Latin

Чиркейдин салмагы - 1

Süzlärneñ gomumi sanı 4152
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1946
30.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
43.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
50.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
ЖАН ДҮЙНӨҢҮЗДҮ АЧКАНГА КУДУРЕТИҢИЗ ЖЕТЕБИ?
Ар ким чындыкты ар жактан издеп, акыры өзү туура деп аныктаган бир жолду
таап, анан бардык ой - максатын ошол көз караштын тууралыгын далилдөөгө
жумшап, ошол үчүн күрөшүп жашап келген, жашап жатат жана жашай бермекчи.
Ырас, бул ааламда ушул гана айныгыс чындык дегендей аксиомалык
аныктамага ээ болгон чындык жок. Адам акылы кандай бууракандан умтулуп,
далай бийиктиктерди кечээ багындырган болсо, ал бүгүн ошол бийиктиктин
карама-каршысында туруп, айгай салып төмөндөй чөгүп, тереңдикке башын
батырууда. Ошол оомал - төкмөл дүйнөдө бийиктик да, тереңдик да керек. Бул
жалган дүйнөдө ким кайсы тарабына багыт алат, ал өз иши дегенибиз менен,
акыр түбү адамзат буга чейин калыптандырган дүйнө таанымдан,
философиялык ой жорумдардын шар кеткен шарапасына кошулуп, зор ой
таанымдан өз ордун таап кете берет, кете берет. . .
Колуңуздагы китеп да ушундай кеңири айтууга арзый турган, далай акылдуу
адамдардын акыл-эсин, билимин сормо саздай соруп, өз боюна тарткандан
кийин баягы табышмак касиетин сактап, тунжураган абалга келген Сопучулук
дүйнөтааным жөнүндө. Сырткы жашоонун жыргалын унутка калтырып, ички
дүйнөнүн - андагы керемет угум - туюмдар аркылуу бул пендечиликтин
Улуулугун аңдаштырууга жетишкен жана ал жолду замандаштары үчүн үлгү
кылып берүү менен аңыз кепке айландыра алган Сопучулук кабылдоо мусулманчылыкта гана жашап калбастан, диний көз караштарды жарып чыгып,
чыныгы жашоо образга айлана алгандыгы менен Керемет дүйнөгө ээ. Андай
керемет дүйнөнүн азап -тозогун тартып, ошондой эле анын Улуулугуна жетише
алгандардан кыргыз арасында да болгондугун Молдо Кылыч жана анын
чыгармачылыгы ырастап турат. Кыргыз арасында ага чейин эле мындай
дүйнөтааным жашап келгендигин азыркы убакка келип жеткен оозеки
чыгармачылыктан, орток адабиятыбыздагы айрым инсандардын
чыгармаларынан көрүүгө болот. Ырас, анын баарына бир китептин баш сөзүндө
токтолууга мүмкүн эмес жана ал өзүнчө иликтөөнү талап кылган адамзат
философия- сындагы өтө терең маселелерден экендиги анык. Ага үңүлүп кирүү
кыргыз философиясында келечектин иши экендиги талашсыз чындык жана
учурда актуалдуулугун жоготпой, күн тартибинде турат.
Бир нече кылымдык тамыры бар Сопучулук дүйнөтаанымдын бүгүн кайрадан
жаңы нерсе катары сунушталып жатышына Совет доору күнөөлүү Совет
мезгили өз территориясындагы башка эл- дер сыяктуу эле, кыргыз элинде
Сопучулуктун өнүкпөй калышына көз караштарды чектөө жана аны тануу менен
негиз түзгөн. Ошол себептен материалдык дүйнөдөн аша кечкен Дербиш бүгүн
бизге табышмак болгондой эле, анын дүйнөсүн аңдаштыруу ошончолук сырдуу
жана кызыктуу бойдон калууда. Аты аталып, бирок мазмуну табышмак бойдон
калган Сопучулукту баамга алууга ашыккан болсоңуз, колуңуздагы бул китепти
акыр аягына чейин шашпай, ар бир сүйлөмгө талдоо жүргүзүп окуңуз. Ошондо
аталган дүйнөтааным белгилүү деңгээлде өз сырын ачат.
Адамзаттын тарыхында пенденин ички дүйнөсүн аңтарууга философиялык
агымдардын бир далайы киришкени менен, адам жан дүйнөсүн толук бойдон
аңтарып ачып бергени жок. Бирок алардын баарын бири-бири менен
байланыштырсаңыз, адам сыры, анын жанында катылган керемет дүйнө
жаркырап, ага үңүлгөн кишини андан ары тереңдетип киришүүгө кумарлантып
азгыраары талашсыз. Сизге мүмкүн тааныш, балким тааныш эмес Сопучулук
философиясы -ошол адам сырын аңдаштырууга умтулган, далай адамдарды
«азгырып», алардын тагдырын тамашага салган, ошол эле мезгилде алардагы
Улуулукту ача алган жана айрымдарын тарыхка алтын тамгалар менен ысымын
калтырууга жетишкен төтө, бирок даңазалуу «жолго» ушул китеп аркылуу багыт
алуу менен, өзүңүздө жоопсуз келе жаткан көпчүлүк жагдайга жооп таба аласыз.
Тактап айтканда, Сопучулук философия кандай сырдуу кудуретке эгедер болуп
жашаса, бул китепке киргизилген кыска накыл - аңгемелер да ошондой касиетке
ээ болуу менен ар бир окурманды азгырып, ошол дүйнөгө алып барат. Бул
философиянын улуулугу ушунда; ар бир накыл - аңгеме Сопучулукту баяндоо
менен гана чектелбестен, улам кайталап окуган сайын ички дүйнөгө улам жаңы
түр кошуп, бир мезгилде тоңголок тарткан сезим кылдарын күүгө келтирип, өз
жан дүйнөңүздү өзүңүзгө аңтара көрсөтүү менен, анда буга чейин байкалбай
келген касиетин ачып берүүгө жетишет. Анда эмесе, окурман, жан сырыңызды
табыңыз.
Дагы бир өтүнүч, жан дүйнөңүз аруу болсун үчүн бул китепти таман алдына
таштабаңыз. Өзүңүздөгү касиетти өзүңүз жоготпоңуз. Сопучулук
философиясына баш баккан Сизге ак жол каалайбыз, сапарыңыз байсалдуу
болсун.
Парапсихолог, профессор Б. Акматов
КИРИШҮҮ
«Керемет дүйнөнүн арасында суфийлер i гана анык- тай алган, кайыптан
бүткөн казалдар да бар. Ал адамдын жеке »МЕНинде» сакталып, Улуу
Кудайдын мөөрү басылган жана ким туя билүүгө кудурети жетсе, ошого гана
жол көрсөтөт. Сопулар эч убакта өзүнүн ошол керемет дүйнөдөгү кабыл алуусу
жөнүндө айтпайт. Болгону кимде-ким, кандайдыр бир нерсени сезе баштаса,
ошого гана түрдүү ыкма менен белги берет... »
Мухий - ад - дин Ибн Араби:
Сопучулук өнөрдөгү каалоолордун түшүндүрүүчүсү.
Ибн Арабинин чыгармаларындагы сопучулук өнөрдөгү кайыптан бүткөн
майда чыгармалар, казалдар же көрүнбөс электер - бул, ошол жөнүндө
кандайдыр бир түшүнүк алган адамдарга жол көрсөтө турган көнүгүү жана
кабыл алуунун өзгөчө түрү. «Вуаль» - суфийлердин тилинде адамды кыймылга
келтирип, башкарып турган энергиялык «МЕНди» түшүндүрөт. Анын жарым жартысы акылга келген идеялар жана жарым - жартысы эң негизги калоолор
аркылуу кирип, өтө тереңдикти көрө билүүгө тоскоолдук кылат.
Суфийлердин поэзиясы да, адабияты да, тарыхы да, айтор, дагы башка
түрдүү иш аракеттеринин баарысы - бардык окурмандар үчүн табылгыс курал
болуп саналат. Ал пенденин кабыл алуусуна өтө тез кирбестен, түшүнүү, аңдоо
аркылуу акырындап жетет. Анан жанагыдай «Вуальдардын» түзүлүшүн жөнгө
салуу аркылуу, суфий менен анын окуучусунун ортосундагы мамилени
калыптандырат.
Идрис Шах
1. АДИЛЕТТҮҮ ОКУЯ
Акыйкат издеген англичан күндөрдүн биринде өзүнүн болгон дүйнөсүн сатып
жиберди да, Чыгышка карай жол тартты. Мына ушундай кылсам гана эң туура
болот деген терең ишеним менен ал бардык күчүн суфийлердин устатын издеп
табууга жумшады.
Өзүнө ылайыктуу устатты тынымсыз издөө менен арадан сегиз жыл
өткөргөндөн кийин, кокусунан бир дубанага кезигип калды.
- Кечиресиз, сиз “Кылым Даанышмандарын” көздөй алып бар- чу жолду
билээр бекенсиз? - деп жалооруду англичан.
Дубана токтоосуз түрдө билээрин айтып, ошол замат кимдир бирөөнүн аты жөнүн жана дарегин ага жазып бере салды.
Англичандын оозунан келмеси түштү. Чынында мындай иш анын үч уктаса
түшүнө кирмек эмес. Дубананы канчалык сыйлап турса да, өзүнүн узак изденүү
сапары биротоло бүтүп баратканына ишене албай турду. Ал аты -жөнү, дареги
жазылган баракчага дагы бир ирет үңүлүп карады да, үнүн бийик чыгара
үшкүрүнүп алды:
- Бирок бул киши деген Лондондо жашайт да, анан калса үйү да менин
мурдагы үйүмөн жөө бассаң беш мүнөттө жетчү жерде?!
- Мына көрдүңүзбү, - деп сөзүн улады дубана, - бирок муну менен эле баары
бүтүп калган жок. Эгерде сиз эрдемсинип, куру жанды кыйнабай, ыгы жок бул
жарыкчылыкта адашып - тентибей, ошол жашаган жериңизде эле калып,
акыл-эстүүлүк менен издегениңизде, анда аны мындан алты жыл мурда эле
жолуктурмаксыз.
2. КАНКОР
Бир жолу, сыягы мындан миң жыл илгерирээк го, бир үйдүн курулушунда
иштеген жумушчулар абдан оор каптарды шаты аркылуу көтөрүп чыгып
жатышты. Алардын арасында бир жумушчу гана өтө толкунданып жүргөндөй
көрүнөөр эле. Бирок мына ошол толкундануунун артында өтө эле жагымсыз
окуя жашырынып жатканын эч ким ойлогон эмес.
Антсе да бул көрүнүшкө терезеден көз салып жүргөн Аббасид шаарынын
халифи Апь - Мутадид ошол кишиге өзгөчө кызыга баштады. Ап айрым
адамдарын акырын жөнөтүп, тигил жумушчу мас эмеспи, акыл-эси жайындабы,
же минтип өтө толкундануусунун дагы кандай себептери бар экенин
сурамжылатып жүрдү. Качан гана тигил киши жөнүндө таң калаарлык деле эс
нерсе белгисиз экенин айтышканда, Халиф аны өзүнө алып келүүнү буйруду. Ал
жумушчуну катуу кыйнатып, канча акчасы бар экенин сурады. Арадан бир нече
убакыт өтпөй жумушчу өзүнүн миң алтын дилдеси бар экенин мойнуна алып,
аны кайдан тапкандыгын да жашырбай айтууга аргасыз болду.
- Кечкисин мен түрктөрдүн мончосунда от жагуучу болуп иштейм, - деп
баштады ал өз сөзүн. - Кечээ жакында бейтааныш бир киши чуркап мончого
кирди да; жай таап берип, өзүнө көз сала туру- уну менден катуу суранды.
Чынында ал аябай мас экен. Мен аны бурч тарапка жаткыздым да, үстүнө
чүпүрөк - сапырак жаап койдум. Ошондон көп өтпөй, дагы бир нече мас кишилер
мончого тигини издеп келишти да, андай адам келбегендигин айтканымдан соң
чыгып кетишти. Кайра келсем, тигиним эс - учун билбей жатат. Болду-болбоду
мунун бир мандеми бар деп, чөнтөк - башын аңтар- дым да, миң алтын дилде
таап алдым. Акча колго тийген соң, ээсинен эптеп кутулуш үчүн, аны мешке
салып, өрттөп жибердим.
Окуяны угушкан соң, Халифтин буйругу боюнча өлтүрүлгөн киши чет элдик
экенин тактоо менен, алтындарды ишенимдүү адамдар аркылуу өлгөн кишинин
үй-бүлөсүнө бердирип жиберишти. Ап эми от жагарды болсо кылмышы үчүн
өзүн да мешке салып өрттөөгө туура келди.
Чынында бул Халифтин алдын ала көрөгөчтүгүнө, өтө кыраа- кылыгына
байланышкан бир эле окуя. Анын мындай касиеттери көптөгөн жылдар бою
кылмыштуулуктан эртерээк сактанып калууга кызмат кылган. Көпчүлүк шылуун
кылмышкерлер өз өкүмдарынын табияттан тыш көрөгөчтүгүнөн катуу коркушуп,
кылмыш кылса да билип коерун жакшы түшүнүшкөн. Качан гана Халиф Апь Мутадидден жакын санаалаштары:
- Сиз тигил канкор жумушчунун кандайдыр бир шеги бар экенин кантип
билдиңиз? — деп сурашканда, Халиф минтип жооп бер- ген экен:
- Бул эси жок пенде кандайдыр бир ыплас жолдор менен көп дүнүйөгө ээ
болуп калганын мен анын жүрүш -турушунан улам байкадым. Анткени анын
кыймыл аракети өзүнүн мүнөз - сапаты менен да, өзүнүн жумушу менен да, өзүн
курчаган чөйрөсү менен да таптакыр коошпой баштаган эле...
3. ОБУ ЖОКТУК
Кожо Насирдин суроо берген адамдын ниетине, акыл-эсинин деңгээлине
жараша жооп берүүнүн өтө устаты болгон. Бир жолу кимдир бирөө аны келесоо
катары кабыл алат да, шылдың аралаш суроо узатат:
- Эмне үчүн кай бир адамдар бир багыт менен, бир тарапка кетип жатышса,
а экинчилери тескерисинче, аларга түз эле карама- каршы келатышат?
Насирдин токтоосуз жооп берет:
- Түшүнөсүзбү, ардактуум, эгерде адамдардын баардыгы жер- дин бир
бөлүгүндө жайгашып калса, анда алар өтө эле оордук кылып, жер башын көтөрө
албай, мойну салаңдап, аңтарылып кетпейби?!
4. БИЛБЕЙМ
«Келесоолор Өлкөсүнүн» эң кадырлуу эки атуулу учурда Кичи Пейил киши
деп наам алган бир четелдик келип, өздөрүнүн борбор калаасында жүргөндүгүн
угуп калышат. Мына ошол кишиге жолук- сак дегенде ак эткенден так эткен экөө
шаардын борбордук аянтына келишти. Ал жактан алар Кичи Пейил Кишини
орундукта отурган жеринен көрүштү да:
- Биз издеген ушул деп ойлойсуңбу? - деп сурады бири экинчисинен.
- Аны жанына бар дагы, өзүнөн сурап көр! - деп жооп берди тигиниси.
Биринчиси бөтөн өлкөлүктүн алдына барды да, суроо узатып калды:
- Кечиресиз, сиз кичи пейил киши эмессизби?
- Эгерде сен сыйың менен жолуңа түшпөсөң, мурдуңду түздөп, энеңдин
тоюн үч коргондон таанытып койом! - деп жооп берди Кичи Пейил.
Ап эми тигил суроо узаткан унчукпай шеригине кайрылып келди да,
пышмыйып отуруп калды.
- Биз издеген ошол бекен? - деди беркиниси.
- Билбейм, ал мага айтпады.
- Мм-м, анда мен да билбейм!?..
5. ЖОЛБОРСТОР
Качандыр бир мезгилдерде белгилүү сопу жашаптыр. Ал тез- тез падыша
менен аңгемелешип турчу экен. Бир жолу падыша ага минтип кайрылат:
-Мен чынында сиздин философияңызга такыр түшүнбөйм, анан калса
качандыр бир мен жолуккан кызыктуу адамдардын бири катары сезилип,
сопуларга деле анчалык суктана бербейм.
- Андай болсо сиздин түшүнүгүңүз жетпей жаткан нерселер жөнүндө айтып
бериңизчи? - дейт сопу.
- Мисал үчүн, - деп баштайт падыша, - кантип эле кандайдыр бир үн сөзгө
караганда күчтүү да, маданияттуу да кишиге таасир бере алсын? Ар бир
жаныбардын үн чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок, Сөз - бул, үн аркылуу пикир
алмашуунун эң жогорку түрү эмеспи!
- Макул, - деди суфий, - эгерде сиз качандыр бир мына ошондой кырдаалга
туш келип калсаңыз, мен сизге үндүн кандай мааниге ээ экендигин көрсөтөм.
Арадан бир нече күндөр өткөн соң, суфий менен падыша жолборсторго
аңчылыкка чыгышты. Падыша башынан эле тантырак болгондуктан, бул жолу
да унчукпай, тынч жүрө албады. Анан калса, акырын сүйлөш керек экендигин да
унутуп, улам эле жолборсторду үркүтүп жиберип жатты. Акыр аягында
аңчылыкка баш - көз болуп жүргөн мерген бир аз тыныгуудан пайдаланды да,
суфийге таазим кылып, мындай деп шыбырады:
- Качан гана өнөрүң да, беделиң да пайдасыз болуп калганда бир гана
даанышмандан жардам суроого мажбур болосуң. Сиздин катышууңуз Улуу
Урматтуу Падышабызга таасир бере алаар бекен? Мүмкүн болсо биз
жолборстордун изине түшкөндө сүйлөбөй, тынч- тыкты сактоо зарыл экендигин
ага түшүндүрүп коюңузчу?! Чынында мен сиздин жардамыңызга жетүүгө
татыктуу деле эмесмин. Бирок кокус аңчылыктан жолборссуз кайтып калсак,
падышанын бул кемчилиги үчүн да баары бир мен жазаланам, балдарым,
аялым да зыян тартат. Ал тургай менин аңчылык беделиме да доо кетиши
мүмкүн.
Суфий мергенге жардам берүүгө макулдугун берди. Качан алар падышанын
артынан кууп жете келишсе, тигил дагы деле сүйлөгөнүн токтотпой, бакылдап
жатыптыр. Ошондо суфий:
- Чүш - ш, жол. . . » - деп өтө акырын сүйлөдү. Падыша көз ирмемге ката
түштү да, »...борстор?» - деген шыбышты кошумчалады. Чынында ал шыбышты
жолборстор да укмак эмес.
- Мына эми, Улуу Урматтуум, - деп сөзүн улады сопу, - качан гана «ЖОЛ»
деген үн чыкканда, бир аз тынч туруу керек экендигин айттырбай түшүнүп, ал
эмес эч мааниси жок болсо да »БОРСТОР» деген үндү кошумчалаганыңыздан
соң, бир нерсени эскерте кетүүгө уруксат этиңиз. Мисалы, «Суранам, акырын
сүйлөңүз», же «Биз бакылдаган сөздөрүбүз менен жолборсторду үркүтүп
жатабыз», же болбосо «Тынчтангыла!» - деген сыяктуу сөздөр «Сөз - үндөн
өтүмдүү» деп далилдегендерге эч кандай таасир бере алган жок. Анан калса,
өзүңүз деле байкап көрүңүзчү, адам бөлөк нерсе жөнүндө айтылып
жаткандыгын эреже боюнча жакшы түшүнөт. Ал эмес «Мен түшүнө албадым»
деген фраза да сөздөн куралган, бирок аны жакшылап текшерип көрсөк,
реалдуу эч кандай деле мааниге ээ эмес. Ошентип, мен азыр гана сиздин
«Силер философия деп эсептегениңерге мен такыр түшүнө албадым» деген
пикириңизди текшерип көрдүм...
6. КУУ ЧОКУ
Бир жолу Аджиб акыр - чикир салынган чуңкурдан куураган баш сөөк таап
алды. Ал аны үйүнө алып келди да, жибектин кесиндисине ороп туруп, кайра
базарга алып жөнөдү. Соодагерлер жибектин сыртынан түйүндүн көлөмүн карап
көрүшүп, бирок ага өтө эле арзан бааны сунушташты. Чынында баштын сөөгү
оролгон жибектин кесиндиси эле андан кымбат турмак.
- Колуңду бер, - деди аягында Аджиб ошол шылуундардын бирине. - Мен
сен сунуштаган баага макулмун, мага ошол деле жетет.
«Чамасы бул келесоо го. » Ушинтип соодагер ичинен ойлонду да, анан үнүн
бийик көтөрүп:
- А тигил жибектин ичинде түйүлгөн бир нерсе барбы? - деп сурады.
- Чоку, - токтоосуз жооп берди Аджиб.
- Эмне?
- Куу чоку бар!...
«Кой, - деди соодагер сыртынан сыр бербей. - Мунун ачуусу келе баштады.
Андан көрө эртерээк акчасын төлөй салбасам, бул мобул салмактуу жибекти
дагы башка бирөөгө сатып жибербесин.»
Кыскасы ал акчасын Аджибке төлөп берди.
Ошентип арадан бир нече күн өткөн соң, ал Аджибти көчөдөн көрө калды да,
алдап кеттиң деп күнөөлөп, сотко жетелеп жөнөдү.
_ Баягыда мен сенден жибектин ичинде бир нерсе барбы? - деп сурасам,
эмне үчүн «эч нерсе жок» деген жоксуң?! – ачуулана сурады соодагер.
-Чамасы сен жаңылыш угуп калсаң керек, а чынында мен сага «куу чоку бар»
деп айткамын, туурабы?
Аджиб сөзүн улады:
- Менин байкашымда, сен менин жообумду кулагың менен укпай, өзүңдүн
сараңдыгың аркылуу угуптурсуң!
Жыйынтыгында куру доомат четке кагылды.
7. ТҮШ КӨРГӨН БАЛА
Качандыр бир мезгилде Хайдар Али Динан аттуу бала жашаптыр. Анын
тарбиячысы улгайган акылман дубана болгон экен. Күн сайын Хайдардын атасы
аны дубананын үйүнө жөнөтүп турат. Бул дубана жарыкчылыктагы баардык
сырды билет деп айтышчу. Ошентсе да ал Хайдарга бир гана нерсени окутуп
жатты.
- Эгерде сен түш көрүп калсаң, - дечү дубана. - Аны ойгонуп эстегенден
кийин эч кимге айтпа. Бир гана «Сенин жашооң түбөлүктүү болсун!» - деп ким
тилесе, ошого айтып бер.
Ошентип Хайдар дубананын колунда бир кыйла мезгил окуган соң, атасы
андан сурап калды:
- Айтчы уулум, акылман сага көптөгөн илимдерди үйрөтүп жатабы?
- Жок, - деди бала. - Ал жалгыз түш жөнүндөгү сабакты гана тынбай
кайталап жатат.
- Мына сага, түштөр жөнүндө эле дечи! - деп, атасы катуу ачууланды да,
баланы окууга жөнөтпөй койду. Ап дубанага өзү ашыга барып, катуу тийди:
- Эмне үчүн сиз болгону бир эле нерсе жөнүндө окутуп, менин акчамды да,
баламдын убактысын да коротуп жатасыз?! Анысы да кайдагы бир түштөр
жөнүндө дейби?..
- Билесизби, - деди дубана акырын сүйлөп. - Мен ар бир окуучума
турмушунда эмне керек болсо, ошону гана үйрөтөм. Аларды келечектеги эң
зарыл тажырыйбаларга даярдайм.
Антсе да Хайдардын атасы канааттанган жок. Мындай түшүндүрүү ага такыр
эле мааниси жоктой сезилди:
- Сиз деле жалгыз бир көнүгүүнү баардык адамдар пайдаланса болот деп
жазгырышкан, көпчүлүк көз боемчуларга окшош турбай- сызбы? — деди атасы. Бирок сиз алардан да амалкөй экенсиз!
Мына ошондон көп өтпөй Хайдар түш көрдү. Анан эртең менен ал жөнүндө
апасына айтты.
- Эмне болгон түш экен? - деп сурады апасы. Бирок ал алгач «Сенин
жашооң түбөлүктүү болсун!» - деп айтпагандыктан, бала түшүн айтып берүүдөн
баш тартты. Апасы ага катуу ызалана түштү да, атасына жөнөттү.
- Сага эмне керек? - деп сурады атасы.
Бала болгонун айтты:
- Кечинде мен түш көрдүм, анан эртең менен ал жөнүндө апама
эскерткенимде, ал капа болду да, сизге жөнөттү.
- Эмне болгон түш экен?
Бирок атасы да алгач «Сенин жашооң түбөлүктүү болсун!» - деп
айтпагандыктан, Хайдар:
- Мен сизге аны айтып бере албайм, - деп жооп берди.
Атасы ага катуу ачууланды да:
- Тээтигил жолдун кесилишинде эч ким өмүрүндө басып барбаган даракты
билесиңби? Билсең, ошого баргын дагы, дарактын башына чыгып алып отур.
Бул сенин суроого жооп берүүдөн баш тар-, тканыңдын жазасы болсун! - деп
буйруду.
[
Хайдар айтканындай кылды. Арадан бир нече убакыт өткөн соң, дарактын
көлөкөсүнө эки жолоочу келди да, тамактанып эс алыш үчүн токтоп калышты.
Алардын бирөө оор үшкүрүнүп, экинчисине мындай деп кобурады:
- Падыша менин табышмагыма жооп берсин деп артыман киши жөнөтүптүр.
Чынында мен табышмакка такыр түшүнгөн жокмун, анан калса, хан сарайга
барбайм деп баш тартууга кудуретим да жетпейт. Оо жараткан, билбейм эмне
кылаарымды? Жок дегенде жер жарылып жутуп кетсе экен мени, бул дүйнөдөн
дайынсыз жоголоюн!? Жок дегенде ушул суроого жооп бериш үчүн көктөн
бирөө-жарымды жөнөтсөң гана, кудай?!
- Ал эмне болгон чечилгис табышмак экен? -деп сурады шериги.
- Табышмак мындай, - деп сөзүн улады биринчи жолоочу. - Бири-бирине
окшош эки таякча бар экен. Ошонун кайсынысы да- рактын өзөгүнөн,
кайсынысы бутагынан жасалганын падыша билгиси келет.
Муну угуп отурган Хайдар дарактын башынан секирип түштү да:
- Мени падышага кошо ала баргыла! - деп өтүндү.
Чамасы сени бизге кудай жөнөтсө керек деп, таң калган жолоочулар аны да
өздөрү менен алып алууну чечишти. Качан гана алар калаанын борборуна
келишкенде Хайдар шериктеринен бир төө, бир
эчки, бир эшек сатып алуусун өтүндү. Хан сарайдын каалгасына келишкенде
сакчы вазир аларды токтотту.
- Кимиңер падышадан чакыруу алсаңар, ошонуңарды гана киргизе алабыз!
Биринчи жолоочу падышага кирип:
- Улуу Урматтуум, мен сиздин суроолоруңузга шериктеримсиз жооп бере
албайм, - деп суранды.
- Эгерде аларың баш вазирдин баардык талаптарын канааттандыра алса,
макул, кире беришсин, -деди падыша.
Ошол учурда падышанын берген тапшырмасын чече албай жаткан ордодогу
окумуштуулар толугу менен ызы-чуу түшүшүп, бул келгиндер жооп берип
койбосун деп чочулай башташты. Андыктан алар баш вазирден минтип
өтүнүштү:
- Мынакей, биз тигил келгин конокторго суроо даярдап койдук. Эгерде алар
жооп бере алышпаса, жүрүм-турумдун зарыл эрежелерин билишпегендиги үчүн
биз аларды хан сарайга киргизе ал- байбыз.
Ошентип вазир жаныбарларды жетелеп келе жаткан тигил экөөнү өзүнө
чакырды да, Хайдарга мындай деди:
- Сен суроолорго кантил жооп беришти билиш үчүн анчалык чоңое элек
экенсиң.
- Мынакей, биздин төөбүз бар, - деди Хайдар токтоосуз. - Ал кудайга шүгүр
эле чоң. Пайгамбарым үчүн деле төө жетишерлик чоң болгон.
- Сенин сакалың жок экен, анан эптеп - септеп бир нерсе билем деп
ойлойсуңбу?
- Силерге сакал эле керек болсо тигине, ал тиги эчкиде бар!
- Түшүнөсүңбү, сен азыр чоң киши боло элексиң!
- А, силерге чоң киши керекпи? Анда мына ал, - деди Хайдар жанындагы
шеригин көрсөтүп.
- Кантип эле ушу сага окшогон мажирөө неме билимдин жоопкерчилигин
көтөрө алсын, - деп вазир көшөргөнүнөн жазбады.
- Мынакей эшек, бул да биздин тобубуздун бир мүчөсү. Керек болсо Ыйса
пайгамбардыкындай билимди да көтөрүп кетем деп келди.
Жанатан бери көз салып отургандардын баары бул жоопту ук- кан соң
токтоно албай каткырып жиберишти. Вазир өтө эле келесоо көрүнүп калыштан
коркуп: «Ээ, мейли, бу тыңсынгандар өздөрүнүн суроосун өздөрү чечип
алсынчы», -деп ичинен кобуранды да, Хайдарды кабыл алуу бөлмөсүнө
ээрчитип барды.
Хайдар падышага өзүн тааныштырган соң:
- Жанагы жыгач таякчалар кайда? - деп сурады. Качан гана аларды алып
келишкенде, чоң чараны суусу менен кошо алып келүүнү өтүндү. Анан ал
таякчаларды сууга салды эле, алардын бирөө бетине калкып чыгып калды.
Мына мунусу дарактын бутагынан жасалган, -деди Хайдар. Экинчиси чөгүп
калды. –А бул болсо тамырынан.
Хайдар таякчаларды туура тааныганы үчүнбү, айтор падыша саамга
таңыркай түштү да, анан минтип сурады:
- Муну сен кантип таптың? Бул таякчаларды туура ажыраткан киши менин
баш вазирим болот жана ал биздин коомчулукту кырсыктан сактап калат деп
алдын ала айтылган болчу.
- Улуу урматтуум! Мен түш көргөм, - деп жооп берди Хайдар.
- Ылайым жашооң түбөлүктүү болсун! Ал кандай түш? - токтоосуз сурады
падыша.
- Түштүн негизги эле маңызы мындай болчу, - деп, Хайдар сөзүн улады. Мени кайсыл таякча дарактын кайсыл бөлүгүнөн жасалгандыгын табууга
чакырышмак жана мен ал маселени азыр эле сиз көргөндөй ыкма менен
чечмекмин...
8. ЖҮЗҮМ
Сиздер Кожо Насирдин жана жүзүм жөнүндөгү окуяны билесиз- дерби?
Эмесе ал мындай.
Бир күнү досу Вали Насирдинге мындай дейт:
- Эгерде ким берип жибергенин билбесең, эч убакта сага белекке берилген
тамакты жебегин.
- Андай күндө тамакка убал болбойбу ? - деп сурайт андан.
-Жок Кожом, дайыма эле баары убал боло бербейт. Ошондуктан алгач сен мышыкка ооз тийгизип көргүн.
- Анан эмне болот?
- Эгер мышык жан таслим болсо, же жегенден баш тартса, билип кой, демек
ал ууландырылган.
Минтип ой жүгүртүү жана жаңы билимдин мындай тажрыйбасы Кожо
Насирдинге өзгөчө чоң таасир калтырды. Бир жолу ал кимдир бирөөлөр
аркылуу короосунун алдына калтырылып кеткен себетке толтура жүзүмдү таап
алды. Анан ал жүргүзө турган тажырыйбасына күбө кылыш үчүн баягы досу
Валини чакырды. Алар алгач жүзүмдү мышыктын алдына коюшту эле, мышык
жүзүмдү жыттап көрдү да, тескери бурулуп кетти.
- Жесе болот экен! - деди Кожо Насирдин.
- А тигил мышык жебей койбодубу? - каршы чыкты Вали.
- Анын эмнеси бар экен, келесоо, кайсыл атаңын мышыгы жүзүм жечү
эле?!
9.
ӨМҮРДҮН БУЛАГЫ
Илгери-илгери бир киши «Түбөлүктүү Өмүрдүн Булагын» издеп табууга
киришиптир.
- Мен ал булакты таап ичем дагы, анан ачылышымды бүткүл адамзаты
менен тең бөлүшөм, - деп мактанат ал.
Арадан бир нече жылдар өткөн соң, чындап эле булакты таап алды. Анан ал
жата калып иче баштады, ичип жатты, иче берди, иче берди, иче берди...
Алгач ага жаштыгы кайрылып келди. Бирок ал токтолбой иче берип,
жашаргандан да аябай жашарып баратты, ошентсе да ичкенин токтоткон жок.
Бул көрүнүш качан гана ал эмчек сүтү оозунан кете элек ымыркай наристеге
айланып калгыча уланды. Ошондо гана булактын жанында жаткан наристе
аянычтуу ыйлап, сүт сурай баштады. Ошол жерге чукул өтүп бараткан
кандайдыр бир бейтааныш аял ымыркайды байкап калды да, өзү менен кошо
үй-бүлөсүнө ала кетип, багып алды.
Мына ошентип, баягы киши «Өмүрдүн Соолубас Булагы» кай- да
жайгашкандыгын эч кимге айтып бере алган жок...
10.
ТАНДООНУН ЭЭСИ
Суфийлердин атактуу устаты Килидиге баратышкан үч жаш жигит кокусунан
жолдон жолугуп калышты. Үчөө тең Килидинин улуу касиети жана кереметтери
жөнүндө көп угушкан эле. Сапары бир болгондуктан, алар Улуу Жол жөнүндө
билгендерин ортого салып, анын кыйынчылыктары тууралуу да сырдашып
баратышты.
- Устатка мамиле кылууда аябагандай ак ниет болуу зарыл, - деп баштады
биринчи жигит - Ошондуктан, эгер мени шакирттикке кабыл алса, мен алгач эле
өзүмдүн майда өзүмчүлдүгүмөн кутулууга аракет кылам.
- Ак ниеттүүлүк, - сөзүн улады экинчи жигит. - Албетте толук баш ийүү
дегенди түшүндүрөт дечи, бирок мени азгырып каршы чыгышса да, мен өз
пикиримден кайтпайм жана ачык айтам. Туура,
баш ийүү - бул эки жүздүүлүктөн качуу деген мааниге да ээ. Анткен менен, ички
каалооңо баш ийбөө, куру менменсинбей, берешен болууга шарт түзөт. Демек,
мен мына ушул нерселерди тажырыйба жүзүндө ишке ашырууга аракет кылам.
-Ак ниеттүүлүк, берешендик, майда өзүмчүлдүктөн кутулуу, баш ийүүчүлүк,
эки жүздүүлүктөн качуу - чынында абдан зарыл нерселер, - деди үчүнчү жигит. Бирок менин угушума караганда, эгер окуучу булардын баарын өзүнүн
өзгөрүлбөгөн «МЕНинин» үстүнөн жайылтууга аракет кылса, анда ал
механикалык машина сыяктуу башкарылма болуп калышы мүмкүн. Ал эмес
өзүн-өзү ачып берүү убактысын күтүп жаткан, айрым бир жагымсыз жүзүн да
жашырып коет. Чыныгы шакирт сөзсүз өзүнүн кемчилдигин да сезе билип, мен
тескерисинче минтип жиберем деп айтуудан жана калп эле боору- кер болуп
көрүнүүдөн алыс болууга тийиш. Акылмандардын айты- мында: «Чындык
издеген адам - Тандоонун ээси. Ал жалаң гана жакшы иштерди жасайм, же
маңдайга эмне жазылса ошону көрөм деп тандай алат.»
Акыры жүрүп отуруп, алар суфийдин үйүнө да жете келишти. Үчөөнө
суфийдин айрым лекцияларын угууга жана ар түрдүү рухий жактан бышыктоочу
көнүгүүлөргө катышууга уруксат берилди. Бир күнү суфий аларга мындай деди:
- Мейли биз үйдө бололу, мейли жолдо бололу, баарыбыз тең бул
жарыкчылыкка саякаттаганы келгенбиз. Бирок муну силер жон териңер менен
сезиш үчүн мен силерди саякатка алып чыгып, кабыл алууга оңой жолу менен
түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк берем.
Ошентил алар жолго аттанышты. Арадан бир нече мезгил өткөндө биринчи
шакирти суфийге мындай деди:
- Саякат - бул албетте, эң сонун нерсе экен. Антсе да мен суфийлердин
ордосунда калып кызмат өтөөнү туура деп эсептейм. Анткени ал жактан чындык
үчүн да, башка адамдар үчүн да талыкпай иштеп, «Эң Жогорку Аңдоого» жетсе
болот.
- Андай болсо, мен сени кайра окууну улантууга чакырмайынча элге кызмат
кылып, мына ушул жолдун кесилишинде жашап калууга макулсуңбу? - деп жооп
берди суфий. Жигит өзүнүн табитине жараша тандап алган тапшырманы
аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн көрүп, жетине албай абдан сүйүндү.
Беркилер аны ошол жерден өткөн жолоочулардын керегине жара деп
калтырышты да, андан ары сапарын улап кетишти.
Арадан көп өтпөй, экинчи шакирти суфийге кайрылды:
- Мен өзүмдүн өзүмчүлдүгүмөн ушунчалык жүдөп кеттим. Ишенесизби, мени
башкарып келе жаткан «МЕНим», ак ниеттүүлүктү тажырыйбалоого ийкемдүү
болушун каалайм. Эгер мага уруксат берсеңиз, Сизге жана ЖОЛго болгон
урматымды, билимимди, жергиликтүү элге түшүндүрүш үчүн ушул кыштакта
калгым келет. Менин оюмча, бул элдин сыйлоо, урматтоо жөнүндө түшүнүгү
деле аз болушу керек.
- Эгерде сенин каалооң ушундай болсо, мен каршы эмесмин, - деди Суфий.
Ошентип экинчи шакирттин мындай чечимине таң калуу менен, аны ошол
кыштакка калтырышты да, Суфий менен үчүнчү шакирти андан ары сапарын
улашты.
Бир нече күн жол жүрүшкөн соң, алар кимиси кайсы жерди иштетүүнү чече
албай, талашып жаткан адамдарга жолугушту.
- Абдан таң калычтуу, - деди жигит Суфийге. - Кантип эле адамдар
биргелешип иштесе көп ийгиликке жетишээрин билишпейт. Эгер- де алар куру
талашпай өз каражаттарын жана эмгегин бириктиришсе, бул жерди качан эле
гүлдөтүп салбайт беле?..
- Андай болсо, -деди Суфий. - Мына эми, өзүң карап көр, бул жерде
Тандоонун ээси - сен. Иштин ийгилигине сенин гана көзүң жетип турат, а булар
билген жок. Демек, ал жөнүндө буларга айтуу керекпи, же унчукпай өтүп кетүү
зарылбы, аны өзүң танда.
- Мен эч нерсени буларга айтпайм, - сөзүн улады жигит. - Байкашымча,
булар менин кеңешимди уга турган деле түрү жок. Ал эмес башты оорутпа деп
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Чиркейдин салмагы - 2
  • Büleklär
  • Чиркейдин салмагы - 1
    Süzlärneñ gomumi sanı 4152
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1946
    30.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Чиркейдин салмагы - 2
    Süzlärneñ gomumi sanı 4112
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1857
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Чиркейдин салмагы - 3
    Süzlärneñ gomumi sanı 4241
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1858
    32.2 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Чиркейдин салмагы - 4
    Süzlärneñ gomumi sanı 4130
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1946
    32.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Чиркейдин салмагы - 5
    Süzlärneñ gomumi sanı 4098
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1696
    32.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Чиркейдин салмагы - 6
    Süzlärneñ gomumi sanı 2874
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1368
    35.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.9 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.