LatinHärber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Чыгыш же чоң бийлер баяны - 16
Süzlärneñ gomumi sanı 3925
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2184
31.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
45.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
51.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
каптайт, ал коркконунан бир түп карагандын ичине корголой калат. Күн көтөрүлгөнчө
көрүнбөй отуруп, казактар кеткенде чыкса, айыл тып-тыйпыл таланып, жайнаган өлүк.
Үйүнө кирсе кайненеси төшөктө эки бөлүнүп жатыптыр, бир жагында бирдеме
кыбырагансыйт. Жуурканды ача койсо, кичинекей эки баласы – байкуш кемпир аларды
көргөзбөй калсам деп, козголбой коюптур.
Кырылганы кырылып, тирүү калганы туткунга кетип, эки кенедей баласы менен
жан бага албай турганын көргөн баягы келин акыры төркүнүнө келет. Төркүнү
сарыбагыш болот. Тирүү калган эки баланын аты Кудайменде, Ботугур. Кийин тайкелери
үйлөнтүп, Ботугурдан Кетирекей, Кетирекейден Алыбек атуу бала туулат.
...Абылай өзү ортодогу колун баштап, Корготтуга1 бет алса, жаныш Байтик2
жетектеген сол канат Кулан, Меркени көздөп чабат. Колго тийген мал, буюм, катын-бала
болсун, караган жок. Баары олжого кетти. Бейкам жаткан кыргыз тоо беттей качты.
Эки тараптан тең кабар күтүп Ак-Сууда жаткан Кебек бий бир кезде чыдабай:
– Кечээ түнү Абылай Садырдын айлына кол салыптыр, барып, билип келчи, -деп,
иниси Муратты жөнөтөт.
Ал келсе Жайыл, Момокон, Теке, Үсөндөр кол жыйнап жатыптыр.
Момокон:
– Азыр кеч болуп кетти. Эртең эле кет. Олжо аласың, -деп токтотуп калат.
Таң атканда Садырды карай жөнөшөт.
Кээде Курагатты, Карагатты болуп айтылат. Кайыңды-Суу, Ойронду, Чет-Кайыңды
(сол) кошулуп, Чыбырдын тоосуна жакын барганда Чүйгө куят.
Кийин Абылайдын небереси Чокон, Жайыл баатырды ушул Байтик өлтүргөн деп
кабар берет.
Онбир-Салааны ашканда, Корготтунун оозунан Абылайдын колун көрүшөт.
Казактар жайма-жай экен, ошондо жакындап барып, жапырт ат койгондо чыдабай, алды
жапырылып, кайра тартты. Чачыла берген жоону бириндете кууп, сүрүп жөнөшөт, бирок,
Кең-Сай, Көк-Арыкка жеткенде, Байтик баштаган казактын колу капталдан чыкты…
Согуш ушуну менен аяктады! Бөрүбай гана көкжалдыгына салып, анча-мынча
кишиси менен курчоону жарып, кутулуп чыкты. Жайыл менен Момокон баатырлар баш,
Теке, Үсөн, Итике төш, аларга орто жерден кабар алганы келген Эсиркемиштин уулу
Мурат кошулуп колго түшүп, көбү шейит кетти.
Таластагы саруу-колпоч биригип, эртеси эрте Чөңөрдү ашып келатса, «казак
качып, Жайыл, Момокондор артынан кетти» болуп калыптыр, алар жайланып, жолдон
бет маңдай чыккан кааранды өзүбүз деп, казактын жайнаган колуна байкоос кабылып,
алар да кыргынга учурады. Качкан элди жыйнап алып, келаткан бошмоюн Туума бий
Абылайдын Корготту суусун жээктеп кеткенин угуп, түш оой Ашмаранын этегинен
Сейитке жолукту. Ал бүт Кетмен-Төбөдөгү кыргызды чогултуптур.
– Кабар кечээ таң атканда жетти. Чогулганыбыз ушу. Баарыңар качыпсыңар, деги
сооңор калдыбы? -деди, шектенген Сейит.
– Эмнесин айтасың? Эрдигинен солто, эси жогунан куу билек колпоч өлдү, дегенде:
– Садырдан кабар барбы? -деп жиберди.
Туума:
– Садырды түндө Жоргонун белинен кармаптыр.
Аны укканда Сейит сөзгө келбей, атынын башын Кетмен-Төбөгө бурду...
Аны көргөн Туума бий, «кандай кылам» деп, көзүнөн аккан жашын сакалы ылдый
куюлтуп, Чөңөрдү аша бергенде, артынан Эсенкул чаптырган киши жетти. Кайра тартып,
Сокулукка келсе, качкан элдин баары ушул жерде экен.
***
Садыр баатыр тирүү калбасына көзү жетип:
– Эки арманым калды, жеңилсем да согушуп жатып өлбөдүм. Жок дегенде
Доскулум аман-эсен калса, бир күнү кайрылып, казактан кунумду кайтарат беле? -деп
кайгырып, анан:
– Менин кунумду алса, бир Эсенкул алат!...- деп, эки ооз керээзин айтты:
Талоон кылып Абылай,
Тапты менин эбимди!
Жанымда өзүң болгондо,
Жегизбейт элем жемимди!
Эми, жеткирсе ушул кебимди,
Эр Болоттун Эсенкул,
Эртеңкиге калтырбай,
Эки эсе ал кегимди!
…..
Калганын тарыхчылардын өз оозунан угалы:
Бир кабарда Жоогачтын өзү айтат. Баласын өлтүрбөсөңүз сиз да
тынбайсыз, казак да тынч тура албайт. Атасы Садырдын жүрөгүнүн
башында эки эли жери кара, баласы Доскулунун жүрөгүндө кара жок, жалаң
эле май экен. Баласынын эрдигин түндө эт тартканда сынаарсыз деген экен.
Койдун эти келгенде Доскулу баштын эки кулагын кесип, маңдайын жара,
тумшугун туура тилип, эки көзүн чукуп алып, башты балжа-булжа бузуп,
мээсин башка алып таштап койгон. 1) башты маңдайынан узата тилгени –
жолум ачык, шыдыр болуп, аман-эсен үйүмө барсам дегени; 2) тумшугун
туура тилгени –жолумдан чыккан душманым, жоом Абылайды аман болуп
жыксам, согушта жеңип туурасам дегени; 3) эки кулагын кесип, көзүн
чукуп, башын балжа-булжа бузганы – өлбөсөм Абылай сенин эки көзүңдү
чукуп, эки кулагыңды кесип, чунайтып туруп өлтүрөм дегени. Башты
балжа-булжа кылганы, баш кишилериңди талкандап кырсам дегени; 5)
мээни алып дасторконго тыштаганы – мээңди тамак катары чийкилей жесем
дегени -деп таржымалдап бергенде, Абылай кан соргуч бул айтканга
ишенип, этти жеп болбостон өлтүрткөн. Саяк, саруу, кушчу сөөгүн сурап
алып, Олуя-Ата менен Таластын ортосундагы Капканын Үчкоргонуна
койгон…
«Сатуусун өзүм берем» деп, баягы сөзүнө турган Жоогач баатыр Момоконду эптеп
сурап чыкса, ал кайра кадырын салып:
– Эрдик кылсаң сүрөө кыл баатыр, картайып калган Жайылды калтырасыңбы? Үч
баласын кошо ала чык, -дептир.
Бирок ал бирөөнү эле бошотмой болгонун айтат.
Аны уккан Жайыл:
– Ылайыкташып, бириңер калгыла, -десе, Итике:
– Андай эмес, чырпык сынса, чынар калат. Сиз чынарсыз – сиз кетиңиз, -дептир.
Жайыл Итикени карап:
– Кудайдан баш тиледим – баш берди. Мал тиледим мал берди. Арманым жок –
көрөрүмдү көрүп, ичеримди ичтим. Силерге өмүр тилеп, ушулар мага топурак салып,
өлүгүмүнө кызмат кылат дечү элем. Эми минтип ал тилекке жетпей калдым, артыңарда
Жайылдын тукуму дедирген тукум калса болду, өлүмгө баш ийдим, -десе, Үсөн менен
Теке:
– Биз бошоп чыксак – энеси бөлөк, катын ала элек, жаш бала Итикени өлтүртүп,
уулу катындын балдары бошоп келди дешет, -деп, атасын кошулду.
Канча жолборс алсаң да, мындан өткөн эрдик болбойт. Илгери муну айткандар да,
уккандар да «Эсенкулдун батасы текке кеткен эмес» деп, тамшанып отуруп укчу экен.
...Абылай болсо Үч-Кайыңдынын Корготтуга куйган жерине кошун тигип, колго
түшкөн малдан союп, өлгөнү менен жоголгондорун эсеп кылып жата берет. Кыргыздар
болсо Сокулукка чогулуп, Көл башынан бугулар келгенде, жыйын башталат.
Жыйында Эсенкул:
– Мурункулардын көбү казактан эле. Азыркы иш бизден кетти. Эми анын жазасын
алдык. Дагы бир жолу ушундай болсо, жайыт эмес конуш таппай калабыз. Анан кимге
барып даттанабыз? Чогулуп алып, ачык жерден кармашсак мындай болмок эмес! -деп сөз
баштады. Шапак, Бирназар:
– Туурасын айтыш керек, Садыр менен Момокон аксымдык кылды. Жайыл да
кошулуп алыптыр. Кана, айткылачы, кун кууп, качанкыга чейин душман болобуз? Бизге
көнсөңөр, Абылай менен сүйлөшкөндөн башка жол жок, -дешет.
Эки-үч күн кеңешип, аны айтып, муну айтып, акыры экөөнө макул болушту.
Ошондо Эсенкул ордунан туруп:
– Түлөберди балам! Бери кел. Эртеден берки элдин сөзүн уктуң. Эмне дейин?
Азыр баягы кез эмес. Абылайдын каары казан куйкалап тургандыр. Бирок, сени унута
элек чыгар? Өзүңө ишенсең бар! Жок десең да өзүң бил. Тоо арасына барып, тура турсак
деле болот. Калганын болсо жазмыштан көрөөрбүз, -деп, сөзүн аяктады.
Анда Түлөберди:
– Баатыр, сиз ишенсеңиз барайын. Колго түшүп кеткендер менен өлгөндөр солто,
баары менин тууганым! Абылай мага эчтеке кылбастыр. Болгону оң менен солдон эки
киши кошуп бергиле? -деп, анан калгандарына кайрылып:
– Бирок баатырлар бир сураныч! Солтону Садыр баатыр баштап талаткан деген
сөзүңөрдү койгула? -дегенде, Эсенкул:
– Мунуна макулмун, өзүм эскертейин. Айта турган сөздү билерсиң. Чек аранын
жайын айт. Улуу жүз эмне дейт, аны да байка. Жаш болсоң да баш болдуң! Ушул
отургандардын баары сага ишенет балам. Мен да ордун таап, бүтүрөт деп турам. Сенин
айткандарыңа көнбөгөн кыргыз болсо, аны өзүм көрөйүн! Көп айтып не кылалы, анда
камдана бер! -деп сөзүн бүтүрдү.
Атасы Жамансарт босогосунан тилеген, үй кишиси экен дешет, муну укканда аялы
экөө;
– Кокуй! Каарына алган Абылайга ким түтөт? Жаш немени жайлап салбайбы? -деп
жибербей коё турган болгондо, Туума бий Түлөбердинин кайнатасы экен, Эсенкулга
айтып, ал келип:
– Аба, жеңе! Эл үчүн туулган бала эле. Минтип кан күйүп жатса, эр жигит кантип
үйүңөрдө отурсун? -деп жолго чыгарды.
Абылай Түгүшкөндөн алыс эмес жерде экен. Жолду карай казактын кароолу
токтотуп, кайда бара жатканын билгенден кийин коштоп, көздөгөн жерине жеткиришти.
Келгенде Абылай аны шак эле тааныды. Унутпаптыр. Агала сакал чалдарын жыйып,
Түлөберини алардын катарына отургузду. Абал баягыдай эмес, ортодо көп киши өлүп,
ызалар унутула элек. Эки элдин ортосуна терең жарака түшкөнүн баары көрүп турат.
Адатынча Абылай сөз алып:
– Енди кыргыз мен шек айырмасак болмайды! Айткан сөзим шет көрсең, анау
шалдар калыс. Талас, Шүй жагында шекти осы Түгүскенге орнатууга болады. Онан ары
Уландын ушы1 мен Шокпардын белинен Ыргайтыга2 шейинки оңтүстүк-солтүстүк
казактыкы болсын. Кане карагым, кыргыз оган не дейди? -дейт.
Түлөберди:
– Бул сөзүңүздү так айтып, элиме жеткирейин. Бирок таксыр, өз атымдан бир ооз
сөз кошом. Кыргыздын каны көп төгүлгөнүн билесиз, чек ара Талас суусу 3 эмес, андан
ары Кичи-Буурул – Чоң-Буурул, анан Күйүк4 менен туура Түймөкенттен Таласты кечип,
Абылкайырдан5 жанагы сиз айткан Түйүшкөн, Уландын учугун басып, Тескей,
Мүмкүн азыркы Чу шаарынын түндүк-батышындагы Уланбелди айтып жатат. Ал
Бетпак-Талаа, Моюн-Кум, Сөксөөл-Талаанын кошулган жеринде жайгашкан.
Азыркы Кордой ооданындагы Ногойбай айлы мурун Ыргайты болгон. Мындан
тышкары Чүйдүн оң куймасы (Ат-Жайлоо тоосунан чыккан суу) Ыргайты, Какпа-Таш ж.
б. деп аталат. Бирок бул жерде сөз күнгөй-тескей Ыргайты тоолору жөнүндө жүрүп жатат.
Чүй суусу азыркы Казакстандагы Кызылордо менен Жамбыл областынын чек
арасына жакын жердеги Акжайкын көлүнө жакын жерден соолуйт. Талас суусу ЧолокКоргондун чыгышында жайгашкан Акжар көлүнө куят. Байгара – Бетпак-Талаа менен
Балхаш көлүнүн ортосу, Акбакай айылыны түндүк-батышындагы бөксө тоо. СөксөөлТалаанын чыгышы, Майжарылган кырка тоосунун түндүгү Жамбыл тоосу деп аталат.
Ушул арада Көкчө-Тоо менен Түгүшкөн жайгашкан. Тилекке каршы, аталган топонимдер
кийинки жарык көргөн карталарда жолукпай калды.
Күйүк азыркы Тараз шаарынын батышындагы бел, анын түндүгүндөгү бөксө
тоолор Кичи-Буурул, Чоң-Буурул; ал эми шаардын түштүк чыгышындагы тоо Тек-Турбас
жана Бото-Мойнок деп аталат.
Азыркы
Көкдөнөн, Малдыбай
айлынын
түндүгү,
мурунку Юбилейное
кыштагынын жанын айтып жатат.
Чокмордун1 белин ашып, анын кайкысы болсун. Ар жагы Иле, Сарытокумга чейин
кыргыздыкы болуп, чекти ошол Сарытокум кылалы. Ошондо калыстык болор -деп сөзүн
бүтүрдү.
Муну уккан Абылай кайкая калат, аяк жагында отурган Төлө бий озунуп:
– Апырым ау! Казак енди не дейтин? Калмак шапканда, жарым калкың тау ишине,
жарымы Анжиянга ойысып кетти еди. Анау Күйиктүн бели мен Бурыл, Түймөкент мен
Абылкайыр, Түйискен не деген жерлер? Уландын ушы, Шокпардын бели деп турсуң?
Иле, Сарытаукумга шейин дегениң одан дагы сумдук гой? Айта отыр карагым! Жас
турып, мынауны кайдан уктың? -деп ийди.
Анда Түлөберди:
– Ар бир адам өзүнүн туулуп-өсүп, киндик каны таамп, кири жуулган жерин билип
жүрүү милдет. Ал жерде кыргыздын каны далай төгүлгөн. Сиз билбесеңиз, мобу отурган
чалдар билер. Алардын өлүмү бекер кетпейби? -дейт.
Ошондо Абылай баш ийкеп:
– Сендерге айтып жүрген бала осынын өзи гой, -деп Түлөбердини сөөмөйү менен
көрсөтөт.
...Элине келгенден кийин Эсенкул Түлөбердини угуп отуруп:
– Ырасын айтыпсың! Сен экөөбүз көчүп келип орун алгыла десе тил
албаган сарыбагыш, саяк, бугу, солто, кушчу, саруу, кытайдын жерин талашып жүрүп
өтмөй болдук. Башы Кызыл-Кыя Санташ, аягы бетегелүү Койташ кайда эми?
Кайсынысын айталы? -деп, кабатырланып, ачуусу менен дагы далай сөз айтты. Ал
арманын Түлөберди эч унутпай жүрүп өттү.
Кийинки жылы казак, кыргыз сүйлөшүп, сарыбагыштан Эсенкул, Атаке; солдон
Туума бий, Мама бий; солтодон Кебек, Түлөберди; саяктан Качыке, бугудан Бирназар
болуп, чек ара тактап келишти. Ошону менен кыргыз, казактын чеги батышы Чаткал тоо
кыркасынан кесип Терстин суусу, андан Күйүк менен Түлкүбаштын бели, Кичи-Буурул,
Чоң-Буурул, Боролдой, Кара-Тоо, Түймөкентти жанып, Курагаттынын Чүйгө куйган
жери, Чокмордун бели менен Үч-Алматыга андан Илени жээктеп өтмөй болду2.
Хан-Тоо менен Киндик-Тоонун ортосундагы бел, азыркы Чокмор станциясы.
И. Андреев боюнча: «Ташкент шаарына сексен чакырым жетпей, Кукан шаарына
(автор бул жерден Иканды Кукан [Аристовдо «Инак»2] деп жаңылып жатат, анткени
аралыгы дал келбейт, анын үстүнө «жетпей» [«не доходя»] деп, өз эмгегинде ал Орто
Азияны Оренбург аскер линиясы аркылуу салыштырып караган; башка жеринде Кукан
«Ташкент шаарынан ары, Чирчик суусунун артында») жакын Цуй (Чүй) суусунан
Сарытокум казакка тийип, кыргыз-казак «өткөн-өттү, кеткен-кетти кылып, мындан ары
дос, тамыр, куда болуп жүрөлү» деп, чыбыгын кыркып, бүтүмүн чыгарышты.
Кыргыз-казак чеги такталган жылы капысынан Абылай кайтыш болуп, сөөгүн Кожо
Ахметтин күмбөзүнүн жанына коюшту.
Ал кезде адамдын эмне себептен өлгөнүн так аныктаган азыркыдай илим жок.
Торолуп алса болду, көчмөн эл анча-мынча оору-сыркоого моюн бербейт – ажалга
карылык менен атылган ок гана себеп болгон кез. Башканын баарын кудайдын буйругу
деп билишчү, ошондуктан биз азырынча Абылайдын өлүмүнө да ошондой «буйрук»
себеп болгонуна ишене туралы.
***
Белдүү кишиси болбосо, бел-белге чыгып, бир-бирине жоо болгондор көбөйөт.
Абылай өлгөндөн кийин казак уруулары бир-бирине жол бербей, өз билгенин кылып, ар
кимиси ар бөлөк, тегерегиндеги кошуналары менен жөөлөшүп кирди. Ошо кездеги
кыргыз тарыхы канга жуурулуп жаралды. Бир күнү чин аскерине бет келсе, артынан
казактар даяр, казактарга бет алса, артта чин аскери турат, аргасыз туш тарапка
кылчактап турган кез.
...Эдилдин Урал жак жээгиндеги тулаң атчан кишиден бийик өсчү экен. Орус эмес,
бүт Европаны тоюндурса болмок. Өлкөнү башкарууну тартипке салгандан кийин
Екатерина II орус дыйкандарын Эдилдин сол өйүзүнө көчүрүп, аларды отурукташтыруу
жөнүндө манифест чыгарды. Бирок ал жакка көчө турган киши жок болуп чыкты! Акыры
карып калганына карабай акылды М. Ломоносов тапты. Ал жакка көчө тургандар
табылбаса, анда ошол жерде жашаган элдин баарын өз алдына каратып алууга болот экен.
Натыйжада 1762-жылы Сибирь аскер линиясы түзүлдү (эсибизге дагы бир жолу
салалы, ушул жылы Кулжа чеби да түптөлгөн). Ушинтип, туш тарабынан кысымга
кабылган казак бийлери анын өчүн тоолук кыргыздан алууга киришти. Алардын бири
Ытыш султан1 эле. Дембе-дем кол салып, эч тынчтык бербей койду. Абылай өлгөндөн
кийинки жылы Эсенкул баатыр аны да Үч-Алматыдан колго түшүрдү.
...Дагы бир күнү көнүп калган адатын карматып, кезектеги жүрүшкө даярданып
жатса, чак түштө капысынан он-он беш киши пайда болуп, айылга жакын жаткан калың
имерилип, Иле дарыясынын таралмасынан ылдый, Балхаш көлүнө жүз чакырым жетпей
чектелген. Бул Иле дарыясы кайсактар менен бөлгөн сыяктуу эле кыргыздарды кытай
мамлекетинен да бөлүп турган.
Казакча Ытыс, орусчасы Тыз.
жылкыны сүрүп жөнөйт. Ытыш ошондо үч жүзгө жакын кол менен алардын артынан удаа
чыгат. Жете бергенде 80ге жакын атчан капталдан качырып келип, казактарды сайып,
арасында Ытыш бар, жүздөн ашыгы колго түштү. Баасы бычылгандан кийин колго
түшкөндөрдүн туугандарына айттырып, сатыкка чыгарышат. Ошондо Ытыш султан өз
баасын өзү бычып, жылкыдан жалаң бир өң кылып, миңди, ага кошуп, алдына күлүк аты
менен жакшы көргөн токолун сунуш кылат. Бул окуяны биринчи жолу уккан А.И.
Левшин көчмөндөрдүн мындай салтына таң калганын жашыра албайт. Ытыштын
токолунун аты Баян сулуу экен. Аны Шоорук алып, андан Мурадил, Нураалы деген эки
бала туулат. Кийин алардын тукуму «ак көйнөк» аталды.
Ушинтип, жөлөк боло турган адамдар көздөн учкан убак келди. Атышаарга эски
жоо, беришээрге эски дос жакшы дегендей, дос, тууган, куда-сөөктүн пайдасы ушундай
мезгилде керек болот. Тегерегин кара булут чулгап келатканын көргөн Эсенкул колуна
алгыр куш, алдына таңдамал кырк жорго салып, уулу Кубатты Кокондогу Нарботого
аткарды. Ал илгертен Шооруктун тукумунан башка кыргызга жакын болгон эмес деген
үмүт эле. Бирок, анын да шайы ооп туруптур. Төрө-Коргондун беги, бир тууган иниси
баягы Ажы козголоң чыгарып, ошону менен алек экен1.
Нарбото бийден кийин Эсенкул сол туугандарын өз жагын тартууга киришти. Сөөк
жаңыртуу деген ошо. Мурунку муун өткөн сайын аралар алыстай берет. Кызы
Канымжанды Бердикенин кичүү уулу Тойчубекке бермей болду. Ушундан улам
Таалакенин элечегине байланышкан окуя чыгат. Ал кээде өзүнөн кийинки окуялар менен
алмашып айтылып жүрөт. Чынында Таалакенин элечеги жоголгон окуя кыздын себин
жеткирип барганда болгон. Бирок жолдон тосуп туруп, укурук менен илип кетип эмес,
кадимкидей конок болуп тамак жеп отуруп, анан даарат алып келгенден кийин, элечегин
таппай калат. Жаныбек ага жыгылып, ошол жерден эле Таалакенин алдына түшкөн.
… Жаныбек баатыр мал семирди деп, күздүн күнү жанына инилерин алып, БетпакТалаадан ары барып, журт которуп, кыштоого көчкөнү жаткан казактардын чоң айылын
акмалап жүрүп, эки миңге жакын жылкы алып, кайра тартат. Күн катуу сууктап калган
кез, улам тосот кылып, жете келген куугунчуларды жайлап жүрүп отурат.
Ай-Тоо, Кан-Тоого жеткенде, тыңыраак беш-алты жигити бар экен, болгон
жылкыны ошолордун алдына салып, Эсенкулдун айылын карай айдаттырат. Өзү шашпай,
«баатыр жылкыны көрүп ыраазы болсун» деп, эртеси келсе, айылга ат чабым жетпей
Эсенкул бир нече чоң үй тиктирип, жигиттерин күттүртүп коюптур. Союшу даяр, балдар
Кийин Ажы Улукбек, Шералы, Бекуул деген үч уулу менен Чаткалдагы
кыргыздардын арасына өтө качат.
чуркап, күнү-түн оокат кылып жатат дейт, Жаныбек ыраазы боло, жайма-жай жатып
калат. Бир күн өтөт, эки күн өтөт, бирок, Эсенкул тараптан аттуу-баштуу кишилерден
бири да басып келип, Жаныбек баатырдын жайын сурап койбойт. Тигилер дагы эки-үч
күн жатат, алдыларына келген тамагын жеп. Анан тынчы кете баштайт.
Баарынан тынчы жогу Жаныбек экен:
– Баатырдын мунусу кандай ыя? Атасы өлсө деле акыры угузат, кызын бергиси
келбей калса ачыгын айтпайбы? Же айдап келген малды азсынтып турабы? -деп, сакалдуу
бирөөнү таңдап, Эсенкулдун айылына аткарат.
– Мындан артык күтө албайм баатыр! Сапар карып, кайта турган убак болду,
кандай жооп болсо да ак дебейм дагы, көк дебейм.
Жиберген кишиси баатырдын айылына барып келгиче Жаныбектин өңү бозоруп,
сакал-муруту бириндеп, белиндеги кемерин мыкчып калган кези экен. Баягы жанына
көчүк басып:
– Эсенкулдун өзүнө сиздин сөздү айттым, болгонун болгондой кылып. Мен угуп
болгондо, акыры кыздын барар жери күйөө. Бирок Жаныбегиң ак келбейби? Эртең эле
жылкынын ээси келип, малын таанып алса, бүт айыл уят болбойбу деп, анан Жаныбек
баатыр канча жатса да мейли, келген киши конок. Керек десе жылкысын айдап кетсин,
мен ыраазымын. Баары түгөл турат деп айтты, -деп Эсенкулдун саламын айтканда,
Жаныбек баатыр ордунан тура калып:
– Тү-ү ата! Иттик кылган экенбиз. Арттан куугуну келсе кошо байлап, баатырдын
көзүнчө жылкынын башын бошотуп алайын дебедим беле. Эми болбой калды. Айдагыла
жылкыны. Бир конбой Кетмен-Төбөнү ашырып таштап, кайра тарткыла. Ордуна бүт
саруу дегендин жылкысын алып келесиңер! Келгенде мени так ушул жерден табасыңар, деп, өзү калып калган экен. Эл ичинде айтылып жүргөн Эсенкул баатыр менен
Жаныбектин бир-бирине таасын айткан белгилүү сөзү ошол:
– Ар кимди талап-тоноп, жеп жүрүп, тишиң калбай калыптыр. Эми башыңдан
ажырап калба, абайла, - десе, Жаныбек буйдалбай:
– Айтканыңда калет жок. Кудай-таала тиштээктин тишин алам деген, тишим
ошонун буйругу менен түштү. Бирок, ага кошуп көрөнөөктүн көзүн алам, тебенээктин
бутун алам дептир, алдырган жагынан өзүң деле кур эмессиң, -деп күлүптүр.
Жоо бетинде жүргөн баатырдын жараты көп болот, мындай энчиден Эсенкул да
кур калган эмес. Эскергендер найза, кылычтын тагы көп эле, капталдан атылган бараңдын
огу буттун сөөгүн талкалап, ошонун айынан бир жагына сылтып басчу дешет. Ушинтип
Эсенкул менен Жаныбек кудалашып, кийинчерээк иниси Тойчубек каза болуп, ал кездеги
элдин салты боюнча келинине өзү үйлөндү.
Ытыштан кийин Бердикожо чыкты...
Чек ара такталып жатканда Абылай Түлөбердиге, «баскалар тыныш алса да,
Бердикожо еш кулак аспайды. Енди себепсиз залалы тийсе оган сауап жок» дептир.
Ошентип, кыргыздын дагы бир баатыры – айтылуу Ныша баатырдын каза болгон жерине
жеттик....
Жоо дегенде баарын таштаган жигиттер бир күнү отуруп:
– Ой, бул Бердикожону тыюуга болбойбу? Такыр тынчтык бербейт, алдын тосуп
туруп, жини кагып салбайлыбы, -деп сүйлөшүп, чалып келүүгө аттанышат.
Нышаа баатырдын сексен үч жашка барган кези экен, айылдан чукул өтүп баратса,
өзү дөбөдө отуруптур, алыстан таанып, «кой, учурашып, бата сурай кетели» деп, кайрыла
калышат. Эригип отурган окшойт, «даам ооз тийгиле» деп, үйүнө киргизет. Жоого
баратканда эмне айтылмак эле, сөздөн-сөз чыгып, мурунку баатырларды эскерип,
көргөнүн кошуп, «мен минтип, ал тигинткенин» айтып, кобурашмай. Нышаа да жаш
кезин эстеп, «ата көрү, кайран жаштык» деп, санын мыкчып, анан, аттанаар мезгил
келгенде; «жоону чаап, аман-эсен, олжолуу болуп келгиле, жигит пири колдосун» деп,
батасын берип, кала берди. Жигиттер узаганча үйүнө кирбей, карап турса, оюн-күлкүгө
кана элек жаш токолу артынан:
– Ээ баатыр, картайганың ушу да. Мурун жортуул десе токточу эмес элең. Эми
өзүң калып, сөзүң кетти, -дейт.
Кыргыздын биринчи душманы намыс – токолунун оозунан ушул сөз чыкканда,
«чакыр кайра» деп бакырып, шаша-буша туулга-зоотун кийип, жигиттер келгиче даяр
болуп калыптыр. Анча узай элек немелер кайра тартып, атын токуп, туура тартып
беришет. Болор иш болду, токолу ээрдин кесе тиштеп, айла жок найза, кылычын таап,
колго карматат. Иленин аяк жагы таралма сай-сай болуп, Көкүм-Булак деген буйткалуу
жер экен, ошонун оозун тосуп жатышса, бир күнү 70 – 80дей кол менен Бердикожо келет.
Туштан өтө бергенде «ал» деп, ат коюшат, Нышаа алдыга чыгыптыр, жетип, найзасын
суна бергенде, атына ок тийип жыгылат. Эки жак тең жан аябай салгылашып, Нышааны
ажырата албай, казактар аны айылына алып кетишет. Кабар болоор, сатыгын айтаар деп,
деп күтүп жатып, жыл өткөрүп жиберишти. Акыры Нышаа тирүү эмес экенин укканда:
– Нышаанын куну алынбай калат деген эмне? -деген Эсенкул баатыр Бердикожону
биротоло тындым кылууну чечти.
Саяк, сарыбагыш, бугуга кабар айттырып, калың жылкысын Капчыгайга жакын
Жең-Ичке, Ак-Өлөң, Кара-Турукка таштап, чалгынчыларын акмалатып коёт. Бир күнү
жылкыга тийгенде, Эсенкулга кабар жиберип, калганы көрүнбөй, артынан аңдып жүрүп
отурса, казактар Иленин оң жээгинде Чолоктун тоосу деген бар, ошого келип, Чолок210
Жийде суусунун боюна токтойт. Көп узабай арттан Эсенкул жетет, көп казак дейт, айдап
келген жылкынын ичинен жараганын жарып, шапар тээп жаткан кези экен. «А-а,
ажалыңдын жеткен жери» деп, карап отурушуп, очоктогу от өчүп, жапырт уйкуга
киргенде Эсенкул «ал!» деп айкырык салат, ошондо кыргыздар курчап калыптыр.
Казактар кол кайырганга алы келбейт, эртеси эртең менен чачылган мал, казактан калган
курал-жаракты жыйнап, колго тийген олжону бөлүшүп болгондон кийин, түндө токойго
кире качып, аман калган бир нече казакты таап, кармап алышат. Тапканын улам байлап –
ал замандын салты ошол – солтолор Нышаа баатырдын арбагына деп, колго түшкөн
биринчи казакты ошол жерден мууздап, курмандык чалат.
Жортуулга чыккандардын ичинде сарыбагыштын жантай уругунан Боктурбай
дегендин уулу Кудайбакты дагы бир жолдошу менен токойдун ичин карап жүрүп, бир
казакты кармап алышат. Үстүңкү эрди жырык, көзүндө агы жок, баары кызыл, бою узун
далылуу, сакал-мурут чыкпаган, торой киши экен. Ал Кудайбактыга кайрылып: «казакта
досы жокпен сырлас, досы көппен сыйлас деп бир, дос баска карар, дуспан аякка карар
деп эки, түси игиден түңилме деп үш айтады. Тик карадың, көзи жок баатырга оксайсың,
дос болайлы» дейт. Сөзүнө экөөнүн ичи жылый түшүптүр, «бир казакты алып барып, атак
алмак белек» деп, жакын жерде жүргөн бир атты кармап келип, мингизишет. Анда казак:
– Баатыр! Тагы казакта дос болган адамга тарту береди. Енди шарт алай-былай
болып тур. Алайда өзүңө тең көр. Еңбегиң бекер кетпейди, аттардын ишинде таптан озган
жүйрүк Койкүрөң деген кыска бакай ат калды. Тапкан адам жаны жай алады. Арткы сол
аягы ак, -деп, белгисин айтып, -енди баурым атыңды айтсаңшы, досымдын ким экенин
биле жүрөйүн, -дегенде, аттарын айтышат. Анда ал өзү бастыра берип: «менин атым
Бердикожо» дегенде, берки экөө санын мыкчыган бойдон кала берди.
Ошол эле жылы сүйлөшүп алышып, Кулжадан кытайлыктардын 1500 аскери,
Бердикожо 500кө чукул кол жыйнап, Каратал-Быжыдан келип, Иледен жолугуп,
Кетмендин этеги, Кыргыз-Сай, Чоң-Ак-Суу, Кичи-Ак-Сууну жайлап жаткан кыргыз
айылдарды тып-тыйпыл кылып чаап кетишти. Ушундан улам «Кудайбактыны кудай
какты» деген ылакап1 калды...
Ошондо «сага кылбасак» деп, кийинки жылы күздүн күнү тарууга орок салган
маал, Эсенкул баатыр Мырза менен Бөрүбайды чакыртып, Бердикожонун дайнын билип
Кудайбактынын тукумунан кийин Республикага белгилүү Кайып Оторбаев, Какин
Сулайманкулов дегендер чыгат. Тарыхчы Б. Солтоноев да Жантайдын Дайырбегинен
тарап, ошондуктан, ушул окуядан улам манаптар жантай уругуна кастарын тигип калды
деп эсептейт.
келүүгө аттандырат. Иледен өткөндөн кийин күндүзү бекинип, түнкүсүн жүрүп
Куланбашы, Көкчөлүү деген жерге келишет. Көз байланып калган кез, бадалдын
арасынан казак жакты карап отурушса, сүйлөшүп алгансып ал жактан да бирөө келип,
кыргыздар тарапты көз сала баштаптыр. Бөрүбай эмне кылаар экен дегенсип, башындагы
тебетейин алып, төмөн карай ыргытат. Баягы казак дагы бир аз отуруп, артка тартат.
Бөрүбай билинбей, артынан жөнөйт. Жаткан жери анча алыс эмес экен, баягы казак
жолдошторуна келип:
-Киши көрүнбөйт, бир куш бар экен, менден чочуп уча качты, -дейт.
«Биротоло Бердикожонун дайнын биле кетейин» деген Бөрүбай аларды ээрчип
отуруп, айылга жеткенде, алдынан Бердикожонун өзү чыга калат.
***
Бердикожо эриккенинен колго түшкөн Бөрүбайды күнүгө бир маал эрмек кылат.
Бир күнү түш оой, айылга жакын Аяк-Кароол деген дөбөчөгө алып чыгып, кыргыздарга
камынып жаткан колун көргөзүп:
– Ойбай ау, Садыр баатырды жайраган колым осы гой. Кунун алатын кыргыз
калмадыбы? Лашын адым, каршыга баатыр Есенкул кайда? Кашан келеди? -деп бир топ
мазактайт. Көкчолок деген күлүгүн жанынан чыгарбай, откоро жүрчү экен, бир кезде
Бөрүбай андан көзүн албай отурганын байкай калып:
– Баурумдун көзи жүйрүктөн өтип кетти. Байлап салыңдарчы! -дегенде, жигиттери
колун кайыштап, кыймылдай албагыдай кылып кийизге ороп, бекем таңып, ээн боз үйдүн
бирине киргизип коюшат. Түндүн бир оокумунда денеси нымшып, табарсыгы да толот,
таң аткыча дагы бир топ, айла жок, жаткан жерине коё берет. Тизеге чейин көлкүлдөп,
бир аздан кийин караса, кайыш жибип калыптыр. Оңой эле чечилет, анан ары-бери
тоголонуп, кийизден да бошонот. Эшикке чыкса, тегерек тымтырс, кырчоодо байлануу
турган Көкчолокту көргөндө, «жолум болмой болду, Бердикожонун түбүнө жетет
экенбиз» деп, шашпай күлүккө минип, жаткан жерин күндө көрүп жүргөн неме обочодогу
боз үйгө келип;
– Ой, Бердикожо, кош. Мен кеттим! -дегенде, тиги:
– Жүйрүгүң кут болсын! Енди Көкшолакка жете турган ат жок, бара гой карагым, деп, кала берди.
Көкчолоктун күүсүнө ошондо канды Бөрүбай. Чөлдү-чөлдөй, сазды-саздай көрбөй
чуркаган жаныбар экен, ошончо жердин узактыгы билинбейт, айлына келгенде караса,
жалдын алды кичине гана тердептир. Келсе, элдин үмүтү Бөрүбайдан үзүлө элек, Эсенкул
баатыр, «өлүү же тирүүсүн билели, солтонун балдары келсин» десе, Түлөберди:
– Ой, ошо сарыбагыш менен солтого ыраазымын. Жалгыз Бөрүбай үчүн кол
курабай эле коёлу. Казак келип, айылдан байлап кеткен жок. Өзү барып колго түштү, -деп
солтону токтотуп туруптур.
Көрсө, берки жолдоштору күтө-күтө, «ай таң, шок бала эле, бирдин ичинен чыкты
же казык моюн казактын жолу болду, эми кандай кылабыз?» деп, Эсенкулга угузушкан
экен. Келгенден кийин Бөрүбай Бердикожонун кабарын айтып, «Азыр алыска кеткендир,
жете албай калдык. Жер кургаганда чыгалы. Жо-ок, күтө албайбыз десеңер, баягыдай
азгырык кылсак өзү келет» дейт. Кордойдун ызгаары күчөй баштаган маал, Эсенкул
Түргөн, Ысык, Талгарда отурган айылдарды Чүйгө көчүртүп, солтодон Кебекке айтып,
кеңеш кылат. Атаке баатыр, Кебек, Бөрүбай, Мырза дагы башкалары келет. Отурганда
жаштар:
– Сарыбагыш, солтодо «келе бакан куу союл» баатырлар көп. Уруксаат
берсеңиздер ошолордон азыраак киши барып, Бердикожону бир каптап келсин, сиздер
калган колго баш-көз болуп, элге кайта бериңиздер? -деп, улууларына кайрылышат.
Эсенкул ага көнбөй, Атаке менен Кебекке карап:
– Силер калган-катканын жыйып алып, элдин артынан Кордойго кете бергиле.
Кыргыз кеткенин укса, чарчаган казак тынч жатып калар. Ушундай кезде үстүнөн чыгып,
экинчи кайрылгыс кылалы. Боюңа ишенген талапкериң болсо кал! Кечээ бата бергенимде

You have read 1 text from Kırgız literature.
Çirattagı - Чыгыш же чоң бийлер баяны - 17
- Büleklär
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 01Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3827Unikal süzlärneñ gomumi sanı 225430.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.42.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.50.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 02Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3929Unikal süzlärneñ gomumi sanı 224631.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.45.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.51.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 03Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3907Unikal süzlärneñ gomumi sanı 217430.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.44.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.50.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 04Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3928Unikal süzlärneñ gomumi sanı 218131.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.51.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 05Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3848Unikal süzlärneñ gomumi sanı 217532.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.45.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.52.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 06Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3865Unikal süzlärneñ gomumi sanı 226830.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.50.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 07Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3998Unikal süzlärneñ gomumi sanı 215431.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.51.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 08Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3957Unikal süzlärneñ gomumi sanı 230532.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.46.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.54.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 09Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3885Unikal süzlärneñ gomumi sanı 225330.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.50.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 10Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3933Unikal süzlärneñ gomumi sanı 218032.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.46.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.52.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 11Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3803Unikal süzlärneñ gomumi sanı 216329.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.41.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.48.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 12Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3848Unikal süzlärneñ gomumi sanı 217829.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.42.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 13Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3868Unikal süzlärneñ gomumi sanı 214530.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.43.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.50.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 14Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3921Unikal süzlärneñ gomumi sanı 218132.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.51.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 15Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3940Unikal süzlärneñ gomumi sanı 210232.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.46.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.52.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 16Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3925Unikal süzlärneñ gomumi sanı 218431.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.45.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.51.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
- Чыгыш же чоң бийлер баяны - 17Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.Süzlärneñ gomumi sanı 3235Unikal süzlärneñ gomumi sanı 191835.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.48.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.54.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.