Latin

Балыкооздун Санжырасы - 10

Süzlärneñ gomumi sanı 3303
Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1564
27.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
37.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
42.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
себеп менен кадимки Ырак (Ирак ?) жеринен көчүртүп алып келип, Хожент, Чаңдалаш,
Чаткал, Кокон тоолоруна тургузуп, Ак уул, Куу уулду туугузуп, кыргыз эли кылат. Мына
арап тарыхы, дини исламдын кылган иштери. Мээси бар адам кайран кала турган иш.
Фантазия. Биздин тилди, кыяматты, эски адабиятыбызды кайдан алдык? Буларды, муну
араптар, эшендер, арап тарыхчылары кайдан алып келип берди? Таң каласың. Билген
адамга ал укмуш эмеспи.
Эми Шаа Мансурдун жайын жазып кетүүнү макул көрдүм. Арап халыйпасы
Аппастын тукуму, Абдулла Сабанын уулу Жаапар Мансур даваныкы (?) халыйпанын
заманында Аппаси халыйпалары Багдатта болгон. Баары тең ошол Багдат шаарында Шаа
Мансур3 деген авлия өткөн киши. Ошол Шаа Мансур бир амирдин кызына ашык
болуптур. Ал кыздын аты Анал экен. Шаа Мансур баягы ашык кызын ырдап, көчөдө
«Анал да хак, мен да хак» деп ырдап жүрө бериптир. Аны уламалар угуп, Жапар Мансур
даваныга барып, «мен да кудай, Анал да кудай» деп айтты деп, чыкырттырган экен
Жаапар Мансур даваныкы[на]. Шаа Мансурду алып [келип] сураса, баягы «Анал да хак,
мен да хак» деген ырын айта берген имиш. Ошол себептүү «өзүм да кудай, Анал да
кудай» деген сөз деп, дарга тартууга өкүм кылыптыр. Алиги дале баягы «Анал да хак, мен
Басранын наместниги Абдуллах ибн Амирдин ишмердүүлүгү менен 650–52-жылдары
халифаттын чеги чыгышка карай Дербент, андан Окс (Аму-Дарыя), чыгышынан
Гиндукуштан Индия менен чектешип калган.
Зулпукор менен Дулдул уламыштарда гана айтылып, жазма маалыматта эскерилбейт.
Балким аббасид Абдаллах ибн Аббастын чөбөрөсү Багдад шаарын негиздеген альМансурду айтып жатат. 775–785-ж. халиф болгон.
да хак» деп айта бериптир дейт. Ошон үчүн Жапар Мансур даваныкы [Шаа Мансурдун]
өлүгүн өрттөтүп жибериптир. Өрттөсө күлү деле баягы «Анал да хак, мен да хак» дей
бериптир. Ошонун күлүн аккан сууга салдырып жибериптир. Баягы сууда деле «Анал да
хак, мен да хак» деп, агып жүрө бериптир. Көбүк [болуп] агып келип отуруп, бир
падышанын кызынын сарайына агып келип бир хавузга (?) токтоптур. Ошол жер деле
«Анал да хак, мен да хак» деп, айта бериптир. Аны кыздар угуп, падышанын кызына
айтышыптыр. Падышанын кызы келип, караса хавузда эчтеме жок. Көбүктөнүп жаткан
гана көбүк бар. Андан башка эчтеме жок. Жолдошу 40 кыз экен, баягы жолдошторуна
айтат, «ой тобо ой, мына бу көбүк таттуу экен» дейт. Кыздардын баары жалайт. Баягы
«Анал да хак, мен да хак» [деген] сөз токтолот. «Мына ушул 40 кыз бооз болуп, ушундан
кыргыз болот» деп, арап тарыхчылары, эшендери караңгы кыргыздын башын оорутуп,
«сен Мухаммед пайгамбардын сабасы, Укашанын тукуму, Шаа Мансурдун тукумусуң»
деп, башын оорутуп жүргөнү ошол. Казыр да кыргыздын эски, бирдеме биле турган
чалдары жана эскиден калган молдолору дале «Укашанын, Шаа Мансурдун, 40 кыздан
бина болгонбуз» деп, оттоп жүргөнү дале бардыр.
Эми, жана казак[тар дагы] Анас ибни Малактын (?) тукумубуз дейт. Анас ибни
Малактын жайын мен жогорку беттерде жаздым, а казак ичинде жүргөн төрөлөр
«Абубакрдин Бодоно тай, Борболтай деген уулунун тукумубуз» дейт. Илгерки Куту Куну
башкарган Тарак д[еген] бийдин уулу эркек Совогой (?) Оторкандын Разыдан туулган
Сыңлак кызды Соовогой алганы (?) жогору жакта жазылган эле жана дин бийи болгон[у]
айтылган эле жана Бодонотай-Борболтай деген арапта ат, ысым болбойт эмеспи. Ногой,
өзүбек – баары Азырет Алынын башка – Мухаммеддин чоң жолдошторунун – ошонун
тукуму болуп алышат. Мына кызык, бул жердеги ошол убакта жашап жүргөн элдин
тукуму кайда кетти? Жер жуттубу? Ким жутту? Эч ким жуткан жок. Ислам дини, арап
адабияты, арап тарыхчылары, эшендери жутту. Мына ушул сөздү да коштум.
Сааба1 деген сөз Мухаммед пайгамбардын өз аскерин жана жолдошторун айтат. Ал
Осмон халыйпа болот 11 жыл саанага 37инчи жыл. Осмонго да Азрет Алы аскер башы
болот. Осмон Мухаммед пайгамбардын мурунку өз ордуна барып, кутпа айтат жана
сулабадан зекет алат жана Марванды алып келип, өзүнө секретарь кылат. Араң жүргөн
Уммардын жанындагы адамдар жан[а] ибни Ашимилар козголоң чыгарат. Абубакрдин
уулу муну иштен (иштеген ?) акылгөйү Алы ибни Абуталып дешет. Ошентип, Осмонду
жоопко келтирет. Баягы айтылган Мухаммеддин чоң саабалары да кошулат. Козголоң
чыгаруучулар айтат, «Мухаммеддин ордуна барып хутпа айттың, Абубакр, Уммар айткан
жок [эле]» дешет. Экинчи[ден], Сулабадан Мухаммед зекет алган жок эле. Андан Осмон
зекет алды. Үчүнчү[дөн], Марванды Мухаммед высылка кылган эле. Ага [кошулуп]
Абубакр, Уммар – экөө тең 40 таштан нары жылдырдың дешет козголоңчулар. Ага Осмон
ркавзага (?) келип – раавза Мухаммед пайгамбардын бейити – ошонун жанына мунарга
чыгып, козголоңчуларга жооп берет экен. Осмон, «мен Мухаммед пайгамбардын ордуна
барып хутпа айттым. Абубакр бир кадам төмөн түшүп айтты. Уммар андан бир кадам
төмөн түшүп айтты». Анын жообу «бир кадамдан улам болгон халыйпалар төмөн түшүп
айта берсе, жерге түшүп кетпейби?» деген. «Мындан кийинки халыйпалар ушу мен турган
орунда айта берет» дейт. Осмон жана «Сулабадан зекет алдым. Аскер ачарчылыктын
себебинен ач болду. Ошон үчүн дин исламды кайтарып турган аскерге алып бердим»
дейт. Үчүнчү[дөн], «Марван тууганым» деп, мунарадан түшүп кеткен. Азрет Алы, баягы
чоң саабалар ортого түшүп, козголоңчуларды токтотуп, Осмон менен сүйлөшүп,
«Абубакрдин уулу Мухаммедди Мисирге, Египетке – Амуру ибни Асетты ордуна
калтырып, Мухаммед ибни Абубакрды жиберсең басылат» дейт, Осмонго Алы. Чоң
сахабаларга Осмон макул деп, Мухаммедди Мисирге, Египетке жиберет. Амуру ибни
Асст орундан (ордунда ?) калтырып, бир адам жиберет, баягы түшүргөн кагазды берип,
Осмон «Амуру ибни Асетт Медийнага кайтсын» деп. Мухаммед ибни Абубакр Осмондон
Сахаб.
приказды алып, Египитти көздөй жөнөйт. Египитке кирип барган жерде баягы киши
жолугат. «Бул киши Осмон жиберем деген кишиден башка» [дейт]. Баягы кишини кармап
алып караса, жанындагы кагазын[да] Осмондун мөөрү басылган. Амуру ибни Асска
Мухаммедди барар менен өлтүр деген кагаз. Ошону менен Египитке барбай, Мухаммед
кайта кайтат. Кайта келип, «мына Осмондун кагазы» деп, Медийнага Мухаммед ээрчиген
жолдоштору менен чоң чатак чыгарган. Эл караса Осмондун мөөрү бар, чатак чоңоюп,
Осмон, мен муну берген эмесмин дейт. Андай болсо Марванды бер, биз чоң жазалайбыз
дейт. Марван Осмондун жиберген кишисин бекитип коюп, Осмондун мөөрүн уурдап,
басып, жиберген дейт. Осмон Марванды берсин деп айткан сөзгө жооп бербей койгон
дейт. Ошого бани Ашымилер кошулуп, Уммарчылар, Абубакрчилер жана көпчүлүк эл
кошулуп, Осмонду камаган дейт. Ага Азирет Алы эч кимисине кошулбай, үйүндө жатып
алган дейт. Азирет Алы көп катын алган адам экен, 18 уулу бар экен. Осмондун эшигин
кайтарган адамдарга кошулуп, кайтарып турган дейт, Азрет Алынын 18 баласы. Көпчүлүк
Осмонду тушунан тамды бузуп киришип, Осмонду куран окуп отурган жеринде өлтүргөн
дейт. Куран кан болуп калган дейт. Ал куран али деле, ошол жакы музейде дале бар
дешет. Марван качып кеткен дейт, Маавыя ибни Абусубыянга. Мавыя Шаамда туруучу
экен1, ошол жакы өзүнө караткан элге башчы болуп. Ошентип Осмон өлтүрүлгөн экен.
Ордуна эч чатагы жок Алы ибни Абуталып халыйпа болгон экен дейт. Алы ибни
Абуталыпка Мавыя ибни Абусупян Осмондун кунун кууп, Медийнага өзүнө караштуу
жерден көп аскер алып келет. Ага Амуру ибни Асет да – Египит, Афрыка жакты
башкарып турчу – ал да аскер алып Медийнага келет. Мавыянын башкарган жагы Сурия,
Палестина, Орто деңиз жагы экен, өзүнүн турган шаары Шам экен. Мавыя келип, чатак
кылып, «Осмонду өлтүрүүчүлөрдү кармап бер, жазалаймын» дейт. Ага Медийнадагы чоңчоң саабалар эки бөлүнөт. Зыяд ибни Саайыд «өлтүрүүчүлөрдү кармап берүү керек,
жазалоо керек» дейт. Ага Азрет Алы болбойт. Кармала турган адамдар эң башы
Абубакрдин уулу Мухаммед жана бани Ашымилерден да бар жана уммарчылар да бар.
Иши кылып, мына [ошол] Осмондун өлүмүн себеп кылып жана Уммардын өлгөнүн да
ишке ашпай калган болчу (?). Муну Марвандан көрүүчү. Марванды Осмон кошпогон деп
(?), ушул сөздү чыгарып, «элден мурун жазалансын. Ушул эки халыйпанын өлүмүнө да
Марван себепкер» деп, «Марван кармалсын» деп, «Мухаммед пайгамбар айткан» деп,
«Марван аралашса бузат» деп, ошону үчүн Мухаммед кырсивер (? кыйсыпыр) кылган
жана Абубакр, Уммар да кырсивер кылган деп, Алы өзү баш болуп бул сөзгө чыккан.
Мавыя баш болуп, «Осмонду өлтүрүүчүлөрдү кармап бербесеңер болбоймун» деп бул
сөзгө чыккан. Ошентип, бани Ашым, бани Уммуя деген эки партияга бөлүнгөн.
Мухаммеддин 10 кишисинен тирүү калганы Алы, Саад ибни Окас, Зыяд ибни Сааыд.
Ушинтип эки бөлүнүп, бир жагы Мавыя, Зыяд, Амуру ибни Асс – бани Умуйя деген
партия болуп атанган. Бир жагы Азирет Алы, Саад ибни Бокас, Халид ибни Волид – бани
Ашымилар деген партия2 атанган. Ушинтип Ами (? Али) Мавия баш болуп 8 жолу
согушкан. Мына бул согушту арап тарыхында Анин согушу3 деп аталат. Экөөнүн
ортосунан далай адам өлөт. Арты[нда] эки жагы сүйлөшүп, ортого адам түшүп, бирибирин жеңе албай, бүтүмгө келишет. Азрет Алы Медина, Меке – Арапстандын көп жерин,
Ырак, Ажам, Иран – ушул жакка баш болуп; Мисир, Египит, Африка, Сурия, Палистина,
Орто деңиз жагы Мавыяга – ушул жакка баш болсун деп жана халипа наамы Азрет Алыга
берилсин деп жана Мавыянын кызы Асмани [Алинин] уулу Хасан алсын деп бүтүм
Сириянын наместниги катары Дамаскде турган.
Арабча «аш-шийя» («партия», «топ» орусча «шиит») – башкача айтканда Мухаммед
пайгамбар өлгөндөн кийин Алини колдоп чыккандар (аль-Аббас, Салман аль-Фариси,
Билал аль-Хабаши, Халид ибн Саийд ж.б.). Бирок булар адегенде диндик көз карашта
эмес, пайгамбардын мураскорун тандоодо бөлүнө башташкан. Акырындап мураскорлорду
таанууда жана диний көз караш жагынан сүннөттөрдөн алыстап кетишкен.
Балким 657-ж. Сиффин согушу (азыркы Сириянын Ракки ш. жакын) айтылып жатат.
кылышат1. Кылган адамдар Алы жагынан Саад ибни Бокас, Халид ибни Волид, Ырак
жактан бир адам – атын унутуп калыпмын – Мавыя жактан Амуру ибни Асс, Зыяд ибни
Саад деген жана бир киши Египиттен – мунун аты да эсимде жок – ушуну менен тынык
болот.
Мавыя менен Алынын кармашынын себебинен, экөөнүн ортосунан, бул экөө
халыйпалык талашып кыргын чыгарды деп чыккан партия болгон – Хаварыж партиясы.
Арап тарыхында Хаварыж2 деген сөз – ошо Алы согуштан тынчыгандан кийин Ырак,
Еран жакты түгөл ислам динине кир[гиз]ген жана Уммар заманында Алы согуш министри
болуп турганда Коофа (Куфа) шаарын салдырган. Алынын Хасан, Хусайын менен 18 уулу
бар, Мухаммед пайгамбардын кызы Фатимадан Хасан, Хусайын деген эки уул бар.
Мухамеддин жээни болгон себептүү булар абдан кадырлуу экен жана Алы [өзүнө]
каратып алган элден жакшы кыздардан көп алган. Ошол алган аялдарына 16 бала болгон.
Ошол кыздардын ичинен Дарыйка деген аялынан Мухаммед Анапия3 деген уул туулган.
Бул киши атасы Алынын согушка усталыгын толук үйрөнгөн киши жана ошол 16 уулунун
көбүн кошуп жана бани Ашымилардын согушка уста командыларын жана Абубакрдин,
Уммардын балдарын, жакындарын кошуп, Абубакрдин уулу Мухаммедди Ыракка,
Ажанга баш кылып жиберген. Өзүнүн уулу Мухаммед Анапияны баш кылып Еранга
жиберген. Ерандын калганын, Ооган, Кавказ, Антоли, Түркстан, Каспи, ногой мамлекетин
каратууга өзү үйрөткөн. Согушка махр (маш ?), уста, адис аскерлерин жана илим окутуучу
алимдер жана аярлар, дин үйрөтүүчү эшендер жана Мухаммеддин пайгамбарчылыгын
мактай турган огаз (?), хутпа айта турган маадахрлар (? муджахир) абдан каниги болгон
адамдарды жиберген. Алы санайы хажариянын 45инчи жылдары эки Мухаммед баш
болуп атанып чыккан. Мухаммед Анапиянын турактуу турган шаары Хырасан (?
Хорасан). Берки Мухаммед Багдат шаарында турган. Мухаммед ибни Абубакр Индустан
тарабын колуна алган. Мухаммед Анабия ибни Алы Еранды бүт, Оган, Кордустан (?
Курдистан), салжуку, туруклерин – казыркы Туркия турган Пурусадан (?) берки
жерлерин, Карадеңиздин бир четин, Кавказ, Каспи деңизи, Сарайчук – ногой кандары
турган жерлер. Турукмен, Үргөнч, Бухара, Каспи кышлагы – ушуларды алып, Самарканды
алууга Мухаммед пайгамбардын атасы менен туушкан Аппастын уулу Кусан ибни
Аппасты жиберген. Кусан ибни Аппас келип Самарканды алган4. Белеке кан келип
Айтылып жаткан окуялар негизинен туура. Бирок, бул жерде Асма бинт Анис деген Абу
Бакрдын аялы жана анын кызы Асма (аны Зубайр ибн аль-Аввам алган) менен
чаташтырылып калган окшойт. Чатактар Алинин Осмонду өлтүрүүгө катышы бар бакма
баласы Мухаммед ибн Абу Бакрды кармоодон баш тартуусуна байланыштуу башталат.
Бул убакта Муавия Сирияда күчтүү армия түзүүгө жетишкен. Кеңешчиси Амр ибн аль-Ас
болгон. Анын кеңеши менен ушул беттешүүдө Али менен Муавия экөө чырды бейтарап
сот аркылуу чечүүнү бүтүм кылышат. Анткени Али бул учурда толук кандуу халиф, ал
эми Муавия наместник гана болгон (137-түшүндүрмөнү караңыз). Ошондуктан халифат
экиге бөлүнмөк эмес. (толугураак карасаңыз: фон Грюнебаум Г. Э. Классический ислам.
М., 1988; Массэ А. Ислам. Очерк истории, М., 1963; ж.б.).
Хариджиттер – ар. «бөлүнгөндөр», Алиден баш тарткандарды ушинтип аташкан.
Мухаммед ибн аль-Ханафия – бирок, анын ролу өтө жогоруланып калган.
Аббасиддердин генеологиясы боюнча Аббастан Абдаллах ибн Аббас, андан Али, андан
Мухаммад, андан Ибрахим, ас-Саффах (Абу-ль-Аббас 750–54-ж. халиф), аль-Мансур
(754–75-ж. халиф) деген үч уул, аль-Мансурдун уулу аль-Махди 775–85-ж. халиф болгон.
Бирок Са'ид ибн Осмондун тушунда Самаркандды курчоого алган жеринен Кусам ибн алАббас ибн Абд-ал-Мутталибдин (б. а. Мухаммед пайгамбардын аталаш тууганы)
өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат бир гана Ахмад ал-Балазуринин эмгегинде кезигет (кара:
Ахмад ал-Балазури, Книга завоевания стран. //МИТТ, Т. I. VII-XV вв. Арабские и
персидские источники. М.-Л., 1939. С. 72). Башкача айтканда келтирилген фактылар бул
окуяны кыргыз санжырачылары өз оюнан чыгарбагандыгын далилдейт. С. Закировдун
урушуп, жеңилип кайткан1. Самарканды алып, Кусан ибни Аппас Фергана жакты жалаң
огаз менен бир четин коркутуп, эшендерди, мадахыларды жиберип, бат эле өзүнө каратап,
ислам динине кийрип алган.
Жана биздин кыргыз-казактын арасында сөз бар эмеспи, сарттарды тамаша
айтуучу эмес беле «Сарт, сен Азрет Алынын кылычынан коркуп мусулман болгонсуң»
деп. Ошентип, Отор кандыгына караган Фергана жана Үргөнч кандыгы жана Сарайчук
кандыгы, Самаркан, Бухара – булардын баары көп уруша албай эле, бат эле огаз менен,
домбуту (?) менен карай бериптир жана ошол убакта араптар согуштун жаңы, башка
түрүн тапкан заманына жараша. Ошол убактагы эң махр (? машкүр) уста калкы болгон
экен. Ээрчиткен аскеринин көбү еранилер экен жана кай жерди алса, ошол жердеги элди
кудай үчүн, Мухаммед үчүн урушсаң сен бейиши болосуң деп, өлсөң шейит, өлбөсөң казы
болосуң деп, Казат-казат деп ураан чыгарып, көп убара болбой эле каратып алган жана
согушка жогорку сөз менен өзү умтулуп бара турган кылып койгон. Үргөнчтү талашып 19
уруулуу коңурат бир даар урушкан. Жеңилип, бир азырагы Отор жакка, Белеке канга
качып келген, коңураттын көбү калган2. Еранилер Үргөнчтү бузуп таштаган, мурунку
калаасын. Азыр да эски орду бар дешчү эски чалдар. Араптар Үргөнчтүн ордуна – Аму
дарыянын жогорку жээгине – Харазым (Хорезм) шаарын салган. Азербайжан, Салжуку (?
Селжук), туруклеринен, Каспи деңизи, турукмен, Харазымга чейин бир мамлекет ачкан,
Харазым султандары деп. Харазымдан бери, чыгыш жагы; Ысар, Көлөп, Бухара,
эмгегинде толугураак берилген (кара: Закиров С. Кыргыз санжырасы, Б., 1996. 75-б.;
Ионина Н. 100 великих некрополей. М., 2004. С. 73. http://lib.rus.ec/b/144743/read). АтТабариге гана таянган В. Бартольд Балазури келтирген мындай маалыматка
ишенбөөчүлүк менен мамиле кылган (кара: Бартольд В. В. Работы по отдельным
проблемам истории Средней Азии. /Собр. Соч., Т. II. Ч. 2. М., 1964. С. 382). Самаркандды
(Аму-Дарыянын чыгышын) жана Фергананы Кутейба 705, 712–713-ж. караткан.
Бедер тархан менен 724–728, 735-ж. Хорасандын наместниги Асад ибн Абдаллах Абу
Мунзир бир нече жолу салгылашып, акыры Бедер тархандын өлгөнү тууралуу атТабаринин тарыхында айтылат (кара: Аталган эмгек. 253 – 258-б.).
В. Радлов «конграт» урууларын казактардын Улуу жана Орто жүздөрүнөн тышкары
кыргыздын оң канатына караштуу «бугу, сары-багыш» (тагай), «адигене» ичинен
кезиктирип, бирок аларды казактардан бөтөн түрк тилдүү эл экенин, кыргыздарга кийин
келип кошулуп калган деп белгилеген (кара: Радлов В. В. Кара-киргизы. Оригинальный
вариант: //Из Сибири. Страницы дневника. М., 1989. С. 111, 112, 107]. Рашид ад-Динге
таянган С. Абрамзон «моңголдордон тараган кыргыздардын этникалык тобу» деп
түшүнгөн (кара: Абрамзон С. М. Киргизы и их этногенетические и историко-культурные
связи. Ф., 1990. С. 58). Жогорудагы 18-түшүндүрмөнү карасаңыз болот. Жыйынтыктап
айтканда Балыкооз дагы Б. Юнусалиев белгилегендей коңураттардын бир бөлүгү бир
кезде оң канат уруулары менен бирге Алтай тарапка жылып кетишкенин айтып жатат.
Каракалпак элинин келип чыгышына тиешелүү жазма маалыматтарды изилдөөгө алган
окумуштуулар дагы (Жданко Т. А. Очерки исторической этнографии каракалпаков.
//Труды Института этнографии (ТИЭ). М., 1950. Т. IX. С. 121; Аманжолов А. С. Вопросы
диалектологии и истории казахского языка. А.-А., 1959. C. 16; Кармышева Б. Х. Очерки
этнической истории южных районов Таджикистана и Узбекистана. М., 1976. С. 211)
коңураттарды жергиликтүү түрк элинен тараган деген тыянакка келишкен. Аттын түсүнө
тиешелүү слово «конур» («коңур», «коҥыр», «хонгир») деген сөз башка тилге так
которулбайт. Мисалы, «коңур» орус тилине «тёмно-бурый» («кара күрөң») же «тёмносерый» («кара сур [боз])» (Қазақша-орысша сөздік. А., 2002. С. 526; Словарь алтайскаго и
аладагскаго наречий тюркскаго языка. 1884. С. 142], «смуглый» («кара күрөң»), «каштан
түстүү»; М. Кашгариде «куңур» – «жээрде» (рыжей масти) Диван Лугат ат-Турк Махмуда
ал-Кашгари. А., 2005. С. 1010; толукураак карасаңыз: Турганбаев Э. Еще раз к проблемам
этногенеза древних огузов (на примере кыргызов и казахов). Б., 2014.
Самаркан, Фергана – буларды Мааварун Нахар1 атаган. Мунун султандыгы Бухарада
турган. Ногой кандарын, Сарайчук султандары, амир султандар көп болгон. Кийинчерек
Сарайчукка чоң илимий медресе ачкан, мектеп. Араптар Бухараны абдан чоңойткон.
Бухарайи Шариф койгон. Бухаранын жанында, Каспи деңизинде кыштак бар. Бани
Ашымылардын көбү, аны ээрчигендер кожолор аталып, ошол Каспи турган кышлагында
жана Бухарада ошол шайырчылардын айтканы бар, «Бухарайи Каспи дини Марказы
Самаркан руухы замин сайкали (?)» деп Бухараны. Ерандан берки шаарлардын эң артык,
азиз шаары деп атаган, шариф наамын берген. Ислаилардын тарыхында, дини илиминде,
диний китептерде 7 шариф бар дешет. 1?) Меке шариф. 2?) Медийна шариф. 3?) Куддус
шариф. 4?) Шаам шариф. 5?) Мисир шариф. 6?) Багдат шариф. 7?) Бухараи шариф.
Мына, Азрет Алы халипа болуп турганда баштаган иштери. Азрет Алы да адамдан
өлгөн. Жогоруда жазылган эле, Мавыя менен Алынын кармашкан себебинен хавариж
деген партия чыккан деп. Ошо хавариждер 6 адамды өлтүргөн. Өкүмөттү колго алабыз
деп 6 адамды өлтүрмөй болгон экен. Ал[ар] жашыруун жүрүшкөн, партия болуп
жүрүшкөн. Алар өлтүрмөй [болгон] 6 адам[дар]: 1) Алы ибни Абуталып. 2) Саад ибни
Бокас. 3) Халид ибни Валид бир тараптан. Экинчи тараптан: 4) Мавыя ибни Абу Субуян.
5) Зыяд ибни Сааыд. 6) Амуру ибни Асс. Буларды өлтүрүүгө күйүкөт (?) кармашкан.
Алыны өлтүрүү Кутама деген аялга чыккан күйүкөт. Алы 10 жыл Медийнада халыйпалык
кылып, өлөөр жылы Копага көчүп келген. Алыны дайыма ибни Малжам 2 деген кулу карап
турчу. Кутама ибни Малжамды азгырып, «сен өлтүр Алыны, мен сага тием» деп убада
кылып, ибни Малжам Алыны намаз окуп отурган жерде кылыч менен чапкан дейт. Алы
жарадар болуп калган дейт. Малжамды өлтүртпөй койгон, Кутаманы өлтүргөн. Алы өзү
узабай, удаа эле өлгөн. Жарадар болгондон кийин так Медийнага алып баргыла деген
Алы. Медийнага барып, ордуна баласы Хасанды халыйпа шайлаткан, өзү өлгөн. Хасан
бир жыл халыйпа болуп турган. Берки 5 адамды күйүкөт чыккан адамдар – Мавыяны
түнкүсүн, мечиттен намаз окуп чыгып келе жатканда өлтүрөм деп жаңылып, бөлөк
кишини өлтүрүп кеткен. Берки 4 адам ошону менен өлтүрүлбөй калган дейт. Себеби,
жашыруун партиясы билинип калган жана Хасан, Мавыя экөө аларды кырдыртып,
дайынсыз кылып жиберген. Ал партиянын атын хаварыж койгон. Тарыхта хаварыждар
деген сөз жана эл арасында сөз бар болчу, бир жаман кишисин хаварыж деп койчу.
Хасандын алганы Мавыянын кызы. Алы менен Мавыя экөөнү бүтүрүштүргөндө
Мавыянын кызын, Асма деген Алы баласы Хасанга алып бермей болгон деп жогоруда
жазылган эле. Ошол Асма атасы Мавыянын тилин алып, Хасанга уу берип өлтүргөн3.
Ошентип, халипалыкты Мавыя колуна алып, Мавыя халыйпа болгон. Баш такты Медийна
болбой, Шам болгон. Мына [ушинтип] халыйпалык бани Уммуяга көчкөн. Хасанга чейин
халыйпалыкты ислам тарыхында халыйпаи Рашидаин4 дейт. Ал Мавыянын канча жыл
халыйпа болгону тарыхта маалым эмес. Аз эле жыл болгон деп жазат5. Мавыянын
халыйпалыгында Арапстанда тынч болгон. Мавыянын ордуна уулу Жазыд (Йезид)
халыйпа болгон. Ал Жазиддин доорунда көбү чатак менен өткөн. Азирет Алынын уулу
ымам Үсөйүн Жазид менен халыйпалык талашып, бир нече уруш болуп, жеңилген
Үсөйүн. А түгүл Медийна шаарындагы чоң саабалардын тукуму Жазиддик болгон.
Медийнадан ошолорго башчы болгон. Зыяддын уулу Абдулла ибни Зыяд, Уммар ибни
Саад – ушулар Үсөйүнгө каршы болуп, Медийнадан жеңген. Ошентип, Үсөйүн
Медийнадан көчкөн. Абдулла [ибни] Зыяд, Уммар [ибни] Саад – экөө кабар берген
Мавераннахр.
Абдур-Рахман ибн Мулжам, бирок ал кулу эмес, хариджит болгон.
Пайгамбардын небереси (Али менен Фатиманын уулу) аль-Хасанды 45 жашында (669-ж)
Муавия эмес, анын баласы Йезид ибн Муавиянын тукуруусу менен өз аялы Джада бинт
аль-Ашас уу берип өлтүргөн.
Хулафа ар-Рашидун – чыныгы болуп эсептелген алгачкы төрт халиф ушундай аталат.
127-түшүндүрмөнү караңыз.
Жазидке. Жазид буйрук берген, түгөл кармап келгиле деп. Уммар [ибни] Саад көтүнөн
кууп, Карбаланын (Кербеланын) чөлүндө жеткен, иймам Үсөйүнгө. Үсөйүндү жүргүлө
десе болбой койгон. Уммар [ибни] Саад аскер менен келген. «Кой, биз сени Медийнага
алып барабыз. Халыпалыкты Жезидке бересиң, сен өзүң атаң Мухаммеддин ордуна иймам
болосуң» деген. Ага Үсөйүн болгон эмес. Ошентип, уруш чыгып, Үсөйүнди өлтүрүп, өзү
72 жан экен, бөлөк тукум жок, баары бани Ашимилар экен 1. Ишке жарагандын баары
уруштан өлүп, калган катын-баланы асыр кылып Шамга алып барган, Жазиддин колуна.
Жазиддин халыйпалын Садыр аазамы ошол Абдулла [ибни] Зыяд болгон (?)2. Аскер
башчысы Уммар [ибни] Саад болгон. Тарыхта белгилүү Абдулла [ибни] Зыяд, Уммар
[ибни] Саадды Ирандан баштап, Ырак, Кавказ, Хорезм, Маварын нахар, ногой элдери,
ушулардын тарыхчылары эң артык жамандап жазышат. Себеби, Үсөйүндү өлтүрүп, бани
Ашымиларды туткун кылган себептүү. Бирок, амуму (?) ислам тарыхы, арап тарыхы
саямат талаш деп жазышат жана өсүп келаткан ислам дининин бир жийиркенич жери,
өсүп келаткан арап мамлекетинин[е] бир чоң зыян тийген деп жазышат. Бул жакты
каратып, ислам динине, арап мамлекетине Мухаммед Анапия ибни Алы жана Мухаммед
ибни Абубакр экөө алган. Индустан, Ырактан, Еран, Оган, Харазым түрклөрүнөн жана
Анатолдон, Маварын нахардан аскер жыйып барып*….

Пайгамбардын акыркы небереси Хусейн атасы Али тарабындагылардын чакырыгы
боюнча Куфуга бара жаткан жеринен, Евфрат дарыясынын батыш жээгинде, Куфу
шаарынан 80 км алыс түндүк-батышта, Кербела деген жерде өлтүрүлгөн. Анын жанында
32 атчан, 40 жөө жолдошу болуп, 680-ж. 10-октябрда аларды Саад ибн Абу Бакастын
баласы Умар жетектеген 4 миң аскер курчап калган. Пайгамбардын канынан чыккан
Хусейнди эч ким өлтүрө албай койгондо, киндит уруусунан чыккан Малик ибн ан-Нусайр
деген кылычы менен чаап жиберип, ошону менен баары кырылган. Хусейн мусулман
тарыхында «Сайид аш-шухада» («эң башкы азап тартуучу») болуп эсептелет. Сөөгү
Кербелага коюлуп, ушундан баштап ал жер шийиттер үчүн эң ыйык жер болуп калган.
Мүмкүн Зубайр ибн аль-Аввамдын уулу Абдуллах ибн Зубайрды айтып жатат.
Мусулмандар Мединага көчкөндө (хиджра) ал жерде биринчи болуп туулган мусулман
болгон. Энеси Абу Бакрдын кызы Асма. Ошондуктан адегенде Муавиянын уулу Йезидге
каршы чыккан көтөрүлүшкө жетекчилик кылып, андан кийин Марвандын уулу АбдулМаликке каршы болуп, 692-ж. Мекени коргоп жатып, Каабанын жанында баатырларча
курман болгон.
*
Кол жазманын аягынан канча дептер жетишпей калганы белгисиз.
You have read 1 text from Kırgız literature.
  • Büleklär
  • Балыкооздун Санжырасы - 1
    Süzlärneñ gomumi sanı 3770
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 2000
    26.3 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    38.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    46.2 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Балыкооздун Санжырасы - 2
    Süzlärneñ gomumi sanı 3788
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1926
    24.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    34.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Балыкооздун Санжырасы - 3
    Süzlärneñ gomumi sanı 3835
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1971
    26.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.8 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Балыкооздун Санжырасы - 4
    Süzlärneñ gomumi sanı 4095
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1893
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    47.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Балыкооздун Санжырасы - 5
    Süzlärneñ gomumi sanı 4085
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1845
    31.0 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.7 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Балыкооздун Санжырасы - 6
    Süzlärneñ gomumi sanı 3983
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1748
    31.1 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    48.4 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Балыкооздун Санжырасы - 7
    Süzlärneñ gomumi sanı 4041
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1880
    30.6 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    43.2 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    49.1 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Балыкооздун Санжырасы - 8
    Süzlärneñ gomumi sanı 3890
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1882
    28.7 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    40.3 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    45.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Балыкооздун Санжырасы - 9
    Süzlärneñ gomumi sanı 3895
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1793
    25.8 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    35.1 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    41.5 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.
  • Балыкооздун Санжырасы - 10
    Süzlärneñ gomumi sanı 3303
    Unikal süzlärneñ gomumi sanı 1564
    27.5 süzlär 2000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    37.6 süzlär 5000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    42.7 süzlär 8000 iñ yış oçrıy torgan süzlärgä kerä.
    Härber sızık iñ yış oçrıy torgan 1000 süzlärneñ protsentnı kürsätä.