Latin

Жер-суу Аттарынын Сыры - 5

Süzlärneñ gomumi sanı 3702
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1476
21.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
29.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
34.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Мындай жер-суу аттарынан -ма мүчөсү уланган Дүңгүрөмө, Жайылма, Кайырма, Көлмө,
Көтөрмө, Шаркыратма топонимдерин, -мак мүчөсү уланган — Өтмөк, -ык (к) мүчөсү
уланган — Орток, Тунук, Күрпүлдөк, -ыш мүчөсү уланган — Жеңиш, Конуш, Өзгөрүш, -чыл
мүчөсү уланган — Тегизчил, Эмгекчил жана -ган мүчөсү уланган — Бириккен, Жайылган
топонимдерин көрсөтүүгө болот.
Сейрек кездешсе да топонимдик омонимдердин бөлүнүп берилиши зарыл.
Фонетикалык окшоштугуна карап гана, мааниси жагынан айырмалануучу, этимологиясы
башка-башка топонимдерди бир форма, бир топоним катарында кабыл ала берүүгө
болбойт. Мисалы, биздин оюбузча бир нече жолу кездешүүчү Сандык топонимдери
омонимдик көрүнүштөгү топонимдерден боло алат. Биринчиси, сандык формасындагы
тоонун түзүлүшүнө карай аталып калышы мүмкүн. Экинчисинде, «таш» маанисиндеги
иран-тажик тилдериндеги сан, санг деген сөзгө -лыг, -луг мүчөсү уланып, таштуу, таш
тоо, таш дөбө (каменный, каменистый) деген сыяктуу маанидеги топоним болуп
чыгышы мүмкүн. Бул өңдүү географиялык аталыштарда кайсы мааниси ылайык келе
тургандыгы конкреттүү объектилерге, анын мүнөздүү белгилерине карай тарыхый
маалыматтар эске алынуу менен чечилиши керек. Мында ал топонимдин түшүндүрүлүшү
омоним катарында берилиши ылайыктуу.
САНДЫК I тоонун аты, сандык формасындагы көрүнүшүнөн улам аталып калган.
САНДЫК II — жайлоонун аты, иран тилдериндеги «таш» маанисиндеги саң, санг
деген сөздөн улам келип чыгып, таштуу жер, ташы көп жер деген маанилерди берет.
Жогоруда белгиленип кеткендей, бир сөздөн турган жөнөкөй топонимдерде
аппелятивдик түзүлүш, башкача айтканда апеллятивдердин өзү топоним болуп калышы
жана эллипсистик көрүнүш (мисалы, Жыланды — жыланы көп жер, жыландуу жер,
жыландуу кокту деген сыяктуу мааниде) негизги чечүүчү мааниге ээ болот. Мындай
учурда түшүп калган сөздүн мааниси түшпөгөн сөзгө сиңирилет.
Татаал топонимдер
Эки же андан ашык сөздөн турган топонимдер татаал топонимдердин тобун түзөт.
Кыргызстандагы жер-суу аттарынын басымдуу көпчүлүгү эки компоненттен турат, ошону
менен бирге үч компоненттүү топонимдер да бир кыйла көп кездешет. Ал эми торт
компоненттүү топонимдер болсо жокко эсе дээрлик.
Э к и к о м п о н е н т т ү ү т о п о н и м д е р.
Эки компоненттен турган топонимдердин биринчиси көп учурда экинчисине
аныктооч болуп түшөт да, кийинкиси аныкталгычтык милдетти аткарган синтаксистик
байланышта болот. Бирок аныктооч болуп турган компонент да, аныкталгыч болуп түшкөн
компонент да ар кандай сөз түркүмдөрүнөн жана ар кандай формада, б. а. уңгу түрүндө,
мүчө уланган түрүндө кездеше берет.
Ушуга жараша эки компоненттүү географиялык аттар сөз түркүмдөрү боюнча жана
уланган мүчөсүнө ылайык төмөнкүчө морфологиялык типтерге бөлүштүрүлөт.
1. 3 а т а т о о ч + з а т а т о о ч тибиндеги географиялык аттар.
Бул топонимикалык моделде биринчи компонент болуп турган зат атооч сөз эч
кандай сын атоочтук мүчө уланбаса да, экинчи болуп айтылган зат атоочко аныктооч
болуп түшөт. Бул түзүлүштөгү географиялык аттардын үлгүсү катарында: Аң-Арык, ДөңАлыш, Дөң-Арык, Дөң-Сай, Дөң-Талаа, Желе-Дөбө, Жон-Арык, Каптал-Арык, КарагайБулак, Карагай-Төр, Кереге-Таш, Көпүрө-Базар, Кум-Арык, Ой-Булак, Сүрөт-Таш, Таш-Арык,
Таш-Башат, Таш-Булак, Таш-Дөбө, Таш-Кудук, Таш-Мойнок, Таш-Төбө, Терек-Суу, ТооЖайлоо, Топурак-Бел, Уу-Талаа, Үңкүр-Сай, Чет-Булак, Чок-Тал, Эмгек-Талаа, Эчки-Төр
топонимдерин көрсөтүүгө болот.
Бул түзүлүштөгү географиялык аттар 2 түрдө: 1) мүчөсүз жана 2) мүчөлүү түрдө
кездешет.
1. Мүчөсүз топонимдер. Мүчөсүз топонимдердин эки компоненти тең өз алдынча
толук айкын маани берген апеллятивдер болуп, басымдуу көпчүлүгү географиялык
түшүнүктөрдү билдирген терминдерден турат.
Синтаксистик жагынан алганда бул топонимдер эки сөздүн тең байланыштагы
жөнөкөй айкалышын билдирет жана бардык учурда биринчи компоненти аныктоочтук
милдетти аткарат. Демек, ушул жагынан алганда татаал топонимдерде айрым
компоненттеринин биринчи же экинчи орунда турушу тилдик түзүлүшү жагынан мүнөздүү
өзгөчөлүктү көрсөтөт.
Бир катар учурларда мындай айкалыш, эч кандай мүчө уланбаса да, биринчи
компонентке карата таандык экендигин көрсөтүп турат. Мисалы, Дөөлөт-Арык,
Алжамбай-Булак, Атабай-Зоо, Жаңыбай-Төр, Койчубек-Сай, Кубат-Кыштоо, КурманЖайлоо сыяктуу жер-суу аттарында арык, булак, зоо, тор, сай, кыштоо, жайлоо
апеллятивдери өзүнөн мурда айтылган антропонимдерге (адам аттарына) тиешелүү
экендигин же ошол антропонимдердин негизинде келип чыккандыгын көрсөтөт.
Аң-Арык, Дөң-Алыш, Дөң-Сай, Ой-Булак, Бел-Башат, Секи-Булак, Төр-Суу сыяктуу
жер-суу аттарында аныктооч объектинин кандай жерлерде орношкондугун, кандай
жерлерден өтө тургандыгын, башталышын, башкача айтканда мейкиндигин, ордун
көрсөтсө, экинчи бир Кум-Дөбө, Корум-Суу, Муз-Бел, Таш-Төр, Топурак-Бел сыяктуу жерсуу аттарындагы аныктоочтор объектинин тегин, бул объект үчүн эмне мүнөздүү
экендигин көрсөтөт.
Аңыр-Төр, Аюу-Төр, Бака-Булак, Балык-Суу жана Арча-Төр, Кайың-Суу, КарагайБулак, Көбүргөн-Төр, Куурай-Кыр, Уу-Дөбө, Чечек-Булак сыяктуу топонимдердеги биринчи
болуп айтылган зат атоочтор негизги белги катарында ошол жерлердеги жаныбарлар
жана өсүмдүктөр дүйнөсүн көрсөтүп, аныктооч болуп түшсө, Желе-Дөбө, Капка-Таш,
Кереге-Таш, Соку-Таш, Найза-Таш, Булуң-Төр сыяктуу топонимдерде зат атоочтор
окшоштук белгисин көрсөтүүчү, Баткак-Суу, Ылай-Суу топонимдеринде сапатты, БашАшуу, Бөйрөк-Саз, Кабырга-Булак, Күнгөй-Төр, Түндүк-Кокту топонимдеринде белгилүү
бир багытты, тарапты көрсөтүүчү аныктоочтор болуп кызмат кылат. Ал эми Кароол-Дөбө,
Коргон-Таш, Коргон-Жылга, Мазар-Ашуу, Май-Саз, Чийим-Таш, Чийит-Сай сыяктуу эки
компоненттен турган топонимдердин биринчи компоненти ошол жердеги кандайдыр бир
көңүлгө аларлык коомдук, тарыхый, табигый же башка белгилерди көрсөтүү менен
аныктоочтук милдет аткарат.
Бул мүнөздүү өзгөчөлүккө туура келе бербеген өтө сейрек көрүнүштү да байкоого
болот. Буга мисал катарында Кыргызстандын территориясындагы жыйырмадан
ашыгыраак санда кайталанган Көл-Төр топонимин алууга болот. Адатта бул сыяктуу
географиялык аталыштарда негизги объектини билдирип турган сөздөр экинчи болуп
түшө тургандыгы белгилүү, б. а. мындагы негизги көңүл бөлүнүүчү объект — көл, ал эми
«тор» деген сөз колдун аныктоочу катарында биринчи орунда турушу керек эле.
Салыштырыңыз, Бака-Булак бирок Булак-Бака эмес, Карагай-Булак, бирок Булак-Карагай
эмес, Таш-Дөбө, бирок Дөбө-Таш эмес. Ошондуктан Көл-Төр топоними сыртынан
караганда гана Карагай-Булак же Таш-Булак сыяктуу з а т а т о о ч + з а т а т о о ч тибинде
тургандай сезилгени менен чыныгы мазмуну, аныкталгычтын жана аныктоочтун алган
орду жагынан башка ушул типтеги жер-суу аттарына туура келише бербейт.
Көл-Төр наамы айкалышта турган формасына карай 2 түрдүү көз карашта
каралышы мүмкүн. Биринчиден, жогорку башка аталыштар сыяктуу топонимдин биринчи
компоненти аныктооч катарында, экинчи компоненти аныкталгыч катарында алынган
учурда көлдүү төр, көлү бар тор жөнүндөгү түшүнүк келип чыгып, башкы ролду «тор»
термини ойнор эле. Топонимдин айкалыш системасы да ушуну көрсөтөт. Бирок
практикада, элдин колдонуусунда бул тетирисинче болгону «көл» деген сөз, б. а. төрдөгү
көл. Чынында да ушул наамдагы бардык жерлерде көл бар, Көл-Төр наамы колдонулган
учурда ал да биринчи иретте төр жөнүндөгү оронимдик түшүнүктү көңүлгө албастан, көл
жөнүндөгү гидронимдик түшүнүктү көз алдыда тутушат. Мына ушундан улам, сөз
айкалышынын тартибине карабастан, негизги объект, негизги аныкталгыч «көл» деген сөз
болуу керек деген логикалык көз караш келип чыгат. Бул көз караш көбүнчө
семантикалык жагына көбүрөөк маани берүүнүн жана иш жүзүндө эл тарабынан ушул
мааниде колдонулушунун негизинде келип чыгат.
Ошентип, экинчи көз караш менен з а т а т о о ч + з а т а т о о ч моделиндеги
топонимдин биринчи компонентин аныкталгыч катарында, экинчи компонентин аныктооч
катарында алган учурда, Көл-Төр топоними айкалыш тартиби жагынан ушул типтеги
башка бардык айкалыштардан айырмаланып турат жана мындай көрүнүш өтө сейрек
учурайт.
Мүчөлүү топонимдер
З а т а т о о ч + з а т а т о о ч түзүлүшүндөгү жер-суу аттарынын ичинен мүчө
уланып турган топонимдер өтө сейрек кездешет. Мындай мүчөлүү топонимдерди
негизине 2 топко бөлүп көрсөтүүгө болот.
1) Составындагы экинчи компонентине үчүнчү жактын таандык мүчөсү уланган же
бир катар окумуштуулар атап жүргөндөй изафеттик формадагы топонимдер. Мисалы:
Жар-Башы, Ороо-Башы.
2) Биринчи компоненти илик жөндөмөсүндөгү топонимдер. Мындай
топонимдердин экинчи компонентине дайыма үчүнчү жактын таандык мүчөсү жалганып
турат. Мисалы, Чоконун көлү, Телегейдин кыштоосу.
Биринчи компоненти илик жөндөмөдө турган топонимдер жазууда башка эки
сөздөн турган географиялык аттар сыяктуу арасына дефис коюлуп жана баш тамга менен
башталып жазылбастан, дефиссиз жана экинчи компоненти кичине тамга менен
башталып, белок жазылат. Мисалы, Чыйырчыктын талаасы, Чарыянын талаасы.
Бир катар топонимдерде негизги аты көрсөтүлүү менен бирге анын кандай объект
экендиги кошо баяндалып айтылат. Бул топко Григорьевка пристаны, Жылкы заводу,
Ивановка станциясы, Токой чарбасы, Орто-Токой суу сактагычы сыяктуу калк орношкон
пункттарды, башка топонимдерди кошууга болот. Мындай учурларда топонимдин
аныктоочу бөлүгү (пристань, станция ж. б.) кичине тамга менен биринчи компонентинен
бөлөк жазылат.
2. С ы н а т о о ч + з а т а т о о ч тибиндеги топонимдер.
Бул түзүлүштөгү жер-суу аттары кыргыз тилиндеги эки компоненттен турган татаал
топонимдердин эң кеңири таралган түрү болуп эсептелет. Синтаксистик жагынан алганда
биринчи компоненти дайыма аныктоочтук милдетти аткарып, экинчи компоненти
аныкталгыч болуп турат.
Сын атооч жана зат атоочтон турган эки компоненттүү. татаал энчилүү аттарга АкЖар, Ак-Сай, Жаңы-Алыш, Жаңы-Турмуш, Жылуу-Булак, Ичке-Суу, Кара-Саз, Катта-Арык,
Кең-Арал, Кызыл-Кыя, Орто-Сай, Талды-Булак сыяктуу топонимдер кирет.
Топонимдин составындагы ар бир компоненттин ички түзүлүшү жагынан алып
караганда бул түзүлүштөгү топонимдер да Мүчөсүз жана мүчөлүү топонимдер болуп
экиге бөлүнөт.
1) М ү ч ө с ү з т о п о н и м д е р.
Бул топко биринчи компоненти уңгу сөз болгон сын атоочтордон жана экинчи
компоненти зат атоочтордон турган топонимдер кирет. Мисалы: Ак-Чоку, Боз-Таш,
Жалпак-Бел, Жаман-Кыя, Жашыл-Көл, Жылуу-Суу, Ийри-Бел, Ичке-Сай, Кара-Баткак, КеңЖылга, Кичик-Бел, Көк-Суу, Кур-Сай, Кызыл-Адыр, Орто-Сырт, Семиз-Бел, Тик-Кыя, ТуюкТөр, Түз-Бел, Чолок-Кокту, Чоң-Бет, Чуңкур-Төр ж. б.
2) М ү ч ө л ү ү т о п о н и м д е р.
Сын атооч жана зат атоочтон турган энчилүү географиялык аттардын биринчи
компоненти көбүнчө -луу, -лы мүчөлөрүнүн жардамы менен зат атоочтордон түзүлгөн
туунду сын болуп эсептелет. Мындай географиялык аттардын үлгүсү катарында АлмалууСай, Аюулуу-Булак, Бордуу-Төр, Бугулуу-Төр, Бүлөөлүү-Булак, Жылгындуу-Коо, КурттууБулак, Талды-Булак, Ылайлуу-Суу топонимдерин атоого болот.
Сын атоочтор аныктооч болуп түшкөн компоненттер негизинен өзгөчөлүктөрдү, сынсыпаттарды мүнөздөйт.
1) Аныкталгычтын өңү-түсүнө тиешелүү белгилерди билдирет: Ак-Таш, Ак-Чап, БозТалаа, Кара-Зоо, Кызыл-Сай.
2) Аныкталгычтын формасына, кебетесине карай өзгөчөлүгүн көрсөтөт: Ача-Сай,
Ача-Таш, Жалпак-Төр, Жантык-Төр, Ийри-Сай, Тегерек-Көл, Тик-Кыя, Тармал-Саз, ТоголокТөр, Түз-Жайлоо.
3) Аныкталгычтын көлөмүнө, бийиктик же узундук ченемине карата болгон
өзгөчөлүгүн билдирет: Жазы-Кечүү, Жоон-Арык, Ичке-Суу, Кең-Төр, Кичи-Булак, МукурТөр, Майда-Адыр, Тар-Суу, Узун-Кыр, Чолок-Төр, Чоң-Бет, Чуңкур-Көл, Эгиз-Төр.
4) Ар кандай сапатты, бөтөнчөлүк же айырмалоочу белгилерин көрсөтөт: ЖалакБел, Жаман-Дабан, Жаңы-Арык, Жылаңач-Сай, Жыдуу-Булак, Кашка-Суу, Кургак-Сай,
Ойнок-Жар, Сасык-Булак, Такыр-Тоо, Тунук-Булак, Туура-Жылга.
5) -луу, -лы мүчөлөрүнүн жардамы менен пайда болгон сын атоочтор ошол жерде
белгилүү бир предметтин, заттын бар экендигин же көптүгүн билдирет: Арчалуу-Төр,
Жыландуу-Кокту, Коёндуу-Колот, Көпүрөлүү-Сай, Талды-Кокту, Эчкилүү-Тоо.
3. С ы н а т о о ч + с ы н а т о о ч тибиндеги топонимдер.
Бир катар жер-суу аттарынын эки бөлүгү тең сын атоочтордон турат деп эсептөө
бир кыйла өлчөмдө шарттуулукка негизделген. Мындай түзүлүштөгү топонимдердин
биринчи компоненти сын атооч экендиги эч кандай шектенүүнү туудурбайт. Шарттуулук
анын экинчи компонентинде. Анткени аныкталгыч болуп турган тубаса же туунду сын
атоочтор лексико-семантикалык жана сөз жасалыш формасы жагынан сын атоочтук
белгилерин сактоо менен бирге, белгилүү бир өлчөмдө функциясы жагынан зат атоочтук
мааниге да ээ болот, башкача айтканда субстантивдешип кетет. Мисалы үчүн Корумду-Төр
топонимии алалы. Топонимдин биринчи компоненти корум деген апеллятивде
топонимикалык -лы (варианты -ду) мүчөсү улануу менен сын атооч сөз пайда болуп, өз
кезегинде ал төр деген сөзгө аныктооч болуп түшүү менен эки компоненттен турган
топонимди түзүп турат. Мааниси жагынан корум таштуу төр, корум таштары бар төр
деген ачык-айкын түшүнүктү берет. Ушул моделге окшош Корумду-Булак, Корумду-Жылга
топонимдери да учурайт. Бирок мындай түзүлүштөгү топонимдердин экинчи компоненти
түшүп же айтылбай калып, ошол жер-суунун аттары бир гана сөздөн турган
субстантивдешкен Корумду наамын алып калышы да мүмкүн жана мындай аттар
Кыргызстанда көп кездешет. Субстантивдешкен, б. а. зат атоочко өткөн Корумду экинчи
бир учурларда башка бир сын атоочтун аныкталгычы болуп түшүп, Кичи-Корумду же ЧоңКорумду тибиндеги эки сөздөн турган географиялык атты түзө алат. Натыйжада эки бөлүгү
тең сын атоочтордон турган, бирок экинчи компоненти субстантивдешкен милдет
аткарууга жөндөмдүүлүгү бар татаал топонимдер пайда болот. Мындай жер-суу
аттарынын катарына Ача-Кайыңды, Жардуу-Кайыңды, Ичке-Сөгөтү, Кичи-Алмалуу, КичиЖылаңач, Кичик-Кайыңды, Кичи-Өрүктү, Кичи-Таштуу, Орто-Кайыңды, Орто-Корумду,
Орто-Кууганды, Чолок-Кайыңды, Чоң-Алмалуу, Чоң-Борду, Чоң-Жылаңач, Чоң-Өрүктү,
Чоң-Шоролуу сыяктуу топонимдер кирет.
4. З а т а т о о ч + с ы н а т о о ч түзүлүшүндөгү топонимдер.
Аныктоочу зат атоочтон аныкталгычы сын атоочтон болгон жер-суу аттары анчалык
көп эмес. Кыргызстандын территориясынан зат атооч жана сын атоочтон түзүлгөн
географиялык аттар катарында Баш-Кайыңды, Дөң Корумду, Дөң-Чуңкур, Жар-Корумду
Чет-Корумду топонимдерин көрсөтүүгө болот. Мындай аталыштардагы Корумду сыяктуу
экинчи компоненттери субстантивдешкен сын атоочтор болуп эсептелет.
5. С а н а т о о ч + з а т а т о о ч тибиндеги топонимдер.
Аз санда болсо да сан атоочтордон жана зат атоочтордон түзүлгөн географиялык
аттар кездешет. Мындай татаал топонимдердин составындагы сан атоочтор дайыма
биринчи орунда болуп, аныктоочтук милдет аткарат. Биринчи компоненти сан
атоочтордон турган эки сөздүү топонимдер негизинен төмөнкүлөр: Алты-Күнгөй, БешАшуу, Беш-Белчир, Беш-Булак, Беш-Көл, Беш-Мойнок, Беш-Таш, Беш-Терек, Бир-Булак,
Жети-Төр, Кырк-Казык, Кырк-Күнгөй, Миң-Булак, Миң-Бугу, Миң-Жылкы, Миң-Каз, МиңТеке, Миң-Токум, Миң-Төр, Он-Арча, Он-Бир-Жылга, Он-Жети-Карагай, Тогуз-Булак, ТөртКүл, Үч-Арча, Үч-Булак, Үч-Дөбө, Үч-Кайнар, Үч-Кашка, Үч-Коргон, Үч-Кошой, Үч-Күнгөй, ҮчМоло, Үч-Төр, Үч-Чат, Үч-Чоку, Үч-Эмчек, Эки-Айрык, Эки-Нарын, Эки-Чат.
Жогоруда көрүнүп тургандай, аныктооч болуп түшкөн сан атоочтордун бардыгы тең
эсептик сандар. Бирин-экин иреттик сан атоочтор катышкан топонимдер да учурайт.
Бирок алар кийинчерээк, Совет бийлигинин тушунда гана коллективдешүү мезгилине
байланыштуу, а дегенде колхоздордун аттарын билдирип, ошондон улам бара-бара эл
орношкон пункттардын наамына айланып кеткен Биринчи Май жана Сегизинчи Март
селолору.
Сан атоочтор катышып түзүлгөн айрым эки компоненттүү жер-суу аттарына карата
кээ бир ишенимсиздиктер бар экендигин да айтпай кетүүгө болбойт. Казак окумуштуусу С.
К. Кенесбаев үч, жети, тогуз, кырк сыяктуу сандар ошол эсептик маанисинен тышкары
жалпы эле көптүктү, кээде дагы башка маанилерди билдире тургандыгын конкреттүү
фактылар келтирүү менен далилдейт (87,7—12). Кыргыз топонимдеринде да эсептик
сандар катышып түзүлгөн айрым жер-суу аттарында ал сандар конкреттүү сан эсебин
көрсөтпөстөн, жалпы эле көптүктү, молдукту билдирүү милдетин аткарат деп эсептөөгө
толук негиздер бар. Буга мисал катарында Кырк-Күнгөй, Миң-Булак, Миң-Бугу, Миң-Теке
топонимдерин көрсөтүүгө болот. Бирок ошол эле мезгилде кээ бир сан атооч сөздөр
башка бир сөздөрдүн тыбыштык жагынан бузулуп айтылышынын негизинде пайда болгон
омоним сөздөрбү деген божомол да бар экендигин айрыкча белгилей кетмекчибиз.
Биздин оюбузча бул болжол, так ушундай деп кесе айтылбаса да, көңүл бурууга татыктуу.
Мисалы, көпчүлүк учурларда беги чыныгы эсептик сан катарында колдонулганы менен
Беш-Ашуу топонимине келгенде «беш ашуу» (же «көп ашуу» маанисинде алган күндө да)
бир гана ашуунун аталышын билдирип калышы кимди да болсо шектендирбей койбойт.
Бул жерде «беш» кандайдыр бир диалектилик мүнөздөгү же уйгур тилинин ыкмалына
карай баш деген сөздүн өзгөртүлүп айтылган формасыбы деген божомол келип чыгат.
Кыргыздар өмүр сүрүүсүнүн тарыхый өнүгүшүндө уйгурлар менен узак убакыттар бою
карым-катнашта болуп келгендиги талашсыз. Ушул күндө да уйгурча өз алдынча турганда
баш деп айтылып жана жазылганы менен бул сөз таандык мүчөлөр айкалыша келгенде
бешим, бешиң, беши түрүндө айтылып жана жазыла тургандыгын да эске сала кетүүгө
туура келет. Бул жерде «Манас» эпосундагы Беш-Балык шаары көп адабияттарда «беш
шаар» маанисинде чечмеленип жүрсө да, айрым окумуштуулар тарабынан Баш-Балык,
демек, баш шаар, башкы шаар, борбор шаар катарында чечмеленип жүргөндүгү да
көңүлгө аларлык. Демек, кээ бир учурларда фонетикалык жагынан даана сыяктанган баш
деген жалпы түрк калктарына тиешелүү сөз фонетикалык бир аз өзгөрүштө «беш»
формасында колдонулуп кетиши мүмкүн.
Кээ бир топонимдин составындагы алты деген сөз сан атооч маанисинде
болбостон, алды (алды жак, асты) деген сөздөгү д тыбышынын каткалаң т тыбышы менен
айтылып, байыркы түрк тилдериндеги алты, алтын түрүндө колдонулган формасы болушу
мүмкүн. Бир катар учурларда алты — алды жак, күн таран, түштүк, күн жак, асты
деген маанини берип, же жалпы эле турган жеринен алды жакты, бет алган тарапты
билдирип, арка (арт жак, арка жак, түндүк) деген сөзгө карама-каршы
колдонулгандыгы окумуштуу Ф. Г. Исхаков тарабынан ишенимдүү далилденген.
Ушул эле алды жак, асты, жак, төмөн жак, түштүк маанисин берүүчү алты
термини бир катар учурларда алтын формасында да колдонулгандыгы белгилүү (54, 40).
XIX кылымдагы швед окумуштуусу С. Гедин да Борбордук Азияга жасаган саякатын
баяндаган эмгегинде алтын деген сөздү алды жактагы деген мааниде берип, Арка-таг
деген тоону Лоб-нор көлүнүн арка жагында, арт жагында, үстү жагында, түндүк тарабында
жаткан тоо деп түшүндүрүп, Алтын-таг тоосу Лоб-нор көлүнүн алды жагында, түштүк
тарабында жаткан тоо деп түшүндүрүү берет (42, 11, 221). Алтын сөзү бар кездерде
«дилде», «тилла» маанисинде эмес, бет алды тарапты көрсөтүү, төмөн, пас, аяк жак
маанилеринде колдонулгандыгына өзбек окумуштуусу X. X. Хасанов атайын токтолгон.
Ошондуктан айрым топонимдерде алтын деген сөз металл же андан келип чыккан
маанилерде эмес, орунду же багытты билдирүү маанилеринде чечмелениши керек.
Валким, аталышына туура келе бербеген Алтын-Арашан, Алтын-Зоо, Алтын-Күнгөй
(кээде Алты-Күнгөй), Алтын-Төр топонимдери алтын чыккан, алтындуу, алтыны бар
же баалуу, асыл маанилеринде эмес, багытты же орунду билдирүүчү алдынкы, белгилүү
бир пункттан алганда алды тараптагы, төмөнкү, асты жактагы же түштүк тараптагы
маанилеринде объектинин алган ордуна карай чечмелениши бир кыйла ылайык келет.
Бирок муну менен металл маанисиндеги алтын терминин топоним түзүүгө катышпайт деп
айтууга болбойт, катышат. Мындай учурларда объектилердин аталышына себепчи болгон
конкреттүү шарттар так аныкталып туруп, кайсы мааниси чындыкка ылайык деп табылса,
ошого жараша чечмелениши орундуу болор эле.
Топонимдердин составындагы миң эсептик саны да кээ бир географиялык аттарда
миң санына да, көптүктү, молдукту көрсөтүү маанисине да туура келбейт. Ошондуктан
миң — санды жана көптүктү көрсөтүүдөн тышкары айтылышы жагынан ушуга окшошураак
келген башка бир сөздөрдүн фонетикалык жагынан бузулуп колдонулушу болуп жүрбөсүн
деп болжолдоого болот. Мисалы, азыркы күндө Миң-Куш түрүндө жазылып жана
колдонулуп жүргөн бийик төрдүү жердин атын жергиликтүү эл, көп кары адамдар
көбүнесе Муңкуш түрүндө айтышат. Буга караганда бул топонимдин биринчи компоненти
миң деп айтуу али ачык эмес. Биз Муңкуш дейбиз, бирок окумуштуу болуу керек, илгери
бир орус келип, бул жердин аты Муңкуш эмес, Миң-Куш, канаттуулары, куштары көп жер
дегенди билдирет деп кеткен экен, биз ошону туура көрүп калдык. Анткени ушул жылганы
өрдөп баргандан кийин баш чениндеги бийикте токойлуу жер бар, ал жерде жайкысын
чынында эле канаттуулар абдан көп болот. Ошондон кийин биз дагы жердин маанисин
сурагандарга ушул жоопту айтып түшүндүрүп жүрөбүз, дейт Миң-Куш селосунда жашоочу
информаторлордун бири Бекмурзаев Алияскар. Демек, бул билдирүүгө караганда, ал
жердин Миң-Куш түрүндө айтылып жана калыптанып кетиши бир кыйла кийинчерээк
келип чыккан болуу керек. Бирок ошол эле кишинин жана башка бир катар жергиликтүү
адамдардын айтууларына караганда бул жердин аталышын Мөңг(ү)-Кууш башкача
айтканда мөңгү жана кууш (ущелье, теснина) деген сөздөрден келип чыккан болуу керек
деп болжолдоого толук негиздер бар. Ал эми Мөңг(ү)-Кууш тибиндеги географиялык
аттар, жогору жакта көрсөтүлүп кеткендей, топоним түзүлүшүнүн кеңири таралган
жолдорунун биринен болуп, мөңгүлүү кууш жерди, мөңгүлүү капчыгайды, баш ченинде
мөңгүсү бар жылганы, кысыкты билдириши толук ыктымал. Демек, кээ бир жер-суу
аттарында миң, муң элементтеринин (мисалы, Муңц-Куш дегенде) мөңгү апеллятиви
менен байланышы бар, ошол сөздүн тыбыштык жагынан олуттуу өзгөрүүгө учураган
форманты деп кароого болот. Андай болгон учурда Миң-Төр топониминин алгачкы
формасы да Мөңгү-Төр түрүндө айтылып, мөңгүлүү төр деген маанини берсе да, барабара бул аты өзгөртүлүп, кыскартылып колдонулуп кеткен деп болжолдоого болот.
Ошентип, географиялык аттардын составындагы беш, алты жана миң эсептик
сандары чыныгы сан атоочтук мааниден тышкары баш, алды (жак) жана мөңгү деген
сөздөрдүн фонетикалык жагынан өзгөртүлүп колдонулган формалары болушу мүмкүн.
Ошондуктан бул сөздөрдүн сан атоочтук же зат атоочтук маанилерин өтө кылдаттык
менен конкреттүү объектилерге карай жана жергиликтүү калктын, карылардын берген
маалыматтарын эске алуу менен да аныктоо керек.
6. Э т и ш т и к т о п о н и м д е р. Этиш сөздөр катышып түзүлгөн топонимдер эки
түрдүү болот:
1) З а т а т о о ч + э т и ш тибиндеги топонимдер. Зат атоочтон жана этиш сөздөн
турган топонимдер синтаксистик жагынан өзүнчө бир сүйлөм катарында келип чыгат.
Топонимдин экинчи компоненти болгон этиш сөздүн ар кандай чакты билдирип жана ар
башка формага ээ болушуна карай өз ара 4 топко бөлүп көрсөтүүгө болот.
а) Экинчи компоненти жалпы өткөн чакты уюштуруучу атоочтуктун — -ган
формасында турган топонимдер: Казан-Куйган, Ор-Казган, Ит-Үргөн, Аташ-Чапкан,
Айгыр-Учкан.
б) Экинчи компоненти айкын жакынкы өткөн чактын формасында турган
топонимдер: Кемпир-Өлдү, Көнөк-Салды.
в) Экинчи компоненти арсар келер чактагы атоочтуктун оң же терс формасында
турган топонимдер: Жер-Казар, Ит-Агар, Ит-Учар, Ат-Чыкпас, Күн-Тийбес, ШамалТийбес.
г) Экинчи компоненти атоочтуктун адат өткөн чак формасында турган топонимдер:
Ат-Чабуучу, Казак-Өлчү, Чекир-Өлчү.
2) Э т и ш + з а т а т о о ч тибиндеги топонимдер.
Бул типтеги географиялык энчилүү аттарда топонимдин биринчи компоненти
атоочтуктун -ган формасында болуп, зат атоочтон турган экинчи компонентине аныктооч
болуп түшөт: Бузулган-Булак, Бузулган-Сай, Бузулган-Суу, Кескен-Бел, Кескен-Кыя,
КескенТаш, Көгөргөн-Суу, Кулаган-Таш, Куураган-Терек, Соргон-Суу, Үйгөн-Таш.
Ү ч с ө з д ө н т у р г а н т о п о н и м д е р.
Үч сөздөн турган топонимдер морфологиялык составы жана сөз түркүмдөрү
жагынан өтө эле ар түрдүү келет. Бирок жалпысынан эки сөздөн турган географиялык
аттардын түзүлүшүнө окшошуп кетет.
Үч сөздөн турган жер-суу аттарындагы мүнөздүү өзгөчөлүк түзүлүшү жагынан
алардын эки бөлүккө бөлүнүшүндө. Синтаксистик көз карашта алганда, анын бир бөлүгү
аныктооч болуп түшсө, экинчи бөлүгү аныкталгычтык милдетти аткарат.
Эгерде эки сөздүү топонимдерде адатта биринчи компоненти аныктоочтук
милдетти аткарып, экинчи компоненти аныкталгыч болуп турса, үч сөздүү топонимдерде
көп учурларда биринчи сөзү аныктооч болуп түшүп, кийинки эки сөзү бир бүтүн бирдик
катарында аныкталгычтык милдетти аткарат.
Мисалы, Ичке-Суу топониминде ичке деген сын атооч аныктоочтук милдетти
аткарып, зат атооч — суу аныкталгыч болуп, эки сөз бирдикте бир топоним түзчү. Ал эми
Баш-Ичке-Суу топониминде аныктоочтун милдетин баш деген зат атооч аткарып, Ичке-Суу
өз ара аныктооч жана аныкталгычка бөлүнбөстөн ажыралгыс бир бүтүн ат катарында
чогуу бойдон каралат. Бирок ал ич ара бири сын атооч, бири зат атооч болгон эки сөздөн,
аныктоочтон жана аныкталгычтан тура тургандыгы жокко чыгарылбайт. Жөн гана, үч
сөздүү топонимдин составына келгенде, энчилүү ат түрүндөгү лексикалык бир бүтүн сөз
бирдиги болуп кала берет. Ал эми баш деген сөз аны айырмалоочу, өзгөчөлүгүн же
кандайдыр бир белгисин көрсөтүүчү аныктоочтук милдет аткарып, үч сөздөн турган
топонимдин негизги бир бөлүгүн түзөт. Экинчи сөз менен айтканда, Баш-Ичке-Суу
топоними Баш жана Ичке-Суу түрүндөгү эки бөлүккө бөлүнүп каралат.
Үч сөздүү топонимдердин ичинен мына ушундай биринчи сөзү аныктооч болуп,
кийинки эки сөзү бир бүтүн бирдик катарында аныкталгычтык милдетти аткарган
конструкция басымдуу орунду ээлейт. Мындай түзүлүштөгү жер-суу аттары катарында АкКорумду-Төр, Арпа-Кашка-Суу, Ачык-Таш-Төр, Ашуу-Ала-Арча, Ашуу-Көл-Төр, Аяккы-ҮчБулак, Бактуу-Долон-Ата, Баш-Ала-Арча, Баш-Кара-Жылга, Баш-Кара-Суу, Бел-Сары-Булак,
Жайылма-Талды-Булак, Ичке-Кызыл-Суу, Кичи-Айгыр-Жал, Кичи-Кара-Тал, Кичи-Кум-Бел,
Кичи-Курама-Төр, Кичи-Кызыл-Суу, Кичи-Суук-Төр, Кичи-Таш-Сай, Кичи-Туура-Суу,
Корумду-Кашка-Суу, Кош-Кара-Таш, Орто-Кашка-Суу, Орто-Кой-Суу, Ортоңку-Көл-Төр,
Тасма-Чоң-Капчыгай, Тескей-Муз-Булак, Төмөнкү-Кашка-Суу, Туюк-Ала-Арча, Чет-КараЖылга, Чолок-Сары-Булак, Чоң-Ак-Сай, Чоң-Кызыл-Суу, Чоң-Таштуу-Сай, Чоң-Туура-Суу,
Чоң-Үч-Кошой, Чыгыш-Ак-Сай, Шилбилүү-Кыр-Коо топонимдерин көрсөтүүгө болот.
Тетирисинче, өтө аз санда болсо да, башкы эки компоненти бир лексикалык
бирдик катарындагы аныктоочтук милдетти аткарып, үчүнчү компоненти аныкталгыч
болуп түшкөн топонимдер да (мисалы, Кара-Булак-Төр, бул топонимде Кара-Булак —
аныктооч, Төр — аныкталгыч) учурайт. Мындай түзүлүштөгү жер-суу аттарына Кара-БулакТөр, Көл-Төр-Сай, Терим-Төр-Булак, Үч-Чат-Ашуу топонимдерин кошууга болот.
Үч компоненттүү топонимдердин ичинен биринчи компоненти илик жөндөмөсүндө
турган же акыркы компонентине үчүнчү жактын таандык мүчөсү уланган географиялык
аттар да кездешет. Мындай мүчөлөр уланып турган жер-суу аттары: Арпанын Ала-Тоосу,
Жунайдын Кыр-Коосу, Кыргыз-Ала-Тоосу, Талас-Ала-Тоосу.
Т ө р т с ө з д ө н т у р г а н г е о г р а ф и я л ы к а т т а р ө т ө а з. Мисалы: ҮчКуулук-Кашка-Суу, Ак-Чий-Кара-Суу. Булар да жалпы түзүлүшү жагынан эки бөлүккө
бөлүнүп, эки сөздөн турган биринчи бөлүгү (Үч-Куулук) аныктоочтук милдетти, эки сөздөн
турган экинчи бөлүгү (Кашка-Суу) аныкталгычтык милдетти аткарат.
II. К Ы Р Г Ы 3 С Т А Н Д А Г Ы Ж ЕР-СУ У ATTАРЫ
ИРАН ТИЛДЕРИНИН НЕГИЗИНДЕ ПАЙДА БОЛГОН ТОПОНИМДЕР
Адатта, кыргыз лексикасына башка тилдерден кирген сөздөр жөнүндө кеп
болгондо, араб-иран тилдеринен кирген сөздөр чогуу бир топко бириктирилет да, анан
зарылдыгына карай алардын ар бир тобу өз алдынча бөлүнүп көрсөтүлөт. Бирок
Кыргызстандын топонимдерин лексикалык жагынан талдай келгенде, составында араб
сөздөрү бар топонимдер өтө аз кездешет. Алардын ичинен активдүүрөөк колдонулганы
чек араларда, соода жолдорунда курулуп, эс алып баш калкалоочу жай, кербен сарай,
чың доо пункту катарында кызмат кылуучу рабаттар болуп эсептелет. Муну биз Ат-Башы
районундагы Таш-Рабат эстелигинен жана Ош областынын райондорундагы Рабат
наамындагы 3 кыштактын атынан жолуктурабыз.
Кыргызстандын топонимиясында иран-тажик тилдеринин базасында түзүлгөн
топонимдер көп кездешет. Бирок мындай топонимдер көбүнчө Кыргызстандын түштүгүнө
— Ош областына тиешелүү болуп, түндүк бөлүгүндө анчалык басымдуулук кылбаса да,
аздыр-көптүр топонимдер бар экендиги жана айрым маанилүү элементтери байкалат.
Ошондуктан биз бул жерде иран-тажик тилдеринин базасында түзүлгөн бир катар
топонимдердин семантикалык маанисин ачып көрсөтүүнү ылайык деп табабыз.
Конкреттүү түрдө айрым топонимдердин кыскача этимологиясына токтолуудан мурун,
жалпы эле Кыргызстандын аймагында жана түрк тилдеринде сүйлөгөн калкы бар бир
катар республикаларда, областтарда сары деген сез составында болгон топонимдер
жөнүндө кененирээк сөз кылууга туура келет.
Кыргызстандын территориясында Сары-Адыр, Сары-Баш, Сары-Бел, Сары-Булак,
Сары-Булуң, Сары-Дөбө, Сары-Жон, Сары-Жыгач, Сары-Камыш, Сары-Көл, Сары-Токой,
You have read 1 text from Kırgız literature.
Çirattagı - Жер-суу Аттарынын Сыры - 6
  • Büleklär
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 1
    Süzlärneñ gomumi sanı 3572
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1555
    24.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 2
    Süzlärneñ gomumi sanı 3491
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1490
    22.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    33.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    39.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 3
    Süzlärneñ gomumi sanı 3576
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1634
    24.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 4
    Süzlärneñ gomumi sanı 3529
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1682
    17.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    26.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    31.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 5
    Süzlärneñ gomumi sanı 3702
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1476
    21.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    29.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    34.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 6
    Süzlärneñ gomumi sanı 3743
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1666
    25.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    36.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 7
    Süzlärneñ gomumi sanı 3586
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1627
    21.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    32.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 8
    Süzlärneñ gomumi sanı 3827
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1941
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 9
    Süzlärneñ gomumi sanı 3686
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1723
    26.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Жер-суу Аттарынын Сыры - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 1282
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 737
    30.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.