Latin

Балыкооздун Санжырасы - 6

Süzlärneñ gomumi sanı 3983
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1748
31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
кан чыкса, Оторду алып койсо, мен шерменде болбогондо ким болот? Арбакка чет (?)
болом. Мүмкүн Ташы[ны] менин айтканымдай болуп, [колго] түшүрүп алсам жакшы.
Колго түшүрө албай калсам менин атым ким болот, жана Мактымды эптеп көндүрүп
беремин деп, ушу күнгө чейин айтып келдим. Буга эмне жооп айтамын жана курч ит эле,
тарпа-турпа баш салып, зынданга салып, барып, колу дайын неме Ташыны Сармансурманы [менен] өлтүрүп, Мактымды олжого түшүрүп, кичинекей Көкчөнү1 чаап алып,
анча-мынча элди кан талоон кылса кантем?» деп, Күнтуума бир жагына оой албай, «эмне
болсо да Ташыны көрөйүн, сыныма жакса элден-журттан калбайын. Ташы сыныма
жакпаса ага окшогон бала, Мактымга окшогон кыз кайда калбаган. Карача ыйлап калар.
Кочкор менен дос элем, достугуна жараган болом. Эми Кочкордун түрүн көрөйүн» [деп]
оюн бүтүргөн экен.
Эми Кочкор Мактым чанып кеткенин угуп, ыза болуп, «Күнтууманы өлтүрүп,
карпа-курпа барып, Карачаны чаап алып, Мактымды олжо кылып, зордук кылып, аял
кылып алсамбы, Ташыны жолдош-жоросу менен кырып, Адолотканга кабар берсемби»
деп, «Адолоткан өзүмдү орундан калтырып, тигилердин баарын бошотуп, Баласагындан
коркуп уруш салып, Оторду алып, өзүмдү жыгып алып (? алам) дейби? Ким билет,
Баласагындын даңкы кыйын угулуп жатыр, кандай кылсам» деп, өзүнүн аталарынан
келаткан аяры Байзак куу деген бар экен, ошону менен акылдашайын деп, Байзакты
чакырып алып, болгон иштин баарын айтып, эмне кылам деген оюн айткан экен.
«Мактым үчүн ашык болуп, ичим күйүп, өлүп баратам Байзак» деген экен. Бирге
өскөн кече аярды – «Баракан болгондо, сенин атаң менин атам Көкчө менен болгон экен.
Кан ичме Карачты өлтүргөндө батабыз Алоокекан сенин аталарың жараган экен (?). Эми
амалын таап Мактымды алып бербейсиңби?» деген экен Кочкоркан. Куу Байзак, «өзүң
менен бирге өстүм эле. Мына экөөбүз тең жигитчиликтен өтүп, 40ка чамалап калдык.
Атың чыкпаса жер өрттө деген, менин акылыма көнсөң, Мактымды колуңа бир тийгизем»
деген экен куу Байзак Кочкорканга.
Ал Кочкоркан, «кандай кыласың?» деген экен. Куу Байзак, «сенин казыр
Күнтууманы өлтүрүп, барып чаап алам дегениң менимче макул эмес. Сарман, Карача,
Ташыны[н], Агышты[н] кандай баатыр экенин деги угуп жатырбыз. Мактым да оңой эмес,
өңчөй баатырлар. Күнтууманы өлтүрүп, барып аларды чаап алыш оңой эмес, тирүү сенин
жок. Цяньюандын тушунда (758–780) Хэйсилердин (?) каганы Адо Пэйло (туцзюэлердин
Кара уруусунун каганы) кытайлардын сарайына элчи жиберүүгө мүмкүнчүлүгү болсо»
(кара: Кюнер Н. В. Аталган эмгек, 97-б.), Кара уруусунун ханы Адопэйло Юнын 758-ж.
сарайга кабарчы аткарган. Да-ли башкарган мезгилде, 766-ж., гэлолулар күч алып,
конушун Суййе суусуна көчүрүп кетет» (кара: Бичурин Н. Я. Аталган эмгек Т.1, 306 – 307б.).
Кийин жагында Көкчө Отор хандын Арландан туулган уулу экени айтылат. Кийин
өзүнчө шаар салдырса керек. Негизинен караганда орто кылымдагы шаарлардын көбү аны
салдырган адамдардын атынан аталышы мүмкүн экенин эстен чыгарбайлы (Талас
аймагындагы шаарлар тууралуу 63-түшүндүрмөдө кененирээк маалымат берилди). Көкчө
шаары жөнүндө так маалымат жок, бирок Мухаммед Хайдар Дулатинин «Тарих-и
Рашиди» деген белгилүү эмгегиндеги (мис., А., 1999, 460-б.) Балхаш көлү мурун Көкчө
деңиз (Кукча-Теңгиз) жана азыркыга чейин Көкчө-Тоо болуп аталган тоонун аталышы
жөн жерден болбой, булардын кандайдыр бир байланышы бар болушу мүмкүндүгүн
көрсөтөт. Бирок, Балыкооздун айтканы боюнча бул шаар Сыр-Дарыя эмес, андан
алысыраак жерде жайгашкан. Араб-перс тарыхый-географиялык адабияттарында орто
кылымда Сыр-Дарыяга жакын Сүткент, Сыгнак (М. Кашкари боюнча бул экөө огуздардын
шаары) Көк-Кесене шаарлары кезигет.
колуңа оңой менен түшпөйт, же сени өлтүрүп, жолу болсо Оторду алып, мындагы ногойду
кырып, ал түгүл Адолотканга баш салат, атасы Карачтын өчүн алам деп. Мен уккан Ташы
болсо, жолу болбогон күндө да далайыбызды кырат. Андан көрө Күнтууманы алдап,
Ташыны колго түшүрүү керек. Адолотканды да алдоо керек, же болбосо ал киши бул
иштерди жактырбайт. Ташыны, Күнтууманы, Агышты колго түшүрүп алсак Баласагын
Адолотканга барып, алдына жүгүнөт» деген куу Байзак. «Мактымды ага чейин көндүрүп
албаппызбы?» деген экен куу Байзак Кочкорканга. Ал Кочкоркан, «кана, кандай кылуу
керек?» деген. Куу Байзак, «Күнтуума келгенде сыр бербе. Күнтуумага тийбеген
Мактымга оюна кетпесин» деп, «Күнтууманы бизден жакшы билесиң. Ошонун көзүнчө
мени [менен] акылдашкан болуп, Адолотканга жибер. Мен барып, Адолотканды калп
айтып, бузуп келейин. Күнтууманы колго түшүрүп, алдап алсаң Ташыны, Агышты колго
түшүрүп алыш оңой. Себеби, Ташынын атасын [ын] ордосун мурдосун (?) сүрөттөрүн
көрсүн деп келип, конок болсун. Баарыбыз бир Ороз, Оторкандын тукумубуз, тиги
Адолоткан менен Тайчакан деле акылдашып бир жүрбөйбү. Экөөбүз деле ошондойбузбу
(?). Күнтууманы өзүң ишендир» деген экен куу Байзак Кочкорканга. Кочкор макул деп,
Күнтуума келип, салам берген экен Кочкорканга.
Кочкоркан күндөгүсүндөй эле Күнтуумага «кандай, Сарман, Ташы келиптирби?»
деген экен. «Ташы келиптир. Мен уккан сөздү сен деле уккандырсың. Мактымды алам деп
келиптир. Агыш куу, өзүңө деле айтып жүрчү эмес белем. Мактымды бузуп жүрөт деп
айтканым келди. Ташыга карындашыңды бербе десең, кайтарайын кет деп, эмне айтасың»
деген экен Күнтуума. Кочкоркан, «мага тийбей, Ташыга тийип алган немени мен кантем
Ташыны кетир деп эмне кылам. Өзүң деле Мактым Ташыга эмне мамиле кылып жатканын
билгендирсиң. Көңүлү Ташыда экен. Экөөбүз канча имерген менен болгон жок Мактым.
Мен койдум, Ташыга бере бер» деген экен Кочкоркан. «Андай болсо өзүң айтканыңдың
бары – Мактым[ды] Карача бийдин өзү деле Ташыга берүүгө макул көрүнөт. Мен тимеле
амал жогунан гана, картайып калып гана чыкыртып отур[мун]. Ал өзүңө маалым
Карачанын сыры. Ал Адолотканга гана карап жүр. Ал болбосо тигил көп маңгытка бая эле
кетип калмак болучу. Мактымды басып деле, сага берет болчумун» деген экен Күнтуума
Кочкорканга.
Кочкоркан, «Күнтуума, сен мага кылмыштуу кишидей болбо. Сенин сырың мага
маалым. Акыры баарыбыз бир кишинин тукумубуз, Ташы экөөбүз [да]. Ташынын сырын
бил. Тайчакан менен Адолоткан экөө деле мурунку кекти ташташып, экөө эки чоң кан
болуп жатпайбы. Ушул 10 сан Бараккан, 10 сан ногойдогу майда кандык, баары эле ошол
экөөнөн коркот. Ошол ынтымагынын себеби эмеспи. Күнтуумам, сага макул болсоң,
Ташыга ишенсең, экөөбүздү аралаштырып, бирибиздин сөзүбүздү бирибиз уга турган
кыл. Анын атасы да кан болуп, Баласагын деген калаа1 салып жаптайбы. Эми менин
сырымды билдиң. Мына Байзак дагы ошону макул көрүп отур» деген экен Кочкоркан
Күнтуумага.
Күнтуума, «андай болсо Ташынын сырын билип, анан жообун айтайын» деген экен
– Күнтуума Кочкорканга. «Узабай эле айтасың [кайтасың] го» деген. «Макул» деп
Күнтуума жүрүп кеткен экен.
Кочкоркан Байзакка, «сен барбай эле кой Адолотканга. Ал киши бизге алдатпайт
жана кечигип кетет. Эң бат барып келгенде токтобой 2 айда келесиң, же болбосо 3 айда
келесиң. Күнтуума мага ишенип кетти жана Ташы бат эле кетем дейт. Жана бул ишин бат
бүтүүбүз керек. Мактымды зордук менен эрте алуу керек. Болбосо өлтүрүү керек. Колго
түшүрсөк Ташыны да өлтүрүү керек. Анан Баласагын, Адолоткан, Тайчакан – бул иш
бүткөндөн кийин көрөбүз аларды. Андан көрү, сен кайсы [жерден колго] түшүрө турган
[жериңдин] кана жөнүн айт» деген экен Кочкоркан Байзакка. «Сен конок кыласың, мас
кылып. Анда түшүрөбүз. Анда түшпөсө ордого киргенде, эшигин бекитип коюп, анда
түшүрөбүз» деген экен куу Байзак.
45-түшүндүрмөнү караңыз.
Кочкоркан, «макул, ал ордону зыярат кылып жүргөндө, Ташылар өзү болбойт ко,
анын жанында киши болуу керек ко» деген. «Рас, сен болбойсуң, сен ооруп каласың. Мен
боломун бизден» деген Байзак Кочкорканга.
Кочкоркан, «ал жарак-жабдыгы менен кирет. Сени жана ордону башкарып турган 3
төрө бар. Алар анык болот. Анан силерди өлтүрөт жана 40 жигити [бар] – Ташы,
Күнтуума, Агыш – үчөө оңой менен колго түшпөйт ко?» деген экен Байзакка.
Байзак, «төрөлөр өлсө өлөт да. Мен сага кызмат кылгандан кийин башымды
сайдым да. Ата-бабам силердин жолуңарда өлүп да келатат, тирүү болуп келатат. Иши
кылып силерден оокат кылып, бергениңерди ичип келатырбыз жана бийликтин бири
биздин колубузда. Анан силердин мындай ишиңерге жарабасак, силерге кылып жүргөн
кызматыбыз арам да» деген экен куу Байзак. «Жана алар ордого камалгандан кийин бат
эле колго түшөт, себеби алардын тышынан кайтарып туруу керек. 3-4 күндө курсагы
ачып, суусап, чарчап, өзү жарак-жабдыгын таштап колго түшүп берет. Мени өлтүрсө
мейли» деген экен Байзак.
«Айланайын Байзагым, жарайсың» деп, казынадан өзү көтөргөндөй алтын дилде
берген экен Кочкоркан Байзакка. Байзак алтынды көтөрүп алып, кубанып үйүнө келген.
«Менин тукумум ушундай иш болбосо, качан жарыган элек. Кочкордун өлгөнү, Ташынын
өлгөнү мага не керек. Кагыштырып, ушинтип алтын табуу керек. Ташы менен ордого
камалганда же өлтүрөр, аны да көрөбүз убактысында» деп, Байзак жата берген экен.
Күнтуума келип, Карача, Сарманга жолугуп – «мына келдим мен» деген. Карача,
«Сарман, агаң (?) Калы бийдин баласы Ташыны ээрчитип, карындашың Мактымга жуучу
болуп келиптир. Кана, буга эмне жооп айтабыз Күнтуумага» [дейт].
Күнтуума, «биздин кыз болгон менен бир чети Сарман аке өзүң кошо биле турган
иш, Сарман аке. Мактымды Кочкоркан мага бер деп сурап жүргөн болчу. Мен Мактым
тийсе берейин дегеним рас болчу. Бирок Мактым болбой койду. Кочкор басып бер деп да
айтты. Мен ага Карача бий Адолотканга барса, экөөбүз да эмне болобуз, ит болобуз да деп
жооп айтып жана Мактым абдан чоңойсун, анан өзүң да, мен [да] бир жагынан болуп,
аласың да деп, ушу күнгө келдим. Мактым мага сырын айткан деле жок. Мен өзүм деле
билип жүрдүм – Агыш мырзанын келип-кетип жүргөнүнөн. Мына, Ташыны алып келип
калыпсыз Сарман аке. Мен жок дейт белем, өзүңүз билиңиз», деген Күнтуума. «Болду, сөз
бүттү! Күнтуума коногуңду качан жөнөтөсүң, өзүң кыла бер. Сарман экөөбүз өзүбүздүн
аңгемебиз менен жата берели» деген экен Карача бий.
Сарман, «иним, мени сыйласаң сени кудай сыйласын. Каныңда сөзүң болсо, эмне
болуп жатканын өзүң байкап келгендирсиң, аны жай сүйлөшөбүз. Ташы жээниңди
көрөрсүң. Мына Агыш иниң. Өзүңөр биле бергиле. Силерди баш коштурайын деп гана
жүргөн кишимин. Калмакты кууп, казак-кыргыз минтип өчөөбүз (?) ортобуздан Сагынды
кан көтөрдүк, 7суу кандыгы кылып. Сагын шаар салды. Шаардын атын Баласагын1
Баласагын (Баласагун) шаары. Алгач селжуктардын вазири Низам ал-Мүлктүн
эскерүүсүндө жолугат. Анда каапыр-түрктөр (караханиддер) 943-ж. бул шаарды басып
алып, кийин исламды кабыл алганы тууралуу айтылат. Демек, этимологиялык жактан
1218-ж. моңголдорго каршылыксыз багынып бергени үчүн «Гобалык» («Жакшы шаар»)
деген аталышка эч кандай тиешеси жок. Макдиси боюнча «берекеси төгүлгөн, көп элдүү
чоң кыштак (населенный пункт)». М. Кашкариде «Күз-Улуш», «Күз-Ордо» деп да атап,
«Баласагунда жашаган эл – сугдак» деп аталып, Баласагын тоолорунда Кулбак деген
такыба адам (дербиш) жашап, ал бир ташка «кудайдын кулу Кулбак» деп жазып койгону
эскерилет (кара: Чоротегин Т. К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын «Дивану лугати
т-түрк» сөз жыйнагы (1072–1077). Б., 1997, 131-б.). Ал кийин Талас өрөөнүндөгү КуланСай, Терек-Сай капчыгайынан табылган (кара: Джумагулов Ч. Эпиграфика Киргизии
Выпуск 3. Фр., 1987. С. 5-6). 1130-жылдар аралыгында Баласагунду кара-кытайлар алып,
1210-ж. хорезм шахы Мухаммед Текеш тарабынан таланган. Андан кийин Махмуд ибн
Вали (16-к.) «Бахр ал-асрар» («Море тайн») деген эмгегинде шаарда 40тан ашык чоң
койдук. Шаар кооз шаар болду. Сагынды кан шайлаган жылында Карача экөөңөр жана
калмак менен болгон урушта болбой калды деп, кысталак ногойлордун кээри деп, көп
кайгырдым. Эми да болсо далай иш оюмда бар. Жай жата сүйлөшөрбүз» деген экен
Сарман Күнтуумага.
Күнтуума, «рас айтасыз. Менин үстүмдөн бир топ – Мактым эмес – далай ушак
угуп жаткандырсыз. Иштен көрөрбүз. Мына Карача бийге эки-үч айттым. Кел ата,
Көкчөнү таштап, кетели тууганга деп. Бий эч иштин (иштен) кабары жок. Адолоткан
болсо мен эмне айтсам макул дейт. Сен Оторду өзүң билесиң. Көкчөнү таштап анчамынча маңгыт бар, ошолорду коргоп отура берели, бир иштин кезеги келер деген Карача
акем. Ар иш ойдо бар дедиңиз. Ушакка ишенбей эле коюңуз. Мен ичинде болом. Ичинде
эмес, мерчеми болсо башында болом» деген Күнтуума Сарман баатырга.
Сарман баатыр, «болду айланайын, мен раазымын. Бар, ишиңди кыла бер» деген
экен. Күнтууманын эки үйү бар эле. Бири Отордо, бирөө Көкчөдө. Өзүнүн жери Көкчө.
Күнтуума келгенде Агыш да келди эле, чалдардын үстүнө – Күнтуумага учурашам деп.
Күнтуума Баласагын катар киши эле. Агыш Ташы катар эле. Күнтуума Кочкоркандын
айткан сөзүнө[нүн] учу-кыйырына жетпей, «бул эмне деп айткан сөзү. Мага ишенбей
айттыбы, же өзү айткандай Мактым Ташы менен бирге жатып алыптыр деп, көңүлү айнып
айттыбы? Же Тайчаканды, Адолотканды айтып, мисал кылып отурат, бир жакшылык ойго
түштүбү? Же куу Байзак бир өзөнгө (? оюнга) салып отурбу?» деп. «Мени кыскан жок.
собордук мунара жана 200дөй кадимки мечиттердин болгонун эскерет (кара: Материалы
по истории Средней и Центральной Азии Х-ХІХ вв. Таш., 1988. С. 241-242). Ак-Бешимде
жүргөн кийинки археологиялык казууларда мынча мечиттин болгону аныкталган жок. «А.
Н. Бернштамдын пикирине таянган Л. Р. Кызласов Чүй отряды адеп иштей баштаган
жылы Баласагун шаары Ак-Бешим болуш керек деп эсептеген. Бирок, 1953–54-ж.
казуулардын жыйынтыгы жана 1938–40-ж. А.Н. Бернштам чогулткан материалдарды
салыштырып көрүүнүн негизинде Ак-Бешим калк жашаган шаар катары 6–10-к. (мындан
кийин эмес) тиешелүү экени аныкталды, демек анын 11–12-к. караханиддердин борбору
болгон жана жазма даректер боюнча 14-к. чейин белгилүү болгон тарыхый Баласагун
шаары болушу эч мүмкүн эмес» (кара: Кожемяко П. Н. Раннесредневековые города и
поселения Чуйской долины. Фр. 1959. С. 18-б; Кызласов Л. Р. Работы Чуйского
археологического отряда в 1953–1954 гг. //Краткие сообщения Института этнографии.
Вып. XXVI, М.–Л., 1957; Ошонуку эле. Раскопки древного Баласагуна. //Вестник МГУ.
1953, № 11. 159–160-б.). Негизинен Баласагун шаары бөлөкчө аталуулар менен орто
кылымдын авторлору аркылуу 8-к. бери тааныла баштаган. Анын биринде түркчө
«Беклиг» («Беклелиг») (жөн гана чеп, же шаар, согду тилинде «Семекна») аталган шаар
кезигет түшүндүрүшкөн (кара: Кляшторный С. Г. Древнетюркские рунические памятники
как источник по истории Средней Азии. М., 1964). Ибн Хаукалдын «Канун ал-Масуди»
жана Абу Бирунинин «Китаб аль-Атваль» деген эмгектерине таянган Абу-л-Феда
Баласагун шаарын 91о 35′ (Канун) – 91о50′ (Атваль) узундук, 47о 40′ кеңдикке
жайгаштырган (кара: Аристов, Аталган эмгек. С. 314-315]. Тараз 89°50′ же Атваль боюнча
44°25′ узундук, 43°35′ (Канун) кеңдикте; Исбиджаб (Сайрам) 89о50′ (Атваль) - 89о20′
(Канун) же 43о35′ (Атваль) узундук, 43о 30′ (Канун) кеңдикте жайгашкан (кара:
Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана. 2007. С. 420-421).
Азыркы система боюнча Отрар шаары калдыгы 68°18′10″ узундук, 42°51′08″ кеңдик;
Тараз – 71°22′00″ узундук, 42°53′00″ кеңдик; Сайрам – 69°46′13″ узундук, 42°18′07″
кеңдик; Токмок – 75°15′00″ узундук, 42°44′00″ кеңдикте. Айырмасы анча эмес (болжол
менен 18-20° узундук, 5° кеңдик), демек Абу-л-Феданын бир гана Баласагун шаарын
жаңылыш бериши мүмкүн эмес. Жогоруда эскертилгендей Балыкооздун сөзүнө караганда
бул шаар Сыр-Дарыя менен Талас сууларына жакын жерде жайгашкан деп түшүнүүгө
болот.
Мага оңуту келди. Ташыны көрөйүн дедим эле, сынайын дедим эле. Мынабу Сарман
баатырдын сөзү шумдукко? Ташы сыныма туура келсе Мактымды эрте жөнөтүү керек.
Жакпаса Мактым деги эле болбойт. Иши кылып жөнөтүү керек. Кочкоркан калп эле
айтып жатыр. Тигине Ташың, мен болушпайм. Бар, билгениңди кыла бер дейин» деп, эки
чалдын үстүнөн чыкканда, оюн ушул сөзгө бекитип чыккан Күнтуума.
Агыш Күнтууманын калың ойго түшүп жатканын байкап, Ташынын үстүнө келген.
Агыш келсе Ташы, Мактым, 40 жигит, 40 кыз менен шапар тээп, ойноп жаткан экен.
Күнтуума келди, бардым. Чалдар менен болгон сөзүн баарын айтты түгөл. Мактым,
«Күнтууманын түрү кандай? Байкадыңбы?» дептир Агышка.
Мактымга Агыш, «Күнтуума калың ойго түшкөн киши. Мага кандай жакшылыкты
кылып жатырсыңарбы, Ташы экөөңөр. Ташыга мен барамбы? Эмне кылам?» – деп, эстүү,
куу неме кичи пейилдик кылды. «Жок агай. Ал эмне дегениңиз. Биз барабыз, сиз жок
деле. Эренче жеңем менен үйүңүзгө барып, кече эле Ташыны тааныштырып, жеңе-күйөө
кылып койгомун дедим. Ал ит шашып кетерин деле, мени менен урушуп, сен кызды
Кочкорканга берем [деп] жүрсүн (?) аныңды кой. Кыз өзү каалаган, ошол жээнге тиет деп,
кече эле урушуп кеткен деп күлдү, Күнтуума» деди Агыш.
Ташы, «андай болсо камынгыла жигиттер! Таякеге барып, салам берели, аттарды
алып келгиле», деп пормолонуп, урушка кийчү кийимдерин кийип, оңдонуп, жигиттерин
да пормолонтуп, Оторду басып ала турган кишидей болуп жөнөгөн экен. Агыш да, «рас
кылдың. Бул жердеги эл[ди] Кочкоркан, башкалар да көрүп жүргөн. Таң калсын, жөнү
башка турбайбы деп, Оторкан, Бараккан тирилип калганбы деп таң калсын» [деген]. Агыш
баш баштап алып жөнөгөн экен. Күнтууманын бормосу шаар бормо (? шаардын
формасы), кандардын ордосундай эле. Ушу Отор калаасындагы үйү да, Көкчөдөгү үйү да,
салтанаты да келген киши эле, үй жагы да, ирет жагы да.
Мактым Ташы менен Агышка, «абдан байкагыла, Күнтууманы сырын. Абдан
ойчон, куу киши. Бир кармаса чыкпайт убададан. Эренче жеңемдин сөзүнө караганда
жаман эмес Күнтуума. Мен сүйлөшсөм кандай кууланып жатканын байкаар элем. Силер
да билесиңер. Бирок мурун көрүшүп, иштеш болбогон кишисиңер» деген экен Мактым
Ташы менен Агышка.
Ташы, «артыгырак мактадың, агаңды көрөрбүз?» деген экен, тамаша кылып.
«Менин айтканым рас. Күнтууманы колго түшүрбөсөңөр иш кыйын болот» деген экен
Мактым Ташыга. Агыш күлгөн экен, «бизге адам түгүл пери-жин деле колго түшөр» деп.
Ошону менен Күнтууманын үйүнө келген. Келип, салам берип (? берет) Ташы, Агыш.
Ташы караса, үй бормосу, ирээти, салтанаты – өзүлөрү көчмөн болуп жүргөн немелер таң
калган.
Ташы, «кудаа кааласа, атам Баласагындын салып жаткан шаары, үйлөрү ушундай
сонун болотко» деген Ташы. Күнтууманын куу киши жана бийликке ылайык экенин
байкаган экен Ташы. Күнтуума Ташыны көргөндө, сүрөтүн көрүп жүргөн Оторкан,
Бараккандай эле көрүндү. «Ай, бул чындаса Отор эмес, 10 сан ногой, 10 сан Парканды (?
Баракканды) бир заматта эле алатко?1 Андан көрө мунун акылын көрөйүн?» деп, ар
Б. а. мурунку огуздарды кайра чогултат ко деген мааниде айтылып жатат. 10 сан ногой,
10 сан Барак хандыктары 6-кылымда Түрк империясы, же андан кийинки Батыш жана
Чыгыш Түрк каганатынын таасири менен жоюлган деп түшүнүүгө болот. Бирок, Балыкооз
түрктөрдү өзүнчө, бөлөк эл катары атабай (же уруулардын бири дагы «түрк» экени
айтылбайт), жалпысынан огуздар деп санайт. В. Бартольддун жоромолуна таянсак
түрктөрдүн өзү огуздун бир бутагы болушу мүмкүн (кара: Бартольд В. В. Аталган эмгек.
184-б.). Ошондуктан, азыркы учурдагы казак, кыргыз, кыпчак, уйгур, ж.б.у.с. түрк тилдүү
этностордун түпкү теги байыркы заманда бир болуп (м., огуз, угуз), кылым өткөн сайын
алардын ичинен жаңы уруулар жаралып, алар дагы улам көбөйүп, күчкө толгондо берки
уруулардан бөлүнө баштаган дешке болот. Анан, аларды кайра бириктирүү үчүн бирибири менен союздар түзүлүп, бир-бирине кол салуулар жана бир хандыкка баш
түрлүү сөзгө салып, Ташыны сынап отурганын, Ташы байкап отурган экен. Күнтуума –
Ташы өзү көргөн не бир атактуу адамдардын ичинен – эң эски сөзгө – Отор кан, Тараккан,
Аланча, Боорукекан, Атылакан, 10 сан Паркан, 10 сан ногой, булардын ортосундагы өткөн
иштерди абдан биле турган. Күнтуумадан артык киши жок экенин билди Ташы. Күнтуума
арак алып келип, ичип, сүйлөдү. Эң аягы Ташыга, «эми калган сөздү эртең сүйлөшөрбүз.
Ал сөзгө чалдар да керек. Сен аралап күйөөсүнбөй, Мактымды кошуп алып жүрө бер.
Мына жеңең, мурунтан эле сенин кылычыңды чаап жүргөн болчу» деп, кайтарган экен,
Күнтуума Ташыны. Күнтуума Ташынын Оторду алып, мурунку аталарынын чоң
кандыгын ордун иштей турганын сүйлөшүп отуруп билди. Андан ушу жакы 10 сан
Паркан, 10 сан ногой, баары бириксе да кайтпай турганын билди жана ушу жолу
атасынын ордосун көрүп кетерин билди Күнтуума.
Күнтуума, «калп айтпаса болду Кочкор» деп, ар ойго түшүп жатып, эртең менен
туруп, Ташы менен Агышты чакырып алып, Кочкордун айтканын бүт айтты. «Мени
жообун бат бер деди, анысы кандай экенин билбедим. Эмнеден шашып турганын өзүм таң
калдым» деген экен Күнтуума. Ташы, «баса, анысы эмнеси? Бирге өскөн сырдаш кишиңиз
эмеспи?» деген экен Күнтуумага. Күнтуума, «же бир арамдык ойлогону, же болбосо
сенден корккону. Уруш салып, Оторго бир бүлүк салабы деп, кайсынысы экенин биле
албай турмун. Куу Байзак деген бар ичибизде. Ал эски аталарыңдын аярларынын тукуму.
Бул кече Көкчөнү атаң Паракан 10 сан ногойго кан кылып жибергенде кошуп берген
аярларынын тукумунан. Карачты өлтүргөндө, Алоокекан Оторду алганда ишке жараган
аяр ушул куу Байзактын аталары болучу» деген Күнтуума.
Ташы эмне кылсын, «иш кылып ордону көрүп кетүү керек. Бул жерден
Кочкоркандан коркуп Ташы Оторду көрбөй, атасынын ордосун көрбөй кетти деген сөздөн
[намыс кылып] – Кочкоркан өлтүрүп койсо да кереги жок» деген Ташы Күнтуумага.
Күнтуума Ташынын бекемдигин көрүп таң калган.
Күнтуума, «жүр эмесе, Ташы-Агыш, эки чалга баралы» деп Сарман, Карачага
келген экен. Күнтуума Кочкоркандын сөзүнүн баарын айтты. Сарман, Карача: «жакшы
болуптур. Ташы сен эмне дейсиң?» деген экен. Ташы Күнтуумага айткан сөзүн айткан
жана уруш болсо уруш менен, уруш болбосо Адолоткан менен сүйлөшүп, ортого киши
салып, атасы Баласагын салган шаары бүткөндөн кийин Таластагы ногойду өзүнө каратып
алып, шаар саларын жана Оторду жакшылык менен болбосо кыйратып, Сарайчыкка чейин
басып барарын айтты Ташы. Күнтуума [менен] Карача, «жакшы, атаң Баласагын эмне
дейт? Сагын жаратпай койсо эмне дейсиң?» деген экен Ташыга.
Ташы, «ошол атам Баласагындын буланы (? планы)» деген экен. «Мына, таятам да,
Агыш да, ошол үч уруктун өңчөй жакшылары, баатырлары баары биригип, кутуну ортого
коюп бата кылган. Бул сөздү айткандыр өзүңүзгө?» деген экен Ташы, Карача менен
Күнтуумага. «Эми андай болсо эртең менен барам. Эмне айтып барайын Кочкорканга»
деген Күнтуума. Ташы, «эмне өзү айтса, макул дей бериңиз. Иши кылып Оторду аралап,
ордону куруп (көрүп ?), зыярат кылсам болду. Аталардын сүрөтүн – атам Баласагын
акыры өзүмдүкү болосуң го деп, сүрөттөрүн аталардыкын талкалайбы, же өрттөппү, жок
кылбаса, өмүрлүк кылып салдым деди эле. Ушул жерге келип көрбөй кеткеним –
Кочкордон коркуп, уят эмеспи» деген Ташы отурган Күнтуума, Карачага, Сарманга,
Агышка.
ийдирүүлөр жүргөн. Санжырада дал ушундай окуяларга басым жасалып, алар аркылуу
кыргыздардын түрктөр түзгөн хандыктан мурунку хандыгын кайра калыбына келтирүү
аракети тууралуу баян жүрүүдө. Буга мисалды түрктөр биринчи жолу Тан империясынын
(б. з. 618–907) тушунда жазылган Чжоу Шунун тарыхында, ал эми кыргыздар болсо эл
(улут, мамлекет) катары б. з. ч. 203–201-ж. гэгунь, 49-ж. цзяньгунь; өз алдынча өлкө
(владение Цзянькунь) катары жогорудагы Сань Го Чжинин (б. з. 220–264) тарыхында
эскерилип калышы аркылуу келтирүүгө болот.
Карача, «балам Ташы. Оторго барып, сен азсың. Биз да азпыз. Кочкор алдап, окус
майып кылып коюп жүрбөсүн? Шаарга бир кирсең, сырты бекем. Кайта чыга албай калып
жүрбө?» деген Карача бий.
Ташы, «мен ошол шаардын ичине эптеп алдап кире албай жатпаймбы. Кочкор
ылайым убадасына турбай, бир бүлүк баштаса болду жана Отордогу элдин көбү – кыргыз,
казак, маңгыт деп отурбайбы, Күнтуума аке. Эгер бүлүк чыкса, ошолордун баары мага
кирет, [себеби алар] ногойлордун зордугун көргөн кишилер. Себеби, алардын өзүлөрү
жасаган шаар» деген экен Ташы отурган кишилерге. Отурган адамдар сөз таба албай,
«өзүңө макул болсо болду» деп, Күнтууманы [Кочкор] эмне айтса макул деп айт деп
жиберген экен Карача, Сарман. Күнтуума жүрүп кеткен. Кочкорканга барган.
Кочкоркан Күнтуумага «келдиңби? Кандай амансыңбы? Ташы аман-эсенби? Кана
баягы сөз эмне болду?» деген Кочкоркан. Күнтуума, «Ташы макул болду. Менин деле
эптешип, аралашып кетмей бөлөк терс ой (?)» деди дейт Күнтуума Кочкорканга.
Кочкоркан, «андай болсо, конок камын кылалы. [Ташынын] өз шаары. Келип,
көңүлүн ачсын» деп кубанып, «жакшы болду, баарыбыз бир кишинин баласыбыз» деп,
Күнтууманы «качан келесиңер?» деген Кочкоркан. Күнтуума, «качан келе турган
болгондо кабар берем, бир киши жиберем» деген Кочкорканга. Ал Күнтуума Көкчөгө –
калаасына келип, «кандай кылсам? Капырай, Кочкор сыр бербейт. Бул минтип эмне үчүн
кичи пейил болуп калды? Текебер эле, же Ташыдан корктубу? Эмне макул деп, кел дейт.
Бузукулук кине (? күнөө) өз башында калсын. Эптеп, өзүмө Кочкоркан тийсе болду. Анан
мени көрүп ал» дейт. «Кимге ишенип бул ишти ойлоп, кылып жатат? Ээрчитип жүргөн
кишиси деле аз. Жарагы мыкты экен, ошонусуна ишенип жатырбы? Өзү күчтүү көрүнөт,
ошонусуна ишенип жатырбы? Тааныбаган Отордун ичиндеги эл меники болот деп
олуялык кылат. Оторго бир кирип алсам болду дейт, жана өзүм тийбеймин дейт. Иши
кылып, Кочкор тийсе деген ою турат. Ушундай жүрөгүндө кара жок немеби? Же
кичинесинен калмак менен көп урушуп, камбыл болуп калган немеби? Тил алчу неме
көрүнбөйт. Өжөр неме көрүнөт. Бир ооз айтайын, мен ишенбеймин, барба деп Ташыга»
деп, Күнтуума сөзүн ушул жерге токтотуп, Күнтуума чалдардын [алып], Ташынын үстүнө
келген.
«Күнтуума, сөз кандай болду» [дегенде, Күнтуума], «баягы эле мен айткан сөз.
Ташы келсин. Экөөбүз бир Оторкандын тукумубуз. Конок болсун. Мына Отор атасынын
шаары. Мына ордо. Таң-тамаша кылып жүрө берсин. Карача кызын мында жөнөтөт. Мен
да барайын тоюңарга. Мына, келсин Ташы, Карача бий, Сарман баатыр. Биз дайынбыз деп
какылдайт Кочкоркан. Мына Кочкордун сөзү. Өзүңүздөр сындагыла» деген Күнтуума.
Сарман баатыр, «сен өзүң эмне деп келдиң? Барабыз деп келдиңби?» [дейт].
Күнтуума, «макул деп келдим, барсаңар бармай болдук деп кабар айтам. Бирок, мен
ишенбеймин Кочкорканга» деген Күнтуума. Ташы себеби (?) Күнтуума, «сырын билем,
айтор кандай кылса да бир бүлүк баштайт» [деген]. «Анда барбайлыбы?» деген Ташы.
Күнтуума, «баруунун кереги жок. Мактымды алып кете бер. Ал анык көт жагыңдан кууп
чыгат. Өнөрүң болсо ошондо көрүшөсүң. Биз болсок сенин жолуң болсун деп тура
бермей. Эгер сенин жолуң болбосо, Сарман акенин үстүнө качып бармай» деген
Күнтуума.
Ташы, «баякүнкү айткан сөзүм сөз. Силердин убалыңа калбаймын. Эмне болсо
Отордун ичинен көрөмүн» дейт экен. «Ташы коркуп качты дегенче, болду менин сөзүм»
деди Ташы отургандарга. Сарман, Карача баш болуп, жасак менен бармай болушту.
Күнтуума кабарга киши жиберген Кочкорканга. Ташыны Мактым «кой» дейт, «Күнтуума
акемин айтканына эмне көнбөдүң?» дейт.
Ташы, «күндө эле айтып жүрбөйүмбү. Ордону, Отор шаарын көрбөй кетпеймин.
Сен коркпо. Азар (?) болсо колго түшөсүң Мактым. Мен оңой менен колго түшөт
дейсиңби? Колго түшсөм Кочкор мага жалынат да. Андан көрө сенин түшкөнүң жаман
гой. Мени көрүп аларсың. Иш чатак чыкса болду. Оторду анык алам» деп, Ташы сөзүн
кыскарткан экен. Мактым [Ташынын] болбосун көрүп «сак болгула» деп, Ташынын
колунан өөп жөнөткөн экен.
Ордонун жайын айтуу керек. Отор шаары сырты чоң коргон, 12 капкасы бар экен.
Ар капканын темирден кылган дарбазасы [жана] мунарасы бар. Ордо ичинде Ороздун
ордосу деген сөз ошол. Мурун да айтылган эле, Түркстан калкынын сыйына турган
мекеси, исламдардын Мекеси сыяктуу деп, християндардын юрсалымы (храмы ?)
сыяктуу1 деп биринчи бөлүмдө жазылган эле. Ордонун сырты коргон бир түрлүү кылып,
ар түрлүү сыр менен оюмдар, ар түрлүү гүлдүн сүрөтүн салган экен. Муздан жалтырап
турчу бир ажайыпкана, балким музей сыяктуу эки дарбазасы бар экен. Биринчи киргенде
арыслан (арстан ?), пил, жолборс – ар түрлүү тиштей турган айбандарды тирүү байлап
койгон жана бир эшик ар түрлүү айбан бар экен. Андан өткөндөн кийин Ороз, Оторкан,
Сарыбай, Желдең, Айтак, Парман, Токтор, Доорон, Жолон, Тарак, Турта. Разы Сагызкан
караланы минип, жарак-жабдыгын, саадагын колуна алып, Көгүчкөн караланы Оторкан
минип, Сарыбайдын айлындагы калың колго келип, көрүнүп, амандашып турганы
салынган топурактан. Өңүн ошол адамдардын өзүнүн сүрөтүндөй кылып сырдап-боеп,
алтын керек болгон жерине алтын салып, күмүш керек болгон жерине күмүш, кавхар,
мерварит (?) шуру, ар түрлүү асыл таштар керектүү, ылайыктуу жерине салынган,
жогорку аты бар адамдардын сүрөтүнө2. Булардын ачык [калган] жерде сырты булганбай
турган кылып жаап койгон. Муну Оторкан өзү кылдырган экен. Андан аркысы баары там.
Ороз, Оторкандын, Баракандын өзүлөрүнүн үйлөрү. Ороздун, Оторкандын жолдоштору,
балдары, кыздары, аялдары, келиндери – ушулардын баарынын сүрөтү, кийимдери,
жарак-жабдыктарынын баары ошол чоң үйдүн бөлмөлөрүндө экен. Мунун баарын
...Хагас – бул байыркы Гяньгун мамлекети. Ал Хаминин (Комул – Т. Э.) батышында,
Харашардын түндүгүндө, Ак-Тоонун (? Ала-Тоо) жанында. Хагастардын ээлиги качандыр
бир кезде хундардын батыш чеги болгонАжосу Кара-Тоого (Цин-Шань) жакын жерде
You have read 1 text from Kırgız literature.
Çirattagı - Балыкооздун Санжырасы - 7
  • Büleklär
  • Балыкооздун Санжырасы - 1
    Süzlärneñ gomumi sanı 3770
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2000
    26.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Балыкооздун Санжырасы - 2
    Süzlärneñ gomumi sanı 3788
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1926
    24.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    34.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Балыкооздун Санжырасы - 3
    Süzlärneñ gomumi sanı 3835
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1971
    26.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Балыкооздун Санжырасы - 4
    Süzlärneñ gomumi sanı 4095
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1893
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Балыкооздун Санжырасы - 5
    Süzlärneñ gomumi sanı 4085
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1845
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Балыкооздун Санжырасы - 6
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1748
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Балыкооздун Санжырасы - 7
    Süzlärneñ gomumi sanı 4041
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1880
    30.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Балыкооздун Санжырасы - 8
    Süzlärneñ gomumi sanı 3890
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1882
    28.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Балыкооздун Санжырасы - 9
    Süzlärneñ gomumi sanı 3895
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1793
    25.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Балыкооздун Санжырасы - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3303
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1564
    27.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.