Latin

Чыгыш же чоң бийлер баяны - 14

Süzlärneñ gomumi sanı 3921
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2181
32.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
51.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
...Кийин-кийин XIX кылымдын орто чени болсо керек, анда Ормон тирүү, бир
жолу бир топ билермандар чогуу отурса, сөздөн сөз чыгып, аягында ата-бала Болот менен
Эсенкулдун кимиси кыйын чыкканы жөнүндө талаш болуп калат. Отургандар бир
пикирге келе албай, аягында Балыкоозду калыс кылмак болушат. Аны «Манас» айтып
жүргөн жеринен аны алдырып келишет. Ниязбектин балдары баш болгон баатырлардын
бир тобу чогулуп калыптыр. Арасында Төрөкелди бар. Балыкооз келгенде, талаштын
жөнүн айтышат. Ал көпчүлүктүн пикири Эсенкул баатыр жакка ооп турганын көрүп:
– Жаан жаабаса суу кадыры билинбегенин бир көрдүм эле, эми өлмөйүн ата
кадыры көрүнбөстүгүн эки көрдүм, -деп, сынагандай бектерди кыдырата карап;
– Булардын эрдиги бириникинен-бири кем дегидей эмес. Анча-мынча жерден
Эсенкулдун эрдиги атасыныкын жаап кетип жүрөт. Тушунда ага тең келе турган
кыргызда баатыр болгон эмес. Бирок элинин эртеңки күнүн ойлоп, Эсенкулдай баатырды
тапкан Болот бий эмеспи?! -деп, анан:
Ниязбектин сегиз бек,
Телегейиң тегиз бек.
Босогосу Болот бек,
Болуп турган Ниязбек.
Ормон, Субан – эки бек,
Бердикожо Бердибек.
Ажы, Шатен – алты бек,
Ырыскулбек, Кожобек.
Теменеси Болот бек, -деп, жыйынтыгын чыгарды.
...Атасын угузганы кабарчы жеткенде, Эсенкулдун айылы Иленин жээги, БүркүтУянын алдындагы кыштоодо экен. Ушул жылы эки кыш катары менен оор болуп, кардын
калыңдыгынан ат жүрө албай, Олуя-Ата – Талас эмес, кар токтобогон Кордойдун күңгөйү
карга тунуп калган. Ошону менен Эсенкул келсин деген жакындары сөөктү ал жылы
аманат калтырып, кийинки жазда аны дагы Арстанбапка, иниси Темирдин жанына
коюшту.
Мындай окуя да эл ичинде жөн калбай:
– Ата көрү! Баягы Санчы сынчынын айтканы келди эй! Болот бийдин беш күрөңү
кымызды тоё ичип, көмөөрбүз деп уктап калып, Эсенкул келип көмбөдүбү, -деген сөз
тарады.
Ата-бала катарлаш жакшы чыкса, эл «атан өлсө-тайлак бар, кому жерде калган
жок, ата өлсө уулу бар, тону жерде калган жок» дейт. Анын сыңарындай Болот бийдин
ашы өткөндөн кийин Эсенкул Кашкар тарапка, Жаман-Суу менен Кызыл-Ойго көчтү.
Анын бул тарапка көчүп келген себебин тээ мурунку өткөн окуяларга байланыштырып,
кийинкилер, «Эсенкул баатыр бабаларынын (Үчүкө, Түлкү) кунун кууп, Кашкарга
барганда» деп, кеп кылып калышты. Башы Текес – аягы От-Башы, Кара-Чий, Кең-Сайды
чек кылып, чек ара такталды. Эсенкул чек ара кесип, жыйын кылган Чоң-Дөбө азыр дагы
«Эсенкулдун Чек-Дөбө» деп аталат.
Ал келгиче Иле тарап да тынчыган жок.
Калмак кеткени орустар менен кытайлыктар жете албаган Түркстандан конуш
алган Абылмамбет хан казактар жеңилип жатканын укканда, кайра кыргыздарга каршы
жүрүшкө чакырып, «эгер кабар берсеңер, көп кол менен өзүм да барам» деп, уулу Болотту
Абылай султанга чаптырат. Бирок катары менен үч жолу сокку жеген Абылай эми
Абылмамбет эмес, Кытайдан жардам алууга ниеттенип, ал жакка Султанмамбеттин уулу
Орус султанды аттандырат. Бирок кыргыз-казакты бирдей «жапайы» деп санаган Кытай
императору бул чыр-чатакка кийлигишүүдөн азырынча баш тартты. Ага карабай, Абылай
менен Абылпейиз кайра бир жолу колун курап, жүрүшкө аттанышат. Бул согуштан
жабыр тарткан сарыбагыштагы Тыныбектин уулдары болду. Кыргыз санжырасындагы
ушул жана мундуздардын Тыныбеги жөнүндө сөз Абылайдын ушул чапкынына
байланыштуу айтылып калган1.
Казактар каптап келе жатат дегенде, чогулууга чама жетпей, жекеге биринчи
Шербото чыгып, казактар аны ошол замат сайып түшүрөт. Анын артынан чыккан
Байбото, Калматайдын тукумунан Төлөк, Тама дегендер да туткунга кетет. Колго түшкөн
баатырлардын жүздөн ашыгын көгөнгө тиздирип, койчосунан мууздап өлтүрмөк
болгондо, Абылай арага түшүп, кээ бирин азат кылат. Көбү Жантай тукуму эле. Алар
Абылайдын бул кылыгына ыраазы болуп калышты. Акыры сарыбагыштар кеңешип, бир
кызын Абылпеизге берет2. Казактар ага карабайт. Булардын ызы-чуусу эми узун элдин
учу, кыска элдин кырына жетип, Чин императору да арага түшүүгө аракет кылды эле,
андан да майнап чыккан жок. Арадан көптөгөн эрлер өлүп, катын-калач олжого кетти. Үч
жолку жеңилүүгө ууккан казактар токточудай эмес. Ачык согушка аз кыргыз жараксыз,

Б. Солтоноев көрсөткөн Абылайдын Чолпон-Атаны чаап, Соң-Көлгө келип ат
семиртип кетиши ж. б. Тыныбек башында турган мундуздардын Чолпон-Атада турушу
жаңылыштык.
Абылпейиздин ушул Тумардан көргөн балдары – Көгөдөй, Шамен, Жабагы.
Кийин абак-керей бийлеринин суранычы боюнча булар керейлерге төрө болуп, эл
башкарган.
айла жок, жашынып барып, казактын малына тие башташты. Анда казактар ого бетер
күчөдү.
Иле тараптан ьир жолку чабуулга чыгаардын алдында Абылай аттуу-баштуу,
баатырларды чогултуп, адегенде кеңеш кылат. Арасында бир аксакал бар экен, ошол;
– Азыр шаргез болуп калды, коё туралы, ишенбесеңиз чүкө өкчөп көрүңүз? -дейт.
Абылай макул болуп, доолбаска чүкө өкчөсө, таа түшөт1. Баягы чал башын
чайкаса, башкалар жаалап, чүкөнү кайра өкчөтүшөт. Экинчисинде айкүр конот. Ошону
менен Абылпейизге кабарчы жиберди. Ал да даяр экен, бирок аттанганы жатканда,
Иленин башындагы кытайлыктардын көп колун көрүп, токтоп калды. Абылай аны күтпөй
аттанып жөнөдү.
Казактардын кайрадан кол топтоп жатканын уккан кыргыздар да өзүнчө кам көрө
баштады. Бөтөн адамдын көзүнө чалдыгып калбасын деп, жоо-жаракчан жигиттерин
далдоого катып, бирин-эки кишилерин гана малдын жанына калтырып, беймарал жата
беришет. Айыл ичи минтип, күндөгүдөй эле оокат жасап жатса, аны сырттан багып,
байкап жаткан казактар таң ата басып калмай болушту. Мурунку күнү ойдуңчадагы чоң
айылды көздөп коюшкан экен, казактар жерге жарык кире электе каптап өтүштү. Бирок
алдыдан каршылык кыла турган киши эмес, ит үрүп чыкпай, казактарды дал кылды.
Кечээки көп айылдан эчтеке жок, болгону бир жаман алачык калыптыр, Абылай баш
болгон казактар ошого келет. Үйрөтүп коюшканбы же окуянын өзү ошого уланып
кеттиби, айтор андан бир кемпир чыгып, алаканын шак коюп:
– Ботом, түрүңөр суук, деги үйгө кирип, даам ооз тийгиле, -деди.
Жалгыз кемпирге ким теңелсин, жооп жок, тиги кемпир сүйлөөк да неме экен:
– Түшпөсөңөр, коё тургула, -деп кайра үйүнө кирип кетет да, бир аяк көжө көтөрүп
чыга калып, ортодогу Абылайдын өзүнө сунду. Ал аякты албай, тилдене кагып жиберди
эле, ушул белги болгонсуп, туш тараптан «чап!», «ур!», «сок эле, сок!» деген үндөр
жаңырып, кыргыздар каптап кетти. Кайсы тараптан чыгып жатканы белгисиз, кол улам
көбөйүп, казактар заматта баш-аламан түштү. Көрсө, кыргыздар казактын кайсыл убакта
кол салаарын болжоп, түнү менен айылын башка жерге көчүп кетиптир.
Күн көтөрүлгөндө чабыш аяктап, талаадагы аттарды кармап жүрүп, жөө калган
Абылайды көрүп, кармап алышат. Тарыхтын тамашасыбы, кийин-кийин Абылайдын
небереси Кенесарыны да сарыбагыштан Дайырбек, Калча, Жалба дегендердин колуна

Илгеркилердин түшүнүгүндө айкүр консо – жеңиш, бөк – тынчтык, чик –
душмандын тынччылыгы, таа – жеңилүү, оңко – чүкө өкчөгөн киши жеңип, душманын
түбөлүк кул кылат.
түшөт. Эч жеринде жарасы жок, дени соо, болгону тизесине союл тийип, томугу чыгып
кеткен экен, аны ошол жерден эле ордуна салып беришти. Колго түшкөн көп казактын
ичинде ак сөөгү жалгыз Абылай, ошентип, калганына көңүл бурулбай калды. Кээ бири
минтип, өзү келип кабылган немеден чоң кун алууну ойлосо, экинчилери:
– Жо-о-ок, мунун манжуу, каканчылар менен мамилеси түзүк, эгер кун доолай
турган болсок, аларга шылтоо болуп, эртең кайра өзүбүзгө кол салат. Андан көрө ким
көрдү кылып, көзүн тазалап салалы?! –дейт.
Башкалар:
– Кой, өлтүрүп салсак, мунун куну бүтпөйт, тынч туралы деп, макулдугун берсе,
алдына ат мингизип, үстүнө тон кийгизип коё берели. Чабыш ушуну менен бүтсүн, -деп,
бир пикирге келе албай атса, баягы кемпир адегенде Абылай жаткан үйгө кирип:
– Карасыңбы, ак сөөксүңбү билбедим. Ак сөөк болсоң, аякты какпайт элең!
Карасың десем, артыңдан ээрчигендер көп экен, -деп, анан, берки үйдө отургандарга
келип:
– Балдар, ыраа көрсөңөр ушуну мага бергиле. Чалымды казактар өлтүрдү эле, анын
ордуна чал кылып алайын, -дейт.
Бирок Тыныбектин тукумунан Шербото 1, Байботолор көптөп арага түшүп, акыры
колго тийген бир кунанга мингизип:
– Аман-эсен айлыңа жетпей калсаң, аны маңдайыңдан көр, тирүү жүрсөң
унутпассың, -деп, айылдан чыгарып, узатып коюшат.
Абылай келе жатса, көрүнүп калбайын деп, бир казак топ карагандынын арасына
жашынып калыптыр, ошого жолукту. Ал кунан минип келаткан Абылайды көргөндө,
ызаат кылып, муну эле минип алыңыз деп, атын берет. Тигил ыраазы боло, айылга
барганда атыңды берип жиберем деп, жолуна түштү. Баягы казак жаман кунанды кээде
минип, кээде жетелеп алып, эки-үч күндө эптеп айлына жетет. Ошол бойдон Абылайга
мингизген атын көргөн жок. Ушундан улам «Султанга ишенсең жөө каласың» деген
макал калды.
...Абылайдын бул ызасы али тарай элек кез. Бир күнү чогулган жерде отургандар
сөз арасында бир ырчыны ырдап кой деп суранышат. Анда ал домбурасын күүлөп:
...Абалы сөз сүйлөйүн жараткандан,
Нур жанар эр жигитке талаптанган,
Кезеги сүйлөй турган келгенинде,
Не болар жигит адам карап калган?

Ушул Шерботонун тукумунан кийин Аалы Токомбаев чыккан.
Жолдасын касындагы жоого берип,
Жарамас эр жигитке салактаган.
Жаксыларга теңелем деп жоого түсүп,
Кантип адам болады жаракталган.
Жакынын жолдасы мен жоого берип,
Жарамас жаксыларга каракталган, -деп коё берди.
Бул ырчынын аты Букар болчу...
***
...Эсенкул Кашкар тарапка көчкөндөн кийин Эр Садыр, Момокон, Жайылдын
уулдары Теке менен Үсөн, Жамансарттын балдары Түлөберди, Бөрүбайлардын атагы
чыкты.
Садырды айтканбыз, Момокондун Жыргал деген байбичесинен Үчүкө, Карабай,
Тоопай. Экинчи аялы Чүрпөдөн Ыман, Орус, Назар. Күлчө деген аялынан Жанмырза.
Момокондун эң кичүү аялы Апаштан Боку, Алымбек. Тоопайдан Татыбек. Алымбектин
тукумунан Чоң Айылчы, Татыбектен Бала Айылчы.
Эми Жамансартка келели: Байбичеси Жакшылыктан Эсенаман, Түлөберди,
Бөрүбай. Эркебек деген аялынан Сөлпү, Сарыкөбөн, Мамырбай, Үмөт. Токолу
Сарыкүңдөн Кожобек, Солтонкелди, Нусуп, Сака, Байжигит. Келиндери Жамансартты
«Эликчи аке» деп тергешти.
Бир күнү Садыр баатырдын 40 байталы жоголуп, изи Ойронду – Кара-Балтаны
карай кетиптир. Изди кууп келатып, алдынан ким чыксын «байталымды таап бер» деп,
омуроолой берет. Мойнуна алган киши жок, акыры Жамансарттын айлына келип, аттан
түшпөй, чоң үйдү жөөлөтө баштайт. Алганын киши көрбөсө, же өзү «сен алдың» деп
бирөөнүн мойнуна коё албайт. «Кой» дегенге да болбойт. Бөрүбай 15те, ачуусу келип,
үйгө жөлөнүү турган бакан менен жыга коёт. Садырдын ачуусу ошондо араң басылат.
...Ал кезде Талас, Чүй, Үч-Алматы, Ысык-Көл – ушул жердеги өзөндөрдү токой
басып, ар кайсы кокту-колоттун аягы ойгут-ойгут саз, талаалары камыш, калың чий.
Аламүдүн, Ала-Арча, Ак-Суу, Корготуда бура тарткан арык жок, баары тик агып, Чүйгө
кошулат. Илбээсин өрүп – улар, кекилик, өрдөк-каз, турна-каркыра, тоодак, аккуу,
кыргоол, коёндор биринин жүнүн бири жейт. Көчмөнгө күнүмдүк азыктан ашык
нерсенин кереги жок, баарынан малы кымбат. Эрмек кылып, илбээсин тузактап, кар
жааганда сонорлоп, сөлпөр менен уруп алып, аңчылык ушуну менен аяктаган. Карышкыр,
түлкү көрүнөө жойлоп, Кара-Тоонун ичинде Жетим-Тоо – Аркалык деген жер бар, ошол
жерден кишичил жолборс чыгат. Адегенде бирин-эки мал жеп, кыныгын алганда, күнүгө
элдин тынчын алат. Көбүнчө уйлуу адамдар чыгым тартты. Анткени, камыш аралап
оттогон уйлар гана. Уйду жеп, уй караган кишиге кол салат. Анда Үсөн, Теке жаш, экөө
бир күнү ойноп жатып, «ой, ошол Жаңылча жокпузбу» деп, кызып кетишет да, баягы
жолборсту бакылай башташат.
Көп өтпөй, «баягы ит дагы бир уйду жарыптыр» деген кабар угулду. Экөө кишиге
айтпай, жакшы ат таңдап минип, уй өлгөн камышка келип, бири тосуп, экинчиси
камышты аралап, канга тойгон жолборсту ордунан козгомой болду. Бирок, тойгон
жолборстун ордунан жылчу түрү жок, жакын келсе күрүлдөп коюп, жата берет. Ошондо
Үсөн чыдабай кетип, укурук менен бир койгондо гана жолборс атырылып чыкты. Теке
даяр экен, капталынан укурук салса, илинип калат. Муунган жолборс эмне, экөөлөп
башына нокто салып, оозун кемээчтеп, айылга жетелеп келишти.
Кыргыздын катыны деле жолборс алганын көргөнбүз, бирок, артын тамашага
айландырып, айыл ичин үч көтөрө, биринчи жолу чуу салган ушулар болду. Алар келген
маалда уй-кой саалып жаткан, аңгыча иттер ажылдап, мал үркүп, чакадагы сүттөр
төгүлүп, айыл ичи заматта ызы-чууга толот. Аялдар «у-у чечек» деп, этегине чалынып,
жыгылып жатса, экинчилери үйүлгөн тезектин үстүндө жүрөт, чоңдор болсо «окшошкон
гана иттер», -деп баканын көтөрө чуркаптыр.
Ошол жер азыр да «Жолборс камаган» деп аталат.
Анда Садыр баатырдын айылы Капканын үстү, Талас суусунун жээгинде.
Момокон, Жайылдардын айылы андан бери, Олуя-Ата, Ойрондуда – ошентип, эмки
окуялар ушул тараптан башталмай болду. Садыр ошол Чоң-Капкадан чыгып, КызылМойнокту ашкан белге ордо-чеп1 салдырып, аны менен кошо казакка каттаган
ташкенттик соодагерлерди чаап, анын тегерегиндеги айылдарга да кол сала баштайт.

Байыркы Шелжи шаарынын урандысы, кийин бул чеп «Садыр коргон» деп
аталып, суу сактагыч курулганда, анын алдында калган.
Кызыл-Адыр – Ак-Таштын Талас жагы өңүттүү, Кичи-Буурул – Чоң-Буурулга чейинки
Чалдын-Талаасына «сасыткы» кылып малын таштап салса, бүттү – казактар келбей
койбойт. Ачаны ашып, коңуратты чаап, алардан өзгөчө Бөгөн өзөнүнүн боюнда отурган
коңураттын белгилүү аксакалы – Казымамектин айылы бир нече жолу жапа чекти.
Садыр көп жолу олжого тунуп кайтат.
Чалгынчыларын Кара-Тоого жиберип, Ак-Тоо – Чолок-Күңгөйдү тоссо, Сибирь
жактагы казактарга каттаган кербендер акыры Ыргайлуу менен Чоң-Дарбазадан өтөт.
Ошол тушта Бухара ханы 24 төөгө калың артып, 8 аргымак айдатып, Абылайдын бир
кызына жуучу жибериптир. Алар келип, кыргыздардын айынан соода жүрбөй калганын
айтып, даттанып кетишет...
Эми Садыр баатыр күтө турсун, сөзүбүздү кайра Илеге буралы.
Үч-төрт жыл отургандан кийин ушулар жарайт деп, Кашкар тарапты Кубат бийдин
балдары Абайылда, Берикке калтырып, Эсенкул Текес аркылуу Үч-Алматыга келген эле.
Бирок Эсенкул өлгөндөн кийин кашкарлык кыргыздар тууган издеп алды Талас, арты
Көлгө көчүп, бул жакка көз болгон баатыр калган жок. Ал заманда аты чыккан
баатырлардын асан чакырылып, энчиленген атына «баатыр» деген аныктама берилип
калган. Эсенкулдун айткан сөзү эм болуп, анын бир сөзүн жок деген киши болбой, эл
ичинде «Чоң баатыр» атанды. Мааниси бийден да жогору дегендик. Буга чейин да, андан
кийин да башка бирөө мындай атакка жеткен жок. Ал адамдын чоңдугу эмес, эл бийлеген
калыстыгы, жерин коргоп өткөргөн өмүрүнө байланыштуу болду. Көзү өткөндөн кийин
да унутулбай, малдын зору «чоңдугу Эсенкулдай», куш жакшысы – «алгырлыгы Чоң
баатырдай», сөз көтөргөн кишини «токтоолугу Эсенкул» деп, ылакапка айланып, эл
бийлеген адамдар «чоң» деген сөз менен тергелип калды. Алсыздын жемин жедирбей,
туура сүйлөп, калыс жүргөн кишиге ар кайсы уруктан келип, караан туткандар да көп
болот. Ушундай адамдардын бири Эсенкул болду. Кушчу-кытайы болобу, мундуз, базыс,
жетиген, моңолдор, чериктен келет.
Ошолордун бири моңолдордон Алагар дегендин тукуму...
Моңолдор Бакыбийдин байбиче катынынан Атаке. Ал санжыраларда көп
эскерилбей, үч баласы гана айтылып, алар «Үч Кыйра» деген ат менен калды.
Бакыбийдин токолу Бөгөнөктөн Алагар, Сарыкашка, Сейитказы. Элде:
Байлык колдун кириндей,
Кээде желет, кээде жетет.
Жукса турат, жукпаса кетет, -дейт.
Сейитказынын малынын көптүгү ушул – кароосуз жүрүп кырылып, сөөгү талаада
калгандыктан, тукуму «Куусөөк» аталды. Алагар да эки аял алат. Байбиче аялынан
Маани, Чакыр, Чекир, Кабай, Каракурсак, Келдике. Токолунан Туума жалгыз.
Алагар да малдуу болот, бирок улуу балдарын үйлөндүрүп, кичүүсүнө ылайыктап,
кыпчактардын оозго алынып калган кишисинин бирине куда түшүп жатканда көз жумат.
Буйрукка айла жок, калыңы төлөнүп бүтө элек, Туума жаш, малга байбиченин балдары ээ
болуп калат. Токолдон туулган балдар байбиченин уулдарына тең келе албайт, атасы
өлгөндөн кийин агалары Тууманы таңазарына албай коёт. Жайлоо бүтүп, эл бөксөгө
көчүп келген кезде, күз ашка даярданып жаткан агалары айылын чогулуп кеңеш кылат.
Ага да Тууманы кошпой коюшат. Он алтыга чыкканча катын албаса намыс болчу заман,
сөйкө салынып калган колуктусун эстесе Тууманын ичи ачышат. Жалгыздык башка
түшкөндө гана билинет – ушинтип тутуланып жүрсө, бир күнү алысыраак туугандарынын
бири:
– Булар сенин кайындарыңа калың бере турган түрү жок, -деп, тамаша кылат.
Туумадан сөз чыкпайт, анда тиги:
– О-о, ата, башты жерге саласың, бу сенден эчтеме чыкпайт, -деп каткырат.
Арадан эки-үч күн өтүп, күүгүм кирип, көз байланган чен, очокто тезек алоолоп,
боз үйдүн эшигин түрүп койгон бойдон агалары кобурашып, аялдар ары-бери басып,
казан-аяк менен алек. Аңгыча келиндердин бирөө «чыр» дей түшүп, очокко жыгылат.
Жаанын жебеси көкүрөккө кадалыптыр. Отургандар атып чыкса, короонун четинде бир
караан кетип баратат. Узатпай жетишет. Карашса Туума. Эртеси айыл жыйылып, агалары
торпоктун куйругун кыркып, болгон ишти айтып берет. Эл Тууманы күнөөлүү таап,
өлтүрө турган болушат. Ошондо Кайырберген деген аксакал киши чыгып, Тууманын бир
кашык канын сурайт. Карынын сөзүн кыя албай, эл макул болот, бирок, агалары
Тууманын эки колун карматып, манжаларын кыя чаап туруп, коё берет. Ушундан улам
элде «үч моңолдор алты тонго батпайт, бир моңолдор көчүгүн тырмап жатпайт» деген сөз
калды. Мындай кордукка чыдай албаган Туума ошондо, «өлгөнүм артык турбайбы» деп,
жанын кыя турган болуп, бир зоодон боюн таштамакчы болгондо, баягы Кайырберген:
– Балам, ачууга алдырба. Өлсөң жоктой турган жакының да жок. Ата-бабаң «атайы
жолдош жок болсо, жүгөн алып атка бас, айлында тууган жок болсо, таягын алып жатка
бас» дечү. Эми сен Чоң баатырга бар, бир батсаң ошого батасың, болгонун айт, калганын
өзү билет, -дейт.
Туума ошондо «туура, колума кылыч кармап, кек кууганга жарабасам, андан көрө
барып, Чоң баатырдын малын карап, күн көрөйүн» деп, баатырга келет. Анын башынан
өткөн окуяларды угуп, баягы сөйкө салган колуктусуна үйлөндүрүп, ага кошуп, «атасы
өлсө, инисине аял алып берүү аганын милдети» деп, ар бир манжанын айыбына бир
тогуздан мал кесип берет. Ошону менен манжаларынан ажыраган Туума кийин эл ичинде
«Чолоктуума» аталып кетти. Андан Сырдыбай, Олжобай, Карга, Ырым. Алардын тукуму
ушу күнгө чейин Эсенкулдун эли менен турат.
... Бир күнү Качыке баатыр айтат дейт:
– Баатыр, сизге баары келет, ити болобу, кушу болобу? Кийин ушулардын тынч
жүрөөрүнө көзүңүз жетеби?
Эсенкул аны «Качкем» деп койчу экен;
– Ээ Качкем! Сен тынч жүрсөң, булар да тынч жүрөр, сен бузулсаң, булар да
бузулаар! Аны чукуганда экөөбүзгө не пайда? -деп күлөт.
Кайсы чалдар болсун чогулган жерде өткөн-кеткенди айтып: «карабайсыңбы,
тигил баланча деп айтса, бул түкүнчө деп жооп бергенин» дешип, аягында ошондой эсте
каларлык окуялардан сөзсүз бир тыянак чыгарышат. Ал ооздон-оозго өтүп, аягында
ылакапка айланат. Кийин-кийин элге тараган «манап таап айтат, саяк саап айтат, бугу
каап айтат, сарыбагыш чаап айтат, солто жаап айтат» деген ылакап да ошондой сөздөрдүн
жыйындысы болуп калды.
Эми, келечекте ата-бабалардын эмгегинне баа бере турган дагы далай илимий же
көркөм чыгармалар жазылар, башка бир маанилүү маселе бар – ал Эсенкулдун туулган
жылы. Туулган айы белгилүү болгону менен жылына келгенде, санжырачы-тарыхчылар
бир пикирге келе албай жүрөт. Бирок, Болот бийдин кыркка чыкканда көргөн баласы
экенин жана Эсенкулдун уулу Ниязбек жүзгө чыгып өлүп, ашы 1843-жылы берилгенин
эч кимиси тана албайт. Демек, Ниязбек болжол менен 1741–42-жылдары туулса, атасы
Эсенкулдун туулган жылы 1723–24-жылдарга туура келет. Анткени, Ниязбектен улуу,
байбичеси Каздан туулган балдарын да эске алуу керек.
Жыйынтыктап айтканда, Эсенкулдун жыйырмадан ашык балдары белгилүү.
Байбичеси Каздан Асанбай, Үсөнбай, Найман. Найман жаш өлдү. Асанбай-Үсөнбай
балдары «Чала манап». Экинчи аялы Анардан Ниязбек, Кубат, Куттуксейит, Абдыраман,
Карасарт, Шоорук. Каракыз деген аялынан Базаркул, Назар. Бир аялынан Айтбай, Керим,
Жапар, Саткын. Башка аялынан Кудаяр, Сукан, Ажы, Ырайымбек. Дагы бир аялынан
(уругу саруу) Бекболот, Шаамурат. Казак зайыбынан Жайчы, Тойчу.
...Эсенкулдун Үч-Алматыга түшкөнүн уккан Кебек бий жанына Үсөн, Теке,
Түлөберди, Бөрүбайды алып, токтоосуз Илеге аттанды. Көрүшүп болгондон кийин:
– Баатыр, жаман айтпай жакшы жок, артыбызда кала турган бирин-эки балдардан
ала келдим. Эл оозуна алынып калды, батаңы бер? -деп, Үсөн, Теке, Түлөберди, Бөрүбай
– төртөөнү Эсенкулдун үстүнө киргизет.
Эки-үч күн конок кылып, батасын берип, аттанаар мезгил келгенде «боорлорум,
элиңерге бел болуп, аман жүргүлө, силер жактагы казактар арыз кылып, Абылайга барып
атат деп уктум, сак болуп тургула, бирок өзүңөр катылбагыла», -деп, акыл-наасатын
айтып, ар бирине жакшы ат таңдап мингизип, эң кичүүсү Бөрүбай экен, ага карап:
– Ушу сени казык моюн казакка салам буюрса, -деп убада кылды.
Казык моюн казагы Бердикожо...
Кебек кайра тартып, Чокмордун белин ашып, Ит-Кечүүгө жеткенде кеч кирип
кетет. Жердин баары ээн. Караңгыда кечпейли деп, ошол жерге эс алмай болушат. Башта
ээр, алдыда тердик, үстүдө көрпөчө, жанда найза менен кылыч болсо эр жигит үчүн
түшкөн жердин баары мамык. Чөп белден, аттарын аркандап, бешөө ошол жерге түнөйт.
Түлөберди Кебекке жакын жатып калат, бир кезде көзүн ачса таң жаңыдан агарып
келатыптыр. Аттар жок, туш тарабы кылкылдаган суу, Чүйдүн ташкындап киришин
биринчи жолу көрүшү. Кургактан кичине бир аралча калыптыр, беркилерин ойготуп,
ошого чыгышат. Суу буркан-шаркан, атчан эмес, төө агыза турган, акыры аралча да
көмүлө баштайт. Айланада тал-терек, же бак жок, ага карабай кайратынан жанбай
турушат. Аңгыча кудай жалгап, чыгыш жактан бир караандын жакындап калганын
көрүштү. Жакындаганда карашса Эсенкул баатыр, бир топ жерден бери сүзүп келген
Алмабаштын таноосу дердеңдейт, жеңили Түлөберди экен, ага карап:
– Балам сен учкаш, калганы аттын куйругун кармасын, -десе, Үсөн менен Теке:
-Жо-о, сакалдуу Кебек абам турса, биздин аман калганыбыз кайсы, -деп, болбой
коюшат.
Ошондо Эсенкул:
– Түлөберди балам, отур! -деп катуу айтып жиберет.
Түлөберди баш тарта албай, атка жармашат. Бир аздан кийин артын караса, жээк
көрүнбөйт, Алмабаштын куйругунда Кебек-Бөрүбай – экөө эле келатыптыр, Үсөн менен
Текеден дайын жок, бир айкырып алып, ойгонуп кетет.
Көрсө, баары түшү экен, таң али агара элек, өзү өң-алаттан кеткен, Кебекти
ойготуп, көргөн түшүн түгөл айтты.
Ошондо Кебек:
– Балам, Чоң баатырдын батасы Бөрүбай экөөңө тең тийиптир. Учкашкан кишиин
батасын алсаң, укум-тукумуңдан бак кетпейт, -деп жоруп берди.
***
Кыргыздын колуна түшүп чыккандан кийин Абылайдын иши анча оңолбой, эки-үч
жыл катуу жут болуп, айылы да, малы да азайган. Анын үстүнө аргындар чанып, сөзүн
көп укпай калышкан. Эми ал тууралуу уламыштар көп. Баарын жазууга китеп чак
келбейт. Анын биринде баш-аягы он эки аялга үйлөнгөнү айтылат. Биз тарыхта калганын
санап берели. Улуу байбичеси карауул уруусунан, андан эркек бала жок, жалаң кыз.
Каракалпактан алган токолунан Убаалы, Адил, Чынгыз, Эшим. Бир токолунан Шыгай,
Тагай, Чөк. Кожолордун тукумунан алган токолунан Ток, Күсүм, Арык, Камбар. Калмак
аялы Топчудан Касым жалгыз. Дагы бир аялдан Үрүстөм, Тугум, Чагатай, Абдылда.
Калган балдарынын дайны так эмес, мисалы, Ытыш, Сүйүк дегендер айтылат. Казак
чалдары кийин-кийин бир Касымдын тукумунан башкасын киши катары санабай,
«Абылайдын насили аш ичип, аяк бошоткондон башкага жараган жок» деген сөз
чыгарышты.
...Күндөрдүн биринде, Абылайдын бир уулу, беш-алты нөкөрү менен жолоочулап
келе жатып, кеч кирип калган кез, аргындардын бир айылын көрүп, атынын оозун ошол
жакка тартат. Келсе, айылдын четинде кош чатыр тигилип турат, ушуга токтоп, дайнын
сураса, отургандар ушул айылга күйөөлөп келген жаш балдар экен, калжың айтып, жооп
бербей коюшат. Теги султан неменин тигилерге жини келет, кыскасы камчылаша кетет.
Айыл аксакалдары арачалап, чапан жаап, чатак басылат. Абылайдын уулу таяк жеп калат.
Бас-бас болгондон кийин ал Абылайдын кулагына жетип;
– Басыңа тийген камшыны шапан менен бүтүшүпсүң, енди өлтүрө салса, сенин
кунуң белгилүү болып калды. Же кеширим жасап, же катуу жазалоо керек эле! Ханда
кадыр болмаса, карада уят болмайды. Мынагың биздин сүйекте кала турган так болоду, деп, ошол элден башка бир жумуш менен арызга келген Канай аттуу кишини байлатып
салат.
Дагы бир жолу өзү барат, бирөөнүн тоюна. Барса, отурган жеринен Ботокара деген
бирөө ат үстүнөн башындагы тебетейин эңип алып, тамаша кылат. Абылай кылчайбай,
жылаңбаш үйүнө кетет. Кийин баягы Ботокараны байкатпай колго түшүрүп, тирүүлөй
көмдүрүп таштайт.
Бул окуялардан соң, аргындар Абылайдын үстүнөн арызын айтып, каз добуштуу
Казыбек бийге кайрылат. Ал, аныгын билмекке баласы Бекболотту Абылайга жиберет.
Бекболот айтса, Ботокаранын кунун уккусу келбей, кайра анын Тиленчи деген баласы
менен бир жигитин аманатка алып, Канайды гана берет. Ботокаранын куну бекер кетмей
болгондо, аргындар намыс кылып; «уруша турган жерин айтсын» деген саламын жиберет.
Элчи келип, болгонун айтса, Абылай аны-муну деп, Бекболоттун баласы Тиленчини гана
бошотуп, «төбөгө тийген камчынын тагын» шылтоолоп, берки жигитти өлтүртүп салат.
Ушуну менен Кылчакты, Чынгыз-Тоого жол жабылып, акыры 500 төлөнгүтү менен
Балхаштын батышындагы Көкчө-Тоого көчүп келди. Бир күнү ноокастап калса, кашында
отурган Бухара ырчы ооруудан батыраак сакайып кетер бекенсиң дегенсип, чертмегин
алып:
Кайгысыз уйкуга баткан ханым-ай,
Кайруусуз жылкы бактырган ханым-ай,
Калыңсыз катын кучактаган ханым-ай,
Үч жүздөн үч кишини курбан этсем,
Сонда калар бекен кайран жаның-ай?! -деп, баштаганда, Абылай
акырын токтотуп:
– Мен журтума осы сен айткан үш кызметтен асык пайда келтиргеним жок,
калганын айтпай ак кой, айтсаң сен жалганшы болып, менин көкирегим өсөр, -деген экен.
Аңгыча Байтели баатыр келип, коңураттар жардам сурап жатканын айтат.
Ушинтип Садыр баатырдын дайны Абылайга жетти.
Адегенде өзү барбай, 1766-жылдын башында Абылпейиз султанды аткарат. Ал
азыркы Тараз шаарыны түндүгү – Кызыл-Кыя, Үч-Булак, Буура Казган деген жерде
отурган кытай уруусунун бийи Каработонун айылын чаап кетти. Ошол эле жылы
жайында Абылай өзү баштап аттанып, мында да Каработонун айылы жабыр тартты.
Мындан соң Кокондун беги Эрденеге каршы аттанмакчы болуп, 1767-жылы Кытай
императоруна элчи жиберип, 20 миң кол менен замбирек сурайт. Кытай ага көмөк
берүүдөн баш тартты.
Абылпейиз
менен
Абылайдын
кыргызды
чаап,
олжолуу
келиши
башка
казактардын да бүйрүн кызыта баштады. 1768-жылы жазында Кудайменде баатыр менен
Дөөтбай тархан бир нече айылды жакын кондуруп, кол жыйнап жатканын укканда, Садыр
баатыр тосот кылып, Чабактуу тоонун этегинен казактарга кыргын салды. Кудайменде
баатыр ошол жерден өлүп, Дөөтбай качат. Ак-Сай деген жерден жетип сайганда, бели
очорулуп, аттан кулайт. Ал жер кийин Жырык-Ооз, ал эми казактар кырылган Чабактуу
суусунун жээги Кандуу-Сай деп аталып калды. Казактар менен келген бир нече орус жана
бир канча кыз колго түшүп, аларды Садыр айлына алып кетет. Ушул согушта беш миңге
жакын жылкы олжого тийип, аман калган казактар Түркстан тарапка көчө качышты.
Эми Садырды токтотууга эч кимдин күчү келбейт.
Жеңилген казактар кишилерин жөнөтүп, Абылайдан жардам сурай башташты.
Кыргызды жеңерине ишенбеген Абылай 1769-ж. Оренбург губернатору И. А.
Рейнсдорпко кат жазып: «сырткы жоодон (Кытай деп окуй бериңиз) коргонуу үчүн оң
миң, жакындагы душманга (кыргыз) каршы миңге чейин жана ич арага (казак уруулары)
500 аскер» сурайт. Бирок анысы ишке ашпай калды. Буга орустарга салык төлөөдөн баш
тарткан Эдил жээгиндеги калмактардын аскер башчысы Дундуктун уулу Уубашынын
көтөрүлүшү себеп болду.
-жылы Жуңгар хандыгы талкаланганда, Серең деген нойон анча-мынча кол
менен Эдилге качкан. Бул жакка келгенде орустардан ого бетер кордук көрүп, кайра
Жуңгарияга кайтып, мурунку күчтүү хандыкты калыбына келтирүүнү чечет. Ага Уубашы
кошулат, ошентип алар отуз миңге жакын түтүн1 эли менен Күнөс-Жылдызды карай жол
алат. Бирок алардын мындай ою орус бийлигине күн мурунтан дайын болуп
калгандыктан, Тышкы иштер коллегиясынын башчысы Н. И. Панин2 императрица
Екатерина II3 атынан казак султандары Абылай, Нураалы, Эраалыга кат жөнөтүп,
Уубашынын чек арадан (Эдил) өтүп кетишине тоскоол кылууну буюрат. Ага карабай,
Эдил жээгинен аттанган калмактар (көбү тыргооттор) 1771-жылдын январь–февраль
айында эч тосколдуксуз Жайык, Ыргыз, Торгой, Сары-Суудан өтүп, Балхаш көлүнүн
жээги менен келип, Илеге жеткенде, кыргыздарга туш келди!
Аны азырынча А. И. Левшинден артык эч ким сүрөттөй элек:
...Жапайы буруттар үч ордо казактар менен чектеш турат.
Алардын өмүрү жалаң согуш үстүндө өтөт, ошондуктан Чоң ордонун
казактарына караганда каарман болушат.
…Эдилдин жээгинен калмактар каптап келе жатат деген кабар
угулганда, урушаарга жоо таппай, араң турган жапайы буруттар
кубанганынан курмандык чалып, ураан чакырып, бийлеп киришти4.
You have read 1 text from Kırgız literature.
Çirattagı - Чыгыш же чоң бийлер баяны - 15
  • Büleklär
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 01
    Süzlärneñ gomumi sanı 3827
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2254
    30.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 02
    Süzlärneñ gomumi sanı 3929
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2246
    31.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.5 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 03
    Süzlärneñ gomumi sanı 3907
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2174
    30.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 04
    Süzlärneñ gomumi sanı 3928
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2181
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.9 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 05
    Süzlärneñ gomumi sanı 3848
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2175
    32.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 06
    Süzlärneñ gomumi sanı 3865
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2268
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 07
    Süzlärneñ gomumi sanı 3998
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2154
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 08
    Süzlärneñ gomumi sanı 3957
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2305
    32.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    54.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 09
    Süzlärneñ gomumi sanı 3885
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2253
    30.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3933
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2180
    32.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 11
    Süzlärneñ gomumi sanı 3803
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2163
    29.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 12
    Süzlärneñ gomumi sanı 3848
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2178
    29.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 13
    Süzlärneñ gomumi sanı 3868
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2145
    30.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 14
    Süzlärneñ gomumi sanı 3921
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2181
    32.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 15
    Süzlärneñ gomumi sanı 3940
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2102
    32.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 16
    Süzlärneñ gomumi sanı 3925
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2184
    31.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Чыгыш же чоң бийлер баяны - 17
    Süzlärneñ gomumi sanı 3235
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1918
    35.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    54.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.