Latin

Байтик Баатыр Жаманкара Баатыр - 1

Süzlärneñ gomumi sanı 3732
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2031
30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
43.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
49.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
Бул китепте кыргыз элинин баатырлары жөнүндөгү дастандары, алардын балалык чагы,
адамгерчилик касиети, эл жерин коргоодогу намыстуулугу, жетим-жесирлерге кам көргөн
айкөлдүгү, калыстыгы жөнүндө сөз болот.
Жыйнак жалпы окурмандарга арналат.
Басма Манастаануу жана көркөм маданияттын Улуттук борборунун Окумуштуулар Кеңеши
тарабынан сунуш кылынган.
ТАРЫХТА ОРДУ БАР БААТЫРЛАР
Кыргыздын кылым карыткан тарых барактарынын биринде Байтик Канай уулунун
ээлеген орду, кылган кызматы бар. Өз учурунда бул адам акыл калчай билген кыраакы саясатчы
жана аяр дипломат болгон. Бул туурасында тарыхчы Ж. Жакыпбеков мындай дейт: «Чүй
кыргыздарынын манабы — Байтик, XIX кылымдын орто чениндеги Кокон хандыгы менен
Россия империясынын ортосунда өзгөрүлмө саясий кырдаалды туура баамдап, кыргыздын
солто урууларынын Россия империясынын карамагына өтүүсүнө түздөн түз салым кошту».
Тарыхчы белгилегендей, Байтик солто уруусунан чыккан чоң манап да болгон. Мына
ушундан улам анын басып өткөн турмуш жолунда бир топ татаалдыктар, карама-каршылыктар
жаралган.
Бүгүнкү күндө окумуштуулар, тарыхчылар тарабынан Байтик баатырдын тегерегиндеги
айтылган кеп сөздөр талкууга алынып, такталууда. Бул өзүнчө карала турган чоң маселе. Ал
эми биз Байтик туурасында өз максатыбызга ылайык сөз кылмакчыбыз.
Байтиктин тагдыры — элдин тарыхы менен байланышкан. Ал башка тарыхый
инсандарга салыштырмалуу өтө айырмаланган эрдиктерди көрсөтпөсө да элдин аң-сезими
менен аралашып, натыйжада чыгармаларда эпикалык деңгээлге чейин көтөрүлүп
чагылдырылган. Байтик туурасында жазылган тарыхый булактар менен көркөм
чыгармачылыктын окуяларын салыштырып көрсөк, айырмачылыктын жокко эсе экени көрүнүп
турат.
Тарыхый окуяларга кайрылганда, акын-жазуучулар негизинен анын булактарынын
«изине» түшүп, аларды алымча-кошумчалоо менен трактовкалоого алышканы болбосо —
фантазиядан жаралган кошумча эпизоддорду жаратышпайт. Ошонун негизинде каармандардын
психологиялык ал-абалы да чектелип калат.
Байтиктин турмуш жолу К. Осмоналиевдин «Көчмөндөр кагылышында», казак
жазуучусу И. Жакановдун «Кер толгоосунда», Ө. Даникеевдин «Көз ирмемдеги өмүрүндө»,
Абдылашым Смайыл уулунун «Байтик баатыр баянында», С. Закировдун «Кыргыз
санжырасында» кенен баяндалат. Ал эми А. Токомбаевдин «Акай мергенинде», Ш.
Үмөталиевдин «Көкөй кестинде», Т. Касымбековдун «Баскынында», акындардын
чыгармаларында, анын турмуштук айрым окуялары чыгарманын максатына ылайык
чагылдырылат.
«Байтик Канайдын токол аялынан. Элде, Канай Байтиктин энесин салбар кылып койгон
дейт. Аялын салбар кылып коюу кемсинтүүнүн же шылдыңдоонун бир түрү. Көп учурларда
аялдын салбар болушу — эри менен аялдын ортосун сөз аралаганда болот. Байтик — дал ошол
энеси салбар кезинде төрөлгөн экен»,— деп жазылат санжырада. Ушундан улам Байтик
энесинин колунда жатакчылар арасында чоңоёт. Турмушта чыйрак чыгып, эл ичинен уккан
жомок, уламыштарга кызыгып, баатыр болуп даңк табууну кыялданат. Балалык күндөрүн
тентектик менен өткөрүп жүргөн кезинде тагдырында күтпөгөн окуя болот. К. Осмоналиевдин
романында айыл адамдары кара алачыктын жанынан өтүп баратышып балага жолугушуп,
Канайдын уулу экенин билишип, анын «Каары катуу хан Байтикмин» деген жообун
шылдыңдашып бастырып кетишет. Ошол күндөн кийин атасы намыстанып, Байтикти энеси
менен көчүрүп келет.
И. Жакановдун романында Канайдын өзү бул баланын торпокко минип алып, «Канай!»,
«Канай!» деп ураан чакырганын угуп жанына барып кепке тартат. Уулунун тайманбастыгын
көрүп, чоңойгондо «бий» болом деген бүтүмүнө таң калып, көңүлү шат болуп, кыялы миң
кубулат.
К. Осмоналиевде Байтик энеси экөөнүн басмырланышы көз жаздымда калышы, атасынын
таш боордугу көңүлдү бурса, И. Жакановдо Канай бир кездеги катаалдыгын эстеп, өз күнөөсүн
ойлоп, «Кечире көр, алла, кечире көр!» деп психологиялык терең толгонуудан өтөт.
Адам баласынын мойнундагы парзы баласын сүннөткө отургузуп, кийинки турмушуна
камкордук кылуу болуп саналат. К. Осмоналиевде ата менен баланын жакындашуусу сүннөткө
отургузуудан кийин башталгандай сүрөттөлгөнү менен, баары бир Канай Байтикти уулдарынын
катарына кошпой жүрө берет. Ал гана эмес сынчыга балдарын сынатканда да Байтикти
кошпойт. Жазуучунун позициясында каарман атасынан жакшылык көргөн эмес, «тирүүлөй
жетим» катары ички сезиминде сыздаган. Бирок турмуштун татаалдыгын, катаалдыгын өз
өжөрлүгү менен жеңип чыгууга даяр болушу керек. Казак жазуучусу И. Жаканов, тескерисинче,
атасын «кыдыр жолуккандай эс мас» катары берип, Байтиктей уулду болгонуна төбөсү көккө
жеткендей сүйүнүчүн бөлүшөт. Автор кантсе да ата катары мээрмандыгына бөлөтөт, анын
жылдызы жанып, нур чагылгандай көңүлүн өстүрөт. Демек, эки жазуучу ата менен баланын
түбөлүктүү проблемасына өз алдыларынча кайрылышат.
Абдылашым Смайыл уулунун дастанында оюнда эч бир кири жок, баласын чоңойтуп
жаткан Эренчеге ушакчы жетип келип:
«Балаңды сарт, кул дешип элиң айтса,
Бир салбар жүрөт го деп эриң айтса,
Байкушум кантип чыдап жүрөсүң дейм,
Башкалар ушак, айың кебин айтса.
Баягы Эренчедей болбой калдың,
Байкасам көкөлөйсүң демиң канча» —
деп, Таласты көздөй качырат. Андан кийин Канайга келип:
«Таласка кетип калды башыңды аттап,
Токолду эркелетпей эби менен»— дейт.
Ошентип, Байтик Таласта таякелеринин колунда чоңоёт. Кийин атасы менен торпок
минип, «Канайлап» ураан чакырып жүргөн жеринен жолугат. Ошондо Канай «мындайын
билгенде кетирбейт элем» деп өкүнүп, «ат кылып минип жүр» деп бир кулунду берип кетет.
Көрүнүп тургандай, Абдылашым Смайыл уулунун дастанында окуя И. Жакановдун
романына окшош сүрөттөлөт. Мында да бир кезде кетирген каталыгына өкүнүп, бирок
Байтиктей өткүр баласы бар экенине төбөсү көккө жетет.
Каармандын бийликке, мансапка, атак-даңкка умтулуусу «Көчмөндөр кагылышында»
терең берилет. Байтикти ой-санаа басат: «Кантип бийликке жетет?! Кандай жол менен элдин
көңүлүн оодара алат?! Тилегинин, максатынын жүзөгө ашуусуна кандай амалды, жолду
колдонсо болот!?» Жазуучу каармандын чыныгы жүзүн, ички дүйнөсүндөгү катылуу
сырларынан, анын тымызын мансапка жетүүгө жасаган аракетинен көрсөтөт.
Эл ичинде дароо таанылып, аты алыска кетүү үчүн ал мезгилде негизинен эки жол
болгон. Биринчиси, эр сайышка түшүп жеңүү, жоону сүрүү, экинчиси, ат чабышта биринчи
байгеге ээ болуу. Байтиктин тагдыр жолу ат чабышта чечилет. Керкашка күлүгү дубан бузуп
баш байгени жеңет.
Бирок Жаңгарач К. Осмоналиевде баш байге — отуз төөнү, ал эми И. Жакановдо
Керкашканы алып коёт. «Бир оодарсам бийликти ушул жерден оодарам» — деген ою менен
Байтик эки жазуучуда тең бирдей жооп берген экен: «Аа, баш байге ээсин тапкан тура»,
«Атыңыз келди байгеден» — деп. Мына ушундай туюктан акыл тапкан амалы менен Байтик
Чүй элинин көбүн башкарган. Жаңгарачтын көңүлүн алган, жүрөгүн элжиреткен. Жаңгарач
дароо бата берип, «Эки тизгин, бир чылбырды өзүң ал эми!» — деп, бийликти өткөрүп берет.
Байтик солтону камчы жана акыл менен башкарган чоң манап болуп чыга келет.
Ал эми Смайыл уулунун дастанында Байтиктин атак-даңкка, мансапка бийликке
умтулуусу байкалбайт, тескерисинче, ал өз жергесинде:
«Баланы, чоңду болсун сыйлап жүрдү,
Баарыны көз жүгүртүп ылгап жүрдү.
Бир дубан солто элин жакшы асырап,
Байтик Эр болушунча доорон сүрдү.
Башына сыймык конуп теңиримден,
Баркташып эл-журт менен ойноп күлдү» —
делип даңкталып сүрөттөлөт.
Каармандын образы ошол мезгилдеги акындардын чыгармачылыгында да орун ала
баштайт. Атактуу манасчы Балыкты Таластан атайын көчүрүп келип, өзүнө жакын үй тиктирип,
мал берет. «Балыкооздун манасчылыгы, уккан жанды таңкалткан, жаакта жок ырчылыгы
Чүйдөгү элге аябай жагып, анын баркы солтого Байтиктин өзүндөй болот» — деп жазат
тарыхчы Ж. Жакыпбеков. Чындыгында эле ар бир бий, манап жанына чечендерди,
акылмандарды, акындарды алып жүрүү салтка айлангандыгын көрөбүз. Байтик да Балыкты
өзүнө тартып жүргөн. Балык гана Байтикке тең ата катары сүйлөй алган. Бирок экөөнүн
ортосунда бара-бара билинбестен жик кеткен. Мына ушул окуяларды И. Жаканов романында
«эти казак, сөөгү кыргыз» Жөжө акындын атайылап Балыкты бир угуу үчүн ат арытып келип,
манасчынын үйүнө түшкөндүгүнө байланыштуу кылып сүрөттөйт. Жазуучу бул жерде эки
нерсени: биринчиден, бүткүл казак талаасын ыр менен нөшөрлөткөн Жөжөнү Балыкка
жолуктуруу аркылуу эки элдин бир туугандыгын чагылдыруу болсо, экинчиден, Байтикке
салам берип, ызаат кылып келбестен, Балыкка түптүз барышы манапка жакпай калганын
көрсөтүүнү максат кылган.
Бийликтен башы айланып турган Байтик Жөжөгө «Манас» айтып жаткан Балыкка «Ой,
сен менин «Манасымды» кимге айтып атасың?» — деп каарданат. Жөжөнү болсо киши
катарында көрбөй менменсинип коёт. Мында бийлик менен акылдын ажырымы, күчтүн
зордук-зомбулугу акындардын назик жүрөктөрүнө, жан дүйнөлөрүнө матырылганы автор
тарабынан ишенимдүү баяндалат. Жогорудагы Байтиктин каарынан «Жок, баатыр, мен ага
сиздин «Манасты» айткан жокмун, башка «Манасты» айттым» — деп, Балык араң кутулат.
Байтик жада калса «Манасты» менчиктеп алууга зордук колдонот. Ошондо Жөжөнүн Байтикке
ичи тап болуп төмөнкүдөй ырды чыгарган экен:
Эй, сенин апаң айранчы,
Бүтүн көйнөк кийбеген,
Оозуна өпкө тийбеген,
Ыйлап өткөн дүйнөдөн!
Бетин жуубай аш деген,
Эр Канайга кас келген...
Арамдан баатыр тууса да
Акыры келдиң ордуна...
Жөжөнүн Байтик тууралуу үч ыры болгон. «Ким өлсө — саган түсер заман акыр» деген
ырында Байтикти тексиз хан, никесиз туулган бала деп сындайт.
Ал эми айрым макалаларда Балык менен Байтиктин кыйышпас досу, кеңешчиси, бир
тууган агасындай мамиледей көрсөтүлөт. Алсак, белгилүү тарыхчы К. Үсөнбаев мындай дейт:
«...таланттуу акын жана манасчы Балыкооз Байтиктин ажырагыс досу болгон.
Бош убактысында кыргыздын рухий дүйнөсүнүн туу чокусу болгон «Манас» эпосун
айттырып, талаш-тартыш учурларда кеп кеңешин уккан».
Балыктын керектүү учурларда Байтикке коркпостон оюн да айтып, кеп-кеңешин
бергенин С. Закировдун санжырасында айтылган төмөнкү ойлор да далилдейт. Анда: «...ай,
бийликтин жолу ай, ой амалың кур оой, адамдын ачкөздүгүндө чек жок тура, өлбөгөн оокат
болсо, өчпөгөн от болсо деп, тилеген адам, жашоо үчүн эмнелерге барбайт. Кудай адамды
өлбөс кылып жаратса да, адамдар бийлик талашып, намыс деп, бирин-бири өлтүрүп коёт тура,
ой жалган дүйнөнүн кызыгы ай!» — деген экен Балык .
Ушул жерден Смайыл уулунун «Байтик баатыр баянына» кайрадан кайрылалы. Дастанда
Балык менен Байтиктин мамилеси туурасында окуя жок. Бирок «Эр Байтиктин Апарга
үйлөнгөнү», «Күнтуу элинин Тогуз-Торого качышы», «Түнкатар Түнтөй чабышы» деген чоң
бөлүмдөр бар. Мына ушул аталгандардын биринчисинде Байтик менен Апардын тоюнда:
«Балыкооз ырдап чыкты эл аралап,
Байтиктин солобосун көкөлөтүп» —
деген саптар менен эле акын Смайыл уулу Балык менен Байтиктин мамилесин окурманга
түшүндүрүп коёт. Ал эми кийинки аталган бөлүмдөрдө да Байтик өтө адилеттик менен,
калыстык менен иш кылган солто элинин ардактуу манабы катары сүрөттөлөт. Ал чачылганды
чогултуп, үзүлгөндү бириктирет. «Сыйлашып биз жүрөлү адам болуп» — деп солто элин дайым
ынтымакка, биримдикке чакырат. Байтиктин баатырдыгы делип Кокон хандыгын Бишкектеги
беги Рахматулланы өлтүрүшү айтылып жүрөт. Бирок тарыхый материалдар боюнча да, көркөм
чыгармаларда да, ал гана эмес санжыраларда да бекти өлтүргөн адам Көкүм болуп чыгат.
Байтик Кокон хандыгынын «камчысын чаап» Узун-Агачта орустар менен кагылышууга
катышкан болучу. Хандыктын көрсөтмөлөрүн аткарып турган. Байтик менен Рахматулланын
чыры алгач малдан башталат. Манаптын 30дай жылкылары чептин жанына чейин жайылып
кеткендигинен пайдаланып, бек киргизип алып, Байтикке бербей коёт. Байтик киши салып,
малын араң алат. Кийин Байтик менен Рахматулланын арасы кайрадан бир аз жакындаша
түшүп, Байсал деген баласын окугун деп, бектин карамагына таштап келет. Бул тууралуу
тарыхчылар мындай дешет: «Рахматулла Байсалдын чырайына кызыгып, пача кылмакка үйүмө
жатсын дегенде бала сезип калып, эл жайлоодон түшөр чак экен. Байсал үйүнө түн катып качып
кеткен. Бул кабарды Байтик угуп, Рахматулланы эбин таап өлтүрүштүн камында калган».
Ал эми К. Осмоналиевдин романында бул чыр кызы Багынбүбүдөн башталат. Ал
курбусу экөө жайдын ысыгында түнт камыш чыккан булуңга чечинишип сууга түшүшөт. Бир
маалда эркектер камыштан чыга келишип, кыздарды зордуктоого аракеттенишет. Эркектин
кучагынан араң кутулуп ызаланган Багынбүбү, өзүнө кол салган чептин беги Рахматулла
экенин таанып, энесине айтат. Кулагы чалган Байтик ошондо «Рахматулланын шиши толду.
Мунун тузун эки эсе татыта албасам, Байтик атым өчсүн!» — деп ант кылган. Мында жазуучу
кандай болсо да тарыхый материалдарга атанын балага жасаган мамилесине жакындап келет.
Бектин намысына тийиши Байтиктин чыдамын кетирип, азат боюн дүркүрөтүп, кек өчпөс
болуп орногон. Байтик кантип оюн жүзөгө ашыруунун жолун гана издеп калган. Анын үстүнө
Кокон хандыгынын урап баратышы, орустардын жакын келиши, элдин кокондуктардан кордукзомбулук көрүшү Байтиктин чечкиндүү көтөрүлүшкө чыгуусуна себеп болгон.
Ө. Даникеевдин «Көз ирмемдеги өмүр» романында да Байтиктин бекти өлтүрүү
жөнүндөгү ой толгоосу кеңири сүрөттөлгөн. Каарман эч ким менен сүйлөшпөйт, өз алдынча
болуп, ички дүйнөсүндөгү түпөйүл суроосунун жообун чече албай келет: Кимге таянуу керек?!
Ким колдойт?! Орустар кандайча кабыл алар экен?! Кокондуктар билип калышса, кокодон алып
кайра өзүн өлтүрүп салышпайбы?! Бекти кантип шылтоолоп, үйүнө чакыра алат?!.
«Көчмөндөр кагылышында», «Көз ирмемдеги өмүрдө» өчтүн, кектин алынышы өтө
элестүү, таамай тартылган. Байтик күзгү кой кыркуу тоюна эптеп өтүнүп жатып бекти
чакыртат. «Досу» чакыргандан кийин барбай коюшка да болбойт эмеспи, бирок өтө сак бек
сарбаздары менен белек-бечкегин алып жөнөйт. Экөө айкалышып көрүшөт. Жазуучулар
каармандардын ар бир кыймылына, көз карашына маани берип баяндашат.
«Көчмөндөр кагылышында» ал гана эмес боз үйлөрдүн тигилиши, аттардын жайдак
оттоп жүрүшү, Байтиктин тулпарынын мамыда байланышы, айланадагы жымжырттык... баары
чыгарманын көркөмдүгү үчүн гана сүрөттөө эмес, маанилүү роль ойноп жатканы автор
тарабынан ынанымдуу көрсөтүлөт. Жазуучунун пикири боюнча душмандарга шектүү эч нерсе
болбошу керек. Кароолчулар да, Рахматулла да бейкапар. «Эми балээнин баары ошол
Байтиктин кирип чыгуусунда жаткан. Анын ар кыймылын аш бышырган төрт үйдө шыгырап
камалып отургандар жабык жылчыгынан, кереге түбүндөгү чий арасынан карап жатышкан.
Байтиктин жаңдоосун күтүшкөн».
Автордун баяндоолорунда, каармандардын диалогдорунда колдонулган ар бир сүйлөм өз
ордунда. Жазуучунун чеберчилиги каармандын ички дүйнөсү менен айлана-чөйрөдөгү
жымжырттыктын ортосундагы байланышты, андан кийинки куюн сыяктуу жигиттердин
сарбаздарга күтүүсүз кол салышы, оозунан келмеси түшүп, Рахматулланын «эт жебей, таш
жейин» деп аргымакка араң жетиши, кылычтар чабылып, мылтыктар атылып, өкүрүккыйкырык, жан соогалоо — мына ушулардын баарынын көркөм картинасын көз алдыга элестүү
бергендигинде.
Бул көрүнүш санжырада мындай берилет: «...эшиктен Турап сурнайчынын өзүнүн «Ат
кеттисин» тартканы угулганда, ак селдесин баса кийип отурган Рахматулла селт этип чочуп
кетти. Чоочубаңыз, бегим, ал адепсиздин үнүн өзүм өчүрөйүн!» — деп, Байтик шашыла эшикке
чыга жөнөгөндө, отурган кыргыздардын бардыгы сыртка чыгар замат, төрт жигит эшикти
ачырбай басып калышты».
Ө. Даникеевдин романында К. Осмоналиевдин чыгармасына салыштырмалуу кыркын
тоюнун башталышы шаан-шөкөттүү салтанаттуу көрүнүштө болот. Эгерде «Көчмөндөр
кагылышында» бекти тосууга анча маани берилбесе «Көз ирмемдеги өмүрдө» Байтик баштаган
жигиттер курал-жарактары менен бекти алыстан тосуп келишет. К. Осмоналиевде бектин
шектенүүсү да ачык сүрөттөлбөйт, ал эми «Көз ирмемдеги өмүрдө» Рахматулланын
коопсуздануусу, тынчсыздануусу, ички психологиялык абалы күчтүү берилет.
Ушул жерден Т. Касымбековдун «Баскын» романы жөнүндө да сөз козгоп кетүүнү туура
таптык. Бул романда Байтиктин образы негизинен Рахматулла менен болгон окуялардан жана
бекти кулаткандан кийинки орус төбөлдөрү менен болгон мамилелеринен ачылган.
Романда Рахмат бек солто элин канткенде тындым кылсам деп, ою онго бөлүнүп,
Байтикке кекенип жүргөн кезинде, күтүүсүздөн Байтиктен «ойноп кеткиле» деген чакыруу
келет. Ошондо Рахмат бек: «Өзү чакырып калды го, сейилдеп, ойноп кетсин деп?! Көрөлү, ал
мени байкагысы бардыр, а биз аны да байкайлы, ылайыгына жараша кеп, иш болор...» — деп,
«тойлогону баратабызбы жокпу, сак бол, даяр бол» — деп, жүзбашыны катуу эскертет.
Көрүнүп тургандай, жазуучу маселени бир аз башкачараак, кырынан чечет. Мында
Байтик Рахмат бекти маселени (тонолгон малдын башын ачуу) өз максатына ылайык чечиш
үчүн чакырат. Автор тарабынан көрсөтүлгөн Байтиктин бул позициясынын аныктыгын анын
Рахмат бек конокко келгенде, ага жасалган мамилесинен да көрөбүз.
Конокко келген бек өзүнүн сарбаздары менен колдон келишинче Байтикти эли менен
кошо дагы да болсо кордоп, тебелеп-тепсеп кетиш максатында жосунсуз жоруктарды жасашат.
Ошондо Байтик: «...«уяты бар», «мейман» деген силердей болобу?! Бирөөң сайды тепсеп, элдин
көзүнчө бирөөнүн ак никелүү зайыбына кол салдың. Биздин Ормон мындайга адилет караган,
мындай күнөө кылган арсызга кырк жылкы айып салынат» деп каарданат. Буга чыдабаган
Рахмат бек жулкунуп тура калып, өзүнүн жүзбашына Байтиктин башын ал деп кыйкырат. Мына
ушундан улам кагылыш башталып, кыргын-сүргүн менен Рахмат бекти сарбаздары алып качат.
Жазуучу ушул жерден Байтиктин, качкындын (Рахмат бектин), куугундун (Көкүмдүн) ар
биринин өмүр, өлүм, эркиндик, кулчулук үчүн болгон күрөшүн, жан түйшөлүүлөрүн элестүү
чагылдырган. Акыры Көкүм кууп жетип, куу найза менен Рахмат бекти ай далыга саят.
Артынан кууп жетип келген Байтик: «Ай, аттиң ай, же жылым кепке келишпей, же жөн аттанып
кетишпей, аягы ушу болду» — дейт. Демек, романда Рахмат бек атайылап өлтүрбөстөн, өзү
түзгөн кырдаалга жараша жазаланат. Өлүм, өмүр, жашоодогу эркиндик үчүн болгон күрөш Ө.
Даникеевдин романында да элестүү, психологиялуу, драмалуу чагылдырылган. Рахматулла
жанын оозуна тиштеп алган, башындагы селдеси учуп, көздөрү чанагынан чыгып, чапаны
делбектеп ээрге араң илинет. «Качырып жиберебизби» — деп, Байтиктин ичи өрттөнүп кетти.
«Кууган да кудай деди, качкан да кудай деди». Рахматулланын да, Көкүмдүн да ишенгени
жалгыз ат. Жазуучу каармандардын психологиялык ал-абалдарын жаратылыштын туундусу
менен тыгыз карымкатышта берет. Аттар да бири-бирине эрегишкенсип, ээлерине «кызмат
кылсам» деген ниетте кызып калышкан сыяктуу.
К. Осмоналиевдин романында да Рахматулланын тагдыры Байтикке өзү үчүн гана эмес,
кыргыз эли үчүн эң башкы маселе болуп калды. Эгер бек аман-эсен качып кутулуп кетсе, анда
жалпы калайык калкка караңгы түштү дей бер. Болбосо аны өлтүрүшсө, орустар менен
жакындашууга, көтөрүлүшкө белсенип киришүүгө шарт түзүлөт. Жазуучу ушул учурдагы
Рахматулланын да, Байтиктин да психологиялык алабалдарын таасын берет. Дал ушул окуя
тарыхчы Белек Солтоноевде мындайча берилет: «Кайран Чүйдөн ажырап калат экенбиз, бул
сарт аман-эсен коргонуна кирип кетмек болду» — деп, Байтик бакырып жибергенде Рахматулла
сарбаздардан бөлүнүп, кылычын сууруп ала коргонду көздөп чуу деп кетип бара жатканда,
күлүк ак сур аты менен Көкүм жетип далыдан сайганда найза эмчектен чыга түшкөн».
С. Закировдун пикири боюнча гана Байтик бектин өлүмүнө түздөн түз себепкер:
«Кумдун үстүнө кулап, жалынып жатканда, Байтик жетип келет: — А, пачагар жан таттуу
бекен! — деп, башын ыргыта чабат.
Ал эми Т. Касымбековдо Көкүмдүн найзасынан жарадар болуп жерде жатканда, Байтик
жетип келип: «Болору болуптур, кыйналбасын, найзаны сууруп ташта, жаны тынсын» — дейт.
Андан кийин, «Эми бери кара Көкүм, эртеби, кечпи болор доо сага түшүп жүрбөсүн, «Байтик
сайды» деп эле кой муну, мейли, мен өзүм тартайын тартарын, мен өзүм көтөрөйүн көтөрөрүн.
Башын кесип, байлап кой менин канжыгама, эл көрсүн!» — деген экен.
Көрүнүп тургандай, бул чыгармада да Рахмат бек Көкүмдүн колунан каза табат. Бирок
тарыхый булактарга кайрылып көрсөк, Рахматулланы Көкүм жарадар гана кылат, аны
өлтүргөндөр такыр башка адамдар. Бул окуя Б. Солтоноевде мындайча берилет: «Байтиктин
айылына Рахматулланы алып барып, жаман кара алачыкка камап коюп, канча алтын дилде
берейин деп жалынса да болбой, ошо күнү кечинде карасакал уругунан Шераалыны баш кылып
эки-үч киши жиберип, Рахматулланы кескилеп өлтүргөн». Ушул эле ойду тарыхчы Ж.
Жакыпбеков да далилдейт. Ал мындай дейт: «Качкан Рахматулланы Байтиктин жигити Көкүм
кууп жетип, найза менен сайып жарадар кылат. Анан солтонун балдары: Дуулат, Көкүм жана
Чойбек Рахматулланы өлтүрүшөт» .
Демек, тарыхый булактар боюнча Көкүм Рахматулланы жалгыз өзү өлтүрбөйт. Ал эми
көркөм чыгармада ар бир жазуучу бул окуяны өз алдынча алымча-кошумчалоого алышкан. Бул
болсо көркөм чыгарманын законуна туура келет.
Акын, Абдылашым Смайыл уулунда бул окуялар «Эр Байтиктин Рахматулланы
чабышы» деген бөлүмүндө берилген. Бул бөлүм акын тарабынан чала-чарпыт жазылып, окуя
өтө эле үстүртөдөн баяндалган. Башында келе жаткан акындык эргүү ушул жерде басаңдап
калгандай.
Байтик жеңишке жетишти, ысмы жалпы журтка дүңк дей түштү. Кокон хандыгынын
бегин өлтүрүү ал мезгилде баатырлыкка жаткан. Албетте, Байтик чепти алуу оңой-олтоңго
турбасын жакшы түшүнгөн. Ошондуктан, К. Осмоналиевдин романында сүрөттөлгөндөй
каарман эки жолду тандап алат. Биринчиден, чепке дароо кол салбай, Кокон хандыгынан
коркконсуп, көчүп кеткенсип, эч кимге шек алдырбай эмчектеги баласы менен аялды
«элчиликке» жиберишет. Экинчиден, Верныйдагы орус төбөлдөрүнө жардам сурап кат жазат.
Полковник Колпаковскийге Байтиктин кайрылуусу боюнча тарыхчы К. Молдокасымовдун
пикирине толук кошулууга болот: «...Күрөштү аягына чыгарбай токтотуп коюу, чегинүү анын
керт башы үчүн гана эмес, карамагындагы эли үчүн да оор болмок. Анткени 500дөн ашуун
сарбаз сепилден чыгып Байтиктин элин Рахматулланын өлүмү үчүн кыргынга алмак. Ал эми
орус империясы Байтик баатыр кайрылбаса деле Чүй өрөөнүнө ошол жылы согуштук жүрүшүн
баштамак. Ал чечилип калган маселе эле. Ошону көрө билген Байтиктин өз элин сактап калыш
үчүн бул жолго барганы айкын көрүнүп турат».
Мына ушуну күтүп отургансып, аскерлер жардамга келип, Байтиктин амалы менен
жерди оюп, чептин ичинен чыгышат, чептин дубалын жер менен жексен кылат. Байтик чепти
талкалады деген атак туш тарапка тарайт, ал эми аны чыгармада көрсөтүлгөндөй «баатыр»,
«манап», дешпей, «жарым падыша» деп калышат.
Романда К. Осмоналиевдин элдик мүдөөнү, эркиндикти колго тийгизген каармандын бат
эле карапайым элге жосунсуз жоруктарын жасаганын айыптоосу күчтүү берилген. Байтик эч
кимди тааныбай калат. Жолоочу кайрылып салам айтпагандыгы үчүн, мергенчи тоодогу
кийикти сурап атпагандыгы үчүн дырдай чечиндирип, тикенге бөлөп сабашат. Бир айткан сөздү
укпай, кайра сурагандыгы үчүн жигиттеринин кулактары кесилет. Чыгармада акын
психологиялык өзгөрүшү логикалык жактан законченемдүү болуп чыга келет. Каармандын бир
кездерде азгырылып, бийиктикке жеткен адамдын психологиясы, ички жан дүйнөсү даана
көрүнөт. Чындыгында эле көрүнүп тургандай, жазуучу каарманды бир беткей сүрөттөбөйт,
анын оң жана терс жактары бирдей көркөм объектиге алынат.
Ө. Даникеев да өзүнүн романында Байтиктин зордук-зомбулугун көрсөткөн. Ал мал
жайлаган жакшы жерлерди башка уруулардан тартып алган. Күнтуу элин, элдин
нааразычылыгына карабай күч менен көчүрүп жиберет. Элдин ага болгон ишеними кетет. «Же
Байтик мынчалыкка баргыдай, ким болуп кетти эле өзү? Кудайбы?! Эмненин кудайы —
бийлик... Эмне десе өзү билет. Оёз менен сөзү бир». Ошондой эле романда бала Кутуйан менен
Байтиктин ички дүйнөлөрүнүн тирешүүсүн өтө чеберчилик менен ачылган. Элдин мүдөөсүн
көздөп келе жаткан акылдуу Кутуйан жалпы калайыктын тилеги — ата-бабасынын жерине
кайра көчүп келүү тууралуу маселени коёт. Албетте, бул Байтикке жакпайт. Жазуучу эки
каармандын кездешүүсүндөгү психологиялык кырдаалды терең, ынанымдуу көрсөткөн.
Кутуйанды карап туруп, Байтиктин ичиндеги арамза ойлору удургуйт. «Тең ата болуп, тике
сүйлөгөнүн кара?! Жубарымбектей тексиз жерден чыккандарга бийликтин чылбыр-тизгини
тиеби?! Ким билсин, балким, эртеңки тизгин ушунукудур?! Пайгамбар жашына жете электе эле
жол бергеним болбойт! Байсал турганда, мындайларга жол жок!..»
Жазуучу бийлик таткан каармандын психологиясынын чабытын көркөм изилдөөгө
алган. Бийликтен ким качсын! Бийлик кумары — жашоонун өзөгү. Байтик ушуну билбей
коюптурбу?! Каарман бир гана нерсеге өкүнөт — Кутуйандай мезгили, жашчылыгы кайрылып
келбейт! Ошондуктан, жаш балага сыр алдырып жиберип бейдарман абалда отурбайбы!
Баатырдык салты менен кимдерди гана узатпады беле?!..
Ал эми акын Абдылашым Смайыл уулунда Пишпек чебин алгандан кийин, Байтик
баягысындай эле калыстыгы менен элине кызматын өтөйт. Александр IIнин өзүнөн сыйлык,
пристав-капитан
чинин
алат.
Ошондо да:
«Капитан болгонуна мактанбады,
Калыстык бийлик болду аткарганы.
Калкынын бири билбейт чин алганын,
Кутмандуу эли журтун так кармады.
Катуураак сабаттырчу өлтүрбөстөн,
Калк кадырын бөлөккө саткандарды» —
деп, адилеттүү бийлик жүргүзөт. Андан кийинки бөлүмдөрдө да Байтиктин кара кылды как
жарган калыстыгы даңазаланат.
Байтик
баатырдын
өлүмү
жогоруда
сөз
кылган
чыгармалардан
К.
Осмоналиевдин «Көчмөндөрдүн кагылышында» жана Смайыл уулунун «Байтик баатыр
баянында» гана сүрөттөлөт. Кайсы адам эле өмүрдөн тажасын, К. Осмоналиевдин романында
да Байтик өлүм менен колдон келишинче күрөшөт, жөөлүйт. Эсине бийлиги менен күлүгү
келет.
Бийлик
менен
күлүктүн убайын өмүр бою көрбөдү беле! Кантип кол жууп калат?! Өлүм менен алп урушуп
жаткан каарман бирде күлүгүн жарыштарда кайра чапкысы келет, бирде бийликке тургусу
келет... Тору аттын күйүтү да жанды эзет. Күлүктүн тизгинин нечен жолу тарттырбады беле?
Тору ат алсыз жаткан Байтиктен өч алып, туягы менен тебелеп жаткандай... Зордук иштин
акыры кордук…
Байтиктин басып өткөн жолун жазуучу ушундай кылып, жыйынтыктайт.
«Байтик баатырдын баянында» автор каармандын өлүмүн элдин оозунан уккан окуялардын
негизинде баяндайт. Биринде:
«Анткени оң бутуна чөңөр кирип,
Акырет кеткен экен Байтик өлүп» —
деп айтылса, биринде карындашынын таламын талашып Түнтөй уруусуна барганда оң
бутуна ок жаңылган экен. Ошол октун салдарынан улгайганда жарат күчөп, айыктырганга эч
бир табыптын күчү жетпей, ошондон өлгөн экен. Дагы биринде Байтик уктап жатса аян берген
экен. Эртеси Апар байбичеге «бир адам келет, апкаарып, алактабай жүзүн көрүп, сураган татым
тузун бергин» — деп бастырып кетет. Байбиче айтылган ишти туура эмес аткарып алып, Байтик
ошондон катуу ооруга чалдыгып каза тапкан экен.
Байтик өлгөндө:
Кайрылып келбес жакка аттанганда,
Кайгыга салган экен жергемди дейт.
Кулагы уккандардын бири калбай,
Кыргыздын кыйырынан эл келди дейт.
Канайдын эр Байтиги өлгөн күнү,
Керме-тоо кадимкидей термелди дейт —
деп, бүт кыргыз эли кайгырат..
Жыйынтыктап айтканда, Байтиктин көркөм элеси жогоруда биз сөз кылган чыгармаларда
өзүнүн оң жана терс жактары менен чагылдырылган. Өзгөчө К. Осмоналиев менен Ө. Даникеев
жана казак жазуучусу И. Жакановдордун романдарында тарыхый инсандын оң-терс жактары ар
түрдүү кырдаалдардан таразаланат. Ал эми акын Смайыл уулунда Байтиктин бир гана жагынан,
тактап айтканда, анын кыраакылыгы жана калыстыгы жогору коюлуп, дал ошол сапаттары
баса даңазаланат. «Дастандын автору профессионал жазгыч акын эмес, ал элдик ыр өнөрүнүн,
айрыкча төкмөлүктүн мектебинде өз алдынча шугулданган, ошол абадан дем алып, ошол
булактан азыктанган тубасалыкка жакын талант» — деп жазат чыгарманын автору туурасында
акын Сүйөркул Тургунбаев. Мына ушундай негизде элдик чыгармалардын табиятында
тарбияланган акын, анын булагынан суу ичпей койбойт. Акындын дастаны профессионал
жазма поэзияга тиешелүү эмес, ал төкмө түрүндө пайда болгон өзүнчө бир поэтикалык
көрүнүш. Ошентип, өзүлөрүнүн жеке ишмердүүлүктөрү менен кыргыз элинин тагдырына
кандайдыр бир из калтырып, бирок бүгүнкү күнгө чейин тарыхтын өчүрүлгөн барактарынын
арасында калып келген айрым адамдардын образдары адабиятыбыздын да барактарынан орун
алып келүүдө.
Мына ошондой инсандардын дагы бири — солто элинен чыккан Жаманкара Чоткара
уулу. Жаманкара туурасында маалыматтар өтө эле аз. Биз уккан, билген маалыматтарга
караганда ал туурасында элдик санжыраларда, Белек Солтоноевдин «Кызыл кыргыз тарыхы»
(1993) эмгегинде сөз козголот. Буларда негизинен Жаманкара баатырдын казак-кыргыз
кагылыштарында көрсөткөн эрдиктери, аш-тойлордо сайышка түшкөндөрү, ар кандай майда
эрдиктери туурасында кыскача баяндалат. Ал эми көркөм адабиятта Жаманкаранын образы
Смайыл уулунун «Жаманкара» аттуу дастанында биринчи жолу чагылдырылган. Мында
Жаманкара баатырдын басып өткөн турмуш жолу баштан аяк кенен сүрөттөлгөн. Атап айтсак,
баатырдын ата-теги, туулушу, эр жетилиши, негизги эрдиктери, өлүмү.
Жогоруда акын Смайыл уулу туурасында сөз козгогондо анын элдик мурастын айрыкча
төкмөлүк өнөрдүн мектебинде тарбиялангандыгы белгилүү болгон. Ушундан улам биз сөз
Sez Kırgız ädäbiyättän 1 tekst ukıdıgız.
Çirattagı - Байтик Баатыр Жаманкара Баатыр - 2
  • Büleklär
  • Байтик Баатыр Жаманкара Баатыр - 1
    Süzlärneñ gomumi sanı 3732
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2031
    30.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Байтик Баатыр Жаманкара Баатыр - 2
    Süzlärneñ gomumi sanı 3779
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2140
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Байтик Баатыр Жаманкара Баатыр - 3
    Süzlärneñ gomumi sanı 3932
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2116
    31.4 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.4 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    52.6 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Байтик Баатыр Жаманкара Баатыр - 4
    Süzlärneñ gomumi sanı 3949
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2008
    33.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Байтик Баатыр Жаманкара Баатыр - 5
    Süzlärneñ gomumi sanı 3872
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2083
    30.9 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.3 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Байтик Баатыр Жаманкара Баатыр - 6
    Süzlärneñ gomumi sanı 3785
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2138
    30.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.0 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Байтик Баатыр Жаманкара Баатыр - 7
    Süzlärneñ gomumi sanı 3863
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2054
    32.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    53.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Байтик Баатыр Жаманкара Баатыр - 8
    Süzlärneñ gomumi sanı 3872
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2175
    31.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    51.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Байтик Баатыр Жаманкара Баатыр - 9
    Süzlärneñ gomumi sanı 2859
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1703
    32.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    44.0 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    50.8 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.