LatinHärber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Чыгыш же чоң бийлер баяны - 17
Süzlärneñ gomumi sanı 3235
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1918
35.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
48.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
54.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
казык моюн казакка салам деп, Бөрүбай балага убада кылгам, мен аны алып, аларга башкөз болоюн, -дейт Эсенкул. Анда баарын угуп, унчукпай отурган Мырза:
–Түлөберди абам көчүрө келген кыргыздардын ичинде ушундай, ар жумушка
жарактуу Ача деген тың жигит бар. Казактан айрып болбойт, -дейт.
Чакыртып көрүшсө, чын эле казактан айырмасы жок.
– Барып, Бердикожону билип келе аласыңбы? -дешсе, макул болот. Аны жасантып,
казактарга жиберишет. Кыш түшө элек, күз ашынын аяк чени, түн узарып, коңур суук
түшүп калган убак, Атаке менен Кебек элдин артынан кетет. Ача болсо Чоң-Калкан,
Сырт, Долон-Тоо, Миңшүкүрдү айланып, Бөйөн, Ак-Сууну жээктеп, Балхаштын жээгин
карай жөнөйт. Айыл көбөйүп калыптыр, жолуккан сайын казак туугандары бээ союп,
жолго салып коюшат. Акыры, Жылдыз менен Таңсыктын жээгинен Бердикожонун
айылын тапты. Жолум үйдөн токсонду тегерете тигип, өзү ортодогу чоң ак үйдө, жоого
аттанардын алдында азыктын камын көрүп жаткан кези экен. Ача келгенде таман чыккан
бээ союп, ал да коноктоп жатып калды. Ачага эмне, конок болуп, жакында «жардамга»
келе турганын убада кылып, кайра тартат.
Бердикожонун жайын укканда Эсенкул жанына беш жүз киши алып, түз эле
Иленин жээги менен Узун-Жолдогу адырларды аралап, таң ата Жылды-Тоонун
этегиндеги бир өзөндүн1 башына жеткенде, Ача баатыр «келдик» дейт. Эсенкул колун
экиге бөлүп:
– Биздин издегенибиз Бердикожо. Каяша кылбаса, тийбегиле! Мен үн салып,
айылдын ортосун көздөй жүрүп берем. Силер ошол үндү улай келгиле, -дейт. Бөрүбай
аягынан, өзү Ачаны жанына алып, башынан түшүп, «Жанкороз» деп ураан салганда, «кол
барып, айылды курчап калган» дешчү экен илгерки чалдар.
Бердикожо үйүнөн чыгууга үлгүрбөй, кылычын алганга араң жетишиптир.
Эсенкул:
– Үйдү көтөрүп ийгиле! Өзүм кирем, -дегиче Бөрүбай:
Ал өзөн азыр да «Бердикожо» деп аталат.
– Баатыр! Мен кирейин. Карызым калган, -деп, безилдеп жиберет.
Эсенкул жок дебей, үйдү каңтарып таштаганда, Бөрүбайды көргөн Бердикожо
качырып:
– Ау, карагым келдиңби? Алдымен Көкшолокту минип кашканыңда осыл ис
болатын билгем! -деп, олбурлуу неме балага моюн бербей, ит жыгылыш болуп калганын
көргөн Эсенкул Бердикожону жакадан алып, бийик көтөрүп туруп, «байла!» деп, кайра
таштап коёт. Уруш аяктаганда бүлгүнгө түшкөндүн бүлдүргүсүнө тийгизбей, казактын
көбүн коё бердирди. Бердикожонун үй-бүлөсүн да бошотуп, өзүн кайыштап атка таңып,
жетелеп алышат. Айылдан алыстап, бир суунун жээгине жеткенде:
– Даретке үлгирмедим, кеудеден жан шыкканша ауз-басымды шайкап
алайын, капир болмасаңар руксат етиңдер? -деп жиберди.
Алып бараткандар жок дебей, колун чече койсо, өтүгүнүн кончунан шамшаарын
сууруп чыгып, колдун оңундагы жаракчан бир жоокерди бычактап кирди. Мындай жан
кечтини көргөн кыргыздар ошол замат ичин жарып, кол-бутун жиликтеп, кайра баарын
курсагына тыгып, өлүгүн бир бийик талдын башына илип салып беришти.
...Болбой, Эсенкулду ээрчип атып, ушул жүрүшкө жети жашар Калыгул деген
барат. Байдын уулу. Бердикожону таап, мурун казактар айдап кеткен малды чогултуп,
аларга башка мал-мүлк кошулуп, көп олжо менен кайтышат. Алдыда көп жылкы, Илеге
жакындаганда жер-жерлер чий-куурайлуу, суу жеген бийик жарлуу кашат көп, ошондой
жердин бирине жеткенде, бала безилдеп, «абалар, ушул жерге түнөй кетели» деп, бир
нече жолу суранып жиберди. «Ой, оңбогон чечек, жолдо убара кылмай болду» деп,
башында болбой, бирок чарчагандыр деп, бир түнгө өргүмөй болушат. Калың жылкыны
бир жардын түбүнө имерип, кеч киргенче убакыт көп, байтал бээден кармап союп,
сөксөөл, дөңгөч чогултуп, алоолонто от жагып, таш ысытып дегендей, жайланып
калышат. Кашаттын ичинде үңкүрчөлөр да көп экен, кээ бири ошого кирип кетет. Кыш
болсо да, күн жылымык тартып турат, анан көрүп ал, түн ортосуна жакын ызгаар шамал
башталып, таңга жакын токтойт. Жылкы жаныбар да бир нерсени сезип, бири-бирине
ыктап, чогулуп калыптыр. Аңгыча арттан кар бурганактап кирди. Эртеси түшкө жакын
аттын омуроосуна жетиптир. Айлана тунарган, кайда бассаң дагы кар уюлгуп, бетке
уруп, көзгө эч нерсе көрүнбөйт, баягылар үч күн-үч түн ошол жерден жыла албай жатып
калышты. Ырас ыктоо, чий-куурайы да мол, малы да соо, ошентип күн ачылганча
отурушат. «Ушу бала болбосо кандай күнгө туш келмекпиз» деп, ошондон баштап
Калыгулга көңүл буруп калышты.
Көп өтпөй, Бердикожонун кунун куугандар аңдып жүрүп, Эсенкулдун Найман
деген уулун эптеп колго түшүрүп алышты. Калыстык кылып, бул окуя кандайча
аяктаганын кайра ошол тарыхчынын өз оозунан угалы:
Казактарга караганда буруттар өтө баатыр, бирок ырайымсыздык
жагынан казактар алардан кем калбайт. Мындай жырткычтык менен ишке
ашкан өлүктүн кегин алуу үчүн Бердикожонун иниси Акаяк, уулдары Лепес
менен Чоко бир күнү буруттарга каршы аттанып чыкса, жолу болуп, бир
бийинин баласы колго түшөт. Аны айылга алып келгенде Бердикожонун көп
аялы туткунду өз колу менен өлтүргүлөрү келип, ар бири бычактап, ал
шордуу ошол жерден каза болду...
Ушул жылы Атаке баатыр менен чогуу Чүйгө кыштап, кийинки жылы Эсенкул
эртелеп Илеге көчүп, айлын Бакайдын тоосунун чыгышына тикти. Анын артынан Атаке
баатыр да Челекке көчүп, өйүз-бүйүз Сүттүү-Булак, Чуңкур-Чакты жайлап, күзүндө БешКарагай деген жерге отуруп калат.
Эми кезекти Атаке менен Эсенкулдун чатагына берели.
…Кыргыз салтында анча-мынча жеңиш же байге менен олжо болобу, анын наркбаасын карабай, көп учурда жакын санаган уулу кишинин бирине ыйгарып коюшат.
Экөөнүн чатагынын көз көрбөгөн учугу дал ушу адатта жатат. Башында Түлөберди
казактарга барганда, Эсенкулдун аты аталганы жакпай, «көзүм тирүүдө мени айтып
койбойбу, өлсөм бир жөн» деп капаланып жүргөн. Бердикожо өлгөндөн кийин Найман
казактардын колуна түшүп, шейит болсо, «ээ, эл башында жүргөндөр ушинтип көбүрөөк
чыгым болот да» деп коёт. Анан, өз атынан орус бийлигине элчи аттандырды. Мунусу
жолум улук дегени эле. Бирок орус падышасына аттанган элчилер убагында кайтпай,
алардын да агайын-туугандары бар, Атакенин үстүнөн Эсенкулга даттанышат. Анда дагы
унчукпайт. Акыркы жолу Эсенкулга келаткан Кокондун элчилерин жолдон тосуп, өз
айылына кайрып алат. Чатак ушундан башталды. Жетет дегени окшойт, ачуусу келген
Эсенкул Үч-Алматыдан аттанганда, агасы айлын көчүрүп, секиртмелерине карабай, түнү
менен Шатынын бир аяк жолуна карагай төшөтүп өтүп, Санташ-Каркырадагы Шапак,
Бирназар туугандарына келип:
–Эсенкулдан чыктым! Тууган деп кабыл алсаңар калдым, жок десеңер, маңдайдагы
жазуу, -деп, маселени кабыргасынан коёт.
Шапак кантсин, эки жакка тең тууган, элин чогултуп:
– Эми кандай кылдык? Орозбакты менен Дөөлөсбакты эмчектеш. Канча жакын
болсок дагы бизге караганда Атаке баатыр баары бир Эсенкулга чукул, -дейт.
Отурган чалдар:
– Атаке баатыр дагы ошон үчүн караан кылып келди. Бизден артык тууганы жок.
Анан саяктарга барабы? Чоң баатырдын сөзүн эки дебей турган немелер аны батырбайт.
Кой балдар, батырбасак бизде бет калабы? -дешет.
Ошону менен, «бир уйду мүйүзгө чапса, миңиники зыркырайт, тең тууганбыз,
агасын чапкысы келсе бизди кош чапсын» деген бүтүмгө токтошот. Атаке баатыр
ушинтип Күңгөй Ак-Сууга отуруп калат.
Кызыгын кийинкилер чыгарды, «эмчектеш» деген сөздү кууп. Өкүнүчтүүсү,
мындай жомоктордун жакында гана пайда болгондугунда. Ал боюнча Атаке журтка
калтырып кеткен Карамырзанын баласыимиш. Бирок, Карамырза Мырзакул менен бир
тууган. Мырзакулдан Шапакка чейин алты ата. Демек, Карамырза Манап менен доорлош
жашаган. Манап Атакенин бешинчи муундагы атасы же Карамырза – Атакенин ортосунда
жок эле дегенде жүз жыл жатат. Анын үстүнө Атаке Анжиян тарапта туулуп, Белек
балдары менен калмакты каралап калганын айтканбыз…
Муну менен кошо Эсенкулдун каардуу бий болбогонун дагы эскерте кетишибиз
керек. Жоо жүрөбү, жыйын болобу, баатыр экенине таянып, жада калса өзүн катардагы
жоокерден жогору койгон жок, сөзүнө да, ишине да так жүрүп өттү. Бир жолу өзү айылда
жок экен, тондуу балдары ар кимден кагуу жеп, бир нерсеге таарынып, кеч күздө чогуусу
менен Челекке кетет. Көп күндөн кийин Эсенкул айылына келип, болгон ишти угуп,
жанына беш-алты киши алып, балдарын издеп чыгат. Челекке келишсе, кар тизеден,
баягылардын кээси үй тигип алып оокат кылып жүрсө, айтмайынча эчтеке жасап
көрбөгөн экинчи бирөөлөрү капа болуп, суукта бүк түшкөн бойдон жатканын көрөт.
Ошондо Эсенкулдун ачуусу келип, «кудайдын каары, өз жанын бакпаган кимди багып
жыргатат» деп, аларды отурган журтуна таштап, оокат кылып жүргөнүн баарын кайра
көчүрүп кетет.
...Найман каза болгон окуядан көп өтпөй уулдары, «эми агала сакал атабызды
алдыга алып, жоо жүрбөй эле койдук, Токмок – бирине жакын, экинчисине алыс эмес, бар
жагына тең жер, чече турган маселени ушул жерден чечиңиз» деп, Эсенкулду КичиКеминдин Чүй суусуна куйган жерине көчүрүп келишти. Азыр да «Эсенкул-Капчыгай»
аталып, 1924-ж. жер бөлүштүрүүдө казактына энчисине кетип, совет бийлигинин
тушунда ал жерге «Енбек» деген айыл орноду. Аркы бети «Көбүктүү», ал «Кара-Коңузга»
куят.
Ушинтип, Эсенкул баатырдын жашы жетимишке жетип, арга жок ат жалындагы
жашоосун токтотуп, элине бир жерден бийлик кылып, кеңеш берип калды. Карып калган
кез адам баласынын баарына эле кыйын, өмүр бою бир жерде отурбаган кишиге ого бетер
оор болот. Өзгөчө Алмабаш күлүктүн айласы кетти. Кулун кезинен такай чуу үстүндө
көнгөн жаныбардын отуз асый жашка толгон учуру, агытып жиберсе да, айылдан
алыстабай, жалгызсырап оттойт. Союп алууга кол барбайт. Анан Шаамурат деген уулуна
аял алып бермекчи болуп, Таластагы саруунун ичинен бошмоюн уругунун бир кызына
куда түшөт. Ага сөйкө салдырарда, башына ак кебез байлатып, калыңдын ана башы
кылып Алмабаш күлүгүн айдатты.
Ошентип, Эсенкул уулун үйлөндүргөндөн кийин журт которуп, мурунку
журтунан бир топ алыс, жаңы конушка келип отурат. Күндөрдүн биринде түндүн бир
оокумунда туруп кетип, көпкө жоголот. Үй-бүлөсү ар кандай түшкүмөлдөп, бир топто
баягы эски журт тараптан эки кааран чыгып, айыл тарапка келе жатканын көрүшөт. Алар
Алмабаш экөө экен. Мындай окуяга өз көзү күбө болгон аксакал карыялар баш
чайкагандан башка эч нерсе алышкан жок. Өрүшүн таап келди десе, Алмабаш күлүктүн
өрүшү эмес, кыгы бир жерге додо болбой, ээси менен жайлабаган жери калган эмес...
Ушуну менен Алмабаш күлүктүн изинен адаштык!!!
***
Окурманым, дүйнөгө түркүк боло турган жан али жарала элек, ошентип сиз менен
бир топ чогуу отуруп, азыраак болсо да качаңкы өтүп кеткен адамдардын басып өткөн
жолун кошо басып, ал доордун алда кайда калганына карабай, бир сыйра көз жүгүртүүгө
жетиштик. Баары өттү. Эми эң аягында башкы каарманыбыз менен коштошо убакыт
келди. Эмесе, кебибизди ошол жакка буралы!
Адамдын жашы жогорулаган сайын сезимтал боло баштайбы же өмүр бою жоо
бетинде жүрүп, эми минтип тынч алып калганына ыраазы болбогондун кесепети тийдиби,
айтор, эл кыштоого түшкөнн мезгил экен, бир күнү эртең менен баатырдын тили
булдуруктап, сүйлөгөн сөзү билинбей калат. Эси чыккан эл туш-тушка чабарман
жиберип, нечендеген кыл табыптарды алдырып келишти. Бирок ооруунун себебин таап
берген жан болгон жок. Тамырын кармап, карандай суудан баштап, кытайдын кырма
кызыл дарысын алып келип берсе дагы эч жылыш болбой, күндөн-күнгө начарлай берди.
Акыры эшикке башкалардын жардамы менен кирип-чыгып калган абалга жетти. Бир күнү
тышка чыгып, кайра кирип келе жатып, бир тынымга токтой калат. Жанындагылар тоо
тарапты үңүлө тиктеп, бирдеме издеп жатканын байкашты. Кирип-чыккан сайын
ушинтип тоо тарапты караганын койбойт. Эмне издеп жатканы белгисиз, же жаңсап
түшүндүрүп бербейт. «күндүн жылып, жаз келишин самап жатабы» деп, боолголоп
коюшат. Кээде чоң атасы Маматкулга окшоп күнгүрөнүп калат, анысын эч ким
түшүнбөйт. Анан бир күнү кечке агала сакалын салаалап отуруп, кыштын кычыраган
чилдесине карабай, акырын жаңсап, боз үйдүн туурдугун жогору түрүп койгула дейт.
Ысуулап жаткан го дешкен үйдөгүлөр айтканын кылып, туурдукту түрүп, башын дагы
бир аз бийиктетип беришти. Кыштын күнкү күн эмне, тез эле батат, ошондо ылдыйлап,
батайын деп, улам ылдыйлаган сайын анын нуру кыр-кырды чалып калган кезде, Эсенкул
баатыр жаздыктарга жөлөнгөн башын акырын буруп, мойнун созо, куту качып бара
жаткан көзүн төш жактан айырбай, бирдемени издегенсип, үңүлө тиктеп калат. Аңгыча
болбой ордунан обдулуп барып, бир саамга ката түшөт. Качан күндүн шооласы тарап,
күүгүм кирип, айлана жакшы билинбей калганда гана жанын жай алдырып, туурдукту
кайра түшүрө бергиле дегендей жаңсоо берет. Ошондо бала-бакырасы туурдукту түшүрүп
жатып, боз үйгө чукул келип калган эки аркарды көрүштү! Көрсө, алар жер-жерлерге ала
көлөкө түшө баштаганда, карын шамал үйлөп салган кырга салып, оттоокко түшүп келген
аркарлар экен. Баягы Эсенкул баатырдын үңүлө карап жатканы ошолор болсо керек,
жанындагылар баатырдын жүзү баягы жоого тийген кезиндегидей сурданып, алы кетип
бара жаткан көздөрүнөн кадимкидей нур жайнап чыкканын көрүштү!
Ошол эле түнү Иледен чыккан Ниязбек Эсенкулдун жакшы көргөн небересин
жанына алып, атасынын үйүнө түшөт. Атасы менен көрүшүп жатып, «балабакыраңыздын баарын үрпөңдөтүп салгансыз, өңүңүз жакшы, буюрса жазга жетпей
айыгып кетесиз» деп, көңүлүн акыркы ирет көтөрөт. Бирок атасынын ичээр суусу аз
калганын билип, туугандарына «акырын камыңарды көрө бергиле» деди. Төшөккө
жыгылгандан бери биринчи жолу ошол Ниязбек келген түнү тынч уктады. Ушундан бир
жума өтпөй, бирдин айында асман чайыттай болуп ачылып, суук анык күчүнө кирген
кезде, түн ортосу, жылдыз толгондо Эсенкул баатыр бул дүйнө менен биротоло кош
айтышат. Эсенкул баатырдын кабарын угузганы барган кабарчы чебер кошокчу экен,
Шапак баатырдын айлына ат чабым жетпей:
Азапка салып кыргызды,
Ак шумкар сындуу куш учту!
Алаканың бош калды,
Арман күн, элим уктуңбу?!
Кайгыга салып кыргызды,
Карчыга сымал куш учту!..
Капшытың эми толбостур,
Каты күн, калкым уктуңбу?! -деп, кошуп отуруп, угузду.
…Ошондо, байкап турган киши болсо, башында суусар тебетей, белине
күмүштөн кур курчанган, алты-жети жаштагы бир бала сөөк жаткан үйдөн карыш
жылбай, башка нерсеге да алаксыбай, кошокчулардын айткандарына кулак төшөп, көңүл
коюп угуп отурганын көрмөк. Ал Эсенкулдун жакшы көргөн небереси Ормон болчу.
Кошокчулар эч ким менен иши жок, күнү-түнү токтобой, жалгыз гана баатырды кошуп
жатышты:
Калмакка минген бууданың,
Каңтарылып тим калды!
Калдайган калың кыргызга,
Эми, баатыр..,
Калканыч болчу ким калды?!
Ойротко минген бууданың,
Окуранып тим калды!
Оң менен сол кыргызга
Эми, баатыр..,
Огожо болчу ким калды?!…
....Калмакты сүрүп Каңгайга,
Калың бир жылкы чубаткан.
Касташа келген душманды,
Катары менен сулаткан!
Жөлдүүсүнө жүздү алган.
Олжосуна кызды алган.
Октон кайра тарпастан,
Өбөлгү кылып узду алган!
Ойроттор менен кыйрашып,
Эрдигине бизди алган!
Ажал чиркин аткан ок,
Акыры сокту бул жалган!..
Бири Шапак баатырга туш келген баягы калмак келин эле. Ал кара жаак кошокчу
болуптур...
Бир кезде Атаке баатыр келди, «бир боорум, мени көмбөйт белең», деп. Баягынын
бири жок, катуу картайып, чыканактай чал. Орустарга элчи жиберем деп, кайра алардан
запкы жеп, бир топ азап тартып, жүдөп калган кези экен. Келип, баатырдын жайы кандай
казылганын көрүү үчүн, болбой, жөлөтүп-таятып жатып, казанактын ичине кирди. Кирип,
бири узун, бири кыска найзадан экини алып, кыскасын тегеретип көрсө кенен айланат,
бирок, узунун имерсе казанактын төбөсүнө кептеле түшөт. Ошондо Атаке, «көрдүн
төбөсүн дагы ала түшкүлө» дейт. Көр казгандар, «мындан артык көр казыла элек» деп,
каяша кылса, «бул дүйнө баатырга тирүүсүндө тар эле, жок дегенде жаткан жери кең
болсун» деп, болбой, казанагын дагы кеңейттирип, алдындагы топурагын өзү ушалап,
жумшактап берди. Келген киши ушунча көп – Онбир-Жылгадан Буранага чейин үй
тигилип, баатырдын сөөгүн бир жумага кармап туруп коюшат. Кыштын кычырган
суугуна карабай, төгөрөктүн төрт бурчунан келгендер ошол бир жума бою солкулдап
ыйлап, акыркы жайга узатышат. Элдин аягы эки-үч айга чейин үзүлбөй турду
дешет.Баатырдын жайы алыстан көрүнгүдөй болсун деп, дөңсөө жерден казылат, ошон
үчүн кокондуктар чебин анын күмбөзүнүн жанына салат 1.
Кийин В.В. Радлов кокондуктар чебин өтө ыңгайлуу салганын, орустар курган
чеп сазга аябай жакын, өтө ыңгайсыз жерде болуп калганына байланыштуу чептеги
Азыр ал күмбөздүн так орду белгисиз...
Бирок, качандыр бир күнү артындагы урпактары ал жерди сөзсүз табышат деген
ишеним менен баяныбыздын аягына чыктык!
Аягын башка баяндан алдык
...Эзелтеден батыш менен чыгыш (же чыгыш менен батыш – орун алмаштырсак
мааниси өзгөрбөйт) биринчи маданият очогу кай жактан тараган дегенде, бир-бирине
ыраа көрбөй, ар кимиси өз жагына оодара тартып келет. Кыргыздар болсо эки жактын
запкысын бирдей тартты!
Биздин баяндан жарым кылым кийин келген генерал-губернатор Г. Х. Гасфордду
кыргыздын өткөн тарыхы эч кызыктырбайт эле. Атаандаштары Россияны Крымдан сүрүп
чыккан учур ага Орто Азияны каратуу, атак-даңк менен тарыхта калууга жол ачты.
Ошондуктан, ал чоңдоруна улам кайрылып, Кара деңиздеги жеңилүүнү чыгыш жактагы
жеңиш менен жабууга алдын-ала сунуштай баштады. Каты мына: «Ирегелеш үч улуу
мамлекетти кызыктырган жапайы тоолук ордонун ыңгайлуу абалы, ал жерде жаратылыш
өзү түзгөн бекем чеп жана башка казак урууларына салыштырмалуу согуштагы күжүрмөн
кайраты – жакында ал ордону алуу үчүн үч улуу мамлекеттин ортосундагы эң терең
маселеге айланат»…
Ушинтип, 1859-жылы Кастекке чеп курулуп, ал чептен чыккан орус аскери ошол
эле жылы августта Токмокту, сентябрда Пишпек чебин орду-түбү менен жок кылып
кетти. Жыл айланбай, Олуя-Атадан чыккан кокондук аскер Пишпек менен Токмокту
кайра келди. Бирок бул жолку кокондуктардын бийлиги узакка созулган жок. Кийинки
жылы подполковник Г.А. Колпаковский жетектеген орус аскери аны акыркы жолу
биротоло каратты. 1863-жылы капитан Проценконун бөлүкчөсү Токмоктон чыгып, Боом
капчыгайы аркылуу Ысык-Көлгө, андан Кызартты ашып, Жумгалга, ал жерден Соң-Көл
аркылуу Нарынга түшүп, кокондуктардын дагы бир чеби – Куртканы алды. Ушуну менен
кыргыз жериндеги кокондуктардын акыркы бийлиги жоюлат. Орус аскери муну менен
токтоп калган жок. 1864-жылы полковник М. Г. Черняев адегенде Олуя-Атанын алып,
андан Кара-Буурага өтүп, орус аскерин тоскон багыш уруусунун манабы Сарымсактын
эки жүз колу менен талкалады. Мындан кийин Черняев Верныйдан Олуя-Атага чейинки
аскердин жарымы такай безгек менен ооруп, качан көрсөң ооруканадан чыкпайт деп
өкүнгөн.
жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында орус императорунун атынан жүрүш
уюштурат.
Күзгө жуук Олуя-Атадан чыккан кол Мерке, Кара-Балта, Ак-Суу, Сокулук,
Аламүдүн сууларынын жээгиндеги бирин-серин айылга токтоп, шашпай чыгыш тарапка
багыт алып келе жатты. Арасында бир жагынан тилмечтин милдетин аткарып, экинчиден
жер-сууну сүрөткө алуу үчүн коллеж регистратору Г. Бардашев деген бар эле. Мурунку
жылы Токмок чеби орустарга өтөөрү менен өз милдетин аткарып, «кокондуктардын чеби,
Чүй суусунун сол жээгинен эки чакырымча алыс турган Эсенкулдун күмбөзүнө жакын,
төрт бурчтук болуп курулган» деп, өз күндөлүгүнө белгилеген.
Жапайы кыргыз капыстан кол салса, курчоодо калбагыдай болуп экиге бөлүнүшөт.
Курал-жарактарын дайын кармап, бирин-бири алыстан көзөмөлдөп, шектүү сезилген
капчыгайларга адегенде чалгынчыларды жөнөтүп, жакын арада айыл бар экени белгилүү
болуп калса, курал-жарагы менен көчмөн элди чочутуп албоо үчүн тилмечтин жанына
эки-үч кароол кошуп берип жөнөтүшөт. Бирок айылдын кишилери баары-бир булардын
кабарын эчак угуп, буйтка жерлерге жашынып калышкан. Журттун көбү ээн, көчмөн элди
императордун жарлыгы менен жакшылыктуу деле тааныштырууга шарт деле болгон жок.
Айлана-тегеректен анча кооптуу нерсе билинбегени менен булардын ар бир кыймылын
чоочун көздөр алыстан кыя кетирбей байкап турганы ачык сезилип турат. Аны билип,
анда-санда зоңкулдап бир-бирине үн салып коюшат. Жер-суунун өңүтүн кагаз бетине
түшүрө турган жер ченегичтер анда-санда токтоп, өз иштери менен алектенип, аскердин
шар жүрүшүнө жолтоо болуп келишүүдө, бирок айла жок, буйрукту аткаруу керек.
Токмокко чукулдап калганда, Чүй өрөөнү акырындык менен куушурулуп, башынан кар
кетпеген чокуларга кол сунса жетчүдөй, түскө өскөн чөптөн болсо атчан киши көрүнбөйт.
Тоого жакындаган сайын ого бетер ээндеп, төрт-беш жылдан бери орустардын куралжарагынан көңүлү калган элдин дыйканчылык кылбаганы даана билинип калыптыр.
Жерди сүт тикен менен уйгак басып, атчан аскер бастыра албай, улам жогорулап, ЫсыкАта, Кегетини тоого жакын барып кечип, Бурана көрүнгөндө аны көрүүгө куштар болгон
жоокерлер, тизгинин ошол тарапка тартышты. Аттан түшпөй, тегерете бастырып
көрүштү. Черняев Бардашевге кайрылып;
–Кайсы кылымда курулган деп ойлойсуз? –десе, ал токтолбой, –албетте орто
кылым, бирок сапаттуу курулуптур. Иш билги усталар курганы көрүнүп турат, -деп жооп
берди.
–М-м, да-а, -деп, курулуштун стилине көңүл коё карап, -Иле боюнда мындай
архитектура жолукпайт ко? -деп, күңкүлдөп койду.
Көрүп бүтүшкөндөн кийин атын мурунку чепти карай бура бергенде, жаткан
жеринен жону капкара бир кайберен чыга калып, бийик чөптөрдөн аша секирип, тоону
карай качып жөнөдү. Ансыз деле сак келе жаткан жоокерлер тизгин тартып,өмүрүнө эч
кандай коркунуч жок экенине көздөрү жеткенде, тарсылдата аткылап киришти.
Жан деген таттуу белем, башынан алыс ышкырган октон коргологон баягы
кайберен жан талаша түз эле жогору жагында бара жаткан аскердин экинчи бөлүгүнө
кабылды. Алар төмөнтөн атылган мылтыктын үнүн укканда даяр болуп калышкан экен,
өзүн көздөй качып келе жаткан кайберенди көрө, алар да алдынтосо аткылап киришти.
Артында дагы тарсылдаган мылтык, алдынан чыккан октордун ышкырыгы заманасын
куурулду. Айласы жок кайра капталга салып, эңиштеп качты. Бактысына бадалдар көп
экен, ошол бадалдардын арасына салып, караанын үздү. Мылтыктын үнү көпкө басылбай,
тоолор жаңырып турду. Аткан октор сая кетип, качырып жибергенге өкүнгөн беркилер
ысык жерге байыр алып алган бул жаныбардын түрү кайсы экенин көпкө чейин талашка
алышты. Кийин гана чепке жакын жашаган жергиликтүү элден сурамжылап, ал жаныбар
көптөн бери ушул жерге үйүр алып калган аркар экенин угушат. Жада калса аңчылыкка
шыктуу кокондуктар дагы тийишчү эмес экен. Ушул окуядан кийин аны Токмок
коргонунун жанынан көргөн киши болгон жок.
Андан бастырып, чептин ордуна келишти. Урандылар үйүлүп жатат.
–Көрдүңөрбү, орус куралына жапайылардын топурак коргону кайдан туруштук
берсин. Муну такай көрүп турушса, экинчи баш көтөрбөйт. Бул эмес, алеки саатта жанагы
минареттин да таш талканы чыгат, -деп, Черняев баарына угуза айтып, шпорун катуу
теминди эле, алдындагы аты атып кетти. Күүлөнгөн бойдон чоң күмбөздүн алдына келип
токтоду. Бардашев жеткенде, үңүлө карап жатып;
–Кандай дейсиз, ушундай курулушту жапайылар кура алабы? -деп, сууро берди.
–Урматтуу таксыр, аны билбедим, чыгыш стилинин классикалык үлгүсү, бирок
тиги минареттен алда канча кийин салынган. Кадыр-барктуу неме окшойт. Чопо-топурак
ушул эле жердики, кирпичтерин ташып келишсе керек. Сапаты мыкты экен.
Байкадыңызбы, Меркеден берки курулуштардын оозу дээрлик суу жакка караса, мунуку
батышты каратып салыныптыр. Булар адатын оңой менен бузчу эмес эле, ошого түшүнө
албай турам, -деди.
–Э-э мырза, чыгышта эмне? Баары батышты карап, эшиктен кире бергиле, мына
ачык деп күтүп жатпайбы? Деги эле жок нерсеге ишенген болбойт. Сизди европалык
дейт! Кирпичтери мыкты болсо, керекке жарар. Биздин гаврилычтар келсе... О-о алар
оокатка бүйрө, -деп, каткыра атын темине, тээ чыгышта бүлбүлдөп, чокуларын ак кар
басып жаткан Кемин тоолоруна үңүлө карады...
Азыр ал күмбөздүн орду дайын оту менен жок. Буга убакыт же ар кандай
жаратылыш кырсыгы себеп болбогонун өз көзү менен көргөндөр айтышат. Кезегинде
алар да өз балдарына айта кетишет!!!
Алардын топурагы торко болсун дейли!
Баяндын аягы.

You have read 1 text from Kırgız literature.
- Büleklär
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 01Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3827Unikal süzlärneñ gomumi sanı 225430.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.42.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.50.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 02Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3929Unikal süzlärneñ gomumi sanı 224631.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.45.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.51.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 03Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3907Unikal süzlärneñ gomumi sanı 217430.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.44.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.50.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 04Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3928Unikal süzlärneñ gomumi sanı 218131.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.51.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 05Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3848Unikal süzlärneñ gomumi sanı 217532.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.45.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.52.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 06Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3865Unikal süzlärneñ gomumi sanı 226830.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.50.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 07Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3998Unikal süzlärneñ gomumi sanı 215431.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.51.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 08Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3957Unikal süzlärneñ gomumi sanı 230532.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.46.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.54.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 09Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3885Unikal süzlärneñ gomumi sanı 225330.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.50.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 10Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3933Unikal süzlärneñ gomumi sanı 218032.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.46.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.52.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 11Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3803Unikal süzlärneñ gomumi sanı 216329.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.41.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.48.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 12Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3848Unikal süzlärneñ gomumi sanı 217829.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.42.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 13Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3868Unikal süzlärneñ gomumi sanı 214530.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.43.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.50.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 14Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3921Unikal süzlärneñ gomumi sanı 218132.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.51.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 15Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3940Unikal süzlärneñ gomumi sanı 210232.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.46.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.52.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 16Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3925Unikal süzlärneñ gomumi sanı 218431.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.45.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.51.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 17Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3235Unikal süzlärneñ gomumi sanı 191835.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.48.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.54.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.