LatinHärber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Жер-суу Аттарынын Сыры - 9
Süzlärneñ gomumi sanı 3686
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1723
26.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
37.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
43.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
келтирилип, бирдей мааниде которулган (84, 760).
Кыргыз тили түрк тилдерине жата тургандыгы белгилүү. Кыргыз элинин узак
кылымдар бою созулган тарыхынын байыркы мезгили территориялык жагынан Енисей,
Алтай менен тыгыз байланышта экендиги тарыхта айкын болуп отурат. Тилинин өнүгүш
тарыхы да жалпы эле түрк тилдеринин өнүгүш тарыхы менен байланышта каралуу менен
бирге, анын ичинде, өзгөчө алтай тилине жана хакас, тува, шор, якут тилдерине жакын
экендиги белгиленип жүрөт (12, 295, 297). Азыркы Кыргызстандын территориясындагы
көп топонимдер белгилүү бир өлчөмдө кыргыз элинин тарыхына тиешелүү болгон көп
окуялардын далили болуу менен бирге, жамаатташ түрк элдеринин ортосундагы тил
жагынан болгон тектештигинин да айкын күбөсү боло алат. Ошону менен бирге жалпы
эле башка бир катар сөздөрдүн түпкү тегин, маанисин табууда ушул аймактагы элдердин
тилдери менен байланыштыра, салыштыра кароо бир кыйла оң натыйжаларды берерине
эч бир күнөм кылууга болбойт.
Биздин оюбузча, кыргыз тилинин тарыхый өнүгүшүндөгү бир кездеги жакын
байланыштын күбөсү катарындагы ысык деген сөздүн сүйкүмдүүлүктү, кооздукту
билдирген мааниси бир кыйла айкын жана даана түрүндө өз алдынча сөз бойдон хакас
тилинде сакталып калгандыгы байкалат.
Кыргыз тилине абдан жакын саналган хакас тилиндеги бул сөздүн бир мааниси,
асиресе, жер көркүнө карата айтылган мааниси, көңүлүбүздү айрыкча өзүнө бурат.
«Хакасча-орусча сөздүктө» истiг формасында 2 омоним сөз келтирилип, анын
биринчисинде: « истiг I I. 1) удобный ; 2) привычный: 3) уютный: 4) приятный,
симпатичный: 5) красивый (о местности):» маанилери берилген (241, 70). Булардын
ичинен бизди айрыкча кызыктырганы 4, 5-маанилери.
Бул форма кыргыз тили үчүн да өөн эмес: кыргыз тилинин түштүк говорунда бул сөз
ыстык түрүндө колдонулат. Бул абал К. К. Юдахиндин сөздүгүндө да белгиленген (939бет).
Ал эми жогорку температураны көрсөткөн сөз хакасча (1. жара: жар: 2. 1) жаркий,
знойный: 2) горячий; 3) жарко формасында бөлөк, өз алдынча берилген.
Эң акырында ысык, ысыктык деген сөздөрдүн «теплый», «приветливый»,
«сердечная теплота», «любовь» маанилери байыркы түрк тилдеринин сөздүгүндө да
көрсөтүлгвндүгүн айрыкча белгилей кетмекчибиз (54, 213).
Жогоруда келтирилген фактылардан улам, ысык деген сөздүн сүйкүмдүүлүктү,
кооздукту, суктандырган сулуулукту билдирген маанисин жогорку температураны,
аптапты билдирген мааниси менен чаташтырбай ажырата кароонун зарыл экендиги ачык
көрүнүп турат. Бирок ысык (горячий) деген сөздүн илептүү сезимди билдирген өтмө
мааниси сүймөнчүлүктү көрсөткөн мааниси менен кандайдыр бир өлчөмдө үндөшүп кете
тургандыгын, ал түгүл кээде толук дал келише тургандыгын белгилей кетүүгө тийишпиз.
Салыштырыңыз: ысык салам — ысык дос.
Бул сөздүн маанилерин так ажырата айырмалоонун орчундуу белгиси: жогорку
температураны билдирген ысы, ысык сөздөрүнөн ысыла, ысылы-суук, ысылык, ысын,
ысыт, ысытма, ысыкта, ысыктан сыяктуу сөздөр жасалып, сөз түзүлүшү жагынан
активдүү болсо, сүйкүмдүүлүктү, сулуулукту, таң калтырган кооздукту билдирүүчү ысык
сөзүнөн ошол эле жакшы көргөндүктү, таттуулукту, ынактыкты жалпылап көрсөткөн
ысыктык (кээде: ысыкчылык) деген сөздөн башка жогоркудай активдүү сөз жасалыш
жолдору байкалбайт.
Ушинтип, Ысык-Көл топониминдеги ысык деген сөздүн сүйкүмдүүлүк, жүрөккө
жакындык маанисин баса көрсөтүүдөн улам, ушуга жакын маанидеги ойду билдирген
башка пикирлер да пайда боло баштады. Ушуга байланыштуу ысык деген сөздү ыйык
деген сөз менен байланыштыра караган Э. М. Мурзаев менен С. Ө. Өмүрзаковдун
пикирлерин бир кыйла жүйөлүү деп ойлойбуз (147).
Ысык-Көл гидроними жөнүндөгү жогоруда айтылгандарды жыйынтыктай келип
төмөнкүдөй корутунду чыгарууга болот.
1. Ысык-Көлдүн аталышында анын биринчи компонентинин жогорку
температураны, аптапты билдирген мааниси негизги ролду ойнобойт. Көлдүн
тоңбогондугу суунун ысык же жылуу температурада болушу менен эмес, көлдүн
тереңдиги, суусунун оошуп-алмашып туруусу, туздуулугу жана өрөөндүн климатынын
жумшактыгы менен түшүндүрүлөт.
2. Талдоого алынып жаткан гидронимдин сүйкүмдүүлүктү, жүрөккө жакың,
суктантып, көңүл тартарлык көрүнүштү, сулуулукту билдирүүчү ысык сөзүнөн улам келип
чыгышы объектинин табиятына толук ылайык келет жана топонимикалык ишенимдүүлүгү
жагынан да абдан жүйөлүү. Анын үстүнө жүрөккө жакындык, сулуулук, жаратылыштын
суктандырган көркү жөнүндө кеп болгондо «ысык» — көбүнесе көр («видеть, увидеть,
смотреть, глядеть, осмотреть, обозреть») этиши менен айкалыша келиши өзгөчө
мүнөздүү. Ысык сөзүнүн жогоруда белгиленип кеткен маанилери менен катар
суктанарлык сонун сулуулукту билдирген ушул мааниси жалпы түрк тилдеринде, анын
ичинде кыргыз тилинде, байыртан эле болгон, бирок кийинчерээк активдүү колдонулбай
кеткен деп эсептөө керек. Айрым түрк тилдеринде мисалы, хакас тилинде бир катар
маанилери менен катар, сулуу, сонун, кооз маанисинде жер-суунун көркүнө карата
колдонулушу, бул сөздүн ошол негизги маанилеринин бири ушул күнгө чейин сакталып
калгандыгына күбө болот.
3. Жогоруда айтылган пикирлерге жана келтирилген мисалдарга, фактыларга
таянып, ысык деген сөздүн орус тилине которгондогу топонимакалык «милый, приятный,
горячо любимый, привлекательный, чарующий, хороший, красивый, прекрасный»
маанилерине негиздеп келип, Ысык-Көлдү орус тилине «Прекрасное озеро» эквиваленти
менен берүү толук ылайык келет деп ойлойбуз.
ЖЕТИ-ӨГҮЗ
Жети-Өгүз Ысык-Көлдүн түштүк-чыгыш тарабындагы анчалык бийик эмес аскалуу
жер. Жазуучу Райкан Шүкүрбековдун:
Жети-Өгүзгө жеткен кезде карасаң,
Тизмектелген укмуш кызыл жар турат,
– деген ыр саптары да так ушул аска, жар жөнүндө. Ушул жерге союздук мааниге ээ
болгон Жети-Өгүз курорту да жайгашкан. Капчыгай ылдый Ысык-Көлдү бет алып аккан суу
да Жети-Өгүз суусу деп аталат. Ушул суунун боюна орношкон село да, ушул аймактагы
район да Жети-Өгүз наамында. Курорттон жогору өрдөп кеткен карагай-черлүү тоолуу
район мамлекеттик корукка айландырылып, анда ар түрдүү айбанаттар, тукуму абдан
азайып кеткен жырткыч аңдар да өздөрүнө ылайыктуу ыңгайлуу жай табышкан. Табигый
кооздугу менен көргөн жанды өзүнө тартып суктандырган бул жердин эмне үчүн ЖетиӨгүз болуп аталып калышы жергиликтүү калкты да, биринчи көргөн башка адамдарды да
кызыктырбай койгон жок. Жергиликтүү адамдар бул жердин аталышы жөнүндө бирибиринен айырмаланган ар кандай түшүндүрүүлөрдү беришет. Биринин түшүндүрүүсүн
экинчи бирөөлөрү оңдоп же тактаган болушат. Эки сөздөн турган бул топонимдин
биринчи компоненти эч кандай талашты туудурбайт, «жети» сөзү бардык түрк тилдеринде
бир аз фонетикалык өзгөрүүдө бири-биринен өзгөчөлөнүп айтылганы менен бардыгында
тең ачык-айкын «7» санын көрсөтөт. Талаш-тартышка, күмөндөнүүгө алып келип жаткан
— топонимдин экинчи компоненти — «өгүз» деген сөз. Маселе жердин атын
түшүндүрүүгө келгенде бул сөздүн чындыкка анчалык коошпогондугунда, көңүлдү уюткан
ишенимдүүлүккө ээ бол о албагандыгында турат. Шектенүү эмне себептен келип
чыккандыгын ачык-айкын көз алдыга келтирүү үчүн бул топоним кандайча түшүндүрүлө
тургандыгын жана башка дагы кандай сөздөр менен байланыштырып түшүндүрүү
аракеттери бар экендигин карап көрөлү.
Жети-Өгүз жөнүндө эл оозунда көп эле легендалар бар. Ал легендалар да ар
түрдүү болуп, биринен-бири аздыр-көптүр айырмаланат. Алар канчалык чындыкка жакын
жана канчалык ишенимдүү экендигин билүү үчүн белгилүү орус жазуучусу СоколовМикитовдун 1940-жылы Кыргызстанга келгенде уккан негизги легенданы келтире кетүүнү
ылайыктуу деп таптык.
«— Мен сизге эзелтен калган бир жомокту айтып берейин,— деди кызгылтым
аскаларды көрсөтө берип, бизди коштоп жүргөн шайыр, сөзмөр киши. — Илгери-илгери
ушул тоолорду жердеп, сансыз көп уруу элдерин башкарып, айдыңдуу өкүмүн жүргүзүп
турган эки атактуу хан болгон экен. Бир күнү ач көз, кара мүртөз ханы коңшу хандын ай
десе аркы жок, кун десе көркү жок мөлтүрөгөн сулуу аялын ала качып кетет. Эки уруунун
ортосунда талаш-тартыш, бири-бирин чаап алуу башталат. Мына ошондо кара мүртөз
хандын эстүү-баштуу акылмандары чогулуп акыл-кеңеш беришет: «Касташкан душманың
аялымды кайтарып бергин деп жанды койбоду, элге тынчтык бербеди. Сен анын талабын
орундат. Аялын өлтүргүн да, өлүгүн берип жибер. Талабыңды орундаттым, кайтарып
бергин дедиң эле, мына берип жибердим дегин, Сенин да жаның жай алып, жүрөк
дартың басылат, аял ага да жок, сага да жок болот» дешет.
Акылмандардын кеңеши ач көз ханга абдан жагып калат. Кара ниет оюн ишке
ашыруу учун көп эл чакырып, чоң той бермекчи болот. Тойго келгендердин тамагы учун
жети Кызыл өгүз союлат.
Ошондо, акыркы, жетинчи өгүздү жыгып, союуга киришкенде, кара мүртөз каардуу
хан да баягы көңүлү түшүп тартып келген аялдын жүрөгүнө канжар урган экен. Атып
чыккан ыпысык кан токтоо бербей диркиреп аскаларга чачырап жаба берет. Канжар урган
жерден кан менен кошо оргуштап кайнак суу атылып чыгып, бут өрөөндү каптайт. Баягы
мерез хан эл-журту, укум-тукуму менен, тойго келген кишилер бут бойдон атылып чыккан
кайнак суунун астында калышат. Селдей каптаган ысык суу тойго союлган жети кызыл
өгүздү да агыны менен алып барып, тетиги бийикке шилеп чыгарып таштайт.
— Көрдүңбү, санап корчу: береги жети кызыл аска — ошондогу жети өгүз. Ошол
күндөн ушул күнгө чейин эл бул өрөөндү Жети-Өгүз деп калышкан».
Жергиликтүү элден Жети-Өгүздүн аталышынын бул вариантын сураштырып көргөнүбүздө,
так ушул түрүндө билгендерин учурата албадык, бирок «ушинтип да айтышчу эле, бир хан
кыдыракей коюп алып жети өгүзүн сойдурган дейт, «Жети-Өгүз» деген ат ошондон калган
имиш» деген сыяктуу бирин-эки көңүлкош ырастоолорду гана уктук.
2-легенданы жергиликтүү элдердин, ошол аймакта жашагандардын көпчүлүгү
айтышат. Бири-биринен мазмуну жагынан анчалык айырмаланбаган, ич ара майда
түрлөрү гана бар.
Илгери-илгери бир кишинин (кедейдин, байдын, хандын) жети торпогу болуптур.
Бир күнү аларды бычтыргандан кийин, салкыныраак жерде жүрсүнчү деп, тоого чыгарып
жиберет. Аида бул тоолордун ичи, кокту-колоттору чычкан мурду жөргөлөгүс жыш чер
токой экен. Ошол бойдон торпоктору жоголуп кетип, кийин жетөө тең өгүз болгондо
табылыптыр. Ошондон улам бул жер «Жети-Өгүз» аталып калган дейт.
Көңүл бурарлык бир нерсе: «Жети-Өгүз» наамынын келип чыгышын жергиликтүү
эл тарабынан түшүндүрүүнүн кайсынысы болбосун кадимки эле кыргыздын «өгүз» деген
сөзүнө барып такалат. Ошол сөзгө ылайык ишендире далилдеп берүүгө тырышышат.
Чындыгында эле ушундайбы? Чындыгында эле бул жердин атынын «өгүз» менен
байланышы барбы?
Жер-суунун аттары «бизге көбүнчө алгачкы түрүндө эмес, өзгөргөн же бузуп
айтылган түрүндө жеткендигин» эскертип келип, С. Б. Веселовский: «Изилдөө
жүргүзгөндө баарыдан мурда терминдин туура формасын таап, тактап алуу зарыл» дейт
(34, 26).
Кээде географиялык аттар айтууга жеңилирээк формада өзгөртүлүп колдонулуу
менен бирге, ошол өзгөртүлгөн түрүндө жаңы маани берилип, таптакыр башкача
түшүндүрүү ала тургандыгын, бирок андай учурларды ажырата билүү керек экендигин
советтик көрүнүктүү топонимист В. А. Никонов нечен курдай белгилеп көрсөткөн. Мисал
катарында: Царское село (азыркы Ленинград областындагы Пушкин шаарынын мурдагы
аты) орус сөзүнүн негизинде келип чыкпастан, эстондуктардын саари («арал») деген
сөзүнөн келип чыккандыгын (156,346), Охот деңизинин аты орустун охота («аңчылык»)
деген сөзүнөн келип чыкпастан, ага куйган Оката деген дарыянын наамынан улам пайда
болгондугун (180,58), Яхрома деген өзөндүн аты, князь Юрий Долгоруковдун аялы ошол
жердеги кечүүгө келгенде мүдүрүлүп кетип, «Я хрома!» деп кыйкырып жибергендиктен
аталып калбастан, түндүк орус диалектисиндеги яхр, яхра («суунун тайыз жери») деген
сөзгө байланыштуу экендигин келтирет (55,133).
Ушундай эле географиялык аталыштардын этимологиясын териштирүүдө ал
аймактагы коомдук тарыхый фактыларды, ошол территорияда жашаган калктардын миграциясын, тилдик өзгөчөлүктөрдү жана диалектизмдерди эске алып, ар
кандай топонимикалык легендаларга этияттык менен мамиле кылуу керек экендигин,
анткени алар көп учурларда тарыхый жагынан негизсиз боло тургандыгын А. М. Селищев,
Э. М. Мурзаев, А. П. Дульзон, А. И. Попов баса белгилеп көрсөтүштү.
Бул айтылгандардын бардыгынын тең азыр биз сөз кылып талдоо жүргүзмөкчү
болуп отурган «Жети-Өгүз» топониминин этимологиясын ачууга түздөн-түз тиешеси бар.
Анткени анын түпкү тегин кадимки эле үй малы өгүздөн улам келтирип чыгарганда, бул
легенданы айтып жаткан адам да, угуучу да, кандайдыр бир ишенимдүүлүк жок
экендигин, ал сөзгө жоктон себеп таап эле зордоп байланыштырып жаткандыгын сезип
турат. Дагы бир аз тереңдеп билейин десең эле, «ким билет, эл ушинтип айтып жүрөт»
деген жооп аласың. Экинчи жагынан бул легенда илимий көз караштагы талдоого
таптакыр ылайык келбейт жана эч кандай логикалык байланышы жок. Макул, андай
болсо, «Ак-Өгүз», «Кара-Өгүз», «Өгүз-Ашуу» деген сыяктуу жер аттарын да ушул малга
байланыштырабызбы?
Бир жеринен ак өгүз жоголуп кеткен, экинчи жеринен кара өгүз жоголуп кеткен,
тигил ашуудан өгүз деле ашып кеткен, ошондуктан «Өгүз-Ашуу» деп аталып калган
дейбизби?
«Өгүз» сөзү составында болгон башка дагы бир катар топонимдер бар экендиги,
семантикалык жагынан бул сөздү мал деген түшүнүктө карап, экинчи компоненттери
менен байланыштырган учурда кандайдыр маанисиз бир нерсе болуп кала тургандыгы
топонимикалык иликтөөлөрдү жүргүзүп жүргөн жана топонимдердин жасалуу жолдору
менен тааныш адамдардын көңүлүндө шек туудурбай койгон жок.
Өзбек окумуштуусу X. X. Хасанов Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө окуз деген сөз
жалпы эле сууну, өзөндү билдиргендигин айтып келип, балким ушул маанидеги сөз болуп
жүрбөсүн деген болжолун билдирди (222, 35—36).
Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө окуз, укуз — «озон» маанисин, болгондо да көп
суулуу дарыя маанисин бере тургандыгы айтылат. «Окуз»— Жайхун, Фират сыяктуу
дарыяларга берилген наам». Огуздар бул сөздү өздөрүнүн шаары жайгашкан. Банокат
өрөөнү маанисинде колдонушат. Алардын көчмөнчүлөрү да ушул дарыянын эки
кыргагына жайланышкан. Түрк мамлекеттериндеги бир канча башка дарыялар да ушул
наам менен колдонулуп жүрөт» (123, 1,9 1). Бул маани сөздүктүн I томунун 71, 373беттеринде жана III томунун 166-бетинде дагы кайталанып ырасталат. Окуз, угуз — суу,
өзөн, дарыя маанисинде колдонула тургандыгын С. Е. Маловдун эмгектеринен (117, 440;
118, 105), В. В. Радловдун сөздүгүнөн (184, 1, 1811) жана башка адабияттардан да
учуратабыз.
Бул сөз ошол эле мааниде Казакстандын бир катар гидронимдерин түзө
тургандыгы Е. Койчубаев тарабынан (96, 6), фонетикалык жагынан өзгөргөн формада
Түркмөнстанда кездеше тургандыгы С. Атаниязов тарабынан (8, 16) белгиленип кетет.
Ушул эле угуз хакас тилинин Кызыл диалектинде үндүүлөр ортосундагы г тыбышы
түшүп калып үүс формасында колдонула тургандыгы айрыкча кызыгууну туудурат жана
бул Н. Г. Доможаков тарабынан абдан ишенимдүү түрдө далилденген.
Ушул маанини негиз кылып алуу менен, Кыргызстандагы бир топ топонимдердин
этимологиясын ачып көрсөтүүнүн демилгечиси болгон С. Өмүрзаков Жети-Өгүз
топониминдеги өгүз сөзү суу, өзөн, булак маанисин берет деген пикирин билдирип
атайын бир макала арнады (234, 64—66).
Демек, жогоруда келтирилген фактылардан улам окус, угуз формалары (анын
фонетикалык варианттары менен) суу, өзөн, дарыя маанисин бере тургандыгы талашсыз
болгон сыяктуу. Орто Азиядагы эң ири өзөн Аму-Дарыя байыркы мезгилдердеги тарыхый
жана географиялык чыгармаларда, асиресе грек окумуштууларынын чыгармаларында
Оксус, Окс, ал түгүл Ак формасында сакталып калышы жана аны көп окумуштуулар ушул
окус, угуз сөзүнүн бузулуп айтылган түрү катарында карашы да бул пикирди ырастаган
өңдүү сезилет. Бирок бир факт бул божомолдун талашсыз экендигине катуу шек келтирет.
Атап айтканда тил маселелерин ийне-жибине чейин кылдат текшерип ажырата билген
окумуштуу түрколог В. В. Радловдун эмгегинде суу (демек, озон дагы — Д. И.) угуз, угус
түрүндө гана эмес, угу түрүндө да айтыла тургандыгы көрсөтүлгөн: «угу (уйг) вода» (184,
1,1810). Бул факт белгилүү монголовед Б. Я. Владимиров тарабынан да ырасталат (37,
269). Ал түгүл кыргыздар үчүн белгилүү болгон үйөр деген сөздүн алгачкы уңгусун
(первичный корень) ушул угу менен байланыштуу деп кароого да толук негиздер бар.
Буларга кошумча катарында А. Борне тарабынан суу—уг формасында
берилгендигин, С. Е. Малов тарабынан «окан — река» (117,406) деп көрсөтүлгөндүгүн
ушул жерде белгилей кетүүнү ылайыктуу деп табабыз.
Демек, ушул келтирилген фактылардан улам угус, угуз деген сөздүн өзүн да
айрым-айрым эки бөлүктөн (угу+ус) бириккен сөз катарында кароого туура келет. Бул эки
сөз акырындап отуруп, угу+ус>с — угус схемасындагы эволюцияга учураган деп
божомолдоого болот. Мындагы ус өз алдынча туруп монгол тилинде суу, өзөн түшүнүгүн
билдире тургандыгы белгилүү (133, 463).
Бирок суу маанисиндеги угуз, угус деген сөздөрдүн этимологиясын ачып көрсөтүү
биздин милдетибизге кирбейт, ал өзүнчө талкуулоону, өзүнчө чечилишти талап кылат.
Биздин максатыбыз Жети-Өгүз топонимине байланыштуу сөздөрдүн ага канчалык
катнашы бар экендигин жана канчалык даражада биз талдап жаткан топоним менен
үндөшө тургандыгын билүү болгондуктан, бул сөздүн суу, өзөн, дарыя мааниси бар
экендиги айкын болду деп эсептейбиз.
Мындан тышкары огуз калктын аты менен да байланыштуу болушу мүмкүн
экендигин эскербей кетүүгө тийиш эмеспиз. Ушул жагынан алганда В. М. Жирмунскийдин
пикири көңүл бурууга татыктуу. В. М. Жирмунский Сыр-Дарыянын төмөнкү агымындагы
«Огуз-Жылгасы», «Огуз-Сай» деген жер-суу аттарына талдоо жүргүзүү менен, алар
тарыхта белгилүү огуз урууларынын наамынан болуу керек деген пикирге келет (61,101).
Чындыгында да топонимикада этнонимдерге байланыштуу аталып калган
топонимдер абдан көп кездешет жана алар топонимдердин бир кыйла бөлүгүн түзө
тургандыгы белгилүү.
Бирок «өгүз» сөзү менен байланыштырылып жогоруда келтирилген үч факт тең
Жети-Өгүз топониминин этимологиясын чечүүдө тиешелүүлүгү жок деп ойлойбуз.
Бул пикирге келүүбүздүн себеби — топонимикалык изилдөөлөрдү көбүрөөк жүргүзүп,
анда кездешүүчү өйдө-ылдый жаңылыштыктарды кылдаттык менен баамдап калган бир
катар изилдөөчүлөрдүн: топонимист географиялык аттардын ар кандай түзүлүү жолдору
бар экендигин жеткилең билүү менен бирге, ошол талдануучу топонимдерге
байланыштуу материалдарды топтоштуруп алып, анан ар бир конкреттүү учурду эсепке
алып отуруш керек деген эскертүүлөрү болду (208, 183; 217, 11).
Натыйжада, изилденүүчү географиялык объект менен таанышып жана ушундай эле
наамдагы башка жер-суунун аттары менен салыштырып чыккандан кийин, Жети-Өгүз
топониминин экинчи «өгүз» компоненти «эгиз» сөзүнүн бузулуп айтылган формасы экен
деген жыйынтыкка келдик.
Өзүнүн изилдөөсүндө Ф. Г. Исхаков эгиз (егиз) сөзү бийик (высокий) маанисинде
уйгур тилинде гана колдонулат дейт да, анан мындай өзгөчөлүгүн белгилейт: «Таким
образом, в уйгурском языке прилагательное егиз (эгиз) обозначает высокий,
возвышенный (о местности)» (77,228—229). Бул сөз байыркы уйгур тилинде idiz (идиз)
формасында учурай тургандыгы жана алар кайсы эмгектерде экендиги көрсөтүлөт.
Эгиз сөзү кыргыз лексикасында да бар жана ал көбүнесе түштүк кыргыздарда,
аздап тянь-шандык кыргыздарда колдонула тургандыгы К. К. Юдахиндин сөздүгүндө
белгиленген, адабий тилдеги бийик жана тор маанисинде колдонулушу бир нече мисал
аркылуу иллюстрацияланган. Эгиз — памирдик-каратагендик кыргыздарда да бар
экендиги байкалат. Ал эми ички, лик кыргыздар азыркы адабий тилдеги бийик деген
сөздүн ордуна көбүнчө эгиз деген сөздү колдоно тургандыгын филологиялык илимдердин
кандидаты диалектолог Эсенкул Абдулдаев баса көрсөтүп белгилеп кетет (3,36). Демек,
буга караганда эгиз, егиз сөзү уйгурлардын таасирисиз эле кыргыздардын өздөрү
тарабынан да колдонулуп келген деп айтууга болот, б. а. бул сөз эки тилге тең орток
болгон деп эсептөөгө туура келет. Эгиз ушул эле мааниде акын-жазуучулардын
чыгармаларында учурайт. Мында да көбүнчө айланасындагыларга салыштырганда
бийиктиги менен айырмаланган жерлерди билдирүү үчүн колдонулат жана анын бул
мааниси тоолуу жерлердин бийиктик өзгөчөлүгүн көрсөтүүдө өзгөчө мүнөздүү.
Эгиз, эгиз, эгиз тоо
Эгиз тоонун ар жагы
Телегейи тегиз тоо — деген элге кеңири белгилүү
болгон фольклордук ыр саптарында да ушул бийик, аскалуу тоолор көз алдыда тутулат.
Бул сөз ээс формасында алтай тилинин түндүк диалектинде кездеше тургандыгы Н.
А. Баскаков тарабынан көрсөтүлгөн.
Жалпы эле сын атооч сөздөрдүн Субстандивдешүүсү толук закон ченемдүү
көрүнүш. Алсак, эгиздин синоними бийик сөзүнүн субстандивдешкен учурлары бизге
айрым акын-жазуучулардын чыгармаларынан маалым.
Асманда жаркырайт ааламдын күнү,
Бүркүт учуп бийикте көкөлөп жүрү (Шүкүрбеков).
Мында бийик — асман, асман бийиктиги маанисинде колдонулду.
Кыштын күнү бийикте турган кишиге жапызда турган кишинин сөздөрү даана
угулары белгилүү эмеспи (Жантөшев).
Мында бийик — бийик жер, аска, бийиктик маанисин берип турат. Бул сөздүн сын
атоочтук мааниден чыгып, зат атооч катарында географиялык объектиге карата
колдонулушун казак окумуштуусу Г. К. Конкашпаев: «Бийик (буквально высокий,
высота)—возвышенность; казахи всякую возвышенность называет бийик, независимо от
ее размеров» деп түшүндүрөт (99,10). Мындагы бийик деген сөздүн жалпы эле
бийиктикти билдириши кыргыз тили үчүн да мүнөздүү. Ушундай эле маани бийик сөзүнүн
синоними болгон эгизге да таандык. Эгиз сөзүнүн субстандивдешип, бийиктикти
билдирген мааниге өтүшүн биз корком чыгармалардан да учуратабыз. Мисалы:
Эгизден туруп пас жакка
Шаркыраган аккан суу (Барпы).
Мында эгиз — бийиктик маанисинде колдонулду. Ал эми топонимдердин
жасалышында кадимки сөз (нарицательное слово) же термин жер-суунун атына айланып
калышы кеңири таралган жолдордун бири болуп эсептелет. Салыштырыңыз: бир катар
сын атооч сөздөр, мисалы, Түргөн — монголчо шар, ылдам (быстрый); Нарын — кууш
(узкий, тесный) деген маанилерди беруу'менен бирге топонимге да айланып кеткен.
Мындай көрүнүш, б. а. сын атооч сөз субстандивдешип, заттык мааниде
колдонулуп калышы байыртан эле белгилүү болгон деп эсептөөгө толук негиздер бар. Бул
эгиз деген сөздүн бир варианты Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө: «бийик жер жана башка
бийик нерселер» деп түшүндүрүлгөн (123, 1, 88).
Айтылышы жагынан эгиз (егиз) сөзүнүн, айрыкча башка сөздөр менен айкалыша
келген учурда өгүз формасына өтүп кетишин жергиликтүү тилдин өзгөчөлүгү деп кароо
керек. Кээ бир жакын түрк тилдериндеги бир катар сөздөрдө э (е) тыбышынын ордуна ө
тыбышынын колдонулушу бул тилдердеги толук закон ченемдүү көрүнүш. Мисалы:
өзбекче этик, этикчи, казакча — етiк, eтiкчi, кыргызча — өтүк, өтүкчү, Махмуд
Кашгаринин сөздүгүндө: эрүк, capiг эрүк (I том, 99-бет), кыргызча — өрүк, сары өрүк.
Тетирисинче, көпчүлүк түрк тилдеринде э (е) аркылуу берилген эчки сөзү тува тилинде ө
тыбышы менен — өшкү- түрүндө колдонулгандыгын көрөбүз (229,3 25). Ошондой эле Н. А.
Баскаков түрк тилдериндеги бөрү, бөрк, өзгө, өс, өрдөк, өп, өл, өлчө, өгүз, өр, өт, өз, өзөн,
өкүр, өксүз, көбүк, көк, көкүрөк, көп, көпүрө, көр, көз, сөз, төлө, төк, төрт сыяктуу ө
тыбышы менен келүүчү сөздөр караим тилинин бир диалектинде бери, берк, езге, ес,
ердек, еп, ел, елче, егиз, ер, ет, езен, екир, ексиз, кебик, кек, кекрек, кеп, кепри, кер, кез,
теле, сез, тек, дерт болуп ырааттуу түрдө е аркылуу айтыла тургандыгын жана бул ички
фонетикалык закон ченемдүүлүк экендигин көрсөтөт (230, 118, 122).
Бир эле тилдин ичинде бир уңгудан келип чыккан сөздө е тыбышынын ө
тыбышына өтүп айтылып жана кабыл алынып кеткен формасынын үлгүсү катарында уйгур
тилиндеги өзгө деген сөздү эсептөөгө болот. Так ушул маселеге байланыштуу маркум К. К.
Юдахин бизге айтып берген бул сөз «егиздин» — бийик, бир нерсенин жогору жагы,
төбөсү, үстүнкү бөлүгү деген маанисинен келип чыгып, үйдүн жогорку бөлүгүн үстүн,
чатырын билдирип калган. Өгəзə («крыша, кровля, перекрытие») диалектилерде өгүз,
өгүзе түрүндө да колдонула тургандыгы Э. Н. Наджип тарабынан белгиленип кетет (152,
106).
Мындай, э тыбышынын ө тыбышы менен оолаша келген учурун кыргыз тилинин
өзүнүн сөздүк составынан да кездештиребиз. Алардын кээ бирлери негизги формасы
менен бирге адабий тилде да официалдуу түрдө колдонулса, көпчүлүгү оозеки тилде
айтылышы катарында гана эсептелип, адабий тилдин нормаларына жатпайт. Бул сыяктуу
е — ө тыбыштарынын алмаша же параллелдүү түрдө колдонулушунун далили катарында
К. К. Юдахиндин сөздүгү боюнча төмөнкү бир нече сөздү келтире кетүүнү орундуу деп
эсептейбиз: кечээ — көчөө, кине — күнө — күнөө, тегерек — төгөрөк, тегеректе —
төгөрөктө, эге — өгө, эгөв, эгөө — өгөө, эрээн — эрөөн — өрөөн ж. б. Демек,
мисалдардан көрүнүп тургандай, э тыбышынын ө тыбышы менен алмаша келиши же
параллелдүү түрдө колдонулушу кокусунан эмес. Ошондой эле Кыргызстандын
топонимикасында бардыгы эле өгүз болуп өзгөрүп айтылып кетпестен, эгиз формасынын
да сакталып калгандыгын учуратабыз. Буга далил катарында Ысык-Көл жана Нарын
өрөөндөрүндөгү Эгиз-Төр ашууларын көрсөтүүгө болот.
Ал эми өгүз формасында айтылып жана колдонулуп калган жер-суунун аттары
катарында төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө болот: Ак-Өгүз, Жети-Өгүз, Кара-Өгүз, Коңур-Өгүз,
Өгүз-Ашуу, Өгүз-Баш. Бул топонимдердин бардыгы үчүн — айырмаланган бийиктик, аска
жерге таандык болгон өзгөчөлүктөр мүнөздүү. Муну, мисалы, Ак-Өгүз ашуусуна таандык
өзгөчөлүктү, кыргыз эл акыны Аалы Токомбаевдин:
Ак-Өгүз — жомоктолгон белдин аты,
Адамзат өтпөгөн дейт койбой шаты.
Түркүн эл эчен жолу белде калып,
Ташына так салган дейт кандын даты —
деген ыр саптарынан көрөбүз.
Дагы бир мисал. Азыркы Кочкор селосунун туштук тарабында Кара-Өгүз аттуу жер
бар. Жергиликтүү адамдардын, Кочкор орто мектебинин мугалимдеринин айтуусу
боюнча: «Кара-Өгүз — бийик тор. Абдай бийик жалама зоо. Ошо жерде Жолой деген таш
бар. Ал жерден өтүш кыйын. Жайында (май айында) ал жер толук ачылып, ошондо да чоң
кыйынчылык менен гана ары-бери өтүүгө болот. Ошондо Жолой ачылып калыптыр
дешет».
Бул жердин атынын өгүз менен эмне байланышы бар же ары-бери огуз менен гана
өтүүгө болобу? деген менин суроомо эмне учун аталып калышын билбегендиктерин, ал
эми өгүз ошол зоонун түбүнө, жанына чейин гана барып, андан ары өтө албай
тургандыктарын айтышты. Мен бул сөздүн бийик, аска деген сөздөр менен байланышы
бар экендигин түшүндүргөндөн кийин гана «баса ошол абдан туура» дешип, толук макул
болушту. Канчалык бийиктигин сураганымда: «Абдан бийик кара зоока. Зоонун
жаламасынын гана бийиктиги кеминде 100—150 метрдей бар» дешти.
Келтирилген бул факт да өгүз сөзүнүн жогорку маанисин дагы ырастап, айкындайт.
Жогоруда биз Жети-Өгүз топониминин экинчи компонентине көбүрөөк токтолдук,
анткени корунуп тургандай, бул термин топонимикалык катарды түзүп отурат.
Топонимдин биринчи компоненти — жети жөнүндө кыскача гана айтарыбыз: анын
сандык көрсөткүчүн так деп эсептөө кыйын, балким бир кездерде чын эле бири-биринен
айкын ажырап билинип турган жети аска болгондур, бирок мезгил өткөн сайын жаанчачындын таасирине кабылып, дагы жиктелип бөлүнүүлөр пайда болгон чыгар.
Натыйжада анын азыркы күндөгү жикке бөлүнүшүн санаган киши тогузга же он бирге
чейин жеткириши, а түгүл андан да ашырып жибериши мүмкүн
Акырында Жети-Өгүз топоними жөнүндөгү айтылгандарды жыйынтыктай келип,
төмөнкүдөй корутунду чыгармакчыбыз.
1. «Жети-Өгүз» деген аттын келип чыгышын малга — өгүзгө — байланыштыруу
таптакыр чындыкка туура келбейт. Анын ар кандай варианты элдик этимология болуп
гана кала берет.
2. Жети-Өгүз топоними жана жогоруда айтылган топонимдер үчүн суу, дарыя, өзөн
маанисиндеги огуз, угуз термининин эч тиешеси жок. Бирок мындай деп айтуу менен биз
огуз, угуз терминдерин жокко чыгарбайбыз, тетирисинче, анын бар экендигине, бир
кездерде кеңири таралгандыгына жана фонетикалык жагынан өзгөрүүлөргө
учурагандыгына эч шек келтирбейбиз. Жети-Өгүз жана жогоруда аталган топонимдер
үчүн гана суу, өзөн маанисиндеги огуз, угуз терминдери туура келбейт деп эсептейбиз.
Ошону менен бирге угуз термининин өзү да айрым форманттарга (угу+y>c—угус)
бөлүнүшү мүмкүн деп болжолдойбуз.
3. Жети-Өгүз топониминин келип чыгышы үчүн огуз этноними себепчи болгон деп
айтууга да эч кандай негиздер жок. Бирок бул, огуз этноними топонимдерди пайда кыла
албайт деген түшүнүктү билдирбейт. Талдоо жүргүзүлүп жаткан топонимдерге гана
катнашы жок экендигин айтмакчыбыз.
4. Жети-Өгүз топоними жана аталган топонимдер бийик маанисиндеги эгиз (егиз)
сөзүнөн келип чыккан деп кароо чындыкка туура келет. Бар болгону — фонетикалык
жагынан бир аз өзгөрүүгө учураган жана андай өзгөрүү тилдеги толук закон ченемдүү
көрүнүш болуп эсептелет. Бул сөздүн уйгур жана кыргыз тилдеринде учурашы — бул
элдердин ортосундагы байыртан берки болуп келген карым-катнашты, белгилүү бир
даражадагы территориялык жалпылыкты билдирет. Жүргүзүлгөн талдоо эгиз>өгүз
катышып түзүлгөн топонимдерде, бул сөз көбүнесе зат атооч катарында жалпы эле
айланасындагылардан айырмаланган ар кандай бийиктикти, асканы билдирүү маанисине

You have read 1 text from Kırgız literature.
Çirattagı - Жер-суу Аттарынын Сыры - 10
- Büleklär
- Жер-суу Аттарынын Сыры - 1Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3572Unikal süzlärneñ gomumi sanı 155524.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.36.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.43.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Жер-суу Аттарынын Сыры - 2Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3491Unikal süzlärneñ gomumi sanı 149022.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.33.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.39.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Жер-суу Аттарынын Сыры - 3Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3576Unikal süzlärneñ gomumi sanı 163424.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.35.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.41.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Жер-суу Аттарынын Сыры - 4Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3529Unikal süzlärneñ gomumi sanı 168217.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.26.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.31.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Жер-суу Аттарынын Сыры - 5Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3702Unikal süzlärneñ gomumi sanı 147621.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.29.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.34.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Жер-суу Аттарынын Сыры - 6Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3743Unikal süzlärneñ gomumi sanı 166625.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.36.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.43.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Жер-суу Аттарынын Сыры - 7Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3586Unikal süzlärneñ gomumi sanı 162721.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.32.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.37.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Жер-суу Аттарынын Сыры - 8Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3827Unikal süzlärneñ gomumi sanı 194131.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.42.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.48.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Жер-суу Аттарынын Сыры - 9Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3686Unikal süzlärneñ gomumi sanı 172326.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.37.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.43.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Жер-суу Аттарынын Сыры - 10Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 1282Unikal süzlärneñ gomumi sanı 73730.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.40.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.46.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.