Жок, мен калам. Ал менин айыман ооруп
калды. Бардык тапшырмаларды өзүм аткарам деп
апама убада бердим эле, бирок аткарган жокмун, –
деди Жо өкүм үн менен.
– Сен кимди каалайсың, Бесс? Бирөө болсо жетишет да, – деди Ханна.
– Жо калсын. – Бесс эжесинин көкүрөгүнө башын жөлөп, маселени биротоло чечти.
– Эмиге жеңеңкине барасың деп айтайын, – деди
Мег кетип баратып. Ал бир аз таарынгандай болгону
менен жеңилдей түштү, анткени, Жодон айырмаланып, ооруган кишини караганды сүйчү эмес.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Эми жини келип, Марч жеңеникине баргандан
көрө скарлатина менен ооруганым жакшы деп чыкты. Мегдин жалынып жалбарганы, өтүнгөнү, буй
рук кылганы таасир этпеди. Ал эч качан барбайм
деп салтанаттуу ант берген соң айласы кеткен Мег
Ханна менен кеңешкени кетти. Лори конок бөлмөгө
кирсе, Эми жаздыкка бетин басып ыйлап жатыптыр. Лорини боор ооруйт го деп баарын төкпөй
чачпай айтып берди эле, ал колун чөнтөгүнө салып,
ойлонгондой кабагын салып ары-бери басып турду.
Анан Эминин жанына отурду да, жайгара
сүйлөдү:
– Менин оюмду уккуң келсе, акылдуу айым бол
да, тигилердин айтканын кыл. Болду, болду эми,
ыйлаба, уксаң, менин оюма бир нерсе келди. Сен
Марч жеңеникине барасың, а мен болсо күн сайын
келип, сени ойнотуп, сейилдетип турам. Экөөбүз
аябай жыргайбыз. Бул жерде ыйлап отургандан
көрө ошол жакшы эмеспи?
– Мени жолтоо болуп жаткандай айдаганы жатышпайбы, – деп баштады Эми таарынып.
– Койчу, сени оорубасын деп ушинтип атышат
да. Сен ооругуң келбейт, ушундайбы?
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
– Албетте, келбейт, бирок баары бир ооруйм го,
анткени Бесс менен чогуу жүрдүм да.
– Ошол оорубай калыш үчүн сен сөзсүз кетишиң
керек. Менимче, аба менен чөйрөнү алмаштыруу
оорубай калышыңа жардам берет, ал эми ооруп
кала турган болсоң, тезирээк айыкканга көмөк болот. Мен сага тезирээк кет деп кеңеш берер элем.
Скарлатина, мисс, тамаша эмес.
– Бирок Марч жеңеники абдан көңүлсүз, өзү да
абдан ачуулуу, – деди Эми коркуп.
– Зерикпейсиң, мен күндө барып, Бесстин кабарын айтып, ойнотуп, сейилдетип турам. Карыган
леди мени жакшы көрөт, мен да ага жакшы мамиле
жасайм, ошентип ал наалыбайт го деп ойлойм.
– Сен мени кичинекей экипажга түшүрөсүңбү?
– Сөз берем.
– Күн сайын келип турасыңбы?
– Ооба.
– Бесс айыгары менен кайра алып келесиңби?
– Дароо.
– Театрга алып барасың?
– Эгер үлгүрсөк, он чакты театрга алып барам.
– Болуптур... анда... барайын, – деди Эми акырын.
– Азамат! Мегди чакыр да, барам деп айт, – деди
Лори, Эмини далыга таптап. Эминин буга ачуусу
келе түштү.
Ылдый түшкөн Мег менен Жо бул укмушка таң
калышты, ал эми өзүн сүйүктүү сезе түшкөн Эми
доктур Бессти оорулуу деп айтса, Марч жеңеникине
кетем деп убада берди.
– Ал кантип атат, байкуш? – деп сурады Лори
кыжалат болуп, анткени Бессти абдан жакшы көрчү.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Апамдын керебетинде жатат. Кичине жакшы болуп калды. Баланын өлүмү ага катуу таасир
этиптир. Суук тийген го деп ойлоп турам. Ханна
да ошенткени менен бир аз коркконсуп турат, аны
көрүп кыжалат болуп атам, – деп жооп берди Мег.
– Дүйнөң менен куруп кал! – деди Жо, чачын
уйпалап. – Бир балээден кутула албай жатсаң, экинчиси басып калат. Апам да жок, эмне кыларымды да
билбей калдым.
– Чүткөр болбо, сага жарашпайт. Чачыңды
жаткыр да, айт, апаңа телеграмма жөнөтөйүнбү
же жөн эле коёюнбу? – деп сурады Жонун чачын алдырып таштаганына эч көнө албай жүргөн
Лори.
– Ушул мени ойлондуруп турат, – деди Мег.
Менимче, эгер Бесс чындап эле ооруп калган болсо, биз апама кабар беришибиз керек, бирок Ханна
апам атамды таштап келе албай турган болгондуктан, бул кабар аны кыжалат гана кылат деп жатат.
Бесс тез эле айыгат жана Ханна эмне кылышты билет, апам болсо Ханнанын тилинен чыкпагыла деп
айткан. Сыягы, биз ага баш иебиз го.
– Мм, билбейм. Доктур келип кеткенден кийин
чоң атам менен да сүйлөшүп көрбөйсүңөрбү.
– Сөзсүз. Жо, бар да, доктор Бэнгсти чакырып
кел, – деп буйрук берди Мег. – Ал келмейинче биз
эч нерсе кыла албайбыз.
– Сен отура бер, Жо. Бул үйдө мен чабаганмын, –
деди Лори, шляпасын алып.
– Сенин колуң бош эмес го, – деди Мег.
– Жок, мен бүгүнкү сабактардын баарын аткарып койгомун.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
– Сен каникулда да окуй бересиңби? – деп сурады Жо.
– Кошуналардан үлгү алам, – деп жооп берди
Лори, өкчөсү менен кайрылып бөлмөдөн чыгып баратканда.
– Бул баладан үмүтүм чоң, – деди Жо, кашаадан
секирип өтүп бараткан Лорини жылмая карап.
– Өз жашындагы бала үчүн... бул бала абдан
жакшы, – деп койду Мег көңүлкош.
Доктор Бэнгс келди да, Бессте скарлатинанын
бардык белгилери бар, бирок тез эле айыгат болуш керек деди. Анан Хаммелдерди угуп кабагы
бүркөлө түштү. Эмини дароо кетсин дегендиктен,
ал дары-дармектерди алып, Жо менен Лоринин
коштоосунда толкунданган бойдон кетти.
Марч жеңе аларды адаттагы меймандостугу менен тосуп алды.
– Эми эмне керек болуп кетти силерге? – деп
сурады көз айнегинин артынан теше карап. Отургучтун аркасында отурган тоту кушу кыйкырып
ийди:
– Жогол! Балдар келбейт бул жерге!
Лори терезе жакка басып кетти, Жо иштин жа
йын түшүндүрдү.
– Ушундай болорун билгемин. Кедейлердин
арасында жүрсөңөр, ушундай болосуңар да. Эми
оорубаса, калып, мага жардам берсин, бирок өңү
жакшы эмес, шек санап турам. Ыйлаба, балам, ыйлаганды жаман көрөм.
Эми ыйлаганы калды, бирок ушул учурда Лори
тоту кушту куйругунан тартып койду эле, тиги кыркырап: «Кудай, батинкемди жалгай көр!» – деп кый276
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
кырып ийди. Ыйлаганы турган Эми чыдай албай
күлүп жиберди.
– Апаңар эмне деп жазып атат? – деп сурады
карыган леди кыртышы сүйбөй.
– Атам жакшы болуп калыптыр, – деп жооп
берди Жо, олуттуу түрүн бузбаганга аракет кылып.
– А, ошондой бекен? Анда тез эле онолуп кетет
болуш керек. Марч башынан эле жалакай эмес болчу. – Жооп ушундай болду.
– Ха-ха! Капаланба! Бир жыттам тамеки ал.
Көрүшкөнчө, көрүшкөнчө! – деп чайылдады тоту
куш, анан тыбырчылап, карыган лединин чепчигин
апчып алды, анткени Лори аны артынан сайып койгон эле.
– Үнүңдү бас, карыган шайтан! А сен, Жо, үйгө
дароо жөнө, бул бекерчи бала менен кечинде жүрө
бербей...
– Үнүңдү бас, карыган шайтан! – деп кыйкырган тоту куш отургучтан бери умтулуп, кийинки
сөзгө боору катып күлүп аткан «бекерчи баланы»
чокумак болду.
«Чыдай албайм деп корком, бирок аракет кылам», – деп ойлоду Марч жеңе менен калган Эми.
– Жогол сен, каракчы, – деп чайылдады тоту
куш, Эми чыдай албай ыйлап ийди.
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Он сегизинчи бап
КАЙГЫЛУУ КҮНДӨР
есс чындап эле скарлатина менен ооруп
калды жана абалы Ханна жана доктордон башкалар
ойлогондон алда канча жаман болуп чыкты. Кыздар оору жөнүндө эч нерсе билишчү эмес, мистер
Лоренске болсо оорулууну көргөнгө уруксат беришкен жок, ошентип Ханна өз билгениндей дарылап жатты. Колу бошобогон доктор Бэнгс колунан келишинче аракет кылды, бирок ал да көбүнчө
Ханнага ишенди. Оору Кингдердин үйүнө да жукпасын деп Мег үйдө болуп, чарба менен алек болуп жатты. Ал бир топ чочулап, ал турсун Бесстин
оорусу жөнүндө айтылбаган узун каттарды жазып
жатканда, өзүн айыптуу сезип да жүрдү. Мег апасын алдоону туура көргөн жок, бирок Ханнага баш
ийүү буйрук кылынган эле, ал болсо «буга окшогон майда-чүйдө нерселерди жазып миссис Марчты
кыжалат кылууга болбойт» деп кашайып койду. Жо
өзүн баш-оту менен Бесске арнап, күнү-түнү жанында болуп атты, бирок бул кыйын деле болгон
жок, анткени Бесс абдан чыдамкай болгондуктан,
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
бардыгын үн чыгарбай көтөрө берди. Бирок кээде
жөөлүп, кыркыраган үнү менен бир нерселерди
айтып, сүйүктүү пианиносунда ойногондой жуурканда ойноп, ырдаганга аракет кылчу, бирок тамагы
шишип кеткендиктен, анте алчу эмес. Кээде жанында отургандарды тааныбай, башкалардын атын айтып, апасын жалбарып чакырчу. Андайда Жо коркуп, Мег апама чынын жазалы деп жалдырачу, ал
турсун Ханна да «азырынча коркунуч жок, бирок
ойлонуп көрөйүн» дечү. Вашингтондон келген кат
ого бетер кыжалат кылды: мистер Марчтын оорусу
кайра кармап, жакын арада келе албайт экен.
Күндөр кайгылуу болуп, айлана томсоруп,
эже-сиңдилердин иштеп жатканда ойлонгон сайын
жүрөгү сыздап, баягы бактылуу үйдү өлүм көлөкөсү
каптап турду. Ошондо Маргарет жалгыз көз жашын тамызып сайма сайып отуруп, мурун кандай
бай жашашканын, андай байлыкты, сүйүүнү, жыргалчылык менен ден соолукту эч кандай акчага сатып алууга мүмкүн эместигин түшүндү. Ошондо
караңгы бөлмөдө оорудан кыйналган сиңдисин карап, анын алсыраган үнүн угуп отурган Жо Бесс
тин жан дүйнө сулуулугун, башкаларды назик
сүйгөндүгүн, анын башкалар үчүн жашаганын баа
лаганды үйрөндү, анын жөнөкөй асыл сапаттары
талант, байлык же сулуулуктан жогору турарын
аңдады. Ал эми сүргүндө жүргөн Эми болсо үйдү
эңсеп, Бесс үчүн талбай иштейт элем, эч кандай жумуш оор же тажатма болбойт эле деп ойлоп, байкуш Бесс анын унутуп койгон иштеринин канчасын
аткарып жүргөнүнө өкүнүп жатты. Лори да жаны
жай таппай үйгө келе берчү, ал эми мистер Лоренс
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
кечке маал ойноп берип, жарпын жазган кичинекей
кошунамды эстетпесин деп роялды жаап таштады. Бардыгы Бессти жоктоп жатышты. Сүт сатуучу, наабайчы, дүкөнчү жана касапчы – баары аны
сурап жатышты, байкуш миссис Хаммел Миннага
кепиндикке кездеме сурап келгенде этиятсыздыгы
үчүн кечирим сурады, кошуналар ар түрдүү таттуу
ларын алып келишип, айыгып кетсин деп жатышты. Ал турсун эң жакын адамдары да тартынчаак
Бесстин ушунча досу бар экенине таң калышты.
Ал болсо жөөлүп жатканда да баягы Жоаннасын
унутпай, жанына алып жатып жүрдү. Мышыктарын
абдан сагынды, бирок ооруп калат деп коркуп, алып
келтирген жок. Жону ойлоп да кооптонду. Эмиге
мээримин төгө кат жазып, апасына да жакында кат
жазарымы айтып койгула деп жатты. Атам мени унутуп калды дебесин деп кат жазганга камынып жүрдү.
Бирок көп өтпөй эле эсине келе калган мындай учурлары азайып, сааттар бою чабалактап жөөлүп же уйку-соонун арасында жата бере турган болду. Доктор
Бэнгс күн сайын эки маал келет, Ханна түнү менен
уктабай отурат, Жо жанынан чыкпайт. Мегдин столунда жазылган даяр телеграмма жатты.
Биринчи декабрда чындап кыш түштү: ызгаардуу шамал согуп, кар жаап жатты жана жыл аяктай
тургандай болуп турду. Эртең менен келген доктор
Бэнгс Бессти карап туруп, анан ыпысык колун кармап, кайра акырын койду да, Ханнага акырын айтты:
– Эгер миссис Марч күйөөсүн таштап келе алса,
кабар жибериш керек.
Ханна үнсүз баш ийкеди, бирок эриндери титирей түштү. Мег креслого кулап түштү, сыягы жана280
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
гы сөздөр биротоло алдан
тайдыргандай болду. Жо
купкуу болуп бир аз турду да, анан конок бөлмөгө
чуркап барып телеграм
маны алып, пальтосун
кийди да, бороонго чуркап чыкты. Көп өтпөй эле
кайтып келип, пальтосун
шыбыш алдырбай чечип жатканда, Лори мистер
Марч кайра оңолуп келатыптыр деген катты алып
келип калды. Жо катты окуп ыраазы болгонсуганы
менен жүрөгү дагы эле сыздап, өңү ушунчалык кайгылуу болгондуктан, Лори сурап ийди:
– Эмне болду? Катуу ооруп атабы?
– Апама телеграмма жибердим, – деди Жо, батинкесин чечип жатып.
– Койчу, Жо! Сен аны өзүң билип жөнөттүңбү?деп сурады Лори, анан колу титиреп жатканын байкап, стулга отургузду да, чече албай жаткан батинкесин чечти.
– Жок, доктор айтты.
– О, Жо, ошончолук катуубу? – деп ийди Лори
коркуп кетип.
– Ооба. Бизди тааный албай, ал турсун туш кагаздагы жүзүмдүн жашыл жалбырактарын жашыл
көгүчкөндөр деп да айта албай калды. Баягы Бессим жок, жардам бере турган да эч ким жок. Апам
менен атам Вашингтондо, кудай болсо алыста, жетиш кыйын.
Байкуш Жонун көзүнөн жашы куюлуп,
караңгыда бараткандай колу менен кайсалаганда,
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
Лори аны колунан алып, тамагына бир нерсе тура
калгандай болуп араң шыбырады:
– Мен жаныңдамын. Мага таян, Жо, алтыным.
Ал сүйлөй алган жок, бирок досунун колун
кысканы бир аз да болсо жубатты. Лори абдан назик, жубата турган бир сөз айтайын деди эле, бирок
эч нерсе оюна келбей, адатта апасы сылагандай Жонун башынан назик сылап тура берди. Анын колунан келгени ушул болду, бирок мунун таасири ар
кандай сөздөн күчтүү болуп, Жо анын боору ооруп
турганын туйду. Көп өтпөй эле көз жашы токтоп,
бир аз жеңилдей түшкөн соң, ыраазы болуп карады.
– Ыракмат, Тедди, бир аз жеңилдей түштүм.
Өзүмдү мурункудай жалгыз сезбей, бардыгына
даяр болуп калдым.
– Үмүтүңдү үзбө, ал сага жардам берет, Жо. Жакында апаң да келет, анан баары жакшы болот.
– Атам жакшы болуп калганына кубанып атам,
эми апам аны калтырып келе бере алат. Кудай ай!
Кырсыктын баары бир келип, эң оору мага түштү
окшойт, – деп үшкүрдү Жо, тизесиндеги ным
жүзаарчысын кургасын деп бүктөп жатып.
– Мег жардам бербейби? – деп сурады Лори
нааразы болуп.
– Ал аракет кылат, бирок Бессти мендей жакшы көрө албайт. Бесс да мени жоктоп турат дайым.
Бесс – менин абийирим, мен аны жогото албайм.
Жогото албайм!
Жо жүзүн кайра ным бетаарчысы менен жаап,
буркурап ыйлап ийди, анткени мурунку күндөрү
ыйлабай жүргөнү үчүн бук болуп калган окшойт.
Лори көзүн басып, титиреген эриндерин токтот282
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
кончо сүйлөгөн жок. Балким, бул эркектин жоругу
эместир, бирок ал өзүн токтото албай койду. Акырында Жонун ыйы басаңдай түшкөндө, үмүт менен
мындай деди:
– Мен анын өлөрүнө ишенбейм, ал ушундай
жакшы, биз баарыбыз аны сүйөбүз. Кудай аны тез
эле алып кетип каларына ишенбейм.
– Жакшы, сүйүктүү адамдар дайыма өлүп калат, – деди Жо, бирок ыйын токтотту. Досу өзү
коркуп турганына карабастан анын сөздөрү Жону
кайраттандырды.
– Байкушум, сен такыр эле болбой калыпсың.
Сен мындай эмес элең го. Болду, мен сени азыр заматта өзүңө келтирем.
Лори эки баскычты бир аттап чуркап кеткен соң
Жо башын Бесстин кичинекей күрөң капоруна коюп
отурду. Аны столдон алып койгонго эч кимдин колу
барган эмес. Сыягы, уяң ээсинин руху анда да калган окшойт, анткени Лори келгенде Жо жылмайып,
кадимкидей өзүнө келип калган экен.
– Менин Бессимин ден соолугу үчүн! Сен мыкты доктурсуң, Тедди жана ушунчалык ишенимдүү
доссуң. Мен мунуңду кантип актайм? – деди ал,
шарап денесине күч бергенин туюп.
– Убагы келгенде, эсепти жөнөтөм, азырынча
жүрөгүңдү шараптан да күчтүүрөөк ысыта турган
бир нерсе берем, – деди ал, өзүнө өзү ыраазы болгонун жашыра албай.
– Ал эмне? – деп ийди Жо, кайгысын дароо унутуп.
– Кечээ мен апаңарга телеграмма жибергем,
Брук анын келе тургандыгын билдирди. Ал бүгүн
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
кечинде келет, анан баары жакшы болот. Буга
кубанасыңбы?
Лори быдылдап сүйлөп, кыпкызыл болуп кетти жана толкундап турду, анткени кыздарга уят боломбу же Бесске зыяны тийип калабы деп планын
эч кимге айткан эмес. Жо купкуу болуп кетти да,
ордунан атып туруп, досунун мойнунан кучактап,
кыйкырып ийди:
– О, Лори! О, апа! Мен ушунчалык кубаныч
туумун!
Бул жолу ал ыйлаган жок, күлүп, титиреп,
бул күтүүсүз кабардан улам эс-акылынан ажырай
түшкөндөй досуна ыктады.
Лори таң калганы менен өзүн жоготкон жок: далысынан эркелете сылап, анын өзүнө келе баштаганын сезип, уялыңкы бир-эки өөп алды. Жо өзүнө
келе түштү да, периланы кармап, Лорини жумшак
түртүп, күбүрөдү:
– О, жок, кереги жок! Мен минтейин деген эмесмин, эмне кылып койдум. Бирок сен азаматсың,
Ханнага карабай туруп ушуну кылдың, ошондуктан
сени кучактабай коё албадым. Баарын айтып бер,
анан мага шарап бербе, көрдүң го эмне болгонун.
– Мен каршы эмесмин, – деп күлдү Лори га
лстугун оңдоп. – Мен да, чоң атам да аябай кыжалат болдук. Анан Ханна өзүм билемдик кылып
атат, апасы баарын билиш керек деп ойлодук. Эгер
Бесс... Бесс бирдеме болсо, ал бизди эч качан кечирмек эмес. Ошентип, мен акырында чоң атамды
ынандырдым да, почтону көздөй чуркадым. Доктур
кечээ абдан кыжалат болгонунан Ханнага телеграмма жөнөтөлү деп айтсам, башымы жулуп ала
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
жаздаган. Мен мага буйрук бергенди жаман көрөм,
бул да мага түрткү болду окшойт, анан ошентип телеграмма жөнөтүп ийдим. Апаң келет, мен билем.
Акыркы поезд түнкү саат экиде келет, мен барып
тосуп келем. Силер болсо өзүңөрдү кармап, апаңар
келгенче, Бесстин тынчын албай тургула.
– Лори, сен периштесиң! Ушунуңду качандыр
бир кезде актаар бекемин?
– Дагы бир жолу кучактачы, мага жагып калды, – деди Лори эки жумадан бери биринчи жолу
шоктонуп.
– Жок, ыракмат. Мен эми муну чоң атаң келгенде ортомчу аркылуу кылам. Эми жиниме тийбей,
үйүңө барып эс ал, түнү менен уктабай чыкканы
жатпайсыңбы. Кудай жалгасын сени, Тедди!
Жо бурчту карай кетенчиктеди, анан сөзүн
бүткөн соң ашканага кирип кетти да, столго отуруп,
чогула калган мышыктарга: «бактылуумун, ах, кандай бактылуумун!» – деп айтты. Лори болсо иш
оңунан чыкты деп үйүнө кетти.
– Мындай өжөр, тажатма баланы өмүрүмдө
көргөн эмесмин, бирок мен аны кечирдим жана
миссис Марч келип калат деп үмүттөнөм, – деди
ал Жо жакшы кабарды айткандан кийин жеңилдей
түшүп.
Мег абдан сүйүндү жана Жо оорулуунун
бөлмөсүн иретке келтирип, Ханна «күтүүсүз коноктор» келгенде жасай сала турган пирог бышырып жатканда, Лори алып келген катты окуп ойлонуп отурду. Үйгө таза желаргы киргендей, тынч
бөлмөлөргө күн нуру жарык чачкандай боло түштү.
Бардыгы муну туйгандай болушту: Бесстин чым285
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
чыгы кайра сайрай баштады, терезеде турган Эминин гүлүндө бир гунча пайда болгонун байкашты,
каминдеги от демейдегиден жарыгыраак күйүп,
кыздар бири-бирине кездеше калган сайын жайнай
түшүп, бирин-бири кучактап: «Апам келатат, алтыным! Апам келатат»! – деп шыбырап жатышты.
Бесстен башканын баары сүйүнүп жатышты, тиги
байкуш болсо үмүттү да, кубанычты да, шектенүүнү
да, коркууну да билбей жата берди. Анын өңү боор
ооругудай эле: баягы кыпкызыл беттен дайын жок,
иштен тажабаган кичинекей колдору шалдайып
жатат, жылмайып турчу эриндери кыймылсыз,
дайыма таралып турчу чачы уйпаланып, жаздыкта
жайылып жатты. Кээде гана бир аз козголуп, кургаган эриндерин кыбыратып: «Суу!» демиш болгону
болбосо керели кечке ушинтип жатты. Жо менен
Мег күнү бою жанынан жылышкан жок, кудайга,
апасына ишенип, ошолорго жалынып-жалбара беришти. Күнү бою шамал ышкырып, кар жаап, саат
жебеси жылбай турду. Акырында түн кирип, саат
каккан сайын төшөктүн эки жагында отурган эжесиңдилер кымыңдап сүйүнө тиктеше түшүп жатышты, анткени ар бир саат жардамды жакындатып
жаткан. Доктур келип, түн жарымда Бесстин абалы
оңолот же начарлайт, ага чейин келип кетем деди.
Чарчап суй жыгылган Ханна төшөктүн аяк жагындагы диванга жата кетти да, тез эле уктап кетти. Конок бөлмөдө мистер Лоренс ары-бери тынбай
басып, миссис Марчтын үйгө киргендеги корккон
өңүн көргөндөн көрө козголоңчул түштүктүктөрдүн
батареясы менен бет келишсем жеңил болмок деп
ойлонуп жатты. Лори килемде уктамыш болуп
КИЧИНЕКЕЙ АЙЫМДАР
жатканы менен оттон көз албай карап жатты жана
ушундан улам көздөрү абдан назик тартып, жалжылдап турду.
Кыздар бул түндү өмүр бою эстеп калышты.
Уйкулары качып, өздөрүнүн ушунчалык алсыз экенин туюп, нөөмөттө туруп жатышты.
– Эгер кудай Бессти сактап калса, мен эч качан
эч нерсеге даттанбайм, – деп шыбырады өрөпкүгөн
Бег.
– Эгер кудай Бессти сактап калса, мен аны
сүйүп, ага өмүр бою кызмат кылам, – деп жооп берди Жо ошондой эле өрөпкүгөн таризде.
– Ушинтип ооругандан көрө жүрөгүм жок болуп калса болмок экен, – үшкүрдү Мег бираз унчукпай калып.
– Эгер жашоодо тез-тез эле ушундай кыйын
чылыктар боло берсе, кантип жашайбыз, билбейм, –
деп кошумчалады сиңдиси үмүтү үзүлгөндөй.
Ушул учурда саат түн жарымды сокту да, экөө
тең өздөрүн унутуп, Бессти карап калышты, анткени
анын купкуу өңүндө бир өзгөрүү болуп жаткандай
сыяктанды. Үй бейиттей тунжурап, муну шамалдын
улуганы гана бузуп жатты. Суй жыгылып чарчаган
Ханна баягыдай эле уктап аткан, ошондуктан оорулууга түшкөн көлөкө сыяктуу бүдөмүк немени эжесиңдилер гана көрүштү. Бир саат өттү, бирок эч нерсе
өзгөргөн жок, бир гана Лори жылып чыгып, станцияга кетти. Дагы бир саат өттү, баягыдай эле тунжураган
тынчтык өкүм сүрүп, бороондон улам поезд кечигип
келеби, же жолдо кырсык болдубу, же болбосо эң жаманы Вашингтондо бир жамандык болдубу деген ойлор кыжалат кылып, жүрөктү өйүп турду.

You have read 1 text from Kırgız literature.
Çirattagı - Кичинекей Айымдар - 14
- Büleklär
- Кичинекей Айымдар - 01Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3972Unikal süzlärneñ gomumi sanı 200931.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.42.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.48.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 02Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 4021Unikal süzlärneñ gomumi sanı 198932.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.48.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 03Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 4051Unikal süzlärneñ gomumi sanı 201831.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 04Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3996Unikal süzlärneñ gomumi sanı 178332.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.51.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 05Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 4031Unikal süzlärneñ gomumi sanı 188232.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.44.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 06Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 4069Unikal süzlärneñ gomumi sanı 185432.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 07Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3951Unikal süzlärneñ gomumi sanı 195729.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.42.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.47.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 08Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3985Unikal süzlärneñ gomumi sanı 199530.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.42.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.47.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 09Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 4037Unikal süzlärneñ gomumi sanı 192232.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.44.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 10Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3964Unikal süzlärneñ gomumi sanı 188832.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.43.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.49.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 11Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 4008Unikal süzlärneñ gomumi sanı 185031.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.44.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 12Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 4065Unikal süzlärneñ gomumi sanı 189332.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.44.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.51.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 13Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 4059Unikal süzlärneñ gomumi sanı 176732.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.44.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.49.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 14Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 4048Unikal süzlärneñ gomumi sanı 186631.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.42.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.48.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 15Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 4139Unikal süzlärneñ gomumi sanı 177532.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.45.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.52.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 16Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 4086Unikal süzlärneñ gomumi sanı 180332.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.45.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.50.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Кичинекей Айымдар - 17Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 431Unikal süzlärneñ gomumi sanı 30347.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.56.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.61.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.